1-бөлүм: Сөз башы
ЖАШЫРУУН ТҮРМӨ ТАРЫХЫ
(Криминалдуу баян)
Борбор калаабыздын түштүк-
батыш тарабында жайгашкан, үстү
тикенектелген бийик дубалдуу бул
короонун ичинде эмне бар, эмне
болгон мекеме, эмне окуялар болуп
жатат буга чейин эч ким
кызыкпаган.
Ал шаар четинде
жайгашса да ошол көчөдөн
машинелер тынбай өтчү, короонун
жанынан ары-бери өткөн
кишилердин аягы да тыйылчу
эмес. Атүгүл ошол короого тушташ,
кошуна жашашкан адамдар да
ушул убакка чейин эмне болгон
короо экенин билишпептир.
Тээ Союз мезгилинде үйдүн үстүн
жапкан цемент-бетон чыгарган
атайын курулуш уюму бар болчу
дешет. Кийин Союз чачыраган соң
бул уюм да жабылып, жумушчулар
таратылып, короо ичи аңгырап көп
убакытка чейин бош туруп
калыптыр. Кийичерээк аны
кандайдыр бир адам сатып алып
цех ачып иштетип көрүптүр, жакшы
иштете албай койгондуктан көп
убакытка чейин иштебей токтоп
калыптыр. Андан соң бул короонун
ичине дегеле бир адам да баш
багып карап кызыкпаптыр.
Кез-кез
бир маал үстү чүмкөмө машине
кирип-чыгып калганы болбосо,
дайыма дарбазасы да кичинекей
темир эшиги да ичинен бекилип
турчу экен.
Күтүлбөгөн окуя болуп, ал жактан
качып чыккан бир кыз өзү келип
милицияга кабар бербегенде дагы
канчага чейин бул аялдардын
жашыруун менчик түрмөсү жашай
берет эле ким билет. Дагы аз
убакыт болгондо анда иштеген
кызматкерлердин бардыгы
буттарына туруп, аябай байып,
анан орун которуштуруп башка
жакка көчүп кетишмек экен.
Мындай жашыруун аялдардын
менчик түрмөсү Өзбекстанда
Ташкенттин өзүндө жаңыдан
даярдалып жаткан болчу. Бирок
алар максаттарына жетпей
калышты.
Убагында кармалышпаганда бул
уюм Орто Азияны бүт өзүнө
камтып, бара-бара бүт мурунку
Союзга киргендерге тамырын
жаймак экен.
Анда аларды токтотуу кыйын болуп
калмак. Ал жерде жалаң он жети
жаштан баштап, жыйырма бештин
тегерегиндеги бой-мүчөлөрү
келишкен чырайлуу кыздар
эркинен ажыратылып,
милиция
кызматкерлеринин айдоосунда
болушкан. Бул түрмөдө ар кайсы
улуттагы, ар кайсы жерден
тандалып, болбогон жерден күнөө
коюлуп ар кандай жазага татыктуу
болгон жаш кыздар бар болчу. Ал
жактан эч кимиси чыга алышкан
эмес. Качып чыгууга бир канча
аракет жасагандарды,
бардыгынын
көзүнчө өлтүрүп салышчу. "Кимде-
ким моюн сунгусу келбесе же
качууга аракет жасаса ушунун
кейпин кийесиңер"
деп
коркутушчу.
Эгер каяша сүйлөшүп,
моюн толгогусу келген кыздар
болсо, кадимкидей камчы менен
эси-көөндөрүнөн калгыс кылып
аябай сабашчу. Жалаң жаш
кыздардан турган бул мечик
түрмөнү жергиликтүү бийликтин эч
кимиси билген эмес. Мунун
башында мурун ички иштер
министрлигинин орун басары болуп
иштеген, кийин отставкага чыккан
генерал-майор Исабеков Марат
деген адам болгон. Ал көптөгөн
жерлер, мафиялар менен тыгыз
байланышта болгондуктан бул
жакка эч кимди жолоттурган эмес.
Түрмөгө эркинен ажыратылып
келген сулуу кыздарды болсо чет
өлкөдөн келишкен бай адамдарга
пайдаланышчу.
Же алар чет
өлкөлөргө көп суммадагы акчага
сатылып кетишчү. Баш-аягы болуп
ал менчик түрмөдө отуздай адам
кызмат кылчу. Ошолордун он
бештейи эркек, он бештей жарымы
аялдар болчу. Көпчүлүгү мурун
милицияда иштеп анан бошоп
калгандыктан тандалып алынган.
Баардыгы дайыма дубинка анан
тапанча менен жүрүшчү. Бул уюм
жаңыдан гана баш көтөрүп, Орто
Азияга тарап келаткан. Бийлик
өкүлдөрү өз убагында басканга
үлгүрүштү.
Адегенде алар бул кылмыш ишин
көчөдөгү түнкү көпөлөктөрдү,
сойкуларды кармап алышып,
өлтүрүп операция жолу менен
алардын ички органдарын чет
өлкөлөргө сатуу жолу менен
башташкан. Кийин андан жолдору
болбой, акча табуунун башкача
жолуна өтүшкөн. Бара-бара атайын
жаш кыздар үчүн менчик түрмөнү
ойлоп табышкан.
* * *
- Тургула сот келатат!
Кандайдыр эркектин күрүлдөгөн
жоон үнүнө Диана "селт" эте
башын көтөрө зал ичиндегилерге
дагы бир сыйра көз жүгүртүп
алды. Анча чоң эмес зал ичиндеги
отургучтарда бирин-серин ар
кайсы жерде отурушкан адамдар
эмнегедир анын көзүнө суук дагы
жагымсыз да көрүндү. Баары
бейтааныш, алардын бирин да
тааныбайт экен. "Булар эмне
отурушат, менин эмне
кызыкчылыгым бар булар үчүн?", -
Диана ушуларды ойлой дагы бир
нерсеге башы жетпей атты. "Эмне
себептен буга менин
тааныштарымдын бирөөсүн да
катыштырбай жатат. Жок дегенде
муну эжем билсе болбойт беле,
айылдагы бир туугандарыма
кабарлашса алар келишип балким
бир нерсе кылып мени куткарып
кетишээр беле?" Карасаң бу жерде
мени тааныгандардын эч кимиси
жок. Сот эмне чечим чыгарар экен,
мени соттойбу же бошотуп
жиберишеби?
Соттогондой мен эч
күнөө кылган жокмун да. Болгону
жаңы таанышкан жигитим менен
кафеде отургам, анан кандайдыр
бир бейтааныш эки-үч жигит келип
өздөрү тийише башташты. Ортодо
мушташ, идиш-аяктар,
терезелер
сынды. Күтүлбөгөн жерден
милициялар келишти да
баарыбызды кандайдыр
терезелери жок чүмкөмө машинеге
салып алып кетишти. Болгону ушу,
менде эч кандай күнөө жок, ал эми
тиги наркотиктерди болсо… буга
өзүм да түшүнбөй жатам".
Сот процесси жүрүп, капталда
отурган мурутчан сулуучумак
келген жигит кайрадан ишти
тергөөгө ала баштады.
- Аскарбекова Диана Түркмөновна
1985-жылы Ысык-Көл өрөөнүндөгү
Каракол шаарында туулган.
Бойдок, "Достук"
кафесинде
официантка болуп иштечү. "Алтын
куш" кафесинде отуруп он эки
килограмм героин менен
кармалган. Мурун соттолгон эмес.
Диана канчалык түшүндүрүүгө
аракет кылса да эч майнап чыккан
жок, акыры болгон күчүн ыйга
чыгарды. Бул эң күчтүү болуп
саналган баңгизатын ким кайсыл
жерден чөнтөгүнө салып койгонуна
өзүнүн да башы жакшы жетпей
жатты. Кафенин ичинде ызы-чуу
мушташ болуп жатканда салганбы
же караңгыда терезелери жок
чүмкөмө машинеде келатканда
жанында отургандар салганбы
белгисиз. Айтор кандайдыр бир
бөлүмгө алып келип чөнтөк башын
аңтарып жатканда милициялардын
бирөөсү ак желим баштыкка
оролгон бир нерсени анын
чөнтөгүнөн алып чыгып жатпайбы.
Адегенде ага анча деле маани
берген эмес, ал экспертизадан
өткөрүлүп баңгизаты экенин
укканда эмне кылар айласын
таппай туруп калды, анан өзүн-өзү
кармана албай ыйлап жиберди.
Марихуана, гашиш, апийим, кара
куурай баңгизаттарына караганда
бул героин алардын эң эле
күчтүүсү экени, башкаларын бир
айлап колдонгондо араң наркоман
болуп кетээрин, ал эми бул
героинди бир сайынганда эле
наркоман болуп каларын, ошо
себептен анын баасы да аябай
жогору турарын, ал менен
кармалгандар да жогору жазага
чектелээрин кимдир бирөөлөрдөн
уккан болчу.
- Аскарбекова Диана Түркмөновна
Кыргыз Республикасынын кылмыш
жана жаза кодексинин 247-
статьясынын биринчи пунктунун
негизинде тогуз жылга эркинен
ажыратылсын!
Соттун бул өкүмүн укканда Диана
бир "селт" этип жыйрылып алды.
Ал мындай болуп кетээрин күткөн
эмес. Өзүнөн өзү көздөрүнөн
жашы мелт этип ага бетинен төмөн
карай куюла баштады.
* * *
Аны өзүнө тааныш терезелери жок,
ичи караңгы чүмкөмө машинеге
салып кайдадыр алып жөнөштү.
Жанында автоматчан жашы
отуздарга чукулдап калган жигит
кайтарып, узатып баратты.
"Эми үйдөгүлөр менин бул жакта
экенимди кантип билишет. Аларга
кантип кабар кылам, менин
тагдырым ушундай болуп калдыбы.
Муну үйдөгүлөр, кошуналар укса
эмне дейт? Али он гүлүнүн бир гүлү
ачыла элек күлгүндөй жашым ушул
түрмөнүн ичинен өтүп кетет экен
го. Кандай күнгө туш болдум,
шаарга келип тапкан пайдам
ушулбу? Эмдиги жылы Кудай
буюрса университеттин
юридикалык факультетине
тапшырып сот болсом деп
кыялданып койгонумду кантесиң.
Мына эми сот болмок тургай
кылмышкер аталып, өмүрүмдүн бир
бөлүгү түрмөдө чиримей болду.
Баса, кайсы колуңа шал тийгир
чөнтөгүмө героин салып койду
экен. Алиги жаңы таанышкан
жигитпи, же аны менен мушташа
кетишкен сырттан келген
зөөкүрлөрбү же болбосо
милициялар өзүлөрү салып
коюштубу? Мындан алар эмне
пайда табышмак эле, же мен
алардын душманы болбосом.
Дегеле түшүнсөм буюрбасын, эмне
болуп кеткенине өзүмдүн да башын
жетпейт. Оо Кудайым эми кандай
айла кылам, күлгүндөй өмүр
күтүлбөгөн жерден эле соолуп
калат деген ушулбу", - Диана өзү
менен өзү сүйлөшө көзүнөн жашын
көл кылып караңгы чүмкөмө
машиненин ичинде ыйлап кетип
бара жатты.
Көп убакыт өтпөй эле дарбаза
ачылып кандайдыр короонун ичине
киргендей болушту. Бир аз убакыт
өткөндөн кийин чүмкөмө
машинени арткы эшиги шарт
ачылып аскер формасын кийишкен
далдайган үч аял тосуп алышты.
- Түш бери, жетчү жериңе жеттиң!
Бул орой мүнөз аялдар Диананы
жеп жиберчүдөй караша кайдадыр
ээрчитип жөнөштү. Диана
айланасына бир сыйра көз
жүгүртүп алды. Адам бою жетип
чыга алгыс бийик дубалдар, баш
жактарында тикенектүү темир тор,
ал эми дубалдын түптөрүндө ары-
бери жүрмө узун зымга байланган,
алкынган дөбөт иттер. Ар кайсы
жерге чоң прожекторлор
орнотулуптур.
Иттердин
жанындагы анча бийик эмес, үстү
жабылган кичинекей айнектүү
жыгач үйдө автомат кармаган
бирөө короо ичиндегилерге көз
жүгүртүп бейкапар отурат. Ары
жакта бири-бирине окшош кыска
юбка кийишкен кыздар жүрүшөт.
"Түрмө деген ушундай болот
турбайбы"
деп Диана ичинен ойлоп
койду.
- Эскертип коёюн, мындан кийин
басканда дайыма колуңду артыңа
алып жүр, эки жакты жөндөн-жөн
карай бербе, ашыкча сөз сүйлөбө,
бул жактын мыйзамы ушундай
уктуңбу - жоон толмочунан келген
аял ага түшүндүрүп өттү. Сыягы
улуту корея окшойт, акцент менен
болсо да анча-мынча кыргызча
сүйлөмүш этип атты. Аны эки
кабаттуу үйгө алып киришип, бир
сыйра сурап, керектүү нерселерин
кагазга түшүрүштү да паспортко
окшош документ карматты.
- Бул жактагылардын бардыгы
алдагындай аттар менен жүрүшөт.
Биз сени чакырганда ушул ат
менен чакырабыз. Жакшылап
карап, эсиңе түйүп ал.
Диана паспортко окшош кагаздын
ичин ачып карады эле жүз
жыйырма бешинчи сан, "ЗУМ"
деген жазуу бар экен. Алиги
документ кагазын берген аял ага
карады.
- Окудуңбу.
- Ооба.
- Анда мындан ары жүз жыйырма
бешинчи номер менен жүрөсүң.
Диана атың өчөт, Зум деп
чакырабыз уктуңбу.
Диана уктум дегендей башын
ийкегиледи.
- Анда бар да душка түшүп,
үстүңдөгү кийимдериңди чечип бул
жактын кийимдерин кий.
Дагы бир толмочунан келген аял
бир кабаттуу бирок чоң болуп
салынган үйдү карай ээрчитип
жөнөдү. Аны ары жактан ак жумал,
сулуучумак келген, окшош
кийинишкен эки кыз узата карап
калышты. Ар кайсы жерде бирин-
серин эле эркектер көрүнбөсө
дээрлик жокко эсе, көпчүлүгү эле
аялдар экен. Жуунчу душка
киришкенде арттарынан эки эркек
кошо кирди. Алар кийим чечинчү
бөлмөгө келишип, тамеки чегип
Диананы кунт коюп карап турушту.
- Эмне жалдырап туруп калдың,
чечинбейсиңби?
Диана тигилер турбайбы дегендей
көзү менен босогодо турушкан
эркектерди көрсөттү эле буга алиги
аялдын ачуусу келе түштү.
- Ой господи, чечин дегенден
кийин чечине бербейсиңби,
эмне
ушулардан уялып жатасыңбы. Азыр
уялып жатсаң кийин булардын
алдында жыпжылаңач басып,
атүгүл чуркап каласың так что
уялбай эле чечине бер.
Диана баары бир эркектердин
көзүнчө чечингенден уялып турду.
- Эмне, мен чечинтейинби же
тигилерди жардамга
чакырайынбы!
, - алиги аялдын ачуу
үнүнө Диана акырын чечине
баштады. Баарын чечип бүтүп
эмчек тарткычы менен турсийи эле
калды.
- Алдагыларыңды да чеч!
Бир ордунда былк этпей турганына
ачуусу келген аял Диананын эмчек
тарткычын жулуп алды. Турсийин
да чечтирмек болду эле Диана
каршылык көрсөтүп кирди. Аял
башын өзүн карай ийкеп
босогодогу эркектерди чакырды.
Алар дароо жетип келишип
Диананын колун артка кайрып
туруп трусасын чечип,
жыпжылаңач кылып ташташты.
Алиги аял болсо өзүнө каршылык
кылган жаңы келген кызды болгон
күчү менен жаактан ары басып-
басып алды.
- Мындан кийин менин
айтканымды аткарбай моюн
толгочу болсоң көз көрүнө тигил
экөөнө зордуктатып таштайм. Бар
эми жуун, самын-мочалкалар
тигине.
Аял ачуулана эшикти тарс эткизе
жаап, эки эркекти калтырып
сыртка чыгып кетти. Диана
босогодо турган эки эркектен
жалтайлай душтун ысык-муздак
суусун чалыштыра жуунуп кирди.
Босогодо турушкан эки эркек анын
бой-мүчөсүнө суктаныша кантип
жуунуп жатканына көз салышып
турушту. "Кызык, түрмөдө
ушундайлардын баардыгына
уруксат берилгенби?
" - Диана
жуунуп жатып ушуларды ойлоп
койду.
Жарым сааттан кийин алиги аял
келди да короо ичинде кийинип
жүрүшкөн кыздарга окшош
кийимди алып келип анын алдына
таштап салды. Сүлгү менен
аарчына алиги кийимдерди
кийгенде төшүндө 125 деген сан,
анан "ЗУМ" деген жазуу бар экен.
Ошентип Диананын бул укмуштуу
түрмөдөгү таңкалаарлык алгачкы
жашоосу башталды.
ТҮРМӨНҮН СЫРЫ
Бийик дубалдуу бул түрмө ичи анча
деле чоң эмес болчу. Узундугу элүү
метрдей келген эки кабаттуу хата
ичиндеги ар бир камералары төрт
кишилик экен. Терезелери дагы,
эшиктери дагы жоондугу
бармактай келген темирлер менен
тордолгон. Качып чыкканга эч
мүмкүн эмес. Хатанын эң башкы
жагындагы бөлмөдө көзөмөлчү
менен кайтаруучулар турушат. Ал
бөлмө башкаларга салыштырмалуу
аябай жакшы жасалгаланган.
Бардык шарты бар. Пульт менен
иштеген телевизор,
видеомагнитофон,
жумшак диван
креслолор, газ, стол, стулдар, бир
эмес эки-үч "сотовый"
телефондор,
андан сырткары дагы
стол үстүндө шаар ичи менен
байланышуучу эки телефон турат.
Бул бөлмөнүн ичин тазалап, колун
жууп атып Диана ушуларды
байкаган. "Мүмкүнчүлүк болсо
шаардагы эжекем менен телефон
аркылуу байланышсам кандай гана
жакшы болот эле. Жок дегенде
жумасына бир жолу "свиданкага"
келип турмак. "Жалган жалаа
менен кесилип кеттим" десем эжем
ишенеби, ишенбейби ким билет.
Мен ага бир да жолу жаман
жактарымды көрсөткөн жок
болчумун да. Наркотикти кимдир
бирөөлөр чөнтөгүмө салып
коюшуптур десем балким ал
ишенээр…"
- Зум, бери мага жакын кел, - анын
оюн эртеден бери ар бир кыймыл-
аракетине кунт коюп көз салып
аткан көзөмөлчү мурутчан жигит
бузуп жиберди, - уялба, бери жакын
кел!
Диана эңкейип алып суу чүпүрөк
менен бөлмөнүн полдорун жууп
жаткан, укмаксан болуп коёюн
деди эле ал үнүн өктөм чыгарып
кыйкырганда ордунан туруп,
кийими башын оңдой сандарын
көрсөтө түрүлүп калган көйнөгүн
ылдый түшүрө анын жанына басып
келди. Түрмө ичинде кийип
жүргөндөрдүн баардыгы жоон
сандарын көрсөтүп жүргөн кыска
юбкалар экен. Диана ага бир
кадам жетпей токтоду. Тигил жигит
диван креслодо чалкалай отурган
болчу.
- Дагы жакын кел! - ал акырын
Дианага колун сунду. Диана ага
дагы жакыныраак жылды эле чап
эле билектен кармады. Анан бой-
мүчөсү келишкен сулуу кыздын
дене түзүлүшүнө көз жүгүртө
ырсалактап күлө баштады.
- Менимче сен "свежий"
болушуң
керек ие? Же кыз эмессиңби?
Ал акырын бир ордунда былк этпей
турган Диананын аппак жоон
сандарын сыйпалап кирди. Анан
колун жогорулатып келип чатырап
турган төшүн мыкчып калды эле
Диана өзүн кармана албай кетип
тигини жаакка кандайча чаап
жибергенин өзү да билбей калды.
Анан каякта турганы эсине келе,
көзүн алайта артка кетенчиктеди.
Диванда отурган тигил жигит
ачуулана ордунан атып турду.
- Ничего себе, сен кимге кол
кайтарып жатасың ыя, бияктын
тартибин али биле элек экенсиң го,
- ал ачуусу менен Диананын чачын
ууштай кармап жаактан ары
басып-басып алды. - Мага кол
кайтарган кандай экенин көрсөтөм
сага азыр…, - эркекти муштагандай
барскандай болгон муштуму менен
ичке уруп калды эле Диана өзөрө
бөк түшүп калды. Колдун кыры
менен желкеге чапканда полго
кулап түштү.
- Мен сага азыр түрмө
кызматкерлерине кол көтөргөн
кандай экенин көрсөтөм, проучу… -
ызырынган жигит кадимки
зөөкүрлөрдөй буту менен тепкилеп
кирди. Чачтан кармап өйдө
тургузду да керилип туруп бетке
сокту. Диана чалкасынан кулай
мурдунан дирт этип аккан кан
көйнөгүнө жайыла берди. Ордунан
жыла албай арты менен жылып
отуруп дубалга такалып калды.
Анан болгон күчү менен кыйкыра
баштады.
- Жардамга!
Мени сабап жатат!
- Сен кимди жардамга чакырып
жатасың ыя? Сага ким жардамга
келет, тигил камерада
отургандарбы,
же сыртта
жүргөндөрбү?
Менден башка эч
ким сага жардам бере албайт
билдиңби, - ал сүйлөнүп да атты
тепкилеп да атты, - мен сени азыр
зордуктап салсам да өзүм билем,
же ишенбей атасыңбы. Ишендирип
коёюнбу… Ал Диананы белден
кучактай тапатак көтөрүп барып
диванга урду. Анан үстүнөн басып
алып тырпыратып мойну-башынан
өпкүлөп кирди. Мындай караганда
түрмө ичиндеги көзөмөлчү эмес
эле көчөдөгү аңги, зөөкүрдөн эч
айырмасы жок болчу. Экөө бир
топко алышты. Узун-туурасы
билинбеген далдыйган жигит тал
чыбыктай ийилген он жети жаш
кызды төрт бүктөп басып койду.
Турсийин жулуп алып, айрып
ыргытып жиберди да жаңыдан
үстүнө чыгып келаткада арт
жагынан аялдын дарылдаган жоон
үнү чыкты.
- Токтот!
Далдайган жигит шашпай ордунан
тура шымынын бүчүлөсүн
топчуланып,
Диананы жаман көзү
менен карай сыртка чыгып кетти.
Босогодо турган толмочунан келген
аял жигитке көңүл бурган да жок,
оозу-мурду шишип, кызыл-ала кан
болуп турган Диананын жанына
басып келди.
- Бар, оозу-мурдуңдун кандарын
жуу да камераңа жөнө. Экинчи
ушинтип хата жаңырта
кыйкырганыңды укчу болсом
таарынба.
Ары жактагы крандагы сууга бети-
башын жууган Диана унчукпастан
узун, кууш коридор менен өзүнүн
камерасын карай жөнөдү.
Башка камерадагы кыз-келиндер
темир тордун ары жагына туруп
алышып Диананы мазактап
жатышты.
- Эмне сенин кыз белгиңди алып
аттыбы, эмне мынча айкырасың
ыя, шашпа көргөндөн көрө элегиң
көп. Аман болсоң мындайдын
миллионун көрөсүң. Сооп болот
сага, көчөдө жүргөндө эле буларга
карматпай качып кетпейт белең,
эми бул жакта тоок болуп жүрө бер
ха-ха-ха!
Диана алардын сөзүн уккусу
келбей эки кулагын баса өзүнүн
камерасына чуркап кирип кетти.
Камерада Саулем деген жыйырма
бирге чыгып калган казак кыз анан
Өзбекстандын Жиат районундагы
Зулфия деген жашы али
жыйырмага чыга элек атасы өзбек,
энеси кыргыз, чачтары, көзү-
баштары капкара сулуучумак
келген кыз болчу. Саулемдин бул
жакка келгенине жарым жыл, ал
эми Зулфиянын келгенине эки эле
ай болуптур.
Өзүнүн кроватына жатып алып
солкулдай ыйлап жаткан Диананын
жанына экөө тең басып келишти.
- Тур өйдө, башыңды көтөрчү,
ыйлагандан пайда жок, андан көрө
мындай отур дагы биздин
сөзүбүздү ук.
Диана бир аз ыйлап алган соң
башын көтөрө өйдө боло берди.
Экөө анын эки жагына отурушту,
үчөө бир топко унчугушпай алды
жактарын мелтиреп отура беришти.
Бир кезде Саулем үн катты.
- Эмне, ал сени зордуктап
таштадыбы?
Диана унчукпастан жок.
- Чыныңды айт, ал сенин кыз
белгиңди алдыбы?
- Жок, ага үлгүрө албай калды.
Тигил аял кирип келбегенде дал
эле ошондой болмок. Мени
тырпыратып басып алып
зордуктап салган күндө да
зөөкүргө тигилер эч нерсе демек
эмес окшойт. Мен түшүнбөйм, бул
эмне деген түрмө, көзөмөлчүлөр
менен түрмө кызматкерлери
өздөрүн өздөрү билип, өтүктөрүн
төргө илип өз билгендерин
жасашат экен. Эмне булар жогору
жактагылардан коркушпайбы.
Эгер
тигил азыр мени зордуктап
салганда 129-статья менен өзү
түрмөгө отуруп калмак да
туурабы?
Анын сөзүнө берки экөө бири-
бирин карашып каткырып күлүп
жиберишти.
- Эмне күлөсүңөр, албетте силерге
күлкү. Бирөөнө күлкү, бирөөнө ый
деген ушул да, балким түрмө
мыйзамы ушундайдыр?
- Сен бул жакты чыныгы түрмө деп
ойлоп жатасыңбы?
- Анан эмне кадимкидей сот
процесси болуп 274-статьянын
биринчи пунктунун негизинде тогуз
жылга эркимен ажырабадымбы.
Ал
эмне статья экенин билесиңерби?
- Билбегенде,
сенден сонун
билебиз. Бул экөөбүз тең ошол
статья менен кесилип келгенбиз.
Он эки килограмм героин менен
кармалдың да туурабы. Биз дагы
героин менен кармалганбыз.
Ошол
ак желим баштык көпчүлүк сулуу
кыздардын келечегине балта чаап
түбүнө жетип бүтмөй болду.
- Кандайча, мен эч нерсе түшүнсөм
буюрбасын.
- Сен али эч нерсе көрө элексиң,
сүйлөй-сүйлөй чечен болосуң,
көрө-көрө көсөм болосуң.
- Ачыгын айткылачы бул эмне
деген түрмө. Жалаң өңү-баштары
татынакай жаш сулуу кыздар.
Аялдар түрмөсүндө ар кандай
возростогулар болушу керек да.
- Эмесе угуп тур, бул деген
мыйзамдуу түрмө эмес, менчик
түрмө…
- Менчик түрмө деген эмнеси?..
- Угуп тур, перебивайт этпей, бул
деген Марат Исабеков дегендин
менчик түрмөсү. Булардын
кишилери же тагыраак айткада
агенттери Орто Азия боюнча жер-
жерлерди бардыгын кыдырышып
сулуу жаш кыздар болсо кароолго
алышып, акырын байланыш түзүп,
акыры ар кандай жол менен
кылтакка илишет. Ар кандай
дарыларды тамакка кошо беришип,
эси ооп жатып калганда сырттан
врачтардын кийими кийишип,
жетип келишет да замбилге салып
алып кетишет. Тигилер эстерине
келгенче укол сайып коюшат. Бул
бийик дубалдуу короонун ичине
киргенде гана эстерине келишет,
бүттү кайра чыгууга мүмкүн эмес.
Эркин болом десең өлүгүң гана
чыгышы керек.
- Ал эми аскер формасын
кийинишкен аялдар менен
эркектерчи?
- Алар жалданма кишилер, бул
жактан айлыкты жакшы алышат.
Ар кимиси өздөрүн өздөрү билген
кожоюн. Өзүң деле буга күбө
болдуң го. Азыр тигил далдайган
жигит сени зордуктап таштаса сен
эч нерсе кыла албайт болчусуң
туурабы. Ага эч ким эч нерсе
демек эмес. Ал зөөкүр бул
жактагылардын далайларынын кыз
белгисин алды. Мынакей
Зулфияны эле мындан бир жарый
ай мурун ушул зөөкүр зордуктап
таштаган. А сен каяктагы жүз
жыйырма тогузунчу статьяны
айтасың. Булар сени зордуктамак
турсун, өлтүрүп койсо дагы
соттолушпайт уктуңбу. Бул жакта
иштегендердин эч кимисине тыюу
коюлбаган. Ошондуктан ар кимиси
өздөрүн өздөрү билип кутуруп
жатышпайбы.
Жаш кыздардын
баары эле кор болууда. Он жети же
он сегиз жаштан төмөнкү же
болбосо жыйырма бештен жогорку
кыздарды көрдүңбү, андай бир
дагы кыздар жок, дээрлик бул
жакка келгендердин сексен
проценти күйөөгө чыга элек, али
турмушту көрө элек кыздар.
- Мынакей, бизди өзүнүн менчик
түрмөсүнө отургузду деп коёюн
андан эмне пайда табат?
- Эмне пайда табат?.. Тапканда да
кандай пайда табат дейсиң. Күнүнө
жок эле дегенде, болбой калды
дегенде эле он миң түшүп турат,
бул жакка биздин эсебибизден.
- Кандайча?
- Сен али эч нерсени көрө элек, эч
нерсеге түшүнө элек мадыра баш
турбайсыңбы.
Эмне себептен
түштөн кийин саат төрт чендерде
кыздардын баарын тизип алып ар
кайсы жакка бөлүштүрүп
"разборка"
кылып жатат. Түн
ичинде бул жакта ооругандар эле
болбосо бир да кыз калбайт.
Булардын калаа ичинде ондон
ашык менчик сауналары бар, бул
кыздарды ошол жактагы бай
клиенттерге салып беришип,
аларды камсыздандырып турушат.
- Ал жактан качып кетүүгө же өзү
менен чогуу жаткан бай адамдарга
бул тууралуу айтып коюуга
болбойбу?
- Эч мүмкүн эмес, биздин ар бир
кыймылыбыз катуу көзөмөлдө. Ар
бир бөлмөдө, саунада жашыруун
көргөзүп туруучу, үндү угузуучу
аппараттар бар. Эч нерсе кыла
албайсың, бир нерседен шек алып
калчу болсо анда эле ишиңдин
бүткөнү дей бер. Өмүрү көрбөгөн
кордук көрсөтүшөт,
ал жактан
качып да кете албайсың. Мынакей
жакында бир кызыбыз ошол сауна
жактан качып кетүүгө аракет
жасады эле аябай көрбөгөн
кордукту көрдү. Үч жолу катуу
эскертилет,
эгер ага моюн
сунбасаң жөндөн-жөн гана көзүңдү
тазалап коюшат. Анын өлүгүн
каякка алып кеткенин да билбей
каласың…
- Дагы бир суроо, буларды бийлик
өкүлдөрү же милиция
кызматкерлери билишпейби?
…
- Булар менен кээ бир бийлик
өкүлдөрү, милиция кызматкерлери
чогуу иштешет. Тескерисинче бул
бийик короону катуу көзөмөлгө,
кайтарууга алышат. Ошон үчүн
алар да кандайдыр бир
"доляларын"
алып турушат. Дагы
эмне сурооң бар?
- Бул жакта канча адам иштешет?
- Анысын биле албайм.
- Ал эми эркинен ажыраган шордуу
кыздардын саны канчага жетет?
- Мурун жүзгө чукулдап барып
калчу. Азыр акырындап
көбөйгөндөн-
көбөйүп баратат.
Мурун болсо баарыбызды чогуу
ашканага алып барып тамак
ичирчү. Азыр болсо камеранын
ичине таратып берет. Ошондуктан
бирибиз менен бирибиз
сүйлөшкөнгө,
таанышканга
мүмкүнчүлүк жок.
- Түн ичинде башкалардын баарын
алып кетип, эмне себептен мени
бул жакка жалгыз калтырып
жатышат?
- Сен азыр деген али "свежий"
кызсың ошодуктан жалгыз
калтырууда.
Биринчи кезекте
мунун кожоюну Марат өзү келип
сенин кыз белгиңди алат, ошо
себептен сага эч кимиси тийише
албай жатат. Анан бул жакта
иштегендердин баардыгы сага
чабуул коюшат. Кыскасы,
акырындап кезеги менен бул жакта
иштеген эркектердин бардыгы
менен болуп чыгасың.
- Күнүнөбү?
- Жок. Бир жумада бирөөсү келип
турат.
- Каршылык көрсөтсөмчү?
- Аны өзүң көрдүң го өлөөрчө
токмок жейсиң алардан…
- Бойлоруна бүтүп калсачы?
- Андай болушу мүмкүн эмес.
Спираль же дары салып коюшат.
Жумасына бир жолу текшерүүдөн
өтүп турасың. Оору жугузуп
алгандар болсо дароо
дарыланышат.
- Күндө саунага барып, эркектер
менен болуп, арак ичкенден
тажашпайбы?
- Албетте, көкөйлөрүнө көк
талкандай эле тийет да. Бүгүн түнү
ким менен болоор экенмин деп
сарсанаа болуп турасың. Көпчүлүк
мезгилдерде чет өлкөдөн келген
меймандарды же бул жакта иштеп
жаткан чет элдик кишилерди
камсыз кылабыз. Алар доллар
менен төлөшөт.
- Алар да сулуу кыздарды
тандашат да…
- Бул жердеги кыздардын
баардыгы эле сулуу, четтеринен
чертип алып, алып кете беришсе
болот. Баса айта кетчү дагы бир
нерсе, бул жактан чет элдиктерге
сатылып кеткендер да бар, өтө
кымбатка бирден, экиден сатылат.
Бир жолу тогуз кыз сатылып кетти
Сауд Аравия жакка. Алар канча
сомго бааланышканын билбейбиз.
Эми түрмөнүн сырын анча-мынча
түшүнүп калдыңбы?
Диана түшүндүм дегендей башын
ийкегиледи.
Аңгыча темир торлуу
эшик шарт эте ачылып жоон үндүү
аял баш бакты.
- Развод, разводко чыккыла!
Ал Диананы карап туруп отургузуп
койду.
- Сен азырынча каласың бул
жерде.
ЭЭН БӨЛМӨДӨГҮ КЫЙКЫРЫК
Камерадагылардын бардыгы
чыгып кетишкенден кийин Диана
өзү жападан жалгыз калды.
Сүйлөшөөр эч ким жок эмнегедир
ал өзүн бу дүйнөдө жападан
жалгыз калган адамдай сезип
кетти. Айланага күүгүм кирип
келаткан болчу, бир аз убакыт
өткөн соң эшик ачылып
толмочунан келген алиги аял баш
бакты.
- Эригип жатасыңбы, азыр мен
сага эрикпегендей жумуш таап
берем. Бас жүрү.
Экөө ээрчише кууш коридорго
чыгып, көзөмөлчүлөрдүн эс алуучу
бөлмөсүнө барышты. Алиги аял
бош чаканы анан пол жууй турган
узун жыгачты колуна карматты да
буйрук бере сүйлөдү.
- Тиги тряпканы ал дагы
камералардын бардыгын,
коридорду, бул бөлмөнү бүт жууп
чыгасың терезелеринен бери
чаңын сүрт, тим эле мисилдеп
күзгүдөй болуп жалтырап гана
турсун. Өзүм келип текшерем
эсиңде болсун эгер бир жеринен
кынтык тапсам кайра башынан бүт
жуудуруп чыгам. "Кыздуу үйдө кыл
жатпайт" деген макалды
билесиңби, дегеле кыл да
көрбөйүн, анда давай приступай!
Аял эшикти ачкан боюнча кетип
калды. Диана чакага суу куюп
алып адегенде полдорду жууп
кирди. Ишти көзөмөлчүлөрдүн эс
алуу бөлмөсүнөн баштады.
Полдорду жууп бүтүп, терезелерин
ным чүпүрөк менен сүртүп кирди.
Өзүнөн башка бул хатада дагы бир
өзү теңдүү кыз калыптыр. Экөө
бири-бирин карап коюшуп ишти
аткарып жатышты. Бири-бири
менен сүйлөшүүгө катуу тыюу
салган болчу. Терезелерди сүртүп
жатып кокусунан стол үстүндөгү
телефондорго көзү түштү.
Терезени айнегинен сыртты караса
алиги аял короодо бир эркек менен
сүйлөшүп турган болчу. Бир нерсе
оюна кылт дей түштү дагы акырын
коридорго чыкты. Алиги кыз өзү
менен өзү сүйлөшө коридордун
полун жууп жатыптыр, башка эч
ким жок экен. Диана дароо
бөлмөнүн эшигин жапты да
шашыла телефонго умтулду.
Телефонду көтөрүп жанталаша
эжесинин номерин алып кирди.
Биринчи жолу чалганда телефон
бош эмес экен, кайра ордуна коё
коюп, терезеге барып айнекти
сүртүмүш этип калды. Алиги аял
бир нерседен шектене бул жакты
карап туруптур. Диана эч нерсе
билмексен боло айнектерди сүртүп
бүтүп, экинчи терезеге барып
шашпастан аны да сүртө баштады.
Арадан беш мүнөт өткөндө аялды
дагы бир жолу карап алып
кайрадан телефонго жетип келди
да эжесинин номерин алып бурай
баштады. Бул жолкусунда бош
экен, бирок көпкө чейин албай
койду. "Бол, бол ылдам, көтөргүлө
трубканы"
деп Диананын чый-
пыйы чыга шаштысы кетип жатты.
Бир аздан кийин ары жактан жаш
кыздын "алё" деген үнү чыкты.
- Бу ким Айнура сенсиңби?
- Ооба, бу ким?
- Мен Дианамын мамаң барбы?
- Диана эжесизби, каякта жүрөсүз,
биз сизди таппай жатпайбызбы…
- Айнура бол ылдам мамаңды
чакыр, сени менен сүйлөшкөнгө
убакыт жок.
- Мамам кошунаныкына кеткен
азыр чакырам, - алиги кыз
телефонду таштап, сыртка чыгып
кеткендей болду.
- Ээ Кудай ылдамыраак келсе
экен, - Диананын чый-пыйы чыга
тигил короодогу аял келип калбаса
экен деп тыбырчылап жатты. Бир
аздан кийин эжесинин үнү угулду.
- Алё бул ким Диана сенсиңби?
- Ооба, менмин… сөзүнүн аягына
чыгарбай ары жактан кандайдыр
эркектин колу пайда болуп
телефонду иштетпей басып койду.
Чочуп кетип карай салса өткөн
жолу өзүн сабап, аз жерден
зордуктап коё таштаган далдайган
эркек экен.
- Сага ким уруксат берди өз
алдынча хозяйиничит этип,
телефонду алганга! - ал керилип
туруп колунун сырты менен
чапканда Диана бөлмөнүн бурчуна
камгактай учуп барып жатып
калды. Катуу соккуга көзүнөн от
чагылыша жер айлан-көчөк,
башы
эңги-деңги боло түштү. Бир кезде
анын узун чачтарынан уучтай
кармап өйдө көтөрүп тургузду да
алакандары менен жаактан ары
эки жолу басып-басып алды.
- Эмне босогону аттай элек жатып
эле кожоюн болуп калдыңбы? Бул
жактын эрежесин, уставын али
окуган жоксуңбу. Кимде ким
улуксатсыз өз билгенин жасаса ал
катуу жаза алаарын билесиңби?
Азыр хатанын ичиндеги полдорду
беш сыйра жууп чыгасың. Сени таң
атканча уктатпай иш кылдырам,
анан көрөм сенин улуксатсыз өз
алдыңча жүргөнүңдү.
Ары жактан бир чака суу алып
келип пол үстүнө жайната төгүп
таштады. Дагы бир чака алып
келип төгүп жатканда сыртта
короодо турган толмочунан келген
аял чуркап кирип келди.
- Дагы эмне болду?
- Эмне болмок эле, мунуң
улуксатсыз бул жакка кожоюндук
кылып телефон менен сүйлөшүп
жатыптыр.
Алиги аял жакын басып келип
Диананы жаактан ары басып
калды.
- Мен сага эмне дедим эле ыя, эч
нерсеге тийбе дебедим беле.
Чыныңды айт ким менен
сүйлөштүң, эмне деп сүйлөштүң?
- Эч ким менен сүйлөшкөн жокмун,
жаңы эле сүйлөшөйүн деп жаткам…
- Сүйлөшөйүн деп жаткам? Азыр
текшеребиз,
- алиги аял сыртка
чыгып кетип бат эле кайра келди
дагы колундагы кичинекей тегерек
дискетти компьютерге салды.
Диананын алиги телефондон
сүйлөшкөн сөздөрү жазылып
калыптыр.
- Эмне эжеңе чалмакчы болгон
экенсиң да. Анан компьютерден
баскылап жатып эжесинин кайсыл
жерде жашаганын билип алышты.
- Чүй проспектиси № 115 Айзаада,
Болот. Эжеңдин аты Айзаада,
жездеңдин аты Болотбу, Диана
унчуккан жок, - эмне унчукпайсың
айтпайсыңбы.
Же Болот байкең,
Айзаада жеңең болобу?
- Силерге айырмасы кайсы, алар
менин тааныштарым болот.
- Бул бейбаштыгың үчүн кандай
наказания аларыңды билесиңби.
Сен үчүн катуу наказания болот.
Бирок бактың бар экен. Шеф
келбей турса азыр сенин
сазайыңды берет элек.
Аял менен эркек өздөрүнчө бир
нерселерди шыбырашып сүйлөшө
сыртка чыгып кетишти. Диана
катуу соккудан денелери ооруп али
калыбына келе албай жаткан болчу.
Көп өтпөй эле көзөмөлчү аял кайра
кирди.
- Бар, бети-башыңды жууп, чачы-
башыңды оңдоп, өзүңдүн бөлмөңө
жөнө, мен азыр артыңдан барам.
- Далдайган эркек чапканда мурду
канап кеткен болчу. Крандагы
сууга бети-башын жууп, чачын
тарады да өзүнүн камерасына
жөнөдү. Алиги кыз дале пол жууп
жатыптыр. Экөөнүн көздөрү бир
саамга бири-бирине чагылыша
түштү.
- Менин атым Албина, сеникичи?
- Диана.
Экөө башка эч нерсе сүйлөшкөн
жок. Анткени ары жакта көзөмөлчү
аял келе жаткан болчу. Ал
Диананын артына камерага кошо
кирди. Кроватка чүпүрөктөрдү
ыргытып койду.
- Ме чечин дагы алдагы ич
кийимдерди,
турсини анан алдагы
көйнөктү кий.
Диана суроо берген жок, айтканын
жасады. Косметиканы анын колуна
карматты.
- Ме бобулар менен оозу-башыңды
боё. Бобул духилерди себин .Азыр
шефке барабыз. Көзөмөлчү аял өзү
да жардамдашып Диананы
жасандырып жиберди да "жүрү"
деп кайдадыр ээрчитип жөнөдү.
Жолдо баратканда ага акыл-
кеңешин айтып баратты.
- Биздин шефибиз жакшы адам,
ага ар дайым жылмайып жооп
берип, бардык айткандарына макул
бол. Ачуусуа тийип алба анда эле
балээсине калдың дей бер, уктуңбу,
уктуңбу деп жатам?
- Ооба.
- Анда ошондой, бейбаштык
жасаба.
Экөө ээрчише чоң, кенен бөлмөнүн
ичине киришти. Бөлмөнүн ичи
аябай кооз болуп
жасалгаланыптыр.
Диван креслодо
жашы элүүдөн өтүп алтымышка
чукулдап калган толмочуна келген
ак чачтуу киши отуруптур. Ал
мыскыл жылмая Диананы
маңдайындагы диванга отур
дегендей колу менен жаңсап
көрсөттү. Диана укчукпай анын
айтканын жасап, эки санын
бириктире, кысына диванга отурду.
Ага жоон сандарын көрсөтүп
турган кыска көйнөктү кийгизип
койгон болчу. Ак чач киши
мыскылдай Диананы аяк-башына
чейин көпкө карап турду. Жанында
турган көзөмөлчү аялга "кете бер,
бошсуң" деп ишарат кылды. Тигил
түшүндүм дегендей Диананы бир
карап алды да акырын сыртка
чыгып кетти.
- Кана кызым экөөбүз жакшылап
сүйлөшөлү. Сенин ким экендигиң
мага жакшы маалым. Жүрү тигил
жакка баралы, анан сүйлөшөбүз.
Диананы ээрчитип аркы бөлмөгө
алып кирди. Ал жак чоң зал экен.
Залдагы узун столдун бир бурчуна
ар кандай тамак-аштарды коюп
жасалгалап коюшуптур.
- Тигиндей отур, тартынба, өз
үйүңдө отургандай эле эркин сезип
отура бер. Кайсындан куяйын,
коньяк, вино, арак же
шампанскийби?
Диана унчуккан жок. Тигил
адегенде ага шампан куйду.
Алдындагы тарелканы алып ар
кандай салаттардан салып аны
алдына койду.
- Кана момуну алып жибер.
Экөөбүздүн таанышкандыгыбыз
үчүн. Баса, айтмакчы Марат
Исабеков деген мен болом, бул
түрмөнүн кожоюнумун.
Мамлекеттин улуксаты менен
салынган түрмө, бирок бул менин
менчигим болот. Алдымдагы
кызматкерлерим да менин менчик
кызматкерлерим.
Эгер качып
кетсең калаанын кайсы районунун
милициялары болсо да сени
кармап алышып, кайра алып келип
беришет. Так что жердин жети
кабат түбүнө кирип кетпесең эле
сени биздикилер баары бир таап
алышат. Дагы бир айтчу нерсе
биздин бул жактагы мыйзам
таптакыр башка, түрмө
кызматкерлеринин айтканы силер
үчүн закон, аларды кың дебей
аткарышыңар керек. Эгер моюн
толгосоң анда балээни өз башыңа
өзүң үйөсүң. Кана алып жибер
алдагы ичкиликти. Тигил өзү
коньяктан куюп туруп тартып
жиберди. Диана стаканга жологон
жок.
- Мен деген сенден суранбайм,
буйрук берем, алдагы стаканда
куюлганды алып жибер да,
алдыңдагы тамакты же! Бол тез!
Анын бакырганынан чочуп кеткен
Диана стакандагы шампанды
кандайча түбүнө чейин тартып
жибергенин билбей да калды.
Туткун кыз.Саадатбек Мырзакул уулу Урматтуу окурмандар.Балким бул чыгарманы окуган чыгаарсыздар.Бирок кан
#2 25 Март 2014 - 17:17
2-бөлүм
- Алдыңдагы тамакты же, уялба.
Диана тарелкага салынган
тамактан жей баштады. Көптөн
бери мындай тамак жей элек
болчу, аябай даамдуу экен. Ак чач
киши дагы улам-улам бир
нерселерди сурай, аны карап коюп,
өзү да алдындагы жайнаган
тамактан тарелкасына салып алып
жеп жатты. Атайын ушундай
жасалганбы шампандын градусу
аябай күчтүү экен. Эки-үч стакан
коньяк ичкендей Диананын ичи
ысып, башы тегеренип чыкты. Ак
чач киши аны мыскылдай карай
дагы бир стакан шампан куйду.
- Болду ичпейм, - Диана моюн
толгоюн деди эле тигил үнүн өктөм
чыгара, буйрук бере сүйлөдү.
- Ичесиң, еще как ичесиң, бул
жерде менин буйругум эки болбошу
керек. Так что давай ич!
Диана эч нерсе түшүнбөй, бир
нерсеге башы жетпей жатты "Бул
түрмөбү, же бардел, сойкуканабы? "
Аны күчкө салып дагы эки стакан
шампан ичирди. Ушул үч стаканга
эле башы тегеренип кадимкидей
мас болуп калды. Бет
маңдайындагы ак чач киши
коньяктан үстөккө-босток ичип,
тамактан өлүп бараткандай жеп
жатканын көрүп турду, анан бир
стакан коньякты тартып жиберди
да оозу-башын чүпүрөк менен
сүртүнө ордунан козголду.
- Болду жетишет, жүрү тиякка,
пара уже!
- Каякка?
- Каякка болмок эле тигил
бөлмөдөгү диванга. Ме андан көрө
бобул стакандагыны тартып жибер
өзүңө жакшы болот.
- Жок ичпейм.
- Өзүң бил. Анда жүр кеттик
тиякка!
- Ал жакка барбайм!
- Эмне-ее, ещё как барасың!
- Мен деген али кызмын.
- Мага ошол керек, бас жүрү.
Диана моюн толгоп ордунан
турбай койду эле ак чач киши ага
болбой сүйрөп жөнөдү. Чоң диван-
кроват турган бөлмөнүн ичи кызыл
түстөгү жарык экен, атайын
жасалгаланса керек. Диананы
сүйрөп барып диванды көздөй
ыргытып жиберди. Жанале
жылмалаңдап турган киши эми
жолборстой күркүрөгөн зөөкүргө
айланды. Бир нерселерди сүйлөнө
үстүндөгү кий ими-баштарын туш
келди ыргытып кирди. Анан
Диананы кармайын деди эле ал
диванды айлана качты. Эшикти
ачып сыртка чыга качмакчы
болгондо босогодо турушкан
далдыйган эки жигитти сүзүп
кайра артка кетенчиктеди. Тигилер
кайра эшикти сыртанан жаап
коюшту. Ак чач киши да бир топ
кызып калган болчу.
- Качпа, каякка качасың. Азыр
качсаң кийин артыман чуркайсың,
анда мен да сени карабай коём.
Кызыл жарыгы бар чоң бөлмөнүн
ичинде экөө ары-бери кууша
мышык-чычкан ойноп жатышты.
Чычканга өлүм, мышыкка оюн
дегендей Диана канчалык
жанталашып качкан сайын ак чач
киши жыргап каткырып күлүп, жаш
балача ар кандай үндү чыгарып
тигини кууп жүрдү. Бир кезде аны
кууп жетип шап эле белден
кучактады да диван-кроватка
көтөрүп урду. Диван үстүндө
кармаш көпкө созулду. Диана да
колдон келишинче каршылык
көрсөтүп туруп алды. Бир маалда
абышканы беттен чапчый алдынан
суурулуп чыгып кетти. Ак чач
абышка эртеден бери кармашып
жатып алы кетип, чарчап калган
болчу. Күшүлдөй-бышылдай
ордунан араң турду.
- Бадрачи-ии! - деп катуу
кыйкырганда сыртта турушкан эки
далдайган жигиттер дароо кирип
келишти. Аларга башын ийкеп
Диананы көрсөттү эле алар дароо
эле эки колдон кармашып Диананы
чалкасына диван-кроватка
жыгышып эки колун, эки бутун эки
жакка кере таңып ташташты.
Кожоюнду бир карап коюшуп кайра
сыртка чыгып кетишти. Бир аз эс
алган алиги ак чач киши
ырсалактай басып келип
жырткычча болгон күчү менен
алдындагы байлануу кыздын
көйнөктөрүн тыткылап айрып
кирди. Анан өз билгенин жасай
баштады.
Кыздын ачуу чаңырыгы берки
бөлмөдө турушкан экөөнө
кадимкидей угулуп жатты. Бир
сааттан кийин чачы-башы
уйпаланган ак чач киши чыкты.
Эми кезек силердики дегендей
тигил экөөнө башын ийкеп койду
да артын карабай чыгып кетти.
Араң турушкан экөө биринен-бири
өтүшө бөлмөгө атырылган боюнча
кирип кетишти.
Арадан эки саат убакыт өткөндө
Диана эс-учу жок өзүнүн
камерасыдагы кроватында сулк
жаткан болчу.
Шампанга бир нерсе кошулганбы
айтор Диана таң атканча көзүн
ачпай сулк жатты.
Бака-шака түшкөн үндөн ойгонуп
кетип көзүн ачса Зулфия менен
Саулемди алып келишиптир. Таң
атканча укташпагандыкыбы
экөөнүн тең көздөрү кызарып,
өңдөрүндө аябай чарчаганы
билинип турат. Диананын
уйпаланган чачтарын, жаңы ич
көйнөктөрүн көрүп тигилер дароо
эле билип коюшту.
- Эмне кечөө тоесть түндө кожоюн
келдиби?
Алардын суроосуна Диана жооп
бергендин ордуна ыйлап жиберди,
түндөгү зөөкүрлөрдөн көргөн
кордугун чыпчыргасын коротпой
айтып берди. Үчөө кабактарын
карыш түйө унчугушпай олтурушту.
- Эми чындап ишенген чыгарсың,
бул түрмө кандай экенин, - Саулем
ага кайрат бере сүйлөдү, - эч
нерсе эмес биз дагы бул тепкичти
басып өткөнбүз. Бул жакка экөөбүз
тең эле кыз боюнча келгенбиз, сен
көрөлек кандай гана азап-
тозокторду баштарыбыздан
өткөрдүк. Али биз көргөн
кордуктун чекесин да көрө
элексиң. Түндөгү болгон
зөөкүрдөккө чыдай албай ыйлап
жатасың, керек болсо биз андай
кордукту күндө көрөбүз. Байтал
элең, сен эми мындан ары үйүргө
кошулдуң…
- Үйүрүң эмне?
- Эмне болмок эле, мындан ары
сен да биздин топ менен түн
ичинде чогуу кетесиң да эртең
менен кайтып келесиң.
- Силерди каякка алып кетип атат?
- Өткөн жолу эле чет-чеберин
айтып түшүндүрбөдүк беле. Бизди
жыргатканы алып кетип атат
дейсиңби, чет элдиктер менен бай
адамдардын уйпаландысы, эриксиз
күңү болобуз. Өздөрүнүн
сауналарына алып барышып бизди
алар бир түнгө сатышат, чоң
акчага.
- Бул деги өкмөттүн мыйзамдуу
түрмөсү эмес экен, качып
кетпейсиңерби бир ыңгайын таап?
- Ой бай аны угузба эч кимге.
Мындай сөздүн чет-чеберин угуп
калса эле ишиңдин бүткөнү. Баса,
качып кайда барасың, көчөнүн ар
бир булуң-бурчтарында булардын
кишилери жортуп жүрүшөт, кармап
алышып кайра алып келишет, же
жөн гана көзүңдү элге билгизбей
тазалап коюшат. Өткөн жолу
Наташа деген орус кыз жоголуп
кетти го, аны кантип дайынсыз
жоготушканына күбө болуп өз
көзүм менен көрбөдүмбү. Тээтигил
бурчтагы чоң үйдү көрдүңбү,
ошонун ичинде чоң темир жащик
бар экен. Менин оюмча ошонун
ичинде кислота бар окшойт. Айтор
кандайдыр бир суюктук бар. Бул
жактын мыйзамына баш ийбей
бараткандарды ошол суюктукка
салып жиберишет экен, дененин эч
нерсеси калбай эрип кетет, -
Саулем колунун сөөмөйүн
көрсөттү, - көрдүңбү бул колумдун
сөөмөйү жок, бир жолу байкабай
бул эмне болгон суюктук деп
колумду малып жиберип минтип
сөөмөйүмдөн ажырап калбадымбы.
Муну эч кимге билгизбей жүрүп
араң айыктырдым. Ал эми
Наташаны болсо ошол жакка кечке
жуук алып барышканын көргөм.
Шефтин бөлмөсүн тазалап жаткам.
Эч ким жок болчу, эмне кылышар
экен деп атайын барып аңдыдым.
Лөкүйгөн үч-төрт эркек адегенде
аны жыпжылаңач кылып
чечиндиришти дагы кезек менен
зордукташты. Андан соң эки колун,
эки бутун байлап туруп, өкүртүп-
бакыртып ошол челекке салып
жиберишти. Байкуш Наташа бир-
эки жолу акыркы күчү менен
туйлап алды дагы ошол бойдон
көздөн кайым болду. Алиги
жигиттер боркулдап кайнап аткан
сууну тынчыганча жыйырма
мүнөттөй карап турушту. Качан
гана көбүрүп-жабырган суу
тынчыганда темир союл менен
ичин текшерип көрүшүп, бүттү
дегендей бири-бирине баш ийкеше
кетип калышты.
Ошодон кийин ал дайысыз жоголуп
кетти. Жаш кыздардын көздөрүн
кантип тазалап коюшарын билип
калдым, көрсө көз ачып
жумганчалык эле убакыт экен да. А
сен капкайдагы качуу тууралуу
сөздөрдү айтасың, тигилер бул
сөздү угуп калышчу болсо жөндөн
жөн гана сени кислотага салып
ээритип жиберишет, эч ким билбей
да калат. Качуу тууралуу ойду
мээңден алыс ыргыт, эгер
жашагың келсе. Бул жактан бийик
дубалдан сыртка чыгып кете
албайсың, ал эми тигил жактардан
болсо катуу көзөмөлдөсүң. Бул
жактын эрежесин бузсаң катуу
наказания аласың, адегенде катуу
эскертүү берилет, экинчи жолу
кайталанса анда ишиңдин бүткөнү,
тиги дүйнөгө барып кайра келесиң,
тим эле Кудайга үнүңдү жеткирет.
Экинчи нарушение жазагыс
болосуң.
Кичине камеранын ичи тымтырс
болуп калды. "Баары бир кандай
болсо да качам, мындай кордукка,
мындай жашоого чыдай албайм", -
Диананын мээсинен ушул ой
кетпей туруп алды.
КАНДУУ МУШТАШ
Чын эле Диананы көргөндөн көрө
элеги көп экен. Түнкү саат эки
чендерде камерадагылардын
баардыгын "прогулкага" короого
алып чыгышты. Кыздардын көп
экендигин Диана ошондо биринчи
көрдү. Кеминде эле жүзгө чукулдап
барып калат экен, кээ бирлери
эки-үчтөн болуп, кээлери
жалгыздап өзү менен өзү сүйлөшүп
ээндеп басып жүрөт. Эки-экиден
чарпыша кетишип, ортого түшүшүп
арачалап, ажыратып кеткендер да
болуп жатты. Жалаң он алты, он
жети жаштан жыйырма беш жашка
чейинки жаш кыздар экен.
Болгондо да ар кайсы улуттагылар.
Бул жаш кыздар жалаң эле
Кыргызстандын жеринен эмес
төгөрөктүн төрт бурчунан алынып
келинген кыздар экенин Диана
кийинчерээк билди. Адегенде ар
кайсы улуттагы ар кандай тилде
сүйлөшкөн кыздарды көрүп
таңгалып жүргөн. Бири-бирин жек
көрө карашып, жактырышпай, орой
мамиледе болушуп, бир нерсе
болсо эле жырткычтарча
тытмалашып кеткенге даяр болуп
тургандай сезилип жүрдү.
Диана, Саулем, Зульфия өздөрүнчө
бир бурчта сүйлөшүп турушкан.
Бир кезде күтүлбөгөн жерден эле
эки кыз жакалаша кетишти.
- Во, башталды, жүрү көрүп
турабыз, кимиси жеңээр экен, -
Зульфия тигилерди күтпөй эле
экөөнөн бөлүнүп топтошуп бир
жерге үймөлөктөп жатышкан
кыздарды көздөй чуркап кетти.
Анын артынан экөө да жетип
барышты.
Корей кызы менен орус кыз экөө
мушташып жатышыптыр:
Кыздардын мындай мушташын
Диана биринчи көрүшү, тим эле
эркектерден да катуу,
жырткычтарча мушташып киришти.
Экөөнү заматта кыздардын баары
курчап алышып кыйкырып
жатышты.
- Сок, бетке ур!
- Ичке теп, чачын жул!
- Тумшугун канда!
Экөө кадимкидей бири-бирин
муштум менен муштап, бут менен
тебишип, чачтарын жулуп бок ооз
сөздөр менен сөгүнүшө
ызырынышууда. Аларды эч ким
ажыраткан жок, тескерисинче
бири-бирине кайра тукуруп ыраазы
боло карап турушту. Демейде
келип резинка союл менен
чапкылап сабап калчу лөкүйгөн
көзөмөлчү аялдардын бири да
басып келип экөөнү ажыраткан
жок. Тескерисинче ары жакка
туруп алышып, өздөрү да кызыга
карап турушту. Анча бийик эмес
секичедеги кичине үй ичинде ар
бир кыздардын кыймыл-аракетине
көз салып турган автоматчан
жигит дагы булардын мушташын
жыргап көрүп атты.
Бир кезде экөө чачташып
калышты. Орус кыз корей кызын
чачтан төмөн карай басып тизеси
менен бетке тепкилеп кирди. Корей
кызынын мурдунан кан атып
кетти, ошентсе да ал моюн берген
жок. Шап эте тигине тизеден кош
колдоп кармады да тапатак көтөрө
ордунан турду. Анан тигини кайра
жерге көтөрүп урду.
Орус кыз баары бир чачын бекем
кармаган боюнча коё берген жок,
цемент жерге катуу жыгылды эле
жулунган чач колуна уушталган
боюнча кетти. Ордунан туруп
келатканда корей кызы тигини
моюнга тепти, ал чалкасынан
кулай кайра ордунан турууга
аракет кыла баштады. Туруп
келатканда бетке жеп кайра
чалкасынан жыгылды. Дагы бир
жолу керилип туруп бетке тебээрде
орус кыз тигини буттан кармап
калганга үлгүрдү. Корей кыз
чалкасынан кулай экөө жерде
тытышып жатып калышты. Улам
биринин үстүнө бири чыгат да
муштумдары менен башка, көзгө,
бетке ургулашат. Экөөнүн тең бети-
баштары жарылып, мурдуларынан
кан кетти. Кийимдери айрылып,
чачтары уйпаланды. Аларды
айланада топтолушуп карап
тургандар байыркы Римдеги
гладиаторлорду согуштургандай
экөөсүнүн кимиси жеңээр экен деп
ызы-чуу түшүшө кыйкырып
жатышты. Улам биринин үстүнө
бири чыгып муштагылап атышып,
экөө тең аябай чарчашты, бирок
бири-бирине моюн сунгулары
келбей турушту. Мушташууну
уланта беришти, бир да бирөө
ортого түшүп арачалаган жок.
Тээ бир далайдан кийин мас
кишидей экөө тең темтеңдеше
ордуларынан турушту. Орус кыз
күүлөнүп келип тигини бетке урду
эле корей кызы чалкасынан кетти,
ордунан туруп өзүнө жакын келип
калган орус кызды буту менен
ичке тээп калды. Ал өзөрө жерге
тизелей бөктүшө кусуп жиберди.
Корей кызы дагы бир жолу бетке
тепкенде тигил чалкасына кулады.
Шашыла ордунан туруп келатканда
үлгүртпөй үстүнө минип алды.
Анан муштуму менен бетке
тындырбай ургулай берди.
Адегенде орус кыз колу менен
бетке урдурбоого аракет кыла
тосуп атты эле акырындап
дарманы кете колу менен да бетин
тосо албай калды. Эс учун жоготуп
сулк жыгылды. Ары жакта
булардын мушташын кызыгып
карап турушкан көзөмөлчү аялдар
жетип келишип, корей кызды
тигинин үстүнөн көтөрүп
тургузушту.
- Довольно, давай тиякка барып
бети-башыңды жуун.
Бери жактагы кыздар кол
чапкылашып корей кызын
кубаттаганга өтүштү.
- Браво, браво, молодец.
Анан өз ара талашып-тартышып
бири-бирине акча бере башташты.
Диана эмне болуп жатканына эч
нерсе түшүнгөн жок. Камерасына
келгенде Зульфиядан сурады.
- Эмне себептен аларды
ажыраштырган жоксуңар?
- Ажыраштырганга болбойт, анда
эки жаат болуп мушташып кетиши
мүмкүн. Экичиден анда баардыгы
кызыктуу "зрелищеден" кур
калышат. Ушундай мушташтарды
көргөндө "бой без правила"
мушташын көргөндөй болобуз.
- Эмнеге бири-бирине тияк
жактагыларга көргөзүшпөй акча
берип жатышат?
Тигилер мушташа баштаганда
карап тургандар кимиси утат деп
ортого акча ташташып өз ара
мелдеше башташат. Уттургандар
уткандарга акча беришет.
- Акчаны кайдан табасыңар?
Көзөмөлчүлөргө билгизбей тигил
өздөрүнүн клиенттеринен өөнөп
калган акчалары.
- Тигилерге билгизбей акча өөнөп
калса болобу?
- Анын баары өзүңдөн зависит
этет. Коркпой эр жүрөктүүлүк
кылсаң акырындап акча өөнөп
алсаң болот. Өткөн жолу Мария
деген кыз тигилерге билгизбей жүз
долларга жакын акча чогултуптур,
бирок көзөмөлчүлөргө кармалып
калып алардан өлөөрчө тепки
жебедиби. Жарым айдай
ооруканада жатып чыкты.
- Ооруканаңар барбы?
- Эки бөлмөлүү өзүнчө камера бар,
бул камерадан эч айырмасы жок.
Оорулууларды ошол жакка алып
барып жаткырышат. Атайын
врачтар бар, ошолор көзөмөл
салып дарылар карап турушат. Ал
жакта оорулуу кыздарды көпкө
деле жаткырышпайт, анча-мынча
айыгып келатканда эле дароо
чыгарышат.
- Ооба, өлүп калсак дагы биздин
эч кимге керегибиз жок. Өлүп
калсак этибизди барчалап,
майдалап тигил короо ичин
кайтарып турушкан иттерине жем
кылып беришет, же жанагы мен
айткан кислотага салып эритип
жиберишет…
- Мунун баарын кайдан билесиң?
Диана ишенбегендей таңгала
сурады.
- Ээ мен билбеген эч нерсе калган
жок, - Саулем мактана сүйлөдү.
Бул жакка келгеним аз болсо да
короо ичиндеги көп нерселердин
баарын "изучать" этип чыктым.
Кайсы жерде эмне бар эң жакшы
билем.
- Акырын билгизбей жер алдынан
өткөөл жасап качып чыкканга
болобу?
- Албетте болбойт, карабайсыңбы
короо ичи бүт цемент, топуракты
таштаганга жер жок. Анын үстүнө
тигил адамды бөлө тартып, жарып
жиберчүдөй болгон иттерди
карабайсыңбы. Качканга эч
мүмкүнчүлүк бербейт.
- Мм-де демек түшүнүктүү.
- Эмне болду?
- Качып чыкканга мүмкүн эмес
экен да.
Дианага Саулемдин "өлүп калсак
этибизди бырчалап иттерине тамак
кылып берет" деген сөзү жаккан
жок. Өзү менен өзү сүйлөшүп
жатты "неужели булар ушунчалык
жырткычтыкка барышат. Булар
адамбы, кимдер?"
Убакыт түштөн ооп төрттөргө
чукулдап калганда дайыма
хатадагы кыздарды "разводко"
деп чоң залга алып кетишет да
Диананы камерага жалгыз
калтырып коюшат. Разводу кандай
экенин, ал жакта эмнелер
айтылаарын эч нерсесин билбейт.
Камералаш Зульфия менен
Саулемден сураса "ал эмне экенин
аман болсоң өзүң көрөсүң" деп
айтпай коюшкан. Бул жолу
бардыгын разводко алып чыгып
атканда хатанын көзөмөлчүсү,
толмочунан келген аял Дианага
басып келип анча чоң, калың эмес
китепчени алдына таштады.
- Ме момундагы уставдардын,
эрежелердин баарын оку, изучай,
жатка билгендей бол. Эртеңден
баштап сурай баштайм. Биринчи
бөлүгүн жаттап кой, билбесең
сенде уйку жок, таң атканча
уктатпай жаттаттырам, уктуңбу?
Бекер тамак ичип, бакма тооктой
болуп, бездельник болуп бүттүң.
Аны бакма тоокко теңеп урушканы
менен хатада бир мүнөт да тыным
алдырчу эмес. Ал жерде өзүнө
окшогон үч жаш кыз калышчу.
Узунунан кеткен үч хатанын ар бир
камераларын үчөө таптаза кылып
жууп чыгышчу. Таңга жуук сырттан
келе турган кыздарга тамак
даярдашчу. Аларды ашканада
картөшкө, пияз аарчып жатканда
да тынчтык беришчү эмес, ары-
бери жакка тындырбай жумшай
беришчү. Анысынан да короодогу
буларга көзөмөл салып турушкан
эркектердин асылганын кантесиң.
Өтүп бара жатышканда жөн
кетиришпей көчүк баштарын
кармалап, сандарын сыйпалап
жиберишип, кээде баса калып
өпкүлөп анан кайра кое беришип,
чуркап бараткан жаш кыздын
артынан каткырып күлүп, узата
карап калышчу.
Иштеринин баарын бүткөрүп
өзүнүн камерасына келгенде алиги
көзөмөлчү аял берген уставды
башынан баштап аягына чейин көз
жүгүртүп чыкты. Устав эки
бөлүктөн турат экен. Биринчи
бөлүмү түрмө ичиндеги ар кандай
кыймыл-аракеттерге тыюу
салуулар. Мисалы бири-бири
менен сүйлөшпөө, короо ичинде
кыйкырбоо, өз алдыча басып
кетпөө, жандарына артык баш
буюм алып жүрбөө,
көзөмөлчүлөрдүн айтканын кың
дебей жасоо, айтор толгон-токой
пункттары бар экен. Биринчи
бөлүктүн экинчи жарымында ар
бир пункттагы эрежелерди бузса
аларга кандай жазалар колдонот
бардыгы көрсөтүлүптүр. Аларды
окуп жатып өткөн жумадагы окуя
көз алдына тартыла түштү.
Түшкү саат эки чендерде
кыздардын бардыгын прогулкага
алып чыгышканда жашы он алты,
он жетиге келип калган жаш кыз
дубалдын ары жагында сыртта
жүргөндөрдөн бирөө жарымы угуп
калаар бекен ниетте күтүлбөгөн
жерден болгон күчү менен бакырып
кое берген.
- Оо эл-журт, барсыңарбы? Бизди
туткун кылып өлтүрмөй болду,
куткарып калгыла!
Ары жактан үч-төрт эркек чуркап
келишип аны резинка таяктары
менен сабап, буттары менен
тепкилеп жатып калышкан. Тигил
да болгон күчү менен каршылык
көрсөткөн. Бирок далдайган
эркектер аны эси-көөнүнөн калгыс
кылып тепкилешип, качан гана
кызыл жаян кан болуп эс-учун
жоготуп жатып калганда экөөсү
эки бутунан кармап, ары көздөй
сүйрөп кетишкен. "Камера пытка"
дегенине алып кирип алышып бир
жума бою кандай гана азаптарды
көрсөтүшпөдү. Короонун
сыртындагылардан жардам сурап
кыйкырып деле пайда жок экен.
Түрмөдө кызмат өтөгөндөрдүн
барына түрмөнү айлана курчап
турган үйлөрдүн бирин да
калтырбай акырындап сатып
бериптир. Ал эми анда мурунку
жашаган адамдарды болсо борбор
шаардын дал эле ортосунан
бардык шарты бар көп кабаттуу
үйлөрдөн сатып берип, бал сөзгө
салып алдап, бирин да калтырбай
көчүрүп жиберишиптир.
Диана уставдын экинчи бөлүмүн
барактаганда "Бул түрмө эмес эле
тозок турбайбы" деп эки көзү алая,
төбө чачы тик турду. Анда
түрмөдөн тышкары дагы башкача
уставдары бар болчу. Разводдон
кийин бул жактагылар түнкүсүн
өздөрүнүн ресторан, кафелерине,
сауналарына чыкканда кандай
алып жүрүүлөрүнүн эрежелери бар
экен. Эгерде ал эрежелерди буза
турган болушса кандай жаза күтүп
турары жазылыптыр.
"Бул менчик түрмө өзүнчө эле эч
кимге баш ийбеген кичинекей
мамлекет турбайбы. Өздөрүнүн
закону, өздөрүнүн уставы,
программасы, кызматкерлери ал
эми биз болсок кулдардан эч
айырмабыз жок. Албетте түрмөнүн
көп окшоштуктары да бар.
Окшоштуктан айырмачылыктары
көп. Тикенектүү бийик короо
дубалдын ичи, түрмө хаталары,
камералары эле түрмөгө
окшошпосо башка эмне
окшоштуктары бар. Эркинен
ажыраган "бас" десе басып, "тур"
десе туруп, "жат" десе жатып, кың
дебей баш ийген жалаң мөлтүрөгөн
жаш сулуу кыздар. Мында иштеген
кызматкерлердин бардыгы
өздөрүн өздөрү билишип
каалагандарын жасашат.
Тоокторду баса калган
короздордой тырпыратып баса
калып зордуктап салышса дагы
көрмөксөн, билмексен болуп
коюшат, кайра бири-бирие ыраазы
болгондой карашат. Бул менчик
түрмө эмес, бул жаш сулуу кыздар
кокусунан кабылчу тирүүлөрдүн
тозогу. Тиги дүйнө тозогу менен эч
айырмачылыгы жок. Оо Кудайым,
ушундай да жашоо болобу? Шаарга
неге келдим экен". Диана өзүнө
тапшырылган уставдарды жаттап
жатып ушул жакка кабылган
тагдырына нааразылана,
турмушуна кайгырып жатты.
"РАЗВОД"
- Сени уже пора үйүргө кошконго,
эртеңден баштап "разводко"
чыгасың. Хватит, уже жарым айдан
бери семирип кеттиң окшойт, эч
нерсе кылбай бекер тамак ичип, -
көзөмөлчү аял Дианага разводдун
жол-жобосун түшүндүрүп жатты.
Аны күнү-түнү уктатпай
уставдардын бардыгын уктап
жатып ойготкондо жаңылбай айта
тургандай кылып жаттаттырган
болчу.
- Мына, эми развод кандай экенин
чыныгы түрмө жашоосу кандай
экенин өз көзүң менен көрөсүң, -
Саулем мене Зульфия Диананы
чыдай алаар бекенсиңби дегендей
сынай карап турушту. Мындай
кордукка, бул жашоого чыдай
албай өздөрүн өздөрү өлтүрүүгө
аракет жасагандар канча дейсиң.
Түнкүсүн өздөрүнүн кроватына
асынып өлүп калгандар да болгон.
- Мени анчалык коркутпагыла
башка салганды көрөбүз, көпчүлүк
менен аралашып өз турмушубуз
менен өзүбүз күрөшөбүз. Мен
андай слабак кыздардан эмесмин,
- Диана чыйрала башын көтөрүп
тигилерге тике карады. Эртеси
кыздардын бардыгын залга
кийирип он бештен кылып алты
топко бөлүштү. Диана баш болуп
жаңы келген үч кызды биринчи
топко кошту. Ар бир топто үчтөн
көзөмөлчү аял турушат экен. Дагы
бери жакта окшош кийинишкен он
эркек, беш аял бир катар болуп
кыздарды карай тизилип турушту.
Кыздарга көз жүгүртө Диана
башын чайкап койду, анткени
көздөрү бакырайган жалаң
мөлтүрөгөн сулуу жаш кыздар
экен. Саат төрт болгондо сырттан
өзүнүн артынан эки-үч кишини
ээрчиткен түрмөнүн кожоюну,
курсагы чыгып турган, бетинде
богочу салаңдаган алиги Дианага
тааныш киши кирди эле бардыгы
ордуларында катып калышты.
Бирөөсү барып кадимки
армиядагыдай алдын тосуп чыгып
рапорт берди. Диана аны
ушунчалык жек көрүү менен карап
турду. Тигил ага көңүл да бөлгөн
жок.
- Бардыгы жер-жерлерге
бөлүндүбү?
- Ооба.
- Жаңы кошулгандарды кайсы
группага коштуңар?
- Экинчиге, Ташкенге…
Ташкени эмнеси Диана анча
түшүнгөн эмес. Кийин жолдо
баратканда укпадыбы он беш
кызды Ташкент тарапка алып
баратканын.
- Анда разводду баштай бергиле!
Тигинин буйругу менен бери жакта
тизилип турган аялдар чачыраша
ар бир кыздан уставдарды,
эрежелерди сурап, кайсыл жакка
барышарын айтып түшүндүрүп
киришти.
Диана баш болгон он беш кызды
үстү чүмкөмө машиненин ичине
отургузушту да каяккадыр алып
кетти. Чүмкөмө машиненин ичи
темир тор менен экиге бөлүнүп,
алды жагында жыйырма кишилик
арт жагында он кишилик орун бар
экен. Алды жагынан он беш кыз
орун алды, арты бөлөк орунга жети
көзөмөлчү төрт эркек, үч аял
отурушту. Машиненин терезелери
кичинекей анан бийик жерде
болгондуктан каяк тарапка
баратышканы, канча жол
жүрүшкөнү билинбейт, анын үстүнө
бери жактагы көзөмөлчүлөр
терезеден сыртты кароого тыюу
салып ташташкан. Бардыгы ичи
караңгы чүмкөмө машиненин
ичинде унчукпай кетип баратышты.
Диана көпчүлүгүн өңдөрүнөн
тааныганы менен аттарын билбейт
болчу. Мындайга далай жолу барып
көнүп калышканбы, бардыгы эч
нерсе болбогондой уктаганы уктап,
үргүлөгөнү үргүлөп, кээси өзүнчө
ойго чөмүлө кетип баратышат.
- Ташкентке чейин дагы канча
сааттык жол? Диананын суроосу
жоопсуз калды, ар ким өзү менен
өзү болуп баштарын жерге салып
отурушат, бири-бирлери менен
иштери да жоктой көрүнөт. Диана
унчукпай калды. Күндүзгү
"разводдогу" алиги өзүн
зордуктаган түрмө кожоюнунун
сөзү кулагына жаңырды. "Силер
деген бул жакты беркиндей
мамлекеттик түрмө деп
ойлобогула. Камеранын ичинде эле
отурганыңар болбосо эмнеден
жетишпей жатасыңар. Ичкен
тамагыңар Кудая шүгүр жаман
эмес, кийимиңер бүтүн, эркектерге
муктаж эмессиңер, жүргөн-
турганыңар ресторан, кафе, бар,
сауна кыздардын бардыгында эле
мындай жашоо боло бербейт.
Силерде деген мындайча айтканда
райский жашоо да. Тагдырыңарга
арман кылбай, мындай жашоого
кубанышыңар керек. Эгер
беркиндей түрмөдө болсоңор же
тамактан жок, түзүк да кийине
албай, эркектерден көзүңөр өтүп
жүрмөксүңөр. Ушуга тобо деп
жашай бергиле". "Сволочь десе,
ушуга тобо деп жашай бергиле деп
койгонун кантесиң. Бизди көрүнгөн
эркектердин алдына уйпалаттырып
салып бери, алардан түшкөн
акчалардын убайын өздөрү көрүп
жатышкандыктары менен иштери
жок. "Алдаса болот жаш башты"
деп жалаң жаш кыздарды
алдагысы келип атат го. Анын
арамза сүйлөп жатканын ар бир
акмак билет, тил гана жок да, тил
болгондо бардыгын бетке айтып-
айтып таштайт элек. Тим эле
бизди акмак көрөт". Диана өзүнчө
ойлонуп келатып уктап кетти.
"Түшкүлө, жеттиңер" деген үнгө
бардыгы жапа тырмак ойгонуша
ордуларынан козголо башташты.
- Уже Ташкенге жеттикби? - Диана
жанындагы кызга акырын
шыбырады.
- Ооба, унчукпа, тигилерден токмок
жейсиң.
Бардыгы түшүп бүткөн соң
кадимки солдаттарды тизгендей
эки катар кылып тизди да дагы
бир сыйра мал санагандай
сөөмөйлөрү менен санап чыгышты.
Кандайдыр бир бийик дарбазалуу
короонун ичине киришиптир.
- Жүргүлө, артымдан баскыла! -
деп жергиликтүү бейтааныш аял
алдыга басып жөнөдү эле
кыздардын бардыгы унчукпастан
анын артынан ээрчишти.
Короо ичиндеги үй эки кабаттуу
кадимки жатаканалар сыяктуу үй
экен.
- Мынакей силерге смена келди,
кана силер жөнөгүлө Бишкекке!
Ары жактан топураган кыздар
биринин артынан бири ээрчише
сыртка чыга башташты. Жаңы
келгендер менен баш ийкешип
учурашып коюп жатышты. Көп
өтпөй эле алар алиги чүмкөмө
машинеге отурушуп дароо
короодон чыгып келгендерди
төрт-төрттөн кылып бөлмөлөргө
бөлүштүрүп жатты. Бул бөлмөлөр
тигил жактын түрмөсүнө караганда
түзүгүрөөк экен. Терезелерин гана
темир тор менен тордоп
салышыптыр, сыягы качып
кетишпесин дегени го. Бир аял
менен бир эркек колдоруна кичине
китепче алып алышып, ким кайсы
бөлмөдө жатканын тактап
жүрүштү. Чыгып баратышып
эскертип кетишти.
- Тигил шифонердин ичиндеги
өздөрүңөргө жаккан көйнөктөрдөн
тандап кийгиле дагы оозу-
башыңарды, кашыңарды боёп,
чачыңарды оңдоп, бетиңерге упа,
крем жабып даяр болуп тургула.
Биз кандай көрсөк ошондой алып
кетебиз. Давай турбагыла
даярдангыла, - экөө сыртка чыгып
кетишти дагы эшикти сыртынан
кулпулап салышты. Диана бул түнү
калабыз го деп ойлогон, жол жүрүп
чарчагандыктан тигил кроватка
жаткысы эле келип турду. Мурун
келип жүрүп көнүп калышканбы,
жанындагы кыздары дароо
шифонерди ачып, өздөрүнө
ылайыктуу кийимдерди тандай
башташты. Түрмө кийимдерин
чечип өздөрү тандап алган
көйнөктөрдү кийишкенде,
таптакыр эле башка кыздардай
болуп калышты. Көйнөктөрдүн
баары жоон сандарын, төштөрүн
көрсөтүп, денелерине жабышып
турган кыска көйнөктөр экен.
- Эмне жалдырап турасың, тигил
көйнөктөрдөн алып кийинбейсиңби
же аны да биз кийинтелиби, -
жанында турган бир кыз Дианага
адыраңдап бир тийди эле экинчиси
аны тыйып койду.
- Койсоңчу, ал бүгүн биринчи эле
күн чыгып атат, али эч нерсени
көрө элек да, эч нерсени биле
элек.
Бардыгы кийинип бүтүшкөн соң
кезек менен күзгүгө отуруп
алышып бети-баштарын боеп,
кадимки сахнага чыгуучу
артисттердей болуп жасана
башташты.
- Та-ак, бул үчөөнү барга алып кет,
бешөөсү ресторандагы кишилер
менен иштешет. Экөөсү
мейманканага кетет…
Диана кошулган беш кызга
кайрылды.
- Ал эми калган бешөөңөр болсо
саунага барасыңар. Как раз чет
элдик кишилер келишти саунага
жуунушканы, ошолордун
карамагында болосуңар.
Кыздар четинен кетип азайып
отурушуп бешөө гана калышты.
- Силер тигил отургучка отуруп
күтүп тургула, азырынча тигилер
өздөрүнүн сунуштарын айтыша
элек. Биз барып сунуштарыбызды
айтабыз, эгер макул болушса
силерди келип алып кетебиз.
- Бешөөнү чоң бөлмөгө сыртынан
бекитип камап кетишти дагы
кайдадыр жөнөп кетишти.
Мындайды далай баштарынан
өткөрүшкөнбү, берки кыздар дароо
эле бош отургучтарга отурушту
дагы кыйшая үргүлөй кетишти.
Отурганга орундук жок
болгондуктан Диана туруп калды.
Бири-бирине эч кимиси көңүл
бөлүшкөн жок, кээ бирлери
кыйшайган боюнча уктай
башташты.
Диана тикесинен турган боюнча
бир орунда таш болуп катып турду.
"Кызык, бул жакка кантип бизди
алып келишти болду экен. Жолдон
бир дагы гаишниктер же
таможниядан бир дагы киши
буларды токтотуп текшеришкен
жокпу. Же аларга акча берип
турушабы, же алар булардын
тааныштарыбы? Албетте, бир айда
эки-үч жолу өтүп атышса тааныш
деле болуп бүтүп калат да.
Айлалары кетсе бизди алардын
койнуна салып берип кутулушат
да…"
Бир аздан кийин короо ичине
машиненин кирген үнү угулуп эшик
ачылып, үч эркек кирип келишти.
Бирөөсү орой буйрук бере сүйлөдү.
- Кана тургула ордуңардан, кеттик!
Кыбырабай ылдам, тез!
Бардыгы ордуларынан козголуша
сыртка чыгышты.
САУНАДА
Сыртта турган машинени Диана
өзүлөрүн бул жакка жеткирип
келген чүмкөмө машине болуш
керек деп ойлогон. Аларды чет
элдик болгондо да мерседес
машинеси күтүп туруптур. Бешөөнү
тең арткы отургучка шыкап
отургузушту дагы каяккадыр
жөнөп кетишти. Диана дагы бир
кыздан башкаларынын бардыгы
кайсыл жакка баратышканын эң
жакшы билишчү. Бардыгы үн-сөз
жок унчукпай кетип бара жатышты.
Мерседес көп өтпөй эле чоң, эки
кабаттуу үйдүн короосуна кирип
барып токтоду.
- Келдик чыккыла! - алиги буйрук
бери сүйлөгөн киши бардыгынан
мурун чыгып тигилерге кайрадан
буйрук бере сүйлөдү. Ары жактан
курсагы салаңдаган толмочунан
келген киши басып келди.
- Кана, алып келдиңби?
- Ооба, мынакей.
- Ада жүргүлө тияк жакка.
Бешөөнү бир бөлмөгө алып
келишти да катарга тизип,
буттарынан баштап баштарына
чейин сынай карап бир сыйра көз
жүгүртүп алды.
- Та-ак кыскасы мындай… бул
жерде экөөңөр жаңы экенсиңер.
Уставды, эрежени жакшы
билесиңер да, ошону катуу
сакташыңар керек. Артык баш
сүйлөп, же качып кетебиз деп
ойлобогула. Бул бир, экинчи… Тияк
жакта саунада жуунуп атышкандар
үчөө тең чет элдик кишилер же так
айтканда француздар. Алар эмне
талап кылышса кың дебей
аткарышыңар керек. Эгерде
каршылык көрсөтүп, моюн толгочу
болсоңор анда өз убалыңар
өзүңөргө. Түнкүсүн уктабаганыңар
аз келгенсип, күндүзү да
уктабайсыңар, биздин токмой
жейсиңер, бул жак силерге Бишкек
эмес, эч кимиңерди аябайбыз.
Уктуңарбы, кана ким түшүнгөн
жок?
Бардыгы унчукпай мелтиреп
турушту.
- Анда баскыла кеттик, дагы бир
жолу эскертип коёюн, өзүңөрдү
жакшы алып жүргүлө. Алиги акыл
айтып жаткан киши бешөөнү тең
кууш коридор менен алып жүрүп
отуруп кандайдыр бөлмөгө алып
келди.
Анча бийик эмес столду тегеректей
жумшак отургучта ак шейшеп
оронушкан үч адам отурушуптур.
Стол үстүндө пиво, арак, шампан,
түркүн тамак-аштар жайнайт. Үчөө
тең чоң, калың тамекини
бурулдатыша биринин артынан
бири ээрчише киришкен кыздарды
сынай карашты. Алиги алдына
түшүп кыздарды ээрчитип келген
киши бешөөнү тигилердин астына
бир катар кылып тизип койду.
Алар бешөө көпкө сынай карап
турушту, анан бирөөсү француз
тилинде алиги кишиге карап бир
нерселерди айтты эле тигил
түшүндүм дегендей башын
ийкегиледи. Анан кыздарга карап
үнүн өктөм чыгара буйрук бере
сүйлөдү.
- Кана чечингиле, эмчек
тарткычыңар менен турсийиңер
гана калсын.
Бешөө тең унчукпастан
көйнөктөрүн чечип тигинин
айтканын жасашты. Француздар өз
ара бир нерселерди сүйлөшө
кыздарды бир топко сынай карап
турушту. Бирөөсү ордунан козголо
кыздарга жай басып келди да бой-
мүчөлөрүн бир сыйра сынай карап
чыкты. Анан четте турган кызга
сөөмөйүн көрсөттү. Алиги киши
аны өзүнчө жетелеп барып бурчка
тургузуп койду. Экинчиси ордунан
козголбой эле тамекисин тарткан
боюнча сөөмөйү менен жаңы
кошулган кыздардын бирөөсүн
көрсөттү. Аны да өзүнчө бөлөк
бурчта турган кызга кошту.
Үчүнчүсү болсо Диананы көрсөттү.
Ал дагы тигил экөөнө кошулду.
Калган экөөнү болсо ээрчитип
кайрадан сыртка чыгып кетти. Бир
аз убакыттан кийин ал кайра келди
да тигилер менен француз тилинде
бир нерселерди сүйлөп бир топко
турду. Анан ордунан козголо
сыртка чыгып баратып бурчта
турган үч кызга эскертип өттү.
- Болду, силер эми таң атканча
булардын карамагында болосуңар.
Дагы бир жолу эскертип коёюн,
булар биздин кишилерге караганда
өтө орой эмес, маданияттуу
кишилер, силерди көп деле
кыйнабайт.Так что кың дебей
айтканы менен болуп тургула.
Баары бир ар бир кыймылыңар
биздин көзөмөлдө. Болуптур,
кеттим анда мен. Таңкы саат
сегиздерди силерди келип алып
кетем. Отурушту тынч өткөргүлө, -
ал акырын чыгып кетип калды.
Бурчта жалдырап турушкан жаш
кыздарга француздар келгиле,
жакын мындай отургула дегендей
өздөрүнүн жанында турган
диванды көрсөтүштү. Үчөөнүн
экөөсү жаңы келгендиктен чочулай
акырын басып келишип дивандын
четине отурушту. Үчүнчүсү болсо
мындайды далай башынан
өткөргөндүктөн тартынбай эле чет
элдиктердин жанына жакыныраак
келип отурду. Алар стол үстүндөгү
жайнап турган тамактарды көрсөтө
өз тилдеринде бирдеме деп
сүйлөдү эле тигилер эч нерсе
түшүнүшкөн жок. Мурун мындайды
башынан өткөргөн алиги кыз гана
бир нерсени түшүнгөндөй болду.
- Ичкиликтин кайсысынан
ичесиңер деп сурап жатышат
Тартынбай эле ичип, жей бергиле,
булардай болуп силерди эч ким
сыйлабайт.
Ал өзү тура калып ары жактагы
коньякты алып кыздарга бөлө
куйду. Беркилер аны азамат
дегендей кол чапкылап бул
кыймыл-аракетин жактары карап
калышты. Бирөөсү орусча чала-
моңол билет экен, колунан
келишинче түшүндүрүүгө аракет
кылып жатты.
- Нестесняйтесь, кушайте, пейте.
Все ваши, все для вас.
Алиги кыз стол үстүндөгү
тамактарды тартынбай эле алып
өзүнүн тарелкасына салып алды да
унчукпай жеп баштады.
Француздардын бирөөсү ордунан
тура калып тигил экөөнүн
тарелкасына тамак салып берди да
французча бир нерселерди айтты.
Алиги кыз түшүнбөсө да экөөнө
котормочу болуп берди.
- Булар эмне десе унчукпай
айткандарын жасагыла, болбосо
эртең бул жактын шефинен токмок
жейсиңер.
Экөө унчукпастан тарелкадагы
тамакты алып жеп киришти.
Тигилер коньяктан ичкиле деп
сунуш кылышты эле алиги кыз
унчукпастан тартып жиберди. Ал
эми экөө болсо эмне кылышарын
билбей, бири-бирин карап туруп
калышты. Француздар экөөнө
карап бир нерсе деп сүйлөштү эле
Диана стаканды колуна алды да
тартып жиберди. Тигил кыз болсо
башын чайкап ичпей койду.
Өздөрү коньяктан улам куюп ичип
коюшуп, өз ара бир нерселерди
сүйлөшүп атышты. Бирөөсү бир
куту тамекини күйгүзгүчү менен
тигилердин алдына таштап койду.
Алиги кыз бирди алып, бурулдатып
тарта баштады. Дагы бир аз
отурушкан соң бирөөсү өзүнчө
сүйлөнө ордунан турду да тамеки
тартып отурган кызды жүрү кеттик
дегендей башы менен тигил жакты
көргөзүп, өзү алдыга түшүп аркы
бөлмөгө кирип кетти. Тигил кыз да
ордунан тура анын артынан кошо
кирип кетти. Жумшак креслодо
отургандардын бирөөсү ары жакта
бөтөлкөдөгү аракты бузуп, төрт
стаканга бөлүштүрө куйду, анан
алгыла деп экөөнө алаканын жая
көрсөтө сунуштады. Диана акырын
стаканды кармады, алиги кыз
болсо көгөрүп ичпей койду.
Тигилер өзүң бил дегендей аракты
тартып жиберишип ордуларынан
козголушту. Бирөөсү Диананы
аркы бөлмөгө ээрчитип кетти...
Өмүрү көрбөгөн тозокту ал ошол
жактан көрдү. Жыпжылаңач болуп
чечинип алган француз Диананы
да чечинтип ар кандай ыкмада
туруп берүүгө мажбурлады. Диана
бардыгына чыдап, көздү жумуп
айткандарын аткарууга аракет
жасады. Кээде өзүн куурчактай
кылып ары-бери томолотуп,
эрмектеп атканына чыдай албай
эшикке качып чыккысы келип
атты. Качып чыккандан эч майнап
чыкпайт болчу. Сыртта
көзөмөлчүлөр кайтарып турушат,
"ар бир бөлмөнүн ичинде
кандайдыр бир тигил жактан
көргөзүп туруучу аппараттар бар,
силердин ар бир кыймылыңарды
көрүп турабыз" деп айткандарын
эстеди. Артыкбаш кыймыл
жасагандан коркту. Түн ортосунда
эки жолу суранып ажаатканага
барып келди. Ошол мезгилде
качып чыкканга кандайдыр бир
ыңгайлуу кырдаалды издеп жүрдү.
Терезелери өтө эле бийик экен,
качып чыкканга эч мүмкүн эмес.
Ажаатканада отурганда башын
көтөрүп терезесин карады.
Айнектелүү болгону менен ал жакта
темир тору жок экен.
Ажааткананын раковинасына
чыгып терезесине колун созуп
көрдү. Айнектерге жетти, акырын
тартынып чыгып сыртты карады.
Сырт жак караңгы эч нерсе
көрүнбөйт. Кайра төмөн түштү.
Айнектерин ачса, бир киши сойлоп
чыкса болот экен, бирок кантип
адегенде айнектерин ачыш керек…
Аңгыча эшик такылдап калды эле
"азыр" деп шаша-буша тигил
жактын суусун коё бере сыртка
чыкты, француз аны күтүп
туруптур.
Таңкы саат сегиздерди Диана
өлөөрчө чарчап араң эле бутуна
турган эле. Кечөөкү киши келип
бардыгын өзүнүн Мерседесине
салып алып кетти. Үйгө келгенде
аянычтуу көрүнүштү өз көзү менен
көрө жүрөгү ооруп чыкты. Анткени
кечөөкү арак ичпей жаткан кызды
эки жигит залга алып келип,
кыздардын көзүнчө дырдай
жылаңач кылып чечинтип ичке
чыбык менен салышып өлөөрчө
сабашты. Жалынып, жалбарганына,
ботодой боздогонуна, ыйлаганыа
да карашкан жок. Диана аны эмне
себептен сабап жатышканына
адегенде түшүнгөн эмес. Көрсө
түндөсү француз өнөгүнүн айткан
талаптарын аткарбай, качып
болбой коюптур. Аппак денелерине
кыпкызыл чыбык тактары түшүп,
мөлтүрөп чыкканча сабашты.
Таптакыр кыймылдай албай сулк
жатып калганда гана жайына
коюшту. Түндөгү киши бери жакта
турган кыздарга тигини көрсөтө
ачууланып жатты.
- Көрдүңөрбү бизди укпагандын,
уставды, эрежени бузгандын
кесепети кандай экенин. Силер да
ушунун кейпин кийип каласыңар,
керек болсо мындан да жаман
болосуңар. Бар эми өз бөлмөңөргө
тарап, эс алгыла. Түндөсү кайра
чыгасыңар охотага.
Булар түнкү чыкканды "охота" деп
коюшат экен. Кыздар үчүн кордук
болгону менен, тигилер үчүн чын
эле охота болчу. Кыздарды кээ бир
түндө бир эмес эки-үч кишиге да
салып жиберишчү. Аларды ары
айдаса ары кеткен, бери айдаса
бери кеткен, бардыгын кың дебей
аткарган мал катары
пайдаланышчу. Көбүнесе аябай бай
кишилерге, же чет элдик кишилер
менен соодалашууга аракет
кылышчу. Алардан доллар менен
алышчу. Чет элдиктерге жагып
калган кыздарын дароо эле
соодалап жиберишчү.
Диана бөлмөгө киргенде
жанындагы кроваттагы кыздар
эбакта эле уктап калыптыр.
Түндөсү алар да аябай чарчашса
керек. Терезе тордолуу, эшикти
болсо сырттарынан кулпулап
кетишет. Ар бир бөлмөнүн
өздөрүнүн туалети бар. Түшкө
жакын бир маал ысык шорпо, нан
алып келип беришет да кайра
бекитип салышат. Ошолбоюнча
кечке чейин бөлмөнү ачышпайт.
Кез-кез гана жалдырап
сурагандарга барышып, жүздүн
биринин өтүнүчүн аткарышат.
Диана аябай чарчаса да бир топко
уктай албай жатты.
Бир маалда кимдир бирөөлөр
эшиктин кулпусун бурап ачып
атканын угуп, уктамыш болуп көзүн
жумуп калды. Эшик ачылып эки
киши сырттан алиги кызды өлүк
сүйрөгөндөй кылып дырдай
жылаңач боюнча бутунан сүйрөп
келип, кроватка ыргытып салышты
да үстүнө одеял жаап кайра
сыртка чыгып кетип калышты.
Эшик сыртынан кулпуланып баары
тынчып калышканда Диана
акырын ордунан туруп, кыздын ал
ахывалын билгени жанына жылып
барды. Кыз араң эле дем алып,
көзүнүн жашын көлдөтүп ыйлап
жатыптыр. Акырын одеялды ачып
бетине үңүлгөндө кыз болор-
болбос үн менен чаңкылдап коё
берди.
- Жолобо жаныма, жогол ары
жакка! Жашагым келбейт, мындан
көрө өлгөнүм артык!
Диана көңүл айтып, жооткотоюн
деди эле тигил таптакыр
албууттанып аны укмак турсун жин
даарып, өзүн-өзү башка ургулап,
өзүнчө сүйлөнүп жатты. Диана
унчуккан жок, акырын кроватына
барып жатып калды.
Кечөө жол жүргөндүктөнбү, же
түндөсү уктабай француздардын
уйпаландысы болуп калгандыкыбы
бир аз жаткандан кийин көзү
илинип кетиптир.
Кичинесинен эле аябай сак кулак
болчу. Шырп эткен дабышка
ойгонуп кетти. Акырын башын
көтөрүп караса алиги таяк жеген
кыз көйнөктөрүн айрып бири-
бирине байлаштырып, бир жагын
кроваттын башына байлап, экинчи
жагын өзүнүн мойнуна байлап
муунганы жатыптыр.
- Ээй эмне кылганы жатасың?! -
Диана төшөктөн атып турду. Анын
үнүнө беркилер да ойгонуп
кетишти.
Бөлмөдөгү ызы-чуудан
сырттагылар кирип келишти да
кыздын муунуп өлгөнгө аракет
жасап жатканын билишип,
кайрадан сабашып, эки колун, эки
бутун кроватка таңып ташташты.
Кечки саат сегиз чендерде келип
карашса анын эки көзү аңтарыла,
оозунан ак көбүк ага жин даарыган
эмедей башкалардын сүйлөгөн
сөздөрүнө эч маани бербей өзүнчө
эле сүйлөнүп калыптыр. Колун
чечкенде акыл-эсинен айныган
эмедей, бөлмөнү жаңырта
кыйкырып күлө баштады.
Чын эле нервине доо кеткенби же
атайын арамзаланып жатабы
бөлмөдөгүлөр эч нерсе
түшүнүшкөн жок. Көп өтпөй эле
эки-үч эркек кирип келип аны
сыртка жетелеп алып кетишти.
Каякка алып кетишкенин ошол
боюнча эч кимиси көрүшкөн жок.
Күүгүм кире баштаганда кайрадан
кечки охотага даярдыктар көрүлө
баштады.
- Алдыңдагы тамакты же, уялба.
Диана тарелкага салынган
тамактан жей баштады. Көптөн
бери мындай тамак жей элек
болчу, аябай даамдуу экен. Ак чач
киши дагы улам-улам бир
нерселерди сурай, аны карап коюп,
өзү да алдындагы жайнаган
тамактан тарелкасына салып алып
жеп жатты. Атайын ушундай
жасалганбы шампандын градусу
аябай күчтүү экен. Эки-үч стакан
коньяк ичкендей Диананын ичи
ысып, башы тегеренип чыкты. Ак
чач киши аны мыскылдай карай
дагы бир стакан шампан куйду.
- Болду ичпейм, - Диана моюн
толгоюн деди эле тигил үнүн өктөм
чыгара, буйрук бере сүйлөдү.
- Ичесиң, еще как ичесиң, бул
жерде менин буйругум эки болбошу
керек. Так что давай ич!
Диана эч нерсе түшүнбөй, бир
нерсеге башы жетпей жатты "Бул
түрмөбү, же бардел, сойкуканабы? "
Аны күчкө салып дагы эки стакан
шампан ичирди. Ушул үч стаканга
эле башы тегеренип кадимкидей
мас болуп калды. Бет
маңдайындагы ак чач киши
коньяктан үстөккө-босток ичип,
тамактан өлүп бараткандай жеп
жатканын көрүп турду, анан бир
стакан коньякты тартып жиберди
да оозу-башын чүпүрөк менен
сүртүнө ордунан козголду.
- Болду жетишет, жүрү тиякка,
пара уже!
- Каякка?
- Каякка болмок эле тигил
бөлмөдөгү диванга. Ме андан көрө
бобул стакандагыны тартып жибер
өзүңө жакшы болот.
- Жок ичпейм.
- Өзүң бил. Анда жүр кеттик
тиякка!
- Ал жакка барбайм!
- Эмне-ее, ещё как барасың!
- Мен деген али кызмын.
- Мага ошол керек, бас жүрү.
Диана моюн толгоп ордунан
турбай койду эле ак чач киши ага
болбой сүйрөп жөнөдү. Чоң диван-
кроват турган бөлмөнүн ичи кызыл
түстөгү жарык экен, атайын
жасалгаланса керек. Диананы
сүйрөп барып диванды көздөй
ыргытып жиберди. Жанале
жылмалаңдап турган киши эми
жолборстой күркүрөгөн зөөкүргө
айланды. Бир нерселерди сүйлөнө
үстүндөгү кий ими-баштарын туш
келди ыргытып кирди. Анан
Диананы кармайын деди эле ал
диванды айлана качты. Эшикти
ачып сыртка чыга качмакчы
болгондо босогодо турушкан
далдыйган эки жигитти сүзүп
кайра артка кетенчиктеди. Тигилер
кайра эшикти сыртанан жаап
коюшту. Ак чач киши да бир топ
кызып калган болчу.
- Качпа, каякка качасың. Азыр
качсаң кийин артыман чуркайсың,
анда мен да сени карабай коём.
Кызыл жарыгы бар чоң бөлмөнүн
ичинде экөө ары-бери кууша
мышык-чычкан ойноп жатышты.
Чычканга өлүм, мышыкка оюн
дегендей Диана канчалык
жанталашып качкан сайын ак чач
киши жыргап каткырып күлүп, жаш
балача ар кандай үндү чыгарып
тигини кууп жүрдү. Бир кезде аны
кууп жетип шап эле белден
кучактады да диван-кроватка
көтөрүп урду. Диван үстүндө
кармаш көпкө созулду. Диана да
колдон келишинче каршылык
көрсөтүп туруп алды. Бир маалда
абышканы беттен чапчый алдынан
суурулуп чыгып кетти. Ак чач
абышка эртеден бери кармашып
жатып алы кетип, чарчап калган
болчу. Күшүлдөй-бышылдай
ордунан араң турду.
- Бадрачи-ии! - деп катуу
кыйкырганда сыртта турушкан эки
далдайган жигиттер дароо кирип
келишти. Аларга башын ийкеп
Диананы көрсөттү эле алар дароо
эле эки колдон кармашып Диананы
чалкасына диван-кроватка
жыгышып эки колун, эки бутун эки
жакка кере таңып ташташты.
Кожоюнду бир карап коюшуп кайра
сыртка чыгып кетишти. Бир аз эс
алган алиги ак чач киши
ырсалактай басып келип
жырткычча болгон күчү менен
алдындагы байлануу кыздын
көйнөктөрүн тыткылап айрып
кирди. Анан өз билгенин жасай
баштады.
Кыздын ачуу чаңырыгы берки
бөлмөдө турушкан экөөнө
кадимкидей угулуп жатты. Бир
сааттан кийин чачы-башы
уйпаланган ак чач киши чыкты.
Эми кезек силердики дегендей
тигил экөөнө башын ийкеп койду
да артын карабай чыгып кетти.
Араң турушкан экөө биринен-бири
өтүшө бөлмөгө атырылган боюнча
кирип кетишти.
Арадан эки саат убакыт өткөндө
Диана эс-учу жок өзүнүн
камерасыдагы кроватында сулк
жаткан болчу.
Шампанга бир нерсе кошулганбы
айтор Диана таң атканча көзүн
ачпай сулк жатты.
Бака-шака түшкөн үндөн ойгонуп
кетип көзүн ачса Зулфия менен
Саулемди алып келишиптир. Таң
атканча укташпагандыкыбы
экөөнүн тең көздөрү кызарып,
өңдөрүндө аябай чарчаганы
билинип турат. Диананын
уйпаланган чачтарын, жаңы ич
көйнөктөрүн көрүп тигилер дароо
эле билип коюшту.
- Эмне кечөө тоесть түндө кожоюн
келдиби?
Алардын суроосуна Диана жооп
бергендин ордуна ыйлап жиберди,
түндөгү зөөкүрлөрдөн көргөн
кордугун чыпчыргасын коротпой
айтып берди. Үчөө кабактарын
карыш түйө унчугушпай олтурушту.
- Эми чындап ишенген чыгарсың,
бул түрмө кандай экенин, - Саулем
ага кайрат бере сүйлөдү, - эч
нерсе эмес биз дагы бул тепкичти
басып өткөнбүз. Бул жакка экөөбүз
тең эле кыз боюнча келгенбиз, сен
көрөлек кандай гана азап-
тозокторду баштарыбыздан
өткөрдүк. Али биз көргөн
кордуктун чекесин да көрө
элексиң. Түндөгү болгон
зөөкүрдөккө чыдай албай ыйлап
жатасың, керек болсо биз андай
кордукту күндө көрөбүз. Байтал
элең, сен эми мындан ары үйүргө
кошулдуң…
- Үйүрүң эмне?
- Эмне болмок эле, мындан ары
сен да биздин топ менен түн
ичинде чогуу кетесиң да эртең
менен кайтып келесиң.
- Силерди каякка алып кетип атат?
- Өткөн жолу эле чет-чеберин
айтып түшүндүрбөдүк беле. Бизди
жыргатканы алып кетип атат
дейсиңби, чет элдиктер менен бай
адамдардын уйпаландысы, эриксиз
күңү болобуз. Өздөрүнүн
сауналарына алып барышып бизди
алар бир түнгө сатышат, чоң
акчага.
- Бул деги өкмөттүн мыйзамдуу
түрмөсү эмес экен, качып
кетпейсиңерби бир ыңгайын таап?
- Ой бай аны угузба эч кимге.
Мындай сөздүн чет-чеберин угуп
калса эле ишиңдин бүткөнү. Баса,
качып кайда барасың, көчөнүн ар
бир булуң-бурчтарында булардын
кишилери жортуп жүрүшөт, кармап
алышып кайра алып келишет, же
жөн гана көзүңдү элге билгизбей
тазалап коюшат. Өткөн жолу
Наташа деген орус кыз жоголуп
кетти го, аны кантип дайынсыз
жоготушканына күбө болуп өз
көзүм менен көрбөдүмбү. Тээтигил
бурчтагы чоң үйдү көрдүңбү,
ошонун ичинде чоң темир жащик
бар экен. Менин оюмча ошонун
ичинде кислота бар окшойт. Айтор
кандайдыр бир суюктук бар. Бул
жактын мыйзамына баш ийбей
бараткандарды ошол суюктукка
салып жиберишет экен, дененин эч
нерсеси калбай эрип кетет, -
Саулем колунун сөөмөйүн
көрсөттү, - көрдүңбү бул колумдун
сөөмөйү жок, бир жолу байкабай
бул эмне болгон суюктук деп
колумду малып жиберип минтип
сөөмөйүмдөн ажырап калбадымбы.
Муну эч кимге билгизбей жүрүп
араң айыктырдым. Ал эми
Наташаны болсо ошол жакка кечке
жуук алып барышканын көргөм.
Шефтин бөлмөсүн тазалап жаткам.
Эч ким жок болчу, эмне кылышар
экен деп атайын барып аңдыдым.
Лөкүйгөн үч-төрт эркек адегенде
аны жыпжылаңач кылып
чечиндиришти дагы кезек менен
зордукташты. Андан соң эки колун,
эки бутун байлап туруп, өкүртүп-
бакыртып ошол челекке салып
жиберишти. Байкуш Наташа бир-
эки жолу акыркы күчү менен
туйлап алды дагы ошол бойдон
көздөн кайым болду. Алиги
жигиттер боркулдап кайнап аткан
сууну тынчыганча жыйырма
мүнөттөй карап турушту. Качан
гана көбүрүп-жабырган суу
тынчыганда темир союл менен
ичин текшерип көрүшүп, бүттү
дегендей бири-бирине баш ийкеше
кетип калышты.
Ошодон кийин ал дайысыз жоголуп
кетти. Жаш кыздардын көздөрүн
кантип тазалап коюшарын билип
калдым, көрсө көз ачып
жумганчалык эле убакыт экен да. А
сен капкайдагы качуу тууралуу
сөздөрдү айтасың, тигилер бул
сөздү угуп калышчу болсо жөндөн
жөн гана сени кислотага салып
ээритип жиберишет, эч ким билбей
да калат. Качуу тууралуу ойду
мээңден алыс ыргыт, эгер
жашагың келсе. Бул жактан бийик
дубалдан сыртка чыгып кете
албайсың, ал эми тигил жактардан
болсо катуу көзөмөлдөсүң. Бул
жактын эрежесин бузсаң катуу
наказания аласың, адегенде катуу
эскертүү берилет, экинчи жолу
кайталанса анда ишиңдин бүткөнү,
тиги дүйнөгө барып кайра келесиң,
тим эле Кудайга үнүңдү жеткирет.
Экинчи нарушение жазагыс
болосуң.
Кичине камеранын ичи тымтырс
болуп калды. "Баары бир кандай
болсо да качам, мындай кордукка,
мындай жашоого чыдай албайм", -
Диананын мээсинен ушул ой
кетпей туруп алды.
КАНДУУ МУШТАШ
Чын эле Диананы көргөндөн көрө
элеги көп экен. Түнкү саат эки
чендерде камерадагылардын
баардыгын "прогулкага" короого
алып чыгышты. Кыздардын көп
экендигин Диана ошондо биринчи
көрдү. Кеминде эле жүзгө чукулдап
барып калат экен, кээ бирлери
эки-үчтөн болуп, кээлери
жалгыздап өзү менен өзү сүйлөшүп
ээндеп басып жүрөт. Эки-экиден
чарпыша кетишип, ортого түшүшүп
арачалап, ажыратып кеткендер да
болуп жатты. Жалаң он алты, он
жети жаштан жыйырма беш жашка
чейинки жаш кыздар экен.
Болгондо да ар кайсы улуттагылар.
Бул жаш кыздар жалаң эле
Кыргызстандын жеринен эмес
төгөрөктүн төрт бурчунан алынып
келинген кыздар экенин Диана
кийинчерээк билди. Адегенде ар
кайсы улуттагы ар кандай тилде
сүйлөшкөн кыздарды көрүп
таңгалып жүргөн. Бири-бирин жек
көрө карашып, жактырышпай, орой
мамиледе болушуп, бир нерсе
болсо эле жырткычтарча
тытмалашып кеткенге даяр болуп
тургандай сезилип жүрдү.
Диана, Саулем, Зульфия өздөрүнчө
бир бурчта сүйлөшүп турушкан.
Бир кезде күтүлбөгөн жерден эле
эки кыз жакалаша кетишти.
- Во, башталды, жүрү көрүп
турабыз, кимиси жеңээр экен, -
Зульфия тигилерди күтпөй эле
экөөнөн бөлүнүп топтошуп бир
жерге үймөлөктөп жатышкан
кыздарды көздөй чуркап кетти.
Анын артынан экөө да жетип
барышты.
Корей кызы менен орус кыз экөө
мушташып жатышыптыр:
Кыздардын мындай мушташын
Диана биринчи көрүшү, тим эле
эркектерден да катуу,
жырткычтарча мушташып киришти.
Экөөнү заматта кыздардын баары
курчап алышып кыйкырып
жатышты.
- Сок, бетке ур!
- Ичке теп, чачын жул!
- Тумшугун канда!
Экөө кадимкидей бири-бирин
муштум менен муштап, бут менен
тебишип, чачтарын жулуп бок ооз
сөздөр менен сөгүнүшө
ызырынышууда. Аларды эч ким
ажыраткан жок, тескерисинче
бири-бирине кайра тукуруп ыраазы
боло карап турушту. Демейде
келип резинка союл менен
чапкылап сабап калчу лөкүйгөн
көзөмөлчү аялдардын бири да
басып келип экөөнү ажыраткан
жок. Тескерисинче ары жакка
туруп алышып, өздөрү да кызыга
карап турушту. Анча бийик эмес
секичедеги кичине үй ичинде ар
бир кыздардын кыймыл-аракетине
көз салып турган автоматчан
жигит дагы булардын мушташын
жыргап көрүп атты.
Бир кезде экөө чачташып
калышты. Орус кыз корей кызын
чачтан төмөн карай басып тизеси
менен бетке тепкилеп кирди. Корей
кызынын мурдунан кан атып
кетти, ошентсе да ал моюн берген
жок. Шап эте тигине тизеден кош
колдоп кармады да тапатак көтөрө
ордунан турду. Анан тигини кайра
жерге көтөрүп урду.
Орус кыз баары бир чачын бекем
кармаган боюнча коё берген жок,
цемент жерге катуу жыгылды эле
жулунган чач колуна уушталган
боюнча кетти. Ордунан туруп
келатканда корей кызы тигини
моюнга тепти, ал чалкасынан
кулай кайра ордунан турууга
аракет кыла баштады. Туруп
келатканда бетке жеп кайра
чалкасынан жыгылды. Дагы бир
жолу керилип туруп бетке тебээрде
орус кыз тигини буттан кармап
калганга үлгүрдү. Корей кыз
чалкасынан кулай экөө жерде
тытышып жатып калышты. Улам
биринин үстүнө бири чыгат да
муштумдары менен башка, көзгө,
бетке ургулашат. Экөөнүн тең бети-
баштары жарылып, мурдуларынан
кан кетти. Кийимдери айрылып,
чачтары уйпаланды. Аларды
айланада топтолушуп карап
тургандар байыркы Римдеги
гладиаторлорду согуштургандай
экөөсүнүн кимиси жеңээр экен деп
ызы-чуу түшүшө кыйкырып
жатышты. Улам биринин үстүнө
бири чыгып муштагылап атышып,
экөө тең аябай чарчашты, бирок
бири-бирине моюн сунгулары
келбей турушту. Мушташууну
уланта беришти, бир да бирөө
ортого түшүп арачалаган жок.
Тээ бир далайдан кийин мас
кишидей экөө тең темтеңдеше
ордуларынан турушту. Орус кыз
күүлөнүп келип тигини бетке урду
эле корей кызы чалкасынан кетти,
ордунан туруп өзүнө жакын келип
калган орус кызды буту менен
ичке тээп калды. Ал өзөрө жерге
тизелей бөктүшө кусуп жиберди.
Корей кызы дагы бир жолу бетке
тепкенде тигил чалкасына кулады.
Шашыла ордунан туруп келатканда
үлгүртпөй үстүнө минип алды.
Анан муштуму менен бетке
тындырбай ургулай берди.
Адегенде орус кыз колу менен
бетке урдурбоого аракет кыла
тосуп атты эле акырындап
дарманы кете колу менен да бетин
тосо албай калды. Эс учун жоготуп
сулк жыгылды. Ары жакта
булардын мушташын кызыгып
карап турушкан көзөмөлчү аялдар
жетип келишип, корей кызды
тигинин үстүнөн көтөрүп
тургузушту.
- Довольно, давай тиякка барып
бети-башыңды жуун.
Бери жактагы кыздар кол
чапкылашып корей кызын
кубаттаганга өтүштү.
- Браво, браво, молодец.
Анан өз ара талашып-тартышып
бири-бирине акча бере башташты.
Диана эмне болуп жатканына эч
нерсе түшүнгөн жок. Камерасына
келгенде Зульфиядан сурады.
- Эмне себептен аларды
ажыраштырган жоксуңар?
- Ажыраштырганга болбойт, анда
эки жаат болуп мушташып кетиши
мүмкүн. Экичиден анда баардыгы
кызыктуу "зрелищеден" кур
калышат. Ушундай мушташтарды
көргөндө "бой без правила"
мушташын көргөндөй болобуз.
- Эмнеге бири-бирине тияк
жактагыларга көргөзүшпөй акча
берип жатышат?
Тигилер мушташа баштаганда
карап тургандар кимиси утат деп
ортого акча ташташып өз ара
мелдеше башташат. Уттургандар
уткандарга акча беришет.
- Акчаны кайдан табасыңар?
Көзөмөлчүлөргө билгизбей тигил
өздөрүнүн клиенттеринен өөнөп
калган акчалары.
- Тигилерге билгизбей акча өөнөп
калса болобу?
- Анын баары өзүңдөн зависит
этет. Коркпой эр жүрөктүүлүк
кылсаң акырындап акча өөнөп
алсаң болот. Өткөн жолу Мария
деген кыз тигилерге билгизбей жүз
долларга жакын акча чогултуптур,
бирок көзөмөлчүлөргө кармалып
калып алардан өлөөрчө тепки
жебедиби. Жарым айдай
ооруканада жатып чыкты.
- Ооруканаңар барбы?
- Эки бөлмөлүү өзүнчө камера бар,
бул камерадан эч айырмасы жок.
Оорулууларды ошол жакка алып
барып жаткырышат. Атайын
врачтар бар, ошолор көзөмөл
салып дарылар карап турушат. Ал
жакта оорулуу кыздарды көпкө
деле жаткырышпайт, анча-мынча
айыгып келатканда эле дароо
чыгарышат.
- Ооба, өлүп калсак дагы биздин
эч кимге керегибиз жок. Өлүп
калсак этибизди барчалап,
майдалап тигил короо ичин
кайтарып турушкан иттерине жем
кылып беришет, же жанагы мен
айткан кислотага салып эритип
жиберишет…
- Мунун баарын кайдан билесиң?
Диана ишенбегендей таңгала
сурады.
- Ээ мен билбеген эч нерсе калган
жок, - Саулем мактана сүйлөдү.
Бул жакка келгеним аз болсо да
короо ичиндеги көп нерселердин
баарын "изучать" этип чыктым.
Кайсы жерде эмне бар эң жакшы
билем.
- Акырын билгизбей жер алдынан
өткөөл жасап качып чыкканга
болобу?
- Албетте болбойт, карабайсыңбы
короо ичи бүт цемент, топуракты
таштаганга жер жок. Анын үстүнө
тигил адамды бөлө тартып, жарып
жиберчүдөй болгон иттерди
карабайсыңбы. Качканга эч
мүмкүнчүлүк бербейт.
- Мм-де демек түшүнүктүү.
- Эмне болду?
- Качып чыкканга мүмкүн эмес
экен да.
Дианага Саулемдин "өлүп калсак
этибизди бырчалап иттерине тамак
кылып берет" деген сөзү жаккан
жок. Өзү менен өзү сүйлөшүп
жатты "неужели булар ушунчалык
жырткычтыкка барышат. Булар
адамбы, кимдер?"
Убакыт түштөн ооп төрттөргө
чукулдап калганда дайыма
хатадагы кыздарды "разводко"
деп чоң залга алып кетишет да
Диананы камерага жалгыз
калтырып коюшат. Разводу кандай
экенин, ал жакта эмнелер
айтылаарын эч нерсесин билбейт.
Камералаш Зульфия менен
Саулемден сураса "ал эмне экенин
аман болсоң өзүң көрөсүң" деп
айтпай коюшкан. Бул жолу
бардыгын разводко алып чыгып
атканда хатанын көзөмөлчүсү,
толмочунан келген аял Дианага
басып келип анча чоң, калың эмес
китепчени алдына таштады.
- Ме момундагы уставдардын,
эрежелердин баарын оку, изучай,
жатка билгендей бол. Эртеңден
баштап сурай баштайм. Биринчи
бөлүгүн жаттап кой, билбесең
сенде уйку жок, таң атканча
уктатпай жаттаттырам, уктуңбу?
Бекер тамак ичип, бакма тооктой
болуп, бездельник болуп бүттүң.
Аны бакма тоокко теңеп урушканы
менен хатада бир мүнөт да тыным
алдырчу эмес. Ал жерде өзүнө
окшогон үч жаш кыз калышчу.
Узунунан кеткен үч хатанын ар бир
камераларын үчөө таптаза кылып
жууп чыгышчу. Таңга жуук сырттан
келе турган кыздарга тамак
даярдашчу. Аларды ашканада
картөшкө, пияз аарчып жатканда
да тынчтык беришчү эмес, ары-
бери жакка тындырбай жумшай
беришчү. Анысынан да короодогу
буларга көзөмөл салып турушкан
эркектердин асылганын кантесиң.
Өтүп бара жатышканда жөн
кетиришпей көчүк баштарын
кармалап, сандарын сыйпалап
жиберишип, кээде баса калып
өпкүлөп анан кайра кое беришип,
чуркап бараткан жаш кыздын
артынан каткырып күлүп, узата
карап калышчу.
Иштеринин баарын бүткөрүп
өзүнүн камерасына келгенде алиги
көзөмөлчү аял берген уставды
башынан баштап аягына чейин көз
жүгүртүп чыкты. Устав эки
бөлүктөн турат экен. Биринчи
бөлүмү түрмө ичиндеги ар кандай
кыймыл-аракеттерге тыюу
салуулар. Мисалы бири-бири
менен сүйлөшпөө, короо ичинде
кыйкырбоо, өз алдыча басып
кетпөө, жандарына артык баш
буюм алып жүрбөө,
көзөмөлчүлөрдүн айтканын кың
дебей жасоо, айтор толгон-токой
пункттары бар экен. Биринчи
бөлүктүн экинчи жарымында ар
бир пункттагы эрежелерди бузса
аларга кандай жазалар колдонот
бардыгы көрсөтүлүптүр. Аларды
окуп жатып өткөн жумадагы окуя
көз алдына тартыла түштү.
Түшкү саат эки чендерде
кыздардын бардыгын прогулкага
алып чыгышканда жашы он алты,
он жетиге келип калган жаш кыз
дубалдын ары жагында сыртта
жүргөндөрдөн бирөө жарымы угуп
калаар бекен ниетте күтүлбөгөн
жерден болгон күчү менен бакырып
кое берген.
- Оо эл-журт, барсыңарбы? Бизди
туткун кылып өлтүрмөй болду,
куткарып калгыла!
Ары жактан үч-төрт эркек чуркап
келишип аны резинка таяктары
менен сабап, буттары менен
тепкилеп жатып калышкан. Тигил
да болгон күчү менен каршылык
көрсөткөн. Бирок далдайган
эркектер аны эси-көөнүнөн калгыс
кылып тепкилешип, качан гана
кызыл жаян кан болуп эс-учун
жоготуп жатып калганда экөөсү
эки бутунан кармап, ары көздөй
сүйрөп кетишкен. "Камера пытка"
дегенине алып кирип алышып бир
жума бою кандай гана азаптарды
көрсөтүшпөдү. Короонун
сыртындагылардан жардам сурап
кыйкырып деле пайда жок экен.
Түрмөдө кызмат өтөгөндөрдүн
барына түрмөнү айлана курчап
турган үйлөрдүн бирин да
калтырбай акырындап сатып
бериптир. Ал эми анда мурунку
жашаган адамдарды болсо борбор
шаардын дал эле ортосунан
бардык шарты бар көп кабаттуу
үйлөрдөн сатып берип, бал сөзгө
салып алдап, бирин да калтырбай
көчүрүп жиберишиптир.
Диана уставдын экинчи бөлүмүн
барактаганда "Бул түрмө эмес эле
тозок турбайбы" деп эки көзү алая,
төбө чачы тик турду. Анда
түрмөдөн тышкары дагы башкача
уставдары бар болчу. Разводдон
кийин бул жактагылар түнкүсүн
өздөрүнүн ресторан, кафелерине,
сауналарына чыкканда кандай
алып жүрүүлөрүнүн эрежелери бар
экен. Эгерде ал эрежелерди буза
турган болушса кандай жаза күтүп
турары жазылыптыр.
"Бул менчик түрмө өзүнчө эле эч
кимге баш ийбеген кичинекей
мамлекет турбайбы. Өздөрүнүн
закону, өздөрүнүн уставы,
программасы, кызматкерлери ал
эми биз болсок кулдардан эч
айырмабыз жок. Албетте түрмөнүн
көп окшоштуктары да бар.
Окшоштуктан айырмачылыктары
көп. Тикенектүү бийик короо
дубалдын ичи, түрмө хаталары,
камералары эле түрмөгө
окшошпосо башка эмне
окшоштуктары бар. Эркинен
ажыраган "бас" десе басып, "тур"
десе туруп, "жат" десе жатып, кың
дебей баш ийген жалаң мөлтүрөгөн
жаш сулуу кыздар. Мында иштеген
кызматкерлердин бардыгы
өздөрүн өздөрү билишип
каалагандарын жасашат.
Тоокторду баса калган
короздордой тырпыратып баса
калып зордуктап салышса дагы
көрмөксөн, билмексен болуп
коюшат, кайра бири-бирие ыраазы
болгондой карашат. Бул менчик
түрмө эмес, бул жаш сулуу кыздар
кокусунан кабылчу тирүүлөрдүн
тозогу. Тиги дүйнө тозогу менен эч
айырмачылыгы жок. Оо Кудайым,
ушундай да жашоо болобу? Шаарга
неге келдим экен". Диана өзүнө
тапшырылган уставдарды жаттап
жатып ушул жакка кабылган
тагдырына нааразылана,
турмушуна кайгырып жатты.
"РАЗВОД"
- Сени уже пора үйүргө кошконго,
эртеңден баштап "разводко"
чыгасың. Хватит, уже жарым айдан
бери семирип кеттиң окшойт, эч
нерсе кылбай бекер тамак ичип, -
көзөмөлчү аял Дианага разводдун
жол-жобосун түшүндүрүп жатты.
Аны күнү-түнү уктатпай
уставдардын бардыгын уктап
жатып ойготкондо жаңылбай айта
тургандай кылып жаттаттырган
болчу.
- Мына, эми развод кандай экенин
чыныгы түрмө жашоосу кандай
экенин өз көзүң менен көрөсүң, -
Саулем мене Зульфия Диананы
чыдай алаар бекенсиңби дегендей
сынай карап турушту. Мындай
кордукка, бул жашоого чыдай
албай өздөрүн өздөрү өлтүрүүгө
аракет жасагандар канча дейсиң.
Түнкүсүн өздөрүнүн кроватына
асынып өлүп калгандар да болгон.
- Мени анчалык коркутпагыла
башка салганды көрөбүз, көпчүлүк
менен аралашып өз турмушубуз
менен өзүбүз күрөшөбүз. Мен
андай слабак кыздардан эмесмин,
- Диана чыйрала башын көтөрүп
тигилерге тике карады. Эртеси
кыздардын бардыгын залга
кийирип он бештен кылып алты
топко бөлүштү. Диана баш болуп
жаңы келген үч кызды биринчи
топко кошту. Ар бир топто үчтөн
көзөмөлчү аял турушат экен. Дагы
бери жакта окшош кийинишкен он
эркек, беш аял бир катар болуп
кыздарды карай тизилип турушту.
Кыздарга көз жүгүртө Диана
башын чайкап койду, анткени
көздөрү бакырайган жалаң
мөлтүрөгөн сулуу жаш кыздар
экен. Саат төрт болгондо сырттан
өзүнүн артынан эки-үч кишини
ээрчиткен түрмөнүн кожоюну,
курсагы чыгып турган, бетинде
богочу салаңдаган алиги Дианага
тааныш киши кирди эле бардыгы
ордуларында катып калышты.
Бирөөсү барып кадимки
армиядагыдай алдын тосуп чыгып
рапорт берди. Диана аны
ушунчалык жек көрүү менен карап
турду. Тигил ага көңүл да бөлгөн
жок.
- Бардыгы жер-жерлерге
бөлүндүбү?
- Ооба.
- Жаңы кошулгандарды кайсы
группага коштуңар?
- Экинчиге, Ташкенге…
Ташкени эмнеси Диана анча
түшүнгөн эмес. Кийин жолдо
баратканда укпадыбы он беш
кызды Ташкент тарапка алып
баратканын.
- Анда разводду баштай бергиле!
Тигинин буйругу менен бери жакта
тизилип турган аялдар чачыраша
ар бир кыздан уставдарды,
эрежелерди сурап, кайсыл жакка
барышарын айтып түшүндүрүп
киришти.
Диана баш болгон он беш кызды
үстү чүмкөмө машиненин ичине
отургузушту да каяккадыр алып
кетти. Чүмкөмө машиненин ичи
темир тор менен экиге бөлүнүп,
алды жагында жыйырма кишилик
арт жагында он кишилик орун бар
экен. Алды жагынан он беш кыз
орун алды, арты бөлөк орунга жети
көзөмөлчү төрт эркек, үч аял
отурушту. Машиненин терезелери
кичинекей анан бийик жерде
болгондуктан каяк тарапка
баратышканы, канча жол
жүрүшкөнү билинбейт, анын үстүнө
бери жактагы көзөмөлчүлөр
терезеден сыртты кароого тыюу
салып ташташкан. Бардыгы ичи
караңгы чүмкөмө машиненин
ичинде унчукпай кетип баратышты.
Диана көпчүлүгүн өңдөрүнөн
тааныганы менен аттарын билбейт
болчу. Мындайга далай жолу барып
көнүп калышканбы, бардыгы эч
нерсе болбогондой уктаганы уктап,
үргүлөгөнү үргүлөп, кээси өзүнчө
ойго чөмүлө кетип баратышат.
- Ташкентке чейин дагы канча
сааттык жол? Диананын суроосу
жоопсуз калды, ар ким өзү менен
өзү болуп баштарын жерге салып
отурушат, бири-бирлери менен
иштери да жоктой көрүнөт. Диана
унчукпай калды. Күндүзгү
"разводдогу" алиги өзүн
зордуктаган түрмө кожоюнунун
сөзү кулагына жаңырды. "Силер
деген бул жакты беркиндей
мамлекеттик түрмө деп
ойлобогула. Камеранын ичинде эле
отурганыңар болбосо эмнеден
жетишпей жатасыңар. Ичкен
тамагыңар Кудая шүгүр жаман
эмес, кийимиңер бүтүн, эркектерге
муктаж эмессиңер, жүргөн-
турганыңар ресторан, кафе, бар,
сауна кыздардын бардыгында эле
мындай жашоо боло бербейт.
Силерде деген мындайча айтканда
райский жашоо да. Тагдырыңарга
арман кылбай, мындай жашоого
кубанышыңар керек. Эгер
беркиндей түрмөдө болсоңор же
тамактан жок, түзүк да кийине
албай, эркектерден көзүңөр өтүп
жүрмөксүңөр. Ушуга тобо деп
жашай бергиле". "Сволочь десе,
ушуга тобо деп жашай бергиле деп
койгонун кантесиң. Бизди көрүнгөн
эркектердин алдына уйпалаттырып
салып бери, алардан түшкөн
акчалардын убайын өздөрү көрүп
жатышкандыктары менен иштери
жок. "Алдаса болот жаш башты"
деп жалаң жаш кыздарды
алдагысы келип атат го. Анын
арамза сүйлөп жатканын ар бир
акмак билет, тил гана жок да, тил
болгондо бардыгын бетке айтып-
айтып таштайт элек. Тим эле
бизди акмак көрөт". Диана өзүнчө
ойлонуп келатып уктап кетти.
"Түшкүлө, жеттиңер" деген үнгө
бардыгы жапа тырмак ойгонуша
ордуларынан козголо башташты.
- Уже Ташкенге жеттикби? - Диана
жанындагы кызга акырын
шыбырады.
- Ооба, унчукпа, тигилерден токмок
жейсиң.
Бардыгы түшүп бүткөн соң
кадимки солдаттарды тизгендей
эки катар кылып тизди да дагы
бир сыйра мал санагандай
сөөмөйлөрү менен санап чыгышты.
Кандайдыр бир бийик дарбазалуу
короонун ичине киришиптир.
- Жүргүлө, артымдан баскыла! -
деп жергиликтүү бейтааныш аял
алдыга басып жөнөдү эле
кыздардын бардыгы унчукпастан
анын артынан ээрчишти.
Короо ичиндеги үй эки кабаттуу
кадимки жатаканалар сыяктуу үй
экен.
- Мынакей силерге смена келди,
кана силер жөнөгүлө Бишкекке!
Ары жактан топураган кыздар
биринин артынан бири ээрчише
сыртка чыга башташты. Жаңы
келгендер менен баш ийкешип
учурашып коюп жатышты. Көп
өтпөй эле алар алиги чүмкөмө
машинеге отурушуп дароо
короодон чыгып келгендерди
төрт-төрттөн кылып бөлмөлөргө
бөлүштүрүп жатты. Бул бөлмөлөр
тигил жактын түрмөсүнө караганда
түзүгүрөөк экен. Терезелерин гана
темир тор менен тордоп
салышыптыр, сыягы качып
кетишпесин дегени го. Бир аял
менен бир эркек колдоруна кичине
китепче алып алышып, ким кайсы
бөлмөдө жатканын тактап
жүрүштү. Чыгып баратышып
эскертип кетишти.
- Тигил шифонердин ичиндеги
өздөрүңөргө жаккан көйнөктөрдөн
тандап кийгиле дагы оозу-
башыңарды, кашыңарды боёп,
чачыңарды оңдоп, бетиңерге упа,
крем жабып даяр болуп тургула.
Биз кандай көрсөк ошондой алып
кетебиз. Давай турбагыла
даярдангыла, - экөө сыртка чыгып
кетишти дагы эшикти сыртынан
кулпулап салышты. Диана бул түнү
калабыз го деп ойлогон, жол жүрүп
чарчагандыктан тигил кроватка
жаткысы эле келип турду. Мурун
келип жүрүп көнүп калышканбы,
жанындагы кыздары дароо
шифонерди ачып, өздөрүнө
ылайыктуу кийимдерди тандай
башташты. Түрмө кийимдерин
чечип өздөрү тандап алган
көйнөктөрдү кийишкенде,
таптакыр эле башка кыздардай
болуп калышты. Көйнөктөрдүн
баары жоон сандарын, төштөрүн
көрсөтүп, денелерине жабышып
турган кыска көйнөктөр экен.
- Эмне жалдырап турасың, тигил
көйнөктөрдөн алып кийинбейсиңби
же аны да биз кийинтелиби, -
жанында турган бир кыз Дианага
адыраңдап бир тийди эле экинчиси
аны тыйып койду.
- Койсоңчу, ал бүгүн биринчи эле
күн чыгып атат, али эч нерсени
көрө элек да, эч нерсени биле
элек.
Бардыгы кийинип бүтүшкөн соң
кезек менен күзгүгө отуруп
алышып бети-баштарын боеп,
кадимки сахнага чыгуучу
артисттердей болуп жасана
башташты.
- Та-ак, бул үчөөнү барга алып кет,
бешөөсү ресторандагы кишилер
менен иштешет. Экөөсү
мейманканага кетет…
Диана кошулган беш кызга
кайрылды.
- Ал эми калган бешөөңөр болсо
саунага барасыңар. Как раз чет
элдик кишилер келишти саунага
жуунушканы, ошолордун
карамагында болосуңар.
Кыздар четинен кетип азайып
отурушуп бешөө гана калышты.
- Силер тигил отургучка отуруп
күтүп тургула, азырынча тигилер
өздөрүнүн сунуштарын айтыша
элек. Биз барып сунуштарыбызды
айтабыз, эгер макул болушса
силерди келип алып кетебиз.
- Бешөөнү чоң бөлмөгө сыртынан
бекитип камап кетишти дагы
кайдадыр жөнөп кетишти.
Мындайды далай баштарынан
өткөрүшкөнбү, берки кыздар дароо
эле бош отургучтарга отурушту
дагы кыйшая үргүлөй кетишти.
Отурганга орундук жок
болгондуктан Диана туруп калды.
Бири-бирине эч кимиси көңүл
бөлүшкөн жок, кээ бирлери
кыйшайган боюнча уктай
башташты.
Диана тикесинен турган боюнча
бир орунда таш болуп катып турду.
"Кызык, бул жакка кантип бизди
алып келишти болду экен. Жолдон
бир дагы гаишниктер же
таможниядан бир дагы киши
буларды токтотуп текшеришкен
жокпу. Же аларга акча берип
турушабы, же алар булардын
тааныштарыбы? Албетте, бир айда
эки-үч жолу өтүп атышса тааныш
деле болуп бүтүп калат да.
Айлалары кетсе бизди алардын
койнуна салып берип кутулушат
да…"
Бир аздан кийин короо ичине
машиненин кирген үнү угулуп эшик
ачылып, үч эркек кирип келишти.
Бирөөсү орой буйрук бере сүйлөдү.
- Кана тургула ордуңардан, кеттик!
Кыбырабай ылдам, тез!
Бардыгы ордуларынан козголуша
сыртка чыгышты.
САУНАДА
Сыртта турган машинени Диана
өзүлөрүн бул жакка жеткирип
келген чүмкөмө машине болуш
керек деп ойлогон. Аларды чет
элдик болгондо да мерседес
машинеси күтүп туруптур. Бешөөнү
тең арткы отургучка шыкап
отургузушту дагы каяккадыр
жөнөп кетишти. Диана дагы бир
кыздан башкаларынын бардыгы
кайсыл жакка баратышканын эң
жакшы билишчү. Бардыгы үн-сөз
жок унчукпай кетип бара жатышты.
Мерседес көп өтпөй эле чоң, эки
кабаттуу үйдүн короосуна кирип
барып токтоду.
- Келдик чыккыла! - алиги буйрук
бери сүйлөгөн киши бардыгынан
мурун чыгып тигилерге кайрадан
буйрук бере сүйлөдү. Ары жактан
курсагы салаңдаган толмочунан
келген киши басып келди.
- Кана, алып келдиңби?
- Ооба, мынакей.
- Ада жүргүлө тияк жакка.
Бешөөнү бир бөлмөгө алып
келишти да катарга тизип,
буттарынан баштап баштарына
чейин сынай карап бир сыйра көз
жүгүртүп алды.
- Та-ак кыскасы мындай… бул
жерде экөөңөр жаңы экенсиңер.
Уставды, эрежени жакшы
билесиңер да, ошону катуу
сакташыңар керек. Артык баш
сүйлөп, же качып кетебиз деп
ойлобогула. Бул бир, экинчи… Тияк
жакта саунада жуунуп атышкандар
үчөө тең чет элдик кишилер же так
айтканда француздар. Алар эмне
талап кылышса кың дебей
аткарышыңар керек. Эгерде
каршылык көрсөтүп, моюн толгочу
болсоңор анда өз убалыңар
өзүңөргө. Түнкүсүн уктабаганыңар
аз келгенсип, күндүзү да
уктабайсыңар, биздин токмой
жейсиңер, бул жак силерге Бишкек
эмес, эч кимиңерди аябайбыз.
Уктуңарбы, кана ким түшүнгөн
жок?
Бардыгы унчукпай мелтиреп
турушту.
- Анда баскыла кеттик, дагы бир
жолу эскертип коёюн, өзүңөрдү
жакшы алып жүргүлө. Алиги акыл
айтып жаткан киши бешөөнү тең
кууш коридор менен алып жүрүп
отуруп кандайдыр бөлмөгө алып
келди.
Анча бийик эмес столду тегеректей
жумшак отургучта ак шейшеп
оронушкан үч адам отурушуптур.
Стол үстүндө пиво, арак, шампан,
түркүн тамак-аштар жайнайт. Үчөө
тең чоң, калың тамекини
бурулдатыша биринин артынан
бири ээрчише киришкен кыздарды
сынай карашты. Алиги алдына
түшүп кыздарды ээрчитип келген
киши бешөөнү тигилердин астына
бир катар кылып тизип койду.
Алар бешөө көпкө сынай карап
турушту, анан бирөөсү француз
тилинде алиги кишиге карап бир
нерселерди айтты эле тигил
түшүндүм дегендей башын
ийкегиледи. Анан кыздарга карап
үнүн өктөм чыгара буйрук бере
сүйлөдү.
- Кана чечингиле, эмчек
тарткычыңар менен турсийиңер
гана калсын.
Бешөө тең унчукпастан
көйнөктөрүн чечип тигинин
айтканын жасашты. Француздар өз
ара бир нерселерди сүйлөшө
кыздарды бир топко сынай карап
турушту. Бирөөсү ордунан козголо
кыздарга жай басып келди да бой-
мүчөлөрүн бир сыйра сынай карап
чыкты. Анан четте турган кызга
сөөмөйүн көрсөттү. Алиги киши
аны өзүнчө жетелеп барып бурчка
тургузуп койду. Экинчиси ордунан
козголбой эле тамекисин тарткан
боюнча сөөмөйү менен жаңы
кошулган кыздардын бирөөсүн
көрсөттү. Аны да өзүнчө бөлөк
бурчта турган кызга кошту.
Үчүнчүсү болсо Диананы көрсөттү.
Ал дагы тигил экөөнө кошулду.
Калган экөөнү болсо ээрчитип
кайрадан сыртка чыгып кетти. Бир
аз убакыттан кийин ал кайра келди
да тигилер менен француз тилинде
бир нерселерди сүйлөп бир топко
турду. Анан ордунан козголо
сыртка чыгып баратып бурчта
турган үч кызга эскертип өттү.
- Болду, силер эми таң атканча
булардын карамагында болосуңар.
Дагы бир жолу эскертип коёюн,
булар биздин кишилерге караганда
өтө орой эмес, маданияттуу
кишилер, силерди көп деле
кыйнабайт.Так что кың дебей
айтканы менен болуп тургула.
Баары бир ар бир кыймылыңар
биздин көзөмөлдө. Болуптур,
кеттим анда мен. Таңкы саат
сегиздерди силерди келип алып
кетем. Отурушту тынч өткөргүлө, -
ал акырын чыгып кетип калды.
Бурчта жалдырап турушкан жаш
кыздарга француздар келгиле,
жакын мындай отургула дегендей
өздөрүнүн жанында турган
диванды көрсөтүштү. Үчөөнүн
экөөсү жаңы келгендиктен чочулай
акырын басып келишип дивандын
четине отурушту. Үчүнчүсү болсо
мындайды далай башынан
өткөргөндүктөн тартынбай эле чет
элдиктердин жанына жакыныраак
келип отурду. Алар стол үстүндөгү
жайнап турган тамактарды көрсөтө
өз тилдеринде бирдеме деп
сүйлөдү эле тигилер эч нерсе
түшүнүшкөн жок. Мурун мындайды
башынан өткөргөн алиги кыз гана
бир нерсени түшүнгөндөй болду.
- Ичкиликтин кайсысынан
ичесиңер деп сурап жатышат
Тартынбай эле ичип, жей бергиле,
булардай болуп силерди эч ким
сыйлабайт.
Ал өзү тура калып ары жактагы
коньякты алып кыздарга бөлө
куйду. Беркилер аны азамат
дегендей кол чапкылап бул
кыймыл-аракетин жактары карап
калышты. Бирөөсү орусча чала-
моңол билет экен, колунан
келишинче түшүндүрүүгө аракет
кылып жатты.
- Нестесняйтесь, кушайте, пейте.
Все ваши, все для вас.
Алиги кыз стол үстүндөгү
тамактарды тартынбай эле алып
өзүнүн тарелкасына салып алды да
унчукпай жеп баштады.
Француздардын бирөөсү ордунан
тура калып тигил экөөнүн
тарелкасына тамак салып берди да
французча бир нерселерди айтты.
Алиги кыз түшүнбөсө да экөөнө
котормочу болуп берди.
- Булар эмне десе унчукпай
айткандарын жасагыла, болбосо
эртең бул жактын шефинен токмок
жейсиңер.
Экөө унчукпастан тарелкадагы
тамакты алып жеп киришти.
Тигилер коньяктан ичкиле деп
сунуш кылышты эле алиги кыз
унчукпастан тартып жиберди. Ал
эми экөө болсо эмне кылышарын
билбей, бири-бирин карап туруп
калышты. Француздар экөөнө
карап бир нерсе деп сүйлөштү эле
Диана стаканды колуна алды да
тартып жиберди. Тигил кыз болсо
башын чайкап ичпей койду.
Өздөрү коньяктан улам куюп ичип
коюшуп, өз ара бир нерселерди
сүйлөшүп атышты. Бирөөсү бир
куту тамекини күйгүзгүчү менен
тигилердин алдына таштап койду.
Алиги кыз бирди алып, бурулдатып
тарта баштады. Дагы бир аз
отурушкан соң бирөөсү өзүнчө
сүйлөнө ордунан турду да тамеки
тартып отурган кызды жүрү кеттик
дегендей башы менен тигил жакты
көргөзүп, өзү алдыга түшүп аркы
бөлмөгө кирип кетти. Тигил кыз да
ордунан тура анын артынан кошо
кирип кетти. Жумшак креслодо
отургандардын бирөөсү ары жакта
бөтөлкөдөгү аракты бузуп, төрт
стаканга бөлүштүрө куйду, анан
алгыла деп экөөнө алаканын жая
көрсөтө сунуштады. Диана акырын
стаканды кармады, алиги кыз
болсо көгөрүп ичпей койду.
Тигилер өзүң бил дегендей аракты
тартып жиберишип ордуларынан
козголушту. Бирөөсү Диананы
аркы бөлмөгө ээрчитип кетти...
Өмүрү көрбөгөн тозокту ал ошол
жактан көрдү. Жыпжылаңач болуп
чечинип алган француз Диананы
да чечинтип ар кандай ыкмада
туруп берүүгө мажбурлады. Диана
бардыгына чыдап, көздү жумуп
айткандарын аткарууга аракет
жасады. Кээде өзүн куурчактай
кылып ары-бери томолотуп,
эрмектеп атканына чыдай албай
эшикке качып чыккысы келип
атты. Качып чыккандан эч майнап
чыкпайт болчу. Сыртта
көзөмөлчүлөр кайтарып турушат,
"ар бир бөлмөнүн ичинде
кандайдыр бир тигил жактан
көргөзүп туруучу аппараттар бар,
силердин ар бир кыймылыңарды
көрүп турабыз" деп айткандарын
эстеди. Артыкбаш кыймыл
жасагандан коркту. Түн ортосунда
эки жолу суранып ажаатканага
барып келди. Ошол мезгилде
качып чыкканга кандайдыр бир
ыңгайлуу кырдаалды издеп жүрдү.
Терезелери өтө эле бийик экен,
качып чыкканга эч мүмкүн эмес.
Ажаатканада отурганда башын
көтөрүп терезесин карады.
Айнектелүү болгону менен ал жакта
темир тору жок экен.
Ажааткананын раковинасына
чыгып терезесине колун созуп
көрдү. Айнектерге жетти, акырын
тартынып чыгып сыртты карады.
Сырт жак караңгы эч нерсе
көрүнбөйт. Кайра төмөн түштү.
Айнектерин ачса, бир киши сойлоп
чыкса болот экен, бирок кантип
адегенде айнектерин ачыш керек…
Аңгыча эшик такылдап калды эле
"азыр" деп шаша-буша тигил
жактын суусун коё бере сыртка
чыкты, француз аны күтүп
туруптур.
Таңкы саат сегиздерди Диана
өлөөрчө чарчап араң эле бутуна
турган эле. Кечөөкү киши келип
бардыгын өзүнүн Мерседесине
салып алып кетти. Үйгө келгенде
аянычтуу көрүнүштү өз көзү менен
көрө жүрөгү ооруп чыкты. Анткени
кечөөкү арак ичпей жаткан кызды
эки жигит залга алып келип,
кыздардын көзүнчө дырдай
жылаңач кылып чечинтип ичке
чыбык менен салышып өлөөрчө
сабашты. Жалынып, жалбарганына,
ботодой боздогонуна, ыйлаганыа
да карашкан жок. Диана аны эмне
себептен сабап жатышканына
адегенде түшүнгөн эмес. Көрсө
түндөсү француз өнөгүнүн айткан
талаптарын аткарбай, качып
болбой коюптур. Аппак денелерине
кыпкызыл чыбык тактары түшүп,
мөлтүрөп чыкканча сабашты.
Таптакыр кыймылдай албай сулк
жатып калганда гана жайына
коюшту. Түндөгү киши бери жакта
турган кыздарга тигини көрсөтө
ачууланып жатты.
- Көрдүңөрбү бизди укпагандын,
уставды, эрежени бузгандын
кесепети кандай экенин. Силер да
ушунун кейпин кийип каласыңар,
керек болсо мындан да жаман
болосуңар. Бар эми өз бөлмөңөргө
тарап, эс алгыла. Түндөсү кайра
чыгасыңар охотага.
Булар түнкү чыкканды "охота" деп
коюшат экен. Кыздар үчүн кордук
болгону менен, тигилер үчүн чын
эле охота болчу. Кыздарды кээ бир
түндө бир эмес эки-үч кишиге да
салып жиберишчү. Аларды ары
айдаса ары кеткен, бери айдаса
бери кеткен, бардыгын кың дебей
аткарган мал катары
пайдаланышчу. Көбүнесе аябай бай
кишилерге, же чет элдик кишилер
менен соодалашууга аракет
кылышчу. Алардан доллар менен
алышчу. Чет элдиктерге жагып
калган кыздарын дароо эле
соодалап жиберишчү.
Диана бөлмөгө киргенде
жанындагы кроваттагы кыздар
эбакта эле уктап калыптыр.
Түндөсү алар да аябай чарчашса
керек. Терезе тордолуу, эшикти
болсо сырттарынан кулпулап
кетишет. Ар бир бөлмөнүн
өздөрүнүн туалети бар. Түшкө
жакын бир маал ысык шорпо, нан
алып келип беришет да кайра
бекитип салышат. Ошолбоюнча
кечке чейин бөлмөнү ачышпайт.
Кез-кез гана жалдырап
сурагандарга барышып, жүздүн
биринин өтүнүчүн аткарышат.
Диана аябай чарчаса да бир топко
уктай албай жатты.
Бир маалда кимдир бирөөлөр
эшиктин кулпусун бурап ачып
атканын угуп, уктамыш болуп көзүн
жумуп калды. Эшик ачылып эки
киши сырттан алиги кызды өлүк
сүйрөгөндөй кылып дырдай
жылаңач боюнча бутунан сүйрөп
келип, кроватка ыргытып салышты
да үстүнө одеял жаап кайра
сыртка чыгып кетип калышты.
Эшик сыртынан кулпуланып баары
тынчып калышканда Диана
акырын ордунан туруп, кыздын ал
ахывалын билгени жанына жылып
барды. Кыз араң эле дем алып,
көзүнүн жашын көлдөтүп ыйлап
жатыптыр. Акырын одеялды ачып
бетине үңүлгөндө кыз болор-
болбос үн менен чаңкылдап коё
берди.
- Жолобо жаныма, жогол ары
жакка! Жашагым келбейт, мындан
көрө өлгөнүм артык!
Диана көңүл айтып, жооткотоюн
деди эле тигил таптакыр
албууттанып аны укмак турсун жин
даарып, өзүн-өзү башка ургулап,
өзүнчө сүйлөнүп жатты. Диана
унчуккан жок, акырын кроватына
барып жатып калды.
Кечөө жол жүргөндүктөнбү, же
түндөсү уктабай француздардын
уйпаландысы болуп калгандыкыбы
бир аз жаткандан кийин көзү
илинип кетиптир.
Кичинесинен эле аябай сак кулак
болчу. Шырп эткен дабышка
ойгонуп кетти. Акырын башын
көтөрүп караса алиги таяк жеген
кыз көйнөктөрүн айрып бири-
бирине байлаштырып, бир жагын
кроваттын башына байлап, экинчи
жагын өзүнүн мойнуна байлап
муунганы жатыптыр.
- Ээй эмне кылганы жатасың?! -
Диана төшөктөн атып турду. Анын
үнүнө беркилер да ойгонуп
кетишти.
Бөлмөдөгү ызы-чуудан
сырттагылар кирип келишти да
кыздын муунуп өлгөнгө аракет
жасап жатканын билишип,
кайрадан сабашып, эки колун, эки
бутун кроватка таңып ташташты.
Кечки саат сегиз чендерде келип
карашса анын эки көзү аңтарыла,
оозунан ак көбүк ага жин даарыган
эмедей башкалардын сүйлөгөн
сөздөрүнө эч маани бербей өзүнчө
эле сүйлөнүп калыптыр. Колун
чечкенде акыл-эсинен айныган
эмедей, бөлмөнү жаңырта
кыйкырып күлө баштады.
Чын эле нервине доо кеткенби же
атайын арамзаланып жатабы
бөлмөдөгүлөр эч нерсе
түшүнүшкөн жок. Көп өтпөй эле
эки-үч эркек кирип келип аны
сыртка жетелеп алып кетишти.
Каякка алып кетишкенин ошол
боюнча эч кимиси көрүшкөн жок.
Күүгүм кире баштаганда кайрадан
кечки охотага даярдыктар көрүлө
баштады.
#3 25 Март 2014 - 22:01
3-бөлүм
КАЧУУ
Диана Ташкентке келгени бир
аптадай катуу кыйналды. Анткеи
аларды күндүзү кечке үй түрмөдө
камашып, түнкүсүн болсо көрүнгөн
эркектердин коюндарына салып
беришет. Көзөмөлчүлөр кыздарды
качага соодалап жатышканын эч
кимиси билишпейт. Бөлмөдө чогуу
жатышкан кыздар менен
таанышып чыкты. Ача чоң эмес
бөлмөдө жатышкан төрт кыз
адегенде сүйлөшүшчү эмес,
сүйлөшкөнгө убактылары да жок
болчу, түнү менен катуу кыйналып
чарчап келгендики кроватка
баштары тийери менен эле сулк
жыгылышчу. Анын үстүнө көпчүлүк
учурда ичип келишчү, кээде
туалетке барып кусушуп, баштары
ооруп катуу кыйналышчу.
- Мынчалык деңгээлде ичпей эле
койбойсуңарбы, өзүңөрдү өзүңөр
кыйнап… - бир жолу ооруп жаткан
кыздарга ушинтип кайрылган
Диана.
- Кантип ичпей коёсуң тигилер
кыйнап жатышса. Ичпей моюн
толгой берсең көзөмөлчүлөргө
айтып коюшат, аны өз көзүң менен
көрдүң го өткөн жолу жаңы келген
кызды кандай сабашканын. Ал
ошол боюнча дайыны чыкпай
калды, өлтүрүп коюшту болуш
керек же Бишкекке алып кетишти.
Аны тигил жактан кайрадан
перевоспитывайт этишет.
- Бул жактан качан кетебиз,
кыйналып ушунчалык тажап
баратам…, - Диананын сөзүн
жанында турган уйгур кыз бөлүп
кетти.
- Бул жактан кеткенде эле
жыргайм деп ойлоп жатасыңбы.
Баары бир кайра эле Алма-Ата,
Душанбе, Ашхабад, Россиянын ар
кайсы жерлерине алып кетишет.
Көрбөгөн кордуктун баарын ошол
жактан көрөсүң. Кээде жалгыз
өзүңдү беш кишиге бир түнгө
сатып жиберет. Алар сени аяшмак
беле, тем более акча төлөп
жатышса. Бир же эки эркек менен
болгон эч нерсе эмес, чыдасаң
болот, ал эми жанагыдай беш-алты
эркекке салып берчү болсо мына
кордукту ошондо көрөсүң. Керек
болсо тияк жактарын жалаттырып
оозуңа салдыртып мажбурлайт.
Чоң суммадагы акча төлөп
жатышкандан кийин өз
билгендерин жасашат. Макул
болбосоң сабап, тепкилешет.
Аларга ушундай улуксаат берилген.
Бөлмөдө Диана өзүн кошкондо
төрт кыз жатышчу. Бирөөсү уйгур,
экинчиси тажик, үчүнчүсү болго
кыргыз, жердиги Таластык, аты
Замира экен. Айтып отурушса
үчөөнүн кандайча биякка келип
түшүп калган тагдыры үч башка
болуп чыкты.
- Мен бул жакка кандайча келип
калганыма өзүмдүн да башым
жетпейт, - Замира башынан
өткөнүн айтып кирди. Чогуу жүргөн
жигиттерим эле сатып коюшту
мени. Туулган күндөн үч жигит эки
кыз болуп түнкү саат экилерде
чыкканбыз, баарыбыз тең кызуу
болчубуз. Жеңил машине менен
кетип баратканбыз, мени үйгө
жеткиришмек, анан өздөрү
кетишмек. Мединститут жакта үч
кыз болуп квартирада турчумун.
Жолдон дагы бейтааныш эки жигит
кошулушту. Алардын да чет элдик
жеңил машинелери бар экен. Бир
жерге токтоп дагы вино, арак
ичтик. Мас болуп уктап калдымбы,
же тигилер ичкиликке бир нерсе
кошуп коюшканбы билбейм, айтор
эс-учумду билбей уктап
калыптырмын. Ойгонсом эле
чоочун бөлмөдө уктап жатам,
жанымда эч ким жок. Туруп сыртка
чыгайын десем сыртымдан
бекитип коюшуптур, көрсө Марат
Исабековдун менчик түрмөсүнө
алып келишиптир. Сыягы алар
мени акчага сатып жиберишти
окшойт. Алар шаар ичин
кыдырышып, сулуу кыздарды
издешип, кароолго илинишкен жаш,
сулуу кыздар болсо, көпкө чейин
сыртынан акмалап жүрүшүп,
кандай жол менен болсо да
өздөрүнүн кылтактарына илишет
экен. Бүттү кылтакка илингенден
кийин ал жактан бошонуп чыгууга
өтө кыйын. Мына мен бул жакка
келгениме дээрлик бир жылга
чукулдап бара жатат, менин кыз
сапатымдын эмнеси калды.
Канчалаган гана эркектер менен
болдум, канчаларынын
уйпаландысына калдым,
канчаларынан тепки жедим, токмок
көрбөдүм. Мен көргөн кордуктун
сен чекесин да көрө элексиң.
Мурун кордукка чыдай албай күндө
көз жашымды көлдөтчүмүн, өлгүм
келчү, мени куткара көр деп
Кудайдан жалынып жардам
сурачумун. Адам көнбөгөн эч нерсе
жок экен, мына бара-бара көнүп,
бышып, бардыгына моюн сунуп
берүүгө туура келди. Кимдир
бирөөлөр келип куткарып кетчүдөй
үмүт менен жашап жатам. Менин
жашоом али алдыда, бул жашоодон
эч нерсе көрө элекмин кордуктан
башка. Мен быйыл он тогузга
чыгам, он гүлүмдүн бир гүлү али
ачыла элек, канчалардын гана
тебелендиси болбодум. Мындан
көрөкчө көчөдө өз денесин саткан
сойку болгонум жакшы болчу, зато
алар эркин жүрүшөт. Кетем десе
каалаган учурларында кетип
калышат. Жок дегенде өз денесин
саткан акчасынын жарымын
алышат. Баса, эмне себептен
кыздар кээде топ-тобу менен
дайынсыз жок болуп кетишүүдө,
билесиңби? Алардын бардыгын
өлтүрүп, көздөрүн тазалаганга
мүмкүн эмес да, аларды чет
өлкөлөргө бай адамдарга сатып
жиберип жатышат…
- Буларды бийлик өкүлдөрү
кандайча билишпейт таңгалыштуу.
