Биология Биология тууралуу маалыматтар.
#21 31 Октябрь 2017 - 13:50
Лимондун пайдасы
Лимондун курамы: витаминдер жана минералдар. Лимондун негизги курамын суу менен лимон кислатасы түзөт. Бирок мындан сырткары анда организмге керек эң маанилүү витаминдер да көп. Лимондо биринчилерден болуп эле С витамини көп. Аны менен катар эле дагы: А, В1, В2, D витаминдерин жана мындан сырткары цитринди (витамин Р) курамына камтыйт.
Лимон химиялык курамы боюнча өзүнчө бир фенолдук байланышка жана жогорку биологиялык активдүү заттар менен касиетүү баалуулуктарга ээ. Ошондой эле минералдык туздарга, лимон кислотасына бай. Ошондуктан ал организмге абдан керек.
Дал ушул айкалыштар адамдын организмине керектүү дарылык касиетүү күчтүү жана косметикалык каражат катары жакшы пайдаланылат.
Лимондун касиети
Лимондун антисептикалык касиети күчтүү. Египеттин айылдарынын тургундарын чаяндар чагып кеткенде лимонду экиге бөлүп, бир бөлүгүн чаккан жерге коюп, калган жарымын сорушса, жыйынтыгында жабыркаган жер бат эле жоголуп кетет.
Лимондун ширеси
Лимондун ширеси эс тутум начарлаганда, ашказан ичеги, таш пайда болгон ооруларда, организмдин зат алмашуу процесси жоголгондо, гемморойдо, лихородка суук тийген абалда таасирлүү. Мындай ооруларда жарым стакан кайнак сууга 0,5 лимондун ширесин кошуп, күнүнө 2-3 жолудан ичсе болот. Ошондой эле жаңы жемиштерге лимондун ширесин кошуп, тузу жок салаттарды жасап жесе да жакшы.
Тамак ооруларында
Ангина жана ооздун көңдөйлөрүнө, тамакка суук тийген ооруларда оозду сууга кошулган лимондун ширеси (1/2 стакан кайнак сууга 0,5 лимон кошулат) менен чайкаса таасирлүү. Теринин козу карын ооруларында лимондун ширесин дары катары иче берсе да болот.
Өт ооруганда
Өткө таш пайда болгондо 1,5 литр сабиздин, кызылчанын, бадыраңдын аралашмасы кошулган 10—12 стакан лимондун ширесин бир күндин ичинде иче берсе болот. 6-7- күндөрү катуу жабыркаган жер катуу ооруп, анан ору басылып, таштар жоголот. Өтө катуу ооруганда ооруну баскан каражаттарды колдонуш керек.
Суусаган абалды басат
Лихородка ооруларында, каның катып суусаганда, деги эле жалпы абалды жакшыртуу үчүн лимондун ширесинин пайдасы күчтүү.
Витамин жетишпегенде
Организмге С жана Р витаминдери жетишпегенде, зат алмашуу бузулганда ошондой эле кычкылтеги төмөн гастрит, подагр, заара чыгаруучу каналдарга таш пайда болгон ооруларда пайдалуу.
Лимондун кабыгы
Тамак сиңирүүнү жакшыртыш үчүн шекерде кайнатылган лимондун кабыгын колдонсо болот.
Лимондун жаңы кабыктарын ак жерлеринен тазалап алып, нымдуу жагын чыкыйга коюп 10-15 мүнөт кармап туруш керек. Ал жер кызыл болуп ачышып жана кычышып чыгып, баштын оорусу жоголот.
Чийки лимон
Ангина жаңы башталганда чийки лимонду (өзгөчө кабыгын) жайдан чайнап койсо жакшы. Андан кийин лимондун кислотасы оорулу жерлерге таасир бергенче 1 саат бою эч нерсе жебеш керек. Ушул эле көрүнүштү 3 сааттан кийин кайра кайталаса болот.
Бут ооруганда
Буттун тарамыштары тырышып калганда эртең менен жана кечинде жаңы лимондун ширеси менен буттун тамандарын сүртүп, кургагандан кийин байпак менен бут кийимди кийсе таасири байкалат. Бул жол менен дарылоонун бир курсу – 2 жумадан аз болбошу шарт.
