Менин бул темам ачкандын себеби азыркы жашоодо көз ачыктар төлгө салабыз, жолуңду ачып беребиз дегендер көбөйүп баратат.
Көз ачык, табыпчы, хиромант барып көрдүңөр беле.
Кандай жыйынтык чыккан эле?
Баягыда акыркы жаңылыктардан гезитке чыкты дагы телевидение аркылуу көргөздү. Көз ачык табып өз клиенткасын өлтүрүп салганын. Азыр андай шарлатандар толтура.
Астрологиялык төлгө прогноздор туура келди беле?
Мисалы ар кайсы жакта ар кандай эле жаза беришет экен.
Бири бирине дал келбейт.
Билбейм эмнеси менен астрологиялык төлгө кызык.
Мага бир дагы жолу туура келбеген ошон үчүн астрологиялык прогнозду окубайм дагы кызыкпайм.
Мен скептик болгондуктан көз ачыктарга жана астрологиялык төлгө дагы ишенбейм.
Ой пикириңерди жаза кетсеңер.
Көз ачыктарга алдандыңар беле?
Астрологиялык прогнозго ишенесиңерби?
Мамилеңер кандай көз ачыктар менен астрологиялык төлгө?
Билдирүүнү түзөткөн: Programmer: 13 Май 2011 - 16:02