- Таңгала турган эч нерсе деле
жок, алар бардыгы өз ара чоң
мафия да. Булар менен сотуң да,
прокуроруң да, атүгүл
милицияларың да бүт байланышта.
Жада калса жөнөкөй эле
жергиликтүү участковый
милицияларды дагы колго алып
коюшкан. Ай сайын аларга
өздөрүнүн "ставкаларын" төлөп
турушат. Тигинтип бийлик өкүлдөрү
өздөрү көрмөксөн-билмексен
болуп, көз жаздымынан кетирип
жатышса булар кутуршпаганда
анан кимдер кутурушат. Буларга
бизден бир түндө эле элүү,
алтымыш миң прибыль түшүп
турат, аны бир айга эсепте, анан
бир жылдыкын эсепте канча
киреше болот. Чыгаша же банкрот
болуу деген дегеле болбойт.
Минтип отурушса булар
акырындап бардыгын өз
колдоруна алып отуруп,
мамлекеттик бийликти дагы
талашып калышпаса болду.
- Баса, башка жерлерде дагы
ушундай түрмөлөрү барбы?
- Азырынча жок, борбору
Бишкекте, башка өлкөлөрдө болсо
кичине мыа ушул сыяктуу
отделдери бар. Жашыруун түрмө
ачышкандан чочулап жатышат го
сыягы башка өлкөлөргө, бирок
бардык жерлер менен
байланыштары күчтүү. Кыргызстан
тынч, ошол себептен ачышса керек
жашыруун менчик түрмөнү. Марат
Исабековду башка өлкөлөрдөгү бай
кишилер да колдоп, көмөк
көрсөтүп турушат. Тигил башка
улуттагы кыздардын бардыгын
ошолор жөнөтүшкөн кыздар да.
Бул жашыруун уюм жөнүндө
биздин Президентибизге же
чыныгы Бийлик өкүлдөрүнө жетпей
жатпайбы, билсе чоң сенсация
болуп, булардын таш-талкандарын
чыгарышат эле. Азырынча мүмкүн
эмес, бирок балким жетип калабы
деп үмүттөнүп отурбайбызбы.
Ошол күнү беш кызды кеч кире
электе эле эрте алып кетишти.
Каякка алып кетишти эч кимиси
кызыгышкан деле жок. Анткени
өздөрү деле ошолордой болуп
каякка барышарын билишпейт
болчу. Бул түнү Диана баштаган
беш кызды кайрадан өткөн жолку
саунага алып келишти. Эки
аптанын ичинде бул саунага
Диананын экинчи жолу келиши.
Буга чейин дагы башка сауналарда,
кафе, бар, ресторандарда болуп,
бай адамдарды "камсыздандырып"
жүрдү.
Бул саунага келген сайын түн
ортосунда туалетине кирет да
терезедеги айнекти акмалайт.
Сауна башкалардан өзгөчө
жасалгандыктан бул жакка жалаң
чет элдиктер келишчү. Бул
жолкусунда да Германиядан
келишкен чет элдиктер бар экен.
Саунага кирген беш кызды тең бүт
сатып алышты. Алар кыздарды
жылуу кабыл алышты. Тизилип
турган кыздарга жылмая карашты.
- Неймен зи битте пляц, - дешип
алакандарын жайыша
алдыларындагы ичкиликтерден
куюп киришти, - тринкен зи
шнапс?
Кыздар эч ерсе түшүнүшкөн жок, -
Эншулдигинзе бите, шпрехен зи
дойч?
- Найн, найн - кыздардын бирөөсү
аларга анча-мынча жооп бергенсип
жатты. Немецтер өздөрүн өтө
сылык, джентельмен жигиттердей
алып жүрүштү, кыздар да
тартынбай иче беришти. Бардыгы
кызып калышкан болчу, бир эркек
бир кыз болуп эки экиден жуп
болуша саунага кирип чыгышып
кайрадан столду тегеректеп
отурушууда. Кайра-кайра арак
ичип атышып, эркектердин бир
тобу кызып калышты.
Түнкү саат экиден өтүп үчкө
чукулдап калганда ар кимиси
өздөрү менен өздөрү болушуп
бака-шака түшө башташты. Ошо
маалда Диана акырын эч кимге
билгизбей ордунан туруп туалетти
көздөй жөнөдү. Өзү менен кошо эч
кимге билгизбей бычакты алып
алга болчу. Туалеттин эшигин
дароо жапты да ичинен илип алды.
Анан дароо эле жогору жакка
көтөрүлүп бычак менен терезенин
айнектериндеги мыктарды кайрып
чыгарып кирди. Мыктарын
чыгарып болуп, айнегин акырын
алды да жерге койду. Бир киши
кенен батчу аңырайып ачылып
калган терезеге тартынып чыга
баштады. Тартынып келатып кайра
түшүп кетип көпкө убараланды.
Каалганы болоор-болбос ачып
акырын сыртын тыңшады эле
тигилер өздөрүнчө кыздар менен
бака-шака түшүп жатышыптыр.
Кыздардын каткырган үнү угулат.
Кайра дароо эшикти жапты да
ичинен илди. Болгон күчү менен
тартынып терезеге жетти, башын
сыртка чыгарды. Төмөн карай
түшүү кыйын, ичине караганда бир
топ бийик экен. Терезеден сойлоп
өтүп, боюн, бүткүл денесин төмөн
карай таштады эле катуу цемент
жерге келип түштү. Көйнөгүн бир
нерсе илип айрып кетти, жерге
катуу түшкөндүктөн өзөрүп да
калды. Дем алалбай өпкөсү
куушурула бир топко жатты. Сауна
ичиндеги каткырган кыздардын
үнүн уга коюп эсине келе дароо
ордунан атып турду. Анан темир
торду секирип өтүп көчөгө чыкты
да эркин дем ала болгон күчү
менен бет алды чуркап жөнөдү.
САУНАДАГЫ ЫЗЫ-ЧУУ
Кыздар да чет элдиктер да
бардыгы тең кызып
калышкандыктан көзөмөлчүлөр
аларга анча деле көңүл бөлүшкөн
жок. Анын үстүнө саунага бири
кирип бири чыгып атып кыздарды
толуктаганга да мүмкүнчүлүк жок
болчу. Түн ортосунда качып кетет
деп эч ким ойлогон жок, эшиктер
болсо бекилүү, ар бир бөлмөдө
аларды үстүлөрүнөн карап
турушкан көзөмөлчүлөр бар.
Диананын байкатпай жок болуп
кеткенин эч кимиси таңазар
алышпады, Замира гана бир
нерсени сезди. Анын туалет жакка
кеткенин жалгыз гана ошол
байкаган, артынан барып туалетти
тартса ичинен илинүү экен, ичи
бурап, же кусуп атат экен деп
кайра ордуна келди. Арадан жарым
саат өткөндө "эмне болду?" деп
чыдай албай сары санаа болуп
кайра барды. Эшигин тартса
ичинен илинүү эле боюнча экен,
акырын тарсылдатып "Диана! " деп
үнүн жай чыгарды. Экинчи жолу
дагы тарсылдатып, "Диана" деп
чакырса ич жактан эч дабыш
чыккан жок, жымжырт. Диана өз
тамырын өзү кыйып, же асынып
өлүп калдыбы деген ага дароо эле
жаман ой кетти. Эшикти болгон
күчү менен булкуп, илгичин
сындырып, ичине кирип барды.
Ичинде эч ким жок экен, бурчта
турган төрт бурчтуу айнекти көрө
коюп, дароо терезе жакты карады.
Терезе аркылуу өткөнү дароо эле
билинип турат, анткени кандын
тактары бар экен. Замира дароо
эле айнекти ала коюп терезени
ордуна салып мыктарды кайрып
мурункудай кылып бекитип салды.
Кандарды билгизбей сүртүп,
туалеттин сынган илгичин жулуп
алып, раковинанын ичине салып
таштады. Анан билмексен боло
кайра ордуна келип тигилер менен
аралашып калды. Чет элдиктер бир
топ эле кызып калышкан болчу,
колдоруна тийген кыздарды эле
бассейнге сүйрөп кирип атышып,
ким бар ким жок анча маани да
беришкен жок. Жалгыз гана
Замира "эртерээк эч кимге
билинбей, кармалбай көздөн
кайым болуп кетсе экен" деп
Кудайдан тиленип жатты. Аракты
кайра-кайра ичип жаткан чет
элдиктердин бирөөсү диванга
кыйшайып жата үргүлөп кетти. Эч
ким шек алалбайт болчу, анткени
төртөө эки-экиден жуп болуп
калышты. Акырындап таң ата
баштаганда ого бетер тынчы кетти
"Ээ Кудайым ал кармалбаса экен…"
Эртең мененки саат сегиз
болгондо көзөмөлчүлөр өз
кыздарын алып кетишчү, анткени
кечки саат сегизден эртең мененки
саат сегизге чейин гана
соодалашат.
Сырттан көзөмөлчүлөрдүн экөөсү
кирип келишип кызуу болуп
отурушкан кыздарды түгөлдөй
башташты. Замира атайылап эч
нерсе билбеген, аябай мас болуп
калган киши болуп калды.
Төртөөнү катар отургузуп Диананы
издей башташты. Саунанын,
бассейинин, мончосун, туалетине,
эс алчу бөлмөлөрүн бүт
кыдырышып чыгышты. Аны эч
жерден таппай коюшту. Бирөөсү
бери кыздарга жүгүрүп келди да
кыйкырып бир тийди.
- Диана кайда?!
Замира аябай мас болгон эч
нерсени билбеген киши болуп
башын шылкыйта отура берди.
Көзөмөлчүлөр мас болуп калган
кыздарды улам бирден тургузушуп
жаакка чапкылап, сабап Диананы
сурай беришти. Чындыгында да
берки кыздар аябай мас болуп
калышкан болчу. Алардан оңдуу
жооп ала алышпаган соң саунанын
ичин түп көтөрө тинтип издей
башташты. Эч жерден таппай
коюшкан соң дароо сыртка
короого чыгышты. Ал жакта да жок
болчу. Аны кандайча качырып
жиберишкенине өздөрү түшүнбөй
жатышты. Эшик-терезелердин
бардыгы тордолуу, сыртка чыкчу
эшик кайтарылууда, ар бир бөлмө
көзөмөлдө болчу. Бирөөсү дароо
эле "сотовый" телефону менен
кандайдыр бир жакка телефон
чалды. Көп өтпөй эле ак мерседес
машине саунанын короосунун
ичине кирип ичинен жабылыша
беш-алты киши чыгышты.
- Эмне, бирөөнү качырып
жибердиңерби, кимиси качып
кетти?
- Диана деген кыргыз кыз…
Бардыгы жабылыша саунаны
айлана издей башташты. Бирөөсү
саунанын туалетинин терезесинен
төмөн карай сүрүлгөн кадын тагын
көрдү. Айнеги ордунда болчу.
Терезедеги мык анын бир жерин
тилип кеткени билинип турду. Кан
бир топ эле агыптыр. Кандын изи
менен кууп жүрүп отурушту. Көчөгө
чыгышып бир чакырымдай жерге
чейин барып кандын изи жоголуп
кетти, же машинеге отурганы же
каны токтоп калганы белгисиз.
Саунанын сыртындагы беш-алты
киши өздөрүнчө дүрбөлөң түшүп
калышты. Ошол маалда чет элдик
кишилер саунадан чыгыша ары
жактан келип токтогон машинеге
отуруп жатышкан болчу. Бардыгы
тең кызуу болушчу, алардан
сураганда биз эч нерсе билбейбиз
дегендей ийиндерин күйшөштү.
Бир түнгө акчасын эки-үч эселеп
төлөп беришкен, алар үчүн бул
окуянын ысык суугу деле жок
болчу.
ЖАЗА
Заматта, көз ачып жумганчалык
убакытта саунага беш-алты чет
элдик машинелер жыйылып калды.
Ар бир машинеде үчтөн-төрттөн
киши бар экен. Сауна жетекчиси
бардыгын чогултуп алып катуу
тапшырма берип жатты.
- Кыскасы мындай, саунадан бир
кызыбыз качып кетти. Болгондо да
туалеттин терезесинен чыгып
качып кетиптир. Ага ким жардам
бергени белгисиз, аны шашпай
разбирать этебиз. Ал Диана деген
кыргыз кыз, мынакей сүрөтү
жакшылап карап, таанып, эсиңерге
түйүп алгыла. Компьютер менен
көбөйтүп, ар бириңерде болсун бул
сүрөт. Кандай да болсо аны
тапкыла, асмандын алты кабат,
жердин жети кабат түбүнө кирсе да
табасыңар уктуңарбы. Ташкенден
сыртка чыгарбагыла же тирүүлөй
же өлүгүн алып келип колума
тапшырасыңар. Мунүчүн биз керт
башыбыз менен жооп бери
калабыз. Бир да кыз бизден
качпашы керек болчу, качты,
демек, өзүнө-өзү жаза тиледи.
Чачын коё берген, оң жак
жаагында калы бар, өзүңөр деле
сүрөтүнөн байкаган чыгарсыңар.
Мини гүлдүү юбка кийген,
возможно көйнөгүнүн бир жери да
айрылса керек. Автовокзалдарды,
метро, кафелерди, парктарды,
аэропорт, кыскасы эч нерсесин
калтырбай издегиле, ар бир
отделдеги өзүбүздүн
милицияларыбыз менен да
байланышкыла. Аябай кыраакы
болгула, ал бөлөкчө кийинип,
причесткасын өзгөртүп, көзүнө
очки тагынып алышы да мүмкүн.
Каршылык көрсөтүп же кыйкыра
турган болсо дароо жаагын жап
кылгыла анын. Керек болсо
өлтүрүп да салгыла, андай
кыздардын жүзүн таап алабыз,
биздин эч нерсебиз коробойт, как
говорится не жарко не холодно.
Кыскасы ал Ташкенден чыгып
кетпегендей болсун, түшүндүңөрбү
баарыңар? Кыдыракей турушкан
жигиттер түшүндүк дегендей
баштарын ийкешти. Андай болсо
төрт-бештен болуп беш-алты
топко бөлүнгүлө, силердин бүгүн
кечке негизги кызматыңар эле
ушул. Ташкенден сыртка кетип
аткан самолёт, поезд, автобус,
жеңил машиналардын ичтерин
дагы жакшылап карагыла, сыртка
чыгарып качырып жибербегиле.
Сүрөтүн ббериөзүбүздүн ГАИ
инспекторлору менен да
байланышкыла. Кыскасы аябай
кыраакы болгула, бул үчүн биз
ичип аткан ашыбыздан айрылып,
жумушсуз калабыз. Давай анда
дароо жөнөгүлө.
Топтошуп турушкан жигиттер
дароо машинелерине отурушту да
от алдырыша заматта туш-туш
жакка чачыраша жок болуп
кетишти. Сыягы алардын ар
бирини өздөрүнө тиешелүү
райондору, аймак-кварталдары
бар окшойт.
Буларга буйрук бери кырдаалды
түшүндүргөн алиги саунанын ээси
артына эки кишини ээрчитип алып
берки бөлмөдө камалып турушкан
кыздарга келди. Түнү менен
ичкендики, уктабагандыкы көздөрү
киртийип, кыйналышып араң эле
турушкан болчу. Төртөөнү тең
чечиндирип, дырдай жылаңач
кылып тизип коюшту да суракка
ала баштады.
- Кана, өзүңөр признавайт эткиле,
баары бир билип алам, кимиңер
качырдыңар тиги шлюханы.
Чыныңарды айткыла, ал каякка
кетти? - Саунанын жетекчиси ар
биринин көзүнө тике карай сынап
жатты. Биринен сала бири "мен
билбейм мас болчумун" деп
кутулуп кетип жатышты. Алиги
киши Замирага келип сынап көпкө
көзүнө тике карады.
- Балким сен билип жүрбө?
Замира да тигилерге кошулуп
алардын айтканын кайталады.
- Билбейм, аябай мас болуп
калгам…
Алиги кишинин ачуусу чекесине
чыкты.
- Сен билбесең, сен билбесең, сен
да билбесең анан ким билет. Ал
өзүнөн өзү эле сыйкырчы болуп
аба аркылуу учуп кеттиби?
Эшиктердин баары кайтарууда.
Между прочим, ал буу болуп аба
аркылуу учуп кеткен жок. Ага
араңардан бирөөңөр
жардамдаштыңар. Туалеттин
айнегин алып терезе аркылуу
сыртка чыгарып жибердиңер да
кайра ичинен айнекти салып
койдуңар. Анын бир жери мыкка
тилинип кан агып артына из
калтырып кетиптир. Кана
чыныңарды айткыла, өзүңөр
признавайт этип чыныңарды
айтсаңар күнөөңөрдү
жеңилдетебиз, айтпайсыңарбы,
бардыгыңарга тең азыр көрбөгөн
кордукту көрсөтөм. Мупмуздак,
асты-үстү, туш тарабы бардыгы
цемент камерага ачка тамак
бердирбей жыпжылаңач
баарыңарды каматып таштайм, так
что давай признавайтесь. Анын
каяк жакка, түнкү саат канчаларда
качып кеткенин айтып бергиле,
анан баарыңар бошсуңар. Тигил
жатаканадагы бөлмөңөргө барып,
ак шейшепке оронуп эс аласыңар.
Көзүңөрдөн аябай чарчаганыңар
билинип турат. Айткыла дагы
жолуңарга түшкүлө, болгула ылдам,
силерди күтүп атам!..
Төртөө тең колдору менен
абийирлерин жабыша унчукпай
туруп беришти. Беш мүнөттөй
күтүп эч кимисинин оозунан сөз
чыкпагандыктан сауна ээси
кабагын карыш түйө жанындагы
далдайган жигитке бир нерсе деп
акырын айтты эле ал сыртка
чыгып кетип бир аздан кийи
талдардын узун чыбыгын алып
келди. Чыбыкты ийип колуна
кармай дагы бир жолу эскертип
өттү.
- Кана, айтасыңарбы же
баарыңарды чыбык менен
сабайыбы азыр?..
- Чыныбызды айтып жатабыз, биз
эч нерсе билбейбиз, мас болчубуз…
- Ошондой де, демек мас болчубуз
дегилечи… анда ары карагыла
баарыңар тең болгула, кругом!
Анын кыйкырыгына төртөө тең
баш ийише ары дубал жакка
бурулуша бир катар тизилише
далыларын көрсөтүшүп туруп
калышты.
- Эңкейгиле!
Төртөө тең эңкейише колдорун
дубалга коюшту. Алиги киши
ачууланып, ызырына колундагы
чыбыгы менен болгон күчүнө
салып алардын жылаңач денелерин
сабай баштады. Чыбык далыларыа,
көчүктөрүнө тийгенде,
денелеринде кадимкидей
канталаган издер калып жатты.
Чыбыктын уусуна чыдай алышпай
кыздар онтошуп, кээ бирлери
чыдай алышпай ыйлап да
жиберишти.
- Кандай экен жакшы бекенби, эми
айтасыңарбы же дагы сабайынбы?
- Чыныбызды айтып жатабыз,
байкебай сабай көрбөгүлө!
- Силерге али жете элек, кана, ме
буларды проучит этчи - алиги киши
жанындагы далдайган жигитке тал
чыбыкты берди эле ал да
кыздарды өкүртүп-бакыртып сабап
кирди. Анын сабаганы мунукунан
да катуу, ачуу, аябай уулуу болду.
Чыбыктын катуу соккусуна чыдай
алышпай денелерин жыйрыша
туйлап жиберип жатышты. Үчөөнүн
көздөрүнөн мөлт-мөлт этип жаш
кетти. Сауна ээси унчукпай четте
турган Замирага басып келди.
- Балким сен аны качырып жүрбө
ыя, канча калса да жердеш, бир
улуттан, кыргызсың го?
- Мен эч нерсе билбейм мас
болчумун.
- Жок сен билесиң, билгенде да эң
жакшы билесиң, туалеттеги
айнекти алып, кайра ордуа салып
койгон да сенсиң. Айтасың,
айтпачу болсоң өз убалың өзүңө.
- Мен аябай мас болуп калгам…
- Демек мас болуп калгам дечи, эң
жакшы, - тигил чыбык кармап
турган жигитке кайрылды, - анда
уланта бер.
Алиги жигит чыбык менен өзүнүн
алаканын бир аз чапкылап турду
да керилип туруп болгон күчү
менен Замираны далыга чаап
калды. Катуу соккуга ал денесин
бир аз жыйрылта катуу бир онтоп
алды. Акырындап кан сызылып ага
баштады. Катуу тийген чыбыктын
соккусу денесин тилип кеткен
болчу. Замиранын башы айланып
эсин жоготуп баратты. Аны
үстөккө-босток тындырбай сабап
кирди эле ары жакта турган
кыздардын бирөөсү чыдай албай
кыйкырып жиберди.
- Токтогула, аны мен көргөм,
айтып берем!
Бардыгы бир ордунда селейише
аны таңгала карап калышты. Сауна
кожоюну анын жанына басып
келди.
- Кана айтпайсыңбы эмне туруп
калдың унчукпай?
- Ооба аларды мен көргөм. Түнкү
саат үч чендерде аябай мас болуп
калгам. Диана бир иностранец
менен көз ымдашып шыбырашып
атышкан, анан экөө ордуларынан
турушуп туалет жакка басып
кетишкен, жигит кайра келип бизге
кошулду, ал эми Диана болсо ошол
боюнча кайтып келген жок. Мен
ойлогом Диана бир жерге мас
болуп жатып калды го деп. Көрсө,
алиги иностранец жигит аны
качырып жиберген турбайбы…
Бардыгы унчукпай туруп калышты.
Мени көрсөтүп, айтып салат го деп
жүрөгү түшүп турган Замиранын
кичине "өх" деп жүрөгү ордуна
келгенсиди. Саунанын ээси көзүнө
тике сынай карады.
- Чыныңды айтып жатасыңбы же…
- Мен болгону көргөнүмдү эле,
эстеп калганымды эле айтып
жатам, андан кийин мас болуп
калдым, калганы эсимде жок.
Саунанын ээси оор үшкүрүнүп
алды.
- Болуптур, бар кийингиле, - анан
жанындагы жигитке кайрылды, -
буларды кийиндирип алып кет.
Балким кечинде кайра алып
келишибиз мүмкүн бул жакка. Ары
жактагы бөлмөдө кийинип
жатканда Замира алиги жооп ойлоп
тапкан кызга кайрылды.
- Сага чоң ырахмат, болбосо алар
мени соо коюшмак эмес.
ЭЭН ҮЙЛӨРДҮН КОЖОЮНДАРЫ
Түнү менен чоң темир түтүктүн
ичине жашынып алып түнөп
чыккан Диана айланага жарык
кирип, көчөдө кыймыл
башталганда ордунан туруп сыртка
чыкты. Түндөгү ичкендикиби башы
зыңылдап, сынып кетчүдөй болуп
ооруп атты. Мончонун терезесинен
сыйгаланып түшүп келатканда
чыгып турган мыктын учу
балтырына илинип тилип кеткен
болчу. Катуу чочулап качып
келаткангабы, түндө анча билинген
эмес, азыр сыздап, жанын жеп
ооруп жатты. Алиги мыкка
айрылып кеткен көйнөгүн ууштай
кармап, сыртка чыкты. Калаанын
бул жери курулуш иши башталып
ошол боюнча токтоп калгандыктан
эл азыраак ээнирээк экен. "Эмне
кылышым керек, кантип акча таап
эч кимге билгизбей Ташкенден
Кыргызстанга качып кетем. Жок,
экинчи Бишкек жакка барбайм, ал
жакты желкемдин чуңкуру гана
көрсүн. Өзүмдүн Токмогума эле
кетем кайра. Бишкекке келем деп
эмне жыргалды көрдүм, аз жерден
өзүмдүн келечегиме балта чаап ала
жаздадым. Качаарын го эптеп
качып чыктым, эми кайра кантип
жетем Кыргызстанга. Автовокзалга
барсам кайра кармап алышат,
темир жол вокзалынан деле пайда
жок, тигилердин кишилери
шимшилеп жүрүшөт. Ал эми
аэропорт жактан үмүтүмдү үзүп
эле койгонум оң, самолётко
түшкөндөй акчам деле жок, баары
бир бул жактан болбосо да
Бишкектин аэропортунан мени
кармап алышат. Эми кармалсам
өлдүм дей бер, мени жөн гана
өлтүрүп коюшат. Тигил Бишкек
жактан бул жакка жөнөөрдө катуу
эскертишпеди беле "качуу деген
оюңда да болбосун, анда эле
ишиңдин бүткөнү дей бер, сени
жөн гана өлтүрүп, көзүңдү тазалап
коюшат" деп. Алардын колдоруа
түшкөндөн көрө өлгөнүм эле
артык. Колдон келсе колго
түшпөгөнгө аракеттенишим керек.
Эми түрмөгө кайра барганча тиги
дүйнөгө кеткеним артык. Тирүүлөй
тозокко түшкөнчө тиги дүйнөнүн
тозогуна барганым оң… Та-ак,
эмне кылышым керек, акчаны
кайдан табам, кимден сурайм. Жок
дегенде бул жакта тааныштар
болгондо эмне. Үйдөгүлөр менен
телефон аркылуу байланышсамчы?
Ага да баары бир акча керек да.
Бул айрылган көйнөгүмдөн башка
эч нерсем жок, бир нерсем, шакек-
сөйкөлөрүм болгондо арзан баага
өткөрүп жиберип ошонун акчасы
менен кетип калат элем".
Ал ошол күнү кечке курулуп бүтпөй
калган көп кабаттуу ээн үйдөн
сыртка чыккан жок. Чыкса эле
дароо кармап алчудай туюлуп
жатты. Тилекке жараша бул жакка
эч ким деле басып келбейт экен.
Күндүзү түшкө маал балдар
келишип, биринчи кабатына
ойношуп, анан кайра кетип
калышты. Кайрадан айланага
күүгүм киргенде үстүнкү кабатына
көтөрүлүп барып, кичинекей
бөлмөгө кирди да ошол жерге
уктамай болду. Күндүзү
бөлмөлөрдү кыдырып картон кагаз
чогултуп койгон ошолорду астына
калың кылып төшөп, узунунан
кеткен картонду үстүнө жаап алды.
Бул кичине бөлмөнүн терезелери
жок болгондуктан жакшы жери жер
аңылдап үйлөбөйт экен.Ошентсе
да үшүп атты. Акырындап
курсагынын ачканы да билине
баштады. "Ызы-чуу түшүшө азыр
мени издеп жүрүшөт го. Ушул
боюнча кармалбай кетсем кандай
гана жакшы болот эле". Өткөн түнү
уктабагандыкы акырындап
бүрүшүп жаткан боюнча көзү
илинип кетти.
Бака-шака чыккан үндөн чочуп
ойгонду, балдар экен. Бирөөсү
Диана жаткан эшикти ачып ийип
таңгала карап туруп калды. Бир
аздан кийин ары жактан да балдар
чуркап келишип жалдырай карап
калышты. Кара чач, сары чач ар
кайсы улуттагы балдар экен.
Өңдөрүнөн бир нерсе болсо эле
качканга даяр турушканы билинип
турду. Кантсе да буларды
чочутпаш керек болчу. Жалдырай
карап турушкандардын улуурагы
унчукту.
- Кто вы?
Татынакай, өңү-башы келишкен
келбеттүү сулуу кыздын
картондордун арасында жатканына
бардыгы таңгала карап турушту.
Мындай караганда көрүнгөн жерге
конуп-түнөп жүргөн селсаяк
адамдарга эч окшобойт болчу.
Диана тигилердин суроосуна жооп
бергендин ордуна кайра жегенге
бир нерсе сурап кайрылды.
- Ребята, дайте хлеб, есть хочу…?
Тигилер ого бетер таңгалыша
бири-бирин карап калышты. Анан
бирөөсү ары карай чуркап кетти.
- Я сейчас принесу хлеб.
Ал көп өтпөй эле кайдан-жайдан
тапканы белгисиз жарым бөлкө нан
алып келе койду. Бир жарым
суткадан бери оозуна наар
албагандыктан бөлкөнү ала коюп
жанталаша жеп кирди. Тигилер
Диананы нан жеп бүткөнчө
жалдырай карап турушту.
- Воды принести?
- Ага.
Алиги бала кайрадан чуркап кетип
бөтөлкөгө суу алып келе койду. Суу
ичип бүткө соң улуураагы кайрадан
суроо берди.
- Теперь скажите, кто вы?
КОРКУНУЧ АЛЫП КЕЛГЕН АДАМДАР
Диана аларга эмне жооп айтары
билбей шашып калды, кандай
болсо да балдарды ишендире
турган жооп табыш керек болчу.
Кимдир бирөөлөрдөн качып өз
жергесине кете албай жүргөнүн
айтты, бул жөнүндө эч кимге ооз
ачпоолорун суранды. Ал жаш
секелек балдар менен достошуп ар
биринен эч кимге айтпайм деген
сөз алып, ийне-жип алдырып
келип, айрылган көйнөгүн
билгизбей тигип алды. Курулуп
бүтпөй токтоп калган ээн үйдө
Диана дээрлик беш күндөй
жашады. Балдар кезек менен ал
жерге үйлөрүнөн тамак алып келип
бери турушту. Бул жерге көпкө
деле пашпаанек кылып турууга
мүмкүн эмес эле. Анткени аны
секелек балдардын бирөөсү
болбосо бирөөсү эне-атасына
кокусунан айтып коюшу мүмкүн
болчу.
Алтынчы күнү таң атпай ошол
курулуп бүтө элек үйлөрдүн
короосунун ичине кандайдыр чет
элдик машиненин келип
токтогонун көрдү. Бешинчи
кабаттын айнек салынбаган
терезесинен акырын шыкаалап,
төмөн жактагыларды акмалай
баштады. Машинеден беш-алты
киши чыгып курулуп бүтпөгөн көп
кабаттуу үйлөрдү көрсөтүшө, өз
ара бир нерселерди сүйлөшүп
жатышты. Үйдү курчай алтоосу
алты жакка чачырашып Диана
жашынып турган үйгө кадам
ташташты. Бирөөсү машиненин
жанында калып "сотовый" телефон
аркылуу кимдир бирөө менен
сүйлөшүп жатты. Алардын
кыймыл-аракетин, түрлөрүн көрүп
Диананын жүрөгү алкымына
тыгылды. Алиги саунадагы
көзөмөлчүлөрдөн эч айырмалары
жок болчу. Экөөсү үйдүн ичине
киришип, калгандары сыртта эки
жакка көзөмөл кылып калышты.
"Точно ошолор…" - Диана эмне
кылаарын билбей шаштысы кете
түштү. Үйдүн арты менен качып
кеткенге мүмкүнчүлүк бар бекенби
дегендей ары жактагы бөлмөгө
өтүп, терезеден акырын төмөн
жакка көз жүгүрттү. Ал жакта да
бирөөсү туруптур. "Шайтан
алгырдыкы десе эми эмне кылам?,
точно эле ошолор экен. Бул жактан
качып чыга албай калдым окшойт.
Кармалсам өлдүм. Жо-жок, буларга
кармалгандан көрө терезеден
боюмду таштайм".
Экөөсү биринчи кабаттын ар бир
бөлмөсүн эч нерсеси калтырбай
текшерип жүрүштү. Үй-жайы жок
селсаяктар кез-кез бул ээн үйгө
келе калып түнөп кетишчү, ошолор
жатка жерлерди көрдү. Анан
экинчи кабатка көтөрүлүштү. Бул
жер мышыктардын да мекени
болчу, анда-санда мяулап чыга
калышкан мышыктардан чочуп
кетишип дабыш чыккан жакка жалт
карашты. Он мүнөттө экинчи
кабатын текшерип бүтүшүп үчүнчү
кабатына көтөрүлүштү.
Өзүнө жакындап келатышкан
душмандарын сезе Диана
коргонгонго бир нерсе сезди.
Балдар ойноп таштап кетишкенби
же курулушчулардан калдыбы
узундугу бир кулачтай келген учу
шиш темир таап алды. Тигилерге
байкатпай кол салып, эгер байкап
калышса ушул шиш казык менен
жанына жолотпой коргоном деп
ойлоду. Башка айла жок эле. Өзүн
коргой, калкалай турган эч ким
болбогондуктан өзүнө-өзү ишенип,
бир чечимге келиш керек болчу. Эң
акыркы чечим айла кеткеде
бешинчи кабаттан боюн таштамак.
Ылдый жактан кез-кез кобурашкан
үндөр кулагына угулуп атты. Ал
үндөр улам жакындаган сайын
алардан качып, алыстап, үстүңкү
кабатка көтөрүлө берди. Экөө
тогуз кабаттуу үйдү текшерип
чыгышканча бир топ убакыт өтмөк.
Алардын артынан дагы эки адам
кирди.
Улам өйдөлөп кача баргенде
акыркы кабатка жетип акыры эч
жакка кете албай баары бир колго
түшүп бермек. Диана башка нерсе
ойлоп тапты. Бөлмөлөрдү
кыдырып тигилер башка жакта
жүргөндө, төмөн карай "ойт" бери
кетүүнү чечти. Али бүтө элек
тепкичтер менен төмөн
жактагылардын дабышын тыңшап
турду. Алардын дабыштары
жакындаганда шып этип ууру
мышыкча кичине бөлмөгө кирип
кетти да бекинип калды.
- Сен тигил жакты текшерип чык,
мен бул үйдү карап чыгайын, -
жетичи кабатка көтөрүлүп
келишкен эки адам экиге бөлүнүшө
эки жакка кетишти. Алардын
дабыштары чыкпай калганда "лып"
эте бөлмөдөн атып чыкты да
тепкичтер менен дабыш билгизбей
төмөн карай чуркап кетти.
Алдынан чыга калып кармап
калчудай болуп жүрөгү лакылдап
өтө эле сактык менен дабыш
угулбайбы дегендей токтой тыңшай
калып, төмөн көздөй түшүп
келатты. Кокусунан эки адамдын
сүйлөшкөн сөздөрү чукул эле
жерден чыкты.
- Бул кабатты текшеришти беле?
- Менимче текшеришсе керек,
ошентсе да бир сыйра көз
жүгүртүп коёлу.
Диана дароо ордуна каткан
казыктай болуп туруп калды. Алиги
сүйлөшкөн сөздөр алыстап
кеткенде тепкичтер менен кайра
төмөн карай бутунун учу менен
желе дабыш чыгарбай чуркап
жөнөдү. Экинчи кабатка жеткенде
бирөө желкесинен кармагандай
дароо тып токтоду. Биринчи
кабаттын эшигинин алдында бирөө
"сотовый" телефон аркылуу
кимдир бирөө менен сүйлөшүп
жатыптыр. Анын сөздөрү даана
угулуп жатты бул жакка.
- Ооба, биздин адамдар ар бир
кабатын, ар бир бөлмөсүн эч
нерсесин калтырбай текшерип
жатышат… Албетте, аны сыртка
качып чыкканга мүмкүнчүлүк
бербейбиз. Эгерде чын эле бул
үйдө болсо жердин жети
катмарына кирип жашынып калса
да таап алабыз… Ооба, үйдүн
сыртын да кайтарып турушат, ал
жактан чыгып кете албайт… Сөзсүз
да, дагы бир сыйрадан
текшерттирип чыгам. Эгер бул
үйдө жашынып жүргөн болсо
сөзсүз кармайбыз. Жок болсо ушу
сыяктуу башка ээн үйлөргө
барабыз, ал Ташкенден сыртка
качып кете элек, азырынча бул
жакта эле, сто процент гарантия
бере алам. Анткени чет жакаларды
катуу көзөмөлгө алып атабыз.
Хорошо, хорошо, ладна…
Диана артка кетенчиктеди. Кайра
үстүнө көтөрүлгөнгө мүмкүн эмес
болчу. Босогодо сүйлөшүп жаткан
киши сыртка чыгып машине жакка
басып кетти. Үстү жактан басып
келатышкан дабыштарды уга коюп
жакынкы бөлмөгө кире качты. Бир
кезде дабыш тымтырс болуп
калды. Короодо тээ алыс жакта
сүйлөшүп аткандары угулуп жатты.
"Демек, точно эле ошолор экен да.
Менин бул жакта экенимди билип
калышып, атайын издеп келишти
болду бекенби же жөн гана бул
жакты издеп чыгышканбы. Балким
тигил эселек балдар айтып
коюулары мүмкүн беле кимдир
бирөөлөргө? Ким билет? Бирок
менин оюмча ээн үйдү жөн эле
текшерип жүрүшсө керек. Анткени
бул жакта жок болсо башка ээн
үйлөрдү да текшеребиз деп
айтпадыбы тигил телефон менен
сүйлөшкөнү. Ээ Кудайым
кармалбасам экен… Кой тигилер
келип калыша электе подвалга
түшүп кетейин". Диана акырын
сыртка баш бакты да эч кимдин
жок экенин биле тепкич менен
үйдүн эң алдыңкы жер төлөөсүнө
кирип кетти. Бул жак үстүнкү
кабатка салыштырмалуу кичине
караңгыраак болчу. "Баары бир
мени кармап алышат, таап алышат.
Эмне кылсам?" башын ылдый кыла
ойлонуп туруп калды. Так эле бет
маңдайында жаткан чала жабылган
темсир люктун капкагыа көзү
уруна түштү. Эки жакты бир сыйра
карап алып ага дароо жетип барды
да колундагы шиш казыгы менен
болгон күчүнө салып ары карай
жылдыра баштады. Бир киши
баткандай кылып жылдырып ичине
көз жүгүрттү. Төмөн жагы кенен
анан эч нерсе көрүнбөгөн караңгы
экен. Ылдый карай түшкөн темир
тепкичти көрө коюп, дароо ичине
кирди да мурункудай кылып чала
жаап койду. Анан тепкич менен
төмөн карай түшүп кетти.
Тереңдиги беш-алты метрдей экен,
таманы жерге тийгенде гана тээ
жогору жагына көз жүгүрттү. Чала
жабылган капкактан анча-мынча
жарык кирип турат. Төмөн жак
капкараңгы, эч нерсе көрүнбөйт.
Чыйылдаган үндөргө кулак төшөй
аз-аз жерден бакырып жибере
жаздады. Келемиштердин ары-
бери чуркап жүргөнүн кадимкидей
сезип жатты. Жылаңайлак
буттарын тиштеп жиберип, кайра
алыстап кетишүүдө. Аларды "кыш-
кыш" деп кубалап, өзүн араң
кармап турду. Буларга карагада
тигил жактын душмандары
коркунучтураак болчу.
Арадан жарым саат өтүп өтпөй
жогору жактан адамдардын
сүйлөшкөн сөздөрү угула баштады.
- Үстүн бүт текшерип чыктыңарбы?
- Ооба, бир эмес эки-үч сыйра
текшердик. Эч кандай шек-шыбаа
жок… Подвалда деле эч ким
жашабаса керек, карачы муздак
бул жак аябай.
- Бул люктун ичин карадыңарбы?
Диананын жүрөгү оозуна кептелди,
азыр ачат дагы мени кармап
алышат деп ойлоду.
- Жана караганбыз, даже ичине
түшүп текшергенбиз, крысалардан
башка эч нерсе жок. Ал жакка
түшсөң крысага таланып
өлчүдөйсүң…
- Анан эмне оозу чала жабылып
турат?
- Жана толук жаппай кеткем…
- Ошентсе да дагы бир сыйра
кирип текшерип чык.
- Кирсең өзүң кир, мен кирбейм,
жана крысаларга таланып өлүп
кала жаздадым.
- Ну ладна, кеттик анда, сыягы бул
жакка ал келбесе керек.
- Точно.
Кобурашкан үндөр улам алыстап
отуруп угулбай калды. Бир аздан
кийин машиненин от алган үнү
чыгып, акырындап алыстап кетти.
Эртеден бери келемиштерге ар
кайсы жерлерин тиштетип араң
чыдап турган Диана дароо темир
тепкичтер менен жогору көтөрүлдү.
Далысында жабышып жүргөн
келемиштерди колу менен силкип
кагып таштады. Капкакка
жакындап келип бир аз эсин
жыйып турду да, балким калп эле
кетимиш болуп аңдып турушпасы
деп демин ичине ала сырт жакка
кулак төшөдү. Жымжырт, тымтырс.
Кез-кез гана тээ алыстан
кишилердин, машинелердин үндөрү
угулуп атты. Колун жогору көтөрүп,
болгон күчү менен чымыркаып
капкакты ары көздөй жылдырды
да үстүнө көтөрүлүп чыгып
шалдайып отуруп калды. Анан
башын созуп люктун ичин төмөн
жакты карады. Чоң эрдик
көрсөткөндөй эмнегедир өзүнөн
өзү күлкүсү келе баштады. "Тобо,
келемиштер жыбыраган ушундай
караңгы жерге башымдан ылдый
алтын куям десе да даап түшө
албайт элем".
КАЧУУ
Диана Ташкентке келгени бир
аптадай катуу кыйналды. Анткеи
аларды күндүзү кечке үй түрмөдө
камашып, түнкүсүн болсо көрүнгөн
эркектердин коюндарына салып
беришет. Көзөмөлчүлөр кыздарды
качага соодалап жатышканын эч
кимиси билишпейт. Бөлмөдө чогуу
жатышкан кыздар менен
таанышып чыкты. Ача чоң эмес
бөлмөдө жатышкан төрт кыз
адегенде сүйлөшүшчү эмес,
сүйлөшкөнгө убактылары да жок
болчу, түнү менен катуу кыйналып
чарчап келгендики кроватка
баштары тийери менен эле сулк
жыгылышчу. Анын үстүнө көпчүлүк
учурда ичип келишчү, кээде
туалетке барып кусушуп, баштары
ооруп катуу кыйналышчу.
- Мынчалык деңгээлде ичпей эле
койбойсуңарбы, өзүңөрдү өзүңөр
кыйнап… - бир жолу ооруп жаткан
кыздарга ушинтип кайрылган
Диана.
- Кантип ичпей коёсуң тигилер
кыйнап жатышса. Ичпей моюн
толгой берсең көзөмөлчүлөргө
айтып коюшат, аны өз көзүң менен
көрдүң го өткөн жолу жаңы келген
кызды кандай сабашканын. Ал
ошол боюнча дайыны чыкпай
калды, өлтүрүп коюшту болуш
керек же Бишкекке алып кетишти.
Аны тигил жактан кайрадан
перевоспитывайт этишет.
- Бул жактан качан кетебиз,
кыйналып ушунчалык тажап
баратам…, - Диананын сөзүн
жанында турган уйгур кыз бөлүп
кетти.
- Бул жактан кеткенде эле
жыргайм деп ойлоп жатасыңбы.
Баары бир кайра эле Алма-Ата,
Душанбе, Ашхабад, Россиянын ар
кайсы жерлерине алып кетишет.
Көрбөгөн кордуктун баарын ошол
жактан көрөсүң. Кээде жалгыз
өзүңдү беш кишиге бир түнгө
сатып жиберет. Алар сени аяшмак
беле, тем более акча төлөп
жатышса. Бир же эки эркек менен
болгон эч нерсе эмес, чыдасаң
болот, ал эми жанагыдай беш-алты
эркекке салып берчү болсо мына
кордукту ошондо көрөсүң. Керек
болсо тияк жактарын жалаттырып
оозуңа салдыртып мажбурлайт.
Чоң суммадагы акча төлөп
жатышкандан кийин өз
билгендерин жасашат. Макул
болбосоң сабап, тепкилешет.
Аларга ушундай улуксаат берилген.
Бөлмөдө Диана өзүн кошкондо
төрт кыз жатышчу. Бирөөсү уйгур,
экинчиси тажик, үчүнчүсү болго
кыргыз, жердиги Таластык, аты
Замира экен. Айтып отурушса
үчөөнүн кандайча биякка келип
түшүп калган тагдыры үч башка
болуп чыкты.
- Мен бул жакка кандайча келип
калганыма өзүмдүн да башым
жетпейт, - Замира башынан
өткөнүн айтып кирди. Чогуу жүргөн
жигиттерим эле сатып коюшту
мени. Туулган күндөн үч жигит эки
кыз болуп түнкү саат экилерде
чыкканбыз, баарыбыз тең кызуу
болчубуз. Жеңил машине менен
кетип баратканбыз, мени үйгө
жеткиришмек, анан өздөрү
кетишмек. Мединститут жакта үч
кыз болуп квартирада турчумун.
Жолдон дагы бейтааныш эки жигит
кошулушту. Алардын да чет элдик
жеңил машинелери бар экен. Бир
жерге токтоп дагы вино, арак
ичтик. Мас болуп уктап калдымбы,
же тигилер ичкиликке бир нерсе
кошуп коюшканбы билбейм, айтор
эс-учумду билбей уктап
калыптырмын. Ойгонсом эле
чоочун бөлмөдө уктап жатам,
жанымда эч ким жок. Туруп сыртка
чыгайын десем сыртымдан
бекитип коюшуптур, көрсө Марат
Исабековдун менчик түрмөсүнө
алып келишиптир. Сыягы алар
мени акчага сатып жиберишти
окшойт. Алар шаар ичин
кыдырышып, сулуу кыздарды
издешип, кароолго илинишкен жаш,
сулуу кыздар болсо, көпкө чейин
сыртынан акмалап жүрүшүп,
кандай жол менен болсо да
өздөрүнүн кылтактарына илишет
экен. Бүттү кылтакка илингенден
кийин ал жактан бошонуп чыгууга
өтө кыйын. Мына мен бул жакка
келгениме дээрлик бир жылга
чукулдап бара жатат, менин кыз
сапатымдын эмнеси калды.
Канчалаган гана эркектер менен
болдум, канчаларынын
уйпаландысына калдым,
канчаларынан тепки жедим, токмок
көрбөдүм. Мен көргөн кордуктун
сен чекесин да көрө элексиң.
Мурун кордукка чыдай албай күндө
көз жашымды көлдөтчүмүн, өлгүм
келчү, мени куткара көр деп
Кудайдан жалынып жардам
сурачумун. Адам көнбөгөн эч нерсе
жок экен, мына бара-бара көнүп,
бышып, бардыгына моюн сунуп
берүүгө туура келди. Кимдир
бирөөлөр келип куткарып кетчүдөй
үмүт менен жашап жатам. Менин
жашоом али алдыда, бул жашоодон
эч нерсе көрө элекмин кордуктан
башка. Мен быйыл он тогузга
чыгам, он гүлүмдүн бир гүлү али
ачыла элек, канчалардын гана
тебелендиси болбодум. Мындан
көрөкчө көчөдө өз денесин саткан
сойку болгонум жакшы болчу, зато
алар эркин жүрүшөт. Кетем десе
каалаган учурларында кетип
калышат. Жок дегенде өз денесин
саткан акчасынын жарымын
алышат. Баса, эмне себептен
кыздар кээде топ-тобу менен
дайынсыз жок болуп кетишүүдө,
билесиңби? Алардын бардыгын
өлтүрүп, көздөрүн тазалаганга
мүмкүн эмес да, аларды чет
өлкөлөргө бай адамдарга сатып
жиберип жатышат…
- Буларды бийлик өкүлдөрү
кандайча билишпейт таңгалыштуу.
- Таңгала турган эч нерсе деле
жок, алар бардыгы өз ара чоң
мафия да. Булар менен сотуң да,
прокуроруң да, атүгүл
милицияларың да бүт байланышта.
Жада калса жөнөкөй эле
жергиликтүү участковый
милицияларды дагы колго алып
коюшкан. Ай сайын аларга
өздөрүнүн "ставкаларын" төлөп
турушат. Тигинтип бийлик өкүлдөрү
өздөрү көрмөксөн-билмексен
болуп, көз жаздымынан кетирип
жатышса булар кутуршпаганда
анан кимдер кутурушат. Буларга
бизден бир түндө эле элүү,
алтымыш миң прибыль түшүп
турат, аны бир айга эсепте, анан
бир жылдыкын эсепте канча
киреше болот. Чыгаша же банкрот
болуу деген дегеле болбойт.
Минтип отурушса булар
акырындап бардыгын өз
колдоруна алып отуруп,
мамлекеттик бийликти дагы
талашып калышпаса болду.
- Баса, башка жерлерде дагы
ушундай түрмөлөрү барбы?
- Азырынча жок, борбору
Бишкекте, башка өлкөлөрдө болсо
кичине мыа ушул сыяктуу
отделдери бар. Жашыруун түрмө
ачышкандан чочулап жатышат го
сыягы башка өлкөлөргө, бирок
бардык жерлер менен
байланыштары күчтүү. Кыргызстан
тынч, ошол себептен ачышса керек
жашыруун менчик түрмөнү. Марат
Исабековду башка өлкөлөрдөгү бай
кишилер да колдоп, көмөк
көрсөтүп турушат. Тигил башка
улуттагы кыздардын бардыгын
ошолор жөнөтүшкөн кыздар да.
Бул жашыруун уюм жөнүндө
биздин Президентибизге же
чыныгы Бийлик өкүлдөрүнө жетпей
жатпайбы, билсе чоң сенсация
болуп, булардын таш-талкандарын
чыгарышат эле. Азырынча мүмкүн
эмес, бирок балким жетип калабы
деп үмүттөнүп отурбайбызбы.
Ошол күнү беш кызды кеч кире
электе эле эрте алып кетишти.
Каякка алып кетишти эч кимиси
кызыгышкан деле жок. Анткени
өздөрү деле ошолордой болуп
каякка барышарын билишпейт
болчу. Бул түнү Диана баштаган
беш кызды кайрадан өткөн жолку
саунага алып келишти. Эки
аптанын ичинде бул саунага
Диананын экинчи жолу келиши.
Буга чейин дагы башка сауналарда,
кафе, бар, ресторандарда болуп,
бай адамдарды "камсыздандырып"
жүрдү.
Бул саунага келген сайын түн
ортосунда туалетине кирет да
терезедеги айнекти акмалайт.
Сауна башкалардан өзгөчө
жасалгандыктан бул жакка жалаң
чет элдиктер келишчү. Бул
жолкусунда да Германиядан
келишкен чет элдиктер бар экен.
Саунага кирген беш кызды тең бүт
сатып алышты. Алар кыздарды
жылуу кабыл алышты. Тизилип
турган кыздарга жылмая карашты.
- Неймен зи битте пляц, - дешип
алакандарын жайыша
алдыларындагы ичкиликтерден
куюп киришти, - тринкен зи
шнапс?
Кыздар эч ерсе түшүнүшкөн жок, -
Эншулдигинзе бите, шпрехен зи
дойч?
- Найн, найн - кыздардын бирөөсү
аларга анча-мынча жооп бергенсип
жатты. Немецтер өздөрүн өтө
сылык, джентельмен жигиттердей
алып жүрүштү, кыздар да
тартынбай иче беришти. Бардыгы
кызып калышкан болчу, бир эркек
бир кыз болуп эки экиден жуп
болуша саунага кирип чыгышып
кайрадан столду тегеректеп
отурушууда. Кайра-кайра арак
ичип атышып, эркектердин бир
тобу кызып калышты.
Түнкү саат экиден өтүп үчкө
чукулдап калганда ар кимиси
өздөрү менен өздөрү болушуп
бака-шака түшө башташты. Ошо
маалда Диана акырын эч кимге
билгизбей ордунан туруп туалетти
көздөй жөнөдү. Өзү менен кошо эч
кимге билгизбей бычакты алып
алга болчу. Туалеттин эшигин
дароо жапты да ичинен илип алды.
Анан дароо эле жогору жакка
көтөрүлүп бычак менен терезенин
айнектериндеги мыктарды кайрып
чыгарып кирди. Мыктарын
чыгарып болуп, айнегин акырын
алды да жерге койду. Бир киши
кенен батчу аңырайып ачылып
калган терезеге тартынып чыга
баштады. Тартынып келатып кайра
түшүп кетип көпкө убараланды.
Каалганы болоор-болбос ачып
акырын сыртын тыңшады эле
тигилер өздөрүнчө кыздар менен
бака-шака түшүп жатышыптыр.
Кыздардын каткырган үнү угулат.
Кайра дароо эшикти жапты да
ичинен илди. Болгон күчү менен
тартынып терезеге жетти, башын
сыртка чыгарды. Төмөн карай
түшүү кыйын, ичине караганда бир
топ бийик экен. Терезеден сойлоп
өтүп, боюн, бүткүл денесин төмөн
карай таштады эле катуу цемент
жерге келип түштү. Көйнөгүн бир
нерсе илип айрып кетти, жерге
катуу түшкөндүктөн өзөрүп да
калды. Дем алалбай өпкөсү
куушурула бир топко жатты. Сауна
ичиндеги каткырган кыздардын
үнүн уга коюп эсине келе дароо
ордунан атып турду. Анан темир
торду секирип өтүп көчөгө чыкты
да эркин дем ала болгон күчү
менен бет алды чуркап жөнөдү.
САУНАДАГЫ ЫЗЫ-ЧУУ
Кыздар да чет элдиктер да
бардыгы тең кызып
калышкандыктан көзөмөлчүлөр
аларга анча деле көңүл бөлүшкөн
жок. Анын үстүнө саунага бири
кирип бири чыгып атып кыздарды
толуктаганга да мүмкүнчүлүк жок
болчу. Түн ортосунда качып кетет
деп эч ким ойлогон жок, эшиктер
болсо бекилүү, ар бир бөлмөдө
аларды үстүлөрүнөн карап
турушкан көзөмөлчүлөр бар.
Диананын байкатпай жок болуп
кеткенин эч кимиси таңазар
алышпады, Замира гана бир
нерсени сезди. Анын туалет жакка
кеткенин жалгыз гана ошол
байкаган, артынан барып туалетти
тартса ичинен илинүү экен, ичи
бурап, же кусуп атат экен деп
кайра ордуна келди. Арадан жарым
саат өткөндө "эмне болду?" деп
чыдай албай сары санаа болуп
кайра барды. Эшигин тартса
ичинен илинүү эле боюнча экен,
акырын тарсылдатып "Диана! " деп
үнүн жай чыгарды. Экинчи жолу
дагы тарсылдатып, "Диана" деп
чакырса ич жактан эч дабыш
чыккан жок, жымжырт. Диана өз
тамырын өзү кыйып, же асынып
өлүп калдыбы деген ага дароо эле
жаман ой кетти. Эшикти болгон
күчү менен булкуп, илгичин
сындырып, ичине кирип барды.
Ичинде эч ким жок экен, бурчта
турган төрт бурчтуу айнекти көрө
коюп, дароо терезе жакты карады.
Терезе аркылуу өткөнү дароо эле
билинип турат, анткени кандын
тактары бар экен. Замира дароо
эле айнекти ала коюп терезени
ордуна салып мыктарды кайрып
мурункудай кылып бекитип салды.
Кандарды билгизбей сүртүп,
туалеттин сынган илгичин жулуп
алып, раковинанын ичине салып
таштады. Анан билмексен боло
кайра ордуна келип тигилер менен
аралашып калды. Чет элдиктер бир
топ эле кызып калышкан болчу,
колдоруна тийген кыздарды эле
бассейнге сүйрөп кирип атышып,
ким бар ким жок анча маани да
беришкен жок. Жалгыз гана
Замира "эртерээк эч кимге
билинбей, кармалбай көздөн
кайым болуп кетсе экен" деп
Кудайдан тиленип жатты. Аракты
кайра-кайра ичип жаткан чет
элдиктердин бирөөсү диванга
кыйшайып жата үргүлөп кетти. Эч
ким шек алалбайт болчу, анткени
төртөө эки-экиден жуп болуп
калышты. Акырындап таң ата
баштаганда ого бетер тынчы кетти
"Ээ Кудайым ал кармалбаса экен…"
Эртең мененки саат сегиз
болгондо көзөмөлчүлөр өз
кыздарын алып кетишчү, анткени
кечки саат сегизден эртең мененки
саат сегизге чейин гана
соодалашат.
Сырттан көзөмөлчүлөрдүн экөөсү
кирип келишип кызуу болуп
отурушкан кыздарды түгөлдөй
башташты. Замира атайылап эч
нерсе билбеген, аябай мас болуп
калган киши болуп калды.
Төртөөнү катар отургузуп Диананы
издей башташты. Саунанын,
бассейинин, мончосун, туалетине,
эс алчу бөлмөлөрүн бүт
кыдырышып чыгышты. Аны эч
жерден таппай коюшту. Бирөөсү
бери кыздарга жүгүрүп келди да
кыйкырып бир тийди.
- Диана кайда?!
Замира аябай мас болгон эч
нерсени билбеген киши болуп
башын шылкыйта отура берди.
Көзөмөлчүлөр мас болуп калган
кыздарды улам бирден тургузушуп
жаакка чапкылап, сабап Диананы
сурай беришти. Чындыгында да
берки кыздар аябай мас болуп
калышкан болчу. Алардан оңдуу
жооп ала алышпаган соң саунанын
ичин түп көтөрө тинтип издей
башташты. Эч жерден таппай
коюшкан соң дароо сыртка
короого чыгышты. Ал жакта да жок
болчу. Аны кандайча качырып
жиберишкенине өздөрү түшүнбөй
жатышты. Эшик-терезелердин
бардыгы тордолуу, сыртка чыкчу
эшик кайтарылууда, ар бир бөлмө
көзөмөлдө болчу. Бирөөсү дароо
эле "сотовый" телефону менен
кандайдыр бир жакка телефон
чалды. Көп өтпөй эле ак мерседес
машине саунанын короосунун
ичине кирип ичинен жабылыша
беш-алты киши чыгышты.
- Эмне, бирөөнү качырып
жибердиңерби, кимиси качып
кетти?
- Диана деген кыргыз кыз…
Бардыгы жабылыша саунаны
айлана издей башташты. Бирөөсү
саунанын туалетинин терезесинен
төмөн карай сүрүлгөн кадын тагын
көрдү. Айнеги ордунда болчу.
Терезедеги мык анын бир жерин
тилип кеткени билинип турду. Кан
бир топ эле агыптыр. Кандын изи
менен кууп жүрүп отурушту. Көчөгө
чыгышып бир чакырымдай жерге
чейин барып кандын изи жоголуп
кетти, же машинеге отурганы же
каны токтоп калганы белгисиз.
Саунанын сыртындагы беш-алты
киши өздөрүнчө дүрбөлөң түшүп
калышты. Ошол маалда чет элдик
кишилер саунадан чыгыша ары
жактан келип токтогон машинеге
отуруп жатышкан болчу. Бардыгы
тең кызуу болушчу, алардан
сураганда биз эч нерсе билбейбиз
дегендей ийиндерин күйшөштү.
Бир түнгө акчасын эки-үч эселеп
төлөп беришкен, алар үчүн бул
окуянын ысык суугу деле жок
болчу.
ЖАЗА
Заматта, көз ачып жумганчалык
убакытта саунага беш-алты чет
элдик машинелер жыйылып калды.
Ар бир машинеде үчтөн-төрттөн
киши бар экен. Сауна жетекчиси
бардыгын чогултуп алып катуу
тапшырма берип жатты.
- Кыскасы мындай, саунадан бир
кызыбыз качып кетти. Болгондо да
туалеттин терезесинен чыгып
качып кетиптир. Ага ким жардам
бергени белгисиз, аны шашпай
разбирать этебиз. Ал Диана деген
кыргыз кыз, мынакей сүрөтү
жакшылап карап, таанып, эсиңерге
түйүп алгыла. Компьютер менен
көбөйтүп, ар бириңерде болсун бул
сүрөт. Кандай да болсо аны
тапкыла, асмандын алты кабат,
жердин жети кабат түбүнө кирсе да
табасыңар уктуңарбы. Ташкенден
сыртка чыгарбагыла же тирүүлөй
же өлүгүн алып келип колума
тапшырасыңар. Мунүчүн биз керт
башыбыз менен жооп бери
калабыз. Бир да кыз бизден
качпашы керек болчу, качты,
демек, өзүнө-өзү жаза тиледи.
Чачын коё берген, оң жак
жаагында калы бар, өзүңөр деле
сүрөтүнөн байкаган чыгарсыңар.
Мини гүлдүү юбка кийген,
возможно көйнөгүнүн бир жери да
айрылса керек. Автовокзалдарды,
метро, кафелерди, парктарды,
аэропорт, кыскасы эч нерсесин
калтырбай издегиле, ар бир
отделдеги өзүбүздүн
милицияларыбыз менен да
байланышкыла. Аябай кыраакы
болгула, ал бөлөкчө кийинип,
причесткасын өзгөртүп, көзүнө
очки тагынып алышы да мүмкүн.
Каршылык көрсөтүп же кыйкыра
турган болсо дароо жаагын жап
кылгыла анын. Керек болсо
өлтүрүп да салгыла, андай
кыздардын жүзүн таап алабыз,
биздин эч нерсебиз коробойт, как
говорится не жарко не холодно.
Кыскасы ал Ташкенден чыгып
кетпегендей болсун, түшүндүңөрбү
баарыңар? Кыдыракей турушкан
жигиттер түшүндүк дегендей
баштарын ийкешти. Андай болсо
төрт-бештен болуп беш-алты
топко бөлүнгүлө, силердин бүгүн
кечке негизги кызматыңар эле
ушул. Ташкенден сыртка кетип
аткан самолёт, поезд, автобус,
жеңил машиналардын ичтерин
дагы жакшылап карагыла, сыртка
чыгарып качырып жибербегиле.
Сүрөтүн ббериөзүбүздүн ГАИ
инспекторлору менен да
байланышкыла. Кыскасы аябай
кыраакы болгула, бул үчүн биз
ичип аткан ашыбыздан айрылып,
жумушсуз калабыз. Давай анда
дароо жөнөгүлө.
Топтошуп турушкан жигиттер
дароо машинелерине отурушту да
от алдырыша заматта туш-туш
жакка чачыраша жок болуп
кетишти. Сыягы алардын ар
бирини өздөрүнө тиешелүү
райондору, аймак-кварталдары
бар окшойт.
Буларга буйрук бери кырдаалды
түшүндүргөн алиги саунанын ээси
артына эки кишини ээрчитип алып
берки бөлмөдө камалып турушкан
кыздарга келди. Түнү менен
ичкендики, уктабагандыкы көздөрү
киртийип, кыйналышып араң эле
турушкан болчу. Төртөөнү тең
чечиндирип, дырдай жылаңач
кылып тизип коюшту да суракка
ала баштады.
- Кана, өзүңөр признавайт эткиле,
баары бир билип алам, кимиңер
качырдыңар тиги шлюханы.
Чыныңарды айткыла, ал каякка
кетти? - Саунанын жетекчиси ар
биринин көзүнө тике карай сынап
жатты. Биринен сала бири "мен
билбейм мас болчумун" деп
кутулуп кетип жатышты. Алиги
киши Замирага келип сынап көпкө
көзүнө тике карады.
- Балким сен билип жүрбө?
Замира да тигилерге кошулуп
алардын айтканын кайталады.
- Билбейм, аябай мас болуп
калгам…
Алиги кишинин ачуусу чекесине
чыкты.
- Сен билбесең, сен билбесең, сен
да билбесең анан ким билет. Ал
өзүнөн өзү эле сыйкырчы болуп
аба аркылуу учуп кеттиби?
Эшиктердин баары кайтарууда.
Между прочим, ал буу болуп аба
аркылуу учуп кеткен жок. Ага
араңардан бирөөңөр
жардамдаштыңар. Туалеттин
айнегин алып терезе аркылуу
сыртка чыгарып жибердиңер да
кайра ичинен айнекти салып
койдуңар. Анын бир жери мыкка
тилинип кан агып артына из
калтырып кетиптир. Кана
чыныңарды айткыла, өзүңөр
признавайт этип чыныңарды
айтсаңар күнөөңөрдү
жеңилдетебиз, айтпайсыңарбы,
бардыгыңарга тең азыр көрбөгөн
кордукту көрсөтөм. Мупмуздак,
асты-үстү, туш тарабы бардыгы
цемент камерага ачка тамак
бердирбей жыпжылаңач
баарыңарды каматып таштайм, так
что давай признавайтесь. Анын
каяк жакка, түнкү саат канчаларда
качып кеткенин айтып бергиле,
анан баарыңар бошсуңар. Тигил
жатаканадагы бөлмөңөргө барып,
ак шейшепке оронуп эс аласыңар.
Көзүңөрдөн аябай чарчаганыңар
билинип турат. Айткыла дагы
жолуңарга түшкүлө, болгула ылдам,
силерди күтүп атам!..
Төртөө тең колдору менен
абийирлерин жабыша унчукпай
туруп беришти. Беш мүнөттөй
күтүп эч кимисинин оозунан сөз
чыкпагандыктан сауна ээси
кабагын карыш түйө жанындагы
далдайган жигитке бир нерсе деп
акырын айтты эле ал сыртка
чыгып кетип бир аздан кийи
талдардын узун чыбыгын алып
келди. Чыбыкты ийип колуна
кармай дагы бир жолу эскертип
өттү.
- Кана, айтасыңарбы же
баарыңарды чыбык менен
сабайыбы азыр?..
- Чыныбызды айтып жатабыз, биз
эч нерсе билбейбиз, мас болчубуз…
- Ошондой де, демек мас болчубуз
дегилечи… анда ары карагыла
баарыңар тең болгула, кругом!
Анын кыйкырыгына төртөө тең
баш ийише ары дубал жакка
бурулуша бир катар тизилише
далыларын көрсөтүшүп туруп
калышты.
- Эңкейгиле!
Төртөө тең эңкейише колдорун
дубалга коюшту. Алиги киши
ачууланып, ызырына колундагы
чыбыгы менен болгон күчүнө
салып алардын жылаңач денелерин
сабай баштады. Чыбык далыларыа,
көчүктөрүнө тийгенде,
денелеринде кадимкидей
канталаган издер калып жатты.
Чыбыктын уусуна чыдай алышпай
кыздар онтошуп, кээ бирлери
чыдай алышпай ыйлап да
жиберишти.
- Кандай экен жакшы бекенби, эми
айтасыңарбы же дагы сабайынбы?
- Чыныбызды айтып жатабыз,
байкебай сабай көрбөгүлө!
- Силерге али жете элек, кана, ме
буларды проучит этчи - алиги киши
жанындагы далдайган жигитке тал
чыбыкты берди эле ал да
кыздарды өкүртүп-бакыртып сабап
кирди. Анын сабаганы мунукунан
да катуу, ачуу, аябай уулуу болду.
Чыбыктын катуу соккусуна чыдай
алышпай денелерин жыйрыша
туйлап жиберип жатышты. Үчөөнүн
көздөрүнөн мөлт-мөлт этип жаш
кетти. Сауна ээси унчукпай четте
турган Замирага басып келди.
- Балким сен аны качырып жүрбө
ыя, канча калса да жердеш, бир
улуттан, кыргызсың го?
- Мен эч нерсе билбейм мас
болчумун.
- Жок сен билесиң, билгенде да эң
жакшы билесиң, туалеттеги
айнекти алып, кайра ордуа салып
койгон да сенсиң. Айтасың,
айтпачу болсоң өз убалың өзүңө.
- Мен аябай мас болуп калгам…
- Демек мас болуп калгам дечи, эң
жакшы, - тигил чыбык кармап
турган жигитке кайрылды, - анда
уланта бер.
Алиги жигит чыбык менен өзүнүн
алаканын бир аз чапкылап турду
да керилип туруп болгон күчү
менен Замираны далыга чаап
калды. Катуу соккуга ал денесин
бир аз жыйрылта катуу бир онтоп
алды. Акырындап кан сызылып ага
баштады. Катуу тийген чыбыктын
соккусу денесин тилип кеткен
болчу. Замиранын башы айланып
эсин жоготуп баратты. Аны
үстөккө-босток тындырбай сабап
кирди эле ары жакта турган
кыздардын бирөөсү чыдай албай
кыйкырып жиберди.
- Токтогула, аны мен көргөм,
айтып берем!
Бардыгы бир ордунда селейише
аны таңгала карап калышты. Сауна
кожоюну анын жанына басып
келди.
- Кана айтпайсыңбы эмне туруп
калдың унчукпай?
- Ооба аларды мен көргөм. Түнкү
саат үч чендерде аябай мас болуп
калгам. Диана бир иностранец
менен көз ымдашып шыбырашып
атышкан, анан экөө ордуларынан
турушуп туалет жакка басып
кетишкен, жигит кайра келип бизге
кошулду, ал эми Диана болсо ошол
боюнча кайтып келген жок. Мен
ойлогом Диана бир жерге мас
болуп жатып калды го деп. Көрсө,
алиги иностранец жигит аны
качырып жиберген турбайбы…
Бардыгы унчукпай туруп калышты.
Мени көрсөтүп, айтып салат го деп
жүрөгү түшүп турган Замиранын
кичине "өх" деп жүрөгү ордуна
келгенсиди. Саунанын ээси көзүнө
тике сынай карады.
- Чыныңды айтып жатасыңбы же…
- Мен болгону көргөнүмдү эле,
эстеп калганымды эле айтып
жатам, андан кийин мас болуп
калдым, калганы эсимде жок.
Саунанын ээси оор үшкүрүнүп
алды.
- Болуптур, бар кийингиле, - анан
жанындагы жигитке кайрылды, -
буларды кийиндирип алып кет.
Балким кечинде кайра алып
келишибиз мүмкүн бул жакка. Ары
жактагы бөлмөдө кийинип
жатканда Замира алиги жооп ойлоп
тапкан кызга кайрылды.
- Сага чоң ырахмат, болбосо алар
мени соо коюшмак эмес.
ЭЭН ҮЙЛӨРДҮН КОЖОЮНДАРЫ
Түнү менен чоң темир түтүктүн
ичине жашынып алып түнөп
чыккан Диана айланага жарык
кирип, көчөдө кыймыл
башталганда ордунан туруп сыртка
чыкты. Түндөгү ичкендикиби башы
зыңылдап, сынып кетчүдөй болуп
ооруп атты. Мончонун терезесинен
сыйгаланып түшүп келатканда
чыгып турган мыктын учу
балтырына илинип тилип кеткен
болчу. Катуу чочулап качып
келаткангабы, түндө анча билинген
эмес, азыр сыздап, жанын жеп
ооруп жатты. Алиги мыкка
айрылып кеткен көйнөгүн ууштай
кармап, сыртка чыкты. Калаанын
бул жери курулуш иши башталып
ошол боюнча токтоп калгандыктан
эл азыраак ээнирээк экен. "Эмне
кылышым керек, кантип акча таап
эч кимге билгизбей Ташкенден
Кыргызстанга качып кетем. Жок,
экинчи Бишкек жакка барбайм, ал
жакты желкемдин чуңкуру гана
көрсүн. Өзүмдүн Токмогума эле
кетем кайра. Бишкекке келем деп
эмне жыргалды көрдүм, аз жерден
өзүмдүн келечегиме балта чаап ала
жаздадым. Качаарын го эптеп
качып чыктым, эми кайра кантип
жетем Кыргызстанга. Автовокзалга
барсам кайра кармап алышат,
темир жол вокзалынан деле пайда
жок, тигилердин кишилери
шимшилеп жүрүшөт. Ал эми
аэропорт жактан үмүтүмдү үзүп
эле койгонум оң, самолётко
түшкөндөй акчам деле жок, баары
бир бул жактан болбосо да
Бишкектин аэропортунан мени
кармап алышат. Эми кармалсам
өлдүм дей бер, мени жөн гана
өлтүрүп коюшат. Тигил Бишкек
жактан бул жакка жөнөөрдө катуу
эскертишпеди беле "качуу деген
оюңда да болбосун, анда эле
ишиңдин бүткөнү дей бер, сени
жөн гана өлтүрүп, көзүңдү тазалап
коюшат" деп. Алардын колдоруа
түшкөндөн көрө өлгөнүм эле
артык. Колдон келсе колго
түшпөгөнгө аракеттенишим керек.
Эми түрмөгө кайра барганча тиги
дүйнөгө кеткеним артык. Тирүүлөй
тозокко түшкөнчө тиги дүйнөнүн
тозогуна барганым оң… Та-ак,
эмне кылышым керек, акчаны
кайдан табам, кимден сурайм. Жок
дегенде бул жакта тааныштар
болгондо эмне. Үйдөгүлөр менен
телефон аркылуу байланышсамчы?
Ага да баары бир акча керек да.
Бул айрылган көйнөгүмдөн башка
эч нерсем жок, бир нерсем, шакек-
сөйкөлөрүм болгондо арзан баага
өткөрүп жиберип ошонун акчасы
менен кетип калат элем".
Ал ошол күнү кечке курулуп бүтпөй
калган көп кабаттуу ээн үйдөн
сыртка чыккан жок. Чыкса эле
дароо кармап алчудай туюлуп
жатты. Тилекке жараша бул жакка
эч ким деле басып келбейт экен.
Күндүзү түшкө маал балдар
келишип, биринчи кабатына
ойношуп, анан кайра кетип
калышты. Кайрадан айланага
күүгүм киргенде үстүнкү кабатына
көтөрүлүп барып, кичинекей
бөлмөгө кирди да ошол жерге
уктамай болду. Күндүзү
бөлмөлөрдү кыдырып картон кагаз
чогултуп койгон ошолорду астына
калың кылып төшөп, узунунан
кеткен картонду үстүнө жаап алды.
Бул кичине бөлмөнүн терезелери
жок болгондуктан жакшы жери жер
аңылдап үйлөбөйт экен.Ошентсе
да үшүп атты. Акырындап
курсагынын ачканы да билине
баштады. "Ызы-чуу түшүшө азыр
мени издеп жүрүшөт го. Ушул
боюнча кармалбай кетсем кандай
гана жакшы болот эле". Өткөн түнү
уктабагандыкы акырындап
бүрүшүп жаткан боюнча көзү
илинип кетти.
Бака-шака чыккан үндөн чочуп
ойгонду, балдар экен. Бирөөсү
Диана жаткан эшикти ачып ийип
таңгала карап туруп калды. Бир
аздан кийин ары жактан да балдар
чуркап келишип жалдырай карап
калышты. Кара чач, сары чач ар
кайсы улуттагы балдар экен.
Өңдөрүнөн бир нерсе болсо эле
качканга даяр турушканы билинип
турду. Кантсе да буларды
чочутпаш керек болчу. Жалдырай
карап турушкандардын улуурагы
унчукту.
- Кто вы?
Татынакай, өңү-башы келишкен
келбеттүү сулуу кыздын
картондордун арасында жатканына
бардыгы таңгала карап турушту.
Мындай караганда көрүнгөн жерге
конуп-түнөп жүргөн селсаяк
адамдарга эч окшобойт болчу.
Диана тигилердин суроосуна жооп
бергендин ордуна кайра жегенге
бир нерсе сурап кайрылды.
- Ребята, дайте хлеб, есть хочу…?
Тигилер ого бетер таңгалыша
бири-бирин карап калышты. Анан
бирөөсү ары карай чуркап кетти.
- Я сейчас принесу хлеб.
Ал көп өтпөй эле кайдан-жайдан
тапканы белгисиз жарым бөлкө нан
алып келе койду. Бир жарым
суткадан бери оозуна наар
албагандыктан бөлкөнү ала коюп
жанталаша жеп кирди. Тигилер
Диананы нан жеп бүткөнчө
жалдырай карап турушту.
- Воды принести?
- Ага.
Алиги бала кайрадан чуркап кетип
бөтөлкөгө суу алып келе койду. Суу
ичип бүткө соң улуураагы кайрадан
суроо берди.
- Теперь скажите, кто вы?
КОРКУНУЧ АЛЫП КЕЛГЕН АДАМДАР
Диана аларга эмне жооп айтары
билбей шашып калды, кандай
болсо да балдарды ишендире
турган жооп табыш керек болчу.
Кимдир бирөөлөрдөн качып өз
жергесине кете албай жүргөнүн
айтты, бул жөнүндө эч кимге ооз
ачпоолорун суранды. Ал жаш
секелек балдар менен достошуп ар
биринен эч кимге айтпайм деген
сөз алып, ийне-жип алдырып
келип, айрылган көйнөгүн
билгизбей тигип алды. Курулуп
бүтпөй токтоп калган ээн үйдө
Диана дээрлик беш күндөй
жашады. Балдар кезек менен ал
жерге үйлөрүнөн тамак алып келип
бери турушту. Бул жерге көпкө
деле пашпаанек кылып турууга
мүмкүн эмес эле. Анткени аны
секелек балдардын бирөөсү
болбосо бирөөсү эне-атасына
кокусунан айтып коюшу мүмкүн
болчу.
Алтынчы күнү таң атпай ошол
курулуп бүтө элек үйлөрдүн
короосунун ичине кандайдыр чет
элдик машиненин келип
токтогонун көрдү. Бешинчи
кабаттын айнек салынбаган
терезесинен акырын шыкаалап,
төмөн жактагыларды акмалай
баштады. Машинеден беш-алты
киши чыгып курулуп бүтпөгөн көп
кабаттуу үйлөрдү көрсөтүшө, өз
ара бир нерселерди сүйлөшүп
жатышты. Үйдү курчай алтоосу
алты жакка чачырашып Диана
жашынып турган үйгө кадам
ташташты. Бирөөсү машиненин
жанында калып "сотовый" телефон
аркылуу кимдир бирөө менен
сүйлөшүп жатты. Алардын
кыймыл-аракетин, түрлөрүн көрүп
Диананын жүрөгү алкымына
тыгылды. Алиги саунадагы
көзөмөлчүлөрдөн эч айырмалары
жок болчу. Экөөсү үйдүн ичине
киришип, калгандары сыртта эки
жакка көзөмөл кылып калышты.
"Точно ошолор…" - Диана эмне
кылаарын билбей шаштысы кете
түштү. Үйдүн арты менен качып
кеткенге мүмкүнчүлүк бар бекенби
дегендей ары жактагы бөлмөгө
өтүп, терезеден акырын төмөн
жакка көз жүгүрттү. Ал жакта да
бирөөсү туруптур. "Шайтан
алгырдыкы десе эми эмне кылам?,
точно эле ошолор экен. Бул жактан
качып чыга албай калдым окшойт.
Кармалсам өлдүм. Жо-жок, буларга
кармалгандан көрө терезеден
боюмду таштайм".
Экөөсү биринчи кабаттын ар бир
бөлмөсүн эч нерсеси калтырбай
текшерип жүрүштү. Үй-жайы жок
селсаяктар кез-кез бул ээн үйгө
келе калып түнөп кетишчү, ошолор
жатка жерлерди көрдү. Анан
экинчи кабатка көтөрүлүштү. Бул
жер мышыктардын да мекени
болчу, анда-санда мяулап чыга
калышкан мышыктардан чочуп
кетишип дабыш чыккан жакка жалт
карашты. Он мүнөттө экинчи
кабатын текшерип бүтүшүп үчүнчү
кабатына көтөрүлүштү.
Өзүнө жакындап келатышкан
душмандарын сезе Диана
коргонгонго бир нерсе сезди.
Балдар ойноп таштап кетишкенби
же курулушчулардан калдыбы
узундугу бир кулачтай келген учу
шиш темир таап алды. Тигилерге
байкатпай кол салып, эгер байкап
калышса ушул шиш казык менен
жанына жолотпой коргоном деп
ойлоду. Башка айла жок эле. Өзүн
коргой, калкалай турган эч ким
болбогондуктан өзүнө-өзү ишенип,
бир чечимге келиш керек болчу. Эң
акыркы чечим айла кеткеде
бешинчи кабаттан боюн таштамак.
Ылдый жактан кез-кез кобурашкан
үндөр кулагына угулуп атты. Ал
үндөр улам жакындаган сайын
алардан качып, алыстап, үстүңкү
кабатка көтөрүлө берди. Экөө
тогуз кабаттуу үйдү текшерип
чыгышканча бир топ убакыт өтмөк.
Алардын артынан дагы эки адам
кирди.
Улам өйдөлөп кача баргенде
акыркы кабатка жетип акыры эч
жакка кете албай баары бир колго
түшүп бермек. Диана башка нерсе
ойлоп тапты. Бөлмөлөрдү
кыдырып тигилер башка жакта
жүргөндө, төмөн карай "ойт" бери
кетүүнү чечти. Али бүтө элек
тепкичтер менен төмөн
жактагылардын дабышын тыңшап
турду. Алардын дабыштары
жакындаганда шып этип ууру
мышыкча кичине бөлмөгө кирип
кетти да бекинип калды.
- Сен тигил жакты текшерип чык,
мен бул үйдү карап чыгайын, -
жетичи кабатка көтөрүлүп
келишкен эки адам экиге бөлүнүшө
эки жакка кетишти. Алардын
дабыштары чыкпай калганда "лып"
эте бөлмөдөн атып чыкты да
тепкичтер менен дабыш билгизбей
төмөн карай чуркап кетти.
Алдынан чыга калып кармап
калчудай болуп жүрөгү лакылдап
өтө эле сактык менен дабыш
угулбайбы дегендей токтой тыңшай
калып, төмөн көздөй түшүп
келатты. Кокусунан эки адамдын
сүйлөшкөн сөздөрү чукул эле
жерден чыкты.
- Бул кабатты текшеришти беле?
- Менимче текшеришсе керек,
ошентсе да бир сыйра көз
жүгүртүп коёлу.
Диана дароо ордуна каткан
казыктай болуп туруп калды. Алиги
сүйлөшкөн сөздөр алыстап
кеткенде тепкичтер менен кайра
төмөн карай бутунун учу менен
желе дабыш чыгарбай чуркап
жөнөдү. Экинчи кабатка жеткенде
бирөө желкесинен кармагандай
дароо тып токтоду. Биринчи
кабаттын эшигинин алдында бирөө
"сотовый" телефон аркылуу
кимдир бирөө менен сүйлөшүп
жатыптыр. Анын сөздөрү даана
угулуп жатты бул жакка.
- Ооба, биздин адамдар ар бир
кабатын, ар бир бөлмөсүн эч
нерсесин калтырбай текшерип
жатышат… Албетте, аны сыртка
качып чыкканга мүмкүнчүлүк
бербейбиз. Эгерде чын эле бул
үйдө болсо жердин жети
катмарына кирип жашынып калса
да таап алабыз… Ооба, үйдүн
сыртын да кайтарып турушат, ал
жактан чыгып кете албайт… Сөзсүз
да, дагы бир сыйрадан
текшерттирип чыгам. Эгер бул
үйдө жашынып жүргөн болсо
сөзсүз кармайбыз. Жок болсо ушу
сыяктуу башка ээн үйлөргө
барабыз, ал Ташкенден сыртка
качып кете элек, азырынча бул
жакта эле, сто процент гарантия
бере алам. Анткени чет жакаларды
катуу көзөмөлгө алып атабыз.
Хорошо, хорошо, ладна…
Диана артка кетенчиктеди. Кайра
үстүнө көтөрүлгөнгө мүмкүн эмес
болчу. Босогодо сүйлөшүп жаткан
киши сыртка чыгып машине жакка
басып кетти. Үстү жактан басып
келатышкан дабыштарды уга коюп
жакынкы бөлмөгө кире качты. Бир
кезде дабыш тымтырс болуп
калды. Короодо тээ алыс жакта
сүйлөшүп аткандары угулуп жатты.
"Демек, точно эле ошолор экен да.
Менин бул жакта экенимди билип
калышып, атайын издеп келишти
болду бекенби же жөн гана бул
жакты издеп чыгышканбы. Балким
тигил эселек балдар айтып
коюулары мүмкүн беле кимдир
бирөөлөргө? Ким билет? Бирок
менин оюмча ээн үйдү жөн эле
текшерип жүрүшсө керек. Анткени
бул жакта жок болсо башка ээн
үйлөрдү да текшеребиз деп
айтпадыбы тигил телефон менен
сүйлөшкөнү. Ээ Кудайым
кармалбасам экен… Кой тигилер
келип калыша электе подвалга
түшүп кетейин". Диана акырын
сыртка баш бакты да эч кимдин
жок экенин биле тепкич менен
үйдүн эң алдыңкы жер төлөөсүнө
кирип кетти. Бул жак үстүнкү
кабатка салыштырмалуу кичине
караңгыраак болчу. "Баары бир
мени кармап алышат, таап алышат.
Эмне кылсам?" башын ылдый кыла
ойлонуп туруп калды. Так эле бет
маңдайында жаткан чала жабылган
темсир люктун капкагыа көзү
уруна түштү. Эки жакты бир сыйра
карап алып ага дароо жетип барды
да колундагы шиш казыгы менен
болгон күчүнө салып ары карай
жылдыра баштады. Бир киши
баткандай кылып жылдырып ичине
көз жүгүрттү. Төмөн жагы кенен
анан эч нерсе көрүнбөгөн караңгы
экен. Ылдый карай түшкөн темир
тепкичти көрө коюп, дароо ичине
кирди да мурункудай кылып чала
жаап койду. Анан тепкич менен
төмөн карай түшүп кетти.
Тереңдиги беш-алты метрдей экен,
таманы жерге тийгенде гана тээ
жогору жагына көз жүгүрттү. Чала
жабылган капкактан анча-мынча
жарык кирип турат. Төмөн жак
капкараңгы, эч нерсе көрүнбөйт.
Чыйылдаган үндөргө кулак төшөй
аз-аз жерден бакырып жибере
жаздады. Келемиштердин ары-
бери чуркап жүргөнүн кадимкидей
сезип жатты. Жылаңайлак
буттарын тиштеп жиберип, кайра
алыстап кетишүүдө. Аларды "кыш-
кыш" деп кубалап, өзүн араң
кармап турду. Буларга карагада
тигил жактын душмандары
коркунучтураак болчу.
Арадан жарым саат өтүп өтпөй
жогору жактан адамдардын
сүйлөшкөн сөздөрү угула баштады.
- Үстүн бүт текшерип чыктыңарбы?
- Ооба, бир эмес эки-үч сыйра
текшердик. Эч кандай шек-шыбаа
жок… Подвалда деле эч ким
жашабаса керек, карачы муздак
бул жак аябай.
- Бул люктун ичин карадыңарбы?
Диананын жүрөгү оозуна кептелди,
азыр ачат дагы мени кармап
алышат деп ойлоду.
- Жана караганбыз, даже ичине
түшүп текшергенбиз, крысалардан
башка эч нерсе жок. Ал жакка
түшсөң крысага таланып
өлчүдөйсүң…
- Анан эмне оозу чала жабылып
турат?
- Жана толук жаппай кеткем…
- Ошентсе да дагы бир сыйра
кирип текшерип чык.
- Кирсең өзүң кир, мен кирбейм,
жана крысаларга таланып өлүп
кала жаздадым.
- Ну ладна, кеттик анда, сыягы бул
жакка ал келбесе керек.
- Точно.
Кобурашкан үндөр улам алыстап
отуруп угулбай калды. Бир аздан
кийин машиненин от алган үнү
чыгып, акырындап алыстап кетти.
Эртеден бери келемиштерге ар
кайсы жерлерин тиштетип араң
чыдап турган Диана дароо темир
тепкичтер менен жогору көтөрүлдү.
Далысында жабышып жүргөн
келемиштерди колу менен силкип
кагып таштады. Капкакка
жакындап келип бир аз эсин
жыйып турду да, балким калп эле
кетимиш болуп аңдып турушпасы
деп демин ичине ала сырт жакка
кулак төшөдү. Жымжырт, тымтырс.
Кез-кез гана тээ алыстан
кишилердин, машинелердин үндөрү
угулуп атты. Колун жогору көтөрүп,
болгон күчү менен чымыркаып
капкакты ары көздөй жылдырды
да үстүнө көтөрүлүп чыгып
шалдайып отуруп калды. Анан
башын созуп люктун ичин төмөн
жакты карады. Чоң эрдик
көрсөткөндөй эмнегедир өзүнөн
өзү күлкүсү келе баштады. "Тобо,
келемиштер жыбыраган ушундай
караңгы жерге башымдан ылдый
алтын куям десе да даап түшө
албайт элем".
#4 25 Март 2014 - 23:44
4-бөлүм
ДИАНАНЫН ИШЕНГЕН КОЖОСУ
Короо ичинде турган темир кранга
барып суу агызып, келемиштер
тиштеп канаган сандарын чүпүрөк
менен тазалап, буттарын жууп,
жүзүн чайып, өзүн бир аз иретке
келтирди. "Эмне кылсам бул жакка
турганга баары бир болбойт экен.
Бул жерде жашынып тура берсем
акыры жакшылык менен бүтпөйт,
тиги мадыра баштарды алдаса
айтып коюшу да мүмкүн. Анда
акырын аңдып келишип кармап
алышат.
Дагы бир сыйра келип текшерип
калышы да ыктымал. Кандай
болсо да жергеме жетүүгө аракет
кылышым керек. Түз эле
Кыргызстан тарапка барууга
мүмкүн эмес. Ташкенден келген
автобустардын бардыгын тигил
жактан көз салып тосуп турушат.
Алма-Ата же Душанбе жакка кетиш
керек, ал жактан эптеп
Кыргызстанга жетип алам. Баары
бир биринчи кещекте акча керек,
анча болбосо эч нерсени чече
албайсың. Баса, айтмакчы эмне
эле көрүнгөндөн качып, коркуп
жүрөм. Түз эле милицияга
барбаймынбы. Болгонун болгондой
айтып, кайра тигилердин өздөрүнө
куугунтук жасатпаймынбы.
Алардын көзүнчө тигилер мени эч
нерсе кыла алышпайт да, беш-
алты күн бою бул жакта ачка
кыйналып жатпай ушуну эмне
убагында ойлободум экен.
Алардын жардамы аркылуу,
кайтаруусу менен өзүбүздүн жерге
ама-эсен жетип албаймынбы. Алар
болсо биздин милиционерлерге
мени ьапшырышат, мен аларга да
болгонун болгондой айтып берем.
Анан тигил түрмөнүн быт-чытын
чыгарышат, кор болуп жатышкан
кыздардын бардыгын туткундан
бошотом. Ушуну башында эмне
ойлободум экен кеңкелес башым",
- Диана өңү-башын бир сыйра
оңдоп, акырын эки жагын сактана
карай көчөгө чыкты. Көчөдө
бараткан ар бир машинени, ар бир
кишини шекшинип карай берди.
- Кечирип коюңуз жакын арада
милиция бөлүмчөсү барбы? -
көчөдө кетип баратка улгайып
калган кемпирден сурады эле ал
билбейм дегендей башын чайкай
ийнин күйшөп койду да жолун улап
кете берди. Жашыраак жигиттен
сурады эле ал токтой калып бир
нерсени эстегендей ойлонуп
калды.
- Ушу көчө мене түз жүрүп
отурсаңыз Хамза деген көчө
туурасынан кетет. Ошол көчөгө
түшүп оң жакка бурулуп жүрүп
отурсаңыз "милиция" деген
жазуусу бар чоң үйгө кезигесиз.
Мына ошолорго кайрылсаңыз
болот.
- Рахмат.
Жигиттин айтканы боюнча эки
жагын элеңдей карай кичирээк,
машине аз жүргөн көчө менен
жүрүп отурду. Ар бир өткөн
машинелерди чочулай карап өтүп
кеткиче далысын сала калат.
Машинеден атырылып чыга калып
колун толгоп, оозун басып
машинеге салып кетчүдөй сезип
жатты. Кокусунан көчөдө кетип
бараткан милиционерди көрө коюп
өзүн куткарчу кишилерин
көргөндөй кубанып кетти. Арышын
кенен таштай аны кууп жетип
токтотту. Ал артына бурула
татынакай жаш кыз менен тиктеше
түштү. Диана эмнегедир анын көз
карашынан бир нерсени сезгендей
жүрөгү болк этип барып оңолду.
- Кечирип коюңуз жакын арадан
милиция бөлүмү барбы?
Ал жооп бербей Диананы бир топко
тигилип турду.
- Айта бер, в чём проблема?
- Мени бөлүмүңөргө жеткирип
коюңузчу, анан айтам.
Ал Диананы бир топко көзүн албай
тиктеп турду.
- Болуптур, айткың келбесе жүрү
алып барайын. Сага көмөк бергенге
менин деле колумдан келет. Так
что мага айта берсең да болот.
- Жок, бул секрет, бөлүмгө
барганда гана силердин чоңуңар
менен сүйлөшөм…
- Ыя де, ошондой де… Кокусунан
алтын таап алган жоксуңбу, аны
мени менен бөлүшсөң деле болот,
тамаша. Жүрү мени ээрчи.
Боң узун толмочунан келген
милиционер өзү алдыга жол
баштап жөнөдү. Өзүн бардык
кокустуктардан сактап кала турган
киши ушул милиционер болчудай
Диана мурункудай болуп чочулабай
өзүн кичине эркинирээк сезип
калды.
- Сүйлөгөн, баскан-турганыңа
караганда башка улуттан
окшойсуң, же жергиликтүү
элесиңби?
Диана унчуккан жок.
Экөө көп өтпөй эле "милиция"
деген жазуусу бар анча чоң эмес
үйгө келишти. Өзүнчө бакылдай
алдыда келаткан алиги далдайган
киши Диананы алдыга өткөрүп өзү
артынан ээрчип кирди.
- Бул жерге отуруп туруңуз. Мен
азыр…, - ал ары жакта турган
милиция менен өз ара бир
нерселерди сүйлөшүп калышты.
Экө бөлмөнүн ортосун чоң айнек
бөлүп турат экен, айнектен
бардыгы көрүнүп турду. Алиги
киши Диананы көрсөтө
жанындагысына бир нерселерди
айтып бери жатты. Анан экөө тең
Диананы карап калышты. Ары
жакта столдо отурган, чини
капитан жигит ордунан дароо тура
калып Диананын жанына басып
келди.
- Сиз начальникке келдиңизби,
анын жумушу биз аркылуу бүтөт.
Бизге деле айта берсеңиз болот.
- Жок, мен жекече өзү менен гана
сүйлөшөм.
- Болуптур, анда күтүүгө туура
келет, анын колу бош эмес
азырынча. Мындай отуруп туруңуз.
Капитан ары басып кетти дагы
толмочунан келген кишиге бир
нерселерди айта башын
ийкегиледи. Эмнегедир Дианада
шектенүү пайда болду. Акырын
ордунан жыла капитандын
телефондон сүйлөшкөн сөздөрүнө
кулак төшөдү.
- Алё, силердин жоготкон
кызыңарды таптык. Ал бизде
отурат, бизди издетпей эле шамал
айдап өзү келди. Келип алып
кетсеңер болот, баса айтмакчы
вознаграждениеңерди унутпагыла…
Бул сөздү укканда Диана өз
кулагына өзү ишенбей турду.
"Мындай болушу мүмкүн эмес,
неужели баары бири-бири менен
тыгыз байланышта. Демек булар
да тигилердин кишилери экен да"
Диана аркы бөлмөдөгүлөргө
билгизбей акырын жылып жөнөдү.
Эшикти ачып сыртка атып чыкты
да айланасына көз жүгүрттү.
Болгон күчү менен бет алды чуркап
жөнөдү. Анан курулушка жетип
бурулуп кетти. Артынан бирөө кууп
келаткандай артын карабай катуу
чуркады. Тээ бир далай жерге
чуркап барып, чоң дарактын
далдасына анча-мынча демин
жыйганы отура калды. Ошо маалда
өзүнөн анча алыс эмес жерге
аппак жумурткадай болгон
жалтыраган чет элдик машине
келип токтоп, андан бир киши
чыкты. Эки жагына көз жүгүртө
машинесинин арткы багажын ачып
чоң сумка алып чыкты да аны
көтөргөн боюнча жанында турган
дүкөнгө кирип кетти.
Көз ачып жумганчалык убакыттын
ичинде Диананын мээсине бир ой
кылт эте түштү. Эки жагына көз
жүгүртүп алып, чуркаган боюнча
алиги машинанын арткы багажын
ачып жиберип ичине кирип,
жашынып калды. Арадан көп
убакыт өтпөй эле алиги киши келип
машинесин от алдырды да
кайдадыр жүрүп кетти. Бөлүмдөн
сыртка атып чыгышкан милиция
кызматкерлери көз ачып
жумганчалык убакыт ичинде
Диананы жоготуп, жер сыйпалап
таппай калышты.
ЖАСАЛМА АКЧАЛАР
Машинанын арткы багажынын ичи
көзгө сайса көрүнгүс болчу.
Дүрүлдөгөн мотордун гана үнү
угулат. Диана каякка баратканы
белгисиз, көзүн жумуп кете берди.
Түнкү суукта ээн, сыз бөлмөдө
үшүп жакшы уктай албагандыкы
жарым саат убакыт өткөндөн
кийин көзү илинип кетти.
Канча уктаганы белгисиз "тарс" эте
машиненин каалгасынын жабылган
үнүнө "селт" эте чочуп ойгонуп
кетип, каяктамын дегендей
айланасына көз жүгүртүп алды.
Сырттан кобурашкан адамдардын
үнү чыгып жатты, бирок эмне
жөнүндө сүйлөшүп жатышканы
анча угулган жок. Бир кезде
айдоочусу кайрадан машинеге
отуруп от алдырды да каяккадыр
жай айдап жөнөдү. Сыягы
короонун же гараждын ичине
киргендей болду. Ары жактан
иттердин арсылдап үргөнү да
угулуп жатты. Машие жай жылып
барып токтоп, үнү өчүп дымып
калды. Анын ээсинин сыртка
чыкканы билинип турду.
Машинесинин эшигин жаап ары
көздөй басып кеткенсиди. Ошол
боюнча айлана жымжырт боло
түштү. Диана сыртка чыккандан
коркуп көзүн жумуп жата берди.
Алысыраак жакта кез-кез иттердин
үргөнү кулагына угулуп жатты.
Сыягы алар короонун ичинде
байлануу окшойт. "Эмне кылсам,
сыртка чыксамбы, же жата
турсамбы?" Сыртка чыкканда
каякка барам, кайрадан эле
милицияларга кармалып калам да.
Баса, айтмакчы милициялар менен
тигилердин байланыштары барбы,
же мен жаңылып уктумбу? Жок
дапдаана эле уктум. Алиги
милициянын телефондон кимдир
бирөөлөр менен сүйлөшкөнү
кайрадан кулагына жаңырды, "Ал
бизди издетпей эле шамал айдап
өзү келди. Келип алып кетсеңер
болот. Вознаграждениеңерди
унутпагыла" . Анын айтканын даана
эле өз кулагым менен укпадымбы,
булардын баары бир мафияда.
Тигилер тургай милициялардын
өздөрүнө да көрүнбөш керек болуп
калды. Тобо, заман эмне болуп
баратат. Эч кимден коркпогон өзүн
өзү билген бөрү заман болуп
баратабы?"
Каякка келгенин билгени акырын
көз жүгүртө багажды ачып сырт
жакты карамакчы болду эле аны
ичинен ача албай койду. "Ушинтип
камалып каламбы, анда эртең эле
мунун кожоюну багажды өзү
ачканда кармалып калам. Анын
кандай адам экенин ким билет,
мени ууру деп кайрадан
милициялардын колуна карматып,
салып бери коюшу ыктымал. Жок,
кандай болсо да бул жактан
чыгышым керек. Сыягы
машинесинин оозун ачкыч менен
бекиткен жок окшойт. Бах, чиркин
машинесинде акча болуп калса
кандай гана жакшы болот эле,
дароо бул жактан безип жоголот
элем…" Багаждын эшигин түртүп
көрдү эле ачылбай койду. Бекиткен
жерин колу менен акырын
сыйпалады. Кулпусу катуу
бекилиптир, бирок бир нерсе менен
ачса болчудай экен. Колу менен
жан жерлери сыйпалап бир нерсе
издей баштады. Ары бурч жагында
сумка бар экен, ичин ачса толтура
машиненин ачкычтары
салыныптыр. "Кудай берди деген
ушул" Диана сүйүнүп кетти. "Мунун
ичи түрмөдөн да жаман экен, ушу
боюнча камалып жата берсең
капастан айырмасы жок. Кой,
кандай болсо да чыгыш керек", -
колу менен сыйпалап бир ачкычты
таап алды дагы алиги кулпунун
илгичин күч менен түртө баштады.
Илгичке илинбей эки-үч жолу колу
тайып кетип ары жактагы темир
уруп алды. Ачкыч темирге
тийгенде эки-үч жолу "тарс" деген
үн чыгып кетти. Эч ким уккан
жокпу дегендей токтоп калды да
дымын чыгарбай сырт жакка кулак
төшөдү. Сырт жак тымтырс сыягы
машинанын ээси гараждын оозун
бекитип ары жактагы үйгө кирип
кетсе керек. Диана кайрадан
тырмалаңдап кулпунун илгичин
ачууга аракет жасай баштады. Ошо
маалда кандайдыр кишилердин
сүйлөшкөн үндөрү угулуп, сырт
жактан дагы бир машине
киргендей болду. Андан соң ага
удаа эле дагы бир машине кирди.
Көп өтпөй экөөнүн тең мотору
өчүп, эшиктери биринин артынан
бири удаа "тарс" этип жабылды да
кобурашкан адамдын үндөрү ары
карай алыстап кетти. Кайрадан
жымжырттык, сыртта кез-кез
иттердин үргөн үндөрү угулуп
жатты. "Сыягы короодо чынжыр
менен байланган эки-үч ит бар
окшойт. Эгер бар болсо кантип
чыгып кете алам короодон? Ие,
башка салганды көрөрмүн, андан
көрө бул капастан чыгайынчы" .
Алиги чоң ачкычты алып кайрадан
кулпуга асыла баштады. "Кой бир
аз жата турайын, али эрте
чыкканга, сыртка караңгы кирсин,
анан эл тынчыганда муну эптеп
ачып алам да бул жактан чыгып
кетем".
Диана сол жак капталына
оодарылып жатты. Бутун сунуп
көрдү эле мүмкүнчүлүк ала албай
койду. Керилип-чоюлуп, бутту
кенен сунуп жатканга эч мүмкүн
эмес болчу. Ошентсе да эптеп
ыңгайын таап уюган буттарын
жазып алып атты. Эптеп убакытты
өткөрүш керек эле. Тээ мектепте
лкуп жүргөндөгү жаш кезин эстеди.
Анда төртүнчү класста окучу,
эжеси экөө уруша кетип, ага
таарынып сандыктын ичине кирип
жашынып калган. Ада да дал эле
ушундай болуп капкараңгы болчу.
Бирок буга салыштырмалуу алды
жумшак жатканга ыңгайлуу эле.
Энеси өзүнө жаккан ар кандай
чүпүрөк-сапырактарды сатып
алып, кийин кыздарым күйөөгө
чыкканда ушуларды берем деп
чогултуп сала берген. Сандыкка
жата бери, жата бери дал эле
азыркыдай болуп уктап калыптыр.
Ошол боюнча таңга жуук барып бир
ойгонгон. Уйкусурай сандыкты
ачып алып төшөгүнө жатканы
келатса эжеси, апасы менен атасы
бул каяктан келатат дешип
ооздорун ачып өз көздөрүнө
өздөрү ишенишпей таңгалып
калышыптыр. Анткени аны жоготуп
ийишип түнү бою айылды түп
көтөрө издешиптир. Кошуналарга
барып алардын тынчын алып,
чуңкурлардын баарын карашып,
элирип кетпесин дешип айыл
четиндеги мүрзөлөргө чейин
барышыптыр. Короо-сарайларды
бүт эч нерсесин калтырбай
тинтишиптир. Үйдүн ичиндеги
залдын бурчуда турган сандык
дегеле ойлоруна келбептир. Чачы-
башы уйпаланып уйкусурап
келаткан кызын көрүп үчөө тең
бакыра басып калышкан. Түнү бою
укташпай үчөө тең жинди болуп
кете жаздашыптыр. Атүгүл эжесин
да апасы аябай урушуптур. Бул
окуяны көпкө чейин унутушпай
эстешкен сайын күлүп жүрүштү.
"Ооба анда караңгы болгону менен
запросто чыгып кетсе болот болчу,
азырчы, кыйын болсоң эми чыгып
көр… - анын оюн машиненин
дүрүлдөгөн үнү бузду. Гараждын
дарбазасы ачылып сырттан
кандайдыр машине кирди. "Бул
эмне гаражбы же автостоянкабы? ""
Диананын башы жетпей
турду.Машиенин газы катуу-катуу
басылды да анан тынчып калды.
Кишилердин кобурашкан үндөрү
чыгып, акырындап алар да
жоголуп кетишти.
Диана жарым сааттай жатты,
акыры чыдай албай кетти, алиги
чоң ачкыч менен ачылбасына көзү
жетип кайрадан колу менен
сыйпалап учу шиш отвёртка таап
алды. Аны кулпунун башына
кийирип туруп өзүн карай күч
менен тартып жиберди эле "тарс"
этип багаждын капкагы ачылып
калды. Ордунан акырын көтөрүлүп
айланасына көз жүгүрттү. Алиги
гараж дегени үстү аябай бийик, ичи
кенен, чоң зал экен. Айланасына
бир аз көз жүгүртө акырын
багаждын ичинен сыртка суурулуп
чыкты. Үч-төрт чет элдик машие
тизилип турат. Багажды акырын
жаап машиненин ичинде бир нерсе
болуп калбасын деген ниет менен
эшигин тартып көрдү. Бактыга
жараша ачкыч менен бекилбептир,
акырын ачып ичине кирди.
Алдыңкы орундагы майда барат
буюм-тайым салгычын ачып көрдү
эле желим баштыкчада салынган
бир нерсе бар экен. Ичин ача салса
жумшак нан, колбасасынын
кесиндиси, жумуртка, быштак бар
экен. Аларды көрүп энеси эркек
төрөгөндөй сүйүндү. "Оо Кудайым,
чын эле мага боору ооруду
окшойт. Ыракмат сага. Эми дагы
жолумду бере көр" бир жарым
суткадан бери оозуна наар
албагандыктан колундагы
гүлазыкты бирөө келип колунан
жулуп алчудай шашкалактай чала-
була чайнап жутуп кирди. Ошо
маалда күтүлбөгөн жерден
гараждын залы күйүп ары жактан
эки-үч киши кирип келишти. Диана
машиненин ичине жашынганга
араң-араң үлгүрдү. Тигилер өз ара
бир нерселерди сүйл-шүшө четте
турган машиненин багажын ачып,
желим жащикке окшогон төрт
бурчтуу бир нерсени бир бирден
көтөрүштү да кайра кетип
калышты. Электир жарыгы
кайрадан жалп этип өчтү. Сыягы
айланага эбакта эле караңгы кирсе
керек, Диана машиненин артында
канча саат уктаганын, канча саат
жатканын эстей албай койду.
Желим баштыктагы гүлазыкты
арыдан бери мойсоп таштады да
жумшак отургучка бир аз жата
кетти. Бул жактан кеткиси да
келбей, таң атканча ушул жерге
жатып түнөгүсү келип турду. "Түнү
бою жатып эртең менен кайрадан
багаждын ичине кирип алсамбы?"
көзүн жума бир аз ойлонуп турду.
"Кой болбойт, кармалып калышым
мүмкү, анда кайрадан
милициялардын колуна түшөм.
Андан көрө ушундай кырдаалдан
пайдаланып түн ичинде качып
чыгып кеткеним оң. Бул жерде
дагы бир-эки сааттай жата
турайын элдин баары тынчып
уйкуга киргенде сыртка чыгууга
аракеттенем" . Көзүн жумуп бир
топко жатты.
Арадан жарым саат өткөндөн
кийин кайрадан электир жарыгы
күйүп жанагы үч киши кайрадан
киришти да алиги машинеге
барышып, дагы бир бирден үч
жащикчени көтөрүп ары жакка
чыгып кетишти. Электир жарыгы
кайрадан өчтү, гараждын ичин
караңгылык каптады. Диананын
көзү караңгылыкка көнүп
калгандыктан гараж ичиндеги
нерселердин бардыгын
кадимкидей көрүп турду. "Менимче
уже түнкү саат он экилерден өтүп
бирге чукулдап калды го дейм,
булар эмне уктабай жүрүшөт. Баса,
мен азыр кайдамын? Балким бул
круглосуточно иштеген бир
организациядыр? Андай болсо
жакшы болбойт беле, короодон
запросто чыгып кетмекмин…"
Машиненин ичинде дагы бир нерсе
бар бекенби деп эч нерсеси
калтырбай бардыгын аңтарып
чыкты. Эркектердин кол саатын
таап алды. Саат экиге жыйырма
беш мүнөт калыптыр. Аны алып
туруп колуна тагып алды. "Кой, уже
пора, бул жактан кетпесе болбойт".
Ал акырын сыртка чыкты да
машинелер кирген дарбаза жакка
барды. Ал ичинен ачкыч менен
ачылма эке. Бери жактан алиги
отвёртканы алып келип аны ачууга
аракет кылып көрдү, бирок ача
албай койду. "Балким тигил
жагынан чыгып кетсе болот
чыгаар?" алиги үч киши жащик
көтөрүп чыгып кеткен эшик
тарапка барды. Түртүп көрдү эле
ал жак да ачылбай койду. "Демек
машинелер кирчү жакты киши
киргиз кылып бекитишкен экен
да". Бир аз туруп айланасына көз
жүгүртө тээ бурч жакта өйдө
көздөй кетчү аябай бийик
көтөрүлүп кеткен темир тепкичти
көрүп калды. Дароо ошол
тепкичтер менен өйдө карай
көтөрүлүп чыгып жөнөдү.
Тепкичтин бийиктиги кеминде эле
он беш метрдей экен. Көтөрүлүп
барып темир эшикти түртүп көрдү
эле эшик ачылып кетти. Анын
үстүндө узунунан кеткен кууш
коридор бар экен. Ошол коридор
менен жүрүп отуруп кичине
бөлмөгө кирди. Ары жактагы
эшигин тартып көрдү эле ачылбай
койду. Терезелери болсо бир
карыштан жыш кылып темир
менен тордоп салышыптыр.
"Демек бул жактан да чыгууга
мүмкүн эмес экен да". Диананын
көңүлү чөгө эмне кылаар айласын
таппай, башын тырмай туруп
калды. "Канткенде бул жактан
чыгып кетем, кандай болсо да бир
жолун табыш керек". Аңгыча төмөн
жагынан кандайдыр бир жарыктын
шооласын көрө койду. Акырын
барып караса капкак экен. Илгичин
ары тартып ачып жиберди да чочуп
кетип кайра жаба салды. Төмөн
жакта кишилер жүрүптүр. Бир аз
эсин жыйып отурган соң кайрадан
акырын ачып төмөн жактагыларга
көз жүгүрттү. Өз көзүнө өзү
ишенбей өңүмбү түшүмбү деп
ажырата албай таңгала карап туруп
калды. Тээ төмөн жакта алиги үч
адам кандайдыр бир станок,
аппараттар менен жасалма акча
жасап чыгарып, ары жакка жыйып
жатышкан болчу. Капкакты анча
чоң ачпай анча-мынча көтөрө
төмөн жакта иштеп аткандарга
кунт коюп карай баштады. Үчөө
тең бири-бирине окшош көк халат,
колдоруна жука мээлей кийип
алышыптыр. Узунунан кеткен
рулон кагаз жай жыла станоктун
ичине кирип, аркы жагынан
жыбырап акчанын сүрөтү болуп
чыгып жатты. Анын сапатын
текшерип, кунт коюп караган көз
айнекчен киши кылдат көтөрө
экинчи станоктон өткөрүп, анан
үчүнчүсүнө алып барды.
Үчүнчүсүнөн кадимкидей бөлүнүп-
бөлүнүп кесилип, ары жагынан
акча болуп чыгып, өзүнөн өзү ак
кагазга ороло таңгакталып ороло
берди. Бирөөсү акчанын сапатын
текшерип, начар болуп жакпай
калгандарын ары жактагы жащикке
брак кылып ачуулана ыргытып
жиберди. Диана алардын ар бир
кыймыл-аракеттерин жарым
саатка чейин былк этпей карап
турду. Ушул жарым саат
аралыгында алар бир да жолу
сүйлөшүшкөн жок, өз кызматтарын
билгендей бири-бирине көңүл
бөлбөй иштей беришти. Капкакты
акырын жаап Диана өзүнчө
ойлонуп калды "булар акчаларбы
же…, жөн эле кагаздарбы? Жөн эле
кагаздар болсо уурданышып түн
ичинде иштешпейт эле го…
Бирөөсүнөн кутулуп, эми
экинчисине тутулдумбу, булар
кимдер? Контрабандага
кабылдымбы, деги эмне болуп
баратат мамлекеттер? Ушул убакка
чейин катуу тартип болуп келген
Союз чачыраганы мыйзамга
жакпаган, өкмөткө баш бербеген
көп нерселер пайда боло баштады,
керек болсо буларга
милициялардын өздөрү да
аралашып кетип жатышпайбы.
Мафия эч убакта токтобойт да
жоголбойт. Мындай нерсеге чоң
кызматтагылардын өздөрү да
аралашып кетиши мүмкүн. "Дүнүйө
пайгамбарды да жолдон
чыгарыптыр" дегендей байлык,
акча кимдерди гана азгырбайт да,
кимдерди гана кутурттурбайт…"
Диана эңкейе кайрадан капкакты
ачып төмөн жакты карады. Экөө
эле калышыптыр, бирөөсү
таңгакталган акчаларды бирден
алып компьютер менен текшерип
кайра башкача кылып таңгактап
жатты. Экинчиси күтүлбөгөн
жерден акчаны өйдө көтөрө
жарыкка карады, шашып кеткен
Диана капкакты жаба салды.
"Мени ал байкап калдыбы?… Жок
байкашы мүмкүн эмес. Алар өтө
эле берилип иштеп жатышат.
Акырын артынан келип кармап
калбасын деп сактана айланасына
бир сыйра көз жүгүртүп алды. Эч
дабыш эч кандай шек билинбейт.
Акырын барып эшиктерди жаап
келди, " Баса, машиненин арткы
багажын жаптым беле?" Эстей
албай койду. Эстей албай койду.
"Эгер ачык боюнча калса шек алып
калышып, дароо эле кармашат
мени, кой кеч болуп кала электе
текшерип коёюн". Диана ордунан
атып туруп бутунун учу менен
кайра сыртка жөнөдү. Басканда
дабыш чыкпасын деп бут кийимин
колуна кармап алган болчу. Тепкич
менен төмөн карай түшүп,
жабылбай калга машиненин эшигин
акырын дабыш чыгарбай жапты да
арткы багажын текшерип көрдү.
Жабык экен. Ошол маалда
күтүлбөгөн жерден гараждын залы
"жарк" дей түштү. Диана дароо
машиненин артына калкаланды.
Кимдир бирөөлөр өздөрүнчө бир
нерселерди сүйлөшүшө ары
жактагы машинеге барышты да
арткы багажын ачышып бир нерсе
алышкандай болушту. Анан өз ара
кобураша машиненин жанына
туруп калышты. Бирөөсү
чөнтөгүнөн тамеки алып чыгып ,
"зажигалкасы" менен тамекисин
күйгүздү. Бул мезгилде Диана
машиненин ары жагына өтүп,
астыа акырын сойлоп кирип кеткен
болчу. Көп өтпөй эле бардыгы
машинеге отурушту да от алдырып
гараждан чыгып кетишти.
Гараждын эшиги кайра жабылып
калды. Сырткы короодон иттердин
үргөнү, машиненин үнүнүн алыстап
баратканы угулуп турду.
КАЙРАДАН КАПАСТА
Айлана өлүү жымжырт, тымтырс
болуп турду. Эмнегедир тигилер
гараждын жарыгын өчүрбөй
кетишти. Таманы цемент, сыз
жерде он, он беш мүнөттөй жаткан
соң Диана машиненин алдынан
сойлоп сыртка чыкты. Тепкич
менен көтөрүлө кайра экинчи
кабаттагы мурунку ордуна барды.
Алиги капкакты ачып төмөн жакка
көз жүгүрттү, электр жарыгы өчүп
алиги үчөө эбакта эле кетип
калышыптыр. Сыягы жанагы
машинеге түшүп кетишкен ошолор
окшойт. Капкакты чоң кылып ачып
жиберди да темир шаты менен
төмөн карай түшүп келди. Сактана
айланасына бир сыйра көз
жүгүртүп койду, эч кандай шектүү
эч нерсе билинбейт. Алиги
станоктун жанында жыйылып
турган кагаздарга барды. Көзгө
сайса көрүнгүс капкараңгы, кичине
бөлмөнүн ичине үстүңкү бөлүнүп
келген капкактан түшкөн жарык
анча-мынча болсо сөлөкөттөрдү
көрсөтүп турду. Караңгылыкка
көзү көрбөй жатып бара-бара
көнүп кетти. Айланасына көз
жүгүртө ары жакта дагы бир эшик
бар экенин көрдү. Жер алдындагы
үңкүрлөрдөй болуп терезелери жок,
туюк дубалдар экен. Булар эмне
болгон кагаздар деп стол
үстүндөгү таңгакталып турган
нерселерди текшерип көрдү.
Караңгыда эч нерсе көрүнбөйт,
акчабы, кагазбы айырмалап
болбойт, бирок кагаздар станоктон
жаңы гана өткөндүкүбү али
жылуулугу тарай элек экен. Стол
үстүнөн ширенке же кол фонарик
сыйпалап издеп көрдү, колуна ар
нерселер урунуп жатты, аркы
бөлмөдө кокусунан бирөөлөр болуп
калбасын деп бөлмөгө жылып
барды. Ал бөлмө кичине дагы
эшик-терезеси жок туюк экен.
"Кызык тигил үчөө каяктан чыгып
кетишти? Сыртка чыга турган эч
кандай эшиги да тешиги да жок
экен, же тигил алиги мен кирген
үстүнкү капкактан чыгыштыбы?
Менин оюмча алар гаражка тепкич
менен төмөн карай түшкөндөй
болушкан жок. Төмөн жактагы эле
эшиктен чыгышты. Кайра берки
бөлмөгө келип, столдогу
сурмаларды ачып аңтарып жатып
тамеки күйгүзгүч "зажигалка" таап
алды. Аны күйгүздү да жарыгы
менен стол үстүндөгү жыйылып
турган кагаздарга барды. Акчанын
беш-алты түрүн көрүп
таңгакталганынан көздөрү
бакырайа түштү. Казактын
теңгелери, кыргыздын сомдору,
орустардын рублдары, өздөрүнүн
өзбектердин сумдары, атүгүл
Америка долларлары турат өз-
өзүнчө таңгакталып, жыйылып.
"Тобоо, ушунча акчаларды кантип
жасап чыгарып жатышат? Бир эле
акча болсо бир жөн" ар бирин өз-
өзүнчө жарыкка коюп кылдат
текшерип жатты. Сыягы алар ар
бир чыныгы акчаны компьютерден
өткөрүп алышып, анан акча
чыгаргычын станоктон жасап
алышат окшойт. Ал эми бул кагаз
менен боёктору каяктан таап алып
атышат, же тааныштары барбы?…
Сыягы булар өздөрүнчө чоң
контрабанда же мафия окшойт.
Болбосо булардын кагазы менен
боёкторун табуу кандай гана
кыйын… Аңгыча күтүлбөгөн жерден
желкесинен катуу кармаган кимдир
бирөөнүн колунан чочуп кетип
бакырып жибере жаздады.
Кандайдыр бир күчтүү кол
моюнунан мыжый кармап туруп
төмөн карай катуу силкти эле
Диана жерге оңкосунан барып
сайылды. Далдайган сөлөкөт
алдындагы караанды тапатак
көтөрүп туруп столго отургузуп
койду. Диана каршылык
көрсөтөйүн деди эле катуу соккуга
шалдырай эси ооп калды. Көп
өтпөй эле бөлмөнүн жарыгы күйдү.
Алдындагы караан аялзат экен,
болгондо да алсыз жаш кыз
экенин көргөндө тиги таңкала
карап туруп калды.
- Сен каяктан келип калдың сулуу
кыз, асмандан түштүңбү?
Диана да бул каяктан келип калды
деп тигиге таңгалып жаткан болчу.
Ордунан козголоюн деди эле
далдайган киши чөнтөгүнөн
тапанчасын сууруп чыгып
кыйкырып коё берди.
- Ордуңан былк этпе, кымындай
эле кыймыл жасасаң атып салам!
Тапанчанын сүрүнөн корккон
Диана бир ордунда былк этпей
катып калды. Алиги далдайган
киши ары жактан жип алып келди
да Диананын эки колун артына
кайрып туруп байлап салды. Бир
нерсеси болуп жүрбөсүн дегендей
башынан баштап бутуна чейин жан
жерлерин бүт сыйпалап аңтарып
чыкты. Анан "сотовый" телефон
аркылуу кимдир бирөөлөр менен
сүйлөшө баштады.
- Билбейм каяктан киргенин,
үстүңкү капкактан тепкич аркылуу
түшүптүр. Ооба, ким билет
милициянын адамдарынан да
болуп калышы мүмкүн…
Көп өтпөй эле Диананын оң
жагындагы дубал эки жакка
ажырап ачылып, эки-үч адам
кирип келишти. Эки колу артына
байланып турган жаш, сулуу
кыздын жанына бардыгы жабыла
басып келишти.
- Бул кайдан кирип кетти бул
жакка. Биздин жашыруун бөлмөнү
кантип билип алды?
Алиги далдайган жигит билбейм
дегендей эки ийинин күйшөй
жогорудагы капкакты көрсөттү.
- Үстүңкү капкагы ачык экен, зачит
ошол капкагы аркылуу үстүнөн
кирди.
- Болуптур үстүнөн кирди деп
коёлу. Анда үстүнө каяктан келди?
Алар үстүн дагы, гаражды дагы,
короо ичин дагы бардыгын
текшерип чыгышты. Шектүү эч
кандай эч нерсе жок болучу.
Толмочунан келген башын
таптакыр жалтыратып алып салган
такырбаш, ак жумалынан,
сулуучумак келген такырбаш киши
столдо байлануу отурган кызга
кайрылды.
- Чыныңды айт сен жалгызсыңбы
же кишилериң барбы? Эгерде биз
курчоодо болгон күндө да баары
бир сени "заложница" кылып
кармайбыз. Биз туткунга
түшөөрдөн мурун сени да өзүбүз
менен кошо ала жатабыз.
- Чынымды айтам, мен
милициядан эмесмин, силер жакка
кокусунан кабылып калдым…
- Сүйлөгөнүңө караганда кыргыз
окшойсуң. Та-ак, айта бер
кандайча кабылып калдың? -
Бардыгы сактанып, шек алыша
анын сөзүн угуп, карап турушту.
- Бул жакка мен соода кылып
келгем. Кече кечке жуук боз улан
балдарга жолугуп калып, акчамдын
баарын алдырып жиберип, болгон
күчүм менен алардан качып
жөнөгөм. Кокусунан көчөнүн
бурчуна аппак машине келип
токтоду. Ичинен бир адам чыгып
арткы багажынан бир нерсе алып
ары көздөй басып кетти.
Багажынын бекитпегенин көрүп
калдым да артыман кууп
келатышкан балдардан жашынганы
багаждын ичине кирип бекинип
жашынып калдым. Ошол боюнча
ал жакта жатып көзүм илинип
кетиптир, бир кезде чочуп ойгонуп
кетип көзүмдү ачсам машине
эбакта токтоптур. Эптеп сыртка
чыгып карасам көп машинелер
токтогон гаражда экенмин,
эшиктериин баары бек экен. Түн
ортосунан ооп калыптыр, эч ким
жок. Сыртка чыкканга эшик издеп
мунун ичинде адашып жүрүп, ушул
жерге кандайча келип калганымды
өзүм да билбей калдым.
Бери жактагылар дале ишенишпей
карап турушту.
- Демек багаж менен уурданып
кирдим дечи, болуптур кайсыл
машине, жүр көрсөтчү?
Алар Диананы ээрчитип алиги
гаражка алып барышты. Ал дароо
эле өзү жаткан аппак жумурткадай
болгон машинени көрсөттү. Анын
ичинде кантип жатканын, кантип
ачканын атүгүл машиненин ичине
кирип колбаса, нан жегендеринен
бери көрсөтүп айтып берди.
Бирөөсү дале ишенбегендей өзүнчө
сүйлөнүп жатты.
- Мындай болушу мүмкүн эмес, бул
деген шефтин өзүнүн машинеси
да. Чыныңды айт, бул машиненин
багажына кайсыл көчөдөн түштүң?
- Ме бул жакка биринчи жолу
келишим, Ташкендин көчөлөрүн
жакшы тааныбайм.
- Соода кылып өзүң жалгыз келдиң
беле?
- Жок, кыздар бар болчу. Соодабыз
бүткөн, алып келген нерсебизди
жаңы эле сатып бүтүп кайра
кетебиз деп жатканбыз. Анан
дүкөн жакка үйгө бир нерсе алам
деп бара калып, алиги топ
балдарга кабылып калып
жатпаймынбы…
Диана баары бир канчалык
жанталашса да тигилер ишенишкен
жок.
- Болуптур, дагы шашпай
сүйлөшөбүз. Эртең шефибиз келет,
өзү шашпай сени менен "разборка"
кылат. Кыскасы бул жактан экинчи
чыкпас болуп каласың же өлүгүң
чыгат. Биякка чоочун адамдардан
бир да бирөө кирген эмес, а эгер
кирсе кайра эч убакта сыртка
чыкпайт, биздин шерт ушундай.
Шеф эртең келет, ага чейин муну
ушул жерде кармап тур…, -
келгендер кайра кетүүгө
камынышты.
- Жарайт, - алиги далдайган киши
кызды кайтаруу милдетин өз
мойнуна алып, тигилерди узатып
барып келди. Станоктун алдындагы
тегерек айлампаны айлантканда
дубал кайрадан экиге бөлүнүп
ачылып, тигилер Диананы бир
карап алышып ар жакка өтүп
кетишти. Далдайган киши тегерек
айлампаны кайрадан айлантып
койду эле дубал акырын жылып
келип биригип калды. "Вот в чём
дело, булар кантип чыгып
кетишкен деп баш оорутуп жатса,
көрсө дубал ачылат турбайбы..."
Диана кеткендерди унчукпай узата
карап турду. Далдайган киши
ырсалактай бери басып келди.
- Капканга алыстан учуп келип
кабылган куш экенсиң го. Баса
айтмакчы, кокусунан сен биздин
шефтин ойношу эмессиңби ыя.
Эртең анан ызы-чуу салып жүрбө
бизге, ха-ха-ха! Кана айтчы
бутуңду да таңып коёюнбу, же…
тынч отурасыңбы? Болуптур тынч
отурсаң ушул боюнча отура
бересиң тигилер келгенче. Шефтер
эртең менен саат тогуздарда
келет. Али төрт саат бар. Ал азыр
сен жөнүндө эч нерсе биле элек.
Анын тынчын алгыбыз келген жок.
Сенин маселең чатак болуп турат,
өлтүрүп коюшу да мүмкүн. Сендей
сулуу кыздар өлүп калса албетте
жалка.
Диана эмне кылар айласын билбей
жатты. Биринен эптеп кутулса
дагы бир экинчисине туткунга
түшүп калганына жинденип отурду.
"Мени эмне эле кырсык тороп
калган, тигилерде качсам
милициялар, милициялардан
качсам булар. Эми булардан
кантип кутулуп кете алам.
Тигилерден да булар жаман да,
жашыруун сырларын билип алдым.
Чын эле алиги киши айткандай
менин жөн гана көзүмдү тазалап
коюшу мүмкүн. Эми булардан
кантип кутулам, же тигилердей
кылып мени да пайдаланышабы?
Же өткөндөгүдөй болуп качуунун
бир жолун таап көрсөмбү?"
- Мен туалетке баргым келип атат.
- Я де… Бизде туалет жок, чыда
шефтер келгиче…
- Жок, чыдай албайм.
- Болуптур жүрү, - ал Диананы
колдон ала кайдадыр жетелеп
жөнөдү. Кууш кичине эшикке келди
да токтоду.
- Ушунун ичи туалет, бол кирип
чык.
- Колумду чечпейсиңби?
- Болбойт эптеп жолун тап, же
штаныңды мен шыпырып
берейинби, ха-ха-ха, болуптур бери
кел, - ал Диананын артына
байланган колун чечип өзү сыртта
калды.
- Бат чык, эшикти ичинен илбе!
- Ажаткананын ичине кирген Диана
дароо эле качканга тешик бар
бекенби дегендей терезелерди
издеди. Эч кандай терезе жок, бек
экен. Үмүтү үзүлө шалдая туруп
калды. "Эмне кылсам?" Кокусунан
бурчта тикесинен жөлөнүп турган
темир түтүктү көрө коюп кайрадан
үмүт оту "жылт" этти. Аны акырын
артына ката сыртка жөнөдү.
Далдайган киши бери жакка
далысын сала ары карап туруптур,
дабышка бери бурула бергенде
Диана болгон күчү менен керилип
туруп тигини баштан ары удаа-
удаа эки-үч жолу басып-басып
алды. Тигил сөз сүйлөгөнгө
дарманы келбей жерге оңкосунан
сайыла, кулап түштү. Дагы ордунан
туруп келатканда керилип туруп
темир түтүк менен дал төбөгө
чапты, ошондо гана далдайган
киши жерге кулаган боюнча былк
этпей калды. Бир аздан кийин
жарылган башынан сызылып кан
ага баштады. Канды көргөндө
Диана колундагы темир түтүгүн
таштап жиберип, өзүнүн
канкордугуна таңгала, көзүн
алайта, артка кетенчиктеди. Бир аз
дендароо боло туруп калды, анан
бирөөгө ийне сайгандай "селт" эте
түштү. Эсине келе дароо чочулай
эки жакты карады. Саат беш
жарым болуптур, эмнегедир
куугунчулар келаткандай
шашкалактай баштады. Эмне
иштээрин билбей ары жүгүрүп,
бери жүгүрүп токтоп, өзүн-өзү
кармоого аракет кылып көрдү.
"Мен эмне эле шашкалактап жатам,
али үч жарым саат бар го. Шашпай
ойлонуп иш кылайынчы…" , ал бир
аз турган соң биричи кезекте эле
жерде башынан кан сызылып агып
сулк жаткан кишини байлап
салууну эп көрдү. Антпесе ал эсине
келчү болсо иш чатакка айланмак.
Ары жакта жаткан өзүн байлаган
жипти алып, тигинин колун артына
кайрыды да чече алгыз кылып
катуу байлап таштады. Анан дагы
жип таап келип буттарын да
бириктирип байлап салды, эсине
келсе кыйкырбасын дегендей
оозун да чүпүрөк менен таңып
таштады. Бул жактын кожоюндары
келгиче көздөн кайым болуп кетиш
керек болчу. Бери жакта турган
тегерек айлампаны айлантып
көрдү эле дубал экиге бөлүнө эки
жакка ажырап ачыла баштады.
Аркы бөлмөнүн эшиги бар экен,
ошол эшик аркылуу чыкты. Анын
эшиги болсо мурункудай эле бек,
ал эми короонун ичиде болсо бош
жүргөн дөбөт иттер. "Эх, эми эмне
кылам?" - Ал кабагынан каар
жаадыра башын мыкчып отуруп
калды. "Кой урушта туруш жок,
минтип шалдайып отура берсем,
точно тигилердин туткуну болом,
андан көрө аракетке берекет"
дегендей аракет керек.
Диана сыртка чыкканга эшик
издей баштады. Терезелердин
баары темир тор экен. Үстүнкү
кабатка көтөрүлүп терезелерин
тартып ачып көрдү, темир
терезелерден өткөнгө мүмкүн эмес
болчу. Капкакты ачып кайра
мурунку ордуна төмөн түшүп
келди, тигил дале былк этпей
жатат, башынан сызылып аккан
кан полго жайылып кетиптир.
Диана ага көңүл да бөлгөн жок, эс-
дартынын баары эле сыртка
чыкканга эшик же тешик табуу
болчу. Бөлмөлөрдү, коридорлорду
бүт кыдырып чыкты, темир
каалгаларынын баары кулпулануу.
Кулпуларын темир менен ургуласа
тарсылдаган үн чыгып, иттер
арсылдап үрүп, сырт жактан жетип
келип кармап алышы мүмкүн
болчу. "Чын эле балким бул
короонун сыртында көзөмөлчү-
кароолчулары бардыр, "сактыкта
кордук жок", кой сак болоюн".
Кууш коридорлорду, бөлмөлөрдү
кыдырып чыккан соң кайра
үстүңкү кабатка шаты менен
көтөрүлүп чыкты. Бул жерлерди
бир сыйра текшерип чыккан болчу.
Жогору жагындагы шыпкада
чатырга чыкчу капкагы бар экен,
кеминде эле беш метр бийиктикте.
Төмөн жактагы темир шатыны
тартып алды да жогору жакка
коюп көтөрүлүп чыкты, акырын
астынан түртүп көрдү эле капкак
көтөрүлүп, ачылып кетти. Жыгач
жащикке бир нерселер салынып
тизилип коюлуптур, ага көңүл
бөлгөн жок. Караганга убактысы да
жок болчу. Алардан ары өткөндө
узун төмөн карай тепкичтер бар
экен. Ошол тепкич менен кайра
төмөн карай түшүп кетти. Бир топ
төмөн түштү, анан кайра кууш
коридор менен жүрүп отуруп
кандайдыр бир ичи кенен залга
кирди. Сыягы бул жер мурун цех
окшойт, эски станоктор турат
тизилип. Ал жактан да чыкканга
мүмкүнчүлүк ала албай койду. Бул
цех көптөн бери иштебегендики
билинип турат. Анткени цехтин
ичин, станокторду ч басып
кетиптир. Эшиги болсо ичинен
беш-алты кулпу менен бекилиптир.
Кулпуларды сындырууга аракет
кылып көрдү эле күчү жетпей
койду. Тырмалаңдап ары жулкуп,
бери жулкуп отуруп өзүнүн
алсыздыгына ызалана колунун
ооруганына карабай кулпуну эки-үч
жолу чаап жиберди. "Сыягы даана
капаска түшкөн окшойм. Тиги
гараждагы машинелердин
бирөөсүн от алдырып, дарбазасын
талкалай сүзүп, айдай качсамбы?..
Биринчиден машинени от
алдырганды, айдаганды билбейм,
экинчиден анда бат эле кармалып
калам, кууп жетип алышат. Эң
башкысы тигилерге билгизбей,
көрүнбөй качып кетиш керек болуп
жатат". Кайра чатырга көтөрүлүп
чыгып, машинелер турган гаражка
келди. Чет элдик жети машина
тизилип турган. Бардыгын бир
сыйра карап текшерип чыкты
"буларды баары бир айдап чыга
албайм" кокусунан ал чоң ак
машинанын алдында турган
тегерек темир капкакты көрдү.
Дароо жетип барып ичин кулагы
менен тыңшады эле суунун
шылдыраган үнү угулуп жатты.
"Демек суунун түтүгү бар экен да
бул жерде". Машинеден башы
жумуру келген темир ачкыч алып
келди да бир топко убараланып
жатып эптеп ачып ары көздөй
жылдырды. Суунун тамчылаган үнү
угулат, төмөн жагы көрүнбөйт
караңгы. Тигил киши жаткан
бөлмөгө чуркап барып, столдордун
сурмаларын аңтарып жатып
колфонарик таап алды. "Кудай
буюрса ишим оңолот окшойт" ал
өзүнчө сүйүнүп койду. Саатты
караса алты жарым болуптур,
дээрлик бир сааттай сыртка
чыкканга эшик издеп
убараланыптыр. "Эми тигил жакта
өткөөл болсо экен" кол фонариги
менен төмөн жакка жарык берди
эле жер алды менен эки кулачтай
келген чоң темир түтүк өтүптүр.
Ичине түшүп эки жагына көз
жүгүртүп көрдү. Темир түтүктүн
үстү менен сойлоп жүрүп отурса
болчудай экен. Түтүктүн үстү
менен он кадамдай сойлоп барды,
анан бир нерсе эсине түшкөндөй
тык токтоду да кайра арты менен
сойлоп ордуна келди. Үстүнө
чыгып акча жасап жатышкан
бөлмөгө баш бакты. Тигил киши
өлүп калган жокпу деп кол
тамырын кармап, жүрөгүн тыңшап
көрдү. Акырын дем алып жатканы
билинип турду. "Демек тирүү экен
да, кайра жакшы болду, киши
өмүрүнө бөөдөдөн-бөөдө забым
болуп кала жаздадым" . Эсине
келсе айланасындагыларды
көрбөсүн деп ары жактан башына
кара баштыкты кийгизип таштады.
Дагы бир кара баштыкты алып
стол үстүндөгү ирети менен
жыйылып турган акчалардын
бардыгын батышынча кара
баштыкка салып артына асынып
байлап алды. Стол үстүндөгү
акчалардын төрттөн бир бөлүгү
азая түштү. Алардын ичинде
казактардын теңгеси, өзбектердин
суму, кыргыздардын сому, рубль,
доллар баардыгы аралаш болчу.
Алиги тегерек айлампаны акырын
бурап туруп, дубалдар бири-бирине
жакындап жылып келатканда
жабыла электе ары жагына жүгүрүп
өтүп кетти. Дубалдар бири-бирине
биригип жабылып калды. Диана
артын бир карап койду да
машинанын артындагы капкакка
жүгүрүп келди. Анан шашыла
төмөн түшүп үстүндөгү капкакты
мурункусундай кылып жаап салды.
Заматта жер алды капкараңгы эле
боло түштү. Кол фонаригин
күйгүзүп алып өтө эле кууш
кичинекей өткөөл аркылуу чоң
темир түтүктүн үстү менен сойлоп
жөнөдү.
ДИАНАНЫН ИШЕНГЕН КОЖОСУ
Короо ичинде турган темир кранга
барып суу агызып, келемиштер
тиштеп канаган сандарын чүпүрөк
менен тазалап, буттарын жууп,
жүзүн чайып, өзүн бир аз иретке
келтирди. "Эмне кылсам бул жакка
турганга баары бир болбойт экен.
Бул жерде жашынып тура берсем
акыры жакшылык менен бүтпөйт,
тиги мадыра баштарды алдаса
айтып коюшу да мүмкүн. Анда
акырын аңдып келишип кармап
алышат.
Дагы бир сыйра келип текшерип
калышы да ыктымал. Кандай
болсо да жергеме жетүүгө аракет
кылышым керек. Түз эле
Кыргызстан тарапка барууга
мүмкүн эмес. Ташкенден келген
автобустардын бардыгын тигил
жактан көз салып тосуп турушат.
Алма-Ата же Душанбе жакка кетиш
керек, ал жактан эптеп
Кыргызстанга жетип алам. Баары
бир биринчи кещекте акча керек,
анча болбосо эч нерсени чече
албайсың. Баса, айтмакчы эмне
эле көрүнгөндөн качып, коркуп
жүрөм. Түз эле милицияга
барбаймынбы. Болгонун болгондой
айтып, кайра тигилердин өздөрүнө
куугунтук жасатпаймынбы.
Алардын көзүнчө тигилер мени эч
нерсе кыла алышпайт да, беш-
алты күн бою бул жакта ачка
кыйналып жатпай ушуну эмне
убагында ойлободум экен.
Алардын жардамы аркылуу,
кайтаруусу менен өзүбүздүн жерге
ама-эсен жетип албаймынбы. Алар
болсо биздин милиционерлерге
мени ьапшырышат, мен аларга да
болгонун болгондой айтып берем.
Анан тигил түрмөнүн быт-чытын
чыгарышат, кор болуп жатышкан
кыздардын бардыгын туткундан
бошотом. Ушуну башында эмне
ойлободум экен кеңкелес башым",
- Диана өңү-башын бир сыйра
оңдоп, акырын эки жагын сактана
карай көчөгө чыкты. Көчөдө
бараткан ар бир машинени, ар бир
кишини шекшинип карай берди.
- Кечирип коюңуз жакын арада
милиция бөлүмчөсү барбы? -
көчөдө кетип баратка улгайып
калган кемпирден сурады эле ал
билбейм дегендей башын чайкай
ийнин күйшөп койду да жолун улап
кете берди. Жашыраак жигиттен
сурады эле ал токтой калып бир
нерсени эстегендей ойлонуп
калды.
- Ушу көчө мене түз жүрүп
отурсаңыз Хамза деген көчө
туурасынан кетет. Ошол көчөгө
түшүп оң жакка бурулуп жүрүп
отурсаңыз "милиция" деген
жазуусу бар чоң үйгө кезигесиз.
Мына ошолорго кайрылсаңыз
болот.
- Рахмат.
Жигиттин айтканы боюнча эки
жагын элеңдей карай кичирээк,
машине аз жүргөн көчө менен
жүрүп отурду. Ар бир өткөн
машинелерди чочулай карап өтүп
кеткиче далысын сала калат.
Машинеден атырылып чыга калып
колун толгоп, оозун басып
машинеге салып кетчүдөй сезип
жатты. Кокусунан көчөдө кетип
бараткан милиционерди көрө коюп
өзүн куткарчу кишилерин
көргөндөй кубанып кетти. Арышын
кенен таштай аны кууп жетип
токтотту. Ал артына бурула
татынакай жаш кыз менен тиктеше
түштү. Диана эмнегедир анын көз
карашынан бир нерсени сезгендей
жүрөгү болк этип барып оңолду.
- Кечирип коюңуз жакын арадан
милиция бөлүмү барбы?
Ал жооп бербей Диананы бир топко
тигилип турду.
- Айта бер, в чём проблема?
- Мени бөлүмүңөргө жеткирип
коюңузчу, анан айтам.
Ал Диананы бир топко көзүн албай
тиктеп турду.
- Болуптур, айткың келбесе жүрү
алып барайын. Сага көмөк бергенге
менин деле колумдан келет. Так
что мага айта берсең да болот.
- Жок, бул секрет, бөлүмгө
барганда гана силердин чоңуңар
менен сүйлөшөм…
- Ыя де, ошондой де… Кокусунан
алтын таап алган жоксуңбу, аны
мени менен бөлүшсөң деле болот,
тамаша. Жүрү мени ээрчи.
Боң узун толмочунан келген
милиционер өзү алдыга жол
баштап жөнөдү. Өзүн бардык
кокустуктардан сактап кала турган
киши ушул милиционер болчудай
Диана мурункудай болуп чочулабай
өзүн кичине эркинирээк сезип
калды.
- Сүйлөгөн, баскан-турганыңа
караганда башка улуттан
окшойсуң, же жергиликтүү
элесиңби?
Диана унчуккан жок.
Экөө көп өтпөй эле "милиция"
деген жазуусу бар анча чоң эмес
үйгө келишти. Өзүнчө бакылдай
алдыда келаткан алиги далдайган
киши Диананы алдыга өткөрүп өзү
артынан ээрчип кирди.
- Бул жерге отуруп туруңуз. Мен
азыр…, - ал ары жакта турган
милиция менен өз ара бир
нерселерди сүйлөшүп калышты.
Экө бөлмөнүн ортосун чоң айнек
бөлүп турат экен, айнектен
бардыгы көрүнүп турду. Алиги
киши Диананы көрсөтө
жанындагысына бир нерселерди
айтып бери жатты. Анан экөө тең
Диананы карап калышты. Ары
жакта столдо отурган, чини
капитан жигит ордунан дароо тура
калып Диананын жанына басып
келди.
- Сиз начальникке келдиңизби,
анын жумушу биз аркылуу бүтөт.
Бизге деле айта берсеңиз болот.
- Жок, мен жекече өзү менен гана
сүйлөшөм.
- Болуптур, анда күтүүгө туура
келет, анын колу бош эмес
азырынча. Мындай отуруп туруңуз.
Капитан ары басып кетти дагы
толмочунан келген кишиге бир
нерселерди айта башын
ийкегиледи. Эмнегедир Дианада
шектенүү пайда болду. Акырын
ордунан жыла капитандын
телефондон сүйлөшкөн сөздөрүнө
кулак төшөдү.
- Алё, силердин жоготкон
кызыңарды таптык. Ал бизде
отурат, бизди издетпей эле шамал
айдап өзү келди. Келип алып
кетсеңер болот, баса айтмакчы
вознаграждениеңерди унутпагыла…
Бул сөздү укканда Диана өз
кулагына өзү ишенбей турду.
"Мындай болушу мүмкүн эмес,
неужели баары бири-бири менен
тыгыз байланышта. Демек булар
да тигилердин кишилери экен да"
Диана аркы бөлмөдөгүлөргө
билгизбей акырын жылып жөнөдү.
Эшикти ачып сыртка атып чыкты
да айланасына көз жүгүрттү.
Болгон күчү менен бет алды чуркап
жөнөдү. Анан курулушка жетип
бурулуп кетти. Артынан бирөө кууп
келаткандай артын карабай катуу
чуркады. Тээ бир далай жерге
чуркап барып, чоң дарактын
далдасына анча-мынча демин
жыйганы отура калды. Ошо маалда
өзүнөн анча алыс эмес жерге
аппак жумурткадай болгон
жалтыраган чет элдик машине
келип токтоп, андан бир киши
чыкты. Эки жагына көз жүгүртө
машинесинин арткы багажын ачып
чоң сумка алып чыкты да аны
көтөргөн боюнча жанында турган
дүкөнгө кирип кетти.
Көз ачып жумганчалык убакыттын
ичинде Диананын мээсине бир ой
кылт эте түштү. Эки жагына көз
жүгүртүп алып, чуркаган боюнча
алиги машинанын арткы багажын
ачып жиберип ичине кирип,
жашынып калды. Арадан көп
убакыт өтпөй эле алиги киши келип
машинесин от алдырды да
кайдадыр жүрүп кетти. Бөлүмдөн
сыртка атып чыгышкан милиция
кызматкерлери көз ачып
жумганчалык убакыт ичинде
Диананы жоготуп, жер сыйпалап
таппай калышты.
ЖАСАЛМА АКЧАЛАР
Машинанын арткы багажынын ичи
көзгө сайса көрүнгүс болчу.
Дүрүлдөгөн мотордун гана үнү
угулат. Диана каякка баратканы
белгисиз, көзүн жумуп кете берди.
Түнкү суукта ээн, сыз бөлмөдө
үшүп жакшы уктай албагандыкы
жарым саат убакыт өткөндөн
кийин көзү илинип кетти.
Канча уктаганы белгисиз "тарс" эте
машиненин каалгасынын жабылган
үнүнө "селт" эте чочуп ойгонуп
кетип, каяктамын дегендей
айланасына көз жүгүртүп алды.
Сырттан кобурашкан адамдардын
үнү чыгып жатты, бирок эмне
жөнүндө сүйлөшүп жатышканы
анча угулган жок. Бир кезде
айдоочусу кайрадан машинеге
отуруп от алдырды да каяккадыр
жай айдап жөнөдү. Сыягы
короонун же гараждын ичине
киргендей болду. Ары жактан
иттердин арсылдап үргөнү да
угулуп жатты. Машие жай жылып
барып токтоп, үнү өчүп дымып
калды. Анын ээсинин сыртка
чыкканы билинип турду.
Машинесинин эшигин жаап ары
көздөй басып кеткенсиди. Ошол
боюнча айлана жымжырт боло
түштү. Диана сыртка чыккандан
коркуп көзүн жумуп жата берди.
Алысыраак жакта кез-кез иттердин
үргөнү кулагына угулуп жатты.
Сыягы алар короонун ичинде
байлануу окшойт. "Эмне кылсам,
сыртка чыксамбы, же жата
турсамбы?" Сыртка чыкканда
каякка барам, кайрадан эле
милицияларга кармалып калам да.
Баса, айтмакчы милициялар менен
тигилердин байланыштары барбы,
же мен жаңылып уктумбу? Жок
дапдаана эле уктум. Алиги
милициянын телефондон кимдир
бирөөлөр менен сүйлөшкөнү
кайрадан кулагына жаңырды, "Ал
бизди издетпей эле шамал айдап
өзү келди. Келип алып кетсеңер
болот. Вознаграждениеңерди
унутпагыла" . Анын айтканын даана
эле өз кулагым менен укпадымбы,
булардын баары бир мафияда.
Тигилер тургай милициялардын
өздөрүнө да көрүнбөш керек болуп
калды. Тобо, заман эмне болуп
баратат. Эч кимден коркпогон өзүн
өзү билген бөрү заман болуп
баратабы?"
Каякка келгенин билгени акырын
көз жүгүртө багажды ачып сырт
жакты карамакчы болду эле аны
ичинен ача албай койду. "Ушинтип
камалып каламбы, анда эртең эле
мунун кожоюну багажды өзү
ачканда кармалып калам. Анын
кандай адам экенин ким билет,
мени ууру деп кайрадан
милициялардын колуна карматып,
салып бери коюшу ыктымал. Жок,
кандай болсо да бул жактан
чыгышым керек. Сыягы
машинесинин оозун ачкыч менен
бекиткен жок окшойт. Бах, чиркин
машинесинде акча болуп калса
кандай гана жакшы болот эле,
дароо бул жактан безип жоголот
элем…" Багаждын эшигин түртүп
көрдү эле ачылбай койду. Бекиткен
жерин колу менен акырын
сыйпалады. Кулпусу катуу
бекилиптир, бирок бир нерсе менен
ачса болчудай экен. Колу менен
жан жерлери сыйпалап бир нерсе
издей баштады. Ары бурч жагында
сумка бар экен, ичин ачса толтура
машиненин ачкычтары
салыныптыр. "Кудай берди деген
ушул" Диана сүйүнүп кетти. "Мунун
ичи түрмөдөн да жаман экен, ушу
боюнча камалып жата берсең
капастан айырмасы жок. Кой,
кандай болсо да чыгыш керек", -
колу менен сыйпалап бир ачкычты
таап алды дагы алиги кулпунун
илгичин күч менен түртө баштады.
Илгичке илинбей эки-үч жолу колу
тайып кетип ары жактагы темир
уруп алды. Ачкыч темирге
тийгенде эки-үч жолу "тарс" деген
үн чыгып кетти. Эч ким уккан
жокпу дегендей токтоп калды да
дымын чыгарбай сырт жакка кулак
төшөдү. Сырт жак тымтырс сыягы
машинанын ээси гараждын оозун
бекитип ары жактагы үйгө кирип
кетсе керек. Диана кайрадан
тырмалаңдап кулпунун илгичин
ачууга аракет жасай баштады. Ошо
маалда кандайдыр кишилердин
сүйлөшкөн үндөрү угулуп, сырт
жактан дагы бир машине
киргендей болду. Андан соң ага
удаа эле дагы бир машине кирди.
Көп өтпөй экөөнүн тең мотору
өчүп, эшиктери биринин артынан
бири удаа "тарс" этип жабылды да
кобурашкан адамдын үндөрү ары
карай алыстап кетти. Кайрадан
жымжырттык, сыртта кез-кез
иттердин үргөн үндөрү угулуп
жатты. "Сыягы короодо чынжыр
менен байланган эки-үч ит бар
окшойт. Эгер бар болсо кантип
чыгып кете алам короодон? Ие,
башка салганды көрөрмүн, андан
көрө бул капастан чыгайынчы" .
Алиги чоң ачкычты алып кайрадан
кулпуга асыла баштады. "Кой бир
аз жата турайын, али эрте
чыкканга, сыртка караңгы кирсин,
анан эл тынчыганда муну эптеп
ачып алам да бул жактан чыгып
кетем".
Диана сол жак капталына
оодарылып жатты. Бутун сунуп
көрдү эле мүмкүнчүлүк ала албай
койду. Керилип-чоюлуп, бутту
кенен сунуп жатканга эч мүмкүн
эмес болчу. Ошентсе да эптеп
ыңгайын таап уюган буттарын
жазып алып атты. Эптеп убакытты
өткөрүш керек эле. Тээ мектепте
лкуп жүргөндөгү жаш кезин эстеди.
Анда төртүнчү класста окучу,
эжеси экөө уруша кетип, ага
таарынып сандыктын ичине кирип
жашынып калган. Ада да дал эле
ушундай болуп капкараңгы болчу.
Бирок буга салыштырмалуу алды
жумшак жатканга ыңгайлуу эле.
Энеси өзүнө жаккан ар кандай
чүпүрөк-сапырактарды сатып
алып, кийин кыздарым күйөөгө
чыкканда ушуларды берем деп
чогултуп сала берген. Сандыкка
жата бери, жата бери дал эле
азыркыдай болуп уктап калыптыр.
Ошол боюнча таңга жуук барып бир
ойгонгон. Уйкусурай сандыкты
ачып алып төшөгүнө жатканы
келатса эжеси, апасы менен атасы
бул каяктан келатат дешип
ооздорун ачып өз көздөрүнө
өздөрү ишенишпей таңгалып
калышыптыр. Анткени аны жоготуп
ийишип түнү бою айылды түп
көтөрө издешиптир. Кошуналарга
барып алардын тынчын алып,
чуңкурлардын баарын карашып,
элирип кетпесин дешип айыл
четиндеги мүрзөлөргө чейин
барышыптыр. Короо-сарайларды
бүт эч нерсесин калтырбай
тинтишиптир. Үйдүн ичиндеги
залдын бурчуда турган сандык
дегеле ойлоруна келбептир. Чачы-
башы уйпаланып уйкусурап
келаткан кызын көрүп үчөө тең
бакыра басып калышкан. Түнү бою
укташпай үчөө тең жинди болуп
кете жаздашыптыр. Атүгүл эжесин
да апасы аябай урушуптур. Бул
окуяны көпкө чейин унутушпай
эстешкен сайын күлүп жүрүштү.
"Ооба анда караңгы болгону менен
запросто чыгып кетсе болот болчу,
азырчы, кыйын болсоң эми чыгып
көр… - анын оюн машиненин
дүрүлдөгөн үнү бузду. Гараждын
дарбазасы ачылып сырттан
кандайдыр машине кирди. "Бул
эмне гаражбы же автостоянкабы? ""
Диананын башы жетпей
турду.Машиенин газы катуу-катуу
басылды да анан тынчып калды.
Кишилердин кобурашкан үндөрү
чыгып, акырындап алар да
жоголуп кетишти.
Диана жарым сааттай жатты,
акыры чыдай албай кетти, алиги
чоң ачкыч менен ачылбасына көзү
жетип кайрадан колу менен
сыйпалап учу шиш отвёртка таап
алды. Аны кулпунун башына
кийирип туруп өзүн карай күч
менен тартып жиберди эле "тарс"
этип багаждын капкагы ачылып
калды. Ордунан акырын көтөрүлүп
айланасына көз жүгүрттү. Алиги
гараж дегени үстү аябай бийик, ичи
кенен, чоң зал экен. Айланасына
бир аз көз жүгүртө акырын
багаждын ичинен сыртка суурулуп
чыкты. Үч-төрт чет элдик машие
тизилип турат. Багажды акырын
жаап машиненин ичинде бир нерсе
болуп калбасын деген ниет менен
эшигин тартып көрдү. Бактыга
жараша ачкыч менен бекилбептир,
акырын ачып ичине кирди.
Алдыңкы орундагы майда барат
буюм-тайым салгычын ачып көрдү
эле желим баштыкчада салынган
бир нерсе бар экен. Ичин ача салса
жумшак нан, колбасасынын
кесиндиси, жумуртка, быштак бар
экен. Аларды көрүп энеси эркек
төрөгөндөй сүйүндү. "Оо Кудайым,
чын эле мага боору ооруду
окшойт. Ыракмат сага. Эми дагы
жолумду бере көр" бир жарым
суткадан бери оозуна наар
албагандыктан колундагы
гүлазыкты бирөө келип колунан
жулуп алчудай шашкалактай чала-
була чайнап жутуп кирди. Ошо
маалда күтүлбөгөн жерден
гараждын залы күйүп ары жактан
эки-үч киши кирип келишти. Диана
машиненин ичине жашынганга
араң-араң үлгүрдү. Тигилер өз ара
бир нерселерди сүйл-шүшө четте
турган машиненин багажын ачып,
желим жащикке окшогон төрт
бурчтуу бир нерсени бир бирден
көтөрүштү да кайра кетип
калышты. Электир жарыгы
кайрадан жалп этип өчтү. Сыягы
айланага эбакта эле караңгы кирсе
керек, Диана машиненин артында
канча саат уктаганын, канча саат
жатканын эстей албай койду.
Желим баштыктагы гүлазыкты
арыдан бери мойсоп таштады да
жумшак отургучка бир аз жата
кетти. Бул жактан кеткиси да
келбей, таң атканча ушул жерге
жатып түнөгүсү келип турду. "Түнү
бою жатып эртең менен кайрадан
багаждын ичине кирип алсамбы?"
көзүн жума бир аз ойлонуп турду.
"Кой болбойт, кармалып калышым
мүмкү, анда кайрадан
милициялардын колуна түшөм.
Андан көрө ушундай кырдаалдан
пайдаланып түн ичинде качып
чыгып кеткеним оң. Бул жерде
дагы бир-эки сааттай жата
турайын элдин баары тынчып
уйкуга киргенде сыртка чыгууга
аракеттенем" . Көзүн жумуп бир
топко жатты.
Арадан жарым саат өткөндөн
кийин кайрадан электир жарыгы
күйүп жанагы үч киши кайрадан
киришти да алиги машинеге
барышып, дагы бир бирден үч
жащикчени көтөрүп ары жакка
чыгып кетишти. Электир жарыгы
кайрадан өчтү, гараждын ичин
караңгылык каптады. Диананын
көзү караңгылыкка көнүп
калгандыктан гараж ичиндеги
нерселердин бардыгын
кадимкидей көрүп турду. "Менимче
уже түнкү саат он экилерден өтүп
бирге чукулдап калды го дейм,
булар эмне уктабай жүрүшөт. Баса,
мен азыр кайдамын? Балким бул
круглосуточно иштеген бир
организациядыр? Андай болсо
жакшы болбойт беле, короодон
запросто чыгып кетмекмин…"
Машиненин ичинде дагы бир нерсе
бар бекенби деп эч нерсеси
калтырбай бардыгын аңтарып
чыкты. Эркектердин кол саатын
таап алды. Саат экиге жыйырма
беш мүнөт калыптыр. Аны алып
туруп колуна тагып алды. "Кой, уже
пора, бул жактан кетпесе болбойт".
Ал акырын сыртка чыкты да
машинелер кирген дарбаза жакка
барды. Ал ичинен ачкыч менен
ачылма эке. Бери жактан алиги
отвёртканы алып келип аны ачууга
аракет кылып көрдү, бирок ача
албай койду. "Балким тигил
жагынан чыгып кетсе болот
чыгаар?" алиги үч киши жащик
көтөрүп чыгып кеткен эшик
тарапка барды. Түртүп көрдү эле
ал жак да ачылбай койду. "Демек
машинелер кирчү жакты киши
киргиз кылып бекитишкен экен
да". Бир аз туруп айланасына көз
жүгүртө тээ бурч жакта өйдө
көздөй кетчү аябай бийик
көтөрүлүп кеткен темир тепкичти
көрүп калды. Дароо ошол
тепкичтер менен өйдө карай
көтөрүлүп чыгып жөнөдү.
Тепкичтин бийиктиги кеминде эле
он беш метрдей экен. Көтөрүлүп
барып темир эшикти түртүп көрдү
эле эшик ачылып кетти. Анын
үстүндө узунунан кеткен кууш
коридор бар экен. Ошол коридор
менен жүрүп отуруп кичине
бөлмөгө кирди. Ары жактагы
эшигин тартып көрдү эле ачылбай
койду. Терезелери болсо бир
карыштан жыш кылып темир
менен тордоп салышыптыр.
"Демек бул жактан да чыгууга
мүмкүн эмес экен да". Диананын
көңүлү чөгө эмне кылаар айласын
таппай, башын тырмай туруп
калды. "Канткенде бул жактан
чыгып кетем, кандай болсо да бир
жолун табыш керек". Аңгыча төмөн
жагынан кандайдыр бир жарыктын
шооласын көрө койду. Акырын
барып караса капкак экен. Илгичин
ары тартып ачып жиберди да чочуп
кетип кайра жаба салды. Төмөн
жакта кишилер жүрүптүр. Бир аз
эсин жыйып отурган соң кайрадан
акырын ачып төмөн жактагыларга
көз жүгүрттү. Өз көзүнө өзү
ишенбей өңүмбү түшүмбү деп
ажырата албай таңгала карап туруп
калды. Тээ төмөн жакта алиги үч
адам кандайдыр бир станок,
аппараттар менен жасалма акча
жасап чыгарып, ары жакка жыйып
жатышкан болчу. Капкакты анча
чоң ачпай анча-мынча көтөрө
төмөн жакта иштеп аткандарга
кунт коюп карай баштады. Үчөө
тең бири-бирине окшош көк халат,
колдоруна жука мээлей кийип
алышыптыр. Узунунан кеткен
рулон кагаз жай жыла станоктун
ичине кирип, аркы жагынан
жыбырап акчанын сүрөтү болуп
чыгып жатты. Анын сапатын
текшерип, кунт коюп караган көз
айнекчен киши кылдат көтөрө
экинчи станоктон өткөрүп, анан
үчүнчүсүнө алып барды.
