– Баса, сенин кызың канчада?
Айдана аптыгып кетти. Жөнөкөй эле суроо болгону менен, талуу жерине таш болуп тийди. Аэропортто көзүнүн жашын көл кылып, өзүнө кол булгалап ыйлап, атасынын колунан жулунуп жаткан кызы көз алдына тартыла түштү. Иман анын кирдей түшкөн кабагынан эле калпыс суроо берип алганын түшүнүп турду.
– Мен барайын, Иман агай, жылуу сөздөрүңүзгө рахмат.
– Бара гой, этият бол.
Башын жерге салып кетип бара жаткан кыздын артынан карап туруп, Иман үшкүрүп алды.“Сезим оту эмнеге алып барбайт? Экөөнө тең жаман болду. Мунусу минтип азап тартып жүрсө, тигиниси түндөй түнөрүп, кабагын ачпайт. Эмнеге келди экен? А балким, бул тагдырдыр?” Иман ушинтип ойлонуп турду.
Айдана ойго чөгүп бара жатты. Ооба, ортодон өткөн беш жыл ал үчүн жеңил болгон жок. Жакшы адамдарга жолукту. Турмушка да чыкты. Абдул экөөнүн жолукканы да өзгөчө бир жомок.
Стамбулдун үп түндөрүнүн бири эле. Думуктурган абадан улам Айдана сыртка чуркап чыкты. Отургучка отура калып эчкирип ыйлап жиберди.
Жерин сагынып, элин сагынып, жат жерде жүргөнүнө бир жаны ачышса, Рустамга болгон кусасы жүрөгүн тызылдатып,
анын баары көз жашка айланып, мөндүр болуп жаап жатты. Оо, көптөн бери бугу чыга ыйлай албай жүргөн. Кайдан ыйлайт? Жанталашып окумай, андан кийин машыгуулары менен алек болуп, анын үстүнө жатаканада чогуу жашаган кыздардан уялып ыйлай албай жүргөн.
Эчкирип ыйлап жаткан кыз кимдир бирөө каруудан алганын сезип, селт чочуду. Маңдайында тиктеп турган түрк жигитти көрүп, жактырбай жүзүн буруп кетти.
– Сизге эмне болду?- деди ал түрк тилинде.
Тигинин кичи пейил үнү ого бетер куйкасын куруштуруп,
ордунан тура калды.
– Сизге эмне керек?!
Ачуу бүрккөн кыз жигиттин жүзүнө бир карап алып, жатаканага жүгүрүп кирип кетти. Ошол боюнча көп убакыт ал жигитти көргөн эмес. Бирок кийин билсе, ал аны сыртынан багып, өзү тууралуу маалымат чогултуп жүргөн экен.
Кыз пианинодо бериле ойноп жатты. Рустамды эстегенде ушул обонду ойноо адаты эле. Сыбызгыган обон муңканып жатты. Бир кезде жаштык, кумар, бакытты тартуулачу бул обон азыр башкача чыгып жатты. Бериле ойноп жаткан кыз капысынан токтоп, ойлуу отуруп калды. Ушул учурда арт жагынан кимдир бирөөнүн жөтөлгөн үнүн угуп, чочуп кетти. Кылчайса, кабак алдынан аяй тиктеген баягы түрк жигит турат.
– Сизди баятан бери угуп турдум. Жакшы ойнойт экенсиз. Бирок мага жаккан жок. Сиздей жаш адам мындай обонду ойнобошу керек.
– Сиздин ишиңиз эмес!- Айдана кесе сүйлөдү. Жок дегенде бир саатка жалгыз болуп, эскерүүлөрү менен алышып жатканда тоскоол болгон бул жигитти жаман көрүп турду. Бирок жигит анын тоң мүнөзүн сезбегендей күлүп-жайнай берди. Ошол күндөн баштап Абдул айланчыктады да калды.
Шайыр-шатман жүргөн жигитти кийинки кездери жакын көрүп, кадимкидей караанын издеп калчу. Өзүн ээрчиген Рустамдын караанынан убактылуу болсо да кутулуу үчүн аны менен көбүрөөк убакыт өткөрчү болду.
– Жериңди сагындыңбы?
- деди бир күнү Абдул капысынан.
– Сагындым. Окуумду бүтөрүм менен Кыргызстаным кайдасың деп жолго чыгам.
– Сени ал жакта күткөн адам барбы?
Айдананын көзү муңкана түшүп, башын чайкады. Шап колдон алган Абдул кыздын көзүнө тике карап, жалдырап жиберди.
– Айдана, эгерде күткөн эч ким жок болсо, мени менен кал. Мен сени жакшы көрөм. Жок, жакшы көрүү эле эмес, жанымды бергенге даярмын. Экөөбүз үйлөнүп, бактылуу жашайбыз.
Жигит өрттөнө тиктеп турду. Анын жалынына ким болсо да туруштук бере албайт эле.
Мына ушундай болгон. Рустамды унутуу үчүн, жаңы жашоо үчүн жаңы турмушту баштаган. Алдында аны эмне күтүп турарын билбеген Айдана Абдул менен бактылуу болоруна ишенген.
ххх
Рустам кыжалаттана саатын карап алды. Күткөн адамына жини келе папкасын ары ыргытып, кофе куюлуп турган кружкасын бери ыргытып, ага да болбой демигип, бөлмөдө ары-бери баса баштады. Мындай абалда жүргөнүнө көп болду. Айдананын шаарга келгенин уккандан бери өзүнө өзү окшобой кыйналып жүрөт. Ошол учурда кирип келген катчысы аялы менен уулу келгенин айтты. Жумуш убагында дегеле келбеген аялына таң калып турду.
– Айдин, Айнура, силер кайдан?
– Сени көрүп кеткибиз келди. Анын үстүнө туулган күнүңө досторуңду чакырып койдум. Ошого камылга көрүп, базарга бара жатканбыз.
– Сен эмнеге кыйналдың? Айдоочуга эле тизмесин берип койсоң болмок.
– Жок, кыйналбайм деле. Сенин туулган күнүңө өзүм стол жасагым келди. Баса, жумушуңа каралап кеч келчү элең. Бул жолу кечикпе.
– Макул.
Уулунун маңдайынан өөп, аялына кол булгалап койгон Рустам кабинетине кирип, шалдая отуруп калды. Ал аңгыча телефону шыңгырап, кезикчү адамы да келди. Көп иштерди бүтүрдү. Бирок көңүл борборунда таптакыр башка маселе турганын сезип, эмне кыларын билбей жатты. Акыл-эси, сезими, дили Айдана деген ысымга умтулуп, ошол адамды көрүү жашоодогу максатына айлангандай сезилип жатты. «Жолуктум дейли. Анан токтоно аламбы? Көрө электе эле ушунчалык чабалактап жатам. Көргөндөн кийин андан баш тарта албай калсам эмне болот? Жок, бул жолу чын эле баш тарта албайм. Андан көрө көрбөй койгонум оң. А кантип чыдайм? Же ал кеткенче үй-бүлөмдү алып бир жакка кетип калсамбы?»
Ушинтип чабалактап жатып, канча убакыт өткөнүн билбейт. Бир маалда аялы телефон чалып калды.
– Рустам, коноктор келишти. Жалгыз сени күтүп калдык. Качан келесиң?
– Кайсы коноктор?-деп алып Рустам шашып кетти.
– Аа, бүгүн конок келерин унутуп калган экем. Кечирип кой. Азыр чыкканы жатам.
Ордунан тез туруп, сыртка бет алды. Үйүнө жакындаганда эле коноктордун бакылдаган үндөрү угулду. Босогону аттаган Рустамдын алдынан тосуп чыккан уулу болду. Адатынча эркелетип, жерге түшүрүп өйдө карай берген Рустам турган ордунда катып калды. Алдында жалооруй жылмайган Айдана турган эле. «Жок, ал болушу мүмкүн эмес. Балким, окшош бирөөдүр».Көзүн ачып-жуумп кайра караган Рустам көргөн көзүнө ишене албай калтырап кетти. Ооба, алдындагы чачы тыкан жасалган, жарашыктуу боёнгон, модалуу кийинген келин анын качанкы жоготкон сүйүүсү – Айдана болчу.
– Сенби?
Бири-биринен көзүн албай турушту. “Кантип эле ушундай болсун?” деп жатты Рустам дагы деле ишене албай.
– Сенби?
– Менмин, Айданамын. Кандайсың, Рустам?
Жай сүйлөп, жылмайганга аракет кылганы менен, көзүнөн жаштар мөлтүрөп бара жатты.
– Ата, бул ким?
Сезимтал бала экөөнүн ортосунда кандай сезимдер алпурушуп жатканын сезгендей сурады. Жашын жута жылмайган Айдана баланын башынан сылап койду. Ушул учурда өзүнөн көзү өтүп турган аялын көргөн Рустам боюн түзөй коноктор жакка өттү.
Апасы алдынан чыгып маңдайынан өпкөнүн да, атасынын колун кыса жүзүнө табышмактуу тигилгенин да сезген жок. Куттуктоолорго башын ийкеп, жылмайып турганы менен, башы дүңгүрөп, эмне кылып жатканын сезип да, сезбей да турду. Бир билгени, муңайым жылмайган Айдана үйүндө конок болуп отурганы. “Үй-бүлөсү менен келди бекен? Аны ким чакырды? Кубан оңбогур чакырган окшойт. Жок дегенде, мага айтып койбойт беле? А Айдана? Чакырса эле жетип келгендей жеңил баа адам эмес болчу. Кандайча келип калды?” Суроолор көөдөнүн тешип чыкчудай сезилип жатты. Айнуранын кабагын байкаса, эч нерсе болбогондой жайдары, жаркылдап коноктор менен сүйлөшүп жатты. “Өх-х, ушуга да шүгүр” деп алды ичинен.
– Ой, сен эмне болуп калгансың? Алың-келиңге деле жарабай. Жумуш деп жүрүп, коноктун кадырын деле унутуп калсаң керек. Төрдүн үстүнөн орун алып, отуруп калганы эмнеси? Ай, аяш, деги сен Рустамды жаман үйрөттүң. Жалаң эле даярга тап болуп калды бул.
Кубан досу ушинтип бакылдап калды. Ууртунан жылмайган Рустам ошондо гана ордунан козголуп, конокторду айланта карап алды.
– Кечирип койгула. Жумушта кармалып калдым. Кубан чын айтат. Айнурага баарын ишенип, көнүп калдым окшойт.
