Сaлaттaр жaнa пирогдор. Билгендер жaзa кеткиле,билбегендер уйронгуло
#41 20 Февраль 2014 - 23:18
Курамы: 300 грамм капуста,
1 даана кызыл калемпир,
2 даана бышкан жумуртка,
150 грамм консерваланган буурчак,
4-5 аш кашык майонез,
салат жалбырагы, укроп, ашкөк чөбү (петрушка), туз, кара мурч.
Даярдоо ыкмасы: Алгач кызыл калемпирди, сууга бышырылган жумуртканы, капустаны узун, ичке кылып туурайбыз, капустага туз сээп, бир аз күтө турабыз.Чуңкур идишке даяр кошулманы салып, ага консерваланган буурчакты, ашкөк чөбүн, туз, кара мурчту, майонезди салып, баарын жакшылап аралаштырабыз. Андан кийин тарелкага салып, чекесине салат жалбырагын, үстүнө укропту коюп кооздойбуз. Ошентип, көз ачып-жумгуча, салатыбыз даяр болот.
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
#42 20 Февраль 2014 - 23:19
Курамы: 1 стакан ун;
1 чай кашык көбүрткүч;
2 даана жусуртка; 1/2 стакан сүт;
6 даана банан;
1,5 аш кашык күрөң шекер;
Бир чымчым туз;
1 аш кашык өсүмдүк майы;
Даамына жараша шекер.
Даярдоо ыкмасы: Алгач бананды тазалап, кабыгын аарчыйсыз. Бананды абдан эзип, ага шекер менен тузду кошосуз. Анан ага ун менен көбүрткүчтү кошуп, ортосун оюп, ичине сүттүн жарымы менен жумуртканы аралаштырып куюп, камырда бөлтөктөр болбошу үчүн, жакшылап аралаштырасыз. Андан соң даяр болгон камырга сүттүн калган бөлүгүн кошосуз. Даярдалган банан кашасы менен камырды чалып кошосуз. Көмөч табакты отко кызытып, табакты өсүмдүк майы менен майлап, даярдалган камырды куймак сыяктуу кылып эки жагын кызартып бышырып аласыз. Даяр болгон банан куймагын табитке жараша айран же каймак менен жесеңиз, даамына чыга келет.
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
#43 22 Февраль 2014 - 15:47
30 даана “козу карындан” турган бул сүрөттөгүдөй салат үчүн төмөнкүдөй азыктар керектелет:
Жумуртка — 3 даана;ветчина — 120 гр. ;сыр — 100 гр. ; черри помидору — 15 даа- на; бадыраң — 1-2 даана; майонез — 1-2 кашык; ал эми көк чөптөр — жасалгалоо үчүн керектелет.
Даярдалышы:
Кайнатылган жумурткаларды жана сырды сүргүчтөн өткөрүп алабыз. Ветчинаны төрт чарчы кылып майдалап туурайбыз. Чуңкур табакка жумуртканы, ветчинаны, сырды салып майонез менен аралаштырабыз. Помидорлорду теңинен бөлүп алабыз. Ал эми бадыраңды шакекче кылып, калыңдыгы жарым сантиметрдей тегеректеп кесип алабыз. Эми азыктар менен оргиналдуу композицияны түзүп алуубуз калды. Алгач көк чөптөрдү жайык табакка салып, бадыраңдарды тизип, анын үстүнөн майонез менен аралашкан аралашманы бир аз сүйрү формасында даярдап, анын үстүнөн жарым кесилген помидорлорду козу карын өңдөнтүп тизип чыгабыз жана помидорлорду майонез менен сүрөттөгүдөй кооздоп алабыз. Биздин табитти ачкан салатыбыз даяр.
