Тушалган махабат...(Ильяз менен Асел)
#21 20 Ноябрь 2020 - 08:58
Тынч жана бейпил жашоо неге адамзатынын өмүрүндө ошол бойдон улана бербейт? Кокустук,күтүлбөгөн окуялар менен түшкө кирбес иштерге бай жашоонун өчүрүлбөс,өзгөртүлбөс мыйзамы да мына ушунда белем?! Пенде маңдайына жазылган тагдырдан качып кете албасы чындык, а бирок аны өзгөртүүгө чамасы келет да. Же баягы эле тагдырбы? Андан нечен ирет качып буйдап, миң амал ойлоп тапсак да акыры көнүп берип баш ийебизби? Андай болсо Асел бала болуп жаралып,апасынын курсагында эле жатканда Жараткан анын өмүр жолун укмуштуудай кылып жасап койгон беле? Же маңдайында "бактысыз"
- деген тамга менен төрөлдү беле деги ким билсин? Кыз мунун жообун, азыр, кийин деги эле өмүрү өткүчө таба алган жок.
Эрте менен ойгонуп дайым саамайынан шорулдата жыттап,чайы менен каймагын белендеп олтурчу энеси негедир бүгүн кечикти. Асел ордунан туруп чоң энеси жаткан бөлмөгө баш бакса аста кыңкыстап жаткан энеси ордунда экен.
-Энеее?
-....
Энекеее?!
Чуркап жеткен Асел энесин кучактай калды.
-Каралдым десе, чайыңды бербей жатканымдычы? Тура албай калбадымбы?
-Эне бир жериң ооруп жатабы? Айтчы?
-Бир аз башым тегеренип,азыр. Азыр өтүп кетет көлөкөм. Сен чайыңды ич балам,сабагыңдан калбай жөнө.
-Жоок! Мен бүгүн барбайм,сени менен болом.
Асел энесинин жүзүнө жүзүн тийгизип кучактай калды эле бети чоктой ыссык экен. Шашып кеткен кыз энесинин денесин кармады от менен жалын. Эмне кылаар айласын таппай ошол бойдон үйдөн октой атып чыкты да туура эле Ильяздардын үйүнө келип дарбазасын болгон күчү менен каккылай баштады. Таң эрте менен тарактаган бул шумдуктан чоочуп кеткен Ильяздар жаңы гана эрте мененки тамакка олтурушкан. Чуркап келип дарбазаны ачкан Ильяз маңдайында чачтары иретсиз жазылып, өңү кубара көздөрүнө жаш толуп турган Аселди көрдү.
-Аселка?
-Ильяз энем...
-Эмне болду деги?
Ильяз титиреп турган кызды эки ийинден ала өзүнө тартты. Аңгыча ары тараптан тай энеси менен тайкеси чыга калышты.
-Ай эмне болдуңар ботом?
-Салима эне,энем кыйналып жатат! - дей салды Асел ыйламсырап.
-Алда катыгүн ай! Сабыр жүргүз машинеңди, - деген Салима эне бөйпөңдөп Аселди ээрчитип алардын үйүнө баратты. Кирсе чын эле Жамила эне кара терге түшүп кыйналып жаткан экен. Дароо машинага салышып ооруканага алып жөнөштү.
Райондун борборундагы оорукана. Каршы терши баскан адамдардан айырмаланып, эшигинде кызыл жарык күйүп турган кайра жандандыруу бөлүмүнүн алдындагы олтургучта шалдырап Асел олтурду. Түнү кийип жатчу жука пижамасы менен буту жылаңаяк,үстүнө болсо бир эле жемпир таштап алып чачтары дале иретсиз. Көзүндө болсо мына кулап түшчү тамчы... Ары жакта Салима эне менен уулу Сабыр. Сабыр кызды эми карап маани берди. Байкуш үшүп калган окшойт,же корккондон денеси менен ийини титиреп жатат. Боору ооруп кетти,кыздын бул олтурганы ушунчалык аянычтуу эле. Барып өзү кучагына алгысы келип бирок бой жеткен неме деп тартындыбы, апасына ымдап кызды көрсөттү. Жанатан өзү шок абалда жүргөн Салима эне эми Аселди карап:
- Периште кызым ай! - деп кобурана сүйлөп кыздын жанына барып чачтарынан сылап кучагына алды. Ушуну эле күтүп жаткандай бир убакта Асел өпкө кага үнүн чыгарып ыйлай баштады. Коркуп турду. Ушул күнгө чейин оюна келбеген бир чындыктын болоорунан ушунчалык качып турду. Жашоосундагы жалгыз тиреги, карманаары, жөлөгү чоң энесинен ажырап калуудан коркуп жатты. Тээ баягы бала күнүндө апасын жоготкондо жүрөгү дал ушинтип ачыштыра ооруган эле. Андан бери канча жыл өттү,көрсө бул оору унутулбайт туура.
-Ыйлаба алдыңа кетейиним. Энең сопсоо бир аз тумоолоп калбадыбы? Мынакей ооруканадабыз.
Салима эне ойлоруна жамандыкты деги жолоткусу келбей кыздын чачтарынан сылап ушинтип койгону менен ичинен " Оо Кудай, Жамиланын жанын ушул чүрпөсү,периштеси үчүн сактай көр!" - деп жалбарып жатты. Аңгыча ичкериден ак жана Аселдин чоң энесин алып кирген көз айнекчен врач чыкты.
