bekbolot_04 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 29 (0,01 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жылдыздар жана биз (7 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 29 Ноябрь 18
- Кароолор:
- 10 120
- Соңку аракети
- 29 Авг 2019 10:46
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 20 жашта
- Туулган күнү:
- Март 13, 2004
- Жынысы:
- Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
"Айымкан" тарыхый роман
Жазылган күн: 9 Апр 2019
Айымкан
Автор: Жаш акын-жазуучу Бекболот Абдуллаев
Айымкан… Ооба биздин каарман Айымкан. Абдан элпек, акылдуу кыз. Бирок бир аз тартынчаак мүнөзү да бар эле. Өз оюн даана айта албаган, өз жашоосун өзү чече албаган. Ой, мен эмне деп жатам. Бул али жаш эмеспи. Эми гана бир мүчөл жыл болгон. Абдан назик болгондуктан колундагы чаканы түшүрүп жиберди. Суу үстүнө чала төгүлүп, калганы челек менен кошо дарыяга тоголонуп кетти. Айымкан араң алган суусун кайра алмакчы болуп дарыя жака жөнөдү. Бирок буту тайып өзү кошо сууга агып кетти. Жанында бир нече курбу кыздары көңүл бурушпады өңдү ойноп жатышты. Айымкан агып жөнөп кете берди. Сүйлөгөнү деремети жок. Суудан чыканы умтула да албады. Ошол убакта Кубат абасынын жаш баласы көрүп калып "Тигине, Айымкан эжем агып бара жатат" деп бакыра калды. Ызылдашып жатышып жакын арадагы атчан кишилерди да чакырышты. Бир атчан атын чап барып дарыя жээгине жеткенде аттан секире түшүп дарыяны кечип түштү да Айымканды кучактап алып калды. Айымкан да корккондуктан бөтөн адамдын мойнунан бекем кучактай калды. Тиги жигит суудан алып чыгып, дарактын түбүнө коё салды да атын көздөй жөнөдү. Нары жактан бир атчан киши келди да.
-Атын ким каралдым?-дей жылмая сурады.
Айымкан эриндерин титирете
-Айымкан…-дей аран сүйлөйт.
Тиги киши ансайын кызыга
-Кайсы жерденсин?
-Жакын арадагы Ажы абамдын коктусунда…- деп титирей туруп берди. "Ажы аба" дегениси бир коктудагы көчмөн элдин акылманы, аксакалы эле. Көптөн бери жайлуу жер таппаган эл мындан 10 жыл мурун дал ушул коктуну тап анда отурукташып калган. Ал коктуга Ажы аба жетелеп келгендиктен коктуну "Ажы абамдын коктусу" деп атап алышкан эле. Тиги киши
-Аа жакшы. Биз ошол Ажы абаңдыкына кетип жатканбыз. Жолду билесиң да ээ?
Айымкан акырын гана баш ийкеди. Киши уулуна карай
-Кел Курманбек, кызды атка өңөрүп ал-деп атын чап кетип калды. Баягы Айымканды куткарып калган жигит Айымканды алдына өңөрө калып атасынын артынан жөнөдү. Айымкан жолду көрсөтүп, аталган коктуга келип токтошту. Дал ошол жерде алыстан караан келгенин байкаган Жаркын чуркап келип кызын аттан дароо алды да жетелей үйүнө алып кирип кетти. Ал эми ошол жердеги көрүнүктүү үйлөрдүн биринен Ажы чыга калып, келген коноктор менен тапташа учурашып калды да, боз үйдү жаңсай коноко жол көрсөттү.
* * *
-Ай, бөтөн адам менен ат минип келет дегени эмнеси? Эл-журт эмне дейт? Кандай кызсың деги? Мен сага чака берип, сууга жөнөткөм, кана сууң?
