Жайдын толуп турган кечи. Айдай уй булоосу менен ызы-чуудан качып шаардын четиндеги дачага эс алганы келишкенине 10 кун болду. Бир аз болсо да сергип эс алгандай боло тушту. Уйдун арт жагында чон дарыя агып откон, устуно калын токулган жоолук таштап Айдай сууну бойлоп басып журду. Шаркырап аккан суу, жашыл бак, айлананы суктана карап таза абадан кере жутуп алды. Ангыча чырылдап ыйлаган жаш кыздын унун кулагы чалып журогу "шуу" дей тушту. "Апаааа"
деген унду угуп кыйкырык чыккан тарапка жетип барган ал турган жеринде катып калды. Курсуйгон эркек киши жаш кызды тыпыратып кармап алыптыр, чон жыгачты ала коюп чаап салды.
-Акмаааак!
- болгон уну менен кыйкырып жиберди. Жанагы зоокур кутпосо керек Айдайды туртуп жиберип качып жоноду, жанынан отуп баратканда ичимдиктин жыты мурдуна бур дей тушту. Кызга жетип барып эле кучагына ала койду. Кудум ал кыз эмес, мунун ордуна Айдай болгондой колдору титиреп жатты. Кызды караса коркконунан суйлой албайт.
-Ооруган жокпу эч жерин, тийбедиби деги. Бардык жерин сообу?
-Апаа, апа - кыз жон гана ыйлап жатты. Айдай жоолугун кызга ороп которуп уйун коздой келе жатты. Аны утурлай алдынан куйоосу Максат чыга калды.
-Тез жардам чакырчы, ээсин жоготуп баратат-деди кызды жолдошуна берип жатып.
-Ким бул? Кайдан таптын? Эмне болду? Деги тынчылыкпы?
- деди шаштысы кеткен Максат Айдайдын бозоргон онун коруп тынчы кете.
- Уйго алып кирели. Айдай башка соз айткан жок. Анткени айтууга чамасы келбей, озу, журогу титиреп аран турду. Тез жардам чакырышып, милицияга кабарлашып,
Айдай корсотмо берип келди. Тун жарымда гана башы лакылдап жарылчуудай ооруп жатканын сезди. Кыз сегиз гана жашта экен. Эхх дуйнон туш ай!... Мындай таш боор, мыкаачы адамдар кайдан жаралат болду экен? Аларды деле эне тарбияласа керек? Кантип ушул ишке барышат?Наристе кыз, али наристе. Айдай унсуз ыйлап жатты. Дуйносу эншерилип, журогундогу айыгып катып бараткан жарааты ачылып ачыштырып жаткандай онтоп алды. Бут жашоосу, унутууга аракет кылган ошол кара тун кайра коз алдына тасмадай тартылды...
Айыл кечи. Тээ алыскы тоо боорундагы айылда оюн десе оюнга тойбогон, жашоонун ак карасын тушуно элек эселек Айдайдын бактылуу балалыгы отуп жатты. Кунду кулку менен батырган балалык кез керемет мезгил болуп саналат эмеспи? Коздору кулмундоп турган Айдай 9-класстын окуучусу. Сабакты бешке окуган, мектептин алдынкы окуучуларынын сап башында. Ар кандай сынактарга ийгиликтуу катышып алдынкы орунду дайым алган кызды озунун классташы Бектурган ичтен, тымызын жакшы корчу. Ар дайым ага озгочо сый мамиле жасачу. Аны Айдай деле сезчу. Экоо унсуз гана тиктешип жылмайып алышчу. Айдай тай ата, тай энесинин колунда осту. Атасы менен апасы Айдайга белгисиз себептер менен бирге жашашпайт. Апасы Калипа Россия жергесинде иштейт. Атасын болсо билбейт. Эсинде калганы бала кезинде келип турчу, эс тартканы атасын коро элек. Тай атасы канчалык небересинин козун караганы менен баары бир балага ата, апа дегендин орду чон болот экен. Классташ балдар, кыздары ата апасы жонундо соз козгоп калышса, мостоюп улутунуп гана тим болот. Мектеп, анан мектептен кийин айыл жергеси болгондуктан мал, кой кайтармай. Озуно жаккан китепти алып тоо бооруна малды жайып алып китеп окуганды жакшы корот. Кээде классташы Бектурган экоо кошо окуп, анан талкуулашат.
Бектурган дайым атам мына китепти алып берди, райондогу базардан мондай китепти сатып берди деп ар кандай китептерди Айдайга берип турат. Бектургандын атасы абдан мээримдуу деп ойлойт. "Дайым биз барганда жылуу суйлоп тосуп алат. Эххх менин деле атам ушундай болсо керек" - деп кыялданып алат. Ошентип кундор артынан отуп мектепти аяктап жайкы каникулга тарап жатышты. Айдай Бектургандан алган акыркы китебин берем деп ал жашаган уй тарапка баратса атасы алдынан чыга калды.
-Кел кызым, кандай отурасынар?
Кемел аба жакшыбы?
-Рахмаат жакшы, тынч олтурабыз Мырза аке. Китепти берейин деп.
-Аа Бектурган малдарды жайгарып аткан, келе гой мен берип коем. Айдай китепти сунганда кокустан колу Мырзанын колуна тийип кетти. Селт этти кыз.
-Мейли жакшы турунуздар,
артына бурула шашып жоноду. Денесин жылан тийгендей муздап, жагымсыз сезим аралап отту. Ошол бойдон каникул башталып айыл эли баары оз эмгектери менен алек. Жайдын аптабы мээден отот. Кеч киргенде бактын тубундо китеп окуп олтурган Айдайды тай атасы чакырып калды.
-Айдай кызыыым. Ой кызым. Тиги курон уйдун музоосу дагы жоголуп кетиптир балам.
-Ииий, иий ата дайым айтам го байлап койгула деп. Аныныз кетти да тиги адыр жака. Айдай тултундап жоноду.
-Журо гой балам таап келбесек болбойт. Сен айыл ичин кыдыр анда. Мен адыр тарапка барайын.
-Жоок ата, ал жака басып баргыча чарчайсыз. Озум эле карап таап келем. Сиз айылды каран.
Айдай устуна жемпирин кийип адырды коздой музоосун издеп жоноду. Кынылдап ырдап тентек музоосун издеп журот. Жайыт анан жогору жагы адыр, бул бети калын бак жака жетип калыптыр.
-ууф эми кайдан таптым. Кеч да кирип баратат. Айдай озунчо суйлонуп алды. Алды жагынан ат минген караан корунду. Жакшылап караса Бектургандын атасы.
-Айдай кызым кеч киргенде эмне кылып журосун?
-Саламатсызбы?
Музоону жоготуп издеп жургонбуз, мандайы кашка курон музоо.
-Бул жакта корунбойт, аттан тушуп Мырза жылмайып кыз тарапка жакындады.
-Аа рахмат, коруп калсаныз айтып коесуз э? Жаман оюнда жардам берет деген Айдай артына бурулуп басып кетти. Бир аз узагандан кийин Мырзанын кыйкырган уну угулду.
-Мына музоон, тээ тигинде журот
-Жакшы болбодубу, рахмат сизге. Суйунуп кеткен Айдай Мырза корсоткон калын бак тарапка чуркап жоноду. Шам тушуп калганга бак озгочо сурдуу корунуп турду. Эми гана коркунуч каптай баштады. Негедир шарт артын бурула карай салды. Артында озунон козун албай Мырза тиктеп турган экен. Жанагы мээримдуу коз караш эмес, ач калган жырткычтай тиктеген муздак коздор. Айдай коркуп кетти.