Үчүнчүсүнөн кадимкидей бөлүнүп-
бөлүнүп кесилип, ары жагынан
акча болуп чыгып, өзүнөн өзү ак
кагазга ороло таңгакталып ороло
берди. Бирөөсү акчанын сапатын
текшерип, начар болуп жакпай
калгандарын ары жактагы жащикке
брак кылып ачуулана ыргытып
жиберди. Диана алардын ар бир
кыймыл-аракеттерин жарым
саатка чейин былк этпей карап
турду. Ушул жарым саат
аралыгында алар бир да жолу
сүйлөшүшкөн жок, өз кызматтарын
билгендей бири-бирине көңүл
бөлбөй иштей беришти. Капкакты
акырын жаап Диана өзүнчө
ойлонуп калды "булар акчаларбы
же…, жөн эле кагаздарбы? Жөн эле
кагаздар болсо уурданышып түн
ичинде иштешпейт эле го…
Бирөөсүнөн кутулуп, эми
экинчисине тутулдумбу, булар
кимдер? Контрабандага
кабылдымбы, деги эмне болуп
баратат мамлекеттер? Ушул убакка
чейин катуу тартип болуп келген
Союз чачыраганы мыйзамга
жакпаган, өкмөткө баш бербеген
көп нерселер пайда боло баштады,
керек болсо буларга
милициялардын өздөрү да
аралашып кетип жатышпайбы.
Мафия эч убакта токтобойт да
жоголбойт. Мындай нерсеге чоң
кызматтагылардын өздөрү да
аралашып кетиши мүмкүн. "Дүнүйө
пайгамбарды да жолдон
чыгарыптыр" дегендей байлык,
акча кимдерди гана азгырбайт да,
кимдерди гана кутурттурбайт…"
Диана эңкейе кайрадан капкакты
ачып төмөн жакты карады. Экөө
эле калышыптыр, бирөөсү
таңгакталган акчаларды бирден
алып компьютер менен текшерип
кайра башкача кылып таңгактап
жатты. Экинчиси күтүлбөгөн
жерден акчаны өйдө көтөрө
жарыкка карады, шашып кеткен
Диана капкакты жаба салды.
"Мени ал байкап калдыбы?… Жок
байкашы мүмкүн эмес. Алар өтө
эле берилип иштеп жатышат.
Акырын артынан келип кармап
калбасын деп сактана айланасына
бир сыйра көз жүгүртүп алды. Эч
дабыш эч кандай шек билинбейт.
Акырын барып эшиктерди жаап
келди, " Баса, машиненин арткы
багажын жаптым беле?" Эстей
албай койду. Эстей албай койду.
"Эгер ачык боюнча калса шек алып
калышып, дароо эле кармашат
мени, кой кеч болуп кала электе
текшерип коёюн". Диана ордунан
атып туруп бутунун учу менен
кайра сыртка жөнөдү. Басканда
дабыш чыкпасын деп бут кийимин
колуна кармап алган болчу. Тепкич
менен төмөн карай түшүп,
жабылбай калга машиненин эшигин
акырын дабыш чыгарбай жапты да
арткы багажын текшерип көрдү.
Жабык экен. Ошол маалда
күтүлбөгөн жерден гараждын залы
"жарк" дей түштү. Диана дароо
машиненин артына калкаланды.
Кимдир бирөөлөр өздөрүнчө бир
нерселерди сүйлөшүшө ары
жактагы машинеге барышты да
арткы багажын ачышып бир нерсе
алышкандай болушту. Анан өз ара
кобураша машиненин жанына
туруп калышты. Бирөөсү
чөнтөгүнөн тамеки алып чыгып ,
"зажигалкасы" менен тамекисин
күйгүздү. Бул мезгилде Диана
машиненин ары жагына өтүп,
астыа акырын сойлоп кирип кеткен
болчу. Көп өтпөй эле бардыгы
машинеге отурушту да от алдырып
гараждан чыгып кетишти.
Гараждын эшиги кайра жабылып
калды. Сырткы короодон иттердин
үргөнү, машиненин үнүнүн алыстап
баратканы угулуп турду.
КАЙРАДАН КАПАСТА
Айлана өлүү жымжырт, тымтырс
болуп турду. Эмнегедир тигилер
гараждын жарыгын өчүрбөй
кетишти. Таманы цемент, сыз
жерде он, он беш мүнөттөй жаткан
соң Диана машиненин алдынан
сойлоп сыртка чыкты. Тепкич
менен көтөрүлө кайра экинчи
кабаттагы мурунку ордуна барды.
Алиги капкакты ачып төмөн жакка
көз жүгүрттү, электр жарыгы өчүп
алиги үчөө эбакта эле кетип
калышыптыр. Сыягы жанагы
машинеге түшүп кетишкен ошолор
окшойт. Капкакты чоң кылып ачып
жиберди да темир шаты менен
төмөн карай түшүп келди. Сактана
айланасына бир сыйра көз
жүгүртүп койду, эч кандай шектүү
эч нерсе билинбейт. Алиги
станоктун жанында жыйылып
турган кагаздарга барды. Көзгө
сайса көрүнгүс капкараңгы, кичине
бөлмөнүн ичине үстүңкү бөлүнүп
келген капкактан түшкөн жарык
анча-мынча болсо сөлөкөттөрдү
көрсөтүп турду. Караңгылыкка
көзү көрбөй жатып бара-бара
көнүп кетти. Айланасына көз
жүгүртө ары жакта дагы бир эшик
бар экенин көрдү. Жер алдындагы
үңкүрлөрдөй болуп терезелери жок,
туюк дубалдар экен. Булар эмне
болгон кагаздар деп стол
үстүндөгү таңгакталып турган
нерселерди текшерип көрдү.
Караңгыда эч нерсе көрүнбөйт,
акчабы, кагазбы айырмалап
болбойт, бирок кагаздар станоктон
жаңы гана өткөндүкүбү али
жылуулугу тарай элек экен. Стол
үстүнөн ширенке же кол фонарик
сыйпалап издеп көрдү, колуна ар
нерселер урунуп жатты, аркы
бөлмөдө кокусунан бирөөлөр болуп
калбасын деп бөлмөгө жылып
барды. Ал бөлмө кичине дагы
эшик-терезеси жок туюк экен.
"Кызык тигил үчөө каяктан чыгып
кетишти? Сыртка чыга турган эч
кандай эшиги да тешиги да жок
экен, же тигил алиги мен кирген
үстүнкү капкактан чыгыштыбы?
Менин оюмча алар гаражка тепкич
менен төмөн карай түшкөндөй
болушкан жок. Төмөн жактагы эле
эшиктен чыгышты. Кайра берки
бөлмөгө келип, столдогу
сурмаларды ачып аңтарып жатып
тамеки күйгүзгүч "зажигалка" таап
алды. Аны күйгүздү да жарыгы
менен стол үстүндөгү жыйылып
турган кагаздарга барды. Акчанын
беш-алты түрүн көрүп
таңгакталганынан көздөрү
бакырайа түштү. Казактын
теңгелери, кыргыздын сомдору,
орустардын рублдары, өздөрүнүн
өзбектердин сумдары, атүгүл
Америка долларлары турат өз-
өзүнчө таңгакталып, жыйылып.
"Тобоо, ушунча акчаларды кантип
жасап чыгарып жатышат? Бир эле
акча болсо бир жөн" ар бирин өз-
өзүнчө жарыкка коюп кылдат
текшерип жатты. Сыягы алар ар
бир чыныгы акчаны компьютерден
өткөрүп алышып, анан акча
чыгаргычын станоктон жасап
алышат окшойт. Ал эми бул кагаз
менен боёктору каяктан таап алып
атышат, же тааныштары барбы?…
Сыягы булар өздөрүнчө чоң
контрабанда же мафия окшойт.
Болбосо булардын кагазы менен
боёкторун табуу кандай гана
кыйын… Аңгыча күтүлбөгөн жерден
желкесинен катуу кармаган кимдир
бирөөнүн колунан чочуп кетип
бакырып жибере жаздады.
Кандайдыр бир күчтүү кол
моюнунан мыжый кармап туруп
төмөн карай катуу силкти эле
Диана жерге оңкосунан барып
сайылды. Далдайган сөлөкөт
алдындагы караанды тапатак
көтөрүп туруп столго отургузуп
койду. Диана каршылык
көрсөтөйүн деди эле катуу соккуга
шалдырай эси ооп калды. Көп
өтпөй эле бөлмөнүн жарыгы күйдү.
Алдындагы караан аялзат экен,
болгондо да алсыз жаш кыз
экенин көргөндө тиги таңкала
карап туруп калды.
- Сен каяктан келип калдың сулуу
кыз, асмандан түштүңбү?
Диана да бул каяктан келип калды
деп тигиге таңгалып жаткан болчу.
Ордунан козголоюн деди эле
далдайган киши чөнтөгүнөн
тапанчасын сууруп чыгып
кыйкырып коё берди.
- Ордуңан былк этпе, кымындай
эле кыймыл жасасаң атып салам!
Тапанчанын сүрүнөн корккон
Диана бир ордунда былк этпей
катып калды. Алиги далдайган
киши ары жактан жип алып келди
да Диананын эки колун артына
кайрып туруп байлап салды. Бир
нерсеси болуп жүрбөсүн дегендей
башынан баштап бутуна чейин жан
жерлерин бүт сыйпалап аңтарып
чыкты. Анан "сотовый" телефон
аркылуу кимдир бирөөлөр менен
сүйлөшө баштады.
- Билбейм каяктан киргенин,
үстүңкү капкактан тепкич аркылуу
түшүптүр. Ооба, ким билет
милициянын адамдарынан да
болуп калышы мүмкүн…
Көп өтпөй эле Диананын оң
жагындагы дубал эки жакка
ажырап ачылып, эки-үч адам
кирип келишти. Эки колу артына
байланып турган жаш, сулуу
кыздын жанына бардыгы жабыла
басып келишти.
- Бул кайдан кирип кетти бул
жакка. Биздин жашыруун бөлмөнү
кантип билип алды?
Алиги далдайган жигит билбейм
дегендей эки ийинин күйшөй
жогорудагы капкакты көрсөттү.
- Үстүңкү капкагы ачык экен, зачит
ошол капкагы аркылуу үстүнөн
кирди.
- Болуптур үстүнөн кирди деп
коёлу. Анда үстүнө каяктан келди?
Алар үстүн дагы, гаражды дагы,
короо ичин дагы бардыгын
текшерип чыгышты. Шектүү эч
кандай эч нерсе жок болучу.
Толмочунан келген башын
таптакыр жалтыратып алып салган
такырбаш, ак жумалынан,
сулуучумак келген такырбаш киши
столдо байлануу отурган кызга
кайрылды.
- Чыныңды айт сен жалгызсыңбы
же кишилериң барбы? Эгерде биз
курчоодо болгон күндө да баары
бир сени "заложница" кылып
кармайбыз. Биз туткунга
түшөөрдөн мурун сени да өзүбүз
менен кошо ала жатабыз.
- Чынымды айтам, мен
милициядан эмесмин, силер жакка
кокусунан кабылып калдым…
- Сүйлөгөнүңө караганда кыргыз
окшойсуң. Та-ак, айта бер
кандайча кабылып калдың? -
Бардыгы сактанып, шек алыша
анын сөзүн угуп, карап турушту.
- Бул жакка мен соода кылып
келгем. Кече кечке жуук боз улан
балдарга жолугуп калып, акчамдын
баарын алдырып жиберип, болгон
күчүм менен алардан качып
жөнөгөм. Кокусунан көчөнүн
бурчуна аппак машине келип
токтоду. Ичинен бир адам чыгып
арткы багажынан бир нерсе алып
ары көздөй басып кетти.
Багажынын бекитпегенин көрүп
калдым да артыман кууп
келатышкан балдардан жашынганы
багаждын ичине кирип бекинип
жашынып калдым. Ошол боюнча
ал жакта жатып көзүм илинип
кетиптир, бир кезде чочуп ойгонуп
кетип көзүмдү ачсам машине
эбакта токтоптур. Эптеп сыртка
чыгып карасам көп машинелер
токтогон гаражда экенмин,
эшиктериин баары бек экен. Түн
ортосунан ооп калыптыр, эч ким
жок. Сыртка чыкканга эшик издеп
мунун ичинде адашып жүрүп, ушул
жерге кандайча келип калганымды
өзүм да билбей калдым.
Бери жактагылар дале ишенишпей
карап турушту.
- Демек багаж менен уурданып
кирдим дечи, болуптур кайсыл
машине, жүр көрсөтчү?
Алар Диананы ээрчитип алиги
гаражка алып барышты. Ал дароо
эле өзү жаткан аппак жумурткадай
болгон машинени көрсөттү. Анын
ичинде кантип жатканын, кантип
ачканын атүгүл машиненин ичине
кирип колбаса, нан жегендеринен
бери көрсөтүп айтып берди.
Бирөөсү дале ишенбегендей өзүнчө
сүйлөнүп жатты.
- Мындай болушу мүмкүн эмес, бул
деген шефтин өзүнүн машинеси
да. Чыныңды айт, бул машиненин
багажына кайсыл көчөдөн түштүң?
- Ме бул жакка биринчи жолу
келишим, Ташкендин көчөлөрүн
жакшы тааныбайм.
- Соода кылып өзүң жалгыз келдиң
беле?
- Жок, кыздар бар болчу. Соодабыз
бүткөн, алып келген нерсебизди
жаңы эле сатып бүтүп кайра
кетебиз деп жатканбыз. Анан
дүкөн жакка үйгө бир нерсе алам
деп бара калып, алиги топ
балдарга кабылып калып
жатпаймынбы…
Диана баары бир канчалык
жанталашса да тигилер ишенишкен
жок.
- Болуптур, дагы шашпай
сүйлөшөбүз. Эртең шефибиз келет,
өзү шашпай сени менен "разборка"
кылат. Кыскасы бул жактан экинчи
чыкпас болуп каласың же өлүгүң
чыгат. Биякка чоочун адамдардан
бир да бирөө кирген эмес, а эгер
кирсе кайра эч убакта сыртка
чыкпайт, биздин шерт ушундай.
Шеф эртең келет, ага чейин муну
ушул жерде кармап тур…, -
келгендер кайра кетүүгө
камынышты.
- Жарайт, - алиги далдайган киши
кызды кайтаруу милдетин өз
мойнуна алып, тигилерди узатып
барып келди. Станоктун алдындагы
тегерек айлампаны айлантканда
дубал кайрадан экиге бөлүнүп
ачылып, тигилер Диананы бир
карап алышып ар жакка өтүп
кетишти. Далдайган киши тегерек
айлампаны кайрадан айлантып
койду эле дубал акырын жылып
келип биригип калды. "Вот в чём
дело, булар кантип чыгып
кетишкен деп баш оорутуп жатса,
көрсө дубал ачылат турбайбы..."
Диана кеткендерди унчукпай узата
карап турду. Далдайган киши
ырсалактай бери басып келди.
- Капканга алыстан учуп келип
кабылган куш экенсиң го. Баса
айтмакчы, кокусунан сен биздин
шефтин ойношу эмессиңби ыя.
Эртең анан ызы-чуу салып жүрбө
бизге, ха-ха-ха! Кана айтчы
бутуңду да таңып коёюнбу, же…
тынч отурасыңбы? Болуптур тынч
отурсаң ушул боюнча отура
бересиң тигилер келгенче. Шефтер
эртең менен саат тогуздарда
келет. Али төрт саат бар. Ал азыр
сен жөнүндө эч нерсе биле элек.
Анын тынчын алгыбыз келген жок.
Сенин маселең чатак болуп турат,
өлтүрүп коюшу да мүмкүн. Сендей
сулуу кыздар өлүп калса албетте
жалка.
Диана эмне кылар айласын билбей
жатты. Биринен эптеп кутулса
дагы бир экинчисине туткунга
түшүп калганына жинденип отурду.
"Мени эмне эле кырсык тороп
калган, тигилерде качсам
милициялар, милициялардан
качсам булар. Эми булардан
кантип кутулуп кете алам.
Тигилерден да булар жаман да,
жашыруун сырларын билип алдым.
Чын эле алиги киши айткандай
менин жөн гана көзүмдү тазалап
коюшу мүмкүн. Эми булардан
кантип кутулам, же тигилердей
кылып мени да пайдаланышабы?
Же өткөндөгүдөй болуп качуунун
бир жолун таап көрсөмбү?"
- Мен туалетке баргым келип атат.
- Я де… Бизде туалет жок, чыда
шефтер келгиче…
- Жок, чыдай албайм.
- Болуптур жүрү, - ал Диананы
колдон ала кайдадыр жетелеп
жөнөдү. Кууш кичине эшикке келди
да токтоду.
- Ушунун ичи туалет, бол кирип
чык.
- Колумду чечпейсиңби?
- Болбойт эптеп жолун тап, же
штаныңды мен шыпырып
берейинби, ха-ха-ха, болуптур бери
кел, - ал Диананын артына
байланган колун чечип өзү сыртта
калды.
- Бат чык, эшикти ичинен илбе!
- Ажаткананын ичине кирген Диана
дароо эле качканга тешик бар
бекенби дегендей терезелерди
издеди. Эч кандай терезе жок, бек
экен. Үмүтү үзүлө шалдая туруп
калды. "Эмне кылсам?" Кокусунан
бурчта тикесинен жөлөнүп турган
темир түтүктү көрө коюп кайрадан
үмүт оту "жылт" этти. Аны акырын
артына ката сыртка жөнөдү.
Далдайган киши бери жакка
далысын сала ары карап туруптур,
дабышка бери бурула бергенде
Диана болгон күчү менен керилип
туруп тигини баштан ары удаа-
удаа эки-үч жолу басып-басып
алды. Тигил сөз сүйлөгөнгө
дарманы келбей жерге оңкосунан
сайыла, кулап түштү. Дагы ордунан
туруп келатканда керилип туруп
темир түтүк менен дал төбөгө
чапты, ошондо гана далдайган
киши жерге кулаган боюнча былк
этпей калды. Бир аздан кийин
жарылган башынан сызылып кан
ага баштады. Канды көргөндө
Диана колундагы темир түтүгүн
таштап жиберип, өзүнүн
канкордугуна таңгала, көзүн
алайта, артка кетенчиктеди. Бир аз
дендароо боло туруп калды, анан
бирөөгө ийне сайгандай "селт" эте
түштү. Эсине келе дароо чочулай
эки жакты карады. Саат беш
жарым болуптур, эмнегедир
куугунчулар келаткандай
шашкалактай баштады. Эмне
иштээрин билбей ары жүгүрүп,
бери жүгүрүп токтоп, өзүн-өзү
кармоого аракет кылып көрдү.
"Мен эмне эле шашкалактап жатам,
али үч жарым саат бар го. Шашпай
ойлонуп иш кылайынчы…" , ал бир
аз турган соң биричи кезекте эле
жерде башынан кан сызылып агып
сулк жаткан кишини байлап
салууну эп көрдү. Антпесе ал эсине
келчү болсо иш чатакка айланмак.
Ары жакта жаткан өзүн байлаган
жипти алып, тигинин колун артына
кайрыды да чече алгыз кылып
катуу байлап таштады. Анан дагы
жип таап келип буттарын да
бириктирип байлап салды, эсине
келсе кыйкырбасын дегендей
оозун да чүпүрөк менен таңып
таштады. Бул жактын кожоюндары
келгиче көздөн кайым болуп кетиш
керек болчу. Бери жакта турган
тегерек айлампаны айлантып
көрдү эле дубал экиге бөлүнө эки
жакка ажырап ачыла баштады.
Аркы бөлмөнүн эшиги бар экен,
ошол эшик аркылуу чыкты. Анын
эшиги болсо мурункудай эле бек,
ал эми короонун ичиде болсо бош
жүргөн дөбөт иттер. "Эх, эми эмне
кылам?" - Ал кабагынан каар
жаадыра башын мыкчып отуруп
калды. "Кой урушта туруш жок,
минтип шалдайып отура берсем,
точно тигилердин туткуну болом,
андан көрө аракетке берекет"
дегендей аракет керек.
Диана сыртка чыкканга эшик
издей баштады. Терезелердин
баары темир тор экен. Үстүнкү
кабатка көтөрүлүп терезелерин
тартып ачып көрдү, темир
терезелерден өткөнгө мүмкүн эмес
болчу. Капкакты ачып кайра
мурунку ордуна төмөн түшүп
келди, тигил дале былк этпей
жатат, башынан сызылып аккан
кан полго жайылып кетиптир.
Диана ага көңүл да бөлгөн жок, эс-
дартынын баары эле сыртка
чыкканга эшик же тешик табуу
болчу. Бөлмөлөрдү, коридорлорду
бүт кыдырып чыкты, темир
каалгаларынын баары кулпулануу.
Кулпуларын темир менен ургуласа
тарсылдаган үн чыгып, иттер
арсылдап үрүп, сырт жактан жетип
келип кармап алышы мүмкүн
болчу. "Чын эле балким бул
короонун сыртында көзөмөлчү-
кароолчулары бардыр, "сактыкта
кордук жок", кой сак болоюн".
Кууш коридорлорду, бөлмөлөрдү
кыдырып чыккан соң кайра
үстүңкү кабатка шаты менен
көтөрүлүп чыкты. Бул жерлерди
бир сыйра текшерип чыккан болчу.
Жогору жагындагы шыпкада
чатырга чыкчу капкагы бар экен,
кеминде эле беш метр бийиктикте.
Төмөн жактагы темир шатыны
тартып алды да жогору жакка
коюп көтөрүлүп чыкты, акырын
астынан түртүп көрдү эле капкак
көтөрүлүп, ачылып кетти. Жыгач
жащикке бир нерселер салынып
тизилип коюлуптур, ага көңүл
бөлгөн жок. Караганга убактысы да
жок болчу. Алардан ары өткөндө
узун төмөн карай тепкичтер бар
экен. Ошол тепкич менен кайра
төмөн карай түшүп кетти. Бир топ
төмөн түштү, анан кайра кууш
коридор менен жүрүп отуруп
кандайдыр бир ичи кенен залга
кирди. Сыягы бул жер мурун цех
окшойт, эски станоктор турат
тизилип. Ал жактан да чыкканга
мүмкүнчүлүк ала албай койду. Бул
цех көптөн бери иштебегендики
билинип турат. Анткени цехтин
ичин, станокторду ч басып
кетиптир. Эшиги болсо ичинен
беш-алты кулпу менен бекилиптир.
Кулпуларды сындырууга аракет
кылып көрдү эле күчү жетпей
койду. Тырмалаңдап ары жулкуп,
бери жулкуп отуруп өзүнүн
алсыздыгына ызалана колунун
ооруганына карабай кулпуну эки-үч
жолу чаап жиберди. "Сыягы даана
капаска түшкөн окшойм. Тиги
гараждагы машинелердин
бирөөсүн от алдырып, дарбазасын
талкалай сүзүп, айдай качсамбы?..
Биринчиден машинени от
алдырганды, айдаганды билбейм,
экинчиден анда бат эле кармалып
калам, кууп жетип алышат. Эң
башкысы тигилерге билгизбей,
көрүнбөй качып кетиш керек болуп
жатат". Кайра чатырга көтөрүлүп
чыгып, машинелер турган гаражка
келди. Чет элдик жети машина
тизилип турган. Бардыгын бир
сыйра карап текшерип чыкты
"буларды баары бир айдап чыга
албайм" кокусунан ал чоң ак
машинанын алдында турган
тегерек темир капкакты көрдү.
Дароо жетип барып ичин кулагы
менен тыңшады эле суунун
шылдыраган үнү угулуп жатты.
"Демек суунун түтүгү бар экен да
бул жерде". Машинеден башы
жумуру келген темир ачкыч алып
келди да бир топко убараланып
жатып эптеп ачып ары көздөй
жылдырды. Суунун тамчылаган үнү
угулат, төмөн жагы көрүнбөйт
караңгы. Тигил киши жаткан
бөлмөгө чуркап барып, столдордун
сурмаларын аңтарып жатып
колфонарик таап алды. "Кудай
буюрса ишим оңолот окшойт" ал
өзүнчө сүйүнүп койду. Саатты
караса алты жарым болуптур,
дээрлик бир сааттай сыртка
чыкканга эшик издеп
убараланыптыр. "Эми тигил жакта
өткөөл болсо экен" кол фонариги
менен төмөн жакка жарык берди
эле жер алды менен эки кулачтай
келген чоң темир түтүк өтүптүр.
Ичине түшүп эки жагына көз
жүгүртүп көрдү. Темир түтүктүн
үстү менен сойлоп жүрүп отурса
болчудай экен. Түтүктүн үстү
менен он кадамдай сойлоп барды,
анан бир нерсе эсине түшкөндөй
тык токтоду да кайра арты менен
сойлоп ордуна келди. Үстүнө
чыгып акча жасап жатышкан
бөлмөгө баш бакты. Тигил киши
өлүп калган жокпу деп кол
тамырын кармап, жүрөгүн тыңшап
көрдү. Акырын дем алып жатканы
билинип турду. "Демек тирүү экен
да, кайра жакшы болду, киши
өмүрүнө бөөдөдөн-бөөдө забым
болуп кала жаздадым" . Эсине
келсе айланасындагыларды
көрбөсүн деп ары жактан башына
кара баштыкты кийгизип таштады.
Дагы бир кара баштыкты алып
стол үстүндөгү ирети менен
жыйылып турган акчалардын
бардыгын батышынча кара
баштыкка салып артына асынып
байлап алды. Стол үстүндөгү
акчалардын төрттөн бир бөлүгү
азая түштү. Алардын ичинде
казактардын теңгеси, өзбектердин
суму, кыргыздардын сому, рубль,
доллар баардыгы аралаш болчу.
Алиги тегерек айлампаны акырын
бурап туруп, дубалдар бири-бирине
жакындап жылып келатканда
жабыла электе ары жагына жүгүрүп
өтүп кетти. Дубалдар бири-бирине
биригип жабылып калды. Диана
артын бир карап койду да
машинанын артындагы капкакка
жүгүрүп келди. Анан шашыла
төмөн түшүп үстүндөгү капкакты
мурункусундай кылып жаап салды.
Заматта жер алды капкараңгы эле
боло түштү. Кол фонаригин
күйгүзүп алып өтө эле кууш
кичинекей өткөөл аркылуу чоң
темир түтүктүн үстү менен сойлоп
жөнөдү.
#5 26 Март 2014 - 14:22
5-бөлүм
ЖЕР ӨТКӨӨЛДӨГҮ ЫЙ
Диана эч бир тыным албастан
темир түтүктүн үстү менен сойлоп
кете берди. Өткөөл аябай кууш
болгондуктан бурулганга, а түгүл
баш көтөргөнгө мүмкүн эмес
болчу. Анын үстүндөгү чаңдардан,
кара сагыздан (смола) көйнөгү
заматта карала-торала болуп
чыкты, мунусуна да кайыл болчу.
Эптеп эле тигилердин туткуну
болбой ушул жер алдындагы
өткөөлдөн чыгып кетсем деген
анын бир эле максаты болуп атты.
Ары-бери чыйылдашып чуркашкан
келемиштер тажатып жиберди.
Бирок алардан анча коркпой,
чочулабай калган. Өткөн жолу деле
келемиштердин асылганына,
тиштегилегенине карабай чыдап
турбады беле.
Канча жерге чейин сойлоп барганы
белгисиз, өзүнүн баамынча беш
жүз кадамдай сойлоп кеткенсиди.
Бир аз ошол көмкөрөсүнөн жаткан
боюнча эс алып жатты. Түнү бою
уктабагандыкы уйкусу да келип
атты. Бир аз жатып көзү илинип
кетиптир келемиш колун тиштеп
алганда гана чочуп ойгонуп, эсине
келди. Кол фонариги колунан
түшүп темир түтүктүн алдында
күйгөн боюнча калыптыр. Колун
созуп ала албай койду. Анын
алдына өткөнгө мүмкүн эмес
болчу. Жер алдындагы өткөөл
темир түтүк баткандай кылып гана
төрт бурчтуу кылып бетон менен
куюлуптур. Бактыга жараша анын
үстүндө киши сойлоп өткөндөй
орун бар экен.
Колун созуп атып кол фонаригине
жете албай койгон соң "мейличи"
деп кол шилтей андан ары сойлоп
жөнөдү. Дагы үч жүз кадамдай
сойлоп барды. Улам эс алып, улам
сойлоп жүрүп отурду. "Кудай
буюрса сыртка чыкканга жол
табылаар. Эң башкысы тигил
каргашалуу жер алдынан кеттим.".
Эртеден бери жер алды менен
жети-сегиз чакырымдай жерге
сойлоп барып, кайрадан темир
түтүктүн үстүнө сулк жатып калды.
Далысы үстүндөгү бетонго тиер-
тиймексен болуп турду. Отурганга
анан башын көтөргөнгө мүмкүн
эмес болучу. Түтүктүн ичинде эмне
бар болду экен деп кулагын такап,
тыңшап көрдү эле суунун кез-кез
шылдырап агып жатканы билинип
турду. Анын көйнөктөрү түгүл
чачы-баштары, бети бүт карала-
торала болуп калган болчу. Жер
алдындагы караңгылыкка анча-
мынча көзү көнүп, кээ бир кара
нерселерди көрүп атты. Өзүнүн
баамынча жети-сегиз чакырымдай
аралыкты сойлоп өткөнсүдү. Бир
жерге келгенде үстү куушурулуп
келип алдыга сойлоп өткөнгө
мүмкүнчүлүк болбой калды. Темир
түтүк анча-мынча өйдөгө
көтөрүлүп калыптыр. Ары көздөй
сойлоп өткөнгө башы батпай
койду. Аябай аракет кылып көрдү
эле баары бир эч майнап чыккан
жок. "Эми эмне кылам, кайра
артка кайтып ордума барамбы?
Анда эле тигилер мени соо
коюшпайт. Өзгөчө анын темир
түтүк менен башка чаап эсин
оодарган, башы жарылган
далдайган киши мени кармачу
болсо соо койбойт. Моюнумду
толгоп туруп жулуп алат. Эми эмне
айла кылам. Караңгы капастан
чыга албай ушул жерде ачкалыктан
келемиштерге таланып, жем болуп
өлөмбү? Бул жерден менин
дайынымды таба албай калат.
Мени үйдөгүлөр, шаардагы эжем
жоготту го, өлүп калды деп ойлоп
жатышат да, эгер чын эле ушул
жерде өлүп калсам эмне кылам?
Ансыз деле өлө турган маалым,
ажалым келди окшойт". Диана
айласы кеткенде көз жашынан
күчүн чыгарды. Чымырканы дагы
бир жолу ары жакка өткөнгө аракет
кылып көрдү эле болгон аракети
талаага кетти. "Артымдан
куугундар келсе эмне кылам?
Кайра артка сүйрөп чыгышпайт,
ушунун ичинен атып салышат же
бычактап өлтүрүп кетишет". Улам-
улам арт жагын карап коюп темир
түтүктүн үстүндө соолуп жатты.
Жатып-жатып кайрада көзү илинип
кетти, канча жатканы белгисиз, бир
кезде бир нерседен чочуп ойгонуп
кетсе келемиштер үстү-башына
чыгып ары-бери чуркап көбөйүп
кетишиптир.
- Чиш-ш, жоголгула шайтан
алгырлар. Мен али өлө элекмин,
тирүүмүн!
Анын добушунан келемиштер туш-
тарапка чачыраша оолак боло
беришти. Кээ бирлер эч нерсе
болбогондой эле Диананын үстүнөн
түшпөй ары-бери жүгүрүп жүрүштү.
Ачык турган балтырын бирөөсү
тиштеп алды эле ооруганына
чыдабай бакырып жиберди.
- Чыщ-щщ, кыщ-щщ, жоголгула
башкалар бүтүп, ушу силер жетпей
жаттыңар эле! - Диана муштумун
түйүп алып болгон күчү менен
денесине жабышкан чоң
келемиштерди ургулай берди.
Келемиштер да алыс кетишпей
кайра келип алып эле Диана
жаткан чоң темир түтүктүн үстүнө
чыгып алышып баш жагынан, бут
тарабынан кол сала беришти.
- Жарыбагырлар булар кайдан
келип калышты, жана эле аз эмес
беле.
Келемиштер менен жарым сааттай
салгылашып жатып аябай чарчады,
бир тобун муштум менен цементке
жапшыра уруп өлтүрүп да жиберди.
Келемиштер акырындап суюлуп
отуруп кайрадан жок болуп
кетишти. Колдору, буттары
келемиштердин тиштеринен
кызыл-ала да болуп кетти. "Мен
ушундай күнгө туш болдумбу? Азыр
үстүмдөн элдер эч нерседен
бейкапар ары-бери басып
жүрүшөт. Кыйкырсам үнүмдү эч
ким укпайт, уккан күндө да
жардамга келген күндө да мен
кайрадан тигилердин колуна түшүп
берем. Ой Кудай ай, кайда барсам
Мамайдын көрү, эми эмне айла
кылам. Ушу күнгө туш келдимби" .
Диана өзү менен өзү сүйлөшө жин
даарыган немече өкүрүп-бакырып
ыйлай берди.
Бир кезде үстүнөн дүрүлдөгөн
машине өткөндөй болду. Ошондо
гана кайратына, эсине келди. "Жо-
жок мен жөндөн-жөн эле өлүп
берүүгө тийиш эмесмин үстүмдө
элдер ары-бери өтүп жатышат,
демек жашоо бар, кандай болсо да
үстүнө чыгыш керек, бирок
кантип?"
Көмкөрөсүнөн жата калып колун
ылдый жака шалактатты. Анан бир
кезде оюна кылт дей түштү. "Баса,
мунун үстү кууш болсо, асты кенен
болот да, үстү кенен болсо асты
кууш болот. Ушуну жмнеге
ойлободум экен жанатан бери".
Колу менен жоон түтүктүн астын
сыйпалап көрдү. Чын эле арт
жактагыларга караганда астында
көңдөй бош кенен жер бар экен.
Күтүлбөгөн жерден кандайдыр бир
үмүт оту "жылт" этти. "Эми астына
кантип өтөм, төрт тарабымдын
баары тар, киши алдына сойлоп
өтө албайт", жоон түтүктүн астыа
түшкөнү кененирээк жер издеп
кайра артка сойлоп жөнөдү. Он
арыштай артка сойлоп өткөн соң
алдына түшкөндөй кененирээк жол
таап, эптеп көйнөк-баштарын,
кийимдерин айрытып түтүктүн
астына сойлоп түштү. Анан
кайрадан алдыга карай сойлоп
жөнөдү. Алиги үстүнөн батпай
жаткан өткөөлдүн астынан өтүп
кетти. Ошол боюнча бир тыным
албай сойлоп жүрүп отурду. "Оо,
Кудайым бар экен, али ичээр суум,
көрөр күнүм бар окшойт" өзү
менен өзү сүйлөшө сойлоп кетип
бара жатты. Бирде төрт аяктап
жылып, бирде жапыз жерден
сойлоп баратып тизеси менен
чыканагынан эч тамтык калбай
калды. Жалкоотай тартып, муздак
цементке тийген сайын катуу
оорута берди.
Бул жерде калууга болбойт болчу.
Артта куугунчуларга кармалып
калышы, келемиштерге жем
болушу мүмкүн эле. Сойлоп жүрүп
отуруп акыры чоң, кенен өткөөлгө
туш келди. Бул жерде жоон
түтүктөр беш-алты жакка бөлүнүп,
беш-алты жакка өткөөл кетет
экен. Үстүнөн кандайдыр бир
жарыктын шооласы да кирип
турду. Эки-үч сааттан бери сойлоп
келатып тажагандыктан эми
тикесинен тик турганга
мүмкүнчүлүк алды. Кууш өткөөлдүн
учу-кыйры, аягы жок, ушул жерден
өлүп калам го деп ойлогон. Оор
үшкүрүнө алдындагы жалпак,
жылмакай темирге отура кетти.
"Крот, сокур чычкандан айырмам
жок болуп калды го… Саат канча
болуп калды экен, менимче
түндөтөн бери беш-алты сааттай
убакыт өтүп кетти окшойт… Кой,
урушта туруш жок, кандай болсо да
үстүнө чыгыш керек. Баса бул
кейпим менен кантип кишилерге
көрүнөм көрдөн чыккандай болуп,
дароо эле сырттагылардын
көңүлүн өзүмө бурам. Өзгөчө
милиционерлер ошо замат чап
кенедей жабышышат мага.
Артымдагы пачка акчаларды көрсө
андан бетер иш чатакка айланат.
Караңгы кирсин анан сыртка
чыгып бир жерден суу таап жуунуп,
өзүмдү калыбыма келтирбесем
болбойт. Бирөөлөргө кабылып
калып мынча акчаларымдын
бардыгын тонотуп жибербейин.
Баса, бул чыныгы акча болду
бекенби же… албетте, жасалма акча
дечи, бирок соодага жарайт болду
бекенби? Анда заматта миллионер
болуп жатып калат элем. Бул
жасалма акчалар соодага жарабаса
жанагы кишилер бирден
"иномарка" минишпейт эле го. Эх,
ушунун баары соодага жаралган
акча болуп калса экен…"
Диана өзүнчө кыялы менен байып
алды. Улам убакыт өткөн сайын
курсагы ача баштаганы
кадимкидей билине баштады.
"Манту болсо азыр, кандай гана
ырахаттанып жейт элем" көзүн
жума мискейдеги бууга
бышырылган мантуларды
элестетип шилекейин жутуп алды.
Ал, тээ кичине кезинен эле
мантуну жакшы көрчү. Апасынан
же атасынан акча алса эле дароо
көчөгө барып ашканаларга кирип
манту сатып жечү. Өзгөчө
сабактан кайтып келатканда
автобекеттин сыртында манту
саткан дунган кемпирдин мантусун
жактырчу. Сабактан кайтып
келатканда дайыма манту алып
жеп жүргөндүктөн дунган кемпир
да аны таанып калган болчу.
Алыстан келатканда эле кыйкырып
учурашып, өзүнө чакырып алчу.
"Азыр ал кемпир тирүү болду
бекенби? Эгер дале манту сатып
жүрсө атайын барып туруп жейт
элем ошонун мантусунан…" , өзүнчө
кыялдана кир болгон колдору
менен чекесин сүртүп койду.
Үстүндөгү кичинекей жылчыктан
түшкөн шоола акырындап жоголуп
отуруп жер алдындагы өткөөл
кайрадан капкараңгы болуп калды.
Бир сааттай аркы-беркини ойлоп
отурган соң ордунан туруп темир
түтүктүн үстүнө чыкты. Үстүндө
турган тегерек капкакты түртүп
көрдү эле аябай оор экен. Болгон
күчүнө салып дагы түрттү, кичине
көтөрүлүп барып бир нерсеге
такалып калгансыды. Кайрадан
төмөн түшүрүп экинчи жолу күч
менен түрттү, кайрадан бир аз
көтөрүлүп келип эле бир нерсеге
такалып калып атты. Төмөн карай
кайра түшүрүп туруп болгон күчү
менен чымырканып катуу түртүп
көрдү. Жанагыдай эле көрүнүш
кайталанды. "Шайтан алгырдыкы
десе , үстүнөн бекилүү же
кулпулануу окшойт. Бир
тоскоолдуктан өтсөм өчөшкөндөй
экинчи тоскоолдуктарга кабылам.
Как выберусь отсюда? Ушинтип
азаптан азапка кабылып жүрө
беремби?" - кабагынан кар жаадыра
бир аз турган соң башын көтөрдү.
"Кой, тоскоолдуктарга моюн сунуп
бербей өзүмө-өзүм тың болбосом
болбойт. Кандай гана кыйынчылык
болбосун жеңиш керек. Жашоо бул
күрөш, муну менен өмүр бою
күрөшүп жүрүп өтөбүз. Албетте
күрөшүш керек бул капкак
ачылбаса башка жактарында деле
капкак бардыр. Кантип эле сыртка
чыга албай калайын. Келемиштер
деле жүрөт го темир түтүктүн үстү
менен ары-бери жүгүрүшүп… баары
бир тамак-аш таап жегени сыртка
чыгышат. Алар сыртка кирип-
чыгып жүргөндөн кийин аң-
сезимдүү мен кантип эле чыга
албай калайын". Ордунан туруп
кайрадан тегерек темир капкакты
түрткүлөй баштады. Түрткүлөп,
ургулап атып жедеп чарчаган соң
чекесиндеги нымшып чыккан
терин аарчый кайрадан отура
кетти. "Кызык, жанатан бери
тарсылдатып түрткүлөп атам,
ургулап атам, дегеле сырт жакта
тирүүлүктүн белгиси билинбейт го.
Же бул капкак дагы кандайдыр бир
мекеменин ичиндеби?.. Дагы бир
жолу аракет кылып көрөйүн
болбосо убакытты кетирбей башка
жактан үстүнө чыкканга капкак
издейин", - бир аз эс алып турган
соң ордунан турду да капкакты
ачууга аракет кылып болгон күчү
менен катуу түрткүлөп кирди.
Жедеп чарчап, алы кетип
тажаганда үмүтү үзүлө шалдайып
отуруп калды. Анан төрт жакка
чачырап кеткен түтүктөрдү карап
каяк жагына жөнөсөм деп ойлонуп
турду. Көп өтпөй эле бет
маңдайындагы өткөөлгө түшүп
алып төрт аяктап жылып жөнөдү.
Өзү сойлоп келген өткөөлгө
караганда бул жагы кененирээк
экен. Тигил жактан башын анча-
мынча көтөргөндө эле үстүнө
тийип калып аткан, сойлоп
жылганга караганда төрт аяктап
жылган жеңилирээк болчу, анын
үстүнө бат да жылып кетип
баратты. Бир далай жерге барып
эс ала темсир түтүктүн үстүнө
чалкасынан жата кетти. Эмнегедир
келемиштер да ага көнүп
калышкандай жолобой калышты.
Кез-кез ары-бери чуркап өтүп
кетип атышканын сезип жатты.
"Өзүм ушунчалык чоң болуп туруп,
кичинекей жандыктардан,
макулуктардан эмнеге коркмок
элем", Диана өзүнө-өзү кайрат
бере бир аз жаткан соң кайрадан
ордунан кохголуп, жылып жөнөдү.
Ошо боюнча эч бир тыным албай
жылып жүрүп отурду. Бир далай
жерге чейин барган соң дагы төрт
тарапка бөлүнүп кеткен түтүктөргө
келип такалды. Анын үстүндө да
капкак бар болчу. Бир нерседен
үмүттөнө ага дароо жетип барып
астынан түртүп көрдү эле дегеле
ордунан солк этип койгон түрү
жок. Чымырканып болгон күчү
менен түртүп көрдү, баары бир эч
майнап чыгара албай койду. "Муну
сыртынан сваркалап ташташканбы,
эмне кылам?"Эч ойлонбостон
андан ары жөнөдү сойлоп. Бир
нерсе эсине түшкөндөй дароо
токтой калды да түшүп калган
жокпу дегендей артындагы
баштыкты сыйпалады. "Өх" деп
жүрөгү ордуна келе бир аз тыным
алды. "Ушундайда алиги кол
фонарик болгондо эмне,
айланамды көргөнгө мүмкүнчүлүк
алат элем. Баса, жер алдындагы
шахтёрлор кантип иштейт болду
экен, тимеле адам баласы көпкө
чыдай алчудай эмес. Ошо себептен
алардын эмгек акысы көп,
пенсияга да эрте чыгышат да" -
өзү менен өзү сүйлөшө канча жерге
чейин жөргөлөп барганы белгисиз,
бир кезде дубалга келип такалып
калды. Темир түтүктүн айланасын
атайын кирпич менен тосушуптур.
Болгон күчү менен түртүп, дубалды
козголто албай койду. Цемент
аралашып коюлган кирпич тим эле
таштай катуу экен. Эртеден бери
бирде жөргөлөп, бирде сойлоп
жүрүп жука көйнөгүнүн тамтыгы
кетип тизелери, колдору айрылып,
канап аябай жүдөтүп жиберди.
Кайкайып түз турайын дейт,
мүмкүн эмес. Бөк түшүп төрт
аяктап басып жүрүп тажап да
кетти. Дубалдан өтө албай
шалдырап жатып калды, бирок бул
жолкуда ыйлаган да жок, ыза болго
да жок, тек гана кантип чыгуунун
жолун ойлонуштуруп жатты.
"Жашоо - күрөш… мен бул дүйнөгө
жашаш үчүн, күрөшүш үчүн келгем.
Өмүр бою күрөшүп жүрүп өтөм.
Күрөш токтосо ичер суу дагы
токтойт. Ичээр суум түгөнүп,
такыр эле тоскоолдуктарды жеңе
албай калганда, тамырымдын
акыркы каны соккуча күрөшөм.
Мен жөндөн-жөн эле турмуш
тоскоолдуктарына моюн сунуп
бери койчу адамдардан эмесмин".
Темирдин муздагы денесине өтө
баштаганда оң жак капталына
оодарылды. "Кой кайра артка
кетүүгө туура келип калды,
"Урушта - туруш жок" бир аз эс
алып жаткан соң ордунан козголуп,
кайра артка жөнөдү. Тизелери
менен алакандары кадимкидей
жалкоотай болуп, ооруп
жөрмөлөгөнгө мүмкүнчүлүк бербей
жатты. Ага болбой эле өзүнчө
сүйлөнө акырын жылып кете
берди. "Жок дегенде жөрмөлөбөй
тикеден басма болсо эмне, минтип
кыйналбайт элем…, жок анда да
болмок эмес, анда артымдагы бул
акчанын кожоюндары кууп
келишип, мени кармап алышмак.
Бир эсептен ушул да жакшы болду.
Кудайым мени сынап жатат болуш
керек. Ушул тоскоолдуктардан
чыгып кетсең жакшы жашайсың
деп. Ошондуктан аракет кылыш
керек. "Аракетке - берекет" бул
жер үстү эмес, "алма быш - оозума
түш" деп кебелбей жата бергендей,
кандай болсо да жер үстүнө чыгыш
керек. Жердин жети кабат түбүнө
түшүп кеткен Эр Төштүк деле
чыккан. Ушул үч-төрт метр
тереңдиктеги жер алдынан
чыгалбаймынбы. Болуптур
тереңдиги ашып кетсе беш метр
деп коёюн. Кантип эле ушундан
чыга албай калайын, үстүндө
канчалаган миң, он миңдеген
адамдар басып жүрүшөт, кантип
эле жер алдында өлүп калайын.
Мен бул жерде дайынсыз өлүп
калыш үчүн тигил жактан качып
чыккан жокмун. Эркиндикке
чыгып, жашаш үчүн качып чыктым.
Мен али жашмын, он гүлүмдүн бир
гүлү ачыла элек. Келечегим али
алдыда…" ал өзүнчө сүйлөнүп
жылып отуруп төрт тарапка
кетүүчү түтүктөрдүн жанына келди.
Үстүндөгү бекилүү капкакты
үмүтсүз бир түртүп койду да
шалдая отура кетти. "Саат канча
болуп калды экен, түн ортосу
болуп калды болуш керек. Баары
бир азыр эч майнап чыкпайт, эс
алайын. Күн чыгып, таң агарганда
кайрадан аракет кыла баштайын.
Эртеден кечке анан түн ортосуна
чейин ары-бери жөрмөлөп жүрүп
катуу чарчагандыкта темир
түтүктүн үстүнөн төмөн жакка
жылмышып түштү да кумдун
үстүнө отура кетти. Анан
кыйшайып барып көзүн жума жата
кетти, катуу чарчагандыктан көп
өтпөй эле уктап калды".
ЖАШОО ҮЧҮН КҮРӨШ
Аны дагы кайрадан келемиштер
ойготту. Айланасында үч-төрт
келемиштер чуркап жүрүптүр.
Көпкө уктаса керек, дене-башы
ооруксунуп, кабыргалары ооруп
кыймылдатпай калыптыр.
Кыйналып ордунан араң турду,
кечөө ары-бери тыным албай
сойлогондуку дене-бою
кыймылдаган сайын ооруп жатты.
Жайдын саратан мезгили болсо да
бир топ үшүп калыптыр. Көзүн
ушалай шалдайып бир топко
отурду. Курсагы аябай ача эмне
тамак болсо эле жегиси келип
турду. "Тигил машинадагы
тамактарды жебегенде эмдигиче
кыймылдай албай калмак экенмин
да. Бир жарым же эки сутка болуп
кетти окшойт. Кызык, азыр саат
канча болду, сыртта күнбү же
түнбү? Улам уктап туруп атып күн-
түндү чаташтырып да алдым. Же
сырттан жарыктын шооласы жок,
же кишилердин дабышы,
машиналардын үнү угулбайт. Тигил
жактан машинелердин дүрүлдөгү
кичине дем бергенсип жатты эле,
бул жактан болсо тигил дүйнөдөн
ажырап, таптакыр башка дүйнөгө
келгендей болдум го". Ордунан
козголуп темир түтүктүн үстүнө
чыгып жөргөлөйүн деди эле тизеси
менен алаканы таптакыр эле
оорутуп, тоскоолдук кылды.
Кыймылдайын деп эмнегедир
башы айланып, жер айлан-көчөк
болуп атты. "Эмне ооруп калдымбы
же тамак ичпей курсактын
ачкандыгыбы? "ордунан козголо
эптеп турду дагы темир түтүктүн
үстүнө тартынып чыгып, денелери
кыйналып ооруганына карабай
кечөөгүнү барбаган жагына
жөрмөлөп жөнөдү. "Чын эле
ушунун алдынан чыгалбай өлүп
каламбы? Шаардын алдына
окшошпойт го, жок дегенде бир
дабыш угулуп тирүүлүктүн белгиси
билинмек да же тигил акча
чыгарчу жашыруун жай шаардын
ичиде эмес беле? Машиненин
арткы багажына жашынып алып
мен эч нерсени көргөн жокмун.
Машине мени таптакыр башка
жакка алып кеткенби? Деги мен
кайдамын? Ушинтип жер алдында
сокур чычкандай болуп жүрө
беремби? Алиги келемиштер дагы
каякка кетишти, жок дегенде
жашоонун, тирүүлүктүн белгисин
билгизип, ошолор ары-бери үн
чыгарып чуркап турушса боло.
Көрдөн айырмасы жок капкараңгы
жер алдынан кантип үстүнө чыгып
кете алам? Оо, Кудайым жардам
бере көр", - өзү менен өзү сүйлөшө
канча жерге чейин сойлоп барганы
белгисиз бир кезде өзүнөн анча
бийигирээк эмес жерден темир
капкакты көрдү. Кайрадан үмүт оту
жана ага дароо жетип барды да
акырын түртүп көрдү. Ачылбай
койду, сыягы ал дагы бек окшойт.
Бардык нерседен, бул дүйнөдөгү
жашоодон да үмүтү үзүлө
шалдайып отуруп калды. "Эмне
себептен бардыгын үстүлөрүнөн
бекитип таштаган, бул жакта тим
эле алтын бардан бетер" ошол
мезгилде ал адамдардын
бардыгын жек көрүп кетти. "Бул
теңирчилик заманда эмнеге бирин-
бири пайдаланышат. Эмнеге
бирин-бири кордошот, өлтүрүшөт.
Биздин айбандардан эмне
айырмабыз бар. Тигил дүйнөдө
тозок менен бейиш бар болсо,
эмне эле адамдардын бардыгы
тозокту көздөй умтулушат. Эмне
эле бир-экт тамчы кара боёк
бүтүндөй ак нерсени карартып
жиберип атат. Кайда барба ак
көңүлдүүлүктү карөзгөйлүк жеңип,
үстөмдүк кылып кетүүдө. Же
азыркы адам баласынын жашоосу
ушундай болуп бүт жер жүзүн
шайтан аралап кеткенби?"
Диананын эч нерсеге көңүлү
келбей шайы ооп, бардык нерседен
үмүтү үзүлө темир түтүктүн үстүнө
жатып калды. "Күн менен түн
билинбей караңгы жер алдында
ушинтип өлүп каламбы. Кызык, жер
үстүн бербей кыбырап жүргөн адам
баласы кайда кетишкен, дегеле бир
кыбыраган тирүүлүктүн белгиси
жок". Чалкасынан жаткан боюнча
оюна ар нерсе келип атты. Бир
кезде каы катып суусап чыкты.
"Мен эмне тозоктон качып чыгам
деп кайра тозокко кабылдымбы?
Же менин маңдайыма Кудай-
Таалам азап-тозокторду жазып
койгонбу? Ушинтип жөн өлбөй жер
алдындагы келемиштерге жем
болуп, таланып өлөмбү. Менин
өмүрүмдү алып калчу адам болобу
же жер үстүндөгү менден башка
адамдар жок калганбы? Жо-жок
мен өлбөшүм керек, али эртелик
кылат" Диана ордунан туруп
болгон күчү менен үстүндөгү
бекилүү темир капкакты чапкылап,
кыйкыра баштады.
- Ээ-э-ээй адамзат, тирүү жандык
барбы?! Жардам бергиле-ее-ее! !
Анан токтой калып бирөөлөрдүн
дабышы угулар бекенби дегендей
кулагын көтөрө демин чыгарбай
тыңшап калды. Дегеле шырп эткен
дабыш угулбайт. Ачуусуна кошул-
ташыл боло "сен өлсөң бизге жем
болосуң" дегендей кез-кез
келемиштердин өз ара бир нерсе
талашып "чыйк-чыйк" эткен үндөрү
угулат.
- Ээ-ээ-эй тирүү жан барбы?!
Темир капкакты тарсылдатып
каккылай бери, кыйкырып атып
тажаган соң темир түтүктүн үстүнө
кайрадан сулк жатып калды. Оюна
Токмоктон анча деле алыс эмес
Кегети айылындагы апасы анан
мындан беш-алты жыл мурун каза
болгон атасы түштү. Апасынын
пенсияга чыкканына аз эле болгон.
Өмүр бою айылында акушерка
болуп иштеп анан пенсияга
чыккан. Атасы болсо онунчу
классты окуп жатканда кан
басымы жогорулап ошондон каза
болгон. Айылдык клубтун башчысы
болчу. Анын комузчулугун Чүй
району бүт билишчү. "Кимдин
кызысың? Деп сурашып
"Ысмайылдын" деп жооп бергенде
"Аа тиги Кегетилик комузчу
Ысмайылдынбы? " дешип дароо
атасынын мыкты комузчулугу
тууралуу айтып киришчү. Дианадан
башка бир туугандарынын баары
комузчу, бардык музыкалык
аспаптарда ойношкон музыкант
болушчу. "Мен эмне эле атамды
тартпай калдым экен жада калса
ырдаганга да үнүм жок" деп ал
кээде той-топурларда, ыр
кеселерде ырдай албай кысына
берчү.
Атасы да күтүлбөгөн жерден каза
болгон. Жетинчи апрель күнү кечке
маал үйүндө төрдө отуруп алып,
комуз чертип отурган. Казанда эт
салынып кайнап жаткан. Мештеги
от күйүп жатабы деп комузун коё
коюп, эңкейе бергенде аз жерден
кулап кете жаздап барып дубалды
таянып аялына кыйкырган.
- Каным мени карма!
Эмне болуп кеткеин түшүнүшпөй
балдары үймөлөктөй калышкан.
Саат кечки жети болуп калган
болчу. Бетине кан тээп чыгып,
чалкасынан кулаган. Баарылап
көтөрүп барышып башына жаздык
төшөп, төшөккө жаткырышкан.
Ошондо эле кырылдап эсин жогото
баштаган, кыйкырык, ызы-чуудан
эки жолу эсине келип, үчүнчүсүндө
кыйкылдап-чыйкылдап адаттан
башкача үн чыгарып кете берген.
Бир сааттан кийин айылдык доктор
аны кармалап көрүп, алысыраак
туугандарынан бирөөнү бери
чакырып алып айтыптыр, "Бул эми
киши болбой калды баш тамыры
жарылып, мээсине кан куюлуп
кетиптир. Жайына даярдай
берсеңер болот". Атасынын көз
алдыларында кандайча каза
болгону Диананын бүгүнкү күнгө
чейин эсинде. "Кудай-Таалам алам
десе заматта эле алып коёт экен
адам баласын. Сыягы менин дагы
жашоом бүтүп калды окшойт…"
Диана эч нерсени ойлогусу келбей
көзүн жумду. Күтүлбөгөн жерден
"шырп" эткен добушка дароо көзүн
ачып тыңшап калды. Жок, эч
кандай дабыш билинбейт. Сыягы
келемиштер окшойт. Кайрадан
ордунан туруп, капкакты дагы
тарсылдатып, болгон күчү менен
кыйкыра берди. Жедеп үнү бүтүп,
тажага соң кайра жатып калды.
"Карачы күтүлбөгөн байлык менен
күтүлбөгөн ажалдын коштоп
жүргөнүн. Ушул жанымдагы бир
баштык акчалар менен айылга
барсам кандай гана бай жашайт
элем. Ай, андай күн болбойт го".
Ар нерсени ойлоп жата бери, көзү
илинип кетти. Аны баягы эле
келемиштер ойготту. Муздак
темирдин үстүнө жатканга
кадимкидей денеси салмактанып
ооруп калыптыр. Акырын темирден
төмөн карай жылмышып түштү.
Таптакыр эле алсырап, алы кетип
калыптыр. "Кызык канча күн, түн
же сутка өтүп кетти. Же жарыктын
шооласы жок. Туюу сезимим менен
иштеп сокур чычкандан айырмам
жок болуп калды го. Дагы канча
убакытка чейи чыдай алаар
экенмин бул жер астында. Кой,
өлүгүмдү бирөөлөр таап алгыча
артымдагы акчалардын көзүн
курутайын, мен жөнүндө жаман
ойдо калышпасын" , ал акырын
ордунан козголо таманындагы
кумду колу менен шилей баштады.
Колдорунун тырмактары
сынганына карабай бир топ казды.
Анан артындагы баштыкты чечип
кагазга оролгон акчалардан бир-
экөөнү алып, баштыктын оозун
бууду да чуңкурга салып үстүнөн
көмүп, алаканы менен чапкылап
тегиздеп таштады. Эки таңгак
акчаны коюнуна сойлотуп,
кайрадан темир түтүктүн үстүнө
чыкты. Улам барган сайын
алсырап, кыймылдаганга алы
келбей калган болчу. Темир
түтүктүн үстүнө кыймылсыз, бул
жашоодон үмүтүн үзө чалкасынан
жата берди. Көзүнө ар кандай
нерселер көрүнүп жок болуп
кетүүдө. Бири-бирин тиштегилеп
чыйкылдашкан келемиштерди улам
жакындап келишкен сайын колу
менен жаңсап кубалап жатты.
Акырындап аларды кубалаганга да
дарманы келбей калды. Эриндери
жарылып, көздөрү тумандап,
колдорун тиштегилеп жаткан
келемиштерге да каршылык
көрсөтө албай бара жаткан…
Диана жер алдындагы көзгө сайса
көрүнгүз караңгы жерде ажал
менен аёосуз кармашып, алты
сутка жаткан болчу. Ортодо ажал
менен өмүр кармашып акырындап
ажалга моюн сунуп бараткан.
Күтүлбөгөн жерден капкактын
үстүнөн кандайдыр бир дабыштар
чыгып, адамдардын сүйлөшкөн
сөздөрү угулуп кеткенсиди.
Диананын кулагына ар кандай
каткырган, кыйкырган үндөр
угулуп, көздөрүнө ар кандай
сөлөкөттөр көрүнүп, бу дүйнөбү,
тиги дүйнөбү айырмалай албай
калган. Болгон күчүнө салып
кыйкырайын деди эле үнү да
чыкпай калыптыр. Эсине келип
көзүн ачып тыңшаса, чын эле
капкактын үстүндө бакылдашып
сүйлөшкөн адамдардын үндөрү
кадимкидей кулагына угула
баштады. Анан болгон күчү менен
"жардамга! " деп катуу кыйкырды,
бирок үнү эптеп эле чыгып жатты.
- Коё турчу, капкактын алдынан
бирөө кыйкырып атабы? - үстүндө
жүргөндөрдүн бирөө токтоп
кулагын төшөдү. Анын алдынан
жай кыңылдап үн чыгарып жаткан
үндү угуп, артта калганы алдыда
кетип бараткандарды токтотту.
- Бул капкактын алдында бирөө
бар окшойт, токтой тургулачы…
- Ой койсоңчу, кулпуну бузуп ким
кирип алды дейсиң капкактын
алдына. Кой кеттик, - ары жакта
тургандар складдын оозун жаап
кетмекчи болуп калышты. Алиги
жигит айтканынан кайтпай, кулагы
менен тыңшап калды. Анан
бирөөнүн жардам сурап жатканын
угуп, колундагы чоң темир ачкыч
менен болгон күчкө сала кулпуну
чаап, сындырып жиберди. Дароо
капкакты ачты. Төмөн караңгы
жакка көз жүгүртө өзүнө ишенбей
таңгала карай туруп калды. Ары
жактагылар да дароо жетип
келишип бир ордуларында катып
калышты. Темир түтүктүн үстүндө
чачтары туш тарапка жайылган
сулуу периште араң жан
кыймылдай чалкасынан жатка эле.
Анын үстүндө жыбырашып
келемиштер чуркап жүрүшкөн.
БООРУКЕР БЕЙТААНЫШ
Диана үч күндөн кийин гана араң
эсине келди. Кандайдыр бир
керебетте жатыптыр. Көзүн ачып
кобураган үндөр жакка башын
буруп карады эле көзү эч нерсе
көрбөй калыптыр. "Мен эмне сокур
болуп калгамбы" ? - биринчи
кезекте эле анын мээсине ушундай
жаман ой кетти. Көзүн ушалаганы
акырын оң колун көтөрдү эле ары
жактан бир аял келип колунан
кармады.
- Көп кыймылдабаңыз, сиз
"капельницада" жатасыз. Үч сутка
бою кыймылдабай эсиңизге келе
албай өмүр менен өлүмдүн
ортосунда кармаштыңыз.
Бактыңыз бар экен. Тигил
жигитиңиз сизге эң кымбат баалуу
дары-дармектерди алып келип
бери атты.
- Мен кайдамын, силер кимсиңер,
эмне себептен көзүм көрбөй
жатат? - адегенде эле Диананын
оозунан ушул суроолор биринин
артынан бири жаады.
- Кам санабыз, сиз ооруканадасыз,
сиздин эсиңизге келгениңизге чоң
кубанычтабыз. Биз болсо ушул
оорукананын врачтары болобуз.
Сиздин өмүрүңүздү сакташ үчүн
эмнелерди гана иштебедик. Мына
акыры жакшы результаты болду.
Тигил жигитиңиз болбогондо ким
билет эле, балким тирүү калбайт
болчусуз, ал сизди аябай сүйөт
окшойт. Эч акчасын аяган жок.
Эмне дары айтсак дароо, ошол
замат эле алып келип атты…
"Ал жигитим ким болду экен, мени
бул жакка кимдер алып келишти.
Кандайча аман калдым, жер
алдындагы тозоктон чын эле
кутулдумбу? " Дианага али көп
нерсе түшүнүксүз болуп жатты.
Сантехниктер темир капкакты
ачканда ал акыл-эсин жоготуп,
жөөлүп калган болчу. Аны дароо
эле жеңил машинага салышып
ооруканага жеткиришкен.
"Мага акчасын чачкан ал жигит
ким болду экен?" Диананын оюна
бир нерсе кылт дей түштү "Баса
коюнумдагы акча эмне болду
экен?", - сол колу менен акырын
сыйпалап көрүп эч нерсе таппай
койду. "Демек тигилер алып
коюшкан экен да", жанында
отурган алиги врачмын деген аялга
кайрылды.
- Айтыңызчы, менин көзүм ушул
боюнча көрбөй калабы?
- Эртең көз боюнча врачтар келип
текшеришет, көрөсүзбү,
көрбөйсүзбү алар өздөрү айтышат.
Биринчи биздин милдет сиздин
ден-соолугуңузду оңдошубуз
керек.
Алты сутка бою жер алдында
тамак ичпей бир ордунда араң жан
кыймылдап, келемиштер менен
салгылашып жаткандыкы таптакыр
эле кыймылдаганга жарабай
калыптыр. Врачтар глюкоза сайып,
ар кандай өсүмдүк, жашылча
жемиштердин ширелеринен бери
атышып, акырындап организми
калыбына келе баштаган болчу.
Диананы бирден-бир сары санаа
кылганы көзү болуп жатты. Эгер
бул жарык дүйнөнү ушул боюнча
көрбөй калса өлгөн менен барабар
эле. "Оо Кудайым, көзүмдү ачып,
кайрадан бул жарык дүйнөңдү
көрсөтө көр", Диана ичинен
Кудайга жалынып жатты.
Эки күндөн кийин врачтар келип
көзүн чоң-чоң ачтырып, кандайдыр
аппараттар менен бир топко
текшерип көрүшүп, өздөрүнчө
тыянак чыгарышты. Эртеден бери
чочулап жаткан Дианага жооткото
көңүл айтып кетишти.
- Кам санабай эле кой, сулуу кыз.
Көптөн бери жарык нурун көрбөй
караңгы жерде болуп, дароо
жарыкка чыкканга көздөрүңүз
тунарып, көрбөй калыптыр. Сизге
эч кандай дары-парылардын
кереги жок. Акырындап өзү
калыбына келет. Аман болсоңуз,
мурункудай эле көрөсүз, болду
көзүңүздүн жашын аарчыңыз.
Сизге ыйлаганга болбойт, -
кандайдыр чыккан эркектин үнү
токтоп, бет аарчы менен Диананын
көздөрүн аарчыды. Диана
кубанганынан ыйлап жаткан болчу.
Ал ошол боюнча кыймылдабай
эки-үч күн жатты. Врачтардын
ушунчалык сылыктыгына, жан
алдары калбай чуркап
жатышканына ичинен ыраазы
болуп атты. Көп өтпөй колундагы
"капельницасын" да алып
салышты.
Күнүнө үч маал колуна, жамбашына
ийне сайылып атты. Муздак
темирдин үстүндө жаткандыкы
өпкөсүнө да суук өтүп кетиптир.
Түшкө маал болуп калган,
палатасы тыптынч уктап жаткан.
Кандайдыр назик кол жаагын
сылап атканда чочуп ойгонуп
кетти. Алиги кол акырын тартылып
кетти.
- Сиз ким болосуз? - Диана көзүн
ачып жанында отурган адамдан
сурады. Көзү көрбөсө да жанында
столдо бирөө отурганын сезип
атты. Ал адам өзүн оңтойсуз
сезип, бир топко унчукпай турду да
анан акырын үн катты.
- Сизге кандай деп түшүндүрсөм…
Мен сизди жер алдынан алып
чыккан жигитмин. Бактыңыз бар
экен кетип баратып капысынан
кандайдыр бир үндү кулагым
чалып калды. Өз кулагыма өзүм
ишенбей токтоп, дагы тыңшап
көрсөм үн өзүмдөн анча алыс эмес
жерде турган капкактын астынан
чыккандай болду. Ача салсам сиз
жатыптырсыз, анча-мынча
болгондо эле кайра складды
бекитип кетип калмак экенбиз.
Анан сизди көтөрүп келатып
кокусунан эки пачка акчаны көрүп
калдым. Бир пачкасы доллар,
экинчиси сумдар экен. Айла жок
алып коюуга туура келди, болбосо
башка бирөөлөр алып коюшмак.
Анан өзүмдүн машинеме салып
алып сизди бул жакка, ооруканага
алып келдим. Ал акчалардын
жүздөн он бөлүгүн гана дары-
дармекке кетирдим, врачтарга
бердим. Сиз ошол акчалардын күчү
менен айыктыңыз. Акча
болбогондо сиз аман калат белеңиз
бир Кудайдын өзү билмек. Ошо
себептен врачтар сизге жан-
алдары калбай чуркап жүрүшпөйбү.
Алардын айтуулары боюнча сиз
жакшы болуп баратасыз, сураган
акчаларын сиздин ден-соолугуңуз
үчү аябай эле бери атам. Баса,
айтмакчы менин атым Ибрагим
болот. Сиздикичи?
- Диана…
- Диана… Диана… Кандай жакшы
ат.
Бул жигиттин ким экенин өңүн
көрбөсө да, өзү үчүн боор тартып
жатканын Диана жүрөгү менен
сезип турду.
"Ибрагим…, бул кандай жигит болду
экен, үй-бүлөлүүбү же бойдокпу.
Жашы канчада, эмне себептен ал
мени ухаживайт этип калды, же
акчама кызыгып атабы? Эгер
акчама кызыккан болсо, анда
тигил акчаларымды алган боюнча
дайынын таптырбай кетпейт беле.
Тескерисинче ал акчаларды кайра
өзүмө чыгымдап жатпайбы. Кандай
жигит болду экен, өңүн көрсөм
жакшы болот эле. Сүйлөгөн
сөздөрүнө, мага боор тартканына
караганда эки жүздүү эмес түзүк
эле жигиттей көрүнөт. Ушундан
жардам сурасамбы өз жергеме
жетип алганга, бирок…, ай ким
билет азыркы заманда адамдарга
ишенич жок, азыр бирди сүйлөсө
эртең анын тескерисин жасайт.
Бүгүн боорукер болуп сен үчүн
күйүп-бышын атса эртең эле андан
өткөн таш боор жок болуп чыга
келет. Бүгүн сенин таламыңды
талашып атса эртең эле сага
карама-каршы, душманың болуп
чыга келет. Адамдарды жылкы
мүнөз деп бекер айтышпайт да,
колундагы байлыгына, сөөлөт-
даражасына жараша бат-бат
өзгөрүп турушат. Бул жигит балким
тигил Бишкектеги Исабеков
Мараттын кишилеринин биридир,
же тигил акча жасаган
контрабанданын адамдарыбы?
Менин айыгышымды, ооруканадан
чыгышымды күтүп жүргөндүр.
Качып кетпесин деп кайтарып
аткандыр. Акча чыгарып
жаткандарга акчанын деле
мааниси жок да, ошол себептен
акчаны врачтарга чачып жатат да.
Бир дагы жакшы адамды
жолуктура элекмин, мына
Бишкектен өзүмдүн эле досторум
өзүмдү сатып жибериши. Ал эми
түрмөдөгү эркектердин жоруктары
тигил, каалаганын зордуктап,
каалаганын сабап, каалагандарын
өлтүрүп, өздөрүн өздөрү билип,
өтүгүн төргө илишип, түрмөнүн
кожоюну болуп жүрүшөт".
Ушуларды ойлоп Диана өзүнө
келип жүргөн бейтааныш жигиттен
чочулай, сак боло баштады. Ички
сырын айтпоого колдон келсе аны
менен аз сүйлөшүүгө аракет
кылмай болду. Сырттан врачтар
менен сүйлөшүп жаткан анын үнүн
укканда дароо эле уктамыш болуп
көзүн жумуп калат. Алиги жигит
келет да маңдайына отуруп
ойгоноор бекенби дегендей кез-кез
катуу жөтөлүп да коёт. Диана
бардыгын сезип-билип, угуп турса
да уктамыш болуп жата берет.
Тигил жигит тажаганда чачына
акырын алаканын алып келип,
назик сылап коёт да, дагы бир аз
отурган соң акырын туруп, дабыш
чыгарбай, жай чыгып кетет. Ал
кеткенден кийи да обочо жерде
туруп алып атайын аңдып атпасын
деп көзүн жумуп жата берет. Качан
гана врачтар келип ойготкондо
көзүн ачат.
Акырындап бул жарык дүйнөнүн
шоолалары Дианага кичинеден
белги бери билине баштады. "Оо
Кудайым, көзүмдү кайрадан
көрсөтө көр" жатса да, басса-турса
да анын ойлогону ушул болуп
жатты.
Ибрагим эки-үч күн катары менен
келип Диананы ойгото албай
отуруп-отуруп кайра кетти. Бул
жолу да анын маңдайында бир
топко тиктеп отурду. Анан
күтүлбөгөн жерден эле акырын
келип эрдинен өөп жиберди.
Мындай күтүлбөгөндүккө Диаа аз
жерден бакырып ийе жаздап, бирок
уктап жаткан киши болуп өзүн-өзү
араң кармады. Ал ордунан акырын
туруп, жыла басып кетип калды.
Анын эрини ушунчалык таттуу
экен, дагы өбүшкүсү келип кетти.
Муну менен катар эле эркектин
кандайдыр бир жагымдуу жытын
сезди. Ошондон баштап ал келип
жанына отурганда дароо эле
тааныш жытты сезет. Акыркы
мезгилдерде ал Диананын
атайылап, арамза уктап жатканын
байкап калды. Көзүн жумуп былк
этпей жатса да өзүнчө сүйлөнө
берчү болду. Акыры аны ойготуп
сөзгө тартты. Өзү жөнүндө бир
сыйра тааныштырып өттү. Жердиги
Ферганалык экен. Эне-атасы менен
Ташкенге көчүп келип жашап
жатканына бир топ жыл болуп
калыптыр. Жашы жыйырма жетиде,
үйлөнө элек бойдок экен. Ал эми
Диана болсо өзү жөнүндө көп анча
маалымат берген жок. Андан
чочулап атты.
ЖЕР ӨТКӨӨЛДӨГҮ ЫЙ
Диана эч бир тыным албастан
темир түтүктүн үстү менен сойлоп
кете берди. Өткөөл аябай кууш
болгондуктан бурулганга, а түгүл
баш көтөргөнгө мүмкүн эмес
болчу. Анын үстүндөгү чаңдардан,
кара сагыздан (смола) көйнөгү
заматта карала-торала болуп
чыкты, мунусуна да кайыл болчу.
Эптеп эле тигилердин туткуну
болбой ушул жер алдындагы
өткөөлдөн чыгып кетсем деген
анын бир эле максаты болуп атты.
Ары-бери чыйылдашып чуркашкан
келемиштер тажатып жиберди.
Бирок алардан анча коркпой,
чочулабай калган. Өткөн жолу деле
келемиштердин асылганына,
тиштегилегенине карабай чыдап
турбады беле.
Канча жерге чейин сойлоп барганы
белгисиз, өзүнүн баамынча беш
жүз кадамдай сойлоп кеткенсиди.
Бир аз ошол көмкөрөсүнөн жаткан
боюнча эс алып жатты. Түнү бою
уктабагандыкы уйкусу да келип
атты. Бир аз жатып көзү илинип
кетиптир келемиш колун тиштеп
алганда гана чочуп ойгонуп, эсине
келди. Кол фонариги колунан
түшүп темир түтүктүн алдында
күйгөн боюнча калыптыр. Колун
созуп ала албай койду. Анын
алдына өткөнгө мүмкүн эмес
болчу. Жер алдындагы өткөөл
темир түтүк баткандай кылып гана
төрт бурчтуу кылып бетон менен
куюлуптур. Бактыга жараша анын
үстүндө киши сойлоп өткөндөй
орун бар экен.
Колун созуп атып кол фонаригине
жете албай койгон соң "мейличи"
деп кол шилтей андан ары сойлоп
жөнөдү. Дагы үч жүз кадамдай
сойлоп барды. Улам эс алып, улам
сойлоп жүрүп отурду. "Кудай
буюрса сыртка чыкканга жол
табылаар. Эң башкысы тигил
каргашалуу жер алдынан кеттим.".
Эртеден бери жер алды менен
жети-сегиз чакырымдай жерге
сойлоп барып, кайрадан темир
түтүктүн үстүнө сулк жатып калды.
Далысы үстүндөгү бетонго тиер-
тиймексен болуп турду. Отурганга
анан башын көтөргөнгө мүмкүн
эмес болучу. Түтүктүн ичинде эмне
бар болду экен деп кулагын такап,
тыңшап көрдү эле суунун кез-кез
шылдырап агып жатканы билинип
турду. Анын көйнөктөрү түгүл
чачы-баштары, бети бүт карала-
торала болуп калган болчу. Жер
алдындагы караңгылыкка анча-
мынча көзү көнүп, кээ бир кара
нерселерди көрүп атты. Өзүнүн
баамынча жети-сегиз чакырымдай
аралыкты сойлоп өткөнсүдү. Бир
жерге келгенде үстү куушурулуп
келип алдыга сойлоп өткөнгө
мүмкүнчүлүк болбой калды. Темир
түтүк анча-мынча өйдөгө
көтөрүлүп калыптыр. Ары көздөй
сойлоп өткөнгө башы батпай
койду. Аябай аракет кылып көрдү
эле баары бир эч майнап чыккан
жок. "Эми эмне кылам, кайра
артка кайтып ордума барамбы?
Анда эле тигилер мени соо
коюшпайт. Өзгөчө анын темир
түтүк менен башка чаап эсин
оодарган, башы жарылган
далдайган киши мени кармачу
болсо соо койбойт. Моюнумду
толгоп туруп жулуп алат. Эми эмне
айла кылам. Караңгы капастан
чыга албай ушул жерде ачкалыктан
келемиштерге таланып, жем болуп
өлөмбү? Бул жерден менин
дайынымды таба албай калат.
Мени үйдөгүлөр, шаардагы эжем
жоготту го, өлүп калды деп ойлоп
жатышат да, эгер чын эле ушул
жерде өлүп калсам эмне кылам?
Ансыз деле өлө турган маалым,
ажалым келди окшойт". Диана
айласы кеткенде көз жашынан
күчүн чыгарды. Чымырканы дагы
бир жолу ары жакка өткөнгө аракет
кылып көрдү эле болгон аракети
талаага кетти. "Артымдан
куугундар келсе эмне кылам?
Кайра артка сүйрөп чыгышпайт,
ушунун ичинен атып салышат же
бычактап өлтүрүп кетишет". Улам-
улам арт жагын карап коюп темир
түтүктүн үстүндө соолуп жатты.
Жатып-жатып кайрада көзү илинип
кетти, канча жатканы белгисиз, бир
кезде бир нерседен чочуп ойгонуп
кетсе келемиштер үстү-башына
чыгып ары-бери чуркап көбөйүп
кетишиптир.
- Чиш-ш, жоголгула шайтан
алгырлар. Мен али өлө элекмин,
тирүүмүн!
Анын добушунан келемиштер туш-
тарапка чачыраша оолак боло
беришти. Кээ бирлер эч нерсе
болбогондой эле Диананын үстүнөн
түшпөй ары-бери жүгүрүп жүрүштү.
Ачык турган балтырын бирөөсү
тиштеп алды эле ооруганына
чыдабай бакырып жиберди.
- Чыщ-щщ, кыщ-щщ, жоголгула
башкалар бүтүп, ушу силер жетпей
жаттыңар эле! - Диана муштумун
түйүп алып болгон күчү менен
денесине жабышкан чоң
келемиштерди ургулай берди.
Келемиштер да алыс кетишпей
кайра келип алып эле Диана
жаткан чоң темир түтүктүн үстүнө
чыгып алышып баш жагынан, бут
тарабынан кол сала беришти.
- Жарыбагырлар булар кайдан
келип калышты, жана эле аз эмес
беле.
Келемиштер менен жарым сааттай
салгылашып жатып аябай чарчады,
бир тобун муштум менен цементке
жапшыра уруп өлтүрүп да жиберди.
Келемиштер акырындап суюлуп
отуруп кайрадан жок болуп
кетишти. Колдору, буттары
келемиштердин тиштеринен
кызыл-ала да болуп кетти. "Мен
ушундай күнгө туш болдумбу? Азыр
үстүмдөн элдер эч нерседен
бейкапар ары-бери басып
жүрүшөт. Кыйкырсам үнүмдү эч
ким укпайт, уккан күндө да
жардамга келген күндө да мен
кайрадан тигилердин колуна түшүп
берем. Ой Кудай ай, кайда барсам
Мамайдын көрү, эми эмне айла
кылам. Ушу күнгө туш келдимби" .
Диана өзү менен өзү сүйлөшө жин
даарыган немече өкүрүп-бакырып
ыйлай берди.
Бир кезде үстүнөн дүрүлдөгөн
машине өткөндөй болду. Ошондо
гана кайратына, эсине келди. "Жо-
жок мен жөндөн-жөн эле өлүп
берүүгө тийиш эмесмин үстүмдө
элдер ары-бери өтүп жатышат,
демек жашоо бар, кандай болсо да
үстүнө чыгыш керек, бирок
кантип?"
Көмкөрөсүнөн жата калып колун
ылдый жака шалактатты. Анан бир
кезде оюна кылт дей түштү. "Баса,
мунун үстү кууш болсо, асты кенен
болот да, үстү кенен болсо асты
кууш болот. Ушуну жмнеге
ойлободум экен жанатан бери".
Колу менен жоон түтүктүн астын
сыйпалап көрдү. Чын эле арт
жактагыларга караганда астында
көңдөй бош кенен жер бар экен.
Күтүлбөгөн жерден кандайдыр бир
үмүт оту "жылт" этти. "Эми астына
кантип өтөм, төрт тарабымдын
баары тар, киши алдына сойлоп
өтө албайт", жоон түтүктүн астыа
түшкөнү кененирээк жер издеп
кайра артка сойлоп жөнөдү. Он
арыштай артка сойлоп өткөн соң
алдына түшкөндөй кененирээк жол
таап, эптеп көйнөк-баштарын,
кийимдерин айрытып түтүктүн
астына сойлоп түштү. Анан
кайрадан алдыга карай сойлоп
жөнөдү. Алиги үстүнөн батпай
жаткан өткөөлдүн астынан өтүп
кетти. Ошол боюнча бир тыным
албай сойлоп жүрүп отурду. "Оо,
Кудайым бар экен, али ичээр суум,
көрөр күнүм бар окшойт" өзү
менен өзү сүйлөшө сойлоп кетип
бара жатты. Бирде төрт аяктап
жылып, бирде жапыз жерден
сойлоп баратып тизеси менен
чыканагынан эч тамтык калбай
калды. Жалкоотай тартып, муздак
цементке тийген сайын катуу
оорута берди.
Бул жерде калууга болбойт болчу.
Артта куугунчуларга кармалып
калышы, келемиштерге жем
болушу мүмкүн эле. Сойлоп жүрүп
отуруп акыры чоң, кенен өткөөлгө
туш келди. Бул жерде жоон
түтүктөр беш-алты жакка бөлүнүп,
беш-алты жакка өткөөл кетет
экен. Үстүнөн кандайдыр бир
жарыктын шооласы да кирип
турду. Эки-үч сааттан бери сойлоп
келатып тажагандыктан эми
тикесинен тик турганга
мүмкүнчүлүк алды. Кууш өткөөлдүн
учу-кыйры, аягы жок, ушул жерден
өлүп калам го деп ойлогон. Оор
үшкүрүнө алдындагы жалпак,
жылмакай темирге отура кетти.
"Крот, сокур чычкандан айырмам
жок болуп калды го… Саат канча
болуп калды экен, менимче
түндөтөн бери беш-алты сааттай
убакыт өтүп кетти окшойт… Кой,
урушта туруш жок, кандай болсо да
үстүнө чыгыш керек. Баса бул
кейпим менен кантип кишилерге
көрүнөм көрдөн чыккандай болуп,
дароо эле сырттагылардын
көңүлүн өзүмө бурам. Өзгөчө
милиционерлер ошо замат чап
кенедей жабышышат мага.
Артымдагы пачка акчаларды көрсө
андан бетер иш чатакка айланат.
Караңгы кирсин анан сыртка
чыгып бир жерден суу таап жуунуп,
өзүмдү калыбыма келтирбесем
болбойт. Бирөөлөргө кабылып
калып мынча акчаларымдын
бардыгын тонотуп жибербейин.
Баса, бул чыныгы акча болду
бекенби же… албетте, жасалма акча
дечи, бирок соодага жарайт болду
бекенби? Анда заматта миллионер
болуп жатып калат элем. Бул
жасалма акчалар соодага жарабаса
жанагы кишилер бирден
"иномарка" минишпейт эле го. Эх,
ушунун баары соодага жаралган
акча болуп калса экен…"
Диана өзүнчө кыялы менен байып
алды. Улам убакыт өткөн сайын
курсагы ача баштаганы
кадимкидей билине баштады.
"Манту болсо азыр, кандай гана
ырахаттанып жейт элем" көзүн
жума мискейдеги бууга
бышырылган мантуларды
элестетип шилекейин жутуп алды.
Ал, тээ кичине кезинен эле
мантуну жакшы көрчү. Апасынан
же атасынан акча алса эле дароо
көчөгө барып ашканаларга кирип
манту сатып жечү. Өзгөчө
сабактан кайтып келатканда
автобекеттин сыртында манту
саткан дунган кемпирдин мантусун
жактырчу. Сабактан кайтып
келатканда дайыма манту алып
жеп жүргөндүктөн дунган кемпир
да аны таанып калган болчу.
Алыстан келатканда эле кыйкырып
учурашып, өзүнө чакырып алчу.
"Азыр ал кемпир тирүү болду
бекенби? Эгер дале манту сатып
жүрсө атайын барып туруп жейт
элем ошонун мантусунан…" , өзүнчө
кыялдана кир болгон колдору
менен чекесин сүртүп койду.
Үстүндөгү кичинекей жылчыктан
түшкөн шоола акырындап жоголуп
отуруп жер алдындагы өткөөл
кайрадан капкараңгы болуп калды.
Бир сааттай аркы-беркини ойлоп
отурган соң ордунан туруп темир
түтүктүн үстүнө чыкты. Үстүндө
турган тегерек капкакты түртүп
көрдү эле аябай оор экен. Болгон
күчүнө салып дагы түрттү, кичине
көтөрүлүп барып бир нерсеге
такалып калгансыды. Кайрадан
төмөн түшүрүп экинчи жолу күч
менен түрттү, кайрадан бир аз
көтөрүлүп келип эле бир нерсеге
такалып калып атты. Төмөн карай
кайра түшүрүп туруп болгон күчү
менен чымырканып катуу түртүп
көрдү. Жанагыдай эле көрүнүш
кайталанды. "Шайтан алгырдыкы
десе , үстүнөн бекилүү же
кулпулануу окшойт. Бир
тоскоолдуктан өтсөм өчөшкөндөй
экинчи тоскоолдуктарга кабылам.
Как выберусь отсюда? Ушинтип
азаптан азапка кабылып жүрө
беремби?" - кабагынан кар жаадыра
бир аз турган соң башын көтөрдү.
"Кой, тоскоолдуктарга моюн сунуп
бербей өзүмө-өзүм тың болбосом
болбойт. Кандай гана кыйынчылык
болбосун жеңиш керек. Жашоо бул
күрөш, муну менен өмүр бою
күрөшүп жүрүп өтөбүз. Албетте
күрөшүш керек бул капкак
ачылбаса башка жактарында деле
капкак бардыр. Кантип эле сыртка
чыга албай калайын. Келемиштер
деле жүрөт го темир түтүктүн үстү
менен ары-бери жүгүрүшүп… баары
бир тамак-аш таап жегени сыртка
чыгышат. Алар сыртка кирип-
чыгып жүргөндөн кийин аң-
сезимдүү мен кантип эле чыга
албай калайын". Ордунан туруп
кайрадан тегерек темир капкакты
түрткүлөй баштады. Түрткүлөп,
ургулап атып жедеп чарчаган соң
чекесиндеги нымшып чыккан
терин аарчый кайрадан отура
кетти. "Кызык, жанатан бери
тарсылдатып түрткүлөп атам,
ургулап атам, дегеле сырт жакта
тирүүлүктүн белгиси билинбейт го.
Же бул капкак дагы кандайдыр бир
мекеменин ичиндеби?.. Дагы бир
жолу аракет кылып көрөйүн
болбосо убакытты кетирбей башка
жактан үстүнө чыкканга капкак
издейин", - бир аз эс алып турган
соң ордунан турду да капкакты
ачууга аракет кылып болгон күчү
менен катуу түрткүлөп кирди.
Жедеп чарчап, алы кетип
тажаганда үмүтү үзүлө шалдайып
отуруп калды. Анан төрт жакка
чачырап кеткен түтүктөрдү карап
каяк жагына жөнөсөм деп ойлонуп
турду. Көп өтпөй эле бет
маңдайындагы өткөөлгө түшүп
алып төрт аяктап жылып жөнөдү.
Өзү сойлоп келген өткөөлгө
караганда бул жагы кененирээк
экен. Тигил жактан башын анча-
мынча көтөргөндө эле үстүнө
тийип калып аткан, сойлоп
жылганга караганда төрт аяктап
жылган жеңилирээк болчу, анын
үстүнө бат да жылып кетип
баратты. Бир далай жерге барып
эс ала темсир түтүктүн үстүнө
чалкасынан жата кетти. Эмнегедир
келемиштер да ага көнүп
калышкандай жолобой калышты.
Кез-кез ары-бери чуркап өтүп
кетип атышканын сезип жатты.
"Өзүм ушунчалык чоң болуп туруп,
кичинекей жандыктардан,
макулуктардан эмнеге коркмок
элем", Диана өзүнө-өзү кайрат
бере бир аз жаткан соң кайрадан
ордунан кохголуп, жылып жөнөдү.
Ошо боюнча эч бир тыным албай
жылып жүрүп отурду. Бир далай
жерге чейин барган соң дагы төрт
тарапка бөлүнүп кеткен түтүктөргө
келип такалды. Анын үстүндө да
капкак бар болчу. Бир нерседен
үмүттөнө ага дароо жетип барып
астынан түртүп көрдү эле дегеле
ордунан солк этип койгон түрү
жок. Чымырканып болгон күчү
менен түртүп көрдү, баары бир эч
майнап чыгара албай койду. "Муну
сыртынан сваркалап ташташканбы,
эмне кылам?"Эч ойлонбостон
андан ары жөнөдү сойлоп. Бир
нерсе эсине түшкөндөй дароо
токтой калды да түшүп калган
жокпу дегендей артындагы
баштыкты сыйпалады. "Өх" деп
жүрөгү ордуна келе бир аз тыным
алды. "Ушундайда алиги кол
фонарик болгондо эмне,
айланамды көргөнгө мүмкүнчүлүк
алат элем. Баса, жер алдындагы
шахтёрлор кантип иштейт болду
экен, тимеле адам баласы көпкө
чыдай алчудай эмес. Ошо себептен
алардын эмгек акысы көп,
пенсияга да эрте чыгышат да" -
өзү менен өзү сүйлөшө канча жерге
чейин жөргөлөп барганы белгисиз,
бир кезде дубалга келип такалып
калды. Темир түтүктүн айланасын
атайын кирпич менен тосушуптур.
Болгон күчү менен түртүп, дубалды
козголто албай койду. Цемент
аралашып коюлган кирпич тим эле
таштай катуу экен. Эртеден бери
бирде жөргөлөп, бирде сойлоп
жүрүп жука көйнөгүнүн тамтыгы
кетип тизелери, колдору айрылып,
канап аябай жүдөтүп жиберди.
Кайкайып түз турайын дейт,
мүмкүн эмес. Бөк түшүп төрт
аяктап басып жүрүп тажап да
кетти. Дубалдан өтө албай
шалдырап жатып калды, бирок бул
жолкуда ыйлаган да жок, ыза болго
да жок, тек гана кантип чыгуунун
жолун ойлонуштуруп жатты.
"Жашоо - күрөш… мен бул дүйнөгө
жашаш үчүн, күрөшүш үчүн келгем.
Өмүр бою күрөшүп жүрүп өтөм.
Күрөш токтосо ичер суу дагы
токтойт. Ичээр суум түгөнүп,
такыр эле тоскоолдуктарды жеңе
албай калганда, тамырымдын
акыркы каны соккуча күрөшөм.
Мен жөндөн-жөн эле турмуш
тоскоолдуктарына моюн сунуп
бери койчу адамдардан эмесмин".
Темирдин муздагы денесине өтө
баштаганда оң жак капталына
оодарылды. "Кой кайра артка
кетүүгө туура келип калды,
"Урушта - туруш жок" бир аз эс
алып жаткан соң ордунан козголуп,
кайра артка жөнөдү. Тизелери
менен алакандары кадимкидей
жалкоотай болуп, ооруп
жөрмөлөгөнгө мүмкүнчүлүк бербей
жатты. Ага болбой эле өзүнчө
сүйлөнө акырын жылып кете
берди. "Жок дегенде жөрмөлөбөй
тикеден басма болсо эмне, минтип
кыйналбайт элем…, жок анда да
болмок эмес, анда артымдагы бул
акчанын кожоюндары кууп
келишип, мени кармап алышмак.
Бир эсептен ушул да жакшы болду.
Кудайым мени сынап жатат болуш
керек. Ушул тоскоолдуктардан
чыгып кетсең жакшы жашайсың
деп. Ошондуктан аракет кылыш
керек. "Аракетке - берекет" бул
жер үстү эмес, "алма быш - оозума
түш" деп кебелбей жата бергендей,
кандай болсо да жер үстүнө чыгыш
керек. Жердин жети кабат түбүнө
түшүп кеткен Эр Төштүк деле
чыккан. Ушул үч-төрт метр
тереңдиктеги жер алдынан
чыгалбаймынбы. Болуптур
тереңдиги ашып кетсе беш метр
деп коёюн. Кантип эле ушундан
чыга албай калайын, үстүндө
канчалаган миң, он миңдеген
адамдар басып жүрүшөт, кантип
эле жер алдында өлүп калайын.
Мен бул жерде дайынсыз өлүп
калыш үчүн тигил жактан качып
чыккан жокмун. Эркиндикке
чыгып, жашаш үчүн качып чыктым.
Мен али жашмын, он гүлүмдүн бир
гүлү ачыла элек. Келечегим али
алдыда…" ал өзүнчө сүйлөнүп
жылып отуруп төрт тарапка
кетүүчү түтүктөрдүн жанына келди.
Үстүндөгү бекилүү капкакты
үмүтсүз бир түртүп койду да
шалдая отура кетти. "Саат канча
болуп калды экен, түн ортосу
болуп калды болуш керек. Баары
бир азыр эч майнап чыкпайт, эс
алайын. Күн чыгып, таң агарганда
кайрадан аракет кыла баштайын.
Эртеден кечке анан түн ортосуна
чейин ары-бери жөрмөлөп жүрүп
катуу чарчагандыкта темир
түтүктүн үстүнөн төмөн жакка
жылмышып түштү да кумдун
үстүнө отура кетти. Анан
кыйшайып барып көзүн жума жата
кетти, катуу чарчагандыктан көп
өтпөй эле уктап калды".
ЖАШОО ҮЧҮН КҮРӨШ
Аны дагы кайрадан келемиштер
ойготту. Айланасында үч-төрт
келемиштер чуркап жүрүптүр.
Көпкө уктаса керек, дене-башы
ооруксунуп, кабыргалары ооруп
кыймылдатпай калыптыр.
Кыйналып ордунан араң турду,
кечөө ары-бери тыным албай
сойлогондуку дене-бою
кыймылдаган сайын ооруп жатты.
Жайдын саратан мезгили болсо да
бир топ үшүп калыптыр. Көзүн
ушалай шалдайып бир топко
отурду. Курсагы аябай ача эмне
тамак болсо эле жегиси келип
турду. "Тигил машинадагы
тамактарды жебегенде эмдигиче
кыймылдай албай калмак экенмин
да. Бир жарым же эки сутка болуп
кетти окшойт. Кызык, азыр саат
канча болду, сыртта күнбү же
түнбү? Улам уктап туруп атып күн-
түндү чаташтырып да алдым. Же
сырттан жарыктын шооласы жок,
же кишилердин дабышы,
машиналардын үнү угулбайт. Тигил
жактан машинелердин дүрүлдөгү
кичине дем бергенсип жатты эле,
бул жактан болсо тигил дүйнөдөн
ажырап, таптакыр башка дүйнөгө
келгендей болдум го". Ордунан
козголуп темир түтүктүн үстүнө
чыгып жөргөлөйүн деди эле тизеси
менен алаканы таптакыр эле
оорутуп, тоскоолдук кылды.
Кыймылдайын деп эмнегедир
башы айланып, жер айлан-көчөк
болуп атты. "Эмне ооруп калдымбы
же тамак ичпей курсактын
ачкандыгыбы? "ордунан козголо
эптеп турду дагы темир түтүктүн
үстүнө тартынып чыгып, денелери
кыйналып ооруганына карабай
кечөөгүнү барбаган жагына
жөрмөлөп жөнөдү. "Чын эле
ушунун алдынан чыгалбай өлүп
каламбы? Шаардын алдына
окшошпойт го, жок дегенде бир
дабыш угулуп тирүүлүктүн белгиси
билинмек да же тигил акча
чыгарчу жашыруун жай шаардын
ичиде эмес беле? Машиненин
арткы багажына жашынып алып
мен эч нерсени көргөн жокмун.
Машине мени таптакыр башка
жакка алып кеткенби? Деги мен
кайдамын? Ушинтип жер алдында
сокур чычкандай болуп жүрө
беремби? Алиги келемиштер дагы
каякка кетишти, жок дегенде
жашоонун, тирүүлүктүн белгисин
билгизип, ошолор ары-бери үн
чыгарып чуркап турушса боло.
Көрдөн айырмасы жок капкараңгы
жер алдынан кантип үстүнө чыгып
кете алам? Оо, Кудайым жардам
бере көр", - өзү менен өзү сүйлөшө
канча жерге чейин сойлоп барганы
белгисиз бир кезде өзүнөн анча
бийигирээк эмес жерден темир
капкакты көрдү. Кайрадан үмүт оту
жана ага дароо жетип барды да
акырын түртүп көрдү. Ачылбай
койду, сыягы ал дагы бек окшойт.
Бардык нерседен, бул дүйнөдөгү
жашоодон да үмүтү үзүлө
шалдайып отуруп калды. "Эмне
себептен бардыгын үстүлөрүнөн
бекитип таштаган, бул жакта тим
эле алтын бардан бетер" ошол
мезгилде ал адамдардын
бардыгын жек көрүп кетти. "Бул
теңирчилик заманда эмнеге бирин-
бири пайдаланышат. Эмнеге
бирин-бири кордошот, өлтүрүшөт.
Биздин айбандардан эмне
айырмабыз бар. Тигил дүйнөдө
тозок менен бейиш бар болсо,
эмне эле адамдардын бардыгы
тозокту көздөй умтулушат. Эмне
эле бир-экт тамчы кара боёк
бүтүндөй ак нерсени карартып
жиберип атат. Кайда барба ак
көңүлдүүлүктү карөзгөйлүк жеңип,
үстөмдүк кылып кетүүдө. Же
азыркы адам баласынын жашоосу
ушундай болуп бүт жер жүзүн
шайтан аралап кеткенби?"
Диананын эч нерсеге көңүлү
келбей шайы ооп, бардык нерседен
үмүтү үзүлө темир түтүктүн үстүнө
жатып калды. "Күн менен түн
билинбей караңгы жер алдында
ушинтип өлүп каламбы. Кызык, жер
үстүн бербей кыбырап жүргөн адам
баласы кайда кетишкен, дегеле бир
кыбыраган тирүүлүктүн белгиси
жок". Чалкасынан жаткан боюнча
оюна ар нерсе келип атты. Бир
кезде каы катып суусап чыкты.
"Мен эмне тозоктон качып чыгам
деп кайра тозокко кабылдымбы?
Же менин маңдайыма Кудай-
Таалам азап-тозокторду жазып
койгонбу? Ушинтип жөн өлбөй жер
алдындагы келемиштерге жем
болуп, таланып өлөмбү. Менин
өмүрүмдү алып калчу адам болобу
же жер үстүндөгү менден башка
адамдар жок калганбы? Жо-жок
мен өлбөшүм керек, али эртелик
кылат" Диана ордунан туруп
болгон күчү менен үстүндөгү
бекилүү темир капкакты чапкылап,
кыйкыра баштады.
- Ээ-э-ээй адамзат, тирүү жандык
барбы?! Жардам бергиле-ее-ее! !
Анан токтой калып бирөөлөрдүн
дабышы угулар бекенби дегендей
кулагын көтөрө демин чыгарбай
тыңшап калды. Дегеле шырп эткен
дабыш угулбайт. Ачуусуна кошул-
ташыл боло "сен өлсөң бизге жем
болосуң" дегендей кез-кез
келемиштердин өз ара бир нерсе
талашып "чыйк-чыйк" эткен үндөрү
угулат.
- Ээ-ээ-эй тирүү жан барбы?!
Темир капкакты тарсылдатып
каккылай бери, кыйкырып атып
тажаган соң темир түтүктүн үстүнө
кайрадан сулк жатып калды. Оюна
Токмоктон анча деле алыс эмес
Кегети айылындагы апасы анан
мындан беш-алты жыл мурун каза
болгон атасы түштү. Апасынын
пенсияга чыкканына аз эле болгон.
Өмүр бою айылында акушерка
болуп иштеп анан пенсияга
чыккан. Атасы болсо онунчу
классты окуп жатканда кан
басымы жогорулап ошондон каза
болгон. Айылдык клубтун башчысы
болчу. Анын комузчулугун Чүй
району бүт билишчү. "Кимдин
кызысың? Деп сурашып
"Ысмайылдын" деп жооп бергенде
"Аа тиги Кегетилик комузчу
Ысмайылдынбы? " дешип дароо
атасынын мыкты комузчулугу
тууралуу айтып киришчү. Дианадан
башка бир туугандарынын баары
комузчу, бардык музыкалык
аспаптарда ойношкон музыкант
болушчу. "Мен эмне эле атамды
тартпай калдым экен жада калса
ырдаганга да үнүм жок" деп ал
кээде той-топурларда, ыр
кеселерде ырдай албай кысына
берчү.
Атасы да күтүлбөгөн жерден каза
болгон. Жетинчи апрель күнү кечке
маал үйүндө төрдө отуруп алып,
комуз чертип отурган. Казанда эт
салынып кайнап жаткан. Мештеги
от күйүп жатабы деп комузун коё
коюп, эңкейе бергенде аз жерден
кулап кете жаздап барып дубалды
таянып аялына кыйкырган.
- Каным мени карма!
Эмне болуп кеткеин түшүнүшпөй
балдары үймөлөктөй калышкан.
Саат кечки жети болуп калган
болчу. Бетине кан тээп чыгып,
чалкасынан кулаган. Баарылап
көтөрүп барышып башына жаздык
төшөп, төшөккө жаткырышкан.
Ошондо эле кырылдап эсин жогото
баштаган, кыйкырык, ызы-чуудан
эки жолу эсине келип, үчүнчүсүндө
кыйкылдап-чыйкылдап адаттан
башкача үн чыгарып кете берген.
Бир сааттан кийин айылдык доктор
аны кармалап көрүп, алысыраак
туугандарынан бирөөнү бери
чакырып алып айтыптыр, "Бул эми
киши болбой калды баш тамыры
жарылып, мээсине кан куюлуп
кетиптир. Жайына даярдай
берсеңер болот". Атасынын көз
алдыларында кандайча каза
болгону Диананын бүгүнкү күнгө
чейин эсинде. "Кудай-Таалам алам
десе заматта эле алып коёт экен
адам баласын. Сыягы менин дагы
жашоом бүтүп калды окшойт…"
Диана эч нерсени ойлогусу келбей
көзүн жумду. Күтүлбөгөн жерден
"шырп" эткен добушка дароо көзүн
ачып тыңшап калды. Жок, эч
кандай дабыш билинбейт. Сыягы
келемиштер окшойт. Кайрадан
ордунан туруп, капкакты дагы
тарсылдатып, болгон күчү менен
кыйкыра берди. Жедеп үнү бүтүп,
тажага соң кайра жатып калды.
"Карачы күтүлбөгөн байлык менен
күтүлбөгөн ажалдын коштоп
жүргөнүн. Ушул жанымдагы бир
баштык акчалар менен айылга
барсам кандай гана бай жашайт
элем. Ай, андай күн болбойт го".
Ар нерсени ойлоп жата бери, көзү
илинип кетти. Аны баягы эле
келемиштер ойготту. Муздак
темирдин үстүнө жатканга
кадимкидей денеси салмактанып
ооруп калыптыр. Акырын темирден
төмөн карай жылмышып түштү.
Таптакыр эле алсырап, алы кетип
калыптыр. "Кызык канча күн, түн
же сутка өтүп кетти. Же жарыктын
шооласы жок. Туюу сезимим менен
иштеп сокур чычкандан айырмам
жок болуп калды го. Дагы канча
убакытка чейи чыдай алаар
экенмин бул жер астында. Кой,
өлүгүмдү бирөөлөр таап алгыча
артымдагы акчалардын көзүн
курутайын, мен жөнүндө жаман
ойдо калышпасын" , ал акырын
ордунан козголо таманындагы
кумду колу менен шилей баштады.
Колдорунун тырмактары
сынганына карабай бир топ казды.
Анан артындагы баштыкты чечип
кагазга оролгон акчалардан бир-
экөөнү алып, баштыктын оозун
бууду да чуңкурга салып үстүнөн
көмүп, алаканы менен чапкылап
тегиздеп таштады. Эки таңгак
акчаны коюнуна сойлотуп,
кайрадан темир түтүктүн үстүнө
чыкты. Улам барган сайын
алсырап, кыймылдаганга алы
келбей калган болчу. Темир
түтүктүн үстүнө кыймылсыз, бул
жашоодон үмүтүн үзө чалкасынан
жата берди. Көзүнө ар кандай
нерселер көрүнүп жок болуп
кетүүдө. Бири-бирин тиштегилеп
чыйкылдашкан келемиштерди улам
жакындап келишкен сайын колу
менен жаңсап кубалап жатты.
Акырындап аларды кубалаганга да
дарманы келбей калды. Эриндери
жарылып, көздөрү тумандап,
колдорун тиштегилеп жаткан
келемиштерге да каршылык
көрсөтө албай бара жаткан…
Диана жер алдындагы көзгө сайса
көрүнгүз караңгы жерде ажал
менен аёосуз кармашып, алты
сутка жаткан болчу. Ортодо ажал
менен өмүр кармашып акырындап
ажалга моюн сунуп бараткан.
Күтүлбөгөн жерден капкактын
үстүнөн кандайдыр бир дабыштар
чыгып, адамдардын сүйлөшкөн
сөздөрү угулуп кеткенсиди.
Диананын кулагына ар кандай
каткырган, кыйкырган үндөр
угулуп, көздөрүнө ар кандай
сөлөкөттөр көрүнүп, бу дүйнөбү,
тиги дүйнөбү айырмалай албай
калган. Болгон күчүнө салып
кыйкырайын деди эле үнү да
чыкпай калыптыр. Эсине келип
көзүн ачып тыңшаса, чын эле
капкактын үстүндө бакылдашып
сүйлөшкөн адамдардын үндөрү
кадимкидей кулагына угула
баштады. Анан болгон күчү менен
"жардамга! " деп катуу кыйкырды,
бирок үнү эптеп эле чыгып жатты.
- Коё турчу, капкактын алдынан
бирөө кыйкырып атабы? - үстүндө
жүргөндөрдүн бирөө токтоп
кулагын төшөдү. Анын алдынан
жай кыңылдап үн чыгарып жаткан
үндү угуп, артта калганы алдыда
кетип бараткандарды токтотту.
- Бул капкактын алдында бирөө
бар окшойт, токтой тургулачы…
- Ой койсоңчу, кулпуну бузуп ким
кирип алды дейсиң капкактын
алдына. Кой кеттик, - ары жакта
тургандар складдын оозун жаап
кетмекчи болуп калышты. Алиги
жигит айтканынан кайтпай, кулагы
менен тыңшап калды. Анан
бирөөнүн жардам сурап жатканын
угуп, колундагы чоң темир ачкыч
менен болгон күчкө сала кулпуну
чаап, сындырып жиберди. Дароо
капкакты ачты. Төмөн караңгы
жакка көз жүгүртө өзүнө ишенбей
таңгала карай туруп калды. Ары
жактагылар да дароо жетип
келишип бир ордуларында катып
калышты. Темир түтүктүн үстүндө
чачтары туш тарапка жайылган
сулуу периште араң жан
кыймылдай чалкасынан жатка эле.
Анын үстүндө жыбырашып
келемиштер чуркап жүрүшкөн.
БООРУКЕР БЕЙТААНЫШ
Диана үч күндөн кийин гана араң
эсине келди. Кандайдыр бир
керебетте жатыптыр. Көзүн ачып
кобураган үндөр жакка башын
буруп карады эле көзү эч нерсе
көрбөй калыптыр. "Мен эмне сокур
болуп калгамбы" ? - биринчи
кезекте эле анын мээсине ушундай
жаман ой кетти. Көзүн ушалаганы
акырын оң колун көтөрдү эле ары
жактан бир аял келип колунан
кармады.
- Көп кыймылдабаңыз, сиз
"капельницада" жатасыз. Үч сутка
бою кыймылдабай эсиңизге келе
албай өмүр менен өлүмдүн
ортосунда кармаштыңыз.
Бактыңыз бар экен. Тигил
жигитиңиз сизге эң кымбат баалуу
дары-дармектерди алып келип
бери атты.
- Мен кайдамын, силер кимсиңер,
эмне себептен көзүм көрбөй
жатат? - адегенде эле Диананын
оозунан ушул суроолор биринин
артынан бири жаады.
- Кам санабыз, сиз ооруканадасыз,
сиздин эсиңизге келгениңизге чоң
кубанычтабыз. Биз болсо ушул
оорукананын врачтары болобуз.
Сиздин өмүрүңүздү сакташ үчүн
эмнелерди гана иштебедик. Мына
акыры жакшы результаты болду.
Тигил жигитиңиз болбогондо ким
билет эле, балким тирүү калбайт
болчусуз, ал сизди аябай сүйөт
окшойт. Эч акчасын аяган жок.
Эмне дары айтсак дароо, ошол
замат эле алып келип атты…
"Ал жигитим ким болду экен, мени
бул жакка кимдер алып келишти.
Кандайча аман калдым, жер
алдындагы тозоктон чын эле
кутулдумбу? " Дианага али көп
нерсе түшүнүксүз болуп жатты.
Сантехниктер темир капкакты
ачканда ал акыл-эсин жоготуп,
жөөлүп калган болчу. Аны дароо
эле жеңил машинага салышып
ооруканага жеткиришкен.
"Мага акчасын чачкан ал жигит
ким болду экен?" Диананын оюна
бир нерсе кылт дей түштү "Баса
коюнумдагы акча эмне болду
экен?", - сол колу менен акырын
сыйпалап көрүп эч нерсе таппай
койду. "Демек тигилер алып
коюшкан экен да", жанында
отурган алиги врачмын деген аялга
кайрылды.
- Айтыңызчы, менин көзүм ушул
боюнча көрбөй калабы?
- Эртең көз боюнча врачтар келип
текшеришет, көрөсүзбү,
көрбөйсүзбү алар өздөрү айтышат.
Биринчи биздин милдет сиздин
ден-соолугуңузду оңдошубуз
керек.
Алты сутка бою жер алдында
тамак ичпей бир ордунда араң жан
кыймылдап, келемиштер менен
салгылашып жаткандыкы таптакыр
эле кыймылдаганга жарабай
калыптыр. Врачтар глюкоза сайып,
ар кандай өсүмдүк, жашылча
жемиштердин ширелеринен бери
атышып, акырындап организми
калыбына келе баштаган болчу.
Диананы бирден-бир сары санаа
кылганы көзү болуп жатты. Эгер
бул жарык дүйнөнү ушул боюнча
көрбөй калса өлгөн менен барабар
эле. "Оо Кудайым, көзүмдү ачып,
кайрадан бул жарык дүйнөңдү
көрсөтө көр", Диана ичинен
Кудайга жалынып жатты.
Эки күндөн кийин врачтар келип
көзүн чоң-чоң ачтырып, кандайдыр
аппараттар менен бир топко
текшерип көрүшүп, өздөрүнчө
тыянак чыгарышты. Эртеден бери
чочулап жаткан Дианага жооткото
көңүл айтып кетишти.
- Кам санабай эле кой, сулуу кыз.
Көптөн бери жарык нурун көрбөй
караңгы жерде болуп, дароо
жарыкка чыкканга көздөрүңүз
тунарып, көрбөй калыптыр. Сизге
эч кандай дары-парылардын
кереги жок. Акырындап өзү
калыбына келет. Аман болсоңуз,
мурункудай эле көрөсүз, болду
көзүңүздүн жашын аарчыңыз.
Сизге ыйлаганга болбойт, -
кандайдыр чыккан эркектин үнү
токтоп, бет аарчы менен Диананын
көздөрүн аарчыды. Диана
кубанганынан ыйлап жаткан болчу.
Ал ошол боюнча кыймылдабай
эки-үч күн жатты. Врачтардын
ушунчалык сылыктыгына, жан
алдары калбай чуркап
жатышканына ичинен ыраазы
болуп атты. Көп өтпөй колундагы
"капельницасын" да алып
салышты.
Күнүнө үч маал колуна, жамбашына
ийне сайылып атты. Муздак
темирдин үстүндө жаткандыкы
өпкөсүнө да суук өтүп кетиптир.
Түшкө маал болуп калган,
палатасы тыптынч уктап жаткан.
Кандайдыр назик кол жаагын
сылап атканда чочуп ойгонуп
кетти. Алиги кол акырын тартылып
кетти.
- Сиз ким болосуз? - Диана көзүн
ачып жанында отурган адамдан
сурады. Көзү көрбөсө да жанында
столдо бирөө отурганын сезип
атты. Ал адам өзүн оңтойсуз
сезип, бир топко унчукпай турду да
анан акырын үн катты.
- Сизге кандай деп түшүндүрсөм…
Мен сизди жер алдынан алып
чыккан жигитмин. Бактыңыз бар
экен кетип баратып капысынан
кандайдыр бир үндү кулагым
чалып калды. Өз кулагыма өзүм
ишенбей токтоп, дагы тыңшап
көрсөм үн өзүмдөн анча алыс эмес
жерде турган капкактын астынан
чыккандай болду. Ача салсам сиз
жатыптырсыз, анча-мынча
болгондо эле кайра складды
бекитип кетип калмак экенбиз.
Анан сизди көтөрүп келатып
кокусунан эки пачка акчаны көрүп
калдым. Бир пачкасы доллар,
экинчиси сумдар экен. Айла жок
алып коюуга туура келди, болбосо
башка бирөөлөр алып коюшмак.
Анан өзүмдүн машинеме салып
алып сизди бул жакка, ооруканага
алып келдим. Ал акчалардын
жүздөн он бөлүгүн гана дары-
дармекке кетирдим, врачтарга
бердим. Сиз ошол акчалардын күчү
менен айыктыңыз. Акча
болбогондо сиз аман калат белеңиз
бир Кудайдын өзү билмек. Ошо
себептен врачтар сизге жан-
алдары калбай чуркап жүрүшпөйбү.
Алардын айтуулары боюнча сиз
жакшы болуп баратасыз, сураган
акчаларын сиздин ден-соолугуңуз
үчү аябай эле бери атам. Баса,
айтмакчы менин атым Ибрагим
болот. Сиздикичи?
- Диана…
- Диана… Диана… Кандай жакшы
ат.
Бул жигиттин ким экенин өңүн
көрбөсө да, өзү үчүн боор тартып
жатканын Диана жүрөгү менен
сезип турду.
"Ибрагим…, бул кандай жигит болду
экен, үй-бүлөлүүбү же бойдокпу.
Жашы канчада, эмне себептен ал
мени ухаживайт этип калды, же
акчама кызыгып атабы? Эгер
акчама кызыккан болсо, анда
тигил акчаларымды алган боюнча
дайынын таптырбай кетпейт беле.
Тескерисинче ал акчаларды кайра
өзүмө чыгымдап жатпайбы. Кандай
жигит болду экен, өңүн көрсөм
жакшы болот эле. Сүйлөгөн
сөздөрүнө, мага боор тартканына
караганда эки жүздүү эмес түзүк
эле жигиттей көрүнөт. Ушундан
жардам сурасамбы өз жергеме
жетип алганга, бирок…, ай ким
билет азыркы заманда адамдарга
ишенич жок, азыр бирди сүйлөсө
эртең анын тескерисин жасайт.
Бүгүн боорукер болуп сен үчүн
күйүп-бышын атса эртең эле андан
өткөн таш боор жок болуп чыга
келет. Бүгүн сенин таламыңды
талашып атса эртең эле сага
карама-каршы, душманың болуп
чыга келет. Адамдарды жылкы
мүнөз деп бекер айтышпайт да,
колундагы байлыгына, сөөлөт-
даражасына жараша бат-бат
өзгөрүп турушат. Бул жигит балким
тигил Бишкектеги Исабеков
Мараттын кишилеринин биридир,
же тигил акча жасаган
контрабанданын адамдарыбы?
Менин айыгышымды, ооруканадан
чыгышымды күтүп жүргөндүр.
Качып кетпесин деп кайтарып
аткандыр. Акча чыгарып
жаткандарга акчанын деле
мааниси жок да, ошол себептен
акчаны врачтарга чачып жатат да.
Бир дагы жакшы адамды
жолуктура элекмин, мына
Бишкектен өзүмдүн эле досторум
өзүмдү сатып жибериши. Ал эми
түрмөдөгү эркектердин жоруктары
тигил, каалаганын зордуктап,
каалаганын сабап, каалагандарын
өлтүрүп, өздөрүн өздөрү билип,
өтүгүн төргө илишип, түрмөнүн
кожоюну болуп жүрүшөт".
Ушуларды ойлоп Диана өзүнө
келип жүргөн бейтааныш жигиттен
чочулай, сак боло баштады. Ички
сырын айтпоого колдон келсе аны
менен аз сүйлөшүүгө аракет
кылмай болду. Сырттан врачтар
менен сүйлөшүп жаткан анын үнүн
укканда дароо эле уктамыш болуп
көзүн жумуп калат. Алиги жигит
келет да маңдайына отуруп
ойгоноор бекенби дегендей кез-кез
катуу жөтөлүп да коёт. Диана
бардыгын сезип-билип, угуп турса
да уктамыш болуп жата берет.
Тигил жигит тажаганда чачына
акырын алаканын алып келип,
назик сылап коёт да, дагы бир аз
отурган соң акырын туруп, дабыш
чыгарбай, жай чыгып кетет. Ал
кеткенден кийи да обочо жерде
туруп алып атайын аңдып атпасын
деп көзүн жумуп жата берет. Качан
гана врачтар келип ойготкондо
көзүн ачат.
Акырындап бул жарык дүйнөнүн
шоолалары Дианага кичинеден
белги бери билине баштады. "Оо
Кудайым, көзүмдү кайрадан
көрсөтө көр" жатса да, басса-турса
да анын ойлогону ушул болуп
жатты.
Ибрагим эки-үч күн катары менен
келип Диананы ойгото албай
отуруп-отуруп кайра кетти. Бул
жолу да анын маңдайында бир
топко тиктеп отурду. Анан
күтүлбөгөн жерден эле акырын
келип эрдинен өөп жиберди.
Мындай күтүлбөгөндүккө Диаа аз
жерден бакырып ийе жаздап, бирок
уктап жаткан киши болуп өзүн-өзү
араң кармады. Ал ордунан акырын
туруп, жыла басып кетип калды.
Анын эрини ушунчалык таттуу
экен, дагы өбүшкүсү келип кетти.
Муну менен катар эле эркектин
кандайдыр бир жагымдуу жытын
сезди. Ошондон баштап ал келип
жанына отурганда дароо эле
тааныш жытты сезет. Акыркы
мезгилдерде ал Диананын
атайылап, арамза уктап жатканын
байкап калды. Көзүн жумуп былк
этпей жатса да өзүнчө сүйлөнө
берчү болду. Акыры аны ойготуп
сөзгө тартты. Өзү жөнүндө бир
сыйра тааныштырып өттү. Жердиги
Ферганалык экен. Эне-атасы менен
Ташкенге көчүп келип жашап
жатканына бир топ жыл болуп
калыптыр. Жашы жыйырма жетиде,
үйлөнө элек бойдок экен. Ал эми
Диана болсо өзү жөнүндө көп анча
маалымат берген жок. Андан
чочулап атты.
#6 26 Март 2014 - 14:33
6-бөлүм
МАДЫРА БАШТАР ЖАНА БАЙ
АДАМДАР
Биринин артынан бири ээрчишкен
эки чет элдик машина көчөдөн
улам токтой калып жер алдындагы
люктарды ачышып, ичин текшерип
жатышты. Суу түтүгүн жөнгө салган
кишилердин кийимдерин
кийинишкен эки-үчөө кол
фонарлар менен люктун ичине
кирип, алдын бир сыйра текшерип
чыгышкан соң кайра башка
жактарга барышууда. Шаар
ичиндеги болгон жер алдындагы
люктардын баарын текши
кыдырып, текшерип жүрүштү.
Шаар ичиндегилерден аларга көңүл
бөлгөн эч кимиси болгон жок.
Жумушчулар өз иштерин кылып
жатат болуш керек деп ойлоп
коюшууда. Булар акча чыгарган
жашыруун жерден кызды качырып
жиберишкен кишилер болчу.
Диананы издеп-издеп табышпаган
соң жападан жалгыз люк калган
болчу текшериле элек. Ошо
себептен жер алдындагы темир
түтүк өткөн жерлердин бардыгын
бир сыйра кыдырып, текшерип
келатышкан. Ошол мезгилде
Диананы саунадан качырып
жиберишкен Бишкектеги
Исабековдун адамдары да
Ташкендин бардык жерлерин
шимшилеп, текшерип жүрүшкөн.
Диананын көзүнүн тунарганы
акырындап жоголуп, ары-бери
баскан бүдөмүк сөлөкөттөрдү көрө
баштады, бирок көзү али эч
нерсени көрө элек болчу.
Эмнегедир ал Ибрагимге жакы
болуп кетти. Таң эртеден баштап
эле анын келишин күтүп турчу.
Анын келатканын тээ алыстан эле
баскан дабышынан билип койчу.
Бул жолу аябай жыпар жыттуу гүл
алып келиптир. Диана гүлдөрдү
жыттап, акырын сурады.
- Бул эмне болгон гүлдөр, аты
эмне?
- Чынымды айтсам мен гүлдөрдүн
аттарын жакшы разбиратся эте
албайм. Сатып алып жатканда
сурап алганда болмок экен. Эртең
барганда сурай келбесем. Кудай
буюрса эртең мындан да көп гүл
алып келем. Бир кучак гүл.
- Жөн эле кой, убара болбой эле
койчу. Бобул бир жумага жетет.
- Жок бул аздык кылат. Эртең
мындан да көп алып келем.
* * *
Люктарды ачып издеп
жүрүшкөндөр кокусунан көчөдөгү
ойноп жүргөн балдардан жер
алдындагы темир түтүктөн чала
жан бир кызды алып
чыгышкандары тууралуу угуп
калышты. Алар ошол жердеги
мадыра баштардын бардыгын
чогултуп келишти дагы акча бери
акырын сураштыра башташты.
- Кана кимиңер көрдүңөр аны, ал
кандай кыз экен?
Топтошуп турган мадыра баштар
бири-бирин карап туруп калышты,
анан эң улуурагы бөлүнүп чыгып
өзүнүн сунушун айтты.
- Эгер дагы акча берсеңер мен
айтам…
- Адегенде айт, анан акча беребиз.
- Жок, биринчи акча бергиле, анан
айтам.
Бери жактагылар да бири-бирин
караша жылмайып күлүп калышты.
Анан толмочунан келген мурутчаны
чөнтөгүнөн акча алып чыгып
тигиге сунду.
- Болуптур ме ал, кана эми
айтасыңбы?
- Аны бобул складдын ичинен
көтөрүп чыгышты. Ушунун ичидеги
люктан келемиштер талап жаткан
жеринен таап алышыптыр…
- Кыздын кийими, чачтары кандай
экен?
- Кийимдери, бети-башы топуракка
оонагандай чамбыл-ала,
көйнөктөрү да ар жеринен
айрылып жүрөт, чачтары
уйпаланган сыягы бирөөлөр
өлтүрүп туруп, ошол жакка
ыргытып жиберишсе керек…
- Бул жакка милициялар келишкен
жокпу, кыз тирүү бекен?
- Анысын билбейм, өлүп калган го,
колдору-буттары шалактап жүрдү.
- Анан аны эмне кылышты?
- Бир мурутчан жигит машинасына
көтөрүп барып салды да кайдадыр
алып кетти…
- Эмне машина экен, анын түсү
кандай экен?
- Кадимки эле жеңил машина, түсү
кызыл…
- Ушулар машиненин маркасын
билип коюптурбу, - ары жактан
бирөө сөзгө кийлигише кетти.
Алиги мурутчан киши чөнтөгүнөн
акча сууруп чыгып мадыра
баштарды кызыктыра баштады.
- Кызды көтөрүп кеткен жигитти
ким тааныйт. Машина каякты
көздөй кетти?
Бардыгы бир тарапты көрсөтүшө
улам алдыга чыга калып жатышты.
- Болуптур, кана айткылачы, ал
жигитти ким тааныйт?
Бардыгы билбейбиз дегендей
бири-бирин карашты, тигинин
колундагы акчадан көздөрү өтүп
турушту. Алиги мурутчан киши ар
бирине бирден кагаз акча таратып
бери "бар ойногула" деп кетирип
жиберди. Кетип бараткан мадыра
баштарды токтотуп алды да,
телефон саны жазылган ак кагаз
таратып бери дагы бир жолу
эскертип өттү.
- Эгер араңардан кимде-ким ошол
жигитти же кызды, же болбосо
алиги кызыл машинени көрүп
калсаңар дароо бобул номурдагы
телефонго чалгыла. Телефон
чалганды билесиңерби?
Бардыгы "ооба" дешип тигил киши
берген кагазды жабыла бирден
алышып, анан алган акчаларына
кубаныша ары көздөй ойноп
кетишти.
Бери жактагылар өздөрүнчө
акылдаша ойлонуп туруп калышты.
- Кандай деп ойлойсуңар, ошол
кызбы же башкабы?
- Менимче ошол эле кыз болуш
керек.
- Болуптур ошол кыз деп коёлу,
анда кара баштыктагы акчалары
кайда калышы мүмкүн?
- Жер алдындагы өткөөл менен
темир түтүктүн үстүндө сойлоп
келатканда караңгы жерде, орто
жолдо калып калышы мүмкүн…
- Жок андай болушу мүмкүн эмес,
ал кыз орто жолго эч убакта
акчаларды таштабайт болчу.
- Баса ал тирүү бекен же өлүп
калдыбы, өлүп калган болсочу?
Акчасын алиги жигит алып алды
да…
- Эгер өлгөн болсо өлүгүн каякка
алып кетти?
- Менимче ал али өлгөн эмес, эгер
өлүп калса дароо телефон менен
милиция чакыртышмак.
- Ада эмнеге "тез жардам"
чакырышкан жок, эгер чала жан
болсо…
- Ким билет, балким…
- Коё тургулачы талашпай, ал чын
эле ошол кыз экенин силер кайдан
билесиңер. Тигил мадыра баштар
айткандай ал таптакыр эле башка
кыздыр. Кимдир бирөөлөр аны
зордуктап анан өлтүрүп, люкту
ачып жер алдына ыргытып
таштагандыр? Келемиштер талап
жеп жаткан жеринен таап
алышыптыр деп жатышпайбы.
- Анда дароо милицияга
кабарлашмак да, өздөрү көтөрүп
машинага салып кетишпей. Бул
жерде шектүү бир нерсе бар. Баса,
айтмакчы кызды каякка алып
кетти болду экен, үйүнөбү,
моргкобу, милициягабы же
ооруканагабы? Кандай болсо да
шаардагы моргдор менен
ооруканалардын баарын текшерип
чыгыш керек. Эгер аны алиги
жигит үйүнө же талаага алып
кетпесе. Кана убакытты өткөрбөй
аны качырып же дайынсыз
жоготуп жибере электе издейли. Ал
кызды таппасак шеф бизди соо
койбойт, кичинекей эле кызды
качырып жибергендигибиз үчүн
бардыгыбыздын сазайыбызды
берет. Кой кеттик, анда…
- Бөлүнүп алып моргдорго барып,
ооруканалардын бардыгынан
издейли.
Топтошуп тургандар өз ара
сүйлөшүшө машиелерине отурушту
да, кайдадыр жөнөп кетишти.
Күтүлбөгөн жерден эле акча бери,
баардыгын тойлоткон кишилерди
алиги мадыра баштар таңгалыша
арттарынан узата карап калышты.
ООРУКАНАДАГЫ ДҮРБӨЛӨҢ
Бир жумадан бери арбир
ооруканага келип, акыркы күндөрү
түшкөн жаш кыздардын тизмесин
карап текшерип жүргөн алиги
Дианадан баштан ары жеген
далдайган киши кокусунан кызыл
чет элдик машиненин келип
токтогонун көрүп калды. Бир аздан
кийин анын ичинен гүл көтөргөн
жигит чыгып, оорукананын ичине
кирип кетти. Ушул жигит шектүү
болуп турду. Акырын машиненин
жанына басып келди да айланта
аны бир сыйра текшере карап
койду. Анан оорукананын ичине
кирип узун коридордун кире
беришиндеги столдо бир нерсе
жазып отурган ак халатчан
медсестра кызга кайрылды.
- Кечирип коюңуз, мен
карындашымды издеп жүрөм.
Акыркы аптанын ичиде оор
ахывалда силердин ооруканага
түшкөн жашы жыйырма менен
жыйырма бештин ортосундагы кыз
келген жокбу?
Алиги медсестра кыз башын
көтөрө маңдайында турган
кишинин өңүнө түңүлдү.
- Акыркы аптанын ичинде көп эле
келин-кыздар келип түшүштү
кайсы бирин эстейм.
- Ошентсе да списогу бардыр, үч-
төрт күндөн бери кайсыл
ооруканага келип түшкөнүн
билбейм. Издеп атып тажадым.
Сиз жардам бери коюңузчу, балким
силердин ооруканаңарда
жаткандыр?
- Азыр, - алиги медсестра кыз
ордунан турду да ары жактан
журнал алып келип аны ачып,
ооруканага акыркы аптанын
ичинде түшкөндөрдүн тизмесин
карай баштады.
- Та-ак, жыйырма экичи августта
бир аял түшүптүр, аны жашы
кырктан өтүп калыптыр. Жыйырма
үчүндө дагы бирөөсү түшүптүр,
анын жашы отуз беште экен. Ошол
эле күнү кечке жуук дагы бирөөсү
келиптир. Ал таптакыр эле кемпир
экен, дагы бир жаш кыз түшүптүр
жыйырма бештеги, балким ушул
болуп жүрбөсүн. Фамилиясы
Абдрахманова Мухабат. Анын
фамилиясы кандай? Ушул
мезгилде алиги гүл көтөрүп кирген
жигиттин кайра сыртка чыгып
баратканын көрүп калды. Ал
машинасына отураары менен от
алдырып айдап кетти. Далдайган
киши кайра медсестра кызга
кайрылды:
- Кечирип коюңуз бул жигит кимге
гүл алып кирди. Эмнегедир менин
карындашымдын сүйлөшүп жүргөн
жигитине окшоп кетти.
- Аа, албы? Ал тигил экинчи
палатадагы кызга келип жүрөт.
Байкуш кыздын көзү көрбөй
калыптыр, бирок бара-бара оңолуп,
көрүп кетет дешти биздин көз
доктурлар. Татынакай, жакшы кыз
экен, бооруң ооруйт байкушка.
Өлүп, тиги дүйнөгө барып келип
араң-араң киши болду. Жигити
болбогондо ким билет эле бул кыз
тирүү калат беле?
- Барып көрсөм болобу?
- Только бат, врачым көрүп калса
сазайымды колума берет.
Ал палатага баш бакканда эле
Диананы дароо тааныды. Шарт
артка бурулду да медсестра кызга
кайра келди.
- Жок, ал эмес экен.
- Анда андан башка кыз жок жаңы
келип түшкөн.
- Кечирип коюңуз…
- Эч нерсе эмес.
"Оо Кудай буюрса таптым ал
кызды", - алиги далдайган киши
өзүнчө кудуңдап сүйүнүп кетип
баратты.
Ошо күнү эле шаар боюнча
ооруканаларды кыдырып, кызды
издеп жүргөндөрдүн бардыгы
кайрадан топтолушту. Мадыра
баштарга акча таратып берген
алиги мурутчан жигит
ишенбегендей тигинден дагы бир
жолу сынай сурады.
- Точно ошол кыз бекенби,
чаташтырып алган жоксуңбу?
- Ал кызды кантип эле
чаташтырайын, башкасын
чаташтырсам да ал кызды эч
убакта унутпасмын. Бактыга
жараша жер алдындагы караңгыда
көпкө жүрүп, дароо жарыкка
чыккандыкы эки көзү көрбөй
калыптыр. Бирок "врачтар
акырындап отуруп кайра көрүп
кетет" дешиптир…
- Эң жакшы, "темирди кызуусунда
сок" дегендей анын дароо көзүн
курутуш керек. Болбосо дагы
жоготуп жиберишибиз мүмкүн.
Баса, алиги кызыл "иномарканын"
ээсин жакшы таанып калдыңбы? -
толмочунан келген киши кайрадан
тигиге кайрылды.
- Аны алыс жерден көрдүм, бирок
элесин унуткан жокмун. Зато
машинесинин номуру менен
маркасын эң жакшы билем.
Көзүмдү жумуп айтып бере алам
кандай экенин…
- Эң сонун, андай болсо бүгүн түнү
эле жортуулга чыгабыз…
- Жортуулга чыгып эмне кылабыз,
кызды өлтүрөбүзбү? - ары жакта
тургандар түшүнүшпөй суроолуу
карашты.
- Келесоолор десе, аны өлтүрүп
түрмөгө кесилип кете албай
атасыңарбы. Анда эле милициялар
соөубузга түшөт. Акча жасаган
подвалды, цехти таап алышат.
Андай боло турган болсо тобубуз
менен кетебиз түрмөгө. Ал жактан
кызды билгизбей уурдап
кетишибиз керек, анан…
- Анан эмне кылабыз?
- Көп башты оорутуп глупый
суроолорду бере бербегилечи! -
тигинин ачуусу келип кетти. - Анан
ал кызды эмне кылат биздин
шефибиз өзү билет.
- Ал жакка качообуз барабыз,
курал алып алабызбы?
- Сөзсүз да, ар бириңердин
пистолетиңер жаныңарда болсун,
алда кандай болуп кетиши мүмкүн.
Беш же алты киши жетет, баса,
айтмакчы баарыңар тең башка
кийгенге чүмбөт алып алгыла.
Кокустан бирөөлөр көрүп калса
өңүңөрдү тааныбагандай болсун.
Андан сырткары колдорун
байлаганга жип, оозун таңганга
чүпүрөк керек, тигил кыйкырып,
ызы-чуу кылбагандай болсун. Көзү
болсо итак эле көрбөйт экен.
- Ал жакка кантип киребиз, терезе
аркылуубу же эшик аркылуубу?
- Азыр бир-экөөңөр барып
жакшылап чалгындап план түзүп
келгиле, - ары жакта турган
жашыраак жигитке кайрылды, - а
сен болсо бүгүн кечке ошонун
айланасында күзөттө турасың.
Улам-улам сотовый телефон
аркылуу биз менен байланышып
тур. Шек алып калышып кызды
башка жакка качырып
жибербегендей болсун, анда керт
башың менен жооп бересиң.
Жигит түшүндүм дегендей башын
ийкегиледи.
- Анда давай ишке кириштик. Ал
жакка эки машине менен барабыз,
бирөөсүнө кызды салабыз,
экинчиси болсо чалгындап
алдыбызда жүрөт. Кана эмесе
кеттик, - топтолушуп тургандардан
бешөө тандалып, кызды уурдаганга
даярдана башташты.
ЧАТАШУУ
Диана Ибрагим алып келген
гүлдөрдү жыттап өзүнчө кыялга
батып кетти. "Бул боорукер жигит
кандай жигит болду экен. Менин
жашым он тогузда ал болсо
жыйырма жетиде экен. Ортобузда
айырма сегиз жаш. Эгер чын эле
үйлөнө элек бойдок болсо..., баса
ал мага эмне эле ушунчалык
байланып калды. Мурун аны мен
тааныбасам, мен болсо аны анча
тааныбайм же анын бир ойлогону
барбы? Эгер жаман ою болсо мага
мынчалык келбейт эле да. Же
акчама кызыгып атабы. Ай, азыр
адамга ишенип болбойт, анын ою
кандай экенин мен кайдан билем
же көзү ачык же сыйкырчы
болбосом. Мени пайдаланып алып
анан таштап кетиши да мүмкүн да.
"Сактыкта кордук жок" дегендей
дегинкиси сак болоюн", - ушуларды
ойлоп отуруп Диана жанында
жаткан кыздан убакытты сурай
кетти.
- Света, саат канча болду?
- Ондон өтүп он бирге чукулдап
калды…
Өзүнө жанаша жаткан кыздын аты
Света болчу. Дианага боор тарткан
эң жакыны ушул эле. Палатада
төрт кыз жатышчу. Төртөө тең али
жыйырма бешке чыга элек алыскы
ар кайсы райондордон келген
өзбек улутундагы кыздар. Алардын
сүйлөшкөн сөздөрүнө Диана
адегенде көнбөй жүрдү. Бара-бара
сөздөрүнө кадимкидей эле
түшүнүп калды. Алар ашканадан
Дианага тамак алып келип бери
турушчу. Бара-бара Диана өзү
басып калган соң ашканага
жетелеп барып, тамактандырып
кайра палатага алып келчү
болушту. Керек болгон учурда
ажаатканага да алып барышып,
бүткөнчө сыртта коридордо күтүп
турушат. Баардыгы айылдан келген
кыздар болгондуктан карапайым,
жөнөкөй кыздар. Улуусуна карап
бири-бирине боор тартып, сыйлап
жылуу мамиле жасашат.
- Кой жарыкты өчүргүлө жаталы,
палатадагы элдердин баары уже
уйкуга кире башташты. Бир аздан
кийин электир жарыгы "жалп" деп
өчтү да палата ичи капкараңгы
боло бир топко тымтырс боло
түштү. Кыздардын уйкулары
келбей жарым сааттай аркы-
беркини айтып сүйлөшүп жатышты.
Анан акырындап четинен тынчып
отуруп, таптакыр эле дымып
калды.
- Диана өткөндөгү азап-
тозокторун, келечегин ойлоп, көпкө
уйкусу келбей жатты. "Шаардагы
эжем, айылдагы апам эмне болду
экен. Мени дайынсыз жоготушуп,
бирөөлөр өлтүрүп, өлүгүмдү сууга
ыргытып же көмүп салышты деп
ойлоп жатышабы? Менин бул жакта
атактуу, эли-жеримден алыс
Ташкен шаарында азап-
тозокторду көрүп, душмандардан
качып жүргөнүмдү билишпейт да.
Билгенде эчак жардамга келишмек.
Бул жактын милицияларына
арызданайын десең алардын
кылганы тигил. Мени куткарышмак
турсун тескерисинче аз жерден
кайра тигилердин колуна тутукун
кылып салып бери коё таштады.
Ошондон кийин кимге ишенем? Же
бул жакта мага боор тарткан
тууганым болсочу.
- А тигил Ибрагим болсо балким
акча чыгарган контрабанданын же
Бишкектеги түрмөнүн кожоюну
Исабеков Мараттын кишилеридир?
Мени качып кетпесин деп
кайтарып жүргөндүр? Аай ким
билет, ким билет? Бул да болсо
Кудай Тааламдын маңдайга жазган
жазмышы, болбосо өз үйүмдө же
Бишкекте эле жыргап жүрбөйт
белем…" Бир кезде Диананын
ажаатканага баргысы келип кетти.
Аны дайыма жанаша жаткан Роза
алып барчу.
- Роза…
Акырын тигилер ойгонуп
кетишпесин деп шыбырай үн
катты. Ал катуу уктап атса керек
дагы бир жолу "Роза" деп жай
унчукту, дагы ойгонбогон соң
жайына койду. Ал үйүндөгү өзүнүн
терс кыялын эстеди. Кызуу уктап
жатканда бирөө жулкулдатып же
кыйкырып ойготсо ачуусу менен ал
кишини чаап-чаап жиберчү. Аны
ойготом деп бөбөктөрү далай таяк
жешкен. "Кой кызуу уйкуда жаткан
адамдын уйкусун бузбайын.
Ачуусуна тийип албайын. Андан
көрө өзүм туруп, акырын
дубалдарды сыйпалап коридор
менен жүрүп отуруп туалетти таап
албаймынбы. Ал коридордун эң
акыркы эшиги эмеспи". Ордунан
акырын туруп уктап жаткандарды
ойготпош үчүн дубалдарды
сыйпалап акырын жылып жөнөдү.
Чалынып кетпөөгө аракеттенип
жай басып колу менен коридорго
чыкты. Коридор тымтырс болчу,
сыягы медсестра кыз уктап же бир
жакка басып кетсе керек.
Дубалдын боору менен акырын
сыйпалап палатанын каалгаларына
келгенде акырын коё бери жылып
жүрүп отурду. Дубалды
сыйпалагандан тажап кеткенде
коридордун ортосуна түшүп алды
да аярлай басып келе берди. Бир
кезде коридордун аягындагы
терезеге колу урунду. Сол жакка
бурулса эле биринчи эшик
ажааткананын эшиги. Аны
жаземдебей, жаңылбай эле тапты.
Ичине кирип көзү көрбөсө деле
жарыгын күйгүзүп эшигин ичинен
илди.
Дал эле ушул мезгилде эки чет
элдик машине ооруканадан анча
алыс эмес жерге токтоп, ичинен
беш адамдын сөлөкөтү чыкты.
Бирөөсү артта токтоп калды да
ары-бери өткөн кыймылга көз
жүгүртө баштады. Төртөөсү андан
ары шашыла жүрүп отурушту.
Оорукананын эшигине жетишкенде
шашпай чүмбөттөрүн баштарына
кийише бардыгы чөнтөктөрүнөн
пистолеттерин алып чыгып октошо
колдоруна алышты.
- Шашпагыла, эч кандай ызы-чуу
болбосун. Биринчи кезекте санитар
кыздын эсин оодура чаап, колу-
бутун таңып таштагыла. Коридордо
дүрбөлөң кылбагыла.
Оорукананын эшиги ичинен
бекилүү экен. Чүмбөтчөндөр
өздөрү менен ала келишкен
аспаптарын алып чыгышты да
заматта эшиктин илгичин дабыш
чыгарбай талкалап, ичине кирип
барышты. Медсест ра кыз
коридордун орто жериндеги столдо
башын коюп алып уктап жаткан
болчу. Шырп эткен дабышка көзүн
ачып, акырын башын көтөрө өзүн
көздөй келатышкан колдорунда
пистолеттери бар чүмбөтчөн
кишилерди көрө коюп, чала-
чарпыт бакырып алганга үлгүрдү.
Бирок аягына чейин кыйкыртпай
чүмбөтчөндөрдүн бирөөсү
пистолети менен аны баштан ары
бери калды. Катуу соккуга
медсестра кыз андан ары
кыйкырганга дарманы жетпей,
көздөрү аңтарыла полго оңкосунан
сайылды. Экөөсү аны ары жакка
сүйрөп барып колу-бутун,
ооздорун таңып ташташты.
Алдыда баратканы кыз кайсыл
палатада дегендей аркасындагыга
суроолуу кайрылды. Бою узунураак
далдайган чүмбөтчөнү сөөмөйү
менен үчүнчү эшикти көрсөтө өзү
алдыга жол баштап жөнөдү.
Палатанын эшигин акырын ачып
четте уктап жаткан кызды
көргөздү. Эки-үчөөсү шап эле аны
баса калышты да оозун жаап,
колу-буттарын жабылыша
бириктире кармаша балык
кармагандай туйлата көтөрүп
алышып, сыртка алып жөнөштү.
Бирөөсү ойгонуп кетишкен
кыздарга пистолетин суна бир
ордунда былк этпей турду.
Бардыгы сыртка чыгып кетишкен
соң алиги чүмбөтчөн көздөрү
алайып коркуп, кроваттарында
былк этпей жаткандарга кайрылды.
- Ушул боюнча былк этпей
жаткыла, кроватыңардын алдында
миа коюлган. Кыймылдасаңар эле
сөөгүңөр сөпөт, күм-жам
болосуңар. Мина жарылып
өлөсүңөр. Ал акырын чыгып
баратып, эшикти сыртынан жип
менен байлап кетти да коридордо
колу-буту байланып, оозу таңылып
эси ооп жаткан медсестра кызды
бир карап коюп, сыртка
кеткендердин соңунан чыкты.
Кетип баратышып оорукананын
эшигин да сырт ынан кулпулап,
катуу бекитип ташташты.
Коридордогу медсестра кыз
отурган стол үстүндөгү телефонду
кыйып, талкалап ташташкан болчу.
- Ажаатканага бир аз отурган соң
анын суусун агызып Диана
шашпай кайра коридорго чыкты.
Бир нерсени эстей коюп кайра
барды да ажааткананын электир
жарыгын өчүрдү. Коридор
мурдагыдай эле тыптынч.
Ажааткананын ичинде отурганда
кандайдыр бир үзүл-кезил
кыйкырыкты угуп, дымый кулагы
менен тыңшап калган. Ошол
боюнча кыйкырык кайра
кайталанып чыккан жок болчу.
Коридор эмнегедир жымжырт.
"Медсестра кыз эмне уктап
калганбы?.. - мейли уктай берсин
анын да тынчын алып ойготпоюн" .
Диана коридордун ортосуна түшүп
алып акырын тую сезими менен
жыла басып келатты.
Кокусунан коридордун так эле
ортосунан бир нерсеге чалынып,
мүдүрүлүп оңкосунан кулады.
Мындай күтүлбөгөндүккө өзү дагы
чоочуп кетти. "Эмне…, менин
келатканымды көрүп бирөөлөр
атайылап чалынып жыгылсын деп
алдыма бир нерсени коюп
коюштубу?" . Диана жыгылган
боюнча ордунда бир топко жатты.
"Эгер андай боло турган болсо
мени шылдыңдап күлүшөт эле го,
эч кандай дабыш билинбейт. Же
медсестра кыз бир нерсесин
ортого коюп койгонбу?" ал ордунан
акырын көтөрүлүп, бул эмне болду
экен дегендей колу менен
сыйпалап көрдү. Колу дароо эле
адамдын буттарына такалды. Анан
улам өйдөлөп сыйпалап жүрүп
отуруп кыз экенин билди, болгондо
да колу-буттары, ооздору таңылуу
экен. Адегенде эмне болгонун
түшүнбөй чочуп кетти, анан аны
кимдир бирөөлөр байлап
салышканын боолгой, тирүү
бекенби дегендей колу менен
тамырын кармалап, жүрөгүнө
кулагын такап, тыңшап көрдү.
Атүгүл дем алып да жатыптыр.
Бетин анан көздөрүн сыйпалады
эле жумулуу экен. Эси ооп
калганын сезип ордунан атып
турду. Өзүнүн палатасындагы
кыздарды ойготкону колу менен
сыйпалап эшиктерди санап жүрүп
отурду. Өзүнүн палатасынын эшиги
кайсыл экенин билбей чаташтарып
алды. Анан аркы жагынан санап
үчүнчү эшикке келип такалды.
Эч нерсеге түшүнбөй жатты. Өзү
жаткан палатасынын эшиги
сыртынан жип менен аябай
чырмалып, байлануу экен.
"Түшүнсөм буюрбасын, бул мен
жаткан палатанын эшигиби же
чаташтырып алдымбы?" Диана
коридордун башына чыгып кайра
башынан санап кирди, өзүнүн эле
эшиги экен "мындай болушу
мүмкүн эмес, азыр эле өзүм
чыкпадым беле, кимдер беките
коюшту заматта?" . Коридордо
байланып жаткан кызды эстей,
анан өзүнүн бөлмөсүнүн сыртынан
байлануу экенин билип, бир
нерсени боолгой койду да
коркконунан кайра артка
кетенчиктеди. "Балким мага келип
жүрүшпөсүн? Ибрагим менин бул
жакта экенимди билет да, балким
ошол кишилери менен келип
жүрбөсүн. Анда эмне эшикти
сыртынан бекитип таштаган же
палатадагы кыздардын бардыгын
өлтүрүп кетиштиби? Анда алар
азыр каякта болду экен же
палаталарды кыдырып мени издеп
жүрүшөбү? Андай боло турган
болсо мени эбакта эле кармап
алышат эле го, же болбосо өлтүрүп
салышмак. Түшүнсөм буюрбасын,
көз ачып жумганчалык убакытта
эмне болуп кетти?" Бир
жамандыкты жүрөгү сезе көзү эч
нерсе көрбөсө дагы коридордун
дал ортосу менен ылдамдай баса
кайра ажааткананы көздөй
шашыла жөнөдү.Ортодо жаткан
медсестра кыздын үстүнөн тую
сезими менен секирип өтүп кетти.
Ажаатканага жетип барды дагы
ичине кирип, илгичин бекитип
алды. Ошол боюнча таң атканча ал
жактан чыккан жок.
Таңга жуук гана ооруканада
дүрбөлөң, ызы-чуу башталды.
Палатадан коридорго чыга калган
оорулуу киши колу-буту, оозу
таңылып, башынан кан сызылып
агып жаткан медсестра кызды
көрүп ызы-чуу салган болчу.
Ошондон көп өтпөй эле
милициялар келишип, окуянын чоо-
жайын териштире башташты.
Диананын ажааткананын ичинде
бекинип жатканын эч кимиси
билишкен жок.
Биринин артынан бири кууша,
катуу ылдамдык менен
келатышкан эки чет элдик машина
бийик короолу чоң дарбазанын
жанына келип токтошту. "Сотовый"
телефон менен алдын ала кабар
бергенби короонун дарбазасы
дароо ачылды да эки машина
биринин соңунан бири короонун
ичине кирип кетишти. Бир жигит
артка чыгып айланасына
жакшылап, кылдат көз жүгүртүп
алды, анан эч ким жок экенине,
куугунчулардын издеп
келишпегенине чындап ишенген
соң акырын дарбазаны жапты да
ичинен бекитип алды. Арткы
машинедегилер кызды туйлаткан
боюнча көтөрүп алышып, үйдүн
ичине кирип кетишкен. Бир-экөөсү
кокусунан куугунчулар келип
калышпасын деп бир топко көчө
кыймылына көз салып турушту.
- Бери алып келгиле, ал шуркуяны
башка чапкан кандай экенин
көрсөтөйүн. Боор ооруп туалетке
алып барып, колун да чечип
койсом, кайра өзүмдү боорго
теппедиби, - алиги Дианадан башка
жеп эси ооп калган далдайган
киши ачуулана бери басып келип
өз көзүнө өзү ишенбей оозунан
сөзү түшүп, дендароо боло бир
ордунда катып калды. Сага эмне
болду дегендей бери жактагылар
аны суроолуу карап калышты. Ары
жактан дагы эки-үч адам кирип
келишип аларды бири-бирин
жалдырай карап калышты.
- Сен кайсыл кызды бизге
көрсөткөнсүң ыя?
- Күндүз точно эле көргөм, ошол
кыз болчу, четки кроватта
чалкасынан уктап жаткан.
- Жакшылап даана көрдүң беле?
- Ооба, бобул өз көзүм менен эле
көргөм, Кудая шүгүр менин
зрительный памятым жаман эмес.
- Жаман эмес болсо кана анда…!? -
толмочунан келген мурутчан жигит
тигиге ачуулана бир тийди.
- Балким кроваттары менен
алмашып жатып алышкандыр?
- Алмашып алышкандыр деп коёт,
жакшылап карап туруп анан алып
кетпейсиңерби?
- Палата ичи караңгы болчу, анын
үстүнө шашып да калбадыкпы…
- Шашып да калбадыкпы деп коёт.
"Шашкан шайтандын иши", мына,
эми шефке эмне деп жооп
беребиз.
- Эмне деп жооп бермек элек,
кызды али таба элекбиз деп
коёбуз да…
- Мен уже ага жолдо келатканда
эле "сотовый" менен кабарлап,
сүйүнчүлөп койгом.
- Во-во, мени "шашкан шайтандын
иши" деп күнөөлөйсүң. Өзүң дагы
шашкан турбайсыңбы. Айтпай коё
турбайт белең, азыр деле
үлгүрмөкпүз. Кой анда кайра
баралы тиякка, ооруканага.
- Болбойт, кеч болуп калды, ал жак
азыр ызы-чуу болуп жатышат,
эмдигиче милициялар да келди
болуш керек. Булардын бардыгын
көргөн кыз эбакта милицияга
айтып таштады же ал жактан
качып кетти…
- Көзү али жакшы көрө элек да.
- Андай жерден көзү көрбөсө да
өзүн оолак алып кеткенге аракет
жасайт.
- Эми эмне айла кылабыз?
- Билбейм ошону, шеф бир аздан
кийин бул жерде болот.
- Менде бир идея бар, анда
мындай кылалы. Шеф муну укчу
болсо бардыгыбыздын
сазайыбызды берет. Мындай
шалаакылыгыбыз үчү татыктуу эле
жаза алабыз. Менин оюм, а силер
кандай дейсиңер билбейм, бул
алып келген кызды эле ошол кыз
деп ага көрсөтө берели. Шефибиз
аны көргөн эмес да. Ал эми тигил
качып жүргөн кызды болсо өзүбүз
акырын изилдеп таап, анан шефке
билгизбей көзүн курутуп салабыз.
Бул жакка соода кылып келгем
дебеди беле Кыргызстан жактан.
Ал кыргыз кызды бат эле
кармайбыз.
- Бардыгы бир азга бири-бирин
карап эмне жооп айтышарын
билишпей, ортодо эси ооп суналып
жаткан кызды карап туруп
калышты. Бир аздан кийин
бирөөсү жооп берди.
- Ооба, туура акыл. Азыр шеф
келсе бардыгыбыздын жазабызды
берет. Бул үчүн биз жакшы сөз да
укпайбыз… Кана мунун сөзүнө
кошулалыбы?
- Аа, шеф билип калсачы?
- Арабыздан бирөөбүз
чыккынчылык кылып айтып
койбосок эле, шеф билбей калат.
- Ким айтса анда өзүнө-өзү өлүм
тилеп алат да. Шефибиз айткан
кишинин өзүн да жазалайт. Кана
тез ойлонгула, бир бүтүмгө келели,
шеф келгиче бул маселени чечип
алалы. Кана менин айтканыма
кошуласыңарбы?
Бардыгы кошулабыз дегендей
макулдуктарын билдиришти.
- Эгер кимде-ким чыккынчылык
кыла турган болсо анда өзүнүн
каны менен жооп берсин!
- Өзүнүн каны менен жооп берсин!
- бардыгы шерттешип кол алышты.
Анан эси ооп жатка кызды көтөрүп
барышып, колу-буттарын байлап,
оозуна скотч чаптап, көзүн таңып
салышты. Бул Диананын жакшы
көргөн эң жакын кызы Роза болчу.
Арадан бир саатчалык убакыт
өтпөй эле аппак мерседес
машинеси менен "шеф" келди.
Бардыгы ордуларынан туруша
дүрбөп калышты. Ал машинесинен
шашпай чыгып, кыз жаткан бөлмө
жакка басып барды. Анан артынан
жандап жүргөндөргө кыздын
оозун, көзүн чечип койгула
дегендей ишарат кылды. Кыз
эсине келип эмне болуп жатканына
түшүнбөй бейтааныш кишилерден
чочулай, алаңдай карап жаткан
болчу. Топтун жетекчиси анын
жанына басып келди.
- Сен кимсиң?
Жүрөгү түшүп калган кыз эмне деп
жооп берээрин билбей, ойду-тоону
сүйлөп чалды-куйду сөздөрдү айта
баштады.
- Менин эч кандай күнөөм жок, коё
беришиңиздерди өтүнөм. Ата-энем,
бир туугандарым…
- Сага ата-эне, бир тууган керек
болуп калдыбы? Анан эмнеге
менин машинеме уурданып
түшөсүң. Акчалар каякта?
- Менде болгону дарыга деген эки
миңге жетпеген акча турат…
- Калганы каякта?
- Башка жок, чынымды айтам
дары-дармекке деп эле сактап
койгом. Керек болсо ала бергиле
аны. Бирок ал палатамда калды
да.
- Сен көп арамзаланба, калган
акчаларды каякка койдуң?
- Болгон акчам эле ошол, чынымды
айтып жатам…
- Алиги көргөндөрүң жөнүндө
башка бирөөлөр билеби?
Роза тигил эмне жөнүндө айтып
атканы, эмнени сурап жатканын
түшүнгөн жок. Жок эч ким көргөн
жок, мен эч кимге айткан жокмун.
- Анда акчаларды каякка койдуң?
- Айтып жатпаймынбы кроваттын
алдында калды деп, менде башка
акча жок, чынымды айтып жатам.
Мени коё бергилечи суранам. Ал
акчаларды өзүм алып чыгып
берем…
- Кайсыл акчаларды?
- Кроваттын алдындагы.
- Сен бизди антип аңкорлонуп
мышык-чычкан ойнотпо, акчалар
каякта экенин айтасың, айтпасаң
өзүңө-өзүң кыласың. Экинчи эне-
атаңды, алиги бир туугандарыңды
көрбөй каласың. Эртеңкиге чейин
убакыт берем ойлон жакшылап…
Топтун жетекчиси бери бурулуп
басып келди да
айланасындагыларга эскертип
өттү.
- Оозун, көзүн кайрадан таңып
таштагыла! Эскертип коёюн эми
дагы качырчу болсоңор артынан
силерди да кошо жоготом,
жакшылап кайтаргыла!
Банданын жетекчиси ары басып
барып экөөсүн өзүнө чакырып
алды да акырын айтып өттү.
- Таң агарганча али убакыт бар,
тигини бир сыйра пытайт этип
көргүлө, акчалардын кайда экенин
таптакыр эле айтпай көгөрүп туруп
алса көзүн тазалап туруп өлүгүн
кислотага салып эритип жибергиле.
Бул артыкбаш күбөнүн кереги жок,
- ал машинасына отурду да от
алдыра дарбазадан чыгып кетти.
ООР ЖОГОТУУ
"Мына айтпадым беле Ибрагим
жөндөн-жөн эле келген жок мага,
тигилердин агенти болчу. Өзү баш
болуп алар мени түндө уурдап
алып кеткени келишкен. Туалетте
жүргөнүмдү байкабай чаташтырып,
Розаны алып кетип калышты. Анын
үстүнө экөөбүздүн чачтарыбыздын
узундугу бирдей, өңдөрүбүздө
анча-мынча окшоштуктарыбыз
бар. Бул түндө мени издеп кайра
келиши да мүмкүн. Эмне кылсам?"
- Диана кроватында жатып алып
өзүнчө ойлонуп, эмне кылар
айласын билбей жатты. Бери жакта
болсо милиция кызматкерлери
кыздардан окуяны көргөн-
билгендерин сурап жаткан болчу.
Бир милиция Дианага да кайрылып
сурай кетти.
- Алар келишкенде сен туалетте
белең?
- Ооба.
- Сени ким жетелеп барды ал
жакка.
- Өзүм эле дубалдар менен таянып
бардым, буларды ойготуп тынчын
алгым келген эмес.
- Коридордо андай-мындай ызы-
чууларды байкадыңбы?
- Жок, көзүм көрбөсө кайдан
байкайм…
- Анан эмне туалетке бекинип алып
ачпай атып араң ачтың?
- Туалеттен кайтып келатканда
медсестра кызга чалынып
жыгылдым. Сыйпалап көрсөм оозу,
колу-буттары байлануу экен, өлүп
калган го деп ойлодум.
Оорукананын ичинде бир
балакеттүү нерсе болуп атканын
байкап, коркконумдан кайра
туалетке кирип алып бекинип
калдым.
- Кимдерден корктуң?
- Өзүм да билбейм. Балким
бандиттер же киши өлтүргүчтөр же
болбосо түрмөдөн качкандар…
- Роза деген кызды кимиңер
жакшы билесиңер?
- Мен, - ары жактагы Мухабат
деген кыз Роза жөнүндө айта
баштады.
Ал биздин кошуна айылдан болот.
Ооруканага менден эки-үч күн
мурун келип жатыптыр.
Ага кандай адамдар келишчү эле?
Бир жолу эле айылдан эне-атасы
келгени болбосо ага эч кимдин
келгенин көргөн жокбуз.
Милиция кызматкерлери уурдалган
кыз жөнүндө бир топ нерселерди
сурашты, "анан дагы келебиз" деп
кетип калышты. Башынан сокку
жеген медсестра кызды ошол эле
оорукананын палатасына
жаткырышты. Диана да врачтар
менен сүйлөшүп, "коркуп атам" деп
үстүнкү кабатка көтөрүлүп, башка
палатадагылар мене орун алмашып
алды. Эшик алдындагы медсестра
кыздарга "эгер Ибрагим деген
жигит мени сурап келе турган
болсо ооруканадан бошонуп чыгып
кетти деп айтып койгула" деп
алдын-ала эскертип айтып койду.
Эртеси өзү менен кошо бир кучак
гүл көтөрүп келген Ибрагим бул
сөздү укканда ишенип-ишенбей
коридордо же артка кете албай же
тигил маңдайындагы үчүнчү
палатага кире албай бир ордунда
катып туруп калды.
