Gulshan_kf Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 1 520 (0,4 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Оюн, күлкү, тамаша (480 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 19 Февраль 14
- Кароолор:
- 30 144
- Соңку аракети
- 07 Июл 2020 06:36
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 28 жашта
- Туулган күнү:
- Ноябрь 28, 1995
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- Бишкек
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
- Skype:
- gulshan_kf
Мен ачкан темалар
-
Москвада жашаган туугандар, жардам керек
Жазылган күн: 16 Июл 2014
Сураныч, Москвада жашаган туугандар. ..
Мумкунчулугунуздор болсо, дарыканага кирип
Идарубицин заведос 5мг. Рубида 5мг. Ушул даарылар канча сом турат экен, деги бар бекен сурап бериниздерчи, аябай керек
Алдын ала рахмат! -
Түндүктүк келин
Жазылган күн: 19 Июн 2014
Бишкектен Ошко самолетто учтук. Менин самолетто биринчи учушум болчу. Тилек жебиреп жаңы келин кандай болоорун, эмне кылуу керек экенин, атасына, апасына, бир туугандарына кандай мамиле кылаарымды, эртең менен эрте туруп эшиктин алдын шыпырышымды, үйгө ким келсе да сылык сыпаа тосуп алып, эшиктин алдына чейин узатышымды, айтор жаңы келинге тиешелүү эрежелердин бардыгын айтып баратат. Мен бир сөзүн угуп, бир сөзүн укпай толкунданып кетип баратам. Көзүм кебездей аппак булуттарда. Колума кармалчудай, жупжумшак. - Үйдү айланып чуркайсың,- деген сөзү кулагыма шак дей түштү. - Үйдү эмнеге айланып чуркайм ыя? - Мен баятан бери эмнени айтып жатам? Дагы жакшылап угуп ал, жаңы келген келинге өпкө чабат. Ошол өпкө чабаар замат, буйдалбай үйдү он жолу айланып жүгүрүп келишиң керек. Элдин баары карап турса күшүлдөп үйдү айланып чуркап бараткан өзүмдү элестетип көңүлүм азып кетти. - Үйдү айланып жүгүрбөй койсом болбойбу? - Болбойт, анда Абдыназардын келини салтты бузду, түндүктөн келген да, ошон үчүн кайын-журтун тоготподу, үйдү тегеренип жүгүрбөй койду дебейби. Ата-энемди сөзгө калтырбайлы, - деди сырдуу жылмайып. Мен унчукпай калдым. Мейли жүгүрсө жүгүрө берем го, жүгүнгөнү, башка салттары биздикине эле окшош экен, ушул жүгүргөнү кызык экен, ыңгайсыз деп койдум ичимден. Агыча Оштун аэропортуна да жетип калдык. Ал жерде достору, туугандары шаңдуу тосуп алышып, Тилектин үйүнө сапар тарттык. Өзүмчө опкоолжуйм. “Түндүк тараптан барган келиндерди Оштуктар жаман көрүшөт, “Аркалык”, - деп бөлүшөт экен, кайненелери күн көрсөтпөй кодулайт экен деген сөздөрдү көп уккандыктанбы, айтор жүрөгүм туйлай баштады. Үйдүн эшигинин алдында көп эл чогулуп турушуптур. Машинадан түшкөндө биздин үстүбүзгө конфет, печенье чачып, узун бойлуу, Тилекке окшош аял мага ак жоолук салды. Жүзү жылуу аялды көрүп коркконум тарай баштады. “Жүз жолу жүгүнүшүң керек”,- деген Тилектин сөзүн эстеп тынбай жүгүнө баштадым эле, “болду балам, болду, өмүрлүү бол, бактылуу бол, акжолтой келин бол”,- деп бетимден өптү. Кандай келин болду экен деп таңданып тиктегендерден да, сын көз менен сыдыра карагандардан да ийменип, эмне кылаарымды билбей кызарып турганымда жанагы аял кашык менен оозума сары май салды. “Өпкө алып келгиле, өпкөнү”-, деген