Сасык тумоодо
Сасык тумоого кабылганда чайга бир чай кашык бал менен лимонду кошуп ичкенде дароо таасири байкалаарын баарыбыз жакшы билебиз. Ошондуктан бул ооруну алдын алыш үчүн да аны суук түшөөрү менен эле активдүү колдоно берсе болот. Ал эми ооруганда ал сөзсүз дасторкондо болушу шарт.
Лимон кошулган чай
Чайга лимон кошуп ичүү – дем алуу органдарына суук тийген ооруларда эң сонун каражат.
Медицина
Заманбап медицинасы лимондун пайдалуу дарылык касиетин авитоминозду жана ар кандай ооруларда алдын алуу үчүн колдонот. Өзгөчө андагы С жана р витаминдери суук тийген ооруларда абдан маанилүү жана организмдин иммундук-биологиялык реакциясын көтөрөт. Ошондуктан лимонду суук тийген менен ар кандай инфекцияларга байланыштуу жана терапевтик, хирургиялык ооруларында организмдин коргоочу заттарын жакшыртуу үчүн диета-дары каражаты катары колдонушат.
Адамды бактылуу кылган 3 нерсе бар;
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
#22 31 Октябрь 2017 - 13:51
Лимон
Лимон. Лимон (лат. Citrus Iimon) – руталар тукумунун цитрустар уруусундагы, дайыма жашыл, көп жылдык субтропиктик өсүмдүк. Бийиктиги 1,5–7 м. Шагы негизинен тикендүү. Жалбырагы калың, сүйрү, ачык жашыл, учу ичке. Гүлү кош жыныстуу, ак, жыттуу, чачыкта бир же экиден жайгашат. Мөмөсү – сүйрү, тоголок жемиш (диаметри 5–6 см, салмагы 120 г). Кабыгынын калыңдыгы 2–5 мм, ачык сары. Сулпу саргыч, ар мөмөдө 20 гдай урук болот. Ширелүү келип, өтө кычкыл. Лимон жылуу, күнөстүү жерде жакшы өсөт. Жазында орточо 10ᵒС температурада өсүп, вегетация мезгили 200–220 күнгө созулат. 17–18ᵒС жылуулукта жакшы гүлдөйт. Түштүк-Чыгыш Азияда таралган. Жер Ортолук деңиздин, АКШ, Мексика, Аргентинанын жана башка субтропиктеринде, КМШ өлкөлөрүндө өстүрүлөт. Кавказдын Кара деңиз жээгинде, Азербайжанда ачык жерде, Борбордук Азияда жылытмада (теплицада) жана үйдө өстүрүлөт. Мөмөсүндө 3,5–8,1% лимон кислотасы, 1,9–3% кант, С (100 гда 45–140 мг), Р жана В витаминдери, пектин заттары, темир, фосфор, калий, кальций, магний туздары, кабыгында эфир майы бар. Мөмөсү желет жана андан лимон кислотасы, шире жана башкалар алынат. Кыйыштыруу жолу менен, ошондой эле калемчесинен көбөйтүлөт. Ар түбүнөн 150–300 мөмө алынат. Лимон шаары, Пуэрто-Лимон – Коста-Рикадагы шаар. Лимон провинциясынын административдик борбору. Кариб деңизинин жээгинде жайгашкан. Калкы 67,5 миң (2010; шаар айланасы менен 100 миң); чоңдугу жана калкынын саны боюнча өлкөнүн борбору Сан-Хоседен (темир жолу аркылуу байланышат) кийинки 2-шаар. 1871-ж. негизделген. Шаардын экономикасынын негизин транспорт жана логистика кызматы түзөт. Лимон – өлкөнүн сырткы соодасын жүргүзүүчү башкы порточо Сыртка негизинен банан, кофе, жыгач жана электроника өнөр жайынын продукциясын чыгарып, сырттан нефть (Венесуэла менен Мексикадан), машина жана анын жабдууларын, химиялык продукция (анын ичинде жер семирткичтер) алат. Жеңил, тамак-аш жана жыгаччылык өнөр жай ишканалары иштейт. Туризмдин борбору.
