Кайсы бир форумчу сураган экен,жуктоп койойун деп чечтим ))Баарынардан сураныч ,анан,бол тез ж.б билдируулорду жазбай турсаныздар(Окууганга ынгайсыз болуп калат ).
- (4 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
"Делбирим" Чынгыз Айтматов
#2 25 Октябрь 2017 - 06:29
Кесибим журналист болгон соң үйгө байыс албай кыргыз жергесин кыдырып жүргөнүм жүргөн. Ошондой бир жолу Нарында жүргөн элем, Фрунзеге редакциядан чукул чакырып калышты. Автостанцияга жетип келсем, автобус менин алдымда эле жүрүп кетиптир. Кийинкиси беш сааттан соң жөнөйт экен. Жол улаш бир машинеге түшүп кетиштен башка ылаажы калбады. Жүгүрүп шаардын этегиндеги кара жолго чыктым.
Жолдун бурулушундагы бензокалонкада жүк машине туруптур. Шофер жаңы эле май куюп бүтүп, бензобактын капкагын толгоп жаап жатыптыр. Кубанып кеттим. Кабинанын айнегинде Балыкчы автобазасынын белгиси бар экен. Аерге жетсем, андан ары Фрунзеге машине байма-бай каттап турат эмеспи.
-Сиз азыр жөнөйсүзбү? Мени Балыкчыга чейин ала кетиңизчи! -деп өтүндүм шофердон.
Шофер кылчайып бир карап алды да, моюн толгоп кетти.
-Жок, агай, ала албайм.
-Антпесеңиз. Фрунзеге шашылыш чакыртыптыфр. Шофер дагы бир жолу түксүйө карап койду.
-Түшүнүп атам, бирок капа болбоңуз агай. Жан баласын албаймын.
Таңыркап туруп калдым. Кабинасы бош эле экен, ала кетсе эмне болмок?
-Журналист элем... Шашгып баратам. Канча болсо төлөйүн...
-Кеп акчада эмес, агай!-Шофер корс этти да, дөңгөлөктү бир тепти.-Башка учурда бекер алып кетейин. Бу жолу.... болбойт. Капа болбоңуз. Дагы далай машине өтөт, бирөөнө түшүп кетерсиз. Мен алып кете албайм...
Жолдон ала кетчү бирөөсү бар го деген ой кетти.
-Кузовуна деле...
-Болбойт.. Кечирип коюңуз агай....
Шофер саатын карады да жөнөөгө шашты.
Айлам түгөнгөндөн кийин ийин куушуруп, бензин куюучу мокоол орус катынды таңыркай тиктедим. Ал баятан бери терезесинен бизди телмире карап отурган. Мага башын чайкады, кантесиз, тынчын албаңыз дегенсиди. Таң.
Шофер кабинасына отуруп, тутанбаган папиросун тиштеди да, моторун от алдырды. Отуздар чамасындагы күржүгүй далы, узун бойлуу жигит экен. Рулдун алкагын аткый кармаган шадылуу колдору, кабагы салаңдаган чарчаңкы көздөрү али күнгө көз алдымда турат. Чү дээр алдында алаканы менен бетин бир сүртүп алды да, оор күрсүнүп, алдыдагы тоо боорлоп кеткен жолду олурая карап койду.
Машине жүрүп берди.
Бензин куюучу катын будкасынан чыкты. Сыягы мени жубаткысы келди бейм:
-Ирежибеңиз, азыр сиз да кетесиз,-деди.
Мен унчукпадым.
-Кусалыкка жабырап жүрөт алиги байкуш... Айтса, узун сөз... Бир кездерде ушул базада турчу.
Бензин куюучу катындын сөзүн аягына чейин уга албадым. Жол улаш "Победа" чыгып калды.
Алиги жүк машинени биз Долндун этегинен араң кууп жеттик, жүк машине катуу жүрүп баратыптыр. Тянь-Шандын жолуна канык болгон шоферлорго да мынчалык катуу жүрүш опурталдуу эле. Катуу бараткан күүсүн басаңдатпастан боор талашкан кыя жолдун чукул бурулуштарынан шарт-шурт бурулуп, салаңдаган аска таштардын астынан күркүрөп өтүп, бирде кайкыга чыга калса, кайра көрүнбөй түшүп кетип, брезенти далбактап бортун чапкылып кайра чыга калып, машине алдыбызда бара жатты.
Канкен менен "Победа" жеңилдигин кылды. Акырындап басып өтө бердик. Өлөр-тирилерине карабай арылдаткан бу кандай неме деп мен карап өттүм. Аңгычакты жамгыр аралаш мөндүр төгүп жиберди.

#3 25 Октябрь 2017 - 06:30
Айнекке чаба жааган жамгырдын пардасынан шофердун сустайган жүзүн көрүп өттүм. Папиросун капшыра тиштеп, колу тыным билбей рулду аркы-терки тегеретет. Кабинада да, кузовунда да жан адам жок...
Ошол ошо болду. Нарындан келген соң көп өтпөй мени Ош обласына жөнөтүштү. Журналисттин жаны жай алмакпы, дамаамат ашыгып жүргөнү жүргөн. Мен вокзалга так поезд жүрө берерде араң жетип бардым. Ашыгып купеге кирдим. Терезеге тиктеп турган жүргүнчүнү обол эске албапмын. Поезд күүлөнүп жүрүп берди, тиги жүргүнчү анда да бери бурулуп отурбады. Ошондон улам көңүлүм түштү.
Радиодон комуз чертилип жатты, кадимки тааныш күү. Негедир бул күүнү укканда мен кечкурун ээн талаада жай бастырып келаткан жалгыз атчанды элестетем. Жол алыс, ээн талаа, кыңылдап ырдап жүрүп отурса жүрөктөгү чер козголот. Даңгыр жолдон аттын гана дүбүртү бир калыпта угулуп, ойлогон оюн, учкан кыялың бузулбайт. Үч кыл бирден терилип, комуз күүсү бир калыпта шылдыраган мөлтүр суунун, ат дүбүртүн кайталагансыйт, алдырмактын артына батып бараткан күндүн капалыгын айткансып сезим сыздатат, күүгүмдөгү салкын желаргыдай кайра көңүл сергитет. Жалгыз атчан жүрөк сырын кыңылдап ырдап барат, күүгүмдөгү буурулданган эгин талаа, кашкайган сызма жол коштоп үн салып жаткансыйт. ..
Азыр поезд менен бараткан жолдон илгери жалгыз атчан жолоочулар нечен ирет өткөндүр... Тигинтип кызарып батып бараткан күндү, талаанын бетине күүгүм түшсө да тамылжып кызарып турган тиги тоо чокуларындагы мөңгүнүн өңүн, аздан соң тамылжыган ал өң да өчөрүн, өзү болсо узак жолдо шашпай бара жатканын ырдап өткөндүр...
Терезе сыртынан жолду катар бирде дүпүйгөн бак, бирде буржуктаган жүзүмдүктөр, бирде кочкул жашыл түстөнүп күдүрөйө өскөн жүгөрү талаалары өтүп барат. Кош ат чеккен араба туура жол менен жакындап келатат. Жаңы чабылган беде салып алыптыр. Араба шлагбаумга такала келип токтоду. Ийнинде оңуп кеткен жыртык майкечен, тизесинен өөдө түрүлүү шымчан, жүзү күнгө тотуккан тестиер бала поезди жалдырай тиктеп, тиштерин кашкайта жылмайып турат. Кимдир бирөөгө кол булгап да койду.
Комуз күүсүнүн ыргагы поезддин жүрүшүнө жалгашып баратты. Ат дүбүртүнүн ордуна поезддин дөңгөлөктөрү бир калыпта шакылдайт.
Алиги жигит терезе түбүндөгү столго чыканактап, менден далдалагандай жаагын таянып, жанагы калыбынан жазбай сыртты телмире тиктеп келатат. Бул отурушунда ал дагы жалгыз атчан жолоочунун ырын ырдап келаткансыйт. Өз оюна сүңгүп кирип кеткендей, жанында киши бар-жогу менен иши жок. Бирдемеден улам капалуубу, же кыялданып отурганы ушундайбы, айтор өлүмсүк шамдай өңү муңайып, ичтеги кайгынын көлөкөсү жаап тургандай. Карап отуруп мен бүшүркөй баштадым. Кайдан көрдүм эле? Шаадылуу колдору да негедир тааныш... Мына ошондо эсиме келди: бу баягы мени салбай кеткен шофер эмеспи. Ушуну менен өзүм да тынчыдым. Дагы бир жумушу менен бараткандыр да деп, жолго ала чыккан китебиме үңүлдүм.
Сураштырып отурамбы. Анын үстүнө мени эле эстеп жүрөт дейсиңби. Жолоочу шофердун жолуктурбаган кишиси болобу.
Ошентип ар кимибиз өз оюбуз менен бир топко жүрдүк. Сырт күүгүмдөнө баштады. Тиги жигит бир маалда чылым чекмекчи болду. Папирос алып чыкты да, ширеңке чагар алдында оор күрсүнүп койду. Анан башын көтөрүп мени көрө сала таңыркай тиктеп алып, кызарып кетти. Тааный койду.
-Саламатсызбы, агай!-деди күнөөлүдөй күлүмсүрөп.
Алик алып кол бердим.
-Алыска баратасызбы?
-Алыска!-Ал тамекинин түтүнүн жай үйлөду да, ойлоно калып унчукту:-Памирге баратам.

