kyrgyzJigit Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 202 (0,03 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Саясат жана коом (62 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 18 Июль 07
- Кароолор:
- 17 921
- Соңку аракети
- 01 Мар 2019 14:09
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 104 жашта
- Туулган күнү:
- Октябрь 7, 1919
- Жынысы:
- Эркек
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мага баш баккандар
-
Noorlan
10 Май 2019 - 17:50 -
argen.kg4
14 Июн 2016 - 22:22 -
Patriot..kg
23 Апр 2016 - 19:27 -
beka1207
23 Июл 2015 - 21:44 -
CauseLove
04 Мар 2015 - 09:58 -
Diljolu
18 Фев 2015 - 19:46 -
Master_84
17 Фев 2015 - 22:20 -
rasulberdi
16 Фев 2015 - 23:07 -
Nurmuhammad.
16 Фев 2015 - 20:20 -
Samarbek-Nurelim
05 Янв 2015 - 18:09
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Аялдардын "Ас-салому алейкум" деп учурашуусуна көз карашыңыз?
Жазылган күн: 19 Дек 2015
Цитата
башка улуттун создорун колдонушуп Привет дешип учурашып калышатго аларга караганда Ассалому Алейкум деп саламдашса ото жакшы и жакшы да угулат. мусулман болгондон кийин ушул соз менен учурашкан он да.А................... .........
"Пиривет" "Салют" ушинтип да саламдашып жургондор бар киргиздерде, анан дагы "Слм"деп койгондоручу экономистер. Биз мусулман экенибизди эч качан унутпайлы да. Анан кееде бироого Ас салааму алейкум деп салам берсен жооп бере албайт. Эмне учун?
Себеби озунун ким экенин даже кайсы жол менен жургонун билбейт. Мусулмандын эн сонун саламын даже периштелер ушул салам менен саламдашканын унутпай журсок озубузго эле жакшы.
Туура башка улуттун тилинде учурашпай , кыргыз тилинде учурашыбыз керек. Мага жакканы нукура кыргызча учурашуулар, "Арыбаңыз, Жакшысызбы, Жол болсун,Бар болуңуз ж.б" . Араб (семит элдеринде)тилинде Ассалому Алейкум деп учурашуу мага өөн учурайт, бул мусулмандарга гана таандык эмес, еврейлер деле минтип учурашат экен:
В традиционной среде можно услышать приветствие: Мир вам шалом алэхэм Возможный вариант ответа: И вам мира вэ-алэхэм шалом http://www. axaz. org/...it-hai-bai.html же
Здравствуйте (буквально "мир", "мир вам"): "Шалом, шалом алейхем". Булак: http://rus.ans4. com/ ...vayutsya-evrei
Бул жерден силердин Ассалому Алейкум деп учурашканыңыздар , өзүңөр белгилегендей "Пиривет" "Салют" деп саламдашкан "киргиздерден" айырмасы жок болуп калат экен. Ошондуктан өзүңөрдүн ким экениңерди жана кайсы жолдо жүргөнүңөрдү тактап алсаңар жакшы болот эле. -
Темасы: Памирлик кыргыздарга жардам берели
Жазылган күн: 19 Дек 2015
nurik2103 (17 Декабрь 2015 - 23:06) жазган:
алар уркумдо уркуп качышкан, Курманжан датка филиминде деле барго, чон уулу айтатко жеримди каапырлар басып турганда мен чыдай албайм, памирге жер котором деп кетип калатко
Тарыхты окуш керек,бир эмес бир нече маалымат булактардан. Өзгөчө өз элиңдин тарыхын, ал кинодон да кызыктуу . Далил катары кинону келтире берсек, биздин улуу тарыхыбыздан эмне калат. Билбей, тактабай туруп чечим чыгарган уят болот. Көбүрөөк окугула, изденгиле дейт элем. -
Темасы: Улутубузду сыйлабагандыкпы же?..
Жазылган күн: 16 Сен 2015
Эл жүгүн көтөрүп, атка минебиз деген "азаматтарыбыздын" кылган иштерине эми кантип ишенебиз. 2010 жылкы когалаңдын чыккан себебин бийлик, мансап дегенде унутуп коюшкан окшойт. Өзбек тили офицалдуу тил болсо да бир жөн эле. Эмнеси болсо да кыргыз тили үчүн, кыргыз эли үчүн күйгөн партияларды шайлап алалы.