-Эненин жакындары сиздерби?
-Ооба айланайын,уулу тиги шаарда кабар бердик,биз кошуналары, - деген Салима эне бир жакшылыктан үмүт эте жалдырап ийди.
-Анда уулу келсе мага кезиксин.
-Балам өмүрлүү бол кагылайын,мына бизге деле айт, тырмактайыбыздан жанаша жашап бир тууган эмей эмне болдук? Эмне керек баарын кылалы,мына уулум жеткирип берет.
Врач көз айнегин көтөрүп Салима эне менен Аселди бир карап алып акырын баш ийкеп Сабырды бөлмөсүнө жетелеп кетти.
Бир аздан соң Сабыр керектүү даары-дармегин көтөрүп врачка кирип берип чыкты да Аселдердин жанына келип олтурду.
-Эмне дейт тиги доктуруң балам?
-Жакшы апа, жакшы.
Сабыр негедир Аселдин көзүнчө ьир нерсени жашыргандай кыска гана жооп берди. Аңгыча тапырап узун коридор менен Аселдин атасы дагы жанында Альбертке кошулуп эки баланы ээрчитип кирип келишти.
- Бектен балам келдиңби? Тиги апаңды алып келдик. Сабыр доктуруна кирип чыкты балам,сен да кирерсиң...
-Жакшысыздарбы эне,рахмат. Рахмат сиздерге! - деген Шер шашып калды. Ары жакта турган Альберттин көзүнө корккондон бүрүшүп олтурган Асел урунду. Шер акырын кызынын жанына өтүп чачынан өөп койду. Асел ушунча адамдын көзүнчө итерип сала албай унчукпай гана телмирип туруп берди.
-Салима эне,Сабыр рахмат сиздерге. Бул жерде өзүм болом, Асел менен сиздерди жигиттер үйгө жеткирип коюшат.
-Убара болбо балам биз машине мененбиз. Жүрө гой кагылайыным, - деген Салима Аселди колдон алды.
-Жок мен энемдин алдынан эч кайда кетпейм!
-Аселя кызым,бул жерден баары бир киргизбейт ичкери, - деп сүйлөгөн атасын жекире карап алды.
-Атаң туура айтат балам,андан көрө үйгө барып кийимиңди которуп күтө тур. Жамиланы тиги палатага которушат экөөбүз ээрчишип келебиз кайра.
Салима эненин сөзүнө жибий түштүбү же үстүндөгү кийиминен өзү уялып кеттиби унчукпай кетип баратты.

#22 20 Ноябрь 2020 - 10:51
Жамила эне инсульт алып оорукана түшкөндөн бери төрт күн өттү. Акыркы күндөрү эч кимге билдирбей ичтен сызып өзүн жеп,өткөн өмүрүнө сарепсеп салып, кайжерден жаңылып кай жолдон мүдүрүлгөнүнө тан берип көп ойлончу болгон. Уулунун тагдырынан санаага түшкөн энени оору ичтен жыкты. Анан бир убакта келини өлүп,уулу камалып,жалгыз небереси менен калганда да күйүттү ичтен тарткан эле. Кала берсе көзүнүн кареги болгон Аселин ойлоп,өзү кетсе бул периштеси кимдин колунда калаарын чече албай жүрүп акыры жыгылды. Өзү айтканындай кызын ишеничтүү колдорго тапшыра албай кетти,үлгүрбөй калды эне. Балким карылык да себеп болду беле? Жараткан берген өмүрүн өзү гана алат,биз жөн гана себепчи болуп калат экенбиз да...
Сабакта көңүлү чөгүп олтурган Аселди эжейи чакырганда селт этти.
-Асел үйгө бар,энең келиптир, - деди эжейи да шаштысы пас.
Ордунан акырын турган кыз, өзүн аяп турган көздөрдү бир сыдырып карап алып, эч нерсе дебестен сумкасын да албай класстан атып чыгып кетти. Анын артынан Ильяз кыздын сумкасын көтөрүп чуркады. Асел көчөдө чуркап баратты. Демейде Ильяз экөө басканда кыскарып тез эле үйлөрүнө жетчү бул жол узарып,же кадамы алга жылбай, канчалык катуу чуркаганга аракет кылса да шалдыраган денеси оор тартып бараткандай. Мына өздөрүнүн үйү көрүндү. Алыстан эле токтоп турган эки кара машинаны көрдү. Үйүнө жакындай бергенде тез жардам унаасы короонун алдына токтоп турганын көрүп ансайын катуулап чуркап баратты кыз. Короого киргенде эле топтошкон элдердин боз үй тигип жатышканын көрүп теңселе түштү. Көз алды тумандап үйгө карап умтулду. Киргенде эле эшик алдында турган атасы менен беттеше келишти.
- Асел!
-Энем кайда?
- Кызым ... - деди атасы дагы мукактап.
Атасын түртүп өткөн Асел төркү бөлмөдө суналып энеси уктап жатканын көрдү.
-Энееее?! Сен келдиңби? - деген кыз энесинин көкүрөгүнө кулады. Бырыш баскан жүзү нурданып,абалкысындай мээримдүү уктап жатат. Бирок негедир дайым жылуу турчу кучагы муздап,анан да ушинтип бой таштаганда бекемирек кысып кучагына алчу колдору шалдырап жансыздай.
