Туура, ар бир ата тукумун улачу эркек балалуу болууну каалайт. Эңсегенин канааттандырып,
сүйүктүүсүнө балканактай уул төрөп берүү аялдардын да тилеги. Атүгүл "сен мага уул төрөп бербейсиң"
деп аялдарына сөз тийгизип, кол көтөргөн түшүнүксүз эркектер да коомубузда кездешет. Анын сыңарындай,
баланын жынысы тууралуу маселе байыркы заманда эле көйгөйлүү маселелердин бири болгон экен. Байыркы Кытайда төшөк оюну учурунда аял башын түштүк тарапты каратып жатса, бойго кыз бала бүтөт деп эсептешсе, байыркы германиялыктар эркек баланы булутсуз аба-ырайында бойго бүтүрүү керек деген ишенимде болушкан. Коом өнүккөн сайын бул ишенимдердин баары артта калды. Азыркы күндө бөлмөгө компас илип же аба- ырайын аңдып отуруунун зарылчылыгы жок, азыр уулду же кызды бойго бүтүрүү үчүн буларга караганда бир топ негиздүү жана ынанымдуу ыкмалар бар.
- (17 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Уул каалайсызбы же кызбы?
#1 05 Ноябрь 2013 - 22:38
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#2 05 Ноябрь 2013 - 22:40
1-ыкма. Тамак-аш Эң кеңири тараган ыкмалардын бири мындай: кальций жана магнийге каныккан азыктарды канчалык көп жесеңиз, кылыктуу кыз төрөгөнгө мүмкүнчүлүгүңүз ошончолук көп болот. Андыктан кыздуу болгуңуз келсе, сүт азыктарын, шоколад, кофени көбүрөөк колдонуңуз.
Атүгүл күйөөңүз менен кошо бул калориялуу азыктарга бойго бүтүрүүдөн үч ай алдын диетага отуруңуз. Тескерисинче,
эркек балалуу болууну кыялданып жүргөн болсоңуз, натрий менен калийге бай эт, колбаса, туздалган бадыраңга басым жасап, сүт азыктарын чектеп колдонуңуз.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#3 05 Ноябрь 2013 - 22:41
2-ыкма. Календардагы кызыл күн Баланын жынысын пландаштыруунун дагы бир жолу - овуляцияны эсептеп, белгиленген убакытта гана төшөк оюну менен алектенүү. (Овуляция - бул уруктанууга даяр жетилген жумуртка клеткаларынын иштелип чыгуу процесси. Адатта 28 күндүк айыз циклинин 13-15-күндөрү жумуртка клеткалары баарынан көп иштелип чыгат.) Уул баланын бойго бүтүшү эркектен көз каранды. Анткени аял менен эркек бир жуптан хромосомаларды алып жүрөт. Аялда эки Х хромосома, эркекте Х жана Ү хромосомалары болот. Х хромосомалуу сперматозоиддер кызды, Ү хромосомалуу сперматозоиддер эркекти бойго бүтүрүүгө шарт түзөт. Ү хромосомалары бат кыймылдашат,
бирок, аз жашашат. Эгер уул бала кааласаңыз овуляция күндөрүн күтүңүз да, күйөөңүздү азгырыңыз. Тескерисинче,
кыздуу болууну кааласаңыз,
төшөк оюну менен жумуртка клеткаларынын жетилишине 3-4 күн калганда алектенүү керек. Бул башка ыкмаларга караганда бир топ ынанымдуу, ошол эле убакта татаал ыкма. Адашып калбоо үчүн айыз циклиңизди таблица түрүндө такай кагазга түшүрүп, белгилей жүргөнүңүз туура болот.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#4 05 Ноябрь 2013 - 22:42
3-ыкма. Көп сүйүү - эркек бала, аз сүйүү - кыз Ушуга байланыштуу россиялык окумуштуулар бир мыйзамченемдүүлүктү ачышкан: бул жерде эркектин ролу чоңураак болот, башкача айтканда, эркек канчалык төшөк оюну менен көп алектенсе, өзүнө тукум калтыруу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот. Жок, кыздуу болом десеңиз, боюңузга түйүлдүктү бүтүрүүдөн 10 ай мурун жолдошуңуздун моюнуна кара жумуштун баарын жүктөп, спортклубга жазылууга үндөңүз. Кыздуу болуу тилегин ишке ашырууда бир жарым айдан кем эмес төшөк оюнусуз жашоодо жашашыңыз керек. Эсиңизде болсун, кумарлуу өбүшүүлөр да эрежени бузуп коюшу мүмкүн.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#5 05 Ноябрь 2013 - 22:42
4-ыкма. "Жаш" кан Баланын жынысы ата-энесинин канынан да көз каранды, башкача айтканда аял менен эркектин кимисинин каны "жашыраак"
болсо, демек, бойго бүтүү учурунда ошонун каны күчтүүлүк кылат. Баланын кайсы жыныста болоорун билгиңиз келсе, өзүңүздүн жашыңызды үчкө бөлүңүз (анткени, аялдардын каны ар үч жылда жаңыланып турат), жолдошуңуздун жашын төрткө бөлүңүз (эркектердин каны ар төрт жылда бир жаңыланат). Мисалы, сиз 23 жаштасыз дейли. 23:3=7, 6 Жолдошуңуз 27 жашта. 27:4=6,75. Калдык канчалык аз болсо, кан ошончолук жаңы. Эгер болочок эненин каны жаңы болсо - кыз, болочок атанын каны жаңы болсо - эркек бала бойго бүтөт. Демек, бул жерде эркек баланын болушу күтүлөт. Бул адистер арасында талаш-тартышты жараткан маселе болуп эсептелинет.