Билдирүүнү түзөткөн: Almasbekovna: 25 Октябрь 2017 - 06:31
#4 25 Октябрь 2017 - 06:32
Памиргеби? Анда жолубуз бир экен. Мен Ошко баратам.
-Отпускагабы, же иш которуппу?
-Ошол өңдүү.. Чегесизби?
Экөөбүз тең түтүн буркуратып, унчугушпадык. Сүйлөшөр сөз деле жок сыяктанды. Жигит кайрадан оюна чөмүлүп кетти. Башын салаңдатып, поезддин термегенине жараша термелип отурду. Башта көргөнүмдөн алдаганча өзгөрүп кеткен сыяктанат. Жаагы шылынып азып калыптыр, маңдайына үч катар бырыш түшүптүр. Жыйырылган кабагы жүзүнө күңүрт көлөкө түшүрүп тургансыйт. Бир маалда жигит мени карай күлүмсүрөк күрсүнүп койду.
-Баягыда сиз мага капа болуп калдыңыз окшойт ээ, агай?
-Качан, эсимде жок.-Мен аны коомайланткым келбеди. Бирок, ал мени кадала тиктеп, чын ниетинен кейигендей көрүндү. Мен эстедим.-А, Нарында жолуккандабы? Эсимен да чыгып кетиптир. Ошо да сөз бекен. Жолдо жүргөндө эмнелер гана болбойт. Сиз дагы эле эстеп жүргөн турбайсызбы.
-Башка учур болсо балким унутуп калат белем. Бирок ал күндү унута албайм...
-Эмне болду?..Авария эмеспи?
-Кандай десем...авария эмес, башка иш эле..-деп оозуна сөз келбеди, анан күлүп калды, мага карап күчкө күлгөндөй көрүндү.-Азыр машинечен болсом кайда алпар десеңиз да жеткирет элем. Бирок, өзүм жүргүнчү болуп баратпаймбы.
-Эчтеме эмес. Ат баспаймын деген жерин үч жолу басат, дагы жолугуп калгыбыз бардыр...
-Аныңыз туура. Эми жолуксак кабинага өзүм сүйрөп киргизем.
-Анда убадалаштык, -деп мен тамашаладым.
-Убадам ушул,-деп жигиттин да көңүлү ачылды.
-Деги анда эмнеликтен албай кеттиңиз?
-Эмнеликтен дейсизби?-деп ал кайра түнөрүңкү тартты.
Кабагы салаңдап алдын тиктеп, папиросун үстөккө-босток сорду. Оңтойсуз суроо берип алганыма өкүндүм да,сөз жаңыртышын амалын таппай олтурдум. Жигит папиросун түбүн күл түшүргүчө баса өчүрдү да, күчүркөнө тилге келди:
-Ала албагам... Уулумду ойнотмок элем... ал мени күтүп турган...
-Уулум дейсизби? Нечеде, уулуңуз чоңбу?
-Жок!-жигит күлүсүрөй көзү жайнады.-Тентек али, бешке жаңы чыкты.
-Ошондо ал жолдо күтүп турган беле?
-Ашуудан күтмөк.
-Кандайча?-Мен түшүнө албадым, уулу кандайча ашууда жүрөт?
-Кандайча десем... Түшүнөсүзбү. ..Мындай болгон эле...
Толкунданганын басышка ал кайрадан чылым чекти. Анан мени тик карап. сөзгө кирди.
Өз тагдырын баяндаган шофердун аңгемесин мен ушинтип уктум. мурда бул окуяларын эч кимге айтпаганы көрүнүп турду. Ичтеги сырын туш келди айта бербеген бир мүнөз жигит экенин ушунда билдим. Бирок, айтып отурган окуяларын жан адамга айтып бугун чыгарып албай жашырып жүрүү кыйын болмок.
Алдыда убакыт көп, поезд Ошко чейин дагы эки сутка жол жүрөт. Андыктан мен баянчыны шаштырбадым, туурадан суроо катып сөзүн бөлбөдүм. Баштан мурун кечирген окуясын кайрадан аралап жүргөнсүп, адам өз эрки менен эскерип отурушуна эмне жетсин. Анан калса бөтөнчө окуя болуптур, кызыгып, толкундап, сөзүн бөлүп жибериштен карманып араң уктум. Кийин журналисттик кесибимдин аркасы менен бу шофердун тагдырына байланыштуу дагы кошумча аңгемелерди уктум. Анын баарын чогултуп, толуктап, аттарын өзгөртүп кайра иштеп чыкмакчы да болгом. Бирок, ойлонуп отуруп, кандай уксам ошо бойдон калтырууну туура көрдүм. Ушунум туура болду

#5 25 Октябрь 2017 - 06:33
ондонот.Эмесе повесттин каармандарынын башынан өткөргөн окуяларын өз ооздорунан уккула.
Шофердун баяны
...Ойдо жок иш күтпөгөн жерден башталат.
Аскерден жаңы келгем. Мотрлуу бөлүктө кызмат өтөп, шофер болуп жүргөм. Өзүм балдар үйүндө чоңойгом. Алыбек Жантури деген досум менден бир жыл мурун аскерден бошонуп кетти эле, Балыкчынын автобазасында иштеп жатыптыр. Башка барар жагым болбогон соң мен да аны издеп жөнөдүм. Алыбек экөөбүздүн эңсегенибизда Тянь-Шань менен Памир боло турган. Мени жакшы кабыл алышты. Жапжаңы ЗИЛ машине беришти, майышкан бир жери жок. Чынымды айтайын мен да машинени адамдан кем көрбөдүм. Мотору да күчтүү. Бир мыкты чыкканны туш келген экен, жакшы асырап жүрдүм. Ырас, жүктү ашкере көп ала бербейбиз. Тянь-Шандын жолу деген кандай, дүйнөдөгү бийик тоолуу автотрассалардын бири. Тегиз жер көрбөйсүң, дамаамат капчыгай өрдөп, ашуу ашып, бел басып, аска-зоонун боорун тырмалап жүргөнүң жүргөн. Тоо арасынын жыбыт-жылгаларынын баары эле булак-башат дечи ошондо да дайыма жаныбызга суу ала жүрчүбүз. Кузовдун алдыңкы бурчуна кадалган жыгачты байкаган чыгарсыз. Ошого илинүү камерада дайыма суу боло турган. Анткени кыя жолдо мотор ысып кетет. Анын болбосо радиатор эрип агып калышы мүмкүн. Алпараткан жүгүң деле анча көп эмес, бирок жолдун тиктиги ошончолук. Оболу мен да канткенде көбүрөөк жүк артышка болоор эле деп баш катыргам. Бирок, калып алган жобону кантип өзгөртмөксүң. Тоо деген тоо да.
Өз ишиме өзүм ыраазымын. Жүргөн жерим да көңүлүмө толот. Автобаза так Ысык-Көлдүн мизинде. Чет элден келген туристтер көлдүн жакасында селейип туруп калышканда мен: мына, биздин Ысык-Көл ушундай! Мындайды кайдан табасыңар! -деп корстон болуп өтөм.
Алгачкы күндөрү тек бир нерсеге көңүлүм ирээнжип жүрдү. Жаз-жарыш, колхоздор күрдөлдүү ишине күчөнө киришкен мезгил. Бирок, техника жетишпейт. Ошол үчүн биздн автобазадагы машинелердин бир азын колхоздорго кол кабышка жиберип турат. Жаңыдан алынган шоферлордун шору. Кан жолго чыгышка даярданып калган сайын андан алып, айыл-айылга айдап жиберет. Ырас, колхоз жумушу да маанилүү, керектүү экенине акылым жетип турат, бирок, кан жолдон калганынма ичим ачышат, анын үстүнө машинеме боорум ооруйт. Айылдын кара жолунда, кара баткакка тыгылып, өңгүл-дөңгүлдө өпкө-жүрөгүң аралаша секириктеп жүргөндө тетиктери чачылып кеткидей. Ал жолдордун бетин Кудай көрсөтпөсүн.
Ошентип, бир күнү уй сарайга деген шифонерди жүктөп, бир колзозго бараткам. Айыл тоо этегинде, ага чейин жол бөксөлөп бара берет. Жакшы эле баарткам. Жол тоорсуп калыптыр. Айылга жакын калган. Мына ошерде бир кичинекей арыкка тыгылып туруп калдым. Эрте жаздан бери жолдун тамтыгын чыгарып салышкан экен, баткактуу жерине төө батса таппайсың. Ары-бери жуткүнтө айдап көрдүм, чыгар эмес. Анын үстүнө, кыжырланып атып рулду катуу толгоп алган экем, дөңгөлөк бурулбай калды. Машиненин астына сойлобосо болор эмес... Ошентип жатам, асман-жерим адам баткыс тар болуп. Чекемен аккан тер кулагыма сарыгат, ансайын жолду тилдейм. Бир маалда бирөөнүн келаткан шабырты угулду. Машиненин астындагы мага резина өтүк гана көрүндү. Эки өтүк келип туруп калды. Эмне, буер ага цирк бекен, эмнеге кызыгып туруп калды деп, жиним келди.
-Өпкөдөн баскансып эмне туруп калдың, өтүп кете бербейсиңби! -деп корс эттим машиненин астынан.
Көз кыйыгым менен өтүктөн өөдө, тизе ылдый кыкка булганган көйнөктүн этегин көрдүм. Айылга жеткирип кой дечү кемпирлердин бири го дедим кыязымда.
-Кете бер чоң эне!-дедим мен,-Менин жумушум көп али, чыдап күтө албассың.

Билдирүүнү түзөткөн: Almasbekovna: 25 Октябрь 2017 - 06:35
#6 25 Октябрь 2017 - 06:37
Мен чоң эне эмесмин,-деди анда тиги. Үнүндө кысынгандык бар, бирок кермек какшыгы да сезилди.
-Анда кимсиң?-дедим,
-Кызмын.
-Кызмын?-деп өтүгүн дагы бир карап алдым да, оюнга чаптырдым.-Сулуу кызсыңбы?
Эки өтүк тыбырап алды да, кетүүгө ыңгайлангандай четтей басты. Ошондо мен ашыгып машиненин астынан сойлоп чыктым. Карасам, маңдайымда тал чыбыктай буралган кыз турат. Башында кызыл жоолук, кабагы түйүңкү. Ийинине салынган чоң кемсел, кыязы, атасыныкы окшойт. Үн-сөзсүз телмире тиктейт. Өзү тети-башыман бери баткак болуп жерде отурганымды унутуп да коюпмун.
-Ырас, сулуу дегенчелик сулуу экенсиң,-деп мен жымыйып койдум. Кыз чынында сулуу экен.-Туфли болсо гана!-деп тамашаладым ордуман туруп жатып.
Кыз терс бурулду да, кылчайбастан жөнөп кетти.
Бул эмнеси? Таарынтып алдымбы? Мен коомайлана түштүм. Кууп жетишке жүткүнө берип, кайра аспаптарымды жыйнай салдым да, машинеге миндим. Алды-артына күүлөнтүп, мотордун жанын чыгара бастым. Бирок, машине суурулуп чыгар эмес. Кыз болсо алыстагандан алыстап кетип барат. Кимге багыштаганымды өзүм билбей, баткак чачып чимирилген дөңгөлөктөр тыгылган чуңкурунан баткак тиштеп суурула берди. Бир маалда кыраңга чыга түштүм. Ошондогу кубанганым! Жол улай зуу койдум да, жүзүмдөгү ылайды аарчынып, чачымды сыладым. Кызга жанаша берип.ю тык токтоттум, отурган ордумда сунала берип, каалганы шарт ачтым:
-Отуруңуз! -деп колумду сунуп турдум.
Кыз токтоор оюу жок, кете берди. Мына балээ! Кежигемди кашып отуруп калдым, анан дагы кууп жеттим. БУ жолу кечирим сурап өтүндүм:
-Ачууланбаңыз. Мен анчейин эле... Түшүңүз эми, келиңиз...
Кыз бул жолу да жооп бербеди, кылчайбады. Ошондо кыздын алдын торой туура токтоттум да, кабинадан ыргып түшүп, машиненин тумшугун айлана чуркап барып, каалаганы ачтым, колумду албай туруп бердим. Кыз сестене тиктеп, жакындай басты. Ач кенедей асылган кандай неме дегендир. Мен унчукпадым, күтүп турдум. Мени аядыбы, же башка бир ой ойлодубу, кыз башын чайкады, унчукпастан кабинага түштү.
Жүрүп кеттик.
Сөздү кандай баштасам деп үнсүз келем. Далай кыз менен таанышып, сүйлөшүп келген жан элем, бу жолу оозуман сөз качты. Бул эмне болгонум? Рулду ары-бери айландырып, көз кыйыгым таштап коём. Бир тал чачы толгонуп алкымына түшү турат. Кемсели ийининен жылбышып чыканагында. Кыз өзү мага тийип албайын дегенсип боюн качырып отурат. Көзү бет алдын суз карайт, бирок өзү жароокер өңдөнөт. Кабагын түйөйүн десе болбой маңдайы жарык. Бир маалда мени кыңайа карады. Көздөрүбүз чагылышып калды. Кыз жылмайып койду. Ошондо барып оозума сөз келди:
-Жана машиненин жанына келип эмнеге токтоп калдыңыз?-дедим тапкан сөзүм ушу болуп.
-Сизге жардам берейин дедим эле.
-Жардам берейин деп?-күлүп жиберипмин. -Чын эле жардам бердиңиз. Сиз болбогондо каш карайганча жатмак экем ошерде.. Сиз ар дайым ушул жол менен өтөсүзбү?
-Ооба. Уй фермада иштейм.
-Анда ырас болгон тура!-деп мен кубанып кеттим, кайра жымсалдоого ашыктым.-Жолуңар жакшы экен!
Айтып бүткүчө машине бир уңкулдап секирип өттү эле, кыз экөөбүздүн ийинибиз тийише түштү. Мен ики деп ийип, кызарып-татарып көзүмдү ала качтым, кыз күлүп калды. Аны көрүп чыдабай мен да каткырдым.
-Мен да бул колхозуңарга барбайын деп