Билдирүүнү түзөткөн: Ashka.: 31 Октябрь 2017 - 14:00
Адамды бактылуу кылган 3 нерсе бар;
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
#23 31 Октябрь 2017 - 13:52
Көп «кырдуу» лимон
АНЫ үй тиричилигинде тазалоочу, дезинфекциялоочу каражат катары кеңири колдонушат. Ал дарылык, косметикалык касиетке да ээ. Аны тамак-ашка колдонушат, ширесин ичишет, эфир майын алышат. Ооба, дүйнө жүзүнө кеңири тараган, ары кымбат эмес, ары көрүнүшү көзгө жагымдуу лимон, балким, азыр силердин да дасторконуңардын көркүн ачып тургандыр.
Лимондун түпкү мекени Түштүк-Чыгыш Азия деп эсептелет. Ал ошол жактан бара-бара батышка карай, Жер Ортолук деңиздин боюндагы өлкөлөргө тараган. Лимон дарагы мелүүн климатты жакшы көргөндүктөн Аргентина, Италия, Мексика, Испания сыяктуу өлкөлөрдө, атүгүл Африка менен Азиянын айрым аймактарында өсөт. Жетилип калган лимон дарагы, түрүнө, өскөн жерине жараша, бир жылдын ичинде болжол менен 200дөн 1500гө чейин мөмө байлайт. Ал бир жылда бир нече жолу гүлдөгөндүктөн жыл бою түшүм берет.
Италияга тамыр жайышы
Байыркы римдиктердин лимон өстүргөн-өстүрбөгөнүнө байланыштуу азыркыга чейин талаш-тартыштар көп. Алсак, римдиктердин цитронду — көлөмү лимондон чоңураак болгон, цитрус уруусуна кирген өсүмдүктүн дагы бир түрүн — билгенине далилдер бар. Мисалы, Рим тарыхчысы Плиний Улуу өзүнүн «Табигый тарых» деген эмгегинде цитрон дарагы жана анын мөмөсү жөнүндө айтып өткөн. Бирок айрым окумуштуулар римдиктер лимонду да билишкен деп ырасташат. Анткени байыркы римдиктердин фрескалары (ным шыбакка тартылган сүрөт) менен мозаикаларында, кыязы, цитрондор эмес, лимондор тартылган деп эсептелет. Алар буга байыркы Помпеи шаарынын урандыларынын арасынан казылып табылган заңгыраган бир үйдүн дубалдарында башка көптөгөн өсүмдүктөр менен катар лимон дарагынын тартылганын далил катары көрүшөт. Анткен менен лимондун ошол учурда бөтөн жерден келген өсүмдүк катары эсептелгенин жана элге анын дарылык касиети гана белгилүү болгондуктан ошол максатта гана колдонулганын четке кагышпайт. Бирок аны өстүрүү канчалык кыйын же оңой болгонун жана анын канчалык кеңири тараганын так айтуу мүмкүн эмес.
Цитрус өсүмдүктөрү, анын ичинде лимон да жайы көпкө созулуп, кышы жылуу болгон Сицилия аралында абдан жакшы өсөт. Бирок Италиянын башка аймактарында да, өзгөчө, деңиз жээктеги аймактарында өскөн лимондор да аябай жакшы болот.
Андай жерлердин бири — Неаполдун түштүгүндө жайгашкан Сорренто деген кооз шаар. Анын түштүгүндөгү болжол менен 40 километрге созулган Амальфи жээктери көздүн жоосун алган кооздугу менен кимди болсо да суктандырат. Деңиз жээгин бойлой булуңдардын койнунда Амальфи, Позитано, Виетри-суль- Маре деген укмуштуудай кооз шаарлар бар. Сорренто шаары менен Амальфи жээктеринде өстүрүлгөн лимондорго атайын товардык белги коюлат. Жергиликтүү калк ошого аябай сыймыктанат. Анткени ал жердин лимону тоонун боорундагы тектирлерде өстүрүлүп, күндүн нуруна каныккандыктан, жыты аңкып, өзгөчө ширелүү болот.