Ар бир кыргыз, Эсенгул Ибраев агайыбыздай кыргыз тили үчүн күйөлү жана тилибизди, дилибизди таза сактайлы!
ТИЛИМ МЕНЕН УЛУТМУН!
Эй жарандар,
Эрендер,
Бектер жана берендер,
Эл баштаган кеменгер,
Мейли бакыр,
Мейли баатыр… -
«МЕН КЫРГЫЗМЫН» дегендер!
Зоок үчүн келгеним жок бужерге.
Соболум бар
Айта турган силерге.
Бир АТАЖУРТ,
Бир АСАБА,
Бир АЖО бар бир элде.
Анан муну билип ал,
Кулагыңа сырга кылып илип ал: -
Ар адамдын
Ар башкача дини бар,
Ар башкача дили бар,
Бирок билгин,
Бирден гана тили бар,
Билгин,
Муну билип ал!
Эй эрендер!
Эскертерим силерге:
Чындап кызмат кылам десе ким элге,
Сүйсүн тилин
Сүйгөн жарын сүйгөндөй,
Күйсүн тилге
Перзентине күйгөндөй.
Жалгыз ырын ырдай берет кекилик,
Кекиликтер койсун мени кечирип.
Эне тилин билбей туруп,
Эне тилге күйбөй туруп,
Эли-журтун
Сүйөмүн деш чекилик.
Ысыгыңа алар күйүп,
Суугуңа тоңалбайт,
Эне тилин түшүнбөгөн
Кур кыйкырып күпүлдөгөн,
Эч убакта Ата Журттун
Анык уулу болалбайт!
Бул чындыкты
Тилин танган
Тилазарлар,
Динин танган
Диназарлар угушсун.
Мейли алардын куйкалары
Курумшудай курушсун.
Ар улуттун улуттугун аныктаар,
Тил деген бул –
МЕТРИКАСЫ улуттун!
Анан муну билип ал,
Адам түгүл,
Айбандын да тили бар.
Жана да бир кызык кеп,
Айтканыма далил болоор бышык кеп:
«Ав-ав!» десе күчүк деп,
«Мый-оо» десе,
Түшүнөбүз мышык деп.
Койдо «Ма-а» бар,
Уйда «Мө-ө» бар атүгүл.
Тилибизди биз билбесек,
Кандай болот катыгүн!?
Суур деле таштай элек аңкушун,
А сен, кыргыз, байкушум…
Өз тилиңди жерисең,
Айтчы анда
Ким болосуң деги сен?!
Маңкурттарды көрүп туруп,
Маңкурттукка кыялбайм.
КЫРГЫЗ десе сыймыктанам,
КЫРГЫЗ десе уялбайм.
Кыргыз тилин билбегенди
КЫРГЫЗ десе ынанбайм!
Көңүлүмдө жай таптырбас бушман бар,
Бул шумдукту
Укпаган бар,
Уккан бар:
Өз тилине өзү каршы чыккан бар,
Өзөк өрттөп,
Өздөн чыккан душман бар.
Кыргыз туруп
Кыргыз боло албаган,
Кийиз жүрөк
«Киргиздерге» таң калам.
Эне тили гүлдөп жаткан,
Эне тилде сүйлөп жаткан,
Коңшулардан арданам.
Тилибизге кесир кылсак,
Тирүү туруп жетим кылсак,
Чоң өкүнүч бар мында.
Жууса кетпес күнөө болор
Соңку келчү урпактардын алдында.
Эл ичинде эселек бар,
Эсер бар,
Ыймансыз бар,
Жана ырыс кесер бар.
Жакшы билбей эне тилин
«ЖАРДЫ» - деп,
Жанын жеген безер бар,
Ушундай бир кесел бар.
Эй кыргызым,
Ким деп айтам,
Кыргыз тилин
Жарды деген балаңды?
Жарды эмес кыргыз тили,
Так өзүнүн жан дүйнөсү караңгы.
Дегеле ошол
Кыргызмын деп,
Кыргыз үчүн
Кызмат кылчу адамбы?!
Жок, калайык,
Өздөн чыккан сасыткылар,
Саткындар дейм аларды.