-Эртен кундузу келип карап кетем, деди уну дирилдей. Акырын кетип баратканда Мырза шап колдон алды. Айдай бакырып жиберди. Кучтуу эркектин колу билегин оорутуп салды.
- Кое беринизчи?!
Мырза бак тарапка суйроп бара жатты. Айдай кыйкырып колун боштууга аракет кылып жатты. Акыры кандай экенин билбейт, колу чыгып кетти кыздын. Мырза бир аз кызуу болгонго кайра кармап калганга улгурбой калды. Коркуп кеткен кыз айылды коздой тызылдап чуркап жоноду.
Артын караганга чамасы келбей, буту бутуна тийбей чуркап баратты. Кудум эки буту тушалып калгандай кадамы алдыга жылбай аткандай сезилип болгон кучу менен зуулдап баратты. Качан гана айылга киргенде жайлап артын бир карап алды, эч ким корунбойт. Журогу кокурогунон чыгып кетчудой согуп, куноо иш жасагандай жалтактап уйуно аран жетти. Карангы кирип калганга тамак ичпей туз болмосуно кирип кетти. Тай энеси
-ай кыз тамак ич. Тиги музоону кошунанын багынан таап келди атан, сени убара кылып не адырга жонотту? Батыраак келбей сен да журо бересин. Кубуронуп суйлонуп аткан тай энесинин созунун бири да кулагына кирген жок. Эки тизесин кучактап гана бурушуп жатты. Болуп откон ишти синире албай, ону же тушу экенин тушунбой нес абалда жатты.
Баракча 1 - 1
Кыркылган кыялдар
#2 11 Апрель 2020 - 18:15
Эмне болгонун акылына синдире албай шалдырайт. Жок деп жатты. Кантип эле? Сыйлап, оз атамдай коргон киши ушул ишти кылмак беле? Болгондо да Бектургандын атасы. Азыр тай энеме айтып берсем мага ишенеби? Жок албетте. Абалымды кирип сурап койбогон, азыр бул созумо кайдан ишенмек? Музоо издеп журсом, курбу кыздарын менен дейдип журдун деген, анан Мырза мынтти десем ишенмек беле? Айдайдын ойлору чаржайыт болуп кетти. Ушул тапта, ушул убакта канчалык апасы керек болуп жатты. Бекем кучактап алып, оксуп ыйлап айтып арыздангысы келди. "Апппааа"
оозуна жаздыкты коюп алып бакырып ыйлап жиберди. "менин да атам, апам жанымда болгондо мени мынтип кордогонго эч кимдин дити барбайт болчу, атам мени коргоп, апам сырдашып жанымда болушса мен мындай кунго кабылмак эмесмин" - деди дили сыйрыла. Ушул учурда баарын апасын, атасын, Мырзаны дегиле эле дуйнону жек коруп турду. Тан атып калганда суу ичем деп ордунан турайын десе денеси ооруп шалдырайт. Чыгып баратып оозгу болмого жеткенде шалак деп жыгылды. Ошол бойдон дене табы которулуп, тошоктон турбай эки кун жатты. Тамак которуп кирген тай энеси:
-Тиги Мырзанын баласы ким эле сен менен окуган, китеп которуп келиптир. Айдай Мырза дегенди укканда коздору алайып, журогу оозуна келди. Кудум Айдай жаман иш жасап койгондой, коркуп кетти.
-Мен жок деп коюнчу, уктап атат деп. Китептин кереги жок экен дениз. Тошогуно чумконуп ары карап жатып алды. Ошол окуядан сон Айдай кочого да аз чыга турган болду. Короосунун ичинде журо берет. Мунозу да тунт тартып, эч ким менен суйлошпойт. Оюнун баары окуу, анан оюн болгон кыз бир эле кундо улгайып санаа басты. Наристе кыялы кыркылып, баё мунозу жоголуп таптакыр башка адамга айланды. Бироого айткандан да коркту. "Эч ким ишенбейт, кайра мени куноолуу кылат" - деп бала оюнда коорунуп, ичине сактап журо берди. Бир куну сырткы дарбаза ачык турган, уйдун алдында жумуш жасап жургон кыз озун теше тиктеп бироо турганын сезди. Карап Мырзаны коруп журогу тушту. Колундагы идиши жерге тушо уйго качып кирди. Кудум азыр кирип Айдайды колдон суйроп тартып кетчудой коркуп бурушуп олтуруп алды. Ошондон бери басса турса Мырзанын муздак коз карашы оюнан кетпей койду. Бироо тиктей калса же атын айтып чакырса да шашып кетет. Коорунчаак болуп, чунчуп баратты. Жайкы эс алуу бутуп мектеп убагы башталды. Бектургандардын уйу мектепке кеткен жол тарапта болгондуктан ал жолдон шашып отуп кетет. Мырза чыгып колдон кармап тартып кетчудой коркуп дикилдеп отуп кеткиче шашат.
-Айдаай! Октом чыккан ундон селт этти. Оюда "Мырза" деди. Баягы адырда музоонду таптым дегенде да кудум ушундай атаган. Артына карабай кадамын тездеп кете берди. Бироо чуркап келип билектен тартканда бакырып жиберди. Бектурган коздорун алайтып озун тан калып тиктеп турган, классташын коруп энтиге тушту.
-Сен, сен белен, мен шашып атам. Созун бутпой басып жоноду. Жанында Бектурган унчукпай кызды тиктеп келе жатты. Экоо суйлошпой мектепке кирип келишти. Айдай озун оолак кармап, эч кимге суйлобой, кошулбай арт жака жылып олтуруп алды. Бектурган кызды тааныбай турду. "Буга эмне болгон? Же мен капа кылып алдымбы? Таарынтчу соз деле айтпадым го. Акыркы жолу качан суйлошконубуз деле эсимде жок, же ооруп жатканда кабар албадын деп таарынып атабы?" Бектурган озунчо ар ойдорду божомолдоп, кыздын мынчалык бат озгоруп кеткенин тушуно албай турду. Бир буктом барака кат жазып Айдайга сунду, кыз алды да окубастан айрып салды. Курбу кыздарына деле кошулбайт, же сабака конулу жок. Бир чекитти ойлуу тиктеп олтура берет. Сабак буткондо сумкасын которуп ордунан туруп класстан чыгып кетти. Артынан калбай жигит да ээрчип алды. Алдыда Айдай, артында Бектурган унчукпай мектептен келе жатышат. Бектургандардын уйуно жетейин дегенде Мырза менен аялы Гулумкан, дагы бир эки кошуна турушуптур. Айдай оор ушкуруп алды. Алдыларынан отуп баратып
-Саламатсыздарбы? деп баш ийкеди. Гулумкан жылмайып.
-Кандай кызым, тай энендер жакшыбы? Сабак эрте бутуптур го? деди. Айдай бурула бергенде Гулумкандын домпоюп чыгып турган курсагын корду. Жанындагы озун жеп ийчудой тиктеп турган Мырзаны жек коро тиктеп:
-Ии акыркы сабак болбой эрте кайттык,-деп отуп кетти. Мырза ошол эле бойдон, ошол куну кандай карса азыр да ошондой суктануу менен кызды тиктеп турду. Капкара белинен отуп экиге орулгон чачы озуно жарашып ансайын келбеттуу корсотуп тургандай. Жанындагы кошунасы Мырзага карай
- буйруса мектепти бутоору менен Бектурганды уйлоп коет окшойсунар - деп тамашалай кетти.
