- (8 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Аялымды кожоюнума тарттырып жибердим кызганычтын жеткен чеги...
#1 04 Август 2015 - 11:23
Мен уйлонгондо айылдын баары уу-дуу болуп, аялымдын сулуу экенин аныз кылып айтып бутушпой калышкан. Бул мен учун абдан чон кубаныч эле. Кездешкен байкелердин баары эле "келин бала абдан сулуу экен, издеп журуп тапкансын го, далай кыз сынынан откон окшойт ээ" деп калышчу. Инилер болсо "Женени карап алып эле келечектеги аялыбызды элестетип калдык" деп тамашалап отушчу. Келинчегимдин бою меникинен кичине узунураак болчу. Анын устуно Кудай мага он-тусту да жакшылап бербептир. Ал мага абдан жагып калгандыктан жеринин алыстыгына карабай машинага салып тоо басты кылып ала качып кеткен болчумун. Таш тушкон жеринде оор болуп отуруп калды, кайда бармак эле. Экообуздун жашообуз жаман уланган жок, кылган-эткени тын, мага жасаган мамилеси жакшы жубайым эмнегедир апама жакпай койду. Отурган жерден апам бир нерсени баштайт, мен кучумду аялыман чыгарып барк-барк этип алам. Ал узун кирпиктерин суулап алып сыртка чыгып кеткенде ичим туз куйгандай ачышып, апамдын тилинен коркуп унчуга албай отуруп калчумун. Бара-бара апамдын тилине кирип, болбосо апамдыкы туура эместигине жиним келсе да аялыман кучумду чыгарып ага кол которо баштадым. Жакшынакай келинчегим чогуп, сыртынан эч кимге сыр билгизбей жадырганаы менен мага мурункудай болбой муздай баштаганын сезип журдум. Ансайын ичип алганда эмнеге мага эркелебейсин,
эмнеге мени кучактап оппойсун деп сабап салам. Озумдун ушул жасаган иштеримди эркекке таандык, эркекчилик деп ойлочумун. Апама ал кылганым абдан жагып, аялымды катуу кармаганыма кубанып калчу. Карындаштарым,
инилерим женесине боору ооруп турса да апам экообуздон коркконунан унчуга алышчу эмес. Кээде мен ичип келгенде уйдон качып кетет, утурумдук таяк жебегени менен андан кийин мээсине чай кайнайт. Апам: "Аялын тун ичинде качып кайда барат, тан аткыча сарайда жашынып жатат дейсинби, бироо-жарымды таап алып, анысын чакырып алып жыргап жургондур, аны кайдан билесин" дегенде ичиме туз куйгандай боло тушот дагы тегеректеги эркек аттуунун баарын коз алдыман откором. Ким келинчегимди карады, ал учун аялымдын козу когорот. Азыр ойлосом ал бюайкушка жакшы эле кордукту корсоттум. Копко чыдады, балканактай уулду болдук. Уулума бир жаш болгондо аялымды айылдагы ак коз, краа коздон кызганып фермасы бар бироонун коюн багып талаага чыгып кеттим. Бала менен кыйналасынар деп уулубузду апам алып калды. баланы коргону барып калсак аны бизден кызганып жаныбызга жакын жуутпай урушат. Тоого барып, кашарда турабыз. Фермер жигит менден кичуу, аялы менен ажырашып кеткен неме болчу. кашарда коп деле болбойт, башка малдарын караганы кетет, апасы менен айылда жашайт, кээде келип-кетип турат. Аялым экообуз аякта деле конуп калгандай уруш-талашы жое жашай албай калдык. Озум кундуз кой жайып кетем дагы кечинде келип кечке чейин кайсы кошуна чабан менен конул ачтын деп аялымдын башын оорутам. Кызганыч мага конумуш болуп калган окшойт, таптакыр арыла албай койдум. Койлордун тууту башталган мезгилде кожоюнубуз сарайга такай келип, кээде кеч болуп кетсе жатып калып журду. Аялымды канча адамдан кызгандым, бирок кожоюнуман омуру кызганган эмесмин. Иш берип, акча толоп жаткан адам козумо суйкум корунуп туруп алды окшойт да. Баласына тамак жасап бергени апасы да барды. Аялым ага жардам берет, кой толдотууго да чыгат, айтор жаны тынбайт. Тиги кемпир келинчегимди мактап, жасаган тамагын айтып бутпойт. Тоодо жашаса да келинчегимдин аппак жузукарарбай,
