Мен досторум менен эмерек жасап иштейбиз. Азырынча эмеректин 2 түрүн гана жайсайбыз, бирок сертификатыбыз бар. Жакында дагы 3 түр эмерек кошолу деп жатабыз. Эми суроом: ал 3 түр эмерек үчүн дагы сертификат алышыбыз керекпи?
Баракча 1 - 1
Жеке ишкердин иши тууралуу
#2 18 Декабрь 2013 - 18:40
Бишкекте канча деген цехтер бар. Баарынын сертификаты бар эмес. Негизи бул сертификатты кайсы орган берет? Бекер берилеби же ага да акча толонобу?
#3 04 Февраль 2014 - 16:59
Fatally (18 Декабрь 2013 - 18:37) жазган:
Мен досторум менен эмерек жасап иштейбиз. Азырынча эмеректин 2 түрүн гана жайсайбыз, бирок сертификатыбыз бар. Жакында дагы 3 түр эмерек кошолу деп жатабыз. Эми суроом: ал 3 түр эмерек үчүн дагы сертификат алышыбыз керекпи?
Экономика министрлиги берген маалымат боюнча:
- Сиздин жасаган эмеректериңизгеберилген шайкештик серификатында кандайтүрдөгү эмеректерге берилгени көрсөтүлгөн болуш керек.
Эгердежаңыдан башка түрүн жасап жаткан болсоңуздар, анда аларга да сертификаталышыңар керек же болбосо жаңы эмеректер үчүн “эмеректерди сериялык өндүрүү”деп сертификат алсаңыздар да болот. Бирок мындай учурда шайкештик сертификатынатиркеме кошулат да, ага сиздер чыгарган эмеректердин толук тизмеси кирет.

#4 04 Февраль 2014 - 17:01
Compact (18 Декабрь 2013 - 18:40) жазган:
Бишкекте канча деген цехтер бар. Баарынын сертификаты бар эмес. Негизи бул сертификатты кайсы орган берет? Бекер берилеби же ага да акча толонобу?
Экономика министрлиги берген маалымат боюнча:
- Бишкекте канча цех бар экенижөнүндө бизде маалымат жок. Алардын жасап чыгарган эмеректердин сертификаты барже жок экенин экотехинспекциядан сураш керек. Негизинен продукциялардысертификациядан өткөрүү үчүн ал продукциялар атайын аккредиттелген сыноолабораториялардан сыноодон өтүш керек. Булардын баары акы төлөө аркылууаткарылат.
Шайкештик сертификаттын негизинен аккредиттелген сертификаттоооргандары берет. Бүгүнкү күндө республика боюнча 14 орган иштеп жатат. Ал эмиБишкекти ала турган болсок, алардын ичине төмөнкү органдар кирет:
1. Сыноонусертификаттонун жана метрологиянын Бишкек борбору (Бишкекский центр испытаний,сертификации и метрологии);
2. Стандартсертик жана башкалар;

#5 12 Январь 2015 - 21:50
Саламатсызбы Темирбек Аргенович!
Ош шаарынан жеке ишкермин.
Мен 2014 жылга чейин, кредит алып туздон туз Кызылкия, Араван цемент заводторуна жыл башында бардык сумманы откоруп, цементти арзан баада алчумун(5 сом тегерегинде). Ошол себептен ондурулгон пескоблок, брусчатка ж.б. продукцияны эл которгон баада сатууга мумкун болчу, ондурушту чонойтуп, жумуш орундарын кобойтуп жаткамын. Ал эми 2013 жылдан баштап, цемент заводтору "Дилерлер" аркылуу сата баштагандыктан, алдын ала толом жургузуу токтогон. Дилерлер автоматтык турдо бааларды которуп салышты, ошентип 2014 жылы цементтин килограмы 12сомго чыкты. Продукциянын оздук наркы бийик болгондуктан, менин ишим солгундап, акыры токтоду. Мага окшоп, ишин токтоткон майда ишкерлер айабай коп. Кошумча айта кетчу нерсе цементтин кымбаттыгынан жеке курулуш сектору да олуттуу томондогон. Ошол эле учурда, куну-туну цемент унаалары Тажикистанга, вагон-вагону менен Озбекистанга чыгып жатты, аны баары коруп, угуп турат. Окмот ишкерлерге арзан кредит бере албайт, салыктан бошото албайт, ал эми озубуздо чыгарылган арзан цемент менен камсыздап, колдоо корсотсо болбойбу.
Суроо:
1. Эмне учун жеке ишкерлер(юридикалык тараптар) туздон-туз цемент заводунан цемент сатып алаалбайт?
2. Эмне учун цементти экспорттоого окмот тарабынан чектоо жок, же рычагдар пайдаланыйбайт? Мисалы: экспорттук пошлинаны, жергиликтуу сырьего салыкты которуу, ж.б.
3. Ондурушту колдоо, керек болсо коргоонун ордуна, ишкерлердин, элдин есебинен кее бир бизнесмендер ебегейсиз байышына эмне учун жол берилет?
4. Биздин ойубузча, Цементтин айланасында ири коррупциялык система тузулгонунон, бюджетке ири суммадагы каражаттар тушпой жаткандыгы боюнча кандай чараларды коруудосунор?
5. 2015 жылга министрлик тарабынан Кыргызстандын элини, ондурушчулоруну цемет менен камсыздандыруу учун кандай чаралар корулот?
Урматоо менен Ахматали