- ии буйруса, эми азыр жаштардын айтканы менен болуп калдык го? - деп койду Мырза да узап кеткен кыздан козун албай. Айдай жол ката баратып "акмак, жузу жок! Кантип аялындын бетин карайсын? Дагы эч нерсе болбогондой мага суроо берет. Айбан"-деп тилдеп суйлонуп бара жатты. Бектургандын тынчы андан отуп кетти. Айдай менен суйлошуум керек деди. Баягы кой жайып жургондо, китеп окуп кошо талкуулап, мектептен кайтканды ар кандай кызыктуу темаларды суйлошуп келген кундорун сагынды. Тамашакой, ар дайым кулуп жургон Айдайдын мынча озгоруп кеткенин тушунбой, ишене албай койду. "Жок, суйлошуум керек. Ага бир нерсе болгон. Жашырып жатат" - деди. Эртеси сабактан чыккан жеринен кызды колдон алып, жетелеп бак жака алып барды.
-кое бер колумду, - Айдай колун силкип алды.
-Суйло. Жигит катуу ун менен айтты. Эмне болду сага? Эмне тескери болуп жатасын? Жазган катымды ачпай, берип жиберген китебимди да албай кайтарып жиберипсин? Деги тушундуросунбу?
-Эмне болуптур? Болгону мен ал китепти мурун окугам. Анан катына келсек, эмне экообуз кыз жигит белек, же сага убада берген белем? Айдай Бектурганга тике карады. Жигит тайсалдап:
-Жо, жоок, - деди.
-Анда эмне менин жолумду торойсун, кач! Башка алдыман чыкпа. Жигитти туртуп басып кетти. Кадамын тездетип баратып, ичинен унсуз ыйлап жатты. "Кечир, конулунду ооруттум" - деди. Озун жалооруй тиктеген Бектурганды эстеп дуйносу тарып кетти. Баарын ыйлап айтып бергиси келип, мууну бошоп кеткенде, туртуп качып жонободубу? Анан кантмек?" Сенин зоокур атан мага кол салды" - десинби? Айткан кундо деле ишенмек беле? Албетте жок. Озун куноолойт да. Жаман аттуу болот озу эле. Уйго келип эле "окубаймын, тогузду буттум болду шаарга тай эжемдин жанына тигуу цехине ишке кирем" - деп чыкты. Эч кимдин созун да укпады, тай энеси ары айтып, бери айтып акыры макул иштесен иште деп жайына койду. Эртеси куну мектепке барып, документтерин алып, классташтарына да жолукпай кетип калды. Баары тан калып, бир эсе таарынып кала беришти. Баарынан да Бектурганга чечилгис табышмак бойдон калып кетти.

#4 12 Апрель 2020 - 10:29
Убакыт куштай зымырап отуп жатты. Шаарга тай эжесинин жанына келип тигуу цехине жумушка орношту. Башында кыйналганы менен бара бара оздоштуруп колу конуп алып кетти. Дээринде зирек кыз бат эле жолун таап алды. Кундузу кечке жумуштан чарчап бошобойт. Кечинде болсо китеп окуп тун бир маалга чейин олтурат. Озун бир да бош койбой ойлорун ар дайым бир нерсе менен алек кылып турат. Бир аз бошой калса эле журогу сыгылып, болгон негатив ойлор мээсине толуп дуйнонун бардык жамандыгы каптап алгандай ойлору кирдеп кетет. Айланадагы озгорууго деле маани бербейт. Оз алдынча озго дуйнодо жашаган адамдай. Жумушта кошо иштеген бир жигит конулуно кол салып корду эле, катуу айтып кагып салды. Эркек кишиден коркуп конулу калып кеткендей. 2 жыл отуп кетиптир. Акырындан баары оз ордуна тушуп калгандай. Классташтары бутуруу кечесин уюштуруп Айдайды да чакырышыптыр.
Бир чети абдан курбуларын сагынып баргысы келди. Айылга ошол кеткен бойдон бара элек болчу. Барса барып олтуруп келем деп чечти. Айылы машина каттаган чон жолдон бир аз ичкери кирет. Чон жолдон тушуп калып жоо келе жатты. Бул чан жолдо бактылуу бала кундорунун изи калган. Уйуно жетип, тай энеси менен учурашып которо келген белек бечкегин берип, сагынычын таратып олтуруп калды. Кеч киргенде курбу кыздары менен чогулушуп чер жазып олтуруп, эртенки кечени суйлошуп жатышты. Эртеси мектептен музыка чыгып, аппак бантик тагып баары шандуу. Айдай мектепти толук бутпосо да, бутуруу кечесине катышты. Баары шандуу бийлеп кече оз нугунда журуп жаткан. Бектурган Айдайдан козун албай журду. "Чын эле сулуу. Шаарда журуп андан да сулуу болуп кетиптир"
- деп суктанып алды. Баары бийлеп тарактап атышканда, классташ кызы журу тиги коншунун уйуно отуп келебиз деп Айдайды ээрчитип алды. "Азыр торт кескенде тарелка жетпей калат, алып келип бергиле деп суранды"-
деп шыпылдап баратты. Дарбазадан чыгып жолдун чети менен баратышканда капысынан жандарына машина келип токтоп Айдай салып зуу койду. Кыз эч нерсеге тушунбой кыйкырып бара жатты. Машинада эч кимди тааныбайт."
кое бериниздер,
кимсиздер? - деген суроосуна да эч ким жооп бербейт.Карангы болгонго жолду деле коро албай койду. "Кайжака алып келдиниздер?
"-деген кызга мына жеттик деп машина чон дарбазадан ичкери карай кирип токтоду. Коздору алайып корккон Айдай эшик ачылаары менен ону тааныш адамды издей баштады. Толгон аялдар ызылдап кызды уйго заматта алып кирип салышты, кошогого жеткенде Айдай болгон уну менен кыйкырып алды:
-Жоок! Тийбегиле мага! Кирбейм. Мага куйоо болчу адамды кормойун кирбейм - деди.
Ары жактан жылмайып Гулумкан жоолугун которуп келе жатканын коргон Айдай турган ордунда катты.
-Бактылуу, таалайлуу болгула кызым-деп жузунон суйуп жоолугун салды. Нес абалда каршылык коргозууну да билбей тура берди. Колунан жетелеп кошогого алып кирип олтургузганда аран оозун кыбыратып:
-Ким? - деди.
-Апей эмне дейт? Гулумдун бир эле баласы бар эмеспи ботом? Бектурган да. Эмне классташынды унутуп калдынбы? - деген аялды тиктеп озуно келе тушкондой эшике карай умтулду. Уч торт аял кармап калышты.
-Кантет бул кыз.
-Кое бериниздерчи? Мен бул жерде кала албайм. Суранам. Менин, менин шаарда жигитим бар. - дей салды капыстан оюна келгенди айтып.
-Биз жакында уйлонмокпуз, -деди.