Айымкан үн катпай туруп берди. Жаркын
-Кана дейм мен сага? Эй кыз, эмне сүйлөбөйсүң? -деп бир эки жолу колу тийип, жулкутуп жиберди. Кыз үн ката албастан көз жашын төгүп ыйлап жиберди. Жаркын ан сайын күчөй
-Эмне турасың? Уяты жок, элдин бетин кантип карайм? Бети жок, кылбаган ушуң гана калды эле-деп уруша баштаганда нары жактан атасы кирип келе калды. Ал камчысын бүктөй кармап жиндене келген экен. Жаркын жолдошун карай
-Атасы күнөө менде эмес. Мен сууга гана жөнөткөм-деп актана жатканда Айымкан сөзгө кошула
-Атаке, жол көрсөтүп кой деп атына мингизип алышты. Болбосо…
Атасы үн катпастан камчысы менен Жаркынды бир эки салып жиберди. Жаркын жер кучактап жатып калды. Кызуу кандуу атасы Жаныбек дагы бир камчы аялынын далысына салды да
-Кызыңа тарбия бергениң ушубу? Же эмне өгөй деп бөлгөнүңбү? Ыя-деп кайра ачуулу үйдөн чыгып кетти. Айымкан энесинин үстүнө жата калып
-Апаке, мени кечирчи. Экинчи мындай кылбайм-деп ыйлап жатты. Жаркын зардуу бакыра туруп кызын токмоктоп жатты. Айымкандын чыңырган ачуу чыңырыгы бир коктунун баарына угулуп жаткан эле. Айымкандын чыңырганын уккан коңшу катындар
-Тарбия бербей, өгөйлөп бөлгөн кызын эми урганына эмне бересиң?-деп күңкүлдөп койду.
* * *
-Ээй Какем оо бул жаштардан да чыйралгандайсың? Сен кайрадан токол алсаң болчудай.
-Эми, балким ыңгайы келсе токол да ала беребиз. Болгондо да апасынан башка өппөгөн кыздардан-деп Кадыраалы каткыра күлүп алды. Жанындагылар да артынан бир жарылып алышты. Кадыраалы күлкүсүн токтото
-Бирок балам да бой жетип калды. Муну да өзү кааласа үйлөп коюушум керек.
-Туй ата, качан балаңа эркти бере калгансың? Андан көрө миң гүлүңдөн бир гүлүң ачыла элек, өзүң дагы үйлөнүп ал. Болбосо бир бала менен туяк калтырат деген болор бекен? - деп чын-тамаша сөз айтып, күлүп алышты. Ошол убакта Кадыраалы да ойлонуп калган эле. Оюн баласы Курманбек буза калды
-Атаке, Ажы абамдын баласы эңиш уюштурам деп жатат. Кел тамаша кылбайлыбы? Мен эңишсем дейм
Кадыраалы Ажыга карай
-Ой аба, кел, балаң менен менин тайчагымды бир көрбөйлүбү? -деп далын таптады. Ошол күнү эле эл жыйылып Курманбек менен Бекболот күрөшүнө андан кийин эңишине күбө болушту. Алгач күрөш болуп Курманбек бир нече жолу күтүсүздөн чабылды. Андан кийин дагы биринчисинде эле эңиштен эңилип башы жерге карап калды.
* * *
Бир аз күңүрт боло түшкөн убак. Айымкан үйүнөн качып бир аз ыраак дөңсөдө айды карай ыйлап, муңун айга чыгарып олтурду. Ошол убакта арт жактан ат жетелеген бир караан келди. Ал Курманбек эле. Ал
-Амансызбы айым?-деп жылуу сүйлөдү. Айымкан чочуй түшүп үн катпай гана туруп калды.
-Апакеңден капасыңбы?
Айымкан апасын актай
-Жок, мырзам. Бул менин катам.
-Антпе, биздин айыбыздан уруш уктуң? Өкүнүчтүү.
