![Сүрөт](http://flowers-grand.
ru/files/1/514.jpg)
Гүлдөр жөнүндө кеңештер:
Гүлдөрдү эртең менен эрте же кечинде бычак менен кыйгачынан кесип, сууга салса көпкө сакталат. Эч качан кайчы менен кесүүгө болбойт.
Гүлдү кесип алып эле букет жасоого болбойт. Аны салкын температурада 2 сааттан кем эмес кармаш керек.
Гүл соолубай көпкө сакталыш үчүн вазага бир таблетка аспирин салып коюу керек.
Вазадагы гүлдү ачык терезеге же шамалдуу жерге койбоо керек.
Эгерде жасминди кышында горшокко отургузсаң, бир айдын ичинде гүлдөйт.
Бөлмө гүлдөрүнүн жыты аңкып туруусун кааласаңыз, аны кумшекер кошулган суу менен сугарыңыз.
Гүлдү эч качан батарейканын жанына койбоо керек.
Жумуртканын кабыгы үйдө өскөн гүлгө эң жакшы жер семирткич болуп эсептелинет.