Көздөрү мупмуздак. Биздин инструкторлор канча аракет кылса да көздөрүндөгү "музду"
эрите алышпады. - И-им... чоң кемчилдик экен.
Хамелеондой кубула албайт дечи?
- Ооба. Кубулганды,
алдамчылык кылганды билбейт. Анын үстүнө, биздин инструкторлор көрсөтмөнүн чегинде иш алпарышты. Түшүнөсүз да, дене жагынан жакындоого,
ж.б. уруксат жок.
- Демек, жанына жансыз көлөкө кылып биздин хамелеондордун бирин кошуп коюш керек, - деп кара очкичен эркек ордунан туруп ары-бери басты. Инструктор аял да ордунан тура калайын дегенде
- Отура бер - отура бер - деп койду колу менен жаңсай.
"Бриллиант жылан" Чолпонбек Абыке уулу
#42 24 Март 2013 - 19:16
ххх
"Рыжый Болоттун"
Италиядагы жашоосу деле бейишке айланып кетпеди. Жарым жылга чукул жаңы чөйрө, деңиз жээги, жаңы тааныштар менен алаксып, убакыттын кандай өткөнү билинбеди. Бара-бара күн сайын кайталануучу маанисиз жолугушуулар, ичкилик, аялдар тажата баштады. Өзгөчө тилден жүдөдү. Котормочусу жок дудуктан жаман абалда калат. Италияда жашаш үчүн жок дегенде англисчеби, французчабы, испанчабы ушул үч тилдин биринде сүйлөй билиш керек. Ансыз токоч сурап да жей албай
каласың. Туура, бул жерде Россиядан, кыскасын айтканда мурдагы СССРдин курамындагы
мамлекеттерден агылып келгендер жетиштүү. Өзүнчө клубу да бар. Ал жерде жалаң орус тилинде кадимки Россиядагыдай жүз граммдан улам кылгытып коюп, каалашынча баш чагышсаң болот. Бирок, бул дүйнөң, клубдун барынын жалаң ичимдик, тамеки, тер жыттанган эшигин аттап көчөгө чыгарың менен бүтүп калат. Кайрадан бөтөн дүйнө, бөтөн жердесиң. Бул жакка биринчи келгенде эки жылдан ашык ушул шаарда жашап калган досунун көзүнөн кусалыкты, муңду байкаган. Андай кусалык көп жыл түрмөдө жатып
эркиндикти, боштондукту эңсегендердин көзүндө чөгүп турар эле. "Досума эмне болгон? Эл жерин сагынып жүрсө керек го?" деп ичтен ойлоп койгон . Мына эми өзү ошондогу сырдын маани-маңызын түшүнө баштады. Чакан гүлгө оронгон бакчасында таң эрте
сейилдеп басып жүрүп ушуларды ойлоп жатты. Жа десе бул жердин гүлдөрүнүн жыты да башкача. Сырткы түсү суктантып кооз болгону менен жыттай келсең жагымсыз. Же таптакыр жыты жокко эсе. Колго алып жыттаганды кой аралап басып баратсаң аңкыган
жыты башты айланткан казак менен кыргыздын жергесинде ачылган
гүлдөргө не жетсин, арман! Жүрөгүн жарып үшкүрүк
тепти.

#43 24 Март 2013 - 20:17
Түндө түшүнө энеси кириптир. Так өңүндөгүдөй көрдү. Бүкчүйүп башында отуруптур. Туура баягы бала кезиндеги биринчи
кесилгенде акыркы жолу көрүшкөндөгү кебетеси. Өңү да ошондогудай азыңкы. Унчукпай көпкө отурду да "Уулум ай, жыргалыңдан кууралың, таттууңдан шоруң көп жаралган жан экенсиң. Эмнелер башыңдан өтпөдү. Өзүңдү токтото албадың. "Болду" деп боюңду жыйнай
албадың. Бул бөтөн жер, бөтөн элге эмнеге келдиң дейм да. Кой, ушунча жүргөнүң да жетишет, эми мени менен жүрү. Тилди алсаң алып кетейин, - деп келдим. Өзүңдүн туулуп өскөн жериңе жүрү. Сөөгүң бөтөн эл, бөтөн жерде калбасын. Сени издеп таппай аябай
кыйналбадымбы, балам, тапканым ырас болду. Дагы жакшы, учурунда жетишип калдым. Эртеле уулум. Тур. Жолго чыгалы"- деп айтып жатат.
"Рыжый" эмне деп сүйлөөрүн билбей, же "кетсе кеттик, мен да эли- жеримди
сагынып бук болуп жүрөм. Ырас келбедиңизби. Арманымды кимге
айтаарымды билбей жүрдүм эле" деген сөз тил учунда турса да оозунан чыкпайт,
же "Эне, мен баягы Сарыгул эмесмин. "Рыжый Болот" да
эмесмин бул жерде мен хакас Толикмин. Жөн гана Толик Дундумун.

#44 24 Март 2013 - 20:31
Документим ушундай. Мени эми эч ким тааныбайт. Сарыгулуң өлгөн. Андан кийин "Рыжый Болот" да өлгөн. Экөө тең жерге коюлган. Жаназасы окулуп калган. Мен эми артка кайта албайм,"- деп айта албайт. Энесин көргөнгө эреркеп кеттиби, эмне болду ким билсин болкулдап ыйлайт. Оо качан... качан акыркы жолу ыйлады эле. Ый эмне экенин унутуп калган. Азыр эми бала кезинде энеси урушуп койсо болкулдап, долуланып ыйлагандай ыйлайт. Тообо, сиз мени кантип таап алдыңыз? - деп сурайын дейт, сурай албайт. Энеси маңдайынан сылап "Болду эми. Арам тентек, ушунча да ыйлайсыңбы.
Жүрөгүңө муң толуп кеткен тура, ошол агып бүтпөй атпайбы" дейт. Колдору жупжумшак. Тим эле баягы... баягы бала кезиндегидей.
Айрым учурда тентектигинен кагуу жеп ыйласа ушинтип сооротор
эле. "Энеке... энекебай, эрте эле келип алып кетпедиңиз да, мен сизди кандай гана сагындым. Кандай гана күттүм. Эрте эле, көп жыл мурда эле келбедиңиз да" деп бакырып-бакырып алгысы келет. Үнү чыкпайт. Тилин бирөөлөр байлап койгонсуп күрмөөгө
келбейт. "Кетесиңби? Жүрү!" дейт. "Кетем! Кетпегенде, ушул сиздин келишиңизди эле күтүп жүрбөдүм беле. Кантип кетпей коөюн. Жети атам тааныбаган бөтөн эл, бөтөн жерде өлмөк белем. Кетем. Өз эл- жериме барып
өлөм. Өз жеримдин
топурагы буюрсун" дейин деп такыр сүйлөй албайт. Ордунан козголоюн деп козголо албайт.
Энеси таарынгансып "А-а уулум, сен такыр чоочун болуп, кайрыла албай калган турбайсыңбы. Мен кургур ушунча убара чегип сени алып кетейин деп атайын издеп келбедим беле. Кантейин эми. Өзүң бил. Калсаң кал. Бирок, астыңдагы жол бүтүптүр. Башыңа түшкөндү көрөсүң да" - деп ордунан турат. "Энеке... энекебай мени таштап кете көрбө" деп бакыргысы келсе да үнү чыкпайт.

