Баланы бага алсаң төрө! Таластагы ит жеп кеткен ымыркайдын окуясы үрөйдү учурду.
#1 11 Апрель 2016 - 10:33
26-мартта,
саат 8:30 чамасында Талас шаарындагы үйлөрдүн биринен денесинин айрым мүчөлөрү жок ымыркай табылды. Милиция кызматкерлери "баланын денесин иттер жеп кеткен, ошол жерге иттер сүйрөп барган" деп болжолдошту.
5-апрелде ымыркайдын энеси делип, 1991-жылы туулган Роза аттуу келинди кармашыптыр.
Айтымында, баланы 25-мартта төрөп, "бага албайм" деп көп кабаттуу үйлөрдүн алдына таштап кеткен. Болжолумда,
баланы эч ким байкабай калса керек. Иттер айбан да, жеп кетишкен. "Бечара ымыркайды иттер тытмалап жатканда кандай тозокто өмүрү менен кош айтышты экен?" деп ичим туз куйгандай ачышып отурат. Мындан улам коомдо анонимдүү түрдө балдарды таштап кете турган жай ачылышы зарыл деген демилгелер көтөрүлдү. Сиздер кандай ойлойсуздар?
Көрүнгөндөн төрөп, жетим балдардын санын көбөйтүп жүргөн кыздарды тыя албай жатабыз. Же ого бетер таштанды балдар көбөйүп кетеби? Бага алсаң төрө, колуңдан келбесе бир жериңди тыйбайсыңбы!
!!
#2 11 Апрель 2016 - 10:40
Ох-жүрөгүм. Эне эмес эле айбан экен. Баланы туугандан мурун ойлонсо болмок. Албетте коомдо анонимдүү түрдө балдарды таштап кете турган жай ачылышы керек. Эмесе итке жем болуп, көчөдө баланын жатканы кудайга жакпаган иш.
#3 11 Апрель 2016 - 10:42
Мен да колдойм, азыркы учурда таштап кеткендер толтура-баары аман калбай минтип төрөлбөй атып жашоо менен коштошуп кеткени канча?! . Бирөөгө зар, бирөөго кор бала демекчи-атайын таштап кетчү жер болсо, бала аман калып, кийин башка үй-бүлө багып алып бактысы ачылат.
#4 11 Апрель 2016 - 10:43
Мен каршымын, ошондой эле успех менен дет домдун или дом малюткинин алдына таштап кетсе болот.
#5 11 Апрель 2016 - 11:00
Балдардын да, кыздардын да мээсине кирбей койду, "сактануу керек" деген нерсе. Же бойго болтурбаш керек эле, болтурган соң күнөөсү жок баланы мыкаачылык менен өлтүрбөй, башында эле өзүң өлүп алышың керек эле жогорудагы келин! Ушундай кыздарга да Кудай улам-улам бала берет, ошол эле учурда балага зар канчалаган үй-бүлөлөр жылдап дарыланып балалуу болбой келишет. Ачык болобу, анонимдүүбү балдар кор болбогудай жайлар ачылса албетте соопчулук иш болот.
#6 11 Апрель 2016 - 11:04
Эң туура сунуш! Жогорудагы окуяны күйөөм угуп тиги кызды по-таласски сөктү аябай, бизге эле берип койбойбу депчи. Ит-кушка жем болуп, таштандыда калганча балдар үйүндө тарбияланганы жакшы да. Бала жытына зар болуп жүргөндөр азыр аябай көп. Бейтапканаларга барсан "мынча жылдан бери балалуу боло албай жүрөбүз" деген үй-бүлөлөрдүн кезегинин арты көрүнбөйт. Балдар үйү ачылса ошол жерден асырап алышат эле го. Ал бала бирөөнүн үйүн күлкүгө бөлөп, кубанычка толтуруп сонун эле болмок!
#7 11 Апрель 2016 - 11:14
Төрөлбөй жатып өлгөн ымыркай эркек экен. "Никесиз төрөлгөн, бага албайт болчумун"
деген имиш. Темселеген көк мээ, баланын убалы уктатпасын.