#7 25 Октябрь 2017 - 06:42
Кыжылдашып жүрбөйүмбү базада!-дедим күлкү аралаш.-Жолдон сиздей жардамчы учуратарымды кайдан билейин... Ай, Илияс! Илияс!-деп өзүмдү өзүм жекирип алып, кайра айттым:-Илияс деп өзүдү айтып атам.
-Менин атым Асел...-деди кыз.
Айылга жакындап калдык. Жол да оңолуп берди. Газды басып-басып алдым. Терезеден шамал аркырап, Аселдин бир байлам жоолугун башынан талаша желпип, чачын желбиретет. Үн-сөзсүз бараттык. Экөөбүздүн тең көңүлүбүз ачылды. Мындан бир саат эле мурун дайынын билмек тургай көрөмүн деп ойлобогон жан эми минтп анда-санда чыканактарыбыз тийише катар отуруп баратсак, мындан ары аны гана ойлогуң келип, көкүрөк өрөпкүп, машинени да аркырата айдайт экенсиң... Асел кандай ойдо баратканын ким билсин, бирок көзү жалжылдап, жүзү жаркын. Ушинтип токтобостон, ажырышпастан, чексиз бир жакка кете берсек... бирок айыл аралап калганбыз. Аңгыча Асел капилет шашып калды:
-Токтотуңуз, , мен түшөйүн! Мен тормоз бастым.
-Келип калдыңызбы? Ушуерде турасызбы?
-Жок, -деп кыз оңтойсуздана шашты.-Бирок, ушуерден эле түшүп калайын.
-Коюңуз! Үйүңүздүн дал түбунө алпарам!-деп кыз каяша айткыча андан ары айдадым.
-Болду, мына келдик,-деди Асел акыры.-Рахмат!
-Эчтеме эмес!-Анан тамаша-чынга чаптырып кошуп койдум.-Эртең жанагы жерге дагы тыгылып калсам жардамга келесизби?
Кыз кылчайып жооп бергиче болбоду, дарбазанын кичинекей каалгасы ачылды да, бирдемеге алактаган катамал аял чыга келди.
-Кокуй, Асел!-деп балбалактады. -Мынча кечигип кайда жүрөсүң?-Анан күйпөлөктөй күбүрөдү.-Бол тезирээк кийине кой, куда-кудагыйлар келип отурат.
Асел кысына түштү. Ийининдеги кемсели шыпырылып кетти эле, аны ала коюп, апасынын артынан шылкыя басып жөнөдү. Каалгага жете бергенде бир кылчайып жалт карады. Аңгыча каалга да шарт жабылды. Сыртта байлануу турган токулгалуу аттарды мен эми байкадым,тери кургабаптыр, кыязы, алыстан келген окшобойбу. Рулга таяна моюн созсом, очок башында, самоор тегерегинде карбаластап аялдар жүрөт. Бастырманын астында эки киши кой союп жатат. Кудаларга даярдап жаткан сый белем. Ден-дароо болгон мен эсими жыйдым да, жүгүмдү түшүрүүгө жүрүп кеттим.
Кечкурун автобазага кайтып келдим. Машинени жууп, гаражга киргиздим. Негедир дагы нары жак, бери жагын карагылап жүрө бердим. Бүгүнкү окуя негедир мынчалык тынчымы кетиргенин өзүм түшүнө албайм. Жолду катар өзүмдү-өзүм урушуп келгем: “Сага эмне керек? Кандай немесин? Ал сенин кимиң эле? Колуктуң беле? Же карындашың беле? Бар болгону жолдон жоулугуп, үйүнө жеткирип койгонуңбу? Сүйүүгө эзилишип, убадалашып келгендей эмнеге күйүнөсүң? Ал кыз балким сени ойлоп да койбос чыгар! Тим эле сен деп сыздап калгансып... Бир жолбун шофер экенсиң, сендейлер самсып жүрөт. Ал кыздын антташып койгон жери бар окшободубу. Сен ким экенсиң? Кудалары келиптир, эми бир күнү үлпөт тою болот. Анда сенин тиешең эмне? Жаныңды куру кыйнабай кол шилтеп басып кете бер да? Машинеңди аркыратып айдап жүрө бер!.. ”
Бирок канчалык чымырканып кол шилтесем да Аселди унута албай койдум, балээ ушул болду.
Эми машиненин тегерегинде кыла турган иш деле калбады. Жатаканага кетсемби? Жаткан жайыбыз шаңдуу,көңүлдүү, кызыл бурчубуз бар. Бирок, мен бүгүн мен жалгыз болгум келип турду. Колуму желкеме жазданып, машиненин бир канатына кыйшайдым. Тигинде машине койчу чуңкурда Жантай бирдеме кылып жүрөт. Арабызда бир ушундай шофер бар

#8 30 Октябрь 2017 - 04:37
эле. Ал чуңкурдан башын созуп мага тамаша ыргытты:
-И жигит, ойлонуп калыпсың? Ойлогон оюңа жол болсун?
-Акча табыштын жолун ойлоп жатам!-дедим мен кыжырлана.
Жаман көрчү элем аны. Кесип алса кан чыкпаган сараң эле. Анан калса башканын жакшылыгын көрө албаган ичи тар, куу каптао митаам неме. Башкаларга окшоп жатаканага да жатпайт, бир аялдын үйүндө жүрөт. Ошого күч күйөө болуп кирип алат имиш дешкен. Андан таюуу тартпаган неме. Бекер оокат, даяр там...
Мен терс толгонуп кеттим. Короодо машине жуугучтун жанында биздин балдар ызы-чуу түшүп жатышат. Бири кабинасына чыгып алып, кезек күтүп турган беркилерге брандспойттон суу аттырып жатат. Каткырык-күлкү базаны жаңыртат. Суу катуу атылат, тийсе теңселте коёт. Тиги жигитти кабинадан сүйрөп түшүүгө ыкыс бергендерди көкүрөк-жоонго урдуруп, баш кийимдерин учура коюп жатат. Өзү каткырып күлүп, бийлеп турат. Аңгыча суу катуу тээп, асманга чачырады, күн нуруна желеленип алыс ийилип түшүп жатты. Карасам ошол жакта биздин диспетчер Кадийча туруптур. Атылган суу анын башынан ары түшүп, келин нурга бөлөнүп турат. Кадийчаны оңой-олтоң шаштыра албайсың. Наркын коё бербеген немеге жакындашып шынаарлаш да кыйын. Мына азыр да кебелип койбойт. Тие албайсың, начарсың дегенсийт. Өкчөлүу өтүкчөн бутун серпе таштап коюп, чачын түрүп турат. Күлүп турат. Күмүштөнгөн майда тамчылар төбөсүнөн себеленет. Тегеректеги балдар каткыра күлүп, суу чачкан жигитти шыкактап жатышат:
-Соорусун бир жууп койчу!
-Бир чаптырып ал!
-Кадийча, сак бол!
Бирок жигит батына албай сууну ары-бери үстүнөн ашыра аттырып турду. Анын ордуна мен болсом, башынан ылдый жаба чачат элем. Кадийча да мага эчнерсе демек эмес. Күлуп тим болмок. Муну мактанып айтып отурган жерим жок. Бу келин мени башкалардай өнтөлөй жүрчү. Мени менен сүйлөшкөндө жумшарып, назданып турат. Тамаша айтып, чачынан сылап өтсөм жага бербей калат. Экөөбүз ар дайым бирдемеден улам кызаңдашып, талашып айтыша кетебиз, бирок меники натуура болсо да ийигип жөнүмө көнүп берет, мага ушунусу жакчу. Кээде киного алпарып, кайра үйүнө узатып коём. Акыры жатаканага барчу жол деле ошол. Диспетчерлик бөлмөсүнө мен сүзө кирип бара берем, башкаларды жолотпойт, көзөнөктөн гана сүйлөштүрөт.
Бирок азыр Кадийча менен шынаарлашар көңүлүм жок эле. Мейли, ойной беришсин.
Кадийча чачын түрүп бүттү да:
-Тамаша экөө, оюн бир. Болду!-деп буюра сүйлөдү.
-Койдум анда, жолдош диспетчер! -деп тиги жигит таазим этти. Аңгыча даяр турган балдар аны кабинадан сүйрөй кетишти.
Кадийча бизди бет алып басты. Жантайдын машинесинин жанына келип, алар кимди издегендей болду.
Мени байкаган жок, ортодо бөлмө бөлгөн тор бар эле. Жантай чуңкурдан мойнун созду:
-Саламатсызбы, сулуум!
-А, Жантайсыңбы. ..
Жантай көзү өтүп анын балтырын суктана карап калды эле, Кадийча ирээнжип ийнин какты.
-Көзүң тийбесин,-деп өтүгүнүн тумшугу менен тигинин ээгин кагып койду.
Башка бирөө болсо өлбөгөн төрт шыйрагы калаар эле, тиги болсо перизатка өптүргөндөн бетер жалжая күлүп, чуңкуруна кирип кетти.
Берээк баса түшүп Кадийча мени көрдү.