-Эми сенин жигитин эмес, жолдошун бар да, озун коруп билип жургонсун. Бектурган жакшы бала- дешип дагы коп создорду. айтышты. Айдай эч нерсе уккан жок. Азыр оюнда бул уйдон кантип качып чыгып кетем деген гана ой турду. Тай энеси келип, бирок Айдайдын алдына киргизишкен жок. Кийин женеси гана кирди.
-Энем батасын берди, бактылуу бол, - дегенде кыздын айласы кетти.
-Менчи? А менден сурадынарбы? Апамдын кабары барбы деги?
-Эжем да макулдугун бериптир, телефондо кабарлашты.
Айдайдын козунон жашы молт этти. Эч ким, жада калса апасы, тай энеси да бир ооз эле сурап койбогондоруна арданды. Керексиз буюмдай тагдырын чечип, оздору бутум кылгандарына чыдабай кетти. Башын жерге салып болмого Бектурган кирди. Жек коро тиктеп турду Айдай. Жанына жакын келерде ордуна тура калып.
-Жолобо!
-Айдай?
-Сен кимсин менден сурабай тагдырымды чечкидей? Мен сага эшиктеги мал белем, суйроп келип жашатып аласын? Бектурган билип кой, мен баары бир кетем.
-Сени суйом мен! Бала кунумдон бери сени суйом. Эч нерсе айтпай, баарын бир кундо чечип сен кетип калдын.
-Бул менин жашоом, демек чечимдер да мен каалагандай болот. Мага жолобо. Сени менен мен жашабаймын.
-Мага деген мынча жек коруу кайдан топтолду журогуно? - уну ушунчалык мээримдуу чыкты.
Айдай тиктеп калды. Ооба жакшы корот. Бирок, озун тиктеп турган бул суйууго толгон коздор, муздак башка каректи эстетет. Жада калса азыр жалооруп карап турганы, ошондогу тоо жакта Айдайды ач карышкырдай тиктеп турган Мырзанын келбетиндей корунуп турат. "Жооок! "- деп кыйкыра эки колу менен кулагын жаап отура калды. Бектурган жанына бара албай турган ордунда катты. Бул тунду экоо бир болмодо, эки бурчта откорду. Айдай ошол кундон олгон адамга айланды.

#5 12 Апрель 2020 - 14:22
Айдай бала кезинен озунун келин болгонун озгочо элестетчу. Аппак жоолук салынып, чай куюп, деги койчу соонун кыялдарды кыялданып жашар эле. Мына келин болду. Жузу албырып, коздору бакыттан жанып тургандын ордуна тунжурап жузу муздак. Кулгон, эмес келин коргону келгендерге кабагын ачып жылмайбайт.
Бектурган да жанына кире албай коп убакыт сыртта журот. Мындай учурда бири бирине тойбой суйуулору ашып туруу керек эмес беле. Ооба кудум ошондой болмок. Эгер ошол адырдагы Айдайдын журогуно очпос жараат калтырган окуя болбогондо.
Уч кундон кийин Гулумкан келинине салам салдыртып сыртка алып чыкты. Уйго кирип эле
-Атана салам берип жугун балам, - деди. Айдай жузун которбой жугунду.
-Кудай жалгасын, бактылуу болгула. Келин эмес, оз кызымдай бол, - Мырзанын унунон кыздын денесин майда калтырак басып аран турду. Чайын сунуп эле ашкана тарапты коздой качып чыкты. Эмне кылаарын, кандай жол тутаарын билбей катты. Жаны уйдо, жаны жашоо. Ар дайым корккон, тушуно чейин кирип азап берген ошол муздак коздор, эми даана жанында ээрчип журот. Кайда басса, кандай кыймыл кылса да артынан карап тургандай кооптонот. Эч качан озу жалгыз калбайт. Гулумдун артынан ээрчип же жанынан чыкпайт. Кайын энеси да жалгыз, биринчи келиним деп озгочо мээрим тогот. Бул уйдо бир гана ушул аялдан мээримди туя алды. Балдарына кылган мамилесин коруп, "менин апам неге мындай эмес" . Же "Гулумкан неге менин оз апам болуп калган эмес" - дей берчу болду. Гулум уйдо жок болсо, кичинекей балдардан бироосун созсуз жанына алып журот. Мынтип жашоо азаптын озу болчу. Конулун алам деген Бектурганды ансайын жек коруп баратты. Экоо жубай болуп бир болмодо, эки башка бурчта укташат. Айдай туну менен коркуп уктабай чыгат. Азыр Бектурган тура калып, келип баса калчудай андан козун албай тан аттырат. Уч ай ушул азап менен жашап журду. Мырзага бет мандай чыккандан коркуп, бир дасторкондо да тамак иче албай, жумушун жасап журо берет. Гулумкан гана "келиним дагы эле уялып коно албай журот" - деп озунчо бушайман. Айдай болсо озун жутуп алчудай тиктеген Мырзанын козунон кайда жашынаарын билбей тыбырчылайт. Тун ортосу, келин болмосундо эшикти ичинен бекитип алып бурчка тыгылып олтурат. Бектурган достору менен кетип копко жоголду. Ал болсо да бир жагынан тынч эле. Мына терезеден бир караан корунуп отуп кетти. Айдайдын журогу эми даана тушту. Уйдун ичин кыдырып учтуу нерсе издеди. Кире калса озун коргоп алганга даярданып алды. Жок кайра караан корунбой кетти. Козу илинип кеткен келинди эшиктин тарактаган уну ойготту. Колундагыны бекитип эшике жакын келгенде, Бектургандын:
-Айдааай! - деген унун угуп чоочуп кетти. Эшикти акырын ачса бутунда тура албай мас болгон жолдошу. Оозунан чыккан ичимдиктин жытына чыдап болбойт.
-Сен эмне ичтинби?
-Ооба, досторум бактылуусун деп суктанып куюп беришти. Ичтим. Аябай бактылуумун дедим. Ичимде болсо жанып бараттым. Айдай сен тушуносунбу? Жашаган уч айда келинчегиме колум да тийбеди десем мени досторум кандай мазакташаарын. Жок айтчы эмнеге биз мынтип жашашыбыз керек?
- Бектурган сен мас болуп калыпсын, эс ал. Жур ордуна.
-Эмнее? Кайсы ордума, сенин жанынабы? Айдай эмнеге? Тушундуруп берчи? Ушундай жашоо мумкунбу? - жигит чын эле ызаланып жатты.
-Могу орттонуп жатат тушуносунбу сен? Жигит муштуму менен журогун корсотту.
-Мен сага айткам биз жашай албайбыз деп.
-Себебин айтчы?
-Мен башканы суйом! - Айдай кыйкырып жиберди. Оюна ушул келди. Ушинтсем азыр мени кое берет деп ойлоду. Ансыз да мас болуп ызаасына чыдабай турган Бектурган Айдайды жаака чаап жибергенин, озу да сезбей калды.
-Эмне дейсин? Сен менин аялым экенинди унутуп калдынбы? Козумо карап башкасын суйом дегенинди кандай тушунойун?! Жигит кызды басып жыгылды. Айдай кутулуп чыга албай калды. Жалооруп, суранып кое бер деп жалбарып жатты.
-Суранам тийбеее, кое бер мени?!