– Келгиле, тамакка карагыла...- деди Айнура жылмая. Чакырылган коноктордун арасында Рустамдын мурунку достору, Имандын кесиптештери да бар эле. Алар да Айдананын конокко келгенине таң кала карап турушту.
– Баса, Айдана, сен чет жерден келдиң. Жаңылыктардан айта отурбайсыңбы.
..
– Эмнесин айтайын, Иман агай. Ал жактан жакшы билимге ээ болдум. Өзүм окуган окуу жайга алып калабыз дешти эле, макул болбодум. Өзүмдүн жолум менен кетким келди.
– Ырас кылгансың. Сендей кадрлар азыр бизге да керек. Өз элиңе кызмат кылууну каалаганың жакшы.
Аста башын ийкеген Айдана алдында отурган Рустамдын уулунун чачынан сылай берди. Айдин өзү да жугумдуу, жагымдуу бала болчу. Эч кимден сурап койбой, Айдананын тизесине келип эбак эле жайгашып алган. Анын колундагы шакектерин сылап, көзүн күлүңдөтүп койду.
– Айтчы, атың ким?
– Айдана.
– Сен кимдин досусуң? Апамдынбы же атамдынбы?
Кысыла түшкөн Айдана конокторду карап жылмайып койду.
– Мен сенин досуңмун. Айтчы, мага дос болосуңбу?
– Кичине балдар менен деле достошо бересиңби?
– Ооба.
– Кел анда, чыпалак алышып достошолу.
Баланын сөзүнө күлүп калышты. Конок күтүү өз нугунда өтүп жатты. Билген адамга үч адамдын жүрөгү дирилдеп, ааламы айланып, алаканына түшүп жатты.
“Кандай бактылуу үй-бүлө?.. Баласынын көздөрү Рустамга ушунчалык окшош экен. Бирок Рустамдыкындай эмес, күлүңдөп, бакыттын, шаттыктын баарын катып алгандай көздөр. Ушул көздөр үчүн баарынан баш тартканга болот. Атүгүл сүйүүдөн да. Эми мен баарын түшүндүм, жаным. Сенин курмандыгыңдын баасын түшүндүм. Сенин ордуңда мен болгондо...” Айдананын ойлору шурудай төгүлүп жатты. Ушул учурда Айнура да өзүн тиктеп турганын сезди. Эч жектебей, кызганбай, жөн гана кызыгуу менен тиктеп турган көздөр эле. Айдана да көзүн ала качпай, түз тиктеди. Эки аял тең үн катпай, көздөрү шерттешип, бекемдешип жатышкандай болду.
Акыры коноктор да тарады. Баласын жаткырып коюп, Рустам ары-бери баса берди. Сыртта үйүн жыйнап жүргөн аялынын кадамын угуп жатты. Чыдай албай, сыртка чыкты.
– Чарчадыңбы?
- деди Айнуранын маңдайынан сылап. Өмүрүндө мындай назик мамилени күтпөгөн Айнуранын жүрөгү булкуп кетти. Көзүн бакырайта ачып, Рустамды тиктеп калды.
– Жок, чарчаган жокмун.
– Эмнеге чакырдың аны?
– Кимди?
– Билип эле турбайсыңбы сөз ким жөнүндө болуп жатканын...
Айнура колундагы чүпүрөгүн таштап, креслого отура кетти. Рустамдын көздөрүнө тике карады.
– Экөөңдүн тең абалыңды көргүм келди. Биринчи жолу жолукканда кандай абалда болоруңар кызыктырды.
Башыңды жоготтурган сүйүүңөрдү мезгил жеңдиби же силер мезгилди жеңдиңерби билгим келди.
– Анан?- үнү титиреп кеткенин жашырган Рустам башын чулгуп алды.
Айнура күйөөсүн аяп карап турду. “Байкушум, эмнени жашырасың? Көкүрөгүң өрт болуп күйүп кеткенин мени байкабай калды деп ойлоп жатасыңбы? Башынан эле ушундай болорун билгенде...”
Ошол түндү экөө тең уктабай өткөрүштү. Беш жылдык жашоосундагы жыргалы да, азабы да көз алдынан өтүп жатты. Жашырганда не, Рустам идеалдуу күйөө болду. Тапканы, бакканы бул жакта турсун, баласына өзгөчө камкор ата болду. Айнуранын каалаганын кылат. Ар бир майрамда белек сатып берет. Сыртынан караганда баары жакшы, идеалдуу. Бирок аялдык туюм менен күйөөсүнүн бактысыздыгын туяр эле. Ар бир саат, ар бир мүнөттө да анын жүрөгү башканыкы экенин унута албады. Экөө жалгыз калганда бир да жолу сыр чечишип, эзилише сүйлөшпөдү.
Кээ бир түндөрү уйкудан чочуп ойгончу. Жанында жаткан Рустамдын орду бош калганын сезип, жүрөгү опколжуй түшчү. Эсине келип, келе электе бөлмөлөрдүн биринен муңканган кыл кыяктын үнүн угар эле. Ушунчалык сыздаган обондун кайрыгында сагыныч, куса, орду толгус жоготуу жатканын туйчу. Андай убакта жаздыгын жашы менен суулап, түндү уктабай өткөрчү. Мындай учурда баарына кайыл болуп, алыска кеткен Айдананы кайдан болсо да таап келип, “ме, муңканганың эле ушул болсо, алып тын” деп айткысы келчү. Мындай учурлар өтүп кеткенден кийин кайрадан таразанын ташы баласы жана өзү жакка оодарылып, кийинкисинен үмүт кылып жашап келди. Дагы деле жашай бермек. Бирок...
Айнура оор улутунуп алды. Ушул учурда бактылуу балалык күндөрүнө, бейкапар жаштыгына кайрылгысы келди. Оо, анда аалам жалаң Айнура деген кыз үчүн жаралып калгандай эле. Көзүн караган ата-энеси, агасынын жанынан өмүрү чыкпайм деп ойлогон балалык кыялында. Кайдан? Жашоо эрке кызга тез эле нокто салып, бир паста жоошутту да койду.
Сүйүү сонатасы.
#21 16 Октябрь 2015 - 13:39
Мени жаман көргөндөрдү,
мен жаман көргөнгө убактым жок! Анткени мен, мени жакшы көргөндөр менен гана алекмин!
#22 16 Октябрь 2015 - 13:42
Талант кайсы жерде болсо да катылбайт эмеспи. Айдананын элине кайтып келиши көптөрдү кубантып, ал өзүн чексиз бактылуу сезип жүрдү. Өзүн эстеген, ырларын сагынган күйөрмандары бар экенин билгенден улам кубанычы койнуна батпай жатты. Кезектеги басылмалардын бирине интервью берип жатып, өзү да күтпөгөн окуяга туш болду. Столдун үстүндө Рустам экөө ырдап жүргөндөгү сүрөттөр жаткан эле. Абайлай колуна алды. Экөөнүн тең көздөрүнөн шаттык төгүлүп, кучакташып турган сүрөттөр экен. Биринчи жолу көрүп жаткансып көпкө тиктеп калганын журналист кыз да байкап калды.
– Сиздерди биринчи көргөндө түгөйлөр деп ойлочу элек. Сахнада бири-бириңерге жарашып турчусуңар. Рустам агайдын аялы, баласы бар экенин, сиздин түрк жигитке турмушка чыгып, кыздуу болгонуңузду кийин билдим.
– Ооба, биздин турмушубуз эки башка. Ыр дүйнөсүндө экөөбүз бири-бирибизди жакшы түшүнчүбүз. Ошондуктан ырларыбыз эл жүрөгүндө сакталса керек.
– Рустам Исаевдин ырларын азыркыга чейин сүйүп уккандар да бар. Анын музыканы таштап кетишине эмне себеп болду?
– Аны Рустамдын өзүнөн сурашыңар керек го. Ачыгын айтсам, мен бул тууралуу билбейт экем.
Суроолор... Суроолор... Канчадан бери өзү жообун таба албай жүргөн суроолорду бергенде Айдананын ойлору таруудай чачылып, шаштысы кете түштү.
– Кантсе да таланттуу адамдын орду унутулбасын түшүндүм. Бирок Рустам сахна менен биротоло кош айтышты деп бүтүм чыгарбай коё туралы. Балким, баарыбызды сүйүндүрүп кайтып келер.
– Азырынча сиздин кайтканыңызга сүйүнүп туралы.
Журналист кыз жагымдуу жылмайып алды.
Мекенине кайткандан кийин Айдана жерин катуу сагынганын туйду. Эки билегин түрүнүп, күнү-түнү катуу иштеп жатты. Иштебегенге аргасы да жок эле. Бир аз убакытка эле иштебей койсо, кызын, Абдулду ойлоп туюкка кептелчү.
Ушул күндөрдүн биринде ага күтүүсүз телефон чалынды.
– Алло.
– Кандайсың? Бүгүн убактың болсо кезигели деп ойлодум эле...
– Кайсы жерден?
– Сейил бакта бизге эч ким тоскоол болбосо керек. Ошол жерге барайын...
– Макул.
Телефонду койгон Айдана бир саамга ойлоно калды. “Үнү негедир чарчаңкы... Неге көргүсү келип калды экен?”
ххх
Иман ордунан чарчаңкы козголуп, көз айнегин издеди.
– Чоң ата, көз айнегиңди издеп жатасыңбы? Мынакей...
Айдин чуркап келип, текчеде турган көз айнекти алып, чоң атасына сунду.
– Тентегим, эми менин көзүм сен болосуң. Чоң атаң эми карый баштайт. Анан мени жетелеп жүрөсүң.
– Жетелеп бакчага алып барам, ээ?
Иман наристенин сөзүнө жыргап күлүп калды. Эшиктен кирип келген Айша мээримдүү жылмайды.
– Чоң атасы менен небереси эмне кылып жатышат? Тим эле күлкүлөрү таш жарат го. Келгиле, чай ичкиле.
Ойноок бала курсагын тойгузуп алып чуркап кетти. Айша оор үшкүрүп алды.
– Ии, эмне болду сага?
– Рустамдан санаам тынчыбай жатат. Негедир өңүнөн азып, арыктап кетиптир. Анан калса өлөр-тирилерине карабай катуу иштейт эмеспи. Кичине ден соолугуна караса боло.