#9 30 Октябрь 2017 - 04:38
-Ии, жатыпсың, Илияс! Мамыктын үстүндө эс алып... Кадийча торго жармашып кадала карады да, акырын айтты:
-Диспетчер бөлмөсүнө келип кетчи.
-Мейли.
Кадийча кетти. Мен ду туруп, жөнөмөк болдум эле Жантай чуңкурунан дагы моюн созду.
-Келишимдүү катын ээ!-деп мага көз кысты.
-Бирок сенин теңиң эмес!
Муну уккан Жантай итиреңдеп мушташа кетеби деп ойлодум эле. Мен өзүм мушташканды жаман көрөм. Бирок, азыр жаным жай таппай турган чакта аянбайт болчум.
Жантай болсо кумсарып койбоду.
-Болуптур,-деп булдурады.-Тирүү болсок көро жатарбыз...
Диспетчер бөлмөсүнө кирсем жан адам жок. Бул эмнеси? Өзү кайда житип кетти? Мен кайра бурула бергенде Кадийча экөөбүз төш тиреше түштүк. Ал далысын эшике жөлөп, кайкая турган экен. Кирпик астынан көздөрү күйүп-жанат. Ысык таноосу бетиме алоо болуп тийди. Мен кармана албай жуткүнө бердим да, кайра боюмду тарттым. Кызык, ошол саамда Аселге опосуздук кылып жаткансып кеттим.
-Эмнеге чакырдың?-дедим ирээнжигендей. Кадийча кабдыбынан жазбай, унчукпай турду.
-Айтпайсыңбы? ..-дедим чыдамым кетип.
-Билбей турасыңбы?-деди ал үнү ызалуу дирилдеп.-Башка бирөөнү таап алгансың го дейм? Бизди деги эле көзүңө илбейсиң...
Шашып калдым. Бу мени эмнеге күнөөлөйт? Кайдан билип ала койду?
Аңгыча терезенин капкагы ачылып, Жантайдын башы көрүндү. Көздөрү табалагандай ойноктоп, жүзүндө митаам күлкү.
-Мынаңыз, жолдош диспетчер! -деп ал Кадийчага кагаз сунду.
Кадийча аны ачуулана жалт карап алды да, мага зааркана сүйлөдү:
-Сенин жол кагазыңдын артыңан бирөө алпарып берет дейсиңби! Же киши чаптырып чакыртабызбы? Анан мени мындай түртүп салып, столуна барды.
-Ме!-деп сунду мага жол кагазды.
Мен алдым. Карасам, эртең да жанагы колхозго жүк ташып барат экем. Жүрөгүм муздай түштү: Аселдин абалы жанагы болсо, мен кайсы бетим менен барам?... Ал болбогон күндө эмне үчүн мен эле бара беришим керек колхозго? Мени эле кубалай беришеби колхозго?
Жаным чыгып кетти.
-Дагы колхозгобу? Мен эмне, бок ташууга жалданыпмынбы? ! Барбайм! –Жол кагазды столго ыргыттым.-Бүгүн баткакка оонагым да жетет, башкалар да барсын!..
-Кыйкырба! Нарядяң бир жумага жазылган. Керек болсо дагы узартып коёт,-деп Кадийча ла ачуулана чаңырды.
Мен кайра бастай түштүм.
-Барбайм,-дедим кайталап. Кадийча да адатынча тез жумшарды.
-Болуптур. Чоңдор менен сүйлөшүп көрөйүн,-деп столдо жаткан кагазды алды.
“Барбай турган болдум,-дедим ичимен,-Бирок Аселди да экинчи көрбөй турган болдум”. Муну ойлоп алып, кайра кыйнала баштадым. Өмүр бою өкүнүп жүрүп өтөөрүм кадиксиз сезилди. Кой, барса барайын деген ой келди.
-Болуптур, келе бери!-жол кагазды Кадийчадан жулуп алдым.
Терезеден башың салаңдатып турган Жантай бырс күлдү:
-Айылдагы менин чоң энеме салам айта бар!.. мен

#10 30 Октябрь 2017 - 04:40
үндөбөдүм. Тумшугун талкалай койсо болор эле!...
Эшикти шарт жаптым да, жатаканага кетип калдым.
Эртеси жолду катар издей карап бара берип көзүм тешилди. Кайда болду экен? Тал чыбыктай буралган кымча бел кыз каерден көрүнөр экен? Кызыл жоолук делбирим. Кырга чыккан ак кайыңым! Мейли, бутуңда резинке өтүк, ийиниңде атаңдын кемсели болсо, мейли. Кандай кыз экениң өзү көрүп турбаймынбы!
Козгоп кеттиң жүрөгүмдү, делбирим, жанымдын тынчын буздуң!
Алактап жан-жагымды карап бара бердим., эч жерден көрүнбөдү. Айылга да жеттим, көчө бойлой карап баратам. Машинени токтоттум. Балким үйүндө болбосун? Бирок кантип чакырам,эмне дейм? Кайра жолугушууну тагдыр жазбаган экен да... Жүк түшүргөн жайга бардым. Жүктү тушүрүп жатып да, кайра кайткан жолдон жолугуп калбасын деп үмүтүм жылуу. Кайтып келатып да жолукпады. Жолдон фермасына кайрылдым. Фермасы айылдан алыс кайырмада. Бир кыздан сурадым. Бүгүн ишке келген жок деди. “демек мага жол боюнан жолугуп калбас үчүн атайы чыкпай калган экен го..”-деген ойго уугуп,көңүлүм чөктү. Автобазага ындыным өчүп кайттым.
Кийинки күнү дагы жолго чыктым. Бара жатам. Бүгүн кечегидей дегдебедим. Чыныда эле мен ага ким элем? Кудалашкан жери бар кыздын тынчын алып мага эмне жок? Бирок ушинтип эле бир жолугуп алып кайра жок болобузбу деген ойго кайра ишене албайм. Айылдарда азыркыга чейин деле кыздын макулдугун албай кудалашып берип жатпайбы. Гезиттен канча окубадым. Андай болгон күндө пайда эмне? Жоо кеткен соң кылычыңды бокко чап. Макулбу, жокпу, узатып жиберген соң кайра келер кыз жок, таш түшкөн жеринде оор, бузулган өмүр кайра калыбына келбейт... Ушундай ойлор башымды чар көпөлөк айлантып баратты.
Жаздын толуп турган кези. Боор-боордо кызгалдак жайнап гүлдөгөн чак. Ушу кооз гүлдөрдү бала күнүмөн жакшы көрөм. Жылаңаяк жугүрүп жүрүп бир кучак гүл терип, Аселге алпарып берер болсом ээ! Бирок, кайда, ал эми учту кетти...
Аңгыча көргөн көзүмө ишене албадым. Жолдун боюнда бир таштын үстүндө, мурдагы күнү мен тыгылган тушта Асел отурат. Куду бирөөнү күтүп тургандай. Мен учуп жеттим. Асел чочуп кетти, карбаластап башынан жоолугун жулуп алды. Бүгүн Аселдин кийингени татынакай көйнөк, өкчөлүү туфли. Бараткан жолунун алысын кара да, өкчөсү бийик туфлисин көр. Дароо машинени токтоттум, жүрөгүм лакылдап оозума тыгылды.
-Саламатсыңбы Асел!
-Саламатсызбы! -деди ал акырын.
Мен кабинага тушүрүүгө жардамдашайын десем ал жай толгонуп жол бойлото баса берди. Мен да машинени жандай айдап, ал түшөр эшикти ачып койдум. Ал жол бойлоп, мен рул кармап, ушинтип бара бердик. Экөөбүздө тең үн жок. Эмне дейм? Акыры кыз суроо катты:
-Кечээ фермага бардыңызбы?
-Ооба, эмнеси бар экен?
-Жөн эле, барбай эле койгонуңуз жөн.
-Сизди көрөйүн дегем.
Асел унчукпады. Менин оюмда кечеги кудалыктын жайын билүү. Сурайын десем, оозум барбайт, корком. Оюм туура чыгып калабы деп корком.
Асел мени бурула карады.
-Ырас эле ошондойбу?
Асел башын ийкеди. Руль колуман чыгып кетиптир.
-Той качан?-деп сурадым.
-Жакында,-деди ал акырын гана.
Ызама чыдабай машинени кутура айдап, көз көргөн

#11 30 Октябрь 2017 - 04:41
жакка жөнөгүм келип кетти. Бирок ылдамдыктын ордуна сцеплениени басып алган экем, машине күркүрөй коё берди эле, Асел чоочуганынан ордунан ыргып кетти. Кечирим да сурабадым, антер чак эмес эле.
-анда эми көрүшпөйт экенбизда?
-Билбейм. Көрүшпөгөнүбүз эле дурус го.
-Жок, мен баары бир..эмне десең ошо де, мен баары бир сени издей берем!
Кайра унчугушпай калдык. Балким экөөбүздүн тең оюбуз бир болгондур, бирок бөлөк жүрүп келаттык. Ортобузда дубал тургансыды. Дубалды эки жактан сыйпалап, мен ага жете албайм, ал келип кабинама түшө албайт.
-Асел!-дедим мен аргасыздан. -Менден качпай жүрчү. Жолтоо болбойм. Сизди гана алыстан көрүп жүрсөм болду мага. Макулбу?...
-Билбейм, балким..
-Жок, жөнөй бериңиз. Айыл жакын калды.
Экөөбүз андан кийин да жолугуп жүрдүк. Капыстан кезиккендей дал ошол жол боюнда жолугабыз. Алиги күнкүдөй болуп, ал жол бойлоп басат, мен кабинада кыбырайм. Ичим күйөт, арга жок.
Кудалаган күйөөсүнүн жөн-жайын сурабадым. Оңтою келбеди, анын үстүнө, коомайландым. Бирок кыздын сөзүнүн кыябына карасам, алыскы таякелеринен окшойт. Тоодо токойчу көрүнөт. Жек-жаат эки тарап илгертен бери маал-маалы менен сөөк жаңыртып келатышкан сыяктуу. Ошол үчүн кыздын ата-энеси Аселди бөтөн бирөөгө кетет деп үч уктаса түшүнө кирбейт экен. Андай болгон соң менин атымды атап кажаты жок тура. Мен ким элем? Каңгып жүргөн бир шоопур. Өзгөнү коюп, өзүм ооз ача алмакмынбы?
Ал күндөрү Асел түнт болуп кетти. Убайым тартып, ойго басынып жүрдү. Менин да күдөрүм үзүлгөн. Тагдыры чечилип калган кыз менен жолугуша берүунүн пайдасы жок эле. Экөөбүз тең жаш балдардан бетер ал тууралуу сүйлөшпөйбүз, бирок жолугушпай чыдай албайбыз. Көрүшпөсөк жашай албачудай болуп кеттик.
Ошентип беш күн өттү. Соңку күнү мен автобазада жолго камынып жаткам. Диспетчерге чакырып калышты.
-Кудайың берди!-деп Кадийча жаркылдап тосуп алды.-Сени Долондун жолуна которушту.
Селейе түшүпмүн. Долондун кан жолунда нечен жүргөм. Бирок, кийинки күндөрү айылга каттап калгандан бери мен мындан ары дайым ушул жолдо гана жүрчүдөй болуп алыпмын. Долондун жолу узак жол, бир каттап келгениң бир нече күн. Анда Аселге кантип жолуктум? Же эскертип кетсемчи...
-Ии, иренжий түштүңбү?-деп Кадийча байкай койду.
-Колхоздогу жумуш кантет?-деп карбаластадым. -Аердеги иштер али бүтө элек. Кадийча таңыркай ийин куушурду.
-Баягы күнү барбайм деп кыйкырган ким эле? Ачуум келе түштү.
-Анын эмнеси бар экен?-деп орундукка шалак отуруп, эмне кыларымды билбей шылкыйып калдым.
Жүгүрө басып Жантай келди. Көрсө менин ордума колхозго аны жөнөтүп жатышыптыр. Жантар моюн толгоор деп күтүп калдым. Кара жолдо иштеп тапканың ченелүү эле болот. Жантай ага бара койбос. Бирок Жантай жол кагазды алып алды да:
-Сен жердин түбүнө жиберсең да бара берем, Кадийча. Азыр айылда козу бышып калбадыбы, бирин бөктөрө келсем кантет, ыя?! -деп ырсалаңдап койду.
Анан менин отурганымды көрүп купшуңдады:
-Кечирип койгула жолтоо болгон жокмунбу?
-Жоголчу ары!-деп башымды көтөрбөй ызырындым.
-Өзүң эмне отурасың,

