Aijan06 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 46 (0,01 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (27 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 22 Март 13
- Кароолор:
- 15 840
- Соңку аракети
- 01 Ноя 2021 17:31
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 35 жашта
- Туулган күнү:
- Ноябрь 21, 1988
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- бишкек
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
- Skype:
- aijana0611
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: 116 камера
Жазылган күн: 12 Окт 2021
САЛТАНАТ ЭЖЕНИН КАЛЕМИНЕ ТААНДЫК БОЛГОН ОКУЯНЫН НЕГИЗИНДЕ ЖАЗЫЛГАН ЧЫГАРМАСЫ...
ОКУП ЖАНА ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ. .. -
Темасы: 116 камера
Жазылган күн: 12 Окт 2021
4-БӨЛҮМҮ...
Уктап жатканмын,апам тур сени издеп келишиптир дегенде ким деп карасам, полиция кызматкерлери экен.Жур отделениеге деп мени алып кетип атышканда,мен түшүнгөн жокмун.Мени менен ээрчип барган апам, отделениеге жеткенде мен төрөп,баламды таштап кеткенимди угуп,ким атасы,эмнеге айткан жоксуң деп ыйлап кирди.Мен атасы ким экенин айтып бергенде,оозу ачылып,биз баланы алабыз,бала каерде деп тергоочудон сурады эле,бала ооруканада деп айтышты.Корсо мен баламды таштап кеткенден кийин,ошол жерден өтүп кетип аткан орус бала таап,тез жардам, полиция чакырыптыр. Мени кантип таап алышкан билбейм,мени сурак кылышып,алгач ивске,кийин сизого киргизилдим. Алгач 125 статья коюшкан эле,балам ооруканада суукта көп жатып калгандыктан тоңуп өлүп калыптыр.Андан кийин статьясы 105 ке өзгөртүп,116- камерага алып киришти.Жакында сотум болот,апам болгон акчасын кетирип адвокат алган,билбейм сот канча жыл берет деген Райкандын айтканын угуп,жиним келип,боорум ооруганы менен өзүм дагы баламды өлтүрдүм го.Коп өтпөй Райканга сот сегиз жыл эркинен ажыратуу чечимин чыгарып, аппеляция жазганы менен мурдагы соттун өкүмүн күчүндө калтырды.Сот бүткөндөн кийин бир айга жетпей Райкан этап менен зонага кетти,аны кандай тагдыр күтүп турганы,азыр эмне болду чынын айтсам билбейм.Аялдар отурган сизодо телефон жок,тергөөчүгө ходатайство жазсаң, үйдөгүлөр менен сүйлөшкөнү уруксат берет.Эгерде сен сизо кызматкерлеринин стукачы болсоң,алар күн сайын үй менен сүйлөшкөнү уруксат берет.Стукач болгондон кийин зонага барганда аларды жакшы тагдыр күтүп турбайт экенин уккандан кийин, өзүмдүн статьям оор, жөн эле жүрөйүн деп стукач болгону макул болгон жокмун.Сизодо мушташ,болбогон нерседен талаш болуп турат.Атам байкуш менин камалып калганымды уккандан кийин жашап жаткан үйүбүздү сатып,Москвага келип адвокат жалдап мени чыгарып алганы аракет кылды.Адвокат мени чыгарып алган жок,бирок 105статьямды 106 статьяга өзгөртүүгө жардам берди.Ушуга да шүгүр деп калдым.106- статья коюлгандан кийин башка камерага которулдум. Ал жерде баары баласын өлтүргөндөр же өлтүргөнү аракет кылган кыз келиндер отурат.Ар улуттан бар,кыргыздардан жалгыз менмин.Бул камерада баарыбыздын статьябыз окшош үчүн бири бирибизге тийишпейбиз. Эми он сегизге чыккан өзбек кыз бар,ошол экөөбүз бирге тамактанабыз. Сизодо семейка болбосон кыйналып каласың.Ал кыз үйүндө төрөп,кухнянын айнегинен баласын ыргытып салыптыр.Эртен сот деген күнү уктабай чыктым,канча жыл берет экен бошотуп койсо жакшы болмок деп Кудайга жалынып чыкканым жардам бердиби билбейм,мени сот үч жыл эркимен ажыратты.Адвокатым аппеляцияга жазганы менен пайда чыккан жок.Эки күн мурда анализ тапшыр деген түрмө кызматкери этапка даярдап жатканын сездим,эки күндөн кийин таң атпай этапка алып кете турган кыздарды текшерип,автозак менен алып жөнөштү.