– Менин оюмча, келиниң арыктап, өңүнөн кетип калгандай. Анын үстүнө Айдананын келиши экөөнүн мамилесине жарака кетирбесе болду. Бирок келиниң азамат, сыр билгизбей зымпыйып койду. Айданага деле жеңил эмес. Ийненин үстүндө отургансып араң отурду курган кыз. Турмушка чыгыптыр. Эми жаранын картын кайра сыйрыбай өз турмушу менен эле болсо болмок. Эми кандай болот деп менин да акылым айран.
– Койчу, Иман, Айдана келе электе эле экөө май-көл, сүт-көл болуп жашап жатышкансыйсың да. Жаңылыштыкты биз тээ башынан кетирдик. Экөөнү ажыратпаш керек болчу.
– А баланы кантет элең? Эгерде ошондой курмандыкка барбаса, Айдин азыр экөөбүздүн маңдайыбызда болот беле?..
Ата-эне сөздөрүн уланта албай отуруп калышты. Ооба, чындыгында, уулу да, келини да бактысыз экенин тымызын сезишип, ошого көңүл бөксөрүп, коомайланып турушчу. Көпкө ушинтип отурушту.
– Чоң ата, чоң апа, мени карагылачы.
Сырттан шаңдуу чыккан наристенин үнү экөөнү тең ойготуп жибергендей жүздөрү шаттана сыртка обдулушту.
ххх
Күздүн мээримдүү күндөрүнүн бири эле. Таман алдындагы жалбырактарды абайлай баскан Айдана өзүн күтүп турган караанды көрөрү менен ылдамдай басты. Сиз таң калбаңыз, окурман.
Айдананы күткөн караан Рустамдын аялы Айнура эле. Тагдырдын тамашасы менен экөө минтип жолугууга да аргасыз болчу. Жука пальто кийип, өңү кер сары болгон Айнура Айдананы беттеп басты.
– Кызык, ушул бакта сейилдегенди жакшы көрчү элем. Азыр акыркы жолу качан келгенимди да унутуп коюпмун,- деди Айнура теребелди кусалуу тиктеп.
– Билесиңби, Түркияда жүргөндө Кыргызстандагы ушундай күздү, ушинтип отурганымды элестетип, аябай бактылуу болор элем. Түшүмө да көп кирчү. Балким, башка адам көнүп кетсе керек. Бирок мен шорума көрүнүп, көнө албай койдум. Кумдуу жээги, көгүлтүр асманы, думуктурган абасы, деги эле бардык нерсеси мага жат сезиле берди. Эч көнө албай койдум. Көкүрөгүмдөгү сагынычты жашырып канча жүрдүм? Сенин катыңды алгандан кийин Кыргызстан деп дегдедим да калдым. Баары бир келбесем болчудай эмес. Келе жатып, сүйүнгөнүмдү айтпа.
Айнура жылмайып койду.
– А мен сени мени аягандан келди деп ойлоп жүрбөйүмбү. ..
Айдана оор үшкүрүп алды. Экөө бир топко чейин унчукпай калышты.
– Рустамга жолуктуңбу?
– Жок, жолуга элекмин.
– Жолугушуң керек. Ал сени күтүп жүрөт.
– Күтсө чалат эле го. Негедир аябай өзгөрүлүп кеткендей.
– Өзү чалганга адамгерчилиги жол бербейт.
Айдана Айнураны жалт карап, башын чайкап алды.
– Балким, суроом орунсуз сезилер. Бирок эмне үчүн мен?
– Анткени окуянын баары сенден башталган. Эгерде сен Рустамдын жүрөгүндө жашабасаң, мен мынчалык кыйналбайт элем. Башында катуу кызганчумун. Сенин ордуңду ээлеш үчүн эмнеге гана барган жокмун?! Акыры жеңилип бердим.
Айдана анын купкуу жүзүн тиктеп, эмне дээрин билбей турду.
– Мен...
– Эч нерсе деп айтпа. Мага сенин аянычыңдын же актанууңдун кереги жок. Демек, тагдыр ушундай экен. Билесиңби, мен өзүмдүн тагдырым менен жашабагандай сезиле берчү. Кимдир бирөөнүн тагдырын, жашоосун карызга алгандай сезим жанымды кыйнай берди. Эми... Эми сен өзүңдүн ордуңа кайтып келишиң керек. Бирок мен сага Рустамды гана эмес, баламды да таштап кеткенге аргасызмын.
– Суранам, антип айтпачы.
– Кызык, мындай болору экөөбүздүн тең түшүбүзгө кирбесе керек, ээ?
Айдана көз жашын төгүп ыйлап жатты. Айнура аны таң кала тиктеп алды.
– Сен эмнеге ыйлап жатасың?
– Билбейм...
– Билесиңби, Рустам сени эмнеге катуу сүйөрүн түшүнө алчу эмес элем. “Эмнеси менден жогору, эмнеси менен мынчалык байлап алды?” деп көп ойлончумун. Азыр анын сүйүүсүн түшүнүп турам. Анткени экөөң тең өзгөчө адамгерчиликтүү, адамдык милдетти ыйык койгон адамсыңар. Силер өлсөңөр өлөсүңөр, бирок принцибиңерден, адамгерчиликтин жолунан тая албайсыңар. А мен андай эмесмин. Мен баарын өзүмдүн пайдама чечем. Өзүмчүлмүн. Мээрим бере албаганым менен, мээримди ашыкча талап кылам. Азыр да сени өз пайдама пайдаланып жатам. Сен аны сезип турасың. Сезгениң менен, менин сунушумдан баш тарта албайсың.
Айдана ыйлап жатты. Ал көп нерсеге ыйлады. Рустамга, анын баласына, өзүнүн көзү бакырайган кызына, өзүнөн сүйүү күтүп үмүтүн үзбөй келген күйөөсүнө, алтургай маңдайында турган Айнуранын абалына ыйлады. Бардыгын айлан-көчөк кылып чырмаштырып койгон тагдырына таарынып ыйлады. Айнура аны тиктеп отура берди. Ал чындыгында эле күчтүү аял болчу. Күчтүүлүгү бул жакта турсун алдын ойлоп, ар бир кадамын санап, кадам шилтеген акылдуу болчу. Мына, Айнура ушундай жан эле.
ххх
Көз байланып калган учур. Машинасынан түшпөй кыжалаттанып отурган Рустам Айдананын караанын издеп жатты. Күндө студиясынан ушул маалда чыгып кетерин билет. Күндө ушинтип жалдырап отуруп, кантип чыгып, кантип машинасын айдап кеткенге чейин байкайт да, алдынан тосо чыгып бир нерсе айтканга даабайт. Көз ирмем караанын көрүп алганына жаш балача сүйүнүп, делөөрүп алып үйүнө кетет. Өзүнүн жоругуна өзү күлкүсү келип, башын кашып алмайы да бар. Бирок айласы канча? Келбей койгонго жүрөгү түтпөйт. Алдынан тосуп чыгып сүйлөшүүгө эрки жетпейт. Ошентип, башы маң болуп жүргөн учуру. Жолукканда сезими дүрт этип алды-аркасын каратпай шаштысын аларын сезип, ошол чоң күчтөн коркуп, даай албай жүрөт.
Бул жолу да ушинтип отурган боюнча, балким, кайтып кетмек. Адаттагыдай эле таканын тыкылдаган дабышы өзүнүн машинасынын жанынан өтүп бараткан.
Жүрөгү кошо дүкүлдөгөн Рустам эрксизден машинасынын сигналын басып-басып алды. Селт чочуган Айдана эсин жыйып-жыя электе машинадан ыргып чыкты.
– Сенби?
– Кечирип кой, коркутайын деген эмесмин. Жаш баладай болуп...
Эмне кыларын билбей бир кызарып, бир бозоргон Рустамдын абалы боор ооругудай эле. Айдана күлүп жиберди. Айдананын күлкүсү өзгөчө эле. «Ошол боюнча эле калган экен. Таптаза, жаш баланыкындай шыңгыр, жүрөктөн чыккан күлкү...» Рустамдын жүрөгү элжиреп кетти. Азыр шарт колдон ала алыска, алыска алып жөнөгүсү келди.
– Күндө эле ушул машина кечке маал пайда болуп калганына таң калып жүрчүмүн. Көрсө, сен экенсиң да...
– Даай албай жүрдүм. Бүгүн да өтүп кетмекчи болгонуңда кантип сигналды басып алганымды билбей калдым.
Айдана колун чапкылап, так секирип сүйүнүп алды. Бул жоругуна ошол замат уялып кетти.
– Карасаң, мен байкуш катуу сүйүнүп алганымды.
– Айдана, жүрү кеттик.
– Кайда?
Чын эле кайда? Азыр го кол кармашып кетип кала алышат. Анан кийинчи? Мурун жүрөгүн катуу оорутуп, ара жолдо калтырган. Эми да ушинтеби?
Рустам карбаластап кетти. Кабагын жарк эттирген Айдана машинасын бекитип келип, Рустамдын машинасына отура калды.
– Мен келгенден бери эч кайда бара элекмин. Балким, ресторанга чакырасың. Курсагым аябай ачып турат.
Аз убакыт өткөндөн кийин эле экөө жакшынакай кафелердин биринде отурушту. Оо, Айдана көптөн бери мындай тамак иче элек эле. Жалгыз башына эч нерсе жасагысы келбей, эптеп курсакты тойгузумуш болуп жатып калчу. Рустам аны жылмайып тиктеп турду.
– Тамак жегениң баягыдай эле экен.
– Кандай?
– Алдыңдагы тамакты бирөө тартып кете тургандай тез жечү элең го... А мен сага “болду эми, эл көрсө уят. Дагы толтура заказ кылабыз, шашпай же” дей берип койдура албай койгом.
– Дагы эмнем өзгөрүлбөптүр?
– Күлкүң, үнүң, көздөрүң... Баягыдай ишенчээк, жумшак, мээримдүү көздөр...
Айдана Рустамга тигилип турду. Ушул көз карашта сөз менен айтып бере алгыс куса, сүйүү бар эле. “Сагындым, ушунчалык сагындым. Ушинтип көздөрүңдү тиктеп отурган учур болбойт го деп ойлогом. Баары бүттү, эми артка кайтыш жок дегем. Ошого өзүмдү зордоп көндүргөм. Бирок болбойт экен. Балким, Айнура айткандай, алсыз, намыссыз жандырмын. Карачы, убагында сен төрөлө элек балаңдан баш тарта албадың эле. А мен тили чыгып “апалап” калган кызымдан баш тартып, сага келе бердим. Сени бир көрүү үчүн! Сенин көздөрүңдү бир тиктеп алуу үчүн... Бул үчүн мени тагдыр катуу жазалашы мүмкүн”.
