jakshylyk Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 43 (0,01 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Дин жана философия (30 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 07 Октябрь 10
- Кароолор:
- 16 963
- Соңку аракети
- 22 Авг 2018 11:25
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 32 жашта
- Туулган күнү:
- Август 3, 1992
- Жынысы:
- Эркек
- Калаасы:
- OSH
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мага баш баккандар
-
love_you
17 Ноя 2017 - 00:46 -
Meruet84
04 Ноя 2017 - 23:14 -
barpynynkyzy
12 Июл 2017 - 05:24 -
asi.gulum
05 Июл 2017 - 15:12 -
mamalaktar94
05 Июл 2017 - 01:35 -
Nmaik
03 Июл 2017 - 16:22 -
Nurmuxammet
01 Июл 2017 - 16:58 -
Ajara_13
29 Июн 2017 - 14:42 -
Tagen
07 Сен 2016 - 23:46 -
kandai.janym
05 Фев 2016 - 23:40
Мен ачкан темалар
-
Аалымдарды сыйлайлы
Жазылган күн: 23 Ноя 2015
~ААЛЫМДАРДЫ СЫЙЛАЙЛЫ ~
Аалымдын касиетинин баяны
Аллахтын элчиси ( ﷺ ) айтты:
Аалымдар менин мурасчыларым, себеби адамдарды туура жолго салып жаман жолдон кайтарат. Ошондой болгондон кийин аалымдарды урматтап аларды сыйлоо важип болот.
Аалымдардын үй- бүлө каражаты калк үстүндө болот. Аалымдардын өзүнө керек заттарын элге айтып, ошол элден алып пайдалануу туура болот. Аалымдар эл үчүн, элдин кажети үчүн падышанын алдына барат. Аалымдын жаманы элден кол үзүп падыша, амирлерге барат, жакшы аалым аларга барбай эл менен болот. Жакшы падыша, акимдер аалымдарга барат, алардан кабар алат .
Аалым адам менен бирге болсоң 4 нерсе пайда болот :
диниң жарты болсо, бүтүн болот;
текебер болсоң, кичи пейил болосуң;
мусулманды душман көрсөң, кайта дос көрөсүң;
заалым болсоң, заалымдыктан качасың.
Аллахтын элчиси ( ﷺ ) айтты, менин аалым үмөтүмдүн уктап жатканы наадан үмөтүмдүн намаз окуганына тең.
Аалымдын жанында отуруу миң жыл ибадат кылгандан жакшы. Менин аалым үмөтүмдүн жанында ким бир саат отурса ал мени менен отурганы. Менин аалым үмөтүмдүн шарапаты көп. Мени менен бирге отурса кыямат күнүнүн коркунучтуу кыйынчылыгынан аман болор.
Кыямат күнү үч түрлүү жамаатка шапаат укугу берилет:
1- олуяларга,
2- аалымдарга,
3- шейиттерге.
жана кыямат күнү Алла- Тааланын жанында аалымдар гана болот .
Шайык Мансур дүйнөдөн өткөндөн кийин бир жакшы адамдын түшүнө кирет. Ошондо ал түш көргөн киши түшүндө сурайт: эй шайык Мансур Алла- Таала сенин тирүү кезиңде иштеген иштериң үчүн көрдө кандай мамиле жасады? Анда шайык ал кишиге айтты. Мени көргө алып барып койгондон кийин хак субхана ва- Тааладан кабар келди. Эй шайык Мансур, сен Менин алдымда көп- көп күнөө алып келдиң. Мен сенин ошол күнөөңдү кечирип сага жаннат насип кылдым. Себеби элге, бечараларга сен ар качан адилдикти, чындыкты көрсөтүүчү элең. Менин бардыгымды, бирдигимди, шериксиз жалгыз экенимди айтып түшүндүрүп жүрдүң. ошолордун Мени дос тутуп, Мага жакын болушуна себеп болдуң. Мен калысмын, ошондуктан сага тозокту эмес бейишти бердим деди .
Аллахтын элчиси ( ﷺ ) айтты, кимде ким менин аалым үмөтүмдүн кабарына зыярат жазаса, ал киши менин кабырыма зыярат жасаган болот. Бирөө бир аалымды урматтаса, мени урматтаган болот. Кимде- ким Аалымды улук тутса анын жайы жаннатта болот. Күмөнсүз Алланын дидарын көрөт.
Эгер менин аалымдарымды кордосо, аны кем тутса, анда мени кордоп кем тутканы. Мени кордоп, кемиткени Алланы кордоп, кем тутканы болот. Ал пендеге менин шапаатым болбос, арм болор, ал пендеге Алла ракым кылбас, Алланын жүзүн көрбөс. Ким менин аалым үмөтүмдүн артында намаз окуса, ал менин артымда намаз окуган болот .
Бул дүйнөнүн бузулбай турушунун себеби төртөө:
1- аалымдын илиминин себебинен;
2- адил падышанын адилдигинин себебинен;
3- жоомарттардын кайырынын себебинен;
4- мусулман пенделердин дубасынын .себебинен
Аллахтын элчиси ( ﷺ ) дагы айтты, менин үмөттөрүмдүн жакшысы анык аалым үмөтүм. Эгер наадан киши жаман сөз сүйлөсө, бир күнөө жазаса Алла- Таала бир күнөөсүн кана кечирет. Аалым пенденин 40 жаман сөзүнө чейин кечирет.
Комментарийлер
jakshylyk ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?