jindirak (07 Декабрь 2020 - 17:58) жазган:
Окурмандардын отунучун эске алып дагын жазып койчу жан.
****
- Жоок! Менден эч кандай маалымат ала албайсыңар! Мен талап коё элек жатып мени сурак кылууга акыңар да жок. Мен жөнүндө маалыматты билбей туруп айыптай албайсыңар!
Кабыл Токторович стол үстүндөгү кичинекей диктофондон чыгып жаткан үндү тыңшап олтурду.
-Ммдаа! Демек баш тартты.
-Ошондой, - деди Ильяз.
-Бул кызды ушул бойдон коюп жиберүү бул акмакчылык. Шер менен Альберт өз каналдары менен тартып кете алат. Ошого ишенип олтурат да бул.
- А эмнеге жогорудан буйрук келбей жатат сурак кылууга Кабыл Токторович? - деди Ильяз.
-Андай буйрук келбейт. Жогору тарапка Шер менен болгон байланыш өз чөнтөктөрүнө кандай пайда алып келерин сен элестете албайсың. Ушинтип жылдырып олтуруп акыры бир күнү коё беришет, - деди Токторович кейигендей.
-Мен бара берсем болобу?
Ильяз өзүнүн жасап жаткан жоругунан өзү уяла ыңгайсыз болуп ордунан козголду.
-Албетте.
Сыртка чыккан Ильяз шашыла машинасына олтуруп жөнөй берди. Туура эле байкеси айткан даректеги анын үйүнө келип кийимдерин которуп кайра жолго чыкты. Өзүнүн машинасын иштеген жериндеги унаа токтотуучу жайга алып келип калтырып, досу Акылдын жардамы менен ижарага алган Matiz үлгүсүндөгү унаа менен байкеси экөө келишкен жайга келип кабар күтүп турду.
Учурдагы Мая олтурган убактылуу кармоочу жайда белгисиз баш аламандык болуп кетти. Ким кайдан койгону белгисиз бөлүмдүн экинчи кабатынан капыстан өрт чыгып, ичкеридеги адамдарды эвакуациялоо башталды. Өрттү өчүрүүгө да негедир өрт өчүрүүчү топ ашыкпай келишкени таң калычтуу болду. Өрт өчүрүлүп, ал жердеги кармалгандарды башка имаратка жылдыруу убагында Аселди качырышты. Асел келген өрт өчүрүүчү топ менен алардыкына окшош формада чыгып кетти. Ильяздын байкеси дайындаган топ, Аселди айтылган дарек боюнча түшүрүп койду. Ошол жерден кызды Ильяз тосуп алып жөнөп кетишти. Асел жолдо баратып ыйлап өксүп, өксүп үнүн катуу чыгарып ыйлап жатты. Бир жагынан өзү үчүн аракет кылып, жанын тобокелге салып куткарган адам бар экенине кубанса, дагы бир жактан баары бир өзүнүн бул иштерине Ильязды аралаштырып, анын да тынч жашоосун бузганы үчүн ыйлап жатты.
Ильяз Аселди үйгө таштап дароо артына такси менен кайтты. Анткени азыр эле өздөрү жасаган кырдаалда үйдө болуусу шарт эле. Ал үйгө келгенде Айжан биринчи жолу өзүн тосуп албады. Күн сайын алдынан чуркап чыгып жаш баладай асылып ойногон аялынын бүгүн жок экени абдан таң калтырды. Жол бою "азыр Айжандын күнөөсүз көздөрүнө кантип карайм?" - деген кыжаалат ойдо чайналып келсе эми мынтип анын тосуп албаганына томсоро түштү. Атүгүл көнүп да калган экен бир нерсе жетишпегендей ээнсирей үйгө кадам койду. Ашканага кирген Ильяз стол үстүндө даяр болуп коюлган тамак ашты көрдү. Дароо өздөрүнүн уктоочу бөлмөсүнө чуркап барды, керебеттин үстү бош экен. Мээсине биринчи эле "Айжан кетип калды" - деген ой кадала түштү. Андан өтүп тай энесинин алдына чуркап кирген Ильяз ал жерде Айжандын уктап жатканын көрүп жүрөгү бир аз ылдый боло түштү. Кайра башын жерге салып ашканага келип олтурду. Жасалган дасторкондун үстүндө баягы Аселдин алмасы. Колуна алып жыттап жатып көзү кагаз конвертке түштү. Акырын колуна алып ачып көрдү. Эч нерсени түшүнгөн жок. Кичинекей УЗИ аппаратынан чыккан сүрөттү ары - бери айлантып жатты. Артында жанатан карап турган Айжан бырс эте күлүп ийди эле Ильяз чоочуп кетти.
-Бул эмне? - деди түшүнбөй.
-Булбу?
Айжан акырын басып келип Ильяздын колдоруна курсагын койду.
-Бул деген жашоо. Бул деген сенин бөлүгүң!
Ильяз дагы түшүнбөгөндөй бирде Айжанды бирде колдору турган анын курсагын карап турду.
-Тентек, биздин балабыз! - деди Айжан күлүмсүрөп.
Эми эсине келгендей Ильяз ордунан тура калып Айжанды кучактап алды.
-Чынбы?
-Ооба,чын.
-Качан төрөлөт?
-Алты айдан соң?
-Эмнеге ошончо узакпы?
-Тентек бала тогуз айда төрөлөт да, бул азыр али кичине үч ай.
-Эмнеге үч айдан бери мага айткан жоксуң?
Ильяз Айжандын жүзүн өзүнө буруп көздөрүнө карады.
-Өзүм кеч билдим,анан айтууга сен такыр үйдө болбой.