#45 24 Март 2013 - 20:36
Карааны үзүлүп, узаганда барып "Энеке"
деп бакырып ордунан тура калды. Ойгонуп кетсе түшү экен. Тим эле жаздыгы сууга чылангыча ыйлаптыр. Эмне болуп кеткенине түшүнбөй көпкө соксоюп төшөгүнүн үстүндө отурду. Чын эле энесин унутуп койгон экен. Көп... көп жыл болуптур. Кызыл эт кезинен бооруна кысып тууган энесиндей баккан чоң энесин унутуп койгон экен. Жүрөгү дүкүлдөп ойго чөгүп отуруп "унутпай эстегенде кыларым эмне эле" - деп күңгүрөнүп алды да кайра эрдин кесе тиштеди. Ата...баягы кылмышкерлер дүйнөсүн титиретип, кыргыз менен казакты бирдей бийлеп турганда
"селсаяктардын" бирине баланча деген айылда бир кемпирдин жайы бар. Уулу "селсаяк" болчу. Мыкты күмбөз тургузуп, куран окуткула. Анан мага тургузган күмбөзүңөрдү сүрөткө түшүрүп келип көргөзгүлө деп, аты жөнүн берип койгондо бүтүп калчу иш эмес беле. Өзү баргандан качса да ушинтсе болот эле го. Деги эсине келбептир. Бул
күнү эрте туруп, өзү куран окуп коөюн десе билбейт экен. Айласы кетип ташкенттик досуна чалса шылдыңдап күлүп, "Ой хакас, сен мусулман эмессиң да. Кайдан Кудайды эстеп, куранды эстеп жүрөсүң?" деди. Энеси түшүнө киргенин айтып, калжыңы жок токтоо cүйлөшкөндөн кийин гана "түшкө жуук молдо жиберейин. Бул жакта бир дефицит молдо бар" деди.
Анан уйкусу качып бакчасында сейилдеп жүргөнү. Эмнегедир жүрөгү түйүлүп-түйүлүп ооруйт. Бирде алеп-желеп болуп кетет. Бир чоң өзгөрүү болордо, өзгөчө чоң
жамандык жакындап келатканда ушинтчү эле. Баштан далайлар өтүп, өз туюмун жакшы билип калбадыбы.
Карган багбанга али уктап жаткан жансакчыларын чакырттырып алып "Сак болгула, күтүүсүз конок келчүдөй болуп турат. Ар бир келген кишини текшерип киргизгиле" деди. Бул эки сакчысы шаарга чыкканда гана кошо чыкпаса үйдө эч нерседен бейкапар жүрө беришип көнө түшүшкөн эле. "Күтүүсүз конок" дегенди укканда үрпөйө түшүштү. Чет өлкө десе делдектеп
келип алышып бул экөө деле сыртына ачык чыгарыша элек болгон менен ичтеринде эл жерди сагынып буулугуп жүрүшкөнсүйт.

Билдирүүнү түзөткөн: ROUSE: 24 Март 2013 - 21:45
#46 24 Март 2013 - 20:39
Бир чети жумуш чыкканга бойлорун жыйып, колтуктарындагы куралдарын текшерип тириле түшүштү. Рыжый айткандай эле арадан эки саат өтпөй дарбазага капкара "Мерседес"
келип токтоду. Ташкенттик досу экен. Молдо ээрчитип келдиби десе өзү эле жалгыз
келиптир. Шашканынан тим эле жүгүрүп кирип келди.
- Рыжый, сен бул жакка келээрде жайлап келген Азиятыңдын үзүлгүс куйругу бар экен. Сен Азият эмес эле жети баштуу ажыдаарга жолугупсуң "селсаягым" . Чыныңды айт, анын эмне сырын билесиң? деди кеп сөзгө келбей демиге. Экөө тиктеше түшүштү. Тиктешкенде да карышкырлардай
тиктешишти. Экөө тең сезди. Бири-бирине тиш салууга даяр экендерин.
- Мен анын эч кандай сырын билбейм. Таң атып
келатканынан сөзүн аягына чейин укпай атып койгом -деп болгон чындыкты сага айткам. Менин башка кошумчалар эч нерсем жок. Сен мени билесиң. Эч убакта мындай иште калп сүйлөп көргөн эмесмин. Тигил айласы кеткендей орунтукка шалак отурду да. Рыжый, кечир Толик... тфу... Жер кускур, сени кайсыл атыңдан атарды да билбей калам, иш өтө чатак. Сага "конок" келет. Менин күчүм аларды токтотушка жетпейт. Өз жаным аман калса болду. Эгер кандайдыр бир жашырган "сырың" болсо айтып кутул. Ошондо, балким, жаның калат. Мени "келди" , -деп айтпа. Кеттим -деди да кайра чыга жөнөдү.
- Токточу, менде чын эле "коноктун" келишин үйдөн күткөндөн башка жол жокпу? - деди эле тигил кайрылып карап туруп:
- Рыжый... Рыжый... кайран карышкырым, картайган экенсиң. Жолу болсо келемби? Жөн эле "сууга чөгө турчу" деп телефон кагып койбойт белем. Сен сага кандай "конок"
келээрин элестете да
албайсың - деди да чыгып кетти.

