Мастандын энесиниздегени
1-бөлүм
Мастан кемпирдин абалы
Илгери
-илгери...
Ой жок! Кайдагы илгери?Кечөө жакында эле болгон го?.. Аа, ооба, кечөө жакында эле кайсы бир токойдо
мастан кемпир жашаганэкен.
Ишенбей турасыңарбы?
Анда эмесе кулак түрүп угуп тургула.
Жакынкыубактарда эле кайсы бир жерде, кайсы бир шаардын четинде мастан кемпиржашаптыр.
Бирок, анын мастан экенин эч ким билчү эмес экен. Көрсө, бечера мастанилгеркидей эч кимди алдай албай, мастандык кыла албай калган тура. Мисалы,бирөөнү алдапууланган алма берип өлтүрүп койойун десе, дароо милиция кармап алгыдай. Жеболбосо, кимдирбирөөнү казанына салып бышырып жейин десе, анысы бат эле билинип калмак да, телевизорго чыгарып,мастандыгын бүткүл дүйнөгө жар салып коюшмак. Ошону менен ал бүтүндөй элгетаанымал болуп, түрмөнүн түбүндө чиригидей. Кыскасы, мастан кемпир канчалыкмастан болгону менен адамдарга зыянын тийгизе албай калыптыр. Болгону, алтокойдун арасында өзүнүн жаман кепесинде наалып-напчып отура берчү имиш.
- Ушуазыркы кишилер кыйын болуп кетти. Керек болсо кичинекей балдары да акылдуу.Кенедей болуп алып баарын билишет. Ушунчалык көп окуп, акылман болуп кетүүнүнкимге кереги бар эле, - деп сүйлөнүп кейичү ал. Кейибей анан. Өткөндө эле бир баланыэптеп алдап кармап алса, ал ата-энесине телефон чалып бат эле кутулуп кетти. Мастан кемпирди болсоаз жерден түрмөгө камап койо жаздашты. Байкуш кемпир оорукчан болумуш болупараң кутулду. Ошондон бери кичине балдардан да коркуп жүрөт.
Бирок, мастандеген баары бир мастан да. Ал кимге жамандык кылаарын билбей, башы катып,кыйналып жүрдү. Күнүгө бир маал шаарга барып, балдарды байкап келчү болду.Чынында,
алары-бери чымылдап чуркап жүргөн тентек балдардан коркчу. Андайларга тийип элекойсоң элдин баарына айгай салып жибергидей.
Андан көрө көп сүйлөбөгөн,
болпойгонбалдардан кармайын дечү ал.
Китеп окуган бала
Бир күнү аладатынча шаарды айланып келгени жөнөдү. Бирок, бул жолу негедир башка эле жолгосалды.
Ооба, шаар четинеги талааларды,
же токойлорду карасаңар, бир адам гана баса турган жалгыз аякжолдор болот го, ошондой жолменен келатты. Коңкойгон ийри тумшугун жашыргансып түксүйгөн түгү бар жоолуккабекем оронуп алган неме, ийрейген алсыз колуна кайдан табылганы белгисиз, жаман баштыгын илипалып калаага кирип келди. Бирок, бул жолу ал бир канча саат айланып басып жүрчүмектепке жеткен жок. Себеби, анын издегени так ушул кире бериштен эле табылакалды.
Шаардынчетиндеги чаканыраак үйдүн алдында бир бала китеп окуп отуруптур. Анан калса, такэле өзү ойлогондой болпойгон бала экен. Момурайып отурганы да башкача.«Мындайларды бат эле алдаса болот» деди ал ичинен кымыңдап. Анан калп элечарчаган киши болуп, белин басып кайкалай калып сүйлөнө баштады.
- Өх-х,белим ий, белим. Бул карылык деген азап тура. Буттардын да ооруп турганынкарабайсыңбы.
Өөх...
Ушунтипсүйлөнгөнчө акырын бала тарапка көз кыйыгын салды. Ал дагы мастан күткөндөйаягансып карап калыптыр. Кемпир
аны көрүп ого бетер экиленди.
- Алдакатыгүн ай! Алда катыгүн! Ушунтип карыгыча жан кыйып кете бербей эмне! Олдо белимай, олдо белим!...
Болпогой балачыдабай кетти окшойт, жанына чуркап келип колунан кармады.
- Чоңэне,
бир аз отуруп эс алып албайсызбы?
Жүрүңүз тиги жерге, - деп өзү отурганорундукту карай тартты. Мастанга ушул эле керек эмеспи. Ичинен кымыңдай кубанганча бала айтканорундукка барып кыңкыстамыш болуп отурду.
- Балкимсуу же жарма ичпейт белеңиз, үйдөн куюп чыгайын, - деди элпек бала лепилдеп.
- Жок,катыгүн!
Ичпейм, ичпейм, - деп чочуп кетти мастан. Оюнда, бала үйгө кирсе улуу кишилерден бирөө чыга калабы депкоркту. Бала болсо анын суу дегенде мынча чочуп кеткенине түшүнбөй, таңыркапкалды.
Анткени менен алкемпирден деги эле шек санаган жок. «Суу ичкенде бир жери ооруйт го бечеранын»деп койду өзүнчө тыянак чыгарып.
- Балам,
сен элпек, жакшы бала турбайсыңбы.
Ата-энең кайда? – деди кемпир акырын сөзгөтартып.
- Аларжумушка кеткен.
- А,жумушка кетиштиби? Үйдө ким бар, байке-эжелериң кайда?
- Аларжок.
Мен үйдүн улуусумун, - деди бала саал мактангансып.
- Оо,бир үйдү бага турган баатырмын дебейсиңби?
Азамат! Бөбөктөрүңчү,
бөбөктөрүңкайда?
?
- Аларбала бакчада.
- Опбаракелде!
Анда сен жалгыз турбайсыңбы ээ? Жалгыздыктан коркпойсуңбу,
деги?
- Эмнеденкоркот элем? - деди бала эрдемсий.
- Кимбилет?
Балким, мастан кемпир, желмогуз дегендер келип калаар.
Балаишенбегенсип «быш»этип күлүп койду.
- Алардеген жомок да. Чыныгы жашоодо болбойт андайлар.
- Асен кайдан билесиң алардын болоор-болбосун?
Мастанчынында баланын айтканына капа боло түштү. «Мына мен турбаймбы» деп жибережаздады аз жерден.
- Мынабул китепте алардын баары жомок деп жазылып турат, - деди бала. Мастан мындай жоопту күтпөсө керек. Аз жердентура кала жаздады. «Катыгүн бул бала мен тууралуу окуп аткан го. Кокус менитаанып калып кишилерге кармап берип койсо кантем?» деп чочулады ал.
- Эмнежазылып турат? Кантип жазылыптыр?
– деди ал араңдан зорго карманып. Ошол элемаалда акырын этек башын кымырып, качканга даярдана баштады. Ал тургай «булшүмшүк бала жөн эле амалданып атат окшойт. Жардамчылары да болсо керек балким»деп эки жагын сактана каранды. Бирок, анын баарын кичине бала байкаган жок. Алколундагы китебин ачып кемпирге карата сунду.
- Мына,
муну окусаңыз. Бул жерде мастан кемпир тууралуу жазылган. А бул болсо анынсүрөтү.
Кемпир баласунган китепти аярлай кармап ичин карады. Мурду ийрейе салаңдаган,
тиштериоркойгон,
кандайдыр бир шыпыргы минип алып асманда учуп жүргөн кемпирдин сүрөтүтуруптур ачылган бетте.
- Булкайдагы неме? Мен муну тааныбайм, - деди кемпир жанында турган баланы унутупкалгансып.
- Тааныбайм,
дейсизби? Ой апаке, бул жөн эле сүрөт да. Аны кайдан таанымак элеңиз? – депкытылдай күлдү бала.
- Ошода.
Бирок, ал мага, ой тиги мастанга такыр окшобойт.
Кемпир эмитигинин тааныбаганын билип бир аз жүрөгү тынчтангансыды.
Бирок, ошол эле маалдаөзүн кайдагы бир сапсыйган немеге окшоштуруп койгонуна таарына түшкөндөй болду.Ичинен кыжыры кайнап,«мастан десе эле түрү суук кемпирди ойлошот. Мен деле убагымда жапжаш, супсулуукелин болгом» деп ойлонду. Баса, балдар мен силерге айтпай калган турбаймбы.Көрсө биздин мастан канчалык мастан болгону менен, ал деле өзүнчө жагымдууболгусу келип, керек болсо өзүн бир укмуштуудай сулуу сезип жүрчү. Бирок, ошолэле маалда ал дегеле күзгүгө каранып да көргөн эмес. Ошондуктан,
өзүнүн өңү такошол сүрөттөгү кемирге окшобосо да, андан кем калышпай турганын билген жок. Текгана сүрөтчүгөбү,
же жалпы адамдаргабы,
айтор, кимдир бирөөгө капа болуп, таарынып калды.
- Асиз аны билесизби? – деди бала таң кала. Ага негизи кемпирдин таарынычынан да, кудум өзүнүн жомоккитебиндеги мастан кемпирди тааныгандай сүйлөгөнү кызык болду.
- Кимди,
мастандыбы?
- Ии,мастан кемпирди билесизби?
- Билбегендеэмне.
.. Аз жерден «ал мына менмин» деп дагы айтып жибере жаздады. Тим элетилинин учуна келип токтоду. Бул жерге эмнеге келип отурганын, азыр негизгимаксаты баланы чочутпаш керек экенин эстеди. Бала болсо ага ишенбегенсип,
огобетер такый берди.
- Билсеңизкана айтыңызчы? Ал кандай болот?
- Ммм,албы?