сөздү укканда жүрөгүм “болк” дей түштү. Тилек экөөбүздү катар тургузуп, биз жакка каны шоргологон өпкөнү көтөрүп келатканын көрдүм. Анан бирөөлөр бир нерселерди сүйлөп жатканын билем, эмне дегенин укканым жок. Эси-дартым бул узун огороду бар үйдү он жолу кантип тегеренип чуркайм, элдин баары жабылып мени тиктеп турса деп ойлой бердим. Бутумда да кыйраткансып бийик такалуу туфли. Өпкөнү ары алып кетээр замат коргонду айланып чуркап жөнөдүм. Тургандардын бардыгы эч нерсе көрбөгөнсүп мени жабыла карап калышты. Көзүм боорун тырмап каткырып жаткан Тилекке түштү. Коргонду бир айланып, экинчи ирээт айлана баштаганда жанагы башыма ак жоолук салган аял алдымдан утурлай чуркап жетип: - Кой садагаң кетейин, Тилек тентек ошентип жөн жүрбөйт. Сени тамашалаган турбайбы, жаңы келин антип чуркабайт айланайын- деп, бетимден өөп үйгө алып кирди. Эшиктин алдында тургандардын бардыгы күлүп жатышыптыр. Ызамды айтпай эле кой, ыйлап жибере сактап зорго кармандым. - Сени шашпа, деп коем ичимден Тилекке ызырынып. Көшөгөгө аялдар кирип жоолук салышып, “Ак жолтой келин бол”, “бактылуу болгула”, “кошконуң менен кошо кары” деп тилектерин айтып, бетимден өөп кетип жатышты. Жаңы келинди көргөнү келип таң калып караган кичинекей кыздар да бар. Тилек бир убакта көшөгөгө баш бакты, күлүп жүрөт, шылдыңдап. Ачуум эчак тарап кеткен болсо да “сениби!”дедим. - Эй ыйлабай эле отурасыңбы, ыйлабайсыңбы! ,- дейт. - Эмнеге ыйлайм,-дедим. - Тилектин аялы эрге тие албай араң жүргөн неме көрүнөт, ырсаңдап күлүп отурат дебейби, калп деле болсо ыйламыш этип бетиңе шилекейиңден сүйкөп койбойсуңбу, биздин айылга келген келиндердин бардыгы көшөгөдө ыйлап отурушчу, бол эми ыйла, өңгүрөп ыйлап калсаң, ыйлабасаң деле жоолугуңду ылдый тартып алып уу-уу-уу дей бербейсиңби, эл сени ыйлап атат бечара дейт, болбойсуңбу деп демите баштады. -Баятадан бери күлүп эле отуруп эми ыйлап баштасам уят эмеспи, ыйлабайм,- дедим. Кошо келген курбу кызым жаңы келин келсе ыйлачу эле, ушуну ойлоп койбоптурбуз да,- деди. Аңгыча көшөгөгө баш баккан апасына Тилек “Апа, келиниңиз кетем деп ыйлап атат, жеткирип коеюнбу” деди. - Дагы эмнени быштагың келип турат, келиним ыйлабай этпей эле отурат, кара шумдукту баштабай тынч отурчу,-деди. Ый дагы Тилектин кезектеги тамашасы экенин ошондо түшүндүм. Нике Кечинде молдо чакырылып, нике кыйыла турган убакыт келди. Молдонун сүйлөгөнү көшөгөнүн ичине даана угулат. - Кыздын атасынын атын сурагылачы, - деди молдо. Тилек экен,- деди Тилектин досу. Ой Тилек экенин мен деле билем, кыздын атасынын атын сурабайсыңбы? - Ошол кыздын атасынын аты Тилек турбайбы,-деди Медер. - Мунуңардын дени-карды соо немеби, же ичип алганбы, башка бирөөнү сураткылачы, кыздын атасынын атын сурап келсин! - Ошол кыздын атасынын аты Тилек экен да,- деди Жыргал. - Астапырылла, - деди таң калган молдо. Казан көөлөгөндө - Эртең айылдагы аялдар келишет. Сен аялдар отурган бөлмөгө кирип казан көөлөйсүң. Адегенде кирип жүгүнөсүң анан казан көөлөгөндөн кийин бурулбай артың менен чыгып кетишиң керек,- деди. Бизде түбүнө көө толуп калган казанды көмкөрүп алып кыргыч менен көөсүн кырат. Ошону