Мен сиздерге орустардын Ватрушки токочун жаза кетейин :
Керектелуучу азыктар :
кум шекер
ун
сут
жумуртка
ачыткы (дрожжи )
маргарин
творог
Даярдоо ыкмасы : ( мисалы 1 кг ундан 10 ватрушки чыгат ) .
Озунуздун олчом - ченеминизге жараша , кадимкидей нанга камыр жууругандай , жууруйсуз ( сут , туз , кум шекер , жумуртка , маргарин ) . 1 ) Камыр ачыгандан сон , алаканыныздай олчомдогу орточо тегерек камырды токоч жасайсыз .
2 ) Творог ( быштак ) менен кум шекерди аралаштырасыз .
3 ) Токочтун бетине 1 чон кашык быштакты салып , иреттеп жаясыз ,токочтун сыртына чыгып кетпегендей кылып .
Токочторду духовкага салып бышырасыз . Ватрушки даяр .
Камыр азыктары (нан, күлчөтай ж.б.) Жардамга-а-а!
#22 17 Июнь 2014 - 21:35
Aydashka эже мен сизди аябай жакшы кором. Ашканада ото мыктысыз, сизден коп нерсе уйрондум. Чоон рахмат!
#23 09 Июнь 2015 - 14:37
МАНТЫНЫ ТҮРЛӨП ТҮЙӨБҮЗ
РОЗА
Камырдын формасы – тегерек
1. Камырды чоң жана кичирээк стакандардын жардамы менен тегерекче кылып кесип алабыз.
2. Ортосуна фарш салып, экиге бүктөп четтерин бекитүү керек.
3. Алгач кичинекей, анан калган эки мантыны анын сыртынан кучакташтырып бекитиңиз.
МАНДАЛАК
Камырдын формасы – төрт чарчы
1. Фарш салынган камырдын карама-каршы эки учун бириктиребиз.
2. Эми калган эки учун да бириктирүү керек.
3. Эми мантынын ич жаккы учтарын чымчып бекитип чыгуу зарыл.
ЖАЛБЫРАК
Камырдын формасы – тегерек
1. Камырды кичинекей бөлүкчөлөргө бөлүп, ар бирин тегерек кылып жайып алуу керек.
2. Анан фарш салынган камырдын четинен кармап, эки жагын алмак-салмак бекитүү керек.
Эскертүү! Түйүп келатканда камырдын ортосунан токтотуп, кайра экинчи учунан баштап четтерин бекитип коюуга болот.
АЛТЫН БАЛЫК
Камырдын формасы – тегерек
1. Камырдын бир четинен жака сымал кайрып алыңыз.
2. Ичине фарш салынган камырдын четтери сүрөттө көргөзүлгөндөй бекитилет.
3. Балыктын куйругун жасоо үчүн тиш чукугучту пайдаланып из салып, анан камырды тилип, учтарын чымчып коёбуз.
ҮЧ БУРЧТУК
Камырдын формасы – тегерек
1. Фарш салынган камырдын үч четин бириктирип бекитип алыбыз.
2. Бардык четтери бүйрүлүп бекитилет.
Эскертүү! Камырды майда тегерекчелерге бөлүп жаюу керек. Себеби учтары кайрылбагандыктан, мантыңыз эбегейсиз чоң болуп калышы ыктымал.
КАМЫР ЖУУРУУНУН СЫРЛАРЫ
-Камырга жумуртка кошуп жуурубай эле койгон оң. Анткени бул учурда камыр катуу болуп калышы ыктымал.
-Суунун ордуна сүзмөнүн же айрандын сары суусун кошуп жуурусаңыз, камыр оозго салса эрип кетчүдөй назик болот.
-30-40 мүнөт тыныккан камыр жакшы жайылат.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#24 09 Июнь 2015 - 15:46
Уйгур лагман менен беш бармактын рецебин, бышыруу жолун да жазгылачыыы.
..
#25 21 Июнь 2017 - 22:30
#26 25 Июль 2018 - 12:13
илгерки апаларыбыз колдонгон камыр ачыткыны кантип уй шартында жазаса болот. дрожь ото зыян экенин билип туруп колдонгум келбей калды.же Бишкек шаарында камыр ачыткы колдонгондор болсо беришсениздер жакшы болот эле