tahircan Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 80 (0,01 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Эркин тема (23 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 07 Март 07
- Кароолор:
- 16 844
- Соңку аракети
- 19 Окт 2018 16:06
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- Белгисиз
- Туулган күнү:
- Белгисиз
- Жынысы:
- Эркек
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Форумчулар кайда, ыя?
Жазылган күн: 1 Авг 2018
aijan (18 Июль 2018 - 10:53) жазган:
Бул ото кыйын жазуу эмес, бул, кечиресинер, графомания - тантырактык же кооз создуулук. Созу коп, берейин деген ою бироо.
Менде да бар ушул кемчилик, ошого жазганым.
Графомания дейбизби же орусча "словоблудие" дейбизби, эмнеси болсо да бул өзү бир талант. Оюндагысын кагаз бетине түшүрө албаган өзү кемчилик. Төмөндө дал ушул кемчиликтин айынан не деген сыйдан калгандар тууралуу жаза кетем.
Уэрен, азыр ушерде окуп атканыңардын көбүңөр баргыңар келген Америка Кошмо Штаттары, ал тургай айрымыңар барып ар кандай "устудент алмашкыч программдар" менен барып окуп жана "окуп" келгенсиңер, кээ бирлер ошол жакта. Бирок, эмнеге "Жаңы Дүйнө" Америка болуп аталып калганын деле биле бербесеңер керек. Ооба, Колумб ачканын баарыңар билесиңер. Эмнеге анан Америка деп аталып калгааан деп ойлонуп көргөн белеңер? Бир кездерде мага ошондой ой келип, анан ойлоп койгон элем Америго Веспуччи да Колумбдан кийин барган саякатчы болсо керек деп. Анын таржымалын окубаптырмын деле. Кийин бир кызыгып казып көрүп оозум ачылды. Ошол тууралуу жазайын.
15-кылымда Европа (Эски Дүйнө) Индияга барып, ал жактагы татымдарды, жерде жөн эле жаткан алтындарды алып келип иттей бир байысак деп ак эткенден так этип жүргөн болот. Ошо кезде Христофор Колумб Испан королуна кирип аны макулдатып экспедиция баштап чыгат. Индияга. Акыры барып ачат "Индияны" . Көп убакытка чейин Индия деп эле ойлоп жүрүшөт. "Индеец" деген сөз да ошондон калган. Кийин Америго Веспуччи өзүнүн жазмаларында "Бул эч кандай Индия же Азия эмес "Жаңы Дүйнө", - деп атайт. Ошондон бери Европаны "Эски Дүйнө", ал эми Атлантиканын ар жагын "Жаңы Дүйнө" деп атап калышкан.
Эми, атынан эки материк аталып калган Америго Веспуччи деген ким болгон?
Ал эч кандай жер ачуучу саякатчы, географ же кеменин капитаны болгон эмес. Ал болгону "1С те иштеген" башы иштеген бир эсепчи, азыркы тил менен айтканда "финансы менеджери" болгон. Ошол кезде бай адамдар экспедиция каржылашып, кеме жалдашып "Индиянын чексиз байлыктарын" алып келгени жөнөтүп турушкан. Ошондой экспедицияда каражат кандай сарпталып атканын, эмне каякка кетип атканын көзөмөлдөп турганга бухгалтер байке да экипажга кошулат. Ал кезде Америго 45 жашта болгон болот. Ошол кездин өлчөмү менен 45 жаш пенсиядагы кары адам деп эсептелген. Андыктан ал эч кандай моряк боло алмак эмес. Болгону бир жүргүнчү.
Анан эмнеге анын атынан 2 материк аталып калган?..
Ал болгону көргөн-билгенин кагаз бетине сопсонун кылып даана, так түшүрө билген. Ошол кездин "Супер-Инфо" , "Вечерка" гезиттерине Америгонун (латын тилинде) жазган отчеттеру аябай баалуу болгон. Китеп-журнал, гезит чыгаргандар ушунун жазгандарын колдонушкан. Ал тургай, Венесуэла (Кичи Венеция), Рио-де-Жанейро (Январдагы дарыя) деген жана башка толтура жерлерге ысымды дал ушул Америго ыйгарган. Бирок, ал бардык эле финансисттердей болуп эл оозуна алынганды жактырган эмес. Кайсы бир ММКнын өкүлү (китеп чыгаргыч болсо керек эле): "Ай, ушу жигит бир ишке жарады. Ушунун атын "Жаңы Дүйнөгө" ыйгарып Америка (Америгонун өлкөсү) деп атайлы" деген сунуш киргизип, анын сунушу ошол кездеги "Соңку жаңылыкты" окуп турган окумалдарга өлө жагат. Бирок, бул сунуш Америгонун өзүнө жаккан эмес. Ал караманча каршы да болгон. Жыйынтыгында баары бир ал өлгөндөн кийин "Жаңы Дүйнөнү" Америка деп жазып калышат жана азыр да биз ал жакты Америка деп билебиз жана "барып кайсы бир кезде европалыктар алып кетсек деген байлыктарды барып биз да алсааак" деп кыялданабыз
Эми, ал жакты ачкан Х.Колумб жана аны менен катар атактуу саякатчылар М.Поло, Ф.Магеллан, В.Д.Гама ж.б. каякта жүрү? Эмнеге алар көп жерлерди ачса да мынчалык сыйга татыктуу болушпады? Себеби жөпжөнөкөй . Алардын эмгеги зор болгон менен, алар жазма талантка көңүл бурушкан эмес. Көргөн-билгенин, ачкан жерлери тууралуу эптемей-септемей жазып, өп-чап маалымат менен чектелишкен.
Так шыто, графоманияны жектебейли, туугандар < -
Темасы: Азыр эмне жедиңиз?
Жазылган күн: 21 Май 2018
Көөөптөн бери жей элек шпрот жедим. Эски тааныш келип калыптыр, ал мени тааныбай атканда "Балыктын майы көзгө дары. Көздү басып калган май-челдерди жакшы тазалайт" , - деп жылдырып койдум -
Темасы: Кол тийбестик түшүнүгү...
Жазылган күн: 21 Май 2018
Менин оюм - ылдыйдагы кол тамгада жазылып турат.
Алешага ИМПИЧМЕНТ ! -
Темасы: Отуздагы "отчетум" :)
Жазылган күн: 15 Апр 2018
Отчетту эми жеңеге гана беришке туура келип атабы? -
Темасы: Азыр ким эмне жөнүндө ойлонуп жатат
Жазылган күн: 17 Янв 2018
Бирөө жазыптыр Дубайга барып жумуш таап кете аламбы? - деп. Азыркы абалды айтып канча каражат кетерин кенен-чонон жазып берсемби же окуп аткан китебимди окуй берсемби же шеп кечээ берген тапшырманы аткарсамбы же вотсаптын чаңын сапырсамбы же кечээ телпонго ушул видеолорду көрүп бир ушул жаатта көзүм ачылсын деп жүктөп койгон видосторду көрсөмбү же сыртка чыгып таза абадан кере жутуп карак чайдан ичсемби же мерияга чалып мен калтырган арыз боюнча маалымат алсамбы же кир болгон берки корп.телефонумду тазаласамбы же ажатканага барып аддуши "ойлонуп" келсемби n-дилеммага кабылып, акыры булардын ичинен акыркы варианты жеңип кетти. Кетти ошякка )