Бектурган уккан да жок. Ушунча айдан берки ызаасы, Айдайга деген каалоосу куч алып кызды уйпалап жиберди. Оз максатына жетип шалк этип жатып калды. Айдай бурчка барып бурушуп олтурду. Ыйлап жатты. Чалкасынан тушуп уктап жаткан куйоосун жекире тиктеп алды. Кокурогундогу куйут, арман, оору Айдай озун ушунчалык алсыз экенине боору ооруду. Кантип ушул уйдо жашайт? Бектурган ушул кунго чейин тийбей келсе кубанып, балким мени кое берет деген умут пайда болгон. Эми кантип? Мырзанын айбандык ишин, зоокур коз карашын кантип актайт. Ар дайым артынан андып эч ким жок болсо баса калчудай ээрчип журот. Кимге тушундурот? Ким ишенет? Чыркыраган чындыгын, журогуно комуп салды. Акырын ордунан туруп, уйдун арт жагына отту. Капкара кою тун. Терен дем алды. "Менин эч кимге керегим жок! Ким мен учун куйот? Ким мени тындайт? Бир жолу, бир адам келип козуно караса тушуноор эле го? Апа кайдасын? Мага канчалык керек экенинди сезип аттын бекен? Кызындын журогу ооруп, зар какшап ыйлаганда сенин журогун туйду бекен? Мага сенин кымбат белегин, акчан эмес, мээримин, кенешин, колдоон керек экенин качан тушуносун? Мына эми менден туболук санаан тынч болот. Анткени мен силерди таштап кетем, ооба ырайымсыз бул дуйнодо менин ордум жок сыягы."

#6 12 Апрель 2020 - 16:14
Столду коюп, тамдын бооруна байланган жипке асынып алды. Ошол убакта Гулумкандын кичуу кызы ичим ооруду деп чон уй тарапка даары издеп жоногон Гулумкан, тарак эткен ундон сарай тарапка отту, узун болуп асылып турган келинин коруп ачуу чынырып жиберди.
-Мырзабееек? !
Ал келгенче бутунан ойдо которуп алды.
-Алда балам ай, бул эмне кылганын? Эмне болуп кеттинер экен. Бектургааан? ! Гулумкан ыйлап да, суйлоп да жатты. Эмне болгонуна тушунбой коркуп акылы жетпей турду. Мырза чуркап келип, козу алайып калды.
-Эмне турасын? Чеч! Гулумкан озун жоготуп турган жолдошуна кыйкырды. Байланган жипти кесип Айдайды жерге жаткырды кайын энеси журогун тыншаса согуп атат. Машинаны от алдырып ооруканага жоношту. Жандандыруу болумуно алып кирип кетишти. Гулум башын кармап олтуруп калды. Мырзабек ары бери басып журот. Гулумкан:
-Эмне болду ыя? Кечинде эле жакшы журбоду беле? Балан кайда Мырза?
-Кайдан билейин? Сенин жанында журом го мен деле. Уйдо эмес окшойт.
-Барчы уйго. Таап суйлош балан менен. Мен бул жакта болом Айдай озуно келгиче.
Мырза чыгып туз эле уйго жоноду. "Балким кат жазып кеткендир, бироого айтып койсо эмне болом?" Туз эле баласынын болмосуно отту, чачылган буюмдар. Эч нерседен бейкапар уктап жатат Бектурган. Уйдун ичи ичимдик жыттанат. Ары бери жакты оодарып, кат жазган болсо деп издеп таппай койду.
-Бектургааан? ! Ойгон. Козун чала ачып атасын коруп ордунан тура калды.
-Ата.
-Айдайды эмне кылдын? Эмне соз айттын?
-Мен эч нерсе.
-Эй бала катынын ооруканада. Озун асып алган жеринен, аран улгуруп жеткирдик.
Бектурган башын мыкчып олтура калды. Атасына баарын айтып берди.
-Ата,мен тушунбойм эмнеге мынтип атканын. Башканы суйом деди. Балким чын эле суйгону башка окшойт. Жашай албайт окшойбуз.
Мырза ордунан туруп басып кетти. Эмне иш кылганын, кандай айбандык жорук жасап алганын эми гана тушунгондой тунжурап олтурду. Бул тун ушунчалык узун болду. Гулумкан келининин кашында. Бектурган, Мырза оздорунчо ичинен эзилип, басып журуп тан аттырды. Озуно келип аран козун ачкан Айдай жанында колун кармап кайын энесинин уктап жатканын корду. Колунун кыймылынан Гулумкан ойгонуп кетти.
- Кагылайыным озуно келдинби?
-Эмнеге мен дагы эле тируумун? Менин жашагым келбейт апааа?! Айдай ыйлап жиберди. Гулум келинин мандайынан ооп:
-Антип суйлобойт кызым, айт эмне болду? Эмне сени мынча кыйнап жатат, балам мага айтчы? Неге бул жолго бардын?
-Менин жон гана жашагым келбейт...
Айдай ыйлап жатты. Врач кирип, кайра тынчтандыруучу укол жасап, кайын энесин сыртка чыгарды. Эртеси куну озуно келген Айдай эч ким менен суйлошпой койду. Тай энесине "мен ал уйдо жашай албайм, эч ким мени урушкан жок, болгону ал уйдо калбайм" - деп гана айтты. Ооруканадан туз эле, шаардагы тай эжесинин уйуно чыкты. Бир ай жатты . Бажырайып осуп турган гулду кыркып койгондой соолуп жатты. Тамак да дурустап ичпейт. Апасы кабарлашып кызын жанына чакыртып алды. Ботон эл. Балким баары унутулуп жайына тушоор. Канча убакыт керек экени белгисиз. Кудум кокурогундогу бул дарт эч качан айыкпоочудай. Апасы кучактап, чачынан сылап олтурат. Айдайдын таарынган, капа болгон журогу муздап калгандай. Канча мээрим тогуп турса да баары жасалма сезилип туруп алды. Ушул мээримге, ушул колдорго тээ ошол убакта ушунча зар болгон. Апасын сагынып, кучактагысы келип канча тундору ыйлап уктаган. Башына оор кун тушкондо апасына арызданып айтып берем деп чалганда "Айдай жумушум коп. Эмне ыйлап жатасын? Эмнене акча жетпей жатат, эртен которуп жиберем" - деп телефонду шашылып коюп салганын эстеди. "Апа мага акча эмес, сен керексин" - деген кызынын созун уккан эмес. Калипа кызынын эмне болгонун, эмне жашырып жатканын канчалык билууго аракет кылса да майнап чыккан жок. Балким азыр эмес, кызына керек убакта ушинтип жанында болгондо баарын айтып бермек беле? Эми болсо баары кеч. Озундогу бул сырды, озуно гана таандык болгон чындыкты комуп салган. Аны ошол кеч жана тагдырына, гулдой омуруно кара тун тушургон Мырзабектен башка эч ким билбей кала берди. Тай энеси, Бектурган, апасы да Айдайдын неге мындай жолго барганын, тушунбой кала беришти. Бектурган Айдайдын" мен башканы суйом" деген созуно ынанып, оз божомолу менен калды. Апасынын сылап жаткан колдорунан Айдай кайын энеси Гулумканды эстеди. Аны сагынып кетти. Кабагы салынса улам мандайынан суйуп "кызым" - деп эркелеткенин эстеди. Куйполоктоп кызым деп турганын эстеп козуно жаш келе тушту. Ооруканада жатканда жанына олтуруп башынан сылап тан аткыча жанында болбоду беле? Ээхх аттин?! Кандай сонун аял. Мырзабектин айбандыгын билбей жургонун. Акыркы коштошоордо ыйлап кызым эмнеге деп кала берген. Кучагына бой таштап, баарын, баарын тогулуп айтып бергиси келип,эрдин бекем тиштеп озун аран басып турган. Бул дуйнодо бир гана ошол Гулумдон озгочо мээрим корду. Корсо ошондой таза, мээримдуу адамдар болгон учун, дуйно Мырзабектей акмактардын иштеринен антарылып кетпей кармалып турат окшобойбу.