#47 24 Март 2013 - 21:49
Рыжый турган ордунда каткан бойдон кала берди. Мээси ысып чыкты. Бул ташкенттик майда ишке минтип чуу көтөрчүлөрдөн эмес. Демек, иштин бүткөн жери. Качар жер калбаса керек. Бөлмө ичинде ойлуу ары-бери басып турду да "Башка келгенди көрөйүн. Акыры бир өлүм. Эртедир-кечтир ушул сызыкка жетмекмин"
деп өзүнө-өзү кайрат бере боюн жыйнады. Анан эки жаш сакчысын чакырды. Экөө тең келгенден кийин аларды диванга отургула деп коюп өзү адатынча ары-бери баса:
- Селсаяктарым, силер мага ушул кезге чейин ак кызмат өтөдүңөр. Рахмат. Эми силердин убалыңарга калгым келбейт. Үнсүз басып
барып дубал боорундагы картинаны алып, артындагы сейфти ачты да, пачкалаган долларларды алып чыгып бүт болгонун тең экиге бөлүп экөөнө карматты да, сөзүн кайра улады - Силер жашсыңар. Ошондуктан жашашыңар керек. Мына экөөңө эки паспорт. Мурда эле даярдатып койдум эле. Эски СССРдин паспорттору. Менин тилимди алгыла да, бүгүндөн калбай Россияга же Казакстанга кеткиле. Анан акыркы айтарым, кылмышка экинчи барбагыла. Жаңыча жашоо баштагыла. Болду. Сөз бүттү -деди.
- Тигил экөөнүн ооздору ачыла,эстери ооп калышты. Бири;
- Босс... кантип, - деп
келатканда
- Сүйлөөнүн кажети жок. Коштошуу үлпөтүнүн да кажети жок. Азыр мага "конок" келет. Аларды эч ким токтото албайт. Ошондуктан аман калгыңар келсе тез чыгып кеткиле -деди да өзүнүн төрдөгү демейдеги орунтугуна барып шалак отурду. Тигилер иш өтө коркунучтуу экенин туюшуп шаша чыга жөнөштү.

#48 24 Март 2013 - 21:53
ххх
Оор машыгуудан кийин муздак сууга чайканып келип жыгачтын үстүнөн эле дермантин каптап койгон катуу текчеде сулк жаткан Мырза уктайын деп да уктай албады. Ушул шаарга келгенден бери машыгуу, шаарда машина айдап, түрлүү сый кийимдерди жарашыгы менен кийип койкоюп басуу, сый сүйлөө өңдүү тажатма окуулардан башка жумушу жок. Тажай баштады. Өткөн өмүрүн ойлой баштады. Келечегин ойлой баштады. Тигил тоо арасындагы согуш лагеринде жүргөндө, Оога жеринде боевиктер менен жүргөндө ойлонууга убакыт болчу эмес. Азыр капаска түшкөнсүп буулуга баштады. Тоолордун кокту-колотун кезип, талаа кезип жортуп жүргөн карышкыр капаска түшкөндөй абалда, темир торду кажып, тиги бурчка, бул бурчка бир урунуп, ээндикти, эркиндикти сагынып, астынан чыккан аңга каалагандай тишин батырып ысык канын төккөндү сагынып буулуккандай буулуга баштады. Тим эле шаар турмушу жүдөтүп ийди. Бири-бири менен жасалма жагынып сүйлөшмөй, ичинен жегиси келип турса да ыржайып күлүп тосуп, жымыңдап узатмай тажатып жиберди. Так ушундай жөнөкөй атрибуттарды жасай албаганы үчүн кагуу жечү болду.

#49 24 Март 2013 - 21:58
Канчалык "мыкты"
деген спорт залың да бирде кырга тик чуркап чыгып, бирде тик ылдый сайылып түшүп, бирде бут эшилген кумга баткан талаа лагериндеги машыгууларга кайдан жетсин. Атайын машыгуу машиналарын күрсүлдөтүп эки-үч сааттап көтөрүп, чоюп жатып тер чыгарат да тажап кетип колун шилтеп басып кетет. "Леп" эткен жел жок бөлмөдө ок атып машыккандан тажайт. Мындай жерде машыккан "көзгө атарлар" тоого барып көрбөйт бекен. Кырдагы шамал менен ойдогу шамалдын айырмасын туюп, окту шамал канчага бурарын туюп, бутага тийгизе алат бекен? Хе...бутаны кой, огу кайда кеткенин билбей калаар. Ошондуктан тоонун жапайы бөрүлөрү жылуу үйдө багылган аюудай иттериңди да коөндой гана пырпыратып баса калып, тытып салып жүрүшпөйбү.
Мунун сырын Мырза так ушул жылуу-жумшак спорт залга кирип алып оңтойлуу орундуктарда машыгуучу машиналарды чойгулаганда түшүнүп жатпайбы. "Силерге ойлонууга убакыт бергенге акым жок. Силер бардык ишти ойлонбой так, тыкан, шамдагай аткарууга көнүшүңөр керек. Силер ойлоно баштасаңар менин бүт жасаган эмгегим талаага кетет" деп калчу тоодогу согуш лагериндеги машыктыруучусу.
Мунун сырын да ушул жерден түшүндү. Өзү жашы канчада экени белгисиз Раджу аттуу картаң индус өзгөчө Мырзанын жети терин чыгарып эзүүчү. Жаман көргөнүнөн эмес жактырганынан ошентер эле. Өзү билген бүт өнөрүн Мырзага гана чечилип башкалардан бөлүп өзүнчө үйрөтөр эле. Калган өмүрүмдү дагы сендей окуучуга туш боломбу кудай билет. Билгеним башым менен кетпесин сага таштайын деп көп айтчу. Мырза ага терең деле маани берүүчү эмес. Үлгүлүү окуучу катары гана тырышып үйрөнө берүүчү. Жыйырман өтүп калган жаш өмүрүндө артына кылчайса эстегидей деле таттуу күндөрү жок экен. "Балалыктын татуу күндөрү" дешет. Кайдан. Балалыгы... Жетимкана...
ар кимдердин колунда... анан, күтүүсүз согушчандарды окуткан лагерге түшүшү. Мына болгон өмүрү. Ичин тызылдатып жүрөгүн дайыма эзген, эс тартканы көкүрөктө келаткан бир суроо бар. Атам ким? Кандай неме? Энем ким? Кандай неме? деген. Акыл кирген сайын башкалардын ата-энесин көргөндө "мен деле ата-энемди бир көрсөм, жок дегенде сыртынан эле бир көрүп койсом" деп Кудайдан тиленип-тиленип эч кимге көрүнбөй жуурканына чүмкөнүп өксүп-өксүп ыйлачу.
#50 24 Март 2013 - 22:02
Анан жатып алып кыялдана берчү. Күндөрдүн бир күнүндө, атам менен энем ээрчишип кирип келишсе. Экөө тең келишкен сулуу, сымбаттуу немелер болсо "Балам, сени биз ишке байланыштуу таштап кетүүгө аргасыз болдук эле, эми алганы келдик. Мындан ары биз бөлүнбөйбүз дешсе" дечү. Ал түгүл ата-энеси үчүн түрлүү шылтоолорду да ойлоп тапчу. Бирде, экөө атайын тапшырма менен түндүк муз океанына кетишкен десе, бирде, Антарктидага жиберчү. Деги ата-энесин акташ үчүн ойлобогону жок эле.
Анан калса жетимканада сейрек болсо да мындай окуялар кездешчү. Кээде энеси же атасы издеп келип алып кетсе, кээде ата-энеси чогуу келип баласын ыйлап-сыктап алып кетүүчү. Мырза ошондо ата-энесин тапкан баланын кубанычы кандай болду экен? Биринчи эмне деп ойлоду болду экен? Өзүн кандай сезип кетти болду экен? деп ойлой берчү. Көп күндөргө чейин ошондой окуя эсинен чыкпай, ал түгүл түшүнө да кире берчү. Бирде өзүн ошол ата-энесин тапкан баланын ордунда көрсө, бирде ата-энеси Мырза экен деп башканы алып кетип, "Ал силердин бала эмес. Силердин балаңар менмин. Адашып калдыңар" деп аркасынан чуркап жетпей, демигип атып ойгончу. Мына эсинде калган балалык күндөр дегени. Баса, жан кишиге айта элек бир сыры бар. Эстегенде жүрөгү туйлап ууртунда ууру күлкү ойной түшөт. Окуя Көлдөгү жетимкана жабылардан жарым жылча мурда болгон. Директордун
мал баккан досу бар экен. "Балдарыңдан бирөөнү бербейсиңби, жайлата кой кайтарганга жардам
берсин", деп сурап
келиптир. "Ушул бала мыкты. Өзү чынчыл. Жумушту да так жасайт. Жүргөн-турганы да жакшы. Куулук-шумдук дегенди билбейт. Аты айтып тургандай эле чыныгы "Мырза" деп аябай мактап кошуп берди.

