Сизге кайсы ырдын сөздөрү жагат?
#21 22 Март 2011 - 20:44
#22 23 Март 2011 - 02:51
Мирбек Атабеков "Сагынам" dyn sozdoru
GeeGun,Anna Sedokova "holodnoe serdze"nin sozdoru
Jay Sean
"So baby don’t worry,
you are my only,
You won’t be lonely,
even if the sky is falling down.
You’ll be my only,
no need to worry..."
Сапар Эркебаев "Коштошуу"
"Жалооруп мени карап,
Көздөрүң балбыл жанат,
Ардагым.
Унуткун деп кыйнадың мени,
Унутууга аргам барбы эми?
Сүйөм деп айткан өзүң,
Күтөм деп берген сөзүң, убадаң."
Гүлнур Сатылганова "Жазым келчи"nin sozdoru jagat.
anan koneeee4no
Султан Садыралиев "Эгиз жүрөк"
Number One ( Tinchy Stryder feat. N-Dubz)
Ricchi e Poveri "Cosa sei"
Joe Dassin - Et si tu n'existais pas(Джо Дассен - Если б не было тебя)
глюкоза "снег идет"
боря ташкентский колдовская ночь-soooonun yr.
dagy kobun unutup kaldym.
Билдирүүнү түзөткөн: bemkabemka: 23 Март 2011 - 02:51
#23 25 Март 2011 - 07:34
Эңсеп жүрөк.
Бирдей дайым максат тилеп.
Бакыт тилеп,
Бири-бирине болор тилек.
Сен да мага,
Мен да сага,
Энчиленген эгиз жүрөк.
ушул ыр жагып атат созу да озу да.....
#25 04 Апрель 2011 - 04:21
непара -бог тебя выдумал
...Напиши мне открытку на память
И забудь мой почтовый
Ты знаешь - я не твоя
Прости меня
Нарисую любовь между строчек
Напишу я тебя..., ну а впрочем
Мои глаза Зачем слова ? ....
Билдирүүнү түзөткөн: bemkabemka: 04 Апрель 2011 - 04:22
#26 18 Май 2011 - 09:52
mikasa (16 Февраль 2011 - 18:01) жазган:
Арасынан бирин суйсон, ошол эле жетпейби.
Аралаба коп гулдорду, гулдун баркы кетпейби,
арасынан бирди узсон ошол эле жетпейби.
- жакты ушул саптары бир ырдын. Насип деген ырдайт экен. Кимде бар?
#27 26 Май 2011 - 14:43
Балбылдап жанган чырагым элең,
Жанымдай көргөн ынагым элең,
Алыста жүрсөм, таштап сен кеттиң,
Ардагым менин туруксуз белең.
Кайырма:
Азыр да ойдо элесиң турат,
Сагыныч отун өзүңө бурат,
Эстесем өткөн күндөрдү,
Көзүмөн жашым агат, куюлат.
Андан бери күндөр өттү уланып,
А мен болсо жүрөм сени сагынып,
Жүрөгүм сыздап кетет сени ойлосом,
Унутпай эстей жүргүн мени дагы.
Кайырма:
Сүйгөнүм, мен тагдырга таарынбаймын,
Сүйбөсөң – сүйчү деп жалынбаймын,
Күтөмүн, күтө берем махабатым,
Сүйгөнмүн, сүйчү элем сени дагы.
Кайырма:
Билдирүүнү түзөткөн: serche: 26 Май 2011 - 14:44
#28 26 Май 2011 - 15:19
Каагылайын каралдым оо
Кайсы куну жаралдын
Журогумду езип буттун
Эми жоксун кайдан табамын
деген ырды ким ырдайт жана кимде бар? Бар болсо бул жака жазып коюнуздарчы сураныч. Алдын ала рахмат.
#29 15 Июнь 2011 - 10:49
#30 15 Июнь 2011 - 15:45
Ошол куну жаады жамгыр эч токтобой,
А, мен болсо сени ойлонуп эч жоктобой! !!!!! !!!!!
☆Дүйнөдө кымбат, өзүңсүң менин АПАКЕМ!☆
#31 27 Июнь 2011 - 13:59
#32 27 Июнь 2011 - 14:40
#33 28 Июнь 2011 - 02:16
Кылымдардан келген,
Кыйла жоону жеңген.
Кыргыз элдин урпактарыбыз,
Азгырса да заман.
Алдаса да жаман,
Кастык кылба өз мекениңе.
Азгырса да заман.
Алдаса да жаман,
Кастык кылба өз мекениңе.
Кайырма:
Ата мекеним, ардактуу жерим,
Кылымдарга сени ырдап келемин.
Мекеним менин, кымбатым жерим.
Жүрөгүмө сени сактап келемин.
Аргасыз кетсең да,
Алыска жетсең да.
Сагынарсың ыйык мекениң,
Биримдиктүү элбиз.
Бөлүнбө себепсиз,
Кыргызмын деп коргоп намысты.
Бейиштин төрүндөй,
Берметтин өңүндөй.
Берекелүү жерим,
Кыргызстаным!