#12 30 Октябрь 2017 - 04:43
Илияс?-деди Кадийча ийинимден түртүп.
-Колхозго барышым керек, Кадийча мени жиберчи...
-Дени-кардың сообу деги? Наряд жок, мен кантип жиберем,-деди ал жүзүмө үңүлө тиктеди.-Эмне эле колхоз деп калгансың?
Мен үн дебедим. Унчукпай чыктым да, гаражга бет алдым. Жантай мазактагандай көз кысып, машинесин жаныман айдап өттү, коюп кете жаздады.
Машинемдин жанында күймөлөнүп жүрдүм да алдым. Ашыкпадым. Бирок эчтеке ойлоп таппадым. Акыры жүк салчу станцияга айдап жөнөдүм. Кезек аз экен.
Жолдошторум чылым чегүүгө чакырса да түшпөдүм. Көзүм жумулуу, оюм чалды-куйду. Асел жол боюнда бекерге зарыгып күтүп турарын элестетем. Бир күн өтөр, эки күн өтөр, үч күн... Эмне деген ойдо калат? Коркуп качып кетти дээр бекен?
Кезек жакындай берди. Тигине, алдымдагы машинени жүктөп жатат. Андан кийин кран астына мен турам. "Кечир Асел!-дедим ичимен.-Кечир, делбирим! Айта албай кетип баратам". Ошондо бир ой кылт этти: баятан бери жетип барып, айтып деле келбейт белем! Жолго бир-эки саат кечигип чыксам бирдеме бөлүнүп кетеби? Чоңдорго кийин деле айтып тушүндүрүп койбойт белем. Түшүнүшөр да. түшүнбөсө урушаар. Көп болсо сөгүш берер,же жумушунан кууп чыгар. Баятан бери эмне ушинтпедим? ... Бартобокел, кеттим!"
Кийин чегинмек болуп от алдырдым. Бирок артым тогон машине. Аңгыча алдымдагы машине жүгүн алып, жылжып жөнөдү. Эмки кезек меники. Абдырап калдым.
-Турбайсыңбы, эй, Илияс!-деп кыйкырды кранчы.
Машинем жылжып кран астына турду. Крандын жебеси жүгүн салаңдатып үстүмө келди. Бүттү! Куурудум! Жооптуу жүк менен кыя кете албайсың. Баятан бери эмне оюма келбеди? Кап! Жүк жөнөткүч документтерин алып келди. Бурулуп арткы терезеден карасам, салаңдаган чоң контейнер кузовума түшүп келатат. Мына түшө турган болду. Мына ушунда ач айкырык салдым:
-Сактан!
Машинем контейнердин дал астынан ыргып чыкты. Моторун өчүргөн эмесмин. Артыман кыйкырган үндөр, ызы-чуу, сөгүнгөн сөздөр даңкан өңдүү чачырап кала берди. Жыйылган тактайларды, үймөк-үймөк көмүрлөрдү чымын-куюн болуп аралап өттүм. Көзүм чекирейип, рулга жабыштым. Машине андан-мындан бир секрет. Мындайга көнбөдүк беле...
Көп өтпөй Жантайды кууп жеттим. Ал кабинадан юашын чыгара мени көрүп алып, көзү алайды. Жол бер десем, айбанды кара, атайылап жол бошотпойт. Ойт берип жолдон чыктым да жээк-талаа менен айдадым. Жантай да ылдамдады. Озуп өтөйүн десем, катар жүрүп алды. Ошентип, ал кашка жол менен мен дың жээк менен жарышып барабыз. Улам ыкшыя тиктешип, тилдешип баратабыз.
-Ой, сен кайда? Эмнеге?-деп кыйкырат.
Мен муштум кезейм. Канткен менен ал жүктүү, менин машинем бош эле да, жүрө түшүп, жолго чыктым да, зымыраган бойдон узап кеттим.
Бирок Аселди таппадым. Айылга жетип, короосунун тушуна токтодум. Жөө жүгүрүп келгенсип энтигем. Сыртта да, короосунда да жан көрүнбөйт. Мамыда гана жалгыз ат байланып турат. Эмне кылсам? Машинени көрүп, сыртка чыгар деп, күтмөй болдум. Капотту ачып коюп, бирдеме оңодоп жаткан таризде моторго үңүлүп, өзү дарбазаны жал-жал карайм. Аздан соң каалга ачылып Аселдин апасы менен эткелинен келген бир сакалдуу киши чыкты. Кийгени эки кабат: астында баркыт чапан, үстүндө сур чепкен. Жүзү майланышып кызылы төгүлүп турат, чайга аябай канган көрүнөт. Ынтага дем алып, жылан боор камчыны салаңдата кармап келет.
Аселдин апасы ал кишини колтуктап аткантты.
-Куда, биз ыраазыбыз сизге. Биз жактан болсо кам

#13 30 Октябрь 2017 - 04:45
санабаңыз,-деди Аселдин апасы.-Боор эт менен тең кызыбыздан эмнени аяйлы. Кудайга шүгүр, колубуз куру эмес.
-Ээ, кудагый ыырыс алды антымак,-деди куда ээрге оңдонуп отуруп жатып.-Кудай балдардын жанын аман кылсын. Жыйган-тергенибиздин баары ошол балдарга деген дүнүйө эмеспи. Өзүбүз болсо илгертен бери жек жаатпыз... Кана эмесе, аман-эсен тургула. Ошентип жума күнгө макулдаштык ээ?
-Ооба, ооба, жума күнү. Кудайдын улуу күнү экен. Жолуңар шыдыр болсун. Кудагыйга салам айтып коюңуз.
"Жумасы эмне?-деп ойлодум.-бүгүн кайсы күн? Шаршемби эмеспи... Чыны менен жума күнү алып кетишмекпи? .. Ай ушу салтыңар менен кургула, качанга чейин жаштардын бактысын кыя берет!"
Тиги киши тоону бет алып желе-жорто жүрүп кетти. Ал узап кеткенче Аселдин апасы артынан карап турду. Анан мага бурулуп, жаман көзү менен акшыя карады.
-Сен, бала, эмне эле бу тегерекке үйүр болуп алдың? Буер сага кербен сарай эмес. Буерге токточу болбогун. Жөнө, өз жолуна түш. Уктуңбу, сага айтып атам.
Демек, байкап калган экен да.
-Машинем сынып калды!-деп бурк эттим капоттун астына белиме чейин сүңүлө батып.
Өзүм ойлоп турам: "Жок, Аселди көрмөйүн мен эми кете койбойм".
Апасы ушинтип сүйлөнүп турду да, кирип кетти.
Мен тепкичке отуруп чылым чектим. Алдагайдай жүгүрүп маңдайыма бир кичинекей кыз келе калды. Машинени тегерене оромпай тээп ойноп жүрөт. Аселге окшоп кетет. Сиңдисиби дейм.
-Асел кетип калган!-деп коёт улам сексеңдеп секирип жүрүп.
-Кайда?-деп кызды кармап алдым.-Кайда кетти эле?
-Мен кайдан билейин. Коё бер!-деп бошонуп алды да, тилин көрсөтүп качып кетти.
Мен капотту жаптым, кабинага отурдум. Каяка барсам, каерден издесем? Кайтар маал да болуп калды. Жолдо журдүм кыбырап, талаага чыктым дайынсыз. Кайра жолго түштүм. Бир арыктын кечитинен өтүп токтодум. Эмне кылышты билбей башым катты. Жерге түшүп, сунала жата кеттим... Башым маң. Же Аселден жок, же рейстен жок... Көзүмө эс нерсе көрүнбөй, кулагыма эчтеме угулбай ың-жыңдын ичинде көзүмдү жумуп жаттым. Ушинтип канча жатканымды билбейм, бир оокумда көзүдү ачып, баш көтөрүп кыйшая карасам машиненин нары жагында туфличен бут турат! Асел! Жазбай тааныдым. Сүйүнгөнүмөн жүрөгүм лакылдап чыкты. Тизелей калып, андан өөдө тура албадым. Дал баягы алгач жолуккан жер! Дагы ошерден жолукканыбызды кара!
-Өтө бериңиз, кете бериңиз, чоң эне!-дедим туфлиге.
-Мен чоң эне эмесмин!-деп Асел да тамашаны улады.
-Анда кимсиң?
-Кызмын.
-Сулуусуңбу?
-Өзүң көрүп баала!
Анан экөөбүз тең күлүп жибердик. Мен ыргып тура жүгүрдүм. Асел мага чуркады. Бетме бет келип туруп калдык.
-Нагыз сулуусуң! -дедим элжиреп.
Асел болсо шамал термелткен жаш кайыңдай буралып мандайымда турат. Тал чыбыктай ийилип, чолок жең көйнөкчөн, колтугунда эки китеби бар.
-Менин буерде экенимди кантип билдиң?
-Китепканадан келаткам. Карасам жолдо сенин машинеңдин изи жатат.
-Койчу?
Мунусу мага "сүйөм" деп айткан сөзүнөн да артык эле. Машинемдин изин кууп издегени мени ойлоп, мени жакшы көргөнү эмеспи!
-Анан жүгүрүп бери жөнөдүм. Билбейм,