Ал деген... ал деген... Мастан эми кантип кепти улашты билбей мукактанды.
- Мынакөрдүңүзбү билбейсиз, - деп жарылдап жиберди бала. Мастан айласы жок макулдугунбилгизип кутулду.
- Макул,
мен билбейт экемин. Анда сен айтчы ал кандай болот?
- Мастанбы,
мастан деген, мына мен азыр окуп берем.
Бала ушунтти дакитебин барактап бир нерсени издей баштады. Бир маалда тапты окшойт, шатыратаокуп кирди.
- Мынаугуп туруңуз. Илгери, илгери алыскы токойдун ичинде мастан кемпир жашаптыр. Анынтооктукундай буту бар жепирейген үйү болгон экен. Ошол буту менен мастан кемпирүйүн каалаган жагына бастырып кетчү имиш. Баса, ал кемпирдин бир мышыгы жанабир шыпыргысы да болуптур. Ал шыпыргысын минип алып алыс жактарга учуп, тамакиздеп келчү...
Мастан кемпирушул жерден күлүп жиберди. Ал бала окуп баштагандан бери эле күлкүсүн басаалбай отурган.
- «Тооктукундайбуту бар үй» дегенин карап кой. Менин үйүмдүн канаты бар, канаты. А учуш үчүншыпыргынын кереги жок. Сыйкырдуу суудан ичип алган соң каалаганыңды кармапучканга болот.
Мастан чынында өзүмчөэле ойлонуп атам го деген. Адамдар өзү тууралуу такыр туура эмес айтыпжүрүшкөнүн угуп бир туруп күлкүсү келип, бир туруп ачуусу келип жаткан болчу. Аачуусу келгенде баары эле ушунтип сүйлөнө баштайт эмеспи. Мастан кемпир да байкабайсүйлөнүп алды. Балким, ал дагы көп нерсе айтмак болуш керек. Бирок, бала анынкебин бөлүп кетти.
- Сыйкырдуусуу менен учканга болот дейсизби, апа?
Кемпир баланыжаңы көрүп аткансып бир саам таңыркай карады. Бечара, ойго ушунча берилипкеткендиктен кайда турганын да унутуп калыптыр. Бир аздан кийин кана эсинекелди да эмне дээрин билбей кайсалап калды.
- Якокуй!
Караңгүн капсалаң!
Мен эмне деп дөөрүп атам. Кайдагы учкан суу балам?Карыганда адам дөөрүп калат тура, - деп ал кепти башкага бура баштады. Бала эмиага боору ооруй карады. Бир маалда ал:,
- Астыңызгасыз өтүп кетти го. Мен үйдөн талпак алып чыга калайынчы, - деди да колундагы китебинкемпирдин жанына койо салып чуркап кетти. Кемпирдин жообун деле уккан жок.Мастан аны кетирбей кармап калайын деди эле, бирок тигил шуу койгон бойдон карматпайкетти.
Кемпир эми эмне кылаарын билбей эки жагын элеңдей каранды. Тигинекөчөнүн ылдый жагында бир киши келетат. Балким, ал мунун атасыдыр. «Койэртерээк кетейин» деди ал. Аңгыча анын көзү тиги бала таштап кеткен китепкеилинди.
Көз алдында ачылып турган баракты көрүп алгач чочуп кетти. «Шумдугуңкургур!
» деди ал күбүрөнүп. «Бул апакем турбайбы». Анан китепти шып ала коюпкойнуна катты да, токойду карай шуу койду.
Мастан кемпирдин үйү
Мастан кемпир дуңкулдапбасып отуруп бир заматта үйүнө жетип барды. Эми анын үйүн силерге кантип айтыпберем билбейм. Чынында,балким мастанкемпир жаш кезинде жыйнактуу, таза, тыкан жашагандыр,
анысын ким билсин. Бирок,азыркы абалын көрсөңөр эми бир укмуш. Картаң кемпир үйүнө киргенден кийинөзүнчө шердене калыпары-бери дүңкүлдөй басканда шыптан чаң куюлуп, жерден топурак көтөрүлдү. Көрсө апалар бекеринен үйдүтакыр жыйнабаган,
таза жашабай, жүдөп-какаган кыздарды мастан кемпир дешпейттура.
Же ошондой тазалыкты билбеген кыздар балким ушул мастан энесин тартыпкалгандыр.
.. Ким билет, ким билет..
Кыскасы, мастандынүйү ушунчалык бытырап, чачылып жатыптыр. Тигил бурчта ичиндеги күл оозунансапырылып төгүлүп турган чоң кара меш, анын үстүндөгү казанда кап ортосунан болупчелкилдеген сорпо турат. Сорпо ушунчалык көп болгондуктан бул кемпир аны эки жарым айда араңтүгөткүдөй.
Балким, ал ушунтип бир казан тамак жасап коюп, жарым жыл ичип жашайбереттир.
Тфу, бетиңкургур!
.. Айтпадым беле... Карагылачы тигинде турган желени. Тим элесамсаалайт.
Жок, силер жанагы кээ бир жалкоо кыздардын үйүнүн үстү желе болупкетет го. Ошондойду көрүп ушунча жийиркенип атабы деп таң калбагыла. Албетте,ал деле жакшы көрүнүш эмес дегилечи. Бирок, мен бул мастандын тиги капталдатурган текчесин айтып атам. Анда кемпирдин идиш аягы, кандайдыр бир суюктуктаркуюлган шишелери турган экен. Жанагы мен айткан самсаалаган желелер так ошолидиш аяктарды ушунчалык ороп калыптыр. Пай-пай-пай!
Эми андан бир чыны, же биркашык алыш үчүн жөргөмүштөр менен бир айдай согушуш керек окшойт... Ооба, ошолидиш аяктан тартып үйдүн берки капталында турган көрөн-шөрөнгө (чынын айтайын ал жерде эмнелертурганын көрө албаганым үчүн көрөн-шөрөн деп айтууга туура келди. Болбосо силерге бүт баарынсанап деле бермекмин) чейин чырмалышып,
оролушуп калыптыр. Үйдүн ушунчаболгонуна караганда бул үйгө жөргөмүштөр биротоло өздөрүнүн падышачылыгынорнотуп алышкандай.
Бирок, кемпираларга көңүл буруп да койгон жок. Мына кызык деген ушул. Ал көңүл бурмак тургайтак ошол каршы-терши желелеп турган керебетке барды да, бир саам отуруп эс алакетти. Андан кийин казанга барып кырында турган чоң жыгач чөөгүн менен толтура сузуп алыпшыпкай ичти да, самсаалаган жеңи менен оозун аарчып кайра керебетине барды.Ансыз да кычырап араң турган керебетке шак секирип чыгып оркойгон тизелерин бооруна басып, бүрүшөотурду.
Анан жанагы ала келген китебин куржунунан сууруп чыгып, барактайбаштады.
Ар бир бетин бирден карап, сүрөттөрүнө үңүлүп, ал тургай колу мененчукуп көргүсү келгенсип тырмалап да коюп жатты. Албетте, кээ бир беттегисүрөттөрдү такыр эле тааныган жок. Андайларга убакытын да короткусу келбегендейбат-
бат эле өтүп кетти. А кээ бир сүрөттөргө болсо тим эле үзүлүп түшүп карапжатты.
Мына, дагы бир бетин ачты. Ой, шумдуук, бул аябай жакын таанышы болсокерек.
Ооба, айтпадым беле. Мастан кемпир ордунан тура калып, тээ тигикепесинин тешигинен сызылып түшүп турган шоолага салып бир топко карады.
- Ошол.
Так ошонун өзү турбайбы. Алда катыгүн энекем ай, энекем! Деги сен ушундай белең?Энелик мээримиңе тойбой калдым го чиркин... – деп кейип-кепчип жиберди бирмаалда ал. Акыры, сагынычы күч алып чыдабай кеттиби ким билсин, көрүп аткан сүрөтүнөпкүлөп да жиберди.
Кыскасы, мастанкемпир жомок китепти көпкө чейин карап отурду. Бирде ыйлап, бирде күлүп отурупкөрдү баарын. А баса жанагы өлбөс Кощейдин сүрөтүн көргөндө боору эзилгичекүлдү го чиркин.
- Бубайкуш баягы Кошой го. Боорум ай, боорум! Убагында ушундай күчтүү, ушундайкыйын неме эле, эми муну минтип тыртайтып тартып койгонун карачы. Шуңшуйганбашы менен көпкөк болгон көздөрүн эле окшоштуруптур.
Калганы дегеле агаокшобойт.
Өзү көрсө ачууланып жатып калмак. Ансыз деле ачуусу чукул неме эле.
Ушунтип жыргапотуруп эле бир маалда бышактап ыйлай баштады. Ооба, так ошол Кощейдин сүрөтүнкарап отуруп бир топко ыйлады.
Кыскасы, ошентипотуруп түн да кирди. Мастан кемпир жатаарында казандагы сорподон дагы бирчөөгүн жутту да, жанагы керебетине барып бүрүшүп жатты.
«Эми кандайкылсам?
» деп ойлонду ал. «Бул китепте көп нерсе бар экен. Баарыбыз тууралууайтылыптыр.
Алты баштуу ажыдаар бар экен. Ыраматылык Кощей досум бар экен. Көкдөө бар экен. Сыйкырчы Сумакардын учкан килеми бар экен. Керек болсо менинэнемдин да сүрөтүн тартышыптыр.
Ал кургур жапжаш кезинде кете берди. КаардууКаргал ага Эр Төштүктүн алтын өгөөсүн алып кел деди эле. Ошону менен кайтпайкалбадыбы.