"Андай болушу мүмкүн эмес. Мага
бир да ооз сөз айтпай жөндөн-жөн
кетип калышы мүмкүн эмес болчу.
Баса, анын көзү али көрө элек
болчу да, анан кандайча кетип
калышы мүмкүн. Жок, буларга мен
ишенбейм, калп айтып жатышат"
жанындагы турган медсестра аялга
кайрылды.
- Тиги үчүнчү палатага кирип
чыксам болобу?
- Аякта кимге барасыз?
- Дианага…
- Ал ооруканадан чыгып бошонуп
кетти деп жатпаймынбы.
- Көзү көрбөсө, өз алдынча баса
албаса, кандайча чыгып бошонуп
кетиши мүмкүн?
- Аны алып кетишти…
- Кимдер?
- Кимдер болмок эле, эне-атасы
да.
- Ал бул жерлик эмес. Эне-атасы
тээ алыс жакта, башка
республикада жашашат. Анын
үстүнө Диананын бул жакта экенин
алар билишпейт.
- Мен кайдан билем, эне-атасы
болбосо тууган-туушкандарыдыр? ..
- Тууган-туушкандары да жок.
- Ай жигит көп башымды
оорутпаңызчы, итак эле бул жакта
ызы-чуу болуп милициялар келип
атышат. Ме айттым го ал жок
деп…
Атайын гүл базарга барып Диана
үчүн бир кучак гүл сатып алып
кубанып келаткан жигит мындай
күтүлбөгөндүккө шалдырай туруп
калды. Дале да болсо медсестра
аялдын сөзүө ишенбей атты.
- Палатага баш баксам болобу, бир
секундга эле.
- Ай, бир тажаткан жигит экенсиң,
бар көрүп өз көзүң менен ишен,
только бир секундга гана.
- Рахмат, - жигит дароо эле үчүнчү
палатага жетип барып палатада
кечээки жаш кыздар эмес жалаң
улгайып калгандар жатышканын
көрдү. Кыздардын бардыгы
түндөгү окуядан кийин коркушуп,
үстүнкү палатага которулуп
кетишкен болчу. Биротоло үмүтү
үзүлүп, кабагынан кар жаай,
колундагы кучак гүлүн кармаган
боюнча кайра артка кетип
баратканда коридордогу
оорулуулардын бирөөсү кулагына
шыбырап өттү.
- Тигил үчүнчү палатага келдиң
беле?
- Ооба.
- Түндөгү ошол палатадагы болгон
окуяны билесиңби?
- Жок, эмне болду эле?
- Түн ортосунда кара чүмбөт
жамынган адамдар келип
оорукананын эшигин сындырып
киришип, медсестра кызды
пистолеттери менен башка чаап
эсин оодарышып, анан колу-бутун
байлап, оозун таңып, тигил үчүнчү
палатага кирип, анан бир жаш
сулуу кызды уурдап кетишпедиби.
Эмнеге уурдап кетишкендиктерин
билбейм, сыягы алар менен бир
криминалы бар окшойт.
- Алар кимдер экен?
- Эч ким билбейт, баары тең кара
чүмбөт кийип алышыптыр дейт.
Таң атпай келишкен милициялар
эртеден бери разборка кылып
атышып, кетишкенине бир сааттай
эле убакыт болду.
Тиги медсестра аялдын "итак бул
жакта ызы-чуу болуп милициялар
келип атышат" деген сөзүн эстеп,
Ибрагим медсестра аялды бир
карап алды да ага кайра барды.
- Аны эне-атасы алып кетпей эле
уурулар алып кетишкен турбайбы.
Эмне жашырып жатасыз?
- Ай жигит ишке тоскоол
болбоңузчу, итак эле эртеден
берки ызы-чууга башым ооруп
кетти.
Ибрагим шалдырай сыртка чыкты.
Өзү менен ала келген бир кучак
гүлүн Диана жаткан үчүнчү
палатанын сырткы терезесинин
темирине койду да эмне кылаарын
билбей кетип баратты. "Жок,
врачтын өзү менен сүйлөшүш
керек. Кандайча болгонун алар
билишет да" Ибрагим кайра артка
кайрылып оорукананын эшигине
келгенде медсестра аял эшикти
жаап, ичинен илип алды да
эшиктин тешикчесин ачып жигитке
үн катты.
- Ооруканага киргенге болбойт.
Азыр милициялар келишет, сенин
ал палатага келип жүргөнүңдү
билишчү болсо бул ишке катышы
бар болуш керек деп шек санашып,
сени да кошо алып кетишет, так
что парень, кетип кал кеч боло
электе.
- Ибрагим ооруканадан кете албай
көпкө айланчыктап жүрдү. "Аны
уурдап кетишкен чүмбөтчөндөр
кимдер болушту экен? Баары бир
Диананы табам, жердин жети кабат
түбүнө кирип кетсе да табам"
жигит айлаасындагыларга эч көңүл
бөлбөй өзү менен өзү сүйлөшө
ооруканадан узап кетип бара
жатты. "Чын эле жанагынча
акчаларды ал кайдан алышы
мүмкүн. Бул менимче криминалдык
чөйрөлөр менен байланышы бар
болуш керек. Темир люкка
ыргытып, үстүнөн кулпулап
салгандар да ошолор болушу
мүмкүн. Мейли ким болсо дагы
аны алардын куу чеңгээлдеринен
куткарып алуум абзел. Аны
өлтүрүп коюшпаса эле болду.
Кыйын эле болсо өлтүрүп көрүшсүн
аны, же мен да артынан кошо өлүп
берем же алардан өч алам,
экөөнүн бирөө…" күтүлбөгөн
жерден машиненин бапылдаткан
сигналына эсине келе чочуп кетти.
Көчөдөгү светофорду көрбөй эле
кетип баратыптыр. "Баса анын
көзү али көрө элек эле каякка
алып кетишти болду экен?" өзүн да
сокур кишидей элестетип кеткен
Ибрагимдин оюна алда нерселер
түшүп кетти.
- Акыл-эсиң ордундабы сенин ыя,
көзүңдү чоң ачып, светофорду
карап баспайсыңбы? ! - жеңил
машинеде кетип бараткан айдоочу
машинеден башын чыгарып
кыйкырып өттү. Ибрагим ага да
көңүл бөлгөн жок, эс-дартынын
баары эле Диана болуп "өлүп
калбаса экен, өлтүрүп койбосо
экен" деп жанын коёрго жер
таппай, катуу санаага чөмүлүп
кетип баратты. Бул Ибрагим үчүн
өзүнүн келечек жашоосунун жарык
шооласы "жылт" этип пайда болуп
кайра жоголуп кеткендей болду. Ал
оор жоготууга учурап турду.
МАДЫРА БАШТАР ЖАНА БАЙ
АДАМДАР
Биринин артынан бири ээрчишкен
эки чет элдик машина көчөдөн
улам токтой калып жер алдындагы
люктарды ачышып, ичин текшерип
жатышты. Суу түтүгүн жөнгө салган
кишилердин кийимдерин
кийинишкен эки-үчөө кол
фонарлар менен люктун ичине
кирип, алдын бир сыйра текшерип
чыгышкан соң кайра башка
жактарга барышууда. Шаар
ичиндеги болгон жер алдындагы
люктардын баарын текши
кыдырып, текшерип жүрүштү.
Шаар ичиндегилерден аларга көңүл
бөлгөн эч кимиси болгон жок.
Жумушчулар өз иштерин кылып
жатат болуш керек деп ойлоп
коюшууда. Булар акча чыгарган
жашыруун жерден кызды качырып
жиберишкен кишилер болчу.
Диананы издеп-издеп табышпаган
соң жападан жалгыз люк калган
болчу текшериле элек. Ошо
себептен жер алдындагы темир
түтүк өткөн жерлердин бардыгын
бир сыйра кыдырып, текшерип
келатышкан. Ошол мезгилде
Диананы саунадан качырып
жиберишкен Бишкектеги
Исабековдун адамдары да
Ташкендин бардык жерлерин
шимшилеп, текшерип жүрүшкөн.
Диананын көзүнүн тунарганы
акырындап жоголуп, ары-бери
баскан бүдөмүк сөлөкөттөрдү көрө
баштады, бирок көзү али эч
нерсени көрө элек болчу.
Эмнегедир ал Ибрагимге жакы
болуп кетти. Таң эртеден баштап
эле анын келишин күтүп турчу.
Анын келатканын тээ алыстан эле
баскан дабышынан билип койчу.
Бул жолу аябай жыпар жыттуу гүл
алып келиптир. Диана гүлдөрдү
жыттап, акырын сурады.
- Бул эмне болгон гүлдөр, аты
эмне?
- Чынымды айтсам мен гүлдөрдүн
аттарын жакшы разбиратся эте
албайм. Сатып алып жатканда
сурап алганда болмок экен. Эртең
барганда сурай келбесем. Кудай
буюрса эртең мындан да көп гүл
алып келем. Бир кучак гүл.
- Жөн эле кой, убара болбой эле
койчу. Бобул бир жумага жетет.
- Жок бул аздык кылат. Эртең
мындан да көп алып келем.
* * *
Люктарды ачып издеп
жүрүшкөндөр кокусунан көчөдөгү
ойноп жүргөн балдардан жер
алдындагы темир түтүктөн чала
жан бир кызды алып
чыгышкандары тууралуу угуп
калышты. Алар ошол жердеги
мадыра баштардын бардыгын
чогултуп келишти дагы акча бери
акырын сураштыра башташты.
- Кана кимиңер көрдүңөр аны, ал
кандай кыз экен?
Топтошуп турган мадыра баштар
бири-бирин карап туруп калышты,
анан эң улуурагы бөлүнүп чыгып
өзүнүн сунушун айтты.
- Эгер дагы акча берсеңер мен
айтам…
- Адегенде айт, анан акча беребиз.
- Жок, биринчи акча бергиле, анан
айтам.
Бери жактагылар да бири-бирин
караша жылмайып күлүп калышты.
Анан толмочунан келген мурутчаны
чөнтөгүнөн акча алып чыгып
тигиге сунду.
- Болуптур ме ал, кана эми
айтасыңбы?
- Аны бобул складдын ичинен
көтөрүп чыгышты. Ушунун ичидеги
люктан келемиштер талап жаткан
жеринен таап алышыптыр…
- Кыздын кийими, чачтары кандай
экен?
- Кийимдери, бети-башы топуракка
оонагандай чамбыл-ала,
көйнөктөрү да ар жеринен
айрылып жүрөт, чачтары
уйпаланган сыягы бирөөлөр
өлтүрүп туруп, ошол жакка
ыргытып жиберишсе керек…
- Бул жакка милициялар келишкен
жокпу, кыз тирүү бекен?
- Анысын билбейм, өлүп калган го,
колдору-буттары шалактап жүрдү.
- Анан аны эмне кылышты?
- Бир мурутчан жигит машинасына
көтөрүп барып салды да кайдадыр
алып кетти…
- Эмне машина экен, анын түсү
кандай экен?
- Кадимки эле жеңил машина, түсү
кызыл…
- Ушулар машиненин маркасын
билип коюптурбу, - ары жактан
бирөө сөзгө кийлигише кетти.
Алиги мурутчан киши чөнтөгүнөн
акча сууруп чыгып мадыра
баштарды кызыктыра баштады.
- Кызды көтөрүп кеткен жигитти
ким тааныйт. Машина каякты
көздөй кетти?
Бардыгы бир тарапты көрсөтүшө
улам алдыга чыга калып жатышты.
- Болуптур, кана айткылачы, ал
жигитти ким тааныйт?
Бардыгы билбейбиз дегендей
бири-бирин карашты, тигинин
колундагы акчадан көздөрү өтүп
турушту. Алиги мурутчан киши ар
бирине бирден кагаз акча таратып
бери "бар ойногула" деп кетирип
жиберди. Кетип бараткан мадыра
баштарды токтотуп алды да,
телефон саны жазылган ак кагаз
таратып бери дагы бир жолу
эскертип өттү.
- Эгер араңардан кимде-ким ошол
жигитти же кызды, же болбосо
алиги кызыл машинени көрүп
калсаңар дароо бобул номурдагы
телефонго чалгыла. Телефон
чалганды билесиңерби?
Бардыгы "ооба" дешип тигил киши
берген кагазды жабыла бирден
алышып, анан алган акчаларына
кубаныша ары көздөй ойноп
кетишти.
Бери жактагылар өздөрүнчө
акылдаша ойлонуп туруп калышты.
- Кандай деп ойлойсуңар, ошол
кызбы же башкабы?
- Менимче ошол эле кыз болуш
керек.
- Болуптур ошол кыз деп коёлу,
анда кара баштыктагы акчалары
кайда калышы мүмкүн?
- Жер алдындагы өткөөл менен
темир түтүктүн үстүндө сойлоп
келатканда караңгы жерде, орто
жолдо калып калышы мүмкүн…
- Жок андай болушу мүмкүн эмес,
ал кыз орто жолго эч убакта
акчаларды таштабайт болчу.
- Баса ал тирүү бекен же өлүп
калдыбы, өлүп калган болсочу?
Акчасын алиги жигит алып алды
да…
- Эгер өлгөн болсо өлүгүн каякка
алып кетти?
- Менимче ал али өлгөн эмес, эгер
өлүп калса дароо телефон менен
милиция чакыртышмак.
- Ада эмнеге "тез жардам"
чакырышкан жок, эгер чала жан
болсо…
- Ким билет, балким…
- Коё тургулачы талашпай, ал чын
эле ошол кыз экенин силер кайдан
билесиңер. Тигил мадыра баштар
айткандай ал таптакыр эле башка
кыздыр. Кимдир бирөөлөр аны
зордуктап анан өлтүрүп, люкту
ачып жер алдына ыргытып
таштагандыр? Келемиштер талап
жеп жаткан жеринен таап
алышыптыр деп жатышпайбы.
- Анда дароо милицияга
кабарлашмак да, өздөрү көтөрүп
машинага салып кетишпей. Бул
жерде шектүү бир нерсе бар. Баса,
айтмакчы кызды каякка алып
кетти болду экен, үйүнөбү,
моргкобу, милициягабы же
ооруканагабы? Кандай болсо да
шаардагы моргдор менен
ооруканалардын баарын текшерип
чыгыш керек. Эгер аны алиги
жигит үйүнө же талаага алып
кетпесе. Кана убакытты өткөрбөй
аны качырып же дайынсыз
жоготуп жибере электе издейли. Ал
кызды таппасак шеф бизди соо
койбойт, кичинекей эле кызды
качырып жибергендигибиз үчүн
бардыгыбыздын сазайыбызды
берет. Кой кеттик, анда…
- Бөлүнүп алып моргдорго барып,
ооруканалардын бардыгынан
издейли.
Топтошуп тургандар өз ара
сүйлөшүшө машиелерине отурушту
да, кайдадыр жөнөп кетишти.
Күтүлбөгөн жерден эле акча бери,
баардыгын тойлоткон кишилерди
алиги мадыра баштар таңгалыша
арттарынан узата карап калышты.
ООРУКАНАДАГЫ ДҮРБӨЛӨҢ
Бир жумадан бери арбир
ооруканага келип, акыркы күндөрү
түшкөн жаш кыздардын тизмесин
карап текшерип жүргөн алиги
Дианадан баштан ары жеген
далдайган киши кокусунан кызыл
чет элдик машиненин келип
токтогонун көрүп калды. Бир аздан
кийин анын ичинен гүл көтөргөн
жигит чыгып, оорукананын ичине
кирип кетти. Ушул жигит шектүү
болуп турду. Акырын машиненин
жанына басып келди да айланта
аны бир сыйра текшере карап
койду. Анан оорукананын ичине
кирип узун коридордун кире
беришиндеги столдо бир нерсе
жазып отурган ак халатчан
медсестра кызга кайрылды.
- Кечирип коюңуз, мен
карындашымды издеп жүрөм.
Акыркы аптанын ичиде оор
ахывалда силердин ооруканага
түшкөн жашы жыйырма менен
жыйырма бештин ортосундагы кыз
келген жокбу?
Алиги медсестра кыз башын
көтөрө маңдайында турган
кишинин өңүнө түңүлдү.
- Акыркы аптанын ичинде көп эле
келин-кыздар келип түшүштү
кайсы бирин эстейм.
- Ошентсе да списогу бардыр, үч-
төрт күндөн бери кайсыл
ооруканага келип түшкөнүн
билбейм. Издеп атып тажадым.
Сиз жардам бери коюңузчу, балким
силердин ооруканаңарда
жаткандыр?
- Азыр, - алиги медсестра кыз
ордунан турду да ары жактан
журнал алып келип аны ачып,
ооруканага акыркы аптанын
ичинде түшкөндөрдүн тизмесин
карай баштады.
- Та-ак, жыйырма экичи августта
бир аял түшүптүр, аны жашы
кырктан өтүп калыптыр. Жыйырма
үчүндө дагы бирөөсү түшүптүр,
анын жашы отуз беште экен. Ошол
эле күнү кечке жуук дагы бирөөсү
келиптир. Ал таптакыр эле кемпир
экен, дагы бир жаш кыз түшүптүр
жыйырма бештеги, балким ушул
болуп жүрбөсүн. Фамилиясы
Абдрахманова Мухабат. Анын
фамилиясы кандай? Ушул
мезгилде алиги гүл көтөрүп кирген
жигиттин кайра сыртка чыгып
баратканын көрүп калды. Ал
машинасына отураары менен от
алдырып айдап кетти. Далдайган
киши кайра медсестра кызга
кайрылды:
- Кечирип коюңуз бул жигит кимге
гүл алып кирди. Эмнегедир менин
карындашымдын сүйлөшүп жүргөн
жигитине окшоп кетти.
- Аа, албы? Ал тигил экинчи
палатадагы кызга келип жүрөт.
Байкуш кыздын көзү көрбөй
калыптыр, бирок бара-бара оңолуп,
көрүп кетет дешти биздин көз
доктурлар. Татынакай, жакшы кыз
экен, бооруң ооруйт байкушка.
Өлүп, тиги дүйнөгө барып келип
араң-араң киши болду. Жигити
болбогондо ким билет эле бул кыз
тирүү калат беле?
- Барып көрсөм болобу?
- Только бат, врачым көрүп калса
сазайымды колума берет.
Ал палатага баш бакканда эле
Диананы дароо тааныды. Шарт
артка бурулду да медсестра кызга
кайра келди.
- Жок, ал эмес экен.
- Анда андан башка кыз жок жаңы
келип түшкөн.
- Кечирип коюңуз…
- Эч нерсе эмес.
"Оо Кудай буюрса таптым ал
кызды", - алиги далдайган киши
өзүнчө кудуңдап сүйүнүп кетип
баратты.
Ошо күнү эле шаар боюнча
ооруканаларды кыдырып, кызды
издеп жүргөндөрдүн бардыгы
кайрадан топтолушту. Мадыра
баштарга акча таратып берген
алиги мурутчан жигит
ишенбегендей тигинден дагы бир
жолу сынай сурады.
- Точно ошол кыз бекенби,
чаташтырып алган жоксуңбу?
- Ал кызды кантип эле
чаташтырайын, башкасын
чаташтырсам да ал кызды эч
убакта унутпасмын. Бактыга
жараша жер алдындагы караңгыда
көпкө жүрүп, дароо жарыкка
чыккандыкы эки көзү көрбөй
калыптыр. Бирок "врачтар
акырындап отуруп кайра көрүп
кетет" дешиптир…
- Эң жакшы, "темирди кызуусунда
сок" дегендей анын дароо көзүн
курутуш керек. Болбосо дагы
жоготуп жиберишибиз мүмкүн.
Баса, алиги кызыл "иномарканын"
ээсин жакшы таанып калдыңбы? -
толмочунан келген киши кайрадан
тигиге кайрылды.
- Аны алыс жерден көрдүм, бирок
элесин унуткан жокмун. Зато
машинесинин номуру менен
маркасын эң жакшы билем.
Көзүмдү жумуп айтып бере алам
кандай экенин…
- Эң сонун, андай болсо бүгүн түнү
эле жортуулга чыгабыз…
- Жортуулга чыгып эмне кылабыз,
кызды өлтүрөбүзбү? - ары жакта
тургандар түшүнүшпөй суроолуу
карашты.
- Келесоолор десе, аны өлтүрүп
түрмөгө кесилип кете албай
атасыңарбы. Анда эле милициялар
соөубузга түшөт. Акча жасаган
подвалды, цехти таап алышат.
Андай боло турган болсо тобубуз
менен кетебиз түрмөгө. Ал жактан
кызды билгизбей уурдап
кетишибиз керек, анан…
- Анан эмне кылабыз?
- Көп башты оорутуп глупый
суроолорду бере бербегилечи! -
тигинин ачуусу келип кетти. - Анан
ал кызды эмне кылат биздин
шефибиз өзү билет.
- Ал жакка качообуз барабыз,
курал алып алабызбы?
- Сөзсүз да, ар бириңердин
пистолетиңер жаныңарда болсун,
алда кандай болуп кетиши мүмкүн.
Беш же алты киши жетет, баса,
айтмакчы баарыңар тең башка
кийгенге чүмбөт алып алгыла.
Кокустан бирөөлөр көрүп калса
өңүңөрдү тааныбагандай болсун.
Андан сырткары колдорун
байлаганга жип, оозун таңганга
чүпүрөк керек, тигил кыйкырып,
ызы-чуу кылбагандай болсун. Көзү
болсо итак эле көрбөйт экен.
- Ал жакка кантип киребиз, терезе
аркылуубу же эшик аркылуубу?
- Азыр бир-экөөңөр барып
жакшылап чалгындап план түзүп
келгиле, - ары жакта турган
жашыраак жигитке кайрылды, - а
сен болсо бүгүн кечке ошонун
айланасында күзөттө турасың.
Улам-улам сотовый телефон
аркылуу биз менен байланышып
тур. Шек алып калышып кызды
башка жакка качырып
жибербегендей болсун, анда керт
башың менен жооп бересиң.
Жигит түшүндүм дегендей башын
ийкегиледи.
- Анда давай ишке кириштик. Ал
жакка эки машине менен барабыз,
бирөөсүнө кызды салабыз,
экинчиси болсо чалгындап
алдыбызда жүрөт. Кана эмесе
кеттик, - топтолушуп тургандардан
бешөө тандалып, кызды уурдаганга
даярдана башташты.
ЧАТАШУУ
Диана Ибрагим алып келген
гүлдөрдү жыттап өзүнчө кыялга
батып кетти. "Бул боорукер жигит
кандай жигит болду экен. Менин
жашым он тогузда ал болсо
жыйырма жетиде экен. Ортобузда
айырма сегиз жаш. Эгер чын эле
үйлөнө элек бойдок болсо..., баса
ал мага эмне эле ушунчалык
байланып калды. Мурун аны мен
тааныбасам, мен болсо аны анча
тааныбайм же анын бир ойлогону
барбы? Эгер жаман ою болсо мага
мынчалык келбейт эле да. Же
акчама кызыгып атабы. Ай, азыр
адамга ишенип болбойт, анын ою
кандай экенин мен кайдан билем
же көзү ачык же сыйкырчы
болбосом. Мени пайдаланып алып
анан таштап кетиши да мүмкүн да.
"Сактыкта кордук жок" дегендей
дегинкиси сак болоюн", - ушуларды
ойлоп отуруп Диана жанында
жаткан кыздан убакытты сурай
кетти.
- Света, саат канча болду?
- Ондон өтүп он бирге чукулдап
калды…
Өзүнө жанаша жаткан кыздын аты
Света болчу. Дианага боор тарткан
эң жакыны ушул эле. Палатада
төрт кыз жатышчу. Төртөө тең али
жыйырма бешке чыга элек алыскы
ар кайсы райондордон келген
өзбек улутундагы кыздар. Алардын
сүйлөшкөн сөздөрүнө Диана
адегенде көнбөй жүрдү. Бара-бара
сөздөрүнө кадимкидей эле
түшүнүп калды. Алар ашканадан
Дианага тамак алып келип бери
турушчу. Бара-бара Диана өзү
басып калган соң ашканага
жетелеп барып, тамактандырып
кайра палатага алып келчү
болушту. Керек болгон учурда
ажаатканага да алып барышып,
бүткөнчө сыртта коридордо күтүп
турушат. Баардыгы айылдан келген
кыздар болгондуктан карапайым,
жөнөкөй кыздар. Улуусуна карап
бири-бирине боор тартып, сыйлап
жылуу мамиле жасашат.
- Кой жарыкты өчүргүлө жаталы,
палатадагы элдердин баары уже
уйкуга кире башташты. Бир аздан
кийин электир жарыгы "жалп" деп
өчтү да палата ичи капкараңгы
боло бир топко тымтырс боло
түштү. Кыздардын уйкулары
келбей жарым сааттай аркы-
беркини айтып сүйлөшүп жатышты.
Анан акырындап четинен тынчып
отуруп, таптакыр эле дымып
калды.
- Диана өткөндөгү азап-
тозокторун, келечегин ойлоп, көпкө
уйкусу келбей жатты. "Шаардагы
эжем, айылдагы апам эмне болду
экен. Мени дайынсыз жоготушуп,
бирөөлөр өлтүрүп, өлүгүмдү сууга
ыргытып же көмүп салышты деп
ойлоп жатышабы? Менин бул жакта
атактуу, эли-жеримден алыс
Ташкен шаарында азап-
тозокторду көрүп, душмандардан
качып жүргөнүмдү билишпейт да.
Билгенде эчак жардамга келишмек.
Бул жактын милицияларына
арызданайын десең алардын
кылганы тигил. Мени куткарышмак
турсун тескерисинче аз жерден
кайра тигилердин колуна тутукун
кылып салып бери коё таштады.
Ошондон кийин кимге ишенем? Же
бул жакта мага боор тарткан
тууганым болсочу.
- А тигил Ибрагим болсо балким
акча чыгарган контрабанданын же
Бишкектеги түрмөнүн кожоюну
Исабеков Мараттын кишилеридир?
Мени качып кетпесин деп
кайтарып жүргөндүр? Аай ким
билет, ким билет? Бул да болсо
Кудай Тааламдын маңдайга жазган
жазмышы, болбосо өз үйүмдө же
Бишкекте эле жыргап жүрбөйт
белем…" Бир кезде Диананын
ажаатканага баргысы келип кетти.
Аны дайыма жанаша жаткан Роза
алып барчу.
- Роза…
Акырын тигилер ойгонуп
кетишпесин деп шыбырай үн
катты. Ал катуу уктап атса керек
дагы бир жолу "Роза" деп жай
унчукту, дагы ойгонбогон соң
жайына койду. Ал үйүндөгү өзүнүн
терс кыялын эстеди. Кызуу уктап
жатканда бирөө жулкулдатып же
кыйкырып ойготсо ачуусу менен ал
кишини чаап-чаап жиберчү. Аны
ойготом деп бөбөктөрү далай таяк
жешкен. "Кой кызуу уйкуда жаткан
адамдын уйкусун бузбайын.
Ачуусуна тийип албайын. Андан
көрө өзүм туруп, акырын
дубалдарды сыйпалап коридор
менен жүрүп отуруп туалетти таап
албаймынбы. Ал коридордун эң
акыркы эшиги эмеспи". Ордунан
акырын туруп уктап жаткандарды
ойготпош үчүн дубалдарды
сыйпалап акырын жылып жөнөдү.
Чалынып кетпөөгө аракеттенип
жай басып колу менен коридорго
чыкты. Коридор тымтырс болчу,
сыягы медсестра кыз уктап же бир
жакка басып кетсе керек.
Дубалдын боору менен акырын
сыйпалап палатанын каалгаларына
келгенде акырын коё бери жылып
жүрүп отурду. Дубалды
сыйпалагандан тажап кеткенде
коридордун ортосуна түшүп алды
да аярлай басып келе берди. Бир
кезде коридордун аягындагы
терезеге колу урунду. Сол жакка
бурулса эле биринчи эшик
ажааткананын эшиги. Аны
жаземдебей, жаңылбай эле тапты.
Ичине кирип көзү көрбөсө деле
жарыгын күйгүзүп эшигин ичинен
илди.
Дал эле ушул мезгилде эки чет
элдик машине ооруканадан анча
алыс эмес жерге токтоп, ичинен
беш адамдын сөлөкөтү чыкты.
Бирөөсү артта токтоп калды да
ары-бери өткөн кыймылга көз
жүгүртө баштады. Төртөөсү андан
ары шашыла жүрүп отурушту.
Оорукананын эшигине жетишкенде
шашпай чүмбөттөрүн баштарына
кийише бардыгы чөнтөктөрүнөн
пистолеттерин алып чыгып октошо
колдоруна алышты.
- Шашпагыла, эч кандай ызы-чуу
болбосун. Биринчи кезекте санитар
кыздын эсин оодура чаап, колу-
бутун таңып таштагыла. Коридордо
дүрбөлөң кылбагыла.
Оорукананын эшиги ичинен
бекилүү экен. Чүмбөтчөндөр
өздөрү менен ала келишкен
аспаптарын алып чыгышты да
заматта эшиктин илгичин дабыш
чыгарбай талкалап, ичине кирип
барышты. Медсест ра кыз
коридордун орто жериндеги столдо
башын коюп алып уктап жаткан
болчу. Шырп эткен дабышка көзүн
ачып, акырын башын көтөрө өзүн
көздөй келатышкан колдорунда
пистолеттери бар чүмбөтчөн
кишилерди көрө коюп, чала-
чарпыт бакырып алганга үлгүрдү.
Бирок аягына чейин кыйкыртпай
чүмбөтчөндөрдүн бирөөсү
пистолети менен аны баштан ары
бери калды. Катуу соккуга
медсестра кыз андан ары
кыйкырганга дарманы жетпей,
көздөрү аңтарыла полго оңкосунан
сайылды. Экөөсү аны ары жакка
сүйрөп барып колу-бутун,
ооздорун таңып ташташты.
Алдыда баратканы кыз кайсыл
палатада дегендей аркасындагыга
суроолуу кайрылды. Бою узунураак
далдайган чүмбөтчөнү сөөмөйү
менен үчүнчү эшикти көрсөтө өзү
алдыга жол баштап жөнөдү.
Палатанын эшигин акырын ачып
четте уктап жаткан кызды
көргөздү. Эки-үчөөсү шап эле аны
баса калышты да оозун жаап,
колу-буттарын жабылыша
бириктире кармаша балык
кармагандай туйлата көтөрүп
алышып, сыртка алып жөнөштү.
Бирөөсү ойгонуп кетишкен
кыздарга пистолетин суна бир
ордунда былк этпей турду.
Бардыгы сыртка чыгып кетишкен
соң алиги чүмбөтчөн көздөрү
алайып коркуп, кроваттарында
былк этпей жаткандарга кайрылды.
- Ушул боюнча былк этпей
жаткыла, кроватыңардын алдында
миа коюлган. Кыймылдасаңар эле
сөөгүңөр сөпөт, күм-жам
болосуңар. Мина жарылып
өлөсүңөр. Ал акырын чыгып
баратып, эшикти сыртынан жип
менен байлап кетти да коридордо
колу-буту байланып, оозу таңылып
эси ооп жаткан медсестра кызды
бир карап коюп, сыртка
кеткендердин соңунан чыкты.
Кетип баратышып оорукананын
эшигин да сырт ынан кулпулап,
катуу бекитип ташташты.
Коридордогу медсестра кыз
отурган стол үстүндөгү телефонду
кыйып, талкалап ташташкан болчу.
- Ажаатканага бир аз отурган соң
анын суусун агызып Диана
шашпай кайра коридорго чыкты.
Бир нерсени эстей коюп кайра
барды да ажааткананын электир
жарыгын өчүрдү. Коридор
мурдагыдай эле тыптынч.
Ажааткананын ичинде отурганда
кандайдыр бир үзүл-кезил
кыйкырыкты угуп, дымый кулагы
менен тыңшап калган. Ошол
боюнча кыйкырык кайра
кайталанып чыккан жок болчу.
Коридор эмнегедир жымжырт.
"Медсестра кыз эмне уктап
калганбы?.. - мейли уктай берсин
анын да тынчын алып ойготпоюн" .
Диана коридордун ортосуна түшүп
алып акырын тую сезими менен
жыла басып келатты.
Кокусунан коридордун так эле
ортосунан бир нерсеге чалынып,
мүдүрүлүп оңкосунан кулады.
Мындай күтүлбөгөндүккө өзү дагы
чоочуп кетти. "Эмне…, менин
келатканымды көрүп бирөөлөр
атайылап чалынып жыгылсын деп
алдыма бир нерсени коюп
коюштубу?" . Диана жыгылган
боюнча ордунда бир топко жатты.
"Эгер андай боло турган болсо
мени шылдыңдап күлүшөт эле го,
эч кандай дабыш билинбейт. Же
медсестра кыз бир нерсесин
ортого коюп койгонбу?" ал ордунан
акырын көтөрүлүп, бул эмне болду
экен дегендей колу менен
сыйпалап көрдү. Колу дароо эле
адамдын буттарына такалды. Анан
улам өйдөлөп сыйпалап жүрүп
отуруп кыз экенин билди, болгондо
да колу-буттары, ооздору таңылуу
экен. Адегенде эмне болгонун
түшүнбөй чочуп кетти, анан аны
кимдир бирөөлөр байлап
салышканын боолгой, тирүү
бекенби дегендей колу менен
тамырын кармалап, жүрөгүнө
кулагын такап, тыңшап көрдү.
Атүгүл дем алып да жатыптыр.
Бетин анан көздөрүн сыйпалады
эле жумулуу экен. Эси ооп
калганын сезип ордунан атып
турду. Өзүнүн палатасындагы
кыздарды ойготкону колу менен
сыйпалап эшиктерди санап жүрүп
отурду. Өзүнүн палатасынын эшиги
кайсыл экенин билбей чаташтарып
алды. Анан аркы жагынан санап
үчүнчү эшикке келип такалды.
Эч нерсеге түшүнбөй жатты. Өзү
жаткан палатасынын эшиги
сыртынан жип менен аябай
чырмалып, байлануу экен.
"Түшүнсөм буюрбасын, бул мен
жаткан палатанын эшигиби же
чаташтырып алдымбы?" Диана
коридордун башына чыгып кайра
башынан санап кирди, өзүнүн эле
эшиги экен "мындай болушу
мүмкүн эмес, азыр эле өзүм
чыкпадым беле, кимдер беките
коюшту заматта?" . Коридордо
байланып жаткан кызды эстей,
анан өзүнүн бөлмөсүнүн сыртынан
байлануу экенин билип, бир
нерсени боолгой койду да
коркконунан кайра артка
кетенчиктеди. "Балким мага келип
жүрүшпөсүн? Ибрагим менин бул
жакта экенимди билет да, балким
ошол кишилери менен келип
жүрбөсүн. Анда эмне эшикти
сыртынан бекитип таштаган же
палатадагы кыздардын бардыгын
өлтүрүп кетиштиби? Анда алар
азыр каякта болду экен же
палаталарды кыдырып мени издеп
жүрүшөбү? Андай боло турган
болсо мени эбакта эле кармап
алышат эле го, же болбосо өлтүрүп
салышмак. Түшүнсөм буюрбасын,
көз ачып жумганчалык убакытта
эмне болуп кетти?" Бир
жамандыкты жүрөгү сезе көзү эч
нерсе көрбөсө дагы коридордун
дал ортосу менен ылдамдай баса
кайра ажааткананы көздөй
шашыла жөнөдү.Ортодо жаткан
медсестра кыздын үстүнөн тую
сезими менен секирип өтүп кетти.
Ажаатканага жетип барды дагы
ичине кирип, илгичин бекитип
алды. Ошол боюнча таң атканча ал
жактан чыккан жок.
Таңга жуук гана ооруканада
дүрбөлөң, ызы-чуу башталды.
Палатадан коридорго чыга калган
оорулуу киши колу-буту, оозу
таңылып, башынан кан сызылып
агып жаткан медсестра кызды
көрүп ызы-чуу салган болчу.
Ошондон көп өтпөй эле
милициялар келишип, окуянын чоо-
жайын териштире башташты.
Диананын ажааткананын ичинде
бекинип жатканын эч кимиси
билишкен жок.
Биринин артынан бири кууша,
катуу ылдамдык менен
келатышкан эки чет элдик машина
бийик короолу чоң дарбазанын
жанына келип токтошту. "Сотовый"
телефон менен алдын ала кабар
бергенби короонун дарбазасы
дароо ачылды да эки машина
биринин соңунан бири короонун
ичине кирип кетишти. Бир жигит
артка чыгып айланасына
жакшылап, кылдат көз жүгүртүп
алды, анан эч ким жок экенине,
куугунчулардын издеп
келишпегенине чындап ишенген
соң акырын дарбазаны жапты да
ичинен бекитип алды. Арткы
машинедегилер кызды туйлаткан
боюнча көтөрүп алышып, үйдүн
ичине кирип кетишкен. Бир-экөөсү
кокусунан куугунчулар келип
калышпасын деп бир топко көчө
кыймылына көз салып турушту.
- Бери алып келгиле, ал шуркуяны
башка чапкан кандай экенин
көрсөтөйүн. Боор ооруп туалетке
алып барып, колун да чечип
койсом, кайра өзүмдү боорго
теппедиби, - алиги Дианадан башка
жеп эси ооп калган далдайган
киши ачуулана бери басып келип
өз көзүнө өзү ишенбей оозунан
сөзү түшүп, дендароо боло бир
ордунда катып калды. Сага эмне
болду дегендей бери жактагылар
аны суроолуу карап калышты. Ары
жактан дагы эки-үч адам кирип
келишип аларды бири-бирин
жалдырай карап калышты.
- Сен кайсыл кызды бизге
көрсөткөнсүң ыя?
- Күндүз точно эле көргөм, ошол
кыз болчу, четки кроватта
чалкасынан уктап жаткан.
- Жакшылап даана көрдүң беле?
- Ооба, бобул өз көзүм менен эле
көргөм, Кудая шүгүр менин
зрительный памятым жаман эмес.
- Жаман эмес болсо кана анда…!? -
толмочунан келген мурутчан жигит
тигиге ачуулана бир тийди.
- Балким кроваттары менен
алмашып жатып алышкандыр?
- Алмашып алышкандыр деп коёт,
жакшылап карап туруп анан алып
кетпейсиңерби?
- Палата ичи караңгы болчу, анын
үстүнө шашып да калбадыкпы…
- Шашып да калбадыкпы деп коёт.
"Шашкан шайтандын иши", мына,
эми шефке эмне деп жооп
беребиз.
- Эмне деп жооп бермек элек,
кызды али таба элекбиз деп
коёбуз да…
- Мен уже ага жолдо келатканда
эле "сотовый" менен кабарлап,
сүйүнчүлөп койгом.
- Во-во, мени "шашкан шайтандын
иши" деп күнөөлөйсүң. Өзүң дагы
шашкан турбайсыңбы. Айтпай коё
турбайт белең, азыр деле
үлгүрмөкпүз. Кой анда кайра
баралы тиякка, ооруканага.
- Болбойт, кеч болуп калды, ал жак
азыр ызы-чуу болуп жатышат,
эмдигиче милициялар да келди
болуш керек. Булардын бардыгын
көргөн кыз эбакта милицияга
айтып таштады же ал жактан
качып кетти…
- Көзү али жакшы көрө элек да.
- Андай жерден көзү көрбөсө да
өзүн оолак алып кеткенге аракет
жасайт.
- Эми эмне айла кылабыз?
- Билбейм ошону, шеф бир аздан
кийин бул жерде болот.
- Менде бир идея бар, анда
мындай кылалы. Шеф муну укчу
болсо бардыгыбыздын
сазайыбызды берет. Мындай
шалаакылыгыбыз үчү татыктуу эле
жаза алабыз. Менин оюм, а силер
кандай дейсиңер билбейм, бул
алып келген кызды эле ошол кыз
деп ага көрсөтө берели. Шефибиз
аны көргөн эмес да. Ал эми тигил
качып жүргөн кызды болсо өзүбүз
акырын изилдеп таап, анан шефке
билгизбей көзүн курутуп салабыз.
Бул жакка соода кылып келгем
дебеди беле Кыргызстан жактан.
Ал кыргыз кызды бат эле
кармайбыз.
- Бардыгы бир азга бири-бирин
карап эмне жооп айтышарын
билишпей, ортодо эси ооп суналып
жаткан кызды карап туруп
калышты. Бир аздан кийин
бирөөсү жооп берди.
- Ооба, туура акыл. Азыр шеф
келсе бардыгыбыздын жазабызды
берет. Бул үчүн биз жакшы сөз да
укпайбыз… Кана мунун сөзүнө
кошулалыбы?
- Аа, шеф билип калсачы?
- Арабыздан бирөөбүз
чыккынчылык кылып айтып
койбосок эле, шеф билбей калат.
- Ким айтса анда өзүнө-өзү өлүм
тилеп алат да. Шефибиз айткан
кишинин өзүн да жазалайт. Кана
тез ойлонгула, бир бүтүмгө келели,
шеф келгиче бул маселени чечип
алалы. Кана менин айтканыма
кошуласыңарбы?
Бардыгы кошулабыз дегендей
макулдуктарын билдиришти.
- Эгер кимде-ким чыккынчылык
кыла турган болсо анда өзүнүн
каны менен жооп берсин!
- Өзүнүн каны менен жооп берсин!
- бардыгы шерттешип кол алышты.
Анан эси ооп жатка кызды көтөрүп
барышып, колу-буттарын байлап,
оозуна скотч чаптап, көзүн таңып
салышты. Бул Диананын жакшы
көргөн эң жакын кызы Роза болчу.
Арадан бир саатчалык убакыт
өтпөй эле аппак мерседес
машинеси менен "шеф" келди.
Бардыгы ордуларынан туруша
дүрбөп калышты. Ал машинесинен
шашпай чыгып, кыз жаткан бөлмө
жакка басып барды. Анан артынан
жандап жүргөндөргө кыздын
оозун, көзүн чечип койгула
дегендей ишарат кылды. Кыз
эсине келип эмне болуп жатканына
түшүнбөй бейтааныш кишилерден
чочулай, алаңдай карап жаткан
болчу. Топтун жетекчиси анын
жанына басып келди.
- Сен кимсиң?
Жүрөгү түшүп калган кыз эмне деп
жооп берээрин билбей, ойду-тоону
сүйлөп чалды-куйду сөздөрдү айта
баштады.
- Менин эч кандай күнөөм жок, коё
беришиңиздерди өтүнөм. Ата-энем,
бир туугандарым…
- Сага ата-эне, бир тууган керек
болуп калдыбы? Анан эмнеге
менин машинеме уурданып
түшөсүң. Акчалар каякта?
- Менде болгону дарыга деген эки
миңге жетпеген акча турат…
- Калганы каякта?
- Башка жок, чынымды айтам
дары-дармекке деп эле сактап
койгом. Керек болсо ала бергиле
аны. Бирок ал палатамда калды
да.
- Сен көп арамзаланба, калган
акчаларды каякка койдуң?
- Болгон акчам эле ошол, чынымды
айтып жатам…
- Алиги көргөндөрүң жөнүндө
башка бирөөлөр билеби?
Роза тигил эмне жөнүндө айтып
атканы, эмнени сурап жатканын
түшүнгөн жок. Жок эч ким көргөн
жок, мен эч кимге айткан жокмун.
- Анда акчаларды каякка койдуң?
- Айтып жатпаймынбы кроваттын
алдында калды деп, менде башка
акча жок, чынымды айтып жатам.
Мени коё бергилечи суранам. Ал
акчаларды өзүм алып чыгып
берем…
- Кайсыл акчаларды?
- Кроваттын алдындагы.
- Сен бизди антип аңкорлонуп
мышык-чычкан ойнотпо, акчалар
каякта экенин айтасың, айтпасаң
өзүңө-өзүң кыласың. Экинчи эне-
атаңды, алиги бир туугандарыңды
көрбөй каласың. Эртеңкиге чейин
убакыт берем ойлон жакшылап…
Топтун жетекчиси бери бурулуп
басып келди да
айланасындагыларга эскертип
өттү.
- Оозун, көзүн кайрадан таңып
таштагыла! Эскертип коёюн эми
дагы качырчу болсоңор артынан
силерди да кошо жоготом,
жакшылап кайтаргыла!
Банданын жетекчиси ары басып
барып экөөсүн өзүнө чакырып
алды да акырын айтып өттү.
- Таң агарганча али убакыт бар,
тигини бир сыйра пытайт этип
көргүлө, акчалардын кайда экенин
таптакыр эле айтпай көгөрүп туруп
алса көзүн тазалап туруп өлүгүн
кислотага салып эритип жибергиле.
Бул артыкбаш күбөнүн кереги жок,
- ал машинасына отурду да от
алдыра дарбазадан чыгып кетти.
ООР ЖОГОТУУ
"Мына айтпадым беле Ибрагим
жөндөн-жөн эле келген жок мага,
тигилердин агенти болчу. Өзү баш
болуп алар мени түндө уурдап
алып кеткени келишкен. Туалетте
жүргөнүмдү байкабай чаташтырып,
Розаны алып кетип калышты. Анын
үстүнө экөөбүздүн чачтарыбыздын
узундугу бирдей, өңдөрүбүздө
анча-мынча окшоштуктарыбыз
бар. Бул түндө мени издеп кайра
келиши да мүмкүн. Эмне кылсам?"
- Диана кроватында жатып алып
өзүнчө ойлонуп, эмне кылар
айласын билбей жатты. Бери жакта
болсо милиция кызматкерлери
кыздардан окуяны көргөн-
билгендерин сурап жаткан болчу.
Бир милиция Дианага да кайрылып
сурай кетти.
- Алар келишкенде сен туалетте
белең?
- Ооба.
- Сени ким жетелеп барды ал
жакка.
- Өзүм эле дубалдар менен таянып
бардым, буларды ойготуп тынчын
алгым келген эмес.
- Коридордо андай-мындай ызы-
чууларды байкадыңбы?
- Жок, көзүм көрбөсө кайдан
байкайм…
- Анан эмне туалетке бекинип алып
ачпай атып араң ачтың?
- Туалеттен кайтып келатканда
медсестра кызга чалынып
жыгылдым. Сыйпалап көрсөм оозу,
колу-буттары байлануу экен, өлүп
калган го деп ойлодум.
Оорукананын ичинде бир
балакеттүү нерсе болуп атканын
байкап, коркконумдан кайра
туалетке кирип алып бекинип
калдым.
- Кимдерден корктуң?
- Өзүм да билбейм. Балким
бандиттер же киши өлтүргүчтөр же
болбосо түрмөдөн качкандар…
- Роза деген кызды кимиңер
жакшы билесиңер?
- Мен, - ары жактагы Мухабат
деген кыз Роза жөнүндө айта
баштады.
Ал биздин кошуна айылдан болот.
Ооруканага менден эки-үч күн
мурун келип жатыптыр.
Ага кандай адамдар келишчү эле?
Бир жолу эле айылдан эне-атасы
келгени болбосо ага эч кимдин
келгенин көргөн жокбуз.
Милиция кызматкерлери уурдалган
кыз жөнүндө бир топ нерселерди
сурашты, "анан дагы келебиз" деп
кетип калышты. Башынан сокку
жеген медсестра кызды ошол эле
оорукананын палатасына
жаткырышты. Диана да врачтар
менен сүйлөшүп, "коркуп атам" деп
үстүнкү кабатка көтөрүлүп, башка
палатадагылар мене орун алмашып
алды. Эшик алдындагы медсестра
кыздарга "эгер Ибрагим деген
жигит мени сурап келе турган
болсо ооруканадан бошонуп чыгып
кетти деп айтып койгула" деп
алдын-ала эскертип айтып койду.
Эртеси өзү менен кошо бир кучак
гүл көтөрүп келген Ибрагим бул
сөздү укканда ишенип-ишенбей
коридордо же артка кете албай же
тигил маңдайындагы үчүнчү
палатага кире албай бир ордунда
катып туруп калды.
"Андай болушу мүмкүн эмес. Мага
бир да ооз сөз айтпай жөндөн-жөн
кетип калышы мүмкүн эмес болчу.
Баса, анын көзү али көрө элек
болчу да, анан кандайча кетип
калышы мүмкүн. Жок, буларга мен
ишенбейм, калп айтып жатышат"
жанындагы турган медсестра аялга
кайрылды.
- Тиги үчүнчү палатага кирип
чыксам болобу?
- Аякта кимге барасыз?
- Дианага…
- Ал ооруканадан чыгып бошонуп
кетти деп жатпаймынбы.
- Көзү көрбөсө, өз алдынча баса
албаса, кандайча чыгып бошонуп
кетиши мүмкүн?
- Аны алып кетишти…
- Кимдер?
- Кимдер болмок эле, эне-атасы
да.
- Ал бул жерлик эмес. Эне-атасы
тээ алыс жакта, башка
республикада жашашат. Анын
үстүнө Диананын бул жакта экенин
алар билишпейт.
- Мен кайдан билем, эне-атасы
болбосо тууган-туушкандарыдыр? ..
- Тууган-туушкандары да жок.
- Ай жигит көп башымды
оорутпаңызчы, итак эле бул жакта
ызы-чуу болуп милициялар келип
атышат. Ме айттым го ал жок
деп…
Атайын гүл базарга барып Диана
үчүн бир кучак гүл сатып алып
кубанып келаткан жигит мындай
күтүлбөгөндүккө шалдырай туруп
калды. Дале да болсо медсестра
аялдын сөзүө ишенбей атты.
- Палатага баш баксам болобу, бир
секундга эле.
- Ай, бир тажаткан жигит экенсиң,
бар көрүп өз көзүң менен ишен,
только бир секундга гана.
- Рахмат, - жигит дароо эле үчүнчү
палатага жетип барып палатада
кечээки жаш кыздар эмес жалаң
улгайып калгандар жатышканын
көрдү. Кыздардын бардыгы
түндөгү окуядан кийин коркушуп,
үстүнкү палатага которулуп
кетишкен болчу. Биротоло үмүтү
үзүлүп, кабагынан кар жаай,
колундагы кучак гүлүн кармаган
боюнча кайра артка кетип
баратканда коридордогу
оорулуулардын бирөөсү кулагына
шыбырап өттү.
- Тигил үчүнчү палатага келдиң
беле?
- Ооба.
- Түндөгү ошол палатадагы болгон
окуяны билесиңби?
- Жок, эмне болду эле?
- Түн ортосунда кара чүмбөт
жамынган адамдар келип
оорукананын эшигин сындырып
киришип, медсестра кызды
пистолеттери менен башка чаап
эсин оодарышып, анан колу-бутун
байлап, оозун таңып, тигил үчүнчү
палатага кирип, анан бир жаш
сулуу кызды уурдап кетишпедиби.
Эмнеге уурдап кетишкендиктерин
билбейм, сыягы алар менен бир
криминалы бар окшойт.
- Алар кимдер экен?
- Эч ким билбейт, баары тең кара
чүмбөт кийип алышыптыр дейт.
Таң атпай келишкен милициялар
эртеден бери разборка кылып
атышып, кетишкенине бир сааттай
эле убакыт болду.
Тиги медсестра аялдын "итак бул
жакта ызы-чуу болуп милициялар
келип атышат" деген сөзүн эстеп,
Ибрагим медсестра аялды бир
карап алды да ага кайра барды.
- Аны эне-атасы алып кетпей эле
уурулар алып кетишкен турбайбы.
Эмне жашырып жатасыз?
- Ай жигит ишке тоскоол
болбоңузчу, итак эле эртеден
берки ызы-чууга башым ооруп
кетти.
Ибрагим шалдырай сыртка чыкты.
Өзү менен ала келген бир кучак
гүлүн Диана жаткан үчүнчү
палатанын сырткы терезесинин
темирине койду да эмне кылаарын
билбей кетип баратты. "Жок,
врачтын өзү менен сүйлөшүш
керек. Кандайча болгонун алар
билишет да" Ибрагим кайра артка
кайрылып оорукананын эшигине
келгенде медсестра аял эшикти
жаап, ичинен илип алды да
эшиктин тешикчесин ачып жигитке
үн катты.
- Ооруканага киргенге болбойт.
Азыр милициялар келишет, сенин
ал палатага келип жүргөнүңдү
билишчү болсо бул ишке катышы
бар болуш керек деп шек санашып,
сени да кошо алып кетишет, так
что парень, кетип кал кеч боло
электе.
- Ибрагим ооруканадан кете албай
көпкө айланчыктап жүрдү. "Аны
уурдап кетишкен чүмбөтчөндөр
кимдер болушту экен? Баары бир
Диананы табам, жердин жети кабат
түбүнө кирип кетсе да табам"
жигит айлаасындагыларга эч көңүл
бөлбөй өзү менен өзү сүйлөшө
ооруканадан узап кетип бара
жатты. "Чын эле жанагынча
акчаларды ал кайдан алышы
мүмкүн. Бул менимче криминалдык
чөйрөлөр менен байланышы бар
болуш керек. Темир люкка
ыргытып, үстүнөн кулпулап
салгандар да ошолор болушу
мүмкүн. Мейли ким болсо дагы
аны алардын куу чеңгээлдеринен
куткарып алуум абзел. Аны
өлтүрүп коюшпаса эле болду.
Кыйын эле болсо өлтүрүп көрүшсүн
аны, же мен да артынан кошо өлүп
берем же алардан өч алам,
экөөнүн бирөө…" күтүлбөгөн
жерден машиненин бапылдаткан
сигналына эсине келе чочуп кетти.
Көчөдөгү светофорду көрбөй эле
кетип баратыптыр. "Баса анын
көзү али көрө элек эле каякка
алып кетишти болду экен?" өзүн да
сокур кишидей элестетип кеткен
Ибрагимдин оюна алда нерселер
түшүп кетти.
- Акыл-эсиң ордундабы сенин ыя,
көзүңдү чоң ачып, светофорду
карап баспайсыңбы? ! - жеңил
машинеде кетип бараткан айдоочу
машинеден башын чыгарып
кыйкырып өттү. Ибрагим ага да
көңүл бөлгөн жок, эс-дартынын
баары эле Диана болуп "өлүп
калбаса экен, өлтүрүп койбосо
экен" деп жанын коёрго жер
таппай, катуу санаага чөмүлүп
кетип баратты. Бул Ибрагим үчүн
өзүнүн келечек жашоосунун жарык
шооласы "жылт" этип пайда болуп
кайра жоголуп кеткендей болду. Ал
оор жоготууга учурап турду.
#7 26 Март 2014 - 16:45
Анан.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#8 26 Март 2014 - 17:04
Анааааан
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
кидают камень, отвечайте плодами»
#9 26 Март 2014 - 20:25
Бутурбойсузбу?
озуңуз айтып жатат элес го "баштагандан кийин бүтүрбойсуңорбу.
болбосо банга кетиргиле"
деп.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
кидают камень, отвечайте плодами»
#11 27 Март 2014 - 11:05
7-бөлүм
АЛГАЧКЫ КЫРСЫК
Ооба, бул Ибрагимдин өмүрүндөгү
экинчи болгон катуу соккусу эле.
Айылдан келип милиция мектебине
тапшырып, аны жаңы эле
ийгиликтүү аяктаган жылдары
болчу. Лейтенант деген наам алып,
бирок өзүнүн кесиби боюнча ишке
орношо элек мезгил эле. Өзүнүн
районуна жолдомо бери бирок
окуусун бүтө элек кызына карап
Ташкентте калып калган. Кызынын
аты Мэхра, ал дагы окуусун бир
жылдан кийин бүтмөк. Ал бүтөөрү
менен экөө үйлөнүп, анан өзүнүн
районуна кетмек. Калаада ички
иштер бөлүмүндө өзүнө ылайыктуу
иш табылбагандыктан таптакыр
эле башка жумушта иштеп жүрдү.
Шаар ичиндеги жер алды менен
кетчү суу түтүктөрүн оңдоочу
техник болуп ишке орношту.
Адегенде үйрөнчүк болуп, бара-
бара анын үч айлыгын окуп
"сантехник" деген күбөлүк алды.
Кызы кандай окууну бүтсө дароо
үйлөнүшүп ошондой өз районуна
кетишмек. Жайдын саратан
мезгили, Мэхра окуусун жаңы эле
аяктап, группалаштар, достор
болуп дипломун майлап, экөө
ресторандан чыгып жаңы эле
келатышкан. Мэхра Ибрагимге
караганда кичине кызуураак болчу.
Жатаканасына чейин дагы бир
далай жол басуу керек эле.
Ибрагим эки жолу такси кармаса
Мэхра түшпөй койду "жөө эле
басалычы, балким экөөбүз бул
жерден мындай чогуу
баспастырбыз" деп. Чын эле анын
айтканындай эле болду. Жөө
сүйлөшүп кетип баратышкан.
Мэхра кызуулугу менен ага
эркелеп алдыга чуркап кетип кайра
токтой калып, чуркап келип
Ибрагимдин мойнуна асылып,
өзүнчө эле бактылуу болуп
келатты. Анан эле…
Бурчтан чыга калып ушунчалык
ылдамдык менен келаткан машине
жол четие чыга калган Мэхраны
уруп кетти. Урганда да ушунчалык
катуу урду. Анын кыйкырганга да
качканга да чамасы келген жок,
катуу урган машиненин алдыңкы
айнеги быркырана, кан чачырай,
кыз кадимкидей көтөрүлүп барып
түштү жерге. Көз ачып-жумганча
эмне болуп кеткенин түшүнбөй
калган Ибрагим кандайдыр бир
секундчалык убакытка дендароо
болуп туруп калды. Анан эсине
келе эки-үч аттам менен жерде
кыймылсыз жаткан сүйгөн кызына
жетип барып, тирүү бекенби
дегендей башынан өйдө көтөрдү.
Заматта бети-башы жарылып, кан
агып өңү таанылбай кетиптир.
Тирүүлүктүн эч кандай белгиси
жок. "Мэхра! " деп катуу бир
кыйкырып алды. Жүрөгү мыжыга
аны кучактаган боюнча көздөрүнөн
жаш куюла баштады. Өчөшкөндөй
ошол маалда жаа да жаап кирди.
- Эмне болуптур, кыз өлүптүрбү?
- Ие ким билет, жанында бир жигит
турат…
- Турчу мындай, тирүү бекенби
көрөлүчү? - далдайган бирөөсү
келип Ибрагимди ары түртө
кыздын жүзүнө үңүлдү. Оозунан
арактын жыты буруксуйт. Милиция
формасын кийип жүрүптүр,
кыздын колун кармап иши
бүтүптүр дегендей тигилерге карап
башын ийкеп койду. Ары жактагы
эки-үчөөсүнүн кийимдери да
милиция формасында экен. Алиги
далдайганы Ибрагимге карады.
- Кыскасы мындай "бээ көрдүңбү
жок, төө көрдүңбү жок" уктуңбу,
болбосо сен өзүң кесилип кетесиң.
Баары бир изибиздин баардыгын
бобул жаан жууп кетет. Кыскасы…
Ибрагим андан аркы сөзүн уккусу
келген жок, ордунан атып тура
калып аны муунтуп, экөө кармаша
кетишти. Ары жакта тургандар
жардамга келишип, тигини ортого
алып тепкилей башташты. Түн бир
оокум боло көчө кыймылы да аз,
анын үстүнө жаан да аябай катуу
төгүп келген болчу. Ибрагим
тигилердин төртөөбү-бешөөбү
жакшы эстей албай калды. Сыягы
бардыгы тең мас окшойт, болгон
күчтөрү менен тепкилеп жатышты.
Бир кезде бетке катуу тийген
өтүктүн изинен эсин жоготуп
койду.
Эсине келип көзүн ачса
ооруканада жатыптыр, кандайча
болуп биякка келгени, кимдер алып
келишкени белгисиз. Сыягы
кимдир бирөөлөр телефон менен
"тез жардамга" , "көчөдө эки адам
өлүп жатат" деп телефон менен
кабарласа керек. Ибрагимдин оң
жаагынан жаракат кетип, эки-үч
кабыргасы сынып, бетинен тамтык
калбай жарылып, шишип кетиптир.
Сол жак ийни да кыймылдатпай
оорууда. "Киши болот, болбойт"
деп атып араң оңолуптур. Бутунан
баштап башына чейин денеси бүт
ак бинт менен таңылган.
Кыймылдаганга дарманы жок
капельницада жатыптыр. Дароо
эле оюна Мэхра кетти. Сүйлөйүн
деп сүйлөй албай койду. Атүгүл
кыймылдаганга дарманы жок экен.
Ал туптуура бир айдан кийин
чыкты, Мэхранын кыркы болуп
жатканда барды. Милициялардын
ким экени ошол боюнча
аныкталбай калды. Окуянын
кайсыл мезгилде болгонун, кайсыл
жерде болгонун бир-эки милиция
келип сурап, кагазга түшүрүмүш
этип жүрдү, анан ошол боюнча
табылбай "тым-тым" эле болуп
калды. "Балким ошол келип
аткандар өздөрү болуш керек?" деп
ойлоп койду ичинен Ибрагим.
Бир жылдан берки планынын
баары күтүлбөгөн жерден бузулуп,
өмүрүндө биринчи жолу оор
жоготууга учурады. Анын эне-
атасы да айылында тойго
даярданышып күтүп жатышкан
болчу. Келин алып барар күндү да
айтып болжоп койгон.
Ошондон кийин милицияларды да
аябай жек көрүп, өзү да милицияда
иштегенден түбөлүк баш тарткан
болчу. Айылына да бара элегине
көп болгон. Ошол боюнча
сантехник болуп эле иштеп
келатка. Бир да кызды жактырып,
эч ким менен сүйлөшкөн эмес.
Далай эле кыздар артынан
чуркады, бирок эмнегедир
таптакыр Мэхраны унута албай
койду.
Мына, андан бери канча мезгил
арадан учка куштай зымырап өтүп
кетти. Ал Диананы бир көргөндө
эле Мэхрага окшоштурган. Люкту
ача салып чала жан араң дем алып,
үстүндө келемиштер чуркап
жүрүшкөн Мэхранын жүзүн көрө
коюп, өз көзүнө өзү ишенбей
жалдырай карап, туруп калган.
Чынында эле Мэхра менен
Диананын аябагандай
окшоштуктары бар болчу. Ортодон
бир канча жыл өткөндөн кийин
кайрадан Мэхрасына жолугуп
жатпайбы. Анын ооруканага күндө
келип жүргөн себеби да ушул
болчу. Ал үчүн бардыгына кайыл
боло эптеп эле анын өмүрүн сактап
калуу, көзүн айыктыруу өзүнүн
милдети деп эсептеген. Анан эле
күтүлбөгөн жерден кайра жоготуп
жиберип жатпайбы. Булуттан
чыккан айга окшоп бир жылт этип
көрүнүп, күтүлбөгөн жерден кайра
жок болуп кетиши Ибрагим үчүн
экинчи жолку катуу сокку болду.
Биринчи жолкусунда милициялар
аркылуу сокку жесе, экинчисинде
таптакыр эле тааныбаган
чүмбөтчөндөрдөн сокку жеди. "Оо
Кудайым, эми аны өлтүртө көрбө.
Аны жоготчу болсом билбейм эмне
болоорумду. Аны издеп тентип
кетишим мүмкүн. "Кандай болсо да
аы тапканга жардам бере көр" жин
даарыган немече басса-турса эле
ушуну сүйлөнүп өзүнчө жалгыздап
жүрдү.
ЧҮМБӨТЧӨНДӨР КАЙРАДАН
ООРУКАНАДА
Акырындап убакыт өткөн сайын
Диананын көзү ачыла,
айланасындагы кыймылдар,
караандар көрүнө баштады. ЭЖки
колун көзүнө жакындатып келип,
ары-бери кыймылдатып көрдү.
Кандайдыр бир сөлөкөттүн ары-
бери кыймылдап жатканын
байкады. "Оо Кудай, көзүм көрүп
кетсе экен" - ал айланасындагы
кыймылдарды көргөн сайын
көңүлү көтөрүлүп кубанып жүрдү.
Бирок анын кубанычы көпкө
созулган жок. Түн ортосунда
терезе аркылуу киришкен
чүмбөтчөн үч адам медсестра
аялды кайрадан таңып салышып,
ачыктан ачык эле пистолеттери
менен коркутушуп, ар бир
палатанын ичин кыдырып, кимдир
бирөөлөрдү издеп жүрүштү. Ар бир
палатага баш багышып "Эгер
палатадан чыксаңар эле атып
салабыз" - деп ар бирөөнө
эскертип жатышты. Коридорго
чыгып кеткен аял жанталаша
Диана жаткан палатага жүгүрүп
келди.
- Биринчи кабатта эмне болуп
жатканын билесиңерби, билбесеңер
угуп алгыла. Өткөн жолку
чүмбөтчөндөр кайра келишиптир.
Пистолеттери менен ачыктан ачык
эле коркутушуп, кимдир
бирөөлөрдү издеп жүрүшөт. Бир
аздан кийин үстүнкү кабатка
көтөрүлүшүп бизге да келет. Кимди
издеп жүрүшөт билбейм, өткөн
жолу бирөөсүн уурдап кетишти эле
эми дагы келишиптир, дегинкисин
сак болгула. Өткөн жолку
кыздардай болуп силерди да алып
кетип калышпасын. Аны укканда
Диана "селт" этип кетти
- Алар дагы келишиптирби?
- Ооба, өткөн жолу баары кызуу
уйкуда жатышканда түн ортосунда
келишти эле, бул жолкусунда да
түн ортосунда келишпедиби…
Диана эмне кылар айласын таппай
калды, бир жолун таппаса кармап
таап алып, өлтүрүп же алып кетиши
мүмкүн.
- Алар келишкенде былк этпегиле,
унчукпагыла, кирип баш багып
силерди бир сыйра көргө соң
кайра чыгып кетишет. Андан көрө
кроватыңарга жатып тургула. Эң
башкысы коркпогула,
чочулабагыла.
Бардыгы Диананы таңгала карап
калышты. Бир аздан кийин экинчи
кабатта адамдардын баскан
дабыштары чыгып, тигилердин
келатканы билинип турду. Диана
палатанын жарыгын өчүрүп,
терезеге чыгып кетти, анан терезе
пардону тартып койду. Көп өтпөй
эле палатанын эшиги ачылып
чүмбөтчөн эки караан кирип
келишти да уктамыш болуп
жаткандардын өңдөрүнө үңүлүп
карай башташты. Алардын
кобурашкан үндөрү кадимкидей
Диананын кулагынын түбүнөн эле
угулуп жатты.
- Жок бекенби?
- Сыягы бул палатада да жок
окшойт.
- Тигил кроват эмне бош?
- Билбейм.
- Ал кроват үч-төрт күндөн бери
эле бош, бир аял жаткан, ал
бошонуп чыгып кетти, - төрдөгү
кроватта жаткан алиги аял "күңк"
этти.
- Сенден сураган эч ким жок, жөн
жат көзүңдү жумуп…, - экөө
шашыла чыгып баратышып, аялга
эскертип өтүштү.
- Жан керек болсо былк этпей тынч
жат. Торойто атып салабыз.
Коридорго чыгам деп ойлобо, -
алар чыгып баратып электир
жарыгын өчүрүшүп, каалганы
бекем жаап салышты.
Жанын оозуна тиштеп араң дем
алып жаткан Диана бир аз эс ала
жүрөгү ордуна келе түшкөнсүдү,
бирок алар калп эле чыгымыш
этип, күтүлбөгөн жерден кайра
атылып кирип келишчүдөй болуп
дале коркуп турду.
Ал ошол боюнча таң атканча
терезеден түшкөн жок. Тигилердин
кеткени кетпегени белгисиз, бирок
оорукананын ичи эч нерсе
болбогондой тымтырс болуп турду.
Сыягы бардыгы эле коридорго
чыккандан коркуп жатышса керек.
Таңга жуук гана милиция
кызматкерлери эки-үчтөн болушуп
ар бир палатаны кыдырып
жүрүштү. Бул мезгилде Диана да
чүмкөнүп кроватына жатып алган
болчу. Арадан жарым саат өтпөй
майор чини бар киши
ооруканадагы оорулуулардын
бардыгын чогултуп жооткотуп өттү.
- Эми коркпой эле жата бергиле,
алар экинчи бул жакка келишпейт.
Атайын охрана коюп, буктурма
уюштуруп жатабыз. Эгер келе
турган болушса өздөрү капканга
түшүп беришет. Сыягы
командасынан чыгып кеткен
бирөөлөрдү издеп жүрүшсө керек,
табышкан окшойт, экинчи
келишпейт алар.
Чын эле ошондон кийин алар
экинчи келишпей калды. Муну
дагы Диана Ибрагимден көрүп
жүрдү.
- Тигилер келишкенде эмне
терезенин артына өтө качтың? -
бурчта жаткан аял Дианадан
кызыга сурады.
- Жөн эле, өткөн жолу аябай
коркуп калгам. Мени дагы Розаны
көтөрүп кеткендей көтөрүп кетип
калышабы деп чочуладым, - Диана
ага кайдыгер жооп бери койду.
Ошондон кийин Ибрагим да
ооруканага келип анын тынчын
албай калды.
ЖАҢЫ АЗАП-ТОЗОКТОР
Врачтар жаңылышпаптыр,
Диананын көзү акырындап көрүп
отуруп бара-бара кадимкидей
калыбына келди. Эми бирөөнүн
жетелөөсү жок эле өзү басып
жүрдү. Бир ай ичинде ден-соолугу
да оңолуп, кадимкидей бардыгы
калыбына келди.
Ооруканадан чыгарда анын
проблемасы башталды. Таптакыр
көчөгө кийип чыгарга көйнөгү жок
экен, өткөн жолку жер алдында
жүргөндөкөйнөгү таптакыр быт-
чыты чыгып айрылыптыр же
чөнтөгүндө бир тыйын акчасы да
жок. "Кап, жок дегенде Ибрагимди
алдап анча-мынча акча алып
калганда болмок экен да. Кайра
эле көчөдө тентип таз кейпиме
түшөмбү. Каякка түнөйм да, кантип
өз жергеме кетем. Алиги бир
баштык акчалардын кайсыл жерге
көмүлгөнүн да билбейм да. Кайсыл
люктан мени алып чыкканын бир
билсе Ибрагим гана билет. Ал
болсо минтип мени өлтүрө албай
түн ортосунда келип издеп
жүрүшөт. Ие баштан көздөн садага
ошончо акча, андан көрө бул
каргашалуу жерден аман-эсен
үйүмө жетип алсам жакшы болот
эле. Үйдөгүлөр менден таптакыр
эле түңүлүп калышты го, же эжем
өткөн жолку телефондогу үнүмдү
угуп, издөө салып жүрүшөбү.
Менин али тирүү экенимди
билишеби алар. Кантип, канткенде
бул жактан аман-эсен чыгып кете
алам? Ташкент калаасында мени
издеп жүрүшкөндөр көп.
Бишкектик аялдар түрмөсүнүн
адамдары өзүнчө, жашыруу
подпольеде акча чыгарган
бандалар өзүнчө, атүгүл аларга
милиция кызматкерлери да
аралашып кетип жатышпайбы" .
Диана ооруканадан чыгарда
палатада жаткан кыздардын
бирөөнө кайчы бери чачын
таптакыр эле кыска кылып
кырктырып салды. Кара чачын
күрөң түскө боёттурду. Мунун
жоругуна палатадагылардын
бардыгы таңгалышты. Ага көптөн
бери палаталаш болуп жаткан бир
кыз өз көйнөгүн берди. Анча-
мынча чоңураак болгону менен
көчөдө жүрсө болчудай экен. Ага
палатадагылар анча-мынча акча
чогултуп беришти.
Ооруканадан чыккан Диана кайда
барарын, эмне кыларын билбей
турду. Өткөндөгү
кыйынчылыктарын эстеп денеси
дүркүрөп кайрадан коркунуч
каптады. Ичиркене катуу
чыйрыгып алды.
ВОКЗАЛДАГЫ ОКУЯ
"Кантип кетем үйгө, жок дегенде
жол киреге акчам болгондо эмне…
Уялбай эле ооруканадагы
кыздардан сурап алсам болмок
экен, же кайра барсамбы?.. Жок,
болбойт, алардын болгон
кийимдеринин баарын тоноп
алдым, эми дагы уялбай акча
сураймбы. Андан көрө темир жол
вокзалына барып Кыргызстанга
бара турган поезддин
проводниктерине жалдырасам да
эптеп жетип алуу керек. Балким ал
жакта тааныш кыргыз кыздар,
кишилер чыгып калар. Же болбосо
Кыргызстанга бара жаткан
адамдар болсо ошолордон "тигил
жактан алып берем" деп карызга
акча сурабаймынбы. Ушул турган
Кыргызстанга жетпей калуу деген
эмне тамтык. Бул эмес тээ алыскы
Ыраакы Чыгышка соода кылганы
барышып, банкрот болуп бир
тыйындары калбай калып, ошентсе
да эптеп жолун таап келип
атышпайбы. Ме ошолорчо
жокмунбу. Бирок…, алар менен
менин айырмам асман менен
жердей, от менен суудай. Алардын
үстүлөрүнөн издеген,
куугунтуктаган кишилер жок,
көчөдө болсун кайда болсун эрки
жүрүшөт. А менчи, ар бир кадамым
коркунучтуу, бассам-турсам
коркунуч. Өлүм-ажал күтүп турат.
Мени бир эмес эки топ, атүгүл
милициялар өздөрү да издеп
жүрүшөт. Кылмышкер адамдар да
мендей болуп качпастыр. Ме үчүн
ушул турган Кыргызстанга жетүү
кандай гана тозок болуп турат.
Аман-эсен жете аламбы жете
албаймынбы бир Кудайым өзү
билет", - Диана эч нерсе ойлобой
эле, жолдон темир жол вокзалы
кайда экенин сурап алып, түптүз
эле ошол жакка жөнөдү. Жер
алдындагы метрого түшүп
электричкага отурду. Жолдо
баратып айнектин сыртынан
метронун капталдарындагы темир
торчолорду көрүп, жер алдындагы
люктан чыга албай аз жерден өлүп
кала жаздаганын эстеди. "Кудайым
бар экен, тигилер болбогондо
эмдигиче эбакта тигил дүйнөдө
жүрмөкмүн. Өлгөн денемди туш-
туштан талашып, келемиштер той
түшүп жатышмак. Эми эртерээк
Ибрагимге көрүнбөй Ташкенттен
чыгып кетсем экен…". Темир жол
вокзалына келгенин укканда
электричкадан түшүп кетти, жол
кире да төлөгөн жок.
Вокзалда эл көп болчу, күтүү
аянтчасына барганда даай албай
турду. "Балким ал жакта мени
издеп жүргөндөр болушу мүмкүн.
Мүмкүн эмес эле сөзсүз болот,
атайын точкаларга кишилерди
даярдап койгон. Алар элдерди
аралашып Кыргызстан тарапка
болобу же башка жакка кеткен
поезддер болобу узатып турушат.
Мени дароо эле кармап алышат.
Дегинкиси сак болбосом болбойт".
Айланасына аябай кыраакы карай
элдердин ар бир кыймыл-
аракетине көз жүгүртүп турду.
"Ташкент- Кыргызстан
каттамындагы поезд качан келип
калар экен? Келээри менен эле
элдердин шары менен аралашып
кирип кетейи вагонго. Поезд эптеп
бул жерден жылып кетсе эле
болду. Жолдон билет текшерүү
маалында эптеп бир амалын
табармын…"
- Саатыңыз канча болду сулуу кыз?
- күтүлбөгөн жерден чыккан
эркектин дарылдаган үнүнө чочуп
кетип аз жерден бакырып жибере
жаздады. Карай салса жашы
элүүлөргө чукулдап калган
башында өзбек топусу бар, кара
торусунан келген далдайган киши
туруптур. Ал дагы кыздын чочуп
кеткенин сезип ырсалактап күлүп
калды.
- Эмне чочуп кеттиңби, саат канча
болду деп сурап жатам…
Диана ушунчалык катуу чочугандан
жүрөгү дүкүлдөп чыкты. Жооп
бергенге да алы келбей андан
оолак болууга ашыкты. Тигил
ырсалактай анын артынан ээрчип
алды.
- Жооп бергиң келбей атабы же
менден коркуп атасыңбы, токто
качпа сулуу кыз.
Диана улам-улам артын карай эл
көп жакка шашылып баратканда
күтүлбөгөн жерден бирөө чап эле
билектен алды. Жалт карай эзелки
өзүнө тааныш адамдын өңүн көрө
калды. Ал Бишкектеги Исабеков
Мараттын кишилери болчу.
- Акыры жүрүп кайра кылтакка
илиндиңби, Кыргызстанга эбакта
эле качып кетип калды экен деп
атса… Мына өзүң илинип бердиң
кылтакка. Бас тигил жакка үнүңдү
чыгарбай, болбосо ушул жерден
эле өлтүрүп кетем…
Мындай күтүлбөгөндүккө Диана
эмне кылаарын билбей калды.
Анан артында ээрчип келаткан
далдайган кишиге жалдырай
кыйкырып коё берди.
- Аке мага жардам бериңиз, бул
киши мени өлтүргөнү жатат!
Диана менен тигил киши экөө
жулкулдаша кетишти. Ошо маалда
вокзалдын микрофонунан Россия
тарапка бараткан поезддин
жакындап келатканын жарыя
кылып ар кайсы жерде турушкан
элдердин баары дүрбөп калышты.
- Ээй коё бер аны, эмне кылганы
жатасың ыя?
Тигинин кызды ары-бери
жулкулдатып жатканын көрүп
ортого кийлигише кетти.
- Коё бер аны!
- Тур нары бизге кийлигишпегиле!
- алиги киши бери бурула бергенде
далдайган өзбек киши аны муунта
кармады. Ал Диананы коё бери,
экөө жакалашып, кармаша
кетишти! Ошондой кырдаалдан
пайдаланган Диана жаңы токтоп
келе жаткан поездди карай агылып
бара жатышкан элдин шарына
аралашты. Тигил киши анын
артынан ээрчийин деди эле
далдайганы коё берген жок. Бир
кезде катуу жулкуна Дианадан
көзүн албай артынан кууп жөнөдү.
Чоң-чоң сумкалары менен жаңы
токтогон поездге шашыла кетип
баратышкан элдер ага тоскоолдук
болуп атты. Ал катуу ылдамдык
менен баса Дианага жетээрине аз
калды.
Кудай берди болуп күтүлбөгөн
жерден туурадан чыга калган чоң
сумка көтөргөн жигитти уруп алды
эле анын колундагы сумкасы
ыргып кетти. Ачуусу келген жигит
тигини көтөрүп урду.Жигитке
жардамга эки-үчөө жетип келишип
аны тегеректеп калышты. Ал эч
нерсе кыла албай туруп берди, бир
нерсе кылса эле сабап-
тепкилегенге даяр турушту.
Улам-улам артын кылчактай
караган Диана сыгылып кирип
жаткан элдерден киргенге
мүмкүнчүлүк ала албай улам
кийинки вагонго чуркап жүрүп
отурду. Вагондорго кирип да
чыгып да түртүшүп аткан элдер
көп. Аларга аралашып сыгылып
киргенче кармалып калчудай.
Айланасына карай, тээ алыс жерде
турган таксилерди көрдү. Дароо
чуркап барды да ичине отуруп
алды.
- Каякка айдайын?
- Универмаг, ЦУМ, - оозунан бул
сөз кандайча чыгып кеткенин өзү
да билбей калды.
Машине от ала ордунан козголду.
Артынан кууп келаткан эч ким
жокбу дегендей айнектен улам-
улам арт жагын карап кетип
бартты. Кууп келаткан шектүү эч
нерсе жок экенин билгенде гана
"өх" деп жеңилдене түштү.
- ЦУМдун кайсынысына барасыз,
бул жакта эки-үчөө?
- Мейли кайсынысына болсун, -
"акча сураса кантип төлөйм, эме
деп жооп берем?" деп ичинен
бушайман боло кетип баратты.
Такси бир көчөгө бурулуп келип
токтоду.
- Келдик ЦУМга сизден элүү сум?
Диана эмне деп жооп берээрин
билбей, төштөрүн көрсөтө,
көйнөгүн айрып, мойнун каната
тытып жиберди да кыйкырып
кирди.
- Мени азыр жөн коё бербесең
"зордуктаганы жатат" деп элдерди,
милицияларды жардамга чакырам!
- анын мойну баштары канап
жүргөн болчу. Жоош, сулуу кыздын
күтүлбөгөн жерден ажаан,
агрессивдүү болуп чыкканына
таңгала жалдырай карап турган
таксист эмне дээрин билбей
калды.
- Оо эл-журт жардам, бул мени
зордуктаганы жатат! - деп жаңы
эле акырын кыйкыра баштаганда
таксист машинесин шашыла от
алдырды да дароо ал жерден
оолак болгонго ашыкты.
Өзүнүн ойлоп тапкан амалына,
жосунсуз жоругуна Диана күлкүсү
келип, жин даарыган немече
көчөдөгү элдерди көзгө илбей
каткырып күлүп жатты.
КӨЗ ИРМЕМДИК ЭЛЕС
"Аны каякка алып кетиши мүмкүн,
же Кыргызстан тарапка алып
кетиштиби, же ушул эле
Ташкенттин ичиндеби? Эгер
Кыргызстанга алып кетсе аны
кантип табам? Же дарегин
билбесем. Ооруканада жатканда
дарегин тактап сурап алганда
болмок экен. Улуту кыргыз болсо
кандайча биякта жүрөт, кандайча
жер алдына түшүп калды, мынча
көп акчаны кайдан алды. Аны эмне
себептен ооруканадан уурдап
кетишти, же чын эле ал кандайдыр
мафиянын ичине кирип кеткенби?
Канткенде аны табам?" Диананы
капысынан таап, кайра капысынан
жоготуп жибергенине ичи ачышкан
Ибрагим бардык ишин токтотуп,
калаа ичинен Диананы издөө
менен эле алек болуп калды.
Жеңил машинесине отуруп алып
эртеден кечке шаар ичин
кыдырып, шектүү нерсе көрүнө
калса эле атайылап токтоп
жакшылап карап, жедеп үмүтү
үзүлгөндө кайрадан издеп жөнөйт.
Дээрлик бир жума бою шаарды
чарк айланып чыкты, дегеле
шектүү эч нерсе таба алган жок.
Жердин жети кабат түбүнө кирип
кеткендей эле болду. Окшош
кыздарды көрсө машинесин дароо
токтото артынан кууп жетип барат,
караса эле башка, жанган үмүтү
кайра өчүп, шаабайы сууп,
машинесие кайра келет. "Аны
өлтүрүп коюшу мүмкүнбү уурдап
кетишкендер? Ооба, жер
алдындагы люкка ыргытып,
сыртынан атайылап бекитип, өлсүн
деп камап таштагандан кийин
экинчи жолу өлтүрүп коюулары да
мүмкүн. Же ага жолукпай, көрбөй
эле койгондо эмне мынчалык
переживайт этпейт болчумун. Эми
аны кайдан табам?" Ибрагим
машинесинде кетип баратып,
дайыма өзү менен өзү сүйлөшө
ушуларды ойлоп, өзүнчө сары-
санаага батат.
Бүгүн да адетиче өзү менен өзү
сүйлөшө көчөдө кетип бара
жаткан. Кокусунан Борбордук
Универсалдык дүкөндүн жанынан
Дианага окшош кызды көрүп
калды. Аз жерден астында бара
жаткан машинени сүзүп ала
жаздады. Дароо жол четине
токтоого мүмкүн эмес болчу. "Бул
жерге токтоого болбойт" деген
белги илинип турган, анын үстүнө
өчөшкөндөй өзүнөн анча алыс
эмес жерде МАИ кызматкерлери
да турушкан болчу. Кызыл чет
элдик машиненин аз жерден
алдыңкы машинелерди сүзүп ала
таштаганын көрүшүп, таяктарын
көтөрүп токтотушту. Инспектор
жигит келип машиненин ичине
үңүлдү.
- Сен эмне ичип алдың беле?
- Жок.
- Анан эмне машинеңди ары-бери
бултактатып атасың же айдаганды
билбейсиңби? Документтериңди
көрсөтчү?
Ибрагим болгон бүт документтерин
көрсөттү, баары жайында болчу.
- Үйлөчү бул жакка?, - МАИ
инспектору түтүктү көрсөттү эле
Ибрагим үйлөп берди. Эч кандай
шек жок болгондуктан акыры аны
коё беришти.
Ибрагимдин эс-дартынын баары
эле Борбордук Универсалдык
дүкөндүн жанында турган кыз
болчу. Машинесин ары жакка
айдап барып токтотту да ичинен
атып чыгып, алиги кыз турган
жерге жүгүрүп жөнөдү. Жетип
барып эле алиги кызды таппай
калды. Ары чуркады, бери чуркады
ошол тегеректе жүрүшкөн
адамдарда сураштырды, баардыгы
эле көрбөгөндөрүн айтышууда. Көп
кабаттуу дүкөндү беш-алты жолу
тегеренип чыкты. Жедеп издеп-
издеп чарчап, үмүтү үзүлгөн соң
ары жакта турган отургучка отура
кетти. "Дианабы же башкабы?
Точно эле Диананы көргөндөй
болбодум беле же жаңылыш көрүп
калдымбы, же кимдир бирөөнү ага
окшоштуруп алдымбы?
Өчөшкөндөй тиги гаишниктердин
дагы кедерги болуп калганын
карабайсыңбы. Демейде
нарушение кылсаң көрбөй,
байкабай калышат, бул жолкусунда
карасаң как будто атайылап
жасагандай" , - ал өзү менен өзү
сүйлөшүп кимдир бирөөлөргө
жинденип атты. Дианага окшош
кыздар көрүнө калса жүрөгү "болк"
эте ордунан атып тура, башка
экенин көргөндө кайра ордуна
шалдайып отура калат. Ал Дианага
окшош кызды көргөн жерден
кеткиси келбей бир топко отура
берди. "Чын эле көрдүмбү аны, же
көзүмө голюцинация болуп көрүнүп
кеттиби? Аны көп ойлогондуку го
дейм. Эми көчөдөгү кыздардын
баары эле ошого окшошо бериши
мүмкүн", - ал ордунан шалдырай
туруп ары жакта турган машиесине
жөнөдү. Шашып атып туура эмес
жерге токтотуп алыптыр. Алиги
МАИ инспектору да аы күтүп
туруптур. Тыюу салынган жерге
токтоткон үчүн айып төлөттү.
Катуу шашкалактагандыкыбы
машинеси да ачык таштап
кетиптир.
Жолу болбой жатканына
нааразылана машинеси от
алдырды да кайра үйүн карай
айдап жөнөдү. Бул мезгилде Диана
Борбордук Универсалдык дүкөндөн
алыстап, троллейбуста кетип
бараткан. Ибрагим көргөн кыз чын
эле Диана болчу.
"АҢГЕКТЕН КАЧСАҢ ДӨҢГӨККӨ"
"Мен сезгем ушундай болорун,
темир жол вокзалына бара
жатканда эле жолумдун болбосуна
кандайдыр предчувствия болуп
аткан менде. Кыргызстанга
кеткенге кандайча жол тапсам
болот? Жанымда акчам болсо
проблема болбойт эле, жер
астында бир баштык акча көтөрүп
жүрүп, жер үстүнө чыкканда
чөнтөгүмдө бир сом акча жок
калганын карасаң. Болгондо да
сом, сум, рубль, доллар баары
аралаш түрдүү акчаларды алып
жүрдүм эле миллионер болуп, азыр
карасаң кайрадан таз кейпиме
түштүм. Ал акчалар азыр кайсыл
жерге катылганын да билбейм,
эсимди жоготуп койгонумду
карабайсыңбы, болбосо түн ичинде
барып ошол жер алдына кайра
кирип акчаларымды таап алат
элем… Темир жол вокзалынан,
поезддер менен кетүү үмүтүмдү
таш капты, ал жакты тигилер
мурдагыдан да сак болуп кайтарып
калышат. Эми эмне кылсам?
Автобустар жүрчү автовокзалга
барып көрөйүн. Балким айдоочу
менен тил табышып калаармын,
ортого туруп алсам дагы эптеп
кетиш керек. Болбосо бул жакта
баскан-турганымдын баары, ар бир
кадамым кыйын болуп калды" -
Диана өзү менен өзү сүйлөшө эми
автовокзал тарапка барып көрүүнү
чечти. Анын дагы бир үмүтү ошол
жак болчу. Жолдон автовокзал
каякта экенин, кайсыл автобус
бараарын сурап билип алды да жөө
жөнөдү. Анткени ал анча деле алыс
эмес, болгону үч аялдама басып
өтүү керек экен. Көчөдө бараткан
милиция формасын кийгендерди
же милиция машинасын көрсө эле
тетири бурулуп, качан алар өтүп
кетишкенде гана андан ары
басыгын улантып жатты. Көчөдөгү
кишилер түгүл милициялардын
өздөрүнө да ишенбей калган
болчу. Улам жолдо кетип
бараткандардан автовокзалды
сурап коюп жүрүп отурду.
- Тээтигил бурулушка жетип оң
жакка бурулсаңыз эле так бет
маңдайыңызда автовокзал көрүнүп
турат.
- Ырахмат.
Алиги улгайган киши айткандай эле
көчөнүн бурчуна жетип, оң жакка
бурулганда заңгыраган бийик
мунараны көрдү. Алыс жакка кетчү
чоң автобустардын бири кирсе,
бири чыгып айтор ал жакта
кыймыл көп экен. Ошонусуна
жараша элдер да көп жүрөт.
Микрофондо алыска кете турган
автобустардын убактысын айткан
аялдын үнү жаңырып жатты.
Убакыт түшкө жакындап,
акырындап күн да катуу ысып
чыкты. "Ташкен жак аябай ысык
болот деп бекеринен айтышпайт
экен да. Карачы күн кандай гана
ысып чыкты. Баса тигил жактан
саунадан качып чыккандан бери
канча күн өтүп кеткенин да билбей
калдым. Июль айынын башында
келген болчумун бул жакка, азыр
кайсыл число болду экен?". Жолдо
өтүп бараткандардан сурай кетти.
- Кечирип коюңуз, бүгүн кайсы
число?
- Он беши.
- Он бешичи июлбу?
- Сиз эмне асмандан түштүңүз
беле, он бешинчи август да…, -
тиги киши таңгала Диананы карап
коюп кетип калды. "Ой тобоо,
качып чыккандан бери чын эле бир
жарым ай өтүп кеттиби. Карачы
убакыттын кандай гана зуулдап
өтүп жатканын, как будто кечээ эле
качып чыккандай болдум эле. Ушул
аралык ичинде эмне деген гана
азап-тозокторду башымдан
өткөрбөдүм. Эми алдыда дагы
кандай азап-тозоктор күтүп турат
бир Кудайым өзү гана билет… Анын
оюн катуу бараткан машиненин
"чыйк" эткен добушу бузду. Чет
элдик машине алдыга өтүп барып
токтоду да кайра артка Диананы
көздөй айдады. Ичинен кара көз
айнек тагынышкан эки адам чыга
калганда алардын ким экенин
билбей эле дароо артка бурула
качып жөнөдү. Чуркаганга бут
кийими тоскоолдук кылганынан
чечип колуна кармап алды да,
болгон күчү менен тызылдап
чуркап баратты. Машинеден
чыгышкан эки адам анын артынан
кошо чуркашты. Алиги кара
машине кууп келип алдын тороду
эле аны аз жерден сүзүп ала
жаздап айлана качты. Мынчалык
катуу чуркай алчу эмес эле
килейген эки эркекке жеткирбей
тызылдап чуркап баратканына өзү
да таңгалык жатты. Машине жүрчү
жолдон таптакыр эле алыстап,
бактуу тарапка өтүп, өзүнөн анча
алыс эмес турган тепкич менен
жер алдындагы метрого чуркап
кирип кетти. Ачык турган чоң
айнектүү дүкөн
- Чөнү көрүп, ичие кире качты да
дүкөнчү кыз турган жакка суроо-
сопкутсуз, эле өтүп кетти. Кызга
унчукпа дегендей белги бери,
жыгач текчелердин артына
жашына калды. Мындай
күтүлбөгөндүккө дүкөнчү кыз эмне
иштээрин билбей калды. Көп өтпөй
эле артынан көз айнек
тагынышкан далдайган эки адам
чуркап кирип келишкенде кыздын
көздөрү коркконунан бакырая
түштү.
- Бул жерден жылаңайлакчан, чачы
кыска болуп кыркылган кыздын
чуркап өткөнүн көргөн жоксузбу?
- Көрдүм…
Текченин артында жашынып турган
Диананын жүрөгү "болк" эте
алкымына тыгыла түштү. Азыр
"мынакей" деп өзүн көрсөтөт деп
турган.
- Ооба көрдүм, ал тээтигил жакка
чуркап кеткендей болду. Балким
тигил электричкага түшүп да
кеттиби жакшы байкабай калдым.
Алиги экөөнүн бирөөсү кызды
шектүү тиктеп бир аз турду да
экинчисин ээрчий кайра сыртка
чыгып кетти. Он, он беш мүнөттөн
кийин дүкөнчү кыз Диананын
жанына келди.
- Сыягы алар кетишти окшойт Сиз
ким болосуз, алар сизди эмнеге
кууп жүрүшөт? Сүрлөрү да
коркунучтуу экен, тим эле жүрөгүм
түшүп калды.
- Ох, менин да жүрөгүм түшүп
калды, болгон акчаларымды тоноп
алышып, өзүмдү да өлтүрүп
коюшарда араң качып кутулуп
чыктым.
- Милицияга телефон чалайынбы?
- Жок кереги жок, ого бетер ызы-
чуу болуп кетет.
- Сиз казачкасызбы?
- Жок кыргызмын. Дагы бир
жарым сааттай ушул жерде отуруп
турайынчы былк этпей. Эч нерсеңе
тийбейм, тигилер таптакыр эле бул
жерден кетип калышсын андан
кийин өзүм чыгам.
Дүкөнчү кыз тигиге ишенип,
ишенбей карап турду да акырын
макул болгондой башын ийкеп
койду.
- Болуптур, только эч нерсеге
тийбе, мени да алаксытпа, өзүм
айтам "чык" деп…, - ал ары
жактагы дүкөнгө кирген адамдар
менен соодалашып калды.
"Кызык, булар кимдер болду экен,
Бишкектиктерби же акча чыгарган
контрабанданын адамдарыбы, же
болбосо жөн эле алардан коркуп
качтымбы? Эгер алар жөн эле
кишилер болсо мени мынчалык
куушпайт эле да. Мени
тааныгандыктан артымдан куушту,
атүгүл жөн куушпай машиелери
менен алдымды тооруп
куушпадыбы. Эми эмне айла
кылам, көчөдөгү экинчи адам эле
мени таанып калганбы?…"
- Болду эми, чыга берсең болот,
сыртка чыгып ары-бери жакка көз
жүгүртүп келдим, шектүү эч нерсе
байкалбайт…, - дүкөнчү кыз
Диананын оюн буза жакын басып
келди. Ал өзү курдуу эле
кыздардан экени жүзүнөн билинип
турду. "Дагы бир аз отуруп
турганда болот эле, мейли эми
ушунусуна да Кудайга шүгүр дейин.
Бул болбосо тигилердин колдоруна
түшүп калмакмын эбакта". Диана
ордунан туруп, эч нерсеңе тийген
жокмун дегендей чөнтөктөрүн,
колдорун көрсөттү да ырахматын
айта акырын сыртка чыгып
жөнөдү. Өткөн жолу таксисттерден
кутулуу үчүн айрып алган
көйнөгүнүн төшүн ийне менен
жамап алганга ийне-жип сурайын
деп бир азга аярлай карады да,
кайра уялып, тартынып койду.
Акырын метронун кууш көчөсүнө
чыкты. Тээ алыста келаткан
электричканы көрүп, ошого
түшкөнү күтүп калды. Электричка
ылдамдыгын азайтып жаңы эле
токтой бергенде күтүлбөгөн жерден
карылуу адамдардын колдору
Диананы колтуктай кармап
калышты да кыйкырганга
үлгүртпөй ары көздөй алып
кетишти. Бул мезгилде бардыгын
өз көзү менен көргөн алиги
дүкөнчү кыз телефон менен
милицияга кабарлап жаткан болчу.
КАЙРАДАН КАПАСТА
- Алып келгилечи ал кызды, кандай
экенин көрөйүн, - төрдөгү диван
креслодо чалкалай отурган чачын
тасырайта алдырып салган,
муруттары узун, өңү кадимки
Тарас Бульванын кейпин
элестеткен толмочунан келген,
жашы элүүдөн өтүп калган киши
жанындагыларга буйра сүйлөдү.
Экөөсү чуркап барып, эки колу
артына катуу таңылган, оозу скотч
менен чапталган Диананы алып
келишти. Ал аны башынан баштап
бутуна чейин сынай карап
мыйыгынан жылмайып койду,
жанындагыларга оозундагы
скочтту чеч дегендей белги берди
эле Диананын оозундагысын
сыйрып салышты.
- Сулуу кыз экен го, бул жакка
кайдан адашып келип калдың?
Диана эмне деп жооп берээрин,
булар кимдер экенин биле албай
жатты. Баарынын эле өңдөрү
бейтааныш, бирин дагы тааныбайт
экен. "Булар кимдер болду экен,
Бишкектик аялдар түрмөсүнүн
кишилериби же акча
чыгаргандарбы, же болбосо
таптакыр эле башкаларбы? …"
- Эмне унчукпай калдың,
Кыргызстандан кандайча адашып
келип калдың бул жакка деп сурап
жатам. Деги сен өзүң кимсиң?
"Кайдан адашып келдиң?" - деп
сурап жаткандарына караганда
булар… кишилери эмес экен. Слава
богу, алар болсо мени жөн гана
өлтүрүп туруп, өлүгүмдү кислотага
салып ээритип жиберишмек.
- Кана ошол кыз бекенби,
көрөйүнчү… - сырттан дагы бир
далдайган киши кирип келди эле
Диана аны дароо эле тааныды.
Акча чыгарган жашыруун цехтен
кокусунан кармалып калганда
Диананы дал ушул киши кайтарып
калган болчу. Ажааткананын
жанынан дал эле ушуну темир
түтүк менен башка чаап эсин
оодарып, анан качып кеткен.
Булардын кимдер экенин дароо
эле боолгоду. "Демек акча чыгарып
жүрүшкөн бандалардын группасы
турбайбы…" Тиги киши Диананын
так эле маңдайына келип, атып
жиберчүдөй теше тиктеди.
- Кана сулуу кыз, качып баары бир
эч жакка кете албаптырсың го.
Боор ооруса боорго тептиң эле,
эми боор ооруган кандай экенин
көрсөтөйүн, - ал ызырына
Диананы оң колу менен моюнунан
аткый кармап туруп тапатак өйдө
көтөрдү. Диана дем ала албай
мууна көзүнөн жаш атып, асылып
турган буттарын тыбыратып
жиберди. Көзүнөн аккан жашка
айланасы көрүнбөй жер заматта
айлан-көчөк болуп кетти.
- Болду жетишет, түшүр, бөөдө аны
өлтүрүп аласың. Алчу өчүң болсо
шашпай аласың, андан көрө бир
нерсени тактап алалы, коё бер
аны!
Ачуусу башына чыга, кызга аябай
жинденип калган неме аны дагы
бир топко кармап туруп анан коё
берди. Диана өзүн кармана албай
жерге кулап түшүп бир топтон кийи
араң оңолуп, эсине келди. Анын
колун чечип коюшуптур. Ары
жактан дагы эки-үчөөсү келип
буларга кошулуптур. Диананы
төрдөгү диванга жетелеп барып
отургузушту. Алиги киши кайрадан
суракка ала баштады.
- Мейли, каяктан келгениңди,
кандайча биздин жашыруун цехке
түшүп калганыңды сурабай эле
коёлу. Ал неважно, андан көрө
айтчы жанагынча акчаларды кайда
алып кеттиң да каяк жактан чыгып
кеттиң. Жер алды менен темир
түтүк аркылуу чыгып кетти дейин
десең ал жак менен атүгүл сойлоп
өткөнгө да мүмкүн эмес экен,
келемиштер араң өтүшөт. Каяктан
келдиң да каяктан кеттиң бизди
ошол кызыктырат. Экинчи суроо
алып кетке акчалар азыр каякта?
Диана буларга эмне деп жооп
кайтарарын билбей турду. Чынын
айтканда булар акчаларды издеп
жүрүп баары бир таап алышмак
жер алдындагы люктардан. Калп
айтса ишенишпеши да мүмкүн.
- Бизден сен коркпой, чочуркабай
эле кой. Эгер чыныңды айтсаң,
акчаларды кайра кайрып берсең
биз сени өзүбүзгө кошуп алабыз.
Арабызда биз менен кошо
сайрандап жүрө бересиң.
Келечегиң жакшы, сонун жашоо
болот. Душмандардан биз өзүбүз
сени кайтарып жүрөбүз. Өзүң дагы
татынакай сулуу кыз экенсиң бизге
керексиң.Баары бир бизден бошоп
кете албайсың. Өзүң выбирайт эт,
келечегиңди. Чыныңды айтсаң
бизге кошуласың, калп айтып
жашырам десең…, анда өлтүрүп
сөөгүңдү кислотага салып
жиберебиз. Ойлон жакшылап, же
өлүм, же жакшы жашоо, выбирай.
- Чынымды айтсам… өткөн жолу
да айткам, дагы айтам,
шефиңердин машинесине
жармашып келгем, кайра ошол
эшик аркылуу эле чыгып кеткем…
- Андай болушу мүмкүн эмес,
биринчиден сырт жак катуу
кайтарууга алынган. Экинчиден
короодогу чоочун кишилерди
жутчудай болгон иттер сени сыртка
чыкканга мүмкүнчүлүк беришпейт
болчу. Калп айтып жатасың, бизди
акча кызыктырат. Аларды каякка
алып барып жашырдың?
- Мен ал жактан эч кандай акча
алган эмесмин, өзүңөрдүн эле
кишиңер алып коюп мага бардык
күнөөнү оодарып жатышат…
Алиги муунткан киши ачуулана
Диананы көздөй обдулуп
баратканда суракка алып жатканы
токтотуп койду. Анан Диананын
жанына келип тизесине акырын
колун коюп, жүзүнө тике карады.
- Мен сага эскертип айттым, дагы
бир жолу эскертем. Же жакшы
турмушта жашайсың, же тиги
дүйнөгө кетесиң. Өзүң деле
жакшылап ойлонуп көрсөң, эгер
бул жактан өлүп калсаң алиги
жашырып койгон акчаларыңдын
кимге кереги бар ыя, ошол
жашырылган боюнча калат. Анан
кандайдыр бир мезгил өткөндөн
кийин сенин сөөгүң жер алдында
эбакта чирип жоголгондо кимдир
бирөө таап алат. Алардын убайын
анан ошолор көрүшөт.
- Чынымды айтып жатам мен
акчаларга тийген эмесмин, аларды
өзүңөрдүн эле кишиңер алып
койду. Өз ара жакшылап
"разборка" кылсаңар өзүнөн-өзү
чыга келет…
- Калп!, - алиги кызды муунта
кармап көтөргөн киши кыйкырып
чыга келди, бул деген калп айтып
жатат эгер мен алган болсом… мен
алган болсом, аны каякка
жашырмак элем. Силер бат эле
таап алмаксыңар…
- Чынымды айтсам бул өзү сыртка
чыгарып жиберген мени, - Диана
анын сөзүн бөлө сүйлөдү, - демек
ошол акчаларды алыш үчүн мени
коё берген турбайбы эми
түшүндүм…, бардыгын мага
шылтап жатканын карачы. Эгерде
менде акча болсо момундай айрык
көйнөк кийип жүрбөйт элем да,
карагылачы, эптеп өлбө жаным
өлбө деп өз жергеме кеткенге жол
кире таба албай көрүнгөндөн Кудай
сурап жүрөм. Эгер ошончо акчаны
алганда көчөдөн эки эсе төлөп
такси жалдасам да эбакта көздөн
кайым болбойт белем бул жактан.
Акчанын жоктугунан ушитип
темселеп жүрөм да кеталбай.
- Бас жаагыңды айбан!, - алиги
киши одураңдай Дианага жулунду
эле беркилер аны кармап
калышты. Төрдөгү суракка алып
жаткан киши ачуулана сүйлөдү.
- Болуптур, еще разберемся,
экөөнү тең камап салгыла!
Эки адам Диананы ары көздөй
жетелеп кетти да үстүндө кичине
тор капкагы бар жер төлөгө
кийирип, үстүнөн капкакты
кулпулап салышты. Төмөн жакка
темир шаты менен түшөт экен.
Бийиктиги төрт метрдей келген
төрт бурчтуу бетондолгон
бөлмөчөгө Диана төмөн карай
түшүп келди. Бул байыркы
кылмышкерлерди кармоочу ордон
эч айырмасы жок болчу.
"Мына сага тамаша, тигилерден
жаңы эле кутулуп мындай боло
электе экинчилерине тутулдум. Оо
Кудайым, мени эмне мынча азапка
салып атасың, же пешенеме
ушундай жазып койдуңбу менин.
Ушинтип өмүр бою эле азап-
тозоктор менен жүрө беремби? Бул
жакка башка дүйнөдөн келгендей
баарына чоочунмун, баарына
жатмын. Мага жардам берген
кимдир бирөөлөр чыгабы, же эч
кимге дайыным чыкпай эле
ушинтип билинбей атып тиги
дүйнөгө кетип каламбы? Азыр меи
ойлогон, эстеген эч ким жок болуш
керек, жападан жалгыз ушинтип
азап тартып отурам. Бирок кантип
эле эстебесин, башкалар
эстешпесе да атам менен апам
эстешет болуш керек. Мен өзүм
келесоолук кылдым. Көчөдө эркин
жүргөндө эмне себептен кат жазып
почто аркылуу жөнөтүп
жибербедим экен үйгө. Бишкектеги
жашыруун аялдардын түрмөсү
жөнүндө толугу менен бүтүндөй
баяндап жазып, эмне үчүн
жөнөтпөдүм. Катымды алар
алышса, окушса, милицияга алып
барып көрсөтүшүп тиги кутуруп
жүргөндөрдү, Исабеков Маратты
баш кылып быт-чытын чыгарышат
эле го. Дайынымды айтып өзүм
жөнүндө да кабар бергенде
болмок. Ушуга неге башым
жетпеди. Эмне эки барак кагаз,
ручка, жок дегенде карандаш таба
албадымбы? Адрести толук жазып
конверт аркылуу жөнөтүп
жиберсем катым акыры үйгө
жетмек да. Жок дегенде тиги
түрмөнүн айланасында
жашагандардын баардыгын
кармашат эле го. Байкуш жаш
кыздардын эсебинен алар кандай
гана байып жатышат. Аны
жергиликтүү бийлик тургай түрмөгө
жакын жашаган адамдар да
билишпейт. "Кыңыр иш кырк
жылда" дегендей эртели кеч
билинээр алардын кылыктары.
Мен сыяктуу бирөөсү качып чыкса
эле дароо маалым болот болчу.
Бирок тигилер улам байыган сайын
"байлык пайгамбарды да жолдон
чыгарыптыр" дегендей акча менен
бийлик өкүлдөрүн сатып алып,
алардын мафиясы кулач жайып
кетиши да мүмкүн. Баса, аларды
эмне ойлоп жатам бул жерде,
андан көрө булар жөнүндө
ойлонбоймбу. Чын эле булар акча
чыгарган аппараттарды,
кагаздарды, боёкторду кайдан
алышат болду экен. Булардыкы
жалган акча экенин экспертизадан
текшерип көрүшпөйбү? Же чын эле
булар акчаларды чыныгы дал
өзүндөй кылып чыгарышабы? ..
Бир кезде Диана ичин басып башы
тегерене бөк түшө отуруп калды,
ооруканадан чыкканы оозуна наар
ала элек экен. Өзүнөн үч-төрт
метр өйдө жактагы темир менен
тордолгон капкакты карады. Эч
бир кыбыр эткен жан көрүнбөйт
өйдө жакта. "Эх чиркин шам-шум
эткенге бир нерсе болсо кандай
жакшы болот эле. Ашказаным
оорутуп, ичим курулдап, от менен
жалын боло кайрып баратат. Өйдө
чыгып нан сурасамбы? Кайра нан
бербей табалап, ого бетер
мазакташсачы. Балким алардын
чырагына май тамызып алып
жүрбөйүн. Эртеңкиге чейин чыдай
турайынчы анан башка салганды
көрөрмүн" .
Бул жер төлөнүн таманы да сыз,
бир сутка жылаңайлак бул жерде
турса Диана сөзсүз ооруп калмак,
анткени буттары какшатып оорута
баштаган болчу. Чыдай албай
кетип темир шаты менен өйдө
көтөрүлүп барды да кыйкыра
баштады.
- Э-ээй ким бар ары жакта!
Тээ бир топтон кийи уйкусураган
топтомолок, бою кичине, кадимки
мультфильмдеги Карлсонго окшош
киши келди.
- Эмне кыйкырасың, эмне керек
сага?
- Таманыма сыз өтүп кетти, таң
аткача чыдай албайм бул жерде,
бут кийимимди бергиле дагы,
алдыма төшөгөнгө бир нерсе
бергиле. Болбосо өлүп калышым
мүмкүн. Бул таманы бетон, сыз
жерге бир мүнөт дагы чыдай
албайм, мени деген кыз деп коёт.
Мусулманбыз го кичине мени да
аяп койсоңор. Силер гестапо же
фащист эмессиңер да, силердин
деле мендей карындашыңар
бардыр?
- Аны мен чече албайм, шеф
уруксат бербесечи?
- Менин сунушумду айт, астыма
төшөгөндөй бир нерсе алып келип
берсин, курсак ачты тамак да
керек, бол шефиңе айтып бар
ушуларды…
- Жок болбойт.
- Анда көйнөктөрүмдү айрып туруп
сен уктап жатканда алдагы темир
торчого асынып өлөм, мен
мындайга чыдай албайм.
- Болуптур, мен азыр келем, -
алиги бою жапыз томолок киши
бир жакка чыгып кетти да көп
өтпөй эле өзүн суракка алган
кишини ээрчитип кайра келди.
- Сенин сунушуңду уктум. Болуптур
айтканыңды орундаталы, бирок
жакшылап ойлон эртеөкиге чейин,
качып деги эч жакка бара
албайсың.
Сенде эки гана выбор бар же
бейиштин же тозоктун жашоосу,
баары өзүңдүн колуңда, - ал арт
жагысына төмөн жакты көрсөтө
башын ийкеп койду эле тиги дароо
ары жактан колбаса, жумуртка, нан,
суусундук алып келип бери,
Диананын колуна карматты. Анан
капкакты ачып калың олпоктуу
матрац таштады. Диананын ар бир
кыймылына кунт коё сынай карап
турушту да кайра тор капкакты
жаап сыртынан кулпулап салышты.
Өз ара сүйлөшүшүп бир аз
турушкан соң ары көздөй басып
кетип калышты. Диана шашпай
матрацтын үстүнө отура
алдындагы тамакты сагылактык
менен апылдатып жеп кирди.
Эмнегедир үстү жагы тыптынч
болуп турду. Тамагын жеп бүтүп,
калгандарын курсак ачканда
жээрмин дегендей ары жактагы
бурчка жыйнап коюп койду.
Матрацты узунунан сала
чалкасынан жата кетти. Эки колун
желкесине ала тээ бала кезде
көргөн "Кавказская пленница"
деген орустардын киносун эстеп,
өзүн ошондогу Нина деген кызга
салыштырып койду. "Ал мендей
эмес кыйын кыз, бирок анын
Шурик деген колдоочу жигити бар
болчу да, менин колдогон кимим
бар, мени өлтүрүп салышса да эч
кимдин иши жок. Баса, булар мени
эмне кылышат болду экен,
акчанын кайсыл жерде экенин
айтып койсом аны тапкандан
кийин мени жөндөн жөн эле коё
беришпейт да. Өздөрү айткандай
көзүмдү тазалашып, өлтүрүп туруп,
өлүгүмдү кислотага салып, ээритип
жиберишет. Чындыгында мен алар
үчүн лишний адаммын. Башка
бирөөлөргө айтып коюшу мүмкүн
деп ишенишпейт. Айтсам да
өлтүрүшөт, айтпасам да өлтүрүшөт,
андан көрө убакытты созуп дагы
кармайын, балким Кудайым колдоп
качып чыкканга мүмкүнчүлүк болуп
калаар… Диана матрацтын үстүндө
ойлонуп жаткан боюнча көзү
илинип кетти.
АЛГАЧКЫ КЫРСЫК
Ооба, бул Ибрагимдин өмүрүндөгү
экинчи болгон катуу соккусу эле.
Айылдан келип милиция мектебине
тапшырып, аны жаңы эле
ийгиликтүү аяктаган жылдары
болчу. Лейтенант деген наам алып,
бирок өзүнүн кесиби боюнча ишке
орношо элек мезгил эле. Өзүнүн
районуна жолдомо бери бирок
окуусун бүтө элек кызына карап
Ташкентте калып калган. Кызынын
аты Мэхра, ал дагы окуусун бир
жылдан кийин бүтмөк. Ал бүтөөрү
менен экөө үйлөнүп, анан өзүнүн
районуна кетмек. Калаада ички
иштер бөлүмүндө өзүнө ылайыктуу
иш табылбагандыктан таптакыр
эле башка жумушта иштеп жүрдү.
Шаар ичиндеги жер алды менен
кетчү суу түтүктөрүн оңдоочу
техник болуп ишке орношту.
Адегенде үйрөнчүк болуп, бара-
бара анын үч айлыгын окуп
"сантехник" деген күбөлүк алды.
Кызы кандай окууну бүтсө дароо
үйлөнүшүп ошондой өз районуна
кетишмек. Жайдын саратан
мезгили, Мэхра окуусун жаңы эле
аяктап, группалаштар, достор
болуп дипломун майлап, экөө
ресторандан чыгып жаңы эле
келатышкан. Мэхра Ибрагимге
караганда кичине кызуураак болчу.
Жатаканасына чейин дагы бир
далай жол басуу керек эле.
Ибрагим эки жолу такси кармаса
Мэхра түшпөй койду "жөө эле
басалычы, балким экөөбүз бул
жерден мындай чогуу
баспастырбыз" деп. Чын эле анын
айтканындай эле болду. Жөө
сүйлөшүп кетип баратышкан.
Мэхра кызуулугу менен ага
эркелеп алдыга чуркап кетип кайра
токтой калып, чуркап келип
Ибрагимдин мойнуна асылып,
өзүнчө эле бактылуу болуп
келатты. Анан эле…
Бурчтан чыга калып ушунчалык
ылдамдык менен келаткан машине
жол четие чыга калган Мэхраны
уруп кетти. Урганда да ушунчалык
катуу урду. Анын кыйкырганга да
качканга да чамасы келген жок,
катуу урган машиненин алдыңкы
айнеги быркырана, кан чачырай,
кыз кадимкидей көтөрүлүп барып
түштү жерге. Көз ачып-жумганча
эмне болуп кеткенин түшүнбөй
калган Ибрагим кандайдыр бир
секундчалык убакытка дендароо
болуп туруп калды. Анан эсине
келе эки-үч аттам менен жерде
кыймылсыз жаткан сүйгөн кызына
жетип барып, тирүү бекенби
дегендей башынан өйдө көтөрдү.
Заматта бети-башы жарылып, кан
агып өңү таанылбай кетиптир.
Тирүүлүктүн эч кандай белгиси
жок. "Мэхра! " деп катуу бир
кыйкырып алды. Жүрөгү мыжыга
аны кучактаган боюнча көздөрүнөн
жаш куюла баштады. Өчөшкөндөй
ошол маалда жаа да жаап кирди.
- Эмне болуптур, кыз өлүптүрбү?
- Ие ким билет, жанында бир жигит
турат…
- Турчу мындай, тирүү бекенби
көрөлүчү? - далдайган бирөөсү
келип Ибрагимди ары түртө
кыздын жүзүнө үңүлдү. Оозунан
арактын жыты буруксуйт. Милиция
формасын кийип жүрүптүр,
кыздын колун кармап иши
бүтүптүр дегендей тигилерге карап
башын ийкеп койду. Ары жактагы
эки-үчөөсүнүн кийимдери да
милиция формасында экен. Алиги
далдайганы Ибрагимге карады.
- Кыскасы мындай "бээ көрдүңбү
жок, төө көрдүңбү жок" уктуңбу,
болбосо сен өзүң кесилип кетесиң.
Баары бир изибиздин баардыгын
бобул жаан жууп кетет. Кыскасы…
Ибрагим андан аркы сөзүн уккусу
келген жок, ордунан атып тура
калып аны муунтуп, экөө кармаша
кетишти. Ары жакта тургандар
жардамга келишип, тигини ортого
алып тепкилей башташты. Түн бир
оокум боло көчө кыймылы да аз,
анын үстүнө жаан да аябай катуу
төгүп келген болчу. Ибрагим
тигилердин төртөөбү-бешөөбү
жакшы эстей албай калды. Сыягы
бардыгы тең мас окшойт, болгон
күчтөрү менен тепкилеп жатышты.
Бир кезде бетке катуу тийген
өтүктүн изинен эсин жоготуп
койду.
Эсине келип көзүн ачса
ооруканада жатыптыр, кандайча
болуп биякка келгени, кимдер алып
келишкени белгисиз. Сыягы
кимдир бирөөлөр телефон менен
"тез жардамга" , "көчөдө эки адам
өлүп жатат" деп телефон менен
кабарласа керек. Ибрагимдин оң
жаагынан жаракат кетип, эки-үч
кабыргасы сынып, бетинен тамтык
калбай жарылып, шишип кетиптир.
Сол жак ийни да кыймылдатпай
оорууда. "Киши болот, болбойт"
деп атып араң оңолуптур. Бутунан
баштап башына чейин денеси бүт
ак бинт менен таңылган.
Кыймылдаганга дарманы жок
капельницада жатыптыр. Дароо
эле оюна Мэхра кетти. Сүйлөйүн
деп сүйлөй албай койду. Атүгүл
кыймылдаганга дарманы жок экен.
Ал туптуура бир айдан кийин
чыкты, Мэхранын кыркы болуп
жатканда барды. Милициялардын
ким экени ошол боюнча
аныкталбай калды. Окуянын
кайсыл мезгилде болгонун, кайсыл
жерде болгонун бир-эки милиция
келип сурап, кагазга түшүрүмүш
этип жүрдү, анан ошол боюнча
табылбай "тым-тым" эле болуп
калды. "Балким ошол келип
аткандар өздөрү болуш керек?" деп
ойлоп койду ичинен Ибрагим.
Бир жылдан берки планынын
баары күтүлбөгөн жерден бузулуп,
өмүрүндө биринчи жолу оор
жоготууга учурады. Анын эне-
атасы да айылында тойго
даярданышып күтүп жатышкан
болчу. Келин алып барар күндү да
айтып болжоп койгон.
Ошондон кийин милицияларды да
аябай жек көрүп, өзү да милицияда
иштегенден түбөлүк баш тарткан
болчу. Айылына да бара элегине
көп болгон. Ошол боюнча
сантехник болуп эле иштеп
келатка. Бир да кызды жактырып,
эч ким менен сүйлөшкөн эмес.
Далай эле кыздар артынан
чуркады, бирок эмнегедир
таптакыр Мэхраны унута албай
койду.
Мына, андан бери канча мезгил
арадан учка куштай зымырап өтүп
кетти. Ал Диананы бир көргөндө
эле Мэхрага окшоштурган. Люкту
ача салып чала жан араң дем алып,
үстүндө келемиштер чуркап
жүрүшкөн Мэхранын жүзүн көрө
коюп, өз көзүнө өзү ишенбей
жалдырай карап, туруп калган.
Чынында эле Мэхра менен
Диананын аябагандай
окшоштуктары бар болчу. Ортодон
бир канча жыл өткөндөн кийин
кайрадан Мэхрасына жолугуп
жатпайбы. Анын ооруканага күндө
келип жүргөн себеби да ушул
болчу. Ал үчүн бардыгына кайыл
боло эптеп эле анын өмүрүн сактап
калуу, көзүн айыктыруу өзүнүн
милдети деп эсептеген. Анан эле
күтүлбөгөн жерден кайра жоготуп
жиберип жатпайбы. Булуттан
чыккан айга окшоп бир жылт этип
көрүнүп, күтүлбөгөн жерден кайра
жок болуп кетиши Ибрагим үчүн
экинчи жолку катуу сокку болду.
Биринчи жолкусунда милициялар
аркылуу сокку жесе, экинчисинде
таптакыр эле тааныбаган
чүмбөтчөндөрдөн сокку жеди. "Оо
Кудайым, эми аны өлтүртө көрбө.
Аны жоготчу болсом билбейм эмне
болоорумду. Аны издеп тентип
кетишим мүмкүн. "Кандай болсо да
аы тапканга жардам бере көр" жин
даарыган немече басса-турса эле
ушуну сүйлөнүп өзүнчө жалгыздап
жүрдү.
ЧҮМБӨТЧӨНДӨР КАЙРАДАН
ООРУКАНАДА
Акырындап убакыт өткөн сайын
Диананын көзү ачыла,
айланасындагы кыймылдар,
караандар көрүнө баштады. ЭЖки
колун көзүнө жакындатып келип,
ары-бери кыймылдатып көрдү.
Кандайдыр бир сөлөкөттүн ары-
бери кыймылдап жатканын
байкады. "Оо Кудай, көзүм көрүп
кетсе экен" - ал айланасындагы
кыймылдарды көргөн сайын
көңүлү көтөрүлүп кубанып жүрдү.
Бирок анын кубанычы көпкө
созулган жок. Түн ортосунда
терезе аркылуу киришкен
чүмбөтчөн үч адам медсестра
аялды кайрадан таңып салышып,
ачыктан ачык эле пистолеттери
менен коркутушуп, ар бир
палатанын ичин кыдырып, кимдир
бирөөлөрдү издеп жүрүштү. Ар бир
палатага баш багышып "Эгер
палатадан чыксаңар эле атып
салабыз" - деп ар бирөөнө
эскертип жатышты. Коридорго
чыгып кеткен аял жанталаша
Диана жаткан палатага жүгүрүп
келди.
- Биринчи кабатта эмне болуп
жатканын билесиңерби, билбесеңер
угуп алгыла. Өткөн жолку
чүмбөтчөндөр кайра келишиптир.
Пистолеттери менен ачыктан ачык
эле коркутушуп, кимдир
бирөөлөрдү издеп жүрүшөт. Бир
аздан кийин үстүнкү кабатка
көтөрүлүшүп бизге да келет. Кимди
издеп жүрүшөт билбейм, өткөн
жолу бирөөсүн уурдап кетишти эле
эми дагы келишиптир, дегинкисин
сак болгула. Өткөн жолку
кыздардай болуп силерди да алып
кетип калышпасын. Аны укканда
Диана "селт" этип кетти
- Алар дагы келишиптирби?
- Ооба, өткөн жолу баары кызуу
уйкуда жатышканда түн ортосунда
келишти эле, бул жолкусунда да
түн ортосунда келишпедиби…
Диана эмне кылар айласын таппай
калды, бир жолун таппаса кармап
таап алып, өлтүрүп же алып кетиши
мүмкүн.
- Алар келишкенде былк этпегиле,
унчукпагыла, кирип баш багып
силерди бир сыйра көргө соң
кайра чыгып кетишет. Андан көрө
кроватыңарга жатып тургула. Эң
башкысы коркпогула,
чочулабагыла.
Бардыгы Диананы таңгала карап
калышты. Бир аздан кийин экинчи
кабатта адамдардын баскан
дабыштары чыгып, тигилердин
келатканы билинип турду. Диана
палатанын жарыгын өчүрүп,
терезеге чыгып кетти, анан терезе
пардону тартып койду. Көп өтпөй
эле палатанын эшиги ачылып
чүмбөтчөн эки караан кирип
келишти да уктамыш болуп
жаткандардын өңдөрүнө үңүлүп
карай башташты. Алардын
кобурашкан үндөрү кадимкидей
Диананын кулагынын түбүнөн эле
угулуп жатты.
- Жок бекенби?
- Сыягы бул палатада да жок
окшойт.
- Тигил кроват эмне бош?
- Билбейм.
- Ал кроват үч-төрт күндөн бери
эле бош, бир аял жаткан, ал
бошонуп чыгып кетти, - төрдөгү
кроватта жаткан алиги аял "күңк"
этти.
- Сенден сураган эч ким жок, жөн
жат көзүңдү жумуп…, - экөө
шашыла чыгып баратышып, аялга
эскертип өтүштү.
- Жан керек болсо былк этпей тынч
жат. Торойто атып салабыз.
Коридорго чыгам деп ойлобо, -
алар чыгып баратып электир
жарыгын өчүрүшүп, каалганы
бекем жаап салышты.
Жанын оозуна тиштеп араң дем
алып жаткан Диана бир аз эс ала
жүрөгү ордуна келе түшкөнсүдү,
бирок алар калп эле чыгымыш
этип, күтүлбөгөн жерден кайра
атылып кирип келишчүдөй болуп
дале коркуп турду.
Ал ошол боюнча таң атканча
терезеден түшкөн жок. Тигилердин
кеткени кетпегени белгисиз, бирок
оорукананын ичи эч нерсе
болбогондой тымтырс болуп турду.
Сыягы бардыгы эле коридорго
чыккандан коркуп жатышса керек.
Таңга жуук гана милиция
кызматкерлери эки-үчтөн болушуп
ар бир палатаны кыдырып
жүрүштү. Бул мезгилде Диана да
чүмкөнүп кроватына жатып алган
болчу. Арадан жарым саат өтпөй
майор чини бар киши
ооруканадагы оорулуулардын
бардыгын чогултуп жооткотуп өттү.
- Эми коркпой эле жата бергиле,
алар экинчи бул жакка келишпейт.
Атайын охрана коюп, буктурма
уюштуруп жатабыз. Эгер келе
турган болушса өздөрү капканга
түшүп беришет. Сыягы
командасынан чыгып кеткен
бирөөлөрдү издеп жүрүшсө керек,
табышкан окшойт, экинчи
келишпейт алар.
Чын эле ошондон кийин алар
экинчи келишпей калды. Муну
дагы Диана Ибрагимден көрүп
жүрдү.
- Тигилер келишкенде эмне
терезенин артына өтө качтың? -
бурчта жаткан аял Дианадан
кызыга сурады.
- Жөн эле, өткөн жолу аябай
коркуп калгам. Мени дагы Розаны
көтөрүп кеткендей көтөрүп кетип
калышабы деп чочуладым, - Диана
ага кайдыгер жооп бери койду.
Ошондон кийин Ибрагим да
ооруканага келип анын тынчын
албай калды.
ЖАҢЫ АЗАП-ТОЗОКТОР
Врачтар жаңылышпаптыр,
Диананын көзү акырындап көрүп
отуруп бара-бара кадимкидей
калыбына келди. Эми бирөөнүн
жетелөөсү жок эле өзү басып
жүрдү. Бир ай ичинде ден-соолугу
да оңолуп, кадимкидей бардыгы
калыбына келди.
Ооруканадан чыгарда анын
проблемасы башталды. Таптакыр
көчөгө кийип чыгарга көйнөгү жок
экен, өткөн жолку жер алдында
жүргөндөкөйнөгү таптакыр быт-
чыты чыгып айрылыптыр же
чөнтөгүндө бир тыйын акчасы да
жок. "Кап, жок дегенде Ибрагимди
алдап анча-мынча акча алып
калганда болмок экен да. Кайра
эле көчөдө тентип таз кейпиме
түшөмбү. Каякка түнөйм да, кантип
өз жергеме кетем. Алиги бир
баштык акчалардын кайсыл жерге
көмүлгөнүн да билбейм да. Кайсыл
люктан мени алып чыкканын бир
билсе Ибрагим гана билет. Ал
болсо минтип мени өлтүрө албай
түн ортосунда келип издеп
жүрүшөт. Ие баштан көздөн садага
ошончо акча, андан көрө бул
каргашалуу жерден аман-эсен
үйүмө жетип алсам жакшы болот
эле. Үйдөгүлөр менден таптакыр
эле түңүлүп калышты го, же эжем
өткөн жолку телефондогу үнүмдү
угуп, издөө салып жүрүшөбү.
Менин али тирүү экенимди
билишеби алар. Кантип, канткенде
бул жактан аман-эсен чыгып кете
алам? Ташкент калаасында мени
издеп жүрүшкөндөр көп.
Бишкектик аялдар түрмөсүнүн
адамдары өзүнчө, жашыруу
подпольеде акча чыгарган
бандалар өзүнчө, атүгүл аларга
милиция кызматкерлери да
аралашып кетип жатышпайбы" .
Диана ооруканадан чыгарда
палатада жаткан кыздардын
бирөөнө кайчы бери чачын
таптакыр эле кыска кылып
кырктырып салды. Кара чачын
күрөң түскө боёттурду. Мунун
жоругуна палатадагылардын
бардыгы таңгалышты. Ага көптөн
бери палаталаш болуп жаткан бир
кыз өз көйнөгүн берди. Анча-
мынча чоңураак болгону менен
көчөдө жүрсө болчудай экен. Ага
палатадагылар анча-мынча акча
чогултуп беришти.
Ооруканадан чыккан Диана кайда
барарын, эмне кыларын билбей
турду. Өткөндөгү
кыйынчылыктарын эстеп денеси
дүркүрөп кайрадан коркунуч
каптады. Ичиркене катуу
чыйрыгып алды.
ВОКЗАЛДАГЫ ОКУЯ
"Кантип кетем үйгө, жок дегенде
жол киреге акчам болгондо эмне…
Уялбай эле ооруканадагы
кыздардан сурап алсам болмок
экен, же кайра барсамбы?.. Жок,
болбойт, алардын болгон
кийимдеринин баарын тоноп
алдым, эми дагы уялбай акча
сураймбы. Андан көрө темир жол
вокзалына барып Кыргызстанга
бара турган поезддин
проводниктерине жалдырасам да
эптеп жетип алуу керек. Балким ал
жакта тааныш кыргыз кыздар,
кишилер чыгып калар. Же болбосо
Кыргызстанга бара жаткан
адамдар болсо ошолордон "тигил
жактан алып берем" деп карызга
акча сурабаймынбы. Ушул турган
Кыргызстанга жетпей калуу деген
эмне тамтык. Бул эмес тээ алыскы
Ыраакы Чыгышка соода кылганы
барышып, банкрот болуп бир
тыйындары калбай калып, ошентсе
да эптеп жолун таап келип
атышпайбы. Ме ошолорчо
жокмунбу. Бирок…, алар менен
менин айырмам асман менен
жердей, от менен суудай. Алардын
үстүлөрүнөн издеген,
куугунтуктаган кишилер жок,
көчөдө болсун кайда болсун эрки
жүрүшөт. А менчи, ар бир кадамым
коркунучтуу, бассам-турсам
коркунуч. Өлүм-ажал күтүп турат.
Мени бир эмес эки топ, атүгүл
милициялар өздөрү да издеп
жүрүшөт. Кылмышкер адамдар да
мендей болуп качпастыр. Ме үчүн
ушул турган Кыргызстанга жетүү
кандай гана тозок болуп турат.
Аман-эсен жете аламбы жете
албаймынбы бир Кудайым өзү
билет", - Диана эч нерсе ойлобой
эле, жолдон темир жол вокзалы
кайда экенин сурап алып, түптүз
эле ошол жакка жөнөдү. Жер
алдындагы метрого түшүп
электричкага отурду. Жолдо
баратып айнектин сыртынан
метронун капталдарындагы темир
торчолорду көрүп, жер алдындагы
люктан чыга албай аз жерден өлүп
кала жаздаганын эстеди. "Кудайым
бар экен, тигилер болбогондо
эмдигиче эбакта тигил дүйнөдө
жүрмөкмүн. Өлгөн денемди туш-
туштан талашып, келемиштер той
түшүп жатышмак. Эми эртерээк
Ибрагимге көрүнбөй Ташкенттен
чыгып кетсем экен…". Темир жол
вокзалына келгенин укканда
электричкадан түшүп кетти, жол
кире да төлөгөн жок.
Вокзалда эл көп болчу, күтүү
аянтчасына барганда даай албай
турду. "Балким ал жакта мени
издеп жүргөндөр болушу мүмкүн.
Мүмкүн эмес эле сөзсүз болот,
атайын точкаларга кишилерди
даярдап койгон. Алар элдерди
аралашып Кыргызстан тарапка
болобу же башка жакка кеткен
поезддер болобу узатып турушат.
Мени дароо эле кармап алышат.
Дегинкиси сак болбосом болбойт".
Айланасына аябай кыраакы карай
элдердин ар бир кыймыл-
аракетине көз жүгүртүп турду.
"Ташкент- Кыргызстан
каттамындагы поезд качан келип
калар экен? Келээри менен эле
элдердин шары менен аралашып
кирип кетейи вагонго. Поезд эптеп
бул жерден жылып кетсе эле
болду. Жолдон билет текшерүү
маалында эптеп бир амалын
табармын…"
- Саатыңыз канча болду сулуу кыз?
- күтүлбөгөн жерден чыккан
эркектин дарылдаган үнүнө чочуп
кетип аз жерден бакырып жибере
жаздады. Карай салса жашы
элүүлөргө чукулдап калган
башында өзбек топусу бар, кара
торусунан келген далдайган киши
туруптур. Ал дагы кыздын чочуп
кеткенин сезип ырсалактап күлүп
калды.
- Эмне чочуп кеттиңби, саат канча
болду деп сурап жатам…
Диана ушунчалык катуу чочугандан
жүрөгү дүкүлдөп чыкты. Жооп
бергенге да алы келбей андан
оолак болууга ашыкты. Тигил
ырсалактай анын артынан ээрчип
алды.
- Жооп бергиң келбей атабы же
менден коркуп атасыңбы, токто
качпа сулуу кыз.
Диана улам-улам артын карай эл
көп жакка шашылып баратканда
күтүлбөгөн жерден бирөө чап эле
билектен алды. Жалт карай эзелки
өзүнө тааныш адамдын өңүн көрө
калды. Ал Бишкектеги Исабеков
Мараттын кишилери болчу.
- Акыры жүрүп кайра кылтакка
илиндиңби, Кыргызстанга эбакта
эле качып кетип калды экен деп
атса… Мына өзүң илинип бердиң
кылтакка. Бас тигил жакка үнүңдү
чыгарбай, болбосо ушул жерден
эле өлтүрүп кетем…
Мындай күтүлбөгөндүккө Диана
эмне кылаарын билбей калды.
Анан артында ээрчип келаткан
далдайган кишиге жалдырай
кыйкырып коё берди.
- Аке мага жардам бериңиз, бул
киши мени өлтүргөнү жатат!
Диана менен тигил киши экөө
жулкулдаша кетишти. Ошо маалда
вокзалдын микрофонунан Россия
тарапка бараткан поезддин
жакындап келатканын жарыя
кылып ар кайсы жерде турушкан
элдердин баары дүрбөп калышты.
- Ээй коё бер аны, эмне кылганы
жатасың ыя?
Тигинин кызды ары-бери
жулкулдатып жатканын көрүп
ортого кийлигише кетти.
- Коё бер аны!
- Тур нары бизге кийлигишпегиле!
- алиги киши бери бурула бергенде
далдайган өзбек киши аны муунта
кармады. Ал Диананы коё бери,
экөө жакалашып, кармаша
кетишти! Ошондой кырдаалдан
пайдаланган Диана жаңы токтоп
келе жаткан поездди карай агылып
бара жатышкан элдин шарына
аралашты. Тигил киши анын
артынан ээрчийин деди эле
далдайганы коё берген жок. Бир
кезде катуу жулкуна Дианадан
көзүн албай артынан кууп жөнөдү.
Чоң-чоң сумкалары менен жаңы
токтогон поездге шашыла кетип
баратышкан элдер ага тоскоолдук
болуп атты. Ал катуу ылдамдык
менен баса Дианага жетээрине аз
калды.
Кудай берди болуп күтүлбөгөн
жерден туурадан чыга калган чоң
сумка көтөргөн жигитти уруп алды
эле анын колундагы сумкасы
ыргып кетти. Ачуусу келген жигит
тигини көтөрүп урду.Жигитке
жардамга эки-үчөө жетип келишип
аны тегеректеп калышты. Ал эч
нерсе кыла албай туруп берди, бир
нерсе кылса эле сабап-
тепкилегенге даяр турушту.
Улам-улам артын кылчактай
караган Диана сыгылып кирип
жаткан элдерден киргенге
мүмкүнчүлүк ала албай улам
кийинки вагонго чуркап жүрүп
отурду. Вагондорго кирип да
чыгып да түртүшүп аткан элдер
көп. Аларга аралашып сыгылып
киргенче кармалып калчудай.
Айланасына карай, тээ алыс жерде
турган таксилерди көрдү. Дароо
чуркап барды да ичине отуруп
алды.
- Каякка айдайын?
- Универмаг, ЦУМ, - оозунан бул
сөз кандайча чыгып кеткенин өзү
да билбей калды.
Машине от ала ордунан козголду.
Артынан кууп келаткан эч ким
жокбу дегендей айнектен улам-
улам арт жагын карап кетип
бартты. Кууп келаткан шектүү эч
нерсе жок экенин билгенде гана
"өх" деп жеңилдене түштү.
- ЦУМдун кайсынысына барасыз,
бул жакта эки-үчөө?
- Мейли кайсынысына болсун, -
"акча сураса кантип төлөйм, эме
деп жооп берем?" деп ичинен
бушайман боло кетип баратты.
Такси бир көчөгө бурулуп келип
токтоду.
- Келдик ЦУМга сизден элүү сум?
Диана эмне деп жооп берээрин
билбей, төштөрүн көрсөтө,
көйнөгүн айрып, мойнун каната
тытып жиберди да кыйкырып
кирди.
- Мени азыр жөн коё бербесең
"зордуктаганы жатат" деп элдерди,
милицияларды жардамга чакырам!
- анын мойну баштары канап
жүргөн болчу. Жоош, сулуу кыздын
күтүлбөгөн жерден ажаан,
агрессивдүү болуп чыкканына
таңгала жалдырай карап турган
таксист эмне дээрин билбей
калды.
- Оо эл-журт жардам, бул мени
зордуктаганы жатат! - деп жаңы
эле акырын кыйкыра баштаганда
таксист машинесин шашыла от
алдырды да дароо ал жерден
оолак болгонго ашыкты.
Өзүнүн ойлоп тапкан амалына,
жосунсуз жоругуна Диана күлкүсү
келип, жин даарыган немече
көчөдөгү элдерди көзгө илбей
каткырып күлүп жатты.
КӨЗ ИРМЕМДИК ЭЛЕС
"Аны каякка алып кетиши мүмкүн,
же Кыргызстан тарапка алып
кетиштиби, же ушул эле
Ташкенттин ичиндеби? Эгер
Кыргызстанга алып кетсе аны
кантип табам? Же дарегин
билбесем. Ооруканада жатканда
дарегин тактап сурап алганда
болмок экен. Улуту кыргыз болсо
кандайча биякта жүрөт, кандайча
жер алдына түшүп калды, мынча
көп акчаны кайдан алды. Аны эмне
себептен ооруканадан уурдап
кетишти, же чын эле ал кандайдыр
мафиянын ичине кирип кеткенби?
Канткенде аны табам?" Диананы
капысынан таап, кайра капысынан
жоготуп жибергенине ичи ачышкан
Ибрагим бардык ишин токтотуп,
калаа ичинен Диананы издөө
менен эле алек болуп калды.
Жеңил машинесине отуруп алып
эртеден кечке шаар ичин
кыдырып, шектүү нерсе көрүнө
калса эле атайылап токтоп
жакшылап карап, жедеп үмүтү
үзүлгөндө кайрадан издеп жөнөйт.
Дээрлик бир жума бою шаарды
чарк айланып чыкты, дегеле
шектүү эч нерсе таба алган жок.
Жердин жети кабат түбүнө кирип
кеткендей эле болду. Окшош
кыздарды көрсө машинесин дароо
токтото артынан кууп жетип барат,
караса эле башка, жанган үмүтү
кайра өчүп, шаабайы сууп,
машинесие кайра келет. "Аны
өлтүрүп коюшу мүмкүнбү уурдап
кетишкендер? Ооба, жер
алдындагы люкка ыргытып,
сыртынан атайылап бекитип, өлсүн
деп камап таштагандан кийин
экинчи жолу өлтүрүп коюулары да
мүмкүн. Же ага жолукпай, көрбөй
эле койгондо эмне мынчалык
переживайт этпейт болчумун. Эми
аны кайдан табам?" Ибрагим
машинесинде кетип баратып,
дайыма өзү менен өзү сүйлөшө
ушуларды ойлоп, өзүнчө сары-
санаага батат.
Бүгүн да адетиче өзү менен өзү
сүйлөшө көчөдө кетип бара
жаткан. Кокусунан Борбордук
Универсалдык дүкөндүн жанынан
Дианага окшош кызды көрүп
калды. Аз жерден астында бара
жаткан машинени сүзүп ала
жаздады. Дароо жол четине
токтоого мүмкүн эмес болчу. "Бул
жерге токтоого болбойт" деген
белги илинип турган, анын үстүнө
өчөшкөндөй өзүнөн анча алыс
эмес жерде МАИ кызматкерлери
да турушкан болчу. Кызыл чет
элдик машиненин аз жерден
алдыңкы машинелерди сүзүп ала
таштаганын көрүшүп, таяктарын
көтөрүп токтотушту. Инспектор
жигит келип машиненин ичине
үңүлдү.
- Сен эмне ичип алдың беле?
- Жок.
- Анан эмне машинеңди ары-бери
бултактатып атасың же айдаганды
билбейсиңби? Документтериңди
көрсөтчү?
Ибрагим болгон бүт документтерин
көрсөттү, баары жайында болчу.
- Үйлөчү бул жакка?, - МАИ
инспектору түтүктү көрсөттү эле
Ибрагим үйлөп берди. Эч кандай
шек жок болгондуктан акыры аны
коё беришти.
Ибрагимдин эс-дартынын баары
эле Борбордук Универсалдык
дүкөндүн жанында турган кыз
болчу. Машинесин ары жакка
айдап барып токтотту да ичинен
атып чыгып, алиги кыз турган
жерге жүгүрүп жөнөдү. Жетип
барып эле алиги кызды таппай
калды. Ары чуркады, бери чуркады
ошол тегеректе жүрүшкөн
адамдарда сураштырды, баардыгы
эле көрбөгөндөрүн айтышууда. Көп
кабаттуу дүкөндү беш-алты жолу
тегеренип чыкты. Жедеп издеп-
издеп чарчап, үмүтү үзүлгөн соң
ары жакта турган отургучка отура
кетти. "Дианабы же башкабы?
Точно эле Диананы көргөндөй
болбодум беле же жаңылыш көрүп
калдымбы, же кимдир бирөөнү ага
окшоштуруп алдымбы?
Өчөшкөндөй тиги гаишниктердин
дагы кедерги болуп калганын
карабайсыңбы. Демейде
нарушение кылсаң көрбөй,
байкабай калышат, бул жолкусунда
карасаң как будто атайылап
жасагандай" , - ал өзү менен өзү
сүйлөшүп кимдир бирөөлөргө
жинденип атты. Дианага окшош
кыздар көрүнө калса жүрөгү "болк"
эте ордунан атып тура, башка
экенин көргөндө кайра ордуна
шалдайып отура калат. Ал Дианага
окшош кызды көргөн жерден
кеткиси келбей бир топко отура
берди. "Чын эле көрдүмбү аны, же
көзүмө голюцинация болуп көрүнүп
кеттиби? Аны көп ойлогондуку го
дейм. Эми көчөдөгү кыздардын
баары эле ошого окшошо бериши
мүмкүн", - ал ордунан шалдырай
туруп ары жакта турган машиесине
жөнөдү. Шашып атып туура эмес
жерге токтотуп алыптыр. Алиги
МАИ инспектору да аы күтүп
туруптур. Тыюу салынган жерге
токтоткон үчүн айып төлөттү.
Катуу шашкалактагандыкыбы
машинеси да ачык таштап
кетиптир.
Жолу болбой жатканына
нааразылана машинеси от
алдырды да кайра үйүн карай
айдап жөнөдү. Бул мезгилде Диана
Борбордук Универсалдык дүкөндөн
алыстап, троллейбуста кетип
бараткан. Ибрагим көргөн кыз чын
эле Диана болчу.
"АҢГЕКТЕН КАЧСАҢ ДӨҢГӨККӨ"
"Мен сезгем ушундай болорун,
темир жол вокзалына бара
жатканда эле жолумдун болбосуна
кандайдыр предчувствия болуп
аткан менде. Кыргызстанга
кеткенге кандайча жол тапсам
болот? Жанымда акчам болсо
проблема болбойт эле, жер
астында бир баштык акча көтөрүп
жүрүп, жер үстүнө чыкканда
чөнтөгүмдө бир сом акча жок
калганын карасаң. Болгондо да
сом, сум, рубль, доллар баары
аралаш түрдүү акчаларды алып
жүрдүм эле миллионер болуп, азыр
карасаң кайрадан таз кейпиме
түштүм. Ал акчалар азыр кайсыл
жерге катылганын да билбейм,
эсимди жоготуп койгонумду
карабайсыңбы, болбосо түн ичинде
барып ошол жер алдына кайра
кирип акчаларымды таап алат
элем… Темир жол вокзалынан,
поезддер менен кетүү үмүтүмдү
таш капты, ал жакты тигилер
мурдагыдан да сак болуп кайтарып
калышат. Эми эмне кылсам?
Автобустар жүрчү автовокзалга
барып көрөйүн. Балким айдоочу
менен тил табышып калаармын,
ортого туруп алсам дагы эптеп
кетиш керек. Болбосо бул жакта
баскан-турганымдын баары, ар бир
кадамым кыйын болуп калды" -
Диана өзү менен өзү сүйлөшө эми
автовокзал тарапка барып көрүүнү
чечти. Анын дагы бир үмүтү ошол
жак болчу. Жолдон автовокзал
каякта экенин, кайсыл автобус
бараарын сурап билип алды да жөө
жөнөдү. Анткени ал анча деле алыс
эмес, болгону үч аялдама басып
өтүү керек экен. Көчөдө бараткан
милиция формасын кийгендерди
же милиция машинасын көрсө эле
тетири бурулуп, качан алар өтүп
кетишкенде гана андан ары
басыгын улантып жатты. Көчөдөгү
кишилер түгүл милициялардын
өздөрүнө да ишенбей калган
болчу. Улам жолдо кетип
бараткандардан автовокзалды
сурап коюп жүрүп отурду.
- Тээтигил бурулушка жетип оң
жакка бурулсаңыз эле так бет
маңдайыңызда автовокзал көрүнүп
турат.
- Ырахмат.
Алиги улгайган киши айткандай эле
көчөнүн бурчуна жетип, оң жакка
бурулганда заңгыраган бийик
мунараны көрдү. Алыс жакка кетчү
чоң автобустардын бири кирсе,
бири чыгып айтор ал жакта
кыймыл көп экен. Ошонусуна
жараша элдер да көп жүрөт.
Микрофондо алыска кете турган
автобустардын убактысын айткан
аялдын үнү жаңырып жатты.
Убакыт түшкө жакындап,
акырындап күн да катуу ысып
чыкты. "Ташкен жак аябай ысык
болот деп бекеринен айтышпайт
экен да. Карачы күн кандай гана
ысып чыкты. Баса тигил жактан
саунадан качып чыккандан бери
канча күн өтүп кеткенин да билбей
калдым. Июль айынын башында
келген болчумун бул жакка, азыр
кайсыл число болду экен?". Жолдо
өтүп бараткандардан сурай кетти.
- Кечирип коюңуз, бүгүн кайсы
число?
- Он беши.
- Он бешичи июлбу?
- Сиз эмне асмандан түштүңүз
беле, он бешинчи август да…, -
тиги киши таңгала Диананы карап
коюп кетип калды. "Ой тобоо,
качып чыккандан бери чын эле бир
жарым ай өтүп кеттиби. Карачы
убакыттын кандай гана зуулдап
өтүп жатканын, как будто кечээ эле
качып чыккандай болдум эле. Ушул
аралык ичинде эмне деген гана
азап-тозокторду башымдан
өткөрбөдүм. Эми алдыда дагы
кандай азап-тозоктор күтүп турат
бир Кудайым өзү гана билет… Анын
оюн катуу бараткан машиненин
"чыйк" эткен добушу бузду. Чет
элдик машине алдыга өтүп барып
токтоду да кайра артка Диананы
көздөй айдады. Ичинен кара көз
айнек тагынышкан эки адам чыга
калганда алардын ким экенин
билбей эле дароо артка бурула
качып жөнөдү. Чуркаганга бут
кийими тоскоолдук кылганынан
чечип колуна кармап алды да,
болгон күчү менен тызылдап
чуркап баратты. Машинеден
чыгышкан эки адам анын артынан
кошо чуркашты. Алиги кара
машине кууп келип алдын тороду
эле аны аз жерден сүзүп ала
жаздап айлана качты. Мынчалык
катуу чуркай алчу эмес эле
килейген эки эркекке жеткирбей
тызылдап чуркап баратканына өзү
да таңгалык жатты. Машине жүрчү
жолдон таптакыр эле алыстап,
бактуу тарапка өтүп, өзүнөн анча
алыс эмес турган тепкич менен
жер алдындагы метрого чуркап
кирип кетти. Ачык турган чоң
айнектүү дүкөн
- Чөнү көрүп, ичие кире качты да
дүкөнчү кыз турган жакка суроо-
сопкутсуз, эле өтүп кетти. Кызга
унчукпа дегендей белги бери,
жыгач текчелердин артына
жашына калды. Мындай
күтүлбөгөндүккө дүкөнчү кыз эмне
иштээрин билбей калды. Көп өтпөй
эле артынан көз айнек
тагынышкан далдайган эки адам
чуркап кирип келишкенде кыздын
көздөрү коркконунан бакырая
түштү.
- Бул жерден жылаңайлакчан, чачы
кыска болуп кыркылган кыздын
чуркап өткөнүн көргөн жоксузбу?
- Көрдүм…
Текченин артында жашынып турган
Диананын жүрөгү "болк" эте
алкымына тыгыла түштү. Азыр
"мынакей" деп өзүн көрсөтөт деп
турган.
- Ооба көрдүм, ал тээтигил жакка
чуркап кеткендей болду. Балким
тигил электричкага түшүп да
кеттиби жакшы байкабай калдым.
Алиги экөөнүн бирөөсү кызды
шектүү тиктеп бир аз турду да
экинчисин ээрчий кайра сыртка
чыгып кетти. Он, он беш мүнөттөн
кийин дүкөнчү кыз Диананын
жанына келди.
- Сыягы алар кетишти окшойт Сиз
ким болосуз, алар сизди эмнеге
кууп жүрүшөт? Сүрлөрү да
коркунучтуу экен, тим эле жүрөгүм
түшүп калды.
- Ох, менин да жүрөгүм түшүп
калды, болгон акчаларымды тоноп
алышып, өзүмдү да өлтүрүп
коюшарда араң качып кутулуп
чыктым.
- Милицияга телефон чалайынбы?
- Жок кереги жок, ого бетер ызы-
чуу болуп кетет.
- Сиз казачкасызбы?
- Жок кыргызмын. Дагы бир
жарым сааттай ушул жерде отуруп
турайынчы былк этпей. Эч нерсеңе
тийбейм, тигилер таптакыр эле бул
жерден кетип калышсын андан
кийин өзүм чыгам.
Дүкөнчү кыз тигиге ишенип,
ишенбей карап турду да акырын
макул болгондой башын ийкеп
койду.
- Болуптур, только эч нерсеге
тийбе, мени да алаксытпа, өзүм
айтам "чык" деп…, - ал ары
жактагы дүкөнгө кирген адамдар
менен соодалашып калды.
"Кызык, булар кимдер болду экен,
Бишкектиктерби же акча чыгарган
контрабанданын адамдарыбы, же
болбосо жөн эле алардан коркуп
качтымбы? Эгер алар жөн эле
кишилер болсо мени мынчалык
куушпайт эле да. Мени
тааныгандыктан артымдан куушту,
атүгүл жөн куушпай машиелери
менен алдымды тооруп
куушпадыбы. Эми эмне айла
кылам, көчөдөгү экинчи адам эле
мени таанып калганбы?…"
- Болду эми, чыга берсең болот,
сыртка чыгып ары-бери жакка көз
жүгүртүп келдим, шектүү эч нерсе
байкалбайт…, - дүкөнчү кыз
Диананын оюн буза жакын басып
келди. Ал өзү курдуу эле
кыздардан экени жүзүнөн билинип
турду. "Дагы бир аз отуруп
турганда болот эле, мейли эми
ушунусуна да Кудайга шүгүр дейин.
Бул болбосо тигилердин колдоруна
түшүп калмакмын эбакта". Диана
ордунан туруп, эч нерсеңе тийген
жокмун дегендей чөнтөктөрүн,
колдорун көрсөттү да ырахматын
айта акырын сыртка чыгып
жөнөдү. Өткөн жолу таксисттерден
кутулуу үчүн айрып алган
көйнөгүнүн төшүн ийне менен
жамап алганга ийне-жип сурайын
деп бир азга аярлай карады да,
кайра уялып, тартынып койду.
Акырын метронун кууш көчөсүнө
чыкты. Тээ алыста келаткан
электричканы көрүп, ошого
түшкөнү күтүп калды. Электричка
ылдамдыгын азайтып жаңы эле
токтой бергенде күтүлбөгөн жерден
карылуу адамдардын колдору
Диананы колтуктай кармап
калышты да кыйкырганга
үлгүртпөй ары көздөй алып
кетишти. Бул мезгилде бардыгын
өз көзү менен көргөн алиги
дүкөнчү кыз телефон менен
милицияга кабарлап жаткан болчу.
КАЙРАДАН КАПАСТА
- Алып келгилечи ал кызды, кандай
экенин көрөйүн, - төрдөгү диван
креслодо чалкалай отурган чачын
тасырайта алдырып салган,
муруттары узун, өңү кадимки
Тарас Бульванын кейпин
элестеткен толмочунан келген,
жашы элүүдөн өтүп калган киши
жанындагыларга буйра сүйлөдү.
Экөөсү чуркап барып, эки колу
артына катуу таңылган, оозу скотч
менен чапталган Диананы алып
келишти. Ал аны башынан баштап
бутуна чейин сынай карап
мыйыгынан жылмайып койду,
жанындагыларга оозундагы
скочтту чеч дегендей белги берди
эле Диананын оозундагысын
сыйрып салышты.
- Сулуу кыз экен го, бул жакка
кайдан адашып келип калдың?
Диана эмне деп жооп берээрин,
булар кимдер экенин биле албай
жатты. Баарынын эле өңдөрү
бейтааныш, бирин дагы тааныбайт
экен. "Булар кимдер болду экен,
Бишкектик аялдар түрмөсүнүн
кишилериби же акча
чыгаргандарбы, же болбосо
таптакыр эле башкаларбы? …"
- Эмне унчукпай калдың,
Кыргызстандан кандайча адашып
келип калдың бул жакка деп сурап
жатам. Деги сен өзүң кимсиң?
"Кайдан адашып келдиң?" - деп
сурап жаткандарына караганда
булар… кишилери эмес экен. Слава
богу, алар болсо мени жөн гана
өлтүрүп туруп, өлүгүмдү кислотага
салып ээритип жиберишмек.
- Кана ошол кыз бекенби,
көрөйүнчү… - сырттан дагы бир
далдайган киши кирип келди эле
Диана аны дароо эле тааныды.
Акча чыгарган жашыруун цехтен
кокусунан кармалып калганда
Диананы дал ушул киши кайтарып
калган болчу. Ажааткананын
жанынан дал эле ушуну темир
түтүк менен башка чаап эсин
оодарып, анан качып кеткен.
Булардын кимдер экенин дароо
эле боолгоду. "Демек акча чыгарып
жүрүшкөн бандалардын группасы
турбайбы…" Тиги киши Диананын
так эле маңдайына келип, атып
жиберчүдөй теше тиктеди.
- Кана сулуу кыз, качып баары бир
эч жакка кете албаптырсың го.
Боор ооруса боорго тептиң эле,
эми боор ооруган кандай экенин
көрсөтөйүн, - ал ызырына
Диананы оң колу менен моюнунан
аткый кармап туруп тапатак өйдө
көтөрдү. Диана дем ала албай
мууна көзүнөн жаш атып, асылып
турган буттарын тыбыратып
жиберди. Көзүнөн аккан жашка
айланасы көрүнбөй жер заматта
айлан-көчөк болуп кетти.
- Болду жетишет, түшүр, бөөдө аны
өлтүрүп аласың. Алчу өчүң болсо
шашпай аласың, андан көрө бир
нерсени тактап алалы, коё бер
аны!
Ачуусу башына чыга, кызга аябай
жинденип калган неме аны дагы
бир топко кармап туруп анан коё
берди. Диана өзүн кармана албай
жерге кулап түшүп бир топтон кийи
араң оңолуп, эсине келди. Анын
колун чечип коюшуптур. Ары
жактан дагы эки-үчөөсү келип
буларга кошулуптур. Диананы
төрдөгү диванга жетелеп барып
отургузушту. Алиги киши кайрадан
суракка ала баштады.
- Мейли, каяктан келгениңди,
кандайча биздин жашыруун цехке
түшүп калганыңды сурабай эле
коёлу. Ал неважно, андан көрө
айтчы жанагынча акчаларды кайда
алып кеттиң да каяк жактан чыгып
кеттиң. Жер алды менен темир
түтүк аркылуу чыгып кетти дейин
десең ал жак менен атүгүл сойлоп
өткөнгө да мүмкүн эмес экен,
келемиштер араң өтүшөт. Каяктан
келдиң да каяктан кеттиң бизди
ошол кызыктырат. Экинчи суроо
алып кетке акчалар азыр каякта?
Диана буларга эмне деп жооп
кайтарарын билбей турду. Чынын
айтканда булар акчаларды издеп
жүрүп баары бир таап алышмак
жер алдындагы люктардан. Калп
айтса ишенишпеши да мүмкүн.
- Бизден сен коркпой, чочуркабай
эле кой. Эгер чыныңды айтсаң,
акчаларды кайра кайрып берсең
биз сени өзүбүзгө кошуп алабыз.
Арабызда биз менен кошо
сайрандап жүрө бересиң.
Келечегиң жакшы, сонун жашоо
болот. Душмандардан биз өзүбүз
сени кайтарып жүрөбүз. Өзүң дагы
татынакай сулуу кыз экенсиң бизге
керексиң.Баары бир бизден бошоп
кете албайсың. Өзүң выбирайт эт,
келечегиңди. Чыныңды айтсаң
бизге кошуласың, калп айтып
жашырам десең…, анда өлтүрүп
сөөгүңдү кислотага салып
жиберебиз. Ойлон жакшылап, же
өлүм, же жакшы жашоо, выбирай.
- Чынымды айтсам… өткөн жолу
да айткам, дагы айтам,
шефиңердин машинесине
жармашып келгем, кайра ошол
эшик аркылуу эле чыгып кеткем…
- Андай болушу мүмкүн эмес,
биринчиден сырт жак катуу
кайтарууга алынган. Экинчиден
короодогу чоочун кишилерди
жутчудай болгон иттер сени сыртка
чыкканга мүмкүнчүлүк беришпейт
болчу. Калп айтып жатасың, бизди
акча кызыктырат. Аларды каякка
алып барып жашырдың?
- Мен ал жактан эч кандай акча
алган эмесмин, өзүңөрдүн эле
кишиңер алып коюп мага бардык
күнөөнү оодарып жатышат…
Алиги муунткан киши ачуулана
Диананы көздөй обдулуп
баратканда суракка алып жатканы
токтотуп койду. Анан Диананын
жанына келип тизесине акырын
колун коюп, жүзүнө тике карады.
- Мен сага эскертип айттым, дагы
бир жолу эскертем. Же жакшы
турмушта жашайсың, же тиги
дүйнөгө кетесиң. Өзүң деле
жакшылап ойлонуп көрсөң, эгер
бул жактан өлүп калсаң алиги
жашырып койгон акчаларыңдын
кимге кереги бар ыя, ошол
жашырылган боюнча калат. Анан
кандайдыр бир мезгил өткөндөн
кийин сенин сөөгүң жер алдында
эбакта чирип жоголгондо кимдир
бирөө таап алат. Алардын убайын
анан ошолор көрүшөт.