#14 30 Октябрь 2017 - 04:46
негедир сен ушерде күтүп жатат го деп ойлодум! Колунан алдым:
-Отурчу, Асел бир ойноп келели.
Ал көңүлдөнө макул болду. Бу көргөнүм баягы Асел эмес. Өзүмдү да тааный албай калдым. Баардык убайым, сарсанаа уф дегендей жок болду. Бу дүйнөдө ошо тапта экөөбүз гана, экөөбүздүн бактыбыз гана, ага күбө болуп, үстүбүздө көк асман, алдыбызда даңгыр жол болду.
Кабинаны ачып, Аселди өзүм отургуздум да, өзү рулду алып, жөнөп бердик. Жөн эле алдыбызда чубалып жаткан жол менен, кайда барарыбыз дайынсыз, жөнөп бердик. Кайда баруунун биз үчүн мааниси жок эле. Жанаша отурганыбыз, кээде көз карашыбыз тийишип баратканы гана жетиштүү болду. Асел башымдагы шапкемди оңдоп кийгизди. Бу солдат шапкемди эки жылдан бери түшүрбөй келаткам.
-Ушундай жарашат экен,-деди да назданып ийиниме жөлөндү.
Машине ээн жолдо куштай учуп баратты. Дүйнө чарк имерилип, бары бизди утурлай жүгүрдү. Тал-теректер саналбай, андан чыксак ээн талаа, наркы тоолор кошо жарышты. Беттен арылдап шамал уруп, асманда жаркыраган күн, жерде каткыра күлгөн биз, жаш шыбак менен кызгалдыктын жыты аңкып абага толуп, биз көкүрөк кере жутабыз...
Эски күмбөздө отурган кулаалы ордунан чоочуп учуп, жер сыдыра жарыша салпылдады. Ал да калып калды.
Жолдо бараткан эки атчан ойт берип четке чыгышты да, кошо чабышты. Кыйкырып келатышты:
-Ээй, токто!-Аттарын камчыланып кыйкыра чабышты.
Алардын ким экенин мен кайдан тааныйын. Тааныса Асел тааныгандыр. Бир маалда алар да чаңга аралашып кала беришти.
Алдыдан бир араба жол бошотуп четке чыга берди. Кыз-жигит экөө экен, тура калышып, ийин арта кучакташкан калыбында бизге кол булгалап калышты.
-Ырахмат!- деп кыйкырдым мен кабинадан.
Талаадагы кара жол түгөндү, дөңгөлөк астынан шыркыраган асфальтка чыктык.
Бет алдындагы мелтиреген көл көрүндү. Машинени жолдон буруп, дың талаа менен түз эле көлгө салдым. Шыраалжын чөптөрдү аралай чаап жээкке жеткиче шаштым. Жетип жаркабак жээкке токтоттум.
Кыргызымдын кылымдардан бери түгөнгүс ыры болуп келаткан жарыктык Ысык-Көл жаткан экен көлбүп коюп. Ак чалгын көк толкундар жабалактап бирин-бири кубалап келип, сары кумдуу жээкке жабылат. Күн тоону ашып баратканга ал жээктеги келбети тамылжып турат. Көлдүн наркы бетиндеги көгүлтүр мунарыктан тоолордун карааны көрүнөт. Төбөсүн боз чалып, булуттуу сыяктанат.
-Асел, ак кууларды карачы!
Ак куулар көлдө кеч күздө келип, кыштап кетет эмеспи. Жазында келген ак кууларды көргөндөр да чанда бир жолугат. Жазда келген ак куу жакшылыкка дешет...
Кечкурун мелтиреген көл бетинен каалгып учкан ак куулардын тобу кайтып баратты. Канаттарын жазган бойдон анда-санда бир кагып, толкуй учуп баратты. Көлгө жабыла барып конгондо канаттарын каккыласа ак чалгындаган толкундар жыбырап баратты. Анан кайра учушту. Кайкып түнөк булуңуна бурулуп кетишти.
Асел экөөбүз кабинадан чыкпай карап, үнсүз отурдук. Бүтүмүбүз бүтүп калгандан бетер бир маалда айттым:
-Тээтиги жээктеги шыптары көрүнгөн тамдарды карагын, ошол биздин автобаза. Бу болсо,-деп кабинаны айландыра көрсөттүм,-бу болсо экөөбүздүн үйүбүз.
Күлүп жибердим. Чыныда алпарып кирнизер үйүм жок да. Асел көзүмо көзүн кадай элжиреп тиктеди да, көкүрөгүмө боюн таштап, кучактап алып, ыйлап да, күлүп да жиберди.
-Жаным

#15 30 Октябрь 2017 - 04:59
менин, сүйүктүүм!
Үй-жайдын мага кереги жок. Ата-энем гана бир кезде түшүнүп, кечиришсе экен. Өмүр бою кечиргис кылып сындырып кеттим аларды. Билем го... Бирок менин айыбым кайсы?..
Каш карайып кетти. Асманды каптаган булут көл бетин ныгырылып басып кетти. Көл каралжын тартып, тынып турду. Тоо башына электр ширеткич отуруп алып, тынбай иштеп жаткандай жарк-журк эте баштады. Добул келаткансыйт. Алиги ак куулар да бараткан узак жолунан көлгө кайрылып калганы ушундан белем. Күн бузуларын билген тура.
Асман тарс жарылып, күн күркүрөдү. Дем кысып аба тумчуга түшүп, анан бороондун эпкини келди да, алай-дүлөй жамгыр шатырата куюп жиберди. Быйылкы жазда алгач күн күркүрөгөнү ушул эле. Асел экөөбүздүн да алгачкы түнүбүз ушул эле. Кабинанын үстү дыбырап, айнектеринен чууруп жаан суусу салаа-салаа. Түнөргөн көлгө чагылган келип сайылып өчүп жатты. Асел экөөбүз кыналыша кучакташып, шыбырашып сүйлөшүп отурдук.
Коркконунанбы, үшүгөнбү, Асел калчылдайт. Кемселими жаап, боорума тарта бекемирээк кучактадым, ошого өзүмдү алдаганча алибеттүү болуп кеткендей сездим. Дилимде мынчалык назик мээр бар экенин билбегем, бирөөнү коруп, боорум ушунчалык эзилээрин билбегем. "Сени эч качан,эч кимге кор кылбайм, делбирим! ..."-деп кулагына шыбырайм.
Капилеттен башталган добул капилеттен токтоду. Бирок жамгыр дале себелеп, толкуп алган көл дале тынчый албай жатты.
Ал кездеги көзгө басар мүлкүм-кичинекей радио-приемнигим бар эле. Аны иштетип кулагын толгодум. Бир толкундан музыка кармадым. Азыр күнү бүгүнкүдөй эсимде, шаардагы театрдан "Чолпон" балетин алып берип жаткан экен. Кабат-кабат тоолордун ары жагындагы музыка келип, биздин кабинага толуп чыкты. Ошол балетте баяндалган күчтүү сүйүү сыяктуу күчтүү да, назик да музыка төгүлдү. Зал дүркүрөп кол чаап, аткаруучулардын атын атап чакырган үндөр угулат. Бийчи кыздардын аяк-астына гүл ыргытып жатышты окшойт. Бирок театрлардагылардын толкундангандары, жан эргип кубангандары баары бир толкуган көл жээгиндеги акбинанын ичиндеги биздин толкундап, жүрөк өрөпкүп кубанганыбызга жете албады го деп ойлойм. Ошол балет биздин сүйүүнүн баянын айткан өңдөндү. Бактысын, махабатын издеп чыккан Чолпон деген кыздын тагдыры биздин эки жүрөкту термелтип жатты. Менин чолпонум жанымда, кучагымда олтурду. Түн ортосу ченде Асел менин көкүрөгүмү жазданган бойдон уйкуга кетти. Мен көпкө тынчый албадым. Аселимдин жүзүн сылап, күңгүрөнө оор дем алып жаткан көлдүн доошун тыңшап отурдум...
Таң эрте автобазага келдик. Аябай эле тил уктум. Анан болгон окуянын жөн-жайын уккан соң кечиришти. Кийин крандын астынан мен кантип суурулуп качканымды эскеришип, жигиттер көпкө күлүп жүрүштү.
Эми Долондун кан жолуна чыктым. Аселди кошо ала кетмей болдум. Жолдо Алыбек Жантурин деген досум бер эле, ошонукуна киргизип кетермин деп ойлодум. Ал Нарындын кашындагы базада туруучу. Чек арадан алыс эмес, алардыкына мен көп кайрылам. Аялы да жакшы киши.
Ошентип жөнөп калдык. Эң оболу жолдогу бир дүкөндөн Аселге кийим-кечек сатып алдык. Ал жалаң көйнөкчөн келбеди беле. Баарынан да чоң гүлдүү шалы жоолук сатып алдык. Жаңы келген келиндин шааниси эмеспи. Жолдон аксакал шоферубуз Урмат аке жолукту. Алыстан оропара келатканда эле токто деп белги берди. Токтоп, кабинадан чыгып учураштым.
-Ассалоому алайкум, Урмат аке!
-Алейки салам, Илияс. Куш боо бек болсун!-деп мага куттуу болсун айтты.-Көшөгөңөр көгөрсүн, бала-бакыралуу болгула!
-Рахмат, кайдан билдиңиз, Урмат аке?!-деп таң