Эмне болду, кайда кетти, белгисиз»
Аны ойлогондокөзүнөн жашы куюлуп, дагы бир топко бышактады. Деги энесин сагынбаган,
энесинойлобогон жан болбойт тура чиркин...
Мастандын диско-клубу
Ошону менен бирканча күн ойго батып, санааркап жүрө берди. Улам баягы китепти ачып барактапкойот.
Караганда эмне, же окуганды билбесе, же сүрөттөрдү сыйкырлап жибереалбаса.
Ооба, ал сүрөттөрдү сыйкырлап сүйлөткөндү да билчү эмес. Мындайды илгери-илгерибир сыйкырчы чал билчү. Ошол үйрөтөйүн дегенде жалкоолонуп барбай койгон. Кап ошондоүйрөнүп алганда эмне... Айла жок, китеп окуганды билген бирөөнү табыш керек.Бирок,
кептин баары ушунда... Буга окшогон мастан кемпирлер, желмогуздар,
жезтумшуктар,
ал тургай сыйкырчылар бүт бойдон окуганды билишчү эмес. Деги, аларубагында «Бизге окуунун кереги эмне? Биз китеп окубай эле жашайбыз» депмактанышчу.
Китеп окубаган, тамга тааныбаган кандай жаман экенин кийин билишти.Адам баласы жалаң ошол окуунун арты менен эч бир сыйкырчы жетпеген ийгиликтердижаратып,
айга уча баштаганда,
бул сыйкырчы-мастандар эски чириген кепелериненчыга албай отуруп калышты. Акыры ичтери күйүп, көрө албай баратканда ар кимгебарып шыбырап «Окубагыла.
Окуунун эмне кереги бар силерге» деп азгырчу болупалышты.
Эми антип азгыруу, көрүнбөй барып кулагына шыбырап кетүү алардынколунан келет эмеспи. Азыркы учурда алардын колунан башка эмне келмек эле...Айтмакчы,
арабызда кээ бир китеп окубаган, ал тургай дегеле китеп кармагысы келбеген балдарбар эмеспи. Балким ошол балдар так ушул сыйкырчылардын,
мастан кемпирлердиншыбыраганына аябай ишенип алышса керек. Мейли эми, ишенип жүрө беришсин. А бизаларды мындай койо туруп өзүбүздүн мастандын баянын улайлы.
Ооба, мастанкемпир ошентип бирканча күн үйүндө отурду. Балким, жети баштуу желмогуз энесинин сүрөтү болбогондо ал бул китепти эчакөрттөп жоготмок. Бирок, тээ бала кезинде жетим калган күндөн бери унута албайжүргөн энесинин сүрөтүн көргөндө кадимкидей китепке арбалып калды. «Эмне деп жазылды экен? Энемтууралуу тагыраак маалыматтар бар болду бекен?» деп ойлонуп жатты ал. «Балкимал дагы эле тирүүдүр. Балким, ал дагы мени издеп жүргөндүр...
» Ошентип ары ойлонуп, бериойлонуп отуруп, акыры китепти бирөөгө окутмай болду. Бирок, кимге, качанокутушту билбей эси ооду. Акыры, мунун жообун таппай дагы бир канча күн санаагабатты.
«Ким окуп берет мага? Кайсы шайтанга барам?»
Аны ойлоду, мунуойлоду.
Көпкө башы катты. Бир күнү ал капыстан китепти карап отуруп баягышыпыргы минген кемпирдин сүрөтүнө көзү илинди. Дароо жини келип, ызалана түштү.«Ушуну мага окшоштурушат тура. Мен ушундаймынбы?
» деп жинденди алгач. «Жанагы баланын да «мына мастан ушул» деп айтыптурганын карабайсыңбы.
Деги ага эмне көргөзсө ишене берет окшойт». Аңгыча, анынкөз алдына ишенчээк баланын элеси тартылды. Анын өзүн аяп чуркап келгенин,алдына талпак салып берем деп үйүнө кирип кеткенин элестетти. «Ой!» деп сүйүнүпкетти бир маалда ал. «А эмнеге так ошол баланын өзүнө окутпайм? Аны эптепуурдап келсем мага тим эле баарын окуп бербейби». Ушуну ойлогондон кийин алкубанганынан тим элетак секире бийлеп жиберди. Ой-бай ооой. Биз аны жөн эле карыган кемпир депатыптырбыз.
Бийлегенин көрсөңөр эми бир укмуш. Өзү айткандай тооктукундай бутужок, бирок канаты бар үйү тим эле өзү менен кошо секирип, ордунан бир карыштайкөтөрүлүп кайра түшүп жатты. Ал эми баягы үйдү басып алды го деген жөргөмүштөркемпирдин жин тийген немедей так секире баштаганын көргөндө, корккондорунантарбалаңдап желелерин жыйнап, ийреңдеген буттарына ороп-ороп, түйүп алып качыпжөнөштү.
Кудум эле кинолордогу кеменин жиптерин орогон суучулдардай ары-беритызылдап чуркап жүрүп бүтүндөй желесин жыйнап кетишти. Мына, эми желеденарылганда гана үйдүн ичи бир аз тазаргансып,
кайсы жерде эмне турганы көрүнөбаштады.
Ушундан пайдаландыбы,
же жөн эле кубанычынан болдубу, айтор мастан кемпир бирмаалда жанагы көрөн-шөрөн турат деген жерге барды да, кандайдыр бир чоңбалыктын бүтүндөй сөөгүн сууруп чыкты. Шумдугуң кургур, бул чоңдугу бир кулачкелген балыктын сөөгүн эмнеге катып жүргөн десе, өнөрдүн баары ушунда жаткантура.
Кайран кемпир, балыктын сөөгүн башынан кармай калып куйругун жерге такайкойду да, кылкандарын каңгырата чертип күү чыгара баштады. Анан өзү кошосозолоно ырдап, улам-улам добулбас кагып аткансып үйдүн таманын дүп-дүп эткизетепкилеп кирди. Кокус ошол маалда силер да болгонуңарда үйдүн ичи кадимкидей диско-клубка айланыпкеткенин көрөт элеңер. Ал тургай аны сыртынан көрсөңөр деле так ошондой сезимгекабылмаксыңар.
Элестетсеңер,
эки капталында эки канаты бар үй кулап кетчүдөйулам бир капталына ооп барып түзөлүп, улам-улам бир кулачтай көккө көтөрүлүпбарып кайра түшүп турганын. А ичинде болсо кудум миңдеген кишилер жер тепкилепбийлеп аткансып дүп-дүп деген үн тынбай дүбүрөп турат. Комуз десең комуз эмес,гитара десең гитара эмесбир укмуштай үн каңгырап угулуп, казан-аяк калдырап, ар кай жерде илингенсөөк-
саактар шалдырап, эски такатайлар чыйк-чыйк этип чыйкылдап кошолонду да калды.
Ошентип кечке жуук башталганшаан-
шөкөт асмандагы толгон ай мастандын үйүнүн төбөсүнө келгенге чейин уланды.Баса,
ал эмнеге келди дейсиңер ал жерге? Өзүңөр билгендей айдын бетинде эки чака сууну баканга илипкөтөргөн айдай сулуу кыз бар эмеспи. Так ошол кыз кемпирдин даңка-дүңкүн угуп,кызыгып караганы келген тура. Бир топко карап отурду ал. Түнкүсүн силер парданытартпай уктап калганыңарда терезеңерден суктана карагандай көпкө карады.Айтмакчы,
балдар, терезеңерди жаап уктагыла. Болбосо, айдагы кыз силердин төшөгүңөрдүтээп салып, тартайып жатканыңарды көрсө шылдыңдайт.
Уят эмеспи, туурабы...
**
Эртесимастан кемпир адатынча чүмкөнө кийинип алып бөкчөңдөй басып баягы бир таманжолго түшүп шаарды карай жөнөдү. Колуна токойдон терип алдыбы, же үйүнөн таапалдыбы,
кыскасы кыпкызыл алмадан бирди кармап алган. Баса, жана үйүнөн чыгаардааны кандайдыр бир суу менен жууп, сыйкырлап аткандай болду эле. Бул шүмшүкилгеркидей алмасын уулап алды бекен? Деги көрөлүчү азыр...
Тигине,утур-
утур алды-артын каранып коюп, кадамын майда-майда таштап тыпылдап басыпкелетат.
Куу мастан бат эле баягы баланын кошунасынын үйүнө да жете келди.Алгач,
алысыраактан мойнун созуп, акмалай карады. Кудай жалгап баягы болпогой далошол күнкүдөй эшигинин алдында, дубалдын көлөкөсүндө китеп окуп отуруптур.«Окумуштуум менин» деп кудуңдап сүйүндү мастан. Кызык, мастан кемпир буга чейинбалдарды көргөндө такыр мынчалык сүйүнчү эмес. Бирок, бүгүн минтип ажары чыгажаркылдап кубанып турганы кызык эле көрүнүш болду.
Анткени менен албалага шыр эле жетип бара алган жок. Балким ал муну ууру тутуп, сакчыларгакармап берсе кантет? (Кемпир бул жерде сакчылар деп милицияны айтып атат.Бечера,
милиция дегенди билбесе кантсин?..) Айтмакчы, сакчылар эсине келгенде азжерден кайра кайтып кете жаздады. Бир канча убакыт ыргылжың болуп турган соң,акыры барып анткорлонуп учурашып көрмөй болду. Чынында, мастан кемпирге ишенимберген тигил балакайдын байоолугу болчу. Ооба, буга чейин далай нерсе башынанөткөн кемпир, адамдардын кыял-жоругун көзүнөн эле билгенди укмуш өздөштүргөн.
