Камыр азыктары (нан, күлчөтай ж.б.) Жардамга-а-а!
#1 17 Август 2012 - 18:55
Улуу урматтуу эже-карындаштар!
Камырдан нан жасаганды, манты, оромого даярдоочу камыр даярдаганды, боорсок камырын даярдоонун көрсөтмөсүн (инструкция) майда-чүйдөсүнө чейин эринбей жазып бергилечи. Мисалы, мынча грамм унга мынча грамм туз, мынча грамм шекер, мынча миллилитр суу ж.б.у.с. Сөзсүз түрдө гр, мл эмес, стакан же аш кашык, кичинекей кашык менен ченесе деле болот. Сүрөтү менен деле койсо болот )) (чын эле айтып (жазып) жатам)
Айрыкча мага камыр көптүрүү жол-жобосу кызык. Антпесе, бөлкө нандан эмгиче тажап баратам. Тандыр нан деген бул жакта жок. Мен кадимки эле духовка (кыргызчасы кандай болду экен?) же микроволновкага бышырылган нанды аябай сагындым ((
Жооп күтөм.
#2 17 Август 2012 - 18:57
Кара убагында жайнаган апчелеримден үйрөнүп албай. Карындашым да бир үйрөтүп жатты эле. Көңүл бурбаптырмын. Жаман (а, балким, эң жакшы) оюмда "Үйлөнүп алсам, мага нан бышыргандын не кереги бар?" дегем да ))
#3 17 Август 2012 - 19:15
Керектелүүчү азыктар; Камыры үчүн;
2 жумуртка,1 ст. жылуу суу, ун – 3 стакан, туз.
Kамырды жууругандан кийин,тындыруу үчүн 20-30 мүнөткө үстүн жаап коюш керек.
#4 17 Август 2012 - 19:36
Керектүү азыктар:
1.Ун 1 кг,
2.Сүт 200 гр
3.Жумуртка2-3 даана
4.Май 200 гр
5.Шекер 50 гр
6.Ачыткы 1 чай кашык.(дрожь)
7.Туз татымына жараша
Жасалышы:
Идишке унду салып сүт,дрожь,жумуртка, шекерди аралаштырып жумшак кылып жууруйсуң.
Kамыр даяр болгондо ачып,көтөрүлгүчө(2эсе көтөрүлүшү керек)үстүн жылуулап жаап коюу керек.
Камыр ачып чыккандан кийин майда бөлүктөргө бөлүп,жайып анан төрт чарчы клып кесип,ысып турган майга кызарта кууруш керек
Билдирүүнү түзөткөн: Aydashka: 17 Август 2012 - 19:36
#5 17 Август 2012 - 19:43
#6 17 Август 2012 - 19:47
#7 17 Август 2012 - 19:55
#8 17 Август 2012 - 21:14
Таластын күлчөтайын жасай алган бирөө-жарым барбы? Ия?
#9 18 Август 2012 - 13:34
Таллас (17 Август 2012 - 21:14) жазган:
Таластын күлчөтайын жасай алган бирөө-жарым барбы? Ия?
Алакандарды бириктирип туруп, толо толо кылып эки кочуш ун олчоп аласыз да анан, керден (шорпо куйган) пиялага толтуруп жылуу суу куйуп (муздак эмес, муздак сууга жууруса катту камыр болуп калат) туз салабыз, даамдап корунуз тузу кичине ачуурак болуш керек. Анткени камырды жайып жатканда жармашып калбашы учун ун менен урпактап турабыз ошол менен камырдын тузу норма болуп калат, дагы бир себеби тузу аз болуп калса камыр бышып жатканда эзилип кетет. Камырды жууругандан кийин 10-15 мунот тыныгууга коюп, устун женил кол арчуу менен жаап коесуз.
Камырды алып тен экиге болуп илеп туруп жая жерсениз болот. Күлчөтайдын камыры жука жайылат да шапалактай болуп кесилет, кайнап жаткан шорпого салып 13-17 -минутта бышырып алсаныз болот.
#10 18 Август 2012 - 14:02
#11 18 Август 2012 - 14:10
#12 18 Август 2012 - 14:12
akusya (18 Август 2012 - 14:10) жазган:
"Эрдик кылсаң сүрө кыл" дейт.
Эринбестен, балким, ошону да жазып коёсуз. Мен.. жегенди эле билчү экенмин көрсө )).
#13 18 Август 2012 - 14:35
Таллас (18 Август 2012 - 14:12) жазган:
Эринбестен, балким, ошону да жазып коёсуз. Мен.. жегенди эле билчү экенмин көрсө )).
Жарайт. .. "Чык"- жасоо...Муштумдай бир пиязды алып майда майда кылып турап, анан устуно мурч (кыргызча кара калемпир болотпу же кандай эле унутуп калыпмын) саласыз коз болжол менен азыраак, бышып жаткан эттин шорпосунун майлуу жеринен пияздын устуно куйуп, бир кайнатып очуруп коесуз.
Этти казандан алгандан кийин, шорпосунан озунузго ылайыктап табака куйуп алып, татымына, даамына жараша айран кошосуз. Мына бул сиз каалаган "Ак Серке" .... Камыр салынгандан кийин деле алса болот бирок Камыр шорподогу даамды жана майды озуно тартып алат да шорпосу кою жана даамы башкача болуп калат, ошол себептен эртерээк шорпону болуп алып койгон оң....
#14 18 Август 2012 - 15:23
#15 27 Август 2012 - 03:33
#16 12 Апрель 2013 - 16:52
Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 12 Апрель 2013 - 16:55
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#18 02 Август 2013 - 18:59
#19 04 Март 2014 - 23:59
Уйдон жогорудагы Айдашка эже жазган курам менен жасайм.Манты, оромого камыр жууруганда 600-700гр ун,4 казганга чыгарын байкагам.Камыр катуу болуш учун сууну аз-аздан куюу керек.Нандын камыры бат ачыш учун,апара мн жууруса болот.Ал учун сууга ачыткыны(олчомун кадимки жууруганда кошордон кобуроок саласыз) жылуу сууга эритип аласыз,андан кийин ун,туз кошуп аралаштырасыз, коюланганга чейин.Жылуу жерге 15-20 мин коюп коесуз да,андан кийин унга кошуп,кадимкидей эле жууруйсуз.1 саатта ачып калат.Нан бышкандан кийин,ысык кезинде раст.масло (же жумуртка) менен майлап койсонуз болот.
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
#20 28 Март 2014 - 16:57
Ашкабак менен жасалган мантыга; 1.Уйдун эти,койдун майы,пияз,ашкабак, суу май,туз,кара калемпир,кызыл калемпир,уксус, кайнатылган суу(ар бир тамак аш порцияга карап керектелет).
Жусай менен жасалган мантыга:Койдун майы,жусай,суу май,кок пияз, туз, калемпир,кара мурч,уксус,кайнатылган суу(ошондой эле канча порция экенине карап колдонулат)
Камырына: Ун, суу,туз.
Жашылча менен оромого;Капуста, болгарский перец(таза бышканы)пияз же кок пияз,суу май,койдун майы кичине гана,туз,татымдар жана уксус,суу кайнатылган.
Маанай жакшы болсо анда:самсы,пирожки картошка же капуста менен,жусай же жумуртка менен камырды ачытып коюп керектейм,бирок самсынын камырын сатып алам(слоенное тесто)
Билдирүүнү түзөткөн: Saiha.84: 28 Март 2014 - 17:00