#16 30 Октябрь 2017 - 05:01
калдым.
-Ээ балам, жакшы кабар жерде калмакпы. Ушу кан жолдун баш-аягы бүт сөз кылганы эле силер...
-Эхее!...-Мурункудан бетер таң калдым.
Ошентип, жол мизинду сүйлошуп турабыз. Урмат аке машинеге жакындаган да жок, Асел тарапты караган да жок. Асел эстей койгону жакшы болуптур, шалы жоолугун көзүнө түшүрө салына койду эле, мына ошондо Урмат аке ыраазы боло күлүсүрөдү.
-А жөн билги келин экен!-деди, -Тилегиңе жет, балам. Сен эми автобазадагы улуулар баарыбыздын келинибиз болосуң. Мына эмесе, Илияс, келиндин көрүндүгүн өзүңө эле берейин,-деп мага акча сунду. Алдым, албасам аксакал киши кейип калбайбы.
Кош айтышып жөнөп кеттик. Асел башынан жоолугун түшүрбөйт. Каадалуу үйдө көшөгөнүн артында отургансып кабинанын ичинде тааныш шопур жолуккан сайын жоолугун көзүнө ылдый түшүрүп жүгүнгөн ишараатын жасайт. Анан экөөбүз ээн калганда каткырып күлөбүз. Боюнан ылдый төгүлгөн жоолугун салынса Асел мага ого бетер сулуу көрүнөт.
-Автобазага келин болгон менин колуктум, ач көзүңдү, мени бир өөп койчу,-дейм, -Кой, аксакалдар көрүп калса уят,-дейт Асел. Ошентет да, күлүп келип уурданып бетимен өөп калат.
Ушу жолубуз бир укмуш болду. Автобазанын шоферлору жолуккан сайын токтотуша берди, куттуктап, жакшы тилектерин айтышты. Бирдаары жолдон кучак-кучак кылып терип келаткан гүлдөрүн беришти, бирдаары белек-бечкеке камдай келатыптыр. Дагы кимдердин оюна келгенин билбейм, кыязы орус жолдоштордун ойлоп тапканы го, алардын айыл-кыштактарында үйлөнүү үлпөтү болгондо кыз-күйөө түшкөн унааны кооздоп алат эмеспи. Бир маалда биздин машинаны түркүн-түс кызыл-тазыл ленталар, гүлдөр менен кооздолу да калды. Машине көркүнө чыгып, алыстан эле көз жоосун ала көрүнүп баратты окшойт. Асел экөөбүз бактыбызга жыргап жүрүп отурдук. Мен досторума сыймыктанып бараттым. Достун достугу башка жамандык түшкөндө билинет дешет, менимче жакшылыкта да билинет.
Алыбек Жантурин жан досум жолдон өзү жолукту. Ал менден эки жашка улуу эле. Быжыгырынан келген чоң баш жигит. Өзү токтоо, салмактуу анан мыкты шофер. БАзада кадыр-баркы чоң. Профкомго шайлашкан. Эмне дээр экен деп турам.
Алыбек унучукпастан машинени карап, пай-пай дегенчелик башып чайкап, анан Аселге келди, кол алышып учурашты да, куттуктоосун айтты.
-Кана, жол кагазыңды апкел,-деди.
Мен таңыркай түшүп, кагазды сундум. Алыбек авторучкасын алды да жол кагаздын бетине бадырайта: "Үлпөт рейси, №167" деп жазып салса болобу. Жүз алтымыш жети дегени-жол кагаздын номуру.
-Ой, кантесиң, бу деген документ эмеспи,-дептирмин.
-Тарыхта сакталып калсын!-деп ал күлүп койду.-Бухгалтерияда отургандар киши эмес дейсиңби? Эми келе колуңду!-деп мени бек кучактап өптү. Экөөбүз каткыра күлдүк.
Анан машине-машинебизге баса бердик эле, Алыбек кайра токтотту.
-Каерде турмай болдуңар? Мен эки колумду жайдым.
-Мына биздин үйүбүз!-деп машинени көрсөттүм.
-Кабинадабы? Балдарыңарды да ушуерге багасыңарбы? ... Эмне мындай. Бу бекет базардагы биздин үйгө киргиле. Мен чоңдор менен сүйлөшөм да, биз өз үйүбүзгө көчүп кетебиз.
-Ал тамың бүтө элек да?-Алыбек Балыкчыга там салып жаткан, автобазага жакын эле жерде. Колум бошто мен да барып жардамдашып турчумун.
-Эчтеке эмес. Бүтөр жери аз калды. Мындан көбүнө үмтөтпө, өзүн билесиң азыр үй маселеси

#17 30 Октябрь 2017 - 05:03
Кыйын.
-Ой ушунуңа рахмат. мындан артыгыңдын бизге кереги да жок. Аселди сенин үйүңө убактылуу коё турайын десем, үйүңү бошотуп бергениң оңой бекен....
-Эмесе ушул үйгө тургула. Кайра кайтып келатканыңда мени ушерден күтүп тур. Ошондо катындарыбыз менен бирге кеңешип чечебиз!-деп Асел жакка баш ийкей көз кысып койду.
-Ырас эми катындарыбыз менен акылдашпасак болбойт.
-Үлпөт сапарыңар куттуу болсун-деп Алыбек артыбыздан кыйкырып калды.
Укмуш ээ! Бу сапарыбыз акыйкатта да үлпөт сапар болду. Болгондо кандай!
Бир карын майды бир кумалак чиритет деген ырас. Ушинтип биринин артынан бири жакшылык менен бүтүп, көңүлүбүз куунак келатканда бир гана жолугушуу кичине иренжитип кетти.
Бир бурулушта алдыбыздан Жантайдын машинеси чыкты. Ал жалгыз эмес, жанында Кадийча бар экен. Жантай кол булгап калды. Мен тык токттум. Эки машине капталдаш токтоду. Жантай терезеден башын чыгарды.
-Үлпөттөп жүргөнсүп мынча эмне кооздоп алгансың?
-Үлпөттүн дал өзү!
-Койчу?-Ишенбегендей Кадийчага кылчайып койду.-А биз сени издеп жүрбөйлүбү, -деп оозунан бу сөз чыгып кетти.
Кадийча отурган калыбында бозоруп, дел болуп кыймылдабадыбы.
-Саламатсыңбы, Кадийча,-деп мен учураштым. Ал араң башын ийкеди.
-Жаныңдагы колуктуң тура анда?-деди Жантай эми эсине келгенсип.
-Жок, аялым,-деп мен Аселди ийинден кучактадым.
-Баракелде! -Же кубанарын, же не кыларын билбей Жантайдын көздөрү бакырайды.-Андай болсо куттуктайм, чын жүрөктөн куттуктайм. ..
-Рахмат!
Жантай арамза жылмайды.
-Эпчилсиң ээ! Калыңсыз ала качтыңбы?
-Акмаксың да!-деп жибердим машинени козгой берип.-Айда машинеңди!
Ушундай оңбогон немелер болот. Өзүнүн ит терисин өз башына каптаса болор эле. Баратып кабинадан баш чыгарып кылчайсам Жантай машиненин жанында жаагын укалап Кадийчага бирдеме деп урушуп, муштумун кезеп жатыптыр. Кадийча болсо жолдон чыгып талаалап чуркап баратат. Дагы чуркай түштү да, жүзтөмөнүнөн кулап, эки колу менен башын мыкчып жатып калды. Экөөнүн ортосунда эмне болгонун билбейм, бирок негедир Кадийчаны аяп кеттим, өзүмдө бир күнөө бардай сездим. Аселге эчтеме дебедим. Куунак көңүлүн бузгум келбеди.
Бир жумадан кийин Асел экөөбүз бекет базардагы Алыбектин үйүнө келип кирдик. Чакан үй, оозгу бөлмөсү, анан дагы эки бөлмө. Мындай үйлөр аерде бир топ бар. Үй-бүлөлүү шоферлор, май куяр пункттун жумушчулары турат. Бирок жакшы конуш, жол жээги, Нарын да алыс эмес. Канткен менен областтын борбору да, киного, дүкөнгө барып турганга оңтой. Ооруканасы бар. Дагы бир жакшы жери, бу бекет база кан жолдун ортосу, рейстин көпчүлүгү Балыкчы менен Атбашынын ортосу, Жолдо чарчасаң үйгө түнөп өтсө да болот, кадыресе эс алып каласың. Аселди күн сайын көрүп турам. Жолдо бир жерде кармалып калсам да, түн жарымы болсун, үйгө жетем. Мен келмейинче Асел да уктабайт, чыдамы тайып күтүп отура берет. Үйүбүзгө көр-жер ала баштадык. Иши кылып жашоо турмушубуз өз жолуна түшүп баратты. Кеңешип отуруп, Асел да иштемей болду. Өзү иштейм деп болбойт. Айылда өскөн кыз, иштеп көнгөн, үйдө отура берип бук болбойбу. Бирок аңгыча кубанычыбызга боюна бүтүп, отуруп калды.
...Асел төрөгөн күнү мен Атбашыдан рейстен кайтып келаткам. Токтоно албай шашып келаткам. Асел Нарындагы төрөт үйдө болчу.

#18 30 Октябрь 2017 - 05:05
Келсем-уул төрөптүр!
Албетте, үстүнө киргизбей коюшту. Машинеге миндим да тоо аралата бир куудум дейсиң. Кыштын күнү эле. Айланам кар, аска-зоо. Көзүм алачакмактап,
өзүмө өзүм ээ боло албайм. Долондун белине чыктым. Бийик эмеспи, булут астына калат.
Машинеден ыргып түштүм да, абадан кере жутуп, бүт дүйнөгө айгай салдым:
-Э-эй, тоолор! Мен уулду болдум!
Тоолор бир силкинип алгандай болду назарымда. Алар менин сөзүмдү кайталап, жаңырык капчыгайдан капчыгайга тарады.
Уулубуздун атын Самат койдук. Мен койдум. Эки сөзүбүздүн бири Самат: Самат түрпүлөндү, Самат күлүп калды, Самат тиш жарды. Туңгучун көргөн жаш жубайлардын баары эле ушундай го дейм?...
Ынтымакта катуу турдук, бири-бирибизди эт-жүрөгүбүздөн эзилишип жакшы көрөбүз.
Менин шорум кийин кайнады...
Бу балээ кайдан жабышканын азыр да ажырата биле албай башым маң. Баары астын-үстүн болду да калды... Ырас, азыр көп эле нерсесин түшүндүм го, бирок түштөн кийин түшүнгөндөн не пайда.
Бу киши менен кокусунан жолдон жолуктук да, кайра дагы нечен ирет жолугушарыбызды ал да, мен да билбестен ажырашып кете бердик. Бирок анын кыпындай да күнөөсү жок...
Кеч күз эле. Мен жолго чыккам. Күн түнөрүп турган. Биресе кар жааса, биресе жамгыр жаап, анан кайра шыбыргактап турган. Боор-боорго жабышып жылган сасык туман. Машиненин айнеги тердеп, жолду катар шыпыргычын шыпыртып жүрүп отурдум. Тоо аралап, Долондун түбүнө жеткидей болуп калгам...
Э, Долондун кай жоругун айтасың. Теңир-Тоонун ашуу бербес алпы го! Дамаамат жүргөн биздин жолдун эң кыйыны ушул. Кыялаган жол жыландай ийрелеңдеп туу жонго чыгат да, ийрелеңдеп кайра түнөргөн түпкүргө түшөт. Долонго тагдырым танапташ. Кыя жол менен булут тепсетип, жер тиштеп, моторду улуп-уңшуп ыйлатып жүрүп отурасың. Бирде чалкалап асман тиктеп айдасаң, бирде рулду баса жыгылып ылдый кулайсың. Ашуунун белиндеги күндүн кыялы куду кирген бууранын кыялындай: жайбы, кышпы, Долонго баары бир, көз ачып-жумгуча же мөндүр сабап кетет, же кыяңдап өткүн өтөт, же борошолоп ак бороон буюктурат. Биздин Долон ушундай!.. Бирок, биз теңир тоолуктар көнүп калганбыз, керек болсо түндөп деле ашып кете беребиз. Кыйынчылыгы менен опурталдарын мен азыр эстеп отурбаймынбы, иштеп жүргөн ал кезде ойлонууга чоло жок.
Долонго жакын бир капчыгайдан жүк машинени кууп жеттим. Азыр да эсимде, ГАЗ-51 болчу. Мен кууп жетпедим, өзү токтоп туруптур. Эки киши моторду чукулап турат. Бири шашпай жолдун ортосуна чыкты да, кол көтөрдү. Мен токтодум. Төбөсү чүмкөнө суу болгон плащчан алиги киши кашыма келди. Жашы кыркты чамалап калган. Кыскарта алган буурул мурутчан, жүзү тунжураңкы, көз карашы токтоо.
-Жол участогуна жеткирип койчу,жигит, -деди мага.-Трактор апкелбесе мотор от албай койду.
-Түшкүлө, ала барайын. А балким бир айласы табылбасын? -деп мен кабынадан түштүм.
-Айласы болсо эмгиче табат элек го,-деди шофер капотту жаап.
Байкуш неме көк тумшук болуп үшүптүр, калч-калч этет бүрүшүп. Айлана-тегерегиндеги тоолорду сүрдөнө карайт, кыязы жергиликтүү эмес, ичкери борбордон келген шофер окшойт. Жол участогуна Фрунзеден бирдеме жүк апкелатышкан көрүнөт. Эмне кылса болот? Бир тентек ой келди. Оболу ашуунун белин бир карап алдым. Асман түнөрүп, булуттар төмөн салаңдай калагып калыптыр. Ага карабай тобокел дедим ичимен. Укмуш амал ойлоп тапкан мен жок, бирок чабуулга кирчү жоокердей болуп өрөпкүп кеттим.
-Тормозуң