Айрыкча, ак көңүл, ишенчээк жана боорукер адамдарды жазбай тааныр эле. «Аккөңүлдөр шектенбейт,
аңкоолорго сөз жетпейт» деген ырды бул бекеринен ырдапжүрчү эмес да.
Ошентип баланынтушуна келгенде баягыдай эле анткорлоно жөтөлүп, күйүккөн киши болуп кышылдаптуруп калды. Кайран бала бул кемпирди унута элек экен. Үнүнөн эле тааныды.Дароо ордунан тура калып алдынан тосо чыкты.
- Жакшысызбы,
чоң эне? – деди ал жадырай күлүп. Түрүндө эч кандай деле жаман көрүүбайкалбайт.
Ал тургай кудум сагынып калган немедей тосуп алганын карасаң.
- Жакшы,
айланайын. Жакшы. Өзүң жакшысыңбы,
каралдым? – деди мастан ого бетержойпуланып,
- Жакшымынчоң эне. Эмне белиңиз ооруп турабы? Балким бир аз тыныгып алаарсыз.
- Макулбалам.
Тыныкса тыныгайын. Үйдө ким бар? – деди кемпир адатынча саксынып.
- Эчким жок. Атамдар жумушта. Бөбөгүм болсо бала бакчадан келе элек. Жароокер балакемпирге шайдоот жооп бергенче колунан жетелеп келип өзү отурган орундуккаотургузду.
Андан кийин күнөөлүүдөй башын шылкыйтып – өткөндө талпак алып келемдеп үйгө кирсем мешке койгон сүтүм кайнап, төгүлүп атыптыр. Аны алып, мештинүстүн тазалап койом деп атып кармалып калдым. Анан кайра чыксам сиз да кетипкалыптырсыз.
Таарынып кеттиңиз го деп жаман болдум.
Кемпирге бул сөзжага бербей калды тим эле. «Ап бали! Ушундай экениңди билгем да, билгем» депкымыңдады ичинен. Бирок, анысын сыртынан билгизбей өзүнчө каадалана сүйлөндү.
- Аабалам.
Ойноок бала ойноп кетти го деп баса бербедимби.
Мейли, эч нерсе эмес.
Ошентип экөө бирсаам кобурашып отуруп калышты. Элпек бала кой-айга келбей дагы тызылдап чуркапкирип бир чөйчөк толо жарма көтөрүп чыкты. Дайыма эски, муздак тамак ичкенкемпирге анын даамы аябай жакты. Тим эле ырахаттанып,
тамшанып отуруп ичти.
- Эбалам,
- деди бир маалда. – Өткөндөгү китебиң эмне болду?
- Ааалбы?
– дагы шылкыя сүйлөдү бала. - Ошол күнү сиз кетип калгандан кийин,нары-бери карап жүрүп аны унутуп калыпмын. Бир маалда эстеп алып койоун деп таппай калдым.Кыязы,
кимдир бирөө уурдап кеткен окшойт.
- Кап!
– деп анткорлоно шыпшынды кемпир. Эми ичинен жымыңдап атканын баарыңар элебилип турсаңар керек. – Мейли эми китеп табылаар. Баса, карачы мен сага эмнеалып келдим. Кечээ небереме деп сатып алдым эле. Азыр карасам баштыгымдынтүбүндө жүрүптүр. Сага буюрган тура. Ме гой, балам!
Бала кемпирсунган алманы алып, рахмат айтты. Бирок, мастан ойлогондой дароо кемире тиштеп,жеп жиберген жок. Колуна кармаган бойдон үйгө кирди да, бир сыйра жууп, биртабак, бир бычак көтөрүп кайра келди. Анан алманы аарчып, майдалап, бөлөбаштады.
- Эбалам,
аарчыбай жеш керек эле. Э балам, - деп алаңдап жиберди кемпир. Бирок,андан ары айтаар кебин таппай калды. Бала болсо «азыр апа, азыр» деп коюп тезэле алманы аарчый салды да, кабыгын нары жакта жүргөн тоокторду карай ыргытыпжиберип,
өзү тазаланган алмадан бир кесип кемпирге сунду.
- Чоңэне,
атам мени кандай тамак болсо да улууларга биринчи ооз тийгизип жүр деген.А сиздей чоң энелерге болсо алманын кабыгын аарчып бербесе, чайнай албайкаласыңар.
Айылдагы таянем дагы дайыма аарчып жейт, - деди ал.
Мастан эмне депайтаарын билбей эрдин тиштенип отуруп калды. Себеби, ал эптеп баланы уктатыптуруп көтөрүп кетейин деп алманын сыртына өзүнүн уу-дарысынан шыбап койгон эле.Мына эми анысы да текке кетти. Айтмакчы, тигине алманын кабыгын бир-эки чокугантооктор,
чекеден тырайып кулап, уйкуга кете башташыптыр.
Кемпир эмикантип амалданышты билбей отуруп калды. Бала болсо эч нерседен бейкапарнаркы-
беркини кожурап отурат. «Эми кандай кылам?» деп аргасы куруй баштады мастандын.«Күнүгө эле бала жалгыз кала бербеши да мүмкүн. Балким кошуна-колоң шекшипкалса эмне болот?» Ошентип мастандын такыр эле шаштысы кетти. Акыры ал баланыалып кетиш үчүн өтө опурталдуу ыкмасын колдонмой болду. Чынында, бул ыкмасынканчалаган жылдан бери бир да кишиге жасай элек болчу. Себеби, аны колдонгондонкийин,
бул жерге экинчи кайтып келүүгө мүмкүндүк болмок эмес. Эмесе, көп эле табышмактатабербей,
башынан айтып берейин.
Жогорудаайтылгандай адамзат өнүгүп, илим-билимдүү болуп калгандан кийин буларга жашооаябай кыйындады. Ал тургай, элдин ушунча акылдуу, ынтымактуу болуп кеткениненулам,
далай сыйкырчылар,
желмогуздар,
дөөлөр, ажыдаарлар жок болду. Ошондонулам жомок каармандары мындан нары токойдон чыкпай гана жашамай болду. Ал эмибулардын башчысы Каардуу Каргалдын кичүү кызы Жезтумшук сулуу токойго башчыболгондон бери баардык жомок каармандарын,
дөөлөрдү, сыйкырчыларды жана жин-перилердиадамдарга такыр жолобогула жана сыйкыр колдонбогула деген буйрук чыгарды. Чынында,анын да айтканынын жөнү бар болчу. Себеби, кимдир бирөө эле сыйкырчылык кылыпжиберсе,
же кайсы бир жомоктун каарманы өзүнүн чынында бар экенин билгизип,адамдар менен байланыш куруп ийсе, анда ал дүйнө жүзүнө дүң болмок дагы,адамдар баардык жомок каармандарын издей баштамак. Ал эми жеринен адамдардыжаман көргөн жомок элине бул такыр жакпаган көрүнүш болчу. Мына, Жез тумшуксулуу ушундан уламаябай катуу буйрук берип, сыйкыр колдонууга тыюу салган. Бирок, бүгүн минтипбиздин Мастан кемпир, тээ бала кезинен бери издеп жүргөн энесин издөөмаксатында ошол мыйзамды бузганы турат...
Эч нерсе менениши жок болпогой бала берилип алып кемпирге бир нерселерди айтып, алмасын уламкесип жеп отурганда мастан оозун бат-баттан кыбыратып, күбүрөнүп-шыбыраныпкайдагы бир сыйкырын окуй баштады. Ал улам барган сайын үнүн катуураак чыгарып,бир сөзүн кайталай берди. Көзү болсо чанагынан чыгып кетчүдөй акшырайып балагакадалып кадыптыр. Ийрейген тумшугу мурдагыдан да ийрейип, кудум бүркүттүнтумшугундай шитейип баратты. Жанатан тыптынч турган айланада акырындап шамал,башталып,
кайдан-жайдан чогулган булуттар асманды түнөрүп каптай баштады.Тигиндейрээкте турган күчүктүн уясынан башталган куюн ызгыттай чимирилип келипкемпирдин башындагы жоолугун учуруп кетти эле, анын куудай чачы туш тарапка саксайыпчыга келди. Бала айланады болуп жаткандарды ошондо гана байкады. Бирок, баарыкеч болуп калган эле. Терезелер шамалга туруштук бере албай шарактап сынып,дарбазалар карсылдап ачылып-жабылды.
Түнөргөн булуттан чагылган чартылдап,асман даңка-дүңк добуштарга толду. Көз алдындагы коркунучка,
айрыкча кемпирдинчакчайган көзүнө арбалып калган бала колундагы бычагы түшүп, былк эте албайотурду.
Мастан кемпирдин жанагы шыбыраганы уламдан-улам күч алып отуруп аягындакадимкидей жарылдаган кыйкырыкка айланды.
- Брахман,
крахман дуба дуб,
Шамал айдап, жамгыр жууп,
Ыпыр-сыпыр чаңга айлан,
Чимирилте куюн кууп!
Бул үн бара-барашамалга айланып, уулдап-дуулдап баратты. Ал үн керек болсо ошол аймактагыбүткүл адамдарга угулду. Электр жарыгы чартылдап өчүп, бак-дарактар жыгылды.Авто унаалардын түрдүү-түстүү чырылдаган үндөрү туштуштан жаңырды. А шамалболсо барган сайын күч алып улуп кирди. Аңгыча эки там нарыраактан капкара куюнкөтөрүлүп чыкты да, так эле мастан менен бала турган жакты көздөй жылып келебаштады.
Кемпир болсо жанагысын ого бетер күчөп кыйкыра берди.
- Брахман,
крахман дуба дуб,
Шамал айдап, жамгыр жууп,
Ыпыр-сыпыр чаңга айлан,
Чимирилте куюн кууп!