Айымкан ордунан туруп жөнөдү. Курманбек колун кармай бетиндеги дакты көрө калды. Бетинен сылай
-Мени кечир…Мен…
Айымкан бетин ала качты. Курманбек
-Бүгүн мен дагы атакемден уруш уктум. Эңиштен да күрөштөн да жеңилип калдым. Өзү экөөнөн тең мыкты элем. Бирок оюм менен болуп, эмне тууралуу ойлонгонумду билесизби? Сизди бүгүн капа калып алдым. Мени кечириңиз.
Айымкан унчукпастан үйүнө көздөй жөнөдү. Үйүнө келсе апасы дагы жиндене
-Ай акмак, чоңойуп калган экенсиң да. Дөңсөдө жигиттер менен, ыя?
-Апаке…
-Жап озуңду-деп бетине бир салды.
-Чоңоюп калыпсың, сени күйөгө берип тынчытам. Өз башыңа өзүң жүк үйдүң. Карыш боюң менен бала төрөп көргүлүктү көр!-деп жиндене чыгып кетти. Эч нерсени түшүнбөгөн Айымкан бетин кармай жерде жыйылган көрпө үстүнө жыгыла ыйлап жатты.
* * *
-Чакырган экенсиз аба?-деп Жаныбек Ажынын үйүнө кирди. Ажы колу менен жаңсай жанына чакырды да
-Бүгүн кызыңдын кылыгын билдиң да.
-Ооба аба, бирок коноктор жол көрсөт деп өздөрү мингизип алышыптыр.
-Бирок…-деп Ажы туруп калды. Жаныбек сөзүн күтүп турду
-Дөңсөдө Кадыраалынын баласы менен кол кармаша турганына эмне дейсиң?
Жаныбек башын ийип
-Абам, менин кызым жаш. Андай нерсе оюуна келбес. Билесизби, ал эми он экиге чыкты. Ак-караны толук билбейт.
-Жап оозуңду. Сен эмне деп жатасың? Кыргыздын кызы качан кол кармашып, сүйүү деп калган. Же эмне кызың хандын кызы беле. Же эмне сен орусумдун полковнигисиңби? Кызыңды тыя албасаң күйөөгө бер. Күйөөсү тыйсын. Мындай кетсе бул кызың кыямат чакырат. Биздин калктын ажалы болгуча жаш болсо да күйөөгө узат.
-Бирок абам…
-Кааласаң кызыңды сары майдай сакта. Бирок эшекти тескери минип, бетиңди сыйрып анан кыз сакта. Намысың чыдайбы?
Жаныбек үн катпады. Ажы болсо Жаныбекти алдына олтуртуп кызына жолдош табып берди.
-Абам, бирок кызым жаш-дегенине карабай оозун жап Жаныбекти акыры көндүрдү. Бирок кимге? Айымкандын күйөөсү ким? Ал табышмак эле.
* * *
-Сен эмне күн батканын, таң атканын кароону жакшы көрөсүңбү?- деп жогор жактан Курманбек тамашалай сүйлөп келди. Айымкан үн катпады. Азыр муну көрсө апасы дагы токмоктоп салчуудай эки жагын элеңдеп карап алды. Аны Курманбеги байкаган көрүнөт
-Жакын арада эч ким жок. Коркпо…-деп жоошутту. Айымкан үн катпай туруп калды. Айымкандын жанына олтура кеткен Курманбек
-Атым Курманбек-деп өзүн тааныштыра баштады. Кыз дагы деле үнсүз. Жигит кызды сөзгө тарта
-Атың Айымкан беле?
Айымкан башын ийкеди. Курманбек чөнтөгүнөн алма алып чыгып
-Жейсиңби? Татуу экен-деп суна калды. Кыз болсо дагы деле үн катпайт турат. Шайыр мүнөз жигит колуна алманы кармата калды да жылмая
-Татып көрсөң-деп жайдары тигилди.