#44 22 Февраль 2014 - 15:49
Керектелүүчү азыктар:
200 гр. голланд сыры; 2 даана чеснок; 100 гр. краб таякчалары; 1 жумуртка ; 3-4 кашык майонез; зайтундун лимон аралашкан фаршы. Сыр, жумуртка жана чеснокту майда сүргүчтөн өткөрөбүз. Ал эми краб таякчаларын өз алдынча сүргүчтөн өткөрүп алабыз. Зайтун фаршынан бир ууч алып аны даярдалган аралашмабыз менен тоголоктоп алабыз жана өз алдынча кыргычтан өткөргөн, үбөлөнгөн краб таякчаларына бөлөп алабыз.
#45 22 Февраль 2014 - 15:54
керектелүүчү азыктар:
-Кызыл икра-1 банка (консерваланган).
-Бир нече жумуртка.
-100 гр. сыр.
- Майонез.
- Салат жалбырагы же петрушка.
Даярдалышы:
Жумуртканы кайнатып, тигинен эки бөлүп кесип алабыз. Андан соң бетине бир аз майонез куюп, үстүнө кызыл икра жаап, сырды жука кесип, тиш чукуур таякчалары менен парус өңдөнтүп жасалгалайбыз да аны икра жабылган жумурткага алып барабыз. Аларды петрушка же салат жалбырактары менен жасалгалап коёбуз да “жел кемелерди” сүйрү табактарга кооздоп тизип салабыз.
#46 22 Февраль 2014 - 16:02
Жумуртканын белогун (агын) сарысынан бөлүп алабыз да, аны чуурулта кайнап жаткан шорпого куюп бышырып алабыз да, кайра аны чөмүч менен чыгарып алабыз. Андан кийин даярдалган желатинди шорпого кошобуз. Даяр болгон шорпону ыңгайлуу тарелкаларга куюп, тилдин кесиндилерин салып, салкын жерге коюп койсок, килкилдек даяр болот. Килкилдек даяр болгончо, жумурткаларды аарчып тазалап алабыз. Тактап айтканда сүрөттөгүдөй ак кууларды, “көлмө” үчүн камыштарды даярдайбыз.
Керектелүүчү азыктар:
• 4 жумуртка,
• бир баш пияз (кичинекей),
• Кайнатылып чала бышкан сабиз,
• укроп,
• петрушка,
• кофе,
• тоголок кара калемпир мурч (уругу),
• Көк чөптөр,
• чеснок.
Камыш; Камышты жасоо үчүн көк пияздын өзөгү керектелет. Жука сырды камыштын баштары үчүн керектеп, аны жанчылган калемпирге жана кофеге бөлүп алабыз. Лилия; Лилия же ак чөмүч баш гүлүн даярдап алуу үчүн бизге пияз жардамга келет, сабизди гүлдүн желекчелери катары пайдаланабыз. Ак кууларды сүрөттөгүдөй жасалгалоого жумуртка, ак куунун тумшугу жана буттары үчүн сабиз, көздөрүнө кара калемпир мурчу.
Мындай “көлмөдөгү” ак кууларды килкилдектин ( холодец) жардамы менен жасоого болот. Алгач “көлмө” үчүн тилди кайнатып бышырып даярдап алуубуз керек. Жай отко коюп, 2-4 саатка чейин кайнатабыз. Кадимки эле шорпо катары ага туз, сабиз жана лавр жалбырактарын салабыз. Бышкан тилди шорподон чыгарып, муздак сууга чайкап, аны сүрөттөгүдөй формада кесип даярдап алабыз да, кайра шорпого салып, дагы 5 мүнөт кайнатабыз.
#47 22 Февраль 2014 - 16:05
1) ”Доктор” колбасасын жука тегеректеп кесип алабыз. Кесиндилер 18 даана болуусу керек. Аны сүрөттөгүдөй кылып бүктөйбүз.
2) Биринчи бүктөмгө каратып топтоп барабыз.
3)Жыйналган колбаса бүктөмдөрүн жүсай же көк пияз менен байлап, түбүн бычак менен кесип алабыз.
4) Эми жүрөкчөнү табакка салып, аны тегеректей 12 даана колбаса кесиндилеринин бүктөмдөрүн айлантып коюп чыгабыз. Бул биз кооздой турган “хризантеманын” желекчелери.