Алдында күнөөлүдөй башын жерге салган Айжанды аяп кетти. Кайра кучактап маңдайынан жыттап турду.
-Кечирчи, жумуш көп болуп, - деп күбүрөнө сүйлөнүп жаткан Ильяздын ичин кандайдыр бир башкача сезим аралап өттү. "Балам" - өзгөчө жылуу сөз жан дүйнөсүн жибитип, баарын унуттуруп атүгүл Аселди да мүнөткө эсинен чыгарып ийди. Телефонуна келген чалуудан селт эте чоочуп телефонду көтөрдү.
-Азыр барамын!
Бажырайып турган Айжандын жүзү заматта мостойо жаш баладай оозун чүйрүп алды.
-Сен дагы кетесиңби?
-Барбасам болбойт, билесиң го...
Ильяз шашылып үйдөн чыгып баратып такси чакырды.
-Ар бир камераны бирден текшерип чыккыла! - деп кыйкырган Токторовичтин үнү бүтүн бөлүмгө угулуп жатты. Саат түнкү 12 ни кагып турса да кадимкидей кызматкерлер ары - бери басып ар биринин жүзүндө чочулоо менен убайым жаткан. Аңгыча ичкериден ачуулангандан жүздөрү кызарып кеткен жетекчиси чыкты.
-Кабыл Токторович!
-Кеттик, - деген ал Ильязды күтпөстөн шашып басып баратты. Соңунда Ильяз.
Туура эле дал бүгүн Аселди качырган имаратка келишти. Ильяз келгенде Акыл да, байкеси да ушул жерде жүрүшүптүр. Астыртан бирин - бири карап коюшкан үчөө үнсүз гана башка кызматкерлерге аралашып, эч нерседен кабары жоктой жүрүштү.
Асел бул үйгө келгенден сыртка эмес олтурган бөлмөнүн бурчунан жылган жок. Чачтарын жазып, эки тизесин кучактап мелтиреп баарын таразага салып жаткандай ойлуу олтура берди. Бир убакта шарактаган сырткы эшик ачылганда ордунан туруп бөлмөнүн төрүнө жылды. Корккондон жүрөгүнүн дүкүлдөгөнү өзүнө дейре угулуп чаап жиберүүгө даярданып, колуна илинчү нерсе издеп жатты.
-Асеел?
Төркү бөлмөгө өтүп жарыкты жандырган Ильяз Аселди көрүп каткырып жиберди. Чачтары жазылып, чоң көздөрү корккондон андан да чоңоюп, колунда болсо кол чатыр, уруп жиберүүгө даярданып туруптур. Чын эле кыздын бул көрүнүшү сырттан караган адамга абдан күлкүлүү эле.
-Ильяз!
Асел ыйламсырап жиберди. Жанына келген Ильяз колундагы кол чатырды алып, саамайына түшкөн чачтарын сылады.
-Эмне корктуңбу? - дели мээримдүү.
Асел жооп бергендин ордуна жөн гана башын ийкеп койду.
-Коён жүрөк десе!
Мурдунан эркелетип чымчыган Ильяз Аселди катуу кучактап алды.
-Мен бармын эми. Коркпо. Кандай кырдаал болсо да сени коргой аламын!
Аселдин көздөрүнөн эрксизден дагы тамчылар кулай берди. Ал ушунча жылдан бери кудум ушундай мээримге, мына ушундай коргоого муктаж болуп келбеди беле. Жетимсиреп жалгыз калган күндөн баштап бирөө маңдайынан сылап "мен бармын!" - деген сөздү айтуусун каалаган.
-Ээй, токточу сен эмне ыйлап жатасыңбы? Бери карачы? - деген жигит Аселдин жүзүнө үңүлдү.
-Мен сени күчтүү экен десе.
-Сенин алдыңда эмес, - деди Асел жылмайып.
-Тамактандыңбы?
-Жок.
-Эмнеге? - деген Ильяз кызды колдон алып ашкана тарапка жөнөдү.
-Асел тамак жаса мен жаныңда кобурап берем.
Асел жайылган чачтарын төбөсүнө байлап, Ильязды бакырайган көздөрү менен ирмегилеп карап алды.
-Эмне болду?
-Мен тамак жасай албаймын да, - деди жер тиктеген Асел.
-Чын элеби?
-Ии,
Асел башын ийкегиледи.
-Дайыма тамакты кызматкерлер жасап, - деген сөзүн улай албай ашканадагы столдун чекесин кармалап эрдин тиштеди.
-Жумурткачы?
Асел баш чайкады.
-Макул анда эмне жегиң келди?
-Манты, - деген Аселдин көздөрү жайнап кетти.
Телефондон тамак заказ кылган экөө ашканада маңдайлаш олтуруп тамактанып жатышты. Кудум эле бала кезиндегидей кудуңдап кубанышкан алар бирде тамакты, бирде суусундукту талашып жатышты.
Күндөр өтө берди. Ильяз күн сайын Аселдин алдына келгени менен кыз мында түнөп кетүүсүнө уруксат берчү эмес. Кыйылып жатып араң жанынан кетет. Бул жака келе жатканда көңүлү куунак болуп, айлананы суктана карап атүгүл кымыңдап ырдап алыр келсе, кайтып бара жатып жүрөгүнүн бир бурчу муздап эңшерилип кеткендей маанайсыз кетет. Кала берсе курсагы томпойуп чыгып, өзүн күткөн Айжандын көздөрүнө кароо баарынан да кыйын болду. Дайым шаар кыдырып же башка болуп түн жарымда барат үйгө. Асел канчалык жанынан эрте кууганы менен теңселип үйгө бара албай жүрө берчү болду.