Акыры куюн жылыпотуруп буларга жетти да, экөөнү ортосуна алып бир сыйра ороп кеткендей болду.Ошону менен баары токтолду. Тим эле эч нерсе болбогонсуп шамал тып басылып,айлана жымжырттыкка бөлөндү. Жанагы куюн болсо дароо токтоп, чымылдатып учурупжүргөн чаң тозоңун шашпай гана жерге уюлгутуп таштап койду. Бир гана өзгөрүү,эне-
баладай кыналышып отурган кемпир менен бала бир заматта кайда кеткенибелгисиз көздөн кайым болушту.
Тегерек четтегиколу-
коңшу үйлөрүнөн чуркап чыгып, бири-бирин карап эле туруп калышты. Мындайжорукту алар үч уктаса түшүндө көрбөсө керек. Кудум болуп жаткандын баарынжалгыз өзү гана көргөнсүп бири-бирине чуркап келип, биринен сала бири шашмалапайта башташты. Ал тургай араларында таптакыр болбогон нерсени болду кылып кошобаштагандар да болду.
- Жанагыучуучу табак деген немени өз көзүм менен көрдүм, - деди андайлардын бирөөсү. –так эле менин үйүмдүн үстүндө беш мүнөттөй калкып турду. Кадимкидей көрдүм,Кудай урсун!
А экинчиси болсоандан ашып түшүп апыртты.
- Эйкайдагы табакты айтасың? Жанагы телевизордон күнүгө айтып аткан үчүнчү күчтөрдеген келди. Мен өз көзүм менен көрдүм го. Кадимкидей эле каптап келишти алар.
Бирок алардынбирөө да бала менен кемпир тууралуу ойлогон жок. Качан гана баланын кошунасы,таң эртеден бери үйүнүн чатырын оңдоп жүргөн Керимбай чыгып жин тийген немедейкыйкыра баштаганда баары аны карап элейип калышты. Көрсө Керимбай бечера тамдынүстүндө иштеп атып шамалдын башталганын байкабай калыптыр. Качан ал күч алыпотуруп учуруп кете турган болгондо, алдындагы чатырдын устунун бекем кучактаганбойдон жабышып отуруп араң тирүү калган экен. Бирок, ошол убакта ал тигиндеалайып отурган бала менен барган сайын чачы саксайып, барган сайын коркунучтууболуп бараткан кемпирден көзүн албай, баарын көрүптүр. Ал турагй аларды кантипкуюн каптап кеткенин, жана куюн тарап кеткенде экөө тең көздөн кайым болгонунда көрүптүр.
- Шумдугуңкургур,
мен ал кемпирди жана өйдө жактан келетканда эле көргөм, - деп бакылдапжатты Керимбай. – Жанагы жомоктогу мастан кемпирдин эле өзү болчу. Бирок, кимойлоптур ушул заманда мастан болот деп? Ким ойлоптур? -деп башын кашыды ал.Бирок, кишилер ага деле ишене беришкен жок. Ишенмек тургай аны жинди болупкалдыбы деп коркуп, шектене карай башташты. А аялы болсо, акырын колунан тартып,алдап-
соолап үйүнө жетелеп кетти. Нары баратканда чөнтөгүнөн телефонун суурупчыгып доктур да чакырды окшойт. Же молдо чакыртып дуба окутмай болдубу, айторбирөөлөрдү жардамга чакырды.
Кокус ошол күнүчын эле баягы бала жок болуп кетпегенде,
Керимбайды түз эле жиндиканага алыпбаршымак болуш керек. Алгач ага такыр ишенбей, шектене карап аткандар, качангана баланын такыр табылбай, жоголуп кеткенин билгенде гана анын сөзүнө бааберип, сурака ала башташты. Бирок, ал бечера мастан кемпир сыйкырлап алыпкеткенин кайдан билсин. «Куюндан кийин жок болду» деди да калды. Башка эч нерсеайта алган жок.
Мастандын келишими
Бир заматтаалай-
дүлөй ызы-чуу болуп кеткендиктен бала эмне болуп кеткенин түшүнбөй калды.Ал тургай ал коркконунан мастан кемпирди бекем кучактап алыптыр. Ушунун баарынтак ошол кемпир кылып атканын кайдан билсин бечара? Көзүн тырыштыра жумуп,башын кемпирдин койнуна катып эле отуруп берди. Мастан болсо кылчусун кылып,сыйкырын салган соң, жанагы жерден куюнга аралаш көздөн кайым болуп, кайра көзачып жумгуча үйүнөн пайда болду. Боорунда тигил бала дагы эле жабышып жүрөт.Болгондо да жанагы жерде экөө кандай отурган болсо, кемпирдин сапырылганкепесинде да так ошондой отуруп калышты.
- Турнары!
– деп кекээрлене сүйлөдү кемпир эми. Анын жана шаарда жүргөндөгүанча-
мынча мээрими дароо жок боло түшүптүр. Дагы эле титиреп турган бала аныуккан жокпу, же түшүнгөн жокпу кыскасы болбой эле кучактап отура берди. Ошондочыдамы кете түшкөн кемпир анын мойнуна ороло кучактаган колун чыгарып нарытүртүп жиберди.
- Кечкежабышып аласың да какмар! Муунтуп өлтүрөсүңбү эмне?»- деп сүйлөнгөнчө бүкчүңдөптуруп кетти. Бечара бала ошондо гана көзүн ачып айланасын алаңдап карап калды.Бирок,
ал дагы эле тигил мастандан үмүтү үзүлө элек экен.
- Чоңэне биз кайдабыз? Бул эмне болгон кепе? – деп тура калып кемпирден сурады.
- Чокуңачоң энеминби сага? «Чйоннэнйээ»,
«чйон энйээ» деп кууратты.
Мастан нарыбасып баратып оозун кемшиңдетип баланы шылдыңдай сүлйөдү да, казанындагы сорпосунан бир чоңсузуп ууртады. Анан салбыраган жеңи менен оозун аарчып туруп кайра берибурулду.
Ошондогу анын ырайымсыз жүзүн көрүп баланын жүрөгү оозуна кептеле түштү.Жана үйүнүн алдында турганда анын алайган көзүн, коңкойгон мурдун арсайгантиштерин көрбөптүр.
- Билипкой баатыр, бул жер сага кепе эмес! Сенин чоң энең болсо менин карааныма да теңкелбейт.
Бала акырын экижагын карап, качуунун айласын издей баштады. Бул түрү суук немеден эч жакшылыккелбесин түшүндү окшойт. «Тигине эшик» деди ал. Кемпир нары бурулаары менен шыпэтип тура калып ошол эшикти карай шуу койду. Кудай жалгап кал! Кепенин оозуачык туруптур. Шарак эттире ачып бир аттап секирип чыкты. Бирок, бул үйкандайдыр калгып турабы, же бир нерсеге кондуруп койгонбу, айтор жерден жарымкулачтай көтөрүлүп турат экен. Аз жерден кулап түшө жаздап барып секирип кетти.Баса, бала шарак ача бергенде кепе жерден ого бетер көтөрүлө түшкөндөй болду.Бирок,
шашкалактаган неме ага көңүл бурган да жок. Кепеден ыргып чыгаары мененалдындагы жалгыз аяк жол менен энтигип чуркап жөнөдү. Улам бир бакты айланыпөтүп чуркап баратты. Артын да, алдын да караган жок. Туш келди гана кете берди.Чуркап баратты, чуркап баратты. Аңгыча алдынан бир үй чыкты. Бирок, негедиршектүү көрүнөт. Эки жагында эки канаты бар, чатыры чуштуя жабылган, терезесижок капкара үй экен. Анан калса бала чуркап бараткан жол дагы так ошол кепегебарып түгөнүп калыптыр. Бала эмне кылаарын билбей, элейип туруп калды.
Аңгыча анынэшиги кычырап барып кыңая ачылды да, оозунан жанагы кемпир көрүндү. Бала эмижүрөгү түшүп шарт артын карай бурулуп чуркады. Дагы бактарды айланып,карагайларды тегеренип далай чуркады. Мына, дагы бир дүпүйгөн теректен бурулаберди да, көзү алая барып кайра токтоду. Алдыда баягы эле үй, баягы элекөрүнүш.
Бул жолу кемпир анын келээрин эчак билгенсип эшигин аңырайта ачып коюпбөйрөгүн таянып, талтайып туруптур. Бала эми капталды көздөй чуркады. Эми жолужок эле бадал-садалды аралап чуркады. Бирок бул жолку кездешүү жанагыдан да тезболду. Бир бадалдан чалынып-чулунуп чыга бергенде баягы үй менен баягы кемпиралдынан дагы тосуп чыкты. Мастан жанагы эле турушунда бөйрөгүн таянып туруптур.Жүзүндө болсо билинээр билинбес шылдыңдагандай жылмаюу турат. Бала кайра арткачуркады.
Эми түз чуркабай ойкуп-кайкып чуркады. Бирок, дагы болбоду. Кемпир аныкепесинин оозунда кебелбей отуруп тосуп алды.
Кыскасы бала жүзжолу качты окшойт. Бирок баары бир айланып отуруп кайра эле кепеге келе берди.Мастан кемпир аны кубалап, же коркутуп да убара болгон жок. Ал унчукпай ганамисирейип отура берди.
Аягында булчымылдап чуркай берген баладан тажады окшойт, бир секирип баланын жанына келди да желкеденапчый кармап сүйрөп жөнөдү. Баланын чырылдап-чыркыраганын да караган жок.Үйүнүн төркү жагында караңгы бөлмө бар экен. Ошонун эшигин ачып туруп ичинеыргытып салып, кайра жаап бекитип койду.