-Эне? - деди Асел кайра эркелей.
-Сени сагынбадымбы аябай. Оорубачы сен эне. Айтканыңдын баарын жасайм.
Асел ошол энесинин көкүрөгүнө башын коюп күбүрөнүп сүйлөй берди. Аны тегеректеп турган аялдардын бири келип кызды алууга дити барбай,көңүлү чыдабай кээ бири көз жашын сүртүп бөлмөдөн качып чыгып баратышты.
- Эне эмне унчукпайсың?
Бир убакта кыз энесин жулкулдата баштады. Эч кандай жооп жок. Энеси ошол калыбынан жазбай суналып жатты.
-Энеее?! Эне дейм!
Кыйкырып ыйлап баштаган Асел эми өзүн тегеректеп тургандарга сүйлөй баштады.
-Энемди даары менен уктатып коюштубу э? Эс алсын дедиби? Макул мен,мен...
-Көлөкөм,чырагым. ..
Салима эне кирип келип эле Аселди эркелете оозун кемшеңдете ыйламсырап жатты.
-Жараткандын буйругу балам. Кайраттуу бол кагылайын...
Аселге бул сөздөр угулуп угулбай жатты. Кулак алды тунарып бараткандай. Эки колунан жетелеп бөлмөдөн алып чыгып бараткан аялдарды акылдан азган немедей түртүп жиберип кайра энесине келип жыгылды.
-Жоооок?!! !
Жаш кыздын ачуу чыңырыгы бул жерде турган адамдардын баарынын жүрөгүн силкинтип алды. Аны менен кошо бул үй, айыл, деги бүт аалам бир силкинип алгандай болду.
-Жоок эне жоок! Көзүңдү аччы энеее? Мени таштаба суранам энекебай!
Чучуктай чыңырып ыйлаган кызды жансыз жаткан энесинин кучагынан бөлүп алууга эч кимдин күчү жетпей койду.
-Мени кантип таштап кеттиң? Кимге калтырдың энееее?!
Боздоп жаткан Асел бир убакта эсин жоготуп баратты. Көздөрү аңтарылып бараткан ал өзүнүн бетине суу чачып жатышкан топ аялдардын караандарын элес булас мунарыктап көрүп барып жыгылды.
-Көтөрүп чыккыла, - деген Салима эне кызды башка бөлмөгө алып баратышты. Ушунун баарын эшик оозунда карап турган Ильяз колундагы Аселдин сумкасын мыжыга кармап,көзүнөн жаштар төгүлүп кетти. Аселдин ботодой боздоп ыйлаганы, Шердин апасынан кечирим сурап жалбарганы да Жамила энени кайтарып бере алган жок. Көрсө жашоонун таш боордугу мына ушунда туура. Адамдар биз жашоону таш боор деп алып кайра өзүбүз күнөөлүбүз дейт экенбиз. Ал эми тагдырдын чыныгы таш боордугу, жумшарбас мерездиги ушул учур белем?.. Тирегиң болгон,үмүтүң болгон жалгыз түркүгүңдү алып коюп, сен жыгылсаң "кана өзүң жашап көр,күрөш" - деп мыскылдуу да, кээкерлүү да карап турганында окшобойбу...
Эки тизесин кучактап кеберсиген эрдин тиштегилеп олтурган кызды аяп турду Альберт. Үч күндөн бери тамак эмес оозуна суу да алган жок. Бир чекитти тиктеп олтургандан тажабайт. Уктабайт,ыйлабайт. Жөн гана ушинтип олтурат. Баягы күйүп турган жашыл көздөрүнүн нуру кайтып, көргөн адамды ансайын өзүнө чөгөрүп алчудай муңдуу тигилет...

#23 20 Ноябрь 2020 - 16:04
-Салима эне, рахмат сиздерге. Аселди өзүм менен алып кетемин,чоң үйдө жалгыз калтырбай. Анан да мектепти да бүтүп калбадыбы?
-Ошент кагылайын. Кетпейм десе алып калайын дегем,кантсе да Ильязым менен тырмактайынан бир өсүшпөдүбү.
-Апамдын сөзүн укпай шаарга көчүрүп кете бербегениме өкүнөм. Балким шаарда жанында болуп мындай болбой калат беле, - деген Аселдин атасы андан ары сөзүн улай албай олтурду.
-Кой балам Кудайдын буйругу,анын үстүнө Жамила мына бу көнгөн айылдан кетпейт болчу да кургур...
Айылда бир жума жүргөн Шер шаарга аттанаарда Салима келип сүйлөшүп олтуруп калышты. Ошол убакта башына жашыл жоолугун байлап Асел баягы өзү жакшы көргөн алма багынын астында Ильяз экөө үнсүз олтурушту.
-Ильяз, - деди Асел бир убакта.
-Оов?
-Алмага көз салып тур э? Карачы быйыл да аябагандай көп алат окшойт.
-Албетте,өзүң деле келип турасың. Шаар жакын эмеспи?
-Ким билет... - деди Асел акырын.
-Дүйнөнүн аркы бурчуна кетип аткансыбай жөнчү Асел.
-Мен сени сагынам Ильяз!
Аселдин көзүнөн тамчы жашы томолонуп түштү.
