Билдирүүнү түзөткөн: bessmertnyi: 17 Декабрь 2014 - 22:47
Баракча 1 - 1
Жанар Акаев министр болобу?
#1 17 Декабрь 2014 - 22:45
Жаш, чыгаан журналист Жанар Акаевдин жаштар министрлигине министр катары сунушталып жатышына кандай карайсынар?
Жеке мен Жанар Акаевди колдойм!
#2 17 Декабрь 2014 - 23:04
Болсун болсун чындыгында татыктуу инсан
Aşkta cesur olan kazanır *** Yesterday you said tomorrow
#3 17 Декабрь 2014 - 23:20
Жанар Акаев корунуктуу мыкты прогресивдуу,
журналист жаштар менен иштешти билет, коомдогу койгойлорду коруп журот, абдан терен ой жугурткон, жаштардын бири менимче болот.
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)

#8 18 Декабрь 2014 - 08:06
Татыктуу, бирок, "жаш муун келсин, жаны кадрлар керек" деп бакылдаган парламент депутаттары буга кандай реакция кылаар экен. Же ырчы У. Усеновдой кылып oткoрбoй коюшабы? Эмнеси болсо да Ж. Акаев мырза, ийгилик каалаймын.
#9 18 Декабрь 2014 - 09:21
Жаштар министрлигине жалан жаштардын барганы да жакшы. Жанар Акаев министрликтен баш тартса журналистикага дагы чоон салым кошмок. Мыкты макалаларды жаратмак. Министр болгонго эрте эмес нак амбициясы кайнап турган чак. мен колдойм.
#10 18 Декабрь 2014 - 09:38
Жанар боло албаса керек. Болсо Алымкуловдун орун басары болот.
#11 18 Декабрь 2014 - 10:21
Менимче Жанар Акаев министр болсо келечектеги саясый карерасына жол ачылат. Анан такшалат, барып-барып ажо болуп калса экинчи ирет Акаев деген ажолуу болобуз го. Бирок биринчи Акаевдей качкын ажо аталбай, жакшы Акаев болмок деп ойлойм.
#13 18 Декабрь 2014 - 12:29
ЖАНАР АКАЕВ: Мени КР Эмгек, миграция жана жаштар министри кызматына талапкерлигими айрым депутаттар өздөрү сунуштады, мен ойлонууга убакыт сурадым, бирок көп өтпөй бул маалымат интернетке тарап, коомчулуктун,
өзгөчө чет жактагы мигранттардын жана жаштардын колдоосуна ээ болгонум мен үчүн кубанычтуу болду, ага ыраазычылык айтам. Бул мен үчүн күтүүсүз болгонун баса белгилегим келет. Бул кызматка ат салышкан жокмун, бирок министр болчуларга айрым ойлорумду бөлүшкүм келет, балким программасын иштеп чыгууга да салым кошо алам.
1)Кыргызстандык мигранттардын 70 пайызы 28 жашка чейинкилер. Демек, миграция менен жаштар иши түздөн түз байланышта. Миграцияга бир аздан соң токтотолу, бирок азыркы тапта кыргыз жаштары үчүн идеология биринчи кезекте зарыл. Муну тааталдаштырыштын кереги жок. Билимдүү жаштар, илимдеги жаштар, өз күчү менен бизнесин түптөп мамлекетке салык төлөп пайда алып келген жаштар, спорт менен өлкөнүн атагын чыгарган жаштар, жаш мугалимдер, врачтар, айтор келечек муунга дал ушундай жаштарды үлгү кылып, идеал катары көрсөтүү ушул министрликтин түз милдети. Жаш муун түрдүү кылмыш топторуна кошулуп, кымбат машине минип, тапанча көтөргөн жаштарды идеал көрүп баратканы жашыруун эмес, аларды коомго жек көрсөтүп, акылдуу жаштарды мода кылууга өтө муктажбыз. Бул сөзсүз түрдө эртең жемишин берет.