Бирок лимонду чоң идишке отургузуп, күн жакшы тийген балконго да өстүрсө болот. Анткени ага көп жердин деле кереги жок. Лимон күнөс, ыктоо жерди жакшы көрөт. Анын, өзгөчө, дубалдын жанында турганы жакшы. Ал эми кышкысын, катуу суук болгондо, үстүн бир нерсе менен жаап же үйдүн ичине киргизип коюш керек.
Кожейкелердин жардамчысы
Силер лимонду көп колдоносуңарбы? Айрымдар анын кесимин чайга кошуп ичишет, башкалар анын кабыгын же ширесин таттуу бир нерселерди бышырганда кошушат. Дагы бирөөлөр ширесин сыгып, таттуу суусундуктарга аралаштырып ичишет. Дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун, лимонду түрлүү тамак-ашка колдонгон ашпозчулар арбын. Бирок, булардан тышкары, лимондун ширесин дезинфекциялоочу жана так кетире турган тазалоочу каражат катары да колдонсо болот.
Мисалы, лимонду экиге бөлүп туруп, ашканадагы аны-муну туурай турган тактайдын бетин сүрүп, дезинфекцияласа болот. Айрымдар болсо так кетире турган же раковинаны тазалоо үчүн колдонулган тазалоочу каражаттын ордуна лимондун ширеси менен аш содасынын аралашмасын колдонушат. Ошондой эле жара кесилген лимонду муздаткычка же идиш жууй турган машинеге салып койсо, жаман жыты кетип, ичи жагымдуу жыттанып калат.
Андан сырткары, лимон кислотасын тамак-аш менен суусундукка кошуп койсо, бузулбай, көпкө сакталып, даамы бир аз кычкылданып, жагымдуу болуп калат. Ал эми лимондун эти менен кабыгынан пектин деген зат алынат. Коюултуучу, желимдөөчү касиетке ээ ал зат эмульгатор катары тамак-аш индустриясында кеңири колдонулат. Лимондун кабыгынан алынган майды болсо, тамак-аштан сырткары, дары-дармек жана косметика жасоодо да колдонушат. Айта берсе, бул жемиштин пайдалуу касиеттери түгөнбөйт. Лимон, чынында эле, көп «кырдуу» жемиш.
С витамини С витамини организмдин өсүшүнө жана чың болушуна чоң таасирин тийгизет. Ал кочкул жашыл жалбырактуу жашылчаларда, помидордо, кызыл калемпирде, карагатта жана кулпунайда көп болот. Ал эми цитрус өсүмдүктөрү, анын ичинде лимон бул витаминге абдан бай келет. Лимондогу С витамининин өлчөмү көп нерседен: кандай климатта өскөнүнөн, канчалык бышканынан, ал тургай бактын күнгөй же тескей бетинде өскөнүнөн көз каранды.
Айрым өлкөлөрдө чоң кишилер күнүнө 100 миллиграммдай С витаминин жеп турушу керек деп эсептелет. Анча чоң эмес бир лимон чоң киши бир күндө жеши керек болгон С витаминин өлчөмүнүн жарымын түзөт.
Адамды бактылуу кылган 3 нерсе бар;
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
#24 31 Октябрь 2017 - 13:53
<br style="box-sizing:
border-box; font-family: Arial; font-size: small;">Лимон тууралуу <br style="box-sizing:
border-box; font-family: Arial; font-size: small;">кызыктуу фактылар<
br style="box-sizing:
border-box; font-family: Arial; font-size: small;"><br style="box-sizing:
border-box; font-family: Arial; font-size: small;">
Александр Македонскийге аскерлери Индиядан лимон алып келип беришкен. Ал кезде Европада бул жемиш жок болчу. Аны аябай кычкыл экендигине карабай жөн гана чайнашчу.
<br style="box-sizing:
border-box; font-family: Arial; font-size: small;">
XVII кылымда лимон катардагы жөнөкөй орустарга кол жеткис нерсе болгон. Ал эми байлар аны Голландиядан алдырышкан.
Лимон аларга туздалган түрдө келген. Кызык, анан аны кантип жешти болду экен?.. <br style="box-sizing:
border-box; font-family: Arial; font-size: small;">
Испаниялык фольклордо лимон - ачуу, алданган сүйүүнүн символу. Ал эми таттуу сүйүүнүн символу - апельсин.