Корсо убакыт бир орунда турбайт экен. Мына чет жака келип иштеп, жашап калганына да 3 жылдын жузу болду. Бул арада эмнелер болду, эмнелер озгорду. Айдай жумушуна конуп кеткиче канча кыйынчылык корду. Тундосу канча жолу тушуно Мырза кирип, ошол токойго суйроп бараткан жеринен бакырып ойгонот. Баары озгорду, бир гана кыздын жузу ошол бойдон телмирет. Ачылып эч ким менен суйлошпойт. Жигиттерди жанына тук жолотпой качат. Кундор арты артынан мончоктой тизилип отуп жатты. Май айынын этиги болчу. Чогуу иштегендер менен шишкебек жегени жаратылыш койнуна келишкен. Ызы чууну анча жактыра бербеген Айдай алардан обочолонуп жалгыз аяк тушкон жол менен токой аралап басып жоноду. Суунун жанына жетип ошол жерде копко турду. Бир убакта артынан чыккан шырп эткен ундон жалт карап озун тиктеп турган жигитти корду. Денеси дур этти. Дагы коркунуч каптап денесин майда калтырак басты. Бирок бул тиктеп турган коздор жырткыч, муздак эмес мээримге толуп карап турган эле. Жигит капкара кундуздай болгон узун чачтуу перини карап кулуп турду.
-Чочутуп алганым учун кечирим сураймын, - жигит кыздын кыргыз экенин билгендей кыргыз тилинде суйлоду.
-Чочуган жокмун, - Айдай жанынан отуп баратып айтты.
-Максат- деди унун бийик чыгарып. Кыз артын караса жигит колун сунуп туруптур.
-Атым Максат.
-Айдай.
Бурулбай туруп атын айтып басып кетти.
-Таанышканыма кубанычтамын! Узап бараткан кыздын артынан кыйкырды. Кетип бараткан Айдай жигиттин кыйкырганын угуп ууртунан жылмайып алды да "тентек" деп койду озунчо.

#7 13 Апрель 2020 - 21:56
Максат кесиби боюнча врач психолог, келишим менен практика алмашууга бул жака келгенине аз гана убакыт болду. Жумуш ордунда олтуруп кечеги токойдо суунун боюнда коргон Айдайды ойлоду. "Татына кыз экен." деп алды. Анын оюн телефонуна келген чалуу бузду.
-Аллоо?
-Байке кандайсыын? Сен мага берген убаданды унуткан жоксунбу? Бугун мага эс алуу, озун соз бергенсин да. Токтобой суйлоп жаткан карындашына кулуп жиберди. "Эс алуу кунундо чогуу айланам"- деп соз бергени чын эле эсинен чыгып кетиптир.
-Маакул Сакутай, азыр чыгып жатам. Жолугабыз.
-Ии ушундай болсун. Телефонду очуруп Сайкал болмосундо китеп окуп олтурган Айдайга кирди.
-Дагы эле китеп. Журчу кочого чыгып келебиз.
-Коойчу Сайкал, билесин го ызы чууну жактырбайм. Айдай китептен козун албай жооп берди.
-А биз тынч жерге барабыз. Журчу эми, балмуздак жеп келебиз. Жалооруп байкуштун кейпин кийип турган бул кызга эч качан жок деп айта албайсын. Айдай кулуп жиберди.
-Макул барса баралы.
-Ушундай болсун. Сайкал бир козун кысып койду. Ооба ал коптон бери болосу Максат менен курбусу Айдайды тааныштыра албай убара. Канча жолу социалдык барактардан тааныштырганга аракет кылганы бекер болду. Максат силер жака практикага бара жатам дегенден бери Сайкалдын оюнда ушул план. Кантип экоону жолугуштуруп тааныштырам деген. Мына бугун учуру келгендей.
Эки курбу уйдон чыгышты. Айдай дайымкыдай чачын тобосуно байлап алды. Узун кара чачы Айдайдын ого бетер ажарын ачып турат. Магазин айланып экоо копко журушту. Сайкал улам телефонун кармалап, бироого байланыша албай убара. Балмуздак жегени кирип олтурушкан. Ангыча оздорун карап келе жаткан жанагы токойдо жолуктурган баланы коруп чочуп кетти Айдай. Максат алыстан жазбай тааныды Айдайды, коруп алып кубанып да кетти. Келип Сайкал менен учурашты.
-Салам кыздар, Сакутай кандайсын, кечир жол тыгын. Аябай кеч калдым.
-Байке билесинби мен бул курбумду кармап турганга канча энергиям кетти. Сайкал тамашалай кетти. Айдай Сайкалды бир, Максатты бир карап эч нерсеге тушунбой турат.
-Сен кандайсын Айдай? Жигит туз эле атынан айтты. Кудум эски тааныштардай.
-Максат мен жакшы рахмат. Айдай да сыр бербей колун сунду. Аларды коргон Сайкал:
-Ээй силер кайдан тааныш болуп журосунор ыя? Мен силерди тааныштырам деп канча план ойлоп, тундосу уйкумдан калып журсом. А силер тааныш беленер?
Баары каткырып кулуп алышты. Негизи Сайкал ушундай тамашакой жан. Жургон жери кулку. Ар дайым кулдуруп суйлойт.
-Макул тааныш болсонор андан жакшы. Мен кеттим, башка дагы жолугушуум бар.
-Сайкал кайда? Айдай курбусун токтотуп калганга улгурбой калды. Сумкасын алып чуркап жоноду. Экоо унсуз олтуруп калышты.
-Максат мен да бара берейин анда уйго кап этпесен.
-Сени узатып койсом болобу?
-Макул. Айдай каршылык коргозбоду. Жол катар экоо таанышып коп нерселер жонундо суйлошуп келишти. Бул ирет кыз Максаттын алдында озун кыйла эркин сезип жатты. Коштошоордо номерин сурап алып кетти. Ушул болду, экоонун телефондо жазушуусу кобойо баштады.
Ооба ушинтип кирип келди Максат кыздын жашоосуна. Алгач озун ала качып, жолугушууга чакырса жалгыз барбай Сайкалды ээрчитип алчу. Бара бара жигитке конуп, жанында озун эркин алып журуп калды. Бирок Максат колун кармайм десе же денесине колу тийсе эле дирт этип кетет.
ХХХ
Аялынын ызылдап кыйкырган унун укпастан Бектурган эшикти тарс эттире жаап чыгып кетти. Кундо ушул корунуш. Чонтогунон тамекисин алып чыгып тутантып досу Керимдин уйун коздой кетти. Мырза баласын артынан карап башын чайкап уйго кирип аялына:
-Келинин менен суйлошсон боло Гулум. Мынтип копко жашай алышпайт. Бир аз тилин тартса болмок.