-Мен сени дайым сагынам Асел. Биз ыйлабайбыз деп келишпедик беле?
-Энемден кийин эле жалгыз жакыным сен. Энем да жок. Эми сенден башка эч кимим жок менин...
-Менин кичинекейим! - деген Ильяз Аселди бооруна басты.
Экөөнүн бак алдында кучакташып турганын алыстан күзөтүп турган Альберттин ичи өрттөнүп жатты. Өзү да түшүнбөгөн ,мурда кийин башына келип сезип көрбөгөн бир өзүмчүлдүк, ичи тардык ээлеп колдору муштум болуп түйүлө жүзү да кызарып чыкты. Белгисиз бул сезим эмне экенин аңдай электе ал бүт акылына кирип жүрөгүн ойготуп,ал жерге Аселдин элесин унутулгус кылып киргизип салгандай. Кызды көргөн күндөн,аны сыйкырдуу карегине кабылып, анын туткунуна айланган ошол күндөн тарта Аселди өзүнө менчиктеп алган эле. "Эч нерсе эмес! Жакында Ильязды да унутасың! " - деп жатты ич-ичинен ызырына.
Тирүүлүк кайнап бүтпөчүдөй күрүлдөп турган шаарга кирип келишти. Алдыңкы орундукта олтурган Альберт улам арттагы Аселди күзгүдөн карап коюп баратты. Бир колун оозуна таянып терезеден сыртты максатсыз карап телмирип бараткан кыздын бул көрүнүшү да ажайып эле. Шаардын көчөлөрүн зуулдай аралап жүрүп олтурган кара жол тандабас борбор калаанын чок ортосунан орун алып, айланасы жашыл бак дарак менен курчалган эки кабаттуу хан сарайдын алдына келип токтоду. Асел алгач кайжака келгенине деле маани бербей олтура берди. Чоң темир менен кооздолуп жасалган каалга ачылып машина ичкери кирип токтоду. Шер жанында ойлуу олтурган Аселдин колун кармап:
-Келдик, - дегенде кыз чоочуп кетти да колун тартып алды. Эшикти ачып машинадан түшөөрү менен оозу ачылды. Алдында кудум президенттер, кинолордон көрчү ханышалар жашай турган хан сарай турган эле.
-Асел жүр,- деген атасын артынан ээрчип өңү же түшү экенин аңдай албай баратты. Ооба атасын шаарда жакшы жумушта иштегенин, тиги айылдагы үйүн оңдоп өзү мынтип жол тандабас минип калганында эле түшүнгөн. Бирок мынчалыкты күтпөгөн. "Балким бул жерге бирөөгө жолукканы келгендир" - деп ойлоп жиберди короодогу ары бери басып жүргөн адамдарды көрүп. Колундагы чакан рюкзагын артына асып үйдүн ичине кирген кыздын оозу ансайын ачылды. Үйдүн ичи аябай кооз экен. Экинчи кабатына көтөрүлчү тепкичтин оймолонуп жасалганы эле өзүнчө шедевр.
Биринчи кабаттагы чоң залда бир нече окшош кийинген адамдар туруптур, Шердин кирип келгенин көрүп баары баштарын жерге салып турушат. Аңгыча эшик алдында жүргөн Асел көргөн адамдар да кирип буларга кошулуп катарынан тизилип туруп калышты. Шер Аселди ээрчитип чоң залдын төрүндө жайгашкан креслого келип буттарын кайчылаштыра олтура кетти. Кызына жанындагы диванды көрсөттү. Асел таң калгандан же эмне дээрин билбей ал көрсөткөн жайга акырын олтура кетти. Шер тамагын кыра сөз баштады.
-Бул менин кызым Асел. Ушул күндөн мени менен чогуу бул үйдө турат. Мени кандай сыйласаңар кызымды андан өтүп сыйлайсыңар.
Аселдин оозу эми даана ачылды. Бул азыр көрүп турганы түш эмес экенине ынана албай башы маң. Сыртта жүргөн адам,мынабу ичкеридеги ушунча адам атасынын кызматкерлериби? "Деги эмне болуп жатат? Мен эмне жолдо келе жатып эсимди жоготуп коюп,түшүмдө жөөлүп жатамынбы?" - деген кыз акырын жанындагыларга билгизбей колун чымчып көрдү. "Жоок,анан бул эмне деген шумдук? Тиги эмнени дөөрүп атат? Сыйлайсыңар деп. Же шаарга келип бир сандык алтын таап алды бекен? Балким банкты тоногондур? " Аселдин кылыктарын жанатан көзүнүн кыйыгында күзөтүп турган Альберт, кыз өзүнүн колун өзү чымчып ийгенде бырс эте күлүп жиберди. Аны тушүнгөн кыз кайра унчукпай олтуруп калды. Аселди бир карап алган Шер кайра:
-Зарина Аселге жардамдаш, - деди сылык сүйлөп.
Кыздын жанына келген аял сумкасын көтөрүп Аселди экинчи кабатка алып чыкты.
-Бул сиздин бөлмөңүз,бүт керектөөлөр бар. Бир нерсе керек болсо мага кайрылсаңыз болот, - деди тигил аял да сылык..
-Мени сиз дебей эле коюңузчу,мен сизден кичинемин да.
-Бул биздин жумуш...
-Бул жерде дагы кимдер жашайт?