#51 24 Март 2013 - 22:14
Ошентип жайлата кой кайтарып, ошол малчынын үйүндө жүрүп калды. Өзү ак көңүл, бажактаган шайыр адам боло турган. Аялы да кыялы жумшак жакшы киши болчу. Үч кыз, эң күчүүсү бирге чыга элек эркек, төрт балалуу немелер эле. Эң улуу Асел аттуу кызы Мырзадан бир жашча кичүү болчу. Алгач бул үй-бүлөдөн өзүн чоочун сезип, жалаң өзүнүн милдети болгон мал менен алектенип, малчынын колуна кол, бутуна бут болуп жүрсө, бара-бара билинбей эле үйдөгү кичинекей балдарга каралаша коюп жүрүп бир үй-бүлөдөй болуп, кантип аралашып кеткенин да билбей калды. Кантсе да жашы тең чамалаштык кылып өзгөчө Асел менен алышып ойноп кеткен күндөрү көп болоор эле. Ошондо да өзүн эркек сезип боюн оолак кармаганга аракеттенчү.
Ага болбой ата-энесинин көзү мындай болсо эле Асел тийишип жанын койчу эмес. Күз келип айыл четиндеги сарайга көчүп келишкен. Мырзаны болсо "Сен окуп чилистен болмок белең. Бир айча кеч барсаң эч нерсе болбойсуң. Директор досума өзүм айтып коөм. Балким, сүйлөшүп бизге бала кылып алам" деп окуусуна жибербей жүргөн эле. Ушундай күндөрдүн биринде Асел экөө уй айдап келатып кыз суроо берип калды
- Мырза сен өбүшүп көрдүң беле? - деп. Мырзанын бети дуулдай түштү. Өмүрүндө биринчи жолу кыздын астында чекеси тердеп эмне сүйлөрүн билбей калды. - Жок - ... деди үнүн пас чыгара. Өзү ыпылдаган ачык айрым Асел Мырзанын астына тура калып:
- Кел өбүшөлү? - деди. - Тим эле коөлучу - ... деди Мырза үлдүрөп.
- Эркексиңби? - ...деди Асел мурчуя. Кантсе да намыстана түшкөн Мырза:
- Мейли - деди да Аселдин бетинен "чоп" дедире өөп койду. Аселдин бети
алоолонуп кызарып кетти. Шап эки колу менен бетин баса калып чуркаган бойдон кетти. Мырза ордунда баса албай туруп калды. Бир чети коркуп да кеткен эле. Кыздын артынан:
- Өзүң сурандың го-... деп кыйкырайын деп үнү чыкпады. Ордунда кыймылдабай туруп ойлоду. "Ата-энесине айтканы кетти го. Кантсем. Качып жөнөсөмбү?" - деп. "Балким айтпастыр" деп да ойлой кетти. Кантсе да өзү суранбады беле. Ошондо да мал жайлаганга күймөлүмүш болуп үй тарапка кулак түрө бир топко сыртта жүрдү. Байкаса, баары тынч
сыяктанат. "Ой Мырза, бас үйгө, тамакка кел" деп кыйкырышканда араң барды. Көз кыйыгы Аселде. Ал дегеле эч нерсе болбогонсуп кыңылдап ырдай, идиш-аяк менен алек. Мырза тарапты карап да койгон жок. "Айткан эмес экен" деп кубанып кетти. Жүрөгү "тыз" дей түштү, Аселди жакшы көрүп, элжирей карап койду. Буга чейин өзүнө белгисиз сезим
ачыла түштү. Экөөнүн кылыгын энесине айтпай жашырып койгонунa жетине албай элжиреди. Ошол ошол болуп, эки-үч күнгө Асел экөө бири-биринен оолакташып, ал түгүл бирин-бири тике карабай көздөрүнүн үстүлөрү менен кыйгач карап жүрүштү. Бир күнү Мырза чөпканада чачылган чөптү жыйнап жаткан.
- Мырза... - дегенинен караса Асел туруптур. Экөө тиктеше түшүштү. Мырзанын колунан айрысы түшүп кетти. Үн деген жок. Кыз басып жакын келди да:
- Дагы өбүшөлүбү? - деди. Мырза үн дешке жарабады. "Жок" дейин десе эмнегедир ичинен каалап турат. "Давай" дейин десе сүйлөөгө дарманы жетпейт. Унчукпай кызды "Аясаң боло" дегенсип жалооруй тиктеди. Кыз аябады. Дагы жакын ыктап буттарын көтөрө бул жолу бетин эмес эриндерин тосту.