Толубайың сындаган тил,
Арстанбек ырдаган тил,
Манас бабаң сүйлөгөн тил,
Жыйырма эки кылым бою
Кыргызды алга сүйрөгөн тил,
ЖАРДЫ ТИЛБИ, КАЛАЙЫК!?
Жээренчебиз сайраган тил,
Жеңи жок ыр кайраган тил,
Карачачың канбаган тил,
Жаныбектей аксымдарды
Жарга такап жайлаган тил,
Тагай бийден тараган тил,
Кара мүртөз кан-бектерди
Кадамактай кадаган тил,
ЖАРДЫ ТИЛБИ, КАЛАЙЫК!?
Өнбөс доону өндүргөн тил,
Өжөрдү эпке көндүргөн тил,
Жаш жүрөктү ийиткен тил,
Таш жүрөктү жибиткен тил
ЖАРДЫ ТИЛБИ, КАЛАЙЫК!?
Кылым менен оожалган тил,
Кыргындардан соо калган тил,
Байрон, Бальзак, Шекспирди,
Бал татытып оодарган тил,
ЖАРДЫ ТИЛБИ, КАЛАЙЫК!?
Пушкин, Тютчев, Есенинди,
Толстойду, Карамзинди,
Кыргыздарча сүйлөткөн тил,
Кызгалдактай гүлдөткөн тил,
ЖАРДЫ ТИЛБИ, КАЛАЙЫК!?
Кеп атасын барктаган тил,
Кесер башты сактаган тил,
Эрди кундан куткарткан тил,
Эгешкенди жумшарткан тил,
Кан төгүүнү токтоткон тил,
Касташкандар достошкон тил,
ЖАРДЫ ТИЛБИ, КАЛАЙЫК!?
Санап-санап кетем эргип,
Сан ойлорго жетем эргип,
Ушул тилди жарды тил деш –
Ары жагы келесоолук,
Бери жагы текеберлик!
Тирүүчүлүк сезилбесе,
Турмуш өлдү деп билем,
Түндө жаркып көрүнбөсө,
Жылдыз өлдү деп билем,
Кыргыз тили сүйлөнбөсө,
Кыргыз өлдү деп билем!
Улутуңдун уулу болуп,
Улайм десең учугун,
Өзгөлөрдөн калып калбай,
Өссүн десең тукумум,
Эне тилге толук бойдон
Берүү керек укугун.
Басмырланып башка тилге,
Жыйындарда сүйлөнбөсө,
Аймагында жашаган эл
Аздап-аздап үйрөнбөсө,
Көчө тилдин деңгээлинен
Көтөрүлбөйт тилибиз,
Тил өспөсө,
Кантип өсөт дилибиз,
Энөө Кыке,
Анан муну билиңиз:
Токтом токуп салуу менен,
Буйрук кабыл алуу менен,
Өспөйт тилиң, калың журт,
Кан-жанымдан
Кайнап чыккан зарымды ук?!
Атың кыргыз,
Затың башка,
Өзүң кыргыз,
Сөзүң башка,
Диниң кыргыз
Тилиң башка
Болуп калсын дебесең –
Жыйындарда,
Курултайда,
Чогулушта,
Жолугушта,
Ажоң баштап,
Кожоң коштоп,
Өз тилиңде сүйлөбөйсүң неге сен?!
Кылым сүргөн кыргыз тили,
Кызгалдактай гүлдөсүн,
Жайып тамыр-бутактарын
Жаш арчадай бүрдөсүн,
Ишкананы кенен ээлеп,
Иш кагазда сайрасын,
Көчөлөрдө эркин басып,
Көрнөктөрдө жайнасын.
Бакчалардан байыр алып,
Окуу жайда окулсун,
Тоолуктардын өз тилинде,
Токтомдору токулсун,
Телеграф, телефондор
Сүйлөп турсун кыргызча,
Ата Журттун эне тили
Аралашсын турмушка.
Желбиреген желегиндей,
Жетсин колу жылдызга!
Бул чындыкты өз да,
Жат да угушсун,
ЭНЕ ТИЛИМ –
ЭНЕМ,
ЭЛИМ,
УЮТКУМ.
Тунук болсом, -
Тилим менен тунукмун,
Улук болсом, -
Тилим менен улукмун,
УЛУТ БОЛСОМ, -
ТИЛИМ МЕНЕН УЛУТМУН!
