Монолог Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#6101 28 Июль 2023 - 23:07
Озубуздон королу... Бирок каалабаган элек мындай болоорун....
Тагыраагы мен каалабадым эле...
Сезимдер сенек болуп катыган, бир кездердеги улбурогон, назик конулдун быт'чыты чыгып , сыртынан токтоо,кучтуу аялга айландым....
Турмуш менен алышып, омурдун эн сонун, кызык кундору отуп кетуудо..
Кантели, аркага жолубуз жок, баарын кайрадан баштоого кучум жетпейт..
Болгону баш ийип бердик, тагдырыбызга кондук.
Жашап жатабыз, жон гана жашай беребиз.....
#6102 02 Август 2023 - 15:35
#6103 17 Август 2023 - 10:55
#6104 22 Август 2023 - 00:21
Барган менен, мен сендик боло албаймын...
#6106 27 Август 2023 - 13:06
#6107 28 Август 2023 - 21:02
#6108 28 Август 2023 - 21:41
Сонун кездерди эске саласын)
#6109 28 Август 2023 - 21:56
Созсуз жазыш керек....
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 28 Август 2023 - 22:02
#6110 12 Сентябрь 2023 - 01:27
Жашоого башка көз караш менен караганда гана баары жеңил болот экен. Бактылуумун. ..
#6111 12 Сентябрь 2023 - 17:58
Билдирүүнү түзөткөн: jai: 12 Сентябрь 2023 - 17:59
#6112 14 Сентябрь 2023 - 22:21
Жаман көргөнүм ысырапкерчилик, эл көрсүндүк. Токчулук доордо жашап жатабыз, ток адамдарды тойдурганча, муктаж адамдарга сунганыбыз да Аллах бизди эки дүйнө бактылуу кылмак. Жана алардын дуасы түз тиймек. Эх ушуну айта алсам.
#6113 15 Сентябрь 2023 - 17:04
Менден өткөн баласаак, балдарыдан башкасы кызыктырган эркекти биринчи жолу көрүшүм.....
#6114 18 Сентябрь 2023 - 02:17
Жароокер сүйүп турган өмүр жарбы,
Жартыңы тапсаң дагы боштук толбойт,
Тынчы жок бул жүрөккө даба барбы ?
Же балким, үй бүлөөнү толук кылган,
Сүйкүмдүү наристеби бактылуулук ,
Атак даңк, кымбат баалуу буйумдарбы,
Издедим ар эшикке башымды уруп..
Кыдырдым жер жүзүнүн төрт тарабын,
Кызыгы саякаттын тез тарады,
Эңгиреп жүрөгүмдө боштук толбой,
Эңсеген бактылуулук таба албадым..
Өмүрдө мен издеген чын бакытты,
Бир гана жай намазда таба алдым.
Билдирүүнү түзөткөн: Zaatulilm: 18 Сентябрь 2023 - 02:21
#6115 21 Сентябрь 2023 - 09:31
#6116 22 Сентябрь 2023 - 21:37
#6117 02 Октябрь 2023 - 17:22
#6118 09 Октябрь 2023 - 22:15
#6119 10 Октябрь 2023 - 18:11
Тагдырымдын таштак жолундагы келген сыноолордогу бекем сабырыңа. Сындагандарга сынбаган эрктүүлүгүңө.
Жети ааламга учура бактылуу болгон күндөрүмдөгү келтирген шүгүрчүлүккө. Бакытка балкыта мас кылган ал учурлардагы чексиз ыраазычылыкка.
Эээх менин дүкүлдөп соккон чыдамкай жүрөгүм...сага дагы бир жолу рахмат!
Оор, көтөрө алгыс жоготууларымдагы тоодой болгон кайратыңа... Мен эстен тана чөгүп баратсам да тыным албай түрсүлдөп соккон ар бир кагышыңа...
Менин аялуу жүрөгүм... сага рахмат.
Дүйнө мага бүтүп, ааламымды караңгылык каптап турганда сен берген, сен ишенген үлбүрөк үмүт үчүн...
Жалгызым (Назик)...
#6120 22 Октябрь 2023 - 06:09
#сагындым