бирди торогону менен жаш кыздай сынынан кеткен жок. Кыймылы да чапчан болчу. Адам менен бат тил табышып, ар бир адамды тушунууго аракет жасаган сапаты бар эле. Ошондуктан мага чыдап жашап журсо керек да. Айылга тушуп кетсем эки-уч кун арак ичип журуп алам, андайда менин жоктугумду билдирбей тоого кой кайтарып чыгып, кечинде айдап келип, туну менен туутту краап чыгат. Ошол учурда ал менден тажап, конулу башка адамга тушуп калган экен. Аны далайга чейин билген да, сезген да жокмун. Тункусун тошокто милдетимди аткарганымда ал тобону тиктеп эле жатып бергенине конгом. Бул жолу ар кайсы шылтоону таап жаныма жолобой калды. Чарчап жургон жаным ага деле конул бурган эмесмин. Кожоюнум болсо кетпей сарайда жашап журду, андан тартынып мен дагы аялыма мурдагыдай кол которбой калгам. мурда кирпиги томон саландап, жашы мончоктой тушкон келинчегим ыйлабай да калды.
Бир куну айылга тушсом апам айтып калды:
-Эркек сыягын барбы сенин, койнундагы катынындын эки эр менен жашап жургонун билип жатасынбы? Элдин созунон сыртка чыга албай калдым,-деди.
-Эмне болду?
-Аялын Кемел менен конулдош болуп алыптыр го?
-Ким айтты?
-Эл айтып жатат. Эл айта бербейби, Кемел куйоосу бар аялды эмне кылмак эле? Аялым озумдун эле койнумда жатат.
-Тункусун сенин койнунда болсо кундузу Кемелдин койнундадыр. Козу ойноктоп турбайбы, ал шуркуян кылат ошону.
Баарын баштан ойлоп кордум. Эл айттыбы, же апам болжолдоп туруп "уруп" койдубу, деги илинчек таба албай койдум. Баргандан кийин алардын мамилесин андып да кордум, мамилеси жое сыяктуу. Эл ушинтип айтып жатыптыр деп аялымдын козун бир когорттум.
-Эл айтты деп эмнеге мени урасын, эл келип бизди коруп жатыптырбы, же шам кармап берген бир адам бар бекен. Мен ким, Кемел ким? Ал мени краамак беле, мындай байлыгы менен он бештеги кызды албайбы. Сенин да, апандын да созунон, кордугунардан тажап кеттим. Ошол айтканын чын болуп Кемел мени карай турган болсо артка бир кылчайбай ага тийип алмакмын,-деп ого бетер ачуумду келтирди. Тан аткыча аябай сабап чыктым. Тилинен тапты да. Кудай жалгап ошол туну кожоюнум да, энеси да жок болчу. Эртен менен келишти, когоргон козун корбосун деп уйдон чыгарбай койдум эле тиги кемпир уйго кирип барганбы, коруп коюптур. Уруш эмнеден чыкканын ага айтып койгон экен, Кемел мага айтканда жети омурум жерге кирип кетти. Бирок тутана албай турган отко озум жел уйлодум беле, тилимен таап алдым. Чындап эле аялым менен Кемел мамиле кутуп алышканын кийин билдим. Анткени, аялым таптакыр эле мени жанына жуутпай, алыстап, муздак болуп кетти. Чырыбыз кобойду. Менин кызганычым бул жакта эле калды. Урушубузга Кемел аралашып, мени койчулуктан кетирмек болду. Кете турган болгон сон аялымды жур десем ойлобогон жерден ал кетпейм десе болобу.
-Сенден эмне жыргал кордум, энен экоондун жабыштырбаган адамынар калган жок. Козумон кок кеткен жок. Баарына чыдап жашасам да баркымды билбей койдун. Жадакалса бир тууганындан да кызгандын. Эми мындан ары кызганбай эле кой, мен бул жерде калам,-деди.
-Эмнеге каласын?
-Жашайм ушул жерде.
-Ким менен жашайсын?