Айымкан тартына алманы көпкө колунда кармады. Качан гана Курманбектин "уялба" деген сөзүн укканда гана татып көрдү. Абдан даамдуу экен. Жигит жылмая
-Жактыбы?
Айымкан башын ийкеди.
-Анда эртең дагы алып келип берем. Эртең да бул жерде болосуң да ээ?
Айымкан үн катпай ордунан туруп жөнөдү. Үйүнө түшүп апасына сүт кайнатып, деги эле үй жумуштарына жардам берип жатты.
* * *
-Ай кыз, укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба дейт. Сенде бир көз болсо элде миң көз бар. Бул кылганың эмнеси ыя? Кадыраалы куданын баласы менен дөңсөдө жоолугуп. Бешиктен башың чыга элек жатып… Уят эмеспи?
Айымкан актана
-Чоң апа, мен ал дөңсөгө жөн эле баргам. Ал жигит өзү келип алды.
-Токтот кебиңди. Андай боло турган болсо эми дөңсөгө да, сууга да барбайсың. Уктуңбу?
Айымкан ыйлап жиберди. Чоң апасы болсо Жаркынга карай, "алып чыгып кет кызыңды" дегендей ишарат кылды. Жаркын кызынын колунан бекем кармай жетелей чыгып кетти. Апасы Жаркын кызды ыйлата жетелеп бара жатканын көргөн Курманбек ичинен күйүп, бирок үн ката албады. Жанында жүргөн атасы бир демелерди сүйлөп жатты. Бирок оюу башка жака бурулган Курманбек атасынын сөзүн укпай жатты. Муну байкаган атасы
-Сен мени угуп жатасыңбы?
Оюн топтой албай жаткан Курманбек атасына
-Аа, эмне дедиңиз?
-Сага эмне болгон оюң кай жакта?
-Аа кечиресиз укпай калыпмын-деди колундагы жаасып тарта.
-Кетип жатып кыштака тийе кетсекпи дедим эле. Базар айланып, бир аз керек нерселерди ала кетели. Анын үстүнө кайра ким келмек эле.
-Жарайт атаке. Сиз айткандай болсун.
* * *
Көп өтпөй келген коноктор кайра өз журтуна сапар тартууга камданып жатышты. Ошол күнү Курманбек эки жагын элеңдей кимдир бирөөнү издеп жатты. Ооба, ал Айымкан. Каранын көрсө гана? Акыркы жолу жүзүнө тигилсе гана. Айтор Айымкандын тегерек, мостою тигилген жүзүнө мас болуп, "аны бир көрсөм арманым жок" деп жатты. Анан атына минип, чапкан бойдон дөңсөгө жөнөдү. Бирок дөңсөдө жок экен. Өткөн күнкү окуядан кийин апасы аны дөңсөгө жибербес. Айласы кууруган жигит кайра атын жетелей маанайсыз келе жатты. Ичинде "Балким, апакем айткан сезим ушул бекен? Эмне эле? Аа, эстетим "сүйүү" болчу. Балким мен бул кызды сүйүп калдым. Эмнеге аны сагына берем? Эмнеге аны көргүм келип жатат? Байкуш кыз, менин айыман канча азап чекти. Эмнеге мен, аны… Ой эмне деп жатам. Ал азыр жаш эмеспи. Атам мени жакында үйлөндүрөм деп жатат. Эми аны бир отоло көрбөймбү? Аттиң азыр астыман чыга калса кана" деп ойлуу кетип жаткан. Бир убакта жоонуна отун арткан Айымкандын каранын көрүп сүйүнө кетти да ал караанга көздөй чуркап жөнөдү. Курманбектин чуркап келе жатканын көргөн Айымкан отунун бекемдеп кармап алып кадамын тездетип жатты. Антпесе да болбос, энеси көрүп калса муну соо койбос. Курманбек "Айымкан, токто!" деп жандуу бакыра калды. Айымкан токтоду, акыркы жолу болсо да бул чырайлуу, жагымдуу үнү бар мырзанын сөзүн уккусу келди. Токтоп отунун жерге таштады да чуркап келе жаткан мырзаны күтүп калды. Тиги мырзасы жакын келгенде
-Биз кетип жатабыз
Үн катпоочу кыз дагы деле үнсүз турду. Курманбек шымынын баштыкча бөлүгүнөн сүлгү алып колуна карматты да бекем кысып "Мени эстей жүр, бул сага" деп атына минип алып чаптырып кетип калды. Кыз сүлгүсүн койнуна бекем катты да отунун көтөрө калып жөнөп кетти.