– Мен өзгөрүпмүнбү?
– Ооба, галстук тагынганды жаман көрчүсүң. Эми дайым тагынып калыпсың.
Экөө тең күлүп алышты. Көпкө отурушту. Өткөн-кеткенди, чогуу өткөргөн күндөрүн, күлкүлүү жоруктарын эстешти. Бирок беш жылдык убакытта эмне болгонун, кандай жашоону башынан өткөргөнүн бири-биринен сураганга даай албай турушту. Сөздөрү бүткөндө тек гана тиктешип отура беришти. Анда-санда жылмайып коюп бири-бирин тиктеп отурган экөөнү көрүп, официанттар да өз ара күбүрөшө башташты.
– Эмнеге эле тааныш көрүнүп жатат дейм да. Бул деген Рустам Исаев менен Айдана деген ырчы кыз эмеспи.
– Койчу, ошолорбу?
– Ошолор. Бир кезде экөөнүн ырлары аябай хит болгонун билесиңерби? Азыр деле радиолордон берилип калат го. Сонун ырлар болчу.

#23 16 Октябрь 2015 - 13:45
Бир тартылуу кыйнап жатты экөөнү тең. Кафеден чыгып, Айдананын үйүнө келгенине көп убакыт өткөнү менен, үнсүз, сөзсүз отура беришти. Рустам “калып калайынбы?” деп айта албайт. Айдана “үйгө киресиңби?” деп сурана албады. Же экөө тең кош деп басып кетишке эрки жетпей, чайналып отура беришти. Алыскы жылдыздарды тиктеген Айдана оор улутунуп алып Рустамга тике карады. Өрттөнө тигилип турган каректерден көзүн ала кача акырын үн катты.
– Эми бар... Үйүңдөгүлөр күтүп жаткандыр...
– А сенчи?
– Эмне мен? Мен да үйүмө кирем. Өкүнүчтүүсү, мени күткөн адамдар жок. Бирок эч нерсе эмес. Билесиң го, мен күчтүүмүн. Көп нерсени көтөрө алам. Сага жакшы болсо болду. Сен бактылуу болсоң болду. Мен...
Үнү солк этпегени менен, көзүнөн жаштар тоголонуп бара жатты. Рустам мындан ары чыдай албайт эле. Айдананын мөлтүрөп бара жаткан жаштарын өөп токтотту. Ушуну эле күтүп тургансып, келиндин дирилдеген эриндери эрдине жабыша калды. Оо, канча жылдан бери чогулган эңсөө, куса көз жаш менен жуулуп, жүрөктөргө бейпилдик, жылуулук таратып жатты.
Эртең менен көзүн ачкан Рустам каруусунда уктап жаткан Айдананы көпкө тиктеп турду. Акырын чачтарын сылап койду. Көздөрүн ачып, мойнуна асыла берген Айдана бактылуу жылмайып алды.
– Ойгондуңбу?
– Айка, беш жылдын ичинде биринчи жолу бактылуу болуп ойгондум. Жүрөгүм аңгырап ойгончумун. Бүгүн көзүмдү ачып эле сени карап, жанымда жатканыңды көрүп, бактылуу экенимди туйдум. Тим эле бөжөйүп, жабышып жатып алыпсың. Ичим ысып кетти.
Бактылуу эле алар. Ошондуктан эч нерсени ойлогулары келишпеди. Чай ичип алып үйдөн чыккан Рустам машинасына отурганда гана үй-бүлөсүн ойлоду. Көзүн жайнатып, атасы келмейинче уктабай отура берчү уулун эстеди. “Айнура түнү тынчсызданып, уктабай чыккандыр? Кызык, эмнеге мага телефон чалбады экен?” Машинасын тиктеп, кол булгалап турган Айдананы көргөндө кайрадан бардыгы эстен чыкты.
– Болду эми, үшүйсүң! Үйгө кир,- деди Айдананын телефонуна чалып.
– Үшүбөйм.
– Азыр кирип кетпесең, кайра жаныңа барам.
– Жинди...
Айдана күлүңдөй кол булгалап коюп кирип кетти. Рустам ал күнү да үйүнө барган жок. Кимдир бирөө байлап койгонсуп Айдананын жанынан кете албай, сүйлөшүп сөздөр, күлүп күлкүлөрү түгөнбөй жатты. Кийинки күнү да бардыгына көз жумду.
ххх
– Ата! Атам кайда?- улам сураган уулун тынчтандыра албай Айнура убара. Чын эле уулу атасына өзгөчө жакын эле. Бир күн көрбөй калса кусаланып, көздөрү алайып кете турган. Эки күндөн бери үйгө келбеген Рустамга эми чындап кабатырлана баштады. Бирок телефон чалып сураганга негедир батына албай турду. Телефонду ордуна коюп, уулунун жанына келсе, кичине көзү илине түшкөн экен. Ойлуу терезени тиктеп тура берди. Күйөөсү кайда жүргөнүн, эмне кылып жүргөнүн ички туюму менен сезип жатты. Кызыгы, мурункудай кызганычты сезген жок. Кайра ийининен оор жүктү алып салгандай жеңилдикти, эркиндикти сезди. Ооба, азыр өзүн кыйнаган сезимдерден эркин эле. “Кызык, менин жалбырттаган сүйүүм Рустамдын муздактыгынан музга айланып кетти окшобойбу. Ал мага таптакыр ачылбады. Анын сезимин ээлейм деп жүрүп, алым куруган экен. Азыр түшүнүп турам. Мындан ары кантип жашашым керек?” Эми гана Рустамга болгон сүйүүсү таптакыр өчкөнүн туйду. Так ушул учурда Рустамдын машинасы келип токтогонун эшитти. Бирок ал көпкө кирбей жүрдү. Короо-жайын карамыш болуп, машинасын чукулап, убакытты созо берди. Эки күн үйгө келбей, азыр эмне шылтоо айтышты билбей жатты.
Ушинтип бушайман болуп жатканда Айнура сыртка чыгып маңдайына келди.
– Кандайсың? Айдин ооруп калды. Үйгө тезирээк кирчи,- деди супсак гана. Рустам ылдам баса уулунун бөлмөсүнө кирип барды. “Аталап” жаткан уулун бооруна кыса салды.
– Балам, сага эмне болду?
– Ата, сен келдиңби?
– Тентек десе, мен кайда кетет элем? Мени сагынып ооруп калдыңбы?
Күлүңдөгөн уулунун көздөрүнөн өөп, кучагына кыскан Рустам жанында турган аялына баш көтөрө албай жатты. “Качан суроо берет?” деп турганы менен, аялы негедир таптакыр ооз ачкан жок.
ххх
Концертке даярданып жаткан Айдана акыркы учурларда катуу чарчады. Үргүлөп отурган ал телефондун үнүнөн улам көзүн ача салды. Күйөөсү Абдул чалып жаткан эле. Ошол замат кызы оюна келип, үрөйү уча түштү.
– Алло?
– Айдана, кандайсың?- Абдул кадимкисиндей токтоо үн менен.
– Кызым кандай? Ооруп калган жокпу?
Айдананын телефон кармаган колу калтырап кетти.
– Баары жакшы. Айсу сага салам айтып жатат. Биз жакында Кыргызстанга баралык деп чечтик. Кыскасы, тосуп ал.
– Кандайча? Неге келесиң?
– Барганда сүйлөшөбүз.
Телефон коюлду. Аң-таң болгон Айдана отуруп калды. Кулагына күйөөсү экөөнүн акыркы сөздөрү жаңырды.
– Кетпейсиң, мен сени эч кайда жибербейм!
Кийимдерин чемоданга салып жаткан Айдананы колдон алган Абдул ушинтип кыйкырып жиберди.
– Айтчы, эмнеге кетесиң? Жакшынакай жашап жүрүп эле басып кетиш кажетпи? Токточу, өзүңө келчи.
– Абдул, сен мага айткансың. “Жүрөгүң качан кааласа, туулган жериңе кеткенге шарт түзүп берем” дегенсиң. Мен кыйналып кеттим. Жериме, элиме баргым келет. Канча болду деги?
– А бизчи?
– Мен сага баарын айткам. Жашырган эмесмин. Сенден мурун жашоомдо бир адам болгонун, аны унутуш үчүн атам тааныбаган жерге качып кетишке туура келгенин айтып бергем. Эми ошол адамга менин жардамым керек. Коё бер мени! Мен сени билем, өтө намыскөй адамсың. Бул сөздөн кийин мени чындап жек көрүп каласың. Экөөбүздүн жашообуз болбойт!
Көзүнө кан толо түшкөн Абдул жаакка тартып жиберген. Кайра жулкуп ордунан тургузуп туруп, эгер кетсе эч качан кызын көрө албасын айткан. Эми эмнеге келгени жатат? Келишкис болуп бөлүнүшпөдү беле? Айдана оюн жыйынтыктай албай жатты. Бир эсе кызын көрөрүн ойлоп, аябай сүйүнүп кетти. Абдул өзү менен кошо кандай сюрприздерди алып келе жатканын али биле элек болчу.
Ошентип, Айдананын көптөн күткөн күнү да келди. Бүгүнкүдөй төгүлүп, толкуп ырдаган эместир. Концерт залына толгон эл анын авазына арбалып, мукам ыргакка ыргалып отурушту. Жүрөгүндөгү эчен жыл бою толкуган эргүүсүн төгүп жатты Айдана. Ушул мүнөттөрдө сахнанын ыйык күчүн, рахатын сезип турду.
Акыркы ырынын аягында алып баруучу кыздын жылмайып өзүн чакырганын сезди. Анан сахнанын аркасына өтүп, кыл кыягын кармап, өзүнө жылмайып турган Рустамды көрдү.
– Сен... Келдиңби?
– Концертке келген эл канча убакыт болсо да кеткилери келбей турганын сездиңби? Алар экөөбүздүн ырыбызды күтүп жатышат.
– Ах, Рустам!
– Бул күнү сенин бактыңды жарты кыла албайм!
Экөөнүн сөзүн угуп турган алып баруучу күлүңдөй берди.
– Демек, “Жигит ыры”!
