fantomas Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Тартип бузгандар
- Билдирүүлөр:
- 218 (0,07 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Саясат жана коом (75 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 31 Май 16
- Кароолор:
- 13 080
- Соңку аракети
- 03 Авг 2018 11:47
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- Белгисиз
- Туулган күнү:
- Белгисиз
- Жынысы:
- Эркек
- Калаасы:
- Бавария Мюнхен.
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мага баш баккандар
-
Chagylgan7
05 Фев 2022 - 03:43 -
Atas
20 Июл 2020 - 00:20 -
Elaman_Arypov
16 Фев 2019 - 22:25 -
unt_75
11 Фев 2019 - 11:52 -
alisha00
22 Дек 2018 - 15:50 -
Nurbelek.
03 Дек 2018 - 21:39 -
karakoz2017
13 Сен 2018 - 18:42 -
fanat_barsa
13 Авг 2018 - 10:49 -
HanTegin
11 Авг 2018 - 06:18 -
biznes
10 Авг 2018 - 23:37
Мен ачкан темалар
-
Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, Жээнбеков тууралуу
Жазылган күн: 8 Июн 2018
Бул тема ачуумдун себеби, арабыздагы копчулук откон кундорго ностальгия болуп, турмуштагы фактыларды бурмалап баштайт окшойт..... Кечоо эле (2008-2010-жж) Бакиевге нааразы болуп жургон копчулуктун катарын толуктаган айрым форумчулар, бугун Бакиев жакшы президент болуучу, Акаев жакшы президент болуучу деп жан тартып отурушат, Бакиевдин Москвада уюштурган ооз ачарынан кийин... Эгер алар жакшы президент болгон болсо, анда эл аларды эмнеге Кыргызстандан кууп чыкты ыя?!!
Келгиле, жакшы болчу, жаман болчу деп куру соз менен ооз аарчыбай, факты менен суйлошолу! !! Жогорудагы президенттердин кай бири олко учун кандай пвйдалуу иш кылды, кандай жаман иш кылды, бул президенттердин элге пайдасы коп тийдиби же пайдасынан зыяны коп тийдиби?!!
Дагы бир суроо, элден уурдаган акчалардын бир болугуно ооз ачар уюштурса, ал киши бул аракети менен оз куноосун жууган болобу?!! Уурдалган акчага откорулуп жаткан ооз ачарга билип туруп баргандар куноолубу же куноосузбу? !! Суроонун бул болугу дин илиминен кабардар болгон форумдун таксырларына багышталган суроо...
Мен ар бир президентке оз озунчо тема ачуунун ордуна, талкууну бир тема ичине бириктиргим келип бир эле тема ачтым.
Менин кийинки суроолорум:
Акаев кандай президент болду, жакшы президент беле же жаман президент беле?
Бакиев кандай президент болду, жакшы президент беле же жаман президент болчубу?!!
Ушул эле суроолор Отунбаевага, Атамбаевге жана Жээнбековго тиешелуу... -
Кол тийбестик түшүнүгү...
Жазылган күн: 11 Май 2018
Учурда ТЭЦтеги коррупцияга байланыштуу Атамбаевдин кол тийбестигин жою керектиги айтыла баштады. Бирок Атамбаевдин КСДПчы депутаттары дароо шефин коргоого отушту, мыйзам жол бербейт деп...
Саясат таанучу Даниел Кадырбеков "Ошол убакта президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары жана тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаковдун президентке кат жазганы жана ошол кездеги президент өкмөт мүчөлөрүнө түздөн-түз буйрук бергени мыйзамга туура келбей турган нерсе. Энергетика, ЖЭБ, кредит алуу маселелери президенттин милдеттерине кирбейт. Кредит боюнча экс-президент өзүнө жакын белгилүү бир топ менен жасаган операциясына жана формалдуу түрдө эле тийиштүү министрлер кол койгону болбосо, бардык ишти өзү чечип жатканына саясий баа берилиши керек, жоопкерчилиги да бар" деп таамай айтып отту. Демек, ТВЕА менен келишим тузууго Атамбаев менен анын тар чойросу кызыкдар болгон деген тыянак чыгууда. Мунун аныгына (калп же чын экенин) жетуу учун Атамбаев да куноолуулор катарына кошулуп суракка чакырылышы керек, эгер ак болсо акталып чыгат, эгер куноосу далилденсе жазасын алсын! Силер кандай дейсинер?
