rai (06 Май 2009 - 13:07) жазган:
Сөзү Ж.Алымовдуку
Обону Р.Абдыкадыровдуку
Рысбай Абдыкадыров
Элесинди карап туруп сүрөттөн,
Эске түшөт көлдүн жээги гүл өскөн,
Эсиндеби, кечиндеги сырдашуу,
Сууруп чыгып таттуу сөздү жүрөктн.
Жүрөгүмдө сүйүү турса чыдатпай,
Жүзүн жарык балбылдаган чырактай,
Суктандырдын, суусаттырдын карадан,
Эзелтеден бирге жүргөн ынактай.
Сансыз жылдыз бизди гана карашып,
Сени менден, мени сенден талашып.
Ойноп-күлүп көпкө жүрдүм жаркыным,
Кеткичекти аппак болуп тан атып.
Бирок мезгил өткөн сайын нарылап,
Тетир карап буруласын ар убак.
Азап тарттым арман күчөп жүрөмүн.
Жүрөгүмдү үмүт менен дарылап.