Асел бөлмөнү айлана басып келип терезеден сыртты карап жатып сүйлөдү.
Зарина кыздын сумкасынан кийимдерин алып шкафка жайгаштырганча Аселге жооп берип жатты.
-Сиз менен атаңыз.
-А силерчи?
-Биз деле.
-Анан эмне айтпайсыз өзүңөрдү кошуп?
-Эми кожоюндардан деп ойлогом.
-Канча кызматкери бар атамдын?
Зарина саамга Аселди тиктеп турду да кайра ишин улантып кирди.
-Ашканада экөө, үйдү экөөбүз жыйнайбыз. Ал эми сыртта бакты караганга бир байке иштейт. Бирок жан сакчылар канча экенин так билбейм. Айдоочуларды да билбейт экем.
Асел уккан кулагына ишене албай турду. "Бул чын айтып жатабы?"- дегендей Заринаны тиктеп кыйла турган экен өзүнө берилген суроодон чоочуп кетти.
-Эмне атаңыздын жашоосун билбейт белеңиз?
-Кызыккан эмесмин...- деди салкын.
Бирок кокустан эле түшүп калган бул жомок жашоого таң калып бүтө албай жатты.
-Эгер бир нерсе керек болсо чакырарсыз, - деген Зарина бөлмөдөн чыгып кетти. Бөлмөдө баары өз орду менен коюлуптур. Уктоочу керебет, шкаф, өзүнүн бою менен тең күзгү,сабак даярдоочу стол үстүндө компьютер менен. "Чын эле тиги каерде иштейт?" - деген суроо мээсине кадала түштү.

#25 20 Ноябрь 2020 - 22:06
Болду ушу менен бутубу
Билдирүүнү түзөткөн: jindirak: 20 Ноябрь 2020 - 22:07
#27 21 Ноябрь 2020 - 11:30
*********
-Кабыл Токторович! Уруксатпы?
-Кир
Ильяз жетекчисин алдына кирип тушундагы столдон орун алды.
-Ильяз Жусупович, сизге тапшырылган ишьер боюнча маалымат.
-Ал иштер сотко өткөрүлүп берилди. Тергөө ишьери бүткөн толугу менен.
-Маянын иши боюнча эмне дей аласың?
Ильяз таң калып,бир эсе чочугандай жетекчисин карап алды. Анткени кече Мая кармалган мекеме эч кандай уруксаты жок кирип барып жолуккан эле.
-Кече бардың да.
Жетекчиси алдындагы папканы жылдырып эки колун кайчылаштыра олтуруп сурады.
-Ооба,мен чынында...
-Кызык, - деди жетекчиси Ильяздын сөзүн бөлө.
-Мая эч ким менен сүйлөшпөй жаткан. Талап да коё элек. Бирок негедир сени менен сүйлөштү.
-Жок сүйлөшкөн жок, - деди Ильяз жашырып.
-Таң калычтуу...
-Аракет кылдым,бирок майнап чыкпады.
-Ильяз анын ким экендигин сен эң жакшы билесиң да. Ал Шердин кызы! Издөөдө жүргөн Шердин. Билесиңби анын артынан кандай гана кылмыштуу топторду кармасак болоорун. Канча кылмыш иштерин ачсак мүмкүн экендигин? Бирок ошол Шер биздин мекемени да колго алган. Эртең,балким бүгүн Маяны жөн эле алдыртып албайт деп ким кепил боло алат? Анын өмүрү үчүн миллион акча коюлган. Бул акча үчүн азыр адамдар көп нерсеге барганга даяр. Мамлекет алдындагы милдети бул жакта турсун, үй бүлөөсүн сатканга даяр!
-Кабыл Токторович!
-Ильяз эртең Мая менен дагы жолугушуу уюштуруп беремин. Сүйлөшө алаарыңа ишенем. Биз аны ушул бойдон коё бербешибиз керек. Ал жөнүндө ар бир маалымат биз үчүн маанилүү. Жогору тараптан азырынча Маяны тергөө боюнча буйрук келе элек. Балким аны жөн гана чекесине да чертпей Шердин колуна тапшырашаар.
-Түшүндүм! - дели Ильяз чарасыз.
-Жумуш ордуңа бара берсең болот.
Ордунан туруп эшик оозуна жеткен Ильязга Кабыл Токторович:
-Айжан кандай жүрөт?- деди.
-Жакшы, - деген Ильяз шашыла бөлмөдөн чыгып кетти.
"Кантип Аселди тапшырат? Бул анын колунан кантип келет? Бул не деген тандоо? !"
Шашыла имараттан чыккан Ильяз түз эле машинасына келип олтуруп ролду уруп,уруп жиберди.
- Асееееел?! - деп бакырып алды.