5) Кооздоп алгандан кийин көк чөптөр менен “хризантеманын” жалбырактарын жасалгалап коёбуз.
#48 22 Февраль 2014 - 16:08
Ал эми бул жөнөкөй гана тооктун сан этинен же окорочкадан жасалган, “бир табакта короз менен мекиян” майрам шаанисине өзгөчө көрк берип, сиздердин көңүл маанайыңыздарга шаттык тартуулайт деп ишенебиз. Ал эми төмөндөгү “короз менен мекияндын” “жумурткаларын ”даярдоо үчүн ка-димки эле тоок жумурткасынын кабыгы керектелет. Аны сындырып албай, ичиндеги суюктугун алып, ичин өсүмдүк майы менен майлап алганыбыздан кийин, азыктар кошулган шорпону куйуп, килкилдек даярдайбыз жана жумуртка кабыктарын килкилдек даяр болгондон кийин акырындык менен сыйрып тазалап алабыз.
#49 22 Февраль 2014 - 16:11
Колдонулуучу азыктар:
Тоок же үндүк эти - 300г., Жумуртка – 5 даана., Грек жаңгагы – 100г., Сыр – 100г., Татымына жараша майонез жана туз.
Даярдоо ыкмасы:
1. Алгач тоок этин кайнатып алабыз.
2. Этти муздатып, майда кылып туурайбыз.
3. Жаңгакты үбөлөнгөнчө майдалайбыз.
4. Жумуртканы сууга бышырып, агы менен сарысын өз-өзүнчө бөлөбүз да, аларды да майда сүргүчтөн өткөрөбүз.
5. Сырды да сүргүчтөн өткөрөбүз.
6. Эми тарелканын (диаметри 20-25см болсо болот) бетин тоок эти менен толук жаап, ага туз себелеп, майонез шыбайбыз.
7. Анын үстүнө жумуртканын сарысын жана сырды себелеп майонезди жука сыйпайбыз.
8. Андан кийинки кабатка майдаланган жаңгакты себебиз.
9. Салаттын эң үстүн жумуртканын майдалаган агы менен жаап чыгабыз.
10. Эми салаттын үстүнө сааттын сандарын жазабыз. Ага кириешки таякчаларын же сабизди тилке-тилке кесип колдонсоңуз болот.
Тамагыңыз даамдуу болсун!
#50 22 Февраль 2014 - 16:16
Мурдубузга жагымдуу жыт келсе, даамын искегенге ашкананы издеп жөнөйбүз. Кээде курсак тойсо да көзүбүз тойбой сугалактанабыз. Бул деген адамдын тамаксыз жашай албаганынан кабар берет. Башты айландырган бир суроолуу сүйлөм бар го... "Адам тамак ичиш үчүн жаралганбы, же тамак табыш үчүнбү?" - деген. Анысыңары ар күн түрдүу аштарды жеш үчүн иштейбиз. Курсак үчүн жанталашабыз.
Дасторкон көркү үчүн 5-6 сүрөт салдым. Көрүп туруп эле ал салаттарды жасап аласыз. Рецептин да кереги жок. Сиз каалагандай болсун! Аш болсун!
#51 22 Февраль 2014 - 16:18
#52 22 Февраль 2014 - 16:25
Керектүү азыктар:
- 120 гр. ун,
- 4 жумуртка,
- 380 гр. коюлтулган таттуу сүт (сгушенное молоко ) 1 банка,
- 50 гр. каймак май,
- 1 чай кашык көптүргүч ( разрыхлитель),
- 1 ванилин кумшекери,
Даярдайбыз:
Консервадагы коюлтулган таттуу сүттү жумуртка менен чалып аралаштырабыз. Ага унду жана көптүргүчтү( разрыхлительди) сээп алабыз жана кумшекер кошобуз.