Ушундай аягы суюк шуркуялар коомду булгап, наристелердин убалына калып жатышпайбы!
Чыдай албай баратса жатынын буудуруп салбайбы дейм да.
#8 11 Апрель 2016 - 11:32
Жасагандан уялбай баккандан уялган акмактар.Мечиттер,
дет.домдорго таштаса деле болот да. Дет.домдо деле таштаган адамдын аты жөнү жашыруун сакталат го. Андай анонимдүү жай ачып койсо бети жокторго кудай бетет го төрөп эле алып бара берип, бирок ачса деле жакшы болот балким алдагынтип байкуш бөбөктөр бей ажал каза тапкандан көрөкчө.
Внешность - это козырь , но не туз…
#9 11 Апрель 2016 - 12:06
Менимче, ачуунун кереги жок. Анткени каалабаган баланы төрөй турган энеде "эмне болмок эле, тиги жакка таштап коем да" деген ой пайда болуп, энелик мээрим ойгонбой, жоопкерчилик жокко чыгат, намыс деген улуу мүнөзү тепселенет.
Чынында эле дом малютки дегендер деле иштейт да, ошол жакка алып барсын ошончолукка жетип жатса. Болгону жолго таштап жаткан адамдар ал тууралуу билишпейт.
Билдирүүнү түзөткөн: i-bilim: 11 Апрель 2016 - 12:10
#10 11 Апрель 2016 - 12:37
АстагфирАллах.
. Тообо кылайлы туугандар ..бироону сындагандан алыс эле бололу..Аллахым озу тараза ..
#11 11 Апрель 2016 - 13:14
Куранда айтылат;-Баланарды бага албайм деп таштап кетпегиле, аларга оз ырыскысын беремин, баланы таштаган адам жазасыз калбайт.
Бара турган жерибиз бир,бул жалган дуйнодо туболуктуу жашабайбыз, жазасыз калам деп ойлобогула.
Бара турган жерибиз бир,бул жалган дуйнодо туболуктуу жашабайбыз, жазасыз калам деп ойлобогула.
Билдирүүнү түзөткөн: Musabaeva.: 11 Апрель 2016 - 13:18
Мен ар дайым өзунө "ЖАЛГЫЗЫҢ"болгум келет.
#12 11 Апрель 2016 - 13:28
Акылы жоктук кылыптыр,бирок кудай озу тараза дегендей.Кудай ынсап бере кор баарыбызга.
..
[color="blue"]Салам[\
blue]
#13 11 Апрель 2016 - 14:03
Бардыгы тушундуру иштеринин жетпегендигинен.
Баланын тагдыры башына жаралганда эле жасылса керек. Ошентсе да жакшы ниет менен коомду туура багытка ундоо керек. Ошол эле сактануу жолдорун кыз-эркегине бирдей жеткире алсак бир аз болсо да жоопкерчилик болуп, торолгон наристе оз тагдыры менен курошууго шарт тусулмок. Ананимдуу жай ачкандан мурун сабаттуулукту жоюу керек го... Динден дагы онугуу жолундагы "современный жашоодон"
дагы сабак алса болот го акыры. Мынчалык корпендечиликтин дагы чеги болуш керек. Мен мындай жайлардын ачылышына каршымын. Эгер ачыла турган болсо дагы бир "шерменделик"
окум сурот. Жоопкерчилик жоголуп коом зыянга учурайт.
#14 11 Апрель 2016 - 14:16
Бул окуяда келинди эле бир жактуу ур-тепкиге алган туура эмес. Эмне эркек өзүн тыя албайбы?! Ар бир адам жоопкерчиликтүү болушу керек. "Керек, керек, керек" дегендерди эл угуп, ошол менен бир кылка жашаса, албетте кейиштүү окуялар болмок эмес. Баарынан да жан кейиткени барган сайын ушундай окуялардын көндүм иштерге айланып бара жатканы. Таң калбай деле калгыдай болуп бара жаткандыгы.