Кол кармаша чыга келген экөөнү көрүп, эл дагы дүргүп алды. Микрофонду колуна кармаган экөөнүн колдору эле эмес, жүрөктөрү да дирилдеп жатканын эч ким билген жок. Эл жүрөгүнө алардын махабаты менен кошо сиңген ыр жаңырып, миңдеген жүрөктөрдү толкутуп жатты. Экөөнүн бактылуу жүздөрүн тиктеген көпчүлүктүн арасында Айнура да бар эле. Ыйлап жатты. Залда атасы Иман, апасы Айша да отурган. Ичтен сызып отурушту. Апасы ичинен толгоно берди. “Кандай кылуу керек? Мындай болорун беш жыл мурун билгенибизде, балким, башка айла табар белек? Бул менин күнөөм. Мен уулумдун кандай адам экенин, бир мүнөз экенин билип туруп, учурунда түшүнө албадым. Андан көрө атасы кетирген катаны кайталабасын деп анын тагдырын өз тагдырыма байланыштырдым. Көрсө, ата-эненин жүрөгү да жаңылат тура. Кана, ошол мен көргүм келген уулумдун бакыты? Биринчи жолу көзүнөн шаттык төгүлүп, чыныгы Рустам болуп отурат”.
Ыр төгүлүп жатты. Экөө тең көмөкөйү ачылган булбулдай безеленип жатышты.
Концерттен кийин кучагына гүл толгон Айдананы Рустам сыртта, машинасында күтүп турган экен.
– Кеттик,- деди ал кабагын жарк эттире.
– Сен үйүңө барышың керек.
– Билем. Биринчи сени жеткирип коёюн.
Дайыма ушундай, бир аз гана убакытка чогуу болобуз деп ойлошот. Анан биринин жанынан бири кеткиси келбей отура беришет. Экөө чогуу болгондо убакыт кандай өткөнүн билбей калышат.
– Эмне маанайың жок?- деди Рустам Айдананын көңүлү бир нерсеге бурулуп жатканын байкап.
– Жөн эле.
– Айка, кандай болгон күндө да экөөбүз бири-бирибизден сыр жашырбайбыз дебедик беле?
– Мейли, уккуң келсе айтайын. Абдул телефон чалып, жакында келерин айтты. Ортобузда болгон нерседен кийин кайра мени издеп келе жатышы таң калычтуу болуп жатат. Кызымды кошо алып келерин кабарлады. Мен кетип жатканда аны мага эч качан көрсөтпөсүн айткан эле. Эми ал оюнан кайтканга эмне себеп болду, билбейм. Кызымды да сагындым. Уф, ушунчалык оор болуп кетти, Рустам. Башым айланып, жанчылып бүттүм. Концерттин камы менен жүрүп, көп нерсени унуткарганга, ойлобогонго аракет кылчумун. Эми толгон ойлор жанымды кыйнай баштады.
Рустам үнсүз угуп турду да, бооруна кыса кучактап алды. Кандай кубаттуу, күчтүү, камкор колдор?! Азыр эле жалбырактай дирилдеп турган Айдана мемирей түштү.
ххх
– Айтчы, беш жылдан кийин кайра пайда болгон шермендеге сени, баласын айырбаштап кеткен жатабы? Жок, Рустам андайга барбайт. Мен аны менен сүйлөшөм.
Айнуранын энеси күйүп-бышып жатты. Айдана менен Рустамдын чогуу ырдаганы тез эле кыска элдин кыйырына, узун элдин учуна жеткен эле. Айнура энесинин күңкүлдөп күйүп-бышканын карап отура берди. Не демек?.. Ал дагы эне. Өз перзентинин камы үчүн күйүп-бышып жатат. Апасынын маңдайына келди да, башын тизесине коюп жата кетти.
– Апа, ушул беш жылда мени Рустам менен бактылуу жашады деп ойлойсузбу?
– Рустамдай күйөө чанда кезигет, балам. Какпаса, сокпосо, айтканыңды аткарса, сага дагы эмне керек? Бактылуу эле болчусуңар, жанагы жер куруткан неме болбогондо. ..
– Эгерде аны өзүм чакырып келдим десем эмне дейт элеңиз?
– Жинди болгон неме го...
– Жок, апа, мен мындан беш жыл мурун жинди болгон экем. Башка адамдын ордун күч менен тартып алганмын. Эми кайра ордун бошотуп беришим керек. Таң калбай эле коюңуз. Ошентишим керек.
– Эмне деп дөөрүп жатасың. Сенчи, балаңчы?
– Баламдын өз бактысы, өз жолу бар. Ата-энеси бактысыз болсо, балага кайдагы бакытты бере алышат? Билесизби, апа, мен аракет кылдым. Рустамдын көңүлүн тапканга, бардыгын анын каалаганындай кылганга аракет кыла берип, өзүм жок болуп кете таштадым. Үйдү да ал каалагандай жасалгаладым, өзүм да мүнөзүмдү өзгөртүп, Рустамга окшоп түнт боло баштадым. Алтургай ал жакшы көргөн тамакты гана жасар элем. Ушунчалык аракет кылдым, апа. Бирок мен туура эмес жашап жатканымды сездим. Баары бир мен анын көзүнө Айдана болуп көрүнө албасымды, жүрөгүнөн тигинин атын өчүрө албасымды сездим. Апа, көрсө, махабат деген ушундай болот экен. Мисалы, мен... Айланамда Рустамдай бешөө көзүмдү карап, айтканымды аткарып турса да мага Рустамдай көрүнбөйт эле. Аны ушунчалык сүйдүм, апа. Акыры сүйүүм өчүп, өзүм анын көлөкөсүнө айланып баратканымды сездим. Коё беришим керек.
– Акылдуум менин!
Айнуранын апасы оор улутунуп алды.
– Ошентсе да, балам, ойлонуп көр. Күйөө, бала деген оңой менен табыла калчу нерсе эмес. Өз очогуңду бузуп, башканы бактылуу кылам деп ойлобо. Рустам жаман бала эмес. Ортодо чырактай уулуңар бар.
Айнура энесинин тизесинде жатып, тымызын ыйлап жатты. «Эч нерсени билбейсиң, апа. Мен үчүн бул кадамга барыш кандай гана оор экенин сезгениңде. ..»
Уулунун жалжылдаган көздөрүн эстегенде ого бетер кыйналып жатты. А энеси өзү үчүн андан беш эсе кыйналып турганын сезгенинде көз жашын сүртүп, жылмайды.
– Апа, жөн эле сизге эркелеп койдум. Көңүлүңүзгө албаңыз. Менин жашоом жакшы. Кайнатам менен кайненем көзүмдү карап турушат. Баса, Айдин чоң атасы менен паркка кеткен. Мен үйгө барайын, келип калышкандыр. Убактым болгондо дагы келем.
Эне калп күлүп, бетинен өөп сыртка чыга качкан кызын аяп, ичи сыйрылып кала берди.

#25 17 Октябрь 2015 - 14:58
Эч качан көрүшпөчүдөй болгон экөө кайрадан кезигишти. Бирин-бири сынай тиктеп турушту. Абдул тартып жаткан тамекисин ыргытып жиберип, Айдананы утурлай басты.
– Саламатсың. ..
– Кандай?
Башка сөзгө өтө албай туруп калышты. “Бекер келдиң. Жүрөгүмдүн картын сыйрып...” деп жатты Айдананын көздөрү.
– Өзгөрүп кетипсиң,- деди Абдул.
– Кызым кайда? Сагындым аны...
– Аны алып келе албадым. Апамдар бербей коюшту.
Айдана эрдин тиштеп, ичинен онтоп алды. Кызын катуу сагынган экен. Атайы арнап белек да сатып алган эле. Оор үшкүрүп алды да, машинасын көздөй басты. Аркасынан Абдул ээрчий жөнөдү. Экөөнүн ортосунда муз дубал тургандай сөз таба албай көпкө отура беришти.
– Эмнеге келдиң?- деди суз тиктеген Айдана.
– Сени алып кеткени келдим. Сагынычың тарагандыр. ..
– Кызык, чын эле мени кайра сени менен жашайт деп ойлоп жатасыңбы? Көрдүңбү, сен мени таптакыр билбейсиң. Экөөбүздүн ортобуздагы болгон нерседен кийин мен сени...
– Эркектерде боло берчү иш. Ал үчүн канча кечирим сурадым.
– А мен сени кечирбейм дегем ошондо эле. Ансыз деле биз үйлөнгөндөн бери ай сайын ойношторуң жаңырып турганын сезчүмүн. Дүйнөдөгү бардык аялдар сеники болсун, бир гана менин курбума тийбе дегем. Сенин жашооңдо башка аялдар ар дайым болоруна, аял алмаштырмайынча жашай албасыңа түшүнгөм. Менин жалгыз курбума, жүрөгүмө жакын адамыма, сырдашыма көзүңдү түшүрбө дегем. Жок, так ошол талуу жеримди кармадың. Баарынан күйгөнүм, ал сага утурумдук гана көңүл ачуу болчу. А мен үчүн чыныгы курбу эле. Элимди, жеримди сагынып жүргөндө маңдайымдан сылаган, акыл-кеңешин айткан, дилдеш адамым Нази болчу. А сен аны да мага ыраа көрбөдүң...
Ар бир адам очогун сактап калгысы келет. Мен дагы бар күчүм менен аракет кылдым. Көп нерсеге көзүмдү жумдум. Ата-энең, туугандарың мага сыртын салганын, мени адам катары көрбөгөнүн, менин көзүмө чөп салганыңды баарын, баарын көтөрдүм. Алым калбай калганча күрөштүм. Бирок Нази акыркы чекити болду. Кетүүнү чечтим.
Билесиңби, өзүмдүн жериме келгенде биринчи жолу бакыттан ыйладым. Бекерге кеткен беш жылдык өмүрүмө ыйладым.
– Айдана, ошол аялдардын баары мен үчүн утурумдук көңүл ачуу экенин эми түшүндүм.
– Нази дагыбы?
– Ал дагы.
– Акмак... Анын сезими тууралуу ойлонуп да, баш оорутуп да койбосоң керек. Сени жакшы билем. Көздөгөнүңө жетмейинче аркасынан калбайсың. Мен Назиге канчалык керек болсом, ал дагы мага ошондой керек эле. А сен экөөбүздүн мамилебизди атайлап бузгуң келди. Өзүм дагы сенин көжөлгөн өжөрлүгүңдүн курмандыгы болгом.