#52 24 Март 2013 - 22:20
Мырза кыз "дагы зыр коюпtкачат го" деп ойлой, эриндеринен акырын өөп койду. Кыз бул жолу качпады. Тескерисинче колдорун Мырзанын
мойнуна арта эриндерин дагы тосту. Мырза да эрдемсий түштүбү же кандагы инстинкт ойноп кеттиби ким билсин кызды кучактай калып, оозунан кадимки кинодон көргөндөй өбүүгө аракеттенди. Ал түгүл өзүнүн эмне кылып атканын да унутуп койду.
- Атаң-ды-ын оозун урайын жубарымбек! Мунун
кылыгын кара... -деген ачуу үн шак эсине келтирди. Караса, арыта Аселдин атасы камчысын булгалап келатыптыр. Кызды таштап бул жолу Мырза биринчи качты. Кичинеде эсине келген кыз экинчи жакка качты. Иш бул жолу оңолгус болуп калганын туйган Мырза арыта байлануу турган чабдар атка ыргып минди да жетимкана жайгашкан шаарча тарапка чуу койду. Жөө качса ат менен бат эле кууп жетип алышмак. Ошондуктан атты мине качты. Жайлата малда жүрүп атка бышыгып калган неме туура жетимканага жеткенче ат оозун жыйбады. Жетимкананын короосунун оозуна келгендe гана токтоп, аттан секирип түштү да чабдардын жүгөнүн башына түрүп туруп кайра келген жагына айдады. Ошол бойдон малчы Мырзанын артынан издеп келбеди. Кейпи, ат үйүн таап барса керек. Аселдин эмне болгонун да билбеди. Директор "эмне качып келдиң?" - дегенде "Окууга жибербей койду. Ошондуктан качып баса бердим" деп койду. Директор болсо:
- Ал түркөй ошентет. Мынча келбесең артыңдан издеп барайын деп жаткам, - деп жооткотумуш болуп койду. "Акыры келип чоң чыр чыгарат го. Бир таяк жешим турулуу болуп калды" деп бир жумача алактап корккон Мырза бара-бара өзү үчүн корккон санаасы тынчып "Аселди өлтүрдү го. Мен үчүн жонун тилишти го" деп ойлогон сайын жанын коөрго жер таппай "Кап, качпай эле койбой. "Мен күнөөлүүмүн. Өптүрчү,-дегем" , десем, балким Аселди урбай мени урушат эле. Өлтүрүшмөк беле, көп болсо камчы менен беш-алты чапмак" дечү болду. Далай жолу жөө-жалаңдап болсо да барып Аселдин кабарын алсамбы деп жыйналып, бирок батынбады. Убакыт кандай өткөнү билинбей, кыш келип жетимкана жабылып шаарга кетишти. Канча жылдар өттү. Асел эстен чыкпайт. Кийин чоңоюп акыл токтоткондо "Мээм жок экен. Окуган мектебине барганды билбепмин да. Үйүнө кантип барам деп жүрө бербей" деп өз башын өзү койгулап калат. Али бүгүнкү күнгө чейин көздөрүн жуумп, бөйтөйгөн эриндерин тосуп, согончогун көтөрүп ыктап турган Аселдин элеси көз алдына таптак тартыла түшөт. Ал түгүл анда-санда түшүнө да кирип "Мырза өбүшпөйлүбү? " дегенде ордунан секире чоочуп ойгонуп кетет. Ушул шаарга келип бекерчиликтен эриге баштаганда ого бетер түшүнө "Асели" көп кирчү болду. Азыр кандай кыз болду экен.

#53 24 Март 2013 - 22:30
"Келишкен сулуу кыз болуп чоңойсо керек. Ошондо эле сулуу эле. Жок дегенде бир көрсөм,- деп коөт да. Мени эчак унутса керек. Балким, башка жигит таап алгандыр"
- дегенди ойлогондо жүлүнү зыркырап өзүнөн өзү кызганыч пайда болуп кыжырлана түшөт. Ошондуктан,
"башка жигит таап алды го" деген ойду
ойлогусу да келбейт.
Ушул кезге чейин бул сырын эч кимге да айтпайт. Жүрөгүнө катып келатат. Бирөөгө айтса эле жоголуп кетчүдөй коркот. Айткан адам алып койчудай кызганат. Ошондуктан, жан адамга четин да чыгарбай тымпыйат. Эки гана байлыгы бар. Бири ушул сыры, экинчиси "Мырза" деген аты. Мырза деген атты канчалар өзгөртөбүз деп көрүштү, болбоду. Өлсө өлүшү мүмкүн, бирок, атын
өзгөртпөйт. Фамилиясын кандай каалашса өзгөртө беришсин, баарына макул. Атына келгенде таш болуп катып калат. Бирөө менен таанышса да атын гана айтат. Эч убакта фамилиясын айтпайт. Сураса "анын эмне кереги бар?" деп коөт. Мына ушул шаарда бекерчиликте жатканда башына ой келди "Буга чейин эмнеге жашап жүрдүм? Мындан ары эмнеге жашайм?" деген. Мурда ойлобоптур. Жаман ой экен. Тим эле курттай жечү болду. Тытынса да мээсинен чыгып кетчүдөй эмес. Кайта-кайта тыз-тыз сайып, канды сорот да турат. Ооган жеринде согушчандардын арасында жүргөндө бир араб экөө жакын болуп кетишти. Жашы кырктарга барып калган согушчан болчу. Экөө англисче аңгемелешчү. Бир жолку кандуу жүрүштө оор жарадар болуп калды. Эки күн Мырза жонуна көтөрүп жүрдү. Жарадарларды алып кетүүчү вертолет келбеди. Башкалардын: "атып салсаңчы, баары бир адам болбойт" деген ишаратына макул болбой, Мырза мешоктой жонуна артып ташыды. Салмагы 70 кг.дан ашык болчу. Козу көтөргөн карышкырдай тигини ийнине артып алып беркилерден калбай жүгүрүп жүргөн Мырзанын күчүнө ошондо бүт согушчандар ооздору ачылып таңданышкан. Жараты ырбап, күчөп жаны катуу кыйналганда, Мырзага бир сөздү кайта-кайта айта берди: "Мырза мени ук. Өзүңдү тап. Бул жашоодо бекер жашабай өзүңдү тап. Мен өзүмдү өлөөрүмдө таптым. Бирок, эми баары кеч болуп калды. Сен да мендей өзүңдү кеч таппай эрте тап, мусаапырым" деп какшап жатып, жүрөк титиреткен бир окуяны айтып берди. Чынында бирөөнүн өмүр баянын, турмуштан кыйналганын, жолсуз экенин уккусу келчү эмес. Эмнегедир ошондо арабдын аңгемесине жанына жакын отуруп алып үнсүз кулак төшөдү. Ооганстанда согушчандардын көпчүлүгү апийимди көңүлдү жайгарчу дары катары пайдалана беришчү. Ал эми жарадар болуп калса жараттын жан чыдагыс оорусун басуучу бирден-бир дары апийим гана боло турган. "Ченелүү өлчөмдө ичсе наркоман болуп апийимге ооп кетпейт" деп өздөрүн-өздөрү алдап коюшканы менен көпчүлүгү апийимден айрыла алгыс абалга жетип калгандар эле. Мырза апийимди такыр оозуна алчу эмес. Табити тартпады. Ал түгүл жарадар болгондо да апийим тиштебеди. Жөн гана тиштенип чыдап койгон. Араб болсо улам жаны кыйналган сайын апийим кошулуп кайнатылып муздатылган чайдан жутат да апийимдин күчү денесине тарап жай алгыча үнсүз жатып калып сүйлөөгө жараганда кайра аңгемесин баштайт. Жөн сүйлөбөй кайта-кайта Мырзага: "жакшылап угуп, көңүлүңө түйүп ал", - деп коөт. Арабдын жараты өтө оор болчу. Саналуу гана сааттык жашоосу калган. Балким, бул жалган дүйнө менен түбөлүк коштошуп, чын дүйнөгө бараткан адамдын сурануусун кыйбай уктубу, ким билсин, кыскасы, аңгемесин толук укту.
- Мен кичинемден элe жанымды коөрго жер таппаган неме болдум - деп баштады аңгемесин. -Курган ата-энем мен үчүн эмнелерди гана
кылышпады. Европанын, Американын эң мыкты деген окуу жайларында билим алса деп эңсешчү. Анүчүн каражаттарын деле аяшкан жок. Окубаган окуум, кызыгып кетемби деп байкап көрбөгөн кесибим да калбады. Азыр ойлосом, бир жерге ашса эки жыл туруптурмун. Анан эле өзүмдү коөрго жер таппай элире баштайм. Дүйнөдө кыдырбаган жерим да калбады. Эч жер токтотуп кармап калган жок. Атамдын жыйган дүйнөсүн самандай сапырып чачтым. Башка мураскору жок болгондуктан, "өз дүйнөсү, эмне кылса өзү билсин" дештиби же "эртедир- кечтир акылына кирет" дедиби унчугушпады. Анан калса аталаш эжемдин дa мураскору жок бүт байлыгын мага калтырып кетиптир. Тартыштык, акчасы жок калуу дегенди билбедим. Ошентип, урунду-беринди болуп жүргөн күндөрүмдүн биринде деңизде саякаттап жүрүп кичинекей чакан аралчага барып калдым. Өзү чакан болгону менен ушундай кооз арал экен дейсиң, түрлүү жемиш токойу, бардыгынан да кызыгы куштардын көбүн айтпа. Куштар ушунча бейкут жашаган жер экен. Ачык жерге эле уя салып балапан чыгара бериптир. Мени таңдандырганы бир да жырткыч куштун же куштардын жумурткасын жеген жыландын жоктугу
болду. Эмнегедир кыжырым келип кетти. "Кара буларды, бейиште бейкапар жашап жатышкан тура. Тигил жакта ушундай эле куштар уяларын жылан жеткис, адам жеткис жерлерге

#54 24 Март 2013 - 22:40
салып, дайыма коркунучта жашап, эптеп тукумун көбөйтүп жатса булардын сайран курганын"
, дедим да, кайра жээкке келип жыланчыларга:
"мага жүз түгөй эркек-ургачы,
жалаң жумуртка, балапан менен тамактанган уулуу жыландардан кармап бергиле" дедим. Эрикпей, жыландарды аралга алпарып коө бердим. Бир жумадан ашык ачка кармаган элем. Тим эле четинен мойсоп киришти. Ох, ата-а... жумурткасын жумурткадай,
балапанын балапандай талкалап киришкенди көрүп туруп өзүмдүн да үрөйүм учту. Тынч жаткан арал чуу түштү да калды. Эмне болсоң ошо бол деп кете бердим. Ак темгили бар, узун чаар жылан гана башкаларга кошулуп курсак тойгузуунун камына кирбей, тири укмуштай заардуу ышкыра тике тура калып бизге кол салайын деп батынбай, улам артыбыздан удургуп сойлой ээрчип сууга чейин кирип келип узатып кала берди. Аралды арадан туура алты жыл өткөндө эстеп, атайы бардым. Тообо сага калп, мага чын баягы бейиштей болгон аралдын кейпи суук. Дымыраган өлүү тынчтык, жээкке түшүп баса албадык. Оролушкан жылан быкпырдай. Тим эле жабылып талап жечүдөй. Бизди алыстан көргөндө эле окторулуп тике туруп ышкырышат. Кейпи, бүт канаттуу аттууну жеп тукумун курут кылып эми ачкадан бирин-бири жеп жатышса керек.
Аралды айлана сүзүп, дүрбү менен карап бир да учкан куш көрө албадык. Өз ишиме өзүм курсант боло албай, же кайгырганды билбей, бир капталым эңшериле түшүнүксүз сезим менен кайттым. Арадан жылдар өттү. Кейпи, дагы 4-5 жылча өтсө керек. Арал эсимден чыкпай койду. Түшүмө да кирет. Акыры кайра бардым. Барсам, аралда кайдан экенин ким билсин, балким, мага окшогон бирөөлөр жеткиргендир. Балким, өздөрү таап баргандыр. Жыланчы бүркүттөр каршы-терши сызып учуп жүрөт. Жээкке түшсөк баягы оролушкан уюктан дайын жок. Түбүнө жетип коюшуптур. Аңгыча атайын күтүп жаткансып жээктеги аска таштын арасынан чыга калып баягы ак темгили бар чоң жылан мени шуулда түз качырып сала берсе боло. Жанымда коштоп жүргөн төрт жардамчым бар болчу, аларды эмес, түптүз мени качырды. Шашканымдан кайда качарымды билбей калдым. Туура мага жетип, атылып келип мойнума оролоордо бир жаш бүркүт шып илип кетти. Бүркүттөр үстүбүздө айланып жүрүшкөн. Жаш бүркүт кантсе да курчтук кылып адамдан коркпой, жемди көргөндө качырып сала берди окшойт. Мен эсимди жыйа албай, турган ордумда катып калдым. Ал түгүл бүркүт жыланды кайда алып кетти кароого дарманым жетпеди. Анан бир айча ооруп жүрүп айыктым. Бир арманым калды. Ошол аралга кайрылып барып дагы көрөм деп жүрүп көрбөй өлүп баратам. Кейпи, кайрадан мурунку калыбына келип, түркүн куштар уя салып бейиштей бейпилдик жашоосу кайрылган болсо керек. Сенден сурайын, ошол аралды мен үчүн барып көрүп койчу. Мен дарегин жазып берген кишилерге
барсаң сени өздөрү катерлери менен алпарат. Мырза үн дебеди. Кайдан, кантип көрөт. Сыртынан айта албады. Мына, мына
үзүлүп бараткан адамдын көңүлүн ооруткусу келбеди. Араб кыйлага үнсүз жатып калды да, бир кезде
алтыраган колдорун сунуп
чай сурады. Эки кружка чайды удаа төгүп-чачып тартып жиберди. Кичине жаткандан кийин кадимкидей өзүнө келе түштү. Ички чөнтөгүнөн басмаканадан чыккан түстүү кагазды алып чыгып ручкасы менен арабча бирнерселерди шашпай дыкат жазып толтурду. Анан Мырзанын атын, фамилиясын, жерин сурады. Так атыңды айт деди. Дагы бир кагазга дагы бир нерселерди жазды да экөөнү тең Мырзага сунду.
- Мырза, мына бул эки кагаз менин бүт дүйнө мүлкүмө сенин ээ экениңдин далили. Бул кагаздар өтө баалуу кагаздар. Бирден-бирден гана нускада чыгарылган. Англиянын акча баскан басмаканасында басылып, жашыруун коргоочу белгилери бар. Басмаканада каттоодон өткөн. Ошол эле Лондондогу нотариалдык контордо катталган.
Кыскасы, бүт мыйзамдуу. Мен өз колум менен толтуруп, тиешелүү
жашыруун белгилерди койгонумдан кийин кимдин аты-жөнүн жазсам ошол киши мураскорум болуп
калары толук мыйзамдуу. Сен шектенбей эле кой. Мендей жалданып согушкер болуп жүргөн кан ичерде канча дүйнө бар деп
турасың го. Мен башында айттым го. Акча үчүн ушинтип дүйнө кезип жүргөн жокмун. Өзүмдүн жанымды коөрго жер таппай тентип жүрдүм. Минтип ичер суум Ооганстандын какыраган чөл тоолорунун арасында бүтүп баратат. Бул да тагдырдын буйругудур. Мырза, сенден дагы бир нерсени сурайын, менин сөөгүмдү терең казып мыкты көмө көр. Чөөлөр казып жебесин. Белги коюп, кийин мүмкүнчүлүгүң болсо алпарып деңиз жээгине койчу. Деңиздин толкуган добушун сагындым. Деңиз жээгинде төрөлгөм да. Ме, бул кагаздарды мыктап кат, - деп Мырзага эки кагазды тең сунду. Мырза үнсүз алып бүктөп ички чөнтөгүнө салып койду.

#55 25 Март 2013 - 08:34
Байлык деген нерсе Мырзага такыр түшүнүксүз болчу. Ошондуктан эч кандай маани деле бербеди. Тигил Мырзаны тиктеп турду да оор күрсүнө
- Эх... тоонун жапан
жолборсу, чөнтөгүңө эмне салганыңды да ойлогон жоксуң. Сенин өмүрүң узун болот. Көп жакшылыктарды көрөсүң. Сенин катарың согушкерлердин арасында эмес. Айтты-койду дебе, өз жолуңду табасың. Мен да өзүмдү өлөөрүмдө таптым.
Мен өзүмдү сырттан дүйнө кезип издеп жүрсөм ал ичимде экен. Жүрөгүмдүн астында жатыптыр.
Деңиздин толкунун угуп, балыкчыларым менен балык уулап, деңиз ырын ырдап
жүргөн күндөрдөн ашкан ырахат жок тура, унчукпай, тунжурап калды. Мырза көңүлүн жубатаар да сөз айта албады. Калп сүйлөгөндү билчү эмес. Чын эле өлүп баратканын көрүп
турган.

#56 25 Март 2013 - 08:39
- Дагы чайыңдан берчи, -деди. Мырза туруп чай куюп сунса колун көтөрүүгө жарабай мойну "шылк" дей түштү да, "кор- р" деген үн чыкты. Бул жандын денеден толук чыгып кеткенинин белгиси. Согушчандар муну жакшы билишет. Кружкадагы чайды серпип тескери жакка төгүп жиберди да отуруп куран окуду. Анан ордунан туруп тигинин да, өзүнүн да бел күрөктөрүн алып арырак басып барып, оңтойлуу жер тандап казып кирди. Катуу жүрүштөн чарчаган согушчандардын бири да кыймылдап жардамга келбеди. Бүт тырп этпей уктап жатышты. Кароолдо турганы гана басып келди да "жаны жаннат болдубу?"
деп сурап коюп күбүрөй дуба түшүрдү да, кайра басып кетти. Мырза терге чөмүлө, жайды
чын эле терең казды. Капталынан оюп жаткырчу жайын да дайындады. Анан кароолчу экөө көтөрүп келип жаткызып, мыктап көмдү. Үстүнө таш ташып келип бастырды. Мырзанын аракетине таңданган кароолдогу моджахед "Эмне тууганың беле?" деп сурап койду. Мырза адатынча унчукпады. Согушчандар мындай жүрүштө кайтыш болгондорду ташка корумдап кете беришчү. Ооган жеринин топурагы цементтей катуу болуп, анысы аз келгенсип таштак келип терең казууга мүмкүн эмес эле. Мырза кара күчкө салып эки күрөктүн мизи тең мулуюп жешилгиче, арабдын билектей кош миз канжары сынгыча койгулап атып казды.