- Чынымды айтып жатам мен
акчаларга тийген эмесмин, аларды
өзүңөрдүн эле кишиңер алып
койду. Өз ара жакшылап
"разборка" кылсаңар өзүнөн-өзү
чыга келет…
- Калп!, - алиги кызды муунта
кармап көтөргөн киши кыйкырып
чыга келди, бул деген калп айтып
жатат эгер мен алган болсом… мен
алган болсом, аны каякка
жашырмак элем. Силер бат эле
таап алмаксыңар…
- Чынымды айтсам бул өзү сыртка
чыгарып жиберген мени, - Диана
анын сөзүн бөлө сүйлөдү, - демек
ошол акчаларды алыш үчүн мени
коё берген турбайбы эми
түшүндүм…, бардыгын мага
шылтап жатканын карачы. Эгерде
менде акча болсо момундай айрык
көйнөк кийип жүрбөйт элем да,
карагылачы, эптеп өлбө жаным
өлбө деп өз жергеме кеткенге жол
кире таба албай көрүнгөндөн Кудай
сурап жүрөм. Эгер ошончо акчаны
алганда көчөдөн эки эсе төлөп
такси жалдасам да эбакта көздөн
кайым болбойт белем бул жактан.
Акчанын жоктугунан ушитип
темселеп жүрөм да кеталбай.
- Бас жаагыңды айбан!, - алиги
киши одураңдай Дианага жулунду
эле беркилер аны кармап
калышты. Төрдөгү суракка алып
жаткан киши ачуулана сүйлөдү.
- Болуптур, еще разберемся,
экөөнү тең камап салгыла!
Эки адам Диананы ары көздөй
жетелеп кетти да үстүндө кичине
тор капкагы бар жер төлөгө
кийирип, үстүнөн капкакты
кулпулап салышты. Төмөн жакка
темир шаты менен түшөт экен.
Бийиктиги төрт метрдей келген
төрт бурчтуу бетондолгон
бөлмөчөгө Диана төмөн карай
түшүп келди. Бул байыркы
кылмышкерлерди кармоочу ордон
эч айырмасы жок болчу.
"Мына сага тамаша, тигилерден
жаңы эле кутулуп мындай боло
электе экинчилерине тутулдум. Оо
Кудайым, мени эмне мынча азапка
салып атасың, же пешенеме
ушундай жазып койдуңбу менин.
Ушинтип өмүр бою эле азап-
тозоктор менен жүрө беремби? Бул
жакка башка дүйнөдөн келгендей
баарына чоочунмун, баарына
жатмын. Мага жардам берген
кимдир бирөөлөр чыгабы, же эч
кимге дайыным чыкпай эле
ушинтип билинбей атып тиги
дүйнөгө кетип каламбы? Азыр меи
ойлогон, эстеген эч ким жок болуш
керек, жападан жалгыз ушинтип
азап тартып отурам. Бирок кантип
эле эстебесин, башкалар
эстешпесе да атам менен апам
эстешет болуш керек. Мен өзүм
келесоолук кылдым. Көчөдө эркин
жүргөндө эмне себептен кат жазып
почто аркылуу жөнөтүп
жибербедим экен үйгө. Бишкектеги
жашыруун аялдардын түрмөсү
жөнүндө толугу менен бүтүндөй
баяндап жазып, эмне үчүн
жөнөтпөдүм. Катымды алар
алышса, окушса, милицияга алып
барып көрсөтүшүп тиги кутуруп
жүргөндөрдү, Исабеков Маратты
баш кылып быт-чытын чыгарышат
эле го. Дайынымды айтып өзүм
жөнүндө да кабар бергенде
болмок. Ушуга неге башым
жетпеди. Эмне эки барак кагаз,
ручка, жок дегенде карандаш таба
албадымбы? Адрести толук жазып
конверт аркылуу жөнөтүп
жиберсем катым акыры үйгө
жетмек да. Жок дегенде тиги
түрмөнүн айланасында
жашагандардын баардыгын
кармашат эле го. Байкуш жаш
кыздардын эсебинен алар кандай
гана байып жатышат. Аны
жергиликтүү бийлик тургай түрмөгө
жакын жашаган адамдар да
билишпейт. "Кыңыр иш кырк
жылда" дегендей эртели кеч
билинээр алардын кылыктары.
Мен сыяктуу бирөөсү качып чыкса
эле дароо маалым болот болчу.
Бирок тигилер улам байыган сайын
"байлык пайгамбарды да жолдон
чыгарыптыр" дегендей акча менен
бийлик өкүлдөрүн сатып алып,
алардын мафиясы кулач жайып
кетиши да мүмкүн. Баса, аларды
эмне ойлоп жатам бул жерде,
андан көрө булар жөнүндө
ойлонбоймбу. Чын эле булар акча
чыгарган аппараттарды,
кагаздарды, боёкторду кайдан
алышат болду экен. Булардыкы
жалган акча экенин экспертизадан
текшерип көрүшпөйбү? Же чын эле
булар акчаларды чыныгы дал
өзүндөй кылып чыгарышабы? ..
Бир кезде Диана ичин басып башы
тегерене бөк түшө отуруп калды,
ооруканадан чыкканы оозуна наар
ала элек экен. Өзүнөн үч-төрт
метр өйдө жактагы темир менен
тордолгон капкакты карады. Эч
бир кыбыр эткен жан көрүнбөйт
өйдө жакта. "Эх чиркин шам-шум
эткенге бир нерсе болсо кандай
жакшы болот эле. Ашказаным
оорутуп, ичим курулдап, от менен
жалын боло кайрып баратат. Өйдө
чыгып нан сурасамбы? Кайра нан
бербей табалап, ого бетер
мазакташсачы. Балким алардын
чырагына май тамызып алып
жүрбөйүн. Эртеңкиге чейин чыдай
турайынчы анан башка салганды
көрөрмүн" .
Бул жер төлөнүн таманы да сыз,
бир сутка жылаңайлак бул жерде
турса Диана сөзсүз ооруп калмак,
анткени буттары какшатып оорута
баштаган болчу. Чыдай албай
кетип темир шаты менен өйдө
көтөрүлүп барды да кыйкыра
баштады.
- Э-ээй ким бар ары жакта!
Тээ бир топтон кийи уйкусураган
топтомолок, бою кичине, кадимки
мультфильмдеги Карлсонго окшош
киши келди.
- Эмне кыйкырасың, эмне керек
сага?
- Таманыма сыз өтүп кетти, таң
аткача чыдай албайм бул жерде,
бут кийимимди бергиле дагы,
алдыма төшөгөнгө бир нерсе
бергиле. Болбосо өлүп калышым
мүмкүн. Бул таманы бетон, сыз
жерге бир мүнөт дагы чыдай
албайм, мени деген кыз деп коёт.
Мусулманбыз го кичине мени да
аяп койсоңор. Силер гестапо же
фащист эмессиңер да, силердин
деле мендей карындашыңар
бардыр?
- Аны мен чече албайм, шеф
уруксат бербесечи?
- Менин сунушумду айт, астыма
төшөгөндөй бир нерсе алып келип
берсин, курсак ачты тамак да
керек, бол шефиңе айтып бар
ушуларды…
- Жок болбойт.
- Анда көйнөктөрүмдү айрып туруп
сен уктап жатканда алдагы темир
торчого асынып өлөм, мен
мындайга чыдай албайм.
- Болуптур, мен азыр келем, -
алиги бою жапыз томолок киши
бир жакка чыгып кетти да көп
өтпөй эле өзүн суракка алган
кишини ээрчитип кайра келди.
- Сенин сунушуңду уктум. Болуптур
айтканыңды орундаталы, бирок
жакшылап ойлон эртеөкиге чейин,
качып деги эч жакка бара
албайсың.
Сенде эки гана выбор бар же
бейиштин же тозоктун жашоосу,
баары өзүңдүн колуңда, - ал арт
жагысына төмөн жакты көрсөтө
башын ийкеп койду эле тиги дароо
ары жактан колбаса, жумуртка, нан,
суусундук алып келип бери,
Диананын колуна карматты. Анан
капкакты ачып калың олпоктуу
матрац таштады. Диананын ар бир
кыймылына кунт коё сынай карап
турушту да кайра тор капкакты
жаап сыртынан кулпулап салышты.
Өз ара сүйлөшүшүп бир аз
турушкан соң ары көздөй басып
кетип калышты. Диана шашпай
матрацтын үстүнө отура
алдындагы тамакты сагылактык
менен апылдатып жеп кирди.
Эмнегедир үстү жагы тыптынч
болуп турду. Тамагын жеп бүтүп,
калгандарын курсак ачканда
жээрмин дегендей ары жактагы
бурчка жыйнап коюп койду.
Матрацты узунунан сала
чалкасынан жата кетти. Эки колун
желкесине ала тээ бала кезде
көргөн "Кавказская пленница"
деген орустардын киносун эстеп,
өзүн ошондогу Нина деген кызга
салыштырып койду. "Ал мендей
эмес кыйын кыз, бирок анын
Шурик деген колдоочу жигити бар
болчу да, менин колдогон кимим
бар, мени өлтүрүп салышса да эч
кимдин иши жок. Баса, булар мени
эмне кылышат болду экен,
акчанын кайсыл жерде экенин
айтып койсом аны тапкандан
кийин мени жөндөн жөн эле коё
беришпейт да. Өздөрү айткандай
көзүмдү тазалашып, өлтүрүп туруп,
өлүгүмдү кислотага салып, ээритип
жиберишет. Чындыгында мен алар
үчүн лишний адаммын. Башка
бирөөлөргө айтып коюшу мүмкүн
деп ишенишпейт. Айтсам да
өлтүрүшөт, айтпасам да өлтүрүшөт,
андан көрө убакытты созуп дагы
кармайын, балким Кудайым колдоп
качып чыкканга мүмкүнчүлүк болуп
калаар… Диана матрацтын үстүндө
ойлонуп жаткан боюнча көзү
илинип кетти.
#12 27 Март 2014 - 11:15
8-бөлүм
АЛГАЧКЫ СЫНОО
Кандайдыр муздак нерседен чочуп
ойгонду. Тээ жогору жакта аны
карап ырсайып кечөөкү Карлсонго
окшош киши өзүн карап туруптур.
Ал бөтөлкөдөгү муздак сууну
Диананын үстүнө чачып жиберди.
Өзүнүн кылган ишине өзү ыраазы
боло каткырып күлүп койду.
- Турбайсыңбы, уктап эле жата
бересиңби. Эбакта эле таң атып,
тирлик башталган.
Чын эле айланасы кадимкидей
жапжарык болуп калыптыр. Өткөн
жолку жер алдында адашып
жүргөндөгүгө караганда бул жак
жер төлө болгону менен күндүн,
түндүн айырмасын билип турса
болот экен.
Эртеси түшкө жакын эки-үч адам
болуп кечөөкү кишилер келишти.
Капкакты ачып шаты менен
бардыгы тең төмөн карай түшүп
келишти. Араларында чоочундар
да жүрөт.
- Кандай, биздин мейманканабызда
жакшы эс алдыңбы. Түнү бою тырп
этпей уктап жакшы эс алганың
көзүңдөн эле билинип турат. Кечөө
кыйналып жаттың эле бүгүн аябай
бодрый болуп калыптырсың…
Чынында эле кечөө аябай чарчап
көздөрү үлдүрөп араң турган
болчу, түнү бою тырп этпей уктап
жатканда булар акырын келип
байкап кетишсе керек. Диана
алардын тамаша, какшык аралаш
сөздөрүнө жооп берген жок.
- Курсагың ачкандыр, тамак
бериштиби булар?
Диана ага да жооп бербей унчукпай
тура берди.
- Сыягы тамак ичпесе керек, ысык
тамак алып келип бергиле,
курсагыңды биринчи тойгуз анан
сүйлөшөбүз.
Көп өтпөй эле бирөөсү ары жактан
калай мискейге ысык тамак алып
келип берди.
- Шашпай тамагыңды ичип ал, биз
жарым сааттан кийин
келебиз.Алдагы айрык көйнөгүңдү
чечип сал, сага башка көйнөк алып
келебиз.
Алар бардыгы кайра жабылыша
сыртка чыгып кетишти. Диана
өзүнчө тамак ичип отуруп ойлонуп
койду. "Булар эмне мынча сылык
болуп калышты мага, же мендеги
акчалар ушунчалык көппү буларды
бөжөңдөткөндөй. Ооба, андай
болушу да мүмкүн болчу. Түн
ичинде жыйылып турган
акчаларды баштыкка салып
атканда жалаң миң сомдук бир
таңгак акчаны көзү чалып калган.
"Эгер чын эле таңгак акчалардын
бардыгы миң сомдуктар болсо,
анда ошол баштыкчада эбегейсиз
көп акча болушу мүмкүн. Анткени
ал жакта долларлар да бар, "алдаса
болот жаш башты" дегендей мени
алдап, жатышкандарын карасаң.
Ме буларга жөндөн жөн эле алдата
койбосмун. Же чын эле мени
өлтүрүп коюшса эмне кылам, жок
өлтүрө коюшпас. Биринчи кезекте
аларга акча керек. Акчанын
дайынын билишмейинче мени
өлтүрүшпөйт. Азырынча өткөн
сөзүмдү айтып эле кайталап тура
берейи, балким мага ишенип
алышаар. Анда эле тигил
кишисинин ишинин бүткөнү,
ошондон көрүп калышат".
Көп өтпөй эле тигилер кайрадан
пайда болушту, өздөрү менен кошо
кыпкызыл болгон аялдын көйнөгүн
алып алышыптыр.
- Анан биз кеткенден кийин муну
которунуп кийинип ал. Сыртка
эркиндикке чыкканда кереги тиет.
Кана кандай чечимге келип
токтодуң, жакшылап ойлондуңбу
кечөөгүнкүнү…
- Ойлонгондо эмне, мен болгон
чындыкты кечөө күнү эле айттым
го, эч кандай акчаларды мен алган
эмесмин. Болгону кечөөкү кишиңер
меи дарбазадан сыртка чыгарып
жиберген. Бир таңгак түгүл, бир
сом акча да берген эмес, болгон
күнөөнүн баарын менин мойнума
илип, өзү сүттөн ак, суудан таза
болуп чыга келди. Эгерде менде
акча болгондо ушинтип жүрмөк
белем. Мен чынымды айтып
жатам, алган жокмун силердин
акчаңарды.
Диананын бет маңдайында
тургандарынын жүздөрүнө өзгөрүү
кирип, мостоюп калышты. Бир
аздан кийин такырбаш, мурутчан
кишиси акырын кабагын чытый үн
катты.
- Болуптур, сени менен
жакшылыкча сүйлөшө албайт
окшойбуз. Акчаларды кайда
катканыңды кийинчерээк өзүң
сайрап айтып бересиң, - ал артына
шарт бурулду да шаты менен өйдө
карай чыгып кетти эле калгандары
анын артынан ээрчишти. Өзүн
кайтарып турган томолок киши
башын чайкай кейип койду.
- Бекер кыласың сулуу кыз, баары
бир айттырып алышат. Аябай
көрбөгөн азап-тозокторду көрүп,
анан айтканча азыр эле айтып
койсоң болмок, өзүңө жакшы
кылмаксың. Менин дагы бир жолу
эскертээрим сага, пока кеч боло
электе айтып кой, болбосо өзүңө
эле жаман болот, - ал чыгып
баратып өзүнчө сүйлөнө тор
капкакты кулпу менен бекитип
жатты.
Ошондон кийин алардын
мамилелери өзгөрдү.
"Ойлондуңбу? " дешип кез-кез бир
келет, анан жоопту укпаган соң
кайра кетип калышат. Диана да
көк беттенип камалып жата берди.
Тигилер да ачууланыша тамак
бергенди уламдан-улам азайтып
баратышты. Мурун бир күндө үч
маал берсе, бара-бара эки маал
бергенге анан бир күндө бир эле
жолу бергенге өтүштү. Анан суу
менен нандан башка эч нерсе
бербей калышты.
Алар акырындап коркутуп-үркүтүп
сынаганга өтүштү. Бир күнү түн
ичинде уктап атса тигилер он
чакты килейген келемиштерди
үстүнөн таштап жиберишиптир.
Эмне кылар экен дешип акырын
үстүлөрүнөн акмалап турушту.
Алар Диананы азыр бакырып,
бизди жардамга чакырат деп
ойлогон, бирок андай болгон жок.
Диана келемиштерге көнүп,
алардан коркпой калган. Ордунан
атып туруп, жакын келгендерин эле
буту менен жалпайта, былчырата
тээп атты. Эки саатка жетпей
баардыгын өлтүрүп салды да эч
нерсе болбогондой кайра жатып
алды. Эртеси келемиштердин
бардыгын чогултуп, бурчка үйүп
койду. Өзүн ар кандай нерсе менен
коркутуп-үркүтүп сынаарын сезген
Диана бардыгына даяр болуп
турду. Эки-үч күндөн кийин
жыландарды ыргытты эле
матрацты алардын үстүнө таштап
үстүнөн жалпайта тебелеп
таштады. Нервин текшергени
чыйылдак нерселерди бир күн
кечке чыйылдатып коюп коюшту
эле кулагын басып, көзүн жумуп
жатып алды.
Булардан майнап чыкпасын сезген
тигилер эми айдан ачык эле
коркутуп-үркүтүп, сабап, башына
желим баштык кийгизишип,
тумчуктурушуп адам көрбөгөн
кордуктарды көргөзө башташты.
Бир күнү үч адам келип аз жерден
зордуктап да коё ташташты. Алиги
такыр баш кишиси келбегенде
зордуктап коюшу да мүмкүн болчу.
Ал келе калып тыйып койду. Же
атайын жасаштыбы ким билет.
Коркутуп-үркүтүп атып акыры
тажашкан соң аны жайына коюшту.
Ага келип эч кимиси көңүл да
бөлбөй калышты. Алиги томолок
киши кез-кез келип итке
ыргыткансып үстүнөн тамак
ыргытып коёт. Ошол боюнча
эртеки же эки күндөн кийин келет.
Ошентип Диана ордун ичинде эки
жарым айдан ашык жатты. Төрт
тарабы бирдей болгон бетондордон
башка эч нерсени көрбөйт. Ар
кайсыларды ойлоп атып тажап да,
жүдөп да, кыйналып да кетти.
"Чын эле мен эмнеге өзүмдү өзүм
азапка салып кыйналып атам,
андан көрө алдап, булардын
өздөрүнүн баштарын айлантып
көрбөймүнбү, балким ошонумдан
бир натыйжа чыгаар".
Диана акырын ордунан тура, алиги
топтоголок болгон кишини
кыйкырып өзүнө чакыра баштады.
Эки жарым айдан бери жер
алдында жатып ушунчалык тажап,
жүдөп, арыктап, аябай кыйналып
кеткен эле. Бир маал тамак алып
келгени болбосо ага эч ким келчү
эмес, өзү менен өзү сүйлөшүп эле
ар кайсыларды ойлоп отура берчү.
Тажаганда өзүн алаксытмакка
уктачу, бирок күндүзү уктап алса
түнкүсүн уйку жок болчу. Төрт
тарабы кыбыла бетон жер төлөдө
отуруп айласыз ары-бери басчу.
Баскандан тажаганда отурчу, анан
тигилер таштап кеткен матрацтын
үстүнө жата ар кайсыларды
ойлончу. Акыры баарынан
тажаганда ушундай чечимге
келген. Жер үстүндө эмне жаңылык
болуп атат эч нерсесин билчү
эмес. Жарык дүйнөдөн таптакыр
алыстап башка дүйнөдө жүргөндөй
болчу.
- Ээй, ким бар ары жакта!
Анын кыйкырыгына эч ким жооп
берген да келген да жок,баары
тымтырс, сыягы бул жер төлө
кандайдыр бир чоң үйдүн ичинде
ал эми үй болсо сыртынан
кулпуланып бекитилген окшойт.
Диананы бул жер зынданга алып
келатышканда көздөрүн да
колдорун да таңып ташташкан.
Кандай киргенин билбейт.
Кыйкырып атып тажаганда кайра
шалдайып отуруп калды. "Чын эле
акчалар каякка жашырылды болду
экен? Мен өзүм билбейм да аны.
Ташкендин кайсы бир люгунан
издейм аларды, булар менин
арамзаланып айтканымды билип
калышчу болсо эмне кылам. Анда
ого бетер өчөшүп, ого бетер
көрбөгөн кордуктарды көрсөтүшү
мүмкүн. Дегинкиси аябай аяр, сак
болоюнчу өзүмө-өзүм балээни
үйбөй".
АЗГЫРУУ
Жер төлөдө эки-үч сааттай жаткан
соң жогору жактан кандайдыр бир
дабыштарды угуп, ордунан атып
тура калып, катуу кыйкыра
баштады.
- Ээ-эй, ким бар ары жакта?!
Тээ бир топтон кийин гана алиги
эргежээлдей болгон топтомолок
болгон кишинин башы көрүндү.
- Эмне кыйкырасың, ажааткана
керек болуп калдыбы, турбайбы
горшогуң ары жакта.
- Мага силердин шефиңер керек…
- Ага эмне айтмакчысың мага деле
айта бер, мен шефке айтып барам.
Шеф азыр жок, эки күндөн кийин
келет, мага деле айта берсең
болот…
Диана өзүнчө ойлонуп калды
"балким мунун тамырын тартып,
алдап көрсөм кандай болот.
Ушунун өзүнүн башын айландырып
анан бир жолун таап качып
кетпейминби. Эгер бул көнбөсө
айла жок тигилердин башын
айландырам" . Диана бир аз турган
соң жогорудагыга акырын үн
катты.
- Сенин жаныңда ким бар, же
жалгыз элесиңби?
- Менин жалгызмынбы же дагы
кишилерим барбы сенин кандай
жумушуң бар ыя? Эмнеге
чакырдың айтпайсыңбы? Бол
ылдам, айтчуңду айтып кал, менин
зарыл иштерим бар кетем азыр…
- Жалгызсыңбы, адегенде ошону
айтчы, анан айтам?!
Жогорудагы башын көтөрө
айланасына бир сыйра көз
чаптырып алды да кайра төмөн
жакка үңүлдү.
- Болуптур жалгызмы деп эле
коёюн, эме айтайын дедиң эле?
- Бул өтө важно, жалгызсыңбы
чыныңды айтчы?
- Өтө важно дейсиңби, жалгызмын,
айта бер важно нерсеңди?
- Эгер жалгыз болсоң анда
мындай… Азыр шефиң да жок
экен, эки күнгө бир жакка кетти
деп атпайсыңбы. Акчаларды
кайсыл жерге катканымды мен
гана билем, аны караңгыда эч ким
жокто, элдин баары уктап
жатканда ишенимдүү жерге
жашыргам…
- Жашыргам дейсиңби, каякка
жашырдың эле, бардыгы канча сом
эле?
- Шашылба, ал экөөбүзгө өмүр бою
жетет. Андан көрө шефиң келе
электе мени бул жактан бошотуп,
үстүнө алып чык. Эч кимге
көрүнбөй экөөбүз акча катылган
жерди табабыз да тээ алыска,
булар бара албаган жакка качып
кетебиз…
- Анын сөзүнө тиги боору эзиле
каткырып күлө баштады. Бир
топко күлүп алды да дароо тып
басыла кабагын бүркөй кайра
төмөн карай үңүлдү.
- Балким мени алдап жаткан
болсоңчу, сенин эмнелерди ойлоп,
пландаштырып койгонуңду мен
кайдан билем?
- Анда өзүң бил, бир жакшы шанс
берип атам, ошону колуңдан
чыгарып жибергени жатасың.
Мындай шанс өмүрүңдө бир гана
жолу келет, келбесе таптакыр эле
келбейт. Макул болбосоң мага
баары бир, эки күндөн кийин
шефиң келет анан ага акчалардын
каякта экенин көрсөтүп берем.
Өзүмө тигилер беришкен долямды
алам да өз жолума түшүп кете
берем, а сен баарынан куру жалак
каласың…
- Сен менин көп башымды
айлантпа сулуу кыз, баса атың ким
болот, ушунчадан бери
сурабаптырмын да?
- Айсулуу…
- Айсулуу-уу? Демек мындай
Айсулуу, менде үй-бүлө, бала-
бакыра деген бар ошолор эмне
болот. Алар мага ишенишип сени
кайтартып коюшту, бул үчүн
жакшы акча төлөшөт. Мендей
айлык алган Ташкент түгүл Орто
Азия боюнча да жок болуш керек.
Кудая шүгүр оокатым жаман эмес,
керек болсо ме деген ушулардын
аркасы менен жашап жатам. Эгер
чын эле акчалар каякта
катылганын айткың келсе шеф эки
күндөн кийин келет, ошонун өзүнө
айт. Балким алар сени бошотуп
жиберишээр туткундан, кыскасы
көп менин башымды айлантпа.
Болуптур, башка айта турган сөзүң
жокпу, кеттим анда, - ал ары
көздөй басып кетип калды.
"Биринчи аракетимден эч майнап
чыккан жок, экинчи тигилерге
жасаган аракетим кандай болоор
экен. Балким алардан да майнап
чыкпай калса эмне кылам? Анда
эле менин шорум шорподой
кайнады дей бер, акыры менин
түбүмө жетип тынышат. Эмне
кылсам, кандай амал ойлоп
тапсам. Акчалардын кайсыл жерге
катылганын эстей албай жатам,
анткени Ташкентти жакшы билбейм
деп тигилерди үмүттөндүрүп,
издеттирип убакытты чоё берейин.
Анын ортосунда дагы бир амал
ойлоп таап, качып кетээрмин" .
Эртеси таң атпай алиги киши баш
бакты. Көздөрүн жалжылдата
жылмайып күлүп да алыптыр.
Калай мискейге бир нерселерди
салып, жипке байлап төмөн карай
жөнөттү. Ичин ача салса колбаса,
куурулган тооктун эти, жумуртка,
быштак, нан, суусундук ичимдиктер
бар экен. Эки жарым айдан бери
ал мындай тамак жеп көргөн эмес
болчу. Анын үстүнө таң атпай эле
мындай даамдуу тамактарды алып
келгенине таңгалып калды.
Тамакты түшкө жакын шылдыраган
суу шорпо менен эки-үч кесим нан
гана алып келчү.
- Көптөн бери мындай тамак
жебей, аябай арыктап, сөөктөрүң
эле калды. Жакшылап тоюп, жеп
ал, эч кимге билгизбей, көргөзбөй
алып келдим.
Диана эч сөз айткан жок,
алдындагы даамдуу тамактарды
сугалактык менен жеп кирди, тигил
болсо үстү жакта өзүнчө сүйлөнүп
жатты.
- Абайлап же, өзөгүңө түшүп кетет,
кичинеден же. Баса, айтмакчы,
акчалардын каякта катылганын
чын эле билесиңби? Диананын
сүйлөгөнгө оозу бош эмес болчу,
тек гана ооба дегендей башын
ийкегилеп тамактарды жеп жатты,
- А эгер мени алдап качып
кетсеңчи, буга кантип гарантия
бере алам?
- Өзүң деле көрүп турасың качып
кеткенге дарманым да жок
алсызмын, кантип эле мени
качырып жибере аласың. Сен деген
эркексиң а мен болсом али эне
сүтү оозумдан кете элек жапжаш
кызмын…
- Канчадасың?
- Он сегизде…
- Он сегизде-ее-е? Койчу, мен сени
жыйырма, жыйырма бештерде экен
деп атпаймынбы.
- Кордук көрүп, өзүмө карабай
жүдөп, арыктап жүрсөм албетте
ошондой көрүнөм да.
- Болуптур, кана айтчы кызым,
акчаларды каякка жашырдың эле?
Диана унчукпастан алдындагы
тамагын шашпай жей берди.
Үстүндөгү кишинин чыдамы чыгып
кетти.
Эмне унчукпайсың айтпайсыңбы,
акчаларды каякка каттың эле?
Диана шашпастан тамагын жеп
бүтүп, оозу-башын тазалап анан
өйдө жакты карады.
- Биричиден ме анын каякта
экенин айтпайм, экинчиден өзүм
барып көргөзүп берейин. Мындай
айта албайм кайсыл жерде
катылганын, Ташкентти жакшы
билбейм. Мен көрөгөзүп
бермейинче таба албайсыңар.
- Таба алам айта бер…
Анын куулугуна, ачкөздүгүнө,
аңкоолугуна Диананын бир
жагынан жини келсе, экинчи
жагынан күлкүсү келип атты.
- Адегенде мени бул жактан чыгар,
анан акча катылган жерге экөөбүз
чогуу барабыз. Эскертип коёюн,
артык баш адам болбосун, алардын
экөөбүзгө тоскоолдук кылгандан
башка пайдалары тийбейт. Керек
болсо экөөбүздү тең өлтүрүп
салышып акчаларыбызды алып
кетиши мүмкүн. Кана, алдагы
капкакты ачасыңбы?
Тиги да дегеле шашып койгон жок,
Диананын ар бир кыймылын сынай
карап турду.
- Жок ачпайм, сен мени алдап
качып кеткени турат окшойсуң.
Бул жакка чыкканда өзүңдүн
кишилериңе кабар бери мени
өлтүрүп кетсеңчи?
- Биринчиден мен деген бул
жерлик эмесмин, экинчиден бул
жактагылардын бирөөсүн да
тааныбайм. Эгер бирөөсүн эле
тааныган болсом, эбакта бул
жактан көздөн кайым болмокбуз,
үчүнчүдөн…
- Болуптур үчүнчү, төртүнчү деп
мага түшүндүрүүнүн кажети жок,
качып кетүүгө аракет кылсаң өзүңө
өзүң кыласың. Менде тапанча бар,
желкеге атып салам да кете берем.
- Ал чөнтөгүнөн ачкычын алып
чыгып тор темирдин кулпусун ача
баштады. Капкакты ары оодарып
салып бери көтөрүлүп чык
дегендей белги берди. Диана
темир шаты менен жогору карай
көтөрүлүп чыкты. Эки айдан ашык
жер төлөдө камалып жаткандыктан
кадимкидей өзүн эркин сезип,
абаны кере-кере дем алып жатты.
- Кыскасы мындай, сыртта менин
машинем турат. Акырын чыгып эки
жакты абайлап карап, эч ким жок
болсо акырын белги берем, сен
үйдөн атып чыгып чуркаган
боюнча машиненин ичине кирип
кетесиң. Мен болсо шашпай бул
үйдү бекитип анан артыңан барам.
Ага чейин машиненин ичине былк
этпей отур. Айланадан бирөөлөр
көрүп калбасын, түшүндүңбү?
Диана түшүндүм дегендей башын
ийкегиледи. Ал акырын сыртка
чыгып кетти дагы эки жагына көз
жүгүртө эч кимдин жок экенине
чындап ишенген соң кайра үйгө
кирип тигиге белги берди. Диана
сыртка атып чыгып өзүнөн беш-
алты кадамдай жерде турган
жигулинин ичие кирип кетти.
Айтканындай эле ал шашпай чоң ак
үйдүн эшиктерин кулпулап бекитти.
Анан машинесин айдай чоң темир
дарбазадан өтүп, короодон сыртка
чыкты да дарбазаны сыртынан
кулпулап бекитти. Чын эле бул
жакка эч ким баш бага алчудай
эмес, короо аябай бийик экен.
- Кана, Айсулуу машинени каякка
айдайын айта бер?
- Өзүм да билбейм, каякка айда
дээримди. Жаңы салынып аткан
үйлөр бар болчу.
- Ой андай үйлөр толуп атпайбы
калаада. Жакшылап эстечи, кандай
үйлөр эле?
- Канча кабаттуу экенин билбейм,
сыягы сегиз-тогуз кабаттуу болуш
керек. Караңгы болчу, жакшы эстей
албай калыптырмын, бирок көрсөм
дароо эле эстейм.
- Шаарда жаңы салынып жаткан,
бүтпөй калган үйлөр көп, кайсы
бирине барабыз эми?…Болуптур
анда бир жак четинен баштайбыз,
мен кайсыл жерде кандай үйлөр
салынып атат жакшы билем,
кеттик анда…
Тигил жигулисин от алдыра жеңил
машине ордунан козголду.
КҮТҮЛБӨГӨН БЕЙТААНЫШТАР
Айдоочу машинеде Дианага бир
нерселерди айтып келатты.
- Кыскасы, түнү-бою үй-бүлөбүз
менен акылдашып-кеңешип
уктабай чыктык. Бойго жетип
калышкан эки уулум бар. Мен
макул болбой жаттым эле аялым
баш болуп үчөө үч жактан
кулагымдын кужурун алып атышып
акыры мени көндүрүштү. Сага эрте
келгенимдин себеби да ошол
болду. Бир нерсе болуп кетип бул
жактагылар мени издеп калышса
үй-бүлөмө залакасы тийбесин деп
аялымды эки уулум менен
төркүнүнө жөнөтүп жибердим. Ким
билет, ар кандай болуп кетиши
мүмкүн да туурабы. Кудай буюруп
акчаларды тапсак, дароо эле
арттарынан жетип барам. Анан үй-
бүлөбүз менен алыс жакка качып
кетип жашай беребиз. Алыскы тоо
тарапка качып кетем да күтүрөгөн
мал алып, сарай сатып алып, үй-
бүлөөм менен тынч ошол жакта
жашай берем. Чынын айтканда
шаардын ызы-чуусунан аябай
тажап кеттим. Эне-атам малчы
болчу, мен дагы тоо-ташка, таза
абага көнүп калгам. Акча колго
тиери менен эле дароо көздөн
кайым болом.
"Сарт санаасы менен байыт" болуп
тигил бооланган акчалуу болооруна
жүз пайызга ишенип, өзүнчө эле
кыялданып жатканына Диананын
аябай күлкүсү келди. Бирок
унчуккан жок. Экөө кандайдыр
толук курулуп бүтпөгөн көп
кабаттуу үйлөрдүн жанына келип
токтошту. Ал Дианага кайрылды.
- Жакшылап эстечи ушул жербеле?
- Билбейм, караңгы болчу, жакшы
эстей албай калыптырмын…
- Эсте жакшылап, убакыт тар, шеф
эртең келет, ошого чейин
акчаларды таап көздөн кайым
болуп кетишибиз керек. Кана жүрү
тияк жакка, жакын барып,
жакшылап эсте… Экөө сыртка
чыгышып жаңы курулуп жаткан
үйлөрдүн жанына келишти. Диана
катуу эстеп жаткан кишидей
үйлөрдү бир карап, короо ичин бир
карап, көздөрүн жума ойлонуп,
анан үйдүн ичине баш бакты.
Эптеп ыңгайы келсе качуу керек
эле. Артындагы алиги киши эки
жагына көз жүгүртө чөнтөгүнөн
тапанчасын сууруп чыгып, тигиге
көрсөтүп койду.
- Качып кутулуп кетем деп ойлобо,
мунун глушители бар тапанча,
торойто атып салам.
Диана үйлөрдү бир сыйра
кыдырып, жарым сааттай
убараланып анан бул эмес
дегендей башын чайкай тигиге
карады.
- Анда кеттик башкасына.
Экөө дагы ушуга окшогон жаңы
салынып жаткан үйлөргө барышты.
Ал жерде курулушчулар иштеп
жатышыптыр.
- Жок, бул эмес, ал жерде стройка
токтоп строителдер түгүл
кароолчусу да жок болчу.
- Бая эле ошентпейсиңби анан, -
тигил кубанып кетти, - ал деген
шаардын чет жакасында да, түш
машинеге, кеттик ошол жакка.
Машине зуулдап заматта эле
кандайдыр толук салынып бүтпөй
калган көп кабаттуу үйлөргө жетип
барды. Диана аны көрүп жүрөгү
бир "болк" деп алды. Тааныш
үйлөр экен, ал так эле ушул жерде
бир топ күн жашаган. Куугунчулар
келишкенде люкка кирип
жашынбады беле. Экөө бул үйдү
айланта кыдырып текшере
башташты.
Ошол маалда күтүлбөгөн жерден
короого эки чет элдик машине
катуу атырылып кирип келишти да
ичинен беш-алты адам атып
чыгышып Диананы качканга
үлгүртпөй кармап калышты. Анын
жанындагы кичинекей томолок
киши ортого түшүп кийлигишейин
деди эле кандайдыр бир темир зат
менен башка катуу жеп оңкосунан
сайылды. Сыягы булар эртеден
бери буларды дүрбү менен аңдып,
"сотовый" телефон менен бири-
бирине кабарлап коюшса керек.
Алар дароо Диананы
машинелерине отургузуша
кайдадыр зуулдап айдап жөнөштү.
Булардын ким экенин Диананын
өзү да түшүнбөй калды. Ордунан
жулкунуп каршылык көрсөтөйүн
деди эле тигилердин бирөөсү анын
кыз экенине карабай бир-эки жолу
чаап, муштап да жиберди. Катуу
соккуга Диананын башы эңгирей,
шалдая отуруп калды. "Мага
мынчалык орой мамиле
жасагандай булар ким болду экен,
мен буларга эмне жазык кылдым?"
- Диаа эч нерсеге түшүнбөй кетип
баратты эле алдыңкы орундукта
отуруп машине айдап бараткан өңү
тааныш адамды көрө коюп жүрөгү
"болк" эте түштү. Ал Бишкектеги
жашыруун аялдар түрмөсүнүн
кожоюну Марат Исабековдун
кишиси болчу. "Бүттү ишим, өлдүм.
Ташкенттен эбакта качып кетиш
керек болчу. Эми мени өлтүрүп
туруп, мурунку өлгөн кыздардай
өлүгүмдү кислотага салып ээритип
жиберишет. Мени эч ким билбей
калат ушул боюнча" Диананын
адегенде эле көзүнө өлүм
элестеди. "Булар мени баары бир
өлтүрүп, көзүмдү тазалашып,
жайлап тынышат. Качпаш керек
болчу, качкандан кийин кармалбаш
керек болчу. Качкандар кандай
жазага туш болушарын эскертип,
айтып эле келишпедиби. Аларды
кандай жазалашканын бардыгын
өз көзүм менен көрбөдүм беле. А
мен аларды уккан жокмун, мына
өзүмө өзүм өлүм тилеп алдым. Ээ
Кудайым, ушинтип Ташкенден
узабай эле кайра кармалып
калдымбы. Эми эмне кылам,
кимден жардам сурайм? Мына
ичээр суум бүтүп, жашоомдун
акыркы чегине жеттим окшойт.
Кой кандай болсо да качыш керек,
кандай айла кылсам, жөндөн жөн
эле өлүмгө моюн сунуп беремби?
Жок, болбойт, көчөдө
бараткандардан жардам сураш
керек…
Катуу бараткан чет элдик машине
светофордун кызыл жарыгы
күйгөндө токтоп калды. Күтүлбөгөн
жерден Диана ордунан атырыла оң
капталында отурганын болгон күчү
менен түртүп эшикти ачып
жиберди да сыртка атып чыкты.
Машинеден асфальт жолго кулап
түшкөн киши эсине келе Диананы
бутунан кармап калганга үлгүрдү.
Ага удаалаш Диана да асфальтка
эт-бетинен кулады, бирок ага да
болбой тигини экичи буту менен
тээп бутун ажыратып алды да
ордунан атып тура бет алды
чуркап жөнөдү.Анын артынан
куушкан үч-төрт эркек бат эле кууп
жете келишип, туш-туш жактан
жабыла кармап калышты. Диана
колдон келишинче каршылык
көрсөтүп айланасындагыларга
кыйкыра баштады.
- Эмне карап турасыңар жардамга,
булар мени өлүмгө алып
баратышат!
Ары-бери өткөндөр эч нерсе
түшүнүшпөй ооздорун ача мындай
күтүлбөгөн окуяга таңгала карап
калышты. Лөкүйгөн төрт жигит
кызды балыктай туйлата машинеге
көтөрүп барып салышты да
кайдадын жөнөп кетишти. Арадан
болгону эки-үч мүнөттүк да убакыт
болгон жок, көз ачып-жумганчалык
мезгилде кандай ызы-чуу болсо
ошондой эле тып басылды.
Элдердин баардыгы бири-бирин
караша, ийиндерин күйшөшүп, эч
нерсе кыла алышпай дендароо
боло туруп калышты. Ары жакта
машинесинин алдын ачып алып бир
нерсесин чукулап жаткан бир гана
жигит кызга жардам бергени бери
жүгүрүп келип үлгүрө албай калды.
Тигил машине өтө эле тездик
менен ордунан аткан октой жүрүп
кетип, заматта көздөн кайым
болду. Бул жигит Ибрагим болчу,
машинеси бузулуп калып жолдун
четине токтото, бир нерсесин
карап чукулап жаткан. Күтүлбөгөн
жерден эле Дианага окшош кыз
өзүнөн жыйырма беш кадамдай
алыс жерден машинадан атып
чыгып, айланасындагылардан
жардам сурап кыйкырганда, эмне
болуп кеткенин түшүнбөй таңгала
карап калган. Эсине келип чуркап
баргыча машие заматта көздөн
кайым болуп кетти. Кууп жетип
үлгүрө да албай калды, шашатысы
кетип жатып "Диана! " деп
кыйкырганга да жетишкен
жок.Өчөшкөндөй машинесинин да
от албай калганын карабайсыңбы.
Эмне кылаарын билбей жер
тепкилеп, туйлап жиберди. "Диана
экен, ооба Диаа… дал эле Диананы
көрдүм, жаңылган жокмун. Кара
басып, бул жакка алаксып
калганымды карачы, бир-эки
мүнөт эле мурунураак аларга көңүл
бөлгөндө үлгүрүп калмакмын" . Ал
машиненин номурун чала-чарпыт
эстеп, кызыл өзүнүкүнө окшош
Мазда машинеси экенин эсине
туюп калды. Машиненин сол
жагында сүзүшкөндөн калган анча-
мынча так бар экен. Ибрагим ошол
өзгөчө белгини эстеп калган болчу.
Кызыл Мазда машинесинин
заматта көздөн кайым болуп
кеткен жагын көпкө тиктеп турду,
өзүнүн машинесинин от албай
жатканына жиндене колунун
ооруганына карабай эки-үч жолу
чаап-чаап жиберди. "Ташкенттен
эле чыгып кетпесе бул машинени
жерден чукусам да табам", -
Ибрагим ооздон жемин алдырган
бүркүттөй болуп ызырына,
кимгедир ачуусу келе, өзүнүн
жанын коёрго жер таппай турду.
ЖАЗА
Эки-үч жигит машиненин ичинен
эле Диананы ур-токмокко алып
сабап, эки колун артына кайрып
туруп байлап, оозун таңып
салышкан болчу.
Аны баягы өзүнө тааныш үйгө
алып келишти. Короонун ичине
киргенде дарбаза дароо бекилип,
эки-үч жигит Диананы
жулкулдатып машиеден сүйрөп
чыгышты. Диана эки колу байлануу
болсо да баспай каршылык
көрсөтүп жатты. Далдайган
жигиттердин бирөөсүнүн ачуусу
келип кетти окшойт барскандай
болгон колу менен Диананы бет
талаштыра катуу чаап калды эле
ал оңкосунан сайыла эсин жоготуп
койду. Бирөөсү аны ийнине арта
сала үйгө көтөрүп кирип кетти.
Анан төркү бөлмөгө алып келип
тактай полго ыргытып таштады. Ал
жерге заматта эле беш-алты эркек
чогула калышты.
- Кана, ошол бекенби? Точно эле
ошол, кызыл көйнөк кийип болбойт
го. Алигиче Ташкенден кете албай
жүрүптүрбү?
- Чөнтөгүндө бир тыйын акчасы
жок болсо, кеткенде каякка бара
алмак эле. Суу алып келип чачып
эсине келтирчи…
- Ырас болду, кайра Бишкекке кете
электе кармап алганыбызга.
Болбосо Марат Исабеков биздин
сазайыбызды бермек, качырып
жибергендигибиз үчүн.
- Мейли өзүнөн көрсүн өзүнө өзү
кылып алды, эми буга кандай чара
колдонобуз шеф өзү чечет…
Диана жерде жатып ушуларды угуп
атты. Бирөөсү келип бетине бир
стакан суу чачты эле башын чайкай
ичиркене көзүн ачып жиберди.
Беш-алты эркек жеп жиберчүдөй
карай тегеректеп турушуптур.
Бирөөсү аны тапатак көтөрүп
туруп столго отургузуп койду.
Бардыгынын өңдөрү тааныш.
Кыздардын үстүнөн караган
толмочунан келген мурутчан такыр
баш киши Диананын так бет
маңдайына басып келди дагы
акшырая үн катты.
- Ии качкын кыз, элдин баарын
дүрбөтүп, ызы-чуу кылып андан
пайда таптыңбы. Качып кутулуп
кетем деп ойлодуңбу? Эсиңде
болсун биздин узун укуруктан эч
ким бошоп кеткен эмес. Тээ
илгертеден эле эскертип какшап
келатабыз го качкын кыздар же
качууга аракет жасагандар кандай
жазаларга татыктуу болуп
атышканын, өзүңдүн көзүң менен
көрүп жүрбөдүң беле. Же алардыкы
сага сабак болгон жокбу. Сабак
болбосо, мээңе жетпесе анда бат
эле жеткиребиз. Аны өз башыңдан
өткөрөсүң. Сенин бул дүйнөдө
жашашың, жашабашың аны
кожоюнубуз өзү чечет. Кудай
буюрса бүгүн кечинде аны менен
байланышабыз, - ал
жанындагыларга буйрук бере
сүйлөдү, - муну тигил жакка алып
барып камап салгыла! Бүгүн
кечинде кыздардын бардыгын
чогулткула, буга кандай жаза
колдонуларын бардыгы өз көздөрү
менен көрүшсүн.
Ары жакта турган жигиттердин
бирөөсү Диананы жулкулдатып
сүйрөп барып, эшик-терезелери
темир менен тордолгон ичи тар
бөлмөгө камап салды.
"Мага убал жок, атайын качып
чыккандан кийин бул жакта
темселебей дароо эле көздөн
кайым болбоймунбу. Көчөдөн
такси кармап эле сураган акчаңды
берем деп дароо кетип калбайт
белем. Сураган акчасын Бишкекке
жетип алгандан кийин деле
бермекми да, же пост ГАИ,
таможенныйлардан өтө албайт
белем? Мени эми эмне кылышат
болушту экен? Беркил кыздардай
өлтүрүп салышпаса экен. Анча-
мынча эркиндикке чыкканым
менен кандай гана азап-
тозокторду көрдүм. Аз жерден жер
алдында калып өлүп кала да
жаздадым. Байкуш бул туткун
кыздарга кайда барсаң да
Мамайдын көрү турбайбы.
Милициялардын бардыгы менен
байланышта болушса биз кимге
арызданып бара алабыз да
кимдерден жардам сурайбыз. Эми
меи эмне кылышаар экен? Бүгүн
кечинде тигил жак менен
байланышабыз дешпедиби, ал
чечет да менин тагдырымды эмне
кылышса ошол кылышсын. Деги
жаманды аман калтырышса экен".
Айланага күүгүм киргенде эшиктин
кулпулары шыртылдап ачыла
баштады. Диананын жүрөгү оозуна
тыгыла, бир жамандыкты сезе
сырттагыларды күтүп калды. Көп
өтпөй эле өзүн бул жакка сүйрөп
келген далдайган жигит Диананы
колдон кармай кайра сыртка
сүйрөп чыгып, кууш коридор менен
жетелп жөнөдү. Каякка алып
баратканын Диана сезип турду.
Чоң, ичи жарык залга алып кирди,
ал жакта өзү менен келген он алты
жаштан жыйырма жашка чейинки
ар кайсы улуттардын кыздары бир
катар болуп тизилише Диананы
жалдырай карап тосуп алышты.
Эмне кылышаар экен деп чочулаша
бир Диананы бир бери жактагы
кишилерди карап турушту. Башы
тысырайган толмочунан келген
мурутчан киши баарын кыдыракей
карап алды.
- Мен башынан эле силерге
эскертип айтып жүрөм, качпагыла,
качууга аракеттенбегиле. Балээнин
баарын өзүңөргө үйүп аласыңар
деп. Качкан кыздар эч жакка кете
алышпайт, жер тоголок, качсаңар
айланып келип эле кайра
өзүбүздүн колубузга түшүп
бересиңер. Мынакей мындан эле
өзүңөр пример алгыла, качып
кайда кете алды. Качып кайра эле
Кыргызстанга барат да, ал жактан
кайра эле биздин
сыйыртмагыбызга түшөт. Милиция,
сот, прокуратура баары тең
өзүбүздүн колубузда. Эч кимге
жалоб жасай албайсыңар.
Качтыңарбы, анын жазасын
өзүңөрдүн моюнуңар менен
тартасыңар. Бул силер үчүн чоң
сабак болот. Кана баштагыла!
Ары жакта турушкан далдайган
эки-үч жигит бери басып келишип,
шапа-шупа Диананы колдон
кармай калышты да эки колун
калың жип менен бекем байлашып
өйдө жактагы илгичке катуу
тарттырып асып коюшту. Анан эки
бутун да байлашып жипти экинчи
учтарын жыгач полдогу чыгып
турган казыкка ороп салышты.
Диананын эки буту эки колу катуу
керилип кыймылдай албай калды.
Булар эмне иш кылганы жатканын
ал беш колундай эле билип турду.
Мындай көрүнүштү далай эле жолу
өз көзү менен көргөн.
Далдайган жигит ичке тал чыбык
алып келди да "зуу-зуу" эттире
үнүн чыгара абага ары-бери
шилтеп койду. Анан болгон күчү
менен Диананын кечээ жакында
ордо жатканда кийген кыпкызыл
болгон көйнөктөрүн ары-бери
тытмалап айрып жиберди. Эч
нерсесин калтырбай энеден туума
жыпжылаңач кылып чечип салды.
Баарыңар карап тургула дегендей
узун ийилчээк тал чыбыкты ары-
бери ойноктотуп, анан керилип
туруп болгон күчү менен Диананы
жамбашка шилтеп калды. Дароо
жамбашына кыпкызыл болуп
чыбыктын изи түшүп калды.
Экинчи жолу чапканда Диана
чыдай албай көздөрүн жумуп
жиберди, бирок кыйкырган да
онтогон да жок. Анын солк
этпегенине жини келген жигит
ачуулана болгон күчү менен кылыч
шилтеп жаткансып ары шилтеп,
бери шилтеп сабай берди. "Өзүм
күнөө жасадымбы чыдаш керек,
кандай болсо да чыдаш керек. "Ал
катуу тиштенгендиктен жаак эттери
катуу түйүлүп турду. Адатта ичке
тал чыбык менен катуу сабай
баштаганда эле кыздар ары-бери
туйлап, чучуктай ыйлап, сабап
аткан кишисине жалынып-
жалбарып "экинчи качпайм, сөз
берем" деп чыдай албай кетишчү.
Диана кыйкырмак турсун онтогон
да жок. Буга ачуусу келген алиги
жигит болгон күчү менен керилип
туруп чапты эле Диананын арты
тилинип, кан сызылып ага
баштады. Өмүрү мындай кыйноону
көрбөгөн Диана тим эле тозоктун
отуна кайнап жатты. Айылдасы
атасы менен апасы карап,
боорлору оорут турушкандай аз-аз
жерден озондоп ыйлап жибере
жаздап тиштенип турду. Сабап
жатып тажаган жигит чыбыкты
экинчисине берди. Ал дагы сабай
баштады, кыздын артында соо
жери калган жок. Тилим-тилим
болгон издер калып, кызыл жаян
кан каптап кетти.
Ушундай кордуктан көрө өлгүсү
келип кетти, жаны мынчалык
кыйналбай жай ала түшмөк.
Чыбыктын уусуа денеси жалкоотай
тарта чапкан сайын жыйрыла
түшүп атты. Анын ар бир кыймыл-
аракетин сынай карап турган
такыр баш киши эркинин
күчтүүлүгүнө баа бере башын
чайкап койду. Бир кезде Диананын
башы айланып, жер айлан-көчөк
боло баштады. Өз боюн өзү
кармана албай эки колу асылган
боюнча салаңдап калды. Алиги
такыр баш киши тигини токтотуп
койду.
- Болду жетишет, чыбыктын уусу
өтүп кетсе өлүп калышы да
мүмкүн. Муну жөдөн жөн эле
өлтүрө койбош керек. Өз азабын
тартып жатып өлүшү тийиш,
кыйноого, азапка чыдай алса
жашап кетиши да мүмкүн, чыдай
албаса өлүп тынат, - ал бери
жактагы жарданып карап турган
кыздарга кайрылды, - көрдүңөрбү
кандай болоорун. Качсаңар силер
дагы мунун кейпин кийесиңер. Бул
алгачкы эле кыйноосу, дагы
көрөсүңөр бул досуңардын кандай
кыйналганын. Эсиңерге дагы бир
жолу түйүп алгыла, качып эч жакка
кете албайсыңар. Момундай болуп
жазалангандан башка пайда
таппайсыңар. Баргыла, тарагыла.
Кечкиге даярдангыла,
уставдагылардын ар бирин
эсиңерге түйгүлө, окугула,
жаттагыла!
Эртеден бери Диананы аянычтуу
карап, өздөрүнөн да чочулап
турган кыздар акырындап жай
жайларына тарай башташты.
Алардын бардыгы өз бөлмөлөрүнө
кетишкен соң бери жакта турган
кишилер өз ара сүйлөшүп киришти.
- Эң башкысы бул өзү кармалды,
түрмө жөнүндө бирөөлөргө айтып
койбосо эле болду.
- Муну эмне кылалы шеф?
- Эмне кылмак элек кыздардын
көзүнчө аябай кыйнап туруп көзүн
тазалап таштайбыз. Өлүгүн
кислотага салып туруп ээритип,
жок кылып салабыз. Бул биринчи
эле жолкусу эмес да. Биздин сөздү
уккусу, моюн сунгусу келбейби, өзү
ушуга татыктуу болду. Эч нерсебиз
кемибейт, мындай кыздар көчөдө
толуп эле жатпайбы, чекесинен
чертип тандап алабыз.
- Муну эмне кылалы, ушинтип
асылып тура берсинби же колу-
бутун бошотуп бөлмөгө алып
барып сыртынан кулпулап камап
таштайлыбы?
- Тим жайына кой, бүгүнчө ушул
жерде асылып турсун, эртең
аркасына ысык темир
бастырабыз… анан кыйкырбаганын,
чаңырбаганын, жалынып-
жалбарбаганын, эркинин
күчтүүлүгүн көрөбүз…
Бардыгы Диананы бир сыйра
карап коюшту дагы сыртка чыгып
кетишти. Залдын эшигиндеги
темир торчолор жабылып,
сыртынан кулпуланды.
Ызы-чуу болуп жаткан зал заматта
тынчып, жымжырт боло түштү. Бир
аздан кийин эсине келген Диана
башын көтөрүп акырын көзүн
ачты. Эки колу калың жипке
асылган бойдон калыптыр, турайын
деп дарманы келбей кайра асылып
калды. Жарым сааттай асылып
туруп эптеп чымырканып ордунан
турду. Полго отурганга мүмкүн
эмес экен. Ылдый болсо эле эки
колу жипке асылып калат.
Чыбыктын уусу от менен жалын
болуп аркасын куйкалап, өрттөп
жаткан болчу. "Биринчи сыноосуна
эптеп чыдадым, экинчисине чыдай
аламбы же өлүп каламбы. Ушундан
көрөкчө өлүп калганым деле дурус.
Эгерде анча-мынча эле колумду
бошотушса муунуп өлгөнгө аракет
жасайм. Мындай жашоонун мага
кереги жок, тойдум баарына".
"Диана… Диана…" кандайдыр бир
үнгө башын көтөрүп каалганын
темир торунун сыртында турган
эски таанышы Замираны көрдү.
- Кандайсың Диана, эмне качып
кете албай калдыңбы. Эх-х, биз
сага ишенип аябай үмүттөнбөдүк
беле. Сени бизди куткарат деп
ойлогонбуз, көрсө Ташкентте эле
жүргөн турбайсыңбы кетпей.
Кандай гана өкүнүчтүү. Диана, угуп
атасыңбы мени, чыда эптеп.
Чыдай албасаң сени өлтүрүп
коюшат. Мейли эми, болор иш
болуп боёсу канды, кайра арабызга
келип кошулганга аракеттен.
Диана башын көтөрө сүйлөөгө
аракет кылды эле сүйлөй албай
койду. Замираны бир аз карап
турду анан кайрадан башы шылк
дей түштү. Башы тегерене эсин
жоготуп койгон болчу.
АЛГАЧКЫ СЫНОО
Кандайдыр муздак нерседен чочуп
ойгонду. Тээ жогору жакта аны
карап ырсайып кечөөкү Карлсонго
окшош киши өзүн карап туруптур.
Ал бөтөлкөдөгү муздак сууну
Диананын үстүнө чачып жиберди.
Өзүнүн кылган ишине өзү ыраазы
боло каткырып күлүп койду.
- Турбайсыңбы, уктап эле жата
бересиңби. Эбакта эле таң атып,
тирлик башталган.
Чын эле айланасы кадимкидей
жапжарык болуп калыптыр. Өткөн
жолку жер алдында адашып
жүргөндөгүгө караганда бул жак
жер төлө болгону менен күндүн,
түндүн айырмасын билип турса
болот экен.
Эртеси түшкө жакын эки-үч адам
болуп кечөөкү кишилер келишти.
Капкакты ачып шаты менен
бардыгы тең төмөн карай түшүп
келишти. Араларында чоочундар
да жүрөт.
- Кандай, биздин мейманканабызда
жакшы эс алдыңбы. Түнү бою тырп
этпей уктап жакшы эс алганың
көзүңдөн эле билинип турат. Кечөө
кыйналып жаттың эле бүгүн аябай
бодрый болуп калыптырсың…
Чынында эле кечөө аябай чарчап
көздөрү үлдүрөп араң турган
болчу, түнү бою тырп этпей уктап
жатканда булар акырын келип
байкап кетишсе керек. Диана
алардын тамаша, какшык аралаш
сөздөрүнө жооп берген жок.
- Курсагың ачкандыр, тамак
бериштиби булар?
Диана ага да жооп бербей унчукпай
тура берди.
- Сыягы тамак ичпесе керек, ысык
тамак алып келип бергиле,
курсагыңды биринчи тойгуз анан
сүйлөшөбүз.
Көп өтпөй эле бирөөсү ары жактан
калай мискейге ысык тамак алып
келип берди.
- Шашпай тамагыңды ичип ал, биз
жарым сааттан кийин
келебиз.Алдагы айрык көйнөгүңдү
чечип сал, сага башка көйнөк алып
келебиз.
Алар бардыгы кайра жабылыша
сыртка чыгып кетишти. Диана
өзүнчө тамак ичип отуруп ойлонуп
койду. "Булар эмне мынча сылык
болуп калышты мага, же мендеги
акчалар ушунчалык көппү буларды
бөжөңдөткөндөй. Ооба, андай
болушу да мүмкүн болчу. Түн
ичинде жыйылып турган
акчаларды баштыкка салып
атканда жалаң миң сомдук бир
таңгак акчаны көзү чалып калган.
"Эгер чын эле таңгак акчалардын
бардыгы миң сомдуктар болсо,
анда ошол баштыкчада эбегейсиз
көп акча болушу мүмкүн. Анткени
ал жакта долларлар да бар, "алдаса
болот жаш башты" дегендей мени
алдап, жатышкандарын карасаң.
Ме буларга жөндөн жөн эле алдата
койбосмун. Же чын эле мени
өлтүрүп коюшса эмне кылам, жок
өлтүрө коюшпас. Биринчи кезекте
аларга акча керек. Акчанын
дайынын билишмейинче мени
өлтүрүшпөйт. Азырынча өткөн
сөзүмдү айтып эле кайталап тура
берейи, балким мага ишенип
алышаар. Анда эле тигил
кишисинин ишинин бүткөнү,
ошондон көрүп калышат".
Көп өтпөй эле тигилер кайрадан
пайда болушту, өздөрү менен кошо
кыпкызыл болгон аялдын көйнөгүн
алып алышыптыр.
- Анан биз кеткенден кийин муну
которунуп кийинип ал. Сыртка
эркиндикке чыкканда кереги тиет.
Кана кандай чечимге келип
токтодуң, жакшылап ойлондуңбу
кечөөгүнкүнү…
- Ойлонгондо эмне, мен болгон
чындыкты кечөө күнү эле айттым
го, эч кандай акчаларды мен алган
эмесмин. Болгону кечөөкү кишиңер
меи дарбазадан сыртка чыгарып
жиберген. Бир таңгак түгүл, бир
сом акча да берген эмес, болгон
күнөөнүн баарын менин мойнума
илип, өзү сүттөн ак, суудан таза
болуп чыга келди. Эгерде менде
акча болгондо ушинтип жүрмөк
белем. Мен чынымды айтып
жатам, алган жокмун силердин
акчаңарды.
Диананын бет маңдайында
тургандарынын жүздөрүнө өзгөрүү
кирип, мостоюп калышты. Бир
аздан кийин такырбаш, мурутчан
кишиси акырын кабагын чытый үн
катты.
- Болуптур, сени менен
жакшылыкча сүйлөшө албайт
окшойбуз. Акчаларды кайда
катканыңды кийинчерээк өзүң
сайрап айтып бересиң, - ал артына
шарт бурулду да шаты менен өйдө
карай чыгып кетти эле калгандары
анын артынан ээрчишти. Өзүн
кайтарып турган томолок киши
башын чайкай кейип койду.
- Бекер кыласың сулуу кыз, баары
бир айттырып алышат. Аябай
көрбөгөн азап-тозокторду көрүп,
анан айтканча азыр эле айтып
койсоң болмок, өзүңө жакшы
кылмаксың. Менин дагы бир жолу
эскертээрим сага, пока кеч боло
электе айтып кой, болбосо өзүңө
эле жаман болот, - ал чыгып
баратып өзүнчө сүйлөнө тор
капкакты кулпу менен бекитип
жатты.
Ошондон кийин алардын
мамилелери өзгөрдү.
"Ойлондуңбу? " дешип кез-кез бир
келет, анан жоопту укпаган соң
кайра кетип калышат. Диана да
көк беттенип камалып жата берди.
Тигилер да ачууланыша тамак
бергенди уламдан-улам азайтып
баратышты. Мурун бир күндө үч
маал берсе, бара-бара эки маал
бергенге анан бир күндө бир эле
жолу бергенге өтүштү. Анан суу
менен нандан башка эч нерсе
бербей калышты.
Алар акырындап коркутуп-үркүтүп
сынаганга өтүштү. Бир күнү түн
ичинде уктап атса тигилер он
чакты килейген келемиштерди
үстүнөн таштап жиберишиптир.
Эмне кылар экен дешип акырын
үстүлөрүнөн акмалап турушту.
Алар Диананы азыр бакырып,
бизди жардамга чакырат деп
ойлогон, бирок андай болгон жок.
Диана келемиштерге көнүп,
алардан коркпой калган. Ордунан
атып туруп, жакын келгендерин эле
буту менен жалпайта, былчырата
тээп атты. Эки саатка жетпей
баардыгын өлтүрүп салды да эч
нерсе болбогондой кайра жатып
алды. Эртеси келемиштердин
бардыгын чогултуп, бурчка үйүп
койду. Өзүн ар кандай нерсе менен
коркутуп-үркүтүп сынаарын сезген
Диана бардыгына даяр болуп
турду. Эки-үч күндөн кийин
жыландарды ыргытты эле
матрацты алардын үстүнө таштап
үстүнөн жалпайта тебелеп
таштады. Нервин текшергени
чыйылдак нерселерди бир күн
кечке чыйылдатып коюп коюшту
эле кулагын басып, көзүн жумуп
жатып алды.
Булардан майнап чыкпасын сезген
тигилер эми айдан ачык эле
коркутуп-үркүтүп, сабап, башына
желим баштык кийгизишип,
тумчуктурушуп адам көрбөгөн
кордуктарды көргөзө башташты.
Бир күнү үч адам келип аз жерден
зордуктап да коё ташташты. Алиги
такыр баш кишиси келбегенде
зордуктап коюшу да мүмкүн болчу.
Ал келе калып тыйып койду. Же
атайын жасаштыбы ким билет.
Коркутуп-үркүтүп атып акыры
тажашкан соң аны жайына коюшту.
Ага келип эч кимиси көңүл да
бөлбөй калышты. Алиги томолок
киши кез-кез келип итке
ыргыткансып үстүнөн тамак
ыргытып коёт. Ошол боюнча
эртеки же эки күндөн кийин келет.
Ошентип Диана ордун ичинде эки
жарым айдан ашык жатты. Төрт
тарабы бирдей болгон бетондордон
башка эч нерсени көрбөйт. Ар
кайсыларды ойлоп атып тажап да,
жүдөп да, кыйналып да кетти.
"Чын эле мен эмнеге өзүмдү өзүм
азапка салып кыйналып атам,
андан көрө алдап, булардын
өздөрүнүн баштарын айлантып
көрбөймүнбү, балким ошонумдан
бир натыйжа чыгаар".
Диана акырын ордунан тура, алиги
топтоголок болгон кишини
кыйкырып өзүнө чакыра баштады.
Эки жарым айдан бери жер
алдында жатып ушунчалык тажап,
жүдөп, арыктап, аябай кыйналып
кеткен эле. Бир маал тамак алып
келгени болбосо ага эч ким келчү
эмес, өзү менен өзү сүйлөшүп эле
ар кайсыларды ойлоп отура берчү.
Тажаганда өзүн алаксытмакка
уктачу, бирок күндүзү уктап алса
түнкүсүн уйку жок болчу. Төрт
тарабы кыбыла бетон жер төлөдө
отуруп айласыз ары-бери басчу.
Баскандан тажаганда отурчу, анан
тигилер таштап кеткен матрацтын
үстүнө жата ар кайсыларды
ойлончу. Акыры баарынан
тажаганда ушундай чечимге
келген. Жер үстүндө эмне жаңылык
болуп атат эч нерсесин билчү
эмес. Жарык дүйнөдөн таптакыр
алыстап башка дүйнөдө жүргөндөй
болчу.
- Ээй, ким бар ары жакта!
Анын кыйкырыгына эч ким жооп
берген да келген да жок,баары
тымтырс, сыягы бул жер төлө
кандайдыр бир чоң үйдүн ичинде
ал эми үй болсо сыртынан
кулпуланып бекитилген окшойт.
Диананы бул жер зынданга алып
келатышканда көздөрүн да
колдорун да таңып ташташкан.
Кандай киргенин билбейт.
Кыйкырып атып тажаганда кайра
шалдайып отуруп калды. "Чын эле
акчалар каякка жашырылды болду
экен? Мен өзүм билбейм да аны.
Ташкендин кайсы бир люгунан
издейм аларды, булар менин
арамзаланып айтканымды билип
калышчу болсо эмне кылам. Анда
ого бетер өчөшүп, ого бетер
көрбөгөн кордуктарды көрсөтүшү
мүмкүн. Дегинкиси аябай аяр, сак
болоюнчу өзүмө-өзүм балээни
үйбөй".
АЗГЫРУУ
Жер төлөдө эки-үч сааттай жаткан
соң жогору жактан кандайдыр бир
дабыштарды угуп, ордунан атып
тура калып, катуу кыйкыра
баштады.
- Ээ-эй, ким бар ары жакта?!
Тээ бир топтон кийин гана алиги
эргежээлдей болгон топтомолок
болгон кишинин башы көрүндү.
- Эмне кыйкырасың, ажааткана
керек болуп калдыбы, турбайбы
горшогуң ары жакта.
- Мага силердин шефиңер керек…
- Ага эмне айтмакчысың мага деле
айта бер, мен шефке айтып барам.
Шеф азыр жок, эки күндөн кийин
келет, мага деле айта берсең
болот…
Диана өзүнчө ойлонуп калды
"балким мунун тамырын тартып,
алдап көрсөм кандай болот.
Ушунун өзүнүн башын айландырып
анан бир жолун таап качып
кетпейминби. Эгер бул көнбөсө
айла жок тигилердин башын
айландырам" . Диана бир аз турган
соң жогорудагыга акырын үн
катты.
- Сенин жаныңда ким бар, же
жалгыз элесиңби?
- Менин жалгызмынбы же дагы
кишилерим барбы сенин кандай
жумушуң бар ыя? Эмнеге
чакырдың айтпайсыңбы? Бол
ылдам, айтчуңду айтып кал, менин
зарыл иштерим бар кетем азыр…
- Жалгызсыңбы, адегенде ошону
айтчы, анан айтам?!
Жогорудагы башын көтөрө
айланасына бир сыйра көз
чаптырып алды да кайра төмөн
жакка үңүлдү.
- Болуптур жалгызмы деп эле
коёюн, эме айтайын дедиң эле?
- Бул өтө важно, жалгызсыңбы
чыныңды айтчы?
- Өтө важно дейсиңби, жалгызмын,
айта бер важно нерсеңди?
- Эгер жалгыз болсоң анда
мындай… Азыр шефиң да жок
экен, эки күнгө бир жакка кетти
деп атпайсыңбы. Акчаларды
кайсыл жерге катканымды мен
гана билем, аны караңгыда эч ким
жокто, элдин баары уктап
жатканда ишенимдүү жерге
жашыргам…
- Жашыргам дейсиңби, каякка
жашырдың эле, бардыгы канча сом
эле?
- Шашылба, ал экөөбүзгө өмүр бою
жетет. Андан көрө шефиң келе
электе мени бул жактан бошотуп,
үстүнө алып чык. Эч кимге
көрүнбөй экөөбүз акча катылган
жерди табабыз да тээ алыска,
булар бара албаган жакка качып
кетебиз…
- Анын сөзүнө тиги боору эзиле
каткырып күлө баштады. Бир
топко күлүп алды да дароо тып
басыла кабагын бүркөй кайра
төмөн карай үңүлдү.
- Балким мени алдап жаткан
болсоңчу, сенин эмнелерди ойлоп,
пландаштырып койгонуңду мен
кайдан билем?
- Анда өзүң бил, бир жакшы шанс
берип атам, ошону колуңдан
чыгарып жибергени жатасың.
Мындай шанс өмүрүңдө бир гана
жолу келет, келбесе таптакыр эле
келбейт. Макул болбосоң мага
баары бир, эки күндөн кийин
шефиң келет анан ага акчалардын
каякта экенин көрсөтүп берем.
Өзүмө тигилер беришкен долямды
алам да өз жолума түшүп кете
берем, а сен баарынан куру жалак
каласың…
- Сен менин көп башымды
айлантпа сулуу кыз, баса атың ким
болот, ушунчадан бери
сурабаптырмын да?
- Айсулуу…
- Айсулуу-уу? Демек мындай
Айсулуу, менде үй-бүлө, бала-
бакыра деген бар ошолор эмне
болот. Алар мага ишенишип сени
кайтартып коюшту, бул үчүн
жакшы акча төлөшөт. Мендей
айлык алган Ташкент түгүл Орто
Азия боюнча да жок болуш керек.
Кудая шүгүр оокатым жаман эмес,
керек болсо ме деген ушулардын
аркасы менен жашап жатам. Эгер
чын эле акчалар каякта
катылганын айткың келсе шеф эки
күндөн кийин келет, ошонун өзүнө
айт. Балким алар сени бошотуп
жиберишээр туткундан, кыскасы
көп менин башымды айлантпа.
Болуптур, башка айта турган сөзүң
жокпу, кеттим анда, - ал ары
көздөй басып кетип калды.
"Биринчи аракетимден эч майнап
чыккан жок, экинчи тигилерге
жасаган аракетим кандай болоор
экен. Балким алардан да майнап
чыкпай калса эмне кылам? Анда
эле менин шорум шорподой
кайнады дей бер, акыры менин
түбүмө жетип тынышат. Эмне
кылсам, кандай амал ойлоп
тапсам. Акчалардын кайсыл жерге
катылганын эстей албай жатам,
анткени Ташкентти жакшы билбейм
деп тигилерди үмүттөндүрүп,
издеттирип убакытты чоё берейин.
Анын ортосунда дагы бир амал
ойлоп таап, качып кетээрмин" .
Эртеси таң атпай алиги киши баш
бакты. Көздөрүн жалжылдата
жылмайып күлүп да алыптыр.
Калай мискейге бир нерселерди
салып, жипке байлап төмөн карай
жөнөттү. Ичин ача салса колбаса,
куурулган тооктун эти, жумуртка,
быштак, нан, суусундук ичимдиктер
бар экен. Эки жарым айдан бери
ал мындай тамак жеп көргөн эмес
болчу. Анын үстүнө таң атпай эле
мындай даамдуу тамактарды алып
келгенине таңгалып калды.
Тамакты түшкө жакын шылдыраган
суу шорпо менен эки-үч кесим нан
гана алып келчү.
- Көптөн бери мындай тамак
жебей, аябай арыктап, сөөктөрүң
эле калды. Жакшылап тоюп, жеп
ал, эч кимге билгизбей, көргөзбөй
алып келдим.
Диана эч сөз айткан жок,
алдындагы даамдуу тамактарды
сугалактык менен жеп кирди, тигил
болсо үстү жакта өзүнчө сүйлөнүп
жатты.
- Абайлап же, өзөгүңө түшүп кетет,
кичинеден же. Баса, айтмакчы,
акчалардын каякта катылганын
чын эле билесиңби? Диананын
сүйлөгөнгө оозу бош эмес болчу,
тек гана ооба дегендей башын
ийкегилеп тамактарды жеп жатты,
- А эгер мени алдап качып
кетсеңчи, буга кантип гарантия
бере алам?
- Өзүң деле көрүп турасың качып
кеткенге дарманым да жок
алсызмын, кантип эле мени
качырып жибере аласың. Сен деген
эркексиң а мен болсом али эне
сүтү оозумдан кете элек жапжаш
кызмын…
- Канчадасың?
- Он сегизде…
- Он сегизде-ее-е? Койчу, мен сени
жыйырма, жыйырма бештерде экен
деп атпаймынбы.
- Кордук көрүп, өзүмө карабай
жүдөп, арыктап жүрсөм албетте
ошондой көрүнөм да.
- Болуптур, кана айтчы кызым,
акчаларды каякка жашырдың эле?
Диана унчукпастан алдындагы
тамагын шашпай жей берди.
Үстүндөгү кишинин чыдамы чыгып
кетти.
Эмне унчукпайсың айтпайсыңбы,
акчаларды каякка каттың эле?
Диана шашпастан тамагын жеп
бүтүп, оозу-башын тазалап анан
өйдө жакты карады.
- Биричиден ме анын каякта
экенин айтпайм, экинчиден өзүм
барып көргөзүп берейин. Мындай
айта албайм кайсыл жерде
катылганын, Ташкентти жакшы
билбейм. Мен көрөгөзүп
бермейинче таба албайсыңар.
- Таба алам айта бер…
Анын куулугуна, ачкөздүгүнө,
аңкоолугуна Диананын бир
жагынан жини келсе, экинчи
жагынан күлкүсү келип атты.
- Адегенде мени бул жактан чыгар,
анан акча катылган жерге экөөбүз
чогуу барабыз. Эскертип коёюн,
артык баш адам болбосун, алардын
экөөбүзгө тоскоолдук кылгандан
башка пайдалары тийбейт. Керек
болсо экөөбүздү тең өлтүрүп
салышып акчаларыбызды алып
кетиши мүмкүн. Кана, алдагы
капкакты ачасыңбы?
Тиги да дегеле шашып койгон жок,
Диананын ар бир кыймылын сынай
карап турду.
- Жок ачпайм, сен мени алдап
качып кеткени турат окшойсуң.
Бул жакка чыкканда өзүңдүн
кишилериңе кабар бери мени
өлтүрүп кетсеңчи?
- Биринчиден мен деген бул
жерлик эмесмин, экинчиден бул
жактагылардын бирөөсүн да
тааныбайм. Эгер бирөөсүн эле
тааныган болсом, эбакта бул
жактан көздөн кайым болмокбуз,
үчүнчүдөн…
- Болуптур үчүнчү, төртүнчү деп
мага түшүндүрүүнүн кажети жок,
качып кетүүгө аракет кылсаң өзүңө
өзүң кыласың. Менде тапанча бар,
желкеге атып салам да кете берем.
- Ал чөнтөгүнөн ачкычын алып
чыгып тор темирдин кулпусун ача
баштады. Капкакты ары оодарып
салып бери көтөрүлүп чык
дегендей белги берди. Диана
темир шаты менен жогору карай
көтөрүлүп чыкты. Эки айдан ашык
жер төлөдө камалып жаткандыктан
кадимкидей өзүн эркин сезип,
абаны кере-кере дем алып жатты.
- Кыскасы мындай, сыртта менин
машинем турат. Акырын чыгып эки
жакты абайлап карап, эч ким жок
болсо акырын белги берем, сен
үйдөн атып чыгып чуркаган
боюнча машиненин ичине кирип
кетесиң. Мен болсо шашпай бул
үйдү бекитип анан артыңан барам.
Ага чейин машиненин ичине былк
этпей отур. Айланадан бирөөлөр
көрүп калбасын, түшүндүңбү?
Диана түшүндүм дегендей башын
ийкегиледи. Ал акырын сыртка
чыгып кетти дагы эки жагына көз
жүгүртө эч кимдин жок экенине
чындап ишенген соң кайра үйгө
кирип тигиге белги берди. Диана
сыртка атып чыгып өзүнөн беш-
алты кадамдай жерде турган
жигулинин ичие кирип кетти.
Айтканындай эле ал шашпай чоң ак
үйдүн эшиктерин кулпулап бекитти.
Анан машинесин айдай чоң темир
дарбазадан өтүп, короодон сыртка
чыкты да дарбазаны сыртынан
кулпулап бекитти. Чын эле бул
жакка эч ким баш бага алчудай
эмес, короо аябай бийик экен.
- Кана, Айсулуу машинени каякка
айдайын айта бер?
- Өзүм да билбейм, каякка айда
дээримди. Жаңы салынып аткан
үйлөр бар болчу.
- Ой андай үйлөр толуп атпайбы
калаада. Жакшылап эстечи, кандай
үйлөр эле?
- Канча кабаттуу экенин билбейм,
сыягы сегиз-тогуз кабаттуу болуш
керек. Караңгы болчу, жакшы эстей
албай калыптырмын, бирок көрсөм
дароо эле эстейм.
- Шаарда жаңы салынып жаткан,
бүтпөй калган үйлөр көп, кайсы
бирине барабыз эми?…Болуптур
анда бир жак четинен баштайбыз,
мен кайсыл жерде кандай үйлөр
салынып атат жакшы билем,
кеттик анда…
Тигил жигулисин от алдыра жеңил
машине ордунан козголду.
КҮТҮЛБӨГӨН БЕЙТААНЫШТАР
Айдоочу машинеде Дианага бир
нерселерди айтып келатты.
- Кыскасы, түнү-бою үй-бүлөбүз
менен акылдашып-кеңешип
уктабай чыктык. Бойго жетип
калышкан эки уулум бар. Мен
макул болбой жаттым эле аялым
баш болуп үчөө үч жактан
кулагымдын кужурун алып атышып
акыры мени көндүрүштү. Сага эрте
келгенимдин себеби да ошол
болду. Бир нерсе болуп кетип бул
жактагылар мени издеп калышса
үй-бүлөмө залакасы тийбесин деп
аялымды эки уулум менен
төркүнүнө жөнөтүп жибердим. Ким
билет, ар кандай болуп кетиши
мүмкүн да туурабы. Кудай буюруп
акчаларды тапсак, дароо эле
арттарынан жетип барам. Анан үй-
бүлөбүз менен алыс жакка качып
кетип жашай беребиз. Алыскы тоо
тарапка качып кетем да күтүрөгөн
мал алып, сарай сатып алып, үй-
бүлөөм менен тынч ошол жакта
жашай берем. Чынын айтканда
шаардын ызы-чуусунан аябай
тажап кеттим. Эне-атам малчы
болчу, мен дагы тоо-ташка, таза
абага көнүп калгам. Акча колго
тиери менен эле дароо көздөн
кайым болом.
"Сарт санаасы менен байыт" болуп
тигил бооланган акчалуу болооруна
жүз пайызга ишенип, өзүнчө эле
кыялданып жатканына Диананын
аябай күлкүсү келди. Бирок
унчуккан жок. Экөө кандайдыр
толук курулуп бүтпөгөн көп
кабаттуу үйлөрдүн жанына келип
токтошту. Ал Дианага кайрылды.
- Жакшылап эстечи ушул жербеле?
- Билбейм, караңгы болчу, жакшы
эстей албай калыптырмын…
- Эсте жакшылап, убакыт тар, шеф
эртең келет, ошого чейин
акчаларды таап көздөн кайым
болуп кетишибиз керек. Кана жүрү
тияк жакка, жакын барып,
жакшылап эсте… Экөө сыртка
чыгышып жаңы курулуп жаткан
үйлөрдүн жанына келишти. Диана
катуу эстеп жаткан кишидей
үйлөрдү бир карап, короо ичин бир
карап, көздөрүн жума ойлонуп,
анан үйдүн ичине баш бакты.
Эптеп ыңгайы келсе качуу керек
эле. Артындагы алиги киши эки
жагына көз жүгүртө чөнтөгүнөн
тапанчасын сууруп чыгып, тигиге
көрсөтүп койду.
- Качып кутулуп кетем деп ойлобо,
мунун глушители бар тапанча,
торойто атып салам.
Диана үйлөрдү бир сыйра
кыдырып, жарым сааттай
убараланып анан бул эмес
дегендей башын чайкай тигиге
карады.
- Анда кеттик башкасына.
Экөө дагы ушуга окшогон жаңы
салынып жаткан үйлөргө барышты.
Ал жерде курулушчулар иштеп
жатышыптыр.
- Жок, бул эмес, ал жерде стройка
токтоп строителдер түгүл
кароолчусу да жок болчу.
- Бая эле ошентпейсиңби анан, -
тигил кубанып кетти, - ал деген
шаардын чет жакасында да, түш
машинеге, кеттик ошол жакка.
Машине зуулдап заматта эле
кандайдыр толук салынып бүтпөй
калган көп кабаттуу үйлөргө жетип
барды. Диана аны көрүп жүрөгү
бир "болк" деп алды. Тааныш
үйлөр экен, ал так эле ушул жерде
бир топ күн жашаган. Куугунчулар
келишкенде люкка кирип
жашынбады беле. Экөө бул үйдү
айланта кыдырып текшере
башташты.
Ошол маалда күтүлбөгөн жерден
короого эки чет элдик машине
катуу атырылып кирип келишти да
ичинен беш-алты адам атып
чыгышып Диананы качканга
үлгүртпөй кармап калышты. Анын
жанындагы кичинекей томолок
киши ортого түшүп кийлигишейин
деди эле кандайдыр бир темир зат
менен башка катуу жеп оңкосунан
сайылды. Сыягы булар эртеден
бери буларды дүрбү менен аңдып,
"сотовый" телефон менен бири-
бирине кабарлап коюшса керек.
Алар дароо Диананы
машинелерине отургузуша
кайдадыр зуулдап айдап жөнөштү.
Булардын ким экенин Диананын
өзү да түшүнбөй калды. Ордунан
жулкунуп каршылык көрсөтөйүн
деди эле тигилердин бирөөсү анын
кыз экенине карабай бир-эки жолу
чаап, муштап да жиберди. Катуу
соккуга Диананын башы эңгирей,
шалдая отуруп калды. "Мага
мынчалык орой мамиле
жасагандай булар ким болду экен,
мен буларга эмне жазык кылдым?"
- Диаа эч нерсеге түшүнбөй кетип
баратты эле алдыңкы орундукта
отуруп машине айдап бараткан өңү
тааныш адамды көрө коюп жүрөгү
"болк" эте түштү. Ал Бишкектеги
жашыруун аялдар түрмөсүнүн
кожоюну Марат Исабековдун
кишиси болчу. "Бүттү ишим, өлдүм.
Ташкенттен эбакта качып кетиш
керек болчу. Эми мени өлтүрүп
туруп, мурунку өлгөн кыздардай
өлүгүмдү кислотага салып ээритип
жиберишет. Мени эч ким билбей
калат ушул боюнча" Диананын
адегенде эле көзүнө өлүм
элестеди. "Булар мени баары бир
өлтүрүп, көзүмдү тазалашып,
жайлап тынышат. Качпаш керек
болчу, качкандан кийин кармалбаш
керек болчу. Качкандар кандай
жазага туш болушарын эскертип,
айтып эле келишпедиби. Аларды
кандай жазалашканын бардыгын
өз көзүм менен көрбөдүм беле. А
мен аларды уккан жокмун, мына
өзүмө өзүм өлүм тилеп алдым. Ээ
Кудайым, ушинтип Ташкенден
узабай эле кайра кармалып
калдымбы. Эми эмне кылам,
кимден жардам сурайм? Мына
ичээр суум бүтүп, жашоомдун
акыркы чегине жеттим окшойт.
Кой кандай болсо да качыш керек,
кандай айла кылсам, жөндөн жөн
эле өлүмгө моюн сунуп беремби?
Жок, болбойт, көчөдө
бараткандардан жардам сураш
керек…
Катуу бараткан чет элдик машине
светофордун кызыл жарыгы
күйгөндө токтоп калды. Күтүлбөгөн
жерден Диана ордунан атырыла оң
капталында отурганын болгон күчү
менен түртүп эшикти ачып
жиберди да сыртка атып чыкты.
Машинеден асфальт жолго кулап
түшкөн киши эсине келе Диананы
бутунан кармап калганга үлгүрдү.
Ага удаалаш Диана да асфальтка
эт-бетинен кулады, бирок ага да
болбой тигини экичи буту менен
тээп бутун ажыратып алды да
ордунан атып тура бет алды
чуркап жөнөдү.Анын артынан
куушкан үч-төрт эркек бат эле кууп
жете келишип, туш-туш жактан
жабыла кармап калышты. Диана
колдон келишинче каршылык
көрсөтүп айланасындагыларга
кыйкыра баштады.
- Эмне карап турасыңар жардамга,
булар мени өлүмгө алып
баратышат!
Ары-бери өткөндөр эч нерсе
түшүнүшпөй ооздорун ача мындай
күтүлбөгөн окуяга таңгала карап
калышты. Лөкүйгөн төрт жигит
кызды балыктай туйлата машинеге
көтөрүп барып салышты да
кайдадын жөнөп кетишти. Арадан
болгону эки-үч мүнөттүк да убакыт
болгон жок, көз ачып-жумганчалык
мезгилде кандай ызы-чуу болсо
ошондой эле тып басылды.
Элдердин баардыгы бири-бирин
караша, ийиндерин күйшөшүп, эч
нерсе кыла алышпай дендароо
боло туруп калышты. Ары жакта
машинесинин алдын ачып алып бир
нерсесин чукулап жаткан бир гана
жигит кызга жардам бергени бери
жүгүрүп келип үлгүрө албай калды.
Тигил машине өтө эле тездик
менен ордунан аткан октой жүрүп
кетип, заматта көздөн кайым
болду. Бул жигит Ибрагим болчу,
машинеси бузулуп калып жолдун
четине токтото, бир нерсесин
карап чукулап жаткан. Күтүлбөгөн
жерден эле Дианага окшош кыз
өзүнөн жыйырма беш кадамдай
алыс жерден машинадан атып
чыгып, айланасындагылардан
жардам сурап кыйкырганда, эмне
болуп кеткенин түшүнбөй таңгала
карап калган. Эсине келип чуркап
баргыча машие заматта көздөн
кайым болуп кетти. Кууп жетип
үлгүрө да албай калды, шашатысы
кетип жатып "Диана! " деп
кыйкырганга да жетишкен
жок.Өчөшкөндөй машинесинин да
от албай калганын карабайсыңбы.
Эмне кылаарын билбей жер
тепкилеп, туйлап жиберди. "Диана
экен, ооба Диаа… дал эле Диананы
көрдүм, жаңылган жокмун. Кара
басып, бул жакка алаксып
калганымды карачы, бир-эки
мүнөт эле мурунураак аларга көңүл
бөлгөндө үлгүрүп калмакмын" . Ал
машиненин номурун чала-чарпыт
эстеп, кызыл өзүнүкүнө окшош
Мазда машинеси экенин эсине
туюп калды. Машиненин сол
жагында сүзүшкөндөн калган анча-
мынча так бар экен. Ибрагим ошол
өзгөчө белгини эстеп калган болчу.
Кызыл Мазда машинесинин
заматта көздөн кайым болуп
кеткен жагын көпкө тиктеп турду,
өзүнүн машинесинин от албай
жатканына жиндене колунун
ооруганына карабай эки-үч жолу
чаап-чаап жиберди. "Ташкенттен
эле чыгып кетпесе бул машинени
жерден чукусам да табам", -
Ибрагим ооздон жемин алдырган
бүркүттөй болуп ызырына,
кимгедир ачуусу келе, өзүнүн
жанын коёрго жер таппай турду.
ЖАЗА
Эки-үч жигит машиненин ичинен
эле Диананы ур-токмокко алып
сабап, эки колун артына кайрып
туруп байлап, оозун таңып
салышкан болчу.
Аны баягы өзүнө тааныш үйгө
алып келишти. Короонун ичине
киргенде дарбаза дароо бекилип,
эки-үч жигит Диананы
жулкулдатып машиеден сүйрөп
чыгышты. Диана эки колу байлануу
болсо да баспай каршылык
көрсөтүп жатты. Далдайган
жигиттердин бирөөсүнүн ачуусу
келип кетти окшойт барскандай
болгон колу менен Диананы бет
талаштыра катуу чаап калды эле
ал оңкосунан сайыла эсин жоготуп
койду. Бирөөсү аны ийнине арта
сала үйгө көтөрүп кирип кетти.
Анан төркү бөлмөгө алып келип
тактай полго ыргытып таштады. Ал
жерге заматта эле беш-алты эркек
чогула калышты.
- Кана, ошол бекенби? Точно эле
ошол, кызыл көйнөк кийип болбойт
го. Алигиче Ташкенден кете албай
жүрүптүрбү?
- Чөнтөгүндө бир тыйын акчасы
жок болсо, кеткенде каякка бара
алмак эле. Суу алып келип чачып
эсине келтирчи…
- Ырас болду, кайра Бишкекке кете
электе кармап алганыбызга.
Болбосо Марат Исабеков биздин
сазайыбызды бермек, качырып
жибергендигибиз үчүн.
- Мейли өзүнөн көрсүн өзүнө өзү
кылып алды, эми буга кандай чара
колдонобуз шеф өзү чечет…
Диана жерде жатып ушуларды угуп
атты. Бирөөсү келип бетине бир
стакан суу чачты эле башын чайкай
ичиркене көзүн ачып жиберди.
Беш-алты эркек жеп жиберчүдөй
карай тегеректеп турушуптур.
Бирөөсү аны тапатак көтөрүп
туруп столго отургузуп койду.
Бардыгынын өңдөрү тааныш.
Кыздардын үстүнөн караган
толмочунан келген мурутчан такыр
баш киши Диананын так бет
маңдайына басып келди дагы
акшырая үн катты.
- Ии качкын кыз, элдин баарын
дүрбөтүп, ызы-чуу кылып андан
пайда таптыңбы. Качып кутулуп
кетем деп ойлодуңбу? Эсиңде
болсун биздин узун укуруктан эч
ким бошоп кеткен эмес. Тээ
илгертеден эле эскертип какшап
келатабыз го качкын кыздар же
качууга аракет жасагандар кандай
жазаларга татыктуу болуп
атышканын, өзүңдүн көзүң менен
көрүп жүрбөдүң беле. Же алардыкы
сага сабак болгон жокбу. Сабак
болбосо, мээңе жетпесе анда бат
эле жеткиребиз. Аны өз башыңдан
өткөрөсүң. Сенин бул дүйнөдө
жашашың, жашабашың аны
кожоюнубуз өзү чечет. Кудай
буюрса бүгүн кечинде аны менен
байланышабыз, - ал
жанындагыларга буйрук бере
сүйлөдү, - муну тигил жакка алып
барып камап салгыла! Бүгүн
кечинде кыздардын бардыгын
чогулткула, буга кандай жаза
колдонуларын бардыгы өз көздөрү
менен көрүшсүн.
Ары жакта турган жигиттердин
бирөөсү Диананы жулкулдатып
сүйрөп барып, эшик-терезелери
темир менен тордолгон ичи тар
бөлмөгө камап салды.
"Мага убал жок, атайын качып
чыккандан кийин бул жакта
темселебей дароо эле көздөн
кайым болбоймунбу. Көчөдөн
такси кармап эле сураган акчаңды
берем деп дароо кетип калбайт
белем. Сураган акчасын Бишкекке
жетип алгандан кийин деле
бермекми да, же пост ГАИ,
таможенныйлардан өтө албайт
белем? Мени эми эмне кылышат
болушту экен? Беркил кыздардай
өлтүрүп салышпаса экен. Анча-
мынча эркиндикке чыкканым
менен кандай гана азап-
тозокторду көрдүм. Аз жерден жер
алдында калып өлүп кала да
жаздадым. Байкуш бул туткун
кыздарга кайда барсаң да
Мамайдын көрү турбайбы.
Милициялардын бардыгы менен
байланышта болушса биз кимге
арызданып бара алабыз да
кимдерден жардам сурайбыз. Эми
меи эмне кылышаар экен? Бүгүн
кечинде тигил жак менен
байланышабыз дешпедиби, ал
чечет да менин тагдырымды эмне
кылышса ошол кылышсын. Деги
жаманды аман калтырышса экен".
Айланага күүгүм киргенде эшиктин
кулпулары шыртылдап ачыла
баштады. Диананын жүрөгү оозуна
тыгыла, бир жамандыкты сезе
сырттагыларды күтүп калды. Көп
өтпөй эле өзүн бул жакка сүйрөп
келген далдайган жигит Диананы
колдон кармай кайра сыртка
сүйрөп чыгып, кууш коридор менен
жетелп жөнөдү. Каякка алып
баратканын Диана сезип турду.
Чоң, ичи жарык залга алып кирди,
ал жакта өзү менен келген он алты
жаштан жыйырма жашка чейинки
ар кайсы улуттардын кыздары бир
катар болуп тизилише Диананы
жалдырай карап тосуп алышты.
Эмне кылышаар экен деп чочулаша
бир Диананы бир бери жактагы
кишилерди карап турушту. Башы
тысырайган толмочунан келген
мурутчан киши баарын кыдыракей
карап алды.
- Мен башынан эле силерге
эскертип айтып жүрөм, качпагыла,
качууга аракеттенбегиле. Балээнин
баарын өзүңөргө үйүп аласыңар
деп. Качкан кыздар эч жакка кете
алышпайт, жер тоголок, качсаңар
айланып келип эле кайра
өзүбүздүн колубузга түшүп
бересиңер. Мынакей мындан эле
өзүңөр пример алгыла, качып
кайда кете алды. Качып кайра эле
Кыргызстанга барат да, ал жактан
кайра эле биздин
сыйыртмагыбызга түшөт. Милиция,
сот, прокуратура баары тең
өзүбүздүн колубузда. Эч кимге
жалоб жасай албайсыңар.
Качтыңарбы, анын жазасын
өзүңөрдүн моюнуңар менен
тартасыңар. Бул силер үчүн чоң
сабак болот. Кана баштагыла!
Ары жакта турушкан далдайган
эки-үч жигит бери басып келишип,
шапа-шупа Диананы колдон
кармай калышты да эки колун
калың жип менен бекем байлашып
өйдө жактагы илгичке катуу
тарттырып асып коюшту. Анан эки
бутун да байлашып жипти экинчи
учтарын жыгач полдогу чыгып
турган казыкка ороп салышты.
Диананын эки буту эки колу катуу
керилип кыймылдай албай калды.
Булар эмне иш кылганы жатканын
ал беш колундай эле билип турду.
Мындай көрүнүштү далай эле жолу
өз көзү менен көргөн.
Далдайган жигит ичке тал чыбык
алып келди да "зуу-зуу" эттире
үнүн чыгара абага ары-бери
шилтеп койду. Анан болгон күчү
менен Диананын кечээ жакында
ордо жатканда кийген кыпкызыл
болгон көйнөктөрүн ары-бери
тытмалап айрып жиберди. Эч
нерсесин калтырбай энеден туума
жыпжылаңач кылып чечип салды.
Баарыңар карап тургула дегендей
узун ийилчээк тал чыбыкты ары-
бери ойноктотуп, анан керилип
туруп болгон күчү менен Диананы
жамбашка шилтеп калды. Дароо
жамбашына кыпкызыл болуп
чыбыктын изи түшүп калды.
Экинчи жолу чапканда Диана
чыдай албай көздөрүн жумуп
жиберди, бирок кыйкырган да
онтогон да жок. Анын солк
этпегенине жини келген жигит
ачуулана болгон күчү менен кылыч
шилтеп жаткансып ары шилтеп,
бери шилтеп сабай берди. "Өзүм
күнөө жасадымбы чыдаш керек,
кандай болсо да чыдаш керек. "Ал
катуу тиштенгендиктен жаак эттери
катуу түйүлүп турду. Адатта ичке
тал чыбык менен катуу сабай
баштаганда эле кыздар ары-бери
туйлап, чучуктай ыйлап, сабап
аткан кишисине жалынып-
жалбарып "экинчи качпайм, сөз
берем" деп чыдай албай кетишчү.
Диана кыйкырмак турсун онтогон
да жок. Буга ачуусу келген алиги
жигит болгон күчү менен керилип
туруп чапты эле Диананын арты
тилинип, кан сызылып ага
баштады. Өмүрү мындай кыйноону
көрбөгөн Диана тим эле тозоктун
отуна кайнап жатты. Айылдасы
атасы менен апасы карап,
боорлору оорут турушкандай аз-аз
жерден озондоп ыйлап жибере
жаздап тиштенип турду. Сабап
жатып тажаган жигит чыбыкты
экинчисине берди. Ал дагы сабай
баштады, кыздын артында соо
жери калган жок. Тилим-тилим
болгон издер калып, кызыл жаян
кан каптап кетти.
Ушундай кордуктан көрө өлгүсү
келип кетти, жаны мынчалык
кыйналбай жай ала түшмөк.
Чыбыктын уусуа денеси жалкоотай
тарта чапкан сайын жыйрыла
түшүп атты. Анын ар бир кыймыл-
аракетин сынай карап турган
такыр баш киши эркинин
күчтүүлүгүнө баа бере башын
чайкап койду. Бир кезде Диананын
башы айланып, жер айлан-көчөк
боло баштады. Өз боюн өзү
кармана албай эки колу асылган
боюнча салаңдап калды. Алиги
такыр баш киши тигини токтотуп
койду.
- Болду жетишет, чыбыктын уусу
өтүп кетсе өлүп калышы да
мүмкүн. Муну жөдөн жөн эле
өлтүрө койбош керек. Өз азабын
тартып жатып өлүшү тийиш,
кыйноого, азапка чыдай алса
жашап кетиши да мүмкүн, чыдай
албаса өлүп тынат, - ал бери
жактагы жарданып карап турган
кыздарга кайрылды, - көрдүңөрбү
кандай болоорун. Качсаңар силер
дагы мунун кейпин кийесиңер. Бул
алгачкы эле кыйноосу, дагы
көрөсүңөр бул досуңардын кандай
кыйналганын. Эсиңерге дагы бир
жолу түйүп алгыла, качып эч жакка
кете албайсыңар. Момундай болуп
жазалангандан башка пайда
таппайсыңар. Баргыла, тарагыла.
Кечкиге даярдангыла,
уставдагылардын ар бирин
эсиңерге түйгүлө, окугула,
жаттагыла!
Эртеден бери Диананы аянычтуу
карап, өздөрүнөн да чочулап
турган кыздар акырындап жай
жайларына тарай башташты.
Алардын бардыгы өз бөлмөлөрүнө
кетишкен соң бери жакта турган
кишилер өз ара сүйлөшүп киришти.
- Эң башкысы бул өзү кармалды,
түрмө жөнүндө бирөөлөргө айтып
койбосо эле болду.
- Муну эмне кылалы шеф?
- Эмне кылмак элек кыздардын
көзүнчө аябай кыйнап туруп көзүн
тазалап таштайбыз. Өлүгүн
кислотага салып туруп ээритип,
жок кылып салабыз. Бул биринчи
эле жолкусу эмес да. Биздин сөздү
уккусу, моюн сунгусу келбейби, өзү
ушуга татыктуу болду. Эч нерсебиз
кемибейт, мындай кыздар көчөдө
толуп эле жатпайбы, чекесинен
чертип тандап алабыз.
- Муну эмне кылалы, ушинтип
асылып тура берсинби же колу-
бутун бошотуп бөлмөгө алып
барып сыртынан кулпулап камап
таштайлыбы?
- Тим жайына кой, бүгүнчө ушул
жерде асылып турсун, эртең
аркасына ысык темир
бастырабыз… анан кыйкырбаганын,
чаңырбаганын, жалынып-
жалбарбаганын, эркинин
күчтүүлүгүн көрөбүз…
Бардыгы Диананы бир сыйра
карап коюшту дагы сыртка чыгып
кетишти. Залдын эшигиндеги
темир торчолор жабылып,
сыртынан кулпуланды.
Ызы-чуу болуп жаткан зал заматта
тынчып, жымжырт боло түштү. Бир
аздан кийин эсине келген Диана
башын көтөрүп акырын көзүн
ачты. Эки колу калың жипке
асылган бойдон калыптыр, турайын
деп дарманы келбей кайра асылып
калды. Жарым сааттай асылып
туруп эптеп чымырканып ордунан
турду. Полго отурганга мүмкүн
эмес экен. Ылдый болсо эле эки
колу жипке асылып калат.
Чыбыктын уусу от менен жалын
болуп аркасын куйкалап, өрттөп
жаткан болчу. "Биринчи сыноосуна
эптеп чыдадым, экинчисине чыдай
аламбы же өлүп каламбы. Ушундан
көрөкчө өлүп калганым деле дурус.
Эгерде анча-мынча эле колумду
бошотушса муунуп өлгөнгө аракет
жасайм. Мындай жашоонун мага
кереги жок, тойдум баарына".
"Диана… Диана…" кандайдыр бир
үнгө башын көтөрүп каалганын
темир торунун сыртында турган
эски таанышы Замираны көрдү.
- Кандайсың Диана, эмне качып
кете албай калдыңбы. Эх-х, биз
сага ишенип аябай үмүттөнбөдүк
беле. Сени бизди куткарат деп
ойлогонбуз, көрсө Ташкентте эле
жүргөн турбайсыңбы кетпей.
Кандай гана өкүнүчтүү. Диана, угуп
атасыңбы мени, чыда эптеп.
Чыдай албасаң сени өлтүрүп
коюшат. Мейли эми, болор иш
болуп боёсу канды, кайра арабызга
келип кошулганга аракеттен.
Диана башын көтөрө сүйлөөгө
аракет кылды эле сүйлөй албай
койду. Замираны бир аз карап
турду анан кайрадан башы шылк
дей түштү. Башы тегерене эсин
жоготуп койгон болчу.
#13 27 Март 2014 - 11:28
9-бөлүм
КЫЙНООНУН ЧЕГИ
- Болду азырынча жетишет, колун
чечип таштагыла, болбосо эрте эле
өлтүрүп алышыбыз ыктымал, -
Диананын ахыбалын билгени
келишкен үч жигиттин бирөөсү
жанындагыларга буйрук бере
сүйлөдү. Анткени эсин жоготуп
койгон Диана эки колу менен
асылып калган, колдоруна кан
жүрбөй көпкөк болуп көөп кеткен
болчу. Бирөөсү барып, катуу
чырмалып, чиеленип байланган
жипти чече албай көпкө кыйналып
жатып араң дегенде чечти. Диана
али эсине келе элек болчу, таманы
тактай полдо жыпжылаңач боюнча
узунунан сулк жатты. Берки үчөө
аны бир аз карап турушту да
баштарын чайкай акырын сыртка
чыгып кетишип, темир торлуу
эшикти сыртынан кулпулап
салышты.
- Тээ бир топтон кийин гана барып
Дианага жан кире баштады.
Чалкасынан оодарыла акырын
көзүн ачты. Аркасынын
ооруганына чыдай албай кайра
кырынан жатты. Ичке тал
чыбыктын уусу денесине өтүп
кеткенби кыймылдаса эле
чыдатпай оорутуп, жанын көзүнө
көрсөтүп жатты. "Бу дүйнөгө мен
эмнеге жаралдым экен, ушинтип
азап тартып кыйналыш үчүнбү.
Чын эле менин кимге керегим бар.
Байыркы Улуу Рим
империясындагы гладиаторлорго
кызмат кылган күң аялдардан эч
айырмам жок. Ушул убакта да
эзүүчү тап али да бар экенин
дегеле билбептирмин да. Буларды
тарыхтан китептен гана окугам.
Мына эми бардыгын өз башымдан
өткөрүп жатам". Жаны ушунчалык
кыйналгандыктан акырын эч кимге
угузбоого аракет кылып онтоп
жатты. Жыпжылаңач болуп жатса
да денеси от менен жалын боло
кадимки тозоктун отунда тирүүлөй
куйкалана көзүн жумуп турду.
"Чындыгында мен эч кимге
керегим жок, мени бошоткону,
куткарып алганы эч ким келбейт.
Эртеби, кечпи баары бир өлтүрүп,
өлүгүмдү кислотага салып
ташташат. Андан көрө мынчалык
азап чекпей, кыйналбай эртерээк
эле өзүмдү өзүм өлтүрүп,
жанымды жай алдырганым артык.
Эми кантип өзүмдү өлтүрүп,
жанымды кыя алам?" - ал акырын
башын көтөрө айланасына көз
жүгүрттү. Өйдө жактан эки колун
байлаган жиптердин салаңдап
турганын көрүп кубанып кетти.
Жип менен катуу байланган эки
колдоруна кан уюп, сыйрылып,
араң эле кыймылдап
калыптыр.Эптеп чымырканып
ордунан турду да эки жагына бир
сыйра көз жүгүртүп алды. Зал ичи
тунжурап өлүү жымжырт, сыягы
кыздардын бардыгын түнкү
соодага алып кетишсе керек чет
элдик кардарларга. Ордунан туруп,
бир-эки кадам шилтеп, салаңдап
турган жипке жетпей башы
тегеренип, аз жерден кулап кала
жаздады. Жипти кармай калып
көзүн жумуп жиберди. Аракты көп
ичкендей башы тегерене ошол
боюнча катып көпкө турду. Анан
акырын көзүн ачып бир чечимге
келди. "Кыскасы менин бул
дүйнөгө жашоого акым жок, тек
гана өлүшүм керек. Ошондо гана
бардык азап-тозоктордон
кутулам". Ал акырын жиптин бир
учун түйүп, кадимки дарга сыяктуу
кылып моюнга илмек жасай
баштады. "Мени кечир эне, ата,
кош болгула бир боорлорум" - ал
илмекти акырын моюнуна илди да
асылып калды. Аркан жипке
муунуп, айланасы тунара эсин
жогото баштады.
- Бир топтон кийин эсине келе
көзүн ачты. Бет маңдайында
колдоруна бычак кармап, мындан
бир аз мурдараак келишкен үч
жигит турушуптур. "Булар каяктан
келип, кандайча пайда боло
калышты?" - деп Диана экөөнө
таңгала карап калды.
Алар эртеден бери темир торлуу
каалаганын сырт жагында
Диананын ар бир кыймыл-
аракетин байкап турушкан болчу.
Аркан жиптин бир башын түйүп
жатканын да көрүшкөн, эмне
кылаар экен деп тим жайына коюп,
күтүп турушкан. Качан гана
арканды жипти моюнуна илип
асылып калганда гана шашыла
темир торду ачып кирип барышып,
аркан жипти бычак менен кыйып
жиберишкен болчу.
- Эмне тигил дүйнөгө кеткенге
шашылып жатасыңбы. Шашылба,
али эрте. Көргөндөн көрө
электериң али көп. Аны эртең өз
көзүң менен көрөсүң.
Экөө зал ичине эч нерсе
калтырышпай, өздөрү менен ала
кетишти дагы кайрадан сыртынан
бекитип ташташты. Диана ары
басып, бери басып, зал ичин
кыдырып эч нерсе таппаган соң
бурчка барып отуруп калды
Таңга жуук темир эшиктин
шалдыраганынан ойгонуп кетти,
көзүн ачты. Кечөө кечинде
кыздардын көзүнчө өзүн
кыйнашкан жигиттер кайра
келишти. Алардын арасында
толмочунан келген такыр баш
киши да жүрөт. Ал Диананы
мыскылдай карап койду.
- Эмне муунуп өлгүң келдиби,
качкан, сөздү укпаган кандай
экенин эми түшүнө баштадыңбы?
Эсиңе келдиңби, эми качасыңбы же
качпайсыңбы?
Ал Диананын көк беттенип
мелтиреп, унчукпай турганына
ачуусу келди.
- Муунуп өлгөн сага жагып калган
окшойт, аны азыр эле текшерип
көрөбүз. Чакыргыла кыздардын
бардыгын. Уктап жаткандары да
ойготкула!
Бир аздан кийин чачы-баштары
уйпаланып, уйкусураган кыздардын
бардыгы акырындап залга кирип,
чогула башташты. Чет элдиктерге
кардар болуп түнү бою уктабай
чыгышкандыктан бардыгы тең
кыйналып, уйпаланып, жүдөшкөн
кыздар жаңы эле келишип
жаздыкка баштарын коюшканда,
бардыгын кайра ойготуп, бул жакка
алып келишкен.
- Эме үлдүрөйсүңөр ыя, тургула
бир катар болуп тизилип, азыр
силерге бекер спектакль
көрсөтөбүз, бирок албетте
кайгылуу спектакль. Кана жигиттер
анда эмесе спектаклди баштагыла!
Эки жигит Диананы колдон
кармаша бери ортого алып келди,
үчүнчүсү болсо анын моюнуна
кечээги арка жипти салышып,
акырын муунта башташты.
Тыбырчылап каршылык көрсөтөйүн
деди эле эки жигит аны былк
эттирбей кармап турду. Бетие кан
тээп чыгып, көздөрү чекчейе
кыйкылдап-чыйкылдап, эсин
жогото баштаганда акырын коё
бери коёт да эсине келгенде кайра
башынан муунта баштайт. Ушундай
көрүнүш бир саатка чейин
кайталанды. Диананын катуу
кыйналып жатканын көрүшкөн
кыздар кээ бирлери чыдай албай
тетири карап кетишүүдө. Бери
жакта турган жигиттер аларды
"биякка карагыла! " - деп
колундагылары менен бетке чаап
жиберишүүдө. Нерви чыдабай
кеткен кыздардын кээ бирөөлөрү
ыйлап, көздөрүн жумган боюнча
ачпай туруп алышты.
- Спектаклдин биринчи көрүнүшү
аяктады, эми экинчи көрүнүшү
башталат, - алиги такыр баш киши
өзүө өзү ыраазы боло кыздар
тарапка мыскылдуу карап койду.
Эми эмне кылышар экен деп али
жыйырмага чыгыша элек жаш
кыздардын бардыгы жардана сары
санаа болуша тигилерди карап
турушту. Каа баштай бергиле
дегендей ал алаканын акырын
чаап койду. Алиги үч жигит
кайрадан Диананы колдон былк
эттирбей кармаша, бирөөсү мой
нуна желим баштык ктйгтзе койду
да ичине аба жибербей төмөн
жагын бекем кармап турду. Деми
катуу кыстыккан Диана чыдай
албай азоо аттай башын ары-бери
чулгай туйлап жиберди, бирок тигил
экөөсү аны былк эттирбей кармап
турушту. Качан гана эсин жогото
баштаганда кайра ичине аба
жиберип коет. Эсине келип бир аз
тургандан кийин кайрадан аба
бербей кыйнай башташат. Тигилер
жедеп кыйноонун чегине жетип,
моокумдары кангандан кийин
Диананы жайына коюшуп
кыздарды жай-жайларына
таратышты. Диана ак шишик
тартып көөп, тактай полдо
көмкөрөсүнөн араң дем алып
жатты. Аны кайра-кайра
тумчуктуруп, катуу кыйнап
коюшкан эле.
Баардыгы чыгып кетишкенден
кийин бери жакта турган
жигиттердин бирөөсү Диананы
аянычтуу карап койду.
- Давай, муну кыйнабай эле азыр
өлтүрүп таштабайлыбы. Эки-үч
күндөн беркиси жетиштүү эле
болду го дейм…?
- Келесоолонбочу, биз эмнени
билебиз. Шефтер эмнени айтса
ошону жасайбыз да, муну
өлтүргөнгө али эрте. Тигил
кыздарга сабак болсун деп атайын
ушуну иштетип жатпайбы. Мунуңду
эч ким укпасын, буйрукту кың
дебей аткара бер. Болбосо
өзүбүзгө жаман болот, - артта
калышкан экөө өздөрүнчө
сүйлөшүшө сыртка чыгып кетишти
да темир торлуу каалганы
сыртынан беките башташты.
ЖОГОЛУП ТАБЫЛГАН МАШИНЕ
"Ташкенттен чыгып кетпесе эле
бул машинени жерден чукусам да
табам", - Ибрагим эч жумуш
кылбай эртеден кечке машинеси
менен көчөгө чыгып, кызыл
Мазданы издеп жүрдү. Сол
жагында сүзүшкөндөн калган тагы
бар ошол машине жер соруп
кеткендей дайынсыз жоголду. "Бул
иш боюнча МАИге кайрылып
көрсөмбү? Жок болбойт, алар
бардыгы бир мафияда болуп
калышы мүмкүн, шек алдырып
койсом Диананы таптакыр жоготуп
алам. Анда эмне кылыш керек? Өз
алдымча аракеттенишим, аны
издешим абзел. Баса, мынчалык
акчаларды кайдан тапкан?", - ал
Дианадан калган бооланган
акчаларды таңгала карап, колу
менен сыдырып койду. "Мындай
акчаларды он жыл иштесем да
таппайт болушум керек. Эмне
кылсам, четинен чыгымдасамбы
же өзүнө кайтарып берсемби. Кой
өзүнүкүн өзүнө кайтарып бергеним
оң, эми эң башкысы анын өзүн
табыш керек. Ал кимдир
бирөөлөрдүн туткунунда жүрөт.
Аны таап кандай болсо да бошотуп
алышым керек. Эгер ал бул жактын
күчтүү мафияларынан болсо анда
Диананы ээрчитип алып, алыс
жакка кетип калам, эң башкысы
Диананы табышым керек". Ал
жоготкон кызын шаар ичин бир
жумадан бери көчөдөн көчө
калтырбай кыдырып чыкты.
Көптөгөн чет элдик машинелердин
артынан кууп барып, башка
машине экенине чындап көзү
жеткен соң, кабагынан кар
жаадыра токтоп калып жатты.
"Аны чын эле Ташкенден башка
жакка алып кетиштиби? Болбосо
машинени бир жолу көрөт элем
го…" Шаар ичин кыдырып атып
акыры чарчаганда үмүтү үзүлө
үйүнө кайтып келди. Акыры
капталы чийилген кызыл мазданы
таппаган соң көптөн берки үмүтү
түңүлө МАИ кызматкерлерине
кайрылууну эп көрдү.
Бирок бардыгы күтүлбөгөн жерден
болуп кетти. Борбордук
универмагынын жанынан өтүп
баратып кокусунан жол четинде
токтоп турган кызыл мазданы
көрүп калды. "Ал эмес болуш
керек, мындайлар шаар ичинде
толуп эле жатпайбы, токтобой эле
кете берсемби?" ал арсарсып турду
да "Мейли көрсө көрө кетейичи"
деп машинеси арыраак жакка
токтотуп, ичинен чыкты да алиги
кызыл мазданын жанына барды.
Дал эле өзү көптөн бери издеп
жүргөн тааныш машине экен, аны
көргөндө энеси эркек төрөгөндөй
сүйүндү. "ооба, мынакей
капталындагы чийиги, номуру да
ошол", - ал кубана машиенин
айланасына көз жүгүрттү. Бирок ал
жерде машине ээси жок экен.
Сыягы универмагдын ичине кирип
бир нерсе издеп же кафеде
тамактанып отурат болуш керек.
Машиненин кожоюну кача келет
деп Ибрагим зарыга көпкө күттү.
Ага эч ким жакын басып келбеди.
Арадан эки сааттан ашык убакыт
өтүп кетти. Курсагы да ачып,
машине ээсин күтүп атып иажай да
баштады, баары бир өлөрманданып
кеткиси келбей турду. "Чын эле
мунун ээси барбы же таштап салып
кетип калганбы? Же болбосо мени
байкап калып атайылап келбей
жатабы? Андай болсо
тигиндейирээк барып турайынчы" ,
- ал машинеден бир топ обочороок
жерге келди да гезит сатып алып
жанындагы отургучка отура аны
окуй баштады.
Бир аздан кийин жаш кызды
ээрчиткен тармал чачтуу муруту
бар далдайган жигит машиненин
жанына келип эшигин ачкычы
менен ача баштаганын көрдү.
Аппак сандарын көрсөтүп кыска
юбка кийген кыз машиенин тигил
жагына айланып барып, ичине
олтурду. Көп өтпөй эле машие от
алып ордунан козголду. Аларды
карап жалдырай туруп калган
Ибрагим эсине келе, шашыла
өзүнүн машиесин көздөй чуркап
жөнөдү. Дароо от алдыра
машинесин кайра артка бурду. Көп
өтпөй эле алиги кызыл мазданы
кууп жетти. Бири-биринен анча
эмес алыстыкта баратышкан эки
машине зуулдашып катуу айдаша
Ташкенттин борбордук көчөсүндө
кетип баратышты.
Бирде жай бирде катуу
ылдамдыкта кетип бараткан кызыл
"Мазданын" ичиндегилер артында
байкатпай илээшип "хвостун"
келатканын байкашкан жок.
Ибрагим бир эки жолу
светофордон токтоп кайра
тигилердин артынан бат эле кууп
жетти. Эми бул чет элдик
машинени асмандын алты кабат
үстүнө жердин жети кабат түбүнө
кирип кетсе да баары бир издеп
таап алмак. Ибрагим андан бир
секундга да көзүн алган жок. Катуу
айдаса катуу, жай айдаса жай,
куйрук улаш ээрчип жүрүп отурду.
Эки машине көп өтпөй эле
калаанын түштүк тарабына сыртка
чыгып кетип, шоссе жол менен
жүрүп отурушту. Ибрагим бул
машиненин каякка баратканын
дароо эле боолгоду. Калаадан анча
деле алыс эмес жерде дачалар бар
болчу, алдыңкы машине түз эле
ошол жакка багыт алып бараткан.
Артында аңдып келатканын шек
алып калбасын деп ылдамдыгын
анча-мынча басаңдатты. Алдыңкы
машине да ылдамдыгын жайлатып,
анча чоң эмес короонун алдына
келип токтоду. Алиги тармал
чачтуу далдайган жигит
машинесинен түшүп, дарбазаны
өзү ачты да, короого айдап кирип,
ичинен жаап алды.
БЕЙТААНЫШ КЫЗДЫН СЫРЫ
Бирирээк жакка келип токтогон
Ибрагим чыртка чыгып алып, эмне
кылыш керек экендигин бир аз
ойлонуп турду. Булар жакында
чыкпасы белгилүү болчу, атүгүл
түнөп калуулары да ыктымал эле.
Бул эмне дача экенин жакшылап
эсине түйүп койду. Кайра
машинесинин ичине кирди да,
күүгүм киргенче зарыга күтүп
отурду. Анан айлананы караңгылык
каптаганда гаа машинесинен
акырын чыгып, алиги короону
көздөй ууру мышыкча жылып
жөнөдү. Ар кайсы жеринде жарык
күйгөнү болбосо дача ичи
капкараңгы, жымжырт болчу.
Акырын короонун түбүнө келип
дарбазаны түртүп көрдү, ичинен
илинүү экен. Короону айланып,
бийик дубалдан ичине секирип
өткөнгө ыңгайлуу жер таба албай
койду. Катуу секирди эле дубалдын
башына жете алган жок. Эмне
кылаарын билбей айланасына
жакшылап көз жүгүрттү. Ары жакта
турган узундугу үч метрдей келген
темир түтүктү жерден ары-бери
жулкулдатып жатып сууруп алды
дагы, артка кетенчиктеп катуу
күүлөнүп келип темир түтүктү
жерге сая коюп, дубалдын бети
менен өйдө карай чуркап кетти.
Короонун үстүнкө бетине колу
менен илине түтүктү таштап
жиберип, асылып калды. Бир аз
турган соң үстүнө тартылып чыгып
ичине секирип түштү. Короо
ичиндеги ача чоң эмес эки
кабаттуу үйдүн үстүнкү кабатынын
электр жарыгы али күйүп туруптур.
Алиги кызыл "Мазда" машинеси
эшиктин алдында токтоп турат.
Үйдүн эшигин да ичинен илип
алышыптыр. Ит жокпу дегендей,
эки жагын абайлай карап алды,
короо ичи өлүү жымжырт. Үстүңкү
кабаттан гана болоор-болбос
музыканын үнү чыккансып
коньяктар, баштады. Чоң көзүн
алып, ары жакка койду да ичине
жылмышып кирди. Жогору жактагы
жигиттин бакылдаган, кез-кез
кыздын күлгөн үнү чыга калып,
кайра басылып калып
жатты.Ашканага кирип узун
чөмүчтү, анан аш бычакты таап
алды. "Ушулар курал болот мага"
деп кармалап турду.
Күтүлбөгөн жерден турсий-
майкечен алиги кишинин төмөн
карай түшүп келатканын байкай
коюп, каалганын артына жашына
калды. Ал дагы түз эле ашканага
кирип, муздаткычты ачып, ичинен
бир нерсе изздей баштады. Бирок
артында кимдир бирөө аңдып
турганын сезе коюп, ыкчам бурула
бергенде чөмүч менен башка катуу
жеп, жерге оңкосунан сайылды.
Ибрагим ары жактан терезе
пардонун жибин чыгарып келип
эки колун, эки бутун катуу байлап,
көзүн да таңып таштады. Анан
жогору карай көтөрүлдү. Кыз
төшөктө жатыптыр, Ибрагимдин
келгеин адегенде байкаган жок.
Бери жактагы залдын ичиндеги
столдо чала ичилген арак,
коньяктар, ар кандай тамак-аштар,
ичимдиктер жайнап турат. Ушунча
бөтөлкөнүн баарын экөө ичишсе
керек, кыз да бир топ мас экен.
Ал бери оодарыла бери, Ибрагимди
көрө коё, бакыра төшөктөн атып
турду.
Жыпжылаңач денесин жашыра ак
шейшепке ороло калды. Таңгала
Ибрагимге карап чочулай үнүн жай
чыгарды.
- Сен кимсиң?
Ибрагим жооп бергендин ордуна
тигиге "кийин! " деп буйрук бере
сүйлөдү. Кыздын булдурап
сүйлөгөнүнө караганда ичкиликке
бир топ эле мас экени билинип
турду. Ибрагимдин айтканын жасап
ары жакта турган кийимдерин
кийине баштады.
- Силер кимсиңер,
милициядансыңарбы? - алиги кыз
кийинип жатып, кайра-кайра эле
сурай берди.
- Артык баш суроонун кереги жок,
бас, төмөн жакка түш!
Кызды алдыга салыбалып экөө
төмөн карай түшүп келишти. Колу-
буттары, көздөрү таңылып турган
өзүнүн кожоюнун көргөндө ого
бетер таңгала Ибрагимге карады.
- Мага бир гана нерсе керек. Кечээ
жакында дал эле ушул кызыл
"Мазда" машинеси менен менин
кызымды күч колдонуп алып
баратканын көргөм, - Ибрагим
кыздын көзүнө тике карап сүйлөп
жатты. Эгер экөөңөр тең тирүү
калабыз десеңер, аны каякка алып
кеттиңер айткыла. Болбосо бул
үйдүн тирүү чыгабыз деп
ойлобогула.
Кыз чочулай колу-буттары
байланып жерде жаткан жигитке
карап койду. Ал чөмүч тийген
башынан кан сызыла агып
кыймылсыз жерде жаткан болчу.
- Сиз ким болосуз, максатыңыз
эмне?
- Мага кызымды бошотуп бергиле,
башка эч нерсенин кереги жок.
- Кызыңды аты ким эле?
- Диана.
- Дианабы? - өзүнө-өзү
ишенбегендей кыздын эки көзү
бакырайды, - сиз Диананын жигити
болосузбу, оо Кудайым, бизге
жардам бере көр, - анан үнүн жай
чыгара жерде жаткан жигитке
жалтактай карай акырын үнүн
чыгарды. - Сиз баары бир аны
куткара албайсыз. Биз
баардыгыбыз алардын туткунубуз,
айткаын кың дебей аткарабыз.
Алардын мафиясы күчтүү,
Диананы куткарам десеңиз,
жалгыздап куткара албайсыз.
"Жалгыз дарак токой болбойт"
деген макалды эске алыңыз.
Жалгыз даракты булар жөн гана
кыйып ташташат. Булар сиздин
көзүңүздү жөн гана тазалап
коюшат…
- Диана каякта?
- Шашпаңыз айтыа
келатпаймынбы, - жерде
кыймылсыз жаткан жигитти
чочуркай дагы бир жолу карап
койду, - жүргүлөчү тигил жактан
сүйлөшөлү. Биздин сөздөрүбүздү
бул угуп калчу болсо иш чатакка
айланат.
Экөө ашканадан чыгышып арткы
бөлмөгө барышты.
- Кыскасы мындай, - кыз акырын
абайлай шыбырап сүйлөдү, -
ушундай мүмкүнчүлүктөн
пайдаланып силерди ээрчип мен
дагы качып кетсем болот эле.
Бирок качып кайда барам. Диана
сыяктуу кайра эле кармап алышат
да, ябай кыйнашып, анан өлтүрүп
туруп өлүгүмдү кислотага салып,
ээритип жиберишет. А мен болсо
жашагым келет, али жашмын.
- Диана каякта, азыр ал тирүүбү?
- Азырынча тирүү эле, бирок алар
эртеби кечпи аны өлтүрүп коюшат.
Ал азыр тигилердин колунда
туткунда. Аны бошото аласыңбы,
бошото албайсыңбы көзүм
жетпейт. Сени да өлтүрүп коюшат.
- Мени кимдер өлтүрүп коюшат?
- Тиги мафиядагылар…
- Мафия дегениң кимдер?
- Болуптур түшүнүктүү болсун үчүн
жакшылап айтып берейин, угуп
эсиңе түйүп ал. Биз деген
Кыргызстандан эрксиз келгенбиз
бул жакка… Ал Ибрагимге
жашыруун кыздардын түрмөсү
тууралуу болгонду болгондой
жакшылап түшүндүрүп айтып
берди.
- Эми түшүндүңөрбү жашыруун
түрмөнүн сырын. Ал бизден качып
чыгам деп кайра буларга кармалып
калбадыбы. Эми аны соо
коюшпайт. Ошондуктан тез арада
арекет кылып үлгүрүшүңөр керек,
болбосо кеч болуп калат.
- Болуптур, мен анда эмне
кылышым керек?
- Мен сизге колумдан келишинче
жардам, кеңеш берем. Өзүңөргө
ишенимдүү эң кыйын, дасыккан
спортсмен жети-сегиздей адам
табышыңар керек. Диана жаткан
үйдүн дарегин айтып берем. Аны
ошол жакка түн ичинде барып
куткарып кеткенге
мүмкүнчүлүгүңөр бар. Түнкүсүн ал
жакта эл азыраак болот.
- Дарегин азыр барып эле
көргөзүп келбейсиңби, сыртта
машине бар…
- Тигини эмне кылабыз, эсине
келсе ызы-чуу салып жиберет го…?
- Ызы-чуу сала албайт, эки колу,
эки буту катуу байлануу, көзү да
таңылуу. Азыр кыйкырбаш үчүн
оозун да таңып таштайм, кыйын
болсо анан былк этип көрсүн.
Бирөөлөр чечмейинче,
бошотмоюнча былк этпей жата
берет.
- Анда мындай кылалы байке,
менде бир идея бар. Мен силер
менен барып Диана туткундалып
жаткан үйдү көрсөтүп келейин,
андан аркысын өзүңөр аракет
кылгыла. Кайра мени бул жакка
жеткирип койгула да өзүңөр кете
бергиле. Силер кеткенден кийин
мен мунун колун чечейин, эч шек
албагандай болсун. Үй ичиндеги
баалуу нерселердин бардыгын
шыпырып алып кеткиле, ууру
түшкөн экен деп ойлоп калсын.
- Буларыңдын бардыгы выдумка
эмеспи, калп айтып, мени
ловушкага түшүргөнү жаткан
жоксуңбу?
- Эгер калп айта турган болсом
жанагы аялдардын менчик түрмөсү
тууралуу айтат белем. Андан көрө
мен сизге жардам берейин, сиз да
бизге жардам бериңиз. Биз
шордууну капастан бошотуп
чыгыңыз. Бизди куткарчу бирден
бир эле үмүт сиз болуп жатасыз.
Кой, эрте күндү кеч кылбай анда
ишке киришели, антпесек
убакыттан уттуруп жиберебиз.
Экөө шашылыша кайра ашканага
келишти. Алиги жерде жаткан киши
акырындап эсине келе кыймылдай
баштаптыр. Ибрагим керилип туруп
дагы бир жолу төбөгө чапканда
кайрадан эсин жоготуп, былк этпей
калды. Ары жактан чүпүрөк алып
келип, көздөрүн таңганы аз
келгенсип оозун да бууп салды.
Экөө шашылыша дарбазанын
кичине эшикчесин ачып, сыртка
жүгүрүп чыгышты. Түнкү саат
бирге чукулдап калган маал болчу.
Дача ичи өлүү жымжырт. Ар кайсы
жерде күйүп турган электр жарыгы
да өчүп калыптыр. Экөө дароо ары
жакта турган машинеге отурушту
да каяккадыр жөнөп кетишти.
Көп өтпөй Ташкенттин ичине
киришип Диана жаткан үйгө жакын
келишти. Дарбазасы да дубалы да
өтө бийик болчу.
- Биз мына ушул бийик короонун
аркы бетинде жашайбыз. Түнкүсүн
бизди сыртка алып чыгып кетишет
да, таңга жуук кайра алып келишет,
жакшылап эстеп калдыңызбы? -
алиги бейтааныш кыз сенден
"сизге" өтүп кетти.
- Мен деген Ташкентти силерден
жакшы билем го.
- Анда андан бетер жакшы. Диана
азыр залдын ичинде колдору
байлануу жатат. Эртерээк аны
куткарып алууга аракеттенгиле,
антпесе андан айрылып каласыз.
Бардыгы кеч болуп кетет.
Экөө шашылыша кайра машинеге
отурушту да заматта дачага
кайтып келишти. Алиги кыз
короонун ичине кирип баратып
артына бурула карады.
- Болуптур сизге ийгилик каалайм,
тез арада ишке киришкиле!
Бардык үмүттүн баары сизде
болот, - ал дарбазаны акырын үнүн
чыгарбай жаап алды да ичинен
илип койду.
Ашкана жакка шашпай басып
барып, жерде эс-учу жок жаткан
жигитке жек көрүү менен карап
койду. Бир аз ойлонуп турду, анан
шашпастан ары жактан бычак алып
келип, тигинин байлануу колдорун
бошотуп, жипти кесип жиберди.
Жигиттин таңылган оозун,
көздөрүн чечип кружкага суу алып
келип бетине жаба чачты. Эсине
келген жигит ооруган башын
сыйпалай ордунан козголду.
- Эмне болуп кетти, деги
аманбызбы?
- Эмне болмок эле, ичкиликти
катуу ичкендиктен үстүнкү
кабаттагы кроватка жаткан боюнча
уктап калыптырмын. Бир аздан
кийин эсиме келип, төмөн түшүп
келсем, силер катуу чырмалып,
байлануу полдо жатыпсыңар. Жаңы
эле бошоттум… Сыягы уурулар
кирсе керек бул үйгө, карагылачы
зал ичин бүт чачып аңтарышып
тоноп кетишиптир.
Экөө чачылган бөлмөлөрдү
кыдырышып, эмнелер жоголгонун
эсептеп жүрүштү. Бул мезгилде
караңгылык акырындап жоголуп,
таң жаңыдан үрүл-барал агарып
келаткан болчу.
АЛГАЧКЫ ПЛАН
Ибрагим үйүнө келип өзүнчө катуу
ойго чөмүлдү. "Бул кыздын ким
экенин атын да сурабай
калыптырмын. Эгер анын айтканы
чын болсо, алардын мафиясынын
тамыры бүтүндөй Орто Азияны,
Россияны, кыскасы мурунку
Союздук республикаларга кеңири
жайылып бараткан окшойт. Анда
чындыгында менин колумдан эч
нерсе келе албай калат. Адан көрө
өзүмө атайын группа түзбөсөм
болбой калды. Тигилердин ар
биринде жок эле дегенде бирден
тапачалары бар деп жатпайбы.
Бизди жөн эле ит аткандай гана
торойто атып салышат. Диананы
куткармак тургай өзүбүз туткун
болуп беребиз. Бул боюнча мурун
өзүм менен чогуу окушкан,
милицияда иштеген досторум
менен сүйлөшүп, акылдашып
кеңешип көрсөмбү. Балким
ошолордун жардамы тийип
жүрбөсүн? А эгер алардын
начальниктери тигилер менен
байланышта болушсачы, анда эмне
кылабыз. Өзүбүз сокку жеп
калабыз го. Эмне кылсам,
канткенде тигилердин чеңгээлинен
Диананы куткарып ала алам? Тиги
спорт, каратэ менен машыккан
досторго барып жардам сурап
көрсөмбү, алар мен дегенде тим
эле жандарын беришет го. Ооба,
ошолор менен да сүйлөшүп
көрөйүн. Эрте күндү кеч кылбай
эртелейи, болбосо Дианадан
түбөлүккө айрылып калышым
мүмкүн". Ал дароо эле качандыр
бир кезде милиция мектебинде
чогуу окуган досторуна жөнөдү.
Аларды өзүнчө кафеге алып келип
алып, болгонун болгондой төкпөй-
чачпай айтып берди. Курсант
кезинде чогуу окушкан досторунун
арты эле капитан, майор болуп
калышкан.
Анын сөзү буларга аябай чоң
жаңылык болду. Ибрагимди эртеси
күнү эле Ички иштер
башкармалыгы өзүнө чакырып
алды. Төрдөгү столдо отурган чини
полковник, жашы да элүүлөргө
чукулдап калган киши Ибрагимди
жылуу кабыл алып, тосуп алды.
- Сенин берген маалыматың биз
үчүн күтүлбөгөн окуя болуп жатат.
Бул мафиянын тамыры каякта
экенин көптөн бери изилдеп
таппай жүргөнбүз. Демек
Кыргызстанда турбайбы, эң жакшы
болду. Алардын кулач жайып
бараткан тамырын кыйып, бүт
соолутуш керек. Ырас болду, бизге
бир топ жеңилдик кылып бердиң,
сага рахмат. Баса, айтмакчы,
милиция мектебин бүттү деп уктум
эле. Эмне себептен өз кесибиң
боюнча иштеген жоксуң?
- Шартым болгон жок…
- Азыр иштейт белең өз кесибиң
боюнча?
- Билбейм…
- Ойлон жигит, али келечегиң
алдыда. Азыр андан көрө
Кыргызстандын ички иштер
министрлиги менен байланышыш
керек. Кыскасы муну тактайбыз…
- Бул иш жакында бүтпөйбү?
- Бардыгын дагы иликтеп, аныктап,
толук далил алгандан кийин анан
ишке киришебиз…
"Демек булардан үмүт жок экен да,
ага чейин Диананы өлтүрүп
коюлары мүмкүн. Кой, андан көрө
өз алдымча аракеттенбесем болбой
калды", - Ибрагим жолдо ушуларды
ойлоп баратты.
ЭСКИ ДОСТОРДУН КЕҢЕШИ
"Эмне кылсам, убакыт деген
золото, бир мүнөт дагы убакытты
текке кетирбеш керек. Эгерде тиги
кыздын айткандары чын болсо,
анда Диаадан ажырап калышым
ыктымал, кандай болсо да, эмне
кылсам да бир нерсе ойлоп
табышым абзел. Мага көмөкчү
болуш үчүн профессиоал аябай
дасыккан чебер спортсмендер
керек. Болбосо "жалгыз дарак
токой болбойт" дегендей менин
колумда жалгыз эч нерсе келбейт.
Анын өзүнүн акчасын өзүнөн
аябайын, акчага жалдасам да
"наёмный адамдарды таап, атайын
топ түзүп, Диананы өлүмдөн
куткарып алышым керек. Мендеги
бирден бир үмүт Абдувахаб.
Абдувахаб менен сүйлөшүп көрүш
керек, бир келсе ошонун колунан
келет. Көп жылдардан бери кунфу,
таеквадо, ушу, каратэ боюнча
машыктыруучу болуп иштеди. Орто
Азия боюнча ар кандай спорттук
беттештерде байгелерге ээ болуп,
"Кара пояс"" деген наам алды. Бир
канча жолу "Бой без правилага"
катышып, жеңишке жетишти. Андан
бардык ар кандай криминалдык
чөйрөлөр коркушат, жергиликтүү
"авторитеттер" сыйлашат. Бул
жерде ал бир топ эле кадыр-
барктуу адам. Кача калса да бир
айылдык жердеш, курбалдаш
эмеспизби, бир келсе ошонун
колунан келет, жакшылап
түшүндүрүп, жардам сурап
кайрылып көрөйүн".
Ибрагим Абдувахабдын кайда
жашаарын билчү эмес, бирок
машыктыра турган спортзалын
жакшы билчү. Ага эки күн катары
менен барып кармай албай койду.
Үчүнчү күнү дегенде гана карпа-
курпа бет маңдай жолугуша
калышты. Ал кимдир бирөөлөр
менен шашыла спорт залдан
чыгып четте турган кара "Джип"
машиесин көздөй жаңыдан кетип
бараткан. Ибрагимди тааный коюп
бери басып келип учурашты.
Абдувахаб экөө тең курдуу
жигиттерден болчу.
- Салоомалейкум жол болсун,
кайдан адашып жүрөсүң?
- Мен сага келдим эле…
- Жайынча элеби, деги
тыччылыкбы?
- Сени менен сүйлөшө турган
сөздөр бар.
- Эмне акча проблема болуп атабы,
эгер андай болсо анын жарасы
жеңил эле…
- Жок андай эмес, таптакыр башка
маселе. Өтө серезный…
Абдувахаб өздөрүн жалдырай
карап туруп калышкан жигиттерди
ары баса бергилечи дегендей белги
бери Ибрагимди бери карай ээрчип
келди.
- Эмне болду, деги тынччылыкбы?
- Тынччылык болсо ушинтип сага
кайрылмак белем жардам сурап.
- Эмне жардам керек, айта бер.
- Экөөбүз тээ бала кезден эле бир
айылда чоңоюп, бир мектепте
окуп, далай жолу кошуна айылдагы
өзүбүздөн улуу балдар менен
мушташып, далай эле ызы-
чууларды чогуу баштан
кечириштик…
- Бирөөлөр сени обижайт
кылыштыбы?
- Кептин баары ошондо болуп
жатпайбы. Бул өтө эле олуттуу
маселе, буга сенин жардамың
керек. Сүйгөн кызым бирөөлөрдүн
туткуну болуп, өлүм алдында
жатат. Убакыттан кечиксек алар
аны өлтүрүп коюулары мүмкүн…
- Аларың ким?
- Мен өзүм да жакшы билбейм.
Сыягы булардын түпкү тамырлары
Кыргызстанда окшойт. Сауна,
кафе, ресторан, мейманкаалардагы
бай адамдарды, чет элдиктерди
камсыздандырып турган сулуу жаш
кыздарды билесиңби. Ошолордун
кожоюндары менин кызымды
уурдап кетишти. Ушул тапта ал
өлүм алдында жатат.
Абдувахаб кабагын бүркөй катуу
ойлонуп калды.
- Бул өтө эле серезный иш экен,
мен анын адамдарын жакшы
тааныйм. "Биз менен иштеш" деп
сунуш да кылышкан бир убакта,
мен болбой койгом. Чындыгында
эле алардын мафиясы аябай
күчтүү, тамырлары бүтүндөй Орто
Азияга тараган. Алардын
жетекчисин жакшы тааныйм,
барып сүйлөшүп көрөйүн, балким
коё беришээр…
- Жок, аны эч качан коё бербейт.
- Чындыгында аларды бошотуу өтө
кыйын, акчага да сатышпайт…,
Болуптур, бул маселени ойлонуп
көрөлү.
- Сен ойлонгуча кеч болуп калат,
бул эки-үч күнгө созулуп кетсе аны
өлтүрүп коюшат.
- Өлтүрүп коюшарын кайдан
билесиң?
- Аны менен чогуу жүргөн бир
кыздын өз оозунан уктум. Катуу
испытаниеден өтүп жатыптыр,
жакынкы мезгилдерде балким эки
же үч күндүн ичинде, аны өлтүрүп
туруп, өлүгүн кислотага ээритип
жиберишет имиш.
- Баса ал эме болгон кыз?
- Жана айтпадымбы, ал менин эң
эле жакын адамым, мен аны
ушунчалык жакшы көрөм, сүйөм.
Эгерде аны өлтүрүп коюшса
билбейм мен эмне болоорумду.
Ушунча болуп сага бир да жолу
жардам сурап кайрыла элек элем,
бир жолу жардам бер, акча десең
акчасын да төлөйм.
Анын сөзүнө Абдувахаб жылмайып
койду.
- Акчанын зарылчылыгы деле жок
мага… Болуптур жардам берейин,
бирок…, - ал бир азга унчукпай
ойлонуп калды. - Бул өтө эле
олуттуу нерсе, ортодо кандуу
кагылыш болуп кетиши да мүмкүн.
Анткени алардын кишилеринин
бардыгында ар кандай куралдар
бар атылуучу. Ал эми менин
балдарымда болсо курал жок
андай, бирок мушташ, рукапашный
бойлордон болсо эч кимге
алдырышпайт. Баса, ал кызың
азыр кайда?
- Дарегин билем, эки колу, эки
буту байлануу, өлүм алдында
жатат. Аны куткарыш үчүн буга
жок эле дегенде жети-сегиз же
онго жакын адам керек аябай
машыккан, дасыккан. Алардын ар
бирине кызматына жараша
акчасын төлөп берем.
- Эмне ошончолук эле байсыңбы? -
анын сөзүнө Абдувахаб тырчый
түштү, - экөөбүз качан эле акчага
соодалашып жүрчү элек. Эгер
акчаң ошончолук эле көп болсо,
каякка чыгымдарыңды,
жумшарыңды билбей турсаң, анда
ошол акчаларды айылдагы эне-
атаңа бери жибер. Андан көрө
жүрү акырын сыртынан акмалап
көрүп келели кызыңдын кайсыл
жерде туткунда турганын. Адан
аркы планды ошого жараша
иштейбиз.
Абдувахаб ары жакта турган эки-үч
баланы Ибрагимге тааныштыра
кетти.
- Булар менин эң ишенимдүү
балдарым. Оң колум десем да
болот. Убагында чоңдорго
"телохранитель" да болуп
иштешкен. Азыр болсо мени менен
иштешет.
Бардыгы машинеге отуруша
Ибрагим көрсөткөн тарапка жөнөп
кетишти. Алиги бийик дубалдуу
короого элүү метрдей жетпей
үйдүн бурчуна токтошту. Ичинен
чыкпай эле сүйлөшүп отурушту.
- Мына ушул бийик дубалдуу
короонун ары жагында менин
кызым. Возможно дубалдын
ичинде иттери болуп калышы да
мүмкүн. Айланага караңгы
киргенде чет элдик машинеге
кыздарын салып алып калаага
чыгып кетишет экен. Анан таңга
жуук кайра кайтып келишет.
Түнкүсүн бул жакта бирин-эки эле
кишилери калышпаса калгандары
кыздары менен калаанын ар кайсы
булуң-бурчтарында болушат. Биз
ушундай маалды, кырдаалды
пайдаланышыбыз керек. Жигиттери
кайтып келгиче Диананы уурдап
чыгып кетишибиз зарыл.
- Уурдабай эле күч колдонуп,
тартып алып кетсекчи…
- Анда ызы-чуусу көп болуп кетет
го дейм. Андан көрө менде бир
идея бар. Кыздарын салган чет
элдик машинелери биринин
артынан бири ээрчишип короодон
сыртка чыкканда, ошол
машинелеринин бирөөсүн акмалап
барып, басып калып, туткун кылып
албайлыбы. Ичиндегилеринин
баарын байлап салып, ошол
машине менен кайра бул короого
келбейлиби. Короо ичиндегилер
машинени таанышат да. Балким
дарбазаны ачып бизди өткөрүп
жиберишээр. Эптеп эле ичине
кирип алсак андан аркы
аракетибиз жеңилирээк болот эле.
- Андай болбойт, алардын
өздөрүнчө секретный паролдору
болот. Паролду билбесек
ичиндегилер дарбазаны ачышпайт.
Тескерисинче кайра шек алдырып
коёбуз. Анда ишти дагы
татаалдаштырып алабыз.
- Анда кандай план бар?
- Дубал ичине башкача жол менен
кириш керек. Машинелеринин
бардыгы чыгып кеткенден кийин
дубалдын ичине мындай эле
секирип өтөбүз.
- Ичинде иттер бар болуп калсачы.
- Анын да айласын табабыз. Анда
биринчи кезекте иттердин көзүн
курутуш керек. Андан кийин гана
ишке киришебиз.
- Иттердин бар же жок экенин
кантип билсек болот?
- Андан көрө адегенде мындай
кылалы Ибрагим. Мен өзүмдүн эң
ишенимдүү деген балдарымдан
жети-сегизди табайын. Караңгыда
көрүнбөш үчүн жалаң кара жеңил
кийимдерди, беттерибизге кара
чүмбөт, кара мээлей кийишибиз
керек. Ар кандай болуп кетиши
мүмкүн, кол салганга же
коргонгонго өзүбүзгө ылайыктуу
куралдарды табышыбыз керек.
Тигилердин ар биринде атылуучу
куралдар бар. Бизге карай ок атып
жибериши да мүмкүн. Эгерде алар
бизге ок ата турган болушса
ортодо кан төгүлүп кетиши да
мүмкүн, бирок биз ага мүмкүнчүлүк
бербешибиз абзел. Бардыгын план
боюнча тыкан, ызы-чуусуз, тынч
жасашыбыз керек. Өңдөрүбүздү
таанытпай туткун кызды, тоесть
кызыңды эптеп алып чыгып
кетсек, изибизди таптакыр
жашырып кетет элек. Биздин ким
экенибизди билбей да калышмак.
Ошондо гана каршылашпай,
жоолашпай калмакбыз.
- Болуптур, урушта туруш жок, эрте
күндү кеч кылбай ишке киришели, -
машине кайрадан от алды дагы
ордунан козголо бурчтагы көчөгө
бурула көздөн кайым болуп кетти.
КАЯША
Диананы эки күн бою оозуна наар
алдырышкан жок. Бир нече
сааттап аркан жипке колдору катуу
байланып тургандыктан кан жүрбөй
шишип кеткен болчу.
Кыймылдаганга алы келбей ошо
күнү түш оогончо полдо сулап
жатты. Денеси дырдай жылаңач
болгондуктан кыздардын бирөөсү
кыз жаткан залга акырын
уурданып кирип көйнөгүн чечип
бери кетти. Диана акырын туруп
көйнөктү эптеп кийгенге араң
жарады. Көп өтпөй эле алиги
толмочунан келген такыр баш
киши, кыздардын бардыгын
ойготуп Диана жаткан залга айдап
кирди. Анан ачуулана бардыгына
кыйкыра баштады.
- Кана чыныңарды айткыла, буга
көйнөктү ким берди?!
Бардыгы жымжырт болуша үн
катпай турушту. Алиги киши четте
турган кыздын жанына басып
келди да жүзүнө үңүлдү.
- Калп айтпасам тигил көйнөктү
сен кийип жүрдүң беле?
- Жок, меники эмес, өзүмдүкү
мына бул көйнөк.
- Эмне калп айтып жатасың же
бизди макоо, кеңкелес деп
ойлойсуңбу. Мына, тынч жүрбөгөн
адам өзүнөн өзү эле балээнин
бардыгын өздөрүнө үйүп алат.
Биринчиден буга көмөк
көрсөткөндүгүң үчүн, экинчиден
калп айткандыгың үчүн жазага
татыктуу болдуң. Кана муну биякка
алып чыккыла да биздин
мыйзамды бузган кандай экенин
көзүнө көрсөтүп, окутуп койгулачы,
экинчи мындай ишке баргыс
болсун.
Ары жактан эки жигит келип жаш
кызды ортого сүйрөп чыгышты да
экөө эки жактан ийилчээк тал
чыбык менен алмактан-салмак
сабай башташты. Чыбыктын уусуа
чучуктай чаңырган кыз ботодой
боздоп экинчи минтпесин айтып
тигилерге жалына баштады. Бир
кезде тизелеп отура калып алиги
такыр баш кишиден кечирим сурап
кирди.
- Мени кечирип койгула, экинчи
мындай ишке барбайм, калп да
айтпайм. Ооба бул менин көйнөгүм
болчу, силерден уруксат сурабай
көйнөгүмдү буга бери койгондугум
үчүн кечирим сурайм. Экинчи
мындай ишке барбайм! Анын
чыдамкайлыгынын жоктугуна бери
жактагы кыздар жек көрө карап
турушту. Диана чымыркана
ордунан турду да алиги кызды
сабап жатышкан эки жигитке тике
маңдайына басып келди.
- Жаш кызды мындай сабагандай
кандай акыңар өтүп кетти. Мунун
пайдасынан башка силерге эмне
зыяны тийди. Силердин ушундай
карындашыңар барбы же асмандан
түштүңөрбү. Карындашыңарды
ушинтип башка бирөөлөр сабаса
эмне болот эле. Же силер эмне
адамдан бөлөк жаралып,
ушунчалык фашист болуп
кеттиңерби? Силерде адамдык
жүрөк, боор деген барбы же
баарыңар тең эле эки аяктуу
айбансыңарбы?
Анын мындай кайраттуу сөзүнө
бардыгы таңгала жалдырай карап
калышты. Ушунча болуп дегеле бир
да кыз ушундай каяша айтып
көргөн эмес. Ал эми Дианага
болсо баары бир болчу "Мени
баары бир өлтүрүп салышат,
"корксо да кой өлөт, коркпосо да
кой өлөт", андан көрөкчө
тайманбай эле айтчу сөздөрдү
айтып алайын, өлө тургандан кийин
менин эч нерсем коробойт" деген
чечимге келген.
- Ыя де?!, - жымжырттыкты алиги
толмочунан келген такыр баш
киши бузду, - эркиндикте жүрүп,
уставды унутуп тилиң чыгып,
безилдеп сайрап калган экенсиң
го, - ал чөнтөгүнөн кнопкасы бар
маки алып чыкты. - Азыр алдагы
тилиңди туурасынан шылып кесип
таштайынбы, фашист, айбан деп
айтканың үчүн, бул жоругуң үчүн
эки көзүңдү чукуп, таптакыр жарык
дүйнөнү көргөзбөй таштайынбы.
Демек кечээгилер сага сабак
болгон эмес экен да, сага мындан
катуу жаза керек экен, ошондо
гана эсиңе келесиң. Айтчы кайсы
көзүңдү чукуюн, же экөөнүн тең
сага кереги жокбу? Аы жасаш бат
эле, - алиги такыр баш киши
бычагын жалаңдата Диананын
көзүнүн түбүнө алып келди. Диана
жалтанган да атүгүл кирпик каккан
да жок, бычактын мизине тике
карап туруп берди. Буга ого бетер
ачуусу келген такыр баш киши
колундагы бычагын шилтеп
жиберди эле Диананын бетин анча-
мынча чарпып кетти. Ошентсе да
Диана эч "солк" этип койгон жок.
Бир аздан кийин сызылып аккан
кан анын бети жая берди. Алиги
киши ого бетер буркан-шаркан
түшүп ачуулана баштады.
- Бул бузукунун көзүн курутуш
керек, немедленно сени
жоготтурам. Өзүңөн көр, "Өзүңө
өзүң өлүп тилеп алдың, эми бул
кыздарың менен коштосо берсең
болот. Акыркы жолу көрүп
жатасың буларды, - ал жанындагы
эки кишиге башын ийкей акырын
көз кысып койду эле алар
Диананы кармап алышып,
кайрадан ийилчээк тал чыбык
менен сабаганга өтүштү. Бул
жолкусунда ага эч нерсе таасир
бербегендей кебелбей тура берди.
Өлүмгө жалтанбай тике баргысы
келди. Экөөсү болсо эки жактан
сабагандарын уланта беришти. Бир
кезде Диананын башы айлана, эсин
жоготуп койду да полго оңкосунан
кулап түштү.
- Эгер уставды бузсаңар силер да
ушунун кейпин кийесиңер, эми
баргыла, тарагыла!
Диананын кайраттуулугу тигилерге
да таасир берген болчу, эч нерсе
укпаган кишидей болуп бардыгы
такыр баш кишини жек көрүү
менен карап турушту.
- Мен силерге эмне дедим ыя, бар
жай-жайыңарга кеткиле! - анын
сөзү кыздарга эч таасир
бербегенин көргөн такыр баш киши
ачуулана бакырды, - бул эмне
бунтбу? Силерди тарагыла деп
жатам!
Кыздар дале бир орунда былк
этпей, козголбой тура беришти эле
тигил жанындагыларга башын
ийкеп, буларды алып кеткиле
дегендей белги берди. Алар
колундагы чыбыктар менен сабай
баштаганда гана кыздар чуру-чуу
түшүшө жай-жайларына тарап
кетишти.
Экөөсү кыймылсыз жатка Диананы
колдон алыша бөлмөгө сүйрөп
барышып, полго ыргытып салышты
да каалганы жаап, сыртынан
кулпулап ташташты.
УЮШКАН ТАНДАЛМА ТОП
Ибрагимдин өтүнүчү менен
Абдувахаб өзүнүн ишенимдүү
адамдарынан жети-сегиздейди
топтоду.
- Бизге мындан артыктын деле
кереги жок, булар спорт чеберлери
профессионал жигиттер. Мен эң
ишенимдүү дегендерди гана
топтодум, мындан көп болуп кетсе
бири-бирине тоскоолдук
кылгандан башка пайдасы жок.
Абдувахабдын Ташкенде менчик
кафеси бар болчу. Бардыгы ары
жактагы өзүнчө бөлмөдө сүйлөшүп
отурушту. Диванда отурушкан
жигиттерди Ибрагим менен бирден
тааныштырып чыкты.
- Бул четтеги Карим деген жигит,
дзюда боюнча жана эркин күрөш
боюнча мастер спорт. Спорт
школду, физкультура институтун
бүткөнмашыккан, азыр
машыктыруучу болуп иштейт.
Чоңдугун эле карабайсыңбы,
тумбочкадай болуп турбайбы. Эч
бир муштумдарды тоготпойт.
Көмөчказан менен башка чапсаң
чоюн сынып кетиши мүмкүн, а бул
эч нерсе болбойт, - анын
тамашасына бардыгы күлүп
калышты. - Бул болсо Виктор Пак
улуту корейс, ушу, таеквандонун
мастери. Анын жанындагы жиигит
- Хабибула. Виктордун оң колу
таеквандо боюнча дүйнөлүк
чемпиондуктарга катышып жүрөт.
Чынында кайсы улуттан экенин
билбейм. Тигил жигит жөнөкөй
бокстан баштаган, кийинчерээк
Америкага барып
профессионалдардын боксуна
катышып утушка ээ болуп келген.
Балким телевизордон
көргөндүрсүң мушташуу техникасы
Майкл Тайсондон кем калышпайт.
Өзү дагы капкара болуп далдайып
Тайсонго окшошуп турбайбы. Тигил
кичинекей, бою жапыз китаец
жигит биздин топко жакындан бери
кошулуп жүрөт. Ушунчалык
чагылгандай тез кыймылы менен
кимди болсо да таңгалтырбай
койбойт. Жеңилдиги, ылдам
кыймылдаганы мышыктан
айырмасы жок, каратэ менен
машыгат. Аты Чинь. Бул болсо көп
жыл бою циркте иштеген,
бычактарды көзүн таңып койсоң
да көздөгөн жерине сая алат. Узун
шапалак камчыларды жакшы
иштете билет. Бир шилтем менен
кимисинин болбосун эсин оодара
чабат же колундагы нерселерин
көз ачып-жумганча кагып түшүрөт.
Шапалак камчысы менен беш
кадамга чейин кандай адам
болбосун моюнуна ороп алып
муунтуп коё алат, аты Рахим.
Тигил көзгө атаар мерген жигит
Жафар, десантта кызмат өтөгөн,
Афган согушунда да катышкан.
Кыскасы булардын бардыгы жөн
адамдардан эмес. Ар бирин өзүн
таап, өзүм тандап, өзүм топтогом.
Бири-бирине ишенимдүү адамдар.
Кана таанышып алдык, эми
негизги ишке өтөлү. Бардыгы
жымжырт болуп турушту. - Тигил
бийик короо ичинде эмне бар
экенин билбейбиз, балким
дубалдарында түрмө сыяктуу
сигналдары бардыр, а балким
дөбөт иттери бардыр? Короонун
ичиндегилердин бардыгын
көрсөтүп турган видео-
аппараттары да бар болуп калышы
мүмкүн… Бул мафия күчтүү да
турушат, бай да турушат.
Ташкенттеги авторитеттүү
адамдардын бардыгын колго алып
коюшка. Бирок кандай болсо да
туткун кызды бошотуп чыгуубуз
керек тигилер өлтүрүп сала электе.
Кана, кимде кандай ой, сунуштар
бар, короонун ичине кантип
киребиз.
- Короонун бийиктиги канча экен?
- Где-то алты метрдей болот…
- Анда кирүү жеңил эле турбайбы.
Ар бирибиз башында илмеги бар
аркан жиптерди алабыз дагы
тартынып чыгып ары жагына өтүп
кетебиз.
- Өтөөрүн го өтөбүз, анын ичинде
эмнелер былгып жатат биз кайдан
билебиз, балким куралдуу адамдар
түрмө кайтарышкандай күзөттө
турушкандыр…
- Күзөттө турушкандай анын
ичинде зектер же кылмышкерлер
жок да. Болгону жыйырмага али
жаштары чыга элек алсыз кыздар.
Мага жолуккан кыздын айтуусу
боюнча ичинде куралдуу деле
адамдар жок. Биздин
келээрибизди күтүшпөйт деле
болуш керек. Биз күтүүсүздөн ойдо
жок жерден кол салабыз. Өтө
тездик менен иштешибиз абзел.
Жарым саатка жетпей ал жерден
кайра чыгып кетишибиз зарыл.
- Эме менен куралданабыз?
- Бизде албетте атылуучу куралдар
жок, за то өзүбүздө уверенность,
күч, тажрыйба бар. Куралсыз эле
бобул колубуз менен бүтүрөбүз.
Баса, айтмакчы ар кимиси өзүнүн
көнгөн куралдарын алышат.
Мисалы Рахимге атуучу куралдын
кереги не, бычак, шапалак
камчысы болсо болду да, кимиси
болсун жайлай алганга
мүмкүнчүлүгү бар. Бул эле эмес
силердин ар бириңерде деле ушу
сыяктуу мүмкүнчүлүгүңөр бар
эмеспи, курал алуунун зарылдыгы
деле жок. Тигил жактагы кишилер
жңнңкңй эле кишилер, биз сыяктуу
спортсмендер эмес. Бул деген
согуш мезгили эмес да атуучу
курал колдонгондой, бардыгын
жөнөкөй колубуз менен гана
бүтүрөбүз. Эң башкы нерсе
караңгыда кара кийсең көзгө
көрүнбөй калат эмеспи, ар бирибиз
кара спорт кийимдерин,
башыбызга болсо кара чүмбөт
кийебиз, биз ким экенибизди
билинбегендей, өңүбүздү
тааныбагандай болсун.
- Кара чүмбөттөрдү, кийимдерди
кайдан табабыз?
- Анын милдетин мен алам, -
Ибрагим жооп берди, - Алар кечке
даяр болот, кыскасы кадимки
нинзалардан айырмасы жок кылып
даярдайм.
- Болуптур, анан кайсыл мезгилде
киребиз короого?
- Түнкү саат бирден өткөндөн соң
элдин баары кызуу уйкуда
болушат, ошондо киребиз. Короо
ичиндегилер да кызуу уйкуда
болот болуш керек. Кандай дабыш
чыгарбай кирсек, ошондой кайра
көздөн кайым болуп кетебиз. Эң
башкысы Диананы тапсак эле
болду. Кана, анда эмесе ишке
киришели.