-кемел менен...
Башыма таш тийгендей болду. Ушуну айтканга кантип оозу барды билбейм, тим эле бычактап салгым келди. Камчыны аны коздой таптай бергенимде биздин созубузду тыншап турганбы, Кемел чыга калып колуман кармап калды.
-Болду, баары бир сен башкага кетем деген аял менен жашабайсын. Экообуздун конулубуз табышты, сулуу аял алдын, бирок аны соолуттун. жадакалса суу куйганга жарабадын. Эми ал меники болот,-деди. Экоону бирдей ашата согуп туруп кетип калдым. Айылга барсам апам ого бетер албууттанып алыптыр. Уулунун башын чанып кетип жатса ага оной бекен. Болушунча аны жамандап, аягы суюк коргозду. Бирок эл деген эл экен, куноо кимден кетип жатканын таразалайт тура. Кобу эле апам экообузду куноолоп коюшту. апам жулунуп-жулкунуп Кемелдикине барды эле анын энеси:
-Балдар озу каалап жатса эмне кылайн. Ал мурда сенин келинин болсо эми менин келиним болду. Баламдын тандоосуна койдум, жашагысы келсе жашасын, келин жаман эмес, баркына жете албасан эмне кылайын. Балан да кызыл камчы неме экен, ичип алса келиндин жанын койбой сабаарын оз козум менен корбодумбу. Неберенди берем десен бер, болоксунтпой багып алабыз, жок, алып калам десен дагы оз ишин. Бирок баланын энеси ушул келин экендиги чындык,-дептир. Ызылдап-ызылдап калып калдык. Кемел менен менин аялым жарашкан жубайлар болуп калышыптыр. Фермасын остуруп, улам бир машина минип, баягы мен жаны алганда кулпурган келин эми андан дагы ачылып алган. Эгиз уул тороп берди. Чон дукон ачып иштетип жатат. Куноо озумон кетип калганын, апамдын шыкагына кирип уй-буломду бузуп алганыма окуном. Кээде ичкенде апама айтып алам, ал баары бир мойнуна албай мага таарынат. Кемел, аялым мени менен учурашып, балага эмне керек экенин, же келсе кийимин алып берейин деп суйлошуп калса деле кызганбайт. Мен болсом эчак анын козун когортмокмун. Кызганам деп журуп куру жалак калдым. Биринчи аялыма дагы деле коп адамдар суктана карашат, анын бири менмин. Кызыл гулго кол жеткизип, соолутуп алаарымда аны башка биро аздектеп алды. А мен армандамын...

#3 04 Август 2015 - 11:44
Окунучтуу....
бирок жакшы болуптур,ошону кормок -да...
Колунда бар алтындын кадырына жетпептир!
Аял деле адамго,эмне мынча кыйнайт?!
Кудай озу жазаласын жаман адамдарды!
Кудай жазасын бериптир,эми -бир омур кылган ишине окунуп отот!

#5 04 Август 2015 - 11:52
Тартырып жибербей эле. Озу кете турган кылыптыр да. Кадырлаганда кадырына жет, кийин окунуп калба дейт.
Жан дуйномо булук салып куйуктор,
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
#7 04 Август 2015 - 12:00
Сабак болчу окуя экен.Эн жакшы сапат кемчилигин түшүнө билүү.Бирок койнуңда жаткан аялыңды тарттырып ийип унчукпай чыгып кеткениңе жол болсун.
#8 04 Август 2015 - 12:02
Акын журогу,бул башындан откон окуябы?Былтыр бир тема ачтын беле?Ортомчулардын айынан суйлошкон кызындан айрылып калганынды.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#9 04 Август 2015 - 12:05
корком чыгарма окшойт...
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
Коркосунбу баштаба!
#10 04 Август 2015 - 12:08
Мындай эркектер го толтура,оз тагдырынын тушоосун кесип,тайманбастык менен Жамиладай кадам таштаган аялдар кыргыздардан аз чыгат.Биз го жактап жатабыз,келинди куноолой тургандар да табылат,шарият боюнча...
#12 04 Август 2015 - 12:17
Куноологондор чыгат бирок тушунсо болот да....
Ур-токмок менен жашаган кыйынго...