#57 25 Март 2013 - 10:12
Согушчандар турганда чогулуп куран түшүрүштү да "жаның шейит болду "деп коюшуп кете беришти. Болгон документтерин командирине өткөзүп берди. Ошол бойдон араб унут да болуп калган. Азыр минтип бекерчиликте жатканда эсине түшүп жатпайбы. Араб берген эки документти карап көрүп өз аты-жөнүн окугандан башкасына түшүнбөдү. Белгисиз сандар, тамгалар жазылыптыр.
Эки кагаздын тең этегинде Лондондогу банктын дареги арабча, анан англисче жазылган экен. Так түшүнгөнү ошол болду. Нечен жолу "тытып ыргытып жиберейин"
деп кайра "мейли, жүрө берсинчи"
деп койчу. Өзүнүн Лондонго барганын элестете алчу эмес. Анын үстүнө бул кагаз канча байлыкка ээ белгисиз болчу. Өмүрүндө ири сандагы акчаны колуна кармап соода кылып көрбөгөндүктөн байлыктын чен- өлчөмүн да ажырата алчу эмес. Арабдын берген эки кагазына караганда "Өзүңдү тап. Бул жашоодо бекер жашабай өзүңдү тап" дегени кулакка жаңырчу болду. Мына ушул кудуреттүү эки ооз сөздүн жандырмагын чечкиси келип баш катыра баштады.
#58 25 Март 2013 - 11:21
ххх
Шыпылдай баскан инструктор аял кирип келгенде көнгөн адатынча ордунан шак секирип туруп түптүз болуп калды.
- Даярдан, тапшырмага жөнөйсүңөр, - деди да баштан аяк сынай карап коюп чыгып кетти. Даярдана турган эч нерсеси жок бир сыйра кийинет да, ал деген куралды жанына алып кете бермей. Ошондуктан ийнин күйшөп койду да жеңил спорттук киймин чечип мурдатан берилген кийимдерди кийине баштады. Тапшырма кыска берилди. "Кандай да болбосун тирүү кармап келесиңер" , - деп чакан бойлуу "Рыжый Болоттун" сүрөтүн көрсөтүштү.
Казакстан менен Кыргызстанга аты чыккан кылмышкер болгон. Ошондуктан жөн салды ээрчип келе калбайт. Күч колдону калышыңар толук мүмкүн. Кыскасы, эмне кылсаңар да тирүү кармап кожоюндун астына алып келгиле дешти.

#59 25 Март 2013 - 11:23
ххх
Тапшырманы аткарууга эки машина менен сегизи жөнөдү. Башчы кылып италиялык шыпылдаган бирөөнү тааныштырышты. Мырза баш болгон төртөөнө "УЗИ" автоматтарын жана бирден "Макаров" берди. Калгандары болсо башкача пистолеттер менен куралданды. Окту каалашынча алышты. Италиялык "Рыжыйды" шаардагы "мыкты" деген ресторанга "конокко баралы" деп чакырып чыкмай болду. Бир машина жолдо күтүп турат. "Рыжыйдын" үйүнө бир машина менен барышат. Ал сөзсүз өз машинасы менен чыгат деп пландашты. Мерчемдүү жерден берки машина жолду тосот да планды ишке ашырышат. "Рыжый" эч нерседен шекшинбейт. Демек, иш жайында болот деп ойлоп коюшту. Италиялык болсо бир атактуу адамдын атынан таанышмак болду. "Рыжыйдын" улуту ким экенин эч кимисине айтышпады. Анын кереги деле жок болчу. Сүрөтүнө карап "азиат экен" деп коюшту.

#60 25 Март 2013 - 11:26
ххх
Телохранителдери чыгып кеткенден кийин бөлмө ичи дымырап өлүү тынчтык басты. Ойго бата үнсүз көпкө отурган "Рыжый" акыры ордунан туруп аркы-терки баса баштады. Кейпи, качар жери калбай калса керек. Шалдыраган "Протезди" эстеди. Ажалына жолуккан экен. Кайдан да "Азият" дегенинин куйругун басты десең. Өткөнгө көп өкүнө берчү эмес. Ошондо да ушул жолу эрдин тиштей сыздап алды. Жок дегенде Азияттын сөзүн аягына чейин укпаганын кара. Ичине каткан эмне балекет сыры бар экенин билип койгондо, балким, азыр соодалашмак. "Менин жанымды тынч койгула. Каалаганыңар ушул болсо мына" демек. Азыр жоопсуз абалда. "Эч нерсе билбейм" десе ишенишпейт. "Билем" дейин десе айтары жок, ири суммадагы байлыкка байланышы бар экендигин түшүнүп турду. Азаптуу кыйноого түшкүчө өзүн-өзү өлтүргөнү туура. Шкафтын ичинен куту алып чыкты да андан эки
кичинекей тоголок
дарыларды алып алаканына тегеретип карап турду. Булар өтө күчтүү уу дарылар. Эрдиңе тиери менен беш секундга жетпей тигил дүйнөгө сапар тартасың. Ак жип менен ийне таап келди да көйнөгүн чечип жакасынын учунун кичине жерин сөгүп дарылардын бирин салып кайра тигишти билгизбей тикти. Экинчисин, жүз аарчысынын бир учун бүктөп анчалык байкалбагандай кылып тигип койду.
Тартмадан кадимки "Макаров" пистолетин алды да магазининдеги окторун текшерип, кайра октоп кабына салып, сол колтугуна
асынды. "Жатып өлгүчө атып өл" дейт. Жөн эле өлө бербей булар менен "ойноп" көрөйүн деп күңкүлдөй сүйлөп койду. Өз табышкерлигине өзү ыраазы болгонсуп көңүлү да ачыла түштү. Кыңылдай ырдап "конокту" тосууга аябай даярданып кирди. "Жок дегенде эмне болгон сырды билгиси келип, аныгын билип анан өлөйүн" деп чечти.