КЫЙНООНУН ЧЕГИ
- Болду азырынча жетишет, колун
чечип таштагыла, болбосо эрте эле
өлтүрүп алышыбыз ыктымал, -
Диананын ахыбалын билгени
келишкен үч жигиттин бирөөсү
жанындагыларга буйрук бере
сүйлөдү. Анткени эсин жоготуп
койгон Диана эки колу менен
асылып калган, колдоруна кан
жүрбөй көпкөк болуп көөп кеткен
болчу. Бирөөсү барып, катуу
чырмалып, чиеленип байланган
жипти чече албай көпкө кыйналып
жатып араң дегенде чечти. Диана
али эсине келе элек болчу, таманы
тактай полдо жыпжылаңач боюнча
узунунан сулк жатты. Берки үчөө
аны бир аз карап турушту да
баштарын чайкай акырын сыртка
чыгып кетишип, темир торлуу
эшикти сыртынан кулпулап
салышты.
- Тээ бир топтон кийин гана барып
Дианага жан кире баштады.
Чалкасынан оодарыла акырын
көзүн ачты. Аркасынын
ооруганына чыдай албай кайра
кырынан жатты. Ичке тал
чыбыктын уусу денесине өтүп
кеткенби кыймылдаса эле
чыдатпай оорутуп, жанын көзүнө
көрсөтүп жатты. "Бу дүйнөгө мен
эмнеге жаралдым экен, ушинтип
азап тартып кыйналыш үчүнбү.
Чын эле менин кимге керегим бар.
Байыркы Улуу Рим
империясындагы гладиаторлорго
кызмат кылган күң аялдардан эч
айырмам жок. Ушул убакта да
эзүүчү тап али да бар экенин
дегеле билбептирмин да. Буларды
тарыхтан китептен гана окугам.
Мына эми бардыгын өз башымдан
өткөрүп жатам". Жаны ушунчалык
кыйналгандыктан акырын эч кимге
угузбоого аракет кылып онтоп
жатты. Жыпжылаңач болуп жатса
да денеси от менен жалын боло
кадимки тозоктун отунда тирүүлөй
куйкалана көзүн жумуп турду.
"Чындыгында мен эч кимге
керегим жок, мени бошоткону,
куткарып алганы эч ким келбейт.
Эртеби, кечпи баары бир өлтүрүп,
өлүгүмдү кислотага салып
ташташат. Андан көрө мынчалык
азап чекпей, кыйналбай эртерээк
эле өзүмдү өзүм өлтүрүп,
жанымды жай алдырганым артык.
Эми кантип өзүмдү өлтүрүп,
жанымды кыя алам?" - ал акырын
башын көтөрө айланасына көз
жүгүрттү. Өйдө жактан эки колун
байлаган жиптердин салаңдап
турганын көрүп кубанып кетти.
Жип менен катуу байланган эки
колдоруна кан уюп, сыйрылып,
араң эле кыймылдап
калыптыр.Эптеп чымырканып
ордунан турду да эки жагына бир
сыйра көз жүгүртүп алды. Зал ичи
тунжурап өлүү жымжырт, сыягы
кыздардын бардыгын түнкү
соодага алып кетишсе керек чет
элдик кардарларга. Ордунан туруп,
бир-эки кадам шилтеп, салаңдап
турган жипке жетпей башы
тегеренип, аз жерден кулап кала
жаздады. Жипти кармай калып
көзүн жумуп жиберди. Аракты көп
ичкендей башы тегерене ошол
боюнча катып көпкө турду. Анан
акырын көзүн ачып бир чечимге
келди. "Кыскасы менин бул
дүйнөгө жашоого акым жок, тек
гана өлүшүм керек. Ошондо гана
бардык азап-тозоктордон
кутулам". Ал акырын жиптин бир
учун түйүп, кадимки дарга сыяктуу
кылып моюнга илмек жасай
баштады. "Мени кечир эне, ата,
кош болгула бир боорлорум" - ал
илмекти акырын моюнуна илди да
асылып калды. Аркан жипке
муунуп, айланасы тунара эсин
жогото баштады.
- Бир топтон кийин эсине келе
көзүн ачты. Бет маңдайында
колдоруна бычак кармап, мындан
бир аз мурдараак келишкен үч
жигит турушуптур. "Булар каяктан
келип, кандайча пайда боло
калышты?" - деп Диана экөөнө
таңгала карап калды.
Алар эртеден бери темир торлуу
каалаганын сырт жагында
Диананын ар бир кыймыл-
аракетин байкап турушкан болчу.
Аркан жиптин бир башын түйүп
жатканын да көрүшкөн, эмне
кылаар экен деп тим жайына коюп,
күтүп турушкан. Качан гана
арканды жипти моюнуна илип
асылып калганда гана шашыла
темир торду ачып кирип барышып,
аркан жипти бычак менен кыйып
жиберишкен болчу.
- Эмне тигил дүйнөгө кеткенге
шашылып жатасыңбы. Шашылба,
али эрте. Көргөндөн көрө
электериң али көп. Аны эртең өз
көзүң менен көрөсүң.
Экөө зал ичине эч нерсе
калтырышпай, өздөрү менен ала
кетишти дагы кайрадан сыртынан
бекитип ташташты. Диана ары
басып, бери басып, зал ичин
кыдырып эч нерсе таппаган соң
бурчка барып отуруп калды
Таңга жуук темир эшиктин
шалдыраганынан ойгонуп кетти,
көзүн ачты. Кечөө кечинде
кыздардын көзүнчө өзүн
кыйнашкан жигиттер кайра
келишти. Алардын арасында
толмочунан келген такыр баш
киши да жүрөт. Ал Диананы
мыскылдай карап койду.
- Эмне муунуп өлгүң келдиби,
качкан, сөздү укпаган кандай
экенин эми түшүнө баштадыңбы?
Эсиңе келдиңби, эми качасыңбы же
качпайсыңбы?
Ал Диананын көк беттенип
мелтиреп, унчукпай турганына
ачуусу келди.
- Муунуп өлгөн сага жагып калган
окшойт, аны азыр эле текшерип
көрөбүз. Чакыргыла кыздардын
бардыгын. Уктап жаткандары да
ойготкула!
Бир аздан кийин чачы-баштары
уйпаланып, уйкусураган кыздардын
бардыгы акырындап залга кирип,
чогула башташты. Чет элдиктерге
кардар болуп түнү бою уктабай
чыгышкандыктан бардыгы тең
кыйналып, уйпаланып, жүдөшкөн
кыздар жаңы эле келишип
жаздыкка баштарын коюшканда,
бардыгын кайра ойготуп, бул жакка
алып келишкен.
- Эме үлдүрөйсүңөр ыя, тургула
бир катар болуп тизилип, азыр
силерге бекер спектакль
көрсөтөбүз, бирок албетте
кайгылуу спектакль. Кана жигиттер
анда эмесе спектаклди баштагыла!
Эки жигит Диананы колдон
кармаша бери ортого алып келди,
үчүнчүсү болсо анын моюнуна
кечээги арка жипти салышып,
акырын муунта башташты.
Тыбырчылап каршылык көрсөтөйүн
деди эле эки жигит аны былк
эттирбей кармап турду. Бетие кан
тээп чыгып, көздөрү чекчейе
кыйкылдап-чыйкылдап, эсин
жогото баштаганда акырын коё
бери коёт да эсине келгенде кайра
башынан муунта баштайт. Ушундай
көрүнүш бир саатка чейин
кайталанды. Диананын катуу
кыйналып жатканын көрүшкөн
кыздар кээ бирлери чыдай албай
тетири карап кетишүүдө. Бери
жакта турган жигиттер аларды
"биякка карагыла! " - деп
колундагылары менен бетке чаап
жиберишүүдө. Нерви чыдабай
кеткен кыздардын кээ бирөөлөрү
ыйлап, көздөрүн жумган боюнча
ачпай туруп алышты.
- Спектаклдин биринчи көрүнүшү
аяктады, эми экинчи көрүнүшү
башталат, - алиги такыр баш киши
өзүө өзү ыраазы боло кыздар
тарапка мыскылдуу карап койду.
Эми эмне кылышар экен деп али
жыйырмага чыгыша элек жаш
кыздардын бардыгы жардана сары
санаа болуша тигилерди карап
турушту. Каа баштай бергиле
дегендей ал алаканын акырын
чаап койду. Алиги үч жигит
кайрадан Диананы колдон былк
эттирбей кармаша, бирөөсү мой
нуна желим баштык ктйгтзе койду
да ичине аба жибербей төмөн
жагын бекем кармап турду. Деми
катуу кыстыккан Диана чыдай
албай азоо аттай башын ары-бери
чулгай туйлап жиберди, бирок тигил
экөөсү аны былк эттирбей кармап
турушту. Качан гана эсин жогото
баштаганда кайра ичине аба
жиберип коет. Эсине келип бир аз
тургандан кийин кайрадан аба
бербей кыйнай башташат. Тигилер
жедеп кыйноонун чегине жетип,
моокумдары кангандан кийин
Диананы жайына коюшуп
кыздарды жай-жайларына
таратышты. Диана ак шишик
тартып көөп, тактай полдо
көмкөрөсүнөн араң дем алып
жатты. Аны кайра-кайра
тумчуктуруп, катуу кыйнап
коюшкан эле.
Баардыгы чыгып кетишкенден
кийин бери жакта турган
жигиттердин бирөөсү Диананы
аянычтуу карап койду.
- Давай, муну кыйнабай эле азыр
өлтүрүп таштабайлыбы. Эки-үч
күндөн беркиси жетиштүү эле
болду го дейм…?
- Келесоолонбочу, биз эмнени
билебиз. Шефтер эмнени айтса
ошону жасайбыз да, муну
өлтүргөнгө али эрте. Тигил
кыздарга сабак болсун деп атайын
ушуну иштетип жатпайбы. Мунуңду
эч ким укпасын, буйрукту кың
дебей аткара бер. Болбосо
өзүбүзгө жаман болот, - артта
калышкан экөө өздөрүнчө
сүйлөшүшө сыртка чыгып кетишти
да темир торлуу каалганы
сыртынан беките башташты.
ЖОГОЛУП ТАБЫЛГАН МАШИНЕ
"Ташкенттен чыгып кетпесе эле
бул машинени жерден чукусам да
табам", - Ибрагим эч жумуш
кылбай эртеден кечке машинеси
менен көчөгө чыгып, кызыл
Мазданы издеп жүрдү. Сол
жагында сүзүшкөндөн калган тагы
бар ошол машине жер соруп
кеткендей дайынсыз жоголду. "Бул
иш боюнча МАИге кайрылып
көрсөмбү? Жок болбойт, алар
бардыгы бир мафияда болуп
калышы мүмкүн, шек алдырып
койсом Диананы таптакыр жоготуп
алам. Анда эмне кылыш керек? Өз
алдымча аракеттенишим, аны
издешим абзел. Баса, мынчалык
акчаларды кайдан тапкан?", - ал
Дианадан калган бооланган
акчаларды таңгала карап, колу
менен сыдырып койду. "Мындай
акчаларды он жыл иштесем да
таппайт болушум керек. Эмне
кылсам, четинен чыгымдасамбы
же өзүнө кайтарып берсемби. Кой
өзүнүкүн өзүнө кайтарып бергеним
оң, эми эң башкысы анын өзүн
табыш керек. Ал кимдир
бирөөлөрдүн туткунунда жүрөт.
Аны таап кандай болсо да бошотуп
алышым керек. Эгер ал бул жактын
күчтүү мафияларынан болсо анда
Диананы ээрчитип алып, алыс
жакка кетип калам, эң башкысы
Диананы табышым керек". Ал
жоготкон кызын шаар ичин бир
жумадан бери көчөдөн көчө
калтырбай кыдырып чыкты.
Көптөгөн чет элдик машинелердин
артынан кууп барып, башка
машине экенине чындап көзү
жеткен соң, кабагынан кар
жаадыра токтоп калып жатты.
"Аны чын эле Ташкенден башка
жакка алып кетиштиби? Болбосо
машинени бир жолу көрөт элем
го…" Шаар ичин кыдырып атып
акыры чарчаганда үмүтү үзүлө
үйүнө кайтып келди. Акыры
капталы чийилген кызыл мазданы
таппаган соң көптөн берки үмүтү
түңүлө МАИ кызматкерлерине
кайрылууну эп көрдү.
Бирок бардыгы күтүлбөгөн жерден
болуп кетти. Борбордук
универмагынын жанынан өтүп
баратып кокусунан жол четинде
токтоп турган кызыл мазданы
көрүп калды. "Ал эмес болуш
керек, мындайлар шаар ичинде
толуп эле жатпайбы, токтобой эле
кете берсемби?" ал арсарсып турду
да "Мейли көрсө көрө кетейичи"
деп машинеси арыраак жакка
токтотуп, ичинен чыкты да алиги
кызыл мазданын жанына барды.
Дал эле өзү көптөн бери издеп
жүргөн тааныш машине экен, аны
көргөндө энеси эркек төрөгөндөй
сүйүндү. "ооба, мынакей
капталындагы чийиги, номуру да
ошол", - ал кубана машиенин
айланасына көз жүгүрттү. Бирок ал
жерде машине ээси жок экен.
Сыягы универмагдын ичине кирип
бир нерсе издеп же кафеде
тамактанып отурат болуш керек.
Машиненин кожоюну кача келет
деп Ибрагим зарыга көпкө күттү.
Ага эч ким жакын басып келбеди.
Арадан эки сааттан ашык убакыт
өтүп кетти. Курсагы да ачып,
машине ээсин күтүп атып иажай да
баштады, баары бир өлөрманданып
кеткиси келбей турду. "Чын эле
мунун ээси барбы же таштап салып
кетип калганбы? Же болбосо мени
байкап калып атайылап келбей
жатабы? Андай болсо
тигиндейирээк барып турайынчы" ,
- ал машинеден бир топ обочороок
жерге келди да гезит сатып алып
жанындагы отургучка отура аны
окуй баштады.
Бир аздан кийин жаш кызды
ээрчиткен тармал чачтуу муруту
бар далдайган жигит машиненин
жанына келип эшигин ачкычы
менен ача баштаганын көрдү.
Аппак сандарын көрсөтүп кыска
юбка кийген кыз машиенин тигил
жагына айланып барып, ичине
олтурду. Көп өтпөй эле машие от
алып ордунан козголду. Аларды
карап жалдырай туруп калган
Ибрагим эсине келе, шашыла
өзүнүн машиесин көздөй чуркап
жөнөдү. Дароо от алдыра
машинесин кайра артка бурду. Көп
өтпөй эле алиги кызыл мазданы
кууп жетти. Бири-биринен анча
эмес алыстыкта баратышкан эки
машине зуулдашып катуу айдаша
Ташкенттин борбордук көчөсүндө
кетип баратышты.
Бирде жай бирде катуу
ылдамдыкта кетип бараткан кызыл
"Мазданын" ичиндегилер артында
байкатпай илээшип "хвостун"
келатканын байкашкан жок.
Ибрагим бир эки жолу
светофордон токтоп кайра
тигилердин артынан бат эле кууп
жетти. Эми бул чет элдик
машинени асмандын алты кабат
үстүнө жердин жети кабат түбүнө
кирип кетсе да баары бир издеп
таап алмак. Ибрагим андан бир
секундга да көзүн алган жок. Катуу
айдаса катуу, жай айдаса жай,
куйрук улаш ээрчип жүрүп отурду.
Эки машине көп өтпөй эле
калаанын түштүк тарабына сыртка
чыгып кетип, шоссе жол менен
жүрүп отурушту. Ибрагим бул
машиненин каякка баратканын
дароо эле боолгоду. Калаадан анча
деле алыс эмес жерде дачалар бар
болчу, алдыңкы машине түз эле
ошол жакка багыт алып бараткан.
Артында аңдып келатканын шек
алып калбасын деп ылдамдыгын
анча-мынча басаңдатты. Алдыңкы
машине да ылдамдыгын жайлатып,
анча чоң эмес короонун алдына
келип токтоду. Алиги тармал
чачтуу далдайган жигит
машинесинен түшүп, дарбазаны
өзү ачты да, короого айдап кирип,
ичинен жаап алды.
БЕЙТААНЫШ КЫЗДЫН СЫРЫ
Бирирээк жакка келип токтогон
Ибрагим чыртка чыгып алып, эмне
кылыш керек экендигин бир аз
ойлонуп турду. Булар жакында
чыкпасы белгилүү болчу, атүгүл
түнөп калуулары да ыктымал эле.
Бул эмне дача экенин жакшылап
эсине түйүп койду. Кайра
машинесинин ичине кирди да,
күүгүм киргенче зарыга күтүп
отурду. Анан айлананы караңгылык
каптаганда гаа машинесинен
акырын чыгып, алиги короону
көздөй ууру мышыкча жылып
жөнөдү. Ар кайсы жеринде жарык
күйгөнү болбосо дача ичи
капкараңгы, жымжырт болчу.
Акырын короонун түбүнө келип
дарбазаны түртүп көрдү, ичинен
илинүү экен. Короону айланып,
бийик дубалдан ичине секирип
өткөнгө ыңгайлуу жер таба албай
койду. Катуу секирди эле дубалдын
башына жете алган жок. Эмне
кылаарын билбей айланасына
жакшылап көз жүгүрттү. Ары жакта
турган узундугу үч метрдей келген
темир түтүктү жерден ары-бери
жулкулдатып жатып сууруп алды
дагы, артка кетенчиктеп катуу
күүлөнүп келип темир түтүктү
жерге сая коюп, дубалдын бети
менен өйдө карай чуркап кетти.
Короонун үстүнкө бетине колу
менен илине түтүктү таштап
жиберип, асылып калды. Бир аз
турган соң үстүнө тартылып чыгып
ичине секирип түштү. Короо
ичиндеги ача чоң эмес эки
кабаттуу үйдүн үстүнкү кабатынын
электр жарыгы али күйүп туруптур.
Алиги кызыл "Мазда" машинеси
эшиктин алдында токтоп турат.
Үйдүн эшигин да ичинен илип
алышыптыр. Ит жокпу дегендей,
эки жагын абайлай карап алды,
короо ичи өлүү жымжырт. Үстүңкү
кабаттан гана болоор-болбос
музыканын үнү чыккансып
коньяктар, баштады. Чоң көзүн
алып, ары жакка койду да ичине
жылмышып кирди. Жогору жактагы
жигиттин бакылдаган, кез-кез
кыздын күлгөн үнү чыга калып,
кайра басылып калып
жатты.Ашканага кирип узун
чөмүчтү, анан аш бычакты таап
алды. "Ушулар курал болот мага"
деп кармалап турду.
Күтүлбөгөн жерден турсий-
майкечен алиги кишинин төмөн
карай түшүп келатканын байкай
коюп, каалганын артына жашына
калды. Ал дагы түз эле ашканага
кирип, муздаткычты ачып, ичинен
бир нерсе изздей баштады. Бирок
артында кимдир бирөө аңдып
турганын сезе коюп, ыкчам бурула
бергенде чөмүч менен башка катуу
жеп, жерге оңкосунан сайылды.
Ибрагим ары жактан терезе
пардонун жибин чыгарып келип
эки колун, эки бутун катуу байлап,
көзүн да таңып таштады. Анан
жогору карай көтөрүлдү. Кыз
төшөктө жатыптыр, Ибрагимдин
келгеин адегенде байкаган жок.
Бери жактагы залдын ичиндеги
столдо чала ичилген арак,
коньяктар, ар кандай тамак-аштар,
ичимдиктер жайнап турат. Ушунча
бөтөлкөнүн баарын экөө ичишсе
керек, кыз да бир топ мас экен.
Ал бери оодарыла бери, Ибрагимди
көрө коё, бакыра төшөктөн атып
турду.
Жыпжылаңач денесин жашыра ак
шейшепке ороло калды. Таңгала
Ибрагимге карап чочулай үнүн жай
чыгарды.
- Сен кимсиң?
Ибрагим жооп бергендин ордуна
тигиге "кийин! " деп буйрук бере
сүйлөдү. Кыздын булдурап
сүйлөгөнүнө караганда ичкиликке
бир топ эле мас экени билинип
турду. Ибрагимдин айтканын жасап
ары жакта турган кийимдерин
кийине баштады.
- Силер кимсиңер,
милициядансыңарбы? - алиги кыз
кийинип жатып, кайра-кайра эле
сурай берди.
- Артык баш суроонун кереги жок,
бас, төмөн жакка түш!
Кызды алдыга салыбалып экөө
төмөн карай түшүп келишти. Колу-
буттары, көздөрү таңылып турган
өзүнүн кожоюнун көргөндө ого
бетер таңгала Ибрагимге карады.
- Мага бир гана нерсе керек. Кечээ
жакында дал эле ушул кызыл
"Мазда" машинеси менен менин
кызымды күч колдонуп алып
баратканын көргөм, - Ибрагим
кыздын көзүнө тике карап сүйлөп
жатты. Эгер экөөңөр тең тирүү
калабыз десеңер, аны каякка алып
кеттиңер айткыла. Болбосо бул
үйдүн тирүү чыгабыз деп
ойлобогула.
Кыз чочулай колу-буттары
байланып жерде жаткан жигитке
карап койду. Ал чөмүч тийген
башынан кан сызыла агып
кыймылсыз жерде жаткан болчу.
- Сиз ким болосуз, максатыңыз
эмне?
- Мага кызымды бошотуп бергиле,
башка эч нерсенин кереги жок.
- Кызыңды аты ким эле?
- Диана.
- Дианабы? - өзүнө-өзү
ишенбегендей кыздын эки көзү
бакырайды, - сиз Диананын жигити
болосузбу, оо Кудайым, бизге
жардам бере көр, - анан үнүн жай
чыгара жерде жаткан жигитке
жалтактай карай акырын үнүн
чыгарды. - Сиз баары бир аны
куткара албайсыз. Биз
баардыгыбыз алардын туткунубуз,
айткаын кың дебей аткарабыз.
Алардын мафиясы күчтүү,
Диананы куткарам десеңиз,
жалгыздап куткара албайсыз.
"Жалгыз дарак токой болбойт"
деген макалды эске алыңыз.
Жалгыз даракты булар жөн гана
кыйып ташташат. Булар сиздин
көзүңүздү жөн гана тазалап
коюшат…
- Диана каякта?
- Шашпаңыз айтыа
келатпаймынбы, - жерде
кыймылсыз жаткан жигитти
чочуркай дагы бир жолу карап
койду, - жүргүлөчү тигил жактан
сүйлөшөлү. Биздин сөздөрүбүздү
бул угуп калчу болсо иш чатакка
айланат.
Экөө ашканадан чыгышып арткы
бөлмөгө барышты.
- Кыскасы мындай, - кыз акырын
абайлай шыбырап сүйлөдү, -
ушундай мүмкүнчүлүктөн
пайдаланып силерди ээрчип мен
дагы качып кетсем болот эле.
Бирок качып кайда барам. Диана
сыяктуу кайра эле кармап алышат
да, ябай кыйнашып, анан өлтүрүп
туруп өлүгүмдү кислотага салып,
ээритип жиберишет. А мен болсо
жашагым келет, али жашмын.
- Диана каякта, азыр ал тирүүбү?
- Азырынча тирүү эле, бирок алар
эртеби кечпи аны өлтүрүп коюшат.
Ал азыр тигилердин колунда
туткунда. Аны бошото аласыңбы,
бошото албайсыңбы көзүм
жетпейт. Сени да өлтүрүп коюшат.
- Мени кимдер өлтүрүп коюшат?
- Тиги мафиядагылар…
- Мафия дегениң кимдер?
- Болуптур түшүнүктүү болсун үчүн
жакшылап айтып берейин, угуп
эсиңе түйүп ал. Биз деген
Кыргызстандан эрксиз келгенбиз
бул жакка… Ал Ибрагимге
жашыруун кыздардын түрмөсү
тууралуу болгонду болгондой
жакшылап түшүндүрүп айтып
берди.
- Эми түшүндүңөрбү жашыруун
түрмөнүн сырын. Ал бизден качып
чыгам деп кайра буларга кармалып
калбадыбы. Эми аны соо
коюшпайт. Ошондуктан тез арада
арекет кылып үлгүрүшүңөр керек,
болбосо кеч болуп калат.
- Болуптур, мен анда эмне
кылышым керек?
- Мен сизге колумдан келишинче
жардам, кеңеш берем. Өзүңөргө
ишенимдүү эң кыйын, дасыккан
спортсмен жети-сегиздей адам
табышыңар керек. Диана жаткан
үйдүн дарегин айтып берем. Аны
ошол жакка түн ичинде барып
куткарып кеткенге
мүмкүнчүлүгүңөр бар. Түнкүсүн ал
жакта эл азыраак болот.
- Дарегин азыр барып эле
көргөзүп келбейсиңби, сыртта
машине бар…
- Тигини эмне кылабыз, эсине
келсе ызы-чуу салып жиберет го…?
- Ызы-чуу сала албайт, эки колу,
эки буту катуу байлануу, көзү да
таңылуу. Азыр кыйкырбаш үчүн
оозун да таңып таштайм, кыйын
болсо анан былк этип көрсүн.
Бирөөлөр чечмейинче,
бошотмоюнча былк этпей жата
берет.
- Анда мындай кылалы байке,
менде бир идея бар. Мен силер
менен барып Диана туткундалып
жаткан үйдү көрсөтүп келейин,
андан аркысын өзүңөр аракет
кылгыла. Кайра мени бул жакка
жеткирип койгула да өзүңөр кете
бергиле. Силер кеткенден кийин
мен мунун колун чечейин, эч шек
албагандай болсун. Үй ичиндеги
баалуу нерселердин бардыгын
шыпырып алып кеткиле, ууру
түшкөн экен деп ойлоп калсын.
- Буларыңдын бардыгы выдумка
эмеспи, калп айтып, мени
ловушкага түшүргөнү жаткан
жоксуңбу?
- Эгер калп айта турган болсом
жанагы аялдардын менчик түрмөсү
тууралуу айтат белем. Андан көрө
мен сизге жардам берейин, сиз да
бизге жардам бериңиз. Биз
шордууну капастан бошотуп
чыгыңыз. Бизди куткарчу бирден
бир эле үмүт сиз болуп жатасыз.
Кой, эрте күндү кеч кылбай анда
ишке киришели, антпесек
убакыттан уттуруп жиберебиз.
Экөө шашылыша кайра ашканага
келишти. Алиги жерде жаткан киши
акырындап эсине келе кыймылдай
баштаптыр. Ибрагим керилип туруп
дагы бир жолу төбөгө чапканда
кайрадан эсин жоготуп, былк этпей
калды. Ары жактан чүпүрөк алып
келип, көздөрүн таңганы аз
келгенсип оозун да бууп салды.
Экөө шашылыша дарбазанын
кичине эшикчесин ачып, сыртка
жүгүрүп чыгышты. Түнкү саат
бирге чукулдап калган маал болчу.
Дача ичи өлүү жымжырт. Ар кайсы
жерде күйүп турган электр жарыгы
да өчүп калыптыр. Экөө дароо ары
жакта турган машинеге отурушту
да каяккадыр жөнөп кетишти.
Көп өтпөй Ташкенттин ичине
киришип Диана жаткан үйгө жакын
келишти. Дарбазасы да дубалы да
өтө бийик болчу.
- Биз мына ушул бийик короонун
аркы бетинде жашайбыз. Түнкүсүн
бизди сыртка алып чыгып кетишет
да, таңга жуук кайра алып келишет,
жакшылап эстеп калдыңызбы? -
алиги бейтааныш кыз сенден
"сизге" өтүп кетти.
- Мен деген Ташкентти силерден
жакшы билем го.
- Анда андан бетер жакшы. Диана
азыр залдын ичинде колдору
байлануу жатат. Эртерээк аны
куткарып алууга аракеттенгиле,
антпесе андан айрылып каласыз.
Бардыгы кеч болуп кетет.
Экөө шашылыша кайра машинеге
отурушту да заматта дачага
кайтып келишти. Алиги кыз
короонун ичине кирип баратып
артына бурула карады.
- Болуптур сизге ийгилик каалайм,
тез арада ишке киришкиле!
Бардык үмүттүн баары сизде
болот, - ал дарбазаны акырын үнүн
чыгарбай жаап алды да ичинен
илип койду.
Ашкана жакка шашпай басып
барып, жерде эс-учу жок жаткан
жигитке жек көрүү менен карап
койду. Бир аз ойлонуп турду, анан
шашпастан ары жактан бычак алып
келип, тигинин байлануу колдорун
бошотуп, жипти кесип жиберди.
Жигиттин таңылган оозун,
көздөрүн чечип кружкага суу алып
келип бетине жаба чачты. Эсине
келген жигит ооруган башын
сыйпалай ордунан козголду.
- Эмне болуп кетти, деги
аманбызбы?
- Эмне болмок эле, ичкиликти
катуу ичкендиктен үстүнкү
кабаттагы кроватка жаткан боюнча
уктап калыптырмын. Бир аздан
кийин эсиме келип, төмөн түшүп
келсем, силер катуу чырмалып,
байлануу полдо жатыпсыңар. Жаңы
эле бошоттум… Сыягы уурулар
кирсе керек бул үйгө, карагылачы
зал ичин бүт чачып аңтарышып
тоноп кетишиптир.
Экөө чачылган бөлмөлөрдү
кыдырышып, эмнелер жоголгонун
эсептеп жүрүштү. Бул мезгилде
караңгылык акырындап жоголуп,
таң жаңыдан үрүл-барал агарып
келаткан болчу.
АЛГАЧКЫ ПЛАН
Ибрагим үйүнө келип өзүнчө катуу
ойго чөмүлдү. "Бул кыздын ким
экенин атын да сурабай
калыптырмын. Эгер анын айтканы
чын болсо, алардын мафиясынын
тамыры бүтүндөй Орто Азияны,
Россияны, кыскасы мурунку
Союздук республикаларга кеңири
жайылып бараткан окшойт. Анда
чындыгында менин колумдан эч
нерсе келе албай калат. Адан көрө
өзүмө атайын группа түзбөсөм
болбой калды. Тигилердин ар
биринде жок эле дегенде бирден
тапачалары бар деп жатпайбы.
Бизди жөн эле ит аткандай гана
торойто атып салышат. Диананы
куткармак тургай өзүбүз туткун
болуп беребиз. Бул боюнча мурун
өзүм менен чогуу окушкан,
милицияда иштеген досторум
менен сүйлөшүп, акылдашып
кеңешип көрсөмбү. Балким
ошолордун жардамы тийип
жүрбөсүн? А эгер алардын
начальниктери тигилер менен
байланышта болушсачы, анда эмне
кылабыз. Өзүбүз сокку жеп
калабыз го. Эмне кылсам,
канткенде тигилердин чеңгээлинен
Диананы куткарып ала алам? Тиги
спорт, каратэ менен машыккан
досторго барып жардам сурап
көрсөмбү, алар мен дегенде тим
эле жандарын беришет го. Ооба,
ошолор менен да сүйлөшүп
көрөйүн. Эрте күндү кеч кылбай
эртелейи, болбосо Дианадан
түбөлүккө айрылып калышым
мүмкүн". Ал дароо эле качандыр
бир кезде милиция мектебинде
чогуу окуган досторуна жөнөдү.
Аларды өзүнчө кафеге алып келип
алып, болгонун болгондой төкпөй-
чачпай айтып берди. Курсант
кезинде чогуу окушкан досторунун
арты эле капитан, майор болуп
калышкан.
Анын сөзү буларга аябай чоң
жаңылык болду. Ибрагимди эртеси
күнү эле Ички иштер
башкармалыгы өзүнө чакырып
алды. Төрдөгү столдо отурган чини
полковник, жашы да элүүлөргө
чукулдап калган киши Ибрагимди
жылуу кабыл алып, тосуп алды.
- Сенин берген маалыматың биз
үчүн күтүлбөгөн окуя болуп жатат.
Бул мафиянын тамыры каякта
экенин көптөн бери изилдеп
таппай жүргөнбүз. Демек
Кыргызстанда турбайбы, эң жакшы
болду. Алардын кулач жайып
бараткан тамырын кыйып, бүт
соолутуш керек. Ырас болду, бизге
бир топ жеңилдик кылып бердиң,
сага рахмат. Баса, айтмакчы,
милиция мектебин бүттү деп уктум
эле. Эмне себептен өз кесибиң
боюнча иштеген жоксуң?
- Шартым болгон жок…
- Азыр иштейт белең өз кесибиң
боюнча?
- Билбейм…
- Ойлон жигит, али келечегиң
алдыда. Азыр андан көрө
Кыргызстандын ички иштер
министрлиги менен байланышыш
керек. Кыскасы муну тактайбыз…
- Бул иш жакында бүтпөйбү?
- Бардыгын дагы иликтеп, аныктап,
толук далил алгандан кийин анан
ишке киришебиз…
"Демек булардан үмүт жок экен да,
ага чейин Диананы өлтүрүп
коюлары мүмкүн. Кой, андан көрө
өз алдымча аракеттенбесем болбой
калды", - Ибрагим жолдо ушуларды
ойлоп баратты.
ЭСКИ ДОСТОРДУН КЕҢЕШИ
"Эмне кылсам, убакыт деген
золото, бир мүнөт дагы убакытты
текке кетирбеш керек. Эгерде тиги
кыздын айткандары чын болсо,
анда Диаадан ажырап калышым
ыктымал, кандай болсо да, эмне
кылсам да бир нерсе ойлоп
табышым абзел. Мага көмөкчү
болуш үчүн профессиоал аябай
дасыккан чебер спортсмендер
керек. Болбосо "жалгыз дарак
токой болбойт" дегендей менин
колумда жалгыз эч нерсе келбейт.
Анын өзүнүн акчасын өзүнөн
аябайын, акчага жалдасам да
"наёмный адамдарды таап, атайын
топ түзүп, Диананы өлүмдөн
куткарып алышым керек. Мендеги
бирден бир үмүт Абдувахаб.
Абдувахаб менен сүйлөшүп көрүш
керек, бир келсе ошонун колунан
келет. Көп жылдардан бери кунфу,
таеквадо, ушу, каратэ боюнча
машыктыруучу болуп иштеди. Орто
Азия боюнча ар кандай спорттук
беттештерде байгелерге ээ болуп,
"Кара пояс"" деген наам алды. Бир
канча жолу "Бой без правилага"
катышып, жеңишке жетишти. Андан
бардык ар кандай криминалдык
чөйрөлөр коркушат, жергиликтүү
"авторитеттер" сыйлашат. Бул
жерде ал бир топ эле кадыр-
барктуу адам. Кача калса да бир
айылдык жердеш, курбалдаш
эмеспизби, бир келсе ошонун
колунан келет, жакшылап
түшүндүрүп, жардам сурап
кайрылып көрөйүн".
Ибрагим Абдувахабдын кайда
жашаарын билчү эмес, бирок
машыктыра турган спортзалын
жакшы билчү. Ага эки күн катары
менен барып кармай албай койду.
Үчүнчү күнү дегенде гана карпа-
курпа бет маңдай жолугуша
калышты. Ал кимдир бирөөлөр
менен шашыла спорт залдан
чыгып четте турган кара "Джип"
машиесин көздөй жаңыдан кетип
бараткан. Ибрагимди тааный коюп
бери басып келип учурашты.
Абдувахаб экөө тең курдуу
жигиттерден болчу.
- Салоомалейкум жол болсун,
кайдан адашып жүрөсүң?
- Мен сага келдим эле…
- Жайынча элеби, деги
тыччылыкбы?
- Сени менен сүйлөшө турган
сөздөр бар.
- Эмне акча проблема болуп атабы,
эгер андай болсо анын жарасы
жеңил эле…
- Жок андай эмес, таптакыр башка
маселе. Өтө серезный…
Абдувахаб өздөрүн жалдырай
карап туруп калышкан жигиттерди
ары баса бергилечи дегендей белги
бери Ибрагимди бери карай ээрчип
келди.
- Эмне болду, деги тынччылыкбы?
- Тынччылык болсо ушинтип сага
кайрылмак белем жардам сурап.
- Эмне жардам керек, айта бер.
- Экөөбүз тээ бала кезден эле бир
айылда чоңоюп, бир мектепте
окуп, далай жолу кошуна айылдагы
өзүбүздөн улуу балдар менен
мушташып, далай эле ызы-
чууларды чогуу баштан
кечириштик…
- Бирөөлөр сени обижайт
кылыштыбы?
- Кептин баары ошондо болуп
жатпайбы. Бул өтө эле олуттуу
маселе, буга сенин жардамың
керек. Сүйгөн кызым бирөөлөрдүн
туткуну болуп, өлүм алдында
жатат. Убакыттан кечиксек алар
аны өлтүрүп коюулары мүмкүн…
- Аларың ким?
- Мен өзүм да жакшы билбейм.
Сыягы булардын түпкү тамырлары
Кыргызстанда окшойт. Сауна,
кафе, ресторан, мейманкаалардагы
бай адамдарды, чет элдиктерди
камсыздандырып турган сулуу жаш
кыздарды билесиңби. Ошолордун
кожоюндары менин кызымды
уурдап кетишти. Ушул тапта ал
өлүм алдында жатат.
Абдувахаб кабагын бүркөй катуу
ойлонуп калды.
- Бул өтө эле серезный иш экен,
мен анын адамдарын жакшы
тааныйм. "Биз менен иштеш" деп
сунуш да кылышкан бир убакта,
мен болбой койгом. Чындыгында
эле алардын мафиясы аябай
күчтүү, тамырлары бүтүндөй Орто
Азияга тараган. Алардын
жетекчисин жакшы тааныйм,
барып сүйлөшүп көрөйүн, балким
коё беришээр…
- Жок, аны эч качан коё бербейт.
- Чындыгында аларды бошотуу өтө
кыйын, акчага да сатышпайт…,
Болуптур, бул маселени ойлонуп
көрөлү.
- Сен ойлонгуча кеч болуп калат,
бул эки-үч күнгө созулуп кетсе аны
өлтүрүп коюшат.
- Өлтүрүп коюшарын кайдан
билесиң?
- Аны менен чогуу жүргөн бир
кыздын өз оозунан уктум. Катуу
испытаниеден өтүп жатыптыр,
жакынкы мезгилдерде балким эки
же үч күндүн ичинде, аны өлтүрүп
туруп, өлүгүн кислотага ээритип
жиберишет имиш.
- Баса ал эме болгон кыз?
- Жана айтпадымбы, ал менин эң
эле жакын адамым, мен аны
ушунчалык жакшы көрөм, сүйөм.
Эгерде аны өлтүрүп коюшса
билбейм мен эмне болоорумду.
Ушунча болуп сага бир да жолу
жардам сурап кайрыла элек элем,
бир жолу жардам бер, акча десең
акчасын да төлөйм.
Анын сөзүнө Абдувахаб жылмайып
койду.
- Акчанын зарылчылыгы деле жок
мага… Болуптур жардам берейин,
бирок…, - ал бир азга унчукпай
ойлонуп калды. - Бул өтө эле
олуттуу нерсе, ортодо кандуу
кагылыш болуп кетиши да мүмкүн.
Анткени алардын кишилеринин
бардыгында ар кандай куралдар
бар атылуучу. Ал эми менин
балдарымда болсо курал жок
андай, бирок мушташ, рукапашный
бойлордон болсо эч кимге
алдырышпайт. Баса, ал кызың
азыр кайда?
- Дарегин билем, эки колу, эки
буту байлануу, өлүм алдында
жатат. Аны куткарыш үчүн буга
жок эле дегенде жети-сегиз же
онго жакын адам керек аябай
машыккан, дасыккан. Алардын ар
бирине кызматына жараша
акчасын төлөп берем.
- Эмне ошончолук эле байсыңбы? -
анын сөзүнө Абдувахаб тырчый
түштү, - экөөбүз качан эле акчага
соодалашып жүрчү элек. Эгер
акчаң ошончолук эле көп болсо,
каякка чыгымдарыңды,
жумшарыңды билбей турсаң, анда
ошол акчаларды айылдагы эне-
атаңа бери жибер. Андан көрө
жүрү акырын сыртынан акмалап
көрүп келели кызыңдын кайсыл
жерде туткунда турганын. Адан
аркы планды ошого жараша
иштейбиз.
Абдувахаб ары жакта турган эки-үч
баланы Ибрагимге тааныштыра
кетти.
- Булар менин эң ишенимдүү
балдарым. Оң колум десем да
болот. Убагында чоңдорго
"телохранитель" да болуп
иштешкен. Азыр болсо мени менен
иштешет.
Бардыгы машинеге отуруша
Ибрагим көрсөткөн тарапка жөнөп
кетишти. Алиги бийик дубалдуу
короого элүү метрдей жетпей
үйдүн бурчуна токтошту. Ичинен
чыкпай эле сүйлөшүп отурушту.
- Мына ушул бийик дубалдуу
короонун ары жагында менин
кызым. Возможно дубалдын
ичинде иттери болуп калышы да
мүмкүн. Айланага караңгы
киргенде чет элдик машинеге
кыздарын салып алып калаага
чыгып кетишет экен. Анан таңга
жуук кайра кайтып келишет.
Түнкүсүн бул жакта бирин-эки эле
кишилери калышпаса калгандары
кыздары менен калаанын ар кайсы
булуң-бурчтарында болушат. Биз
ушундай маалды, кырдаалды
пайдаланышыбыз керек. Жигиттери
кайтып келгиче Диананы уурдап
чыгып кетишибиз зарыл.
- Уурдабай эле күч колдонуп,
тартып алып кетсекчи…
- Анда ызы-чуусу көп болуп кетет
го дейм. Андан көрө менде бир
идея бар. Кыздарын салган чет
элдик машинелери биринин
артынан бири ээрчишип короодон
сыртка чыкканда, ошол
машинелеринин бирөөсүн акмалап
барып, басып калып, туткун кылып
албайлыбы. Ичиндегилеринин
баарын байлап салып, ошол
машине менен кайра бул короого
келбейлиби. Короо ичиндегилер
машинени таанышат да. Балким
дарбазаны ачып бизди өткөрүп
жиберишээр. Эптеп эле ичине
кирип алсак андан аркы
аракетибиз жеңилирээк болот эле.
- Андай болбойт, алардын
өздөрүнчө секретный паролдору
болот. Паролду билбесек
ичиндегилер дарбазаны ачышпайт.
Тескерисинче кайра шек алдырып
коёбуз. Анда ишти дагы
татаалдаштырып алабыз.
- Анда кандай план бар?
- Дубал ичине башкача жол менен
кириш керек. Машинелеринин
бардыгы чыгып кеткенден кийин
дубалдын ичине мындай эле
секирип өтөбүз.
- Ичинде иттер бар болуп калсачы.
- Анын да айласын табабыз. Анда
биринчи кезекте иттердин көзүн
курутуш керек. Андан кийин гана
ишке киришебиз.
- Иттердин бар же жок экенин
кантип билсек болот?
- Андан көрө адегенде мындай
кылалы Ибрагим. Мен өзүмдүн эң
ишенимдүү деген балдарымдан
жети-сегизди табайын. Караңгыда
көрүнбөш үчүн жалаң кара жеңил
кийимдерди, беттерибизге кара
чүмбөт, кара мээлей кийишибиз
керек. Ар кандай болуп кетиши
мүмкүн, кол салганга же
коргонгонго өзүбүзгө ылайыктуу
куралдарды табышыбыз керек.
Тигилердин ар биринде атылуучу
куралдар бар. Бизге карай ок атып
жибериши да мүмкүн. Эгерде алар
бизге ок ата турган болушса
ортодо кан төгүлүп кетиши да
мүмкүн, бирок биз ага мүмкүнчүлүк
бербешибиз абзел. Бардыгын план
боюнча тыкан, ызы-чуусуз, тынч
жасашыбыз керек. Өңдөрүбүздү
таанытпай туткун кызды, тоесть
кызыңды эптеп алып чыгып
кетсек, изибизди таптакыр
жашырып кетет элек. Биздин ким
экенибизди билбей да калышмак.
Ошондо гана каршылашпай,
жоолашпай калмакбыз.
- Болуптур, урушта туруш жок, эрте
күндү кеч кылбай ишке киришели, -
машине кайрадан от алды дагы
ордунан козголо бурчтагы көчөгө
бурула көздөн кайым болуп кетти.
КАЯША
Диананы эки күн бою оозуна наар
алдырышкан жок. Бир нече
сааттап аркан жипке колдору катуу
байланып тургандыктан кан жүрбөй
шишип кеткен болчу.
Кыймылдаганга алы келбей ошо
күнү түш оогончо полдо сулап
жатты. Денеси дырдай жылаңач
болгондуктан кыздардын бирөөсү
кыз жаткан залга акырын
уурданып кирип көйнөгүн чечип
бери кетти. Диана акырын туруп
көйнөктү эптеп кийгенге араң
жарады. Көп өтпөй эле алиги
толмочунан келген такыр баш
киши, кыздардын бардыгын
ойготуп Диана жаткан залга айдап
кирди. Анан ачуулана бардыгына
кыйкыра баштады.
- Кана чыныңарды айткыла, буга
көйнөктү ким берди?!
Бардыгы жымжырт болуша үн
катпай турушту. Алиги киши четте
турган кыздын жанына басып
келди да жүзүнө үңүлдү.
- Калп айтпасам тигил көйнөктү
сен кийип жүрдүң беле?
- Жок, меники эмес, өзүмдүкү
мына бул көйнөк.
- Эмне калп айтып жатасың же
бизди макоо, кеңкелес деп
ойлойсуңбу. Мына, тынч жүрбөгөн
адам өзүнөн өзү эле балээнин
бардыгын өздөрүнө үйүп алат.
Биринчиден буга көмөк
көрсөткөндүгүң үчүн, экинчиден
калп айткандыгың үчүн жазага
татыктуу болдуң. Кана муну биякка
алып чыккыла да биздин
мыйзамды бузган кандай экенин
көзүнө көрсөтүп, окутуп койгулачы,
экинчи мындай ишке баргыс
болсун.
Ары жактан эки жигит келип жаш
кызды ортого сүйрөп чыгышты да
экөө эки жактан ийилчээк тал
чыбык менен алмактан-салмак
сабай башташты. Чыбыктын уусуа
чучуктай чаңырган кыз ботодой
боздоп экинчи минтпесин айтып
тигилерге жалына баштады. Бир
кезде тизелеп отура калып алиги
такыр баш кишиден кечирим сурап
кирди.
- Мени кечирип койгула, экинчи
мындай ишке барбайм, калп да
айтпайм. Ооба бул менин көйнөгүм
болчу, силерден уруксат сурабай
көйнөгүмдү буга бери койгондугум
үчүн кечирим сурайм. Экинчи
мындай ишке барбайм! Анын
чыдамкайлыгынын жоктугуна бери
жактагы кыздар жек көрө карап
турушту. Диана чымыркана
ордунан турду да алиги кызды
сабап жатышкан эки жигитке тике
маңдайына басып келди.
- Жаш кызды мындай сабагандай
кандай акыңар өтүп кетти. Мунун
пайдасынан башка силерге эмне
зыяны тийди. Силердин ушундай
карындашыңар барбы же асмандан
түштүңөрбү. Карындашыңарды
ушинтип башка бирөөлөр сабаса
эмне болот эле. Же силер эмне
адамдан бөлөк жаралып,
ушунчалык фашист болуп
кеттиңерби? Силерде адамдык
жүрөк, боор деген барбы же
баарыңар тең эле эки аяктуу
айбансыңарбы?
Анын мындай кайраттуу сөзүнө
бардыгы таңгала жалдырай карап
калышты. Ушунча болуп дегеле бир
да кыз ушундай каяша айтып
көргөн эмес. Ал эми Дианага
болсо баары бир болчу "Мени
баары бир өлтүрүп салышат,
"корксо да кой өлөт, коркпосо да
кой өлөт", андан көрөкчө
тайманбай эле айтчу сөздөрдү
айтып алайын, өлө тургандан кийин
менин эч нерсем коробойт" деген
чечимге келген.
- Ыя де?!, - жымжырттыкты алиги
толмочунан келген такыр баш
киши бузду, - эркиндикте жүрүп,
уставды унутуп тилиң чыгып,
безилдеп сайрап калган экенсиң
го, - ал чөнтөгүнөн кнопкасы бар
маки алып чыкты. - Азыр алдагы
тилиңди туурасынан шылып кесип
таштайынбы, фашист, айбан деп
айтканың үчүн, бул жоругуң үчүн
эки көзүңдү чукуп, таптакыр жарык
дүйнөнү көргөзбөй таштайынбы.
Демек кечээгилер сага сабак
болгон эмес экен да, сага мындан
катуу жаза керек экен, ошондо
гана эсиңе келесиң. Айтчы кайсы
көзүңдү чукуюн, же экөөнүн тең
сага кереги жокбу? Аы жасаш бат
эле, - алиги такыр баш киши
бычагын жалаңдата Диананын
көзүнүн түбүнө алып келди. Диана
жалтанган да атүгүл кирпик каккан
да жок, бычактын мизине тике
карап туруп берди. Буга ого бетер
ачуусу келген такыр баш киши
колундагы бычагын шилтеп
жиберди эле Диананын бетин анча-
мынча чарпып кетти. Ошентсе да
Диана эч "солк" этип койгон жок.
Бир аздан кийин сызылып аккан
кан анын бети жая берди. Алиги
киши ого бетер буркан-шаркан
түшүп ачуулана баштады.
- Бул бузукунун көзүн курутуш
керек, немедленно сени
жоготтурам. Өзүңөн көр, "Өзүңө
өзүң өлүп тилеп алдың, эми бул
кыздарың менен коштосо берсең
болот. Акыркы жолу көрүп
жатасың буларды, - ал жанындагы
эки кишиге башын ийкей акырын
көз кысып койду эле алар
Диананы кармап алышып,
кайрадан ийилчээк тал чыбык
менен сабаганга өтүштү. Бул
жолкусунда ага эч нерсе таасир
бербегендей кебелбей тура берди.
Өлүмгө жалтанбай тике баргысы
келди. Экөөсү болсо эки жактан
сабагандарын уланта беришти. Бир
кезде Диананын башы айлана, эсин
жоготуп койду да полго оңкосунан
кулап түштү.
- Эгер уставды бузсаңар силер да
ушунун кейпин кийесиңер, эми
баргыла, тарагыла!
Диананын кайраттуулугу тигилерге
да таасир берген болчу, эч нерсе
укпаган кишидей болуп бардыгы
такыр баш кишини жек көрүү
менен карап турушту.
- Мен силерге эмне дедим ыя, бар
жай-жайыңарга кеткиле! - анын
сөзү кыздарга эч таасир
бербегенин көргөн такыр баш киши
ачуулана бакырды, - бул эмне
бунтбу? Силерди тарагыла деп
жатам!
Кыздар дале бир орунда былк
этпей, козголбой тура беришти эле
тигил жанындагыларга башын
ийкеп, буларды алып кеткиле
дегендей белги берди. Алар
колундагы чыбыктар менен сабай
баштаганда гана кыздар чуру-чуу
түшүшө жай-жайларына тарап
кетишти.
Экөөсү кыймылсыз жатка Диананы
колдон алыша бөлмөгө сүйрөп
барышып, полго ыргытып салышты
да каалганы жаап, сыртынан
кулпулап ташташты.
УЮШКАН ТАНДАЛМА ТОП
Ибрагимдин өтүнүчү менен
Абдувахаб өзүнүн ишенимдүү
адамдарынан жети-сегиздейди
топтоду.
- Бизге мындан артыктын деле
кереги жок, булар спорт чеберлери
профессионал жигиттер. Мен эң
ишенимдүү дегендерди гана
топтодум, мындан көп болуп кетсе
бири-бирине тоскоолдук
кылгандан башка пайдасы жок.
Абдувахабдын Ташкенде менчик
кафеси бар болчу. Бардыгы ары
жактагы өзүнчө бөлмөдө сүйлөшүп
отурушту. Диванда отурушкан
жигиттерди Ибрагим менен бирден
тааныштырып чыкты.
- Бул четтеги Карим деген жигит,
дзюда боюнча жана эркин күрөш
боюнча мастер спорт. Спорт
школду, физкультура институтун
бүткөнмашыккан, азыр
машыктыруучу болуп иштейт.
Чоңдугун эле карабайсыңбы,
тумбочкадай болуп турбайбы. Эч
бир муштумдарды тоготпойт.
Көмөчказан менен башка чапсаң
чоюн сынып кетиши мүмкүн, а бул
эч нерсе болбойт, - анын
тамашасына бардыгы күлүп
калышты. - Бул болсо Виктор Пак
улуту корейс, ушу, таеквандонун
мастери. Анын жанындагы жиигит
- Хабибула. Виктордун оң колу
таеквандо боюнча дүйнөлүк
чемпиондуктарга катышып жүрөт.
Чынында кайсы улуттан экенин
билбейм. Тигил жигит жөнөкөй
бокстан баштаган, кийинчерээк
Америкага барып
профессионалдардын боксуна
катышып утушка ээ болуп келген.
Балким телевизордон
көргөндүрсүң мушташуу техникасы
Майкл Тайсондон кем калышпайт.
Өзү дагы капкара болуп далдайып
Тайсонго окшошуп турбайбы. Тигил
кичинекей, бою жапыз китаец
жигит биздин топко жакындан бери
кошулуп жүрөт. Ушунчалык
чагылгандай тез кыймылы менен
кимди болсо да таңгалтырбай
койбойт. Жеңилдиги, ылдам
кыймылдаганы мышыктан
айырмасы жок, каратэ менен
машыгат. Аты Чинь. Бул болсо көп
жыл бою циркте иштеген,
бычактарды көзүн таңып койсоң
да көздөгөн жерине сая алат. Узун
шапалак камчыларды жакшы
иштете билет. Бир шилтем менен
кимисинин болбосун эсин оодара
чабат же колундагы нерселерин
көз ачып-жумганча кагып түшүрөт.
Шапалак камчысы менен беш
кадамга чейин кандай адам
болбосун моюнуна ороп алып
муунтуп коё алат, аты Рахим.
Тигил көзгө атаар мерген жигит
Жафар, десантта кызмат өтөгөн,
Афган согушунда да катышкан.
Кыскасы булардын бардыгы жөн
адамдардан эмес. Ар бирин өзүн
таап, өзүм тандап, өзүм топтогом.
Бири-бирине ишенимдүү адамдар.
Кана таанышып алдык, эми
негизги ишке өтөлү. Бардыгы
жымжырт болуп турушту. - Тигил
бийик короо ичинде эмне бар
экенин билбейбиз, балким
дубалдарында түрмө сыяктуу
сигналдары бардыр, а балким
дөбөт иттери бардыр? Короонун
ичиндегилердин бардыгын
көрсөтүп турган видео-
аппараттары да бар болуп калышы
мүмкүн… Бул мафия күчтүү да
турушат, бай да турушат.
Ташкенттеги авторитеттүү
адамдардын бардыгын колго алып
коюшка. Бирок кандай болсо да
туткун кызды бошотуп чыгуубуз
керек тигилер өлтүрүп сала электе.
Кана, кимде кандай ой, сунуштар
бар, короонун ичине кантип
киребиз.
- Короонун бийиктиги канча экен?
- Где-то алты метрдей болот…
- Анда кирүү жеңил эле турбайбы.
Ар бирибиз башында илмеги бар
аркан жиптерди алабыз дагы
тартынып чыгып ары жагына өтүп
кетебиз.
- Өтөөрүн го өтөбүз, анын ичинде
эмнелер былгып жатат биз кайдан
билебиз, балким куралдуу адамдар
түрмө кайтарышкандай күзөттө
турушкандыр…
- Күзөттө турушкандай анын
ичинде зектер же кылмышкерлер
жок да. Болгону жыйырмага али
жаштары чыга элек алсыз кыздар.
Мага жолуккан кыздын айтуусу
боюнча ичинде куралдуу деле
адамдар жок. Биздин
келээрибизди күтүшпөйт деле
болуш керек. Биз күтүүсүздөн ойдо
жок жерден кол салабыз. Өтө
тездик менен иштешибиз абзел.
Жарым саатка жетпей ал жерден
кайра чыгып кетишибиз зарыл.
- Эме менен куралданабыз?
- Бизде албетте атылуучу куралдар
жок, за то өзүбүздө уверенность,
күч, тажрыйба бар. Куралсыз эле
бобул колубуз менен бүтүрөбүз.
Баса, айтмакчы ар кимиси өзүнүн
көнгөн куралдарын алышат.
Мисалы Рахимге атуучу куралдын
кереги не, бычак, шапалак
камчысы болсо болду да, кимиси
болсун жайлай алганга
мүмкүнчүлүгү бар. Бул эле эмес
силердин ар бириңерде деле ушу
сыяктуу мүмкүнчүлүгүңөр бар
эмеспи, курал алуунун зарылдыгы
деле жок. Тигил жактагы кишилер
жңнңкңй эле кишилер, биз сыяктуу
спортсмендер эмес. Бул деген
согуш мезгили эмес да атуучу
курал колдонгондой, бардыгын
жөнөкөй колубуз менен гана
бүтүрөбүз. Эң башкы нерсе
караңгыда кара кийсең көзгө
көрүнбөй калат эмеспи, ар бирибиз
кара спорт кийимдерин,
башыбызга болсо кара чүмбөт
кийебиз, биз ким экенибизди
билинбегендей, өңүбүздү
тааныбагандай болсун.
- Кара чүмбөттөрдү, кийимдерди
кайдан табабыз?
- Анын милдетин мен алам, -
Ибрагим жооп берди, - Алар кечке
даяр болот, кыскасы кадимки
нинзалардан айырмасы жок кылып
даярдайм.
- Болуптур, анан кайсыл мезгилде
киребиз короого?
- Түнкү саат бирден өткөндөн соң
элдин баары кызуу уйкуда
болушат, ошондо киребиз. Короо
ичиндегилер да кызуу уйкуда
болот болуш керек. Кандай дабыш
чыгарбай кирсек, ошондой кайра
көздөн кайым болуп кетебиз. Эң
башкысы Диананы тапсак эле
болду. Кана, анда эмесе ишке
киришели.
#17 28 Март 2014 - 11:00
10-бөлүм
ИШКЕ АШПАГАН ПЛАН
Айланага күүгүм киргенде бардыгы
толук даярдыкта турушту. Сегизөө
тең бир машинеге тыгылыша
короого үч метрдей жетпей токтоп,
көчөдөгү элдердин суюлушун күтүп
жатышты.
Короо жакта эмне кыймыл болуп
жатат билип кел деп Рахимди
чалгынга жиберишти.
Кечки саат он чендерде биринин
артынан бири ээрчишкен үч чет
элдик машине короодон чыгып
каяккадыр жөөп кетишти.
- Кыздарын алып чыгып кетишти,
аларың эми күндүзү кайтып
келишет.
- Ушуларга кор болгон кайран
кыздар…
- Колдоочуң болбосо ушул да,
буларың деле бирөөлөрдүн
кыздары да.
- Баса, булар Кыргызстадан келген
кыздар дейби?
- Ошондой деп угуп атам, бирок ар
кайсы улуттагы кыздар экен…
- Ооба, шордуу кыздар экен да, -
машиени ичиндегилер өздөрүнчө
сүйлөшүп отурушту. Бир аздан
кийин Рахим кайтып келди.
- Короону бир сыйра айланып
карап чыктым, аркы бетинен
секирип өткөнгө мүмкүн эмес
экен, бул жак бетинен гана өтө
алабыз. Сыягы ичинде иттери да
бар окшойт, акырын таш ыргытып
тыңшап көрсөм короонун ичи
жагынан алардын үргөн үөдөрүн
уктум. Иттердин көздөрүн
курутуунун милдетин мен мойнума
алайын. Шапалак камчы менен
баштарын жара чабам, айла кетсе
бычак уруп өлтүрүм. Кыскасы
андан кам санабагыла, иттерди
жоготуу менин милдетим.
- Ичинде канча ит бар болду экен?
- Какая разница, иши кылып мен
алардын көздөрүн курутуп силерге
жол ачып берсем болдубу, - Рахим
өзүнө ишенимдүү сүйлөп жатты.
Түнкү саат он экиге чейин
машинеден чыгышпай былк этпей
отурушту. Саат он бир чендерде
алиги үч чет элдик машине кайра
кайтып келишип короого кирип
кетишти.
- Сыягы кыздарын жеткирчү
жерине жеткиришип, кайра кайтып
келишти окшйот.
- Ооба, таңга жуук дагы чыгышып
кыздарын кайра алып келишет.
- Болгону үч эле машине менен
жеткирип келиштиби, калган
кыздары каякта. Үч машиненин ар
бирине бештен кыздарды батырган
күндө дагы он беш кыз болуп
атпайбы, калган кыздары каякта?
- Балким ушунча эле кыздардыр…?
- Жок андай болушу мүмкүн эмес,
алиги кыздын айтуусу боюнча
короо ичинде кеминде эле отузга
жакын кыз бар экен.
- Анда калгандары каякта?
- Ким билет, ичинде эле да…
Көп өтпөй алиги чет элдик үч
машине кайрадан бирини артынан
бири короодон ээрчишип
чыгышты.
- Теперь пора, даярдангыла! -
Абдувахабдын буйругу боюнча
бардыгы кара кийимдерди,
баштарына кара чүмбөттөрдү кийе
башташты.
Туптуура саат бир болгондо
бардыгы жапа тырмак
ордуларынан козголушту.
- Оомийин, ишибиз оңунан чыгып
Кудайыбыз колдосун!
Бардыгы өздөрүнө керектүү
куралдарды алышты да үч топко
бөлүнүшө короо тарапка жылып
жөнөштү. Бул мезгилде дээрлик
көчөдөгү кыймылдын баары
токтоп, көп кабаттуу үйлөрдүн
көпчүлүгүнүн жарыкт ары өчүп, бир
тобу уйкуга кетишкен болчу. Бирок
ошентсе да кез-кез чочугансып
ары-бери машинелер зуулдап өтүп
кетип жатышты.
Алдыда баратышкан биринчи топ
дагы үчкө бөлүнүштү да туш-тушка
чачырай айланага көз кырын
салыша чалгыз жүргүзө башташты.
Эч ким жок келе бергиле деген
белги беришкенде экинчи топ
дароо короо түбүнө чуркап
келишип, илмеги бар аркандарды
короонун башына ыргытышып, өтө
ылдамдык менен тартынып
чыгышты да аркы бетине өтүп
кетишти. Көп өтпөй эле экинчи топ
дагы алиги аркан жиптерге
тартынып чыга башташты. Ошол
мезгилде күтүлбөгөн жерден
биринин артынан бири ээрчишкен
алиги үч машине пайда болду. Алар
булар ойлогондон эртерээк келип
калышты. Ойдо жок жерден
пландын баары бузулуп кетти,
мындай болуп кетээрин эч
күтүшпөгөн эле.
Ошол жагдайда короонун ичиндеги
иттер да жан алдары калбай үрүп
киришти. Рахим шапалак камчы
менен үчөөсүн башка чаап өлтүрдү,
ары жакта дагы экөөсү бар экен
алардын жаагын бычак менен
жапты. Биринин артынан бири
удаа-удаа ыргытылган бычак
экөөсүнүн тең жаагын жапты.
Бирок алар жөн өлүшпөй
кыңшылап атып өлүштү. Мындай
ызы-чууга ары жактан эки-үч адам
чыга калышып сактаныша иттер
тарапты көздөй басып жөнөштү.
Үчөөнүн тең колдорунда
тапанчалары бар экен. Бери
жактагылар далдлл жерге жашына
калышты. Сырттан үчкө бөлүнгөн
топ үч-үчтөн болуп бөлүнүшкөн
болчу. Биринчи топ Абдувахаб,
Рахим анан Чинь деген кытай
жигит, экинчи топто Карим, Виктор,
Пак анан Ахмед, ал эми үчүнчү
топко болсо Хабибула, Ибрагим
жана Жафарлар бөлүнүшкөн.
Акыркы топ сырт жакты
көзөмөлдүккө алышмак. Эгер бир
нерсе болсо бул жакка жардамга
келишмек. Алгач короого кирип
келишкендер ошол биринчи
топтогулар болчу. Короого
киришкени экинчи топтогулар да
даярданып жатышкан.
Колдоруна тапанча кармашкан
үчөө иттердин ар кайсы жерде
өлүп жаткандарын көрүштү.
Бирөөсү акыры кыйкырып
жиберди.
- Кимдир бирөөлөр иттердин
баарын өлтүрүп кетиптир! , - ал
айтып оозун жыйгычакты эле
кандайдыр катуу соккуларга үчөө
үч жерге "жалп" дей түштү. Алар
ошол боюнча тургуз болушту.
Аларды Абдувахаб, Рахим, Чинь
үчөө атайын күтүп турушуп, жакын
келишкенде таамай соккулары
менен эстерин оодара чаап
ташташкан болчу.
- "Урушта туруш жок, кырдаал
өзгөрүп кетти, кой тезднбесек
болбойт, - үчөө дароо эле караңгы
жер менен чоң эки-үч кабаттуу
үйдү көздөй чуркап жөнөштү.
- Ошо маалда короонун дарбазасы
ачылып, сырттан дагы эки-үч
машине удаа кирип келатышкан
эле. Аларга "сотовый" " телефон
менен бирөөлөр айтып коюшканбы
чет элдик автомат, тапанча менен
куралданышкан беш-алты адам
өтө сактаныша үйдүн ичине чуркап
кирип кетишти да эшикти жаап
алышты. Сыягы үйдүн ичиндегилер
да кармашка даярданып калышса
керек. Мындай окуяларды
баштарынан өткөрүшпөгөндүктөн
беркилер кичине шашкалактап
калышты. Анткеи тигилердин
бардыгы куралчан болчу. Бир
нерсе болсо эле ок атканга даяр.
- Шайтан алгырдыкы, карачы
планыбыз ойдогудай болбой
калды. Эми артка кайтууга жол
жок, андан ары аракеттенүүбүз
керек.
Көп өтпөй эле буларга сырттан
келишкен экинчи топ да
кошулушту. Бардыгы тең капкара
болушуп кара чүмбөт кийип
алышкан болчу. Бул көп кабаттуу
чоң үйдүн ичине эшиктен түздөн-
түз кирүүгө болбойт, ал эми экинчи
кабатындагы терезелери болсо
темир тор менен тордолуу экен.
- Балким үчүнчү кабатынын
терезелеринин темир торлору жок
болуп жүрбөсүн?
- Давай, текшерип көргүлө убакыт
өтө тар.
Рахим жүгүрүп барып илгичи бар
аркан ыргытып атып, терезенин
бир жерине илип алды да көз
ачып-жумганча өйдө көздөй
тартынып чыгып кетти. Үчүнчү
кабаттын терезелери темир менен
тордолуу эмес экен, бирок ача
албай койду. Анан форточкасы
аркылуу ичине кирип, бөлмөнүн
ичинде эч ким жок экенине чындап
ишенген соң терезени ичинен чоң
кылып ачты да төмөн
жактагыларга белги берди.
Абдувахаб, Чинь, Карим үчөө
үчүнчү кабатка тартынып чыгып
кетишти. Алар киришкен бөлмө
сыртынан бекилүү экен.
- Кандай болсо да жолун таап
коридорго чыгышы керек анын
үстүнө ар бир мүнөт алтынга тете,
- чын эле убакыт да тар болчу.
Убакыттан уттурушса пландары
ишке ашпай калмак. Төртөө эмне
кылуу, андан ары кандай аракет
кылуу жөнүндө жан талаша
ойлонуп, план түзө башташты.
Эшикти талкалоого мүмкүн эмес
болчу, анткеи тарсылдактан
астыңкы кабаттагылар сезип
калышып, чуу көтөрүп
жиберишмек. Анда үчүнчү кабатка
көтөрүлүп чыгышканы кайсы,
бардыгын бөлмөнүн ичинен сыртка
чыгарганга мүмкүнчүлүк беришпей
бирден терип атып салышмак.
Кандай болсо да аларга күтүлбөгөн
жерден кол салуу керек. Биринчи
маселе бул сырткы бекилүү
каалгадан сыртка чыгуулары зарыл
болчу, бирок кантип? Түрмөнүн
эшигиндей болгон калың эшиктер
таштай капкатуу болуп зыңкыя
чыкканга мүмкүнчүлүк бербей
турду. Эшиктин айлампа
темирлерин бычак менен кайрып
көрүштү эле андан эч натыйжа
чыкпай койду. Жыгачты ойгуча көп
убакыт кетет.
- Балким, бензин чачып өрттөсөк
эмне болот? - Каримдин сунушуна
Абдувахаб каршы боло кетти.
- Азыр бензинди кайдан табасың,
кайра түшүп машинеге барып алып
келгиче бир топ убакыт өтөт. Анын
үстүнө убакыт аябай тар, андан
көрө башкача жолун
ойлонуштуралы.
- Мен бат эле жерге түшүп алып
келе калам. Баланча мүнөт убакыт
бергиле, ошол убакыт ичинде
кайтып келем, - Карим айтканын
бербей туруп алды.
- Жок болбойт, андан көрө башкача
жолун табалы…
- Мен таптым, - Рахим өз оюн
сунуштады, - бул шапалак камчым
менен же бобул башында илгичи
бар аркан менен тигил катарлаш
кошуна терезеге өтүп көрөйүн,
балким ал жактын эшиги ачыктыр?
- Болуптур, убакыт тар, кана
колуңдан келсе аракеттенип көр.
Рахим белиндеги узун шапалак
камчыны алды дагы катарлаш
кошуна терезесинин чыгып турган
нерселерине илмек кылып акырын
ыргытып илгенге аракет кылып
көрдү, бирок илингени менен кайра
тартса эле чыгып кетип атты.
Эртеден берки аракетинен такыр
майнап чыгара албаган соң айласы
кете өйдө жакты карады. Анан бир
нерсе оюна түшкөндөй башында
илмеги бар арканды ала үйдүн эң
үстүнкү шыйпыры жактагы
илмектерге ыргытып көрдү. Илгичи
шыйпырга тийгенде "Тарс!" деген
катуу үн чыга бирок илмеги өйдө
жактагы бир нерсеге илинип
калды. Тартынып чыкмакчы
болгондо Чинь аны токтотуп
калды.
- Коё турчу, андан көрө
мүмкүнчүлүк болсо мага берчи, мен
көтөрүлүп чыгайын өйдө карай?
Разим ага ишенбегендей бир аз
карап турду да ары боло берди.
- Болуптур, бирок абайла кичине
жаза тайсаң эле бүттү, төмөн карай
учтуң да кеттиң.
- Андан кабатыр болбо, өзүм
билем кандай иштешти, - Чинь
арканга тартыла мышыктай
шыпылдап заматта өйдө карай
тартынып чыгып кетти.
Шыйпырдын үстүнө чыгып, үч-
төрт кадамдай солго басты дагы
аркандын учуна илмек таап илип
кайра экинчи терезенин тушуна
төмөн карай түшүп келди. Тилекке
каршы ал жак да бек экен. Көп
ойлонбостон кайра тартынып өйдө
чыкты. Шыйпырдын үстү менен
басып барып бирөөсүнүн четин
сындырып өзү баткандай кылып
оюп, алып салды да акырын
дабыш чыгарбай ичине кирип
кетти. Анын дабышына чатырдын
ичиндеги көгүчкөндөр "пырпырап"
туш-туш жакка учушту. Чөнтөгүнөн
кол фонаригин алып чыгып,
шыйпырдын үстүнөн төмөн карай
түшчү эшигин таап түртүп ачып
көрдү. Аны астынан илмеги менен
илип коюптур. Чөнтөгүнөн өзү
ачылма ичке бычагын алып чыгып,
ичке бириккен тешикке сойлотуп
жиберди да акырын түртүп
жылдырып отуруп капкактын
астындагы илгичин ачып алды.
Анан капкак эшикти ачып, темир
шаты менен төмөн карай түшүп
келди. Кууш коридордогу бири-
бирине окшош эшиктерден кайсы
бөлмөдө экенин өзүнүн кишилерин
издей баштады. Акырын өзүнүн
тую сезими менен бир эшикти
болжолдоп тарсылдатты эле ошол
эшиктин ичинде экен. Алар да
акырын тарсылдатып жооп
беришти. Чөнтөгүнөн кичинекей
темир аспабын алып чыгып
кулпуну кайрып чыгара баштады.
Ошо мезгилде өзүнө жакындап
келаткан кандайдыр бир дабышты
сезе коюп тигини чапканга
үлгүртпөй ары көздөй буйтап
кетти. Ары жактан келаткан караан
колундагы нерсеси менен тигини
баштан ары шилтеп калган болчу,
бирок үлгүрө албай калды. Чапчаң
кыймылдаган кытай жигити тигини
экинчи чапканга үлгүртпөй бир
секирим менен бетке тээп
чалкасынан кулатты. Кайра туруп
келатканда акырын үн чыгарбай
моюн талаштыра чаап койду. Тигил
кың деген жок, жерге
үстөмөнөнүнөн кулаган боюнча
былк этпей жатып калды.
Мунун келгени Чинге кайра жакшы
болду, анын колундагы ломго
окшош темирди алып, эшикти
кулпусун акырын кайрып
сындырып салды да эшикти ачты.
Бөлмөдө камалып жатышкан үчөө
дабыштарын чыгарышпай
коридорго чыга келишти.
Каалганын артында томолонуп
жаткан караанды байкап калган
Абдувахаб Чинден сурай кетти.
- Тиги кайсы караан жерде жаткан?
- Тигилердин кишилери, сыягы
бияк жакка чалгынга келсе керек,
ал экинчи тургуз болду… Кой,
кеттик.
- Төртөө дабыштарын билгизбей
тепкичтер менен төмөнкү кабатка
түшүп келишти. Дал ошол кабаттын
экинчи бөлмөсүндө Диана эс-учу
жок сулап жаткан болчу. Экинчи
кабаттта жүрүшкөндөрдүн
бардыгын сулата чаап, жерге
жаткырып коюшту. Негизи сокку
ура турган адамдары төмөнкү
кабатта болчу. Ортодо куралчан
турушкан адамдардын беш-алты
караандарын көрүштү да төртөө
туш-туш жактан чагылгандай тез
ылдамдык менен ошол
караандарга кол салышты.
Заматтын ортосунда топ
караандардын бардыгы ар кайсы
жерге чачылып калды. Көрсө алар
адам кейпин кийген жасалма
кишилер экен.
- Ловушка, кайра кеттик тепкич
жакка! Абдувахабдын кыйкырганы
өтө кеч болуп калган эле.
Күтүлбөгөн жерден электир
жарыгы "жарк" дей түштү дагы
туш-туш жактан чет элдик
автомат, тапанча менен
куралданган адамдар тигилерди
курчап калышты.
- Ордуңардан кыймылдабагыла,
кичине эле каршылык көрсөтсөңөр
атып таштайбыз. Колуңарды
көтөрүп желкеңерге алгыла!
Тигилердин буйругуна айла жок
моюн сунууга туура келди. Төртөө
тең колдорун көтөрүшө
желкелерине алышты.
- Дубалга тургула дагы ары
карагыла, бери кылчайсаңар эле
атып таштайбыз! - төртөө тең
катар тизилише буларга
далыларын тосуша ары карашты.
Ошол убакта бири-бирине ымдап
белги беришкен төрт киши бир
мезгилде тигилерди желкеге уруп
калышты эле төртөө тең эстерин
жогото жерге кулап түштү. Төрдө
турганы "буларды байлап салгыла!"
деп буйрук берди. Автомат сунуп
тургандардын эки-үчөөсү ар кайсы
жерде эстери ооп жатышкан кара
кийимчен кара чүмбөтчөндөрдү
арыдан бери байлап салышты да,
баштарындагы чүмбөттөрүн чече
башташты. Үйдүн ичиндегилер
булардын өйдө жакка аркан менен
көтөрүлүп чыгып атышканын
көрүшүп, үстүнкү кабаттан кол
салышарын сезишкен, ошо
себептен атайын алдын ала
даярданышып ушундай
"ловушканы" даярдашкан болчу.
КҮТҮЛБӨГӨН КОНОКТОР
- Кана чүмбөтчөндөрдүн
башындагыларын чеччи, булардын
ким экенин көрөлү, - толмочунан
келген мурутчан, такыр баш киши
жанындагы жигитке буюра
сүйлөдү. Автомат кармап четте
турган жигит автоматын артына
иле сала жерде байланып
жатышкан төртөөнүн башындагы
кара чүмбөттөрүн сыйра баштады.
Булар кимдер болду экен дегендей
баардыгы кызыгыша карап
турушту. Жигит төртөөнүкүн тең
чечип туруп чалкасынан оодарды
да мындайыраак боло берди.
Алардын жүзүнө үңүлгөн такыр
баш өзүнчө кичине жеңилдей
түшкөнсүдү.
- Слава богу, булар милициянын
кишилери эмес экен… Коё тур, коё
тур бул жигитти мен тааныйм, - ал
Абдувахабдын жүзүнө кунт коё
үңүлө карады, - бул багы бизге
келген жигит турбайбы. Мынакей
карагылачы тааныдыңарбы? Ары
жакта тургандардын баардыгы
тааныдык дегендей баштарын
ийкешти.
Биз менен иштешесиңби дегенде
макул болбой койду эле. Эми бул
эмне максат менен биякта жүрөт
биздин иштерге кийлигишип… Же
булар милициянын
чалгынчыларыбы атайын бизге
жиберген?
Айланасында тургандар билбейбиз
дегендей бири-бирин караша
ийиндерин күйшөштү.
- Андай болушу мүмкүн эмес, -
ары жактан бирөөсү кийлигише
кетти, - бул деген өзү криминалдар
чөйрөсүнө аралашып жүрбөйбү,
Ташкенде бирден бир көрүнүктүү
"авторитеттерден" болу жүрөт.
Эгер милицияда иштей турган
болсо ал жакта иштеген биздин
кишилер бул жөнөндү бизге кабар
бермек да…
- Кызык, бул эмне максат менен
бул жакка келди болду экен,
биздин иштерге эмне кийлигишип
атат. Же бул кыздардын арасында
өзүнө керектүү кыздары барбы?
- Андай болушу мүмкүн эмес, бул
жактагылардын бардыгы
Кыргызстандан келген кыздар,
алардын буга эч тиешеси жок
болуш керек…
- Эгер булар бизге карама-каршы
чыга турган болушса көздөрүн
курутуп, жок кылып коёбуз. Анын
жолу жеңил эле. Бардыгын өлтүрүп
туруп, кислотага салып жок
кылабыз.
- Болуптур муну шашпай
"разборка" кылабыз, андан көрө
дагы кишилери тияк жакта болуп
жүрбөсүн жакшылап текшерип
карап чыккыла. Үстүңкү кабатты,
чердактардан бери карагыла. Эгер
кишилери кокусунан болуп калып
силерге каршылык кыла турган
болушса, дароо эле ошол жерден
атып таштагыла, мен улуксат
берем. Бирок автомат,
пистолеттердин башына
"глушителдерди" тагып алгыла, үн
чыкпагандай болсун, болбосо
короонун сыртында жашаган
кошуна тургундарыбыздын көңүлүн
өзүбүзгө буруп алабыз. Алар
"короонун ичинде атышып
жатышат" - дешип милицияга
кабарлап коюшу мүмкүн.
Автомат кармаган эки-үч жигит
тепкич менен жогору карай чыгып
жөнөштү.
- Абайлап, сак болгула, мунун
кишилери дасыккан спортсмендер,
күтүлбөгөн жерден кол салып,
силерди торойто чаап
салышпасын! , - өйдө көздөй кетип
бараткандардын артынан эскерте
кыйкырып калды. - Таа-ак, сырт
жакты да бир сыйра текшериш
керек. Балким булар төртөө эле
эместир!
Сыртта калгандар иштин тетирлеп
баратканын терезеден өз көздөрү
менен көрүп, ар бир кыймылды
байкап турушкан эле. Автоматчан
үчөөнүн тепкич менен өйдө
көтөрүлүп кеткенин көрүштү.
Сыртка чыгып баратышкан дагы үч
адамды байкап калышып алардан
жашырынганга ыктоо жер
издешти. Караңгыда эч нерсе
байкалбайт болчу, бирок тилекке
каршы бирөөсү короонун ичиндеги
жарыкты жандырды эле короо ичи
күзгүдөгүдөй эле жаркырай түштү.
Тигилер үй артындагы караңгы
жерге жашырынганга араң-араң
үлгүрүштү. Автоматчан үчөө дароо
эле ары жакта ар кайсы жерде
сулап жатышкан иттерге барышты.
Анан айланага бир сыйра көз
жүгүртүшө короонун сыртына
чыгып кетишти.
Бардыгы Абдувахабка баш ийише
өздөрү менен кошо атылуучу курал
алышпаганына өкүнүп жатышты.
Мындай кырдаалды текке
кетирбеш керек болчу. Анткени
тигилердин тобу үчкө бөлүнүп
кетишти. Үчөөсү үстүнө, үчөөсү
сыртка, ал эми үчөөсү болсо
Абдувахабдар байланып турушкан
чоң залда калышты. Карим
ичиндегилерге көз салып байкап
тур дегендей Ибрагимге белги
берди эле ал түшүндүм дегендей
акырын терезе жакка жылып
барды. Үчөөнү ээрчиткен Владимир
Пак акырын дарбазадан сыртка
чыгып кетти. Арадан он, он беш
мүнөттөй өтпөй алар кайра кайтып
келишти. Сырттагы үчөөнү
жайлашып, куралдарын тартып
алышыптыр. Абдувахабдар жаткан
залдагы үчөө эч нерседен
бейкапар өздөрүнчө бир
нерселерди сүйлөшүп турушту.
Сырттан аткан октой ушунчалык
тездик менен жулунуп кирип
келишкен чүмбөтчөндөр тигилерди
эстерине келтиришпей, камдантпай
басып калышты. Алар мындай
болот деп күткөн эмес, болгону эле
ушул төртөө болуш керек деп
ойлошуп эч нерседен бейкапар
өздөрүнчө сүйлөшүп отурушкан.
Үчөөнү арыдан бери
куралсыздандырышып, үстүнө
кеткен беки үчөөнү күтүп
калышты. Алар бул мезгилде үйдүн
эң үстүкү шыйпырына чыгышып,
көгүчкөндөрдү кубалап кол
фонариктери менен ичин аябай
кылдат текшерип жатышкан болчу.
Төмөн жактагылар жерде байланып
тургандарды арыдан бери чечип
жиберишти. Чинь өйдө көздөй
кетмекчи болду эле аны Абдувахаб
токтотуп койду.
- Тим кой алар азыр өздөрү
келишет. Тигилер кандай бизди
ловушкага түшүрүшсө биз дагы
буларды ошондой кылабыз.
Үчөөнүн куралдарынын окторун
алып кайра колдоруна
карматышты дагы катарлаш
тургузуп коюшту. Төртөө байланган
киши болуп кайра жерде жатышты.
Арадан он, он беш мүнөт өткөндөн
кийин үстүнө чыгып кетишкен үчөө
кайра кайтып келишти.
- Үстүнүн баарын карап текшерип
чыктык шеф, эч ким жок экен.
Булар шыйпырды сындырышып
ошол аркылуу түшүшүптүр… Эч
нерседен бейкапар өйдө жактан
түшүп келген үчөөнүн бирөөсү
өзүнүн "шефине" жаңы эле
баяндап айта баштаганда сөзүнүн
аягына чыкпай оңкосуна сайылды.
Ары жактагы экөөсү да эмне болуп
кеткенин түшүнбөй колдорундагы
автоматтарын заматта алдырып
жиберишти. Жерде жаткадар да
ордуларынан туруп келишти.
Алтоону тең ары жакка алып барып
байлашты да экөөсү буларды
кайтарып калып, калгандары
шашыла кимдир бирөөнү издей
башташты.
ЧҮМБӨТЧӨН ТУТКУНДАР
- Ээй силер кимди издеп
жатасыңар?! - колу байлануу
турган такыр баш киши
бөлмөлөрдү кыдырып кимдир
бирөөлөрдү издеп жүрүшкөндөргө
кыйкырды, - бөлмөлөрдө эч ким
жок, бекер убара болбой эле
койгула. Андан көрө ким керек
силерге, айткылачы, балким биз
өзүбүз таап бери жүрбөйлү?
Кара чүмбөтчөндөр анын
кыйкыргаына маани да беришкен
жок, унчукпастан кимдир
бирөөлөрдү издей беришти. Бир
кезде экичи кабаттан бирөөсү
түшүп келип колу мене өйдө жакты
көрсөтүп жаңсады эле экөөсү ошол
жакка көтөрүлүп кетишти.
Чүмбөтчөндөрдүн бирөөсү Ибрагим
болчу.
- Бобул бөлмөдө жаткан кызды
карап көрчү, ушул эмеспи?
Ибрагим эс-учу жок аябай алсыз
абалда сулк жаткан Диананы дароо
эле тааныды. Ооруканадан кетке
мезгил аралыгында аябай токмок
жеп, кордук көрүп атып бир топ
эле өзгөрүп кеткен болчу.
- Наконец то…, - Ибрагим Дианага
жетип барып дароо башынан
көтөрдү, - Диана көзүңдү аччы
тирүүсүңбү? - жүрөгү согурңп
атабы деп көкүрөгүн тыңшап
көрдү.
- Слава Богу, тирүү экен, жүрөгү
согуп атат. Кана кеттик! - Ал
Диананы тапатак көтөрө бекем
кучактады да төмөн карай түшүп
жөнөдү.
Колу-буттары таңылуу
тургандарды бир сыйра карап
алышып чүмбөтчөндөрдүн бардыгы
жаңы эле сыртты көздөй тап
беришкенде күтүлбөгөн жерден
электир жарыгы "жалп" дей
заматтын ортосунда айлана көзгө
сайса көрүнгүз капкараңгы боло
түштү. Ага удаалаш эшиктердин
баары сыртынан бекилип жабылып
калды. Алар сыртка чыгып
кетишкенге үлгүрө алышпай бир
саамга демдерин ичтерине алыша
былк этпей туруп калышты.
Бирөөсү барып эшикти түртүп
көрдү эле темир аралаш жасалган
эшик, кадимки сейфтин эшигиндей
болуп былк эткен жок.
Чүмбөтчөндөрдүн бирөөсү кол
фонаригин жандырды эле терезе
жактан атылган октон колундагы
фонарын түшүрүп жиберип жерге
кулап түштү. Бир аздан кийин зал
ичинен кишинин оор онтогон үнү
чыкты. Рахимдин ийнине ок
жаңылган болчу. Мындан бир саат
мурун бул үйдө ызы-чуу
башталганда эле бул
жактагылардын бирөөсү "сотовый"
телефон менен болуп жаткан
кырдаал тууралуу каяккадыр кабар
берген. Ошо замат эле он
чактыдай куралчан адамдар
короонун ичине жашырынып
киришип үйдү тегеректеп алышкан.
Абдувахаб чоң ката кетиргенин
түшүндү, короого же короонун
сыртына жашыруун далдоо жерге
бирөөнү көзөмөлчүлүккө коюп
коюш керек болчу. Душмандардын
келатышканы тууралуу дароо белги
бери коймок. Анда мындай болуп
туткунга түшпөйт болчу.
Көзгө сайса көрүнгүз караңгыда
жерде байланып жаткандардын
бирөөсү "күңк" этти.
- Каршылык көрсөткөндөн баары
бир эч майнап чыкпайт. Өз
эркиңер менен багынып бергиле,
эми эч жакка кете албайсыңар,
чычкан жөрмөлөп өткүз болуп
курчоодо калдыңар. Ар бириңер
дуланын мушкасындасыңар,
кыймылдасаңар эле четинен атып
өлтүрө беришет. Алардын түнкүсүн
күндүзгүдөй кылып көрсөтө т
урган жүрбүлөрү, снайпер
мылтыктары бар. Так что
сопротивление безполезно…
Анын сөзүн Абдувахаб бөлүп кетти.
- Унчукпай жөн жата берсеңчи,
өзүңөр деле барымтада
жатканыңарды билесиңерби.
Бизден бирөө эле өлсө алдагы
жерде жаткан силерден экөө өлүп
турат.
Зал ичи бир пазга жымжырт боло
түштү. Жерде жаткан киши
айткандай чын эле терезенин ар
кайсы жерлеринен үн чыкпас
мылтыктар менен атылган ичке
үндөр чыгып Абдувахабдын
айланасындагылардан экөөсү
кулап түшүштү. Ок Жафар менен
Хабибулага жаңылган болчу.
- Тамдын дубалдарына
далдалангыла, октон сактангыла! -
Абдувахабдын үнүнө бардыгы
дубалдарга далдалана беришти.
Бир кезде Абдувахаб сырт
жактагыларга үн катты.
- Эгер силер биздин кишилерге ок
ата турган болсоңор биз да бул
жерде байланып жаткан силердин
кишиңерди четинен өлтүрө
баштайбыз!
Сырт жак жымжырт боло түштү.
- Алар биз менен сүйлөшкөнү
жатышат го дейм, эгер алар бизди
коё беришсе биз да бул жерде
жатышкандарга тийбейбиз.
Ушундай сунуш коёлу, -
Абдувахабдын сөзүн бери
жактагылар да туура кабыл
алышты.
- Ооба, башка бизде эч кандай
выход жок, ансыз деле эки-
үчөөбүзгө ок жаңылды. Айла жок,
канга кан менен жооп беребиз.
Айлананы кайрадан жымжырттык
басты, кез-кез ок жаңылгандардын
онтогон үндөрү чыгып атты. Зал
ичиндегилер да кимдир
бирөөлөрдү сүйлөшүүгө
чыгышканы күтүп атышты.
Чүмбөтчөндөрдүн бардыгы жерде
байланып жаткандардын
куралдарын тартып алышкан
болчу. Сырт жактан ок атышса
ичтегилер да аларга жооп беришип
бир эки жолу ок атышкан.
- Тигилер эмнеге создуктуруп
атышат же дагы бир нерсени
ойлоп жатышабы?
- Ким билет, сыягы биз жерде
жаткандарды өлтүрө турган болсок,
тигилерге булардын ысык-суугу
деле жок окшойт, - залдагылар
дубалдарга жашыныша өздөрүнчө
шыбырашып сүйлөшүп жатышты.
- Эмнеге дымып калышты же
башкача план түзүп жатышабы,
дегикиси бардыгына даяр болуп
сак тургула, ар кандай болуп
кетиши мүмкүн.
Бул мезгилде сырттагылар үстүнкө
терезе аркылуу жогорку кабатка
көтөрүлүп чыгышып күтүлбөгөн
кол салууга даярданып жатышкан
болчу. Арадан жыйырма мүнөттөй
убакыт өтпөй экинчи кабаттын
тепкичинен көптөгөн караандар
төмөн карай жылмышып түшүштү.
Ошол мезгилде сырт жактын да
эшиктери ачылып жабалактаган
бир топ караандар залга атылып
киришти. "Кимди ким көрдү,
Быржыбайды там басты" дегендей
караңгы залда тарса-турс
караандар бири-бири менен
мушташып жатып калышты. Кимди
ким чаап, кимди ким уруп жатканы
белгисиз. Айтор онтогон, сөгүнгөн
эле үндөр чыгууда. Кээ бирлери
туш келген караанды туштап ок
атып жиберип жатышты.
Бир кезде залдын жарыгы жарк
эте күйө жогору тепкичте катарлаш
тизилип тургандар өзүлөрүнүн да
душмандарын да ылгашпай эле
удаасы менен ок атып киришти.
Мушташып жаткандардын бардыгы
жерге көмкөрөсүнөн кулаша бири-
бирине далдаланып жашынып
калышты. Тепкичте тургандар
жерде жаткандардын былк
эткендерине эле ок чыгарып
жатты. Ары жактан дагы куралдуу
адамдар жардамга келишип жерде
жаткандардын бардыгын
куралсыздандырып чыгышты.
Байланып жаткандардын
бардыгынын колдору бошотулду.
Жафар менен Хабибула
кансырашып жатышкан болчу.
Рахим дагы ок жаңылган ийнин
басып араң турду.
Чүмбөтчөндөрдүн бардыгынын
чүмбөттөрү сыйрылып, колдору
артына кайрылып байланды.
Эсине келген Диана айланасында
эмнелер болуп жатканын түшүнгөн
жок. Эки жаат боло мушташып,
атышып жатышкандардын бирин
да тааныбайт экен. Жада калса
Ибрагимдин өзүн да тааныган жок,
көзү эч нерсе көрбөй ооруканада
жатканда анын чыныгы жүзүн
көргөн эмес. Эмнегедир залда
куралчан адамдар көбөйүп
кетишти. Мынчалык куралча
адамдарды Диана өмүрү көргөн
эмес. Ок жаңылган Жафар,
Хабибула, Рахимдерди ошол
жерден эле атып салышты да
калгандарын болсо ары жактагы
түрмөгө окшош темир торлуу
бөлмөгө алып кетишти. Диана
болсо залда жалгыз калды, өңүбү-
түшүбү айланасында эмнелер болуп
жатканын деле түшүнбөй турду.
Эки-үч куралчан адамдар келип
жерде кызыл-ала болуп жатышкан
үч адамдын өлүгүн ары көздөй
сүйрөп кетишти. Өлүктөрдү
кислотага салып жок кылып
жиберишерин Диана айтпаса да
түшүнүп турду. Бир аздан кийин
аны да кайра жетелеп мурунку
бөлмөсүнө алып барып камап
салышты.
Мындай иштерге өмүрү барып
көрбөгөндүктөн Абдувахабдар көп
жаңылыштык кетиришкенин
түшүнүп турушту. Бир жагынан
бейажал үч адамдын өлүп
кетишкенине ичтеринен жинденип
атышты. Булар эч кимди
аяшпасына, жырткычтардан
айырмалары жок экенине эми
чындап ишеништи. Тамырлары
алыска жайылган күчтүү мафия
экенин да Абдувахаб мурун эле
сезген, бул ишти баштаар алдында
эле "жыландын куйругун басып
албайбызбы" деп Ибрагимге
эскерткен болчу. Ал эми
Ибрагимдин бирден бир көздөгөн
максаты эле Диананы эптеп
туткундан бошотуп алуу болчу.
Ортодо мындай кан төгүлүү болуп
кетээрин эгерим күткөн эмес. "Эми
эмне болот болду экен Диана
менен бирге баарыбызды тең
өлтүрүп коёр бекенби? Бөөдөдөн
бөөдө булардын убалдарына да
калдым окшойт. Баары бир
милиция кызматкерлерине
эскертүү бери коюу керек болчу.
Аларды күтпөй эле өз алдыбызча
аракет тенип кетип калбадыкбы.
Бирок антсе да болбойт болчу,
булар тигинтип биздин үч адамды
ит аткандай эле атып
ташташкандай Диананы да өлтүрүп
коюшмак. Баса, айтмакчы
жергиликтүү милициялар буларды
көптөн бери эле билишет турбайбы,
бирок мафиянын негизги уюгу,
ордосу каякта экенин билбей
жүрүшүптүр. Жок дегенде ошолорго
эскертүү бергенде жакшы болмок
экен, мына баары кеч болуп калды.
"Шашкан шайтандын иши""
дегендей бир топ туура эмес
иштерди жасап алдык окшойт. Эми
биздин дагы өмүрүбүз коркунучта
", - Ибрагим өтө эле шашылып
жибергенине өкүнүп жатты.
Таңга жуук жеңил машинелер
менен түндөгү кыздарды алып
келе башташты. Дианадан башкасы
түндөгү болгон окуянын эч бирин
билишпейт болчу. Түнү бою
укташпай "клиенттер" менен
иштешкендиктен көнгөн
адаттарынча ар ким өз
бөлмөлөрүнө кирип жаздыкка
баштарын коюп уктоого ашыга
башташты.
Алиги жигиттердин үчөөсү өлүп,
бешөөсү эле калган болчу,
бардыгынын колдорун артына
кайрып туруп жип менен катуу
чырмап байлап салышкан. Бою эки
метр, ийни баштары далдыйган
дөөдөй, болгон Карим бир нерсеге
ачуулана ордунан туруп ары-бери
баса баштады.
- Шакалдар десе, буларга
жакшылык кылууга да болбойт,
булардан жакшылык күтүүгө да
болбойт. Тогузоосун түндө жерде
байланып жатканда эле атып,
жайлап ташташ керек болчу.
Ошондо кичине сестенип
калышмак, аларды бекер аядык,
тургузбай эле жаткан жерлеринен
көздөрүн курутуш керек болчу.
Алар бизди аяштыбы, Рахим,
Жафар, Хабибуланы жөндөн-жөн
эле бейкүнөө атып салышпадыбы,
кайран гана жигиттер… эми
булардан жакшылык күтпөө керек.
Бир кезде эшик шарт ачылып ары
жактан колдоруна автомат
кармашкан үч-төрт адам кирип
келишти дагы тигилерди сыртка
чыккыла дегендей белги берди.
Жерде отургандар унчугушпай
ордуларынан козголушпай отура
беришти эле автоматчандардын
бирөөсү ачуулана кыйкырып коё
берди.
- Эме отурасыңар, сыртка чыккыла
деп атам, же кулагыңар дүлөйбү?!
Жерде жаткандар бири-бирин
карап калышты, бардыгынын
колдору арттарына кайрылып
катуу байлангандыктан буларга
каршы эч нерсе кыла алышпайт
болчу. Шашпастан ордуларынан
козголушту да өйдө болуп тура
башташты.
Чинь буттары менен
куралчандарды тээп кол салмакчы
болду эле Абдувахаб азырынча
эрте дегендей башын чайкап аны
токтотуп койду. Бешөөнү тең кайра
залга алып келип тизип коюшту.
Бул жакта болгону беш-алтоо эле
калышыптыр, түндөгү залга батпай
кеткен автоматчан адамдардын
бири да жок. Бардыгы
автоматтарын тигилерди карай
сунуша бир нерсе болсо эле атууга
даяр турушту.
Бир аздан кийин аябай катуу
алсырап, араң баскан Диананы
бери жакка ээрчитип келишти.
Алиги толмочунан келген такыр
баш киши дале бардыгына бийлик
кылып атты.
- Кана, буларды жакшылап кара да
чыныңды айт, кимисин тааныйсың
булардын ичинен?
Эки колдору арттарына байлануу
тизилип турушкан жигиттерди
Диана таңгала карап койду.
- Жалдырабай жакшылап кара,
булардын кимиси сенин
таанышың?
Булар кимдер экенин түшүнбөгөн
Диана ар биринин өңдөрүн кунт
коюп карай баштады. "Булардын
арасында балким мен тааныган
бирөөлөр болуп жүрбөсүн, мүмкүн
Кыргызстан тараптан келген
адамдардыр? ", - ал ар биринин
жүзүнө кунт коюп карап, бери
карай басып келе берди. Бир кезде
Ибрагимдин маңдайына келип
экөөнүн көздөрү бир пазга
тиктеше түшүштү. Андан
кандайдыр бир башкача көз
карашты, жылуулукту сезди. Бир аз
турган соң ары карай басып кетти.
Бешөөнү тең дагы бир сыйра карап
чыккан соң эч кимисин тааныбайм
дегендей башын чайкады.
- Дагы жакшылап кара, балким
ушулардын арасында сенин
жигитиң болуп жүрбөсүн. Бизден
качып эркиндикте жүргөндө сен
соо жүрдүң дейсиңби? Бул жактагы
жигиттердин бирөөлөрдү таптың
да.
- Ал менин ишим.
- Акыркы мезгилдерде сенин
тилиң чыгып, аябай узарып кетти,
туурасынан "чорт" эткизип
тилиңди кесип таштабаса болбой
калды, - такыр баш киши ары
жакта тургандарга башын ийкеп
койду эле экөөсү бери басып келип
Диананы колдон алыша сабай
башташты. Диана да жөн туруп
калбай аларга каршылык көрсөтүп
кол кайтарууга аракет кылды.
Бардыгын өз көзү менен көрүп
турган Ибрагим катуу тиштенип
өзүн өзү араң кармап турду. Эки-
үч жигит Диананы уруп-сабаган
боюнча өкүртүп-бакыртып ары
көздөй алып кетишти.
Бир аздан кийин жаштары али
жыйырмага толо элек мөлтүрөгөн
татынакай, сулуу жаш кыздарды
залга кой айдагандай түртүп, сабап
айдап келе башташты. Уйкулары
али ачыла элек, чачы-баштары
саксайып аябай жүдөшкөн
татынакай кыздар тигилер
айтышпаса деле эки катар болуп
тизилип киришти.
Алар деле эч нерсе түшүнүшкөн
жок. Бизди бул жакка эмне алып
келди дешип бери жакта колдору
артына байланып турушкан
жигиттерди бир карап, алардын
маңдайында автомат кармап
турушкан эркектерди бир карап
таңгала унчугушпай турушту.
- Мен силерди биякка чакырып,
айдап келгенимдин себебин
билесиңерби? - алиги такыр баш
киши тигилерге сүйлөп жатты, -
билбесеңер бул жердеги байланып
турган адамдар түндө силерди
куткарабыз деп келишип өздөрү
туткунга түшүп калышкандар. Кана
буларды жакшылап карагыла да
чыныңарды айткыла, кимиңердин
жигитиңер же тууган-туушканыңар
бар булардын арасында. Давай
бирден чыгып жакшылап карагыла.
Эки катар болуп тизилип турушкан
кыздардын ар бирин бирден
чыгарып жигиттерди караттырды.
Баардыгы тең эле аларды карап
чыгып "тааныбайбыз" дешип
баштарын чайкап жатышты. Бүт
баардыгы жигиттерди карап
чыгышкан соң кайра эки катар
болуп туруп калышты. Алиги такыр
баш киши кайрадан ачуулана
баштады.
- Буларды бириңер да
тааныбасаңар, алар эмне кылып
жүрүшөт бул жакта. Жөндөн жөн
эле келе беришпейт да. Кана
чыныңарды айткыла, булар
кимиңердин таанышыңар?
Бери жакта турган куралчан
жигиттер тигилердин көзүнчө жаш
кыздарды чыркыратып сабай
башташты.
Бешөө тең булардын кыздарга
жасашкан айбанча мамилелерине
таңгала карап турушту.
КАЙРАДАН БОШТОНДУК
- Силерге эмнемкызык көрүнүп
атабы булар, ыя?! - алиги такыр
баш киши колдору артына кайрыла
байланып турушкан беш эркекти
мылкылдай карап койду, - силер
деле булардан эмне айырмаңар
бар. Кааласак сабайбыз, кааласак
өлтүрүп коёбуз. Же ишенбей
турасыңарбы? - ал күтүлбөгөн
жерден так эле бет маңдайында
турган Каримди колундагы таягы
менен керилип туруп бөйрөк тушка
чаап калды. Таяк катуу
тийгендиктен Карим өзөрө бөк
түшө отуруп жаалданып барып
токтоду. Тиги өзүнүн жоругуна өзү
ыраазы боло калгандарын
мыскылдай карап койду, - эми
ишендиңерби же дагы
ишендирейинби? Эмне максат
менен келгениңерди билбейм,
бирок силер баары бир бул жактан
соо чыкпайсыңар, же тагыраак
айтканда тирүү чыкпайсыңар.
Бизге катылбашыңар керек болчу,
раз өзүңөр катылып, жыландын
куйругун бастыңарбы, эми ошол
жыландын өзүнөн жантаслим
болосуңар.
Эртеден бери мунун жоругуна араң
чыдап турган Чинь секирип келип
аны көкүрөккө тээп калды эле,
күтүлбөгөн катуу соккуга такыр
баш камгактай учуп барып башы
бурчтагы дубалга "тарс" эле дей
түштү. Ага кошул-ташыл бери
жактагы төртөө дагы курал кармап
турушкандарга жабыла кол
салышты. Бирок колдору
арттарына катуу байлангандыктан
тигилер менен ойдогудай
согушканга мүмкүнчүлүк ала
алышкан жок. Ары жактагы
куралчан беш-алты жигит
автоматтын кундуктары менен
тигилерди кызыл-ала кылып
чапкылап, сабап жиберишти.
Өзгөчө каршылык көрсөтүп жаткан
Чинди бирөөсү автоматы менен
бир канча жолу көкүрөк тушка
атып жиберди. Асты цемент полго
эт-бети менен сайылган Чинь бир-
эки жолу кыймылдап алды да,
ошол бойдон былк этпей жатып
калды. Колдору артына чыя
байланган төртөөнү бери жактагы
автоматчандар болгон күчтөрү
менен үстөккө-босток ургулашып,
бардыгы тең цемент полго
кыймылсыз жатып калышканда
гана токтотушту.
* * *
"Кызык, булар кимдер болду экен,
каяктан келишти. Эмне себептен
эки жаат болуп алышып бири-бири
менен атышышты? Үчөөсүн болсо
торойто ит аткандай эле атып
ташташты" , - Диананын эч нерсеге
башы жетпей жатты, - "балким
булар башка криминальный топ
болуп жүрбөсүн, өздөрүнчө
"разборка" кылып жатышкандыр?
Андай дейин десең эмнеге мени ал
жакка ээрчитип барып
тааныйсыңбы деп бардыгын
караттырып чыкты. Тигилер
адегенде түн ичинде чүмбөтчөн
жүрүшпөдү беле, баса, бирөөсү
эмнеге мени көтөрүп алган түн
ичинде, же мени уурдап кеткилери
келиштиби. Ооба, ооба… эми
түшүндүм, булар алиги жашыруун
акча чыгарган цехтин кожоюндары.
Акчаларынын дээрлик теңинен
көбүн мен баштыкка салып алып
кетпедим беле. Мени уурдап
кетишмек да, "акчаларды кайда
жашырдың, тап" деп мени бул
жактан да жаман кылып
кыйнашмак. Баса, чын эле өткөн
жолку бир баштык жалаң крупный
суммадагы акчалар каякта калды
болду экен? Эгер аман-эсен бул
жактан кутулуп чуксам ал жерди
таба аламбы? Ай, таба албайм го,
анын үстүнө шаар ичинде жер
алдындагы люктар көп да аябай,
кайсы биринен издейсиң. Балким,
бактылуу адамдар аны таап
алышар, табылбай калса ошол
боюнча чирип жоголот да. Кайран
гана акчалар, ал акчалар менен бир
райондун айылдарын кенен-кесири
бакканга жетмек. Анча-мынча
акчаларым бар эле, аны дагы
Ибрагимге тарттырып жибердим.
Баса, Ибрагим каякта болду экен,
балким мени уурдаганы келишкен
бобул топтун арасында бардыр?
Мен анын иөңүн көргөн эмесмин
да. Чын эле булар кимдер болушту
экен? Таңгалыштуу. Болду-болбоду
ошолор эле…", - Диана полдо
чалкасынан жаткан болчу, акырын
башын көтөрүп айланасына көз
жүгүрттү. Бул жолкусунда эки колу
чечилүү, бош болчу. "Булар баары
бир меи өлтүрүп салышат, өздөрү
деле айтышпады беле "сенин эми
керегиң жок, көзүңдү курутуш
керек, башкаларды бузасың, сенин
өлүмүң башкалар үчүн сабак
болушу керек" деп, же жөн эле
коркутуп жатышабы. Ансыз деле
көрбөгөн кордукту көрсөтүшүп
өлөөрчө сабашты го. Эптеп Замира
тигилерге көрсөтпөй уурдап келип
нан, суу бербегенде эмдигиче
ачкадан турбай калмак экенмин,
ушунусуна да Кудая шүгүр…
Буларың баары бир мени өлтүрүп
тынышат, башкаларды деле мен
сыяктуу качкан кыздарды биздин
көзүбүзчө эле чоң челектеги
кислотага салып өлтүрүшүп, эч
нерсесин калтырышпай ээритип
жиберишти эле го. Бир жолу он
сегиз жаштагы жапжаш татынакай
кызды баарыбыздын көзүбүзчө эле
тирүүлөй чыркыратып туруп
кислотага салышпады беле. Улуту
дунган болчу. Дагы кыйын кыз
экен ал, лөкүйгөн үч-төрт жигит
менен тамырынын акыркы каны
соккончо кармашып, алышып
жатып анан өлдү. Анын өлүгүн
кислотага салып атканда кандай
гана ужас көрүнүш болду эле.
Караганга нерв чыдабайт. Тим эле
азыр ошону эстегенде төбө чачым
тик тура денем зиркиреп кетет.
Анысынан да челектеги кислотага
салынган кыздын денеси менен
кислотанын реакциясычы. Жашыл
түстөгү кислота кыпкызыл болуп
эле кадимки казанда бышып аткан
эттей болуп боркулдады. Тээ бир
топто кийин кыздын эч нерсеси
калбай ээрип кеткен. "Эгер
качсаңар силер да ушуну
көрөсүңөр" деп айтпады беле.
Кандай гана жуткий көрүнүш, эми
мени дагы ушинтип өлтүрүшөт да.
Андан көрө согумга кетчү
малдарча өлүмдү күтүп жата
бербей өз алдынча
аракеттенбейминби, ушундай
кырдаалдан пайдаланып. Диана
дароо ордунан турду дагы эшик
жакка барды, бактыга жараша
эшик сыртынан кулпуланбаптыр.
Сыягы тигил төмөн жактагы
туткундар менен алектенип
жатышып бул жакты бекиткенди
унутуп калышса керек. Үчүнчү
кабаттын бир бөлмөсүндө экен,
акырын эшикти ачып коридорго
көз жүгүрттү. Эч ким жок экен.
Бардыгы тең төмөн жакта
жүрүшөт. Ал жакта онтогон
эркектердин үндөрү чыгып жатты,
сыягы алиги туткундарды сабап
жатышса керек. Бир кезде төмөн
жак "тарса-турс" , "дүпө-дүп" эле
боло түштү. Эркектердин
ызырынган, сөгүнгөн, автоматтын
бир-эки жолу атылган үндөрү
угулду. "Төмөн жакта эмне болуп
жатты болду экен?" деп кызыккан
Диана акырын тепкичтерге
жашына ызы-чуу түшүп жаткан
жакка көз жүгүрттү. Төмөн
жактагылар эки жаат болушуп
мушташып жатышыптыр, бирөөсү
болсо полдо өлүп жатат. "Кой,
ушундай кырдаалдан
пайдаланбасам болбойт", Диана
коридор менен чуркап, бош
бөлмөлөрдү текшерип карап атты.
Көпчүлүк кыздар жаткан бөлмөлөр
сырттарынан кулпулануу экен.
Кудайым атайын маңдайына
жазгандай ал бөлмөдө башында
илмеги бар узун жип да туруптур.
"Кызык, бул аркан жип кайдан
пайда болуп калды же алиги
чөмбөтчөндөр таштап кеткенби?" .
Экинчи кабаттын бөлмөлөрүнүн
терезелеринин баары темир менен
тордолуу болчу. Башында
кайырмактай болгон темир илмеги
бар аркан жипти ала үчүнчү
кабатка көтөрүлдү. Төмөн жак жале
ызы-чуу болуп жаткан болчу.
Үстүңкү кабаттын терезелери
тордолуу эместигин Диана жакшы
билчү, анын үстүнө бардык
бөлмөлөрү да ачык болчу.
Эң четки бөлмөгө кирип
терезесине барды дагы төмөн
жакка көз чаптырды. Короо
ичинде кыбыр эткен жан жок экен.
Арыдан бери эки кабат терезенин
айнектерин алып жиберип, алиги
өзү менен кошо ала келген аркан
жиптин учундагы темир илмекти
бир жерге катуу бекитип илип,
аркан жипти төмөн карай таштап
жиберди. Үчүнчү кабаттын
терезеси менен жердин
ортосундагы аралык бир топ эле
бийик болчу. Башы тегерене коркуп
кетти. Ошондо качандыр бир кезде
көргөн "Кавказ туткуну"
кинофильминдеги Нина деген
туткун кыз көзүнө элестей түштү.
"Ал деле бийик кабаттуу үйдүн
терезесинен аркан жип менен
төмөн карай түшүп кетпеди беле,
менин андан эмнем кем. Бул
жерде корко турган деле эч нерсе
жок го. "Корксо да кой өлөт,
коркпосо да кой өлөт"" кеттим" -
ал арка жипти катуу кармай төмөн
карай акырын сыдырылып түшүп
жөнөдү. Буту жерге тийгенде
алакандары ысып чыкты, арканды
кармай катуу жылмышкандыктан
сыйрылып канап кеткен болчу.
Анысына да кайыл эптеп эле бул
жерден качып чыгып, оолак болуп
кетүү анын негизги максаты эле.
Бул мезгилде зал ичиндегилер
эстери ооп кыймылсыз жатышкан
төртөөнү, анан Чиндин өлүгүн ары
көздөй чоң бөлмөнү карай сүйрөп
баратышкан. Алар көрүп
калышпасын деп терезеден
жашына ары жакка өтүп кетти да,
үйдүн арт жагына өтүп короонун
бетинде илинип турган аркан
жипти көрдү. "Сыягы түндөгү
чүмбөтчөндөр ушул аркан жиптер
менен короонун ичине асылып,
тартынып өтүшсө керек" деп
ичинен ойлоп койду да, өзү да
жогору карай тартынып аракет
кыла баштады. Бир-эки жолу
жогорулап барып кайра төмөн
карай шыпырылып түшүп кетип
атып акыры дубалдын үстүнө
тартынып чыкты. Анан илмек
жипти короо ичинен өзүнө тартып
алып арт жагына коё берди да
төмөн карай шыпырылып түштү.
Эч ким жокпу дегендей айланасына
көз жүгүртүп алды да, болгон күчү
менен бет келди чуркап жөнөдү.
Эки жүз кадамдай чуркап өткөн
соң бир аз демин баса артына
кылчайып карады. Кандайдыр
машине менен куралчан
солдаттардын түшүп жатканын
көрүп алкымы оозуна тыгыла
болгон күчү менен бет алдына
карай чуркап жөнөдү.
ИШКЕ АШПАГАН ПЛАН
Айланага күүгүм киргенде бардыгы
толук даярдыкта турушту. Сегизөө
тең бир машинеге тыгылыша
короого үч метрдей жетпей токтоп,
көчөдөгү элдердин суюлушун күтүп
жатышты.
Короо жакта эмне кыймыл болуп
жатат билип кел деп Рахимди
чалгынга жиберишти.
Кечки саат он чендерде биринин
артынан бири ээрчишкен үч чет
элдик машине короодон чыгып
каяккадыр жөөп кетишти.
- Кыздарын алып чыгып кетишти,
аларың эми күндүзү кайтып
келишет.
- Ушуларга кор болгон кайран
кыздар…
- Колдоочуң болбосо ушул да,
буларың деле бирөөлөрдүн
кыздары да.
- Баса, булар Кыргызстадан келген
кыздар дейби?
- Ошондой деп угуп атам, бирок ар
кайсы улуттагы кыздар экен…
- Ооба, шордуу кыздар экен да, -
машиени ичиндегилер өздөрүнчө
сүйлөшүп отурушту. Бир аздан
кийин Рахим кайтып келди.
- Короону бир сыйра айланып
карап чыктым, аркы бетинен
секирип өткөнгө мүмкүн эмес
экен, бул жак бетинен гана өтө
алабыз. Сыягы ичинде иттери да
бар окшойт, акырын таш ыргытып
тыңшап көрсөм короонун ичи
жагынан алардын үргөн үөдөрүн
уктум. Иттердин көздөрүн
курутуунун милдетин мен мойнума
алайын. Шапалак камчы менен
баштарын жара чабам, айла кетсе
бычак уруп өлтүрүм. Кыскасы
андан кам санабагыла, иттерди
жоготуу менин милдетим.
- Ичинде канча ит бар болду экен?
- Какая разница, иши кылып мен
алардын көздөрүн курутуп силерге
жол ачып берсем болдубу, - Рахим
өзүнө ишенимдүү сүйлөп жатты.
Түнкү саат он экиге чейин
машинеден чыгышпай былк этпей
отурушту. Саат он бир чендерде
алиги үч чет элдик машине кайра
кайтып келишип короого кирип
кетишти.
- Сыягы кыздарын жеткирчү
жерине жеткиришип, кайра кайтып
келишти окшйот.
- Ооба, таңга жуук дагы чыгышып
кыздарын кайра алып келишет.
- Болгону үч эле машине менен
жеткирип келиштиби, калган
кыздары каякта. Үч машиненин ар
бирине бештен кыздарды батырган
күндө дагы он беш кыз болуп
атпайбы, калган кыздары каякта?
- Балким ушунча эле кыздардыр…?
- Жок андай болушу мүмкүн эмес,
алиги кыздын айтуусу боюнча
короо ичинде кеминде эле отузга
жакын кыз бар экен.
- Анда калгандары каякта?
- Ким билет, ичинде эле да…
Көп өтпөй алиги чет элдик үч
машине кайрадан бирини артынан
бири короодон ээрчишип
чыгышты.
- Теперь пора, даярдангыла! -
Абдувахабдын буйругу боюнча
бардыгы кара кийимдерди,
баштарына кара чүмбөттөрдү кийе
башташты.
Туптуура саат бир болгондо
бардыгы жапа тырмак
ордуларынан козголушту.
- Оомийин, ишибиз оңунан чыгып
Кудайыбыз колдосун!
Бардыгы өздөрүнө керектүү
куралдарды алышты да үч топко
бөлүнүшө короо тарапка жылып
жөнөштү. Бул мезгилде дээрлик
көчөдөгү кыймылдын баары
токтоп, көп кабаттуу үйлөрдүн
көпчүлүгүнүн жарыкт ары өчүп, бир
тобу уйкуга кетишкен болчу. Бирок
ошентсе да кез-кез чочугансып
ары-бери машинелер зуулдап өтүп
кетип жатышты.
Алдыда баратышкан биринчи топ
дагы үчкө бөлүнүштү да туш-тушка
чачырай айланага көз кырын
салыша чалгыз жүргүзө башташты.
Эч ким жок келе бергиле деген
белги беришкенде экинчи топ
дароо короо түбүнө чуркап
келишип, илмеги бар аркандарды
короонун башына ыргытышып, өтө
ылдамдык менен тартынып
чыгышты да аркы бетине өтүп
кетишти. Көп өтпөй эле экинчи топ
дагы алиги аркан жиптерге
тартынып чыга башташты. Ошол
мезгилде күтүлбөгөн жерден
биринин артынан бири ээрчишкен
алиги үч машине пайда болду. Алар
булар ойлогондон эртерээк келип
калышты. Ойдо жок жерден
пландын баары бузулуп кетти,
мындай болуп кетээрин эч
күтүшпөгөн эле.
Ошол жагдайда короонун ичиндеги
иттер да жан алдары калбай үрүп
киришти. Рахим шапалак камчы
менен үчөөсүн башка чаап өлтүрдү,
ары жакта дагы экөөсү бар экен
алардын жаагын бычак менен
жапты. Биринин артынан бири
удаа-удаа ыргытылган бычак
экөөсүнүн тең жаагын жапты.
Бирок алар жөн өлүшпөй
кыңшылап атып өлүштү. Мындай
ызы-чууга ары жактан эки-үч адам
чыга калышып сактаныша иттер
тарапты көздөй басып жөнөштү.
Үчөөнүн тең колдорунда
тапанчалары бар экен. Бери
жактагылар далдлл жерге жашына
калышты. Сырттан үчкө бөлүнгөн
топ үч-үчтөн болуп бөлүнүшкөн
болчу. Биринчи топ Абдувахаб,
Рахим анан Чинь деген кытай
жигит, экинчи топто Карим, Виктор,
Пак анан Ахмед, ал эми үчүнчү
топко болсо Хабибула, Ибрагим
жана Жафарлар бөлүнүшкөн.
Акыркы топ сырт жакты
көзөмөлдүккө алышмак. Эгер бир
нерсе болсо бул жакка жардамга
келишмек. Алгач короого кирип
келишкендер ошол биринчи
топтогулар болчу. Короого
киришкени экинчи топтогулар да
даярданып жатышкан.
Колдоруна тапанча кармашкан
үчөө иттердин ар кайсы жерде
өлүп жаткандарын көрүштү.
Бирөөсү акыры кыйкырып
жиберди.
- Кимдир бирөөлөр иттердин
баарын өлтүрүп кетиптир! , - ал
айтып оозун жыйгычакты эле
кандайдыр катуу соккуларга үчөө
үч жерге "жалп" дей түштү. Алар
ошол боюнча тургуз болушту.
Аларды Абдувахаб, Рахим, Чинь
үчөө атайын күтүп турушуп, жакын
келишкенде таамай соккулары
менен эстерин оодара чаап
ташташкан болчу.
- "Урушта туруш жок, кырдаал
өзгөрүп кетти, кой тезднбесек
болбойт, - үчөө дароо эле караңгы
жер менен чоң эки-үч кабаттуу
үйдү көздөй чуркап жөнөштү.
- Ошо маалда короонун дарбазасы
ачылып, сырттан дагы эки-үч
машине удаа кирип келатышкан
эле. Аларга "сотовый" " телефон
менен бирөөлөр айтып коюшканбы
чет элдик автомат, тапанча менен
куралданышкан беш-алты адам
өтө сактаныша үйдүн ичине чуркап
кирип кетишти да эшикти жаап
алышты. Сыягы үйдүн ичиндегилер
да кармашка даярданып калышса
керек. Мындай окуяларды
баштарынан өткөрүшпөгөндүктөн
беркилер кичине шашкалактап
калышты. Анткеи тигилердин
бардыгы куралчан болчу. Бир
нерсе болсо эле ок атканга даяр.
- Шайтан алгырдыкы, карачы
планыбыз ойдогудай болбой
калды. Эми артка кайтууга жол
жок, андан ары аракеттенүүбүз
керек.
Көп өтпөй эле буларга сырттан
келишкен экинчи топ да
кошулушту. Бардыгы тең капкара
болушуп кара чүмбөт кийип
алышкан болчу. Бул көп кабаттуу
чоң үйдүн ичине эшиктен түздөн-
түз кирүүгө болбойт, ал эми экинчи
кабатындагы терезелери болсо
темир тор менен тордолуу экен.
- Балким үчүнчү кабатынын
терезелеринин темир торлору жок
болуп жүрбөсүн?
- Давай, текшерип көргүлө убакыт
өтө тар.
Рахим жүгүрүп барып илгичи бар
аркан ыргытып атып, терезенин
бир жерине илип алды да көз
ачып-жумганча өйдө көздөй
тартынып чыгып кетти. Үчүнчү
кабаттын терезелери темир менен
тордолуу эмес экен, бирок ача
албай койду. Анан форточкасы
аркылуу ичине кирип, бөлмөнүн
ичинде эч ким жок экенине чындап
ишенген соң терезени ичинен чоң
кылып ачты да төмөн
жактагыларга белги берди.
Абдувахаб, Чинь, Карим үчөө
үчүнчү кабатка тартынып чыгып
кетишти. Алар киришкен бөлмө
сыртынан бекилүү экен.
- Кандай болсо да жолун таап
коридорго чыгышы керек анын
үстүнө ар бир мүнөт алтынга тете,
- чын эле убакыт да тар болчу.
Убакыттан уттурушса пландары
ишке ашпай калмак. Төртөө эмне
кылуу, андан ары кандай аракет
кылуу жөнүндө жан талаша
ойлонуп, план түзө башташты.
Эшикти талкалоого мүмкүн эмес
болчу, анткеи тарсылдактан
астыңкы кабаттагылар сезип
калышып, чуу көтөрүп
жиберишмек. Анда үчүнчү кабатка
көтөрүлүп чыгышканы кайсы,
бардыгын бөлмөнүн ичинен сыртка
чыгарганга мүмкүнчүлүк беришпей
бирден терип атып салышмак.
Кандай болсо да аларга күтүлбөгөн
жерден кол салуу керек. Биринчи
маселе бул сырткы бекилүү
каалгадан сыртка чыгуулары зарыл
болчу, бирок кантип? Түрмөнүн
эшигиндей болгон калың эшиктер
таштай капкатуу болуп зыңкыя
чыкканга мүмкүнчүлүк бербей
турду. Эшиктин айлампа
темирлерин бычак менен кайрып
көрүштү эле андан эч натыйжа
чыкпай койду. Жыгачты ойгуча көп
убакыт кетет.
- Балким, бензин чачып өрттөсөк
эмне болот? - Каримдин сунушуна
Абдувахаб каршы боло кетти.
- Азыр бензинди кайдан табасың,
кайра түшүп машинеге барып алып
келгиче бир топ убакыт өтөт. Анын
үстүнө убакыт аябай тар, андан
көрө башкача жолун
ойлонуштуралы.
- Мен бат эле жерге түшүп алып
келе калам. Баланча мүнөт убакыт
бергиле, ошол убакыт ичинде
кайтып келем, - Карим айтканын
бербей туруп алды.
- Жок болбойт, андан көрө башкача
жолун табалы…
- Мен таптым, - Рахим өз оюн
сунуштады, - бул шапалак камчым
менен же бобул башында илгичи
бар аркан менен тигил катарлаш
кошуна терезеге өтүп көрөйүн,
балким ал жактын эшиги ачыктыр?
- Болуптур, убакыт тар, кана
колуңдан келсе аракеттенип көр.
Рахим белиндеги узун шапалак
камчыны алды дагы катарлаш
кошуна терезесинин чыгып турган
нерселерине илмек кылып акырын
ыргытып илгенге аракет кылып
көрдү, бирок илингени менен кайра
тартса эле чыгып кетип атты.
Эртеден берки аракетинен такыр
майнап чыгара албаган соң айласы
кете өйдө жакты карады. Анан бир
нерсе оюна түшкөндөй башында
илмеги бар арканды ала үйдүн эң
үстүнкү шыйпыры жактагы
илмектерге ыргытып көрдү. Илгичи
шыйпырга тийгенде "Тарс!" деген
катуу үн чыга бирок илмеги өйдө
жактагы бир нерсеге илинип
калды. Тартынып чыкмакчы
болгондо Чинь аны токтотуп
калды.
- Коё турчу, андан көрө
мүмкүнчүлүк болсо мага берчи, мен
көтөрүлүп чыгайын өйдө карай?
Разим ага ишенбегендей бир аз
карап турду да ары боло берди.
- Болуптур, бирок абайла кичине
жаза тайсаң эле бүттү, төмөн карай
учтуң да кеттиң.
- Андан кабатыр болбо, өзүм
билем кандай иштешти, - Чинь
арканга тартыла мышыктай
шыпылдап заматта өйдө карай
тартынып чыгып кетти.
Шыйпырдын үстүнө чыгып, үч-
төрт кадамдай солго басты дагы
аркандын учуна илмек таап илип
кайра экинчи терезенин тушуна
төмөн карай түшүп келди. Тилекке
каршы ал жак да бек экен. Көп
ойлонбостон кайра тартынып өйдө
чыкты. Шыйпырдын үстү менен
басып барып бирөөсүнүн четин
сындырып өзү баткандай кылып
оюп, алып салды да акырын
дабыш чыгарбай ичине кирип
кетти. Анын дабышына чатырдын
ичиндеги көгүчкөндөр "пырпырап"
туш-туш жакка учушту. Чөнтөгүнөн
кол фонаригин алып чыгып,
шыйпырдын үстүнөн төмөн карай
түшчү эшигин таап түртүп ачып
көрдү. Аны астынан илмеги менен
илип коюптур. Чөнтөгүнөн өзү
ачылма ичке бычагын алып чыгып,
ичке бириккен тешикке сойлотуп
жиберди да акырын түртүп
жылдырып отуруп капкактын
астындагы илгичин ачып алды.
Анан капкак эшикти ачып, темир
шаты менен төмөн карай түшүп
келди. Кууш коридордогу бири-
бирине окшош эшиктерден кайсы
бөлмөдө экенин өзүнүн кишилерин
издей баштады. Акырын өзүнүн
тую сезими менен бир эшикти
болжолдоп тарсылдатты эле ошол
эшиктин ичинде экен. Алар да
акырын тарсылдатып жооп
беришти. Чөнтөгүнөн кичинекей
темир аспабын алып чыгып
кулпуну кайрып чыгара баштады.
Ошо мезгилде өзүнө жакындап
келаткан кандайдыр бир дабышты
сезе коюп тигини чапканга
үлгүртпөй ары көздөй буйтап
кетти. Ары жактан келаткан караан
колундагы нерсеси менен тигини
баштан ары шилтеп калган болчу,
бирок үлгүрө албай калды. Чапчаң
кыймылдаган кытай жигити тигини
экинчи чапканга үлгүртпөй бир
секирим менен бетке тээп
чалкасынан кулатты. Кайра туруп
келатканда акырын үн чыгарбай
моюн талаштыра чаап койду. Тигил
кың деген жок, жерге
үстөмөнөнүнөн кулаган боюнча
былк этпей жатып калды.
Мунун келгени Чинге кайра жакшы
болду, анын колундагы ломго
окшош темирди алып, эшикти
кулпусун акырын кайрып
сындырып салды да эшикти ачты.
Бөлмөдө камалып жатышкан үчөө
дабыштарын чыгарышпай
коридорго чыга келишти.
Каалганын артында томолонуп
жаткан караанды байкап калган
Абдувахаб Чинден сурай кетти.
- Тиги кайсы караан жерде жаткан?
- Тигилердин кишилери, сыягы
бияк жакка чалгынга келсе керек,
ал экинчи тургуз болду… Кой,
кеттик.
- Төртөө дабыштарын билгизбей
тепкичтер менен төмөнкү кабатка
түшүп келишти. Дал ошол кабаттын
экинчи бөлмөсүндө Диана эс-учу
жок сулап жаткан болчу. Экинчи
кабаттта жүрүшкөндөрдүн
бардыгын сулата чаап, жерге
жаткырып коюшту. Негизи сокку
ура турган адамдары төмөнкү
кабатта болчу. Ортодо куралчан
турушкан адамдардын беш-алты
караандарын көрүштү да төртөө
туш-туш жактан чагылгандай тез
ылдамдык менен ошол
караандарга кол салышты.
Заматтын ортосунда топ
караандардын бардыгы ар кайсы
жерге чачылып калды. Көрсө алар
адам кейпин кийген жасалма
кишилер экен.
- Ловушка, кайра кеттик тепкич
жакка! Абдувахабдын кыйкырганы
өтө кеч болуп калган эле.
Күтүлбөгөн жерден электир
жарыгы "жарк" дей түштү дагы
туш-туш жактан чет элдик
автомат, тапанча менен
куралданган адамдар тигилерди
курчап калышты.
- Ордуңардан кыймылдабагыла,
кичине эле каршылык көрсөтсөңөр
атып таштайбыз. Колуңарды
көтөрүп желкеңерге алгыла!
Тигилердин буйругуна айла жок
моюн сунууга туура келди. Төртөө
тең колдорун көтөрүшө
желкелерине алышты.
- Дубалга тургула дагы ары
карагыла, бери кылчайсаңар эле
атып таштайбыз! - төртөө тең
катар тизилише буларга
далыларын тосуша ары карашты.
Ошол убакта бири-бирине ымдап
белги беришкен төрт киши бир
мезгилде тигилерди желкеге уруп
калышты эле төртөө тең эстерин
жогото жерге кулап түштү. Төрдө
турганы "буларды байлап салгыла!"
деп буйрук берди. Автомат сунуп
тургандардын эки-үчөөсү ар кайсы
жерде эстери ооп жатышкан кара
кийимчен кара чүмбөтчөндөрдү
арыдан бери байлап салышты да,
баштарындагы чүмбөттөрүн чече
башташты. Үйдүн ичиндегилер
булардын өйдө жакка аркан менен
көтөрүлүп чыгып атышканын
көрүшүп, үстүнкү кабаттан кол
салышарын сезишкен, ошо
себептен атайын алдын ала
даярданышып ушундай
"ловушканы" даярдашкан болчу.
КҮТҮЛБӨГӨН КОНОКТОР
- Кана чүмбөтчөндөрдүн
башындагыларын чеччи, булардын
ким экенин көрөлү, - толмочунан
келген мурутчан, такыр баш киши
жанындагы жигитке буюра
сүйлөдү. Автомат кармап четте
турган жигит автоматын артына
иле сала жерде байланып
жатышкан төртөөнүн башындагы
кара чүмбөттөрүн сыйра баштады.
Булар кимдер болду экен дегендей
баардыгы кызыгыша карап
турушту. Жигит төртөөнүкүн тең
чечип туруп чалкасынан оодарды
да мындайыраак боло берди.
Алардын жүзүнө үңүлгөн такыр
баш өзүнчө кичине жеңилдей
түшкөнсүдү.
- Слава богу, булар милициянын
кишилери эмес экен… Коё тур, коё
тур бул жигитти мен тааныйм, - ал
Абдувахабдын жүзүнө кунт коё
үңүлө карады, - бул багы бизге
келген жигит турбайбы. Мынакей
карагылачы тааныдыңарбы? Ары
жакта тургандардын баардыгы
тааныдык дегендей баштарын
ийкешти.
Биз менен иштешесиңби дегенде
макул болбой койду эле. Эми бул
эмне максат менен биякта жүрөт
биздин иштерге кийлигишип… Же
булар милициянын
чалгынчыларыбы атайын бизге
жиберген?
Айланасында тургандар билбейбиз
дегендей бири-бирин караша
ийиндерин күйшөштү.
- Андай болушу мүмкүн эмес, -
ары жактан бирөөсү кийлигише
кетти, - бул деген өзү криминалдар
чөйрөсүнө аралашып жүрбөйбү,
Ташкенде бирден бир көрүнүктүү
"авторитеттерден" болу жүрөт.
Эгер милицияда иштей турган
болсо ал жакта иштеген биздин
кишилер бул жөнөндү бизге кабар
бермек да…
- Кызык, бул эмне максат менен
бул жакка келди болду экен,
биздин иштерге эмне кийлигишип
атат. Же бул кыздардын арасында
өзүнө керектүү кыздары барбы?
- Андай болушу мүмкүн эмес, бул
жактагылардын бардыгы
Кыргызстандан келген кыздар,
алардын буга эч тиешеси жок
болуш керек…
- Эгер булар бизге карама-каршы
чыга турган болушса көздөрүн
курутуп, жок кылып коёбуз. Анын
жолу жеңил эле. Бардыгын өлтүрүп
туруп, кислотага салып жок
кылабыз.
- Болуптур муну шашпай
"разборка" кылабыз, андан көрө
дагы кишилери тияк жакта болуп
жүрбөсүн жакшылап текшерип
карап чыккыла. Үстүңкү кабатты,
чердактардан бери карагыла. Эгер
кишилери кокусунан болуп калып
силерге каршылык кыла турган
болушса, дароо эле ошол жерден
атып таштагыла, мен улуксат
берем. Бирок автомат,
пистолеттердин башына
"глушителдерди" тагып алгыла, үн
чыкпагандай болсун, болбосо
короонун сыртында жашаган
кошуна тургундарыбыздын көңүлүн
өзүбүзгө буруп алабыз. Алар
"короонун ичинде атышып
жатышат" - дешип милицияга
кабарлап коюшу мүмкүн.
Автомат кармаган эки-үч жигит
тепкич менен жогору карай чыгып
жөнөштү.
- Абайлап, сак болгула, мунун
кишилери дасыккан спортсмендер,
күтүлбөгөн жерден кол салып,
силерди торойто чаап
салышпасын! , - өйдө көздөй кетип
бараткандардын артынан эскерте
кыйкырып калды. - Таа-ак, сырт
жакты да бир сыйра текшериш
керек. Балким булар төртөө эле
эместир!
Сыртта калгандар иштин тетирлеп
баратканын терезеден өз көздөрү
менен көрүп, ар бир кыймылды
байкап турушкан эле. Автоматчан
үчөөнүн тепкич менен өйдө
көтөрүлүп кеткенин көрүштү.
Сыртка чыгып баратышкан дагы үч
адамды байкап калышып алардан
жашырынганга ыктоо жер
издешти. Караңгыда эч нерсе
байкалбайт болчу, бирок тилекке
каршы бирөөсү короонун ичиндеги
жарыкты жандырды эле короо ичи
күзгүдөгүдөй эле жаркырай түштү.
Тигилер үй артындагы караңгы
жерге жашырынганга араң-араң
үлгүрүштү. Автоматчан үчөө дароо
эле ары жакта ар кайсы жерде
сулап жатышкан иттерге барышты.
Анан айланага бир сыйра көз
жүгүртүшө короонун сыртына
чыгып кетишти.
Бардыгы Абдувахабка баш ийише
өздөрү менен кошо атылуучу курал
алышпаганына өкүнүп жатышты.
Мындай кырдаалды текке
кетирбеш керек болчу. Анткени
тигилердин тобу үчкө бөлүнүп
кетишти. Үчөөсү үстүнө, үчөөсү
сыртка, ал эми үчөөсү болсо
Абдувахабдар байланып турушкан
чоң залда калышты. Карим
ичиндегилерге көз салып байкап
тур дегендей Ибрагимге белги
берди эле ал түшүндүм дегендей
акырын терезе жакка жылып
барды. Үчөөнү ээрчиткен Владимир
Пак акырын дарбазадан сыртка
чыгып кетти. Арадан он, он беш
мүнөттөй өтпөй алар кайра кайтып
келишти. Сырттагы үчөөнү
жайлашып, куралдарын тартып
алышыптыр. Абдувахабдар жаткан
залдагы үчөө эч нерседен
бейкапар өздөрүнчө бир
нерселерди сүйлөшүп турушту.
Сырттан аткан октой ушунчалык
тездик менен жулунуп кирип
келишкен чүмбөтчөндөр тигилерди
эстерине келтиришпей, камдантпай
басып калышты. Алар мындай
болот деп күткөн эмес, болгону эле
ушул төртөө болуш керек деп
ойлошуп эч нерседен бейкапар
өздөрүнчө сүйлөшүп отурушкан.
Үчөөнү арыдан бери
куралсыздандырышып, үстүнө
кеткен беки үчөөнү күтүп
калышты. Алар бул мезгилде үйдүн
эң үстүкү шыйпырына чыгышып,
көгүчкөндөрдү кубалап кол
фонариктери менен ичин аябай
кылдат текшерип жатышкан болчу.
Төмөн жактагылар жерде байланып
тургандарды арыдан бери чечип
жиберишти. Чинь өйдө көздөй
кетмекчи болду эле аны Абдувахаб
токтотуп койду.
- Тим кой алар азыр өздөрү
келишет. Тигилер кандай бизди
ловушкага түшүрүшсө биз дагы
буларды ошондой кылабыз.
Үчөөнүн куралдарынын окторун
алып кайра колдоруна
карматышты дагы катарлаш
тургузуп коюшту. Төртөө байланган
киши болуп кайра жерде жатышты.
Арадан он, он беш мүнөт өткөндөн
кийин үстүнө чыгып кетишкен үчөө
кайра кайтып келишти.
- Үстүнүн баарын карап текшерип
чыктык шеф, эч ким жок экен.
Булар шыйпырды сындырышып
ошол аркылуу түшүшүптүр… Эч
нерседен бейкапар өйдө жактан
түшүп келген үчөөнүн бирөөсү
өзүнүн "шефине" жаңы эле
баяндап айта баштаганда сөзүнүн
аягына чыкпай оңкосуна сайылды.
Ары жактагы экөөсү да эмне болуп
кеткенин түшүнбөй колдорундагы
автоматтарын заматта алдырып
жиберишти. Жерде жаткадар да
ордуларынан туруп келишти.
Алтоону тең ары жакка алып барып
байлашты да экөөсү буларды
кайтарып калып, калгандары
шашыла кимдир бирөөнү издей
башташты.
ЧҮМБӨТЧӨН ТУТКУНДАР
- Ээй силер кимди издеп
жатасыңар?! - колу байлануу
турган такыр баш киши
бөлмөлөрдү кыдырып кимдир
бирөөлөрдү издеп жүрүшкөндөргө
кыйкырды, - бөлмөлөрдө эч ким
жок, бекер убара болбой эле
койгула. Андан көрө ким керек
силерге, айткылачы, балким биз
өзүбүз таап бери жүрбөйлү?
Кара чүмбөтчөндөр анын
кыйкыргаына маани да беришкен
жок, унчукпастан кимдир
бирөөлөрдү издей беришти. Бир
кезде экичи кабаттан бирөөсү
түшүп келип колу мене өйдө жакты
көрсөтүп жаңсады эле экөөсү ошол
жакка көтөрүлүп кетишти.
Чүмбөтчөндөрдүн бирөөсү Ибрагим
болчу.
- Бобул бөлмөдө жаткан кызды
карап көрчү, ушул эмеспи?
Ибрагим эс-учу жок аябай алсыз
абалда сулк жаткан Диананы дароо
эле тааныды. Ооруканадан кетке
мезгил аралыгында аябай токмок
жеп, кордук көрүп атып бир топ
эле өзгөрүп кеткен болчу.
- Наконец то…, - Ибрагим Дианага
жетип барып дароо башынан
көтөрдү, - Диана көзүңдү аччы
тирүүсүңбү? - жүрөгү согурңп
атабы деп көкүрөгүн тыңшап
көрдү.
- Слава Богу, тирүү экен, жүрөгү
согуп атат. Кана кеттик! - Ал
Диананы тапатак көтөрө бекем
кучактады да төмөн карай түшүп
жөнөдү.
Колу-буттары таңылуу
тургандарды бир сыйра карап
алышып чүмбөтчөндөрдүн бардыгы
жаңы эле сыртты көздөй тап
беришкенде күтүлбөгөн жерден
электир жарыгы "жалп" дей
заматтын ортосунда айлана көзгө
сайса көрүнгүз капкараңгы боло
түштү. Ага удаалаш эшиктердин
баары сыртынан бекилип жабылып
калды. Алар сыртка чыгып
кетишкенге үлгүрө алышпай бир
саамга демдерин ичтерине алыша
былк этпей туруп калышты.
Бирөөсү барып эшикти түртүп
көрдү эле темир аралаш жасалган
эшик, кадимки сейфтин эшигиндей
болуп былк эткен жок.
Чүмбөтчөндөрдүн бирөөсү кол
фонаригин жандырды эле терезе
жактан атылган октон колундагы
фонарын түшүрүп жиберип жерге
кулап түштү. Бир аздан кийин зал
ичинен кишинин оор онтогон үнү
чыкты. Рахимдин ийнине ок
жаңылган болчу. Мындан бир саат
мурун бул үйдө ызы-чуу
башталганда эле бул
жактагылардын бирөөсү "сотовый"
телефон менен болуп жаткан
кырдаал тууралуу каяккадыр кабар
берген. Ошо замат эле он
чактыдай куралчан адамдар
короонун ичине жашырынып
киришип үйдү тегеректеп алышкан.
Абдувахаб чоң ката кетиргенин
түшүндү, короого же короонун
сыртына жашыруун далдоо жерге
бирөөнү көзөмөлчүлүккө коюп
коюш керек болчу. Душмандардын
келатышканы тууралуу дароо белги
бери коймок. Анда мындай болуп
туткунга түшпөйт болчу.
Көзгө сайса көрүнгүз караңгыда
жерде байланып жаткандардын
бирөөсү "күңк" этти.
- Каршылык көрсөткөндөн баары
бир эч майнап чыкпайт. Өз
эркиңер менен багынып бергиле,
эми эч жакка кете албайсыңар,
чычкан жөрмөлөп өткүз болуп
курчоодо калдыңар. Ар бириңер
дуланын мушкасындасыңар,
кыймылдасаңар эле четинен атып
өлтүрө беришет. Алардын түнкүсүн
күндүзгүдөй кылып көрсөтө т
урган жүрбүлөрү, снайпер
мылтыктары бар. Так что
сопротивление безполезно…
Анын сөзүн Абдувахаб бөлүп кетти.
- Унчукпай жөн жата берсеңчи,
өзүңөр деле барымтада
жатканыңарды билесиңерби.
Бизден бирөө эле өлсө алдагы
жерде жаткан силерден экөө өлүп
турат.
Зал ичи бир пазга жымжырт боло
түштү. Жерде жаткан киши
айткандай чын эле терезенин ар
кайсы жерлеринен үн чыкпас
мылтыктар менен атылган ичке
үндөр чыгып Абдувахабдын
айланасындагылардан экөөсү
кулап түшүштү. Ок Жафар менен
Хабибулага жаңылган болчу.
- Тамдын дубалдарына
далдалангыла, октон сактангыла! -
Абдувахабдын үнүнө бардыгы
дубалдарга далдалана беришти.
Бир кезде Абдувахаб сырт
жактагыларга үн катты.
- Эгер силер биздин кишилерге ок
ата турган болсоңор биз да бул
жерде байланып жаткан силердин
кишиңерди четинен өлтүрө
баштайбыз!
Сырт жак жымжырт боло түштү.
- Алар биз менен сүйлөшкөнү
жатышат го дейм, эгер алар бизди
коё беришсе биз да бул жерде
жатышкандарга тийбейбиз.
Ушундай сунуш коёлу, -
Абдувахабдын сөзүн бери
жактагылар да туура кабыл
алышты.
- Ооба, башка бизде эч кандай
выход жок, ансыз деле эки-
үчөөбүзгө ок жаңылды. Айла жок,
канга кан менен жооп беребиз.
Айлананы кайрадан жымжырттык
басты, кез-кез ок жаңылгандардын
онтогон үндөрү чыгып атты. Зал
ичиндегилер да кимдир
бирөөлөрдү сүйлөшүүгө
чыгышканы күтүп атышты.
Чүмбөтчөндөрдүн бардыгы жерде
байланып жаткандардын
куралдарын тартып алышкан
болчу. Сырт жактан ок атышса
ичтегилер да аларга жооп беришип
бир эки жолу ок атышкан.
- Тигилер эмнеге создуктуруп
атышат же дагы бир нерсени
ойлоп жатышабы?
- Ким билет, сыягы биз жерде
жаткандарды өлтүрө турган болсок,
тигилерге булардын ысык-суугу
деле жок окшойт, - залдагылар
дубалдарга жашыныша өздөрүнчө
шыбырашып сүйлөшүп жатышты.
- Эмнеге дымып калышты же
башкача план түзүп жатышабы,
дегикиси бардыгына даяр болуп
сак тургула, ар кандай болуп
кетиши мүмкүн.
Бул мезгилде сырттагылар үстүнкө
терезе аркылуу жогорку кабатка
көтөрүлүп чыгышып күтүлбөгөн
кол салууга даярданып жатышкан
болчу. Арадан жыйырма мүнөттөй
убакыт өтпөй экинчи кабаттын
тепкичинен көптөгөн караандар
төмөн карай жылмышып түшүштү.
Ошол мезгилде сырт жактын да
эшиктери ачылып жабалактаган
бир топ караандар залга атылып
киришти. "Кимди ким көрдү,
Быржыбайды там басты" дегендей
караңгы залда тарса-турс
караандар бири-бири менен
мушташып жатып калышты. Кимди
ким чаап, кимди ким уруп жатканы
белгисиз. Айтор онтогон, сөгүнгөн
эле үндөр чыгууда. Кээ бирлери
туш келген караанды туштап ок
атып жиберип жатышты.
Бир кезде залдын жарыгы жарк
эте күйө жогору тепкичте катарлаш
тизилип тургандар өзүлөрүнүн да
душмандарын да ылгашпай эле
удаасы менен ок атып киришти.
Мушташып жаткандардын бардыгы
жерге көмкөрөсүнөн кулаша бири-
бирине далдаланып жашынып
калышты. Тепкичте тургандар
жерде жаткандардын былк
эткендерине эле ок чыгарып
жатты. Ары жактан дагы куралдуу
адамдар жардамга келишип жерде
жаткандардын бардыгын
куралсыздандырып чыгышты.
Байланып жаткандардын
бардыгынын колдору бошотулду.
Жафар менен Хабибула
кансырашып жатышкан болчу.
Рахим дагы ок жаңылган ийнин
басып араң турду.
Чүмбөтчөндөрдүн бардыгынын
чүмбөттөрү сыйрылып, колдору
артына кайрылып байланды.
Эсине келген Диана айланасында
эмнелер болуп жатканын түшүнгөн
жок. Эки жаат боло мушташып,
атышып жатышкандардын бирин
да тааныбайт экен. Жада калса
Ибрагимдин өзүн да тааныган жок,
көзү эч нерсе көрбөй ооруканада
жатканда анын чыныгы жүзүн
көргөн эмес. Эмнегедир залда
куралчан адамдар көбөйүп
кетишти. Мынчалык куралча
адамдарды Диана өмүрү көргөн
эмес. Ок жаңылган Жафар,
Хабибула, Рахимдерди ошол
жерден эле атып салышты да
калгандарын болсо ары жактагы
түрмөгө окшош темир торлуу
бөлмөгө алып кетишти. Диана
болсо залда жалгыз калды, өңүбү-
түшүбү айланасында эмнелер болуп
жатканын деле түшүнбөй турду.
Эки-үч куралчан адамдар келип
жерде кызыл-ала болуп жатышкан
үч адамдын өлүгүн ары көздөй
сүйрөп кетишти. Өлүктөрдү
кислотага салып жок кылып
жиберишерин Диана айтпаса да
түшүнүп турду. Бир аздан кийин
аны да кайра жетелеп мурунку
бөлмөсүнө алып барып камап
салышты.
Мындай иштерге өмүрү барып
көрбөгөндүктөн Абдувахабдар көп
жаңылыштык кетиришкенин
түшүнүп турушту. Бир жагынан
бейажал үч адамдын өлүп
кетишкенине ичтеринен жинденип
атышты. Булар эч кимди
аяшпасына, жырткычтардан
айырмалары жок экенине эми
чындап ишеништи. Тамырлары
алыска жайылган күчтүү мафия
экенин да Абдувахаб мурун эле
сезген, бул ишти баштаар алдында
эле "жыландын куйругун басып
албайбызбы" деп Ибрагимге
эскерткен болчу. Ал эми
Ибрагимдин бирден бир көздөгөн
максаты эле Диананы эптеп
туткундан бошотуп алуу болчу.
Ортодо мындай кан төгүлүү болуп
кетээрин эгерим күткөн эмес. "Эми
эмне болот болду экен Диана
менен бирге баарыбызды тең
өлтүрүп коёр бекенби? Бөөдөдөн
бөөдө булардын убалдарына да
калдым окшойт. Баары бир
милиция кызматкерлерине
эскертүү бери коюу керек болчу.
Аларды күтпөй эле өз алдыбызча
аракет тенип кетип калбадыкбы.
Бирок антсе да болбойт болчу,
булар тигинтип биздин үч адамды
ит аткандай эле атып
ташташкандай Диананы да өлтүрүп
коюшмак. Баса, айтмакчы
жергиликтүү милициялар буларды
көптөн бери эле билишет турбайбы,
бирок мафиянын негизги уюгу,
ордосу каякта экенин билбей
жүрүшүптүр. Жок дегенде ошолорго
эскертүү бергенде жакшы болмок
экен, мына баары кеч болуп калды.
"Шашкан шайтандын иши""
дегендей бир топ туура эмес
иштерди жасап алдык окшойт. Эми
биздин дагы өмүрүбүз коркунучта
", - Ибрагим өтө эле шашылып
жибергенине өкүнүп жатты.
Таңга жуук жеңил машинелер
менен түндөгү кыздарды алып
келе башташты. Дианадан башкасы
түндөгү болгон окуянын эч бирин
билишпейт болчу. Түнү бою
укташпай "клиенттер" менен
иштешкендиктен көнгөн
адаттарынча ар ким өз
бөлмөлөрүнө кирип жаздыкка
баштарын коюп уктоого ашыга
башташты.
Алиги жигиттердин үчөөсү өлүп,
бешөөсү эле калган болчу,
бардыгынын колдорун артына
кайрып туруп жип менен катуу
чырмап байлап салышкан. Бою эки
метр, ийни баштары далдыйган
дөөдөй, болгон Карим бир нерсеге
ачуулана ордунан туруп ары-бери
баса баштады.
- Шакалдар десе, буларга
жакшылык кылууга да болбойт,
булардан жакшылык күтүүгө да
болбойт. Тогузоосун түндө жерде
байланып жатканда эле атып,
жайлап ташташ керек болчу.
Ошондо кичине сестенип
калышмак, аларды бекер аядык,
тургузбай эле жаткан жерлеринен
көздөрүн курутуш керек болчу.
Алар бизди аяштыбы, Рахим,
Жафар, Хабибуланы жөндөн-жөн
эле бейкүнөө атып салышпадыбы,
кайран гана жигиттер… эми
булардан жакшылык күтпөө керек.
Бир кезде эшик шарт ачылып ары
жактан колдоруна автомат
кармашкан үч-төрт адам кирип
келишти дагы тигилерди сыртка
чыккыла дегендей белги берди.
Жерде отургандар унчугушпай
ордуларынан козголушпай отура
беришти эле автоматчандардын
бирөөсү ачуулана кыйкырып коё
берди.
- Эме отурасыңар, сыртка чыккыла
деп атам, же кулагыңар дүлөйбү?!
Жерде жаткандар бири-бирин
карап калышты, бардыгынын
колдору арттарына кайрылып
катуу байлангандыктан буларга
каршы эч нерсе кыла алышпайт
болчу. Шашпастан ордуларынан
козголушту да өйдө болуп тура
башташты.
Чинь буттары менен
куралчандарды тээп кол салмакчы
болду эле Абдувахаб азырынча
эрте дегендей башын чайкап аны
токтотуп койду. Бешөөнү тең кайра
залга алып келип тизип коюшту.
Бул жакта болгону беш-алтоо эле
калышыптыр, түндөгү залга батпай
кеткен автоматчан адамдардын
бири да жок. Бардыгы
автоматтарын тигилерди карай
сунуша бир нерсе болсо эле атууга
даяр турушту.
Бир аздан кийин аябай катуу
алсырап, араң баскан Диананы
бери жакка ээрчитип келишти.
Алиги толмочунан келген такыр
баш киши дале бардыгына бийлик
кылып атты.
- Кана, буларды жакшылап кара да
чыныңды айт, кимисин тааныйсың
булардын ичинен?
Эки колдору арттарына байлануу
тизилип турушкан жигиттерди
Диана таңгала карап койду.
- Жалдырабай жакшылап кара,
булардын кимиси сенин
таанышың?
Булар кимдер экенин түшүнбөгөн
Диана ар биринин өңдөрүн кунт
коюп карай баштады. "Булардын
арасында балким мен тааныган
бирөөлөр болуп жүрбөсүн, мүмкүн
Кыргызстан тараптан келген
адамдардыр? ", - ал ар биринин
жүзүнө кунт коюп карап, бери
карай басып келе берди. Бир кезде
Ибрагимдин маңдайына келип
экөөнүн көздөрү бир пазга
тиктеше түшүштү. Андан
кандайдыр бир башкача көз
карашты, жылуулукту сезди. Бир аз
турган соң ары карай басып кетти.
Бешөөнү тең дагы бир сыйра карап
чыккан соң эч кимисин тааныбайм
дегендей башын чайкады.
- Дагы жакшылап кара, балким
ушулардын арасында сенин
жигитиң болуп жүрбөсүн. Бизден
качып эркиндикте жүргөндө сен
соо жүрдүң дейсиңби? Бул жактагы
жигиттердин бирөөлөрдү таптың
да.
- Ал менин ишим.
- Акыркы мезгилдерде сенин
тилиң чыгып, аябай узарып кетти,
туурасынан "чорт" эткизип
тилиңди кесип таштабаса болбой
калды, - такыр баш киши ары
жакта тургандарга башын ийкеп
койду эле экөөсү бери басып келип
Диананы колдон алыша сабай
башташты. Диана да жөн туруп
калбай аларга каршылык көрсөтүп
кол кайтарууга аракет кылды.
Бардыгын өз көзү менен көрүп
турган Ибрагим катуу тиштенип
өзүн өзү араң кармап турду. Эки-
үч жигит Диананы уруп-сабаган
боюнча өкүртүп-бакыртып ары
көздөй алып кетишти.
Бир аздан кийин жаштары али
жыйырмага толо элек мөлтүрөгөн
татынакай, сулуу жаш кыздарды
залга кой айдагандай түртүп, сабап
айдап келе башташты. Уйкулары
али ачыла элек, чачы-баштары
саксайып аябай жүдөшкөн
татынакай кыздар тигилер
айтышпаса деле эки катар болуп
тизилип киришти.
Алар деле эч нерсе түшүнүшкөн
жок. Бизди бул жакка эмне алып
келди дешип бери жакта колдору
артына байланып турушкан
жигиттерди бир карап, алардын
маңдайында автомат кармап
турушкан эркектерди бир карап
таңгала унчугушпай турушту.
- Мен силерди биякка чакырып,
айдап келгенимдин себебин
билесиңерби? - алиги такыр баш
киши тигилерге сүйлөп жатты, -
билбесеңер бул жердеги байланып
турган адамдар түндө силерди
куткарабыз деп келишип өздөрү
туткунга түшүп калышкандар. Кана
буларды жакшылап карагыла да
чыныңарды айткыла, кимиңердин
жигитиңер же тууган-туушканыңар
бар булардын арасында. Давай
бирден чыгып жакшылап карагыла.
Эки катар болуп тизилип турушкан
кыздардын ар бирин бирден
чыгарып жигиттерди караттырды.
Баардыгы тең эле аларды карап
чыгып "тааныбайбыз" дешип
баштарын чайкап жатышты. Бүт
баардыгы жигиттерди карап
чыгышкан соң кайра эки катар
болуп туруп калышты. Алиги такыр
баш киши кайрадан ачуулана
баштады.
- Буларды бириңер да
тааныбасаңар, алар эмне кылып
жүрүшөт бул жакта. Жөндөн жөн
эле келе беришпейт да. Кана
чыныңарды айткыла, булар
кимиңердин таанышыңар?
Бери жакта турган куралчан
жигиттер тигилердин көзүнчө жаш
кыздарды чыркыратып сабай
башташты.
Бешөө тең булардын кыздарга
жасашкан айбанча мамилелерине
таңгала карап турушту.
КАЙРАДАН БОШТОНДУК
- Силерге эмнемкызык көрүнүп
атабы булар, ыя?! - алиги такыр
баш киши колдору артына кайрыла
байланып турушкан беш эркекти
мылкылдай карап койду, - силер
деле булардан эмне айырмаңар
бар. Кааласак сабайбыз, кааласак
өлтүрүп коёбуз. Же ишенбей
турасыңарбы? - ал күтүлбөгөн
жерден так эле бет маңдайында
турган Каримди колундагы таягы
менен керилип туруп бөйрөк тушка
чаап калды. Таяк катуу
тийгендиктен Карим өзөрө бөк
түшө отуруп жаалданып барып
токтоду. Тиги өзүнүн жоругуна өзү
ыраазы боло калгандарын
мыскылдай карап койду, - эми
ишендиңерби же дагы
ишендирейинби? Эмне максат
менен келгениңерди билбейм,
бирок силер баары бир бул жактан
соо чыкпайсыңар, же тагыраак
айтканда тирүү чыкпайсыңар.
Бизге катылбашыңар керек болчу,
раз өзүңөр катылып, жыландын
куйругун бастыңарбы, эми ошол
жыландын өзүнөн жантаслим
болосуңар.
Эртеден бери мунун жоругуна араң
чыдап турган Чинь секирип келип
аны көкүрөккө тээп калды эле,
күтүлбөгөн катуу соккуга такыр
баш камгактай учуп барып башы
бурчтагы дубалга "тарс" эле дей
түштү. Ага кошул-ташыл бери
жактагы төртөө дагы курал кармап
турушкандарга жабыла кол
салышты. Бирок колдору
арттарына катуу байлангандыктан
тигилер менен ойдогудай
согушканга мүмкүнчүлүк ала
алышкан жок. Ары жактагы
куралчан беш-алты жигит
автоматтын кундуктары менен
тигилерди кызыл-ала кылып
чапкылап, сабап жиберишти.
Өзгөчө каршылык көрсөтүп жаткан
Чинди бирөөсү автоматы менен
бир канча жолу көкүрөк тушка
атып жиберди. Асты цемент полго
эт-бети менен сайылган Чинь бир-
эки жолу кыймылдап алды да,
ошол бойдон былк этпей жатып
калды. Колдору артына чыя
байланган төртөөнү бери жактагы
автоматчандар болгон күчтөрү
менен үстөккө-босток ургулашып,
бардыгы тең цемент полго
кыймылсыз жатып калышканда
гана токтотушту.
* * *
"Кызык, булар кимдер болду экен,
каяктан келишти. Эмне себептен
эки жаат болуп алышып бири-бири
менен атышышты? Үчөөсүн болсо
торойто ит аткандай эле атып
ташташты" , - Диананын эч нерсеге
башы жетпей жатты, - "балким
булар башка криминальный топ
болуп жүрбөсүн, өздөрүнчө
"разборка" кылып жатышкандыр?
Андай дейин десең эмнеге мени ал
жакка ээрчитип барып
тааныйсыңбы деп бардыгын
караттырып чыкты. Тигилер
адегенде түн ичинде чүмбөтчөн
жүрүшпөдү беле, баса, бирөөсү
эмнеге мени көтөрүп алган түн
ичинде, же мени уурдап кеткилери
келиштиби. Ооба, ооба… эми
түшүндүм, булар алиги жашыруун
акча чыгарган цехтин кожоюндары.