#19 30 Октябрь 2017 - 05:07
жайындабы?-сурадым шофердон.
-Кызык... Тормозу жок да жол жүрчү беле. Мотор иттенип жатат дебедимби...
-Тросуң барбы?
-Бар, эмне экен?
-Апкел бери. Мага чиркел.
Экөө тең мени алая карап, орундарынан жылбайт.
-Дени-кардың сообу сенин?-деди шофер. Ушундай мүнөзүм бар. Жакшы-жаман экенин билбейм, бирок башыма бир ой кирсе өлсөм да аткарам.
-Айткандан кийин чиркелсеңчи, дос! Мына шопурлук сөзүм, сүйрөп жеткирем.
Бирок шофер колун силкип салды.
-Койсоңчу болбогон сөздү. Ушул жолдо да чиркелишип жүрчү беле. Ошону билбейсиңби. Жолуң болсун.
Жалдырап сураганымы бербей умсунтуп койгондон бетер ызама буулуп кеттим.
-Эй, колөкөсүнөн корккон макоо эшек.
Жол мастерин чакырдым. Анын жол мастери экенин кийин билдим. Ал мени карап турду да, тиги шоферго айтты:
-Апкел тросуңду. Тигинин ээси чыгып кетти:
-Байтемир аке, өзүңүз жооп бересиз.
-Баарыбыз тең жооп беребиз!-деп ал кесе айтты.
Мунусу мага жагып калды. Мындай кишини бат эле сыйлап каласың.
Ошентип чиркелишип жөнөп калдык. Оболу жакшы бараттык. Бирок, тик боорду кыялай бергенде мотор ыйлай баштады. Мен ого бетер өчөштүм, ыйла-ыйлаба сага сүйрөтүп чыгам дедим. Кыя жол канчалык кыйын болбосун барибир машинеде артык күч каларын мурда жалгыз өтүп жүргөндө көп байкачумун. Жүктү бизге чактап артчу. Азыр аны ойлоп отурганым жок.
Эрегишке түшкөнсүп, бүткөн боюмду долу күч бийлеп алды. Эмне болсо да айканымды аткаруу, тигилерге жардам көрсөтүп, машинесин жетер жерине жеткирип таштайын дегенден башка ой жок. Бирок аным оңойго турбады.
Машинем ычкынып, калч-калч этип араң барат. Айнекке жабышкак кир суу жабышып, шыпыргыч тазалап үлгүрө албайт. Кайдан-жайдан келген калың булут дөңгөлөккө оролуп, будаат болуп алдыман сойлоп өтүп жатат. Бурулуштар чукул тартып, тикелене берди.
Бу түйшүктү өз башыма кайдан тилеп алдым эле деп, ичимен кайра өзүмө ачууланам, бу кишилерди майып кылып албасам экен дейм. Машинеден мурун өзүм кыйналдым. Шапке, купайке, кемсел, свитер дебей үстүмдөгү кийимдерди сыйрып салдым. Жалаң көйнөкчөн айдап баратам, мончодо отургандан бетер мойнумдан буу чыгат. Машиненин өз салмагы оор, тик жолдо сүйрөгөнү бу болсо оңой бекен. Байтемир жанымда бут тепкичте туруп келатканы караан болду. Улам жол көрсөтүп, кеңеш берип, мага үн салат, артымдагы шоферго кол жаңсагылайт. Тик кыялап жөнөгөнүбүздө бир жерден коркуп секирип түшүп кетер бекен дедим эле, былк этпеди. Кабинага жармашып, учар бүркүтчө окторулуп келет. Жүзүн карасам таштан чегип койгонсуп токтоо, жаак ылдый, муруту ылдый суу шорголойт. Аны көрүп мен кубат алып келатам.
Алдыбызда дагы бир көтөрүлөр өр калды эле, аны ашсак жеткенибиз. Аңгыча Байтемир айнекке эңкейе калды:
-Абайла, адыда машине келатат! Оңго сал!
Жолдун оң тарабын кылаалай салдым. Жогортон Жантайдын машинеси түшүп келаткан экен. Жол жүрүү коопсуздугу боюнча инженерибиз бар болду-болбоду Жантай ага жеткирип барат деп, денем дүркүрөй түштү.
Ал жакын кирип келди. Эки колдон рулду өбөктөп, көздүн төбөсү менен жолду акшыя тиктеп келаткан экен. Жөөлөшчүдөй болуп жакын өттүк. Түлкү тумак Жантай жалт бир карап алып, жактырбай башын чайкап кетти.

#20 30 Октябрь 2017 - 05:08
"Мейли-дедим ичимен,-тилиң кычышса айта бер".
Белге чыктык. Эми тик ылдый куюлуп түшүп, анан, тегиздей бир аз жүргөн соң жол участогуна бурулабыз. Акыры жеткирдим. Моторду өчүрүп салсам да эчтеме укпайм. Менин кулагым тунбай эле табият өзү дүлөй болуп калгансыды. Зың деген үн угулбайт. Кабинадан сүйрөлүп түшүп, тепкичке отурдум. Тоо башында аба суук, демим кыстыгып баратат. Байтемир жүгүрүп келип, купайкемди жапты, шапкемди кийгизди. Өң алеттен кеткен тиги шофер да сүйрөлө басып жаныма келди. Унчукпайт. Маңдайыма жүйүр отуруп, мага сигарет сунду. Алсам, колум калтырайт. Баарыбыз чылым чегип, кичине эсибизди жыйдык. Жанагы долу жиним дагы ойгонду белем, бир маалда:
-Ха! Көрдүңбү! -деп тиги шоферду ийинине бир салсам ал байкуш очорулуп отуруп калса болобу. Анан, үчөөбүз тең тура калып бири-бирибизди муштагылап, түрткүлөп, кутуруп кеттик. Кубангандан бирдемелерди айкырып жаттык...
Кичине дем алып, дагы чылым чектик. Мен кийинип, саатымды карасам, кеч болуп калыптыр..
-Кой, мен кеттим!-дедим. Байтемир кабагын чытыды.
-Жарабайт. Үйгө кирип, мейман бол.
Мен болсо убактымын барын коротуп алыпмын.
-Ыракмат! Айла жок. Үйгө бир кайрылып өтпөсөм, чырымтал баласы менен аялым күтүп отурат.
-Калсаңчы. Шайтан моюнун сындыралы,-деп тиги жаңы тааныш шоферум кыйылат.
-Кой,-деди Байтемир аны тыйып.-Аялы күтүп отурса, болбойт. Атың ким?
-Илияс.
-Бара кой, Илияс! Бир ажат ачтың, ыракмат.
Байтемир машинемин тепкичине туруп алып,чоң жолго чейин узатып келди да, унчукпастан колуму кысып, секирип түшүп калды.
Коого кирип баратып, кабинадан баш бага бир кылчайсам, Байтемир тумагын колуна мыкчый кармаган калыбында башын шылкыйтып жанагы калган ордунда дагы эле туруптур.
Бар болгону ушул болду.
Бирок мага тегин өтпөдү. Сууга катуу урунган экем. Үйгө жетип да элес албадым. Болгон иштин ийне-жибине чейин саймедиретип Аселге айта берчү эмесмин. Жолдо бирөөлөргө жардам берем деп кармалып калдым дедим да койдум. Бирок Аселден сыр катпайм. Бүгүнкү окуяны толук айтпаганым, ансыз да зарыгып күтүп, санааркап отурган неменин тынчын албайын дегеним. Өзүм да экинчи мындай айбанчылыкка барбас болуп отургам. Бир жолу Долон менен эрегишип көрдүм жетишет. Эгер ооруп жатып калбаганымда, балким, ал кылганымды эртеси эле унутуп калмакмын. Тамакты ичип-ичпей куладым. Жөөлүп жаттым окшойт, билбейм, айтор машине сүйрөп Долндун боорунда жан талашып келатканым уйку-соонун арасында көзүмө көрүнө берди. Башым айланып, жер көчөт. Ысык борошо бетими алоо чапкандай күйгүзөт. Дем алар аба жок тумчугуп барам. Колумдагы руль камырдан жасалганмсып бурайын десем, колума былжырап жабышат. Бет алдыдагы ашуунун жетер чеги көрүнбөйт, асманга барып такалып турат. Машинемдин тумшугу тик асманды карап мотор ыйлайт, бир маалда төмөн карай учуп кетем... Бу, көрсө, оорунун ашуусу белем. Үч күндөн кийин араң эсиме келдим, акырындап оңоло баштадым. Дагы эки күн жаткан соң көңүлүм сергип, турмакчы болдум. Бирок, Асел тургузбай койду, кайра жаткызды. Баам салып карасам, байкушум, мен оорубай эле ал ооругандай. Баягы Асел жок, азып кетиптир, көзүнүн асты көк шишимик тартып, араң эле кыбырап жүрөт. Кой, дедим, минтип жата бергеним болбойт. Асел эс алсын. Төшөктөн туруп кийине баштадым.
-Асел!-дедим акырын, уулубуз уктап жаткан,-Саматты коңшуларга таштай тур, экөөбүз киного барып келели.
Ал керебеттин жанына