казан көөлөйт,- деп коебуз. Аялдар отурган жерде менин казандын көөсүн кырганым, көөнүн үйдүн ичине учуп атканы, колум, бетим көө болгону элестеп кетти. -Мен казан көөлөбөйм,-дедим. “Эмнеге ботом, анын анчалык деле кыйынчылыгы жок. Тамак салынган казан турат. Чөмүчкө ак пахтадан жип өрүп байлап коебуз. Сен казанды аралаштырып гана коесуң”,- деди. Өх,-деп эс ала түштүм. Аралаштырып эле коюш керек болсо аралаштырам, мен көөсүн кырышым керек турбайбы,- деп коркподумбу, -дедим. Эртеси аялдар келгенде кирип казан көөлөдүм. Аялдар баталарын беришип, бирден жоолук салышты. “Казан көөлөбөйм” дегенимди эстеп көпкө чейин күлүп жүрдүм. Эшик шыпырганда - Таңкы саат 4тө атам менен апам турушат, сен күн сайын 3тө туруп үйдүн алдын, короону мизилдетип шыпырып коюшуң керек. Анан эң баалуу көйнөгүңдү, эң бийик такалуу туфлиңди кийип алып шыпырууң керек,- деди Тилек. - Эмнеге, көйнөгүм чаң болуп калбайбы? Анан бийик така менен ыңгайсыз дагы,- дедим. - Себеби кошуналардын келиндеринин бардыгы эртең менен эрте эң кооз көйнөктөрүн кийип алып эшик шыпырышат. Кокус сени кошуналар көрүп калышса бечаранын жаңы көйнөгү жок көрүнөт деп кеп кылышат,-деди. - Жаңы келинге өтө кыйын экен да, мейли эми каникул бүтсө кетип калам да, эшигин шыпырып кое берейин,- деп койдум ичимден. Мен саат 3тө турсам таң ата элек экен. Көчө чырагын жактым да эшиктин алдына суу сээп шыпырып койдум. Эртеси дагы саат 3тө эшик алдына суу сээп жүрсөм кайненем чыгып: - Ээ катыгүн бул эмнең, биринчиден эшик алдын бир жумада бир шыпырсаң болот. Анан да саат 3тө эмес, таң атканда эле шыпыр балам. Анан алдагы көйнөгүң чаң болбодубу, халатыңды кийбейсиңби! Тигил шиш така кийип алган эмнең кокуй, үйдө каляч толуп жатпайбы десе болобу! Тилекке ачуум келгенин айтпай эле коеюн.- Сени шашпа, таң атсын,-деп коём ичимден. Үйгө кирсем Тилек быкылдап күлүп жатат. Нан үзгөндө Күндөрдүн биринде кайненем тандырга нан бышырды. Мен тандырга нан жапканды билбеген соң нан жасашып, даяр камырды жеткирип берип жардамдашып жүрөм. Тандырды биринчи көрүшүм болчу. Бизде нанды көмөчкө же көңкөгө бышырат да. Нан кызарып бышып калган. Баятан бери ысык тандырга нан жабыштырып жүрүп чарчадыбы, же мени сынайын дедиби, айтор кайненем үйгө кирип кыйшайып жатып калды. “Нандарды үзүп келчи балам,”-деди. “Үзүп” деген бизде туурап келчи деген сөз эле. Канчоосун үзөйүн,- десем “баарын”,- деди. Нандын баарын туурап алып эмне кылат болду экен,- деп мен таң калып турдум. Тандырга нан бышырып көрбөгөндөр үчүн өтө кыйын экен. Тандырдын ичи алооогон ысык. Колумду сала албайм, эңкейсем бетим күйөт. Анан ойлондум да тандырдын ичине тактай коюп, бешилик менен улам бышкан нанды чыгарып, баарын чарага салдым. Кичине сууй баштаганын туурасам эки нанды туураганда эле чара додо болуп толуп калды. Анын үстүнө апам: “Эгер нанды ысыгында туурасаң былтыйып калат, тикесинен жөлөп сергитип, суугандан кийин туураш керек деп калчу. Мынча нанды туурап эмне кылат болду экен деп ойлондум да, чарадагы тууралган нанды кайненемдин алдына алпарып койдум. - Бул эмне,-дейт таң калып. “Нанды үзүп кел”,-дебедиңизби, дедим. - Ой орус, мен