<br style="box-sizing:
border-box; font-family: Arial; font-size: small;">
Бир жолу лимон оркестрдин бузулушуна себепчи болгон. Партердин биринчи катарында балдар лимон жеп отурушкан. Үйлөмө аспапта ойногон музыканттар аны көрүп шилекейлерин тарта алышпай, бул музыканын жакшы чыгышына тоскоол болгон.<
br style="box-sizing:
border-box; font-family: Arial; font-size: small;">
Ак сөөктөр конок чакырышканда столдун үстүнө карагат менен сөзсүз түрдө лимондун кесимин коюшкан. Анткени, карагат эринди жана тилди карага боёп койсо, лимон аны кетирет.
<br style="box-sizing:
border-box; font-family: Arial; font-size: small;">
Композитор Дмитрий Шостаковичти Улуубританиянын королевасы Елизавета II чай үстүндөгү жолугушууга чакырган. Чай ичилип бүткөн соң Шостакович кашык менен стаканынын түбүндөгү лимондун кесимин алып, жеп койгон. Бул этикага туура келбегендиктен,
отургандардын баары ыңгайсыз абалда калышкан. Королева абалды оңдоп кетүүнү чечип, ал да өзүнүн стаканынын түбүндөгү лимонду алып жеп койгон. Ушундан көп өтпөй эле чайга кошулган лимонду жеп коюу салты өлкөгө жайылып кеткен.
Билдирүүнү түзөткөн: Ashka.: 31 Октябрь 2017 - 13:53
Адамды бактылуу кылган 3 нерсе бар;
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
#25 31 Октябрь 2017 - 13:55
Лимондун маңызы кошулган жылуу суу ооздогу жагымсыз жытты жок кылат
Буга чейин лимон кошулган суу пайдалуу деген сөздү уктуңуз беле? Угуп бирок маани бербеген болсоңуз, сизге төмөндө кеңири айтып беребиз.
Ошентсе да, мындай пайдалуу суусундуктун терс жактары бар. Кант диабети, ашказан ичеги-карын оорулары жана цитруска болгон аллергияны жаратышы мүмкүн. Суусундуктагы лимон кислотасы тиштин эмалына зыян келтирбеши үчүн аны түтүкчө аркылуу ичиңиз.
Таңды бир стакан лимон ширеси кошулган суу менен баштоо өзүнө кам көрүүдөгү жакшы адаттардын бири. Чын эле ач карын ичилген бул жөнөкөй суусундук организмди жакшы тазалайт жана нымдаштырат. Ошондой эле, керектүү витаминдер менен камсыздайт жана энергияга толтурат.
Ач карын лимон кошулган суусун дукду даярдоо үчүн бир стакан жылуу сууга 2 аш кашык жаңы сыгылган лимондун ширесин кошуңуз. Даамы үчүн 1 чай кашык балдан кошуп койсо болот. Ден соолуктун элексир и даяр. Эртең менен лимон кошулган суу ичүүнүн 10 себеби:
1. Тамак сиңирүүнү тездетет. Лимон өттүн иштеше өбөлгө түзүп, анын негизинде тамак сиңирүү процессин жакшыртат. Тамак сапаттуу аш болот, жакшы сиңет. Ошондой эле азыктын көлөмүнүн бузулуусу аз болот. мындан сырткары, лимон кислотасы зат алмашууну жөнгө салат.
2. Салмактын төмөндөшүнө жардам берет. Анткени, лимон табитти басаңдатат жана көп убакытка чейин ток кармайт.
3. Терини тазалайт. Лимон суусун 3 күн ичкенден кийин, теринин бозоргонун жана безеткинин азайганын байкайсыз. Кан витамин жана кислород менен толукталып, ар бир клетканы азыктандырат. Организм бир гана ичинен эле эмес, сыртынан дагы жашарат.
4. Иммундук системаны жакшыр тат. Лимон ширеси кошулган суу бир эле С витамининин булагы болбой, бул суусундук азыктагы темир менен кальцийдин жакшы сиңишине жардам берет.