* * *
Түн убагы. Боз үйдүн ортосунда оттон калган чок бир аз кызарып турат. Ал үйдө Айымкан атасы Жаныбек, апасы Жаркын жана бир тууган деп билген инилери жатты. Айымкан уктаган өңдөндү. Жаныбек аялына карай
-Кызымды күйөөгө узатам-деп муңдуу айтты. Жаркын мыйыгынан күлө
-Ыя…
-Кызымды күйөөгө узатам
Бул сөзүн Айымкан угуп турду. Ооба, билди! Демек Айымкан турмушка чыгат. Демек, ал эми ата-энесин эч качан көрбөйт. Ошону гана билер эле. Бирок үн катпастан көзүн жумуп жата берди. Жаркын кызыга
-Ой, кимге?
-Ким экенин не кыласың сен? Ушул убака чейин кызыкпаган эми сурап калдыңбы?
-Ой, жөн эле кызыбыз кандай жерге келин болот деп эле. Жашоо-шарты кандай болот.
Жаныбек жиндене
-Хм, кызыбыз имиш. Сенин ишиң болбосун. Чынында сен эмнеге кызыгып жатканың белгилүү да-деп тескери карай жатып алды. Жаркын чынында кубанганын жашыра алган жок.
-Туура чечим кылыпсыз атасы… Айымкан балагатка жетип калды. "Кыз сактаганча, туз сакта" дейт. Өжөр кызыңыз чоңоюп алса эр тандап кыйнабаспы? Андан көрө эртерек узатып, өз журтуна тапшыралы. Кыздын барар жери күйөө, эртерек узатсак болчудай-деп күңкүлдөп жатты. Жаныбек үн каткан жок.
-Кызыбыз кийин токумун жеп калгыча…Анын үстүнө тиги базылдыктардын баласы менен көп жолу дөңсөдө көрүп калдык. Элдин оозунда биз. Шерменде болгуча узатып жиберели-деп үнүн токтотду. Жаныбек үн катпагандыктан Жаркын да тескери карай жатып алды.
"Апаке, билесизби? Сиз мени канчалык жаман көрсөңүз да мен сизди баарыбир жакшы көрөм. Менин айыбым эмне эле? Кыз болуп жаралгандыгымбы? Курал-жарак көтөрүп, уруша албагандыгымбы? Жаа алып, ууга чыга албаганымдабы? Эмнеге мени жаман көрөсүз? Инилеримден эмнем кем эле? Билем, апаке мен эми сиздерди көрбөйм. Эми күйөгө тийем. Сиздерди көрө албайм. Бөтөн адамга келин болом. Ооба, апаке келин болом. Бирок мен сиздерди баарыбир жакшы көрөм. Атаке, сиз мени ушул убака келип эркелете сүйлөбөсөңүз да, мага карап жылмая күлбөсөңүз да мен сизди жакшы көрөм. Анткени сиз менин атам эмессизби" деп көзүнөн жаш чыгарып жиберди.