тандырдан чыгарып кел дедим эле,-деди күлүп. Сынган чыны Келин болуп барганыма эки, үч күн болгон. Кокусунан колумдан түшүп кетип бир чыны сынып калды. Жапжаңы, гүлдөрү кооз, жакшынакай чыны болчу. Эң негизгиси кымбатыраак сервиздин чынысы экен. Абдан кыжаалат болдум. Чапталса чаптап коймокмун. Келе элек жатып сервизимдин чынысын сындырып койду, жаңы келин эби, сыны жок, олдоксон неме экен, тарбия алганбы, албаганбы дейт го деп абдан кыжаалат болдум. Чыныны болсо идиш жууган марлиге ороп столдун алдына бекитип койдум. Эшикке чыксам эч кимге көргөзбөй ыргытып жиберем деп ойлогом. Анан унутуп коюптурмун. Бир күнү кайненем: “Ээ Нурила, бул чыныны ким сындырган,-дейт. Эмне дешимди билбей калдым. Мен сындырып бекитип койгом деп кантип айтам. “Жанагы жаңы келин сындырып алып, эмне кылаарын билбей бекитип койгон турбайбы”,- дедим. Кайненем таң калып мени карап туруп, кайсы келин,- деди көрүнөт, анан каткырып жиберди. Сынган чыныдан ошентип кутулгам. Каляч Идиштерди жууп жүргөм. “Тигил калячты сүртүп койчу” ,-деп колума носки карматып койду кайненем. Носки жуулган, таза носки. “Каляч” деген эмне экенин билчү эмесмин. Кол шилтеген жагын карасам столдун үстүндө нан салган кара табак турат. Үстү чын эле чаң экен. Ошол табакты “каляч” дейт болду бекен? Бирок ошол нан салган табакты носки менен сүртпөсө керек деп таң калып турдум. Кайра сурасам дүлөйбү деп ойлосочу, сурабасам көрсөткөн жагында табактан башка эч нерсе жок экен. Табакты носки менен сүрбөсө керек,-дедим да “эмнени дедиңиз?” ,-деп кайра сурадым. “Калячты” дейт кайра. “Каляч эмне?,- десем, тигил бутка кийген деп таң калып карап койду. Көрсө каляч деген галош экен. Шимек Каникул бүтүп, Оштон Бишкекке учмакпыз. Самолетко кечкиге билет алдык. Өзүбүз айылдан эртең менен эрте келгенбиз. Убакытты өткөрүш үчүн базар кыдырдык. Кетип баратканда көзүмө жыгачтан жасалган жаңы ышкырык урунду. Колума алып, оозума салып ышкырсам ышкырылбайт. Тешиктери да көрүнбөйт. - Муну кантип ышкырам ыя деп коем. Сатуучу күлүп карап турат. Тилек колумдагы -ышкырыкты жулуп алып, ордуна койду да, мени декдеңдетип сүйрөп кетти. - Эй, сен бул эмне деп сурап анан оозуңа салбайсыңбы! ,-дейт. Ал эмне эле десем, ал эркек баланын шимеги дейт. Койчу, шимек деген жиликтен жасалат го,- десем, бизде ошондой, жыгачтан жасалат, анан аны оозго салбайт,- дейт. Акыры ал шимек иштетиле элек, жаңы экен го, деп зорго кутулгам. автор: Назира Курбан
Достору
-
MEDEROLLA -
admin_supe... -
Umka220190 -
deidara -
Jakusya -
Ilyazchik -
djigan -
kanat4ik -
Jenevra -
Nursss_Rea... -
Askarmyn -
aziret-92 -
KARL.MARKS -
sekret94 -
Filantrop -
liliya-gul -
kuba88 -
Beko87 -
lo_ove_allaha -
Kama0403 -
slastenka -
kupipro100 -
Feijipiao -
92nuraaly -
myrzayym -
kf-05-13 -
mika5901 -
TACMA -
doooron -
Parfumer -
sher90kgz -
Aziat.krim... -
bella.bell... -
Kanat8427 -
Bayya92 -
Sopsonun -
imam -
minchynar -
egiz-jigit -
Dadin2 -
akyn-jurogu -
___Love___ -
Ali94 -
Imperator93 -
timur.peri -
sabira.199890 -
Munarbek.k... -
casperr -
IskenDer.Ali
Показать 50 случайных друзей 60 (Просмотреть всех)
Комментарийлер
akylbekoff
09 Янв 2017 - 22:26