Ал эми мыйзамда президенттин кол тийбестиги бар дегендин озу абсурд. Анкени андай мыйзам болгону менен, ал мыйзам озгортулушу керек. Ансыз да чан басып иштебей жаткан сапатсыз мыйзамдар канча... Эгер бул жолу Атамбаевге кылмыш иши козголбосо, анда кийинки президенттерге Кудай бергени ошол эмеспи, кол тийбестигине ишенип коррупцияга белчесинен батышат Атамбаевге окшоп...
Кол тийбестик деген тушунук такталыш керек. Мисалы кол тийбестик дегенди бийликтегилер асолюттук мааниде кабыл алат, эмне болсо да аларды кол тийбестик коргоп, жазасыз калаарына ишенишет. Ал эми менин пикирим боюнча кол тийбестик деген тушунук салыштырмалуу эле нерсе болуш керек. Мисалы турмушта болоор-болбос нерселер бар, мисалы Раим миллионер Исаковду сотко берип журот, ошого окшогон мааниси жок нерселерден алыс болуу учун кол тийбестик керек. Бирок коррупция ж.б.маанилуу кылмыш иши боюнча кимде кол тийбестик болгон кундо да, соттун чечими менен ошол кол тийбестиги бар адам ошол кылмыш боюнча кубо же айыпталуучу катары суралууга кол тийбестиги жолтоо болбошу керек.
ТЭЦтеги коррупция боюнча "Атамбаевдин кол тийбестиги бар" деген жепжутарларга кайрылат элем, мындай чон соттук процессте Атамьаевдин кол тийбестиги эч нерсени чечпейт. Керек болсо Атамбаевди тиги камалган 7-8 адамдын катарына кошуп камап, суракка алуу керек. Анткени ТВЕА менен келишим тузууго Атамбаев менен Сапар Исаков кызыкдар болгону эми сыр деле болбой калды окшойт...
Анан калса айыпталуучулар катарына 5-чакырылыштагы, ТВЕА менен келишимди ратификациялаган, б.а. ошол мыйзамды колдоп берген бардык депутаттар да суракка чакырылып кылмыш иши ачылыш керек ошолорго, кол тийбестик деген тушунукту четке суруп...
Силердин оюнар кандай бул темада?... -
Ашынган динчилдер vs светтик коомдун жактоочулары
Жазылган күн: 8 Апр 2018
Акыркы учурда коомдо терен жарака пайда болууда. Бул жараканын бир жагында ашынган динчилдер, экинчи жагында светтик коомдун жактоочулары. Ашынган динчилдер оздорун гана мусулман эскптеп, калганын каапырга же тенирчилерге чыгарат, хотя чын-чынында оздору таза мусулман эмес, бар-жокко исламды тыга берип диндин кадырын кетирип, динди жаманатты кылып, динди бурмалап журушкону жургон. Акыры спортко да динди тыга башташыптыр. ...
Светтик коомду жактагандардын басымдуу болугу мусулман болгону менен, мусулманбыз деп ашынган динчилердей тош какпайт, дин оз жолунда, коом оз жолунда журушун жактагандар. .. Майрамдар болобу, башка болобу динди суйроп келип дооругондорду катуу сындашат. Саясаттан дин башка болуусун, диндин же дин окулдорунун саясатка аралашуусу туура эмес экенин ар дайым айтып келишет. Муну менен алар каапыр же тенирчи болуп калбайт, кайра ашынган динчилерге салыштырмалуу кобурок мусулман, улгулуу мусулман болушпаса да...
Ашынган динчилдик адамдардын тушунугунун тайыздыгы, билимсиздиги, диний тушунугунун тайкылыгынан келип чыгат. Бирок бул нерсени алдын алып чара корбосо арты кооптуу.... Сирияга баргандар, эртенки террористтер ушул ашынган динчилердин арасынан чыгат....