Бойду кантип узартса болот?
#222 04 Апрель 2016 - 02:30
Каблук да бойду остурот
Меня никогда не отталкивала бедность человека, другое дело, если бедны его душа и помыслы
#223 04 Апрель 2016 - 07:19
Аптекада бойду өстүргөн сироп бар)мен ичкен эмесмин,таанышым ичет эле бойлуу эле азыр)турнике асылсаң чойуласың өзүңөда пайда болот.
#224 04 Апрель 2016 - 10:24
#225 04 Апрель 2016 - 10:45
#226 05 Апрель 2016 - 17:04
Менда сиздей бойлуу кыз болгум келчуу,быйыл бир жене алдык дейсииииз.Кудайга шугур бойдун узунунун кереги жок деп калдым,кыз балага теректей бойдун кереги жок экен!!!
Сен бар учун...
#227 05 Апрель 2016 - 18:18
Менин да боюм кичинекей 1:56 хотя алтымыш эки болсо дей берем . ошентсе да кудайга шугур . анан мына даары парынарды коп мактай бербегиле .
Акылын болсо эч даары ичпе .
Акылын болсо эч даары ичпе .
#228 08 Апрель 2016 - 18:23
#231 23 Апрель 2016 - 13:41
#232 23 Апрель 2016 - 13:45
Койгула эй доктурдун көрсөтмөсү жок бир да дары ичпегиле андан көрө табигый жол менен эле турникке асынып,тартылгыла.
Ал дарыңар бойдуу өстүрүп пайда алып келгенден кийин,кандайдыр бир ооруну да алып келиши толук мүмкүн .
Билдирүүнү түзөткөн: Musabaeva.: 23 Апрель 2016 - 13:49
Мен ар дайым өзунө "ЖАЛГЫЗЫҢ"болгум келет.
#233 23 Апрель 2016 - 14:26
#234 23 Апрель 2016 - 14:39
#236 06 Май 2016 - 20:49
Адистердин айтымында, аялдар 158,5 смден, а эркектер 173,7 смден ылдый болсо бою кыскаларга кирет. Бойдун өсүүсү көбүнчө 20-22 жашта, кээде 15-17 жашта токтойт. Бул жыныстык жетилүүдөн жана сөөктөрдүн катып калуусунан көз каранды. Бойдун кыскалыгы мектеп жашында эле билинет. Дал ошол учурдан баштап бул маселени жоюу үчүн күрөшсө болот. Анткени адамдын организми 25 жашка чейин өзгөрүүгө учурап, өсүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болот. Эгер бойду өстүрүү үчүн аракет кылышса, эркектер бул куракка чейин 10 см, ал эми кыздар 5 смге чейин өсө алышат.
Бойдун кыска болуусунун себептери
Генетикалык факторлор, тагыраагы, тукумунда кыска бойлуулардын болуусу бойдун кыскалыгынын бирден-бир себеби болуп эсептелет.
Аз салмак менен төрөлүү. Бул жатын менен тондогу кан айлануунун бузулушунан улам болушу мүмкүн.
Жаңы төрөлгөн кездеги оорулар. Бул кез физикалык жактан өнүгүү үчүн абдан маанилүү. Ымыркай кезде көп ооруса, бойдун өспөй калуу ыктымалы бар.
Тамакка тойбой калуу. Бул көбүнчө наристелерде кездешет. Анткени алар тойбой калгандыгын тил аркылуу билдире алышпайт. Ошондон улам организми керектүү витаминдер менен камсыз боло албай калып боюнун өспөй калуусуна шарт түзүлөт.
Тамак сиңирүүнүн бузулушу. Бул карын астындагы бездин функциясынын өзгөрүшүнөн, бойдун өсүшү үчүн маанилүү болгон тамак-аш заттары менен минералдык туздардын организмге аз барышынан пайда болот.
Гормоналдык бузулуу. Бойдун кыска болуп калышын шарттаган гипофиз, калкан бездериндеги гормондордун жетишсиздигинен болот. Ошондой эле жаш кезде өтө эле көп гормондорго ээ болуу да бойдун өспөй калуусуна алып келет.
Физикалык кыймылдын аздыгы. Сөөктөр ката элек кезде дене тарбия көнүгүүлөрү менен машыкпаса, бой өспөй калуусу мүмкүн .
Бешикте көп жатуу. Кичинекейлердин организми өсүп келаткан учурда энелер бешикти көп колдонушат. Тилекке каршы, бешикте кысылып жатуудан бой жакшы өспөй калат.
Ар кандай оорулар: дем алуу органдарындагы, бөйрөк, жүрөк-кан тамыр, ичеги-карын оорулары ж. б.
Кыска бойдун оң жактары
– Кийим тиккенде көп кездеме кетпейт. Демек, акчаны үнөмдөйт.
– Көп убакытка чейин жаш көрсөтөт.
– Бою кыска, бирок толук айымдардын бийик такалуу бут кийим кийип жүрүшү арыктоосуна жардам берет.