-Ал байкушту ким тушунот? Назира деле ыза болгонунан суйлойт. Келин болуп келип, баландан бир жакшы соз укпады байкушум. Гулумкан козуно жаш алып келининин тарабын талашты.
-Эми бир аз сабырдуу болсо, акырындан Бектурганга деле акыл кирип калаар... Мырза унун пас чыгарып унчукту.
Айдай кеткенден кийин Бектурган озун таштап салды. Айылдагы бекер, озунон чон балдарга кошулуп ичет. Жургон жери, чыр тополон. Алаксыйт деп шаарга окууга суйлошуп тапшыртты эле, ал жактан да мас болуп дуконду тонойбуз деп колго тушуп, аран акчанын кучу менен чыгарып алышты. Окууну да таштап салды. Кайра эле айылда бекерчи балдарга кошулуп журуп алды. Бир куну Мырза:
-Эй бала кеткен катындын артынан да ушунча аза кутобу, энеси олгондой болуп?! Эркек болчу?!
Бектурган ун каткан жок. Башын жерге салып жон гана угуп турду. Гулумкан менен Мырзабек акыры балким уйлонсо алаксып, унутаар деп ойлошту. Досторунун кызы менен тааныштырды. Бектурган кызга жолуккан кундун эртеси эле достору менен мас болуп ала качып келип алды. Мына уй булоо болуп жашаганы Назира менен уруш жанжал. Конгон адатын таштай албай ичип келет. Назира да жон калбай суйлоп, акыры таяк жеп козу когоруп, же бети сыйрылып тынат. Жада калса ортодогу бала да экоонун мамилесин жылыта алган жок. Бектурган Айдайга болгон ызаасын, кегин же таарынычын ичкиликтен чыгарат. Айдайды суйгон. Ушунчалык катуу суйгон. Кичине кезинен бери жакшы корот. Кулгондо бажырайган козун, капкара чачтарын эстеп жылмайып алды. Анан, капыстан эле озгоруп шаарга кетип калганы, ала качып алып келгенде кыйкырып ыйлап чыр салганын, озун жек коро тиктеген коз карашын эстеп кыжыры келе тушту. Эмне учун? Эмне себеп болду? Башында ушул гана ой. Журогуно тынчтык бербей тыбырчылаткан бул суроого жооп таба албай болгон кучун арактан чыгарып ичет.

#9 14 Апрель 2020 - 00:11
Автор башка жерге барбай бери келип коптон жазып салыныз да кутуудобуз
#10 14 Апрель 2020 - 11:03
Бектургандын бул абалын коруп Мырза ичтен озун жейт. Бир кыздын, жок озунун баласынын тагдырын бузуп алганына бушайман болуп журот. Деги ошол куну эмне болду эле? Кандай шайтан оюн аралап мындай ишке барды эле? Ооба кызуу болчу. Бирок кийинчи? Кийин да оз напсисине ээ боло албай коргон жерден теше тиктеп журбоду беле? Жаны бойго жетип келе жаткан жаш денени коруп, озунун каалоосуна ээ боло албай айбандын жоругун жасаган. Бирок уч уктаса тушуно кирген эмес, уулу ошол кызды ала качып келет деп. Мына суктанып тиктеген ошол дене уйундо, мандайында бурушуп коркуп турат. "Акмак!
" - деп алды. Тундосу уйкусу качып эшикте копко басып журду. Чон уй тараптан Бектургандын кыйкырып суйлогону, келини Назиранын унулдоп ыйлаган уну угулуп турду. "Мага кечирим барбы?!"
- деп алды. Мээсине толгон ойлордон чарчап, короосунда токтоп турган унааны от алдырып чыгып кетти. Кайда баратканын билбейт. Чон жолго чыгып, белгисиздикти карай багыт алып кете берди. Коз алдына ошол куну адырда ыйлаган Айдайдын элеси келди. Кийин уйундо жургону, Мырзанын жырткыч мамилеси чыдабай жаш омуруно кол салып асылып турганы тартылды. Бектургандын жаш кезин эстеди. Экоонун кошо мектептен келе жатканы, уулу жакшы корот эле го? Айдайды алып келгениндеги козундогу кубанычын эстеди. "Уулум кечир?!"
- деди журогу сыйрыла. Ролду кармаган колдору титиреп, коз жашына озу ээ боло албай баратты. Эркек башы менен унун чыгарып ыйлап жатты. Козундогу жашты жени менен сурткондо мандайындагы чыккан жарыка козу чагылыша жолдон чыгып кетти. Катуу ылдамдык менен келе жаткан унаа чон жолдон чыгып, даракка урунду...
Оорукана. Бектурган ыйлап жаткан апасын кучактап операция болумунун алдында олтурушту. Операция узакка созулду. Гулумкан Кудайга жалбарып жатты. Танга жуук дарыгер чыкты. Суроолорду жаадыра жанына жетип келишти.
-Жакшыбы? Абалы жакшыбы?
-Абалы оор, бирок туруктуу. - деди дарыгер чарчаган ун менен.
-Баары Жараткандын колунда. Журу балам мен менен керектуу уколдор бар алып келе кал-деп Бектурганга кайрылып басып кетти.
-Апа ыйлабачы. Буйруса жакшы болот. Бектурган апасын олтургузуп дарыгердин артынан кетти. Ошол бойдон 3 кундон сон Мырза козун ачты. Козун ачып эле уулун чакырды. Алдына кирген баласына:
-Балам - деди аран оозун кыбыратып.
-Ата, мени кечир. Сени кыйнадым. Сен аман бол,соз берем мен такыр озгором.
-Бектурган, мени укчу. Келиним Айдай... Мырза энтигип, оор онтоп алды.
-Ата, Назира уйдо бала менен калган-деди атасын дагы эле наркоздун таасиринен чыга элек деп ойлоп.
-Жок балам, созумду болбой ук. Кучум аран жетип суйлоп жатамын. Бул оор куноону которуп кете албайм. Жок дегенде сага айтып женилдеп алайын. Мени кечир уулум, кечире албайсын билем. Айдайды кетип калды деп таарынып, куноологонунду токтот. Ал жон жерден кетпеди. Мен куноолуумун. Балам Айдай менин азабыма чыдабай кетти.
Мырза баарын ыйлап айтып берди. Бектурган унсуз гана тиктеп угуп турду.
-Мына кокурогумду жарган азабымды сага айттым. Кечирим жок экенин билем. Ошондо оюмду кандай шайтан басты экен? Сен эмес, азыргыча озумду актай албай жашап журом. Балам, бир гана отунучум апан билбесин. Апандын козундо жакшы адам бойдон отойун.
Бектурган соз да айтпай шалдырап чыгып баратты. Уккан кулагына ишене албай, акылы менен жок деп кагып жатты. Сыртка чыгып дубалга сойонуп турду. Гулум кирип кетти шашып. Бир аздан сон Гулумдун ачуу чынырыгы коридорду каптады. Дубалга жолонгон калыбында "Ата сени кечирдим" - деди Бектурган.
Боз уй тигилип, жаназа окулуп Мырзаны жерге беришти. Бектургандын жашоосунда чон озгоруу болду. Мурункудай кочодогу балдарга кошулбай, короосунда жумуш менен алек. Аялына да катуу суйлобой аяр мамиле жасап калды. Уйундо тынчтык болуп, тунжурайт. Атасынын жоопкерчилигин мойнуна алып тиричилигин улантып жатты. Коп учурда ойлуу журот. Тээ бала кезиндей шатырап кулуп, куудулданбай токтоо тартып калган. Гулумкан атасын жоготкон оор тийди балама деп аяп кетти.