Ошондон баштап Мастанкемпирди санаа басты. Түнү менен уктаган жок. «Адамдар мурдагыдай эмес. Токойдутүрө кыдырып издешсе мени бат эле табышат. Асманга да уча албайсың. Ал жакта даадамдар чимириктей чимирилген канаты бар үйү менен учуп жүрүшөт. Деги эч кайдакача албайсың. Кайда барсаң адамдар, кайда барсаң адамдар» деп нааразыланасүйлөнүп жатты. Бир маалда «энекээ» деп боздоп ыйлады ал. «Энекээ, мени алыпкетчи-и» деп буркурады.
Ушул убактанаркы бөлмөдөгү бала да ыйлап жаткан. Бирок, ал берки кемпирче нары-беридүңкүлдөп баспай, бир бурчта гана тыгылып отурду. Керек болсо ыйлаганда да үнүнчыгарбай ыйлады. Көзгө сайса көрүнгүс караңгы бөлмөдө бүрүшүп отуруп, акырыуктап да кетти.
Ошону мененбечара канча уктаганы белгисиз, бир маалда көзүн ачса оозгу бөлмөдөн кобур-собурүн чыгып атыптыр. Үйдүн ар кайсы жеринен да күн нуру түшүп, бөлмөнүн ичи жарыкболо түшкөн экен. Бул жерде эркелеп бышактай турган энеси, же атасы жок экенинкечөө эле сезген неме үн чыгарбай акырын жылып келип тактай эшиктен сырттагысүйлөшүп жаткандарды тыңшай баштады.
- Кайдагыжоголгон энеңди эстеп сен дагы кызык экенсиң, - деп кимдир бирөө колдурапсүйлөп жатты.
- Кайдагыэмес.
Мен даана тааныдым. Мына ишенбесең карап көр. Мына!
Балатактайлардын арасынан тешик таап шыкаалады. Ой-бай оой! Кадимки эле бою биркарыш, сакалы миң карыш эргежээл абышка экен. Мастан кемпир ага кечөөкү китебиначып ичинен бир сүрөттү көргөзүп жатыптыр.
- Мына,
бул менин энем. Негизи аны аябай башкача кылып тартып коюшуптур. Бирок, ошентседа бул даана энем экенине ишенем. Себеби, ал мен бала кезде Каардуу Каргалдынтапшырмасы менен Эр Төштүктүн өгөөсүн алып келгени кеткен. Ошол бойдон келгенжок. Мына сүрөттөгү өгөө, мына энемдин жети баштуу желмогузга айланганы. Мынабул болсо Эр төштүк менен анын акылдуу аты Чалкуйрук.
- Макул,
макул дечи. Бирок, ошол өгөө Каргалдын колуна тийгенде, анда бүткүл дүйнөнүкараңгылык каптамак. Ал канкор сыйкырдуу өгөөнүн жардамы менен жер бетиндеөзүнүн түбөлүк бийлигин орнотоюн деген. Эр Төштүккө бул жагынан алганда миңмертебе ыраазычылык билдириш керек.
- Бирок,
ал баары бир менин энемди кайдадыр бир жакка жоготуп салбадыбы. Ким билет эмнекылганын?
Же өлүгүн таппадым, же тирүүсүн таппадым...
- Балкимал.
..
- Эмнебалким?
Эмне?
- Эмибалким энеңди ал...
- Жок,жок Мытыкый. Ал менин энемди өлтүрө албайт. Себеби, анын жети жаны бар болчу.Энем кетээрде алты жанын өзү алып, жетинчи жанын Каргал алып калган. Кийин ӨлбөсКошой Каргалды биротоло жеңгенде, энемдин жанын мага берди. Ошол бойдон ал жаныменде турат.
Эргежээл бирсаам ойлонуп калды.
- Деги, ушу силерди түшүнбөй койдум. Жети жан,алты жан дейсиң. Бир жаны менде деп койосуң кайра. Эми ал жаны сенде болсо эмнеболуптур.
Энеңдин сөөгү сөпөт болгондур эмгиче.
- Сөпөтболмоктон балакет болсо да табышым керек.
- Ээх!
Бирок, сен бул токойдун тынчтыгын буздуң. Жалпы кеңешмеде тыюу салынгансыйкырды колдонбошуң керек эле. Эми азыр баары сага келишет дагы, сени жоопкотартышат.
- Мытыкый,
өзүң айтчы. Сенин бала кезиңен бери көрбөй жүргөн энең табылганы турса, кандайкылат элең? Жезтумшук Сулуу келип башымды жулам десе да бул иштен кайратартпайм.
- Акырын,
акырын. Сулуу угуп калбасын. Тигине, тигинде Ак Куу айымын минип баатыр Бака дакелип калды. Эми сабыр кыл. Эптеп бир айласын табалы.
Чын эле босогогомойнун койкоңдотуп бир ак куу учуп келип конду. Анын жонуна кадимки эле бакаминип алыптыр.
- Оо,Мастан сени канчадан бери көрө элекмин. Мурдуң мурдагыдан да чуштуят, бир азкартая түшкөнсүң бейм, края-кря-кря,
- деп чалкалай калып каткырып алды бака.Ак куу айымы да ага кошулгансып мойнун созуп аңылдады.
- Шумдукэми.
Сендей сулуу мырзалар карабай койгон соң бат эле карып кеттик, баатырБака,
- деп жооп кайтарды мастан. Бул жоопту угуп канжасын соруп отурганМытыкый эргежээл аз жерден какап кете жаздады. Бака болсо күтүлбөгөн жоопко сөзтаппай калган немедей экөөнү мостойо карап алып нары карап отуруп калды. Кыязы,өзүн укмуш сулуу сезгени менен тигилердин минтип какшыктай сүйлөгөнүнө арданыпкетет окшойт. Ал жакшы эле ойлонуп алып жооп берейин деп атты эле, аңгычатоңойдун ичи чаң тополоң түшүп, кандайдыр ачуу чарылдаган үн каптап келипбасылды.
- Акырынбайбы!
Бул кандай немелер! Качан болбосун чуулдатат да турат! Чуулдай турган замандынөткөнү качан. Сыртта жыйырма биринчи кылым! – деп ачуулана кыйкырды эргежээлМытыкый.
- Мынаушундай карыганын билбеген чурулдактардын айынан тынчтыгыбыз бузулуп чогулупотурабыз,
- деди бака. Ал бул сөзү менен Мастан кемпирди да чымчып өттү.Себеби,
так ушул мастандын тыюу салынган сыйкырды колдонуп жибергенинен уламушул жерге чогулуп отурушпайбы.
Булар ушунтипкобуранып атканда сырткы эшик ачылып, жатыр-жултурга бөлөнгөн кыз кирип келди. Бирок,анын киргенинен да чыкканы бат болду.
- Өф-иий.
Мынча сасыган жерге эмне тыгылып алгансыңар?
Жок, жок, мен сыртта эле болом.
Ал ушинтти дажаңы эле артынан кирип келаткан кызды нары түртө салып тышка чыгып кетти.
- Иий,ушунуку өттү да чиркин! Бу жин-перилер качан эле жыттуу жерде жашашчу эле.Сулуусунат да турат. Атасы Арбагайга ант берип койгом да болбосо бул эркеникырк кызы менен эчак тартипке салмакмын, -деп ызалана кетти Мастан кемпир.
- Жөнкой Мастаке. Бул али жаш кыз да. Кечээ 13-кылымда эле төрөлбөдүбү.
Дагы көп барага акыл-эс киргиче. Менин таң калганым башка. Бу жиндердин султаны Арбагай көзжумгандан бери, аялы Сумрат да көрүнбөй калды го, - деп кепке кошулду бакамайрык.
- Асен аны билбейсиңби?
Ал күйөөсү өлгөндөн кийин антты бузган кара жиндергекошулуп кеткен. Жанагы көзү ачык, бүбү-бакшы дегендер менен табакташ болупкалган дешет.
- Ошондойбекен?
Кап! Анда ак жиндер аны кармаса сазайын берет дебейсиңби.
- Албетте.
Арбагай падыша жакшы жин болчу. Элин да түз жолдо кармачу, өзү да түз жүрчү.Бирок,
катыны минтип бузулуп кетет деп ким ойлоптур. Эми ал кармалса сөзсүзАрбагайдын мыйзамы боюнча жазаланат.
- Ээхх.
Жаман болуш бир паста деген ушул тура. Баса, тиги кызы деле ошол энесин тартабыдейм.
- Кимбилет.
Бу какмардын да жүрүшү бузук. Ким билет деги?
Мастан бир саамөзүнүн маселесин унуткансып шыпшынып отуруп калды. Сыртта болсо кыздардыншыңкылдап күлгөнү барган сайын күчөй баштады.
- Булшарактаган жин перилер эми Жез тумшук Сулуу келмейин тыйылбайт. Адамдар угупкойот деп да ойлонбойт тура булар, - деп кыжынды Мастан.
- Чыда,
чыда. Мына келээрине да аз калды.
Бала ушунунбаарын эшиктин тешигинен шыкаалап карап отурду. Шарактаган жиндер келгенденкийин дагы канчалаган шумдуктар болду. Кемпирдин каалгасына бети араң баткандөөнүн кичине баласы келди. Майрык баатырдын ак куусуна көзүн артып сукулдаганкыпкызыл түлкү келди. Оңду-солду кажынып сүйлөп ыркыраган карышкыр келди.Күшүлдөй басып ынтыгып аюу келди. Эскилиги жетип, жыртылайын деп калган өтүккийип мышык келди. Бала аны көрүп аз жерден кыйкырып жардам сурап жибережаздады.
