Колтуктун тердөөсүнөн кантип арылса болот? тема боюнча кеңешиңерди жаза кетсенер.
#81 30 Август 2014 - 16:06
Обычный эле кир самындап жууп анан кургатып туруп дагы самынды кырып кырып колтука коюп бир саатан кийин жууп салса жакшы натыйжа муну он кун кайтало керек
#82 02 Сентябрь 2014 - 01:29
#83 07 Сентябрь 2014 - 13:11
формидрон жытты жок кылат бирок жон эле тердеген адамдар болсо колдонбогула эч кандай пайда бербейт... анан кыргызстанда dry dry кайсыл аптекада же кайсыл жерде сатат билгендер болсо айтып койгулачы
Билдирүүнү түзөткөн: username: 07 Сентябрь 2014 - 13:13
#84 09 Июнь 2015 - 23:24
Колтуктун тердөөсүнөн жана жытынан биротоло кутулса болот
Келбетиңиз кандай гана сулуу жана келишимдүү болуп турбасын, эгер колтугуңуз тердеп, жыттанып кийимиңизге нымдуу так калтырса, анда ал сөзсүз маанайды бузат. Мындай жагымсыз жагдайдан арылуу үчүн эң биринчи эле дезодоранттарды колдонууга шашылабыз. Бирок, дезодорантты көп колдонуу аялзатынын ден- соолугуна зыянын тийгизет. Андыктан элдик ыкманы колдонуп колтуктун тердөөсүнөн жана жагымсыз жытынан биротоло арылыңыз.
2 литр кайнак сууга 60 грамм ромашка салып, ага эки аш кашык аш содасын салып аралаштырасыз. Мындан кийин күн сайын эринбей бир нече жолудан марлини даярдалган каражатка малып колтугуңузду сүртүп турасыз. Жыйынтыгы көпкө күттүрбөйт.
Кайындын жалбырагын жыйнап, аны эки аш кашык өлчөмүндө жарым литр кайнак сууга салып, беш мүнөткө кайнатып аласыз. Тердеген жерди күнүнө бир нече жолу сүтүп турасыз.
Бирдей өлчөмдөгү ашкана содасы менен лимон ширесин аралаштырып, аны таза, кургак колтукка сүртүү ыкмасы жогорудагы көйгөйдөн кутултат.
Кечинде сууга түшкөн соң 1 литр сууга 2-3 чоң кашык алма уксусун аралаштырып, таза чүпүрөктүн жардамы менен аны колтукка сүртүү сунуш кылынат. Ал өзү кургашы шарт.
Эртең менен үйдөн чыгып баратканда чийки картошканы жука тилимдерге кесип колтукту аны менен сүртүү керек, же болбосо колтукка кыпчып бир аз туруу керек. Андан кийин өзү кургашын күтүү зарыл. Мындай ыкмадан кийин күн бою колтуктан жагымсыз жыт келбейт.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#86 26 Август 2015 - 08:04
ЖАГЫМСЫЗ ЖЫТТЫН КЕЛИП ЧЫГЫШЫНА ЭМНЕ СЕБЕП?
Кара жумуш жасаганда, тез кыймылдаганда же күн ысыкта адам катуу тердейт. Кээ бирде жинибиз келип ачууланганда, санаага батып катуу ойлонгондо же толкунданганда көл-шал болуп тердеп, чекебизден тер чыпылдап кетет. Ошондой эле бөйрөгү ооруган адамдар да терчил болушат. Анткени бөйрөк организмдеги зыяндуу заттарды тазалоого үлгүрбөй калат да, тер бездери аларды тер аркылуу дененин сыртына чыгара баштайт. Мындан улам терчил адамдарда жагымсыз жыттар пайда болот. Мунун негизги себеби тер деп ойлошубуз мүмкүн, бирок андай эмес. Анткени тердин курамы суу менен туздан гана тургандыктан, анын эч кандай жыты болбойт.
Адамдагы мурунду өрдөгөн жагымсыз жыт дененин көп тердеген жылуу бөлүктөрүнө (колтук, алаа, таноо, таман) топтолуп, көбөйгөн бактериялардан чыгат. Ошондой эле ичип-жеген ашыбыздын жыты да тер менен сыртка тарайт. Ал эми тамеки чегип, ичимдик ичкен адамдан кандай «аңкыган жыт» чыгары айтпаса да белгилүү болсо керек. Андыктан жагымсыз жыттан кутулуунун негизги жолдору тазалык жана туура тамактануу болуп саналат.