Эч качан мындай аргасыз болуп көрбөгөн. Мындай чарасыздыкка, башы бек көчөгө кептелбеген. Ошол түнү Ильяз үйгө барган жок. Максатсыз эле машинасында шаар айланып жүрө берди. Бир убакта эсине бир нерсе кылт эте түшкөндөй машинасын чукул буруп зымырап айдап жөнөдү. 3 сааттан ашык жол жүрүп баягы айылга келди. Асел экөө өскөн айыл. Бул айылдан көчүп кеткендерине көп болду. Машинасын өздөрүнүн үйүнө жанаша турган Аселдердин үйүнүн алдына токтотуп түштү. Ошол кара дарбаза. Күндө эрте менен келип такылдатканда уйкулуу көздөрүн ушалап,күлүмсүрөп Асел чыкчу дарбаза. Дарбаза бек экен айланып өтүп үйдүн аркы бурчундагы тосмодон секирип ичкери кирди. Шашылган адамдай алма бака тарап аптыгып баратты Ильяз. Алма бул жылы да көп алыптыр. Бир жылдары куурап бараткан бутагы,бул жолу алган мөмөсүн көтөрө албай ийилип турат. Алмадан бирди алды да кайра жанына алма тергени бир нерсе салып албаганын эстеп токтоп калды. Шашыла кайра артына кайтып эски ашкананын терезесин талкалап ичкери кирип сумка таап чыкты. Алмадан толо терип келип машинасына олтуруп кайра жөнөп кетти. Бир аз мурунку жини тарап кадимкидей жеңилдеп,кайра жаш баладай кубанып баратты. Чоң эле алам болуп туруп жаш баланын ишин жасаганына таң калып да, күлкүсү келип да баратты. Таң эми агарып атып келе жатканда Ильяз шаарга кирип келди. Үйгө кийимин которууга келген Ильяз Айжан өзүн күтүп ашканадагы столго башын коюп уктап жатканын көрдү. Боору ооруп кетти. Айжанды чын дилден аяп турду. Анын таза сезимине жооп бере албаган өзүн,Аселден башканы кабыл ала албаган жүрөгүн жек көрүп кетти. Айжан муну баарына ылайык эмес болчу. Акырын ийилип жүзүнөн өпмөкчү болгондо Айжан ойгонуп кетти. Өзүн жалооруп карап турган Ильязды көрүп мойнуна асыла кетти да:
-Кайда жүрдүң? Мен сарсанаа болбодумбу? - деди шыбырап ыйлаган үн менен.
-Жумушта жаным.
-Телефонуң да өчүк. Дайынсыз кетчү эмес элең...
-Өчүп калган го.
-Ачка болгондурсуң? Азыр тамак саламын, - деген келинчегин колдон алып токтотуп кучагына басты.
-Кайра кетемин, эс ал өзүң. Мени күтүп уктабадың жакшы.
-Ильяз сенин эсен соо кирип келгениң, анан ушинтип кучактап койгонуң эле чарчоомду жазат го.
Ильяздын жүрөгү тилинип кетти. "Сага ушул асылжанга татыктуу боло аласыңбы?" - деп жатты ичин жеген бир үн.
-Бүгүн да кеч келемин, мени күтпөй эс ал, - деген Ильяз келинчегинин маңдайынан сүйүп чыгып кетти. Артынан суз жылмайып узаткан Айжан эрдин тиштеген бойдон кала берди.

#29 22 Ноябрь 2020 - 01:07
#30 22 Ноябрь 2020 - 10:27
#31 22 Ноябрь 2020 - 20:08
jindirak (21 Ноябрь 2020 - 16:00) жазган:
Уландысы барбы дагын
Аселди бул жолу башка бөлмөгө алып киришти. Бул бөлмө мурункуга караганда алда канча жарык,анан да кенен экен. Эки жагынан коштоп келгендер кызды бөлмөгө таштап үнсүз чыгып кетишти. Кыздын оюнда тергөө иштери башталды деген бир ой кадала түштү да,өзүн алдыдагы кыйноо балким күтүлбөстүктөргө даярдап терең дем алып алды. Бир убакта эшик ачылып Ильяз кирип келди. Бул жолу Ильяздын көзү кубанычка,кандайдыр бир бакытка толуп баягы биринчи жолку келгендей ызаа, түшүнбөстүк менен Аселди тиктебей тескерисинче сүйүү менен эзиле карап турган экен.Асел үстүнөн оор жүктү бирөө алып салгандай, көкүрөгүн ээлеген бир коркунуч артта калгандай терең үшкүрүп жиберди. Бул үшкүрүк сыртка чыгып кеткенин аны эшик алдында өзүн күлүмсүрөп карап турган Ильяздын өңү бузула өзүнө карай чуркаганынан улам байкады.
-Сага эмне болду? - деген жигит дайымкысындай камкорлоно Аселди колдон кармады.
-Эч нерсе жакшымын, - деген кыз кайра өзүнүн кыйналып жаткан жан дүйнөсүн сүйүктүүсүнө көрсөтүп анын да жүрөгүн эзгиси келбей шаңдуу сүйлөдү.
-Жөн эле,сени күтпөгөм.
-Күтпөгөм дечи?
Азыр эле кубанычтан жайнаган жүзү түнөрүп үнү да каргылданып акырын унчукту Ильяз. Анын бул абалын Асел да туйду. Туйду да жүзүнө тик карабай бөлмөнү айланта басып сүйлөп жатты.
-Мени алып кеткени келишкен го дегем.