Анткени тил –
Ар улуттун улуттугун аныктаар,
ПАСПОРТУ да,
МАНДАТЫ да,
МЕТРИКАСЫ УЛУТТУН!
Эсенгул ИБРАЕВ, Кыргыз Эл акыны
P.S. FIANIT айымдын терип жазганын төмөнкү темадан алып келдим :кыргыз тили жөнүндө
-
Темасы: Диний фанатизм - улуттун келечегине чабылган балта
Жазылган күн: 9 Сен 2015
Цитата
Бейиш издеп, Сирияга кеткен тоңдуктар
Кыргызстандык өспүрүм балдар ата-энесин ээрчип, Сирия менен Ирактагы согуш талааларына кетип жатканы маалым болду. Тоң районунда жашаган бир үй-бүлө беш баласы менен белгисиз тарапка кетсе, 80 жаштагы байбиче очор-бачар болгон төрт кызын ээрчитип согуш жүрүп жаткан аймакка жол тарткан....... ....
- "Биз бир жакка кетебиз" деп айтты беле?
- Жок, бир жакка кетебиз деп айткан эмес.
- Сен досуңду акыркы жолу көргөндө эмне деп айтты эле?
- Эртең сабакка барбайм деген. Эжейге эмне деп айтып койоюн десем, “билбейм деп кой" деген.
- Биз алыска кеткени жатабыз деп айтты беле?
- Жок, антип айтчу эмес.
- Мектепте мечитке барган балдар көппү?
- Көбүнчө балдар мечитке барбай калышты.
- Мурда баарыңар барчу белеңер?
- Мурда баарыбыз барчубуз. Амандын атасы көчөдөгү балдардын баарын мечитке ээрчитип кетчү. Биздин көчө бүт барчубуз.
- Досуң кеткенин укканда сен эмне деп ойлодуң?
- Мен Аман кайда, үйүндө жок экен деп издеп барсам, коңшу атабыз “Тосорго кеткен” деп койгон.
- Аман эмне кино көрүп, кандай китептерди окучу эле?
- Алар үйүндө мусулманча дисктерди көрүп отурушчу.
- Сага дагы досуң буларды көр деп берчү беле?
- Жок, берчү эмес, өздөрү эле көрүшчү.
- Максат байкең силерди мечитке баргыла деп чакырчу беле?
- Мечитке баргыла, үйдө жөн жүрбөй, мечитке баргыла деп айтчу.
- Сирия жөнүндө айтчу беле, алыста согуш болуп жатат деп айтчу беле?
- Алыска дааватка чыгуу керек деп айтчу.
- Классыңарда канча эркек бала бар?
- Аманды кошкондо алты бала болчу, эми бешөөбүз калдык.
- Аман чоңойгондо ким болом дечү эле?
- Чоңойгондо геолог болгум келет дечү.
- Мектепте жакшы окучу беле?
- Ооба, 6-7-классында үч сабагынан жетпей калган.
- Аман кайда жүрдү болду экен деп классташтар сүйлөшөсүңөрбү?
- Азыр сүйлөшпөй деле калдык, ал келбейт деп ойлошот...
Амандын чогуу өскөн досу аны менен акыркы жолу сүйлөшкөнүн эстеп сүйлөп берди. Келечекте геолог болом деп кыялданган, 9-класстын окуучусу ушул тапта кайда, кандай күндө, ким менен жашап жатканы белгисиз. Амандын классташтары чоңдордон укканы боюнча ал ата-энеси, төрт бир тууганы менен алыска Сирия деген согуш болуп жаткан жакка кетиптир.
Бейиштен кезигебиз...
Көл жээгиндеги чакан кыштакта бир үй-бүлө түн жамынып качып кеткени, болгондо дагы Сириядагы согушка бет алганы тууралуу сөз айылга чагылгандай тез тарады. Мындай кабарды уккан карапайым айылдыктар адегенде нес болсо, ага улай окуянын чоо-жайы талкуулана баштады. Декабрдын 21инен 22сине караган түнү айылда колунан көөрү төгүлгөн уста, беш уулдун атасы, кадыр-барктуу үй-бүлөнүн кенже уулу, 40 жаштагы Максат уулдарын, жубайын алып, түн жамынып, 80 жаштан өткөн атасын үйдө жалгыз калтырып качып кетет деген эч кимдин оюна дагы келбесе керек.
