jakshylyk Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 43 (0,01 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Дин жана философия (30 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 07 Октябрь 10
- Кароолор:
- 16 952
- Соңку аракети
- 22 Авг 2018 11:25
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 32 жашта
- Туулган күнү:
- Август 3, 1992
- Жынысы:
- Эркек
- Калаасы:
- OSH
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мага баш баккандар
-
love_you
17 Ноя 2017 - 00:46 -
Meruet84
04 Ноя 2017 - 23:14 -
barpynynkyzy
12 Июл 2017 - 05:24 -
asi.gulum
05 Июл 2017 - 15:12 -
mamalaktar94
05 Июл 2017 - 01:35 -
Nmaik
03 Июл 2017 - 16:22 -
Nurmuxammet
01 Июл 2017 - 16:58 -
Ajara_13
29 Июн 2017 - 14:42 -
Tagen
07 Сен 2016 - 23:46 -
kandai.janym
05 Фев 2016 - 23:40
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Таасирлүү окуялар
Жазылган күн: 2 Авг 2017
АТАНЫН ОН ОСУЯТЫ Көптү көргөн ата уулу үйлөнөр күнү аны жанына чакырып:
- Уулум,бүгүн сен бир мамлекетти куруп жатасың, үй-бүлө куруу- бул аял менен эркектин чогуу жашоосу эле эмес. Калган өмүрүңдү бактылуу жашап, артыңда атыңды улай турган туяк тарбиялап, Жараткан кудайдын алдындыгы милдеттериңди аткарып өтүшүң керек. Демек, үй-бүлө куруу менен жашоонун бийик ашуусун ашасың. Ал эми бул нерсе - жеңил иш эмес .
Уулум, оң кулагың менен да, сол кулагың менен да угуп, жүрөгүңө түйүп алгын. Төмөнкү он осуятты аткара билбесең, бул" ашууну " аша албай калышың толук мүмкүн:
[color=#1D2129][size=4] 1. Аял затты эркектин сүйүүсүн ачык, даана көрүүнү каалайт. Ошондуктан сүйүүңдү билдирүүгө сараңдык кылба. Эгер антпесең экөөбүңөрдүн ортоңорго жек көрүү көшөгөсү тартылып калуусу мүмкүн.
2. Аялдар эркектер сыяктуу жакшы сөз угууну жактырат. Ошон үчүн аялыңа дайыма жакшы сөз айтып көңүлүн көтөр;
3. Аялына ар дайым жылмаюу менен кара. Жылмаюу аялдын көңүлүндөгү кирди тазалайт ;
4. Таза кийим жана жыпар жытты жактырбаган аял болбойт. Тер жыттанып кир кийим кийген эркектен аялдын көңүлү бат калат;
5. Үй аял үчүн мамлекет. Анда аял өзүн падыша сезсин. Анын падышалык тактысын кулатып койбо. Тактысынан айрылган падыша эртели- кеч өч албай койбойт.
6. Аял сага кызмат кылуу менен бирге, үй - бүлөсүн да четте калтырбайт. Ошондуктан, өзүң менен анын үй- бүлөсүн да бирдей даражада алып жүр;
7. Аялдар ийри кабыргадан жаралганын унутпа. Бул айып эмес," каштын көркүн - ийрилиги айгинелейт" эмеспи. Аны түздөөгө аракет кылба, сындырып алууң мүмкүн;
8. Аялдар жакшылыкты бат унутуучу болот. Эгер ага өмүр бою жакшылык кылып, бир жолу жамандык кылып, кемчилдик кетирсен," сенден эч жакшылык көрбөдүм" деп айта берет. Сен буга көңүл бурба.
9. Аялдар табиятынан назик, алсыз жаратылган, ошондуктан Алла Таала аларга кээде( этек кири келгенде, төрөгөндө) намаз окуу, орозо кармоодо да жеңилдик берген. Бул учурларда сен да ага жеңилдик кылып, жардам беүүнү унутпа;
[font=inherit]10 . Аял- сенин туткунун сыяктуу. Туткунга жакшы мамиле кылсаң. ал сага өмүр бою жан шеригиң болуп жүрө берет.
