Ооруп турат жүрөгүм.. Жашоо. Турмуш. Үй бүлө.
#1 08 Февраль 2018 - 04:11
Амансыздарбы,
урматтуу форумчулар.
Жүрөк сыры демекчи, жөн гана жүрөктөгү сырымды эмес, жашоомдогу болуп жаткан кырдаалды, турмуштун өйдө ылдыйына калчаганына алым жетпей сиздерден кеңеш сурайын деп , а балким дем күч алайын деп жазып аткандагы кербезим.
Сөз башынан болсун. Жашым 20 да. Мектепти бүтүп өзүм каалаган окууга тапшырдым. Жаңы чөйрө, жаңы достор. Окуу да башталып, үйдөгүлөргө оорчулук жаратпайын деп
жан далбастап күчүмдүн болушунча жакшы окуганы аракет кылдым. Окууну бүтөөрүмө бир жыл калганда үйгө өзүбүздүн эле айылдан
жуучу келди. Ата энем өзүң ойлонуп чечим чыгар деп тандоону мага коюшту. Ал убакта ал бала мени сүйөөрүн , мени күтүп жүргөнүн, дагы толгон токой жакшы сөздөрдү айтып аракет кылып жүрдү. Ушул убака чейин жигит жандап көрбөгөн жаным анын сөздөрүнө ишенип, " Сен сүйгөндү эмес, сени сүйгөндү сүй." деген сөздү туу тутуп макулдугумду бердим. Ошентип той болду , тойдун эртеси да болду. Күйөөмдүн ата энеси кичүү кезинде эле каза болуп калган. Кайын сиңдим окууда , үйдө экөөбүз эле калабыз. Болушунча кызматымды кылганы аракет кылдым. Жакшы эле жашап аттык. Бирок, кыркыбыз чыкпай жатып болор болбос нерсе үчүн биринчи ирээт колу тийди. Турмуш, мындай нерселер болуп турат деп унуттум. Баягы мени сүйөм деген, көзүмдү караган адам заматта башка адамдын кейпин кийип калды. Кээде туруп тойго чейинки адам менен тойдон кийинки адам таптакыр эле башка адамдай болуп өзгөрүп, ишене албай кетчүмүн. Убакыт өтө берди. Ошентип өзүмдү жооткотуп жүрүп себепсиз эле уруп, тээп, сабап салчуу болду. Ал ортодо боюмда да болуп кайра түшүп калды. А күйөөмдүн мамилеси ошол ошол. Башка нерсеге жини келип турса да мага келип , күчүн менден чыгарчуу адат тапты. Колуна илешкен нерсе менен уруп , менин катачылыгымды гана издеп калды. Ага жагынайын деп үйгө кирип аялдын , сыртка чыгып талааны ,мал жанды өзүм жайгарып эркектин ишин кылып калдым. Ушундан көрө бизге баш болгон кайын ата кайын энем болсо го, атаганат.. Лечение алып жүрүп боюмда бүтпөй, төрөбөс атка да кондум. Аба алмаштыралы , биз да чет жака чыгып иштеп келели деген сөзүмө , балалуу болбой эч жака кетпейм , иштебейм деп туруп алды. Макул дедим. Менин боштугум, анын көзү менен тең айланганым аны көптүрүп жибердиби , айтоор кет дей баштады. " Сени менен жашабайм, үйүңө кет. Жүк тагыңды да алып кет. Үйдү кулпулап, иштеп келип башкага үйлөнөм." деп кулагыма куя баштады. Кете алган жокмун. Кеткен чакта да ата энеме эмне деп айтам? Аларды ойго салгым келбеди. Төркүнүмө баратканда "Ылайым эле кайра келбей калсаң экен. " деп узатып калчу. Бир күнү дайымкыдай эле ошол сөздөрүн сүйлөп аткан. Унчукпай өз ишимди кылып атсам
- Эмне кетпейсиң ? деп сабап салды. Эптеп кеч кирип уктап калгам. Эртеси капыстан иним келип калды. Көрсө кечинде телефонума чалышса албай калыпмын. Кыжалат болуп келген экен. Бети башымдын көгөргөнүн көрүп , ой боюма койбой алып кетти. Ата энеме болгонун айттым. Бир жумадай үйдө жүрдүм. Чыккан кыз чийден сырткары демекчи , турмушка чыккан соң өз үйүңдө да жат болуп калат экенсиң. Атам күйөөмдү кел сүйлөшөлү десе араң келди. Болгон күнөөнү мага оодарып , өзү суудан курук чыга келди. Апам жаша деди. Дагы бир аракет кыл, жазга чейин көр деп жолго салды. Жаз өттү , жай өттү, күз да өттү.. Баягы , баягы жашоо. Ичип келип урмай, сөкмөй.. Дале болсо ошол сөздөрдү айтып жүргөн чагы. Ажырашайын дегеним менен кийинки жашоом кандай болот деп ойлоном. Турмуштан, күйөө аттуудан көңүлүм көк таштай калды.