Акчаларынын дээрлик теңинен
көбүн мен баштыкка салып алып
кетпедим беле. Мени уурдап
кетишмек да, "акчаларды кайда
жашырдың, тап" деп мени бул
жактан да жаман кылып
кыйнашмак. Баса, чын эле өткөн
жолку бир баштык жалаң крупный
суммадагы акчалар каякта калды
болду экен? Эгер аман-эсен бул
жактан кутулуп чуксам ал жерди
таба аламбы? Ай, таба албайм го,
анын үстүнө шаар ичинде жер
алдындагы люктар көп да аябай,
кайсы биринен издейсиң. Балким,
бактылуу адамдар аны таап
алышар, табылбай калса ошол
боюнча чирип жоголот да. Кайран
гана акчалар, ал акчалар менен бир
райондун айылдарын кенен-кесири
бакканга жетмек. Анча-мынча
акчаларым бар эле, аны дагы
Ибрагимге тарттырып жибердим.
Баса, Ибрагим каякта болду экен,
балким мени уурдаганы келишкен
бобул топтун арасында бардыр?
Мен анын иөңүн көргөн эмесмин
да. Чын эле булар кимдер болушту
экен? Таңгалыштуу. Болду-болбоду
ошолор эле…", - Диана полдо
чалкасынан жаткан болчу, акырын
башын көтөрүп айланасына көз
жүгүрттү. Бул жолкусунда эки колу
чечилүү, бош болчу. "Булар баары
бир меи өлтүрүп салышат, өздөрү
деле айтышпады беле "сенин эми
керегиң жок, көзүңдү курутуш
керек, башкаларды бузасың, сенин
өлүмүң башкалар үчүн сабак
болушу керек" деп, же жөн эле
коркутуп жатышабы. Ансыз деле
көрбөгөн кордукту көрсөтүшүп
өлөөрчө сабашты го. Эптеп Замира
тигилерге көрсөтпөй уурдап келип
нан, суу бербегенде эмдигиче
ачкадан турбай калмак экенмин,
ушунусуна да Кудая шүгүр…
Буларың баары бир мени өлтүрүп
тынышат, башкаларды деле мен
сыяктуу качкан кыздарды биздин
көзүбүзчө эле чоң челектеги
кислотага салып өлтүрүшүп, эч
нерсесин калтырышпай ээритип
жиберишти эле го. Бир жолу он
сегиз жаштагы жапжаш татынакай
кызды баарыбыздын көзүбүзчө эле
тирүүлөй чыркыратып туруп
кислотага салышпады беле. Улуту
дунган болчу. Дагы кыйын кыз
экен ал, лөкүйгөн үч-төрт жигит
менен тамырынын акыркы каны
соккончо кармашып, алышып
жатып анан өлдү. Анын өлүгүн
кислотага салып атканда кандай
гана ужас көрүнүш болду эле.
Караганга нерв чыдабайт. Тим эле
азыр ошону эстегенде төбө чачым
тик тура денем зиркиреп кетет.
Анысынан да челектеги кислотага
салынган кыздын денеси менен
кислотанын реакциясычы. Жашыл
түстөгү кислота кыпкызыл болуп
эле кадимки казанда бышып аткан
эттей болуп боркулдады. Тээ бир
топто кийин кыздын эч нерсеси
калбай ээрип кеткен. "Эгер
качсаңар силер да ушуну
көрөсүңөр" деп айтпады беле.
Кандай гана жуткий көрүнүш, эми
мени дагы ушинтип өлтүрүшөт да.
Андан көрө согумга кетчү
малдарча өлүмдү күтүп жата
бербей өз алдынча
аракеттенбейминби, ушундай
кырдаалдан пайдаланып. Диана
дароо ордунан турду дагы эшик
жакка барды, бактыга жараша
эшик сыртынан кулпуланбаптыр.
Сыягы тигил төмөн жактагы
туткундар менен алектенип
жатышып бул жакты бекиткенди
унутуп калышса керек. Үчүнчү
кабаттын бир бөлмөсүндө экен,
акырын эшикти ачып коридорго
көз жүгүрттү. Эч ким жок экен.
Бардыгы тең төмөн жакта
жүрүшөт. Ал жакта онтогон
эркектердин үндөрү чыгып жатты,
сыягы алиги туткундарды сабап
жатышса керек. Бир кезде төмөн
жак "тарса-турс" , "дүпө-дүп" эле
боло түштү. Эркектердин
ызырынган, сөгүнгөн, автоматтын
бир-эки жолу атылган үндөрү
угулду. "Төмөн жакта эмне болуп
жатты болду экен?" деп кызыккан
Диана акырын тепкичтерге
жашына ызы-чуу түшүп жаткан
жакка көз жүгүрттү. Төмөн
жактагылар эки жаат болушуп
мушташып жатышыптыр, бирөөсү
болсо полдо өлүп жатат. "Кой,
ушундай кырдаалдан
пайдаланбасам болбойт", Диана
коридор менен чуркап, бош
бөлмөлөрдү текшерип карап атты.
Көпчүлүк кыздар жаткан бөлмөлөр
сырттарынан кулпулануу экен.
Кудайым атайын маңдайына
жазгандай ал бөлмөдө башында
илмеги бар узун жип да туруптур.
"Кызык, бул аркан жип кайдан
пайда болуп калды же алиги
чөмбөтчөндөр таштап кеткенби?" .
Экинчи кабаттын бөлмөлөрүнүн
терезелеринин баары темир менен
тордолуу болчу. Башында
кайырмактай болгон темир илмеги
бар аркан жипти ала үчүнчү
кабатка көтөрүлдү. Төмөн жак жале
ызы-чуу болуп жаткан болчу.
Үстүңкү кабаттын терезелери
тордолуу эместигин Диана жакшы
билчү, анын үстүнө бардык
бөлмөлөрү да ачык болчу.
Эң четки бөлмөгө кирип
терезесине барды дагы төмөн
жакка көз чаптырды. Короо
ичинде кыбыр эткен жан жок экен.
Арыдан бери эки кабат терезенин
айнектерин алып жиберип, алиги
өзү менен кошо ала келген аркан
жиптин учундагы темир илмекти
бир жерге катуу бекитип илип,
аркан жипти төмөн карай таштап
жиберди. Үчүнчү кабаттын
терезеси менен жердин
ортосундагы аралык бир топ эле
бийик болчу. Башы тегерене коркуп
кетти. Ошондо качандыр бир кезде
көргөн "Кавказ туткуну"
кинофильминдеги Нина деген
туткун кыз көзүнө элестей түштү.
"Ал деле бийик кабаттуу үйдүн
терезесинен аркан жип менен
төмөн карай түшүп кетпеди беле,
менин андан эмнем кем. Бул
жерде корко турган деле эч нерсе
жок го. "Корксо да кой өлөт,
коркпосо да кой өлөт"" кеттим" -
ал арка жипти катуу кармай төмөн
карай акырын сыдырылып түшүп
жөнөдү. Буту жерге тийгенде
алакандары ысып чыкты, арканды
кармай катуу жылмышкандыктан
сыйрылып канап кеткен болчу.
Анысына да кайыл эптеп эле бул
жерден качып чыгып, оолак болуп
кетүү анын негизги максаты эле.
Бул мезгилде зал ичиндегилер
эстери ооп кыймылсыз жатышкан
төртөөнү, анан Чиндин өлүгүн ары
көздөй чоң бөлмөнү карай сүйрөп
баратышкан. Алар көрүп
калышпасын деп терезеден
жашына ары жакка өтүп кетти да,
үйдүн арт жагына өтүп короонун
бетинде илинип турган аркан
жипти көрдү. "Сыягы түндөгү
чүмбөтчөндөр ушул аркан жиптер
менен короонун ичине асылып,
тартынып өтүшсө керек" деп
ичинен ойлоп койду да, өзү да
жогору карай тартынып аракет
кыла баштады. Бир-эки жолу
жогорулап барып кайра төмөн
карай шыпырылып түшүп кетип
атып акыры дубалдын үстүнө
тартынып чыкты. Анан илмек
жипти короо ичинен өзүнө тартып
алып арт жагына коё берди да
төмөн карай шыпырылып түштү.
Эч ким жокпу дегендей айланасына
көз жүгүртүп алды да, болгон күчү
менен бет келди чуркап жөнөдү.
Эки жүз кадамдай чуркап өткөн
соң бир аз демин баса артына
кылчайып карады. Кандайдыр
машине менен куралчан
солдаттардын түшүп жатканын
көрүп алкымы оозуна тыгыла
болгон күчү менен бет алдына
карай чуркап жөнөдү.
#18 28 Март 2014 - 11:20
11-бөлүм
БАРЫМТАДА КАЛГАН КЫЗДАР
- Булардын бизге кереги жок эми,
бардыгын бирин да калтырбай
атып таштагыла, биздин ишибизге
кедерги болушкандан башка
пайдалары да жок, анан өлүктөрүн
кислотага салып ээритип
жибергиле, дайындары билинбей
калсын, - такыр баш кишинин
буйругун эки кылышпаган жигиттер
жерде жаткандарды дароо
буттарынан кармаша ары жактагы
бөлмөнү карай сүйрөн жөнөштү.
Төртөөнү бир жерге катар тизип
жтакырышты, ал эми Чиндин
өлүгүн болсо башка бөлмөдө
жаткан Хабибула, Жафар,
Рахимдердин өлүгүнүн катарына
жаткырышты.
- Сенин милдетиң, бул жерде өлүп
жаткандардын бардыгын түшкө
чейин кислотага салып ээритип
жок кыласың, - такыр баш киши
жанындагы жигитке ишти
дайындап жатты, - анан аркы
бөлмөдө эстери ооп жатышкан
төртөөнү да үн чыкпас
глушителдери бар пистолеттер
менен атып өлтүрүп туруп,
булардын соңунан аларды да
жөнөтөсүң. Кыскасы, эч бир из, эч
бир шек калбагандай болсун,
бардыгын таптаза кылып иште.
Түштөн кийин мен келгенде
булардын эч нерсеси калбасын,
кыскасы бул жерде эч нерсе
болбогондой жиги да билинбей
калсын, түшүндүңбү?
Анын сөзүн кунт коюп угуп турган
жигит автоматын артына асына
түшүндүм дегендей башын ийкеди.
- Андай болсо давай, эрте күндү
кеч кылбай ишке кириш, залдагы
кызыл кандардын баарын жууп,
тазалап кой. Мен түштөн кийин
кайрылып келем, - такыр баш,
булардын жетекчиси, чөнтөгүнөн
бет аарчысын ала колдорун
сүртүнө сыртты көздөй чыгып
баратып токтой калды да, көздөрү
алая дароо чөнтөгүнөн тапанчасын
сууруп чыкты. Ал короонун ичине
жабалактап чуркап кирип
келатышкан куралчан солдаттарды
көрүп калган болчу. - Эшикти тез
ичинен жапкыла! - ал жанында
тургандарга катуу буйрук бере
кыйкырды эле, эшик ичинен шарт
жабылып, үйдүн ичинде тургандар
терезенин түптөрүндөгү дубалга
далдалана беришти.
Короонун ичие чуркап кирип
атышкан куралчан солдаттар менен
милициялар үйдө толугу менен
курчап алышты.
Бир аздан кийин үнүн катуу
чыгаргыч микрофон менен короо
ичи жаңыра буйрук берген үн
угулду.
- Бардыгыңар курчоодосуңар, өз
эркиңер менен багынып бергиле.
Эгер каршылык көрсөтө турган
болсоңор биз да силерди карай ок
атканга аргасыз болобуз.
Каршылык көрсөткөнүңөр менен
баары бир андан майнап чыкпайт.
Анда өзүңөргө жаман болот, андан
көрө өз эркиңер менен багынып
бергиле. Он мүнөттөй убакыт
берем ойлонгонго. Бул убакыт
ичинде жооп бербесеңер, анда үйгө
штрум жасайбыз. Бул өткөн жолу
Ибрагим менен сүйлөшкөн ички
иштер башкармалыгында иштеген
милициянын полковниги болчу. Ал
Ибрагимдин ңз алдынча аракет
кылып кеткенин билип өзүнүн
көптөн бери даярданып жүргөн
операциясын дароо иш жүзүнө
ашырган болчу. Короо ичи
тунжурай түштү. Терезенин
түбүндө бүк түшүп жаткан такыр
баш киши жаныдагыларга буйрук
берди.
- -Бул экөөңөр тез арада өйдө
көтөрүлүп чыккыла да кыздардын
баары төмөн карай алып түшкүлө.
Аларды барымтага алабыз, башка
айла жок. Биздин булардын
чеңгээлинен кутулуп кетүүнүн
бирден бир жолу эле ушул.
Аын сөзүн угушаары менен экөөсү
тепкич менен жогору карай
чуркашкан боюнча көтөрүлүп
чыгышты да, ар бир бөлмөдө
камалып жатышкан кыздардын
эшиктерин шашыла ачышып төмөн
карай айдап түшүрө башташты.
- Болгула ылдам, эгер жан керек
болсо, жашагыңар келсе, төмөн
карай түшкүлө!
Эмне болуп кеткенин
түшүнүшпөгөн жаш кыздар
кийимдерин чала-була кийинише
биринин артынан бири ээрчишип,
төмөн карай түшө башташты.
- Илээлебей бол ылдам баскыла,
жинге тийсеңер азыр атып
таштайм ушул жерден!, -
жырткычтан айырмасы жок болуп
турган куралчан жигитке жаш
кыздардын бардыгы таңгалыша
төмөн жакка түшүп келишип чоң
залдын ортосуна топтолушту.
Экинчи кабаттагы бөлмөлөрдөн
кыздардын баарысы толугу менен
түшүп бүтө элек болчу. Экөө
кайрадан жогору карай чуркап
кетишти. Аңгыча, сырт жактан
микрофондогу эркектин үнү "заңк"
этти.
- Белгиленген убакыт бүтүп
келатат, өз эркиңер менен чыгып
бербесеңер штрум, ок атуу
башталат!
Сыртта тургандардын жетекчиси
саатын карап бүттү дегендей ары
жакта буйрукту күтүп турушкан
атайын даярдыктан өтүшкөн
милиция тобуна штрумду баштай
бергиле деп колун көтөрүп баратып
токтоп калды. Ошо маалда эки
жаш кыздын чекесине пистолет
такаган эки жигит чыга калышты.
- Эгер силер азыр штрумду баштай
турган болсоңор бул кыздарды
дароо ушул жерден атып
таштайбыз. үйдүн ичиндеги залда
отузга жакын кыздар бар. Алар
биздин колубузда барымтада
турушат. Эгер силер өз алдыңарча
аракет кыла турган болсоңор
бардыгын атып өлтүрүп
таштайбыз. Ишенбесеңер
терезеден карагыла, же бирөөңөр
кирип көргүлө. Силер биздин
кишилерден бирди өлтүрсөңөр, биз
бул жактагы кыздардан бешти
өлтүрөбүз. Биздин тагдырыбыз
силердин колуңарда болсо, бул
жактагы кыздардын тагдыры
биздин колубузда. Так что штрум
жасаардан мурун силер да
ойлонгула. Эгер силер штрум
жасай баштасаңар бул жактагы
кыздарды четинен аткылап кыра
баштайбыз, бир да кыз тирүү
калбайт.
Колун көтөрүп штрумду баштагыла
деп буйрук бергени жаткан
полковник жай колун төмөн
түшүрдү да ары жакта даярданып
жатышкан автоматчандарга
токтогула деген белги берди.
Сырттагылардын бардыгы дымып
калышты. Көп өтпөй эле буларга
жардамга дагы бир машине
куралчан солдаттар келишти. Үч
кабаттуу чоң үйдүн короосу чычкан
жөрмөлөгүз болуп курчоого
алынды.
Ошо маалда сыртка чыккан эки
кыздын бирөөсү жулкунуп бошоп
алды дагы ары жакта турушкан
солдаттарды көздөй болгон күчү
менен чуркап жөнөдү эле анын
артында калган жигит пистолети
менен желкеге атып таштады. Кыз
оңкосунан сайылган боюнча турган
жок. Акы көргөн экинчи кыз
коркконунан бакырып жиберди.
Тапанчанын арты менен аны да
желкеге уруп, кайра үйдүн ичине
сүйрөп кирип кетти.
Атайын даярдыктан өтүшкөн
"спецназдын" жигиттери тигилерге
билгизбей күтүлбөгөн сокку менен
штрум жасоого аракет кылышты
эле үйдүн ичи жагынан автоматтын
атылган үндөрү, кыздардын
чурулдаган кыйкырыктары чыкты.
Көп өтпөй эле үй ичинен дагы эки
кыздын өлүгүн сыртка алып
чыгышты.
- Силер иш-аракетиңерди
токтотпосоңор барымтадагы
кыздар ушинтип четинен өлө
беришет. Эгер чечкиндүү аракетке
өтө турган болсоңор отузга жакын
жаш кыздар бири да калбай
өлүшөт. Бизге терять нечего.
Андан көрө биздин сунушубузду
уккула. Бул жактагы кыздарды
аман-эсен алып калгыңар келсе
солдаттар менен милицияларды
короонун сыртына алып чыккыла!
Анын сунушун эч ким аткарышпай
бардыгы бир ордунда былк этпей
тура беришти эле үйдүн ичинен
бирөөсү жаш кыздын чачынан
бурай кармап сыртка алып чыкты
да тигилердин көзүнчө эле ит
аткандай атып салды.
- Тез арадан короодон чыгып
кетпесеңер дагы бир жан таслим
болот. Беш мүнөт убакыт берем…
алиги биринчи кызды атып салган
жигит эми экинчи кыздын
чекесине пистолет такады, - силер
ойлонгуча ар бир беш мүнөт сайын
бирден кызды ата беребиз.
Чын эле четинен курмандыктарын
кңбңйтө турганын сезген
полковний үйдү курчоого алып,
короо ичинде турушкан өзүнүн
солдаттары менен милиция
кызматкерлерине "тез аранын
ичинде короону бошоткула" деп
буйрук берди. Солдаттар менен
милициялар шашылыша короонун
сыртына чыга башташты.
Беш мүнөтчөлүк убакыттын ичинде
солдаттар да милиция
кызматкерлери да короодон чыгып
кетишти, бирок кайрадан эле
короонун сыртынан курчап
алышты. Короо ичиндеги үйдүн
чыга беришинде эки-үч жаш
кыздардын өлүгү жатты.
КҮТҮЛБӨГӨН ОКШОШТУК
- Бүттү эми кандай болсо да
Кыргызстанга жетиш керек, оо
Кудайым, эми менден жардамыңды
аябай ишимди оңой көр, - Диана
кандайдыр бир автобуска отура
бул каргашалуу шаардан эртерээк
эле чыгып кетүүгө ашыкты.
Жүргүнчүлөрдү өзүнө толтура салга
автобус калаадан чыга чоң
асфальт шоссе жолго түшүп алып
кайдадыр зымырап кетип бара
жатты. Калаадан автобус бир топ
узап кеткен соң артын бир карап
алып оор үшкүрүнө өзү бир аз
жеңил сезе түштү. Бирок кайрадан
проблема башталды.
- Билетиңизди көрсөтүңүз, -
маңдайында турган улгайып калган
аял Диананы карап туруптур.
Диана эмне кыларын билбей
шашкалактай түштү. Ч-нтөгүндө
бир сом акчасы жок болсо деле
бир нерсени жоготкондой жан
жерлерин сыйпалап издей
баштады. Автобус болсо токтобой
катуу ылдамдыкта каяккадыр
кетип бара жатты. Салондун ичи
чоң, кенен болгону менен
орундуктар бош, жүргүнчүлөр толук
эмес болчу. Билет текшергич аял
Дианадан бир карыш алыс жылбай
жаман көзү менен тиктеп тура
берди. Акыры чыдай албай кетти
көрүнөт мурдунун учу менен "күңк"
этти.
- Көпкө күтүп тура беремби
билетти көргөзбөйсүзбү, каякка
баратасыз?
- Азыр, азыр…, - жан жерлерин
сыйпаламыш этип эч нерсе таба
албай билет текшергич аялга
кайрылды, - сизге кандай деп
түшүндүрсөм. Кыскасы мындай…, -
ал эмне деп жооп берээрин билбей
ойлоно түштү, - менин билети да
акчам да бар болчу, аларды
Ташкенден жоготуп жибердим,
уурдап кетишти. Бир да сом акчам
калбай калды. Жардам бериңиз
эптеп үйгө чейин жетип алайын,
анан айылга жеткенде төлөйм
сизге акчаны…
Кыргызча акцент менен сүйлөп
жаткан сулуучумак келген бул жаш
кызды билет текшергич аял сынай
карап турду.
- Кайсыл айылга барасыз?
Диана дагы дубалга кептелди, ага
эмне деп жооп берээрин билбей
шаштысы кете түштү. Өзбек
жергесиндеги айылдардын бирин
да билбейт болчу.
- Сизден кайсыл айылга барасыз
деп сурап жатам?
- Эң акыркы айылга барам…
- Эмне ал айылдын аты жокбу?
- Бар, бирок унутуп калдым,
билесизби… кандай деп
түшүндүрсөм…, Диана мукактана
кичине ойлоно түштү, - менин ал
жакта эжем жашайт, ошол жакка
конокко келаткам. Анан жолдон
ушундай кырсык болуп атпайбы,
акчаларымдын бардыгын сумкам
менен кошо алдырып. Жардам
бериңизчи, сизден суранам, айылга
жеткенде акчасын төлөп берем.
- Эмне жалган айтып жатасың,
жада калса эжең жашаган айылдын
атын билбейсиң, деги каякка
баратканыңды билесиңби, эжең
кайсыл айылда турчу эле?
- Ошол айылдын атын унутуп
жатпаймбы, азыр тилимдин учунда
эле турат…
Билет саткан аялдын ачуусу келип
кетти.
- Сен калп айтканды билбейт
экенсиң, алдагы сөзүңө ким
ишенет ыя, сыягы сүйлөгөн сөзүңө
караганда кыргыз окшойсуң ие?
Жада калса кайсыл айылга
баратканыңды билбейсиң, жаныңда
бир сом акчаң да жок, ал сөзүңдөн
эч майнап чыкпайт. Болупт ур
ишенейин дейин, бирок ал жакта эч
кандай кыргыздар жашабайт, эң
акыркы айылдагыларды мен
жакшы тааныйм.
- Эжем ошол жакка турмушка
чыккан.
- Аты ким?
- Мухабат - Диана оозуна келгенин
айтып салды. Оозуна ооруканада
чогуу жаткан Мухабат деген
кыздын аты келе калган
болчу.Маңдайында турган билет
саткыч аял бир азга ойлоно түштү.
- Жалган айтып жатасың бардыгы
калп. Мунуңдан майнап чыкпайт,
давай түш автобустан, мени эмне
кеңкелес деп ойлойсуңбу ыя,
ансыз деле мээм чарчап келатат.
Сени менен акыйлашкандай
убактым жок, - ал ары көздөй
басып кетти да автобустун
айдоочусу менен бир нерселерди
сүйлөшүп кайра келди. Катуу
бараткан автобус чыйкылдай
тормозу тебиле асфальт жолдун
четине келип токтоду.
- Давай түшүп кал ушул жерден,
көп башты оорутпай…
Диана унчукпай отура берди, анан
кадимкидей көз жашын көлдөтүп
ыйлап кирди.
- Мен сизге эмне деп атам ыя,
түшпөйсүңбү тезирээк, сени күтүп
турганга убактыбыз жок.
Автобус ичиндеги жүргүнчүлөрдүн
бардыгы аны карап калышты. Алар
өз ара күбүрөшү кызды жаман
көздөрү менен караша бир
нерселерди сүйлөшүп жатышты.
Билет саткан аял автобустун
айдоочусуна барды.
- Эмне түшпөй жатабы, өз эрки
менен түшпөсө, анда күч колдонуп
түшүрөбүз, - автобустун алдыңкы
орунунда отурган айдоочу өзүнчө
сүйлөнө Диананын жанына басып
келди.
- Түшөсүңбү же күч колдоноймбу,
дагы ыйлап койгонун карасаң…
Автобустун ичиндеги жүргүнчүлөр
өз ара кыжы-кужу боло башташты.
- Кетпейбизби эртерээк, эмне
турабыз?
- Бул кызды жөн эле койгулачы,
айылга барганда тигил жактан алып
берет да.
Жүргүнчүлөрдүн бардыгы Диананы
карап калышты. Билет саткыч аял
жүргүнчүлөргө түшүндүрүп жатты.
- Ал жакта мунун эч кандай эжеси
да жок, таанышы да жок, калп
айтып жатат. Жада калса
айылынын кайсыл экенин билбейт.
Каякка баратканын да билбейт,
кана айтчы өзүң каякка
баратасың?
Диана унчукпастан ыйламыш болуп
отура берди.
- Көрдүңөрбү башы ооган жакка
тентип жүргөн селсаяк кыздан
айырмасы жок.
- Ие муну менен акыйлашып отура
беребизби, өз эрки менен түшпөсө
күч колдонуп эле түшүрүп салабыз,
- айдоочу Диананын жанына келип
колдон тартты эле ал түшкүсү
келбей отургучтун кармагычын
тырышып кармап туруп алды.
Автобус ичиндеги жүргүнчүлөр
кыжы-кужу боло башташты.
- Жакын арада милиция барбы,
ошолорду эле чакыра
койбойсуңарбы, алар бат элее
түшүрүп, алып калышат.
- Жаш кыз экен жөн жайына эле
койгулачы, эжесинин үйүхнө жетип
алсын. Силердин да ушундай
карындашыңар, сиңдиңер бардыр…
- Эжесинин каякта жашарын
билбейт, анан кантип бара алат.
Бир кезде тээ арт жакта отурган
жашы отуздардан өтүп калган бир
кыз Диананын жанына басып
келди да, бир аз тиктеп туруп
күтүлбөгөн жерден эле катуу
кучактап, буркурап ыйлап жиберди.
Ары жактан мектеп жашындагы
бир кыз да жүгүрүп келип аны
кучактап калды, ал дагы ыйлап
жиберди. Күтүлбөгөн мындай
окуяга эртеден берки ызы-чуу тып
басылып, бардыгы таңгалыша
жалдырап карап калышты. Мындай
күтүлбөгөндүккө жүргүнчүлөр түгүл
Диана да башы жетпей эмне болуп
кеткенин түшүнбөй дендароо болуп
турду. Ыйлап жаткан кыздын
жүзүнө жакшылап караса өзүнө
кандайдыр бир окшоштуктары бар
экен. Ал ыйлап жатып өзүнчө
сүйлөнө берди.
- Мэхра сенсиңби, жаным Мэхра,
сен тирүүсүңбү?
Анын жанындагы кыз да Мэхра
эже деп ыйлап жатты. Анын
айланасындагы жүргүнчүлөр
акырындап жай-жайларына тарай
башташты. Алдыда отургандардын
бирөөсү "күңк" этти.
- Эмне турасыңар айдабайсыңарбы
эртерээк, итак жыйырма мүнөттөн
ашык туруп калдык.
Алиги Диананы кучактап турган
кыз билет саткыч аялга кайрылды.
- Айдай бергиле мунун акчасын
мен төлөйм.
Анан ары көздөй басып кетти да
сумкасынан өзбек сумун алып
чыгып тигил аялга сунду. Ал
акчасын унчукпастан санап алып
башка жүргүнчүлөрдүн билетин
текшергени ары көздөй басып
кетти. Бир аздан кийин автобус
кайрадан ордунан козголуп,
ылдамдыгын катуулатты. Алиги
эки кыз дале Диананы
кучакташкан боюнча көз жаштарын
көлдөтүшө ыйлай беришти.
"Кызык, булар кимдер, мени ким
менен чаташтырып алышты, эмне
болуп кетти, же Кудайым мага
кайрадан көз карашын салып
боору оорудубу? Болоор иш болду,
эмне болсо да андан аркысын
көрө жатармын" , - Диана өзү
менен өзү сүйлөшө, табышмактуу
окуянын жандырмагын чече албай
турду. Автобус чоң асфальт, шоссе
жолго түшүп алып, катуу
ылдамдыкта кетип бара жатты.
ТӨРТӨӨНҮН АРАКЕТИ
Жерде эси ооп жаткандардан
биринчи болуп Абдувахаб эсине
келди. Башын көтөрүп айланасына
караса жанындагылардын
бардыгынын өлүү-тирүүлөрү
билинбей былк этпей жатышат. Бир
кезде төмөн жактан автоматтын
атылган, кыздардын чуру-чуу
түшүшкөн үндөрү угулду.
"Каршылык көрсөткөнүңөр менен
баары бир майнап чыкпайт, андан
көрө өз эркиңер менен багынып
бергиле!" , - деген үндү угуп сыртта
эмне болуп жатканын түшүнө коюп
Абдувахаб акырын ордунан
козголду. Артындагы катуу
байланган жипти өзү чече албайт
болчу. Ары жактаг айнек текчени
көрүп аны буту менен сындыра
тепти да арты менен айнектин
сыныктарынан бирди алып,
артындагы байлануу жипти
өйкөлөп, кырча баштады. Ошо
мезгилде Ибрагим да эсине келе
айланасына көз жүгүртүп алды да
ордунан козголууга аракет кылып
көрдү. Эки колу катуу
байлангандыктан кыймылдай албай
койду. Көзүн акырын ачкан Керим
акырын онтоп жатты, өзгөөчө
катуу каршылык көрсөткөндүктөн
аны аябай жанчып токмоктоп
салышкан болчу. Бир кезде
Абдувахаб колундагы жипти айнек
менен кырчып, кыйып алды да
тигилердин колун чечкенге
жардамдашты. Көп өтпөй
бардыгынын тең колдору бошоп
ордуларынан турушту.
Ал эми төмөн жактагылар болсо
буларды эбакта унутуп, сырттагы
солдат, милициялар, залдын
ичиндеги барымтадагы кыздар
менен ызы-чуу түшүп жатышкан
болчу. Сырттагылар
ичиндегилердин сунушуна
канчалык моюн сунган сайын,
ичиндегилер ошончолук
наадандана башташты. Кадимки
детектив кинолордогудай ойдо жок
нерселерди талап кыла өзүнүн
сунуштарын коюп киришти.
- Бизге чоң автобус керек
айдоочусу менен. Болбосо бул
жакта отузга жакын кыздар бар,
жарым саат ичинде биздин койгон
талабыбыз аткарылбаса кыздарды
четинен тиги дүйнөгө жөнөтө
беребиз. Тигил короодо өлүп
жаткандар эле буга далил болуп
бере алышат. Короонун
сыртындагылар эч нерсе
болбогондой, укпагандай дымып
эле калышты. Он мүнөттөн кийин,
үйдүн ичинен бирөөсү чыкты.
- Эмне ишенбей турасыңарбы,
азыр бат эле ишендиребиз!
Ал кайра кирип кетип бир жаш
кызды узун чачынан ууштай
кармай сыртка сүйрөп чыкты да ит
аткандай башка атып таштады.
- Көрдүңөрбү, эгер биздин
сунушубузду аткарбасаңар ушинтип
четинен өлтүрө беребиз. Бизге
баары бир, өлүмдөн коркпойбуз,
денебизге динамит байланып
алганбыз, булардын бирин койбой
өлтүрүп туруп өзүбүз да жарылып,
бул үйдү түбү менен кошо
жардырып таштайбыз! Үйдүн ичи
бүт заминированный, штрум
жасайбыз деп аракет кылбай эле
койгула, үйгө баш баксаңар эле
мунун ичиндеги кыздар да алар
менен кошо бул үйдү көккө
сапырабыз! Кана жооп күтөбүз,
биздин койгон талабыбызды
аткарасыңарбы же бул жактагы
кыздарды четинен өлтүрө
берейинби?!
Айлана бир саамга жымжырт боло
түштү. Көп өтпөй үйдүн ичинен
бирөөсү дагы бир кызды
бакыртып-өкүртүп сыртка жетелеп
чыкты. Ары жактан микрофондун
үнү жаңырды.
- Болуптур, силердин талабыңарды
аткарабыз, только кыздарды
өлтүргөндү токтоткула!
- Анда жыйырма мүнөт убакыт
беребиз, алып келбесеңер
өлтүргөндү кайрадан баштайбыз.
- Жыйырма мүнөттө үлгүрө
албайбыз, автобус таап келгиче эле
коюлган убакыт өтүп кетет. Кырк
мүнөттөй убакыт бергиле ошого
үлгүрөбүз.
- Болуптур "договор дороже денег"
айткан убакытты күтөбүз, эгер
кечиксеңер кайрадан буларды
четинен өлтүрө баштайбыз!
- Сүйлөштүк!
Кыздын чекесие пистолет такап
турган киши кайра үйдүн ичине
сүйрөп кирип кетти. Сырттагылар
бир-бирине телефон чалыша
автобустун камын көрө башташты.
Залда болгону жыйырмадай кыз
топтолгон болчу, калгандарын
чукул кырдаалдан шаштылары
кете экинчи кабаттагы
бөлмөлөрдөн дароо алып түшкөнгө
үлгүрө албай калышкан.Эшикке
жакын турган такыр баш киши
экөөнө буйрук бере сүйлөдү.
- Баргыла, үстүнө чыгып,
бөлмөлөрдүн бүт бардыгын
текшерип, калган кыздардын
бардыгын бирин калтырбай төмөн
алып келгиле. Эгер кыйкырып-
өкүрүп каршылык көрсөтүшүп,
моюн толгой турган болушса,
дароо эле ошол жерден атып
таштагыла, бизге терять нечего!
Колдоруна автомат кармап
турушкан экөөсү тепкич менен
өйдө карай чыгып баратышканда
тигил киши бир нерсени эстегендей
артынан кыйкырып калды.
- Баса, токтогула! Алиги байланып
жаткан төрт эркекти ошол жерден
эле тургузбай, эстерине келтиртпей
жайлап таштагыла! Алардын бизге
тоскоол болгондон башка
пайдалары деле жок!
- Жарайт.
Экөө өтө тездик менен экинчи
кабатка көтөрүлүп чыгып кетишти.
Бул мезгилде Абдувахаб баш
болгон төртөө колдорун бошотуша
жиптерди ары жакка ыргытып
жиберишип, төмөн жактагыларды
аңдып турушкан болчу. Бул
жолкусунда алар өтө эле сак
болуша дагы бир жолу
жаңылыштык кетирбөөгө
аракеттенише, ар бир нерсени
кылдат иштеп жатышты.
Эч нерседен бейкапар келатышкан
экөө эшикти ачып бөлмөгө кирээри
менен желкелерине урулган катуу
соккуга оңколорунан сайылышты.
Сокку таамай урулгандыктан алар
ошол боюнча ордуларынан
козголушкан жок. Виктор Пак
менен Абдувахаб тез аранын
ичинде алардын кийимдерин кийе
коюшту да автоматтарын алышты.
Абдувахаб тигилерге планды
түшүндүрүп өттү.
- Азыр тез аранын ичинде
кыздарды коридорго алып
чыккыла. Ибрагим, Карим экөөңөр
кыздардын кийимин кийгиле да
алар менен аралашып төмөн карай
түшөсүңөр. Төмөн жактагы залда
ортодо үймөклөктөшүп жаткан
кыздарга кошулуп, аралашып
кеткиче башыңарды көтөрбөй,
өңдөрүңөрдү көрсөтпөгүлө. Бул өтө
эле рискованный иш башка айла
жок.
Төртөө тең коридорго атып
чыгышты да ар бир бөлмөлөрдү
кыдыра калып калган кыздарды
сыртка чыгара башташты. Бардыгы
ондон ашык кыз экен.
-Коркпогула тигилердин кишилери
эмеспиз. Биз силерди куткарганы
келдик. Атүгүл силердин бизге
жардамыңар керек. Экөөңөр
кийимиңерди чечип бизге бере
калгыла. Болгула, ойлонгонго
убакыт жок, тирүү калам десеңер,
эркиндикке чыккыңар келсе
тездегиле!
Адегенде эч ерсеге түшүнүшпөй
турушкан кыздардын экөөсү дароо
көйнөктөрүн чечип бере салышты.
Экөө алардын кийимдерин
кийишкен соң кырдаалды дагы бир
жолу түшүндүрүп өттү.
- Кыскасы мындай, силер бул
экөөнү тигилерге көрсөтпөй ортого
ала үймөлөктөшө, кыйкырып-
өкүрүп, ызы-чуу түшө өтө тездик
менен төмөн карай түшүп, тигил
кыздардын арасына аралашып
кетесиңер. Болду, силердин
милдетиңер ушул. Андан аркысын
өзүбүз иштеп өзүбүз
аракеттенебиз.
Жабалакташкан жаш кыздар
экөөнү ортого ала чуру-чуу түшүшө
төмөн карай түшө башташты.
Аларды желкелеринен түртө
кармаган эки автоматчан адам
кыздарга далдалана өтө этияттык
менен төмөн жылып келатышты.
Төмөн жактагылар адегенде аларга
анча деле маани беришкен жок.
Качан гана төрт-беш кадамдай
жакындап келишкенде такыр баш
киши автоматчандардын бирөөсү
башка экенин байкай койду.
Колундагы пистолетин дароо аны
карай багыттаганда кыздардын
арасынан бирөөсү атып чыгып
анын колундагысын кагып
түшүрдү. Дагы бирөөсү көз ачып
жумганчалык ылдамдыкта
кыздардын тобунан бөлүнүп
чыгып, автомат кармап
тургандардын бирөөсүн баса
жыгылды. Булар Виктор менен
Абдувахаб болчу. Терезе жакты
карап турушкан экөө желкелерине
такалган автоматтан чочулаша
колдорун көтөрүп беришти. Ары
жактагы пистолет кармап турушкан
экө-үчөөсү кыздарды мээлеп туш
келгенин эле аткылап өлтүрө
башташты. Ок жаңылган эки-үч
кыз биринин артынан экинчиси
кулады. Ибрагим менен Карим
автоматтарынан алардв көздөй ок
чыгарышты эле экөөсү кулап түштү
да, үчүнчүсү пистолетин таштап
жиберип, эки колун көтөрүп берди.
Ортодо турган кыздар тигилерди
тытмалап жатып калышты. Көптөн
берки көксөөлөрүн, өчтөрүн,
ачууларын, көз жаштарын эми гана
булардан чыгарып киришти.
"Токтогула! " деп Абдувахабдын
кыйкырганын да уккулары
келишкен жок. Өздөрүн ушунча
жыл эзип келген эки аяктуу
жырткычтарды канкор
зөөкүрлөрдөн ушинтип өчүн алып
жатышты. Бул мезгилде
сырттагылар булардын койгон
катуу талаптарына баш ийише, чоң
автобусту айдоочусу менен
айдатып келишип, кезектеги жаңы
талаптарын күтүп жатышкан.
ОКШОШТУК
Диананы коштогон эки кыз
кандайдыр бир өзбектер жашаган
анча чоң эмес айылга келип түштү.
Автобус андан ары сапарын улап
кете берди. Аны экөө эки жагынан
жетелеп алышты. Көчөдө кетип
баратканда аларды көргөн
жергиликтүү айылдыктар таңгала
карашып, өздөрүнчө бир
нерселерди сүйлөшүп жатышты.
Бир-экөөнүн сүйлөшкөндөрүн да
чала-була кулагы чалып калды.
- Тообо, бул Мэхра эмеспи, ага
куюп койгондой окшош экен, бирок
ал эбакта эле өлбөдү беле? Же
кайра тирилип келдиби?
- Жок, башка го?..
- Карабайсыңбы, ошол эле, аны
өткөн жылы өз колубуз менен эле
көмбөдүк беле, же ал башка
бирөөнүн денесин көөмп
алдыкпы?..
Жолдо баратканда Диана бир
нерсени анча-мынча
боолгогонсуду. "Сыягы мени Мэхра
деген кызга окшоштуруп жатышат
окшойт. Ал кыз жакында эле өлгөн
окшойт, мейли эми башка
салганды бара көрөрмүн" .
Кандайдыр бир үйдүн жанына
келгенде Диананын жанында
бараткан секелек кыз колун коё
бери болгон күчү менен тызылдай
үйдү көздөй чуркаган боюнча
кетти. Көп өтпөй эле үйдөн жашы
элүүлөрдөн өтүп, алтымыштарга
чукулдап калган, чачтарынын
арасын анча-мынча ак аралап,
беттерин саал-паал бырыш басып
бараткан ак жуумал аял эетеңдеп
үйдөн чыга калып Диананы көрүп,
өз көзүнө өзү ишенбей эси ооп
чалкасынан кулады. Бетине суу
чачканда гана көзүн ачып, ордунан
козголо Диананы бир топко карап
турду, анан аны кучактап басып
калды да, буркурап ыйлап
жиберди.
Күтүлбөгөн ызы-чууга кошуналары
да чогула калышты. Алар
өздөрүнчө "Мэхра, Мэхра!" - дешип
шыбыраша сүйлөшүп жатышты.
Ошондо гана Диана акырын башын
көтөрө таза кыргыз тилинде
сүйлөй актанып кирди.
- Кечирип койгула, мен Мэхра
эмесмин. Ме деген Дианамын.
Улутум кыргыз, бул жакка адашып
келип калдым.
- Демек, Кудай-Таалам сени өзү
жиберген турбайбы бизге, - алиги
аял кандайдыр өзүнчө ырым-
жырымын жасай Диананы үйгө
жетелеп кирди. Диана үйдүн
босогосун аттап чоң бөлмөгө
кирээри менен эле төрдө илинип
турган өзүнүн чоң портретин көрүп,
таңгалганынан бир ордунда былк
этпей туруп калды. Портреттеги
кыздын көзү менен бир азга
тиктеше түштү. Анан бир нерседен
чочугандай жүрөгү "болк" дей
андан көзүн ала качып кетти.
- Босогодо турба, төргө өт кызым.
Мына бул портреттеги Мэхра деген
менин кызым. Жарым жыл мурун
аны тигил калаадан машине уруп
кетип, ошондон каза болуп
калбадыбы. Бактысы жок экен
кызымдын. Окуусун жаңы эле
бүтүп дипломун майлап,
ресторанда отурушуптур, анан
караңгы көчөдө келатканда
машина уруп кетиптир. Жигити
менен келатыптыр, анын
айтуусунда машиненин ичинде
отургандар милиция формасын
кийген адамдар экен, баары тең
ичип алышыптыр дейт. Кызымды
машинелери менен уруп кеткени аз
келгенсип, жигитин да өлөөрчө
жанчып сабап, тепкилешип, анан
аны да өлдү деп ойлошуп, экөөнү
тең ошол жерге ташташып, качып
кетишиптир. Ошол боюнча ал
милициялар кимдер экени
билинбей калды. Кийи кызымдын
кыркы өткөн соң ал жигити келип
кетти. Аябай боздоп ыйлап,
мүрзөсүнө чейин барып келди.
Жердиги менимче Ферганалык
болчу. Ал милиция окуусун бүтүп,
Мэхрага үйлөнмөкчү болуп ошону
күтүп жүрүптүр. Менин кызым
дтплом алган соң экөө
үйлөнүшкөнү шерттешиптир. Жаңы
эле диплом алганда карабайсыңбы,
тигинтип кырсык басканын, -
энеси кызы жөнүндө баяндап атып
бет аарчысы менен көзүнүн жашын
сүртүп алды, - жигити ошол
боюнча келген жок. Сулуу, келбети
келишкен жигит экен. Эгер күйөө
бала болгондо жакшы күйөө бала
болмок экен.
- Ал жигиттин аты ким эле?!, -
Диана ойдо жок жерден суроо
бере салды.
- Азыр, ким эле… атың өчкүр эстей
албай жатпайымбы, кызымдын
күйүтүнөн ушунчалык унутчаак да
болуп кеттим. Мэхра менин эң
жакшы көргөн кызым болчу.
Жигитинин атын унутуп
атпайымбы, азыр эстейм. Кап
эсиңе жара чыккыр ким эле,
тилимдин учунда эле турат,
жанындагы өспүрүм кызга
кайрылды, - айтчы Гүлбахрам
баягы "Мэхранын жигити болом"
деп келген жигиттин аты ким эле!
- Ибрагим…
- Ии эсиме жара чыккыр Ибрагим
болчу, ал кийин дагы кызымдын
ашын берээрде келип кетем деген.
"Ибрагим" - деген атты укканда
Диана да "селт" эте түштү, аны
беркилер байкашкан жок, кызы
жөнүндө эле тынбай сүйлөй берди.
Диана анын сөзүн укпай эле өзү
менен өзү сүйлөшүп кирди.
"Ибрагим, Ибрагим… чын эле ошол
Ибрагим эмеспи, мени жер
алдындагы люктан алып чыккан,
ооруканага күндө келип жүргөн.
Ооба, ооба точно эле ошол экен,
мен ооруканада жатканда
Ферганалык болом деп айтып
жатпады беле. Мени Мэхрага
окшоштуруп ошо себептен күндө
гүл алып келип жүргөн турбайбы. А
мен болсо андан коркуп, чочулап,
тескерисинче качып жүрбөймүнбү,
кеңкелес башым. Андан эмнеге
качтым болдум экен, ал мага
көмөк бергенде мынчалык
кыйналбайт болчумун да. Кээде
өзүм бир нерсени ойлоп алып
ошого ишенип, берилип кетмейим
бар. Анда көзүм көрчү эмес да,
өңүн да тааныбай калдым. Азыр
көчөдөн көрсөм тааныбай өтүп
кетишим мүмкүн. Ал мени жоготуп
жиберип, издеп жүрөт болуш керек
калаада. Мен эми ал калаага
экинчи басып барбайм, ал жакты
желкемдин чуңкуру көрбөсүн.
Андан көрөкчө өзүмдүн
Кыргызстаныма эле кеткеним
жакшы. Баса кечөөгүнү эки жаат
болуша эмнеге атышты болду экен,
тим эле өздөрүнчө кызыл-кыргын
түшүштү го. Биринчи топ экинчи
топту бир катар кылып тизип коюп,
арасында тааныштарың барбы деп
мени текшерттиргенин кантесиң. А
балким ошолордун арасында
Ибрагим да болуп жүрбөсүн? Жок
андай болушу мүмкүн эмес, эгер ал
милиция окуусун бүткөн болсо
бандалардын арасында суутуп
коюптурбу. Баса, ал сантехник
болуп иштейм деп айтпады беле
мага, бул жактагылар болсо аны
милициянын окуусун бүтүрүптүр
деп жатышат. Эгер чын эле
милиция окуусун бүткөн болсо
сантехник болбой эле милиция
болуп иштебейт беле. Анда ал
башка Ибрагимби? Окшош аттар т
олуп эле жатпайбы. Ие ким билет,
ошол Ибрагимби же башкабы мага
баары бир, эптеп эле өзүмдүн
Кыргызстаныма жетип алсам
болду.
- Кызым менин сөзүмдү угуп
атасыңбы? - анын оюн алиги аял
бузуп жиберди. Ал өзүнүн кызы
жөнүндө дале токтобой айтып бери
жатыптыр.
ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛГОН КЫЗ
Эртеден бери короо ичиндеги
кыздарды барымтага алган он
чактыдай куралчан адамдарды
аңдып жатышкан солдаттар менен
опертоптун кызматкерлери үйдүн
ичиндегилер өздөрүнчө "тарса-
турс" болуп атышып, кыздардын
чуру-чуу түшүп үндөрү чыгып анан
дымып калышканы таңгалдырып
жатты. Тээ бир аздан кийин
колдоруна ак желек көтөрүшкөн
эки адам чыгышты. Короо
сыртындагылар эмне болуп
кеткенин дале түшүнүшбөй
жатышты. Бир кезде Ибрагимди
тааный койгон полковник дароо
иштин жайында экенин түшүндү
да, солдаттар менен милиция
кызматкерлерине коркпой эле кире
бергиле дегендей белги берди.
Короонун дубалынын сыртында
эртеден бери аңдып турушкандар
жабалакташа үч кабаттуу үйдүн
ичине жүгүрүп кире башташты.
Дароо эле үйдүн кабатындагы ар
бир бөлмөлөрүн тентип киришти.
- Мен сага эскертип айттым эле го
азыр эртелик кылат деп, эгер сен
шашпаганда мынчалык кан төгүү
болмок эмес. Баарын тихо мирно
бүтүрүп, буларды өзүбүздүн алдын
ала түзгөн пландын негизинде
амалкөйлүк менен
куралсыздандырмак болгонбуз, -
полковник Ибрагимдин жанына
келип учурашты. - Карачы
заматтын ортосунда канча кыз
каза болуп кетти. Силердин
адамдарыңардан да каза
болгондур?..
Ошондо гана Ибрагим бирөөнү
эстегендей артына шарт бурулду
да, кайра үйдү көздөй чуркап
жөнөдү. Солдаттар ар кайсы жерде
өлүп, кансырап жаткан кыздарды
чыгарып, колдору байланып бир
бурчта үймөлөктөшүп турушкан
кылмышкерлер тобун бир-бирден
кылып жан жерлерин текшеришип,
сыртка алып чыгып кетишүүдө.
Заматта өрт өчүргүчтөр тобу "тез
жардам" машинеси, телевидение
менен пресса кызматкерлери
короонун сыртына толуп
кетишиптир. Үй ичине алардын
бирин да кийирбей жатты.
- Диана!… Диана кайдасың?! -
болгон күчү менен кыйкырган
Ибрагим Диананы издеп ар бир
бөлмөлөрдү кыдырып жүрдү.
Өзүнүн сүйгөн кызы эч жерде жок
экен. Анын күтүүсүз жерден жок
болуп кеткенине ишенбей тепкич
менен эң үстүңкү чатырга да
көтөрүлүп чыкты. Ал жакта да эч
ким жок болчу. Кайра төмөн карай
чуркап түшкөн Ибрагим куралчан
топту жетектеп жүргөн алиги такыр
баш мурутчан кишиге жетип барды.
- Диананы каякка жашырдыңар, Ю
айткыла чыныңарды?!
Такыр баш киши анын сөзүн
укмаксан болуп унчукпай тура
бергендиктен ачуусу келе анын
жакасынан муунта кармап, өзүн
кармана албай бетке эки-үч жолу
чаап-чаап жиберди. Эки
милиционер келип аны ары көздөй
алып кетип, темир торлуу
машинеге отургузуп коюшту.
Колдору байлануу бирини артынан
бири ээрчишип бараткан
адамдардын алдын тороду.
- Айткылачы, Диананы эмне
кылдыңар, аны каякка
жашырдыңар?
Бардыгы тең эч нерсе айтпай, жооп
беришпей унчукпай өтүп кетип
жатышты.
- Аны экинчи кабаттагы үчүнчү
бөлмөгө алып барып таштаганбыз,
ал ошол жакта болуш керек, барып
кара, - өтүп бара жатышкан
туткундардын бирөөсү "күңк" этип
өттү.э Кайра экинчи кабатка
көтөрүлүп чыккан Ибрагим
жанталаша ар бир бөлмөнү дагы
бир сыйра текшерип чыкты. Эме
тигил жөн эле жалган айтып
койдубу же Диана атышып жаткан
учурдан пайдаланып качып кеттиби
терезеден түшүп? Бирок качып
кете албайт болчу, короонун
сыртын милиция менен солдаттар
чычкан өткүз кылып курчап
алышкан да, бул жактан качып
чыкканы менен тигилерге
кармалып калмак. Аны өлтүрүп
салышканда деле өлүгү табылат
эле го... Кой өлтүргөндү Кудай
анын бетин ары кылсын..."
- Эмне болду Диананы таптыңбы?
- күтүлбөгөн үнгө "селт" эте
артына бурулду. Тепкичтин
төмөнкү жагында, аны суроолуу
карап Абдувахаб туруптур.
- Жок, эч жерден издеп таппай
койдум. Тим эле жер жутуп
кеткендей дайынсыз жок…
- Анда эмне болду, ал каякка
кетиши мүмкүн?
- Түшүнсөм буюрбасын, аны бобул
өз колум менен көтөрүп түшпөдүм
беле төмөн карай, же түшүмбү?
Аны сен деле көрбөдүң беле
туурабы, же мен жалган айтып
жатамбы?
- Ооба, мен да аны көргөм,
жөндөн-жөн эле жок болуп кетиши
мүмкүн эмес. Баса, балким тигил
кыздар билип жүрүшпөсүн,
ошолордон сурайлычы?
- Чын эле бир билсе ошолор
билишет, жүрү сурап көрөлүчү, -
экөө төмөн түшүп барышып
короодо үймөктөшүп турушкан он
жтеи менен жыйырманын
ортосундагы жаш кыздарга
барышты.
- Кудай үчүн айтып койгулачы
байболгулар, Диананын каякта
экенин ким билет, ким көрдү?
Бардыгы алда немеден чочулаша,
тике карагандан коркушуп
жалтайлай көздөрүн ала качышып
унчукпай турушту.
- Силер аны каякта экенин жакшы
билесиңер да, тигилер Диананы
каякка алып кетишти эле, акыркы
жолу ким көрдү эле?
- Акыркы жолу өлө сабап туруп
өйдө жакка сүйрөп кетишкенин
көргөнбүз, - топ кыздардын
арасынан улуту корей кыз унчукту.
- Анан… анан эмне болду эле, аны
каяк жакка сүйрөп кетишти эле?
- Силер эмнеси болосуңар анын?
- Эң жакын адамымын.
- Бир тууганы болосуңарбы?
- Жок.
- Андай болсо аны өлтүрүп туруп
өлүгүн тигил бурчта турган
кислотага салып жиберишти. Бизде
качкан кыздарды ушинтип
жазалашат.
- Аны өлтүргөнүн ким көрдү
араңардан?
- Бизде жазага кабылгандарды эч
кимге көрсөтүшпөйт. Билгизбей
өлтүрүп туруп өлүгүн кислотага
ээритип жиберишет. Эгер качсаң
силерди да ушинтип өлтүрөбүз деп
коркутушчу.
- Алиги кислота куюлган темир
челегиңер каякта?
- Үйгө кирип төркү залына өтсөңөр
бурчта бир нерсе менен жабылуу
турат.
Ибрагим менен Абдувахаб үйгө
жүгүрүп киришти дагы кыз айткан
төркү зал жагына өтүп, бурчта
турган темир кара жащикчеге
барды. Ичин ачып карашса, чын
эле ичинде жашыл-көк сымал
суюктук бар экен. Сөөмөйүн салып
бараткан Ибрагим бир нерсени
эстегендей чочуп кетти дагы колун
дароо тартып алды. Бурчта турган
акыр-чикир салгыч желим чаканы
алып келе коюп, суюктуктун ичине
салып жиберди эле чака заматтын
ортосунда ээрип кетти. "Жок-жок
мындай болушу мүмкүн эмес, оо
Кудайым бул эмне кылганың,
Мэхрадан айрылганым аз
келгенсип эми мындан да
айрылдымбы? Эмне үчүн тескери
көзүң мене карап атасың мага,
менде эмне күнөө. Мэхрадан аз
келгесип Диананы жайына эле
койбойсуңарбы. Бул эмне деген
шылдыңың, эмне деген кордугуң,
оо Кудайым!" Ибрагимдин көзүнөн
жашы тегеренип кетти. Башын
ылдый кыла көзүн жумуп жерге
бөктүшүп отуруп калды. Анын ички
сырын түшүнгөндөй Абдувахаб
жанына жай басып келди дагы
ийнине колун койду.
- Көа кейий бербе дос, балким ал
тирүүдүр, анын өлгөнүн көргөн эч
ким жок турбайбы…
- Мен даана эле сезип, билип
турам, аны жөн гана өлтүрүп
коюшту. Мэхрадан ажыраганымда
кандай катуу сокку жесем азыр
андан эки эсе сокку жеп турам.
Тигил адам кейпинен кетишкен эки
аяктуу жырткычтарды аяп болбойт,
бардыгына тең атуу жазасын
бериш керек, карачы канчалаган
гана Диаадай болгон жаш
кыздардын убалына калышып,
шорлотуп жатышат. Канчаларынын
жаш өмүрүн кыйып жиберишти. Бул
айбандарга убал да, сооп да жок.
Ибрагим алиги колдору байланып
темир торлуу машинеге отуруп
жатышкандарды жек көрүү менен
карап, өзүнчө ызырынып жатты.
Бул мезгилде өлгөн адамдардын
бардыгынын өлүктөрүн машинеге
жүктөп моргду көздөй алып кетип
жатышкан. Көп өтпөй эле короо
ичи кайрадан жымжырт боло
түштү. Алиги милициянын
полковниги Ибрагимге басып
келди.
- Болгону бул операциянын
башталышы гана, бул криминалдуу
топтордун бардыгын кармап, бирин
да калтырбай жазалайбыз. Мунун
негизги бөлүгү Кыргызстанда
экени такталган, андан сырткары
Алмата, Ташкент, Душанбе дагы
Россиянын көптөгөн жерлеринде
бар экен. Эч нерсесин калтырбай
тазалаш керек, дагы бирин койбой
жазалаш керек. Тез аранын ичинде
башка өлкөлөр менен байланышып
бул бандалар тобун өз убагында
кылтактабасак качып кетүүлөрү
мүмкүн. Баса айтмакчы издеген
кызың бар бекенби булардын
арасында?
Ибрагим эч нерсе жооп бербестен
ары көздөй басып кетти.
- Аны өлтүрүп, өлүгүн бобул
кислотага салып жиберишиптир, -
Ибрагимдин ордуна Абдувахаб
жооп берди.
АЯГЫ ТҮГӨНБӨГӨН КОРКУНУЧ
Ал үйдүн ээси Сабитахун деген
жашы элүүдөн өтүп калган киши,
энеси болсо Манзура деген аял,
андан сырткары беш бир тууган
экен. Мэхра алардын үчүнчү кызы
болчу. Бардыгы тең Дианага өз
кызындай, өз бир туугандарындай
мамиле жасап жатышты. Тигил
жактан катуу сабап
салышкандыктан дене-баштары
көгөрүп, ыйлаактап жарага
айланып кеткен эле. Ал үчүн
атайын күчтүү-күчтүү дарыларды
денесине майлоочу майларды
жабышты.
-Мынчалык сени ким токмоктоп,
кордогон кызым, айтчы, алар
кимдер тим эле алдына өлүп
берейин, - Сабитахун кимгедир
ачууланып жинденип жатты. - Кыз
кишиге да ушундай кордук
көрсөтөбү, мындайларды сотко
бериш керек, бул деген таш
боордук, айбанчылык. Алардын
деле сендей болгон кыздары,
карындаштары бар чыгар, катип
ушунчалыкка чейин барышты,
акмактар десе. Карачы сөөгүң эле
калыптыр.
Улам убакыт өткөн сайын Диана
оңолуп калыбына келе баштады.
Бир күнү оозгу бөлмөдө отурушса
Гүлбахрам деген мектепте окуган
кызы Диананы залдагы бөлмөсүнө
чакырып калды.
- Диана эже, биякка келсеңиз,
телевизордо кыргыз кыздарды
көргөзүп жатат. Бул жакка туткун
болуп эриксиз келишиптир,
карасаңыз, балким араларында сиз
тааныгандар болуп жүрбөсүн?
- Залга кеткен Диана телевизордо
сүйлөп жаткан кызды дароо эле
тааныды. Өзү менен Бишкектен
чогуу келген, саунадан Диананы
качырганга жардам берген Замира
деген кыз болчу. Ал
Кыргызстандан бул жакка эрксиз
кандай болуп сатылып келгенин
баштан аяк саймедиреп айтып
бери отурду. Милициялардын
курчоосунда калганда жети-
сегиздей кызды өлтүрүп
жиберишкенин, дагы эки-үчөөсүн
кислотага салып ээритип жок
кылышканын кыздарга кулдардан
да жаман айбанча мамиле
жасашканын бардыгын жашырбай
айтып берди. Аны көрүп отурган
Диана бир кезде чыдай албай
кетип өзүн кармана албай ыйлап
жиберди. Эмне себептен
ыйлаганын бери жактагылар
түшүнүшкөн жок. Жердештерине
боор тартып ыйлап жатат деп
ойлошту.
- Жүрү кызым, муну көрбөй эле
койчу. Жүрөгой, - энеси Гүлбахрага
ачуулана кетти, - эмне чакырдың
эле, көрө бербейсиңби өзүң эле,
араң жүргөн кыздын зээнин
кейитпей…
- Жөн эле чакырып койгом,
жердештерин телевизордон
көргөзүп атканынан, - өзүн
күнөөлүү сезип Дианага кайрылды.
- Мени кечирип кой эжеке сизди
капалантайын деп ойлогон
эмесмин…
- Жок эч нерсе эмес, жөн эле эли-
жеримди сагынып ыйлагым келип
кетти, - Диана көзүнүн жашын
аарчып кайрадан телевизорго
үңүлдү.
- Телевизорду аягына чейин
көрөйүнчү…
- Мейли кызым дегинкиси капа
болуп ыйлабасаң эле болду, -
Гүлбахранын апасы акырын сыртка
чыгып кетти. Телевизордо алиги
милициянын полковниги сүйлөп
жаткан болчу. Ал Орто Азия
өлкөлөрүнө акырындап тарап
бараткан аялдардын жашыруун
менчик түрмөсү тууралуу, алардын
негизги уюгу Кыргызстанда
экенин, Ташкендеги менчик
түрмөдө кызмат кылгандардын
бардыгы бири да калбай
кармалышып, сот жообуна
тартылып жатышкандыктары
жөнүндө, бул кылмыштуу топту
жетектеген Марат Исабеков деген
Бишкектик киши экенин, ал мурун
өзү "КГБда" иштеп кийин
отставкага чыкканда ушундай
менчик түрмө ачканы тууралуу,
азыр Кыргызстандагы
криминалдуу топтордун бардыгы
кармалып, Марат Исабековдун чет
өлкөгө качып кетип карматпай
качып жүргөнүн эч нерсесин
калтырбай бардыгын баамдап
айтып берди.
- "Демек Кыргызстандагы да
менчик түрмөнүн ойрону чыккан
экен го. Сооп, ырас гана болот,
ушуну көрүшмөк. Исабековдун
өзүнүн карматпай кеткени карачы.
Ошол колума тийип алдымда эки
колу байланып менден чөгөлөп
кечирим сурап турса кандай гана
өч алат элем азыр. Мени кыз
белгиден ажыратып, келечегиме
балта чапкан да ошол да, акмак
десе, мен сыяктуу канчалаган жаш
кыздардын убалына калды.
Канчаларын жазыксыз эле "оо
дүйнөгө"" жөнөтүштү. Алардын
убалдары деле уктатпайт го аны,
жер жуткурду. Ылайым эле
бейажал өлгөн жазыксыз
кыздардын убалы уктатпасын, тиги
дүйнөгө барганда тозоктун отуна
кайнасын" , - Диана колдон
келишинче Марат Исабековду
каргап-шилеп жатты. "Өх, кичине
жеңилдей түшкөнсүдүм окшойт.
Эми өз жериме Кыргызстанга
коркпой-үркпөй эле кете алат
экенмин да. Ушул жапжакы эле
турган Кыргызстаныма жете албай
канчалаган гана азаптарды
чекпедим, сыягы баары артта
калды окшойт".
Диана Сабитахундун үйүндө бир
айдай жаткан соң кадимкидей
айыгып, мурунку калыбына келип
оңолуп калды.
Бир күнү үйүнө кетүү тууралуу
тигилерге өз сунушун айтты. Алар
Дианадан мындайды күтүшпөсө
керек, биринчи кезекте эле энеси
Манзура ыйлап жиберди.
- Мэхрамдан айрылып кан кусуп
төшөктөн турбай калдым эле, сени
көргөндө кадимкидей өз кызымды
көргөндөй болуп, оорумдан
айыгып, жеңилдей түшкөм. Эгер
сен бизди таштап кетсең анан
кайрадан жоготобузбу
Мэхрабызды.
- Мен ушул боюнча эле таптакыр
кетип калбайм апа, - Диана
Манзура апаны жоошута аракет
кылды, - силерге байма-бай
каттап, катышып турам. Өзүңөрдүн
эле кызыңар болуп калбадымбы,
силерди өзүмдүн эне-атам менен
да тааныштырам. Дүйнөдө бири-
бирине окшош үй-бүлөлөр деле
болот окшойт, мына мен Мэхрага
куюп койгондой окшош болуп
атсам, тигил Гүлбахрам менин
сиңдиме куюп койгондой окшош
экен. Кудай буюрса аманчылык
болсо аны да алып келип силер
менен тааныштырам го…
Гүлбахрамдын энеси менен атасы
ары карап ыйлашып, бери карап
күлүшүп акыры Диананы өз
жергесине кетүүгө уруксат
беришти. Бардыгы кайрадан оор
жоготууга учурап, ыйлап жатып
араң узатышты. Аларга өзүнүн
Кыргызстандагы дарегин толугу
менен жазып бери, калтырып
койду.
"Убактыларыңар болсо өзүңөр да
келгиле конокко", -деп
Кыргызстандагы үйүнө мейманга
чакырды. Аны Ташкентке чейин
Мэхранын Албина деген эжеси
узатып барып келмей болду. "Ат
баспайм деген жерин он басат"
болуп баары бир желкемдин
чуңкуру көрбөсүн деп аткан
Ташкентке Диана кайрадан бармай
болду. Анткени Кыргызстанга
поезд, автобустар Ташкент
аркылуу гана кетмек.
Телевизордон кримтоптун
кармалганын көрүп, Диана
мурункудай коркпой баары артта
калды дегендей өзүн эркин сезип
кетип баратты. Ташкенге
жетишкенде ашканага кирип
тамактанышып, эстелик үчүн
сүрөткө түшүштү. Экөө
автовокзалга келип Бишкекке
автобуска билет алып жатканда
Диана өзүнөн көзүн албай теше
тиктеп турган кишини көрүп жүрөгү
"болк" дей түштү. Бул баягы
зынданда жатканда алдап бошонуп
чыккан топтомолок эргежээлдей
болгон киши болчу. Аны көрмөксөн
боло тетири карады, Мэхранын
эжеси болсо эч нерсе менен иши
жок өзүнчө сүйлөнө жыргап
каткырып күлүп жатыптыр.
Диананын жүрөгү дүкүлдөп согуп
чыкты. "Оюн али бүтө элек экен
да, "аңгектен качсаң дөңгөккө"
деген ушул. Эми ушулардан эптеп
эле кутулуп кетсем бул жакка
экинчи келбейт элем".
Акырын көзүнүн кыйыгы менен
караса алиги киши башын ийкеп
өзүн жакты көрсөтө дагы эки киши
менен сүйлөшүп туруптур. "Бүттү
ишим, кете албай калдым" -
Диананын заманасы куурула
түштү. Ошол жерден өмүрүндө
болуп көрбөгөндөй күтүлбөгөн окуя
болуп кетти.
- Диана!… Диана!
Бул үнгө Диана да, Албина да
"селт" эте түшүштү. Кандайдыр
бейтааныш жигит келип эле
Диананы кучактап, басып калды.
Эртеден бери коркуп, чочулап
тургандыктан мындай
күтүүсүздүккө ого бетер чочулап
секирип кетти.
Дене бою жыйрыла "дирт" эткен
Диана аны болгон күчү менен
түртүп оолак кача берди. Ойдо жок
жерден олдоксон иш жасап
жибергеине Ибрагим да кеч
түшүнүп калды.
- Диана бул мен Ибрагиммин.
Ооруканада жаткандагы эсиңдеби,
гүл көтөрүп…
Эртеден бери коркуп айланасына
сактык менен карап жаткан
Диананын ого бетер жүрөгү түшүп,
болгон күчү менен качып бараткан
болчу.
- Саламатсызбы Ибрагим, мени
таанып жатасызбы, мен Мэхранын
эжеси болот эмесминби.
Диананын артынан чуркамакчы
болуп бараткан Ибрагим бир саамга
аярлай түштү да, шашыла
учурашып кирди.
- Ооба таанып жатам, сиз Албина
эжесизби. Кандайсыз ден
соолугуңуз кандай. Баса, айтмакчы
тигил ким, Дианабы?
- Сиз аны кайдан тааныйсыз?
Ошо маалда "жардамга! " деп
кыйкырган Диананын үнү экөөнүн
сүйлөшүүлөрүн дароо үздү. Ал
болгон күчү менен чуркап экөөнөн,
бир топ эле алыстап кеткен болчу.
Ары жактан эртеден бери аңдып
турушкан эки-үч жигит күтүлбөгөн
жерден атып чыга калышып,
Диананын колун толгоп машинеге
салып жатышкан эле. Экөө
эстерине келишсе, аларга жетип
баргыча ак мерседес машинеси
дароо ордунан аткан октой
козголо, чоң асфальт жолго түшүп
алып заматта көздөн кайым болуп
кетти. Өчөшкөндөй Ибрагимдин
машинеси да жок болчу жакын
арада. Өзүнөн жүз кадамдай тээ
алыска токтотуп жөө бери карай
басып келаткан болчу. Мэхранын
эжеси Албина экөө өзүнүн
машинесине чейин чуркап
барышып, дароо отуруша алиги
көздөй кайым болуп кеткен ак
мерседестин соңунан жөнөштү.
Эбакта изин суутуп, караандарын
таптырбай кеткен мерседес
машинасын баары бир таба
алышпайт эле. Анын үстүнө андай
ак мерседестер калаа ичинде
аябай көп болчу
БАРЫМТАДА КАЛГАН КЫЗДАР
- Булардын бизге кереги жок эми,
бардыгын бирин да калтырбай
атып таштагыла, биздин ишибизге
кедерги болушкандан башка
пайдалары да жок, анан өлүктөрүн
кислотага салып ээритип
жибергиле, дайындары билинбей
калсын, - такыр баш кишинин
буйругун эки кылышпаган жигиттер
жерде жаткандарды дароо
буттарынан кармаша ары жактагы
бөлмөнү карай сүйрөн жөнөштү.
Төртөөнү бир жерге катар тизип
жтакырышты, ал эми Чиндин
өлүгүн болсо башка бөлмөдө
жаткан Хабибула, Жафар,
Рахимдердин өлүгүнүн катарына
жаткырышты.
- Сенин милдетиң, бул жерде өлүп
жаткандардын бардыгын түшкө
чейин кислотага салып ээритип
жок кыласың, - такыр баш киши
жанындагы жигитке ишти
дайындап жатты, - анан аркы
бөлмөдө эстери ооп жатышкан
төртөөнү да үн чыкпас
глушителдери бар пистолеттер
менен атып өлтүрүп туруп,
булардын соңунан аларды да
жөнөтөсүң. Кыскасы, эч бир из, эч
бир шек калбагандай болсун,
бардыгын таптаза кылып иште.
Түштөн кийин мен келгенде
булардын эч нерсеси калбасын,
кыскасы бул жерде эч нерсе
болбогондой жиги да билинбей
калсын, түшүндүңбү?
Анын сөзүн кунт коюп угуп турган
жигит автоматын артына асына
түшүндүм дегендей башын ийкеди.
- Андай болсо давай, эрте күндү
кеч кылбай ишке кириш, залдагы
кызыл кандардын баарын жууп,
тазалап кой. Мен түштөн кийин
кайрылып келем, - такыр баш,
булардын жетекчиси, чөнтөгүнөн
бет аарчысын ала колдорун
сүртүнө сыртты көздөй чыгып
баратып токтой калды да, көздөрү
алая дароо чөнтөгүнөн тапанчасын
сууруп чыкты. Ал короонун ичине
жабалактап чуркап кирип
келатышкан куралчан солдаттарды
көрүп калган болчу. - Эшикти тез
ичинен жапкыла! - ал жанында
тургандарга катуу буйрук бере
кыйкырды эле, эшик ичинен шарт
жабылып, үйдүн ичинде тургандар
терезенин түптөрүндөгү дубалга
далдалана беришти.
Короонун ичие чуркап кирип
атышкан куралчан солдаттар менен
милициялар үйдө толугу менен
курчап алышты.
Бир аздан кийин үнүн катуу
чыгаргыч микрофон менен короо
ичи жаңыра буйрук берген үн
угулду.
- Бардыгыңар курчоодосуңар, өз
эркиңер менен багынып бергиле.
Эгер каршылык көрсөтө турган
болсоңор биз да силерди карай ок
атканга аргасыз болобуз.
Каршылык көрсөткөнүңөр менен
баары бир андан майнап чыкпайт.
Анда өзүңөргө жаман болот, андан
көрө өз эркиңер менен багынып
бергиле. Он мүнөттөй убакыт
берем ойлонгонго. Бул убакыт
ичинде жооп бербесеңер, анда үйгө
штрум жасайбыз. Бул өткөн жолу
Ибрагим менен сүйлөшкөн ички
иштер башкармалыгында иштеген
милициянын полковниги болчу. Ал
Ибрагимдин ңз алдынча аракет
кылып кеткенин билип өзүнүн
көптөн бери даярданып жүргөн
операциясын дароо иш жүзүнө
ашырган болчу. Короо ичи
тунжурай түштү. Терезенин
түбүндө бүк түшүп жаткан такыр
баш киши жаныдагыларга буйрук
берди.
- -Бул экөөңөр тез арада өйдө
көтөрүлүп чыккыла да кыздардын
баары төмөн карай алып түшкүлө.
Аларды барымтага алабыз, башка
айла жок. Биздин булардын
чеңгээлинен кутулуп кетүүнүн
бирден бир жолу эле ушул.
Аын сөзүн угушаары менен экөөсү
тепкич менен жогору карай
чуркашкан боюнча көтөрүлүп
чыгышты да, ар бир бөлмөдө
камалып жатышкан кыздардын
эшиктерин шашыла ачышып төмөн
карай айдап түшүрө башташты.
- Болгула ылдам, эгер жан керек
болсо, жашагыңар келсе, төмөн
карай түшкүлө!
Эмне болуп кеткенин
түшүнүшпөгөн жаш кыздар
кийимдерин чала-була кийинише
биринин артынан бири ээрчишип,
төмөн карай түшө башташты.
- Илээлебей бол ылдам баскыла,
жинге тийсеңер азыр атып
таштайм ушул жерден!, -
жырткычтан айырмасы жок болуп
турган куралчан жигитке жаш
кыздардын бардыгы таңгалыша
төмөн жакка түшүп келишип чоң
залдын ортосуна топтолушту.
Экинчи кабаттагы бөлмөлөрдөн
кыздардын баарысы толугу менен
түшүп бүтө элек болчу. Экөө
кайрадан жогору карай чуркап
кетишти. Аңгыча, сырт жактан
микрофондогу эркектин үнү "заңк"
этти.
- Белгиленген убакыт бүтүп
келатат, өз эркиңер менен чыгып
бербесеңер штрум, ок атуу
башталат!
Сыртта тургандардын жетекчиси
саатын карап бүттү дегендей ары
жакта буйрукту күтүп турушкан
атайын даярдыктан өтүшкөн
милиция тобуна штрумду баштай
бергиле деп колун көтөрүп баратып
токтоп калды. Ошо маалда эки
жаш кыздын чекесине пистолет
такаган эки жигит чыга калышты.
- Эгер силер азыр штрумду баштай
турган болсоңор бул кыздарды
дароо ушул жерден атып
таштайбыз. үйдүн ичиндеги залда
отузга жакын кыздар бар. Алар
биздин колубузда барымтада
турушат. Эгер силер өз алдыңарча
аракет кыла турган болсоңор
бардыгын атып өлтүрүп
таштайбыз. Ишенбесеңер
терезеден карагыла, же бирөөңөр
кирип көргүлө. Силер биздин
кишилерден бирди өлтүрсөңөр, биз
бул жактагы кыздардан бешти
өлтүрөбүз. Биздин тагдырыбыз
силердин колуңарда болсо, бул
жактагы кыздардын тагдыры
биздин колубузда. Так что штрум
жасаардан мурун силер да
ойлонгула. Эгер силер штрум
жасай баштасаңар бул жактагы
кыздарды четинен аткылап кыра
баштайбыз, бир да кыз тирүү
калбайт.
Колун көтөрүп штрумду баштагыла
деп буйрук бергени жаткан
полковник жай колун төмөн
түшүрдү да ары жакта даярданып
жатышкан автоматчандарга
токтогула деген белги берди.
Сырттагылардын бардыгы дымып
калышты. Көп өтпөй эле буларга
жардамга дагы бир машине
куралчан солдаттар келишти. Үч
кабаттуу чоң үйдүн короосу чычкан
жөрмөлөгүз болуп курчоого
алынды.
Ошо маалда сыртка чыккан эки
кыздын бирөөсү жулкунуп бошоп
алды дагы ары жакта турушкан
солдаттарды көздөй болгон күчү
менен чуркап жөнөдү эле анын
артында калган жигит пистолети
менен желкеге атып таштады. Кыз
оңкосунан сайылган боюнча турган
жок. Акы көргөн экинчи кыз
коркконунан бакырып жиберди.
Тапанчанын арты менен аны да
желкеге уруп, кайра үйдүн ичине
сүйрөп кирип кетти.
Атайын даярдыктан өтүшкөн
"спецназдын" жигиттери тигилерге
билгизбей күтүлбөгөн сокку менен
штрум жасоого аракет кылышты
эле үйдүн ичи жагынан автоматтын
атылган үндөрү, кыздардын
чурулдаган кыйкырыктары чыкты.
Көп өтпөй эле үй ичинен дагы эки
кыздын өлүгүн сыртка алып
чыгышты.
- Силер иш-аракетиңерди
токтотпосоңор барымтадагы
кыздар ушинтип четинен өлө
беришет. Эгер чечкиндүү аракетке
өтө турган болсоңор отузга жакын
жаш кыздар бири да калбай
өлүшөт. Бизге терять нечего.
Андан көрө биздин сунушубузду
уккула. Бул жактагы кыздарды
аман-эсен алып калгыңар келсе
солдаттар менен милицияларды
короонун сыртына алып чыккыла!
Анын сунушун эч ким аткарышпай
бардыгы бир ордунда былк этпей
тура беришти эле үйдүн ичинен
бирөөсү жаш кыздын чачынан
бурай кармап сыртка алып чыкты
да тигилердин көзүнчө эле ит
аткандай атып салды.
- Тез арадан короодон чыгып
кетпесеңер дагы бир жан таслим
болот. Беш мүнөт убакыт берем…
алиги биринчи кызды атып салган
жигит эми экинчи кыздын
чекесине пистолет такады, - силер
ойлонгуча ар бир беш мүнөт сайын
бирден кызды ата беребиз.
Чын эле четинен курмандыктарын
кңбңйтө турганын сезген
полковний үйдү курчоого алып,
короо ичинде турушкан өзүнүн
солдаттары менен милиция
кызматкерлерине "тез аранын
ичинде короону бошоткула" деп
буйрук берди. Солдаттар менен
милициялар шашылыша короонун
сыртына чыга башташты.
Беш мүнөтчөлүк убакыттын ичинде
солдаттар да милиция
кызматкерлери да короодон чыгып
кетишти, бирок кайрадан эле
короонун сыртынан курчап
алышты. Короо ичиндеги үйдүн
чыга беришинде эки-үч жаш
кыздардын өлүгү жатты.
КҮТҮЛБӨГӨН ОКШОШТУК
- Бүттү эми кандай болсо да
Кыргызстанга жетиш керек, оо
Кудайым, эми менден жардамыңды
аябай ишимди оңой көр, - Диана
кандайдыр бир автобуска отура
бул каргашалуу шаардан эртерээк
эле чыгып кетүүгө ашыкты.
Жүргүнчүлөрдү өзүнө толтура салга
автобус калаадан чыга чоң
асфальт шоссе жолго түшүп алып
кайдадыр зымырап кетип бара
жатты. Калаадан автобус бир топ
узап кеткен соң артын бир карап
алып оор үшкүрүнө өзү бир аз
жеңил сезе түштү. Бирок кайрадан
проблема башталды.
- Билетиңизди көрсөтүңүз, -
маңдайында турган улгайып калган
аял Диананы карап туруптур.
Диана эмне кыларын билбей
шашкалактай түштү. Ч-нтөгүндө
бир сом акчасы жок болсо деле
бир нерсени жоготкондой жан
жерлерин сыйпалап издей
баштады. Автобус болсо токтобой
катуу ылдамдыкта каяккадыр
кетип бара жатты. Салондун ичи
чоң, кенен болгону менен
орундуктар бош, жүргүнчүлөр толук
эмес болчу. Билет текшергич аял
Дианадан бир карыш алыс жылбай
жаман көзү менен тиктеп тура
берди. Акыры чыдай албай кетти
көрүнөт мурдунун учу менен "күңк"
этти.
- Көпкө күтүп тура беремби
билетти көргөзбөйсүзбү, каякка
баратасыз?
- Азыр, азыр…, - жан жерлерин
сыйпаламыш этип эч нерсе таба
албай билет текшергич аялга
кайрылды, - сизге кандай деп
түшүндүрсөм. Кыскасы мындай…, -
ал эмне деп жооп берээрин билбей
ойлоно түштү, - менин билети да
акчам да бар болчу, аларды
Ташкенден жоготуп жибердим,
уурдап кетишти. Бир да сом акчам
калбай калды. Жардам бериңиз
эптеп үйгө чейин жетип алайын,
анан айылга жеткенде төлөйм
сизге акчаны…
Кыргызча акцент менен сүйлөп
жаткан сулуучумак келген бул жаш
кызды билет текшергич аял сынай
карап турду.
- Кайсыл айылга барасыз?
Диана дагы дубалга кептелди, ага
эмне деп жооп берээрин билбей
шаштысы кете түштү. Өзбек
жергесиндеги айылдардын бирин
да билбейт болчу.
- Сизден кайсыл айылга барасыз
деп сурап жатам?
- Эң акыркы айылга барам…
- Эмне ал айылдын аты жокбу?
- Бар, бирок унутуп калдым,
билесизби… кандай деп
түшүндүрсөм…, Диана мукактана
кичине ойлоно түштү, - менин ал
жакта эжем жашайт, ошол жакка
конокко келаткам. Анан жолдон
ушундай кырсык болуп атпайбы,
акчаларымдын бардыгын сумкам
менен кошо алдырып. Жардам
бериңизчи, сизден суранам, айылга
жеткенде акчасын төлөп берем.
- Эмне жалган айтып жатасың,
жада калса эжең жашаган айылдын
атын билбейсиң, деги каякка
баратканыңды билесиңби, эжең
кайсыл айылда турчу эле?
- Ошол айылдын атын унутуп
жатпаймбы, азыр тилимдин учунда
эле турат…
Билет саткан аялдын ачуусу келип
кетти.
- Сен калп айтканды билбейт
экенсиң, алдагы сөзүңө ким
ишенет ыя, сыягы сүйлөгөн сөзүңө
караганда кыргыз окшойсуң ие?
Жада калса кайсыл айылга
баратканыңды билбейсиң, жаныңда
бир сом акчаң да жок, ал сөзүңдөн
эч майнап чыкпайт. Болупт ур
ишенейин дейин, бирок ал жакта эч
кандай кыргыздар жашабайт, эң
акыркы айылдагыларды мен
жакшы тааныйм.
- Эжем ошол жакка турмушка
чыккан.
- Аты ким?
- Мухабат - Диана оозуна келгенин
айтып салды. Оозуна ооруканада
чогуу жаткан Мухабат деген
кыздын аты келе калган
болчу.Маңдайында турган билет
саткыч аял бир азга ойлоно түштү.
- Жалган айтып жатасың бардыгы
калп. Мунуңдан майнап чыкпайт,
давай түш автобустан, мени эмне
кеңкелес деп ойлойсуңбу ыя,
ансыз деле мээм чарчап келатат.
Сени менен акыйлашкандай
убактым жок, - ал ары көздөй
басып кетти да автобустун
айдоочусу менен бир нерселерди
сүйлөшүп кайра келди. Катуу
бараткан автобус чыйкылдай
тормозу тебиле асфальт жолдун
четине келип токтоду.
- Давай түшүп кал ушул жерден,
көп башты оорутпай…
Диана унчукпай отура берди, анан
кадимкидей көз жашын көлдөтүп
ыйлап кирди.
- Мен сизге эмне деп атам ыя,
түшпөйсүңбү тезирээк, сени күтүп
турганга убактыбыз жок.
Автобус ичиндеги жүргүнчүлөрдүн
бардыгы аны карап калышты. Алар
өз ара күбүрөшү кызды жаман
көздөрү менен караша бир
нерселерди сүйлөшүп жатышты.
Билет саткан аял автобустун
айдоочусуна барды.
- Эмне түшпөй жатабы, өз эрки
менен түшпөсө, анда күч колдонуп
түшүрөбүз, - автобустун алдыңкы
орунунда отурган айдоочу өзүнчө
сүйлөнө Диананын жанына басып
келди.
- Түшөсүңбү же күч колдоноймбу,
дагы ыйлап койгонун карасаң…
Автобустун ичиндеги жүргүнчүлөр
өз ара кыжы-кужу боло башташты.
- Кетпейбизби эртерээк, эмне
турабыз?
- Бул кызды жөн эле койгулачы,
айылга барганда тигил жактан алып
берет да.
Жүргүнчүлөрдүн бардыгы Диананы
карап калышты. Билет саткыч аял
жүргүнчүлөргө түшүндүрүп жатты.
- Ал жакта мунун эч кандай эжеси
да жок, таанышы да жок, калп
айтып жатат. Жада калса
айылынын кайсыл экенин билбейт.
Каякка баратканын да билбейт,
кана айтчы өзүң каякка
баратасың?
Диана унчукпастан ыйламыш болуп
отура берди.
- Көрдүңөрбү башы ооган жакка
тентип жүргөн селсаяк кыздан
айырмасы жок.
- Ие муну менен акыйлашып отура
беребизби, өз эрки менен түшпөсө
күч колдонуп эле түшүрүп салабыз,
- айдоочу Диананын жанына келип
колдон тартты эле ал түшкүсү
келбей отургучтун кармагычын
тырышып кармап туруп алды.
Автобус ичиндеги жүргүнчүлөр
кыжы-кужу боло башташты.
- Жакын арада милиция барбы,
ошолорду эле чакыра
койбойсуңарбы, алар бат элее
түшүрүп, алып калышат.
- Жаш кыз экен жөн жайына эле
койгулачы, эжесинин үйүхнө жетип
алсын. Силердин да ушундай
карындашыңар, сиңдиңер бардыр…
- Эжесинин каякта жашарын
билбейт, анан кантип бара алат.
Бир кезде тээ арт жакта отурган
жашы отуздардан өтүп калган бир
кыз Диананын жанына басып
келди да, бир аз тиктеп туруп
күтүлбөгөн жерден эле катуу
кучактап, буркурап ыйлап жиберди.
Ары жактан мектеп жашындагы
бир кыз да жүгүрүп келип аны
кучактап калды, ал дагы ыйлап
жиберди. Күтүлбөгөн мындай
окуяга эртеден берки ызы-чуу тып
басылып, бардыгы таңгалыша
жалдырап карап калышты. Мындай
күтүлбөгөндүккө жүргүнчүлөр түгүл
Диана да башы жетпей эмне болуп
кеткенин түшүнбөй дендароо болуп
турду. Ыйлап жаткан кыздын
жүзүнө жакшылап караса өзүнө
кандайдыр бир окшоштуктары бар
экен. Ал ыйлап жатып өзүнчө
сүйлөнө берди.
- Мэхра сенсиңби, жаным Мэхра,
сен тирүүсүңбү?
Анын жанындагы кыз да Мэхра
эже деп ыйлап жатты. Анын
айланасындагы жүргүнчүлөр
акырындап жай-жайларына тарай
башташты. Алдыда отургандардын
бирөөсү "күңк" этти.
- Эмне турасыңар айдабайсыңарбы
эртерээк, итак жыйырма мүнөттөн
ашык туруп калдык.
Алиги Диананы кучактап турган
кыз билет саткыч аялга кайрылды.
- Айдай бергиле мунун акчасын
мен төлөйм.
Анан ары көздөй басып кетти да
сумкасынан өзбек сумун алып
чыгып тигил аялга сунду. Ал
акчасын унчукпастан санап алып
башка жүргүнчүлөрдүн билетин
текшергени ары көздөй басып
кетти. Бир аздан кийин автобус
кайрадан ордунан козголуп,
ылдамдыгын катуулатты. Алиги
эки кыз дале Диананы
кучакташкан боюнча көз жаштарын
көлдөтүшө ыйлай беришти.
"Кызык, булар кимдер, мени ким
менен чаташтырып алышты, эмне
болуп кетти, же Кудайым мага
кайрадан көз карашын салып
боору оорудубу? Болоор иш болду,
эмне болсо да андан аркысын
көрө жатармын" , - Диана өзү
менен өзү сүйлөшө, табышмактуу
окуянын жандырмагын чече албай
турду. Автобус чоң асфальт, шоссе
жолго түшүп алып, катуу
ылдамдыкта кетип бара жатты.
ТӨРТӨӨНҮН АРАКЕТИ
Жерде эси ооп жаткандардан
биринчи болуп Абдувахаб эсине
келди. Башын көтөрүп айланасына
караса жанындагылардын
бардыгынын өлүү-тирүүлөрү
билинбей былк этпей жатышат. Бир
кезде төмөн жактан автоматтын
атылган, кыздардын чуру-чуу
түшүшкөн үндөрү угулду.
"Каршылык көрсөткөнүңөр менен
баары бир майнап чыкпайт, андан
көрө өз эркиңер менен багынып
бергиле!" , - деген үндү угуп сыртта
эмне болуп жатканын түшүнө коюп
Абдувахаб акырын ордунан
козголду. Артындагы катуу
байланган жипти өзү чече албайт
болчу. Ары жактаг айнек текчени
көрүп аны буту менен сындыра
тепти да арты менен айнектин
сыныктарынан бирди алып,
артындагы байлануу жипти
өйкөлөп, кырча баштады. Ошо
мезгилде Ибрагим да эсине келе
айланасына көз жүгүртүп алды да
ордунан козголууга аракет кылып
көрдү. Эки колу катуу
байлангандыктан кыймылдай албай
койду. Көзүн акырын ачкан Керим
акырын онтоп жатты, өзгөөчө
катуу каршылык көрсөткөндүктөн
аны аябай жанчып токмоктоп
салышкан болчу. Бир кезде
Абдувахаб колундагы жипти айнек
менен кырчып, кыйып алды да
тигилердин колун чечкенге
жардамдашты. Көп өтпөй
бардыгынын тең колдору бошоп
ордуларынан турушту.
Ал эми төмөн жактагылар болсо
буларды эбакта унутуп, сырттагы
солдат, милициялар, залдын
ичиндеги барымтадагы кыздар
менен ызы-чуу түшүп жатышкан
болчу. Сырттагылар
ичиндегилердин сунушуна
канчалык моюн сунган сайын,
ичиндегилер ошончолук
наадандана башташты. Кадимки
детектив кинолордогудай ойдо жок
нерселерди талап кыла өзүнүн
сунуштарын коюп киришти.
- Бизге чоң автобус керек
айдоочусу менен. Болбосо бул
жакта отузга жакын кыздар бар,
жарым саат ичинде биздин койгон
талабыбыз аткарылбаса кыздарды
четинен тиги дүйнөгө жөнөтө
беребиз. Тигил короодо өлүп
жаткандар эле буга далил болуп
бере алышат. Короонун
сыртындагылар эч нерсе
болбогондой, укпагандай дымып
эле калышты. Он мүнөттөн кийин,
үйдүн ичинен бирөөсү чыкты.
- Эмне ишенбей турасыңарбы,
азыр бат эле ишендиребиз!
Ал кайра кирип кетип бир жаш
кызды узун чачынан ууштай
кармай сыртка сүйрөп чыкты да ит
аткандай башка атып таштады.
- Көрдүңөрбү, эгер биздин
сунушубузду аткарбасаңар ушинтип
четинен өлтүрө беребиз. Бизге
баары бир, өлүмдөн коркпойбуз,
денебизге динамит байланып
алганбыз, булардын бирин койбой
өлтүрүп туруп өзүбүз да жарылып,
бул үйдү түбү менен кошо
жардырып таштайбыз! Үйдүн ичи
бүт заминированный, штрум
жасайбыз деп аракет кылбай эле
койгула, үйгө баш баксаңар эле
мунун ичиндеги кыздар да алар
менен кошо бул үйдү көккө
сапырабыз! Кана жооп күтөбүз,
биздин койгон талабыбызды
аткарасыңарбы же бул жактагы
кыздарды четинен өлтүрө
берейинби?!
Айлана бир саамга жымжырт боло
түштү. Көп өтпөй үйдүн ичинен
бирөөсү дагы бир кызды
бакыртып-өкүртүп сыртка жетелеп
чыкты. Ары жактан микрофондун
үнү жаңырды.
- Болуптур, силердин талабыңарды
аткарабыз, только кыздарды
өлтүргөндү токтоткула!
- Анда жыйырма мүнөт убакыт
беребиз, алып келбесеңер
өлтүргөндү кайрадан баштайбыз.
- Жыйырма мүнөттө үлгүрө
албайбыз, автобус таап келгиче эле
коюлган убакыт өтүп кетет. Кырк
мүнөттөй убакыт бергиле ошого
үлгүрөбүз.
- Болуптур "договор дороже денег"
айткан убакытты күтөбүз, эгер
кечиксеңер кайрадан буларды
четинен өлтүрө баштайбыз!
- Сүйлөштүк!
Кыздын чекесие пистолет такап
турган киши кайра үйдүн ичине
сүйрөп кирип кетти. Сырттагылар
бир-бирине телефон чалыша
автобустун камын көрө башташты.
Залда болгону жыйырмадай кыз
топтолгон болчу, калгандарын
чукул кырдаалдан шаштылары
кете экинчи кабаттагы
бөлмөлөрдөн дароо алып түшкөнгө
үлгүрө албай калышкан.Эшикке
жакын турган такыр баш киши
экөөнө буйрук бере сүйлөдү.
- Баргыла, үстүнө чыгып,
бөлмөлөрдүн бүт бардыгын
текшерип, калган кыздардын
бардыгын бирин калтырбай төмөн
алып келгиле. Эгер кыйкырып-
өкүрүп каршылык көрсөтүшүп,
моюн толгой турган болушса,
дароо эле ошол жерден атып
таштагыла, бизге терять нечего!
Колдоруна автомат кармап
турушкан экөөсү тепкич менен
өйдө карай чыгып баратышканда
тигил киши бир нерсени эстегендей
артынан кыйкырып калды.
- Баса, токтогула! Алиги байланып
жаткан төрт эркекти ошол жерден
эле тургузбай, эстерине келтиртпей
жайлап таштагыла! Алардын бизге
тоскоол болгондон башка
пайдалары деле жок!
- Жарайт.
Экөө өтө тездик менен экинчи
кабатка көтөрүлүп чыгып кетишти.
Бул мезгилде Абдувахаб баш
болгон төртөө колдорун бошотуша
жиптерди ары жакка ыргытып
жиберишип, төмөн жактагыларды
аңдып турушкан болчу. Бул
жолкусунда алар өтө эле сак
болуша дагы бир жолу
жаңылыштык кетирбөөгө
аракеттенише, ар бир нерсени
кылдат иштеп жатышты.
Эч нерседен бейкапар келатышкан
экөө эшикти ачып бөлмөгө кирээри
менен желкелерине урулган катуу
соккуга оңколорунан сайылышты.
Сокку таамай урулгандыктан алар
ошол боюнча ордуларынан
козголушкан жок. Виктор Пак
менен Абдувахаб тез аранын
ичинде алардын кийимдерин кийе
коюшту да автоматтарын алышты.
Абдувахаб тигилерге планды
түшүндүрүп өттү.
- Азыр тез аранын ичинде
кыздарды коридорго алып
чыккыла. Ибрагим, Карим экөөңөр
кыздардын кийимин кийгиле да
алар менен аралашып төмөн карай
түшөсүңөр. Төмөн жактагы залда
ортодо үймөклөктөшүп жаткан
кыздарга кошулуп, аралашып
кеткиче башыңарды көтөрбөй,
өңдөрүңөрдү көрсөтпөгүлө. Бул өтө
эле рискованный иш башка айла
жок.
Төртөө тең коридорго атып
чыгышты да ар бир бөлмөлөрдү
кыдыра калып калган кыздарды
сыртка чыгара башташты. Бардыгы
ондон ашык кыз экен.
-Коркпогула тигилердин кишилери
эмеспиз. Биз силерди куткарганы
келдик. Атүгүл силердин бизге
жардамыңар керек. Экөөңөр
кийимиңерди чечип бизге бере
калгыла. Болгула, ойлонгонго
убакыт жок, тирүү калам десеңер,
эркиндикке чыккыңар келсе
тездегиле!
Адегенде эч ерсеге түшүнүшпөй
турушкан кыздардын экөөсү дароо
көйнөктөрүн чечип бере салышты.
Экөө алардын кийимдерин
кийишкен соң кырдаалды дагы бир
жолу түшүндүрүп өттү.
- Кыскасы мындай, силер бул
экөөнү тигилерге көрсөтпөй ортого
ала үймөлөктөшө, кыйкырып-
өкүрүп, ызы-чуу түшө өтө тездик
менен төмөн карай түшүп, тигил
кыздардын арасына аралашып
кетесиңер. Болду, силердин
милдетиңер ушул. Андан аркысын
өзүбүз иштеп өзүбүз
аракеттенебиз.
Жабалакташкан жаш кыздар
экөөнү ортого ала чуру-чуу түшүшө
төмөн карай түшө башташты.
Аларды желкелеринен түртө
кармаган эки автоматчан адам
кыздарга далдалана өтө этияттык
менен төмөн жылып келатышты.
Төмөн жактагылар адегенде аларга
анча деле маани беришкен жок.
Качан гана төрт-беш кадамдай
жакындап келишкенде такыр баш
киши автоматчандардын бирөөсү
башка экенин байкай койду.
Колундагы пистолетин дароо аны
карай багыттаганда кыздардын
арасынан бирөөсү атып чыгып
анын колундагысын кагып
түшүрдү. Дагы бирөөсү көз ачып
жумганчалык ылдамдыкта
кыздардын тобунан бөлүнүп
чыгып, автомат кармап
тургандардын бирөөсүн баса
жыгылды. Булар Виктор менен
Абдувахаб болчу. Терезе жакты
карап турушкан экөө желкелерине
такалган автоматтан чочулаша
колдорун көтөрүп беришти. Ары
жактагы пистолет кармап турушкан
экө-үчөөсү кыздарды мээлеп туш
келгенин эле аткылап өлтүрө
башташты. Ок жаңылган эки-үч
кыз биринин артынан экинчиси
кулады. Ибрагим менен Карим
автоматтарынан алардв көздөй ок
чыгарышты эле экөөсү кулап түштү
да, үчүнчүсү пистолетин таштап
жиберип, эки колун көтөрүп берди.
Ортодо турган кыздар тигилерди
тытмалап жатып калышты. Көптөн
берки көксөөлөрүн, өчтөрүн,
ачууларын, көз жаштарын эми гана
булардан чыгарып киришти.
"Токтогула! " деп Абдувахабдын
кыйкырганын да уккулары
келишкен жок. Өздөрүн ушунча
жыл эзип келген эки аяктуу
жырткычтарды канкор
зөөкүрлөрдөн ушинтип өчүн алып
жатышты. Бул мезгилде
сырттагылар булардын койгон
катуу талаптарына баш ийише, чоң
автобусту айдоочусу менен
айдатып келишип, кезектеги жаңы
талаптарын күтүп жатышкан.
ОКШОШТУК
Диананы коштогон эки кыз
кандайдыр бир өзбектер жашаган
анча чоң эмес айылга келип түштү.
Автобус андан ары сапарын улап
кете берди. Аны экөө эки жагынан
жетелеп алышты. Көчөдө кетип
баратканда аларды көргөн
жергиликтүү айылдыктар таңгала
карашып, өздөрүнчө бир
нерселерди сүйлөшүп жатышты.
Бир-экөөнүн сүйлөшкөндөрүн да
чала-була кулагы чалып калды.
- Тообо, бул Мэхра эмеспи, ага
куюп койгондой окшош экен, бирок
ал эбакта эле өлбөдү беле? Же
кайра тирилип келдиби?
- Жок, башка го?..
- Карабайсыңбы, ошол эле, аны
өткөн жылы өз колубуз менен эле
көмбөдүк беле, же ал башка
бирөөнүн денесин көөмп
алдыкпы?..
Жолдо баратканда Диана бир
нерсени анча-мынча
боолгогонсуду. "Сыягы мени Мэхра
деген кызга окшоштуруп жатышат
окшойт. Ал кыз жакында эле өлгөн
окшойт, мейли эми башка
салганды бара көрөрмүн" .
Кандайдыр бир үйдүн жанына
келгенде Диананын жанында
бараткан секелек кыз колун коё
бери болгон күчү менен тызылдай
үйдү көздөй чуркаган боюнча
кетти. Көп өтпөй эле үйдөн жашы
элүүлөрдөн өтүп, алтымыштарга
чукулдап калган, чачтарынын
арасын анча-мынча ак аралап,
беттерин саал-паал бырыш басып
бараткан ак жуумал аял эетеңдеп
үйдөн чыга калып Диананы көрүп,
өз көзүнө өзү ишенбей эси ооп
чалкасынан кулады. Бетине суу
чачканда гана көзүн ачып, ордунан
козголо Диананы бир топко карап
турду, анан аны кучактап басып
калды да, буркурап ыйлап
жиберди.
Күтүлбөгөн ызы-чууга кошуналары
да чогула калышты. Алар
өздөрүнчө "Мэхра, Мэхра!" - дешип
шыбыраша сүйлөшүп жатышты.
Ошондо гана Диана акырын башын
көтөрө таза кыргыз тилинде
сүйлөй актанып кирди.
- Кечирип койгула, мен Мэхра
эмесмин. Ме деген Дианамын.
Улутум кыргыз, бул жакка адашып
келип калдым.
- Демек, Кудай-Таалам сени өзү
жиберген турбайбы бизге, - алиги
аял кандайдыр өзүнчө ырым-
жырымын жасай Диананы үйгө
жетелеп кирди. Диана үйдүн
босогосун аттап чоң бөлмөгө
кирээри менен эле төрдө илинип
турган өзүнүн чоң портретин көрүп,
таңгалганынан бир ордунда былк
этпей туруп калды. Портреттеги
кыздын көзү менен бир азга
тиктеше түштү. Анан бир нерседен
чочугандай жүрөгү "болк" дей
андан көзүн ала качып кетти.
- Босогодо турба, төргө өт кызым.
Мына бул портреттеги Мэхра деген
менин кызым. Жарым жыл мурун
аны тигил калаадан машине уруп
кетип, ошондон каза болуп
калбадыбы. Бактысы жок экен
кызымдын. Окуусун жаңы эле
бүтүп дипломун майлап,
ресторанда отурушуптур, анан
караңгы көчөдө келатканда
машина уруп кетиптир. Жигити
менен келатыптыр, анын
айтуусунда машиненин ичинде
отургандар милиция формасын
кийген адамдар экен, баары тең
ичип алышыптыр дейт. Кызымды
машинелери менен уруп кеткени аз
келгенсип, жигитин да өлөөрчө
жанчып сабап, тепкилешип, анан
аны да өлдү деп ойлошуп, экөөнү
тең ошол жерге ташташып, качып
кетишиптир. Ошол боюнча ал
милициялар кимдер экени
билинбей калды. Кийи кызымдын
кыркы өткөн соң ал жигити келип
кетти. Аябай боздоп ыйлап,
мүрзөсүнө чейин барып келди.
Жердиги менимче Ферганалык
болчу. Ал милиция окуусун бүтүп,
Мэхрага үйлөнмөкчү болуп ошону
күтүп жүрүптүр. Менин кызым
дтплом алган соң экөө
үйлөнүшкөнү шерттешиптир. Жаңы
эле диплом алганда карабайсыңбы,
тигинтип кырсык басканын, -
энеси кызы жөнүндө баяндап атып
бет аарчысы менен көзүнүн жашын
сүртүп алды, - жигити ошол
боюнча келген жок. Сулуу, келбети
келишкен жигит экен. Эгер күйөө
бала болгондо жакшы күйөө бала
болмок экен.
- Ал жигиттин аты ким эле?!, -
Диана ойдо жок жерден суроо
бере салды.
- Азыр, ким эле… атың өчкүр эстей
албай жатпайымбы, кызымдын
күйүтүнөн ушунчалык унутчаак да
болуп кеттим. Мэхра менин эң
жакшы көргөн кызым болчу.
Жигитинин атын унутуп
атпайымбы, азыр эстейм. Кап
эсиңе жара чыккыр ким эле,
тилимдин учунда эле турат,
жанындагы өспүрүм кызга
кайрылды, - айтчы Гүлбахрам
баягы "Мэхранын жигити болом"
деп келген жигиттин аты ким эле!
- Ибрагим…
- Ии эсиме жара чыккыр Ибрагим
болчу, ал кийин дагы кызымдын
ашын берээрде келип кетем деген.
"Ибрагим" - деген атты укканда
Диана да "селт" эте түштү, аны
беркилер байкашкан жок, кызы
жөнүндө эле тынбай сүйлөй берди.
Диана анын сөзүн укпай эле өзү
менен өзү сүйлөшүп кирди.
"Ибрагим, Ибрагим… чын эле ошол
Ибрагим эмеспи, мени жер
алдындагы люктан алып чыккан,
ооруканага күндө келип жүргөн.
Ооба, ооба точно эле ошол экен,
мен ооруканада жатканда
Ферганалык болом деп айтып
жатпады беле. Мени Мэхрага
окшоштуруп ошо себептен күндө
гүл алып келип жүргөн турбайбы. А
мен болсо андан коркуп, чочулап,
тескерисинче качып жүрбөймүнбү,
кеңкелес башым. Андан эмнеге
качтым болдум экен, ал мага
көмөк бергенде мынчалык
кыйналбайт болчумун да. Кээде
өзүм бир нерсени ойлоп алып
ошого ишенип, берилип кетмейим
бар. Анда көзүм көрчү эмес да,
өңүн да тааныбай калдым. Азыр
көчөдөн көрсөм тааныбай өтүп
кетишим мүмкүн. Ал мени жоготуп
жиберип, издеп жүрөт болуш керек
калаада. Мен эми ал калаага
экинчи басып барбайм, ал жакты
желкемдин чуңкуру көрбөсүн.
Андан көрөкчө өзүмдүн
Кыргызстаныма эле кеткеним
жакшы. Баса кечөөгүнү эки жаат
болуша эмнеге атышты болду экен,
тим эле өздөрүнчө кызыл-кыргын
түшүштү го. Биринчи топ экинчи
топту бир катар кылып тизип коюп,
арасында тааныштарың барбы деп
мени текшерттиргенин кантесиң. А
балким ошолордун арасында
Ибрагим да болуп жүрбөсүн? Жок
андай болушу мүмкүн эмес, эгер ал
милиция окуусун бүткөн болсо
бандалардын арасында суутуп
коюптурбу. Баса, ал сантехник
болуп иштейм деп айтпады беле
мага, бул жактагылар болсо аны
милициянын окуусун бүтүрүптүр
деп жатышат. Эгер чын эле
милиция окуусун бүткөн болсо
сантехник болбой эле милиция
болуп иштебейт беле. Анда ал
башка Ибрагимби? Окшош аттар т
олуп эле жатпайбы. Ие ким билет,
ошол Ибрагимби же башкабы мага
баары бир, эптеп эле өзүмдүн
Кыргызстаныма жетип алсам
болду.
- Кызым менин сөзүмдү угуп
атасыңбы? - анын оюн алиги аял
бузуп жиберди. Ал өзүнүн кызы
жөнүндө дале токтобой айтып бери
жатыптыр.
ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛГОН КЫЗ
Эртеден бери короо ичиндеги
кыздарды барымтага алган он
чактыдай куралчан адамдарды
аңдып жатышкан солдаттар менен
опертоптун кызматкерлери үйдүн
ичиндегилер өздөрүнчө "тарса-
турс" болуп атышып, кыздардын
чуру-чуу түшүп үндөрү чыгып анан
дымып калышканы таңгалдырып
жатты. Тээ бир аздан кийин
колдоруна ак желек көтөрүшкөн
эки адам чыгышты. Короо
сыртындагылар эмне болуп
кеткенин дале түшүнүшбөй
жатышты. Бир кезде Ибрагимди
тааный койгон полковник дароо
иштин жайында экенин түшүндү
да, солдаттар менен милиция
кызматкерлерине коркпой эле кире
бергиле дегендей белги берди.
Короонун дубалынын сыртында
эртеден бери аңдып турушкандар
жабалакташа үч кабаттуу үйдүн
ичине жүгүрүп кире башташты.
Дароо эле үйдүн кабатындагы ар
бир бөлмөлөрүн тентип киришти.
- Мен сага эскертип айттым эле го
азыр эртелик кылат деп, эгер сен
шашпаганда мынчалык кан төгүү
болмок эмес. Баарын тихо мирно
бүтүрүп, буларды өзүбүздүн алдын
ала түзгөн пландын негизинде
амалкөйлүк менен
куралсыздандырмак болгонбуз, -
полковник Ибрагимдин жанына
келип учурашты. - Карачы
заматтын ортосунда канча кыз
каза болуп кетти. Силердин
адамдарыңардан да каза
болгондур?..
Ошондо гана Ибрагим бирөөнү
эстегендей артына шарт бурулду
да, кайра үйдү көздөй чуркап
жөнөдү. Солдаттар ар кайсы жерде
өлүп, кансырап жаткан кыздарды
чыгарып, колдору байланып бир
бурчта үймөлөктөшүп турушкан
кылмышкерлер тобун бир-бирден
кылып жан жерлерин текшеришип,
сыртка алып чыгып кетишүүдө.
Заматта өрт өчүргүчтөр тобу "тез
жардам" машинеси, телевидение
менен пресса кызматкерлери
короонун сыртына толуп
кетишиптир. Үй ичине алардын
бирин да кийирбей жатты.
- Диана!… Диана кайдасың?! -
болгон күчү менен кыйкырган
Ибрагим Диананы издеп ар бир
бөлмөлөрдү кыдырып жүрдү.
Өзүнүн сүйгөн кызы эч жерде жок
экен. Анын күтүүсүз жерден жок
болуп кеткенине ишенбей тепкич
менен эң үстүңкү чатырга да
көтөрүлүп чыкты. Ал жакта да эч
ким жок болчу. Кайра төмөн карай
чуркап түшкөн Ибрагим куралчан
топту жетектеп жүргөн алиги такыр
баш мурутчан кишиге жетип барды.
- Диананы каякка жашырдыңар, Ю
айткыла чыныңарды?!
Такыр баш киши анын сөзүн
укмаксан болуп унчукпай тура
бергендиктен ачуусу келе анын
жакасынан муунта кармап, өзүн
кармана албай бетке эки-үч жолу
чаап-чаап жиберди. Эки
милиционер келип аны ары көздөй
алып кетип, темир торлуу
машинеге отургузуп коюшту.
Колдору байлануу бирини артынан
бири ээрчишип бараткан
адамдардын алдын тороду.
- Айткылачы, Диананы эмне
кылдыңар, аны каякка
жашырдыңар?
Бардыгы тең эч нерсе айтпай, жооп
беришпей унчукпай өтүп кетип
жатышты.
- Аны экинчи кабаттагы үчүнчү
бөлмөгө алып барып таштаганбыз,
ал ошол жакта болуш керек, барып
кара, - өтүп бара жатышкан
туткундардын бирөөсү "күңк" этип
өттү.э Кайра экинчи кабатка
көтөрүлүп чыккан Ибрагим
жанталаша ар бир бөлмөнү дагы
бир сыйра текшерип чыкты. Эме
тигил жөн эле жалган айтып
койдубу же Диана атышып жаткан
учурдан пайдаланып качып кеттиби
терезеден түшүп? Бирок качып
кете албайт болчу, короонун
сыртын милиция менен солдаттар
чычкан өткүз кылып курчап
алышкан да, бул жактан качып
чыкканы менен тигилерге
кармалып калмак. Аны өлтүрүп
салышканда деле өлүгү табылат
эле го... Кой өлтүргөндү Кудай
анын бетин ары кылсын..."
- Эмне болду Диананы таптыңбы?
- күтүлбөгөн үнгө "селт" эте
артына бурулду. Тепкичтин
төмөнкү жагында, аны суроолуу
карап Абдувахаб туруптур.
- Жок, эч жерден издеп таппай
койдум. Тим эле жер жутуп
кеткендей дайынсыз жок…
- Анда эмне болду, ал каякка
кетиши мүмкүн?
- Түшүнсөм буюрбасын, аны бобул
өз колум менен көтөрүп түшпөдүм
беле төмөн карай, же түшүмбү?
Аны сен деле көрбөдүң беле
туурабы, же мен жалган айтып
жатамбы?
- Ооба, мен да аны көргөм,
жөндөн-жөн эле жок болуп кетиши
мүмкүн эмес. Баса, балким тигил
кыздар билип жүрүшпөсүн,
ошолордон сурайлычы?
- Чын эле бир билсе ошолор
билишет, жүрү сурап көрөлүчү, -
экөө төмөн түшүп барышып
короодо үймөктөшүп турушкан он
жтеи менен жыйырманын
ортосундагы жаш кыздарга
барышты.
- Кудай үчүн айтып койгулачы
байболгулар, Диананын каякта
экенин ким билет, ким көрдү?
Бардыгы алда немеден чочулаша,
тике карагандан коркушуп
жалтайлай көздөрүн ала качышып
унчукпай турушту.
- Силер аны каякта экенин жакшы
билесиңер да, тигилер Диананы
каякка алып кетишти эле, акыркы
жолу ким көрдү эле?
- Акыркы жолу өлө сабап туруп
өйдө жакка сүйрөп кетишкенин
көргөнбүз, - топ кыздардын
арасынан улуту корей кыз унчукту.
- Анан… анан эмне болду эле, аны
каяк жакка сүйрөп кетишти эле?
- Силер эмнеси болосуңар анын?
- Эң жакын адамымын.
- Бир тууганы болосуңарбы?
- Жок.
- Андай болсо аны өлтүрүп туруп
өлүгүн тигил бурчта турган
кислотага салып жиберишти. Бизде
качкан кыздарды ушинтип
жазалашат.
- Аны өлтүргөнүн ким көрдү
араңардан?
- Бизде жазага кабылгандарды эч
кимге көрсөтүшпөйт. Билгизбей
өлтүрүп туруп өлүгүн кислотага
ээритип жиберишет. Эгер качсаң
силерди да ушинтип өлтүрөбүз деп
коркутушчу.
- Алиги кислота куюлган темир
челегиңер каякта?
- Үйгө кирип төркү залына өтсөңөр
бурчта бир нерсе менен жабылуу
турат.
Ибрагим менен Абдувахаб үйгө
жүгүрүп киришти дагы кыз айткан
төркү зал жагына өтүп, бурчта
турган темир кара жащикчеге
барды. Ичин ачып карашса, чын
эле ичинде жашыл-көк сымал
суюктук бар экен. Сөөмөйүн салып
бараткан Ибрагим бир нерсени
эстегендей чочуп кетти дагы колун
дароо тартып алды. Бурчта турган
акыр-чикир салгыч желим чаканы
алып келе коюп, суюктуктун ичине
салып жиберди эле чака заматтын
ортосунда ээрип кетти. "Жок-жок
мындай болушу мүмкүн эмес, оо
Кудайым бул эмне кылганың,
Мэхрадан айрылганым аз
келгенсип эми мындан да
айрылдымбы? Эмне үчүн тескери
көзүң мене карап атасың мага,
менде эмне күнөө. Мэхрадан аз
келгесип Диананы жайына эле
койбойсуңарбы. Бул эмне деген
шылдыңың, эмне деген кордугуң,
оо Кудайым!" Ибрагимдин көзүнөн
жашы тегеренип кетти. Башын
ылдый кыла көзүн жумуп жерге
бөктүшүп отуруп калды. Анын ички
сырын түшүнгөндөй Абдувахаб
жанына жай басып келди дагы
ийнине колун койду.
- Көа кейий бербе дос, балким ал
тирүүдүр, анын өлгөнүн көргөн эч
ким жок турбайбы…
- Мен даана эле сезип, билип
турам, аны жөн гана өлтүрүп
коюшту. Мэхрадан ажыраганымда
кандай катуу сокку жесем азыр
андан эки эсе сокку жеп турам.
Тигил адам кейпинен кетишкен эки
аяктуу жырткычтарды аяп болбойт,
бардыгына тең атуу жазасын
бериш керек, карачы канчалаган
гана Диаадай болгон жаш
кыздардын убалына калышып,
шорлотуп жатышат. Канчаларынын
жаш өмүрүн кыйып жиберишти. Бул
айбандарга убал да, сооп да жок.
Ибрагим алиги колдору байланып
темир торлуу машинеге отуруп
жатышкандарды жек көрүү менен
карап, өзүнчө ызырынып жатты.
Бул мезгилде өлгөн адамдардын
бардыгынын өлүктөрүн машинеге
жүктөп моргду көздөй алып кетип
жатышкан. Көп өтпөй эле короо
ичи кайрадан жымжырт боло
түштү. Алиги милициянын
полковниги Ибрагимге басып
келди.
- Болгону бул операциянын
башталышы гана, бул криминалдуу
топтордун бардыгын кармап, бирин
да калтырбай жазалайбыз. Мунун
негизги бөлүгү Кыргызстанда
экени такталган, андан сырткары
Алмата, Ташкент, Душанбе дагы
Россиянын көптөгөн жерлеринде
бар экен. Эч нерсесин калтырбай
тазалаш керек, дагы бирин койбой
жазалаш керек. Тез аранын ичинде
башка өлкөлөр менен байланышып
бул бандалар тобун өз убагында
кылтактабасак качып кетүүлөрү
мүмкүн. Баса айтмакчы издеген
кызың бар бекенби булардын
арасында?
Ибрагим эч нерсе жооп бербестен
ары көздөй басып кетти.
- Аны өлтүрүп, өлүгүн бобул
кислотага салып жиберишиптир, -
Ибрагимдин ордуна Абдувахаб
жооп берди.
АЯГЫ ТҮГӨНБӨГӨН КОРКУНУЧ
Ал үйдүн ээси Сабитахун деген
жашы элүүдөн өтүп калган киши,
энеси болсо Манзура деген аял,
андан сырткары беш бир тууган
экен. Мэхра алардын үчүнчү кызы
болчу. Бардыгы тең Дианага өз
кызындай, өз бир туугандарындай
мамиле жасап жатышты. Тигил
жактан катуу сабап
салышкандыктан дене-баштары
көгөрүп, ыйлаактап жарага
айланып кеткен эле. Ал үчүн
атайын күчтүү-күчтүү дарыларды
денесине майлоочу майларды
жабышты.
-Мынчалык сени ким токмоктоп,
кордогон кызым, айтчы, алар
кимдер тим эле алдына өлүп
берейин, - Сабитахун кимгедир
ачууланып жинденип жатты. - Кыз
кишиге да ушундай кордук
көрсөтөбү, мындайларды сотко
бериш керек, бул деген таш
боордук, айбанчылык. Алардын
деле сендей болгон кыздары,
карындаштары бар чыгар, катип
ушунчалыкка чейин барышты,
акмактар десе. Карачы сөөгүң эле
калыптыр.
Улам убакыт өткөн сайын Диана
оңолуп калыбына келе баштады.
Бир күнү оозгу бөлмөдө отурушса
Гүлбахрам деген мектепте окуган
кызы Диананы залдагы бөлмөсүнө
чакырып калды.
- Диана эже, биякка келсеңиз,
телевизордо кыргыз кыздарды
көргөзүп жатат. Бул жакка туткун
болуп эриксиз келишиптир,
карасаңыз, балким араларында сиз
тааныгандар болуп жүрбөсүн?
- Залга кеткен Диана телевизордо
сүйлөп жаткан кызды дароо эле
тааныды. Өзү менен Бишкектен
чогуу келген, саунадан Диананы
качырганга жардам берген Замира
деген кыз болчу. Ал
Кыргызстандан бул жакка эрксиз
кандай болуп сатылып келгенин
баштан аяк саймедиреп айтып
бери отурду. Милициялардын
курчоосунда калганда жети-
сегиздей кызды өлтүрүп
жиберишкенин, дагы эки-үчөөсүн
кислотага салып ээритип жок
кылышканын кыздарга кулдардан
да жаман айбанча мамиле
жасашканын бардыгын жашырбай
айтып берди. Аны көрүп отурган
Диана бир кезде чыдай албай
кетип өзүн кармана албай ыйлап
жиберди. Эмне себептен
ыйлаганын бери жактагылар
түшүнүшкөн жок. Жердештерине
боор тартып ыйлап жатат деп
ойлошту.
- Жүрү кызым, муну көрбөй эле
койчу. Жүрөгой, - энеси Гүлбахрага
ачуулана кетти, - эмне чакырдың
эле, көрө бербейсиңби өзүң эле,
араң жүргөн кыздын зээнин
кейитпей…
- Жөн эле чакырып койгом,
жердештерин телевизордон
көргөзүп атканынан, - өзүн
күнөөлүү сезип Дианага кайрылды.
- Мени кечирип кой эжеке сизди
капалантайын деп ойлогон
эмесмин…
- Жок эч нерсе эмес, жөн эле эли-
жеримди сагынып ыйлагым келип
кетти, - Диана көзүнүн жашын
аарчып кайрадан телевизорго
үңүлдү.
- Телевизорду аягына чейин
көрөйүнчү…
- Мейли кызым дегинкиси капа
болуп ыйлабасаң эле болду, -
Гүлбахранын апасы акырын сыртка
чыгып кетти. Телевизордо алиги
милициянын полковниги сүйлөп
жаткан болчу. Ал Орто Азия
өлкөлөрүнө акырындап тарап
бараткан аялдардын жашыруун
менчик түрмөсү тууралуу, алардын
негизги уюгу Кыргызстанда
экенин, Ташкендеги менчик
түрмөдө кызмат кылгандардын
бардыгы бири да калбай
кармалышып, сот жообуна
тартылып жатышкандыктары
жөнүндө, бул кылмыштуу топту
жетектеген Марат Исабеков деген
Бишкектик киши экенин, ал мурун
өзү "КГБда" иштеп кийин
отставкага чыкканда ушундай
менчик түрмө ачканы тууралуу,
азыр Кыргызстандагы
криминалдуу топтордун бардыгы
кармалып, Марат Исабековдун чет
өлкөгө качып кетип карматпай
качып жүргөнүн эч нерсесин
калтырбай бардыгын баамдап
айтып берди.
- "Демек Кыргызстандагы да
менчик түрмөнүн ойрону чыккан
экен го. Сооп, ырас гана болот,
ушуну көрүшмөк. Исабековдун
өзүнүн карматпай кеткени карачы.
Ошол колума тийип алдымда эки
колу байланып менден чөгөлөп
кечирим сурап турса кандай гана
өч алат элем азыр. Мени кыз
белгиден ажыратып, келечегиме
балта чапкан да ошол да, акмак
десе, мен сыяктуу канчалаган жаш
кыздардын убалына калды.
Канчаларын жазыксыз эле "оо
дүйнөгө"" жөнөтүштү. Алардын
убалдары деле уктатпайт го аны,
жер жуткурду. Ылайым эле
бейажал өлгөн жазыксыз
кыздардын убалы уктатпасын, тиги
дүйнөгө барганда тозоктун отуна
кайнасын" , - Диана колдон
келишинче Марат Исабековду
каргап-шилеп жатты. "Өх, кичине
жеңилдей түшкөнсүдүм окшойт.
Эми өз жериме Кыргызстанга
коркпой-үркпөй эле кете алат
экенмин да. Ушул жапжакы эле
турган Кыргызстаныма жете албай
канчалаган гана азаптарды
чекпедим, сыягы баары артта
калды окшойт".
Диана Сабитахундун үйүндө бир
айдай жаткан соң кадимкидей
айыгып, мурунку калыбына келип
оңолуп калды.
Бир күнү үйүнө кетүү тууралуу
тигилерге өз сунушун айтты. Алар
Дианадан мындайды күтүшпөсө
керек, биринчи кезекте эле энеси
Манзура ыйлап жиберди.
- Мэхрамдан айрылып кан кусуп
төшөктөн турбай калдым эле, сени
көргөндө кадимкидей өз кызымды
көргөндөй болуп, оорумдан
айыгып, жеңилдей түшкөм. Эгер
сен бизди таштап кетсең анан
кайрадан жоготобузбу
Мэхрабызды.
- Мен ушул боюнча эле таптакыр
кетип калбайм апа, - Диана
Манзура апаны жоошута аракет
кылды, - силерге байма-бай
каттап, катышып турам. Өзүңөрдүн
эле кызыңар болуп калбадымбы,
силерди өзүмдүн эне-атам менен
да тааныштырам. Дүйнөдө бири-
бирине окшош үй-бүлөлөр деле
болот окшойт, мына мен Мэхрага
куюп койгондой окшош болуп
атсам, тигил Гүлбахрам менин
сиңдиме куюп койгондой окшош
экен. Кудай буюрса аманчылык
болсо аны да алып келип силер
менен тааныштырам го…
Гүлбахрамдын энеси менен атасы
ары карап ыйлашып, бери карап
күлүшүп акыры Диананы өз
жергесине кетүүгө уруксат
беришти. Бардыгы кайрадан оор
жоготууга учурап, ыйлап жатып
араң узатышты. Аларга өзүнүн
Кыргызстандагы дарегин толугу
менен жазып бери, калтырып
койду.
"Убактыларыңар болсо өзүңөр да
келгиле конокко", -деп
Кыргызстандагы үйүнө мейманга
чакырды. Аны Ташкентке чейин
Мэхранын Албина деген эжеси
узатып барып келмей болду. "Ат
баспайм деген жерин он басат"
болуп баары бир желкемдин
чуңкуру көрбөсүн деп аткан
Ташкентке Диана кайрадан бармай
болду. Анткени Кыргызстанга
поезд, автобустар Ташкент
аркылуу гана кетмек.
Телевизордон кримтоптун
кармалганын көрүп, Диана
мурункудай коркпой баары артта
калды дегендей өзүн эркин сезип
кетип баратты. Ташкенге
жетишкенде ашканага кирип
тамактанышып, эстелик үчүн
сүрөткө түшүштү. Экөө
автовокзалга келип Бишкекке
автобуска билет алып жатканда
Диана өзүнөн көзүн албай теше
тиктеп турган кишини көрүп жүрөгү
"болк" дей түштү. Бул баягы
зынданда жатканда алдап бошонуп
чыккан топтомолок эргежээлдей
болгон киши болчу. Аны көрмөксөн
боло тетири карады, Мэхранын
эжеси болсо эч нерсе менен иши
жок өзүнчө сүйлөнө жыргап
каткырып күлүп жатыптыр.
Диананын жүрөгү дүкүлдөп согуп
чыкты. "Оюн али бүтө элек экен
да, "аңгектен качсаң дөңгөккө"
деген ушул. Эми ушулардан эптеп
эле кутулуп кетсем бул жакка
экинчи келбейт элем".
Акырын көзүнүн кыйыгы менен
караса алиги киши башын ийкеп
өзүн жакты көрсөтө дагы эки киши
менен сүйлөшүп туруптур. "Бүттү
ишим, кете албай калдым" -
Диананын заманасы куурула
түштү. Ошол жерден өмүрүндө
болуп көрбөгөндөй күтүлбөгөн окуя
болуп кетти.
- Диана!… Диана!
Бул үнгө Диана да, Албина да
"селт" эте түшүштү. Кандайдыр
бейтааныш жигит келип эле
Диананы кучактап, басып калды.
Эртеден бери коркуп, чочулап
тургандыктан мындай
күтүүсүздүккө ого бетер чочулап
секирип кетти.
Дене бою жыйрыла "дирт" эткен
Диана аны болгон күчү менен
түртүп оолак кача берди. Ойдо жок
жерден олдоксон иш жасап
жибергеине Ибрагим да кеч
түшүнүп калды.
- Диана бул мен Ибрагиммин.
Ооруканада жаткандагы эсиңдеби,
гүл көтөрүп…
Эртеден бери коркуп айланасына
сактык менен карап жаткан
Диананын ого бетер жүрөгү түшүп,
болгон күчү менен качып бараткан
болчу.
- Саламатсызбы Ибрагим, мени
таанып жатасызбы, мен Мэхранын
эжеси болот эмесминби.
Диананын артынан чуркамакчы
болуп бараткан Ибрагим бир саамга
аярлай түштү да, шашыла
учурашып кирди.
- Ооба таанып жатам, сиз Албина
эжесизби. Кандайсыз ден
соолугуңуз кандай. Баса, айтмакчы
тигил ким, Дианабы?
- Сиз аны кайдан тааныйсыз?
Ошо маалда "жардамга! " деп
кыйкырган Диананын үнү экөөнүн
сүйлөшүүлөрүн дароо үздү. Ал
болгон күчү менен чуркап экөөнөн,
бир топ эле алыстап кеткен болчу.
Ары жактан эртеден бери аңдып
турушкан эки-үч жигит күтүлбөгөн
жерден атып чыга калышып,
Диананын колун толгоп машинеге
салып жатышкан эле. Экөө
эстерине келишсе, аларга жетип
баргыча ак мерседес машинеси
дароо ордунан аткан октой
козголо, чоң асфальт жолго түшүп
алып заматта көздөн кайым болуп
кетти. Өчөшкөндөй Ибрагимдин
машинеси да жок болчу жакын
арада. Өзүнөн жүз кадамдай тээ
алыска токтотуп жөө бери карай
басып келаткан болчу. Мэхранын
эжеси Албина экөө өзүнүн
машинесине чейин чуркап
барышып, дароо отуруша алиги
көздөй кайым болуп кеткен ак
мерседестин соңунан жөнөштү.
Эбакта изин суутуп, караандарын
таптырбай кеткен мерседес
машинасын баары бир таба
алышпайт эле. Анын үстүнө андай
ак мерседестер калаа ичинде
аябай көп болчу
#19 28 Март 2014 - 11:32
12-бөлүм
КАЙРАДАН ЭСКИ КАПАСТА
- Бери алып келгилечи аны! -
өлкөн жолку чачын тасырайта алып
таштаган муруттары узун, өңү
кадимки Тарас Бульбанын кейпи
элестеткен, толмочунан келген,
жашы элүүдөн өтүп калган киши
кимгедир ачуусу келе, буйра
сүйлөдү. Эки-үч жигит анын
жанына Диананы жулкулдата
сүйрөп келишти.
- Аябагандай куу, өткүр кыз
окшойсуң, баса өткөн жолу
кандайча качып кетип калдың
капастан. Ал жактан чыкканга
мүмкүн эмес эле го, же биздин
кишилерден кимдир бирөөлөр сага
жардам бердиби?
Диана акчага азгырылып,
бардыгына кайыл болгон, ач көз,
кадимки Карлсонго окшош бою
жапалдаш тарткан, толмочунан
келген кишини бир карап койду.
"Айтсамбы, айтпасамбы" деп бир
аз турду да, анын "бойго жетип
калган эки уулум бар" деп
машинеде акча издеп чыгышканда
айтка сөзү эсине түшүп кетти.
"Мейли жашай берсин", "бобул
болчу" деп аны көзгөзгүсү келген
жок.
- Айтпайсыңбы, тигил тор капастан
кантип чыгып, качып кеттиң, сага
ким жардам берди биздин
кишилерден, же аларды акчага
маарытам деп азгырдыңбы?
- Силердин кишиңерден эч ким
жардам берген жок мага, мени
өзүмдүн кишилерим келишип,
куткарып кетишти.
- Өзүңдүн да кишилериң барбы бул
жакта. Өткөн жолу Ташкентке
биричи жолу келишип эч кимди
тааныбайм деп айтпадың беле.
Демек сен жалгыз эмес экенсиң
да. Баса, айтмакчы алиги
телевизордон көргөзүп аткан
Кыргызстандык
проституткалардын арасында сен
да жок белең ыя? Жашың дагы,
өңүң дагы, жериң дагы баары
ошого ылайыктуу болуп турат. Сен
ошолор жактан качып кеткен жок
белең ыя, болбосо Ташкенде
эмнеге адашып темселеп жүрөсүң?
- Мен өткөн жолу айткам, дагы
кайталап айтам, бул жакка болгону
соода иштери менен гана келгем.
Боз улан балдардан качып
мерседес машиненин багажынын
ичине кирип жашынып калгам.
Анан…
- Эски историяңды дагы
баштадыңбы. Бизди ошого ишенет
деп ойлоп жатасыңбы? Андай
болсо эмнеге өзүңдүн
кыргызстаныңа кеткен жоксуң
эмнеге ушул убакка чейин
Ташкенде темселеп жүрөсүң Азыр
эле айтпадыңбы "мени өзүмдүн
кишилерим келип куткарып
кетишти" деп. Буга кандайча жооп
бересиң?
Диана жаңылып эки ача сөз сүйлөп
алганын эми түшүндү, эски, куу
карышкырларга эмне деп жооп
берээрин билбей кыйын ахывалда
калды.
- Баким милициянын агенттеринен
болуп жүрбө ыя. Андай деп
ойлойун десем биз эбакта
кармалып баарыбыз ойрон
болмокбуз. Демек сен алардын
кишиси эмессиң. Өзүң деле
ойлончу жакшылап анча акчаларды
эмне кыласың. Ал акчалар менен
район эмес областы кенен-кесир
баксаң болот. Кайрылып
берилмейинче баары бир биз сага
жер жүзүндө жашоо бербейбиз.
Акыры өлүп тынасың, үй-бүлөөң
бүт кырылат. Өзүң он гүлүңдүн бир
гүлү ачыла элек жаш кыз экенсиң,
жашоо али алдыда. Биз менен
болсоң, акчаларды кайрып берсең,
биз сага керек болсо
телохранитель болуп беребиз. Сага
эч ким "кың" дей албайт, жашооң
жакшы болот. Ошончо акчаларды
баары бир өмүрүң өткүчө түгөтө
албайсың, бир пачка доллар менен
эле өмүр бою бай жашап өтсөң
болот. Анча акчанын сага кереги
эмне? Өкмөткө өткөрө турган
болсоң жалган акча чыгаргандыгың
үчүн деп түрмөгө кесилип кетесиң.
Баса, ал акчалар чыныгы
акчалардан эч айырмасы жок,
экспертизадан чындап текшерген
күндө дагы баары бир кынтык таба
алышпайт.
Качып деги эч жакка кете
албайсың. Жердин жети кабат
түбүнө, асмандын алты кабат
үстүнө чыгып кетсең дагы баары
бир таап алабыз. Өзүңдүн жакшы
жашооңо өзүң кедерги кылып
жатасың. Ач көздүк кылып аларды
же өзүң пайдаланбай же бизге
пайдалантпай бөөдөдөн бөөдө
талаада каласың, эч нерседен
кутула албайсың. Орго түбөлүк
жатасың, акчаны бизге кайрып
бермейинче ал жактан сени
чыгарбайбыз. Өткөн жолку орго
жатканыңды унуткан жоксуңбу.
Эми андан да хуже болот. Чыныгы
тирүүлөй тозокту көрөсүң.
- Силерге менден эмне керек? -
Диана анын сөзүн бөлүп кетти.
- Анкорлонбо, бардыгын түшүнүп
билиптурасың. Акчаларды каякка
жашырдың көргөзүп бер, болду.
Сенин жүргөн-турганыңдын
бардыгы көрүнүп турат. Ал
акчаларды сен азырынча
пайдалана элексиң. Бир жерге
катып, жашырып салып,
пайдалангандан коркуп жатасың,
же туура эмес айтып жатамбы?
Эгер пайдаланган болсоң
алдагындай болуп жүрбөйт
болчусуң. Кийген кийимдериң,
жүргөн-тургандарың башкача болуп
жалаң алтын буюмдарды тагынып
калмаксың. А түгүл атыңды дагы
билбейбиз сенин ким экениңди.
Асмандан түшкөн периштедей
болуп кайдандыр-жайдандыр
пайда боло калып акчаларды
алдың да кайра көздөн кайым
болуп кеттиң. Сен кимсиң, өзүң
айтчы?
- Кадимки эле кызмын Кыргызстан
тараптан соода кылып келген…
- Калп айтпа сен соода кылган
кызга окшошпойсуң…
- Анда кандай ойлосоңор ошондой
ойлогула. Мен анда ошол силер
ойлоп жаткан кызмын.
- Смелый кыз экенсиң, бирок
эсиңде болсун сен деген азыр
биздин колубуздасың, туткун
кызсың. Сенин тагдырың, келечек
жашооң биздин колубузда. Сени
өлтүрсөк да, мууздасак да биз
өзүбүз билебиз.
- Андай болсо мууздап салгыла.
- Ага шашылба, али убакыт бар
үлгүрөсүң. Бизди деген
акчалардын каякта экени
кызыктырат.
- Өткөн жолу эле айткам, дагы
айтам. Мен силердин анча
акчаңарды алган жокмун. Эгер
алган болсом бул жерде бир мүнөт
да турбайт болчумун. Эбакта
көздөн кайым болмокмун. Же
өзүмдүн жергеме Кыргызстанга
кетмекчимин, же таптакыр эле
башка бул жерден өтө эле алыс
жакка качып жоголмокмун. Силер
мени таппай да калмаксыңар.
Өзүңөр деле ойлобойсуңарбы. Ким
деген ошончо акчаны уурдап алып,
эч нерседен коркпой шаар ичин
аралап жүрсүн. Менин күнөөм,
уурулугум бар болсо ушинтип
көчөдө жөө, ээн-эркин басып
жүрмөк белем. Өзүңөр деле
логический ой жүгүртүп көрсөңөр
боло. Чөнтөгүмдө бир сом акча
жок, кийген кийимдерим болсо бул.
Акчанын жоктугунан өзүмдүн
Кыргызстаныма жете албай жүрөм.
- Антип аңкорлонгонуңдан баары
бир майнап чыкпайт. Ал акчаларды
сен бир жерге жашырып
таштадың… пайдаланып,
чыгымдагандан коркуп жатасың.
Акчаларды сенден башка эч ким
алган жок.
- Өзүңөрдүн кишиңерге ушунчалык
эле ишенесиңерби? Балким
акчалардын баарын өзүңөрдүн
адамыңар алып болгон күнөөнү
мага оодарып коюп, ушул араңарда
отургандыр табасы канып, эч
нерсе билмексен болуп. Керек
болсо ал акчаларды өзүңөрдүн
араңардагы кишиңер алды. Мен
бир сом да алган жокмун.
- Дагы айтам антип
аңкорлонгонуңдан баары бир эч
майнап чыкпайт. Сенимн алганыңа
биз жүз пайызга ишенебиз. Так что
убакыт бар жакшылап ойлон,
калганын эртең сүйлөшөбүз. Али
алдыда убакыт бар маектеше
турган.
Топтошуп турган кишилердин
баары биринин артынан бири
ээрчише сыртка чыгып кетишти.
Алиги Карлсонго окшош
топтомолок болгон киши Диананын
жанына жылмалаңдай басып келди.
- Ырахмат сага кызым, мени бир
өлүмдөн сактап калдың, болбосо…
Болуптур жүрү тиякка.
Ал Диананы ээрчитип барып өзүнө
тааныш, эки жарым айдан ашык
жаткан ордун ичине түшүрүп
сыртынан бекитип таштады.
ДИАНАНЫН ЭНЕ-АТАСЫНЫН
БАЯНЫ
"Булар кимдер болду экен, алиги
Кыргызстандагы Марат
Исабековдун бандалары бардыгы
кармалышып, түп тамыры менен
жок кылынбады беле. Же али да
алар барбы? Андай болушу мүмкүн
эмес, ал боюнча атайын агенттер
иштеп Исабековдун кишилерин түп
тамырынан бери тазаладык дебеди
беле. Баса, айтмакчы Марат
Исабеков өзү чет өлкөлөрдүн
бирине качып кетиптир деген
имишти укпадымбы, балким
ошолордун кишиси болуп
жүрбөсүн? Болуптур, ошолордун
кишиси болсун деп коёюн өздөрү
куйруктарын кысып качып
жүрүшсө көчөдөн эле Диананы
салып алып кетишпейт эле го.
Кайра өзүөлөрүнө өзүлөрү ор
казып алышмак. Бул жерде что-то
не то, же Диана башка бандалар
менен да связы барбы. Деги эмне
деген кыз бул Диана? Каякта
жүрсө да аны куугунтуктап
жүрүшөт. Өткөн жолу да качалаган
кыздар өлүмгө учурашты, а бул
болсо тирүү калды. Диана деген
ким өзү, чын эле кыргыз кызыбы
же чоң мафияда аралашып жүргөн
кылмышкерби? Өткөн жолу
кандайча качып кетти. Үй толугу
менен курчоодо эмес беле. Же аны
менен бетме-бет жолугушуп
сырдашып, сүйлөшө албай койдум.
Аны кокусунан жолуктурбаганда ,
көрбөгөндө мынчалык азаптанбайт
элем. Кызык, аны жер алдындагы
люктун ичине кимдер таштап
кетишкен. Ал люк турган складды
бизден башка эч ким ача албайт
да. Анда ким аны ошол жакка алып
барып сыртынан бекитип
таштаган? Сыйкырчыдай болуп
капысынан пайда боло калат да
кайра ошол эле замат көздөн
кайым болуп кетет. Бул деги
табышмактуу кыз өзү ким, же
Диана деген атты жамынган
Мэхранын сөлөкөтүбү? " Ибрагим
өзү менен өзү сүйлөшө бир нерсеге
башы жетпей турду. Анын ким
экенин Албина өзү да жакшы
билбейт экен. Болгону айылга
баратканда автобустан жолугуп
Мэхрага аябай окшош экенинен
үйүнө алып барып, бир айдан ашык
багып, анан үйүнө узатып
келатканын айтты.
- Баса, айтмакчы, ал биздин үйгө
Кыргызстандагы дарегин
калтырган болчу. Кийинчерээк
конокко дагы келем деп айткан.
Өзү менен кошо сиңдисин ээрчите
келем деген.
- Анын дарегин кантип алсам
болот?
- Эмки келгенде мен ала келем…
- Жок мындай кылалы… - Ибрагим
бир азга ойлонуп калды. - Азыр
бул иш боюнча өзүмдүн тааныш
милицияларыма кабар берейин.
Алар калаа ичинде болгон
Мерседестерди бүт текшерип,
анализдеп чыгышсын. Бул мезгил
аралык ичинде мен сиз менен
кошо айылга барып Диананын
Кыргызстандагы дарегин алып
келейин. Мүмкүнчүлүк болсо ал
жашап турган Кыргызстанына да
барып келем. Диананын ким экени
ошондо анык болот.
Окуя боюнча милицияга
кабарлаганда көптөн бери бул иш
боюнча иштеп жүргөн полковник
кайрадан калаадагы бүт
милицияларды бутуна көтөрдү.
Ташкент шаарынын ичинде болгон
бүт ак мерседестердин тизмелери
компьютер менен алынып, анын
ээлери ким экени каякта иштери
текшериле баштады. Бул мезгил
аралыгында Ибрагим Мэхранын
үйүнөн Диананын дарегин алып,
Кыргызстанга жөнөп кетти.
Ал Бишкек шаарынан анча алыс
эмес Токмок шаарын көп
кыйналбай эле тапты. Атүгүл
Диананын эне-атасы жашаган
көчөнү, үйдү да дароо эле тапты.
- Биз кызыбызды жоготуп
жибергенибизге эки жылдыз жүзү
болуп калды, - деп сөз баштады
Диананын эне-атасы, - тиги
Бишкекте улуу кызыбыз турат,
мектептеги окуусун бүткөндө, же
окууга тапшырам, же иштейм деп
калаага кеткен болчу. Анан эле
дайынсыз жоголуп кетип атпайбы.
Милиция менен издөө кылдырдык,
телевизорго, гезиттерге бердик.
Дегеле эч жерден дайыны
табылбай калган. Ошо убактарда
менин кызым менен куракташ жаш
кыздардын дайынсыз жоголуп
кеткендери көп болуп кеткен.
Аларды уурдап кетишип, чет
өлкөлүктөргө сатып атат деген да
имиштерди укканбыз, бирок
ишенген эмеспиз.
Жедеп издеп-издеп түңүлүп
калганбыз. Аны бирөөлөр өлтүрүп
кетти го деп да ойлодук. "Эмнеге
кечинде көчөгө чыгарасың, ээн-
эркин", - деп калаадагы улуу
кызыбызды да аябай урушканбыз.
Бир жолу күндүзү эле анын үчүнчү
класста окуган кызына Диана
кандайдыр бир жактан телефон
чалыптыр "мен тирүүмүн" деп.
Ошол маалда ал
кошунасыныкында экен. Кызы
барып айтканынан жүгүрүп келсе
телефондогу байланыш үзүлүп
калыптыр. Ошол бойдон издей
бери тажаган соң түңүлүп
калбадымбы. Анан эле мына
жакында туткун кыздарды
кармаган Марат Исабековдун
менчик түрмөсү тууралуу угуп,
кызыбыз ошол жакта болбосун деп
издеп барсак ал жакта кызыбыз
жок болуп чыкты. Баса аны
тааныгандар бар экен. "Аларды
Ташкентке алып кеткен боюнча,
кайрылып келишкен жок дешти
кыздар. Бул боюча Ташкентке да
атайын барып көрдүк бандалар
тарабыан беш-алты кыз
өлтүрүлүптүр, бирок алардын
арасында биздин кыз жок экен.
Кыргызстанга кайтып келишкен
кыздардан сураштырсак "Ооба,
Диана менен чогуу болгонбуз, аны
алып кетишкен, ошол боюнча
көргөн жокбуз" дешет алар да.
Аны өлтүрүп өлүгүн кислотага
салып жиберишти" дешти
баардыгы бир ооздон. Издеп-
издеп эч жерден дайынын
таппаган соң кайрадан аны
жоготуп, өлүү-тирүүсүн билбей
түңүлүп калдык. Жакында анын
ашын бери, куран окутуп коёлу деп
атабыз, - алтымыштарга таяп
барып калган Диананын эне-атасы
өздөрүнчө көздөрүнөн жаштарын
көлдөтүшө мүңкүрөп отурушту.
Эшиктен кирип келген Диананын
сиңдисин көргөн Ибрагим
таңгалганынан оозун ачып калды.
Ал Мэхранын сиңдиси Гүлбахрамга
куюп койгондой окшош экен.
Ибрагим Диананын эне-атасы
менен жакшылап таанышып,
"Сөзсүз кайрылып кайра келем,
жөн келбей Диананын дагы өзүм
менен кошо ээрчите келем" - деп
сөз бере коштошуп кайра
Ташкентке келди. Бул мезгилде
Ташкендин жергиликтүү милиция
кызматкерлеринин жашыруун
агенттери кандайдыр бир
кылмыштуу чоң иштин сары изине
чөп салып калышкан болчу.
КАПАСТАГЫ ОЙ
"Оо Кудайым ай ушинтип эле
азаптан азапка кабылып, эч бир
кутула албай жүрө берет экем го.
Эмне үчүн тагдырым ушундай
болуп жатат. Мына, Марат
Исабековдун менчик түрмөсүндө
шорлоп жүргөн туткун кыздардын
бардыгы эркиндикте жүрүшөт, эне-
аталарынын үйүндө. А менчи?
Мурун кандай туткун болуп азап-
тозокторду тартсам азыр да
ошондон айрылбай жүрөм. Бул
дүйнөдө эмне күнөөм, эмне
жазыгым бар дегеле башыма жүн
чыкканы бирөөнө жамандык
кылган эмесмин. Же өткөн
жашоомдогу өмүрүмдө бирөөнө
катуу жамандык жасагамбы?
"Өткөн жашооңдо бирөөгө аябай
катуу жамандык жасасаң, кийинки
жашоого кайрылып келгениңде
ошонун эки эселентип азабын
тартасың" ", - деп коюшат экен го,
чын эле мен өткөн жашоомдо
жаман киши болгомбу? Эгер жаман
адам болгон болсом жакшы эле
өчүн алгансыды го, кандай гана
азап-тозокторду тартпадым. Же
биротоло өлтүрүп тынчытпайт же
эркиндикке чыгарбайт. Балким
жашоомдун акыркы чеги ушудур?
Өткөн жолкуда го эптеп алдап
атып кутулуп чыгып кеттим эле.
Эми бул киши мага оңою менен
алданбайт. Же акчаларымды
каякка жашырганымды билбейм,
билсем эбак эле көргөзүп бери,
булардан кутулуп кетет элем. ЬЖо-
жок, булар мени кутултпайт болчу,
акчаны кандай таап алышса дароо
ошондой эле көзүмдү курутушмак.
Акча үчүн гана мени тирүү кармап
жүрүшөт, болбосо чын эле эбакта
эле тиги дүйнөдө жүрмөкмүн.
Атайын сынап "мени мууздап эле
салгыла" десем " Ага али шашылба,
али убакыт бар үлгүрөсүң" деп
атышпайбы. Демек, алар мени
акчанын күчү менен гана өлтүрбөй
кармап турушат.
"Экинчи желкемдин чуңкуру
көрсүн" деп кетпедим беле бул
жактан. Кайра Ташкентке
азаптанып эмнеге келдим дейм да.
Исабековдун бандасы
талкаланганы менен дагы бир
башка экинчи банданын бар экенин
кандайча унутуп койдум.
Кымбатына карабай Мэхранын
айылына эле такси жалдап түптүз
Кыргызстанга кете бербей, бул
жакка салпактабай. Мына эми эр
болсоң кутулуп көр. Баса
айтмакчы, алиги автовокзалдагы
мени кучактап калган жигит ким,
Ибрагиммин дегендей болдубу?
"Ооруканага гүл көтөрүп келгеним
эсиңдеби?" - дебедиби, анын өңүн
көргөн эмесмин да. Бирок өңү
тааныш, бир жерден көргөндөй
болуп атам. Кызык каяктан көрдүм
экен аны. Үнү тааныш экен
Ибрагимдин үнүндөй болуп,
анткени ооруканада жатканда мага
көп эле келбедиби. Үнү кадимкидей
кулагыма сиңип калган болчу.
Господи, анын өзүн кайдан көрдүм
эле? Жакында эле көргөнсүп атам…
Ии, эми эстедим. Ооба дал эле
ошол. Тигил Марат Исабековдун
кишилеринин үйүндө өлүм алдында
жатканда мени залга ээрчитип
келишпеди беле. Ошондо эки
колдору арттарына байлануу катар
тизилип турушкан жигиттерди
көргөзүп "жакшылап кара,
булардын ичинен кимисин
тааныйсың?" - деп мени алардын
алдына алып келбеди беле.
Чындыгында мен алардын бирин
да тааныбайт болчумун. Ошондо
ушул жигит менен көздөрүбүз бир
азга чагылыша түшкөн. Анын жүзү
эмнегедир жылуу учурап, андан
көзүмдү тарта албай бир топко
кармалып анан ары көздөй басып
кетпедим беле. Түн ичинде мени
көтөрүп кеткен табышмактуу
чүмбөтчөн ушул Ибрагим болуш
керек. Күндүзү булар менен эки
жаат болуп атыша да кетишкен.
Баса, автовокзалдын жанынан
эмнеге мени катуу кучактап калды
дагы кайра коё бери ийди. Эгерде
чын эле булардын кишиси болсо,
эмдигиче аны жок дегенде бир
жолу көрөт элем го. Чын эле ал
Ибрагим деген жигит ким өзү? Жер
алдындагы люктан куткарган ошол
Ибрагимби? Душманбы же доспу?
Эгер душман болсо, анда эмнеге
күндө гүл алып ооруканага келип
жүрдү? Эме себептен кара чүмбөт
кийип алып бандалар менен
согушуп, атышып жүрөт? Бул жакта
да бандалар менен кошулуп жүрөт.
Ал бандалар менен иштешип
жүргөн бандитпи?
Ибрагим ким өзү, эмнеге эле менин
артымдан калбай сая кууп жүрөт?
Же анын бир тууганы болбосом же
карындашы болбосом… Мына,
автовокзалда мени кучактай калып
ары сүйрөп кетмекчи болуп кайра
коё бери жиберди да булардын
колуна салып берди. Өзү болсо
калып калды. Баса мени өкүртүп-
бакыртып тигил машинеге салып
кетишкенин Мэхранын эжеси
Албина көрбөдү беле. Балким ал
бул жөнүндө милицияга
кабарлагандыр* Бир болсо
ошондон жардам болушу мүмкүн,
болбосо мага эч ким жардам бере
албайт. Баары бир мени таппайт
болуш керек бул жерден эч ким.
Кандай гана обидна, мени менен
чогуу жүргөн кыздардын баары
эркиндикте жүрүшөт. А мен болсо
али туткундамын… Диананын оюн
жогору жактагы дабыштар бузду.
Ал өткөн жолу алдап качып чыгып
кеткен алиги Карлсонго окшош
топтомолок киши экен.
- Курсагың ачтыбы кызым, ме
бобуларды жеп ал, - жогору жактан
ал нан, колбасалардын
кесиндилерин таштады, -
ылдамыраак жеп ал, тигилер келе
электе, көрүп калышса экөөбүздүн
тең сазайыбызды колубузга берет.
Кой, мен кеттим.
Анын башы көрүнбөй калды. Диана
алдында жаткан кесим нан менен
колбасаларды шашпастан жеп
кирди. "Өткөн жолу бул жакта эки
жарым айдан ашык жаттым эле,
эми дагы канча жатаар экенмин".
Көп өтпөй үстү жактан темир
торчонун кулпусу ачылып үч-төрт
киши темир шаты менен төмөн
карай түшүп келишти. Алардын
арасында кечөөгү муруттарын узун
кылып коё берген Тарас Бульбага
окшош киши да жүрөт. Ал
кечөөгүдөй сүрдүү эмес. Дианага
жылмая карап сүйлөп атты.
- Өзүңдүн эски жатаканаңда
кандай эс алдың сулуу кыз. Эгер
биз менен тил табыша албасаң бул
жер сенин түбөлүктүү жайың, үйүң
болот, өлүгүң, сөөгүң гана чыгат
бул жактан. Тирүү чыгам деп эми
ойлобо. Бул тамаша же
коркуткандык эмес… Эми түндөтөн
бери жакшы эле ойлонгондурсуң,
биз дагы ойлонуп бир чечимге
келдик. Мындай сүйлөшөбүз, эгер
сен бизге акчаны кайрып берсең
подружеский поровну бөлүшөбүз.
Жарымын биз алабыз, ал эми
жарымын сага кайрып беребиз.
Охрана менен Кыргызстаныңа
жеткирип коёбуз. Кудайга шүгүр
десең да болот, ошол жарымы эле
небере-чөбөрөлөрүңө чейин кенен-
кесир жетет. Жакшылап дагы
ойлон, убакыт кенен ойлонгонго,
жообуна деле шашпайбыз…
- Жообун айтканда эмне, өткөн
жолу эле айтпадымбы ме алган
жокмун деп, азыр эле айтам
жообун, мен алган эмесмин. Атүгүл
ал акчаларыңарды ким алганын
билбейм…
- Жеткен көк бет кыз экенсиң,
ошол көк беттигиңдин азабын
тартып жүрбө. Биз кеттик эми
көрүшкөнчө жакшы кал, али
алдыда көптөгөн убакыттар бар,
жакшылап ойлонуп бир чечимге
кел. Жарым акчасы сеники болот,
уктуңбу… Алар өздөрүнчө сүйлөшө
өстүнө көтөрүлүп чыгып кетишти
дагы темир тор эшикти жаап
сыртынан кулпулап салышты.
Кайрадан жымжырттык өкүм
сүрдү.
- "Кызык, алар акчаларды мен
алып кеткениме өзүлөрү айткандай
жүз процентке ишенип жатышат.
Албетте мен алып кеткеним чын
дечи, бирок Ташкент шаарынын
алдынан баары эле бири-бирине
окшош болгон люктар да кайсы
биринен издейсиң. Анын үстүнө
кумду терең казып туруп үстүнөн
көмүп, билгизбей таптап тебелеп
таштабадым беле. Эми ал жерди
ит менен аппарат менен издесек
да таппайбыз. Болду ал акчалар
ошол жерде чирип жок болот, ал
эми менин сөөгүм болсо бул жерде
чирип жоголот. Баса, алиги акча
чыгарган цехтин алдындагы люкка
кирип кайра башынан сойлоп
баштасак эмне болот. Ошондо таап
алып жүрбөйлү, жөрмөлөп жүргөн
жерлеримди жакшылап эстесем
балким таап алаармын. Бул
жолкусунда жалгыз сойлобойм да ,
тигилер менен чогуу сойлойм.
Бирок… аай, баары бир таба албайм
го. Аткени жер алдындагы чоң
темир түтүктөр менен өтө эле узак
жол жүргөм. Бири-бирине куюп
койгондой окшош бурулуштар,
өткөөлдөр көп болчу. Менин
божомолумча дээрлик эки күндөй
ошол жер алдында темселеп
адашып жүрбөдүм беле. Жок, ал
жерди табуу кыйын. Бир ай
издесек да таппайбыз, андан көрө
алган жокмун, көргөн жокмун деп
эле коёюн. Акыры ишенишип коё
беришээр. Жер алдындагы
өткөөлдү көрсөтүп коюп
акчаларды таппай калсак даана
ошондо шорум кайнайт. "Тап эле
тап", - деп катуу кыйноого ала
башташат. Чын эле башынан
көргөн жокмун дегенден кийин,
аягына чейин бир сөзгө турайын", -
Диана ушундай бир чечим чыгарып
ошого токтолду.
ЖАШЫРУУН ЦЕХ
Калаа ичиндеги ак мерседестердин
бардыгын такташкан ички иштер
башкармалыгындагы кылмыш
иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери
бир нуктун изи менен жүрүп
отурушуп калаа ичиндеги
жашыруун акча чыгарган цехти
таап чыгышты. Бирок анда
иштеген адамдарды толугу менен
тизмеге түшүрүшө элек болчу.
Дароо эле алардын үстүнөн кылдат
иштей башташты. Короого кирген
ар бир машиненин номерин,
маркасын жазып алып турушчу. Ал
машиненин ээлери ким экенин да
тактап коюп жатышты.
Машинелери менен короого кирип
чыгышкан эле адамдардын
жашаган толук даректерин,
иштеген жерлерин аныктап,
булардын башка жактарда да
уюктары, байланыштары барбы
текшеришип, тымызын иштерди
жүргүзө башташты.
Жашыруун цехте кызмат кылышкан
адамдардын ар биринин шаарда
эки-үчтөн үйү, дачалары, эки-
үчтөн машинелери бар болчу.
Калаа ичинде көптөгөн менчик
кафе, ресторандар иштечү...Эң
башкысы Ташкендеги бирден бир
көрүнөктүү казино да ушуларга
тиешелүү экен. Бош мезгилдеринде
өзүлөрүнүн казинолорунан
чыгышчу эмес. Жашыруун цехтен
чыккан акчалар акырындап эч
шеги билинбей эл арасына тарап
кетчү. Буларды жетектеген,
үстүлөрүнөн караган киши ким
экенин ИИМдин агенттери көпкө
чейин аныктай албай жүрүштү.
Акыры анын ким экенин да
аныктап, тактап чыгышты. Бул
чөйрөнү мурун чет өлкөлөрдө
иштеп келишкен Роберт, Алберт
деген улуттары еврей эки бир
тууган кармашат экен. Акчалар
бардыгы алдын ала даярдалып,
анан төрт жылда бир жолу
чыгарылып турчу. Майда барат
эмес бардыгы тең эң жогорку
суммада чыгарылчу. Мисалы
Кыргызстандын сомдору беш жүз
анан миң сомдук болуп чыкчу.
Башка акчалар да ушундай жогорку
суммада даярдалчу. Ушунча болуп
өкмөт тарабынан бир да жолу шек
саноо болгон эмес, анткени бул
станоктор чет өлкөдөн атайын
уурдалып алынып келинген болчу.
Анын кагаздары да боёктору да
атайын ошол жактан алынып келчү.
Балким Диана болбогондо бул
жашыруун уюм дагы канчага чейин
өз доорандарын сүрүп жүрө берет
эле бир Кудайым өзү билет.
Алардын үстүнөн изилдөө толугу
менен бышылып жетиле
электигине байланыштуу банданы
кармоо операциясы убактылуу
токтотулуп турган болчу.