ХХХ
-Айдааай, даярсынбы?
Куйоосун жалт караган келин жылмайып алды.
-Даярмын жаным.
-Балдардын жылуу кийимин салдынбы? Кантсе да шаардын чети, ушуйсунор. Келинчегин бетинен ооп сумкаларды машинага салып жатты Максат.
-Алдык баарын. Буйруса эс алып кайтабыз.
Ооба бул Айдай менен Максат. Уйлонгондоруно 6 жыл болду. Ортолорунда эгиз уулдары бар. Айдай чыныгы бакыттын даамын эми татып жашап жатат. Бирок бул бакыттын баасын ото кымбат болду. Канча уйкусуз тундор. Бала кунунон тилеген тилеги ишке ашпай, кыялдары кыркылып, ырайымсыз бул жалганда сенделектеп жалгыз калганында Максатка жолуккан. Кокурогундогу журогу муздап, ишенич деген соолуп калган эле. Кудум шамдай болуп жарык которуп кирип келди Максат. Кыркылган кыялы осуп, канат байлап бийиктерге кайрадан уча алды. Жолдошунун жардамы менен откон отмушунун кара кундорун бут жаап, жарык жашоого кадам коюп келе жатат. Максат менен баары женил. Анын жанында озун эркин, коопсуз сезет. Созунон эмес, козун карап журогундо эмне болуп жатканын туя алат жолдошу. Баары унутулуп бараткан. Бирок бугунку окуя кайра баарын коз алдына тизмектеп тарттырып откорбодубу. Отмушунду очуруп сала албагандан кийин, мин артка кайрылбайм десен да бир кылчайтып кароого мажбур кылат экен го бул тагдыр. Айдайда кудум ошондой болду. Кучактаганда титиреп корккон кыздын коздорун караганда тээ адырдагы озун корду. Эч кимге айта албай дирилдеп ыйлап жатканын эстеди... Унсуз ыйлап жаткан аялына жылуу жууркан жаап, мандайынан суйгон Максат кучактап жанына олтурду:
-Берекем...
-Максат?!
-Ыйлаба жаным. Баары артта калды. Кызга тийбептир. Ал зоокурду кармашты, тийиштуу жазасын алат. Сен азаматсын. Бир кыздын тагдырын сактап калганга себепчи болдун. Сени менен сыймыктанамын жаным.
-Эртен кыздын апасы менен жолугуп суйлошуу керек. Кызына колдоосу керек экенин айтуу керек. Ал да мага окшоп, коркуп сезимине очпос так болуп калбасын.
-Албетте, эртен шаарга барып жолугабыз...

#11 14 Апрель 2020 - 11:08
ХХХ
Тай энесин жерге беришип, айылда жургонуно 3 кун болду. Айдай сыртка чыгып айланага коз жугуртуп алды. Озуно тааныш кочолор. Эч нерсе озгорбогондой. Баары ошол бойдон, арадан канча жыл отту, бирок айыл ошол боюнча турат. Акыркы жолу кеткенде кандай таштап кеткен болсо ошол бойдон. Тээ тигинде арык боюнда кыналышып оскон кош терек дагы эле ошол бойдон желге ыргалып шуудурайт. Бектурган ошол теректин тубуно китеп коюп кетчу дайым. Акырын басып барып,коргон козуно ишене албай турду. Китеп! Кудум ошондогудай таш астына бастырып коюптур. Колуна алып ичин ачса бир буктом кагазга озуно тааныш кол жазма менен Айдай деп жазылып туруптур. Арык боюна олтуруп катты окуй баштады.
"Айдайым! Ооба сен менин Айдайымсын. Бала кезимден ашык болгон жалгызымсын, ак нике менен алып бирок бир жашоо улай албаган жарым. Кечир мени периштем. Сенин келгенинди коруп, жолугуп суйлошуу мумкун эместигин туйдум да кат жазууну туура кордум. Айдай. Атам жасаган оор куноону мен билемин. Атам мага олоордо айтып олду. Эч кимге айта албай азап менен жашаган чындыгынды билдим. Кечир! Сенин адамгерчилигинде чек жок. Жакшылыгынды баалай албаган мен акмакты кечир. Ошол адамгерчилигине айбандык менен жооп берген ошол тун учун кечир. Баарына айтып соттотуп жиберсен болмок. Сен андайга барбадын. Апамды, мени, карындаштарымды аядын. Кечире албайсын билем. Омур бою карызмын. Сенин бактылуу экенинди коруп кубандым. Бажырайган коздорундогу ошол кубаныч кайтып келгенин коруп бактылуу болдум. Бактылуу бол жарыгым! Сен бакытка татыктуусун!
Бектурган. "
Айдай катты коз жашы жузун жууп окуду. Колу менен мыжыгып кармап алдында аккан сууга агызып жиберди да,китепти ордуна коюп койду. Кокту тиктеп," мен силерди кечирдим" -деп шыбырап койду. Коодонундогу оору тарагандай женил тартып, кокурогу бошой тушту.
-Ааппааа, биз сени издебедикпи.
Жарыша чуркап келе жаткан балдарына кучак жайып уйду коздой кирип кетти. Алыстан тиктеп турган Бектурган" Рахмат, кош бол менин Айдайым" - деп уйун коздой женил басып жоноду. Алыстан болсо да Айдайдын кечиримин туйгандай журогу кыйла женилдегенсип калды.
(аягы)
P. S. Омур бир жолу берилет. Канча жашаарыбызды билбейбиз, бирок кантип жашоо озубуздун колубузда. Бул чыгармамда бир аз болсо да бугунку кундун койгойлуу маселеси болгон жаш балдарга карата болуп жаткан зомбулукту корсоткум келди. Бир Айдайдын тагдыры менен алыста акча деп иштеп жургон ата энелерибизге кайрылгым келди. Ооба турмуш, иштоо керек бирок унутпаныздар балдарыбыздын келечеги бизден коз каранды, аларга колдоо керек болгон убакта жанында бололу. Алардын оюн угуп, журогун тыншайлы. Баланы тындоону уйронолу. Бул бир гана Айдайдын тагдыры. А буга окшоп эч кимге айта албай канча бала, же кыз зомбулук коруп жашап жатты экен? Ошондуктан балдарыбызга кош конул болбойлу. Алар менен ачык суйлошуп, дос бололу. Каарманымдын аты озгортулуп берилди. Бир аз фантазиямды иштетип коркомдоп жаздым ийипмин))) Чыныгы жашоодо да Айдай бактысын табуусуна ишенем. Баарыныздардын уйунуздорго береке жана бейпилдик. Ден соолукта болунуздар.

#13 15 Апрель 2020 - 02:02
Авторго ыраазычылык.
Сонун чыгарма болуптур. Баштан аягына чейин жазып бутургонуно да рахмат. Болбосо акыркы убакта баары эле орто жолдо таштап койгондор
#14 26 Апрель 2020 - 19:16
Чындап жакшы чыгарма болуптур.Заманга топ келген.Бирок окуп буткончо журогум сыгылып,Айдай менен кошо бир акыбал болуп окудум.Рахмат дагы да кутуп калабыз,,,
Баракча 1 - 1