Баса, докторлор менин төрөшүмдү, проблема күйөөмдүн ден соолугунда экенин айтышкан. Лечение алып да көрдү. Бирок өзүндө аракет жок.
А мен болсо, жакшы жашоодон , деги эле күйөөм менен өмүр бою жашап кетээриме көзүм жетпей калды. Жашоом туман болуп калды. Кайсы жазыгым үчүн бул азаптарды тартып атканымды да түшүнбөйм.. Күйөөмдүн мени менен иши деле жок. Турмушка чыгып жаткандагы аруу тилектеримди таш каптады. Түнт болуп үйдөн чыккым келбей кыйналып кеттим аябай . Мындан ары кандай жол тутаарымды билбей нес болуп жүргөн убагым.
Кеңешип кескен бармак оорубайт дегендей, Рая апага окшогон турмуштун ачуу таттуусун , оор кыйышын көргөн адамдардын кеңеши мага аябай керек болуп жаткан учуру. Сиздердин ар бир кеңешиңиздер мен үчүн маанилүү.

#3 08 Февраль 2018 - 04:27
#5 08 Февраль 2018 - 09:53
Respect. (08 Февраль 2018 - 04:27) жазган:
Теманы аягын чейин окугуча жүрөк сыгылып адамды кыжаалат кылып ийдиң го. Лейзи кыз качан турмушка чыгып, жаз күз кыш өткөрүп ийди экен деп коём...
Мен да кыжаалат болуп кеттим.Тиешеси жок болсо экен деп коем.
Т.б.Ажырашып эле кет.2-3жыл жашабайсын, бир омур жашайсын.Умут такыр жок болсо эмне кереги бар,малдан ылдый адамга гул омурду кор кылып
#8 08 Февраль 2018 - 19:23
Рая ападай копту коргон, баарын токтоолук менен чечкен инсандар да кенешин беришээр.
А менин оюм балким Кудайым сизге жол ачып аткан болбосун. Эгер балалуу болсонуз анда байланасыз да каласыз. Балким сизди башка бироо менен жаркын жашоо, жаркылдаган бала чака кутуп тургандыр.Балалуу болсок озгорот деген умутунузду четке таштаныз, мындай адамдан балдарыныз кандай тарбия алат да, кандай комок корот. Жаштайын ур токмок, согуш кара жумуш кутуп турган болбосун. Эгер озунузду ойлобосонуз да келечектеги балдарынызды ойлосонуз болмок, балага ата болчу инсанды сиз тандап тийип аткандан кийин, балага ата катары жакшы жаман мамиле кылганына да сиз себепчисиз. Элестетип кордунузбу балдарыныз бурчта ичтен сызып ыйлап отурса, сизди куйоонуз согуп уруп атса. Эркектин баары эле жаман эмес, буюрса жакшы адамга да жолугаарсыз жаш да экенсиз.
Эркектин балдарына берген эн чон белеги бул алардын апасына болгон урмат сыйы,суйуусу.
Ушинтип келтегин жеп журуп майып болуп калсаныз эмне болот ойлонуп кордунузбу? Ата-энениз гана козу откучо карайт, андан кийин Кудай эле сактасын.
Азыр сиз жалан гана жашоонун жаман жактарын ойлоп, мээнизге синирип, эч бир жакшы ой жок, эч бир акыл калчап кадам таштаганга аракетиниз жок болуп депрессияга тушуп калгандайсыз. Бул сиздин жашоо аны эч ким сиз учун жакшы жашап бербейт, эч ким жашоонузду гулдотуп ийбейт эгерде озунуздон аракет болбосо. Баарын озунуз сезип коруп билип турасыз, башка бироого караганда да озунуз баарын жакшы тушуносуз. Демек жакшылап отуруп акыл калчап кадам таштаныз. Бир ирет адашыпсыз, эми дагын адашпаныз. Али жашсыз омурунузду Кудайым узуун кылса жашоонуз али алдында, баардык жакшылыктарга аракет кылсаныз жетишесиз. Жаш эле озунузду жакшы жашагандардын катарынан чийип салбаныз.

#9 08 Февраль 2018 - 19:37
Балалуу боло электе ажырашканын туура!
Бала байлайт, озунду эмес баланды деп жашап каласын.
Азыр эмнеден умут кылып турасын?
Жаш экенсин, денсоолугунду, нервинди кетирбей,оз алдынча жашоого аракет кылып кор!