Эки аттап кызга жеткен Ильяз аны колдон тарта өзүнө каратты. Анткени өзүнүн Асели бул сөздөрдү сүйлөй алмак эмес. Анын мынтип Ильяздын жүрөгүн тилүүгө дити барбайт эле. Жаңылбаптыр. Кыздын сулуу көзүнөн тамган бир тамчы бермет апакай жүзү менен сыдырала кулап түштү. Аселдин ушул турганы да сулуу болчу. Көзүнөн тамган чолок жаш аны андан бетер сулуу,чырайлуу көрсөтүп турду. Ильяз кызды бооруна басты. Апкаарып,жүрөгү көкүрөгүн жарып кетчүдөй жулкуна дүкүлүдөп алды... "Өөөххх! " - деди тынчтанган анын көөдөнү. Он жыл ушул денени бооруна баса албай,он жыл ушул жытка кумар болуп жүрбөдү беле? Өзгөрбөптүр. Бул өзгөчө, жалгыз Аселине таандык наристенин жытындай аруу жыт эч өзгөрүүсүз сакталып калыптыр. Бул жолугушуу экөөнүн ортосундагы бул таттуу да, азаптуу да эскирип өчпөс сүйүү сезимин кайра жалбырттап тутантып ийди. Канча турушканын деле билишпейт,балким өмүр бою ушинтип тура беришмек. Бирок бул жай,бул жагдай ... Асел биринчи өзүн оолактата кетенчиктей берди. Анын бул аракетинен Ильяз да кызды коё берип бөлмөнүн ортосунан орун алган столго келип колундагы папка,анан кичинекей диктофонду койду да өзү да Аселди "сен да олтур" - дегендей бир карап алып стулга олтурду. Асел акырын Ильяздын маңдайына келип турду. Жана жигитти биринчи көргөндө канчалык кубанса,эми ошончо коркуп да чочуп да турду. Мындай суракты Ильяз алып баргандан көрө такыр келбей койсо алда канча жеңил болмок Асел үчүн.
-Демек мени тергөө сага тапшырылдыбы э?
Асел мыйыгынан жылмая ичиндеги алай дүлөй түшкөн ,азабын,көкүрөгүндөгү оорусун билгизбегенге аракет кыла стулга олтуруп жатып сурады. Ильяз болсо жооп бергендин ордуна кыздын ар бир кыймылын сагынычтуу тиктеп олтура берди. Качан гана Асел оюнда Ильязды алдап, а чындыгында өзүн сооротуп, тынчтандырып жаткан тамаша "спектаклин" токтотуп унчукпай жигитке маңдайлаш олтурганда, Ильяз чөнтөгүнөн чоктой болуп кызарып бышкан алманы кызга сунду. Бир эсе таң калып, кубанып турган кыз бакырайган көздөрүн ирмегилеп жиберди. Асел дайым таң калганда ансыз да чоң көздөрүн андан бетер чоңойтуп ирмегилеп алчу...
-Бул алма?
Бул жолу кыздын үнү дирилдеп чыкты.
-Силердин,тагыраагы сенин алмаң. Эсиңдеби "алмага көз сал" - дегенсиң. Жыл сайын көргөнү барамын. Алма да бизди күткөн сыяктуу. Жазында жыты буркуруп айлананы толтурса,күзүндө мынтип шагы ийилгиче мөмө байлайт.
Асел колундагы алманы көздөрүн жумуп алып, жылмайган калыбында жыргап жыттап турду. Бул алманын жыты өзүнө тээ артта калган,кайрылып келгис өмүрүнүн эң бактылуу күндөрүн кайтарып бергендей. Ушул алманын жыты менен кошо ал күндөрүн ушунчалык сагынып жашап келгенин,ал күндөргө бул алмага ушунча зар болуп жүргөнүнө дагы бир жолу ынанды...
-Кечир көп эле алып келгем,киргизүүгө мүмкүн болбоду, - деди Ильяз күнөөлүүдөй. Анткени Аселдин жүзү баягыдан да бажырайып ачылып,бактылуу болуп кеткени көрүнүп турат.
-Мага көптүн кереги жок. Мага кичине эле болсо жетиштүү. Кичине бакыт,бир үзүм үмүт, жылчыктай болгон шоола, биртке сүйүү...
-Асел!
-Бирок кудай мага ошол суранып жүргөн кичине нерселеримди да ыраа көрбөй койбодубу...
Асел көздөрүн жумган калыбында сүйлөп жатты,ошол убакта ыйлап да жатты.
-Ильяз адамдар тапканым, жоготконум деп бөлүп сүйлөй алышат экен. Мисалы сен да бир адамыңды жоготсоң,жашооңо башка адам кирип анын ордун толуктап кетет. Бирок менин тапканым жок бул дүйнөдө Ильяз! Мен дайым жоготком. Баарын жоготком. Апамды, энемди,сени. Сени менен кошо өзүмдү,кыялымды, үмүтүмдү... Жашоомдон баарын тартып алышты...
-Кичинекейим!
Ильяз кантип жетип ыйлап жаткан Аселди бооруна басканын билбей калды. Кичинесинен эле Аселдин ыйлаганына чыдап тура алчу эмес.
-Макул, мен баарына макулмун! Камап,өлтүрүп же атып салгыла! Болгону мендеги чындыкты угуп кой...
Кыйлада ыйлаганы басылып өзүнө келген Аселди бошоткон Ильяз кайра ордуна олтурду.
-Айылдан атам менен кеткенден кийин ...
Сүйлөп жаткан Асел тык эте токтоп диктофондун иштебей жатканын көрдү. Ильязды карады эле ал башын чайкап койду да:
-Мен өзүм үчүн керек Асел,айтып бер, - деди.