5. Энергияны жогорулатат. Лимондо болгон витаминдер, минералдар жана эфир майлары организм үчүн табигый антидепрессант болуп саналат. Ошондой эле, лимондуу суу кандагы глюкозанын деңгээлин нормалдаштырып, сергек жүрүүгө түрткү берет . Бул суусундукту толук түрдө эртең мененки кофеге алмаштырсаңыз болот.
6. Ооздогу жагымсыз жытты кетирет. Маалым болгондой, шилекей ооздогу оору жуктуруп микробдорду өлтүрүүчү касиетке ээ. Лимон ширеси шилекейдин бөлүнүп чыгышын күчөтүп, ооздогу жагымсыз жыттын жоголушуна жардам берет.
7. Кислоталуулукту нормалдаштырат. Лимон кислотасы организмдеги суюктукту керектүү бир деңгээлде кармап турат. Зааранын чыгышына жардам берет. Бул өз кезегинде ар кандай муун ооруларынын алдын алат.
8. Тамактын инфекциясын жоёт. Лимон ширеси өзүнүн антибактериялык касиети менен даңкталып келет. Сууга аралаштырып, эртең мененки тамактын алдынан ичиңиз. Бул тамак жана ооз көңдөйүн тазалап, инфекциянын жайылышына бөгөт коёт.
9. Кан басымын нормага келтирет . Бул суусундук лимфа системаны тазалоого жөндөмдүү. Лимондун курамындагы калий биологиялык суюктуктун көлөмүн жөнгө салат. Магний артериянын жай согуусу үчүн кызмат кылат. Лимон суусундугу гипертонияга каршы колдонулуучу кээ бир препараттар сыяктуу эле таасир берет. Ошондой эле, ал бөйрөктүн антиотензинди иштеп чыгуусун төмөндөтөт. Бул гормон тамырларды ичкертип, кан басымды көтөрөт.
10. Заара чыгаруучу жолду тазалайт
Лимон суусу заара айдоочу касиетке ээ. Заара чыгаруучу жол аркылуу өткөн мындай сийдик, уйку учурунда топтолгон бактериялардан эффективдүү тазалайт.
Мындай таң калыштуу артыкчылыктарга ынангыңыз келсе, анда ач карын лимондуу сууну ичип баштаңыз .
Адамды бактылуу кылган 3 нерсе бар;
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
#26 31 Октябрь 2017 - 13:57
Лимон – бизге табият тартуулаган уникалдуу жемиш. Анын ден соолукка тийгизген пайдасы чексиз. Жадагалса лимонду үй тиричилигинде да ар кандай максатта пайдаланууга болот. Мисалы...
Такты кетирет
Булгаары буюмдагы сыянын тагын лимон ширесине малынган чүпүрөк менен кетирүүгө болот.
Эгерде балаңыз сүрөт тартып жатып фломастер менен кийимине чийип алса, бул такты да лимондун жардамы менен кетирсеңиз болот: алгач чийилген жерге лимондун ширесин тамызып, анын үстүнө майда туздан себелеп коёсуз. Андан соң кийимди кадимки ыкма менен эле жууп саласыз.
Лимон ширеси кийимдеги кандын тагын да кетирет.
Датты кетирет
Эгерде буюмду дат басып калса, андан арылуу үчүн мындай ыкманы пайдаланып көрүңүз: дат баскан жерге лимон ширесин тамчылатып, үстүнө ирик туздан себелеңиз. Андан соң буюмду күн тийип турган жерге коё туруңуз. Бир нече сааттан соң тузду күбүп салсаңыз, даттын изи да калбайт.
Идиш-аякты жалтыратат
Металл мискейдин жалтырагын кайтаруу үчүн аны лимондун кабыгынын ички бети менен сүрүңүз. Андан соң суу менен чайкап салыңыз. Мискейиңиз күзгүдөй жалтырап калат.
Курт-кумурскадан сактайт
Эгерде үйүңүзгө кумурскалар байыр алып алса, алардын жолуна лимон ширесин төгүп коюңуз. Ошондо кумурскалар сиздин үйүңүзгө кирүүчү жолду унутуп калышат.
Жер-жемиштерди сактоого жардам берет
Жер-жемиш салынган вазага лимонду кошуп салып койсоңуз, ал жемиштерди эрте бузулуудан сактайт. Эгерде быша элек бананга кошуп салсаңыз, банан бышып калат.