Себеби ал «өтүкчөн мышык» тууралуу көп эле мультфильм көргөн. Алардынбаарында бул мышык тим эле ашынган баатыр, ченде жок айкөл эмеспи. Ошого тимэле жакын тууганын көргөндөй сүйүнүп кетти. Бирок, анын жанында ыркырап турганкарышкырдан коркуп үн чыгара алган жок. Ошо унчукпаганы деле жакшы болуптур.Себеби,
бул жакшы деп ойлогон өтүкчөн мышык өтө ачуулуу неме экен. Айрыкча аны «өтүкчөнмышык» десе ого бетер ачууланат тура. Бала муну куу түлкүнүн кебинен байкады.
- ОхооӨтүкчөн мышык кел, төргө өт, - деп шылдыңга алды эле тигил,
- Менөтүкчөн мышык эмесмин. Мен деген кыргыз эл жомогундагы Чокчолой баатырмын – депайкырыкты салып, түлкүнү кууп калса болобу. Шумдугуң кур, ошондо анынбаатырдыгы чындап белгилүү болду. Жанатан кыйын болуп аткан карышкыр, түлкү,аюу дегендин баары дыркырап качып берди го чиркин. Дагы жакшы, биздин мастанкемпир ажыратып калды. Болбосо бүт баарын кууп жоготмок окшойт. Мастан кемпираны эптеп алдап-соолап отуруп жоошутуп, анан качанкы териден жасалган талпагынберип жылуу отургузганда гана калгандары тынчыды.
Мына так ушунугана күтүп тургансып айлана бир саам тымтырс боло калды да, кепенин эшигикулактын кужурун ала кычырай ачылып келип ичкери эки бүктөлгөн кемпир кимгедирнааразы болгондой өзүнчө кобуранып-собуранып кирип келди. Ал этек жеңишалбыраган кара чапан кийип, бир колу менен бир дагы түз жери жок ийреңдегенкупкуу таяк кармап алыптыр. Бир колу менен болсо жеңин кымыра кармап келипбетин жаап алган экен. Ал киргенде баары тең нестейе тартып, тымтырс болупотуруп калышты. Ал тургай караңгы бөлмөдө жашынып отурган баланын да үрөйү учупкетти. Анын көз алдына баягы китептерден окуган жез тумшук тууралуу коркунучтуужомок дароо элестеди. Мергенчи очокбоюнда от жагып отурса так эле ушундай бир колу менен жеңин кымтыган кемпиркелип от жээгинен орун алат эмеспи. Ошондо мергенчи ага атып алган кийигиненбир кесим эт ыргытса тигил этти шып этип илип алып караңгы түнгө сиңип кететдеп айтылат. Жүзүн жапкан колу бир саам ачыла түшкөндөн анын жезтумшук экенинбайкаган мергенчи, түнү менен аңдып жатып жезтумшукту өлтүрүптүр деп жазылган болчу ал китепте.Бирок,
бул ошол жомоктогу жез тумшук болсо, анда жомокто туура эмес жазылганокшойт.
..
Бала ушуну ойлоптурганда жанагы кирген кемпир алда немеден шектенгендей эки жагын каранды даызырына сүйлөдү.
- Булжерде адамдын жыты жыттанат го я?!
Бөлмөдө отурганбою бир карыш, сакалы миң карыш эргежээл Мыртыкыйдан баштап, күркүрөгөн аюугачейин коркконунан бүжүрөп кетенчиктей түштү. Ал тургай жанатан тополоң салыпаткан Чокчолой баатыр да көзүн жалдыратып бүрүшүп жатып берди. Ал эми Мастанкемпир болсо эмне дээрин билбей, кыйпылыктап калды. Баса, ал бирдеме деп сүйлөпда жибере жаздады окшойт. Балким, «мен бир баланы уурдап келип катып койдумэле» деп айтып да жибермек беле, ким билсин. Бирок, так ушул убакта наркы караңгыбурч жактан казан-аяк шарактап кулап, шагырап жайнап жатып калды. Ансыз дакоркуп турган жомок каармандары чочуганынан бир сыйра дүрбөлөң түшүп,жашынаарга жер таппай калды. Бечара ак куу майрык түгөйүн унутуп далбактай учтуэле, Бака баатыр кайда качаарын билбей, көзүн тостойтуп чалкасынан кулап түштү.А жанагы суйкайып сулуусунуп турган перинин кызы болсо бурчта үрпөйүп турганаюнун мойнуна бекем жабышып отуруп калды. Аюу бечара болсо көзүн бекем жумуп,лапыйган алаканы менен башын басып жатып калыптыр. Ачык турган эшиктен баягы дөөнүнкичүү баласы карап турду эле, ал өңгүрөп ыйлаган бойдон дүңкүлдөй чуркап качыпкетти.
Кыскасы, Жез тумшуктан башкасы бүт бойдон туш тарапка качабыз деп атыпаз жерден мастан кемпирдин эски кепесин кулатып койо жаздашты. Эми ого бетерачуусу келген Жез тумшук жанагы шарактаган жакты карап айкырып койо берди.
- Өлүпбараткансып казан-аякты аралап жүргөн кандай неме?!
Кепедегилердинбаары турган орундарынан карыш жылбай, титиреп туруп беришти. Баары теңкоркконунан көздөрүн жумуп алыптыр. Ал тургай кай бири сийип да жиберди окшойт.Тигине,
кайран көк жал кашабанын алдынан сапсары суу бери карай шорголоп агыпчыкты. Ушул ушунча коркуп аткан соң башкалар кантти дейсиңер? Айтпадым беле.Перинин кызы купкуу болуп эсинен танып кулап калды. Майрык бака болсо жанагычалкасынан кеткен бойдон тура элек. Ал тургай сунулган буттарын да унутупкалган окшойт. Же өлүп калганбы? Айтор, кыймылсыз жатканы жаткан.
- Кимдейм казан аякты калдыраткан?
– деп ого бетер чаңырды Жезтумшук.
Ушул кыйкырыктанкийин бир саам тымтырстык болду да кимдир бирөө ошол караңгы бурч тараптан улуп-уңшупыйлап жиберди.
- Жаагыңсынгыр куу түлкү сенсиңби? Бери кел бул жерге! – деди жез тумшук.
Бечара түлкү огобетер шолоктоп ыйлап, түпкүчтөй ийилип куушурулган бойдон кемпирдин алдынакелди.
Жез тумшук тигил жакындаары менен шап эткизе желкеден кармап жогорукөтөрдү да,
- Өөөфииий,
сасыган өлүгүңдү көрөйүн. Тим эле киши болуп кеткени калгансың го. Баягыэле кекиртегиңдин айынан элдин короосуна чейин кирип жүргөн экенсиң да э. Ошо,ким эле адам жыттанып атат десе. Бар жогол! Экинчи көзүмө көрүнбө! – деп турупкалчылдап турган түлкүнү ачык турган эшиктен сыртты карай ыргытып жиберди.Бечара аман калганына сүйүндү окшойт, ошондон нары жылт эткен бойдон жок болду.
- Сасыганакмактар.
Мен силерди адамга жолобогула деп канча айтам! – деп баарын зекидижез тумшук. – Менин адамдарга бүтпөгөн кегим бар экенин унутуп калдыңарбы же?Апамды да, агамды да аң уулап жүргөн адамдар өлтүргөнүн билбейсиңерби?
Баары теңунчукпай угуп тура беришти. Жез тумшук аларды чай кайнамдай урушуп, жержеберине жеткире тилдеди. Качан гана өзү чарчаганда бери жакта турган мастанкемпирдин сокусун оодара салып үстүнө отурду.
- Ии,мастан,
сага эмне жетпей калды бул жалганда? Же өзүңдү мага тең санап, башийгиң келбей калдыбы? – деди ал бир аз ачуусу тарагансып.
Бирок, анын какшыктайсүйлөгөнүндө дагы эле чоң коркунуч бар болчу.
- Жок,жок кокуй. Кайдагы тең санаган. Мен.. мен неме... мастан кемпир сүйлөөргө сөзүнтаппай кайсалап калды.
- Эмне мен? Эмне мен?! Сен экениңди билип атам?Мен силерге сыйкырыңарды колдонбогула.
Токойдон чыкпай, адамга жолобой тынчжашагыла деп айтпадым беле?! Же адамзат күч алып турганын, илгеркидей сыйкырменен,
алдамчылык менен аларды жеңүүгө болбой калганын унутуп койдуңбу? Азырсенин айыңан канчабыз запкы жешибиз мүмкүн, ушуну эстедиңби? - деп күчөнө кыйкырды жез тумшук. Баса, ушул учурдаЖез тумшук бетин ачып, так эле баланын маңдайында отургандыктан анын бети даанакөрүндү.
Шумугуң кур. Чын эле бети башы сапсары жездей жалтырап, көздөрүаткыйып,
тиштери арсайып турат экен. Колундагы тырмактары дагы шамшар бычактайупузун болуп, сапсары мизи көз уялта чагылышат.
- Унутканжокмун.
Унутпай калайын. Бирок мен... мен деген... – деп ого бетер айтаар кебинтаба албай кекечтенди кемпир.
- Эмнемен?
Эмне? Айтчы батыраак?
- Менэнемди табайын деп. Энемди көрүп...
- Оэнеңди урайын сенин! Адамдын арасында кайдагы энең я?! Билип койгун! Бүгүнтөнбаштап сен үчүн бул токойдо орун жок. Мен сыйкыр колдонбогула деп айттым беле?Айткам.
Болгондо да катуу эскерткем. А сен болсо аны уккан жоксуң. Эми сенинайыңдан башкалар зыян тартпашы керек. Андыктан тез арада бул жерден жоголгун!