[font=inherit][font=inherit] [font=inherit][size=2] -
Темасы: Таасирлүү окуялар
Жазылган күн: 25 Июл 2017
Кабырдагы жигиттин арманы
Соолих Мари (рахматуллохи алайхи) айткан: «Күндөрдүн биринде бейшемби күнү, түндүн акыркы бөлүгүндө эртең мененки намазды окуу үчүн мен мечитке бара жаткам. Таң ата элек болчу. Мен бара жаткан жолдо мүрзө бар эле. Ошол жерде бир мүрзөнүн алдына отурдум. Отураарым менен уктап кетиптирмин. Түшүмдө баардык мүрзөлөр ачылып өлүктөр чыгып бири менен бири кубанычтуу абалда сүйлөшүп жатышты. Ошолордун арасында кийими кирдеген капалуу бир жаш жигит да мүрзөдөн чыгып бир тарапка отурду, бир аздан кийин асмандан көп периштелер түшүштү. Алардын колунда идиш бар экен, идиштин үстү нурдан болгон жоолук менен жабылган. Алар ар бирине идиш берип жатышты. Идиш алгандар мүрзөсүнө кирип кетип жатышты. Баардыгы алып бүткөндөн кийин, жаш жигит эч нерсе албастан мүрзөсүнө жөнөдү. Мен андан сурадым: «Сен эмне үчүн капалуусуң? Ал эми бул эмне деген такталар?» Ал айтты: «Бул тирүүлөр өзүнүн өлүк туугандарына белек кылып жиберген идиштер. Мага жибере турган эч ким жок. Болгону жалгыз энем бар. Бирок, ал байлыкка батып калган. Башкага турмушка чыгып, күйөөсү менен алек, мени эстеп да койбойт». Мен анын энесинин жашаган жерин сурадым. Эртеси күнү ошол дарек боюнча барып, энесин парданын артына чакырып, баласы туурасында сурап түшүмдү айтып бердим.
Аял: «Ооба ал менин жанымдай көргөн балам болчу. Аны өз колум менен өстүргөм». Анан ошол аял мага миң дирхам берип: «Муну менин баламдын атына садака кылгын! Мен эми ал үчүн дуба жана садака кылып, эч качан аны унутпайм» - деди.
Соолих (рахматуллохи алайхи) айтат: «Мен түшүмдө ошол элдерди дагы баякындай абалда көрдүм. Баякы жаш жигитти да кубанычтуу абалда көрдүм. Ал мага карап чуркап келип айтты: «Эй, Соолих! Алла Таала сага жакшылыктарды берсин. Сениң белегиңди алдым». (Ровз) -
Темасы: Таасирлүү окуялар
Жазылган күн: 24 Июл 2017
Бир хадисте келген: «Эртең менен эрте туруп садака берип жүргүлө, себеби балээ садакадан озуп кете албайт».(Таргиб)
«Садака Алла Тааланын ачуусун басаңдатат жана жаман өлүмдөн сактайт». (Мишкат) Аалымдар жазышкан: «Садака өлүм келген учурда шайтандын азгырыгынан сактайт, кокустуктан келген өлүмдү тосот».
Кыскасы жакшы өлүмгө (ыйман менен өлгөнгө) жардамчы болот.
Бир хадисте келген садака кабырдын ысыктыгын кетирет.
Адам кыямат күнү өзүнүн садакасынын көлөкөсүндө болот. (Канз) башкача айтканда, канчалык садака көп берген болсо, ошончо көлөкө чоң болот. -
Темасы: Илимдүүлөргө суроо
Жазылган күн: 7 Июл 2017
-NURIK- (07 Июль 2017 - 01:17) жазган:
Анан бир суроо мен мечитке кирсем жамаат намаз окуп жаткан болсо мага канчанчы рекет экени белгисиз болот да, эми мен
жамаатка кантип кошулуп намаз окуп кетем ?
Белгилүү эле болот. Жамаатка кошулуп аягында Имам эки жака салам бергенден кийин сиз туруп калган ракааттарды толуктайсыз. -
Темасы: Имбирь тамырын колдонгондор барбы
Жазылган күн: 6 Июл 2017
Дагы кененирээк жазгылачы имбирь тамыры боюнча.
Комментарийлер
jakshylyk ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?