– Айдана!
– Айтчы, эмнеге мени аялдыкка алдың?
– Анткени мага башка аял чыдамак эмес. Сен жакшы аялсың. Сенден тапкан нерсени башкадан да табам деп ойлочумун. Бирок сен өзгөчө экенсиң. Сен кеткенден бери жашоом тозокко айланды. Сени кыйнаганымдан беш эсе кыйналдым. Ошондо гана сенсиз жашай албасымды түшүндүм.
– Абдул, эми баары кеч. Кеткениң оң.
– Кетпейм мен сенсиз...
Айдана жек көрө тиктеп турду. Деги эле эч кимди эч качан мындай тиктеп көргөн эмес. Сестенген Абдул машинадан түшкөнгө аргасыз болду.
– Айдана, экөөбүздүн сөзүбүз бүтө элек...
Айдана машинасын катуу ылдамдыкта айдап бара жатты. Кайда бара жатканын деле билбеди. Ушул учурда чөнтөк телефону шыңгырап калды. Рустам экен...
– Алло.
– Кандайсың, жаны?
“Жаны...” Кандай жакшы сөз, ээ? Айдана күлүмсүрөп алды.
– Жакшы, сенин бар экениң, жөн гана бар экениң кандай жакшы, Рустам. Мейли, экөөбүз чогуу болбосок да...
– Чогуу болобуз.
– Антип айтпа.
– Айка, сүйлөшөлүчү, кайдасың?
– Үйдө күтөм.
Рустам тез эле жетип келди. Сууктан келген үчүнбү, эки бети тамылжып, көзү күлүңдөп алыптыр. Жок, бир билгени бардай... Көп күндөн бери көрүшпөгөндөй кусалуу тиктешип калышты.
– Айка, мындан ары минтип жашай албайм. Айнурага ачык айтпасам болбойт. Өзү деле билип жатат. Минтип кыйнала бергенде эмне? Ажырашам, мындан ары дайыма чогуу болобуз.
– Жок, Рустам, менин кызымдан ажыраганым жетишет. Сени уулуңдан ажырата албайм. Экөөбүз ушинтип эле жолугуп туралы.
– Мен антип жашай албайт экем. Айнурага сүйлөй албай, көзүнө тике карай албай кыйналып кеттим.
– Рустам, сен чын эле мага чейин аялыңдын көзүнө чөп салган эмессиңби?
– Жок.
– Кандай жакшы адамсың. А мен эркектердин баары эле ушундай ишке барса керек деп ойлогом.
Айдана оор үшкүрүп алды. Өзүнүн күйөөсүн эстеди. Кызык, ал бир жолу кыйналып, уялды бекен? Алгачкы айларда эле Абдулдун аял жандуу экенин байкаган. Ошондо жаңылганын билип, бармагын тиштей өкүнгөн. Ар ай сайын жаңырган кыз-келиндерди, Абдулдун кайдан, кимден келгенин сезип турчу. Бирок...
– Эмне ойлонуп калдың?
– Жөн эле.
– Бүгүн Айнура менен сүйлөшөм.
– Рустам, бир аз чыдачы. Көрөсүң го, баары ордуна келет.
– Сен мени алдап жатасың. Күйөөң аркаңдан келгенин уктум. Балким, кайра кетүүнү ойлоп жаткандырсың. Андай болсо мен...
Рустамдын көздөрүнөн кызганычты көргөн Айдана жылмайып алды. Мойнуна колун арта алдына отура калды.
– Коё бер мени...
– Кызганчаак!
– Анда эмнеге?..
– Эх, Рустам, сен билбеген канча нерсе бар? Азыр үй-бүлөңдөн кеткениң туура эмес. Мен сага жамандык каалабайм.
– Ал ортодо сен кетип калсаң...
– Сен деп келбедимби, эми кайда бармак элем сенсиз? Эми экөөбүздү өлүм эле ажыратпаса, ажырабайм сенден.
Рустам Айдананын көздөрүнө тигиле карап турду да, башын чайкап алды.
– Баары бир түшүнбөйм. Эмнеге азыр Айнурага айтпашым керек? Айдинди алып кетет деп ойлоп жатасыңбы? Айдин мени менен калат. Коркпо, баары жакшы болот.
– Рустам!
– Баары бир бул ишти чечишим керек. Мен минтип жашай албайм. Сенин алдыңда, Айнуранын алдында өзүмдү күнөөлүү сезип, кыйналып кеттим.
– Азыр болбойт. Бир аз чыдап турушубуз керек. Сен... Сен эч нерсени билбейсиң. Айнуранын аз гана күнү калды.
– Эмне-е?
Рустам ордунан ыргып турду. Айдананын каруусун мыкчый кармады.
– Эмне деп жатасың сен?
– Рустам, мен сага айтпайм деп убада бергем. Бирок билишиң керек. Айнура... Менин билишимче, врачтар мээнин шишиги деп диагноз чыгарышыптыр. ..
Рустам шалдырай отуруп калды. Көз алдына аялы тартылды. Кийинки айларда өңүнөн кетип, арыктап баратканын байкаган. Түшүнүксүз таблеткаларды ичип жатканын көрүп “эмнеге ичип жатасың?” десе, “боюмда болбош үчүн” деп койгон эле. “Мээси жок” деп алды өзүнө өзү. “Келесоо болбосом мурун эле түшүнөт элем го”.
Айдана акырын сүйлөй баштады.
– Сен эч нерсени билген жоксуң. Менин эмне болуп келип калганымды да байкабадың. Мени... Мени сенин аялың чакырткан. Дарегимди Алымдан алган экен. Ошентип, сүйлөшө баштадык. Ал акырындап менин турмушумду билип алды. Бактысыз экенимди да түшүндү. “Эгерде бактылуу болгуң келсе, Кыргызстанга кайт. Рустам дагы деле сени күтүп жүрөт. А мен... Менин абалымды оор деп жатышат. Айыгып кетүүгө 20 пайыз гана ишенич бар дейт. Өзүң деле түшүнүп жаткандырсың. Эгерде мындай иш болбосо, мен сага эч качан байланышпайт элем”,- деп жазды бир күнү.
Кызык, канча аракет кылсам да, бул кат мээмден чыкпай койду. Балким, дагы бактылуу болгонго мүмкүнчүлүгүм бардыр... Балким, бул тагдыр деп ойлодум.
Рустам ордунан турду. Көзүн көтөргөнгө да алы келбей эшикке карай басты. Бул анын биринчи жолу коштошпой кетиши эле.
ххх
Үйүнө келген Рустам дароо кире албай босогодо турду. Адатынча Айнура ашканада бир нерсе кылып жаткан экен. Рустам аркасынан келип карап турганын байкабады. “Ушунчалык арыктап кеткенин кантип байкабадым? Айтчы, неге мага айтпадың? Кубанычта, кайгыда бирге болобуз деп Кудай алдында, эл алдында сөз бергенбиз. Бирок антпедик. Экөөбүз эки дүйнөдө жашап жүрдүк. Ушунчалык мерездигимден, катуулугумдан сен да катуу адамга айландың. Күнөөлүүмүн, баарына мен күнөөлүүмүн. Дагы деле көзүм ачылбайт болчу”.
Ооба, бир сөз айтып алып жарым саат күлгөн шайыр, шок, жанда жок эрке кыз болчу. Бир орунга тура албай жок жерден оюн таап, элдин баарын күлдүрүп жиберчү. Бир жолу аянттагы фонтанды буту менен кечем деп жатып айнекке бутун тилдирип алган. Чолоңдоп баса албай Рустамдын жонуна минип алган эле. Анда да жөн отурбай буту менен теминип, кытыгылап айласын кетирген. Кана эми, көзү күлүңдөгөн шок кыз? Кимге айланды? Энчиси ушул казан-аяк, күнүмдүк көр тирилик беле? Акыркы жолу качан сырдашып, бактылуу күлкүсүн укканы эсинде жок.
Рустам жүрөгү сыйрылып аяп турду. Бооруна бекем кысып, жакшы сөздөрдү айткысы келди. Аркасынан келип, кучагына кысып алды.
– Рустам?!
– Унчукпа, эч нерсе дебе.
Ый кекиртегине тыгылып калды. Аялынын арык, назик денеси калтырап турганын сезип, ого бетер мууну бошоду.
– Жинди десе, сен эмне... Ыйлап жатасыңбы?
– Жок.
Күйөөсүнүн колдорунан назик сылаган Айнура күлүмсүрөп алды.
– Биринчи жолу...
– Эмне биринчи жолу?
– Үйлөнгөндөн бери биринчи жолу сен мени берилип кучактадың.
Экөө көпкө кучакташып турушту. Биринин жүзүн бири карабаганы менен, экөө тең ыйлап жатышты.
– Неге мага айткан жоксуң? Мен сага ушунчалык алыс адам белем? Эмне үчүн катуу ооруп жатканыңды айткан жоксуң? Менин билүүгө акым бар эле го.
Күйөөсүнүн кучагынан бошонгон Айнура анын жаш жууган жүзүн карап турду.
– Кимден уктуң?
– Эмне кыласың кимден укканымды? Канчага чейин жашырам деп ойлодуң эле?
– Да, эми чындап эле жашырыштын кереги жок.
Алсыраган Айнура орундукка отура кетти. Чөгөлөп отура калып, буттарын кучактаган Рустамдын тармал чачтарын аяр сылап турду.
– Биринчи жолу укканда өзүмдү катуу жоготтум. Эмне кыларымды билбей калдым. Оюма дароо сен келдиң. Офисиңе чуркап келип, сага кирдим. Жыйналыш өткөрүп жаткан экенсиң. Кабагыңды бүркөп, күтө туруумду сурандың. Тыбырчылап, жыйналышың бүткөнчө күтүп турдум. А андан кийин... Андан соң менин кабылдамаңда күтүп турганымды унутуп, иштериң боюнча чыгып кеттиң. Артыңдан узата карап кала бердим. Билем, сен мага бала үчүн гана үйлөндүң. Бирок... Билбейм, сенден эмне күткөнүмдү. .. Бирок, Рустам, бир нерсе күтүп, үмүттөнүп жашап келгем. Жүрөгүңдөгү тоңгон муз эрийби деп ойлогом. Оорум тууралуу уккандан кийин сен, уулум тууралуу ойлондум. Менсиз кантип жашайт экениңерди көз алдыма келтирдим. Мен жок болсом, сен ого бетер түндөй түнөрүп, элден обочолоноруңду сездим. Сен башкача адамсың, Рустам. Сени түшүнбөгөн, сенин жан дүйнөңдү билбеген аялга кезиксең ого бетер катуу, мерез болоруңду түшүндүм. Анда менин уулумдун күнү не болмок?.. Атамдардын жашы болсо келип калды. Ошондо оюма Айдана келди. Ал жакшы аял экенин мурда эле сезчүмүн. Сүйлөшүп жатып мен ойлогондон да мээримдүү, өзгөчө адам экенин түшүндүм. Уулума жакшы эне, сага жакшы жар болот деп ойлодум. Өзүмдүн ордума коюп, балама жакшы тамак жасап, мээрим чачып жатканын, сени бактылуу кылганын көз алдыма келтирдим. Кызганыч төрөлө электе муунтуп салганга аракет кылдым. Акыры баары мен каалагандай болду.