Куйоосунун ур-токмогунан майып болуп калгандарды деле окуп журобуз...
майып болуп,ден-соолугунан ажырыгандан коро ошондой кызыл камчы куйоодон ажыраган туура!
Кокус бир нерсе тушуп кетсе,же жыгылып калса канча оорутат...
ооруганына жаныбыз ачышып кететго.
а куйоосунун ур-токмогун жегендер ушундай кордукту дайым корот.
Сабырдуулуктун, чыдамдуулуктун деле чеги болот да.

#13 04 Август 2015 - 12:17
Ырас болуптур демекчимин!
Ошон учун убагында баркын билиш керек ар бир адамдын. Да жакшы ушунча чыдаптыр сага.
Билдирүүнү түзөткөн: Pantherka: 04 Август 2015 - 12:18
Сүйүүнүн өзүнчө асманы бар...
#14 04 Август 2015 - 12:19
Оз башынан откон окуя эмес болуш керек...
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь.
..
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
#15 04 Август 2015 - 12:20
#16 04 Август 2015 - 12:23
Колдо бар алтындын баркын билбепсиз да. Чындыгында сиз аялыңызды тарттырып жиберген жоксуз, сиз аны качырып жибердиңиз,
колуңуздан чыгардыңыз бактыңызды.
Сиз аялыңыздын тырмагынын учуна да тең келбеген жан экениңизди түшүнөөр бекенсиз!
Каттуу тийсе кечирим сурайм, бирок жазганга туура келди. Эркектер, силер үй-бүлөө курганда ата-эне, бир туугандарыңар менен, ошо жаман айткан эл менен жашабайсыңар,
силер аялыңар менен жашайсыңар.
Элдин сөзүнө кирип, аныгын билбей эле аялыңарды көгөртүп жатып калганыңар жарабайт!
Эркек болгулачы!
Алсыз эркек аялына кол көтөрөт.
Ак сүйүүңдөн бере турчу бир тамчы,
Жок дегенде эрин нымдап алайын.
Жок дегенде эрин нымдап алайын.
#17 04 Август 2015 - 12:40
Pantherka (04 Август 2015 - 12:20) жазган:
Аргасы барбы башкага, буга чейин кылгылыкты кылып койсо,акысы да жок да.
Туура,бирок бир аз намысы бекемирээк болгондо ушунчалыкка жеткирмек эмес.Күнөөнүн баары чечкинсиздик, өзүмчүлдүк жана обу жок кызганычта. Баары чогулуп келип аялынын да адам экендигин унутуп кордогонго себепчи болгон.Кийин башын аттагаганын да көрбөгүдөй кылып көзүн тумандатып салган.Азыр отурабы тушундум деп.Жоок,үйрөнгөн адат калмакпы азабын дагы көп тартат и дагы бир байкушка тарттырат.
#18 04 Август 2015 - 12:40
Куноонду кеч болсо да сезиптирсин,
туура эле кылган кетип не кылыш керек эле анан, балам учун деп жашаса дагы деле ур токмоктон арылбай журо бермек . Кыз баланын тагдыры оор болот туура оту менен кирип,кулу менен чыксан да башынан жактырбаган кайнене аягына чейин жактырбай кыйкым таап тура берет . Колдо бар алтындын баркы жок . Баарыбыз оз жарыбызды барктай билели.
#19 04 Август 2015 - 12:46
mega777 (04 Август 2015 - 12:40) жазган:
Туура,бирок бир аз намысы бекемирээк болгондо ушунчалыкка жеткирмек эмес.Күнөөнүн баары чечкинсиздик,
өзүмчүлдүк жана обу жок кызганычта.
Баары чогулуп келип аялынын да адам экендигин унутуп кордогонго себепчи болгон.Кийин башын аттагаганын да көрбөгүдөй кылып көзүн тумандатып салган.Азыр отурабы тушундум деп.Жоок,үйрөнгөн адат калмакпы азабын дагы көп тартат и дагы бир байкушка тарттырат.
Же окуя башынан ойдон чыгарылган , калп жон эле. Карабаса катын кетет дегендей да деле карабаса да деле тарттырат да. Анан дагы айтабыз ырас болуптур деп. ))))
Сүйүүнүн өзүнчө асманы бар...
- (8 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »