(автордон)
Ушундай бир учурлар болот,ичиндеги нерсени кимдир бироо менен болушкун келет. Мындайда, жазуудан откон ырахат жок чыгар. Чиймелегенден кадимкидей женилдеп калганымы байкайм.
Мен козум коргонду, кулагым укканды, озум кубо болуп, аралашып жургон окуяларды да жаза берем. Далил катары, маалымат деле издеп отурбайм, китептерди деле кууп окубайм. Балким, бул менин озгочолугум, же болбосо, эн чон катачылыгымдыр. ..
Ооба, катачылыгым дейинчи, ушунусу туурадай...
Жапайы карагаттар.
(жан дуйно буктомунон)
Той деген жакшы нерсе э? Бирок, азыркы учурда "той"дегенде суйунбой, тескерисинче ушкуруп калдык. Айтайын дегеним баарына эле белгилуу болсо керек. Ашыкча ысырапкерчиликтин айынан, тапканыбыздын тен жарымы той'аштарга кетип жатат. Бербейин десен дагы болбойт,бере берсен кыйналып кетти адам.
Айлык алаарда жолдошум экообуз бир сыйра урушуп, кайра жарашабыз. Ачыгын айтканда олкобуздо болуп жаткан аша чапкан тойлор, бизди аябай эле жудотту.
Бугун да жумуштан чарчап келсем, жолдошум ашканада журот, "омуру казан тарапка жакындоочу эмес эле,буга эмне болгон?"деп ойлогончо акырын баш бактым.
Мени коруп бирдемени айтуучудай башын ийкеди:
-Ии келдинби?
-Ооба, эмне болду?
-Тамак жасап жатат деп суйунбо, эт алып келген элем, ошону майдалап койдум сени кыйналбасын деп.
-Озум деле ошентип ойлогом .
Кийимимди алмаштырып, тамак асууга кириштим. Дагы бирдемени айтаарын сезип, жолдошуман сурадым:
-Дагы эмне болду?
Ал кулуп жиберди:
-Дагы той ...
Башымды чайкадым, бирок ашыкча суйлогум келбеди, бирдеме десем урушуп кетчудойбуз.
-Кхм, тиги, Москвадагы досум Азамат уйлонуп жатыптыр, тоюна бизди да чакырган.
-Кошумчан бар беле?
-Ооба, ал деле биздин тоюбузда берген да.
-Анда жон эле которуп жибер, баруунун кереги деле жок болсо керек?
-Атайын чакырып жатат, барбасак уят го?
-Мен баргым жок, аябай чарчап турам.
-Сен барбасан мен деле барбайм, кантип жалгыз бармак элем?
Дагы унчукпай кутулуп кеттим.
Баарыбир анын айтканы болмок да , эки кундон кийин кошумчабызды чонтокко салып, поездке билет алып жоноп калдык.
Оруссиянын токойлорун аралап, темир тулпар шакылдап кетип баратат. Ойлуу терезени тиктеп,"качан бизде да жумуш орундар тузулот, качан биз да башка улуттун окулдоруно окшоп оз мекенибизде иштейбиз, качан ысырапкерчиликти токтотуп, качан онолобуз?" - деп ойлонуп, мен баратам.
Бизден Москвага чейин жол аралыгы 8 саат экен, бат эле жетип бардык. Суйлошулгон жерде жолдошумдун достору кутуп алышты. Наркы'беркини суйлошуп, чайлашканча отурдук.
Той кечки саат 20:00 го белгилениптир. Шумдугун кургур, Кыргызстандагы тойлордон ашса ашат, кем эмес, ресторандын ичи тимеле укмуш жасалгаланган, столдо толтура дуйум тамак. Кыз'куйоо отурган жерде 3 кабат торт турат. Ушунча даярдыктын кимге кереги бар тушунбойсун, тойдун эртеси да жашаш керекпи акыры? Анын устуно чет жерде журсок, баарыбыз эле жыргаганыбыздан журбосок керек?
" Капыраай, озубуздо эмес бул жакта деле ошол корунуш"деп, ичимден суйлонгондон башкага жарабадым.
Той башталды. Бизге уйлонуп жаткан эки жаштын кесиптештеринин жанынан орун тийди.
Озара таанышымыш болуп отуруп калдык. Бироосу озунчо эле чалкалай отуруп, ичин улам кармап коет. Бироосу ага жагалданып сурап жатат:
-Эмне ичин кысып жатабы, кенен койнок кий десем укпадын.
Мен да кызыгып кетип, сурап жибердим:
-Эмне ичиниз ооруп жатабы?
Тиги болсо оозун чормойтуп, кабагын бырыштырды:
-Жоок, боюмда бар.
-Канча айлык?
-Бир жарым айлык.
-Аа десе.
- Сенин боюнда болгон эмеспи эмне?
-Эже менин эки балам бар.
Тиги унчукпай калды.
Ичимден кулкум келди, биз 8,9ай болсо деле кадимки халатты,топчусун зордоп эле бучулоп, чуркап эле журчу элек чалкалаган мындай турсун.
Тообо!
Озу нарагыман мындай той'топурга конулум жок болгону учун, зорго эле отурдум.
Данкылдаган музыка, адамдардын суйлогондору кошулуп, ызычуу болуп эле башым ооруп чыкты. Бири бийлеп аткан, бири каалоо'тилек айтып жаткан, айтор башаламан.
Эртерээк эле бутсо экен деген тилекте отуруп, бет мандайымдагы сулуу жуздуу, коздору мундуу тиктеген аялга козум тушту.
Жанымдагы, ичин сылап олтурган "чормойгонго" кызыгуу менен тиктеп туруптур.
"Болду болбоду, балалуу боло албай жургон бироо го?"деген ой келди биринчи эле.
Бирок андан да кызыгы, анын каректеринин артында жашынып турган мун болду.
Эмнегедир тиктеши башкача эле, эптеп созго тартууга аракет кылдым.
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 14 Январь 2019 - 19:33