Сирияга барып жихадчы болгон өзбек жараны Бир түндө эле катарында чогуу жашаган коңшусун жоготкон айылдыктар Максат аялы экөө алыска кетүүгө эбактан бери камынып жүргөнүн эми гана баамдашканын, убагында ага маани беришпегенин эстеп отурушту. Максат кетерден 20 күндөй мурун догдурда дарыланам деп Бишкекке барып, жол камылгасын көргөн экен. Өзүнө, аялына, уулдарына арабча ысым ыйгарып, башка өлкөгө саякаттоо үчүн паспортторду алдын-ала даярдаптыр. Жубайы Фарида болсо соңку эки жылда бети-башын чүмкөп, коңшу келиндер менен такыр эле сүйлөшпөй калганын, “таалим сабактары" деп бир жактарга такай каттап турганын, айт майрамдарда чоочун меймандарды коноктогонун сөз кылып отурушту.
40ка чыга элек келин уулдарын отургузуп алып, эртеден-кечке DVD дисктерди көрүшкөнүн, үч жашар кичүү уулунун “Аллаху ахбар” деп кыйкырып ойноп жүргөнүнө өз маалында эч ким деле маани бербептир. Жубайлар ата-энеден энчиге калган малын, автомашинесин сатып, өздөрүнө, балдарына эң керектүүсүн гана алып чыгып баратып, 80 жаштагы атасына, бир туугандарына багытталган катты, үй-жайдын ачкычын чоң бөлмөдөгү столдун үстүнө калтырат.
“Булар мурун эле дайынданып жүрүшүптүр. Катты жазып даярдап коюшуптур. Бизге таарынбагыла, ушундай жолду тандадык. Биз өзүбүзгө тиешелүү оокатты саттык, бизге таарынбагыла. Биздин артыбыздан сөз айтпагыла, бизди каргабагыла. Үйдү уулдарыңардын бирөөнө каттатып койгула. Бейиштен кезигебиз" деп жазылыптыр. Ага чейин малын сатыптыр. Бир жолу байкасам жетимиштен ашык коюнун жыйырмадайы эле калыптыр. Булар эмне болгон деп өзүмчө таң калып койгом. Келин болсо торпок сатып жатканын көргөм. Үйдөгү аксакалдын болсо мал менен иши жок болчу. Картошкасын сатыптыр, машинесин сатыптыр. Булар түнү менен учуп кеткен окшойт. Алар качып кеткенден кийин туугандары Бишкек менен байланышып, аэропортко чалышса, эбак учуп кетишиптир. Кетээрге чукул ишке көңүлдөрү жок, башкача болуп калышкан. Эмне булар минтип калган деп бүшүркөп тим болгом. Койлорун коругуна киргизип ийип, кечинде айдап келип, андан сырткары жумуш жасабай калышкан. Көрсө ошондо эле көңүлү бузулуп жүрүшкөн тура...”
Үч окуучусун жоготкон мектеп
Бир түндө үч окуучусу дайынсыз болгон чакан мектептин уюштуруу иштери боюнча директорунун орун басары Суусар Камчыбекова Максат башкаларга үлгү көрсөткөн ата катары, мектептин ата-энелер комитетин жетектеп, алтургай мектепке келип, балдарга тарбия саат өтүп турганын баяндап отурду:
ИМ согушка даярдап жаткан балдар. Сүрөт интернетке тараган видеодон алынган. Аллеппо, Сирия - Атасы мектептин ата-энелер комитетинин төрагасы болчу. Абдан тартиптүү, ишеничтүү адам болчу. Балдарга келип тарбия саат өтүп, тартип боюнча лекция окучу. Антип кетип калат деген эч кимдин оюнда жок эле. Дин жөнүндө балдар мечитке барып окушат. Балдары мечитке барчу. Амандын баскан-турганынан дагы эч нерсе байкалчу эмес, мектепке эч кандай диний китептерди же дисктерди алып келгенин көргөн эмеспиз. Үч уулу тең токтоо балдар. Эч кимге эч нерсе билгизишчү эмес. Алар кеткенден кийин Аман классташтарынын бирөөнө интернеттеги агент аркылуу “биз жөнүндө айылда эмне деп атышат?" деп сурап жазыптыр. Интернетке такай кирбейт экен, суроосунун жообун алгандан кийин өчүрүп коюптур. Балдар кеткенин укканда биз дароо райондук билим берүү бөлүмүнө, милицияга, айыл өкмөтүнө билдирдик. Балдар окуудан чыгып кетти, бирок документтери биздин мектепте турат. Бирөө 9-класста, кийинкиси 7-класста, дагы бирөө 4-класста окуйт. Андан кийин мектептеги балдарга дин боюнча сабактарды өтүп, эгер силер дагы туура эмес жолго түшсөңөр, ушундай болот деп түшүндүрүп атабыз. Мектептеги балдар алар кайда кеткенине кызыгышат, Сирияга кетиптир деп айтышат. Биз адегенде Түркияда деп укканбыз, эми Сирияда деп атышат...
