Атам менин жакыным ,тироочум,коргоочум,
сырдашым,жол көрсөткөн баштоочум,акылманым,
мактанаарым,
аска зоом таянарым.ишимде эмне жаңылык болсо биринчи кезекте атама кабарлайт экенмин мактанган жерде мактанып.пландарымды кыялдарымды айтамын атам гана кунт коюп угуп түшүнөт, мотивация берет.
АТА деген ким? Ата, ата жана ата
#42 16 Декабрь 2021 - 15:24
АПА деген сени тогуз ай курсагында көтөрсө, АТА деген бүт үйбүлөсүн өмүр бою эле желкесинде көтөргөн кадырлуу жана мээримдүү адам!!!
#44 29 Декабрь 2021 - 00:07
Ата ___ деген соз мен унутканым кай заман 3 классым да атам отуп кеткен, ичип алып машинасы жолдо авария болуп журогу кармап ошол жерде кайтыш болгон екен. Есимде калганы апас уруп ичип келип, апамды уйдон кууп тагамдын уйуно тайнем уйуно барган кундорум есимде. Айтышынча мени жакшы корчу екен . 5 уулдан кийин келген кызмын. Акам абжемдер айтышы бойунча кооп аялдап мн журуп апам уруп айдачу экен. Ошентип кун откоруп чонойгонбуз деп калышат мен атама еркелеген ойноткон кундору есим де жок. Ичип уруп тагам тайнем уйундо качып жургон кундор есимде калган.
#45 29 Декабрь 2021 - 02:09
АТА-атам бизге көрбөгөндү көрсөттү. Ичкиликтин айынан канча кыйналдык. Жалдырадым,
токтот деп ыйладым болбоду. Жаштык кылып таарындым. Болгону алкаш атаны кабылдагым келбеди, намыстандым.
Ичкилик түбүнө жетти. Сагынбадым алгачында. Көп жыл таарыныч кетпеди. Досум үйлөндү бардым, атасы ак батасын берип узатты үйүнөн. Ичим өрт болуп өтө суктандым. Жүдөгөн атасын статустарына коюп китепти шар окуй албаган бекерчи досторум "мени ушул даражага жеткиргениңизге рахмат" десе бир жагынан күлкүм келет бир жагынан мага оор тиет. Ортобуздагы муздак дубалды көзү өтөрүнө жакын гана бузуп мени жакшы көрдү баласы катары. Бирок менин жүрөгүм балачактан бери таш болуп баары кеч эле. Менден да атамдан да кетти. Өкүнөм көп нерсеге. Атасына таянган балдарды иттей жек көрөм. Атасына таянса да андан кыйын экенимди көргөзүүгө аракет кылам. Билем ич күйдүүлүк. Бирок Кудай буюрса мен сөзсүз жакшы ата болом. Атам кетирген каталыкты эч убакта кетирбейм буюрса!
#46 01 Январь 2022 - 23:34
Мен АТА деген созду айта албай калганыма 1 айдан кийин туура 2 жыл болот . Оа менин дагы Атам ичти бирок ичпегенде андан жакшы адам жок Гений адам болчу уйу толтура китеп. Атамдын башы жеткен нерсеге баарынын эле акылы жете берчу эмес. Апам менен ажырашып кеткенге дайыма менин жанымда боло алган жок. Бирок анын суйуусун Мээримин мен дайыма сездим. Мага керек учурда жанымда болду . Ичсе дагы жакшы кордум. Аллахым мага ичпеген башка ата бербейт да башка . Жашоосун ойлонуп ичсе керек биздин жаныбызда боло албаганы учун ичсе керек деп ойлоп . Батыраак бутума турсам баарын кылып берем буйруса деп кыялдандым апам экоосун эки жакта болсо дагы экоосун тен карайм деп жургондо кетип калды. Азыр дагы жашым токтобой жатат. Мени кечирип коюнузчу мен жетишпей калдым. Акыркы 5..6 жылда ичпей калган болчу бирок. Ошол учун дагы мен спиртное ичпейм ичип коргум дагы келбейт . Сиз жонундо жазсам соз тугонбойт экен .сизди сагындым.
#47 01 Февраль 2022 - 19:16
Ушул сезимдер мага бейтааныш...
.эх Бир эле жерде журобуз бирок бейтааныш адамдайбыз ортобузда стена....