Өкүнүчтүү...
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#15 11 Апрель 2016 - 14:25
Таласта никесиз жаңы төрөгөн наристесин итке жедирткен келин камакка алынды.
Талас шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайын итке жедирткен 25 жаштагы келин кармалып, эки айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн облустук милиция маалымат таратты.
Анда айтылгандай, 26-мартта Талас шаарынын Оторбаев көчөсүндөгү үйдүн короосунан жаңы төрөлгөн наристенин өлүк денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге Талас ОИИБдин, ШИИБдин жана шаардык прокуратуранын жетекчилиги менен кошо ыкчам тергөө тобу чыгып, ал жерден жаңы төрөлгөн ымыркай баланын дене мүчөлөрү жок жансыз денеси табылган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, ымыркай табылганда 2 колу, 2 буту, башынын жарымы жок болгон. Ымыркай ташталгандан кийин көчөдөгү иттер кол салышы мүмкүн деген жоромолдор айтылып, анын негизинде көчөдөгү иттерге аңдып-байкоолор жүргүзүлгөн.
- Оперативдүү- издөө иштеринин жыйынтыгында, жаңы төрөлгөн ымыркайдын дене мүчөлөрүн алабай породасындагы ит жеп кеткени белгилүү болду. Итти атып өлтүрүп, аны сойгон учурда ичинен нарситенин дене мүчөлөрү чыккан, - деп айтылат маалыматта.
Ал эми бул факт боюнча кармалган Талас районунун тургуну баланы никеси жок төрөгөндүгүн мойнуна алган. Анын айтымында, ал жолдошу менен ажырашкандан кийин башка адам менен жашап жатканын, кош бойлуулугу тууралуу эч кимге айтпаган, ал эми 25-мартта «Мүрөк» ооруканасынын жанындагы эки кабаттуу үйдүн жанында төрөп, төрөгөндөн кийин уулун көп кабаттуу үйдөгү подъездин алдында калтырып кеткенин айтат.
Учурда аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

МАСКА.
#16 11 Апрель 2016 - 14:29
Кудай таалам анан ушундай аялдарга берген да ден соолукту!
Инфекция кирет менен иши жок, кочодон жалгыз тороп, баланын киндигин узуп эч нерсе болбогондой каалаган жагына басып кетип! Анан да жылга торойт ушундай аялдар! А балага зар болуп жургондор канча?!!
! "Никеси жок торогом" деп айткан имиш... А никеси жок торолгон наристелер жашоого укугу жокпу? Тороткон эркегине да наалат!
МАСКА.
#17 11 Апрель 2016 - 15:43
#18 11 Апрель 2016 - 16:29
Азыркы кезде эркеги да, кызы да озун тыя албай калган учур. 5 муноттук кумар учун, барын унутуп коюшкандай.
Тиги келин озу эле тороп алганына караганында, учетко да турбаса керек. Ушундай адамдар Эч кандай медицинилалык жардамы жок эле, бир жакшына тороп алышат. Жашоо кызык...
Тиги келин озу эле тороп алганына караганында, учетко да турбаса керек. Ушундай адамдар Эч кандай медицинилалык жардамы жок эле, бир жакшына тороп алышат. Жашоо кызык...
#19 11 Апрель 2016 - 16:57
Жашоо өнүккөн сайын адам айбанга айланып баратат.Ошондуктан ойлонбой туруп оор кылмыш кылганды так чекеге атып көмүп салыш керек.Болбосо насаат тарбия деген нерсе өтпөй калды.
FLANDER
#20 11 Апрель 2016 - 18:18
snejinka (11 Апрель 2016 - 04:42) жазган:
Мен да колдойм, азыркы учурда таштап кеткендер толтура-баары аман калбай минтип төрөлбөй атып жашоо менен коштошуп кеткени канча?! . Бирөөгө зар, бирөөго кор бала демекчи-атайын таштап кетчү жер болсо, бала аман калып, кийин башка үй-бүлө багып алып бактысы ачылат.
++
Никогда не сдавайся.