САСЫК ЖЫТТАН АРЫЛУУ ҮЧҮН ТУУРА ТАМАКТАНЫҢЫЗ
Жагымсыз жыттан арылуу үчүн жей турган азык-түлүктү да тандоого туура келет. Майлуу, куурулган тамактар, эт, балык, кымыз, сарымсак, пияз, ачуу калемпир сыяктуу татымалдар жана алкоголдук ичимдиктер жагымсыз жыттын күчөшүнө алып келет. Бул азыктардан убактылуу баш тартуу менен денеңиздеги сасык жыттан арылууга мүмкүн. Ошондой эле денедеги жытты калыбына келтирүүгө төмөнкү азыктар көмөкчү боло алат:
Мөмө-жемиштер
Жашылча-жемиштер
Ашкөк
Эгин дандары
Көк чай
Cуу, жаңы сыгылган жемиш ширелери
Мындан сырткары көп ачууланууга болбойт. Адам өзүн тынч кармап, магнийге бай азыктарды көбүрөөк жеш керек. Бул стрессти төмөндөтүүгө жана тердин аз бөлүнүп чыгуусуна жардам берет.
Колоңсо менен шыбоодон кутулуу үчүн тазалыкты сактаңыз
КОЛОҢСО
Тердеген маалда жуунуп туруңуз. Эгер андай мүмкүнчүлүк болбосо, жок дегенде бут менен колтукту суу менен чайкаңыз. Ал эми кечкисин сөзсүз денени толук чайкоо сунушталат.
Колтукту жана бутту антибактериалдык самын же гель менен тазалаңыз.
Колтуктун жүнү бактериялардын көбөйүп, жайланышына ыңгайлуу болгондуктан, аны кырып туруу керек.
Жүндөн, пахтадан токулган кийимдерди алыңыз. Синтетикалык кийимдерден качыңыз.
Тер болуп калган кийимиңизди эртеси кийбей, жууп кийиңиз.
Жайкы кийимдер кенен болушу шарт. Чыпталышкан ич кийимдерден жана этек-жеңи тыкыс спорттук кийимдерден оолак болгонуңуз туура.
Күндө таза кийим кийип, которунуу керек.
Аптасына бир-эки ирет мончонун буусуна отуруп, организмдеги уу заттардан жана шлактардан арылып туруу зарыл.
6 кашык кургатылган ромашканы 2 литр сууга кайнатып, 1 саат тыныктырасыз. Кайнатмага 2 кашык сода кошуп, андан соң колтукту сүртүшүңүз керек.
Конокко же жолугушууларга барганда жаныңызга лимон сала жүрүңүз. Колтукту алгач нымдуу жүз аарчы менен тазалап, андан соң лимондун бир кесими менен сүртсөңүз жаман жыттан бир нече саатка чейин арыласыз.
ШЫБОО
Булгаарыдан тигилген жана шамалдап турган бут кийимдерди кийип жүрсөңүз шыбоодон алыс болосуз.
Синтетикалык байпакты кийбеңиз, ошондой эле байпакты күн сайын алмаштырып туруңуз.
Кечке басып жүрүп бутуңуз жагымсыз жыттанып калса, сууга сода аралаштырып бутту 7-10 мүнөт сала турсаңыз сасык жыт кетет.
Жалбыздын кайнатмасы менен бутуңузду бат-бат жууп турсаңыз шыбоодон кутуласыз.
1 стакан кайнак сууга 1 чай кашык туз салып бутуңузду жууйсуз. Эртең менен жана кечкисин туздуу суу менен жууп турсаңыз 2 жумада жыт кетет.
1 стакан жылуу сууга 1 чай кашык соданы салып, бутуңузду эртең менен жана кечкисин жууп туруңуз. Бутуңуздун тердегени азайып, жаман жыты жоголот.
Күн сайын бутуңуздун манжаларынын ортосуна кайыңдын жалбырагын салып жүрсөңүз да шыбоонун жытын жөнгө салат.
Таманды лимондун ширеси менен бат-баттан сүртүп турсаңыз жаман жыт тез кетет.
ТАМЕКИНИН ЖЫТЫНАН АРЫЛУУ
Чылым чеккен адамдын оозу ашаткы жыттанып, жанындагы адамды качырат. Тамекини таштай албай жүргөндөр же аны тартууну адатка айланткандар бирөө менен жолугушуунун же

Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .

#87 26 Август 2015 - 08:05
ТАМЕКИНИН ЖЫТЫНАН АРЫЛУУ
Чылым чеккен адамдын оозу ашаткы жыттанып, жанындагы адамды качырат. Тамекини таштай албай жүргөндөр же аны тартууну адатка айланткандар бирөө менен жолугушуунун же коомдук унаага түшөрдүн алдында жарым саат мурда чылым тиштебей эле койгону оң. Эгер эрки чыдабаса, анда ашаткы жытты кетирүүнүн амалдарын эстерине түйүп алганы дурус болор.
Жок дегенде сагыз чайнаңыз. Сагыздын жемиш даамдангандарын чайноо керек. Ал эми жалбыз жыттуу сагыздар сасык жытты ого бетер күчөтөт.
Мускат жаңгагын же кофенин данынан кемирип алыңыз.
Дарыканаларда сатылуучу ооздогу жытты кетирүүчү атайын спрейди жаныңызга ала жүрүңүз.