Сиз кетип калсаңыз мен эмне болом деген Мавлюда,мени ыйлап узатып калган.Автозак менен вокзалга алып келгенин,бизди поездге салып атканда билдим.Бир топ күндөн кийин Красноярскийдеги 22 ик келдим.Мен поездде кетип атканда көп жолу түрмөгө отурган орус аял сенин статьян оор,эгер өзүнө жооп бере алсаң,сага эч ким тийбейт,статьяга карабайт дегенинен абакка келгенден кийин карантин бүтүп,секцияга келгенимде менин статьямды баары угуп,бир орус аял келип мени уруп кетти.Калганы карап турушту.Мен кичинемде спорт менен машыгып келгендиктен орусту уруп салдым.Башкалары ой,да ну деп бизди тегеректеп турушат.Карантинден секцияга чыккан күнү шизого киргизилдим. Шизодо үч күн көрбөгөн күндү көрдүм.Шизодон секцияга келсем,баары башкача карап калыптыр.Корсо отряддын эң кыйын дегенин уруп салыпмын.Статья 106 болгонуна карабай,мага эч ким жаман сүйлөбөйт.Бирок жададым.Кундо эрте менен саат алтыга он беш минута калганда турабыз,он беш минутада бетибизди жууп,зарядкага туруп калышыбыз керек.Ар бир отряддын өзүнүн физрук болот.Ал кандай кыймыл кылса ошондой кылуу керек, күлгөнү,бири бирибиз менен сүйлөшкөнү мүмкүн эмес.Оозунун кыймылдаганын көрсө нарушение.Ар отряддын өзүнүн убактысы бар,андан кийин тамактанганы столовойго жөнөйбүз.Ал жерден чыгып жаткан жерибизди карайбыз,жаткан кроватта чаң болбош керек,очередь менен коридор жууп чыгабыз.Эгерде кичине чан көрсө ал дагы нарушение,баары жалтырап туруш керек.Атайы санитарный отряд бар,ошолор текшерет,кичине жерден чаң чыкканы болбойт.Андан кийин чайыбызды алып,ишке жөнөйбүз.Аялдардын зонасында блатнойлор бар,алардын сөзү өтүмдүү.Мен уруп койгон аял дагы блатной экенин кийин уктум. Иштеген жерибиз чоң тигүү цехи,эрте менен ишке келээрибиз менен оор материалдарды берет,мен аны алып он үч метрлик столго коюп,материалдарды тегиз кылып кыркып кыздарга берем,кыйшатпай тептегиз кылып кыркып берүү керек.Зонада дагы семейка болуп жашашат,башына жалгыз элем,кийин бир цыган аял экообуз семейка алганбыз.Кундон күнгө менин бригада менен мамилем жакшы боло баштады.Саат төрткө чейин иштеп болуп,чыгып атканда шмон кылып чыгарат.Эгерде бир кайчы жетпей калса,ошол кайчы табылбаса бригада чыкпайт,иштен чыгып атканда чуркап кеткени дагы мүмкүн эмес.Иштен кийин бети колубузду жууп,ушул убакта бош убакыт болот, үйгө кат жазып үлгүрөбүз.Ошол убакта завхоз келип хоз работага алып кетет.Хоз работага баары чыксын десе баарыбыз чыгабыз,болбосо беш штук сигарет берип, өзүнө жооп бере албаган,статьясы меникиндей кыздар иштешет.Эки смен менен тигүү цехинде иштейбиз.