Иште, оку, керек болсо дуйнону кыдыр, кордун эрдин кандай экенин, анан шашпай турсан, бир кун сенин кадырына жетээр жан табылат!

#10 08 Февраль 2018 - 19:37
lunaTik1 (08 Февраль 2018 - 19:23) жазган:
Рая ападай копту коргон, баарын токтоолук менен чечкен инсандар да кенешин беришээр.
А менин оюм балким Кудайым сизге жол ачып аткан болбосун. Эгер балалуу болсонуз анда байланасыз да каласыз. Балким сизди башка бироо менен жаркын жашоо, жаркылдаган бала чака кутуп тургандыр.Балалуу болсок озгорот деген умутунузду четке таштаныз, мындай адамдан балдарыныз кандай тарбия алат да, кандай комок корот. Жаштайын ур токмок, согуш кара жумуш кутуп турган болбосун. Эгер озунузду ойлобосонуз да келечектеги балдарынызды ойлосонуз болмок, балага ата болчу инсанды сиз тандап тийип аткандан кийин, балага ата катары жакшы жаман мамиле кылганына да сиз себепчисиз. Элестетип кордунузбу балдарыныз бурчта ичтен сызып ыйлап отурса, сизди куйоонуз согуп уруп атса. Эркектин баары эле жаман эмес, буюрса жакшы адамга да жолугаарсыз жаш да экенсиз.
Эркектин балдарына берген эн чон белеги бул алардын апасына болгон урмат сыйы,суйуусу.
Ушинтип келтегин жеп журуп майып болуп калсаныз эмне болот ойлонуп кордунузбу? Ата-энениз гана козу откучо карайт, андан кийин Кудай эле сактасын.
Азыр сиз жалан гана жашоонун жаман жактарын ойлоп, мээнизге синирип, эч бир жакшы ой жок, эч бир акыл калчап кадам таштаганга аракетиниз жок болуп депрессияга тушуп калгандайсыз. Бул сиздин жашоо аны эч ким сиз учун жакшы жашап бербейт, эч ким жашоонузду гулдотуп ийбейт эгерде озунуздон аракет болбосо. Баарын озунуз сезип коруп билип турасыз, башка бироого караганда да озунуз баарын жакшы тушуносуз. Демек жакшылап отуруп акыл калчап кадам таштаныз. Бир ирет адашыпсыз, эми дагын адашпаныз. Али жашсыз омурунузду Кудайым узуун кылса жашоонуз али алдында, баардык жакшылыктарга аракет кылсаныз жетишесиз. Жаш эле озунузду жакшы жашагандардын катарынан чийип салбаныз.
А менин оюм балким Кудайым сизге жол ачып аткан болбосун. Эгер балалуу болсонуз анда байланасыз да каласыз. Балким сизди башка бироо менен жаркын жашоо, жаркылдаган бала чака кутуп тургандыр.Балалуу болсок озгорот деген умутунузду четке таштаныз, мындай адамдан балдарыныз кандай тарбия алат да, кандай комок корот. Жаштайын ур токмок, согуш кара жумуш кутуп турган болбосун. Эгер озунузду ойлобосонуз да келечектеги балдарынызды ойлосонуз болмок, балага ата болчу инсанды сиз тандап тийип аткандан кийин, балага ата катары жакшы жаман мамиле кылганына да сиз себепчисиз. Элестетип кордунузбу балдарыныз бурчта ичтен сызып ыйлап отурса, сизди куйоонуз согуп уруп атса. Эркектин баары эле жаман эмес, буюрса жакшы адамга да жолугаарсыз жаш да экенсиз.
Эркектин балдарына берген эн чон белеги бул алардын апасына болгон урмат сыйы,суйуусу.
Ушинтип келтегин жеп журуп майып болуп калсаныз эмне болот ойлонуп кордунузбу? Ата-энениз гана козу откучо карайт, андан кийин Кудай эле сактасын.
Азыр сиз жалан гана жашоонун жаман жактарын ойлоп, мээнизге синирип, эч бир жакшы ой жок, эч бир акыл калчап кадам таштаганга аракетиниз жок болуп депрессияга тушуп калгандайсыз. Бул сиздин жашоо аны эч ким сиз учун жакшы жашап бербейт, эч ким жашоонузду гулдотуп ийбейт эгерде озунуздон аракет болбосо. Баарын озунуз сезип коруп билип турасыз, башка бироого караганда да озунуз баарын жакшы тушуносуз. Демек жакшылап отуруп акыл калчап кадам таштаныз. Бир ирет адашыпсыз, эми дагын адашпаныз. Али жашсыз омурунузду Кудайым узуун кылса жашоонуз али алдында, баардык жакшылыктарга аракет кылсаныз жетишесиз. Жаш эле озунузду жакшы жашагандардын катарынан чийип салбаныз.
