Интернетке байланып калуу негизинен чат жана форумдарга байланып калуудан башталат. Бул нерсе өспүрүмдү анын өзүн өзү өзгөртүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп берүүсү менен азгырат. Б.а. ал мындай форумдарда өзүн акылдуураак, сулуураак, жакшыраак көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ал романтик же циник, физик же химик, чыгармачыл адам же спортсменге айлануусу, жада калса өз жынысын өзгөртүүсү да мүмкүн. Кыскасы ал өз ойлору жана фантазияларына толук эркиндик берүүсү мүмкүн. Өз комплекстеринен жабыр тартып жүргөн өспүрүмдөр үчүн интернет бейиш сыяктуу эле нерсе десек болот. Алар вирт дүйнөгө сүңгүп кирип, өздөрү жактырбаган реал жашоодогу өздөрүнө кайткылары келбей калат. Себеби реал жашоодо алар өзгөрүүлөрү үчүн көп күч-аракет жумшоолору керек. Ал эми виртте болсо алар өздөрүн клавиатураны баскылоо менен эле өзгөртө алышат.
Интернетке байланып калуунун беш түрү белгилүү:
1. Киберсекс
2. Виртуалдык таанышуу
3. Онлайн биржалык соодалар жана кумар оюндарына байлануу
4. Максатсыз эле сайттарды аралып жүрүү, изилдөө сайттарын активдүү колдонуу
5. Компьютер оюндарына байланып калуу.
Баланын интернетке байланып калгандыгынын алгачкы белгилерин кантип байкаса болот?
1. Бала компьютерден башка нерселерге болгон кызыкчылыгын жоготуп, көпчүлүк убактысын компьютер алдында өткөрө баштайт.
2. Ал үчүн эң чоң жаза-бул, анын компьютер же интернет колдонуусуна тыю салуу болуп калат.
3. Тезирээк компьютерге отуруу үчүн үй иштерин көңүл кош гана аткарат.
4. Мектептеги жетишкендиктери төмөндөп кетет.
5. Ал көчөгө сейилдөө үчүн чыгууну, реалда кандайдыр бир кружок жана секцияларга катышууну каалабайт.
6. Эгер үйдө компьютер жок болсо анда анын акчаларынын баары интернет клубка кетет. Ал, ал жерде интернетте же сеть аркылуу ойнолчуу оюндар менен убакыт өткөрүп калат.
7. Эгер түнкүсүн сеттин баасы арзан же интернеттен көбүрөөк файл көчүрүп алуу мүмкүнчүлүгү болсо ал түнү бою уктабай коюга даяр болот.
8. Ал достору менен эле эмес, сиз менен да маектешпей өз убактысын компьютер алдында өткөрөт.
Бардык оорулар сыяктуу эле интернетке байланып калууну айыктыргандан көрө анын алдын алуу жеңилирээк. Бул үчүн компьютерди колдонуу сааттарын кыскартуу жана кээ бир сайттарды колдонууга чектөөлөрдү койсоңуз болот. Эгер сиз сайттарга чектөө коюуну билбесеңиз анда башка тааныштарыңыздан жардам сураңыз. Балким алар атайын фильтирлер аркылуу кээ бир сайттарга чектөөлөрдү коюуну билүүлөрү мүмкүн. Ушундай эле сураныч менен сиз өз интернет провайдариңизге кайрылсаңыз да болот. Балаңыз интернеттен көчүрүп алган бардык файлдарды текшериңиз. Анын алдына тандоо коюңуз: же ал интернет үчүн өзү акча төлөсүн же чектелүү убакыт гана интернет пайдалансын.
Батыш жана өнүккөн чыгыш өлкөлөрүндө 21-кылымдын бул "киберчумасынан" айыктыруу үчүн атайын ишканалар түзүлүп, ар кандай методикалар иштелип чыгат. Бизде азырынча интернет анчалык жайылган эмес жана анын акысы да өтө эле арзан эмес. Бирок башкалардын каталарынан сабак алган жакшы.
Эгер жогорудагы алдын алууларга карабастан балаңыз мындай оорууга кабылган болсо анда төмөндөгүдөй иштерди аткаруу сунушталат:
1. Балаңызды реалдагы кружок, клуб жана спорттун түрлөрүнө кызыктырууга аракет кылыңыз.
2. Балаңыздын дагы бир мүнөт деп сурануусуна карабай проводту үзүп салыңыз. Мектеп үчүн рефератты интернеттен көчүрүүнүн ордуна библиотекага барсын.
3. Балаңыз менен көбүрөөк сүйлөшүңүз жана ал жаман компанияга туш болуп калуусу мүмкүн деп кабатырланбастан анын өз тең-туштары менен көбүрөөк сүйлөшүүсүнө шарт түзүп бериңиз.
Өз убагында даарыланбаган интернетке байланып калуу баланын психикалык жана физикалык ден-соолугуна эле эмес, анын жашоосуна да коркунуч туудуруусу мүмкүн. Мисалы интернеттеги кумар оюндарына уткуруунун айынан өз жанын кыйгандар болгондугу тууралуу фактылар да катталган.
Эң негизгиси бардык жакшы нерсе чеги менен болгону жакшы экенин унутпаңыз жана муну балаңызга да үйрөтүңүз.
Билдирүүнү түзөткөн: Daud: 19 Июль 2013 - 00:51