#26 17 Октябрь 2015 - 15:01
– Мен сени бүгүн билип, бүгүн түшүнүп жатам. Сен кандай жан элең?.. Маңдайыма бүткөн ырысым.
Рустам ыйлап жатты. Аялынын колунан өөп, тизесине башын коюп, мөгдүрөп ыйлап жатты. Ушул адамды баалай албаганына, өзүнүн таш жүрөгүнө ыйлап жатты.
– Рустам, мен сени мурункудай күчтүү көргүм келет. Уулуң... Мени соороткон, мага дем берген нерсе – экөөбүздүн уулубуз бар. Сага ушунчалык окшош, Рустам. Кээде табиятка таң калып кетем. Басканы, турганы, алтургай уктаганы да сага окшош.
– Ал эми күлкүсү сени тарткан. Эсиңдеби, сен дагы башыңды чалкалатып ырахаттанып күлчүсүң. Күлкүчү элең...
– Курбуларым экөөбүзгө таң калышчу. “Түндөй түнт адам менен сендей шайыр адам кантип тажабай чогуу жүрөт?” дешчү. Көрсө, ошондо эле элдер экөөбүз эки башка дүйнөнүн адамы экенибизди билишчү тура.
Алар көпкө сүйлөшүп отурушту. Оо, дегеле көптөн бери минтип сүйлөшө элек эле. Ошол күндөн тартып Рустам аялына болуп көрбөгөндөй өзгөрдү. Жанынан чыкпай, улам бир догдурга алып барып, жаны төрт чарчы болуп жүрдү. Тез арада уюшулган дарыгерлердин кеңешмесинин жыйынтыгын укканы экөө тең кабылдамада отурушту.
– Кириңиздер, - деген мээрман айымдын сөзүнөн кийин экөө селт дей түшүштү.
Рустам бет маңдайында отурган дарыгердин көздөрүн тиктей албай үрөйү учуп турду. Ажал азыр алкымдан ала тургансып Айнуранын колдорун кысып жибергенин да сезбей калды. Тамагын жасап алган дарыгер алардын үмүттүү көздөрүн тиктеп туруп жай сүйлөй баштады.
– Жашырганда эмне, абал оор. Бирок үмүт бар. Эгерде операция жасала турган болсо, аман калышы мүмкүн. Бирок бизде бул оор операцияны белсенип жасай турган хирург жок. Казакстанда менин жакшы таанышым бар. Профессор Бурханов өз ишин мыкты билип, көп өмүрлөрдү алып калган. Мен ал адам менен телефон аркылуу сүйлөшүп, силердин жагдайыңарды түшүндүрүп көрөйүн.
– Демек, операция Казакстанда жасалат экен да.
– Ал иш чечилгенче жубайыңыз ооруканада жатышы зарыл.
– Мен үйдө эле болоюнчу. Уулумдун жанында. Болгон дары-дармекти алып турам. Анын үстүнө кайненем да врач. Ал дайым жанымда болот.
Рустам жалдырай түшкөн аялын эркелете карады.
– Ушундай деле кылсак болот эмеспи, агай. Чын эле, апам да врач. Ал Айнураны көзөмөлдөп турат.
– Мейли. Бирок оорулуу адамга биринчиден тынчтык керек. Эч нерсеге капа болбошу зарыл.
Небересин эки колунан жетелеп, сыртта үмүт менен турушкан Иман менен Айша ооруканадан чыга берген экөөнү утурлап тосуп алышты.
– Эмне дейт?
– Баары жайында, ата. Бирок сиздер эми менин үйүмө көчүп келбесеңер болбойт. Мени билесиңер, жумуштамын. А Айнураны азыр жалгыз калтырууга болбойт.
– Ошол элеби? Кемпир экөөбүз кайра жыргап калбайбызбы Айдиндин жанында болуп...
Иман бапылдап келинине да бир нерселерди айтып жатты. Апасы менен уулу тиктешип калышты. Адаттагыдай үнсүз түшүнүштү иштин жагдайын.
“Балам, эр жигиттин башына нелер келбейт, бекем бол” деп жатты эненин көзү. Рустам үнсүз башын ийкеди.
ххх
Айдананын консерваторияга жумушка киргенине аз эле болгон. Студенттерге сабак берип жатып, сыртка капысынан көз жүгүртүп калды. Рустамдын машинасын көрүп, жүрөгү кубанычтан ыргып кете жаздады.
– Балдар, мен азыр...
Тепкичтерден тез адымдай сыртка чыкса, Рустамдын машинасы бурулуп чыгып бара жаткан экен. Колунан оюнчугун жулдурган балага окшоп, томсоруп туруп калды. Ошондо гана өзүнө келбей, атасын жумушуна таштап бара жатканын билди. Рустамды көрбөгөнүнө көп болгон эле. Баягы коштошпой чыгып кеткен боюнча бир да жолу телефон чалган жок. Келбеди дагы... Чалса да телефонун албаганга өттү. Сагынычтан жанчылган Айдана аргасыз телефондун номерин терип кирди.
Рустам жан талаша чырылдап жаткан телефонун ала албады.
– Телефонуңду албайсыңбы? - деген апасынын cөзүн да кулагынын сыртынан кетирди.
Айнура өчүп күйүп жаткан телефонду тиктеп, ким чалып жатканын түшүндү.
– Рустам, сен күнөөлүү эмессиң. Ал эми тиги байкуштун таптакыр күнөөсү жок. Антип өзүңдү өзүң жазалаганың мага да, сага да пайда алып келбейт. Андан көрө...
– Сага көп сүйлөгөнгө болбойт. Баары жайында...
Тиштенип, үй-бүлөсүн үйүнө алып барып таштады да, машинасына отуруп кайдадыр айдап жөнөдү. Телефон дагы шыңгырады. Бул жолу колуна алды.
– Рустам, кандайсың?
– Жакшы. Кечирип кой мени, Айдана. Сени да кыйнап койдум.
– Рустам...
– Азыр көңүлүм эч нерсени сүйбөй турат, жаны. Эч ким менен сүйлөшкүм келбей, көңүлүм жалгыздыкты эңсеп турат. Анын үстүнө ойлорумду, баш-аягымды жыйнап алганга убакыт берчи.
– Макул.
Телефонду коюп салган Айдананын таарынып калганын сезди. Ого бетер жаны жанчылып, ой басып турду.
Телефонду койгон Айдана оор үшкүрүп алды. Бул күндөрү телефонунун жанын тындырбай күйөөсү Абдул аркасынан түшүп алган эле. Азыр да өзүн күтүп сыртта отурат. “Бечара экенсиң. Жаныңда жүргөнүмдө баркымды билбей, азыр эми эмне күтүп темселеп жүрөт? Кудай ай, качан жан дүйнөм тынч алат? А балким, чын эле Абдул менен кетип калганым жакшы болор... Балким, бул чечим баарыбыз үчүн жакшы болор... А Рустамчы? Ушундай оор абалда таштап кетемби?”Чабалактап, жанын коёрго жер таппай турду. Ушул учурда аркасынан келген Иманды байкады.
– Саламатсызбы?
– Саламат, кызым. Тиги жигит сени күтүп турган өңдөнөт.
– Ооба, мени күтүп жатат.
Күнөөлүүдөй башын жерге салган Айдананы аталык жүрөгү менен аяп кетти Иман. Башынан эле баарын билет. Уулун мынчалык сүйгөн адам болбостур. Азыр да эки оттун ортосунда турганын сезди.
– Кызым, бакыт ошентип күттүрүп, издетип, анан келет окшобойбу. Мен сага эч кандай кеңеш бере албайм. Бирок жүрөгүң гана алдабасын деп айтар элем. Акылга таянгандан көрө жүрөгүңдү тыңша. Рустам... Чунак бала сөзгө да келбейт. Тигинтип аялы да ооруп калды.
– Иман агай, Мен келгенде “курбу кызымдын суранычы менен келдим. Ал өлүм алдында жатат” деп айтканым эсиңиздеби? Мен сизди алдап койгом. Ошол адам Айнура болчу. Оорусу катуу экенин мурун эле билчү элем. Жок, жок, сиз ойлобоңуз. Мен эчкимдин ордун талашкым келген жок. Болгону... Билбейм...
Көзүнөн жаш аккан Айдана Иманды кучактап ыйлап жиберди.
– Айтыңызчы, эмнеге мен мынчалык бактысыз болуп төрөлдүм? Эмне кылбайын, кайсы жерге жакындабайын элдерге кайгы алып келем.
– Сен буга күнөөлүү эмессиң. Сендей сүйгөн, сүйө алган адамдар бар үчүн дүйнө ордунда турат. Ыйлаба, кызым...
Имандын мууну бошой, үнү калтырап кетти.
ххх
Таң атып келе жаткан экен. Ордунан акырын турган Айнура уулунун жанына барды. Атасынын койнунда жаткан Айдинди көпкө тиктеп туруп жылмайды. Моюндашып уктап жаткан бала атасына өтө окшош эле. Жанына жакын, кымбат адамдары! Таң сөгүлүп келе жаткан. Терезени тиктеп өмүргө тойбой, куштарланып турду. Көптөн бери биринчи жолу өзүн бактылуу жана эркин сезе баштады. “Аттиң, канча түндү көз жаш, ыза менен өткөрдүм. Бул ооруну жабыштырып алганым деле ушундан болду көрүнөт. Көрсө, бардыгы бекер экен. Көрсө, мен беш жыл жашабаптырмын деле. Эми жашайм! Канча күнүм калса да бактылуу болуп жашайм. Анткени бактылуу болгонго аз гана убактым бар” деп ойлоп турду.