Түрмөдө отурганда көп нерсени ойлонуп,бардык күнөө өзүмдө экенин сездим.Москвада эч кимим жок,бирөөлөргө передачка келсе,мага эч нерсе келбейт.Жашоо оор болсо дагы,айла жок өзүм күнөөлүү үчүн чыдап жүрөм.Мен адаштым,катуу адаштым.Эгерде сени суйгон бала болсо,эч качан жаман жолго баштабайт.Окууга тапшырып,контракт акчасын төлөй албай,Москвага иштеп келем деп мынтип түрмөдө отурам.Кызымды түрмөдөн чыгарам деп атам жашап жаткан үйүбүздү сатып,карыганда Бишкекке көчүп келип,жаңы конушта квартирада жашап жүрүшөт.Уй бүлөөдө уул жок, үч кызбыз, менден кийинки сиңдим турмушка чыккан,аны да күйөөсү мас болуп келип эжең зек деп урат экен.Эн кичине сиңдим мектепте окуйт.Менин камалганымды уккан апам ооруп калыптыр,атам апамын дарысына,сиңдимдин мектебине кийим кече кылам деп эртеден кечке базарда араба түртүп иштеп атат .Атам жоош киши болчу,базарда атамдын акысын бербей же арабакеч деп кемсинтип атышкандыр деп эстеп,жашымды токтото албай ыйлап алам.Мен жакшы кыз болсом карыган ата энемди бирөөнүн сыз үйүнө квартирант кылып койбойт элем.Айлык алаарым менен атама телефон чалам,атамдын курсулдоп жөтөлгөнүн укканда заманам тарып,өлүп алгым келет.Сизодо толук бир жыл отурдум,отурган бир күнүм бир жарым күнгө эсептелип,бир жарым жыл срогум сизодо өттү,зонага келгениме беш ай болду,дагы толук бир жыл эки ай отурсам буйруса зонадан чыгам.Андан кийин ата энем үчүн иштеп,аларга үй алып беришим керек.Кантип, качан үй алып берем,ата энем карыганда мен үчүн кор болушту деп көп ойлоном.Апамын жүрөгү ооруп,азыр ишке жакшы жарабай калганын,апам менен сүйлөшүп атканда энтигип дем алганынан билип калдым.Байкуш ата энем ооруганына карабай,биз жакшыбыз,эч нерсе эмес кызым, үй табылат эң башкысы сен аман бол,адашпаган пенде болбойт,биздин кызыбыз боюнча каласың,көп ойлонбо деп турушат.Кантип ойлонбойм,урматтуу кыздар мен баскан жолду силер баспагыла,айрыкча аялын жамандап менин көңүлүм жок деген эркек менен мамиле кылбагыла.Эгер мен алданбаганда менин теңим чыгып,бактылуу жашайт белем?Сенсиз жашай албайм,бари бир үйлөнөм деп төшөккө сүйрөгөн эркектерден алыс болгула,мен кетирген катаны кетирбегиле! Жакында кыш келет,көз алдыма таңга маал арабасын сүйрөп,башын бир жакка шылкыйтып кетип аткан байкуш атам элестейт,суукта титиреп оор жүктү көтөргөн,ар кимге дорога деп кыйкырган,арабакеч көзүн жокпу деп бирөөдөн сөгүш уккан атакемдин эстегенде көзүмөн жаш токтобойт деп сүйлөп атканда телефон тык тык тык деп токто калганынан карточкасында акчасы түгөнүп калган окшойт,айла жок телефонду өчүрдүм.Урматтуу окурман калган жыйынтыкты өзүңүздөр чыгарып алыңыздар! Бул окуяларды жазуу мен үчүн оор,бирок бирөөнүн кетирген катасынан башка кыз сабак алса деген ойдо сиздерге жеткиргени аракет кылдым
АЯГЫ... -
Темасы: 116 камера
Жазылган күн: 12 Окт 2021
4-БӨЛҮМҮ...