2) Мен өз жумушум менен ондогон өлкөлөрдү кыдырдым, мигранттар турмушун көп чагылдырдым. Бирок кыргыз экономикасына опол тоодой салым кошуп жаткан ар бир мекендештин тагдырын, анын укугун жана коопсуздугун кыргыз өкмөтү ойлошу керек. Былтыр Орусиядан 400гө чукул жараныбыздын сөөгү келди. Бирок биз жумушчу күчтү эмне үчүн бир гана мамлекетке экспорттошубуз керек? Кыргыз жаштары үчүн Араб өлкөлөрүнө, Скандинавия өлкөлөрүнө, Европа , Батыш, Чыгышка жол ачуу дал ушул министрликтин милдети. Бул жакта четтен келгендердин укугун басмырлоо жок, ошол эле учурда бул өлкөлөр мигранттар үчүн коопсуз жана айлыгы жакшы. Дал ошол мигранттар эсебинен бутуна турган мамлекеттерди да четтен мисал кылсак болот. Бул үчүн миграция агымы күч деп саналган ар бир алыскы айылдарга, шаарларга атайын окуу курстарын ачып, эл аралык уюмдардын көмөгү менен англис тилин окутууну күчөтүш керек.
3) Эмне үчүн министрлик, министрлер элден алыс? Алар адамдардын колу жеткис бир чиновникке айланышат, бирок өздөрү дал ошол карапайым жарандар төккөн салыктан айлык алып, машине минишет. Эмгек, миграция жана жаштар министри деген бул ар бир мигранттын, ар бир кыргызстандык жаш адамдын таянычы, ишенгени болушу керек! Ал ар бир жаш адам менен жолугушуп, көмөк көрсөтүүгө дилгир болушу керек. Министр деген бул жөнөкөй элдик адам, элдин кулу, таянычы, жардамчысы экенин ушул жаштар министри далилдеп, башкаларга үлгү болушу керек. Керек болсо күн сайын эмне жумуш кылганын, эмнеге жетишип, кайсы проблеманы чече албай калганын, баарын интернет аркылуу отчет берип турушу керек. Бул учкай гана ойлор, миграция жана жаштар саясаты жаатында өтө ири долбоорду ишке ашыруу кийинки министрдин милдети деп билем.
Мен өзүм сөзсүз министр же депутат болбой туруп деле коомго пайда келтирсе болот деген көз караштагы адаммын. Министр болуу түшүнгөн адамга оңой-олтоң иш эмес, тескерисинче түйшүк. Бүтүндөй бир мамлекеттин миграция жана жаштар саясатын көтөрүү, ошол жоопкерчиликти алуу. Эң башкысы мыкты тажрыйбасы бар адам бул жумушка келсе жакшы болмок.
Бирок реформа үчүн, өзгөртүү үчүн эркиндик жана кийлигишпөө да өтө маанилүү. Анын үстүнө ким министр болбосун эмки шайлоодо кайра анын ордун алмаштырышаары турган кеп.

Билдирүүнү түзөткөн: aikow92: 18 Декабрь 2014 - 12:30
#14 18 Декабрь 2014 - 15:38
Баш тартып туура эле кылыптыр.
Жаны бурдогон кочотту мал да жеп коет, кол да жулуп таштайт. Ал ошентип, бат эле жаш омурун сурбой калат. Бизде курч жаштардын саясатка аралашпай эле койгону жакшы. Озу айткандай, министр, же депутат болбой туруп деле мамлекетке пайдасын тийгизсе болот.

Билдирүүнү түзөткөн: zhiza: 18 Декабрь 2014 - 15:42
Адамга адам кымбат болуш керек....
#16 22 Декабрь 2014 - 10:54
Тема актуалдуулугун жоготконуна байланыштуу жабылды.
"Касыңды кучактасаң - дос табасың,
Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
Баракча 1 - 1