Бирок бул ыкманы колдоноордо көп кан жоготкон (төрөт, операция, аборт) же донор катары кан тапшырган учуруңузду эстеп көрүңүз. Эгер сизде мындай учур болсо жаш курагыңызды эмес, ошол күндөн берки жылды эсептейсиз.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#6 05 Ноябрь 2013 - 22:44
5-ыкма. Кытай календары Айрым түгөйлөр кытай жана япон календарына да ишенишет. Бул ыкма аялдын жашын, айын жана бойго бүтүрүүгө болжолдонгон айды кошууга негизделген.
Мисалы, сиздин жашыңыз 25те, июнь айында төрөлгөнсүз дейли, февраль айында боюңузга бүтүрүүнү пландаштырып жатасыз. Демек, 25+6+2=33. Суммасы 33 деген так сан болду. Демек, сиздер тогуз айдан кийин кичинекей эркек баланын ата-энеси болосуздар.
Эгер чыккан сумма жуп сан болсо, анда кыз төрөлөт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#7 05 Ноябрь 2013 - 22:45
Булардан сырткары... Дания менен Япониянын окумуштуулары бири-биринен көз карандысыз изилдөө жүргүзүшүп,
экөө тең төмөнкүдө жыйынтыкка келишкен: ата- эненин көнүмүш адаттары баланын жынысына таасирин тийгизет. Алардын ою боюнча, төшөк оюнунан кийин тамеки тартуу - эркек баланын бойго бүтүү мүмкүнчүлүгүн кескин түшүрөт. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында,
бойго бүтүүгө чейин жана кош бойлуу учурунда тамеки чеккен энелерден чекпеген энелерге караганда эркек бала үч эсе аз төрөлгөн. А тамеки чеккен аталардан эркек баланын төрөлүү мүмкүнчүлүгү 2 эсе аз. Муну окумуштуулар төмөнкүчө түшүндүрүшөт:
никотин спермага терс таасирин тийгизет. Эркек баланын төрөлүшүнө жооп берген Ү хромосомаларын алып жүргөн клеткалар тамекиден улам организмдин өзгөрүүсүнө өтө сезимтал келишет. А Х хромосомалуу клеткаларда мынчалык сезимталдуулук жок. Англиялык окумуштуулар "заказ"
балалуу болгусу келгендерге төмөнкү ыкмаларды сунушташат:
эркек балалуу болгусу келген түгөйлөр аялдын айызы бүткөндөн кийин мындай ыкмада кошулуш керек: аял көмкөрөсүнөн,
эркек анын үстүнө жатат, аял биринчи оргазмга жетүү керек. Ал эми кыздуу болууну каалаган түгөйлөр аялдын айызы бүткөндөн кийин мындай ыкмада кошулуш керек: аял чалкасынан,
эркек анын үстүнө жатат, аял оргазмга жетпөө керек. Эркек бала үчүн түгөйлөр арасында төмөнкү ыкма да колдонулат:
жыныстык катнаш мүмкүн болушунча овуляцияга жакынкы аралык болууга тийиш. Анын алдында аял жыныстык органын аш содасыны менен чайкоо керек.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#8 05 Ноябрь 2013 - 22:46
Түйүлдүктүн жынысын аныктоодогу элдик ишенимдер Ичиңизде жаткан кереметтин уул же кыз экенин билүүдөн өткөн кызык нерсе барбы? Биздин бактыбызга,
муну медицинанын өнүгүшү менен УЗИнин жардамы аркылуу ачык, так билип алууга болот. Бирок кээде УЗИ да ар кандай себептерден улам аныктай албай калган учурлар болот. Мындай учурларда элдик ыкмаларды колдонууга туура келет. 1. Курсактын тыкан болуп, шуштугуй формасы эркек баладан, арттан караганда көрүнгөн, бөйрөккө жайылган курсак кыздан кабар берет. 2. Эгер түйүлдүк бөйрөк тушка тепсе - кыз, табарсык тараптан кыймылдаса - эркек. 3. Кыз бала энесинин сулуулугун уурдап алат деген да ишеним бар. 4. Эгер кош бойлуу маалыңызда эмчегиңиз өтө чоң өзгөрүүгө дуушар болбосо, демек, жакында жарыкка келчү балаңыз - эркек. 5. Кош бойлуу маалыңызда бутуңуз адаттагыдан муздак болуп жүрсө, демек, эркек төрөйсүз. 6. Эгер табитиңиз нандын сыртындагы катуусуна тартса - эркек баланын белгиси, ичин, жумшак жерин көбүрөөк жесеңиз - кыздуу болооруңуздун белгиси. 7. Курсакта жаткан эркек балдар болочок энесин кычкыл, туздуу, эттүү тамактарды көп-көптөн жегенге мажбур кылат, а кыздар таттууларды жегенге мажбурлайт.