Уктап жатканмын,апам тур сени издеп келишиптир дегенде ким деп карасам, полиция кызматкерлери экен.Жур отделениеге деп мени алып кетип атышканда,мен түшүнгөн жокмун.Мени менен ээрчип барган апам, отделениеге жеткенде мен төрөп,баламды таштап кеткенимди угуп,ким атасы,эмнеге айткан жоксуң деп ыйлап кирди.Мен атасы ким экенин айтып бергенде,оозу ачылып,биз баланы алабыз,бала каерде деп тергоочудон сурады эле,бала ооруканада деп айтышты.Корсо мен баламды таштап кеткенден кийин,ошол -
Темасы: 116 камера
Жазылган күн: 12 Окт 2021
3-БӨЛҮМҮ...
Мени үйгө жеткирип койгон Бакыт аке,эми акылын менен бол карындашым деп кетти.Макул эми мындай кайталанбайт деп бир күн мурда көргөн Бакыт акеге убадамды берип,квартирага кирдим.Жакшы үйдө апам жок экен,саатты карасам үч,телефонумду жандырсам апамдан көп жолу званок,смс келиптир.Апама чалып,мен үйдөмун,кече телефондун заряды өчүп калды,чогуу иштеген кыздын туулган күнүндө элем,апа кечирип коюн деп айтып, жуунуп чыгып,Адилге жолукканы жасанып,жөнөп кеттим.Метрого кирсем Адил аке күтүп туруптур.Жур бир жерге барып отуруп келели,мен сүйлөшүп койгонмун,бир эки саат отуруп келебиз деп ээрчитип жөнөдү.Каршы болбой Адилди ээрчип жөнөдүм,бир метрого баргандан кийин экообуз сыртка чыгып магазинден эмне ичесиң деп мага сок, йогурт,шоколад алып,өзүнө пиво алды.Ак пакетти көтөрүп,мени ээрчитип метродон алыс эмес жерге мейманканага алып барды.Бул жерде эмне кылабыз десем,жөн эле сүйлөшүп отурабыз деген Адил экөөбүз квартирага кирип,пиво ичип ,иш кандай,бүгүн эмнеге ишке барбадын деп сүйлөшүп отуруп,экөөбүз кантип өбүшүп кеткенибизди билбей калдык.Уч саатка алганмын,азыр кетебиз деп аткан Адил акеге кантип макул болгонумду билбейм,кечеги апамдын ойношу бүгүн мени намысымдан ажыратып койду.Райкан кечир кече ичип эркектер менен жүргөнүндөн, мен сени бузулган кыз деп ойлопмун,мени кечирип кой деген Адил сага үйлөнөм,бирок деген жери бар деп үшкүрүнүп калды.Уч саат убакыт өтүп,экөөбүз ээрчишип чыгып,мен апам иштен келгиче үйгө барып калдым.Адил мага үйлөнсө кандай болот,өмүр бою апамдан кызганып өтөмбү деп ойлонуп жатып,апам иштен келгиче уктап калыпмын.Райкан тур кызым ишке бар деп ойготкон апамды көрүп таңдын бат атканын көрүп,зорго ордумдан туруп,ишке жөнөгөнү даярдана баштадым.Кантип ушул ишке бардым,эми эмне болот деп ойлонуп,оюмдун түбүнө жетпей койдум.Арадан бир жума өтпөй,Райкан мен Кыргызстанга кетип атам,кетээрде унчукпай кетпей сени менен жолугуп сүйлөшүп кетишим керек деген Адилге макул деп жолукканы бардым.Бул жолугушуу мурдагыдай үч саатка алынган мейманканада болду,бирок бул жолу эч кандай спирттик ичимдик жок эле.Райкан сени апаң мага күйөөгө бербейт,урушуп кеткенбиз деген Адил аке,апам менен жүргөнүн айткан жок.Мен дагы сыр бербей,апам менин тагдырымды чечпейт,өзүңүз кылган ишке өзүңүз жооп бересиз,апама айтканда сизди милицияга берет эле.Кыргызстанга барып башка кызга үйлөнсөңуз менин тагдырым эмне болот десем,баары жакшы болот, кабатыр болбо деген Адил мейманканадан чыккандан кийин үйгө узатып койду.Сага билет алганда айтып коём деген Адил аке билет алганда эмес,самолетко отурганда Райкан мени кечир,мен сага үйлөнө албайм,аны апаңдан сура,бактылуу бол деп смс жазып,мени блоктоп салыптыр.