Айтолгонго чейин жер бетинен жок болуп кет. Тигине, ай турат айга бар.Жылдыздарга бар. Жерге житип кет. Кыскасы, экинчи көрбөйүн. Эми алдыман чыкчуболсоң алдагы саксайган башыңды жулуп алам. Силер дагы угуп алгыла! Дагы биржолу эскертем. Кимде-ким илгеркидей сыйкырын колдонсо, адамзат менен байланышып,
ага ооз ачып сүйлөсө анда менден жакшылык күтпөсүн. Маа демектен башыңардыкессе да сүйлөбөгүлө.
Жолобогула!
Мамиле түзпөгүлө!
Болду, Айтаар кебим ушул. Эмесекөзүмө көрүнбөй тарагыла!
Ушунтти да Жезтумшуксулуу ордунан туруп эшикке чыгып кетти. Анын артынан эле баары тең эшикке чыгыпжок болушту. Бир заматта кепенин ичи аңгырап ээн калды. Тээ ортодо мастанкемпир гана соксоюп отуруп калды. Ал нес болгон немедей бир саам отурду да,жерге эт бети менен жыгылып өңгүрөп ыйлап жиберди.
- Энекэээ.
..– деп боздоп ыйлады ал. Кудум энеси конокко ээрчитпей жалгыз калтырып кеткен жашбаладай боздоп ыйлады. Эшиктин тешигинен баарына күбө болуп турган бала, эмианы аяй баштады. Бир маалда ордунан туруп эшикти түртүп көрдү эле эшик оңой элеачылып кетти. Көрсө Мастан кемпир мунун эшигин жанагы соку менен жөлөп бекитипкойгон тура. Аны тиги Жезтумшук нары алып отурбады беле. Ошого эшиги оңой элеачылып калыптыр. Муну мастан кемпир деле күтпөсө керек. Баланын бөлмөдөнчыкканын ал байкаган да жок. Жерге жатып алып өңгүрөп гана ыйлай берди. Баягыжомок китепти бооруна катып алган экен, бир маалда аны алып чыгып, ЭрТөштүктөгү желмогуз кемпирдин сүрөтү тартылган бетин ачып алып өпкүлөп ыйлады.Аны көрүп баланын ого бетер боору ачыды. Бир маалда ал жакындап келип,
- Болдуыйлабаңызчы,
жакшылап издесеңиз энеңизди деле тапсаңыз болот - деп жалооруйсүйлөдү.
Мастан кемпиржалт этип бурулуп карады да, кайра бетин басып алып ого бетер өңгүрөдү.
- Сенэмнени билет элең балакай? – деп өңгүрөдү ал.
Бала бир саамойлонуп турду да,
- Сизбиринчи алп кара кушту табыңыз да аны менен жер астына түшүңүз. Ал жактан жертыңшаар Маамытты таап жер тыңшатсаңыз болот. Ал сиздин энеңиз тууралуумаалыматтын баарын угуп бергенден кийин куюн Маамытты минип алып жетип барасыз.
Кемпирдиныйлаганы бир аз басаңдай түштү. Ал тургай кадимкидей токтоло калды.
- Асен ал Маамыттарды кайдан билесиң? – деди ал балага кайрылып.
- Алдагыкитепте жазылып турбайбы, - деди бала.
Мастан кемпиркитепти бир сыйра айланта карады да, кайсы жеринде дегенсип кайра баланыкарады.
- Асиз эмне окуганды билбейсизби?
Алдагы сиз ачкан бетинде жазылып турат, - дедибала.
Кемпир китептижалдырай карап шылкыйып отуруп калды. Бала эми чечкиндүү кыймылдап анын колунанкитепти алып барактай баштады.
- Энеңиздитабыш үчүн баарын башынан окуп алалы. Эмесе угуп туруңуз.
Ошентип алкемпирге Эр Төштүк жомогун баштан аяк окуп берди. Мастан дагы балага кыналаотуруп баарын кунт коюп укту.
- Ошентипалп кара кушту минип алып Эр Төштүк жер үстүнө учуп келген экен, - деп бүтүрдүбала жомогун. Албетте, жомок бүткүчө убакыт да өтүп күн батайын деп калыптыр.Бала тээ карагайлардын арасынан жылтырап көрүнүп турган күндү карады да,
- Апамдарда мени издеп атышат го, - деп башын шылкыйта үшкүрүндү.
Энесинин дайынычыкканына мастандын көңүлү аябай көтөрүлүп, тим эле бир орунга отура албайкубанып отурган болчу. Анан калса, ушунчанын баарын билип берүүгө жардам бергенбалага да аябай ыраазы болуп отурган. Бирок, минтип анын башын шылкыйтып,ыйлачудай болуп отурганына өзүн жаман сезди.
- Балакай,
эч камтама болбо. Мен сени азыр үйүңө жеткирип койом, - деди ал көңүлүкөтөрүлө.
- Чынэлеби?
Кайра жеткиресизби?
– деди ал кубанганынан ордунан ыргып туруп.
- Албеттежеткирем.
Энесинен ажырап калуу кандай жаман экенин мен аябай жакшы билем. Койотур. Мен азыр бир заматта сени жеткирип койом.
Мастан кемпирушуну айтты да күйпөлөңдөгөн бойдон үйүнө кирип кетти. Казан аягын калдыратыпжүрүп жанагы желе баскан текчесинен кандайдыр бир суюктукту алып чыкты. Ананандан жерге сээп туруп өзүнүн сыкырдуу сөздөрүн айта баштады.
- Брахман,
крахман дуба дуб,
Шамал айдап, жамгыр жууп,
Ыпыр-сыпыр чаңга айлан,
Чимирилте куюн кууп!
Ал ушуну окугансайын туш тарап алай-дүлөй ызы-чуу болуп, удургуган куюн башталды. Аңгыча элекапкара куюн ызылдап келип буларды ороп алды. Бала бу саам мурункудай коркуп,эсин жоготуп деле койгон жок. Жөн гана кемпирди бекем кучактап көзүн жумупотуруп берди. Бир маалда айлана тынчый түшкөнүнөн көзүн ачса шаардын четиндегиөзү жашаган көчөнүн башына келип калышыптыр.
Кемпир аны жерге коюп үйүн көргөздү.
- Тигинеүйүң.
Бирок, азыр жалгыз барсаң сени кайда кеттиң деп баары такышат. Андан көрөмен да барып ата-энеңди жайгарып койоюн – деди.
- Аалар сизден коркот да, - деди бала.
- Эмнегекоркмок эле?
- Эми,мастан кемпирден бизде адамдын баары эле коркот.
- Аменин мастан экенимди ким билмек эле, - деди да кемпир ага жылмая карап.
- Аа,туура айтасыз, - деп жыргап койду берки дагы. Экөө кудум чоң эне мененнебередей жетелешип алып үйдү карай келе беришти.
- Баса,
сен алп кара куш менен өнөрлүү Маамыттардын бар экенине ишенип калдыңбы? – депсуралды мастан.
- Ананчы.
Жанагы чогулгандын баары жомок китептерде жазылган. Көрсө алардын баары чынэкен. Демек Эр Төштүк дагы, алп кара куш дагы, өнөрлүү Маамыттар дагы чын.
- Туура.
Туура айтасың балакай.
- Баса,
чоң эне, а сизди жанагы сыйкырыңыз үчүн Жез тумшук урушпайбы?
- Жок,урушпайт.
Ал мага ансыз деле эң оор жаза берди. Эми урушса деле коркпойм.
Экөө ушунтипкобурашканча баланын үйүнө келишти. Атасы башын мыкчып эшиктин алдында отурганэкен.
Аңгыча ал баласын көрө коюп чуркап келип бооруна кыса көтөрдү. Кемпир бирсаам аларды карап турган соң атасына кайрылып,
- Балаңаргарахмат.
Аябай акылдуу, боорукер бала экен. Кечээ куюнда көзүм көрбөй, башымайланып өлүп кала жаздадым эле колуман жетелеп үйүмө жеткирип койду. Бирок кечболуп кеткендиктен мен аны кайра жалгыз жибергеним жок. Эми силерди ушунча сарсанаакылганым үчүн мени кечирип койгула, - деди.
- Аамакул.
Макул. Эч нерсе эмес, - деп кудуңдай сүйлөдү атасы. Бул убакта үйдөнапасы да чыгып баласына чуркады. Бирок, алар канча суранышса да мастанды үйгөкиргизе алышкан жок. Ал көчөнүн бойлоп өйдө басты да биринчи эле бурулуштанкайрылып жок болуп кетти. Аңгычаызылдаган шамал болуп, сапырылган куюн башталды. Баласы табылганына кубаныптурган ата менен эне жыргаган бойдон үйдү карай чуркады.
Бир гана баягыүйдүн чатырынан кулай жаздаган Керимбай кошуна көчөгө чуркап чыгып,
- Сыйкырчы.
Баягы мастан дагы келди, - деп кыйкыра баштады. Бирок бул жолу ага аялынанбашка эч ким көңүл бурган жок. Байкуш аялы гана артынан калбай чуркап,
- Экокуй,
кайдагы сыйкырчы. Сага суук тийип калган го. Бас үйгө, жылуураакжаткыралы, - деп чырылдап жүрдү.
(1-бөлүмдүнаягы)
Баракча 1 - 1
Мастан кемпир фантастикалык чыгарма.
#7 28 Апрель 2015 - 17:47
#8 31 Май 2015 - 00:49
Жакшы чыгарма экен,убактыныз болсо экинчи болугун да жазыныз ээ?
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
Баракча 1 - 1