8. Эгер аял көп чыйрыкса - кыз, тумчуктурган ысыктан кыйналса - эркек. 9. Аялдын бутундагы түктөрдүн кескин көбөйүп кетиши - анын курсагында жаткан түйүлдүк эркек экенин айтып турат. 10. Эмчектин үрпүнүн айланасы карарбаса - эркек төрөлөт, карарып кетсе - кыз төрөлөт. 11. Бойго бүткөн күндөн баштап эле сулуусуна чыгып, көзгө жакшынакай көрүнүп калган аял эркек төрөйт, тескерисинче жүдөп, беттери шишип, сепкил басып кеткен аял кыз төрөйт. 12. Айланасындагы эркектерге жок жерден эле кыжырдана берген аялдын кыз күтүп жатканынан шек санабай эле койсо болот.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#9 06 Ноябрь 2013 - 00:10
Kanat4ik супер активист болом дегенсин го э?Маалыматтар учун рахмат.Кудайым насип эткенин тарбиялап чонойтобуз.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
#10 06 Ноябрь 2013 - 01:49
aruuzat88 (06 Ноябрь 2013 - 00:10) жазган:
Kanat4ik супер активист болом дегенсин го э?Маалыматтар учун рахмат.Кудайым насип эткенин тарбиялап чонойтобуз.
Супер активист болом деген оюм жок, кызыкпайм деле)) Болгону пайдалуу маалыматтарды жазып турсак баарыбызга жакшы го дейм))
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#11 06 Ноябрь 2013 - 03:27
11. Бойго бүткөн күндөн
баштап эле сулуусуна чыгып,
көзгө жакшынакай көрүнүп
калган аял эркек төрөйт,
тескерисинче жүдөп, беттери
шишип, сепкил басып кеткен
аял кыз төрөйт.
Ушул жерин окууганда кыз төрөгүң келбей калатго, жүдөп жүргөндү ким кааласын, чын эле ушундайбы?
Бирок мен 1-орунда кыздуу болгум келет!
Канатчик рахмат сага пайдалуу темаларың үчүн!

☆Дүйнөдө кымбат, өзүңсүң менин АПАКЕМ!☆
#12 06 Ноябрь 2013 - 09:11
kanat4ik (05 Ноябрь 2013 - 22:45) жазган:
Анын алдында аял жыныстык органын аш содасыны менен чайкоо керек.
Бул сода щелочная среда пайда кылып, У хромосомага кобуроок шарт тузот, ал эми кислая среда Х хромосомага кобуроок шанс берет деген жоромолдон келип чыккан. БИРОК, такай сода же башка нерсе менен чайкана беруу аялдын флорасын бузат. Бул озун озу айрым микробдордон коргонуу функциясын алсыратат.
Канатчик жазган ар бир ыкманын канчалык бир денгээлде ишке ашпай калуусунун ыктымалдуулугу бар экенин да эске алып койгон он.
Авторго терен ыраазычылык
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#13 06 Ноябрь 2013 - 09:17
Аялдын ичинин формасы жамбаш соокторунон,
аялдын арык/толуктугунан,
ичинин булчундарынын абалынан, канчанчы жолу кош бойлуу экендигинен жана баланын жатында жайгашуусунан коз каранды.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#14 06 Ноябрь 2013 - 09:21
Эмчектин урпу кош бойлуулардын баарында тусун озгортот.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#15 06 Ноябрь 2013 - 09:21
Barika (06 Ноябрь 2013 - 03:27) жазган:
11. Бойго бүткөн күндөн
баштап эле сулуусуна чыгып,
көзгө жакшынакай көрүнүп
калган аял эркек төрөйт,
тескерисинче жүдөп, беттери
шишип, сепкил басып кеткен
аял кыз төрөйт.