Райкан дал ушул жерге келгенде,камераны караган аял прогулка деп калды.Жур калган сөздү сыртта аба жутканча сүйлөшөбүз деп,Райкан мени ээрчитип сыртка алып жөнөдү.Баарыбыз тизилип сыртка чыктык,түрмө кызматкерлердин коштоосу менен эшикке чыктык.Эшик дегеним кадимки көчө эмес,төрт тарабы темир менен курчалган кичинекей жер экен.Отур мына жерге, күнгө какталып алалы,бир сааттан кийин алып кирип кетет,ага чейин ушул жерде сүйлөшүп отуралы деп бир чекеге жерге отуруп калдык.Райкан анан эмне болду,кантип камалып калдың деп кызыгып сурасам,ээ иштин баары Адил кеткенден кийин болду.Ал кеткенден кийин көп өтпөй кусуп,кыйналып жүрдүм.Мен ашказаным ооруп атат деп ойлосом,андай эмес кош бойлуу экенмин.Апама билдирген жокмун,боюман алдырып коюшту билген эмесмин.Кундон күнгө ичим чоңойгон сайын,апамын көзүнө корунбогону аракет кылдым.Апам менин кош бойлуу экенимди билген жок.Ичим чоноюп,бирге иштегендер байкап калганда,иштен чыгып кеттим.Апама ишке барам деп алдап кетем,кечке торговый центрде айланып жүрөм ошондой күндөрдун биринде торговый центрде жүргөн убакта толгоом келип,ошол жердеги орустар тез жардам чакырып,мен ооруканага жетээрим менен кыйналбай уул төрөп алдым.Жаштык кылдымбы билбейм,баламды ооруканага таштап кетсем апам билип калат деп, эки күндөн кийинтуугандарым келди деп алдап баламды көтөрүп ооруканадан чыктым.Баламды жакшына кылып өздөрү ороп беришти.Баламдын колундагы бирканы атайы алдырган жокмун,мурда китептен баласын бир жерге таштап кетип,бирөө багып алыптыр дегендерди окуп калган элем,бирка аркылуу баламды бирөө багып алат деп ойлодум.Баламды көтөрүп сыртка чыктым,апам каякта жүрөсүң,сен кыз мени өлтүрүп тынат окшойсун деп жазган апамдын смсин окуп,апа бир жерге ишке келдим ,азыр барам деп телефон чалсам,каерде жүрөсүң,мен такси заказ кылып берем,эртерээк үйгө кел деген апамдын кыйкырганын угуп, ооруканадан алысыраак жерге барып,ал жердеги адрести апама смс кылып жөнөтүп жибердим.Эми баламы эмне кылам,апам көрсө эмне деп жооп берем деп ойлонуп,мен турган жерден алыс эмес жерде үйүлүп турган кардын үстүнө баламды таштап,апам заказ кылган такси келип калып,машинага отуруп кетип калдым.Бул мезгил март айынын экиси болчу.Ошол убакта кар оор түшүп,дворниктер күрөп койгон үйүлгөн карга баламды коюп кетсем,бирөө таап багып алат деп ойлопмун.Кутулдум баламдан деп жумуштан келген адамдай үйгө кирдим.Каякта жүрөсүң,сени айылга кетирбесем мени уят кыласың.Сени каякта,ким өлтүрүп койду деп уктабай чыгам.Алган айлыгындын дайыны жок,андан көрө айылга барып тайэненди кара,эртең билет алып берем деген апама,макул кетем дедим.
Уландысы бар -

Уландысы бар
Комментарийлер
sapy
14 Сен 2015 - 04:10Aijan06
02 Авг 2013 - 13:02