* * *
Касым молдо намазын окуп бүтүп, алакан жая эл журттун тынчтыгын, мал-жандын, бала-чаканын амандыгын тилеп алды. Көп узабай небереси Саралды кирип келип кубанычтуу "чоң ата, Кадыраалы абам келди. Атында жүк бар экен. Курманбек акем да келди" деп жылмайып мурунун шыр тарта кайра чыгып кетти. Тасфихин (диалект: тапси ) боз үйдүн чекесине илип эшике чыкты. Кадыраалы келе калып атасын кучактай
-Амансызбы ата, биз келдик.
-Кел, ии кандай келип алдыңар? Жолуңар жолдуу болгон го-деп аттан түшүрүп жаткан жүктү башы менен ишарат кыла сүйлөдү.
-Ооба атаке, келе жатып Коргон (Базар-Коргон) кыштагына тийе келдик. Бир аз соода кылдык
-Жайчылык элеби? Той өткөрө турган деле өңүбүз жок го.
-Жүр ата, үйдөн сүйлөшөлү-деп атасын боз үйдү көздөй алып кирип кетти.
* * *
-Кандай балам, Ажы кудам жүрөбү экен?
-Жүрөт апаке, бир аз тартуу берип жиберди.
-Аа жакшы болсо болуптур-деп апасы үнүн жапты. Баласы сөзүн баштай
-Ата, апа билесиздер…Жумакандан бир гана бала көрдүм. Бирок… Дагы токол алып өз атымды даңктай турган көп туяк калтырсам дейм
Атасы сөзүн пайлай туруп калды
-Анан…
-Эмне Курманбегиңден туяк калбайт деп жатасыңбы?-деп апасы сөзгө кошула калды.
-Жок апа, антпей эле. Бирок… Ата сен түшүнсөң. Мен да элге окшоп 10 бала үйлөп, аларга акыл-насаат айтып сиздей кадырлуу карыя болсом дейм. Жумакан эми төрөбөс… Ошого токол алсам деп турам.
Атасы сакалын сылай
-Туура балам, туяк калтыр. Бирок мусулманчылыкта токол алуу үчүн ал токолду да өз аялыңдан кем кылбай багууң керек го. Ага күчүң жетеби? Сөз бере аласыңбы? Экөөнү бирдей көрөм деп.
-Ооба атаке, сөз берем.
Атасы ойлоно калды
-Эх балам, макул. Мындай даярданып келгениңе карасак биз айтсак да көнбөчүдөйсүң. Ии эми айт. Кимди токолдука ыраа көрдүң? Кайсы журттан? Ата-теги ким?
Кадыраалы кубана
-Ажы абамдын журтунан. Жаныбек дегендин Айымкан кызы. Бир аз жашырак… Бирок-деген сөзүн бөлө
-Жаш дейсиңби?
-Ооба, атаке. Бирок аялдыка жарайт. Атасы Жаныбек макулдугун берди.
Касыммолдо ойго бата калды.
-Макул, бирок келиндин ыраазылыгын алмайын. Ал жөнүндө ойлобо-деп туруп кетти. Апасы кошула
-Ой ал эмне дегениңиз. Жумакан аялбы же күйөө бекен? Уулум, жаман нерсе ойлоп жатабы? Бул дагы эл катары туяк калтырып, балалуу болсом дейт. Жаш болсо не болуптур. Сиз да кыздарыңызды жаш бердиңиз го…-деп баласынын тарабын талаша туруп калды.
* * *
Жумакан ичинен сыздап турса да айласы жок жолдошун карай
-Макул, мен ыраазы болбогондо эмне? Күнөө менде, сиздин жолуңузду тороого акым да жок. Мен ыраазымын-деп жооп кайтарды. Кадыраалы кубана
-Мен ишенем. Айымкан экөөң тил табышып кетесиңер-деп мыйыгынан күлүп чыгып кетти. Боз үй артында экөөнүн сөзүн угуп жаткан Курманбек ойлуу туруп калды. "Демек, атакем ал кызды токолдука алат. Оо, жараткан мен эмне кылам. Мен… Мен аны сүйөм. Ооба, мен аны сүйүп калдым. Муну жашыра албайм. Балким чоң атама айтсамбы? Ал түшүнөр. Жок, атама каршы чыкканым жарабас. Бирок…" деп ойлуу туруп калды. Азыр гана дос баласына берген атын кайра
-Сарыгул, алып кел атымды-деп буйрук кыла атын алдыртып. Өзү барчуу тоо жакты көздөй жөнөдү.