Даяр аралашманы каалаган формада, духовкага салып, 150 градуста 35 мүнөттөй бышырып алабыз. Бышкан кексти 10 мүнөттөй муздатып коёбуз. Кекске майдаланган кумшекерди сээп, дасторконго чай менен беребиз.
Чайга досторуңузду чакырганды унутпаңыз.
#53 22 Февраль 2014 - 16:31
Керектелүүчү азыктар:
- 2 шокалад (плиткалык),
- 3 стакан кокос таякчалары,
- 1 стакан коюлтулган таттуу сүт.
Жасалуу жолу:
Коюлтулган таттуу сүткө шокаладды эритип аралаштырабыз. Кокос таякчаларына бир аз коюлтулган сүттөн кошобуз да кол менен мыжып формага келтиребиз аны даяр шокалад аралашмасына сүзгүч менен малып алып, пергамен кагазына тизип чыгабыз да, муздаткычтын тоңдурма бөлүгүнө салып 20 мүнөттөй коюп, анан сиздер каалаган таттууну үй-бүлөңүздөр менен чай үстүндө даам тата берсеңиздер болот.
#54 22 Февраль 2014 - 16:49
#55 23 Февраль 2014 - 07:32
4 жумуртка
350гр кумшекер
250гр осумдук майы
5гр корица
15гр ванильный сахар
2гр туз
100гр жангак( майдаланган)
8гр разрыхлитель
500гр сабиз
300гр ун.
Сабизди майда кыргычтан откоруп аласыз да калган бардык ингредиенттерди аралаштырып, духовкага 170¢ 40 мунотко коесуз. Формасын ар кандай кылса болот. Бышкан сон бетине бал сыйпап койсонуз дагы да таттуурак болот
Билдирүүнү түзөткөн: rnurzida: 23 Февраль 2014 - 07:35
#56 24 Июнь 2014 - 09:05
#57 24 Июнь 2014 - 10:59
#58 24 Июнь 2014 - 11:00
Sweetdream (24 Июнь 2014 - 09:05) жазган:
Мен пирогго өсүмдүк майын бир аз кошуп, листти да көп эмес, бир ааз гана майлап коём.
Ошентип эле жасайм, такыр жармашпайт.
#59 30 Июнь 2014 - 22:29
- Чагылган жаңгакты майдалоо керек
- Таякча түрүндө тууралган сабизге балды кошуп аралаштырып, 10-15 мүнөт тыныктырабыз.
- Сабизге жаңгакты кошуп тегиз аралштырып, табакка салып, ашкөк менен кооздоп коебуз.
#60 08 Июль 2014 - 06:39
" Мышиный король"-деп аталат.
1. Картошка 50гр.
2. Тооктун эти (филе) 20гр.
3. Жумуртка 1даана
4. Сметана 8гр.
5. Майонез 12гр.
6. Помидор, бадрын, оливки, кок пияз (сибулет) баргарский кызыл , ар биринен 1граммдан.
Жасоо ыкмасы.
Сууга кайнатылган картошка менен тооктун этин, (капчёныйбы же кайнатылганбы боло берет) майда ( кубик) сымал кесип, кайнатылган жумуртканы тёркадан откоруп, майонез, сметанага кошуп аралаштырып аласыздар. Тегиз аралашып даяр болгон сон, колунузга алып, томонку суроттой, чычкандын формасына келтирип аласыз. Тарелкага салган сон, кулагын бадрынды уч бурчтуу сымал кесип, козуно помидордон коруп турганыныздай майда ( кубик) муруттарына кок пияздын эн ичке жерин, тумшугуна оливки жок болсо, кара бир азыкты жабыштырсаныздар деле болот. Куйругуна кадимки кызыл балгарскийдин жылтырак сыртын жука кесип алып, (жылтырак сырты кетет) ничке узун кылып кесип, муздак сууга салып турсаныздар, буралып коркуно чыга келет, куйругуна улап коёсуздар. Болду, салат даяр.
Билдирүүнү түзөткөн: orhideya: 08 Июль 2014 - 06:42