#34 30 Июнь 2011 - 15:02
Айлуу түн
Мен сага келемин айлуу кечте
Ортодо сүйүү бар оо деңиздей
Олтуруп экөөбүз көпкө чейин
Кетчү элем мен кайра тун ичинде
кайырма
Сүйөм деп мен сага айта албайм
Сүйөөрүңдү бир өзүңдөн байкай албайм
Алтыным жаныңдан чыккым келбей
Келген соң кайра кайта албайм
кайырма
Ох, жаным сен мени ойлойсуңбу
Ойлосоң сүйөмүн деп койбойсуңбу
Эгерде дос балдар соз кылышса
Ал менин сүйгөнүм деп коргойсуңбу
Ар кечте сагынам адатынча,
Сүрдөнөм өзүңдөн неге мынча.
Кыйнабай, жалооруп карап койчу,
Бул кечте сүйүүмдү айтам сага.
#35 30 Июнь 2011 - 15:04
Жазым келчи
Кайдан жүрүп сага кабылдым.
Карегинде барбы жалынын.
Жан эргитип жумшак күлгөнүн.
Жарыгыбы аткан танымдын.
Булбулсуңбу куштар багында,
Анда келип кончу шагыма.
Кучагымдан орун берейин.
Күттүм эле гүлүм сагына.
Кылгырасың неге мынчалык
Кирпигиңден сырлуу нур тамып.
Жаз гүлү болсоң жыпарыңды чач,
Жаадырасың неге мынчалык.
#36 30 Июнь 2011 - 16:14
#37 30 Июнь 2011 - 16:25
Сөзү, обону
А.Кыязовдуку
Бүгүн кеч кандай гана ырахаттуу,
Өмүргө бул келген кез салтанаттуу.
Кошулуп комуз менен ырдап жаттың,
Сен мага ак куу болуп миң канаттуу.
Карегим карегиңе чагылышты,
Ырдадың мендеги бир сагынычты.
Сен айттың өмүр деген чоң дайрада,
Махабат жайындагы кагылышты.
Ырыңды, обонуңду жаттап алдым,
Үнүңдү жүрөгүмө сактап алдым.
Бул ырды, бул обонду бул үн менен,
Жараткан кудуретке таңыркандым.
#38 19 Октябрь 2011 - 12:30
Акаруучу: Назира Кадыева
Сөзү: Сооронбай Жусуев
Обону: Бабравшан Тургунбаев
#39 21 Октябрь 2011 - 03:15
Сөзү: Ж.Какееваныкы
Обону: Э.Андашевдики
Ошол күнү толкунданып отурдум,
Күндөр өттү жалгыз сени ойлоймун.
Жан дүйнөмө жарык берип бир өзүң,
Ак сүйүүнү жүрөгүмө орноттуң.
Көрдүм сени көңүлүмө сен жактың,
Сага арнап чын жүрөктөн ыр жаздым,
Көрүшкөндө тик карабай көзүңө,
Уялдым, көздөрүңдү алып качтың.
Кайырма:
Сүйүп калдым кантейин?
Сүйүп калдым мен кантейин?
Сүйүп калдым кантейин?
Сүйүп калдым мен кантейин?
Пайда болуп түшүнүксүз бир сезим,
Сени жактырып калганымды сездим.
Кантем айтчы сүйүп калган окшоймун?
Көргүм келип сени гана издеймин.
Менин сүйүүм эмне үчүн кайгылуу?
Неге сүйүүдөн боло албаймын бактылуу?
Сүйүп калдым бирок жетпешимди билемин,
Деги айтчы эмнеге бүтпөйт сагынуу.
Кайырма:
Түн уйкумду сага арнап уктабай,
Жөнөкөй мүнөзүңө мен суктанып.
Сүйүп туруп каламынбы жете албай?
Кетесиңби жаш жүрөктү ыйлатып?
Эгер сүйсөм кантип айтпайм жашырып,
Жүрөгүмдө ошол сезим жашаса.
Көргүм келип жүрөм сени сагынып,
Бирге бассак кол кармашып жанаша.
#40 02 Ноябрь 2011 - 14:58
Шаг за шагом в тишине, и вслед за тишиной
Все прошло и на душе усталость и покой
Сны разбиты, пепел на поле битвы
И дым струится сквозь усталые слова
Еле слышно шепчут свои молитвы
Переплетаясь в черной тени кружева
И все мосты сгорят в огне
Нет выживших в моей войне
Припев:
Прости меня за каждый миг
Бессмысленных побед
Прости за то, что я жива,
За то, что помню о тебе
Прости за тот недолгий путь
Пожалуйста, постой
Прошу, не уходи, побудь еще
Немножечко со мной
Рядом тихо гаснет ночь
Беспомощных огней
И ко мне приходит пустота
И я иду за ней
Ближе к краю, в памяти боль стирая,
Послушным пламенем, ведь что такое смерть?
Я не знаю, я ничего не знаю,
Я просто вижу свет, и в нем хочу сгореть...
Пусть все мосты сгорят в огне
Нет выживших в моей войне
Припев...
:жүрөк::жүрөк::жүрөк::жүрөк::жүрөк:
Билдирүүнү түзөткөн: BelkaBoB: 02 Ноябрь 2011 - 14:59