Жагымсыз жытты кетирет
Колуңуздагы пияздын, сарымсактын, балыктын жытын кетирүү үчүн колуңузду лимондун ширеси менен жууңуз.
Лимон тууралуу пайдалуу кеңештер
Адатта лимонду бир колдонгондо баарын түгөтө албайбыз. Кесилген лимонду туура сактоонун бир нече ыкмалары бар:
Лимонду кесилген тарабынан тарелкага коюп, үстүнөн стаканды көмкөрүп коюу керек.
Идишке бир аз уксус куюп, кесилген тарабы менен уксустун үстүнө коюп коюу керек. Же болбосо уксуска чыланган салфеткага ороп койсо болот.
Эгерде бир аз эле лимон ширеси керек болсо, тиш чукугуч менен лимонду тешип, керектүү ширени тамчылатып алгандан кийин тешикке кайра тиш чукугучту сайып коюу керек.
Эгерде лимонду сыгуудан мурун 5-6 мүнөт ысык сууга салып койсоңуз, андан көбүрөөк шире чыгат.
Такты кетирет
Булгаары буюмдагы сыянын тагын лимон ширесине малынган чүпүрөк менен кетирүүгө болот.
Эгерде балаңыз сүрөт тартып жатып фломастер менен кийимине чийип алса, бул такты да лимондун жардамы менен кетирсеңиз болот: алгач чийилген жерге лимондун ширесин тамызып, анын үстүнө майда туздан себелеп коёсуз. Андан соң кийимди кадимки ыкма менен эле жууп саласыз.
Лимон ширеси кийимдеги кандын тагын да кетирет.
Датты кетирет
Эгерде буюмду дат басып калса, андан арылуу үчүн мындай ыкманы пайдаланып көрүңүз: дат баскан жерге лимон ширесин тамчылатып, үстүнө ирик туздан себелеңиз. Андан соң буюмду күн тийип турган жерге коё туруңуз. Бир нече сааттан соң тузду күбүп салсаңыз, даттын изи да калбайт.
Идиш-аякты жалтыратат
Металл мискейдин жалтырагын кайтаруу үчүн аны лимондун кабыгынын ички бети менен сүрүңүз. Андан соң суу менен чайкап салыңыз. Мискейиңиз күзгүдөй жалтырап калат.
Курт-кумурскадан сактайт
Эгерде үйүңүзгө кумурскалар байыр алып алса, алардын жолуна лимон ширесин төгүп коюңуз. Ошондо кумурскалар сиздин үйүңүзгө кирүүчү жолду унутуп калышат.
Жер-жемиштерди сактоого жардам берет
Жер-жемиш салынган вазага лимонду кошуп салып койсоңуз, ал жемиштерди эрте бузулуудан сактайт. Эгерде быша элек бананга кошуп салсаңыз, банан бышып калат.
Жагымсыз жытты кетирет
Колуңуздагы пияздын, сарымсактын, балыктын жытын кетирүү үчүн колуңузду лимондун ширеси менен жууңуз.
Лимон тууралуу пайдалуу кеңештер
Адатта лимонду бир колдонгондо баарын түгөтө албайбыз. Кесилген лимонду туура сактоонун бир нече ыкмалары бар:
Лимонду кесилген тарабынан тарелкага коюп, үстүнөн стаканды көмкөрүп коюу керек.
Идишке бир аз уксус куюп, кесилген тарабы менен уксустун үстүнө коюп коюу керек. Же болбосо уксуска чыланган салфеткага ороп койсо болот.
Эгерде бир аз эле лимон ширеси керек болсо, тиш чукугуч менен лимонду тешип, керектүү ширени тамчылатып алгандан кийин тешикке кайра тиш чукугучту сайып коюу керек.
Эгерде лимонду сыгуудан мурун 5-6 мүнөт ысык сууга салып койсоңуз, андан көбүрөөк шире чыгат.
Адамды бактылуу кылган 3 нерсе бар;
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
#27 30 Январь 2019 - 10:45
.
Билдирүүнү түзөткөн: Ashka.: 30 Январь 2019 - 10:49
Адамды бактылуу кылган 3 нерсе бар;
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.