терс жактары
– Кыска бойлуулардын өлчөмү аз болгондуктан кийим тандоодо көп машакатты талап кылат.
– Бою кыскаларды бала сыяктуу көрүшүп жакшы кабыл алышпайт. Ошондуктан карьерада, бирөөлөр менен пикир алышууда маселелер жаралат.
– Кыска бойлуулар жакшы байкалбагандыктан эл көп жерлерде тебелендиде калуулары мүмкүн.
– Семиргенде үйлөнгөн шар сыяктуу көрүнүп калат. Андыктан кыска бойлуулар салмагын көзөмөлдөп туруулары керек.
– Окумуштуулардын изилдөөсүнө караганда, 160 смден ылдый эркектер жана 152,4 смден ылдый айымдардын көпчүлүгү инсульт менен жабыркашат.
Эмне кылуу керек?
– Дарыгердин сунушу менен инсулин, гормондорду өстүрүүчү дары-дармектерди колдонуңуз.
– Машыгуу залдарына барып дене тарбия көнүгүүлөрүн жасаңыз.
– Тамак-аш рационуңузду көзөмөлдөңүз. Эт, балык, быштак, сүт азыктарын, витаминдерге бай жашылча-жемиштерди көп жеңиз.
– Психологиялык абалды оңдоңуз. Өзүңүздү “кичинемин” деп кемсинте бербей, ишенимдүү алып жүрүңүз.
– Белгилүү кыска бойлуу адамдарды үлгү тутуп, башка жетишкендиктериңиз менен сыймыктаныңыз. Мисалы, Леонель Месси, Том Круз, Шакира ж. б.
Бойду өстүрүүчү элдик ыкмалар
– Күн сайын бир сабизди кыргычтан өткөрүп, сметана же өсүмдүк майына аралаштырып жесеңиз, сөөктөрүңүздүн өсүшү тездейт.
– Жумуртканын кабыгын ички плёнкасынан ажыратып, порошок абалына келгиче майдалап, сууга аралаштырып күнүнө үч жолу бир чай кашыктан ичиңиз.
– Кичинекей балдарга 2 стакан жылуу сүткө жаңы бир чийки жумуртканы салып аралаштырып күнүнө үч жолу ичириңиз.
– 2 аш кашык ит уйгакка 2 стакан кайнак суу куюп, сыртынан ороп жылуу жерге жарым саат коюп коюңуз. Бул суюктукту күнүнө үч жолу жарым стакандан ичиңиз.
Бойдун кыскалыгын кандай кийимдер менен жашырууга болот?
Айымдарга. ..
– Бир аз тарыраак, узун кийимдерди кийиңиз.
– Вертикалдык сызыктары бар кийимдерди тандаңыз.
– Кыска бойлууларга бардык өңдөр, анын ичинде ачык түстөр жарашат. Бирок баштан-аяк бир тон болгону жакшы. Эч качан кара юбка менен ак кофта кийбеңиз. Бул кыска боюңузду, өзгөчө буттарыңызды ого бетер кыска көрсөтөт.
– Саймаларына кылдат көңүл буруңуз. Кийимде майда тоголокчолор, анча-мынча гүлдөр болсун. А көзгө дароо уруна турган чоң саймалар кыска бойлуулар үчүн эмес.
– Шымыңыз да кыска болбоосу керек.
– Бут кийимиңиз такалуу болсун. Бийик такалуу бут кийим – идеалдуу вариант. Эгер анда баса албасаңыз, жок дегенде кичине такалуу бут кийим кийиңиз. Ал боюңузга бой кошуп эле эмес, буттарыңызды да узун көрсөтөт. Бирок бут кийимиңиз ачык түстө болбосун. Бул боюңуздун кыскалыгын баса белгилеп көрсөтөт.
Мырзаларга. ..
– Ичке курларды тандаңыз.
– Шымыңыз да ичкерээк болуп, киндиктен ылдый түшүп турбасын. Бул буттарыңызды кыска көрсөтөт.
– Кара өң бою кыска мырзалар үчүн ылайыктуу. Ачык түстөгү көйнөк менен кара шым бойду узун көрсөтөт. Ошондуктан эч качан үстүңүз кара болуп, асты жагыңыз ачык түстө болбосун. Ошондой эле жеңи кыска көйнөктөр да бою кыска мырзалар үчүн эмес.
– Галстугуңуз да ичке болуусу керек.
– Кыска шорталарды тандабаңыз. Кемчилигиңизди көрсөтпөйүн десеңиз, денеңиз жабык эле болгону жакшы.
– Бут кийимиңиз жалпак болбой, 2-3 см такасы менен болсун.

Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 06 Май 2016 - 20:55
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#237 11 Январь 2017 - 17:35
#238 19 Апрель 2017 - 14:49
бойумго нормале бирок моделька кыздардын Буттары узуун болотго бутту кантип узартса болот екен ее
#239 24 Апрель 2017 - 14:17
#240 06 Сентябрь 2017 - 19:23
Саламатсыздарбы жашым 20да боюм кичине.кандай даары витаминдерди ичип колдонсом болот