Эртең менен ойгонгон Рустам бөлмөсү гүлгө толуп калганын байкады. Айнуранын иреңи мурункудай купкуу болгону менен, көзү күлүңдөп, майрамга бара турган баладай өрөпкүп алган экен. Күйөөсү менен уулунун үстүндөгү жуурканын сыйрып, кытыгылап, ар нерсени айтып күлүп жатты.

#27 17 Октябрь 2015 - 15:03
Айдана кыл кыягын колуна алды. Музыка адам тагдыры болуп сүйлөп, адам жүрөгү болуп сыздап турду. Cыбызгыган обон албууттана түшүп, кайра ындыны өчкөндөй сызылып тез эле бөлмөгө толо түштү. Арманы кыл кыяктын кылдары менен сүрүлүп, толкун болуп агылып жатты. Бир кезде кыякта ойноону Рустамдан үйрөнгөн эле. Ойноп бүтүп көзүн көтөрө берип, өзүн угуп дубалга шалдая сүйөнүп отурган Рустамды көрдү. Унчукпай түшүнүштү. Жанына барып ийинине акырын башын койгон Айдана акырын кеп баштады.
– Арыктап кетипсиң.
– Айка, тагдыр деген эмне? Эмне үчүн экөөбүзгө мынчалык касын тигип калды? Сени ушунчалык кыйнадым. Билбейт дейсиңби?
– Жакында баары бүтөт.
Айдана ордунан туруп, сумкасынан билет алып сунду.
– Бул эмне?
– Мен кетүүнү чечтим. Айтпа, эч нерсе дебе. Эки ортодо кыйналып кеттиң. Мен да кыйналдым. Тагдырыбызды экинчи жолу сынап көрдүк. Сен айткандай, тагдыр касын тигип калса керек. Жаны, антпе, башыңды чайкабачы. Мен сага миң-миң-миң жолу ыраазымын. Аттиң, эгерде сенин жарың болсом, кандай гана бактылуу болмокмун?! Балким, анчалык ашыкча бакыт адамга оордук кылар... Сен айткандай, кыйналдым. Кетүүдөн башка жол калбады. Шаарда болсок, баары бир үзүлбөгөн чынжырдай болуп бири-бирибизди кыйнай беребиз. Кечээ күйөөм акыркы жолу суранып жатканын айтып, билетти таштап кетти. Алдымдан андан башка жол көрбөй турам.
– Айка, мени укчу. Мен көп күн ойлондум. Мен... Мен аялымды мындай абалга таштап кете албайм. Ал айыкканча эле эмес, өмүр бою жанында болушум керек. Анткени... Мен... Кеп анда эмес. Бирок сен минтип кетпе. Жок дегенде ал адам менен кетпешиң керек.
– Эмне кылайын анан?
Рустам отуруп калды. Чын эле эмне кылат? Эмне кыла алат? Тагдыр биротоло айрылдым деген адамын экинчи жолу алаканына салып берип жатат. Кайра коё береби? Оорулуу аялын ара жолго таштап, жоготкон сүйүүсүнүн аркасынан кетеби? Анда адамдык ишенич, адамгерчилик кайда калат? Башы маң... Колдорун катуу кармашкан алар үн-сөзсүз отура беришти.
Табышмактын жандырмагы табылбай канча жүрөт эле ким билсин? Айнура тааныш курбусунан Айдананын кетип жатканын угуп, деңгиреп отуруп калды.
Эсин жыйнай калып, тез кийимдерин кие сала сыртка жүгүрдү. “Дем алыш күн эмеспи, демек, үйүндө...” деп ойлоду. Эшикти шарт ачып, энтиге кирип барып, Айдананы көрүп теңселе түштү.
– Айнура?! Сенби?
– Айтчы, сен кайда кетмекчисиң? Сен менин акыркы үмүтүм экениңди унутуп калдыңбы?
Эки каруудан мыкчый кармаган анын көздөрү жаалданып кетти.
– Кечир мени, мен сенин аманатыңды аткара албайм. Сүйүүгө кара көлөкө түшүргүм келбейт.
– Урдум мен силердин сүйүүңөрдү! Сен кетсең, мен өлсөм, Рустам эмне болот, билесиңби? Сен! Түшүнүп жатасыңбы? Эмнени түшүнөт элең?
Айнуранын көздөрү ызадан, каардан жалтылдап жатты. Айдана эмне кыларын билбей калды. Эрксизден теңселип турган Айнуранын алсыз денесин кучактай калды. Айнуранын көзүнөн жаш сызылды. Эх, канча жыл жек көргөн душманы, канча жылдан берки атын укса жаны кашайып кеткен адам кыйын кезеңде ийинин тосуп, кайгысын кошо көтөрүп, жубатат деп ким ойлоптур?! Табышмагы көп дүйнө деген ушул!
Рустам дендароо абалда. Эшикти шарт ачып кирип келип, кучакташып ыйлап жаткан экөөнү көргөндөн бери ушул абалда... Түшүнбөй бирде аялын карап, бирде Айдананы тиктеп, экөөнүн ортосунда эмне деп сүйлөп, эмне кылышты билбей турду. Үчөө үч жерде катып калышты.
– Бул кандайча?..
Оор үшкүрүп алган Айнура күйөөсүнө тике карады.
– Сен адамгерчилигиң менен мага жардам кылып жатам деп ойлодуңбу? Жасалма сүйүүң менин дартыма даба боло албасын ойлодуңбу? Эми мага эч кимдин курмандыгынын кереги жок. Рустам, мени дүйнөдөгү эң бактысыз адам кылдың. Өзүм байкабай, бул адамды сенин жашооңдон сүрүп чыгаргам. Жандан кечип кылган кылыгым үчүн жакшы жаза алдым. Эми...
Айнура чечкиндүү басып келип, Айдана менен Рустамдын колун бириктирип кармап турду.
– Эми мен силерге бакыт каалайм. Уулумду силерге тапшырдым. Айдана, эне болуу бактысы ар кимдин эле шыбагасына жазылган эмес. Мен ишенем, мен билем. Сен менин уулума эң жакшы эне болосуң. А мен... Тагдырым менен дагы күрөшөм. Балким, жеңилермин, балким, жеңермин.
Бириктире кармалган үчөөнүн колдору дирилдеп жатты. Бир аялзаты жүрөгүндөгү эң жакын адамдарын тапшырып, экинчиси тагдыр сыйын кош колдоп кабыл алып жатты. Ушундан көп өтпөй Айнура дарылануу үчүн Алматы шаарына жөнөп кетти. Учакка отурар замат жеңилдене дем алып, өзүнчө күлүмсүрөп алды. Жанында отурган сапарлашы анын жайнаган көз карашын байкады көрүнөт.
– Сиз кимдир бирөөгө жолугууга бара жатат окшойсуз. Аябай сүйүнүп алыпсыз.
– Ооба, ашыгып турам.
– Сизди кимдир бирөө күтүп жатат окшойт, ээ?
– Ооба, мени жаңы турмуш, жаңы жашоо күтүп жатат.
Айнура жеңил дем ала отургучка чалкалады.
ххх
Айнуранын операциясы ийгиликтүү өткөнүн угушкандан кийин Рустам менен Айдана үйлөнүүнү чечишти.
Колуктунун аппак көйнөгүн кийген Айдана чимириле бийлеп, күзгүдөн өзүнүн албырып турган жүзүн тиктеди. Ар дайым тереңине сыр катып, муңайым көрүнгөн каректерден бакыттын нуру көрүнүп турду.
– Бол, колукту, коноктор күтүп калды...- деген үндү укканда шашыла жөнөдү. Чоңдордукундай костюм кийип жасанган кичинекей Айдин чуркап келди.
– Апа, гүлдү унутуп баратасың.
– Апа?! Сен мени апа дедиңби?
Чөгөлөй калган Айдана Айдинди жалбара карады. Наристе башын аста ийкей кичинекей колдору менен мойнунан кучактай калып, акырын үн катты.
– Бүгүнтөн баштап сизди апа дейм. Бирок бул сыр боюнча калсын, ээ? Болбосо мамам таарынат да...
Наристенин көкүлүнөн сылаган Айдана бооруна кыса кучактап алды. Эшикти ача бергенде күндүн нуру жарк дей түштү. Күн да анын бактысын кубаттагандай жылмайып турган экен. Рустам жакын келип, анын жүзүнө жадырай карады. Кайнатасы Иман, кайненеси Айшанын да кабактары жаркып турду.
Сиз бакытка ишенесизби, окурман?! Айрым адамдар “толук бакыт жок, бакыт чөйчөгү баары бир бөксө болот” дешет. Бирок Рустам менен Айдананын бакыты толук эле. Бакыт толук болуш үчүн айрым учурда пенделер тагдырдын бир топ сыноолорунан өтүш керек окшобойбу. Бул жолу да ушундай болду.
(Аягы)

#28 17 Октябрь 2015 - 16:28
Жашоодо да баары ушул чыгармадагыдай болсо кана. Автору ким?
Asi15 сизге ыраазычылык
Asi15 сизге ыраазычылык
#29 17 Октябрь 2015 - 16:32
Рахмат.
Тилеке каршы автору жазылбаптыр. Мен китептен эмес башка бир сайттан кочурдум эле. Авторун аныктасам албетте жазып коем.
Тилеке каршы автору жазылбаптыр. Мен китептен эмес башка бир сайттан кочурдум эле. Авторун аныктасам албетте жазып коем.
Мени жаман көргөндөрдү,
мен жаман көргөнгө убактым жок! Анткени мен, мени жакшы көргөндөр менен гана алекмин!
#31 17 Октябрь 2015 - 21:01
#32 17 Октябрь 2015 - 22:05
Ушунча да оор чыгарма болобу? Окуп буткучо кыйналып кеттим. Рахмат
#33 17 Октябрь 2015 - 22:59
Бул чыгарма 2010 жылы СУПЕР ИНФО ГАЗЕТАСЫНА ЖАЗЫЛГАН АРХИВТЕ БАР
СҮЙҮҮ СОНАТАСЫ чыгармасынын
Автору; Нуржамал Жийдебаева
СҮЙҮҮ СОНАТАСЫ чыгармасынын
Автору; Нуржамал Жийдебаева