* * *
-Билесиңби? Мен Айымканды жакшы көрөм. Мен… Эх, бирок антип сүйлөгөндө эмне? Баары бир эми ал атама жубай болот. Бирок кантип? Ал азыр жаш эмеспи? Эх, азыр атамы жек көрүп жатам. Мындай кылмак эмес. Мен атамды тааныбай жатам. Жок, ал мындай кылмак эмес да. Мен эмне кылам? Айтчы?-деп атына карады. Аты анын арманын угуп, сезип жаткандай жөн туруп берди. Курманбек сөзүн улай
-Жок, мен атама каршы чыга албайм. Макул Айымкан менин апам болсун. Бирок… Мен ал кичүү айымды көрүп, кантип чыдап жашайм?
Курманбек ары ойлонуп, бери ойлонуп акыры үн катпоону чечти.
* * *
Дал ошол убакта биздин каарман дарыя жегинде Курманбек берген сүлгүнү кармай олтурду. Ал дал ушул дарыядан агып бара жатканда куткарып калган жигиттин өң келбетин эсине салды. Колундагы сүлгүнү алып көпкө карап олтурду. Ал жигиттин "мени эстей жүр" деген жагымдуу үнү кулагына кайра-кайра жаңырып жатты. Ичинен "рахмат сизге мырзам" деп үн басты да чакасындагы сууну дар менен (илгери суу ташуу үчүн колдонулган буюм) желкесине коюп коктусу тарапка жөнөдү. Үйүнө барса апасынын зардуу үнү кайрадан коңшулар менен урушуп жатыптыр. Бир коңшу
-Кызыңдан эрте кутулайын деген экенсиң да ээ? Ушул кызыңдын убалына калбасаң болбоду-дей салганы үчүн. Бир коктуга чаң-тополоң чыгарып, "Силердин ишиңер эмне? Качан Айымканга жан тартып калдыңар. Өзүм бактымбы? Качан, кимге, канча жашында берем өзүм билем. Же эмне барктуу жерден куда түшкөнүнө күйүп жатасыңарбы? "дей коңшулар менен урушуп жүрөт. Ал коңшусу да аалы жетпей калганбы айтор үнүн басып дым болду.
* * *
Ошентип күндөр өтүп Кадыраалы Ажыга кабар жөнөттү. Көп өтпөй той камы башталды. Кыздын себи даярдалып, эски салтты улай кыз себине эки кул да кошуп берилди. Айласы куруган кулдар жана анын эки энеси зар какшап, балдарынын акыркы жүзүн көрүүнү билип турушса да үмүтүн үзбөй балдарын алып калуу иретинде далай аракет кылышты. Бирок Ажы бай башында тургандыктан кыз себи өзгөрүүсүз кала берди. Айымкандын бир билгени эми ал Кадыраалынын үйүнө келин болот. Оюнда анын жолдошу Курманбек боло тургай. Бирок ал өзүнөн бир топ жаш чоң, кары кишиге токолдука чыгып жатканын билбейт эле.
* * *
-Кызым али жаш…-деди атасы боз үй четинде чачын жая калып өрүп жатканын көрүп. Жаркын кызын тиктей
-Айымкан, жый чачыңды! Атасынын көзүнчө чач жайганың эмнеси?-деп бакыра калды да Жаныбеке карай жайдары
-Ой койчу атасы, кызыңыз бой жетип калды. Тойго дарярдык көрүлдүк. Ал тургай кызматчы кулдарды да кошуп берип жатабыз. Мунуңуз эмнеси ыя?