ДЕЗОДОРАНТ ТАНДООДО КӨҢҮЛ БУРЧУ ЖАГДАЙЛАР
Жөнөкөй дезодорант бактерияларды өлтүрөт, бирок терди токтото албайт. Мунун курамында триклозан жана фарнезол аттуу бактерия өлтүргүч зат болот. Триклозандын организмге пайдасынан дагы зыяны көп. Ал эми фарнезол болсо пайдалуу, анткени ал жалаң эфир майынан даярдалат. Алар, тескерисинче, тер менен күрөшөт. Курамында терди кургатуучу алюминий жана цинктин элементтери болот.
Парфюмериялык дезодорант терди да, бактерияны да жөнгө сала албайт. Болгону өзүнүн жыпар жыттуу композициясы менен колтуктун жаман жытын жоготот.
Дезодорант- антиперспирант эң мыкты натыйжа берет. Бир эле учурда колтуктагы терди кургатат, бактерияны өлтүрөт жана жаман жытты жөнгө салат.
КЫЗЫКТУУ
Адамдын денесинде 3 миллионго жакын тер бездери бар.
Тер бездери адамдын маанайына жараша жыт чыгарат. Маанайы пас, ачууланган учурда адамдын денесинен жаман жыттар чыкса, маанайы көтөрүңкү адамдан жагымдуу жыт бөлүнүп чыгат.
Байыркы римдиктер жагымсыз жыттан корунуу үчүн кичинекей баштыкчага жыпар жыттуу чөптөрдү салып, колтугуна кыстарып алышкан.
Эң алгачкы дезодоранттар ашкана содасынан жасалган. Ал денеден чыккан жагымсыз жыттардан жана тердегенден сактаган.
XIX кылымдын соңунда, XX кылымдын башынан тартып дезодоранттар менен антиперспиранттарды окумуштуулар ойлоп таап, коомчулукка таратышкан.

#88 09 Апрель 2016 - 03:43
Салам форумчулар,
аранарда эпиляция жасаткандар барбы,ден соолука зыяны жокпу,кийин тердебейби дегеним?
#89 24 Апрель 2016 - 23:15
aijan (20 Октябрь 2013 - 15:25) жазган:
Илгеери ата-бабаларыбыз кой сойгондо койдун бойрогун экиге болуп, колонсосу бар адамдын эки колтугуна жарым саатка кыстартып койчу экен. Анан болду, сен кор, мен кор колонсо капут болгон имиш. Ал эми тиги пайдаланылган бойрокту ит да жебегендиктен,
комуп салышкан экен.
#90 24 Апрель 2016 - 23:19
Ии баса айтканча ушу колтуктун тердегенине кадимкиле ак барго уй актайчуу ошону сууго салып койуп муздагандан кийин тунуп калган актын суусуна колтугун жууш керек екенин уккамле жардам берет .
#91 25 Май 2016 - 15:11
Колтуктагы жаман жытты кетириш үчүн алгач таза жуунуп, терини кургатып аарчыгандан кийин кадимки перекись водорода менен сүртүп койсо жаман жыттан тез эле арылса болот. Себеби, перекись водорода бактерияларды жок кылат. Аны менен кошо жаман жыттар да кетет.
#95 25 Май 2016 - 22:27
ушул койгой менде жок болгону учун абдан кубанычтамын.
. Бирок, тердегендер деле озунун тазалыгын сактап, жыттанбай журсо болсо керек..
Аракеттен -адат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
#96 25 Май 2016 - 23:17
Бул нерсе дээрлик баардык эле адамда болот.Жууп тазаласа болот.
А кээ бир адамдарда отушуп кеткен.Он метр алыстыктан жыттанат
Аптекада" dry dry"деген суюктук сатат экен.Даары сыяктуу лечит этет окшойт.
Мактап,колдонуп жургондорун коруп калдым эле

♡♡♡♡♡♡♥♥♥♥♥♥♥♡♡♡♡♡♡
#97 26 Май 2016 - 09:59
Колтукту таза жууп, крем дезодорант VEBIX аптекадан алып суйкосонор, колтука да бут ка жардам берет.
#98 26 Май 2016 - 10:23
Жылуу сууга 1 чай кашык уксузду аралаштырып,
колтукту таза жууп кургатып аралашма менен жууп турса жыт дагы, тер дагы жоголот
#99 28 Июнь 2016 - 14:40
mister.kantemir (22 Август 2013 - 22:12) жазган:
Формидрон деген бар аптекада 20 сом турат. Колтуктун жунун таза кырып жууп самындап анан ошону пахта менен сыйпайсын колтука! туп тамыры менен жок кылат терди да жытты да
мистер . формидрон колтукукка колдонууга мумкун эмес деп врачтардан совет алддым .так что достор ал бутка гана сурууго болот .ошондо да этияттык менен колдону айтылган. бутка биз колдонуп кордук 10кун натыйжа бербеди эмне дейсиздер тердоосун жоготобу? жыты жок бут жонле тердейт сиз арылдыныз беле тердоодон колдонуп коргон болсонуз кантип колдонуу керек екенин жаза кетсениз деддимле
#100 24 Сентябрь 2016 - 18:53