ИИМдин кызматкерлери Диананы
уурдап кеткен ак мерседести
адегенде Марат Исабековдун али
кармалыша элек куйруктары деп
ойлошкон. Акырындап аңдып
отурушуп күтүлбөгөн ачылышка
туш келип калышат. Кандайдыр
жашыруун уюм бар экенин
билишип, акырындап изилдеп
отурушуп жашыруун акча чыгарган
цех бар экенин аныкташат. Ээси
жок кезде ак мерседестин ичин
текшерише келишкенде заводдон
жаңы гана чыккан, атүгүл адам
колу тийе элек акчаларды
көрүшөт. Бир-экөөн алып барып
экспертизадан өткөрүшкөндө
жасалма экенин аныктай албай
коюшат. Бирок жаңы гана
заводдон чыкканын аныкташат.
Кандайдыр бир шек алуу пайда
болуп жашыруун түн ичинде асман
аркылуу үстүнөн короо ичине
киришип, кылдат тинтип отурушуп,
жашыруун цехтин бар экенин
тактап чыгышат. Ошол эле түнү
кайра жиктерин билгизбей ичине эч
ким байкабаган жерге жашыруун
көрүүчү аппараттарды коюп, кайра
чыгып кетишкен болчу. Ошол
көрүүчү аппарат аркылуу цехке
кирген ар бир адамдын келбети
тартылып алынып, компьютерге
түшүрүлүп турду. Булар Марат
Исабековдун кишилери эмес эле
таптакыр башка уюшкан бандалар
тобу экенин ошондо билишти.
Алардын тобу кечке жуук
өздөрүнүн менчик ресторанында
бир маал чогулуп отурушуп, түн
бир оокумга чейин өздөрүнчө бир
нерселерди сүйлөшүшө анан тарап
кетишчү. Ал жакта эмнелерди
сүйлөшүшөт адегенде атайын
иштеп жатышкан агенттер жакшы
биле албай жүрүштү. Кийинчерээк
ал жакка да диван, креслонун
алдына коюлган угуучу
аппараттарды орнотушкандан
кийин гана эмне жөнүндө
сүйлөшүшкөндөрүн бүт
магнитофонго жаздырып алышып,
эртеси күнү ортого талкууга
салышчу.
Эч шеги билинбеген бул
акчалардын мурунку Союзда
болгон мамлекеттерге акырындап
тарап кетип турганы милиция
кызматкерлерин аябай таң
калтырды. Анткени башка
өлкөлөрдүн бир да бирөөсү ушул
убакка чейин бул акчалардан шек
алышкан эмес. Чыныгы оригинал
акчаларды анын жанына коюп
экөөнүн айырмачылыгын
салыштырып, текшерип көрүшкөн.
Акча чыгаргандардын ушунчалык
профессионалдыгына баа
беришкен. Бирок бул жерде
адамдар эмес, станоктун так
иштешине жараша болчу. Анткени
бракты ах чугарчу. Боёк менен
кагазды Роберт, Алберт деген эки
бир туугандар өздөрү таап
келишчү. Эмне болгон акчалар,
боёктор чек арачылар да, бажыда
иштегендер да шек алышчу эмес.
Бул топтун жашыруун цех ачып
иштете башташканына жети-сегиз
жылдын жүзү болуп калыптыр.
Алар өз убагында
кармалышпаганында өздөрүнүн
пландары боюнча милицияны да,
прокурорду да, сотту да бүт
баарын өз колдоруна алып
коюшмак. Жүрүп-жүрүп отуруп
мамлекетке, бийликке да колдорун
созушмак экен. Жаңыдан
талпынып келаткан балапан сымал
акырындап буттарына туруп
келатышкан болчу. Жашыруун
агенттер алырдын үстүлөрүнөн
тымызын өз иштерин уланта
беришти.
КАПАСТАГЫ КАРМАШУУ
"Өткөн жолу эптеп жолун таап
качып кеттим эле азыр качып
чыгып кете аламбы? Ушундайда
жок дегенде мага поддержка
жасаган, колдогон бирөө болгондо
эле гана. "Одна голова хорошо, две
лучше" дегендей эки адам
болгондо эптеп жолун табат элек.
Жападан жалгыз болуп
жатпаймынбы, кордуктун барын да
жапада жалгыз өзүм көрүп жатам.
Мени булар азыр өлтүрө коюшпайт,
пока акчалардын каякка
жашырылганын билишмейинче.
Андан көрө дагы бир жолу
качкандын жолун ойлонуштуруп
көрөйүн, жолум болсо болду,
болбосо… кызык, эмнеге эле менин
жолум болбой жатат? Качып чыгып
эле кайра туткунга түшүп, биринен
качсам, экинчисине кабылып
таптакыр эле ишим оңолбой койду,
же Кудай Таалам маңдайыма
ушуларды жазып койгонбу? Деги
мунун акыры кандай болуп бүтөөр
экен. Менин өмүрүм кыска ушулар
менен чектелеби же узак
жашаймбы. Же ушундай баскан-
турганымдын баары коркунуч
болуп, азап-тозок менен өмүр
сүрөмбү? "Бул дүйнөдө өмүр бир
келет, ошондуктан ар бир мүнөттү
текке кетирбей жыргап куунап
алыш керек" деп тели-теңтуш
кыздарым отуруштарда тост
сүйлөп калышчу эле го. Алар го
эркиндикте ойлогон ой-
максаттарын ишке ашырып
жүрүшөт. А менчи, көрүнгөн жерде
туткун болуп жүрөм. Азыр менин
эч кимге керегим жок, эне-атам
үчүн дагы, досторум үчүн дагы
эбакта өлгөн адаммын. Бардыгы
тең бу дүйнөдөн эбакта эле кеткен
адам катары эстеринен чыгарып
коюшту мени. Кызык, адам баласы
баарына көнүп, баарына бышып
жетилет экен го, мурун ушуларды
эстеген сайын көзүмөн жаш мелт
эте, ыйлап кирчи элем, азыр
ыйламак турсун башка түшкөн
тагдырым ушундай сыяктуу дегеле
кабак-кашым деп койбойм. Жашоо
бул күрөш ага моюн сунуп туруп
берсең, өзүңдүн турмушуңа өзүң
балта чабасың, аны менен күрөшө,
жеңе билишиң керек. Мен үчүн али
күрөш алдыда, башкалар
эркиндикте жүрүшөт деп эч
мүңкүрөбөшүм керек. Менин
көчөмдө да майрам болор, өзүмдү
өзүм кемсинтип, көңүлүмдү чөгөрө
берсем таптакыр эле туңгуюкка
түшүп кетем, адам болгондон
кийин күрөш менен жашаш керек",
Диана өзүнүн көңүлүн өзү көтөрүп,
кыңылдап ырдап кирди.
- Ох-хоо, бүгүн көңүлүң көтөрүлүп
калыптыр го, же жакшы түш
көргөнсүңбү ыя? - капастын өйдө
жагындагы темир торчодон бир
кишинин башы кылтыйды. Диана
бул кишини өмүрү көрбөптүр.
- Сен кимсиң?
- Сен үчүн какая разница менин
ким экеним. Баса, сенин болочок
күйөөң болом, ха-ха-ха!, -анын
тамылжыган капкара май майлап
койгонсуган өңү Дианага жаккан
жок. - Мындан кийин сен такай
менин көзөмөлүмдө болосуң. Бас
дегенде басып, тур дегенде туруп,
жат дегенде жатып кыскасы,
айтканымды кың дебей аткарып
турасың. Ме сени башкача
элестетип жүрсө тим эле чүрөк
турбайсыңбы ыя, ха-ха-ха.
Фигураң, чатыраган эки алмаң,
келбетиң тим эле шилекейди
жуткурат го ыя, ха-ха-ха!
Өңүнүн суук болгону аз келгенсип
калп эле дайыны жок каткырып
ырсактай бериши Диананын
итиркейин келтире баштады.
- Берки кароолчу каякта?
- Аны эмне кыласың, ага караганда
мен жашмын го, энергичный,
сексуальныймын. Тиягы жарабаган
чалга эмне кызыктың ыя ха-ха-ха!
Тигинин келе элек жатып эле ойду-
тоону сүйлөп, зал жаңырта
каткырып өзүн мазактап
жатканына Диананын ачуусу келе
орой сүйлөп салды.
- Мен сени менен сүйлөшкүм
келбейт, кет ары жакка.
Жогору жакта ырсайып жаткан
капкара болгон кишинин өңү
мостоё түштү.
- Сен мага буйрук бергендей
кимсиң ыя, менин ким экенимди
али биле элексиң го, билбесең
азыр билгизем, мени көргөндө
Кудайыңды көргөндөй кылам! - ал
ачуулана чөнтөгүнөн топ
ачкычтарды алып чыгып, темир
тор эшиктин ачкычын бир топко
таба албай убараланып жатып араң
ачты. Анан темир тепкичти
түшүрүп өзү да төмөн карай түшүп
келди.
- Мен шашпай сени менен
сүйлөшөйүн дедим эле, өзүң
мажбурладың бул ишке. Ал
ырсалактай Дианага жакындап
келатты. Чукул келип шап кучактап
калайын деди эле карматпай
буйтап кетип бурчка кысылып тура
калды.
- Ха-ха-ха, качып кайда барасың
сулуукыз, өзүң деле карасаң боло,
төрт тарабың кыбыла. Аңгектен
качсаң дөңгөккө түшөсүң,
дөңгөктөн качсаң аңгекке түшөсүң,
качкандан эч майнап жок, андан
көрө өз эркиң менен эле…
Экинчи жолу дагы буйтап качып
кетейин деди эле чап эле аны
билектен кармаганга үлгүрдү. Өзүн
көздөй катуу имерип жибергенде
кучагына ороло түштү.
Өпкүлөмөкчү болуп оозун
Диананын бетине жакындатты эле,
алаканы менен анын бетин тосуп
каршылык көрсөтө баштады.
Канчалык далалат кылса дагы,
кучагындагы сулуу кызды өбүүгө
мүмкүнчүлүк ала албай койду.
Кайрадан колтугунан суурулуп
чыгып кетти. Болгон ыкчамдыгына
салып шатыга чуркап жетип барды
дагы өйдө көздөй көтөрүлүп
жөнөдү. Бирок тиги зөөкүр өйдө
чыкканга үлгүртпөй буттарынан
кармап калганга үлгүрдү. Анан
кайра болгон күчү менен төмөн
карай тартты эле Диананын колу
шатыдан чыгып кетип төмөн карай
жерге учуп түштү. Тигиге ушул
керек болчу, аны ордунан
тургузбай бөдөнөнү баскан
кыргыйдай үстүнөн баса калды.
Экөө жерде кармашып, оонап
жатышты. Үстүндөгүсү канча калса
да күчтүүлүк кылып кетти,
алдындагысынын эки колун катуу
былкылдатпай кармап мойну-
башына жалмап өпкүлөп кирди.
Бир кезде Диананын бир колу
бошоп кетти эле үстүндөгү
зөөкүрдү көзгө сайып жиберди. Ал
колдорун коё бери өкүрүп-бакыра
оң көзүн басып калганда бошонуп
кетип ордунан атып турду да,
темир шатыны көздөй болгон күчү
менен чуркап жөнөдү. Тиги эсине
келе эки аттам менен кызга жетип
барып белден кучактады да
ачуулана аны тапатак көтөрүп
туруп жерге болгон күчү менен
уруп калды. Далысы менен катуу
учуп түшкөндүктөн Диананын
өпкөсү куушурула катуу өзөрүп,
дем ала албай онтоп жиберди.
Ошентсе да тигиге моюн бергиси
келбей жакын келип үстүнө баса
жыгылганда ары көздөй өтө
ыкчамдык менен томолонуп кетти
эле тигил жер кучактап калды.
Экөө тең ордуларынан атып
турушту. Жанатан бери өзүнө өзү
ишенип ырсалактап жаткан зөөкүр
кыздын оңой эле моюн сунуп
бербешин билип кабагын түйө эки
колун эки жакка жая жакындап
келатты. Диана кетенчиктеп отуруп
бурчка такалып калды. Эмне
кыларын билбей шаштысы кете
түштү, анан бир нерсе оюна түшө
болгон күчү менен эки бутунун
ортосуна чатка тээп калды. Тигил
өкүрүп-бакыра эки колу менен
алаасын баса чөктүшө отуруп,
катуу ооруганынан көзүн жумуп
жиберди. Диана кайрадан шатыны
көздөй умтулду эле тигил темир
шатыны тээп кулатып салды.
Шаты жерге кулап түшүп өйдө
көтөрүлүп чыкканга мүмкүнчүлүк
болбой калды. Зөөкүр шатынын
үстүнө отуруп алып, эки алаасынын
ортосун басып өкүрө берди. Шаты
жок болгондон кийин кыз эч жакка
качып кете албайт болчу, эмне
кыларын биле албай турду.
Эми зөөкүрдүн чындап жаалы
кайнап чыкты. Ордунан шашпай
турду дагы байкатпай келип
Диананы бетке болгон күчү менен
чаап калды. Күтүлбөгөн катуу
соккуга көздөрүнөн от чагылыша
Диана бурчка камгактай учуп
барып түштү.
- Жакшылыкча түшүнбөдүң, эми
сени менен башкача сүйлөшөм!
Ордунан туруп келаткан алсыз
кызды ичке тээп калды эле, ал
бөктүшө чөгөлөй түштү.
- Сага ушул керек, - анын чачынан
ууштай кармап керилип туруп
болгон күчү менен бетке чапты.
Катуу соккуга Диананын
кадимкидей алы кете шалдырай
түштү. Каршылык көрсөтөйүн деп
колун көтөрүп келатты эле тигил
болгон күчү менен тырыштыра
кармады. Анан ачуусу менен
өзүнчө сүйлөнө, ызырына
алдындагы кызды бетке, ичке,
өпкөгө туш келди эле ургулай
берди. Жедеп алы кетип эси ооп
кыймылсыз жаткан алсыз кыздын
көйнөгүн айрып жиберип, аппак
чытырап турган мамактарын
ырахаттана шашпай өпкүлөп
кирди. Анан өзүнүн шымынын
бүчүлөсүн чече баштаганда өйдө
жактан катуу айбаттуу чыккан үнгө
селт эте түштү.
- Токтот, айбан десе!
Аны үстүнөн эки-үч киши карап
турушкан болчу. Зөөкүр жанталаша
шымын кайра бүчүлөнүп күнөөлүү
кишиче шатыны жогору карай коё
баштады. Жогору жактагылардын
бардыгы төмөн карай түшүп
келишти. Диана Тарас Бульбага
окшоштурган булардын жетекчиси
ачуулана тигинин жанына басып
келди.
- Бул эмне кылганың, айбан десе.
Мен сени ушундай кыл дедим беле
ыя, кайтарып көзөмөл салып тур
дебедим беле. Эмне мынча сабап-
тепкилеп жибергенсиң ыя, өчүң
бардай. Менин сөзүмдү укпай,
буйругумду аткарбагандыгың үчүн
сен катуу наказания аласың.
Бүгүндөн баштап бошсуң,
иштебейсиң. Бар кете берсең
болот.
- Мен буга жамандык жасайын
деген ниетим жок болчу мырзам,
кыз өзү тийишип, өзү каалады,
мен…
- Токтот сөзүңдү! Былжыраган
акмак, мен сага ишенет го деп
турасыңбы. Жогол бул жерден!
Алиги зөөкүр бүжүрөңдөй тепкич
менен үстүнө көтөрүлүп чыгып
кетти. Төмөн түшкөн үчөө бети-
башы шишип, көгөрүп араң дем
алып жаткан Диананы унчукпай
карап турушту.
- Муну дарылаш керек болуп калды
окшойт, - булардын жетекчиси
жанындагы жигитке кайрылды, -
бар сыртка чыгып врачты чакырып
келчи.
Көтөрүлүп сыртка чыгып кеткен
жигит көп өтпөй эле бир киши
менен кайра төмөн карай түшүп
келишти. Ал Диананын көзү-
баштарын карап, тыңшагычы
менен төшүн тыңшап көрдү да
ордунан көтөрүлдү.
- Ничего страшного, выживит. Жөн
эле катуу токмоктоп койсо керек.
Ал эми шишиген беттерине болсо
мазь сүйкөп койсоң эле жакшы
болуп кетет, - ал аптечкасынан
кандайдыр бир мазь алып чыкты
да, Диананын бети-баштарына,
денесине бир сыйра сыйпап өттү.
Сыртка чыгып кеткен дагы
бирөөсү өзү менен кошо матрац,
жаздык одеял алып келди. Аны
жерге төшөп Диананы ага
жаткырышып, үстүнө одеял жаап
коюшту. Алиги жетекчиси
жанындагы жигитти дайындап
жатты.
- Мындай кийин сен кайтарасың
бул жакты. Ты смотри, ушундай
кайталанчу болсо көзүңдү чукуп
салам. Бир көзүңдөн кан, бир
көзүңдөн жаш алам уктуңбу?
- Уктум мырзам.
- Анда буга тамак алып келип
бергиле. Кыз кишини мынчалык
кыйнаган болбойт.
- Жарайт мырзам.
Үчөө кайра үстүнө көтөрүлүп
чыгып кетишти. Көп өтпөй темир
тордогу кулпу шарак-шарак этип
бекилип калды. Диана акырын
көзүн ача айланасына көз жүгүртүп
алды. Эч ким жок экен. Алдында
матрац, башында жаздык, үстүндө
одеял жамынып турганын көрүп,
башка кишилердин да келгенин
боолгоду. Катуу тийген соккудан
эсинен танып калган болчу.
Кыймылдайын десе денеси
жанчылып ооруп калыптыр,
кыймылдай албай чалкасынан
жаткан боюнча былк этпей калды.
КАЙРАДАН ЭСКИ КАПАСТА
- Бери алып келгилечи аны! -
өлкөн жолку чачын тасырайта алып
таштаган муруттары узун, өңү
кадимки Тарас Бульбанын кейпи
элестеткен, толмочунан келген,
жашы элүүдөн өтүп калган киши
кимгедир ачуусу келе, буйра
сүйлөдү. Эки-үч жигит анын
жанына Диананы жулкулдата
сүйрөп келишти.
- Аябагандай куу, өткүр кыз
окшойсуң, баса өткөн жолу
кандайча качып кетип калдың
капастан. Ал жактан чыкканга
мүмкүн эмес эле го, же биздин
кишилерден кимдир бирөөлөр сага
жардам бердиби?
Диана акчага азгырылып,
бардыгына кайыл болгон, ач көз,
кадимки Карлсонго окшош бою
жапалдаш тарткан, толмочунан
келген кишини бир карап койду.
"Айтсамбы, айтпасамбы" деп бир
аз турду да, анын "бойго жетип
калган эки уулум бар" деп
машинеде акча издеп чыгышканда
айтка сөзү эсине түшүп кетти.
"Мейли жашай берсин", "бобул
болчу" деп аны көзгөзгүсү келген
жок.
- Айтпайсыңбы, тигил тор капастан
кантип чыгып, качып кеттиң, сага
ким жардам берди биздин
кишилерден, же аларды акчага
маарытам деп азгырдыңбы?
- Силердин кишиңерден эч ким
жардам берген жок мага, мени
өзүмдүн кишилерим келишип,
куткарып кетишти.
- Өзүңдүн да кишилериң барбы бул
жакта. Өткөн жолу Ташкентке
биричи жолу келишип эч кимди
тааныбайм деп айтпадың беле.
Демек сен жалгыз эмес экенсиң
да. Баса, айтмакчы алиги
телевизордон көргөзүп аткан
Кыргызстандык
проституткалардын арасында сен
да жок белең ыя? Жашың дагы,
өңүң дагы, жериң дагы баары
ошого ылайыктуу болуп турат. Сен
ошолор жактан качып кеткен жок
белең ыя, болбосо Ташкенде
эмнеге адашып темселеп жүрөсүң?
- Мен өткөн жолу айткам, дагы
кайталап айтам, бул жакка болгону
соода иштери менен гана келгем.
Боз улан балдардан качып
мерседес машиненин багажынын
ичине кирип жашынып калгам.
Анан…
- Эски историяңды дагы
баштадыңбы. Бизди ошого ишенет
деп ойлоп жатасыңбы? Андай
болсо эмнеге өзүңдүн
кыргызстаныңа кеткен жоксуң
эмнеге ушул убакка чейин
Ташкенде темселеп жүрөсүң Азыр
эле айтпадыңбы "мени өзүмдүн
кишилерим келип куткарып
кетишти" деп. Буга кандайча жооп
бересиң?
Диана жаңылып эки ача сөз сүйлөп
алганын эми түшүндү, эски, куу
карышкырларга эмне деп жооп
берээрин билбей кыйын ахывалда
калды.
- Баким милициянын агенттеринен
болуп жүрбө ыя. Андай деп
ойлойун десем биз эбакта
кармалып баарыбыз ойрон
болмокбуз. Демек сен алардын
кишиси эмессиң. Өзүң деле
ойлончу жакшылап анча акчаларды
эмне кыласың. Ал акчалар менен
район эмес областы кенен-кесир
баксаң болот. Кайрылып
берилмейинче баары бир биз сага
жер жүзүндө жашоо бербейбиз.
Акыры өлүп тынасың, үй-бүлөөң
бүт кырылат. Өзүң он гүлүңдүн бир
гүлү ачыла элек жаш кыз экенсиң,
жашоо али алдыда. Биз менен
болсоң, акчаларды кайрып берсең,
биз сага керек болсо
телохранитель болуп беребиз. Сага
эч ким "кың" дей албайт, жашооң
жакшы болот. Ошончо акчаларды
баары бир өмүрүң өткүчө түгөтө
албайсың, бир пачка доллар менен
эле өмүр бою бай жашап өтсөң
болот. Анча акчанын сага кереги
эмне? Өкмөткө өткөрө турган
болсоң жалган акча чыгаргандыгың
үчүн деп түрмөгө кесилип кетесиң.
Баса, ал акчалар чыныгы
акчалардан эч айырмасы жок,
экспертизадан чындап текшерген
күндө дагы баары бир кынтык таба
алышпайт.
Качып деги эч жакка кете
албайсың. Жердин жети кабат
түбүнө, асмандын алты кабат
үстүнө чыгып кетсең дагы баары
бир таап алабыз. Өзүңдүн жакшы
жашооңо өзүң кедерги кылып
жатасың. Ач көздүк кылып аларды
же өзүң пайдаланбай же бизге
пайдалантпай бөөдөдөн бөөдө
талаада каласың, эч нерседен
кутула албайсың. Орго түбөлүк
жатасың, акчаны бизге кайрып
бермейинче ал жактан сени
чыгарбайбыз. Өткөн жолку орго
жатканыңды унуткан жоксуңбу.
Эми андан да хуже болот. Чыныгы
тирүүлөй тозокту көрөсүң.
- Силерге менден эмне керек? -
Диана анын сөзүн бөлүп кетти.
- Анкорлонбо, бардыгын түшүнүп
билиптурасың. Акчаларды каякка
жашырдың көргөзүп бер, болду.
Сенин жүргөн-турганыңдын
бардыгы көрүнүп турат. Ал
акчаларды сен азырынча
пайдалана элексиң. Бир жерге
катып, жашырып салып,
пайдалангандан коркуп жатасың,
же туура эмес айтып жатамбы?
Эгер пайдаланган болсоң
алдагындай болуп жүрбөйт
болчусуң. Кийген кийимдериң,
жүргөн-тургандарың башкача болуп
жалаң алтын буюмдарды тагынып
калмаксың. А түгүл атыңды дагы
билбейбиз сенин ким экениңди.
Асмандан түшкөн периштедей
болуп кайдандыр-жайдандыр
пайда боло калып акчаларды
алдың да кайра көздөн кайым
болуп кеттиң. Сен кимсиң, өзүң
айтчы?
- Кадимки эле кызмын Кыргызстан
тараптан соода кылып келген…
- Калп айтпа сен соода кылган
кызга окшошпойсуң…
- Анда кандай ойлосоңор ошондой
ойлогула. Мен анда ошол силер
ойлоп жаткан кызмын.
- Смелый кыз экенсиң, бирок
эсиңде болсун сен деген азыр
биздин колубуздасың, туткун
кызсың. Сенин тагдырың, келечек
жашооң биздин колубузда. Сени
өлтүрсөк да, мууздасак да биз
өзүбүз билебиз.
- Андай болсо мууздап салгыла.
- Ага шашылба, али убакыт бар
үлгүрөсүң. Бизди деген
акчалардын каякта экени
кызыктырат.
- Өткөн жолу эле айткам, дагы
айтам. Мен силердин анча
акчаңарды алган жокмун. Эгер
алган болсом бул жерде бир мүнөт
да турбайт болчумун. Эбакта
көздөн кайым болмокмун. Же
өзүмдүн жергеме Кыргызстанга
кетмекчимин, же таптакыр эле
башка бул жерден өтө эле алыс
жакка качып жоголмокмун. Силер
мени таппай да калмаксыңар.
Өзүңөр деле ойлобойсуңарбы. Ким
деген ошончо акчаны уурдап алып,
эч нерседен коркпой шаар ичин
аралап жүрсүн. Менин күнөөм,
уурулугум бар болсо ушинтип
көчөдө жөө, ээн-эркин басып
жүрмөк белем. Өзүңөр деле
логический ой жүгүртүп көрсөңөр
боло. Чөнтөгүмдө бир сом акча
жок, кийген кийимдерим болсо бул.
Акчанын жоктугунан өзүмдүн
Кыргызстаныма жете албай жүрөм.
- Антип аңкорлонгонуңдан баары
бир майнап чыкпайт. Ал акчаларды
сен бир жерге жашырып
таштадың… пайдаланып,
чыгымдагандан коркуп жатасың.
Акчаларды сенден башка эч ким
алган жок.
- Өзүңөрдүн кишиңерге ушунчалык
эле ишенесиңерби? Балким
акчалардын баарын өзүңөрдүн
адамыңар алып болгон күнөөнү
мага оодарып коюп, ушул араңарда
отургандыр табасы канып, эч
нерсе билмексен болуп. Керек
болсо ал акчаларды өзүңөрдүн
араңардагы кишиңер алды. Мен
бир сом да алган жокмун.
- Дагы айтам антип
аңкорлонгонуңдан баары бир эч
майнап чыкпайт. Сенимн алганыңа
биз жүз пайызга ишенебиз. Так что
убакыт бар жакшылап ойлон,
калганын эртең сүйлөшөбүз. Али
алдыда убакыт бар маектеше
турган.
Топтошуп турган кишилердин
баары биринин артынан бири
ээрчише сыртка чыгып кетишти.
Алиги Карлсонго окшош
топтомолок болгон киши Диананын
жанына жылмалаңдай басып келди.
- Ырахмат сага кызым, мени бир
өлүмдөн сактап калдың, болбосо…
Болуптур жүрү тиякка.
Ал Диананы ээрчитип барып өзүнө
тааныш, эки жарым айдан ашык
жаткан ордун ичине түшүрүп
сыртынан бекитип таштады.
ДИАНАНЫН ЭНЕ-АТАСЫНЫН
БАЯНЫ
"Булар кимдер болду экен, алиги
Кыргызстандагы Марат
Исабековдун бандалары бардыгы
кармалышып, түп тамыры менен
жок кылынбады беле. Же али да
алар барбы? Андай болушу мүмкүн
эмес, ал боюнча атайын агенттер
иштеп Исабековдун кишилерин түп
тамырынан бери тазаладык дебеди
беле. Баса, айтмакчы Марат
Исабеков өзү чет өлкөлөрдүн
бирине качып кетиптир деген
имишти укпадымбы, балким
ошолордун кишиси болуп
жүрбөсүн? Болуптур, ошолордун
кишиси болсун деп коёюн өздөрү
куйруктарын кысып качып
жүрүшсө көчөдөн эле Диананы
салып алып кетишпейт эле го.
Кайра өзүөлөрүнө өзүлөрү ор
казып алышмак. Бул жерде что-то
не то, же Диана башка бандалар
менен да связы барбы. Деги эмне
деген кыз бул Диана? Каякта
жүрсө да аны куугунтуктап
жүрүшөт. Өткөн жолу да качалаган
кыздар өлүмгө учурашты, а бул
болсо тирүү калды. Диана деген
ким өзү, чын эле кыргыз кызыбы
же чоң мафияда аралашып жүргөн
кылмышкерби? Өткөн жолу
кандайча качып кетти. Үй толугу
менен курчоодо эмес беле. Же аны
менен бетме-бет жолугушуп
сырдашып, сүйлөшө албай койдум.
Аны кокусунан жолуктурбаганда ,
көрбөгөндө мынчалык азаптанбайт
элем. Кызык, аны жер алдындагы
люктун ичине кимдер таштап
кетишкен. Ал люк турган складды
бизден башка эч ким ача албайт
да. Анда ким аны ошол жакка алып
барып сыртынан бекитип
таштаган? Сыйкырчыдай болуп
капысынан пайда боло калат да
кайра ошол эле замат көздөн
кайым болуп кетет. Бул деги
табышмактуу кыз өзү ким, же
Диана деген атты жамынган
Мэхранын сөлөкөтүбү? " Ибрагим
өзү менен өзү сүйлөшө бир нерсеге
башы жетпей турду. Анын ким
экенин Албина өзү да жакшы
билбейт экен. Болгону айылга
баратканда автобустан жолугуп
Мэхрага аябай окшош экенинен
үйүнө алып барып, бир айдан ашык
багып, анан үйүнө узатып
келатканын айтты.
- Баса, айтмакчы, ал биздин үйгө
Кыргызстандагы дарегин
калтырган болчу. Кийинчерээк
конокко дагы келем деп айткан.
Өзү менен кошо сиңдисин ээрчите
келем деген.
- Анын дарегин кантип алсам
болот?
- Эмки келгенде мен ала келем…
- Жок мындай кылалы… - Ибрагим
бир азга ойлонуп калды. - Азыр
бул иш боюнча өзүмдүн тааныш
милицияларыма кабар берейин.
Алар калаа ичинде болгон
Мерседестерди бүт текшерип,
анализдеп чыгышсын. Бул мезгил
аралык ичинде мен сиз менен
кошо айылга барып Диананын
Кыргызстандагы дарегин алып
келейин. Мүмкүнчүлүк болсо ал
жашап турган Кыргызстанына да
барып келем. Диананын ким экени
ошондо анык болот.
Окуя боюнча милицияга
кабарлаганда көптөн бери бул иш
боюнча иштеп жүргөн полковник
кайрадан калаадагы бүт
милицияларды бутуна көтөрдү.
Ташкент шаарынын ичинде болгон
бүт ак мерседестердин тизмелери
компьютер менен алынып, анын
ээлери ким экени каякта иштери
текшериле баштады. Бул мезгил
аралыгында Ибрагим Мэхранын
үйүнөн Диананын дарегин алып,
Кыргызстанга жөнөп кетти.
Ал Бишкек шаарынан анча алыс
эмес Токмок шаарын көп
кыйналбай эле тапты. Атүгүл
Диананын эне-атасы жашаган
көчөнү, үйдү да дароо эле тапты.
- Биз кызыбызды жоготуп
жибергенибизге эки жылдыз жүзү
болуп калды, - деп сөз баштады
Диананын эне-атасы, - тиги
Бишкекте улуу кызыбыз турат,
мектептеги окуусун бүткөндө, же
окууга тапшырам, же иштейм деп
калаага кеткен болчу. Анан эле
дайынсыз жоголуп кетип атпайбы.
Милиция менен издөө кылдырдык,
телевизорго, гезиттерге бердик.
Дегеле эч жерден дайыны
табылбай калган. Ошо убактарда
менин кызым менен куракташ жаш
кыздардын дайынсыз жоголуп
кеткендери көп болуп кеткен.
Аларды уурдап кетишип, чет
өлкөлүктөргө сатып атат деген да
имиштерди укканбыз, бирок
ишенген эмеспиз.
Жедеп издеп-издеп түңүлүп
калганбыз. Аны бирөөлөр өлтүрүп
кетти го деп да ойлодук. "Эмнеге
кечинде көчөгө чыгарасың, ээн-
эркин", - деп калаадагы улуу
кызыбызды да аябай урушканбыз.
Бир жолу күндүзү эле анын үчүнчү
класста окуган кызына Диана
кандайдыр бир жактан телефон
чалыптыр "мен тирүүмүн" деп.
Ошол маалда ал
кошунасыныкында экен. Кызы
барып айтканынан жүгүрүп келсе
телефондогу байланыш үзүлүп
калыптыр. Ошол бойдон издей
бери тажаган соң түңүлүп
калбадымбы. Анан эле мына
жакында туткун кыздарды
кармаган Марат Исабековдун
менчик түрмөсү тууралуу угуп,
кызыбыз ошол жакта болбосун деп
издеп барсак ал жакта кызыбыз
жок болуп чыкты. Баса аны
тааныгандар бар экен. "Аларды
Ташкентке алып кеткен боюнча,
кайрылып келишкен жок дешти
кыздар. Бул боюча Ташкентке да
атайын барып көрдүк бандалар
тарабыан беш-алты кыз
өлтүрүлүптүр, бирок алардын
арасында биздин кыз жок экен.
Кыргызстанга кайтып келишкен
кыздардан сураштырсак "Ооба,
Диана менен чогуу болгонбуз, аны
алып кетишкен, ошол боюнча
көргөн жокбуз" дешет алар да.
Аны өлтүрүп өлүгүн кислотага
салып жиберишти" дешти
баардыгы бир ооздон. Издеп-
издеп эч жерден дайынын
таппаган соң кайрадан аны
жоготуп, өлүү-тирүүсүн билбей
түңүлүп калдык. Жакында анын
ашын бери, куран окутуп коёлу деп
атабыз, - алтымыштарга таяп
барып калган Диананын эне-атасы
өздөрүнчө көздөрүнөн жаштарын
көлдөтүшө мүңкүрөп отурушту.
Эшиктен кирип келген Диананын
сиңдисин көргөн Ибрагим
таңгалганынан оозун ачып калды.
Ал Мэхранын сиңдиси Гүлбахрамга
куюп койгондой окшош экен.
Ибрагим Диананын эне-атасы
менен жакшылап таанышып,
"Сөзсүз кайрылып кайра келем,
жөн келбей Диананын дагы өзүм
менен кошо ээрчите келем" - деп
сөз бере коштошуп кайра
Ташкентке келди. Бул мезгилде
Ташкендин жергиликтүү милиция
кызматкерлеринин жашыруун
агенттери кандайдыр бир
кылмыштуу чоң иштин сары изине
чөп салып калышкан болчу.
КАПАСТАГЫ ОЙ
"Оо Кудайым ай ушинтип эле
азаптан азапка кабылып, эч бир
кутула албай жүрө берет экем го.
Эмне үчүн тагдырым ушундай
болуп жатат. Мына, Марат
Исабековдун менчик түрмөсүндө
шорлоп жүргөн туткун кыздардын
бардыгы эркиндикте жүрүшөт, эне-
аталарынын үйүндө. А менчи?
Мурун кандай туткун болуп азап-
тозокторду тартсам азыр да
ошондон айрылбай жүрөм. Бул
дүйнөдө эмне күнөөм, эмне
жазыгым бар дегеле башыма жүн
чыкканы бирөөнө жамандык
кылган эмесмин. Же өткөн
жашоомдогу өмүрүмдө бирөөнө
катуу жамандык жасагамбы?
"Өткөн жашооңдо бирөөгө аябай
катуу жамандык жасасаң, кийинки
жашоого кайрылып келгениңде
ошонун эки эселентип азабын
тартасың" ", - деп коюшат экен го,
чын эле мен өткөн жашоомдо
жаман киши болгомбу? Эгер жаман
адам болгон болсом жакшы эле
өчүн алгансыды го, кандай гана
азап-тозокторду тартпадым. Же
биротоло өлтүрүп тынчытпайт же
эркиндикке чыгарбайт. Балким
жашоомдун акыркы чеги ушудур?
Өткөн жолкуда го эптеп алдап
атып кутулуп чыгып кеттим эле.
Эми бул киши мага оңою менен
алданбайт. Же акчаларымды
каякка жашырганымды билбейм,
билсем эбак эле көргөзүп бери,
булардан кутулуп кетет элем. ЬЖо-
жок, булар мени кутултпайт болчу,
акчаны кандай таап алышса дароо
ошондой эле көзүмдү курутушмак.
Акча үчүн гана мени тирүү кармап
жүрүшөт, болбосо чын эле эбакта
эле тиги дүйнөдө жүрмөкмүн.
Атайын сынап "мени мууздап эле
салгыла" десем " Ага али шашылба,
али убакыт бар үлгүрөсүң" деп
атышпайбы. Демек, алар мени
акчанын күчү менен гана өлтүрбөй
кармап турушат.
"Экинчи желкемдин чуңкуру
көрсүн" деп кетпедим беле бул
жактан. Кайра Ташкентке
азаптанып эмнеге келдим дейм да.
Исабековдун бандасы
талкаланганы менен дагы бир
башка экинчи банданын бар экенин
кандайча унутуп койдум.
Кымбатына карабай Мэхранын
айылына эле такси жалдап түптүз
Кыргызстанга кете бербей, бул
жакка салпактабай. Мына эми эр
болсоң кутулуп көр. Баса
айтмакчы, алиги автовокзалдагы
мени кучактап калган жигит ким,
Ибрагиммин дегендей болдубу?
"Ооруканага гүл көтөрүп келгеним
эсиңдеби?" - дебедиби, анын өңүн
көргөн эмесмин да. Бирок өңү
тааныш, бир жерден көргөндөй
болуп атам. Кызык каяктан көрдүм
экен аны. Үнү тааныш экен
Ибрагимдин үнүндөй болуп,
анткени ооруканада жатканда мага
көп эле келбедиби. Үнү кадимкидей
кулагыма сиңип калган болчу.
Господи, анын өзүн кайдан көрдүм
эле? Жакында эле көргөнсүп атам…
Ии, эми эстедим. Ооба дал эле
ошол. Тигил Марат Исабековдун
кишилеринин үйүндө өлүм алдында
жатканда мени залга ээрчитип
келишпеди беле. Ошондо эки
колдору арттарына байлануу катар
тизилип турушкан жигиттерди
көргөзүп "жакшылап кара,
булардын ичинен кимисин
тааныйсың?" - деп мени алардын
алдына алып келбеди беле.
Чындыгында мен алардын бирин
да тааныбайт болчумун. Ошондо
ушул жигит менен көздөрүбүз бир
азга чагылыша түшкөн. Анын жүзү
эмнегедир жылуу учурап, андан
көзүмдү тарта албай бир топко
кармалып анан ары көздөй басып
кетпедим беле. Түн ичинде мени
көтөрүп кеткен табышмактуу
чүмбөтчөн ушул Ибрагим болуш
керек. Күндүзү булар менен эки
жаат болуп атыша да кетишкен.
Баса, автовокзалдын жанынан
эмнеге мени катуу кучактап калды
дагы кайра коё бери ийди. Эгерде
чын эле булардын кишиси болсо,
эмдигиче аны жок дегенде бир
жолу көрөт элем го. Чын эле ал
Ибрагим деген жигит ким өзү? Жер
алдындагы люктан куткарган ошол
Ибрагимби? Душманбы же доспу?
Эгер душман болсо, анда эмнеге
күндө гүл алып ооруканага келип
жүрдү? Эме себептен кара чүмбөт
кийип алып бандалар менен
согушуп, атышып жүрөт? Бул жакта
да бандалар менен кошулуп жүрөт.
Ал бандалар менен иштешип
жүргөн бандитпи?
Ибрагим ким өзү, эмнеге эле менин
артымдан калбай сая кууп жүрөт?
Же анын бир тууганы болбосом же
карындашы болбосом… Мына,
автовокзалда мени кучактай калып
ары сүйрөп кетмекчи болуп кайра
коё бери жиберди да булардын
колуна салып берди. Өзү болсо
калып калды. Баса мени өкүртүп-
бакыртып тигил машинеге салып
кетишкенин Мэхранын эжеси
Албина көрбөдү беле. Балким ал
бул жөнүндө милицияга
кабарлагандыр* Бир болсо
ошондон жардам болушу мүмкүн,
болбосо мага эч ким жардам бере
албайт. Баары бир мени таппайт
болуш керек бул жерден эч ким.
Кандай гана обидна, мени менен
чогуу жүргөн кыздардын баары
эркиндикте жүрүшөт. А мен болсо
али туткундамын… Диананын оюн
жогору жактагы дабыштар бузду.
Ал өткөн жолу алдап качып чыгып
кеткен алиги Карлсонго окшош
топтомолок киши экен.
- Курсагың ачтыбы кызым, ме
бобуларды жеп ал, - жогору жактан
ал нан, колбасалардын
кесиндилерин таштады, -
ылдамыраак жеп ал, тигилер келе
электе, көрүп калышса экөөбүздүн
тең сазайыбызды колубузга берет.
Кой, мен кеттим.
Анын башы көрүнбөй калды. Диана
алдында жаткан кесим нан менен
колбасаларды шашпастан жеп
кирди. "Өткөн жолу бул жакта эки
жарым айдан ашык жаттым эле,
эми дагы канча жатаар экенмин".
Көп өтпөй үстү жактан темир
торчонун кулпусу ачылып үч-төрт
киши темир шаты менен төмөн
карай түшүп келишти. Алардын
арасында кечөөгү муруттарын узун
кылып коё берген Тарас Бульбага
окшош киши да жүрөт. Ал
кечөөгүдөй сүрдүү эмес. Дианага
жылмая карап сүйлөп атты.
- Өзүңдүн эски жатаканаңда
кандай эс алдың сулуу кыз. Эгер
биз менен тил табыша албасаң бул
жер сенин түбөлүктүү жайың, үйүң
болот, өлүгүң, сөөгүң гана чыгат
бул жактан. Тирүү чыгам деп эми
ойлобо. Бул тамаша же
коркуткандык эмес… Эми түндөтөн
бери жакшы эле ойлонгондурсуң,
биз дагы ойлонуп бир чечимге
келдик. Мындай сүйлөшөбүз, эгер
сен бизге акчаны кайрып берсең
подружеский поровну бөлүшөбүз.
Жарымын биз алабыз, ал эми
жарымын сага кайрып беребиз.
Охрана менен Кыргызстаныңа
жеткирип коёбуз. Кудайга шүгүр
десең да болот, ошол жарымы эле
небере-чөбөрөлөрүңө чейин кенен-
кесир жетет. Жакшылап дагы
ойлон, убакыт кенен ойлонгонго,
жообуна деле шашпайбыз…
- Жообун айтканда эмне, өткөн
жолу эле айтпадымбы ме алган
жокмун деп, азыр эле айтам
жообун, мен алган эмесмин. Атүгүл
ал акчаларыңарды ким алганын
билбейм…
- Жеткен көк бет кыз экенсиң,
ошол көк беттигиңдин азабын
тартып жүрбө. Биз кеттик эми
көрүшкөнчө жакшы кал, али
алдыда көптөгөн убакыттар бар,
жакшылап ойлонуп бир чечимге
кел. Жарым акчасы сеники болот,
уктуңбу… Алар өздөрүнчө сүйлөшө
өстүнө көтөрүлүп чыгып кетишти
дагы темир тор эшикти жаап
сыртынан кулпулап салышты.
Кайрадан жымжырттык өкүм
сүрдү.
- "Кызык, алар акчаларды мен
алып кеткениме өзүлөрү айткандай
жүз процентке ишенип жатышат.
Албетте мен алып кеткеним чын
дечи, бирок Ташкент шаарынын
алдынан баары эле бири-бирине
окшош болгон люктар да кайсы
биринен издейсиң. Анын үстүнө
кумду терең казып туруп үстүнөн
көмүп, билгизбей таптап тебелеп
таштабадым беле. Эми ал жерди
ит менен аппарат менен издесек
да таппайбыз. Болду ал акчалар
ошол жерде чирип жок болот, ал
эми менин сөөгүм болсо бул жерде
чирип жоголот. Баса, алиги акча
чыгарган цехтин алдындагы люкка
кирип кайра башынан сойлоп
баштасак эмне болот. Ошондо таап
алып жүрбөйлү, жөрмөлөп жүргөн
жерлеримди жакшылап эстесем
балким таап алаармын. Бул
жолкусунда жалгыз сойлобойм да ,
тигилер менен чогуу сойлойм.
Бирок… аай, баары бир таба албайм
го. Аткени жер алдындагы чоң
темир түтүктөр менен өтө эле узак
жол жүргөм. Бири-бирине куюп
койгондой окшош бурулуштар,
өткөөлдөр көп болчу. Менин
божомолумча дээрлик эки күндөй
ошол жер алдында темселеп
адашып жүрбөдүм беле. Жок, ал
жерди табуу кыйын. Бир ай
издесек да таппайбыз, андан көрө
алган жокмун, көргөн жокмун деп
эле коёюн. Акыры ишенишип коё
беришээр. Жер алдындагы
өткөөлдү көрсөтүп коюп
акчаларды таппай калсак даана
ошондо шорум кайнайт. "Тап эле
тап", - деп катуу кыйноого ала
башташат. Чын эле башынан
көргөн жокмун дегенден кийин,
аягына чейин бир сөзгө турайын", -
Диана ушундай бир чечим чыгарып
ошого токтолду.
ЖАШЫРУУН ЦЕХ
Калаа ичиндеги ак мерседестердин
бардыгын такташкан ички иштер
башкармалыгындагы кылмыш
иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери
бир нуктун изи менен жүрүп
отурушуп калаа ичиндеги
жашыруун акча чыгарган цехти
таап чыгышты. Бирок анда
иштеген адамдарды толугу менен
тизмеге түшүрүшө элек болчу.
Дароо эле алардын үстүнөн кылдат
иштей башташты. Короого кирген
ар бир машиненин номерин,
маркасын жазып алып турушчу. Ал
машиненин ээлери ким экенин да
тактап коюп жатышты.
Машинелери менен короого кирип
чыгышкан эле адамдардын
жашаган толук даректерин,
иштеген жерлерин аныктап,
булардын башка жактарда да
уюктары, байланыштары барбы
текшеришип, тымызын иштерди
жүргүзө башташты.
Жашыруун цехте кызмат кылышкан
адамдардын ар биринин шаарда
эки-үчтөн үйү, дачалары, эки-
үчтөн машинелери бар болчу.
Калаа ичинде көптөгөн менчик
кафе, ресторандар иштечү...Эң
башкысы Ташкендеги бирден бир
көрүнөктүү казино да ушуларга
тиешелүү экен. Бош мезгилдеринде
өзүлөрүнүн казинолорунан
чыгышчу эмес. Жашыруун цехтен
чыккан акчалар акырындап эч
шеги билинбей эл арасына тарап
кетчү. Буларды жетектеген,
үстүлөрүнөн караган киши ким
экенин ИИМдин агенттери көпкө
чейин аныктай албай жүрүштү.
Акыры анын ким экенин да
аныктап, тактап чыгышты. Бул
чөйрөнү мурун чет өлкөлөрдө
иштеп келишкен Роберт, Алберт
деген улуттары еврей эки бир
тууган кармашат экен. Акчалар
бардыгы алдын ала даярдалып,
анан төрт жылда бир жолу
чыгарылып турчу. Майда барат
эмес бардыгы тең эң жогорку
суммада чыгарылчу. Мисалы
Кыргызстандын сомдору беш жүз
анан миң сомдук болуп чыкчу.
Башка акчалар да ушундай жогорку
суммада даярдалчу. Ушунча болуп
өкмөт тарабынан бир да жолу шек
саноо болгон эмес, анткени бул
станоктор чет өлкөдөн атайын
уурдалып алынып келинген болчу.
Анын кагаздары да боёктору да
атайын ошол жактан алынып келчү.
Балким Диана болбогондо бул
жашыруун уюм дагы канчага чейин
өз доорандарын сүрүп жүрө берет
эле бир Кудайым өзү билет.
Алардын үстүнөн изилдөө толугу
менен бышылып жетиле
электигине байланыштуу банданы
кармоо операциясы убактылуу
токтотулуп турган болчу.
ИИМдин кызматкерлери Диананы
уурдап кеткен ак мерседести
адегенде Марат Исабековдун али
кармалыша элек куйруктары деп
ойлошкон. Акырындап аңдып
отурушуп күтүлбөгөн ачылышка
туш келип калышат. Кандайдыр
жашыруун уюм бар экенин
билишип, акырындап изилдеп
отурушуп жашыруун акча чыгарган
цех бар экенин аныкташат. Ээси
жок кезде ак мерседестин ичин
текшерише келишкенде заводдон
жаңы гана чыккан, атүгүл адам
колу тийе элек акчаларды
көрүшөт. Бир-экөөн алып барып
экспертизадан өткөрүшкөндө
жасалма экенин аныктай албай
коюшат. Бирок жаңы гана
заводдон чыкканын аныкташат.
Кандайдыр бир шек алуу пайда
болуп жашыруун түн ичинде асман
аркылуу үстүнөн короо ичине
киришип, кылдат тинтип отурушуп,
жашыруун цехтин бар экенин
тактап чыгышат. Ошол эле түнү
кайра жиктерин билгизбей ичине эч
ким байкабаган жерге жашыруун
көрүүчү аппараттарды коюп, кайра
чыгып кетишкен болчу. Ошол
көрүүчү аппарат аркылуу цехке
кирген ар бир адамдын келбети
тартылып алынып, компьютерге
түшүрүлүп турду. Булар Марат
Исабековдун кишилери эмес эле
таптакыр башка уюшкан бандалар
тобу экенин ошондо билишти.
Алардын тобу кечке жуук
өздөрүнүн менчик ресторанында
бир маал чогулуп отурушуп, түн
бир оокумга чейин өздөрүнчө бир
нерселерди сүйлөшүшө анан тарап
кетишчү. Ал жакта эмнелерди
сүйлөшүшөт адегенде атайын
иштеп жатышкан агенттер жакшы
биле албай жүрүштү. Кийинчерээк
ал жакка да диван, креслонун
алдына коюлган угуучу
аппараттарды орнотушкандан
кийин гана эмне жөнүндө
сүйлөшүшкөндөрүн бүт
магнитофонго жаздырып алышып,
эртеси күнү ортого талкууга
салышчу.
Эч шеги билинбеген бул
акчалардын мурунку Союзда
болгон мамлекеттерге акырындап
тарап кетип турганы милиция
кызматкерлерин аябай таң
калтырды. Анткени башка
өлкөлөрдүн бир да бирөөсү ушул
убакка чейин бул акчалардан шек
алышкан эмес. Чыныгы оригинал
акчаларды анын жанына коюп
экөөнүн айырмачылыгын
салыштырып, текшерип көрүшкөн.
Акча чыгаргандардын ушунчалык
профессионалдыгына баа
беришкен. Бирок бул жерде
адамдар эмес, станоктун так
иштешине жараша болчу. Анткени
бракты ах чугарчу. Боёк менен
кагазды Роберт, Алберт деген эки
бир туугандар өздөрү таап
келишчү. Эмне болгон акчалар,
боёктор чек арачылар да, бажыда
иштегендер да шек алышчу эмес.
Бул топтун жашыруун цех ачып
иштете башташканына жети-сегиз
жылдын жүзү болуп калыптыр.
Алар өз убагында
кармалышпаганында өздөрүнүн
пландары боюнча милицияны да,
прокурорду да, сотту да бүт
баарын өз колдоруна алып
коюшмак. Жүрүп-жүрүп отуруп
мамлекетке, бийликке да колдорун
созушмак экен. Жаңыдан
талпынып келаткан балапан сымал
акырындап буттарына туруп
келатышкан болчу. Жашыруун
агенттер алырдын үстүлөрүнөн
тымызын өз иштерин уланта
беришти.
КАПАСТАГЫ КАРМАШУУ
"Өткөн жолу эптеп жолун таап
качып кеттим эле азыр качып
чыгып кете аламбы? Ушундайда
жок дегенде мага поддержка
жасаган, колдогон бирөө болгондо
эле гана. "Одна голова хорошо, две
лучше" дегендей эки адам
болгондо эптеп жолун табат элек.
Жападан жалгыз болуп
жатпаймынбы, кордуктун барын да
жапада жалгыз өзүм көрүп жатам.
Мени булар азыр өлтүрө коюшпайт,
пока акчалардын каякка
жашырылганын билишмейинче.
Андан көрө дагы бир жолу
качкандын жолун ойлонуштуруп
көрөйүн, жолум болсо болду,
болбосо… кызык, эмнеге эле менин
жолум болбой жатат? Качып чыгып
эле кайра туткунга түшүп, биринен
качсам, экинчисине кабылып
таптакыр эле ишим оңолбой койду,
же Кудай Таалам маңдайыма
ушуларды жазып койгонбу? Деги
мунун акыры кандай болуп бүтөөр
экен. Менин өмүрүм кыска ушулар
менен чектелеби же узак
жашаймбы. Же ушундай баскан-
турганымдын баары коркунуч
болуп, азап-тозок менен өмүр
сүрөмбү? "Бул дүйнөдө өмүр бир
келет, ошондуктан ар бир мүнөттү
текке кетирбей жыргап куунап
алыш керек" деп тели-теңтуш
кыздарым отуруштарда тост
сүйлөп калышчу эле го. Алар го
эркиндикте ойлогон ой-
максаттарын ишке ашырып
жүрүшөт. А менчи, көрүнгөн жерде
туткун болуп жүрөм. Азыр менин
эч кимге керегим жок, эне-атам
үчүн дагы, досторум үчүн дагы
эбакта өлгөн адаммын. Бардыгы
тең бу дүйнөдөн эбакта эле кеткен
адам катары эстеринен чыгарып
коюшту мени. Кызык, адам баласы
баарына көнүп, баарына бышып
жетилет экен го, мурун ушуларды
эстеген сайын көзүмөн жаш мелт
эте, ыйлап кирчи элем, азыр
ыйламак турсун башка түшкөн
тагдырым ушундай сыяктуу дегеле
кабак-кашым деп койбойм. Жашоо
бул күрөш ага моюн сунуп туруп
берсең, өзүңдүн турмушуңа өзүң
балта чабасың, аны менен күрөшө,
жеңе билишиң керек. Мен үчүн али
күрөш алдыда, башкалар
эркиндикте жүрүшөт деп эч
мүңкүрөбөшүм керек. Менин
көчөмдө да майрам болор, өзүмдү
өзүм кемсинтип, көңүлүмдү чөгөрө
берсем таптакыр эле туңгуюкка
түшүп кетем, адам болгондон
кийин күрөш менен жашаш керек",
Диана өзүнүн көңүлүн өзү көтөрүп,
кыңылдап ырдап кирди.
- Ох-хоо, бүгүн көңүлүң көтөрүлүп
калыптыр го, же жакшы түш
көргөнсүңбү ыя? - капастын өйдө
жагындагы темир торчодон бир
кишинин башы кылтыйды. Диана
бул кишини өмүрү көрбөптүр.
- Сен кимсиң?
- Сен үчүн какая разница менин
ким экеним. Баса, сенин болочок
күйөөң болом, ха-ха-ха!, -анын
тамылжыган капкара май майлап
койгонсуган өңү Дианага жаккан
жок. - Мындан кийин сен такай
менин көзөмөлүмдө болосуң. Бас
дегенде басып, тур дегенде туруп,
жат дегенде жатып кыскасы,
айтканымды кың дебей аткарып
турасың. Ме сени башкача
элестетип жүрсө тим эле чүрөк
турбайсыңбы ыя, ха-ха-ха.
Фигураң, чатыраган эки алмаң,
келбетиң тим эле шилекейди
жуткурат го ыя, ха-ха-ха!
Өңүнүн суук болгону аз келгенсип
калп эле дайыны жок каткырып
ырсактай бериши Диананын
итиркейин келтире баштады.
- Берки кароолчу каякта?
- Аны эмне кыласың, ага караганда
мен жашмын го, энергичный,
сексуальныймын. Тиягы жарабаган
чалга эмне кызыктың ыя ха-ха-ха!
Тигинин келе элек жатып эле ойду-
тоону сүйлөп, зал жаңырта
каткырып өзүн мазактап
жатканына Диананын ачуусу келе
орой сүйлөп салды.
- Мен сени менен сүйлөшкүм
келбейт, кет ары жакка.
Жогору жакта ырсайып жаткан
капкара болгон кишинин өңү
мостоё түштү.
- Сен мага буйрук бергендей
кимсиң ыя, менин ким экенимди
али биле элексиң го, билбесең
азыр билгизем, мени көргөндө
Кудайыңды көргөндөй кылам! - ал
ачуулана чөнтөгүнөн топ
ачкычтарды алып чыгып, темир
тор эшиктин ачкычын бир топко
таба албай убараланып жатып араң
ачты. Анан темир тепкичти
түшүрүп өзү да төмөн карай түшүп
келди.
- Мен шашпай сени менен
сүйлөшөйүн дедим эле, өзүң
мажбурладың бул ишке. Ал
ырсалактай Дианага жакындап
келатты. Чукул келип шап кучактап
калайын деди эле карматпай
буйтап кетип бурчка кысылып тура
калды.
- Ха-ха-ха, качып кайда барасың
сулуукыз, өзүң деле карасаң боло,
төрт тарабың кыбыла. Аңгектен
качсаң дөңгөккө түшөсүң,
дөңгөктөн качсаң аңгекке түшөсүң,
качкандан эч майнап жок, андан
көрө өз эркиң менен эле…
Экинчи жолу дагы буйтап качып
кетейин деди эле чап эле аны
билектен кармаганга үлгүрдү. Өзүн
көздөй катуу имерип жибергенде
кучагына ороло түштү.
Өпкүлөмөкчү болуп оозун
Диананын бетине жакындатты эле,
алаканы менен анын бетин тосуп
каршылык көрсөтө баштады.
Канчалык далалат кылса дагы,
кучагындагы сулуу кызды өбүүгө
мүмкүнчүлүк ала албай койду.
Кайрадан колтугунан суурулуп
чыгып кетти. Болгон ыкчамдыгына
салып шатыга чуркап жетип барды
дагы өйдө көздөй көтөрүлүп
жөнөдү. Бирок тиги зөөкүр өйдө
чыкканга үлгүртпөй буттарынан
кармап калганга үлгүрдү. Анан
кайра болгон күчү менен төмөн
карай тартты эле Диананын колу
шатыдан чыгып кетип төмөн карай
жерге учуп түштү. Тигиге ушул
керек болчу, аны ордунан
тургузбай бөдөнөнү баскан
кыргыйдай үстүнөн баса калды.
Экөө жерде кармашып, оонап
жатышты. Үстүндөгүсү канча калса
да күчтүүлүк кылып кетти,
алдындагысынын эки колун катуу
былкылдатпай кармап мойну-
башына жалмап өпкүлөп кирди.
Бир кезде Диананын бир колу
бошоп кетти эле үстүндөгү
зөөкүрдү көзгө сайып жиберди. Ал
колдорун коё бери өкүрүп-бакыра
оң көзүн басып калганда бошонуп
кетип ордунан атып турду да,
темир шатыны көздөй болгон күчү
менен чуркап жөнөдү. Тиги эсине
келе эки аттам менен кызга жетип
барып белден кучактады да
ачуулана аны тапатак көтөрүп
туруп жерге болгон күчү менен
уруп калды. Далысы менен катуу
учуп түшкөндүктөн Диананын
өпкөсү куушурула катуу өзөрүп,
дем ала албай онтоп жиберди.
Ошентсе да тигиге моюн бергиси
келбей жакын келип үстүнө баса
жыгылганда ары көздөй өтө
ыкчамдык менен томолонуп кетти
эле тигил жер кучактап калды.
Экөө тең ордуларынан атып
турушту. Жанатан бери өзүнө өзү
ишенип ырсалактап жаткан зөөкүр
кыздын оңой эле моюн сунуп
бербешин билип кабагын түйө эки
колун эки жакка жая жакындап
келатты. Диана кетенчиктеп отуруп
бурчка такалып калды. Эмне
кыларын билбей шаштысы кете
түштү, анан бир нерсе оюна түшө
болгон күчү менен эки бутунун
ортосуна чатка тээп калды. Тигил
өкүрүп-бакыра эки колу менен
алаасын баса чөктүшө отуруп,
катуу ооруганынан көзүн жумуп
жиберди. Диана кайрадан шатыны
көздөй умтулду эле тигил темир
шатыны тээп кулатып салды.
Шаты жерге кулап түшүп өйдө
көтөрүлүп чыкканга мүмкүнчүлүк
болбой калды. Зөөкүр шатынын
үстүнө отуруп алып, эки алаасынын
ортосун басып өкүрө берди. Шаты
жок болгондон кийин кыз эч жакка
качып кете албайт болчу, эмне
кыларын биле албай турду.
Эми зөөкүрдүн чындап жаалы
кайнап чыкты. Ордунан шашпай
турду дагы байкатпай келип
Диананы бетке болгон күчү менен
чаап калды. Күтүлбөгөн катуу
соккуга көздөрүнөн от чагылыша
Диана бурчка камгактай учуп
барып түштү.
- Жакшылыкча түшүнбөдүң, эми
сени менен башкача сүйлөшөм!
Ордунан туруп келаткан алсыз
кызды ичке тээп калды эле, ал
бөктүшө чөгөлөй түштү.
- Сага ушул керек, - анын чачынан
ууштай кармап керилип туруп
болгон күчү менен бетке чапты.
Катуу соккуга Диананын
кадимкидей алы кете шалдырай
түштү. Каршылык көрсөтөйүн деп
колун көтөрүп келатты эле тигил
болгон күчү менен тырыштыра
кармады. Анан ачуусу менен
өзүнчө сүйлөнө, ызырына
алдындагы кызды бетке, ичке,
өпкөгө туш келди эле ургулай
берди. Жедеп алы кетип эси ооп
кыймылсыз жаткан алсыз кыздын
көйнөгүн айрып жиберип, аппак
чытырап турган мамактарын
ырахаттана шашпай өпкүлөп
кирди. Анан өзүнүн шымынын
бүчүлөсүн чече баштаганда өйдө
жактан катуу айбаттуу чыккан үнгө
селт эте түштү.
- Токтот, айбан десе!
Аны үстүнөн эки-үч киши карап
турушкан болчу. Зөөкүр жанталаша
шымын кайра бүчүлөнүп күнөөлүү
кишиче шатыны жогору карай коё
баштады. Жогору жактагылардын
бардыгы төмөн карай түшүп
келишти. Диана Тарас Бульбага
окшоштурган булардын жетекчиси
ачуулана тигинин жанына басып
келди.
- Бул эмне кылганың, айбан десе.
Мен сени ушундай кыл дедим беле
ыя, кайтарып көзөмөл салып тур
дебедим беле. Эмне мынча сабап-
тепкилеп жибергенсиң ыя, өчүң
бардай. Менин сөзүмдү укпай,
буйругумду аткарбагандыгың үчүн
сен катуу наказания аласың.
Бүгүндөн баштап бошсуң,
иштебейсиң. Бар кете берсең
болот.
- Мен буга жамандык жасайын
деген ниетим жок болчу мырзам,
кыз өзү тийишип, өзү каалады,
мен…
- Токтот сөзүңдү! Былжыраган
акмак, мен сага ишенет го деп
турасыңбы. Жогол бул жерден!
Алиги зөөкүр бүжүрөңдөй тепкич
менен үстүнө көтөрүлүп чыгып
кетти. Төмөн түшкөн үчөө бети-
башы шишип, көгөрүп араң дем
алып жаткан Диананы унчукпай
карап турушту.
- Муну дарылаш керек болуп калды
окшойт, - булардын жетекчиси
жанындагы жигитке кайрылды, -
бар сыртка чыгып врачты чакырып
келчи.
Көтөрүлүп сыртка чыгып кеткен
жигит көп өтпөй эле бир киши
менен кайра төмөн карай түшүп
келишти. Ал Диананын көзү-
баштарын карап, тыңшагычы
менен төшүн тыңшап көрдү да
ордунан көтөрүлдү.
- Ничего страшного, выживит. Жөн
эле катуу токмоктоп койсо керек.
Ал эми шишиген беттерине болсо
мазь сүйкөп койсоң эле жакшы
болуп кетет, - ал аптечкасынан
кандайдыр бир мазь алып чыкты
да, Диананын бети-баштарына,
денесине бир сыйра сыйпап өттү.
Сыртка чыгып кеткен дагы
бирөөсү өзү менен кошо матрац,
жаздык одеял алып келди. Аны
жерге төшөп Диананы ага
жаткырышып, үстүнө одеял жаап
коюшту. Алиги жетекчиси
жанындагы жигитти дайындап
жатты.
- Мындай кийин сен кайтарасың
бул жакты. Ты смотри, ушундай
кайталанчу болсо көзүңдү чукуп
салам. Бир көзүңдөн кан, бир
көзүңдөн жаш алам уктуңбу?
- Уктум мырзам.
- Анда буга тамак алып келип
бергиле. Кыз кишини мынчалык
кыйнаган болбойт.
- Жарайт мырзам.
Үчөө кайра үстүнө көтөрүлүп
чыгып кетишти. Көп өтпөй темир
тордогу кулпу шарак-шарак этип
бекилип калды. Диана акырын
көзүн ача айланасына көз жүгүртүп
алды. Эч ким жок экен. Алдында
матрац, башында жаздык, үстүндө
одеял жамынып турганын көрүп,
башка кишилердин да келгенин
боолгоду. Катуу тийген соккудан
эсинен танып калган болчу.
Кыймылдайын десе денеси
жанчылып ооруп калыптыр,
кыймылдай албай чалкасынан
жаткан боюнча былк этпей калды.
#20 28 Март 2014 - 11:49
12-бөлүм
КАЙРАДАН ЭСКИ КАПАСТА
- Бери алып келгилечи аны! -
өлкөн жолку чачын тасырайта алып
таштаган муруттары узун, өңү
кадимки Тарас Бульбанын кейпи
элестеткен, толмочунан келген,
жашы элүүдөн өтүп калган киши
кимгедир ачуусу келе, буйра
сүйлөдү. Эки-үч жигит анын
жанына Диананы жулкулдата
сүйрөп келишти.
- Аябагандай куу, өткүр кыз
окшойсуң, баса өткөн жолу
кандайча качып кетип калдың
капастан. Ал жактан чыкканга
мүмкүн эмес эле го, же биздин
кишилерден кимдир бирөөлөр сага
жардам бердиби?
Диана акчага азгырылып,
бардыгына кайыл болгон, ач көз,
кадимки Карлсонго окшош бою
жапалдаш тарткан, толмочунан
келген кишини бир карап койду.
"Айтсамбы, айтпасамбы" деп бир
аз турду да, анын "бойго жетип
калган эки уулум бар" деп
машинеде акча издеп чыгышканда
айтка сөзү эсине түшүп кетти.
"Мейли жашай берсин", "бобул
болчу" деп аны көзгөзгүсү келген
жок.
- Айтпайсыңбы, тигил тор капастан
кантип чыгып, качып кеттиң, сага
ким жардам берди биздин
кишилерден, же аларды акчага
маарытам деп азгырдыңбы?
- Силердин кишиңерден эч ким
жардам берген жок мага, мени
өзүмдүн кишилерим келишип,
куткарып кетишти.
- Өзүңдүн да кишилериң барбы бул
жакта. Өткөн жолу Ташкентке
биричи жолу келишип эч кимди
тааныбайм деп айтпадың беле.
Демек сен жалгыз эмес экенсиң
да. Баса, айтмакчы алиги
телевизордон көргөзүп аткан
Кыргызстандык
проституткалардын арасында сен
да жок белең ыя? Жашың дагы,
өңүң дагы, жериң дагы баары
ошого ылайыктуу болуп турат. Сен
ошолор жактан качып кеткен жок
белең ыя, болбосо Ташкенде
эмнеге адашып темселеп жүрөсүң?
- Мен өткөн жолу айткам, дагы
кайталап айтам, бул жакка болгону
соода иштери менен гана келгем.
Боз улан балдардан качып
мерседес машиненин багажынын
ичине кирип жашынып калгам.
Анан…
- Эски историяңды дагы
баштадыңбы. Бизди ошого ишенет
деп ойлоп жатасыңбы? Андай
болсо эмнеге өзүңдүн
кыргызстаныңа кеткен жоксуң
эмнеге ушул убакка чейин
Ташкенде темселеп жүрөсүң Азыр
эле айтпадыңбы "мени өзүмдүн
кишилерим келип куткарып
кетишти" деп. Буга кандайча жооп
бересиң?
Диана жаңылып эки ача сөз сүйлөп
алганын эми түшүндү, эски, куу
карышкырларга эмне деп жооп
берээрин билбей кыйын ахывалда
калды.
- Баким милициянын агенттеринен
болуп жүрбө ыя. Андай деп
ойлойун десем биз эбакта
кармалып баарыбыз ойрон
болмокбуз. Демек сен алардын
кишиси эмессиң. Өзүң деле
ойлончу жакшылап анча акчаларды
эмне кыласың. Ал акчалар менен
район эмес областы кенен-кесир
баксаң болот. Кайрылып
берилмейинче баары бир биз сага
жер жүзүндө жашоо бербейбиз.
Акыры өлүп тынасың, үй-бүлөөң
бүт кырылат. Өзүң он гүлүңдүн бир
гүлү ачыла элек жаш кыз экенсиң,
жашоо али алдыда. Биз менен
болсоң, акчаларды кайрып берсең,
биз сага керек болсо
телохранитель болуп беребиз. Сага
эч ким "кың" дей албайт, жашооң
жакшы болот. Ошончо акчаларды
баары бир өмүрүң өткүчө түгөтө
албайсың, бир пачка доллар менен
эле өмүр бою бай жашап өтсөң
болот. Анча акчанын сага кереги
эмне? Өкмөткө өткөрө турган
болсоң жалган акча чыгаргандыгың
үчүн деп түрмөгө кесилип кетесиң.
Баса, ал акчалар чыныгы
акчалардан эч айырмасы жок,
экспертизадан чындап текшерген
күндө дагы баары бир кынтык таба
алышпайт.
Качып деги эч жакка кете
албайсың. Жердин жети кабат
түбүнө, асмандын алты кабат
үстүнө чыгып кетсең дагы баары
бир таап алабыз. Өзүңдүн жакшы
жашооңо өзүң кедерги кылып
жатасың. Ач көздүк кылып аларды
же өзүң пайдаланбай же бизге
пайдалантпай бөөдөдөн бөөдө
талаада каласың, эч нерседен
кутула албайсың. Орго түбөлүк
жатасың, акчаны бизге кайрып
бермейинче ал жактан сени
чыгарбайбыз. Өткөн жолку орго
жатканыңды унуткан жоксуңбу.
Эми андан да хуже болот. Чыныгы
тирүүлөй тозокту көрөсүң.
- Силерге менден эмне керек? -
Диана анын сөзүн бөлүп кетти.
- Анкорлонбо, бардыгын түшүнүп
билиптурасың. Акчаларды каякка
жашырдың көргөзүп бер, болду.
Сенин жүргөн-турганыңдын
бардыгы көрүнүп турат. Ал
акчаларды сен азырынча
пайдалана элексиң. Бир жерге
катып, жашырып салып,
пайдалангандан коркуп жатасың,
же туура эмес айтып жатамбы?
Эгер пайдаланган болсоң
алдагындай болуп жүрбөйт
болчусуң. Кийген кийимдериң,
жүргөн-тургандарың башкача болуп
жалаң алтын буюмдарды тагынып
калмаксың. А түгүл атыңды дагы
билбейбиз сенин ким экениңди.
Асмандан түшкөн периштедей
болуп кайдандыр-жайдандыр
пайда боло калып акчаларды
алдың да кайра көздөн кайым
болуп кеттиң. Сен кимсиң, өзүң
айтчы?
- Кадимки эле кызмын Кыргызстан
тараптан соода кылып келген…
- Калп айтпа сен соода кылган
кызга окшошпойсуң…
- Анда кандай ойлосоңор ошондой
ойлогула. Мен анда ошол силер
ойлоп жаткан кызмын.
- Смелый кыз экенсиң, бирок
эсиңде болсун сен деген азыр
биздин колубуздасың, туткун
кызсың. Сенин тагдырың, келечек
жашооң биздин колубузда. Сени
өлтүрсөк да, мууздасак да биз
өзүбүз билебиз.
- Андай болсо мууздап салгыла.
- Ага шашылба, али убакыт бар
үлгүрөсүң. Бизди деген
акчалардын каякта экени
кызыктырат.
- Өткөн жолу эле айткам, дагы
айтам. Мен силердин анча
акчаңарды алган жокмун. Эгер
алган болсом бул жерде бир мүнөт
да турбайт болчумун. Эбакта
көздөн кайым болмокмун. Же
өзүмдүн жергеме Кыргызстанга
кетмекчимин, же таптакыр эле
башка бул жерден өтө эле алыс
жакка качып жоголмокмун. Силер
мени таппай да калмаксыңар.
Өзүңөр деле ойлобойсуңарбы. Ким
деген ошончо акчаны уурдап алып,
эч нерседен коркпой шаар ичин
аралап жүрсүн. Менин күнөөм,
уурулугум бар болсо ушинтип
көчөдө жөө, ээн-эркин басып
жүрмөк белем. Өзүңөр деле
логический ой жүгүртүп көрсөңөр
боло. Чөнтөгүмдө бир сом акча
жок, кийген кийимдерим болсо бул.
Акчанын жоктугунан өзүмдүн
Кыргызстаныма жете албай жүрөм.
- Антип аңкорлонгонуңдан баары
бир майнап чыкпайт. Ал акчаларды
сен бир жерге жашырып
таштадың… пайдаланып,
чыгымдагандан коркуп жатасың.
Акчаларды сенден башка эч ким
алган жок.
- Өзүңөрдүн кишиңерге ушунчалык
эле ишенесиңерби? Балким
акчалардын баарын өзүңөрдүн
адамыңар алып болгон күнөөнү
мага оодарып коюп, ушул араңарда
отургандыр табасы канып, эч
нерсе билмексен болуп. Керек
болсо ал акчаларды өзүңөрдүн
араңардагы кишиңер алды. Мен
бир сом да алган жокмун.
- Дагы айтам антип
аңкорлонгонуңдан баары бир эч
майнап чыкпайт. Сенимн алганыңа
биз жүз пайызга ишенебиз. Так что
убакыт бар жакшылап ойлон,
калганын эртең сүйлөшөбүз. Али
алдыда убакыт бар маектеше
турган.
Топтошуп турган кишилердин
баары биринин артынан бири
ээрчише сыртка чыгып кетишти.
Алиги Карлсонго окшош
топтомолок болгон киши Диананын
жанына жылмалаңдай басып келди.
- Ырахмат сага кызым, мени бир
өлүмдөн сактап калдың, болбосо…
Болуптур жүрү тиякка.
Ал Диананы ээрчитип барып өзүнө
тааныш, эки жарым айдан ашык
жаткан ордун ичине түшүрүп
сыртынан бекитип таштады.
ДИАНАНЫН ЭНЕ-АТАСЫНЫН
БАЯНЫ
"Булар кимдер болду экен, алиги
Кыргызстандагы Марат
Исабековдун бандалары бардыгы
кармалышып, түп тамыры менен
жок кылынбады беле. Же али да
алар барбы? Андай болушу мүмкүн
эмес, ал боюнча атайын агенттер
иштеп Исабековдун кишилерин түп
тамырынан бери тазаладык дебеди
беле. Баса, айтмакчы Марат
Исабеков өзү чет өлкөлөрдүн
бирине качып кетиптир деген
имишти укпадымбы, балким
ошолордун кишиси болуп
жүрбөсүн? Болуптур, ошолордун
кишиси болсун деп коёюн өздөрү
куйруктарын кысып качып
жүрүшсө көчөдөн эле Диананы
салып алып кетишпейт эле го.
Кайра өзүөлөрүнө өзүлөрү ор
казып алышмак. Бул жерде что-то
не то, же Диана башка бандалар
менен да связы барбы. Деги эмне
деген кыз бул Диана? Каякта
жүрсө да аны куугунтуктап
жүрүшөт. Өткөн жолу да качалаган
кыздар өлүмгө учурашты, а бул
болсо тирүү калды. Диана деген
ким өзү, чын эле кыргыз кызыбы
же чоң мафияда аралашып жүргөн
кылмышкерби? Өткөн жолу
кандайча качып кетти. Үй толугу
менен курчоодо эмес беле. Же аны
менен бетме-бет жолугушуп
сырдашып, сүйлөшө албай койдум.
Аны кокусунан жолуктурбаганда ,
көрбөгөндө мынчалык азаптанбайт
элем. Кызык, аны жер алдындагы
люктун ичине кимдер таштап
кетишкен. Ал люк турган складды
бизден башка эч ким ача албайт
да. Анда ким аны ошол жакка алып
барып сыртынан бекитип
таштаган? Сыйкырчыдай болуп
капысынан пайда боло калат да
кайра ошол эле замат көздөн
кайым болуп кетет. Бул деги
табышмактуу кыз өзү ким, же
Диана деген атты жамынган
Мэхранын сөлөкөтүбү? " Ибрагим
өзү менен өзү сүйлөшө бир нерсеге
башы жетпей турду. Анын ким
экенин Албина өзү да жакшы
билбейт экен. Болгону айылга
баратканда автобустан жолугуп
Мэхрага аябай окшош экенинен
үйүнө алып барып, бир айдан ашык
багып, анан үйүнө узатып
келатканын айтты.
- Баса, айтмакчы, ал биздин үйгө
Кыргызстандагы дарегин
калтырган болчу. Кийинчерээк
конокко дагы келем деп айткан.
Өзү менен кошо сиңдисин ээрчите
келем деген.
- Анын дарегин кантип алсам
болот?
- Эмки келгенде мен ала келем…
- Жок мындай кылалы… - Ибрагим
бир азга ойлонуп калды. - Азыр
бул иш боюнча өзүмдүн тааныш
милицияларыма кабар берейин.
Алар калаа ичинде болгон
Мерседестерди бүт текшерип,
анализдеп чыгышсын. Бул мезгил
аралык ичинде мен сиз менен
кошо айылга барып Диананын
Кыргызстандагы дарегин алып
келейин. Мүмкүнчүлүк болсо ал
жашап турган Кыргызстанына да
барып келем. Диананын ким экени
ошондо анык болот.
Окуя боюнча милицияга
кабарлаганда көптөн бери бул иш
боюнча иштеп жүргөн полковник
кайрадан калаадагы бүт
милицияларды бутуна көтөрдү.
Ташкент шаарынын ичинде болгон
бүт ак мерседестердин тизмелери
компьютер менен алынып, анын
ээлери ким экени каякта иштери
текшериле баштады. Бул мезгил
аралыгында Ибрагим Мэхранын
үйүнөн Диананын дарегин алып,
Кыргызстанга жөнөп кетти.
Ал Бишкек шаарынан анча алыс
эмес Токмок шаарын көп
кыйналбай эле тапты. Атүгүл
Диананын эне-атасы жашаган
көчөнү, үйдү да дароо эле тапты.
- Биз кызыбызды жоготуп
жибергенибизге эки жылдыз жүзү
болуп калды, - деп сөз баштады
Диананын эне-атасы, - тиги
Бишкекте улуу кызыбыз турат,
мектептеги окуусун бүткөндө, же
окууга тапшырам, же иштейм деп
калаага кеткен болчу. Анан эле
дайынсыз жоголуп кетип атпайбы.
Милиция менен издөө кылдырдык,
телевизорго, гезиттерге бердик.
Дегеле эч жерден дайыны
табылбай калган. Ошо убактарда
менин кызым менен куракташ жаш
кыздардын дайынсыз жоголуп
кеткендери көп болуп кеткен.
Аларды уурдап кетишип, чет
өлкөлүктөргө сатып атат деген да
имиштерди укканбыз, бирок
ишенген эмеспиз.
Жедеп издеп-издеп түңүлүп
калганбыз. Аны бирөөлөр өлтүрүп
кетти го деп да ойлодук. "Эмнеге
кечинде көчөгө чыгарасың, ээн-
эркин", - деп калаадагы улуу
кызыбызды да аябай урушканбыз.
Бир жолу күндүзү эле анын үчүнчү
класста окуган кызына Диана
кандайдыр бир жактан телефон
чалыптыр "мен тирүүмүн" деп.
Ошол маалда ал
кошунасыныкында экен. Кызы
барып айтканынан жүгүрүп келсе
телефондогу байланыш үзүлүп
калыптыр. Ошол бойдон издей
бери тажаган соң түңүлүп
калбадымбы. Анан эле мына
жакында туткун кыздарды
кармаган Марат Исабековдун
менчик түрмөсү тууралуу угуп,
кызыбыз ошол жакта болбосун деп
издеп барсак ал жакта кызыбыз
жок болуп чыкты. Баса аны
тааныгандар бар экен. "Аларды
Ташкентке алып кеткен боюнча,
кайрылып келишкен жок дешти
кыздар. Бул боюча Ташкентке да
атайын барып көрдүк бандалар
тарабыан беш-алты кыз
өлтүрүлүптүр, бирок алардын
арасында биздин кыз жок экен.
Кыргызстанга кайтып келишкен
кыздардан сураштырсак "Ооба,
Диана менен чогуу болгонбуз, аны
алып кетишкен, ошол боюнча
көргөн жокбуз" дешет алар да.
Аны өлтүрүп өлүгүн кислотага
салып жиберишти" дешти
баардыгы бир ооздон. Издеп-
издеп эч жерден дайынын
таппаган соң кайрадан аны
жоготуп, өлүү-тирүүсүн билбей
түңүлүп калдык. Жакында анын
ашын бери, куран окутуп коёлу деп
атабыз, - алтымыштарга таяп
барып калган Диананын эне-атасы
өздөрүнчө көздөрүнөн жаштарын
көлдөтүшө мүңкүрөп отурушту.
Эшиктен кирип келген Диананын
сиңдисин көргөн Ибрагим
таңгалганынан оозун ачып калды.
Ал Мэхранын сиңдиси Гүлбахрамга
куюп койгондой окшош экен.
Ибрагим Диананын эне-атасы
менен жакшылап таанышып,
"Сөзсүз кайрылып кайра келем,
жөн келбей Диананын дагы өзүм
менен кошо ээрчите келем" - деп
сөз бере коштошуп кайра
Ташкентке келди. Бул мезгилде
Ташкендин жергиликтүү милиция
кызматкерлеринин жашыруун
агенттери кандайдыр бир
кылмыштуу чоң иштин сары изине
чөп салып калышкан болчу.
КАПАСТАГЫ ОЙ
"Оо Кудайым ай ушинтип эле
азаптан азапка кабылып, эч бир
кутула албай жүрө берет экем го.
Эмне үчүн тагдырым ушундай
болуп жатат. Мына, Марат
Исабековдун менчик түрмөсүндө
шорлоп жүргөн туткун кыздардын
бардыгы эркиндикте жүрүшөт, эне-
аталарынын үйүндө. А менчи?
Мурун кандай туткун болуп азап-
тозокторду тартсам азыр да
ошондон айрылбай жүрөм. Бул
дүйнөдө эмне күнөөм, эмне
жазыгым бар дегеле башыма жүн
чыкканы бирөөнө жамандык
кылган эмесмин. Же өткөн
жашоомдогу өмүрүмдө бирөөнө
катуу жамандык жасагамбы?
"Өткөн жашооңдо бирөөгө аябай
катуу жамандык жасасаң, кийинки
жашоого кайрылып келгениңде
ошонун эки эселентип азабын
тартасың" ", - деп коюшат экен го,
чын эле мен өткөн жашоомдо
жаман киши болгомбу? Эгер жаман
адам болгон болсом жакшы эле
өчүн алгансыды го, кандай гана
азап-тозокторду тартпадым. Же
биротоло өлтүрүп тынчытпайт же
эркиндикке чыгарбайт. Балким
жашоомдун акыркы чеги ушудур?
Өткөн жолкуда го эптеп алдап
атып кутулуп чыгып кеттим эле.
Эми бул киши мага оңою менен
алданбайт. Же акчаларымды
каякка жашырганымды билбейм,
билсем эбак эле көргөзүп бери,
булардан кутулуп кетет элем. ЬЖо-
жок, булар мени кутултпайт болчу,
акчаны кандай таап алышса дароо
ошондой эле көзүмдү курутушмак.
Акча үчүн гана мени тирүү кармап
жүрүшөт, болбосо чын эле эбакта
эле тиги дүйнөдө жүрмөкмүн.
Атайын сынап "мени мууздап эле
салгыла" десем " Ага али шашылба,
али убакыт бар үлгүрөсүң" деп
атышпайбы. Демек, алар мени
акчанын күчү менен гана өлтүрбөй
кармап турушат.
"Экинчи желкемдин чуңкуру
көрсүн" деп кетпедим беле бул
жактан. Кайра Ташкентке
азаптанып эмнеге келдим дейм да.
Исабековдун бандасы
талкаланганы менен дагы бир
башка экинчи банданын бар экенин
кандайча унутуп койдум.
Кымбатына карабай Мэхранын
айылына эле такси жалдап түптүз
Кыргызстанга кете бербей, бул
жакка салпактабай. Мына эми эр
болсоң кутулуп көр. Баса
айтмакчы, алиги автовокзалдагы
мени кучактап калган жигит ким,
Ибрагиммин дегендей болдубу?
"Ооруканага гүл көтөрүп келгеним
эсиңдеби?" - дебедиби, анын өңүн
көргөн эмесмин да. Бирок өңү
тааныш, бир жерден көргөндөй
болуп атам. Кызык каяктан көрдүм
экен аны. Үнү тааныш экен
Ибрагимдин үнүндөй болуп,
анткени ооруканада жатканда мага
көп эле келбедиби. Үнү кадимкидей
кулагыма сиңип калган болчу.
Господи, анын өзүн кайдан көрдүм
эле? Жакында эле көргөнсүп атам…
Ии, эми эстедим. Ооба дал эле
ошол. Тигил Марат Исабековдун
кишилеринин үйүндө өлүм алдында
жатканда мени залга ээрчитип
келишпеди беле. Ошондо эки
колдору арттарына байлануу катар
тизилип турушкан жигиттерди
көргөзүп "жакшылап кара,
булардын ичинен кимисин
тааныйсың?" - деп мени алардын
алдына алып келбеди беле.
Чындыгында мен алардын бирин
да тааныбайт болчумун. Ошондо
ушул жигит менен көздөрүбүз бир
азга чагылыша түшкөн. Анын жүзү
эмнегедир жылуу учурап, андан
көзүмдү тарта албай бир топко
кармалып анан ары көздөй басып
кетпедим беле. Түн ичинде мени
көтөрүп кеткен табышмактуу
чүмбөтчөн ушул Ибрагим болуш
керек. Күндүзү булар менен эки
жаат болуп атыша да кетишкен.
Баса, автовокзалдын жанынан
эмнеге мени катуу кучактап калды
дагы кайра коё бери ийди. Эгерде
чын эле булардын кишиси болсо,
эмдигиче аны жок дегенде бир
жолу көрөт элем го. Чын эле ал
Ибрагим деген жигит ким өзү? Жер
алдындагы люктан куткарган ошол
Ибрагимби? Душманбы же доспу?
Эгер душман болсо, анда эмнеге
күндө гүл алып ооруканага келип
жүрдү? Эме себептен кара чүмбөт
кийип алып бандалар менен
согушуп, атышып жүрөт? Бул жакта
да бандалар менен кошулуп жүрөт.
Ал бандалар менен иштешип
жүргөн бандитпи?
Ибрагим ким өзү, эмнеге эле менин
артымдан калбай сая кууп жүрөт?
Же анын бир тууганы болбосом же
карындашы болбосом… Мына,
автовокзалда мени кучактай калып
ары сүйрөп кетмекчи болуп кайра
коё бери жиберди да булардын
колуна салып берди. Өзү болсо
калып калды. Баса мени өкүртүп-
бакыртып тигил машинеге салып
кетишкенин Мэхранын эжеси
Албина көрбөдү беле. Балким ал
бул жөнүндө милицияга
кабарлагандыр* Бир болсо
ошондон жардам болушу мүмкүн,
болбосо мага эч ким жардам бере
албайт. Баары бир мени таппайт
болуш керек бул жерден эч ким.
Кандай гана обидна, мени менен
чогуу жүргөн кыздардын баары
эркиндикте жүрүшөт. А мен болсо
али туткундамын… Диананын оюн
жогору жактагы дабыштар бузду.
Ал өткөн жолу алдап качып чыгып
кеткен алиги Карлсонго окшош
топтомолок киши экен.
- Курсагың ачтыбы кызым, ме
бобуларды жеп ал, - жогору жактан
ал нан, колбасалардын
кесиндилерин таштады, -
ылдамыраак жеп ал, тигилер келе
электе, көрүп калышса экөөбүздүн
тең сазайыбызды колубузга берет.
Кой, мен кеттим.
Анын башы көрүнбөй калды. Диана
алдында жаткан кесим нан менен
колбасаларды шашпастан жеп
кирди. "Өткөн жолу бул жакта эки
жарым айдан ашык жаттым эле,
эми дагы канча жатаар экенмин".
Көп өтпөй үстү жактан темир
торчонун кулпусу ачылып үч-төрт
киши темир шаты менен төмөн
карай түшүп келишти. Алардын
арасында кечөөгү муруттарын узун
кылып коё берген Тарас Бульбага
окшош киши да жүрөт. Ал
кечөөгүдөй сүрдүү эмес. Дианага
жылмая карап сүйлөп атты.
- Өзүңдүн эски жатаканаңда
кандай эс алдың сулуу кыз. Эгер
биз менен тил табыша албасаң бул
жер сенин түбөлүктүү жайың, үйүң
болот, өлүгүң, сөөгүң гана чыгат
бул жактан. Тирүү чыгам деп эми
ойлобо. Бул тамаша же
коркуткандык эмес… Эми түндөтөн
бери жакшы эле ойлонгондурсуң,
биз дагы ойлонуп бир чечимге
келдик. Мындай сүйлөшөбүз, эгер
сен бизге акчаны кайрып берсең
подружеский поровну бөлүшөбүз.
Жарымын биз алабыз, ал эми
жарымын сага кайрып беребиз.
Охрана менен Кыргызстаныңа
жеткирип коёбуз. Кудайга шүгүр
десең да болот, ошол жарымы эле
небере-чөбөрөлөрүңө чейин кенен-
кесир жетет. Жакшылап дагы
ойлон, убакыт кенен ойлонгонго,
жообуна деле шашпайбыз…
- Жообун айтканда эмне, өткөн
жолу эле айтпадымбы ме алган
жокмун деп, азыр эле айтам
жообун, мен алган эмесмин. Атүгүл
ал акчаларыңарды ким алганын
билбейм…
- Жеткен көк бет кыз экенсиң,
ошол көк беттигиңдин азабын
тартып жүрбө. Биз кеттик эми
көрүшкөнчө жакшы кал, али
алдыда көптөгөн убакыттар бар,
жакшылап ойлонуп бир чечимге
кел. Жарым акчасы сеники болот,
уктуңбу… Алар өздөрүнчө сүйлөшө
өстүнө көтөрүлүп чыгып кетишти
дагы темир тор эшикти жаап
сыртынан кулпулап салышты.
Кайрадан жымжырттык өкүм
сүрдү.
- "Кызык, алар акчаларды мен
алып кеткениме өзүлөрү айткандай
жүз процентке ишенип жатышат.
Албетте мен алып кеткеним чын
дечи, бирок Ташкент шаарынын
алдынан баары эле бири-бирине
окшош болгон люктар да кайсы
биринен издейсиң. Анын үстүнө
кумду терең казып туруп үстүнөн
көмүп, билгизбей таптап тебелеп
таштабадым беле. Эми ал жерди
ит менен аппарат менен издесек
да таппайбыз. Болду ал акчалар
ошол жерде чирип жок болот, ал
эми менин сөөгүм болсо бул жерде
чирип жоголот. Баса, алиги акча
чыгарган цехтин алдындагы люкка
кирип кайра башынан сойлоп
баштасак эмне болот. Ошондо таап
алып жүрбөйлү, жөрмөлөп жүргөн
жерлеримди жакшылап эстесем
балким таап алаармын. Бул
жолкусунда жалгыз сойлобойм да ,
тигилер менен чогуу сойлойм.
Бирок… аай, баары бир таба албайм
го. Аткени жер алдындагы чоң
темир түтүктөр менен өтө эле узак
жол жүргөм. Бири-бирине куюп
койгондой окшош бурулуштар,
өткөөлдөр көп болчу. Менин
божомолумча дээрлик эки күндөй
ошол жер алдында темселеп
адашып жүрбөдүм беле. Жок, ал
жерди табуу кыйын. Бир ай
издесек да таппайбыз, андан көрө
алган жокмун, көргөн жокмун деп
эле коёюн. Акыры ишенишип коё
беришээр. Жер алдындагы
өткөөлдү көрсөтүп коюп
акчаларды таппай калсак даана
ошондо шорум кайнайт. "Тап эле
тап", - деп катуу кыйноого ала
башташат. Чын эле башынан
көргөн жокмун дегенден кийин,
аягына чейин бир сөзгө турайын", -
Диана ушундай бир чечим чыгарып
ошого токтолду.
ЖАШЫРУУН ЦЕХ
Калаа ичиндеги ак мерседестердин
бардыгын такташкан ички иштер
башкармалыгындагы кылмыш
иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери
бир нуктун изи менен жүрүп
отурушуп калаа ичиндеги
жашыруун акча чыгарган цехти
таап чыгышты. Бирок анда
иштеген адамдарды толугу менен
тизмеге түшүрүшө элек болчу.
Дароо эле алардын үстүнөн кылдат
иштей башташты. Короого кирген
ар бир машиненин номерин,
маркасын жазып алып турушчу. Ал
машиненин ээлери ким экенин да
тактап коюп жатышты.
Машинелери менен короого кирип
чыгышкан эле адамдардын
жашаган толук даректерин,
иштеген жерлерин аныктап,
булардын башка жактарда да
уюктары, байланыштары барбы
текшеришип, тымызын иштерди
жүргүзө башташты.
Жашыруун цехте кызмат кылышкан
адамдардын ар биринин шаарда
эки-үчтөн үйү, дачалары, эки-
үчтөн машинелери бар болчу.
Калаа ичинде көптөгөн менчик
кафе, ресторандар иштечү...Эң
башкысы Ташкендеги бирден бир
көрүнөктүү казино да ушуларга
тиешелүү экен. Бош мезгилдеринде
өзүлөрүнүн казинолорунан
чыгышчу эмес. Жашыруун цехтен
чыккан акчалар акырындап эч
шеги билинбей эл арасына тарап
кетчү. Буларды жетектеген,
үстүлөрүнөн караган киши ким
экенин ИИМдин агенттери көпкө
чейин аныктай албай жүрүштү.
Акыры анын ким экенин да
аныктап, тактап чыгышты. Бул
чөйрөнү мурун чет өлкөлөрдө
иштеп келишкен Роберт, Алберт
деген улуттары еврей эки бир
тууган кармашат экен. Акчалар
бардыгы алдын ала даярдалып,
анан төрт жылда бир жолу
чыгарылып турчу. Майда барат
эмес бардыгы тең эң жогорку
суммада чыгарылчу. Мисалы
Кыргызстандын сомдору беш жүз
анан миң сомдук болуп чыкчу.
Башка акчалар да ушундай жогорку
суммада даярдалчу. Ушунча болуп
өкмөт тарабынан бир да жолу шек
саноо болгон эмес, анткени бул
станоктор чет өлкөдөн атайын
уурдалып алынып келинген болчу.
Анын кагаздары да боёктору да
атайын ошол жактан алынып келчү.
Балким Диана болбогондо бул
жашыруун уюм дагы канчага чейин
өз доорандарын сүрүп жүрө берет
эле бир Кудайым өзү билет.
Алардын үстүнөн изилдөө толугу
менен бышылып жетиле
электигине байланыштуу банданы
кармоо операциясы убактылуу
токтотулуп турган болчу.
ИИМдин кызматкерлери Диананы
уурдап кеткен ак мерседести
адегенде Марат Исабековдун али
кармалыша элек куйруктары деп
ойлошкон. Акырындап аңдып
отурушуп күтүлбөгөн ачылышка
туш келип калышат. Кандайдыр
жашыруун уюм бар экенин
билишип, акырындап изилдеп
отурушуп жашыруун акча чыгарган
цех бар экенин аныкташат. Ээси
жок кезде ак мерседестин ичин
текшерише келишкенде заводдон
жаңы гана чыккан, атүгүл адам
колу тийе элек акчаларды
көрүшөт. Бир-экөөн алып барып
экспертизадан өткөрүшкөндө
жасалма экенин аныктай албай
коюшат. Бирок жаңы гана
заводдон чыкканын аныкташат.
Кандайдыр бир шек алуу пайда
болуп жашыруун түн ичинде асман
аркылуу үстүнөн короо ичине
киришип, кылдат тинтип отурушуп,
жашыруун цехтин бар экенин
тактап чыгышат. Ошол эле түнү
кайра жиктерин билгизбей ичине эч
ким байкабаган жерге жашыруун
көрүүчү аппараттарды коюп, кайра
чыгып кетишкен болчу. Ошол
көрүүчү аппарат аркылуу цехке
кирген ар бир адамдын келбети
тартылып алынып, компьютерге
түшүрүлүп турду. Булар Марат
Исабековдун кишилери эмес эле
таптакыр башка уюшкан бандалар
тобу экенин ошондо билишти.
Алардын тобу кечке жуук
өздөрүнүн менчик ресторанында
бир маал чогулуп отурушуп, түн
бир оокумга чейин өздөрүнчө бир
нерселерди сүйлөшүшө анан тарап
кетишчү. Ал жакта эмнелерди
сүйлөшүшөт адегенде атайын
иштеп жатышкан агенттер жакшы
биле албай жүрүштү. Кийинчерээк
ал жакка да диван, креслонун
алдына коюлган угуучу
аппараттарды орнотушкандан
кийин гана эмне жөнүндө
сүйлөшүшкөндөрүн бүт
магнитофонго жаздырып алышып,
эртеси күнү ортого талкууга
салышчу.
Эч шеги билинбеген бул
акчалардын мурунку Союзда
болгон мамлекеттерге акырындап
тарап кетип турганы милиция
кызматкерлерин аябай таң
калтырды. Анткени башка
өлкөлөрдүн бир да бирөөсү ушул
убакка чейин бул акчалардан шек
алышкан эмес. Чыныгы оригинал
акчаларды анын жанына коюп
экөөнүн айырмачылыгын
салыштырып, текшерип көрүшкөн.
Акча чыгаргандардын ушунчалык
профессионалдыгына баа
беришкен. Бирок бул жерде
адамдар эмес, станоктун так
иштешине жараша болчу. Анткени
бракты ах чугарчу. Боёк менен
кагазды Роберт, Алберт деген эки
бир туугандар өздөрү таап
келишчү. Эмне болгон акчалар,
боёктор чек арачылар да, бажыда
иштегендер да шек алышчу эмес.
Бул топтун жашыруун цех ачып
иштете башташканына жети-сегиз
жылдын жүзү болуп калыптыр.
Алар өз убагында
кармалышпаганында өздөрүнүн
пландары боюнча милицияны да,
прокурорду да, сотту да бүт
баарын өз колдоруна алып
коюшмак. Жүрүп-жүрүп отуруп
мамлекетке, бийликке да колдорун
созушмак экен. Жаңыдан
талпынып келаткан балапан сымал
акырындап буттарына туруп
келатышкан болчу. Жашыруун
агенттер алырдын үстүлөрүнөн
тымызын өз иштерин уланта
беришти.
КАПАСТАГЫ КАРМАШУУ
"Өткөн жолу эптеп жолун таап
качып кеттим эле азыр качып
чыгып кете аламбы? Ушундайда
жок дегенде мага поддержка
жасаган, колдогон бирөө болгондо
эле гана. "Одна голова хорошо, две
лучше" дегендей эки адам
болгондо эптеп жолун табат элек.
Жападан жалгыз болуп
жатпаймынбы, кордуктун барын да
жапада жалгыз өзүм көрүп жатам.
Мени булар азыр өлтүрө коюшпайт,
пока акчалардын каякка
жашырылганын билишмейинче.
Андан көрө дагы бир жолу
качкандын жолун ойлонуштуруп
көрөйүн, жолум болсо болду,
болбосо… кызык, эмнеге эле менин
жолум болбой жатат? Качып чыгып
эле кайра туткунга түшүп, биринен
качсам, экинчисине кабылып
таптакыр эле ишим оңолбой койду,
же Кудай Таалам маңдайыма
ушуларды жазып койгонбу? Деги
мунун акыры кандай болуп бүтөөр
экен. Менин өмүрүм кыска ушулар
менен чектелеби же узак
жашаймбы. Же ушундай баскан-
турганымдын баары коркунуч
болуп, азап-тозок менен өмүр
сүрөмбү? "Бул дүйнөдө өмүр бир
келет, ошондуктан ар бир мүнөттү
текке кетирбей жыргап куунап
алыш керек" деп тели-теңтуш
кыздарым отуруштарда тост
сүйлөп калышчу эле го. Алар го
эркиндикте ойлогон ой-
максаттарын ишке ашырып
жүрүшөт. А менчи, көрүнгөн жерде
туткун болуп жүрөм. Азыр менин
эч кимге керегим жок, эне-атам
үчүн дагы, досторум үчүн дагы
эбакта өлгөн адаммын. Бардыгы
тең бу дүйнөдөн эбакта эле кеткен
адам катары эстеринен чыгарып
коюшту мени. Кызык, адам баласы
баарына көнүп, баарына бышып
жетилет экен го, мурун ушуларды
эстеген сайын көзүмөн жаш мелт
эте, ыйлап кирчи элем, азыр
ыйламак турсун башка түшкөн
тагдырым ушундай сыяктуу дегеле
кабак-кашым деп койбойм. Жашоо
бул күрөш ага моюн сунуп туруп
берсең, өзүңдүн турмушуңа өзүң
балта чабасың, аны менен күрөшө,
жеңе билишиң керек. Мен үчүн али
күрөш алдыда, башкалар
эркиндикте жүрүшөт деп эч
мүңкүрөбөшүм керек. Менин
көчөмдө да майрам болор, өзүмдү
өзүм кемсинтип, көңүлүмдү чөгөрө
берсем таптакыр эле туңгуюкка
түшүп кетем, адам болгондон
кийин күрөш менен жашаш керек",
Диана өзүнүн көңүлүн өзү көтөрүп,
кыңылдап ырдап кирди.
- Ох-хоо, бүгүн көңүлүң көтөрүлүп
калыптыр го, же жакшы түш
көргөнсүңбү ыя? - капастын өйдө
жагындагы темир торчодон бир
кишинин башы кылтыйды. Диана
бул кишини өмүрү көрбөптүр.
- Сен кимсиң?
- Сен үчүн какая разница менин
ким экеним. Баса, сенин болочок
күйөөң болом, ха-ха-ха!, -анын
тамылжыган капкара май майлап
койгонсуган өңү Дианага жаккан
жок. - Мындан кийин сен такай
менин көзөмөлүмдө болосуң. Бас
дегенде басып, тур дегенде туруп,
жат дегенде жатып кыскасы,
айтканымды кың дебей аткарып
турасың. Ме сени башкача
элестетип жүрсө тим эле чүрөк
турбайсыңбы ыя, ха-ха-ха.
Фигураң, чатыраган эки алмаң,
келбетиң тим эле шилекейди
жуткурат го ыя, ха-ха-ха!
Өңүнүн суук болгону аз келгенсип
калп эле дайыны жок каткырып
ырсактай бериши Диананын
итиркейин келтире баштады.
- Берки кароолчу каякта?
- Аны эмне кыласың, ага караганда
мен жашмын го, энергичный,
сексуальныймын. Тиягы жарабаган
чалга эмне кызыктың ыя ха-ха-ха!
Тигинин келе элек жатып эле ойду-
тоону сүйлөп, зал жаңырта
каткырып өзүн мазактап
жатканына Диананын ачуусу келе
орой сүйлөп салды.
- Мен сени менен сүйлөшкүм
келбейт, кет ары жакка.
Жогору жакта ырсайып жаткан
капкара болгон кишинин өңү
мостоё түштү.
- Сен мага буйрук бергендей
кимсиң ыя, менин ким экенимди
али биле элексиң го, билбесең
азыр билгизем, мени көргөндө
Кудайыңды көргөндөй кылам! - ал
ачуулана чөнтөгүнөн топ
ачкычтарды алып чыгып, темир
тор эшиктин ачкычын бир топко
таба албай убараланып жатып араң
ачты. Анан темир тепкичти
түшүрүп өзү да төмөн карай түшүп
келди.
- Мен шашпай сени менен
сүйлөшөйүн дедим эле, өзүң
мажбурладың бул ишке. Ал
ырсалактай Дианага жакындап
келатты. Чукул келип шап кучактап
калайын деди эле карматпай
буйтап кетип бурчка кысылып тура
калды.
- Ха-ха-ха, качып кайда барасың
сулуукыз, өзүң деле карасаң боло,
төрт тарабың кыбыла. Аңгектен
качсаң дөңгөккө түшөсүң,
дөңгөктөн качсаң аңгекке түшөсүң,
качкандан эч майнап жок, андан
көрө өз эркиң менен эле…
Экинчи жолу дагы буйтап качып
кетейин деди эле чап эле аны
билектен кармаганга үлгүрдү. Өзүн
көздөй катуу имерип жибергенде
кучагына ороло түштү.
Өпкүлөмөкчү болуп оозун
Диананын бетине жакындатты эле,
алаканы менен анын бетин тосуп
каршылык көрсөтө баштады.
Канчалык далалат кылса дагы,
кучагындагы сулуу кызды өбүүгө
мүмкүнчүлүк ала албай койду.
Кайрадан колтугунан суурулуп
чыгып кетти. Болгон ыкчамдыгына
салып шатыга чуркап жетип барды
дагы өйдө көздөй көтөрүлүп
жөнөдү. Бирок тиги зөөкүр өйдө
чыкканга үлгүртпөй буттарынан
кармап калганга үлгүрдү. Анан
кайра болгон күчү менен төмөн
карай тартты эле Диананын колу
шатыдан чыгып кетип төмөн карай
жерге учуп түштү. Тигиге ушул
керек болчу, аны ордунан
тургузбай бөдөнөнү баскан
кыргыйдай үстүнөн баса калды.
Экөө жерде кармашып, оонап
жатышты. Үстүндөгүсү канча калса
да күчтүүлүк кылып кетти,
алдындагысынын эки колун катуу
былкылдатпай кармап мойну-
башына жалмап өпкүлөп кирди.
Бир кезде Диананын бир колу
бошоп кетти эле үстүндөгү
зөөкүрдү көзгө сайып жиберди. Ал
колдорун коё бери өкүрүп-бакыра
оң көзүн басып калганда бошонуп
кетип ордунан атып турду да,
темир шатыны көздөй болгон күчү
менен чуркап жөнөдү. Тиги эсине
келе эки аттам менен кызга жетип
барып белден кучактады да
ачуулана аны тапатак көтөрүп
туруп жерге болгон күчү менен
уруп калды. Далысы менен катуу
учуп түшкөндүктөн Диананын
өпкөсү куушурула катуу өзөрүп,
дем ала албай онтоп жиберди.
Ошентсе да тигиге моюн бергиси
келбей жакын келип үстүнө баса
жыгылганда ары көздөй өтө
ыкчамдык менен томолонуп кетти
эле тигил жер кучактап калды.
Экөө тең ордуларынан атып
турушту. Жанатан бери өзүнө өзү
ишенип ырсалактап жаткан зөөкүр
кыздын оңой эле моюн сунуп
бербешин билип кабагын түйө эки
колун эки жакка жая жакындап
келатты. Диана кетенчиктеп отуруп
бурчка такалып калды. Эмне
кыларын билбей шаштысы кете
түштү, анан бир нерсе оюна түшө
болгон күчү менен эки бутунун
ортосуна чатка тээп калды. Тигил
өкүрүп-бакыра эки колу менен
алаасын баса чөктүшө отуруп,
катуу ооруганынан көзүн жумуп
жиберди. Диана кайрадан шатыны
көздөй умтулду эле тигил темир
шатыны тээп кулатып салды.
Шаты жерге кулап түшүп өйдө
көтөрүлүп чыкканга мүмкүнчүлүк
болбой калды. Зөөкүр шатынын
үстүнө отуруп алып, эки алаасынын
ортосун басып өкүрө берди. Шаты
жок болгондон кийин кыз эч жакка
качып кете албайт болчу, эмне
кыларын биле албай турду.
Эми зөөкүрдүн чындап жаалы
кайнап чыкты. Ордунан шашпай
турду дагы байкатпай келип
Диананы бетке болгон күчү менен
чаап калды. Күтүлбөгөн катуу
соккуга көздөрүнөн от чагылыша
Диана бурчка камгактай учуп
барып түштү.
- Жакшылыкча түшүнбөдүң, эми
сени менен башкача сүйлөшөм!
Ордунан туруп келаткан алсыз
кызды ичке тээп калды эле, ал
бөктүшө чөгөлөй түштү.
- Сага ушул керек, - анын чачынан
ууштай кармап керилип туруп
болгон күчү менен бетке чапты.
Катуу соккуга Диананын
кадимкидей алы кете шалдырай
түштү. Каршылык көрсөтөйүн деп
колун көтөрүп келатты эле тигил
болгон күчү менен тырыштыра
кармады. Анан ачуусу менен
өзүнчө сүйлөнө, ызырына
алдындагы кызды бетке, ичке,
өпкөгө туш келди эле ургулай
берди. Жедеп алы кетип эси ооп
кыймылсыз жаткан алсыз кыздын
көйнөгүн айрып жиберип, аппак
чытырап турган мамактарын
ырахаттана шашпай өпкүлөп
кирди. Анан өзүнүн шымынын
бүчүлөсүн чече баштаганда өйдө
жактан катуу айбаттуу чыккан үнгө
селт эте түштү.
- Токтот, айбан десе!
Аны үстүнөн эки-үч киши карап
турушкан болчу. Зөөкүр жанталаша
шымын кайра бүчүлөнүп күнөөлүү
кишиче шатыны жогору карай коё
баштады. Жогору жактагылардын
бардыгы төмөн карай түшүп
келишти. Диана Тарас Бульбага
окшоштурган булардын жетекчиси
ачуулана тигинин жанына басып
келди.
- Бул эмне кылганың, айбан десе.
Мен сени ушундай кыл дедим беле
ыя, кайтарып көзөмөл салып тур
дебедим беле. Эмне мынча сабап-
тепкилеп жибергенсиң ыя, өчүң
бардай. Менин сөзүмдү укпай,
буйругумду аткарбагандыгың үчүн
сен катуу наказания аласың.
Бүгүндөн баштап бошсуң,
иштебейсиң. Бар кете берсең
болот.
- Мен буга жамандык жасайын
деген ниетим жок болчу мырзам,
кыз өзү тийишип, өзү каалады,
мен…
- Токтот сөзүңдү! Былжыраган
акмак, мен сага ишенет го деп
турасыңбы. Жогол бул жерден!
Алиги зөөкүр бүжүрөңдөй тепкич
менен үстүнө көтөрүлүп чыгып
кетти. Төмөн түшкөн үчөө бети-
башы шишип, көгөрүп араң дем
алып жаткан Диананы унчукпай
карап турушту.
- Муну дарылаш керек болуп калды
окшойт, - булардын жетекчиси
жанындагы жигитке кайрылды, -
бар сыртка чыгып врачты чакырып
келчи.
Көтөрүлүп сыртка чыгып кеткен
жигит көп өтпөй эле бир киши
менен кайра төмөн карай түшүп
келишти. Ал Диананын көзү-
баштарын карап, тыңшагычы
менен төшүн тыңшап көрдү да
ордунан көтөрүлдү.
- Ничего страшного, выживит. Жөн
эле катуу токмоктоп койсо керек.
Ал эми шишиген беттерине болсо
мазь сүйкөп койсоң эле жакшы
болуп кетет, - ал аптечкасынан
кандайдыр бир мазь алып чыкты
да, Диананын бети-баштарына,
денесине бир сыйра сыйпап өттү.
Сыртка чыгып кеткен дагы
бирөөсү өзү менен кошо матрац,
жаздык одеял алып келди. Аны
жерге төшөп Диананы ага
жаткырышып, үстүнө одеял жаап
коюшту. Алиги жетекчиси
жанындагы жигитти дайындап
жатты.
- Мындай кийин сен кайтарасың
бул жакты. Ты смотри, ушундай
кайталанчу болсо көзүңдү чукуп
салам. Бир көзүңдөн кан, бир
көзүңдөн жаш алам уктуңбу?
- Уктум мырзам.
- Анда буга тамак алып келип
бергиле. Кыз кишини мынчалык
кыйнаган болбойт.
- Жарайт мырзам.
Үчөө кайра үстүнө көтөрүлүп
чыгып кетишти. Көп өтпөй темир
тордогу кулпу шарак-шарак этип
бекилип калды. Диана акырын
көзүн ача айланасына көз жүгүртүп
алды. Эч ким жок экен. Алдында
матрац, башында жаздык, үстүндө
одеял жамынып турганын көрүп,
башка кишилердин да келгенин
боолгоду. Катуу тийген соккудан
эсинен танып калган болчу.
Кыймылдайын десе денеси
жанчылып ооруп калыптыр,
кыймылдай албай чалкасынан
жаткан боюнча былк этпей калды.
КАЙРАДАН ЭСКИ КАПАСТА
- Бери алып келгилечи аны! -
өлкөн жолку чачын тасырайта алып
таштаган муруттары узун, өңү
кадимки Тарас Бульбанын кейпи
элестеткен, толмочунан келген,
жашы элүүдөн өтүп калган киши
кимгедир ачуусу келе, буйра
сүйлөдү. Эки-үч жигит анын
жанына Диананы жулкулдата
сүйрөп келишти.
- Аябагандай куу, өткүр кыз
окшойсуң, баса өткөн жолу
кандайча качып кетип калдың
капастан. Ал жактан чыкканга
мүмкүн эмес эле го, же биздин
кишилерден кимдир бирөөлөр сага
жардам бердиби?
Диана акчага азгырылып,
бардыгына кайыл болгон, ач көз,
кадимки Карлсонго окшош бою
жапалдаш тарткан, толмочунан
келген кишини бир карап койду.
"Айтсамбы, айтпасамбы" деп бир
аз турду да, анын "бойго жетип
калган эки уулум бар" деп
машинеде акча издеп чыгышканда
айтка сөзү эсине түшүп кетти.
"Мейли жашай берсин", "бобул
болчу" деп аны көзгөзгүсү келген
жок.
- Айтпайсыңбы, тигил тор капастан
кантип чыгып, качып кеттиң, сага
ким жардам берди биздин
кишилерден, же аларды акчага
маарытам деп азгырдыңбы?
- Силердин кишиңерден эч ким
жардам берген жок мага, мени
өзүмдүн кишилерим келишип,
куткарып кетишти.
- Өзүңдүн да кишилериң барбы бул
жакта. Өткөн жолу Ташкентке
биричи жолу келишип эч кимди
тааныбайм деп айтпадың беле.
Демек сен жалгыз эмес экенсиң
да. Баса, айтмакчы алиги
телевизордон көргөзүп аткан
Кыргызстандык
проституткалардын арасында сен
да жок белең ыя? Жашың дагы,
өңүң дагы, жериң дагы баары
ошого ылайыктуу болуп турат. Сен
ошолор жактан качып кеткен жок
белең ыя, болбосо Ташкенде
эмнеге адашып темселеп жүрөсүң?
- Мен өткөн жолу айткам, дагы
кайталап айтам, бул жакка болгону
соода иштери менен гана келгем.
Боз улан балдардан качып
мерседес машиненин багажынын
ичине кирип жашынып калгам.
Анан…
- Эски историяңды дагы
баштадыңбы. Бизди ошого ишенет
деп ойлоп жатасыңбы? Андай
болсо эмнеге өзүңдүн
кыргызстаныңа кеткен жоксуң
эмнеге ушул убакка чейин
Ташкенде темселеп жүрөсүң Азыр
эле айтпадыңбы "мени өзүмдүн
кишилерим келип куткарып
кетишти" деп. Буга кандайча жооп
бересиң?
Диана жаңылып эки ача сөз сүйлөп
алганын эми түшүндү, эски, куу
карышкырларга эмне деп жооп
берээрин билбей кыйын ахывалда
калды.
- Баким милициянын агенттеринен
болуп жүрбө ыя. Андай деп
ойлойун десем биз эбакта
кармалып баарыбыз ойрон
болмокбуз. Демек сен алардын
кишиси эмессиң. Өзүң деле
ойлончу жакшылап анча акчаларды
эмне кыласың. Ал акчалар менен
район эмес областы кенен-кесир
баксаң болот. Кайрылып
берилмейинче баары бир биз сага
жер жүзүндө жашоо бербейбиз.
Акыры өлүп тынасың, үй-бүлөөң
бүт кырылат. Өзүң он гүлүңдүн бир
гүлү ачыла элек жаш кыз экенсиң,
жашоо али алдыда. Биз менен
болсоң, акчаларды кайрып берсең,
биз сага керек болсо
телохранитель болуп беребиз. Сага
эч ким "кың" дей албайт, жашооң
жакшы болот. Ошончо акчаларды
баары бир өмүрүң өткүчө түгөтө
албайсың, бир пачка доллар менен
эле өмүр бою бай жашап өтсөң
болот. Анча акчанын сага кереги
эмне? Өкмөткө өткөрө турган
болсоң жалган акча чыгаргандыгың
үчүн деп түрмөгө кесилип кетесиң.
Баса, ал акчалар чыныгы
акчалардан эч айырмасы жок,
экспертизадан чындап текшерген
күндө дагы баары бир кынтык таба
алышпайт.
Качып деги эч жакка кете
албайсың. Жердин жети кабат
түбүнө, асмандын алты кабат
үстүнө чыгып кетсең дагы баары
бир таап алабыз. Өзүңдүн жакшы
жашооңо өзүң кедерги кылып
жатасың. Ач көздүк кылып аларды
же өзүң пайдаланбай же бизге
пайдалантпай бөөдөдөн бөөдө
талаада каласың, эч нерседен
кутула албайсың. Орго түбөлүк
жатасың, акчаны бизге кайрып
бермейинче ал жактан сени
чыгарбайбыз. Өткөн жолку орго
жатканыңды унуткан жоксуңбу.
Эми андан да хуже болот. Чыныгы
тирүүлөй тозокту көрөсүң.
- Силерге менден эмне керек? -
Диана анын сөзүн бөлүп кетти.
- Анкорлонбо, бардыгын түшүнүп
билиптурасың. Акчаларды каякка
жашырдың көргөзүп бер, болду.
Сенин жүргөн-турганыңдын
бардыгы көрүнүп турат. Ал
акчаларды сен азырынча
пайдалана элексиң. Бир жерге
катып, жашырып салып,
пайдалангандан коркуп жатасың,
же туура эмес айтып жатамбы?
Эгер пайдаланган болсоң
алдагындай болуп жүрбөйт
болчусуң. Кийген кийимдериң,
жүргөн-тургандарың башкача болуп
жалаң алтын буюмдарды тагынып
калмаксың. А түгүл атыңды дагы
билбейбиз сенин ким экениңди.
Асмандан түшкөн периштедей
болуп кайдандыр-жайдандыр
пайда боло калып акчаларды
алдың да кайра көздөн кайым
болуп кеттиң. Сен кимсиң, өзүң
айтчы?
- Кадимки эле кызмын Кыргызстан
тараптан соода кылып келген…
- Калп айтпа сен соода кылган
кызга окшошпойсуң…
- Анда кандай ойлосоңор ошондой
ойлогула. Мен анда ошол силер
ойлоп жаткан кызмын.
- Смелый кыз экенсиң, бирок
эсиңде болсун сен деген азыр
биздин колубуздасың, туткун
кызсың. Сенин тагдырың, келечек
жашооң биздин колубузда. Сени
өлтүрсөк да, мууздасак да биз
өзүбүз билебиз.
- Андай болсо мууздап салгыла.
- Ага шашылба, али убакыт бар
үлгүрөсүң. Бизди деген
акчалардын каякта экени
кызыктырат.
- Өткөн жолу эле айткам, дагы
айтам. Мен силердин анча
акчаңарды алган жокмун. Эгер
алган болсом бул жерде бир мүнөт
да турбайт болчумун. Эбакта
көздөн кайым болмокмун. Же
өзүмдүн жергеме Кыргызстанга
кетмекчимин, же таптакыр эле
башка бул жерден өтө эле алыс
жакка качып жоголмокмун. Силер
мени таппай да калмаксыңар.
Өзүңөр деле ойлобойсуңарбы. Ким
деген ошончо акчаны уурдап алып,
эч нерседен коркпой шаар ичин
аралап жүрсүн. Менин күнөөм,
уурулугум бар болсо ушинтип
көчөдө жөө, ээн-эркин басып
жүрмөк белем. Өзүңөр деле
логический ой жүгүртүп көрсөңөр
боло. Чөнтөгүмдө бир сом акча
жок, кийген кийимдерим болсо бул.
Акчанын жоктугунан өзүмдүн
Кыргызстаныма жете албай жүрөм.
- Антип аңкорлонгонуңдан баары
бир майнап чыкпайт. Ал акчаларды
сен бир жерге жашырып
таштадың… пайдаланып,
чыгымдагандан коркуп жатасың.
Акчаларды сенден башка эч ким
алган жок.
- Өзүңөрдүн кишиңерге ушунчалык
эле ишенесиңерби? Балким
акчалардын баарын өзүңөрдүн
адамыңар алып болгон күнөөнү
мага оодарып коюп, ушул араңарда
отургандыр табасы канып, эч
нерсе билмексен болуп. Керек
болсо ал акчаларды өзүңөрдүн
араңардагы кишиңер алды. Мен
бир сом да алган жокмун.
- Дагы айтам антип
аңкорлонгонуңдан баары бир эч
майнап чыкпайт. Сенимн алганыңа
биз жүз пайызга ишенебиз. Так что
убакыт бар жакшылап ойлон,
калганын эртең сүйлөшөбүз. Али
алдыда убакыт бар маектеше
турган.
Топтошуп турган кишилердин
баары биринин артынан бири
ээрчише сыртка чыгып кетишти.
Алиги Карлсонго окшош
топтомолок болгон киши Диананын
жанына жылмалаңдай басып келди.
- Ырахмат сага кызым, мени бир
өлүмдөн сактап калдың, болбосо…
Болуптур жүрү тиякка.
Ал Диананы ээрчитип барып өзүнө
тааныш, эки жарым айдан ашык
жаткан ордун ичине түшүрүп
сыртынан бекитип таштады.
ДИАНАНЫН ЭНЕ-АТАСЫНЫН
БАЯНЫ
"Булар кимдер болду экен, алиги
Кыргызстандагы Марат
Исабековдун бандалары бардыгы
кармалышып, түп тамыры менен
жок кылынбады беле. Же али да
алар барбы? Андай болушу мүмкүн
эмес, ал боюнча атайын агенттер
иштеп Исабековдун кишилерин түп
тамырынан бери тазаладык дебеди
беле. Баса, айтмакчы Марат
Исабеков өзү чет өлкөлөрдүн
бирине качып кетиптир деген
имишти укпадымбы, балким
ошолордун кишиси болуп
жүрбөсүн? Болуптур, ошолордун
кишиси болсун деп коёюн өздөрү
куйруктарын кысып качып
жүрүшсө көчөдөн эле Диананы
салып алып кетишпейт эле го.
Кайра өзүөлөрүнө өзүлөрү ор
казып алышмак. Бул жерде что-то
не то, же Диана башка бандалар
менен да связы барбы. Деги эмне
деген кыз бул Диана? Каякта
жүрсө да аны куугунтуктап
жүрүшөт. Өткөн жолу да качалаган
кыздар өлүмгө учурашты, а бул
болсо тирүү калды. Диана деген
ким өзү, чын эле кыргыз кызыбы
же чоң мафияда аралашып жүргөн
кылмышкерби? Өткөн жолу
кандайча качып кетти. Үй толугу
менен курчоодо эмес беле. Же аны
менен бетме-бет жолугушуп
сырдашып, сүйлөшө албай койдум.
Аны кокусунан жолуктурбаганда ,
көрбөгөндө мынчалык азаптанбайт
элем. Кызык, аны жер алдындагы
люктун ичине кимдер таштап
кетишкен. Ал люк турган складды
бизден башка эч ким ача албайт
да. Анда ким аны ошол жакка алып
барып сыртынан бекитип
таштаган? Сыйкырчыдай болуп
капысынан пайда боло калат да
кайра ошол эле замат көздөн
кайым болуп кетет. Бул деги
табышмактуу кыз өзү ким, же
Диана деген атты жамынган
Мэхранын сөлөкөтүбү? " Ибрагим
өзү менен өзү сүйлөшө бир нерсеге
башы жетпей турду. Анын ким
экенин Албина өзү да жакшы
билбейт экен. Болгону айылга
баратканда автобустан жолугуп
Мэхрага аябай окшош экенинен
үйүнө алып барып, бир айдан ашык
багып, анан үйүнө узатып
келатканын айтты.
- Баса, айтмакчы, ал биздин үйгө
Кыргызстандагы дарегин
калтырган болчу. Кийинчерээк
конокко дагы келем деп айткан.
Өзү менен кошо сиңдисин ээрчите
келем деген.
- Анын дарегин кантип алсам
болот?
- Эмки келгенде мен ала келем…
- Жок мындай кылалы… - Ибрагим
бир азга ойлонуп калды. - Азыр
бул иш боюнча өзүмдүн тааныш
милицияларыма кабар берейин.
Алар калаа ичинде болгон
Мерседестерди бүт текшерип,
анализдеп чыгышсын. Бул мезгил
аралык ичинде мен сиз менен
кошо айылга барып Диананын
Кыргызстандагы дарегин алып
келейин. Мүмкүнчүлүк болсо ал
жашап турган Кыргызстанына да
барып келем. Диананын ким экени
ошондо анык болот.
Окуя боюнча милицияга
кабарлаганда көптөн бери бул иш
боюнча иштеп жүргөн полковник
кайрадан калаадагы бүт
милицияларды бутуна көтөрдү.
Ташкент шаарынын ичинде болгон
бүт ак мерседестердин тизмелери
компьютер менен алынып, анын
ээлери ким экени каякта иштери
текшериле баштады. Бул мезгил
аралыгында Ибрагим Мэхранын
үйүнөн Диананын дарегин алып,
Кыргызстанга жөнөп кетти.
Ал Бишкек шаарынан анча алыс
эмес Токмок шаарын көп
кыйналбай эле тапты. Атүгүл
Диананын эне-атасы жашаган
көчөнү, үйдү да дароо эле тапты.
- Биз кызыбызды жоготуп
жибергенибизге эки жылдыз жүзү
болуп калды, - деп сөз баштады
Диананын эне-атасы, - тиги
Бишкекте улуу кызыбыз турат,
мектептеги окуусун бүткөндө, же
окууга тапшырам, же иштейм деп
калаага кеткен болчу. Анан эле
дайынсыз жоголуп кетип атпайбы.
Милиция менен издөө кылдырдык,
телевизорго, гезиттерге бердик.
Дегеле эч жерден дайыны
табылбай калган. Ошо убактарда
менин кызым менен куракташ жаш
кыздардын дайынсыз жоголуп
кеткендери көп болуп кеткен.
Аларды уурдап кетишип, чет
өлкөлүктөргө сатып атат деген да
имиштерди укканбыз, бирок
ишенген эмеспиз.
Жедеп издеп-издеп түңүлүп
калганбыз. Аны бирөөлөр өлтүрүп
кетти го деп да ойлодук. "Эмнеге
кечинде көчөгө чыгарасың, ээн-
эркин", - деп калаадагы улуу
кызыбызды да аябай урушканбыз.
Бир жолу күндүзү эле анын үчүнчү
класста окуган кызына Диана
кандайдыр бир жактан телефон
чалыптыр "мен тирүүмүн" деп.
Ошол маалда ал
кошунасыныкында экен. Кызы
барып айтканынан жүгүрүп келсе
телефондогу байланыш үзүлүп
калыптыр. Ошол бойдон издей
бери тажаган соң түңүлүп
калбадымбы. Анан эле мына
жакында туткун кыздарды
кармаган Марат Исабековдун
менчик түрмөсү тууралуу угуп,
кызыбыз ошол жакта болбосун деп
издеп барсак ал жакта кызыбыз
жок болуп чыкты. Баса аны
тааныгандар бар экен. "Аларды
Ташкентке алып кеткен боюнча,
кайрылып келишкен жок дешти
кыздар. Бул боюча Ташкентке да
атайын барып көрдүк бандалар
тарабыан беш-алты кыз
өлтүрүлүптүр, бирок алардын
арасында биздин кыз жок экен.
Кыргызстанга кайтып келишкен
кыздардан сураштырсак "Ооба,
Диана менен чогуу болгонбуз, аны
алып кетишкен, ошол боюнча
көргөн жокбуз" дешет алар да.
Аны өлтүрүп өлүгүн кислотага
салып жиберишти" дешти
баардыгы бир ооздон. Издеп-
издеп эч жерден дайынын
таппаган соң кайрадан аны
жоготуп, өлүү-тирүүсүн билбей
түңүлүп калдык. Жакында анын
ашын бери, куран окутуп коёлу деп
атабыз, - алтымыштарга таяп
барып калган Диананын эне-атасы
өздөрүнчө көздөрүнөн жаштарын
көлдөтүшө мүңкүрөп отурушту.
Эшиктен кирип келген Диананын
сиңдисин көргөн Ибрагим
таңгалганынан оозун ачып калды.
Ал Мэхранын сиңдиси Гүлбахрамга
куюп койгондой окшош экен.
Ибрагим Диананын эне-атасы
менен жакшылап таанышып,
"Сөзсүз кайрылып кайра келем,
жөн келбей Диананын дагы өзүм
менен кошо ээрчите келем" - деп
сөз бере коштошуп кайра
Ташкентке келди. Бул мезгилде
Ташкендин жергиликтүү милиция
кызматкерлеринин жашыруун
агенттери кандайдыр бир
кылмыштуу чоң иштин сары изине
чөп салып калышкан болчу.
КАПАСТАГЫ ОЙ
"Оо Кудайым ай ушинтип эле
азаптан азапка кабылып, эч бир
кутула албай жүрө берет экем го.
Эмне үчүн тагдырым ушундай
болуп жатат. Мына, Марат
Исабековдун менчик түрмөсүндө
шорлоп жүргөн туткун кыздардын
бардыгы эркиндикте жүрүшөт, эне-
аталарынын үйүндө. А менчи?
Мурун кандай туткун болуп азап-
тозокторду тартсам азыр да
ошондон айрылбай жүрөм. Бул
дүйнөдө эмне күнөөм, эмне
жазыгым бар дегеле башыма жүн
чыкканы бирөөнө жамандык
кылган эмесмин. Же өткөн
жашоомдогу өмүрүмдө бирөөнө
катуу жамандык жасагамбы?
"Өткөн жашооңдо бирөөгө аябай
катуу жамандык жасасаң, кийинки
жашоого кайрылып келгениңде
ошонун эки эселентип азабын
тартасың" ", - деп коюшат экен го,
чын эле мен өткөн жашоомдо
жаман киши болгомбу? Эгер жаман
адам болгон болсом жакшы эле
өчүн алгансыды го, кандай гана
азап-тозокторду тартпадым. Же
биротоло өлтүрүп тынчытпайт же
эркиндикке чыгарбайт. Балким
жашоомдун акыркы чеги ушудур?
Өткөн жолкуда го эптеп алдап
атып кутулуп чыгып кеттим эле.
Эми бул киши мага оңою менен
алданбайт. Же акчаларымды
каякка жашырганымды билбейм,
билсем эбак эле көргөзүп бери,
булардан кутулуп кетет элем. ЬЖо-
жок, булар мени кутултпайт болчу,
акчаны кандай таап алышса дароо
ошондой эле көзүмдү курутушмак.
Акча үчүн гана мени тирүү кармап
жүрүшөт, болбосо чын эле эбакта
эле тиги дүйнөдө жүрмөкмүн.
Атайын сынап "мени мууздап эле
салгыла" десем " Ага али шашылба,
али убакыт бар үлгүрөсүң" деп
атышпайбы. Демек, алар мени
акчанын күчү менен гана өлтүрбөй
кармап турушат.
"Экинчи желкемдин чуңкуру
көрсүн" деп кетпедим беле бул
жактан. Кайра Ташкентке
азаптанып эмнеге келдим дейм да.
Исабековдун бандасы
талкаланганы менен дагы бир
башка экинчи банданын бар экенин
кандайча унутуп койдум.
Кымбатына карабай Мэхранын
айылына эле такси жалдап түптүз
Кыргызстанга кете бербей, бул
жакка салпактабай. Мына эми эр
болсоң кутулуп көр. Баса
айтмакчы, алиги автовокзалдагы
мени кучактап калган жигит ким,
Ибрагиммин дегендей болдубу?
"Ооруканага гүл көтөрүп келгеним
эсиңдеби?" - дебедиби, анын өңүн
көргөн эмесмин да. Бирок өңү
тааныш, бир жерден көргөндөй
болуп атам. Кызык каяктан көрдүм
экен аны. Үнү тааныш экен
Ибрагимдин үнүндөй болуп,
анткени ооруканада жатканда мага
көп эле келбедиби. Үнү кадимкидей
кулагыма сиңип калган болчу.
Господи, анын өзүн кайдан көрдүм
эле? Жакында эле көргөнсүп атам…
Ии, эми эстедим. Ооба дал эле
ошол. Тигил Марат Исабековдун
кишилеринин үйүндө өлүм алдында
жатканда мени залга ээрчитип
келишпеди беле. Ошондо эки
колдору арттарына байлануу катар
тизилип турушкан жигиттерди
көргөзүп "жакшылап кара,
булардын ичинен кимисин
тааныйсың?" - деп мени алардын
алдына алып келбеди беле.
Чындыгында мен алардын бирин
да тааныбайт болчумун. Ошондо
ушул жигит менен көздөрүбүз бир
азга чагылыша түшкөн. Анын жүзү
эмнегедир жылуу учурап, андан
көзүмдү тарта албай бир топко
кармалып анан ары көздөй басып
кетпедим беле. Түн ичинде мени
көтөрүп кеткен табышмактуу
чүмбөтчөн ушул Ибрагим болуш
керек. Күндүзү булар менен эки
жаат болуп атыша да кетишкен.
Баса, автовокзалдын жанынан
эмнеге мени катуу кучактап калды
дагы кайра коё бери ийди. Эгерде
чын эле булардын кишиси болсо,
эмдигиче аны жок дегенде бир
жолу көрөт элем го. Чын эле ал
Ибрагим деген жигит ким өзү? Жер
алдындагы люктан куткарган ошол
Ибрагимби? Душманбы же доспу?
Эгер душман болсо, анда эмнеге
күндө гүл алып ооруканага келип
жүрдү? Эме себептен кара чүмбөт
кийип алып бандалар менен
согушуп, атышып жүрөт? Бул жакта
да бандалар менен кошулуп жүрөт.
Ал бандалар менен иштешип
жүргөн бандитпи?
Ибрагим ким өзү, эмнеге эле менин
артымдан калбай сая кууп жүрөт?
Же анын бир тууганы болбосом же
карындашы болбосом… Мына,
автовокзалда мени кучактай калып
ары сүйрөп кетмекчи болуп кайра
коё бери жиберди да булардын
колуна салып берди. Өзү болсо
калып калды. Баса мени өкүртүп-
бакыртып тигил машинеге салып
кетишкенин Мэхранын эжеси
Албина көрбөдү беле. Балким ал
бул жөнүндө милицияга
кабарлагандыр* Бир болсо
ошондон жардам болушу мүмкүн,
болбосо мага эч ким жардам бере
албайт. Баары бир мени таппайт
болуш керек бул жерден эч ким.
Кандай гана обидна, мени менен
чогуу жүргөн кыздардын баары
эркиндикте жүрүшөт. А мен болсо
али туткундамын… Диананын оюн
жогору жактагы дабыштар бузду.
Ал өткөн жолу алдап качып чыгып
кеткен алиги Карлсонго окшош
топтомолок киши экен.
- Курсагың ачтыбы кызым, ме
бобуларды жеп ал, - жогору жактан
ал нан, колбасалардын
кесиндилерин таштады, -
ылдамыраак жеп ал, тигилер келе
электе, көрүп калышса экөөбүздүн
тең сазайыбызды колубузга берет.
Кой, мен кеттим.
Анын башы көрүнбөй калды. Диана
алдында жаткан кесим нан менен
колбасаларды шашпастан жеп
кирди. "Өткөн жолу бул жакта эки
жарым айдан ашык жаттым эле,
эми дагы канча жатаар экенмин".
Көп өтпөй үстү жактан темир
торчонун кулпусу ачылып үч-төрт
киши темир шаты менен төмөн
карай түшүп келишти. Алардын
арасында кечөөгү муруттарын узун
кылып коё берген Тарас Бульбага
окшош киши да жүрөт. Ал
кечөөгүдөй сүрдүү эмес. Дианага
жылмая карап сүйлөп атты.
- Өзүңдүн эски жатаканаңда
кандай эс алдың сулуу кыз. Эгер
биз менен тил табыша албасаң бул
жер сенин түбөлүктүү жайың, үйүң
болот, өлүгүң, сөөгүң гана чыгат
бул жактан. Тирүү чыгам деп эми
ойлобо. Бул тамаша же
коркуткандык эмес… Эми түндөтөн
бери жакшы эле ойлонгондурсуң,
биз дагы ойлонуп бир чечимге
келдик. Мындай сүйлөшөбүз, эгер
сен бизге акчаны кайрып берсең
подружеский поровну бөлүшөбүз.
Жарымын биз алабыз, ал эми
жарымын сага кайрып беребиз.
Охрана менен Кыргызстаныңа
жеткирип коёбуз. Кудайга шүгүр
десең да болот, ошол жарымы эле
небере-чөбөрөлөрүңө чейин кенен-
кесир жетет. Жакшылап дагы
ойлон, убакыт кенен ойлонгонго,
жообуна деле шашпайбыз…
- Жообун айтканда эмне, өткөн
жолу эле айтпадымбы ме алган
жокмун деп, азыр эле айтам
жообун, мен алган эмесмин. Атүгүл
ал акчаларыңарды ким алганын
билбейм…
- Жеткен көк бет кыз экенсиң,
ошол көк беттигиңдин азабын
тартып жүрбө. Биз кеттик эми
көрүшкөнчө жакшы кал, али
алдыда көптөгөн убакыттар бар,
жакшылап ойлонуп бир чечимге
кел. Жарым акчасы сеники болот,
уктуңбу… Алар өздөрүнчө сүйлөшө
өстүнө көтөрүлүп чыгып кетишти
дагы темир тор эшикти жаап
сыртынан кулпулап салышты.
Кайрадан жымжырттык өкүм
сүрдү.
- "Кызык, алар акчаларды мен
алып кеткениме өзүлөрү айткандай
жүз процентке ишенип жатышат.
Албетте мен алып кеткеним чын
дечи, бирок Ташкент шаарынын
алдынан баары эле бири-бирине
окшош болгон люктар да кайсы
биринен издейсиң. Анын үстүнө
кумду терең казып туруп үстүнөн
көмүп, билгизбей таптап тебелеп
таштабадым беле. Эми ал жерди
ит менен аппарат менен издесек
да таппайбыз. Болду ал акчалар
ошол жерде чирип жок болот, ал
эми менин сөөгүм болсо бул жерде
чирип жоголот. Баса, алиги акча
чыгарган цехтин алдындагы люкка
кирип кайра башынан сойлоп
баштасак эмне болот. Ошондо таап
алып жүрбөйлү, жөрмөлөп жүргөн
жерлеримди жакшылап эстесем
балким таап алаармын. Бул
жолкусунда жалгыз сойлобойм да ,
тигилер менен чогуу сойлойм.
Бирок… аай, баары бир таба албайм
го. Аткени жер алдындагы чоң
темир түтүктөр менен өтө эле узак
жол жүргөм. Бири-бирине куюп
койгондой окшош бурулуштар,
өткөөлдөр көп болчу. Менин
божомолумча дээрлик эки күндөй
ошол жер алдында темселеп
адашып жүрбөдүм беле. Жок, ал
жерди табуу кыйын. Бир ай
издесек да таппайбыз, андан көрө
алган жокмун, көргөн жокмун деп
эле коёюн. Акыры ишенишип коё
беришээр. Жер алдындагы
өткөөлдү көрсөтүп коюп
акчаларды таппай калсак даана
ошондо шорум кайнайт. "Тап эле
тап", - деп катуу кыйноого ала
башташат. Чын эле башынан
көргөн жокмун дегенден кийин,
аягына чейин бир сөзгө турайын", -
Диана ушундай бир чечим чыгарып
ошого токтолду.
ЖАШЫРУУН ЦЕХ
Калаа ичиндеги ак мерседестердин
бардыгын такташкан ички иштер
башкармалыгындагы кылмыш
иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери
бир нуктун изи менен жүрүп
отурушуп калаа ичиндеги
жашыруун акча чыгарган цехти
таап чыгышты. Бирок анда
иштеген адамдарды толугу менен
тизмеге түшүрүшө элек болчу.
Дароо эле алардын үстүнөн кылдат
иштей башташты. Короого кирген
ар бир машиненин номерин,
маркасын жазып алып турушчу. Ал
машиненин ээлери ким экенин да
тактап коюп жатышты.
Машинелери менен короого кирип
чыгышкан эле адамдардын
жашаган толук даректерин,
иштеген жерлерин аныктап,
булардын башка жактарда да
уюктары, байланыштары барбы
текшеришип, тымызын иштерди
жүргүзө башташты.
Жашыруун цехте кызмат кылышкан
адамдардын ар биринин шаарда
эки-үчтөн үйү, дачалары, эки-
үчтөн машинелери бар болчу.
Калаа ичинде көптөгөн менчик
кафе, ресторандар иштечү...Эң
башкысы Ташкендеги бирден бир
көрүнөктүү казино да ушуларга
тиешелүү экен. Бош мезгилдеринде
өзүлөрүнүн казинолорунан
чыгышчу эмес. Жашыруун цехтен
чыккан акчалар акырындап эч
шеги билинбей эл арасына тарап
кетчү. Буларды жетектеген,
үстүлөрүнөн караган киши ким
экенин ИИМдин агенттери көпкө
чейин аныктай албай жүрүштү.
Акыры анын ким экенин да
аныктап, тактап чыгышты. Бул
чөйрөнү мурун чет өлкөлөрдө
иштеп келишкен Роберт, Алберт
деген улуттары еврей эки бир
тууган кармашат экен. Акчалар
бардыгы алдын ала даярдалып,
анан төрт жылда бир жолу
чыгарылып турчу. Майда барат
эмес бардыгы тең эң жогорку
суммада чыгарылчу. Мисалы
Кыргызстандын сомдору беш жүз
анан миң сомдук болуп чыкчу.
Башка акчалар да ушундай жогорку
суммада даярдалчу. Ушунча болуп
өкмөт тарабынан бир да жолу шек
саноо болгон эмес, анткени бул
станоктор чет өлкөдөн атайын
уурдалып алынып келинген болчу.
Анын кагаздары да боёктору да
атайын ошол жактан алынып келчү.
Балким Диана болбогондо бул
жашыруун уюм дагы канчага чейин
өз доорандарын сүрүп жүрө берет
эле бир Кудайым өзү билет.
Алардын үстүнөн изилдөө толугу
менен бышылып жетиле
электигине байланыштуу банданы
кармоо операциясы убактылуу
токтотулуп турган болчу.
ИИМдин кызматкерлери Диананы
уурдап кеткен ак мерседести
адегенде Марат Исабековдун али
кармалыша элек куйруктары деп
ойлошкон. Акырындап аңдып
отурушуп күтүлбөгөн ачылышка
туш келип калышат. Кандайдыр
жашыруун уюм бар экенин
билишип, акырындап изилдеп
отурушуп жашыруун акча чыгарган
цех бар экенин аныкташат. Ээси
жок кезде ак мерседестин ичин
текшерише келишкенде заводдон
жаңы гана чыккан, атүгүл адам
колу тийе элек акчаларды
көрүшөт. Бир-экөөн алып барып
экспертизадан өткөрүшкөндө
жасалма экенин аныктай албай
коюшат. Бирок жаңы гана
заводдон чыкканын аныкташат.
Кандайдыр бир шек алуу пайда
болуп жашыруун түн ичинде асман
аркылуу үстүнөн короо ичине
киришип, кылдат тинтип отурушуп,
жашыруун цехтин бар экенин
тактап чыгышат. Ошол эле түнү
кайра жиктерин билгизбей ичине эч
ким байкабаган жерге жашыруун
көрүүчү аппараттарды коюп, кайра
чыгып кетишкен болчу. Ошол
көрүүчү аппарат аркылуу цехке
кирген ар бир адамдын келбети
тартылып алынып, компьютерге
түшүрүлүп турду. Булар Марат
Исабековдун кишилери эмес эле
таптакыр башка уюшкан бандалар
тобу экенин ошондо билишти.
Алардын тобу кечке жуук
өздөрүнүн менчик ресторанында
бир маал чогулуп отурушуп, түн
бир оокумга чейин өздөрүнчө бир
нерселерди сүйлөшүшө анан тарап
кетишчү. Ал жакта эмнелерди
сүйлөшүшөт адегенде атайын
иштеп жатышкан агенттер жакшы
биле албай жүрүштү. Кийинчерээк
ал жакка да диван, креслонун
алдына коюлган угуучу
аппараттарды орнотушкандан
кийин гана эмне жөнүндө
сүйлөшүшкөндөрүн бүт
магнитофонго жаздырып алышып,
эртеси күнү ортого талкууга
салышчу.
Эч шеги билинбеген бул
акчалардын мурунку Союзда
болгон мамлекеттерге акырындап
тарап кетип турганы милиция
кызматкерлерин аябай таң
калтырды. Анткени башка
өлкөлөрдүн бир да бирөөсү ушул
убакка чейин бул акчалардан шек
алышкан эмес. Чыныгы оригинал
акчаларды анын жанына коюп
экөөнүн айырмачылыгын
салыштырып, текшерип көрүшкөн.
Акча чыгаргандардын ушунчалык
профессионалдыгына баа
беришкен. Бирок бул жерде
адамдар эмес, станоктун так
иштешине жараша болчу. Анткени
бракты ах чугарчу. Боёк менен
кагазды Роберт, Алберт деген эки
бир туугандар өздөрү таап
келишчү. Эмне болгон акчалар,
боёктор чек арачылар да, бажыда
иштегендер да шек алышчу эмес.
Бул топтун жашыруун цех ачып
иштете башташканына жети-сегиз
жылдын жүзү болуп калыптыр.
Алар өз убагында
кармалышпаганында өздөрүнүн
пландары боюнча милицияны да,
прокурорду да, сотту да бүт
баарын өз колдоруна алып
коюшмак. Жүрүп-жүрүп отуруп
мамлекетке, бийликке да колдорун
созушмак экен. Жаңыдан
талпынып келаткан балапан сымал
акырындап буттарына туруп
келатышкан болчу. Жашыруун
агенттер алырдын үстүлөрүнөн
тымызын өз иштерин уланта
беришти.
КАПАСТАГЫ КАРМАШУУ
"Өткөн жолу эптеп жолун таап
качып кеттим эле азыр качып
чыгып кете аламбы? Ушундайда
жок дегенде мага поддержка
жасаган, колдогон бирөө болгондо
эле гана. "Одна голова хорошо, две
лучше" дегендей эки адам
болгондо эптеп жолун табат элек.
Жападан жалгыз болуп
жатпаймынбы, кордуктун барын да
жапада жалгыз өзүм көрүп жатам.
Мени булар азыр өлтүрө коюшпайт,
пока акчалардын каякка
жашырылганын билишмейинче.
Андан көрө дагы бир жолу
качкандын жолун ойлонуштуруп
көрөйүн, жолум болсо болду,
болбосо… кызык, эмнеге эле менин
жолум болбой жатат? Качып чыгып
эле кайра туткунга түшүп, биринен
качсам, экинчисине кабылып
таптакыр эле ишим оңолбой койду,
же Кудай Таалам маңдайыма
ушуларды жазып койгонбу? Деги
мунун акыры кандай болуп бүтөөр
экен. Менин өмүрүм кыска ушулар
менен чектелеби же узак
жашаймбы. Же ушундай баскан-
турганымдын баары коркунуч
болуп, азап-тозок менен өмүр
сүрөмбү? "Бул дүйнөдө өмүр бир
келет, ошондуктан ар бир мүнөттү
текке кетирбей жыргап куунап
алыш керек" деп тели-теңтуш
кыздарым отуруштарда тост
сүйлөп калышчу эле го. Алар го
эркиндикте ойлогон ой-
максаттарын ишке ашырып
жүрүшөт. А менчи, көрүнгөн жерде
туткун болуп жүрөм. Азыр менин
эч кимге керегим жок, эне-атам
үчүн дагы, досторум үчүн дагы
эбакта өлгөн адаммын. Бардыгы
тең бу дүйнөдөн эбакта эле кеткен
адам катары эстеринен чыгарып
коюшту мени. Кызык, адам баласы
баарына көнүп, баарына бышып
жетилет экен го, мурун ушуларды
эстеген сайын көзүмөн жаш мелт
эте, ыйлап кирчи элем, азыр
ыйламак турсун башка түшкөн
тагдырым ушундай сыяктуу дегеле
кабак-кашым деп койбойм. Жашоо
бул күрөш ага моюн сунуп туруп
берсең, өзүңдүн турмушуңа өзүң
балта чабасың, аны менен күрөшө,
жеңе билишиң керек. Мен үчүн али
күрөш алдыда, башкалар
эркиндикте жүрүшөт деп эч
мүңкүрөбөшүм керек. Менин
көчөмдө да майрам болор, өзүмдү
өзүм кемсинтип, көңүлүмдү чөгөрө
берсем таптакыр эле туңгуюкка
түшүп кетем, адам болгондон
кийин күрөш менен жашаш керек",
Диана өзүнүн көңүлүн өзү көтөрүп,
кыңылдап ырдап кирди.
- Ох-хоо, бүгүн көңүлүң көтөрүлүп
калыптыр го, же жакшы түш
көргөнсүңбү ыя? - капастын өйдө
жагындагы темир торчодон бир
кишинин башы кылтыйды. Диана
бул кишини өмүрү көрбөптүр.
- Сен кимсиң?
- Сен үчүн какая разница менин
ким экеним. Баса, сенин болочок
күйөөң болом, ха-ха-ха!, -анын
тамылжыган капкара май майлап
койгонсуган өңү Дианага жаккан
жок. - Мындан кийин сен такай
менин көзөмөлүмдө болосуң. Бас
дегенде басып, тур дегенде туруп,
жат дегенде жатып кыскасы,
айтканымды кың дебей аткарып
турасың. Ме сени башкача
элестетип жүрсө тим эле чүрөк
турбайсыңбы ыя, ха-ха-ха.
Фигураң, чатыраган эки алмаң,
келбетиң тим эле шилекейди
жуткурат го ыя, ха-ха-ха!
Өңүнүн суук болгону аз келгенсип
калп эле дайыны жок каткырып
ырсактай бериши Диананын
итиркейин келтире баштады.
- Берки кароолчу каякта?
- Аны эмне кыласың, ага караганда
мен жашмын го, энергичный,
сексуальныймын. Тиягы жарабаган
чалга эмне кызыктың ыя ха-ха-ха!
Тигинин келе элек жатып эле ойду-
тоону сүйлөп, зал жаңырта
каткырып өзүн мазактап
жатканына Диананын ачуусу келе
орой сүйлөп салды.
- Мен сени менен сүйлөшкүм
келбейт, кет ары жакка.
Жогору жакта ырсайып жаткан
капкара болгон кишинин өңү
мостоё түштү.
- Сен мага буйрук бергендей
кимсиң ыя, менин ким экенимди
али биле элексиң го, билбесең
азыр билгизем, мени көргөндө
Кудайыңды көргөндөй кылам! - ал
ачуулана чөнтөгүнөн топ
ачкычтарды алып чыгып, темир
тор эшиктин ачкычын бир топко
таба албай убараланып жатып араң
ачты. Анан темир тепкичти
түшүрүп өзү да төмөн карай түшүп
келди.
- Мен шашпай сени менен
сүйлөшөйүн дедим эле, өзүң
мажбурладың бул ишке. Ал
ырсалактай Дианага жакындап
келатты. Чукул келип шап кучактап
калайын деди эле карматпай
буйтап кетип бурчка кысылып тура
калды.
- Ха-ха-ха, качып кайда барасың
сулуукыз, өзүң деле карасаң боло,
төрт тарабың кыбыла. Аңгектен
качсаң дөңгөккө түшөсүң,
дөңгөктөн качсаң аңгекке түшөсүң,
качкандан эч майнап жок, андан
көрө өз эркиң менен эле…
Экинчи жолу дагы буйтап качып
кетейин деди эле чап эле аны
билектен кармаганга үлгүрдү. Өзүн
көздөй катуу имерип жибергенде
кучагына ороло түштү.
Өпкүлөмөкчү болуп оозун
Диананын бетине жакындатты эле,
алаканы менен анын бетин тосуп
каршылык көрсөтө баштады.
Канчалык далалат кылса дагы,
кучагындагы сулуу кызды өбүүгө
мүмкүнчүлүк ала албай койду.
Кайрадан колтугунан суурулуп
чыгып кетти. Болгон ыкчамдыгына
салып шатыга чуркап жетип барды
дагы өйдө көздөй көтөрүлүп
жөнөдү. Бирок тиги зөөкүр өйдө
чыкканга үлгүртпөй буттарынан
кармап калганга үлгүрдү. Анан
кайра болгон күчү менен төмөн
карай тартты эле Диананын колу
шатыдан чыгып кетип төмөн карай
жерге учуп түштү. Тигиге ушул
керек болчу, аны ордунан
тургузбай бөдөнөнү баскан
кыргыйдай үстүнөн баса калды.
Экөө жерде кармашып, оонап
жатышты. Үстүндөгүсү канча калса
да күчтүүлүк кылып кетти,
алдындагысынын эки колун катуу
былкылдатпай кармап мойну-
башына жалмап өпкүлөп кирди.
Бир кезде Диананын бир колу
бошоп кетти эле үстүндөгү
зөөкүрдү көзгө сайып жиберди. Ал
колдорун коё бери өкүрүп-бакыра
оң көзүн басып калганда бошонуп
кетип ордунан атып турду да,
темир шатыны көздөй болгон күчү
менен чуркап жөнөдү. Тиги эсине
келе эки аттам менен кызга жетип
барып белден кучактады да
ачуулана аны тапатак көтөрүп
туруп жерге болгон күчү менен
уруп калды. Далысы менен катуу
учуп түшкөндүктөн Диананын
өпкөсү куушурула катуу өзөрүп,
дем ала албай онтоп жиберди.
Ошентсе да тигиге моюн бергиси
келбей жакын келип үстүнө баса
жыгылганда ары көздөй өтө
ыкчамдык менен томолонуп кетти
эле тигил жер кучактап калды.
Экөө тең ордуларынан атып
турушту. Жанатан бери өзүнө өзү
ишенип ырсалактап жаткан зөөкүр
кыздын оңой эле моюн сунуп
бербешин билип кабагын түйө эки
колун эки жакка жая жакындап
келатты. Диана кетенчиктеп отуруп
бурчка такалып калды. Эмне
кыларын билбей шаштысы кете
түштү, анан бир нерсе оюна түшө
болгон күчү менен эки бутунун
ортосуна чатка тээп калды. Тигил
өкүрүп-бакыра эки колу менен
алаасын баса чөктүшө отуруп,
катуу ооруганынан көзүн жумуп
жиберди. Диана кайрадан шатыны
көздөй умтулду эле тигил темир
шатыны тээп кулатып салды.
Шаты жерге кулап түшүп өйдө
көтөрүлүп чыкканга мүмкүнчүлүк
болбой калды. Зөөкүр шатынын
үстүнө отуруп алып, эки алаасынын
ортосун басып өкүрө берди. Шаты
жок болгондон кийин кыз эч жакка
качып кете албайт болчу, эмне
кыларын биле албай турду.
Эми зөөкүрдүн чындап жаалы
кайнап чыкты. Ордунан шашпай
турду дагы байкатпай келип
Диананы бетке болгон күчү менен
чаап калды. Күтүлбөгөн катуу
соккуга көздөрүнөн от чагылыша
Диана бурчка камгактай учуп
барып түштү.
- Жакшылыкча түшүнбөдүң, эми
сени менен башкача сүйлөшөм!
Ордунан туруп келаткан алсыз
кызды ичке тээп калды эле, ал
бөктүшө чөгөлөй түштү.
- Сага ушул керек, - анын чачынан
ууштай кармап керилип туруп
болгон күчү менен бетке чапты.
Катуу соккуга Диананын
кадимкидей алы кете шалдырай
түштү. Каршылык көрсөтөйүн деп
колун көтөрүп келатты эле тигил
болгон күчү менен тырыштыра
кармады. Анан ачуусу менен
өзүнчө сүйлөнө, ызырына
алдындагы кызды бетке, ичке,
өпкөгө туш келди эле ургулай
берди. Жедеп алы кетип эси ооп
кыймылсыз жаткан алсыз кыздын
көйнөгүн айрып жиберип, аппак
чытырап турган мамактарын
ырахаттана шашпай өпкүлөп
кирди. Анан өзүнүн шымынын
бүчүлөсүн чече баштаганда өйдө
жактан катуу айбаттуу чыккан үнгө
селт эте түштү.
- Токтот, айбан десе!
Аны үстүнөн эки-үч киши карап
турушкан болчу. Зөөкүр жанталаша
шымын кайра бүчүлөнүп күнөөлүү
кишиче шатыны жогору карай коё
баштады. Жогору жактагылардын
бардыгы төмөн карай түшүп
келишти. Диана Тарас Бульбага
окшоштурган булардын жетекчиси
ачуулана тигинин жанына басып
келди.
- Бул эмне кылганың, айбан десе.
Мен сени ушундай кыл дедим беле
ыя, кайтарып көзөмөл салып тур
дебедим беле. Эмне мынча сабап-
тепкилеп жибергенсиң ыя, өчүң
бардай. Менин сөзүмдү укпай,
буйругумду аткарбагандыгың үчүн
сен катуу наказания аласың.
Бүгүндөн баштап бошсуң,
иштебейсиң. Бар кете берсең
болот.
- Мен буга жамандык жасайын
деген ниетим жок болчу мырзам,
кыз өзү тийишип, өзү каалады,
мен…
- Токтот сөзүңдү! Былжыраган
акмак, мен сага ишенет го деп
турасыңбы. Жогол бул жерден!
Алиги зөөкүр бүжүрөңдөй тепкич
менен үстүнө көтөрүлүп чыгып
кетти. Төмөн түшкөн үчөө бети-
башы шишип, көгөрүп араң дем
алып жаткан Диананы унчукпай
карап турушту.
- Муну дарылаш керек болуп калды
окшойт, - булардын жетекчиси
жанындагы жигитке кайрылды, -
бар сыртка чыгып врачты чакырып
келчи.
Көтөрүлүп сыртка чыгып кеткен
жигит көп өтпөй эле бир киши
менен кайра төмөн карай түшүп
келишти. Ал Диананын көзү-
баштарын карап, тыңшагычы
менен төшүн тыңшап көрдү да
ордунан көтөрүлдү.
- Ничего страшного, выживит. Жөн
эле катуу токмоктоп койсо керек.
Ал эми шишиген беттерине болсо
мазь сүйкөп койсоң эле жакшы
болуп кетет, - ал аптечкасынан
кандайдыр бир мазь алып чыкты
да, Диананын бети-баштарына,
денесине бир сыйра сыйпап өттү.
Сыртка чыгып кеткен дагы
бирөөсү өзү менен кошо матрац,
жаздык одеял алып келди. Аны
жерге төшөп Диананы ага
жаткырышып, үстүнө одеял жаап
коюшту. Алиги жетекчиси
жанындагы жигитти дайындап
жатты.
- Мындай кийин сен кайтарасың
бул жакты. Ты смотри, ушундай
кайталанчу болсо көзүңдү чукуп
салам. Бир көзүңдөн кан, бир
көзүңдөн жаш алам уктуңбу?
- Уктум мырзам.
- Анда буга тамак алып келип
бергиле. Кыз кишини мынчалык
кыйнаган болбойт.
- Жарайт мырзам.
Үчөө кайра үстүнө көтөрүлүп
чыгып кетишти. Көп өтпөй темир
тордогу кулпу шарак-шарак этип
бекилип калды. Диана акырын
көзүн ача айланасына көз жүгүртүп
алды. Эч ким жок экен. Алдында
матрац, башында жаздык, үстүндө
одеял жамынып турганын көрүп,
башка кишилердин да келгенин
боолгоду. Катуу тийген соккудан
эсинен танып калган болчу.
Кыймылдайын десе денеси
жанчылып ооруп калыптыр,
кыймылдай албай чалкасынан
жаткан боюнча былк этпей калды.