Жаныбек үн каткан жок. Ойлуу олтуруп, алдындагы шарабын жутуп, билеги менен оозун арчый туруп калды.
Эртеси той күнү болуп, элдин баары оюн-зоок, ал эми келин-кезеги конок күтүү менен убара болучу. Айымканды бир үйгө алып кирип, кошок айтышып, келин кийимин кийгизип жатышты. Жаркын жайдары нары жүгүрө, бери жүгүрө кубанычы койнуна батпай турду. Кудалары да жылкы айдап, уй, кой, төөсү, кийит айтор алдына бир короо малды айдап, төөлөрүнө жүк аартып келип калышты. Ажы үйүнөн чыга
-Оо, Касым молдокем келип калыптыр го. А сизди көрөр күнүбүз да бар экен да ээ? -деп каткыра жоонуна таптай учурашып, келген кудаларын конок дасторконуна чакырды.
Баары аяктап кыз алып кетүү убагына келгенде Касым молдо кызды көрүп чочуй түштү. Ажыга карай
-Ай мунуң жетиле элек кыз туурбайбы? -деп таң кала жатып калды. Ажы Касымдын оозун жаба, "биз да жаштайынан берген элек го, бул кызыбыз жаш көрүнгөнү менен ооо" деп каткыра сөзүн улай албай туруп калды. Айласы куруган молдо акыры макул болуп, кызды атка учкаштыра жөнөп кетишти. Той аяктаган эле күндүн кара түнү чабарман келип
-Жаныбек ага, жайыттагы жылкыларга карышкыр тийип кетиптир. Малдын дээрлик баары жок. Эмне кылабыз?-деп жаман карап уктурду. Жаныбек башын мыкчый
-Той күнү да мындай каргаша болобу? Не болсо да жакшылыка. Оо, Жараткан, кызымды сана тапшырдым-деп жаманга күмөн санабай жакшылыка жооруп алды. -
"Avlu" түрк сериалы
Жазылган күн: 9 Фев 2019
Аталышы: Avlu
Чыгаруучу: Limon Film
Продюсер: Хайри Аслан / Hayri Aslan
Режиссер: Юксель Аксу / Yüksel Aksu
Сценарийин жазган: Ахмет Юрдакул / Ahmet
Yurdakul
Жанр: Драма
Премьера: 2018-жылы29 мартта Star Tv каналына чыккан. -
Баласынын кыялдарына кызыккан ата-эне барбы?
Жазылган күн: 27 Янв 2019
Баласынын кыялдарына кызыккан ата-эне барбы?
(Жон гана сурадым. Оз оюмду кийинчерек жазам) -
2018-жыл эмнеси менен сиздин эсиңизде калды?
Жазылган күн: 19 Дек 2018
2018-жыл сизге эмне алып келди? -
Сүйүү кайдан жаралат?
Жазылган күн: 18 Дек 2018
Оспурум куракта мурунга жыт кирип калганда "суйуу" деп калат экенсин. Мисалга менде азыр суйуу жарала элек деймин. Бирок бир кызды жакшы кором. Озу абдан романтикмин. Досторума суйууну билдирууго дайым кенеш берип келем. Бирок озумо келгенде кенештерим олуп калат. Тема мында да эмес.
Мен бир адамды суйуп ошол менен суйлошуп анан уйлоном деймин. Чынында суйуусуз жашоону элестете албайсын.
Бирок...
Бир куну апам айылдагы бир кызга жигит тап экоону жолуктуруп уйлонтуруп койду. Озу экоо бири бирин омуру коргон эмес. Мынтип уйлонгондор коп экен. Бири-бирин корбосо суйуу кайдан жаралат? Алдыдагы жашоосу кандай болот? Же суйуу никеден кийинби?
Комментарийлер
bekbolot_04 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?