Ушул жерин окууганда кыз төрөгүң келбей калатго, жүдөп жүргөндү ким кааласын, чын эле ушундайбы?
Бирок мен 1-орунда кыздуу болгум келет!
Канатчик рахмат сага пайдалуу темаларың үчүн!
баштап эле сулуусуна чыгып,
көзгө жакшынакай көрүнүп
калган аял эркек төрөйт,
тескерисинче жүдөп, беттери
шишип, сепкил басып кеткен
аял кыз төрөйт.
Ушул жерин окууганда кыз төрөгүң келбей калатго, жүдөп жүргөндү ким кааласын, чын эле ушундайбы?
Бирок мен 1-орунда кыздуу болгум келет!
Канатчик рахмат сага пайдалуу темаларың үчүн!
Ушул жерден опшим кошула албайм, анткени эки баламда тен жудоп,кыскасы укмуш эле кеветем бузулат, баары ле ой точно 100% кыз торойсун деп женип коюшкан, экинчи баламда да бетин жука экен,тиги бу дешип кайра ле бала тородум. Адамдын организминен окшойт бул нерсе, кыз торогондо деле ошо кевете болду, аыйрмасы жок эч, ичтин тузулушунно карай деле заранее кыз же бала деп божомолдоолор болбогон кеп! Апан кандай которсо сен да кобунчо ошондой которосун, же чон апан. Анан от менен бойрогун норма иштесе сепкил дегенди билбейсин дагы.
ПыСы: тема боюнча жакшы ыкмалар жазылыптыр, авторго таазим. А дейбизби Б дейбизби баары кудайдан, бул ыкмалардын баарын кылсан деле бала десен бала кыз десен кыз боло бербейт, просто окшоштуктар болушу мумкун.
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
#16 06 Ноябрь 2013 - 09:26
#17 06 Ноябрь 2013 - 09:36
Туйулдук бойрок тушка, же табарсыкка эле эмес, ашказанды, кабырга тарапты да кур койбойт Алгач кыймылдаганына суйунсон, акыркы айларда анын муштумун жеп же жакшы уктай албай, дааратканага кун, тун дебей ар бир 2,3 саатта чуркап журуп, ким болбосун, аман-эсен гана коз жарып, баландын алты санын аман тороп алууну тилеп каласын
Бирок кандай болбосун, кош бойлуулук эн сонун, керемет мезгил да. Ар бир аял эне болуу бакытынан кур калбасын
Бирок кандай болбосун, кош бойлуулук эн сонун, керемет мезгил да. Ар бир аял эне болуу бакытынан кур калбасын
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#18 06 Ноябрь 2013 - 09:41
Жогорудагы ыкмалардын кандайдыр бир тууралыгы деле бар, жон гана 100 пайыз кепилдиги менен эмес.
Жана да, Минюша, сиз айтканга кошулам: оз апаныз, таэнениз жана кайын апаныз кандай которсо, сизде да ошондой болуусу толук мумкун- токсикоз, оз абалыныз, курсак формасы жб.
Жана да, Минюша, сиз айтканга кошулам: оз апаныз, таэнениз жана кайын апаныз кандай которсо, сизде да ошондой болуусу толук мумкун- токсикоз, оз абалыныз, курсак формасы жб.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#19 06 Ноябрь 2013 - 22:03
Кудай
берет. Кудай кимге кааласа уул
берет, кимге кааласа кыз берет,
каалабаса бербейт. 1 эмес 1000 ыкма колдонсонуз да тагдырды озгорто албайбыз.
берет. Кудай кимге кааласа уул
берет, кимге кааласа кыз берет,
каалабаса бербейт. 1 эмес 1000 ыкма колдонсонуз да тагдырды озгорто албайбыз.
#20 06 Ноябрь 2013 - 22:59
Уул-тукум улайт деген аты болбосо эле,кыздан өтөөрү жок.
Кыз бала,ата-энеге күйүмдүү,боорукер, жакын келет. Уулчу? Үйлөнгөндөн кийин катынынын сөзүн сүйлөп калат. Апаң ооруп жатат десе,келипда койушпайт. Тел. сурап койушат болду.
Корей,кытай улутунда компаниянын башына кыздарын дайындап кетишет. Уулдарына ишенишпейт, сүйүп кала турган болушса компанияны урупда ойнобойт. Канча жылдык мээнет,кызыктырбайт дагы. Аял киши дайыма жоопкерчиликтүү болгон үчүн,андай кадамга бара албайт.
Кызды чанып уулду болгусу келгендер,жакшылап эсиңерге сактап алгыла. Карыганда кыздан көрөсүң көрчү сыйды. Кызың сени бөпөлөп карайт,оорусаң учуп барат жаныңа каерде болбосун. Кызыңардын жашоосунда биринчи силер болосуңар,дайыма.