Туура айтасыз 100%кошулам
#11 08 Февраль 2018 - 20:10
Алганга чейин - алтыным, Алгандан кийин -катыным"
болуптур да!
" Турмуш - тырмыш" деген созду коп уктум. Качанга чейин тырмышмаксыз. Балалуу болуп, балдар менен байлангычакты, биротоло токтотконунуз он го дейм.

#12 14 Февраль 2018 - 15:29
#13 14 Февраль 2018 - 15:31
#14 14 Февраль 2018 - 16:48
Эмнени үмүт кылып атасыз?балалуу болсом өзгөрөт деппи??жок өзгөрбөйт балаңыз да кыйналат жана өзүңүз.Бул жашоо бир келет бизге жакшы жашоого,бактылуу болууга умтулуңуз.Азыр илгерки заман эмес ажырашсаңыз деле эч ким кеп кылбайт,эл эмне дейт деп өзүңүздү кыйнабаңыз.
.тем более балалуу боло албаса бекер эле убакыт коротпой ажырашып жашооңузду оңдоңуз.Ажырашып эле күйөө издеп аңгактан качса дөңгөккө туш болбоңуз 5-6жыл иштеп материалный состояние топтоңуз жылдар өтүп жакшы адамга да жолугасыз
#15 14 Февраль 2018 - 17:39
Козун карап отура бербей оз алдынча кет, балалуу болсон ото татаалдашып кетет
#16 14 Февраль 2018 - 20:21
Бул бир жактын коз карашы ал Эми Экинчи жактын коз карашы башкадыр, аны билуу учун туз суйлошуу керек, жолдошунан сурап корбоппу не себептен антип жатканын, балким ал дагы уйлонуп жатканда башка нерсе кутсо керек,кантип эле уйлонуп эле кубалап жиберем деп уйлонмок эле эч Ким зордобосо. Ал дагы умуттор менен уйлонгондур.
Адам эмнени коргусу келсе ошону гана корот дейт эмеспи, балким ал жолдошунан жамандык гана кутуп калгандыр, ойлор ишке ашат, жакшылыктарды ойлоп корсун. Акылдуу болуп кеттимби. ажырашыш оной сактап калыш кыйын, а бакытка карай жол кыйынчылыктардан турат да. Француз киносу бар "жашоо менин козум менен" деген жубайынын козу менен коргозот, аял эмгектенип жакшы жашоого умтулат жолдошун алдыга суйройт. Кайра эле ошол кинону жолдошунун козу менен чагылдырат
Ал аялы менен башка жонокой гана жашоону каалаганын аялы андан отуп коп эмгектенкенин каалабаганын озун аялынын алдында басынып калгандай сезгенин, кызганганын коргозот. Ортодо жон гана ачык суйлошуу жетишпейт, Ким эмнени каалап жатканын айтуу гана. Ошол себептен суйушуп уйлонгон эки жаш ажырашат. Бул турмушта болуп турчу корунуш.

#17 17 Февраль 2018 - 20:02
zarem.a (14 Февраль 2018 - 16:48) жазган:
Эмнени үмүт кылып атасыз?балалуу болсом өзгөрөт деппи??жок өзгөрбөйт балаңыз да кыйналат жана өзүңүз.Бул жашоо бир келет бизге жакшы жашоого,бактылуу болууга умтулуңуз.Азыр илгерки заман эмес ажырашсаңыз деле эч ким кеп кылбайт,эл эмне дейт деп өзүңүздү кыйнабаңыз.
.тем более балалуу боло албаса бекер эле убакыт коротпой ажырашып жашооңузду оңдоңуз.Ажырашып эле күйөө издеп аңгактан качса дөңгөккө туш болбоңуз 5-6жыл иштеп материалный состояние топтоңуз жылдар өтүп жакшы адамга да жолугасыз
***.
#19 18 Февраль 2018 - 03:56
Ийри жыгач туз болбойт деп коюшат. Сизди сыйлабаса барктабаса эмнеге адамдык сапатынызды кетирип журосуз. Суйбогонго суйкунбо дегендей эле, эгер сизди суйбосо хоть 10 бала торосонуз деле барккынызды билбейт. Жапжаш экенсиз али баары алдыда.
#20 22 Февраль 2018 - 16:39
Адамдар бироого кор, бироого зар деп коюшат эмеспи,андыктан баркынды билбегенге кадырынды кетирбей ажырашып жаны жашоо башта.Сен бул жарык жашоого бир гана жолу жараласын!
Бактылуу бол!