Сирияга жол баштаган 80деги байбиче
Согуш оту алоолонгон Сирияга беш балалуу үй-бүлөнү эмне тартты? Туулуп-өскөн айылынан алыс чыкпаган карапайым жубайларды ата-бабасы көрбөгөн алыста эмне кызыктырды?
Бул суроолорго жооп издеп, Максаттын аялы Фарида туулуп-өскөн айылга бардык. Фариданын үй-бүлөсүн бала кезинен жакшы таанып билген апа Сирияга сапар алгандардын сырын ачты.
Белгисиз дүйнөгө алгач эки жыл мурун Фариданын агасы, 37 жаштагы Майрамбек кош бойлуу аялы, үч баласы менен кетиптир. Алыска кеткен уулу сизди сагындым деп айылда калган 80 жаштагы апасын чакыртат. Байбичени коштоп, очар-бачар болгон 52 жаштагы кызы Жыпар күйөөсүн, балдарын-неберелерин таштап, өткөн жылдын март айында алыска жол тартат.
80деги апа жаңы конушуна жеткенден кийин Тоң районунун төрт айылында турмуш куруп, бала-чакалуу болгон кыздарын жаңы жерге, жаңы турмуш курууга чакыра баштайт. Апасынын тилине кирип, өткөн жылы 33 жаштагы Нурзат күйөөсүн ээрчитип, үч баласы менен өз үй, өлөң төшөгүн таштап чыгып кетет. Сиңдисине улай 43 жаштагы Жазгүл дагы күйөөсүн алып, баарына кайыл болуп, сапарга аттанат. Апанын кичүү кызы, баяныбыздын башында сөз кылган Максаттын келинчеги, 38 жаштагы Фарида беш уулу менен өткөн жылдын декабрь айында түн жамынып, айылдан качып кеткен.
Ушул тапта 80деги байбиче төрт кыз, үч күйөө баласы, уул-келини менен кайда, кандай турмуш өткөрүп жатканы белгисиз.
Жогоруда белгилүү себептен улам аты-жөнү өзгөртүлгөн, Сирияга согушка кетти делген Тоң районунун тургундары, үйдөн чыгып кеткенден кийин кайрылып кабар берген эмес.
Алтургай айыл ичинде айрымдары согуш талаасында апаат болуп кетиптир деген ушак-айың сөз дагы бар. Облустук атайын кызматтардын өкүлдөрү мындай маалыматты жокко чыгарышты.
Булак: Азаттык -
Темасы: Кыргыз жигиттеринин сүннөт деп сакал өстүрүп, ыштан, көйнөк кийгенине кандай карайсыздар?
Жазылган күн: 4 Авг 2015
Талибдерде (биздеги Таблигдерде эмес) Оогандагы мындай экен. Кимде ким сакал өстүрүп, бирок мурутун алып жүрсө, ал демек голубой киши экен. Азыркы кезде кыргыз жергесинде муруту жок сакалчандар да көбөйүп кетти. Аларды карап туруп, чын эле алар гейби же амирлери алдап ушинтип сакал койгонду үйрөттүбү деп ойлон
бой койбойсуң. Кыргыз элимдин кээ бир жаман саппатары бар, аябай ишеенчек элбиз жана бөрк ал десе баш алган алабармандыгыбыз бар. Динди ушинтип тутуш керек, сакалды мындай коюш керек деп бир молдоке айтса, болду, ага баарыбыз кудайыбыздай ишенип алабыз, ал молдокенин артында ким турганы менен ишибиз жок.
Комментарийлер
kyrgyzJigit ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?