Күркө ордуна ресторан
Үч эркек бир туугандын кичүүсү Люсьен Оливье бели ката элек кезинде Франциядан Москвага иштеп, акча табуу үчүн келген. Башка өлкөдө көп жылдар бою өз жолун таба албай жүргөн Оливье күндөрдүн биринде бай соодагер Яков Пегов менен чогуу аракет кылып Москванын чок ортосунан жер тилкесин сатып алат да, бул жерге эң жакшы француз үлгүсү менен жогорку класстагы ресторан салууну чечет. Ошентип, 19-кылымдын 60-жылдарынын орто ченинде мурун жыттоочу тамекилерди саткан күркөлөрдүн ордуна хрусталь люстралар тагылган, кооз эмеректер менен жабдылган, жасалгасы мыкты ресторан пайда болот. Москва үчүн бул чоң жаңылык болуп, ошол кездеги ак сөөктөр, бай соодагерлер бул жерге байма-бай каттап калышат. Оливьенин бизнесинин ийгилигинин сыры - алардын гана үй-бүлөсүнө таандык сырдуу татымалдар кошулган майонез соусунда болгон. Өзгөчө даамы бар бул соусту колдонуп Оливьенин эки агасы Францияда өз бизнестерин жүргүзүшсө,
Оливье Москвада бизнесин өркүндөткөн.
Сулуулук эталонунун өзгөрүшү
менен пайда болгон салат
Тилекке каршы, сулуулук эталону болуп арык айымдар модага киргенден баштап Оливьенин калориялуулугу жогору майонез соусуна тартылгандардын саны азая баштайт. Тез аранын ичинде башка нерсе ойлоп табууга туура келип, ошондо акылдуу ашпоз бизнесинин күчүн жоготпоонун аракетин кылып жаңы салат ойлоп тапкан. Кардарларды магниттей өзүнө тарткан салат - "Оливье салаты" болгон. Ошондон ушул күнгө чейин бул салатты көптөгөн ашпоздор өзүндөй кылып жасоого аракеттенип келишет, бирок, жыйынтык чыкпайт. Анткени, француз ашпозу жеке рецеби менен даярдалган майонездин жасалышын башкаларга үйрөтүүдөн кызганып, жабык эшиктүү бөлмөдө гана жасачу экен.
Кооз салаттан аралашма салатка
Алгач "Оливье салаты" мындай ыкма менен жасалган: жалпак-жалпак болуп тууралган куштун этин тарелканын астына салып, четине рактын кайнатылган моюнун жана тилдин майда-майда кесимдерин тизип чыгышкан. Андан соң үстүнө сырдуу майонез куюлган. Ортосуна кооздук катары кайнатылган картошканын жана жумуртканын кесимдерин колдонушкан.
Бир жолу Люсьен Оливье ресторанга келген орустардын салаттын кооз жерин бузушуп, кашык менен баарын аралаштырып,
бул аралашманы сугалактык менен аптыга жеп жаткандарын байкап калат. Эртеси күнү ишкер француз салатка керектелүүчү бардык азыктарды аралаштырып,
соусту көп кылып кошуп салат. Бүгүнкү күндө баарыбыз тамшанып жеген, Жаңы Жылдык дасторконду мунсуз элестете албаган "Оливе салаты" мына ушинтип пайда болгон.
Салаттын сыры ашпоздун өлүмү менен кошо кетти
1883-жылы Люсень Оливьенин өлүмүнөн кийин "Эрмитаж"
рестораны колдон колго өтүп кетет, ал эми салаттын рецебин Москвадагы ак сөөк үй-бүлөлөрдүн жеке ашпоздору кайталоого аракет кылышат. Биринчи Дүйнөлүк согуш, андан соң 1917-жылкы революция болуп, натыйжада, көптөгөн азыктар кескин жоголуп кетет. Бир нече жылдар бою азык-түлүктүн тартышсыздыгы өкүм сүрүп, 1924-жылы кайра жаралуу доору келген менен да салатка керектелүүчү азыктар, мисалы, рактын моюну кол жеткис азык катары кала берет. Ошондо айрым ашпоздор мурунку чыныгы оливьеге жакын, бирок, башкачараак вариантын ойлоп чыгышат. Оливьенин бул вариантынын курамына алма, тооктун эти, калганы азыркы биз колдонгон азыктар кирген. Убакыттын өтүшү менен бул салаттын курамы өзгөрүп отурса да Жаңы Жылдык дасторкон даярдоодо ал өзүнүн актуалдуулугун жогото элек.
Баракча 1 - 1
Оливье салатынын тарыхы.
#2 30 Август 2014 - 13:41
Мага дагы жагат. Автор жасагандай жасасак, мындан дагы даамдуу болмок экен ээ?
Жан дуйномо булук салып куйуктор,
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
#3 30 Август 2014 - 13:56
Mmm biz suktanyp jegen salattyn jaraluu taryhynda bilip aldyk. Kyzyk awpozchu hotya jazyp ketse bolmokken rezebin
"Бактылуумун"
!
#6 27 Декабрь 2020 - 05:28
Оливьени суйуп жегендер арбын,Жаны Жылга саналуу кундор калды.Келип чыгуу тарыхын бугун билдим.
Баракча 1 - 1