#33 23 Ноябрь 2020 - 15:36
*******
-Эмнеге мынча кечиктирип жатасыңар Альберт?
Ачуусу келгенинен өзүн коёрго жер таппай тыбырчылаган Шер кутурган иттей кызарган көздөрү менен маңдайындагы Альбертке айкырып жатты.
-Маяны кармаган жерин аныктоого убакыт көп кетти.
-Анан?! Таптыңарбы? !
-Ооба,бирок, - деген Альберт андан аркы сөзүн улай албай мукактанып турду.
-Эмне дагы бирок?!
Ансайын жини келген Шер кыйкырып жиберди.
-Мая эч ким менен сүйлөшпөй жатат экен. Жада калса тергөө да баштала элек.
-Эмнеее?! Силер тергөөнү күтүп олтурасыңарбы?
Альберт үн ката албай калды.
-Сага ишенген мен да...
Шер сүйлөнгөн боюнча иш столуна келип телефонду алды да бирөөгө чалып кирди.
-Алло! Да бул мен. Маяны уктуң да. Дал өзү. Жоок. Ошондой дечи. Мм, макул. Мени Мая менен байланыштырууга аракет кыл. Ал менин бир гана сөзүмдү укса жетиштүү...
Шер телефонду ыргыта креслосуна бой таштап чалкалай кетти да өзүнчө сүйлөнүп жатты.
-Кызыыык! Деги Маянын оюнда эмне бар? Анын каалаганы эмне?
-Балким,бизден ушинтип өч алгысы келгендир?
-Хаа,хаа,хаа! Эмне? Кимден өч алат? Сенденби күйөөсүнөн? Же мен атасынанбы? Сенин акылың ордундабы?
-Шер, билесиң да Мая мага өз көңүлү менен турмушка чыкпаганын. Сени да үзүлүп түшүп сүйбөйт экенин...
-Аның чын..
-Эсиңдеби? Жанагы окуядан соң, "экөөңөрдүн тең түбүңөргө жетем!" - дегени.
-Андан бери канча жыл өттү? Бир жакшы иштеп жүрбөдүбү?
-Бирок биз аны кайтарып алабыз. Билесиң да, колубузда ал үчүн өтө кымбат адам бар экенин. Менимче Мая аны укса токтоосуз учуп келет....
-Шер,бирок тергөөнү күтүүбүзгө туура келет. Ошондо гана Мая менен байланышууга шарт түзүлөт.
-Альберт, элестет. Мамлекет мени абака кескенден эч кандай пайда көрбөйт. Ал эми мен сунуштап жаткан акча,же менин эркиндикте жүрүшүм тиги бийлик аталган жогору тарапка алда канча пайдалуу да.
*********
Ильяз менен тиктешип олтурду. Сөздү кантип, кайдан баштаарын билбей өз оюнда баарын иреттеп жатты. Бирок жигиттин курч көз карашынан баары чачылып кетип жатпайбы...
Титиреген колдорун ушалап,көздөрүн ала качкан Аселдин колдорун бекем кармап алды Ильяз. Узун аппак манжалары мупмуздак экен. Жылуу колдорун тийгизгенде Аселдин муздаган денесине, жан дүйнөсү кошулуп жибий түштү. Эсинде жок экен акыркы жолу жашоосунда мындай жылуулукту качан сезгени. Атүгүл көздөрү кайрадан жашка толуп эреркеп да кетти. Көрсө адам,айрыкча аялзаты темирдей бекем болуп, ийилбес, сынбас, эрктүү көрүнгөнү менен баары бир жылуу сөзгө, мээримге муктаж болот окшобойбу?.. .
Асел өзүнүн баянын баштаардан мурун жүрөгү кайра бир онтоп алгансыды. Анткени азыр Ильязга айтып берип жатып,кайра эле азаптуу күндөрүн ошондой кылып жашап өтөөрү анык...
Атасын ээрчип шаарга келип анан түшкө кирбес укмуштуудай табышмак жашоого туш келип калды кыз. Үйдү айланып,кыдырып бүткүчө эле 2,3 күн өтүп кетиптир. Аселге баарынан да үйдүн арт тарабындагы чакан бассейн жакты. Бала кезинен айылдагы чоң дарыяга барып чөмүлгөндү жакшы билген кызга кыйла эрмек болду. Күнүнүн жарымын бассейндин жанында өткөрсө,жарымын Зарина менен кобурашып өткөрөт. Ал эми атасы менен иши деле жок. Башында келгенде мынча байлык,мындай бардар жашоо кайдан экенине таң калып ойлонсо, убакыт өтүп бара-бара ал нерсени унутуп деле калды. Бир күнү эрте мененки тамака олтурган Асел атасы менен кошо тамактанды. Адатта үйдө түнөбөй,же кеч келип атасы эч качан эрте мененки тамакта кошо олтурчу эмес. Үнсүз тамактанып жатышты. Бир убакта Асел тамагын кырып:
-Айылга барып келем, - деди.
-Эмнеге?
Атасы кыздын жүзүнө карабастан ,ошол колундагы гезитти окуп жаткан калыбында сурады.
-Аттестатымды алып келишим керек. Экзамендерге да катышпадым. Эгер билсең мен мектепти бүттүм! - деди кыз да какшык аралаш ыза менен. Анткени ата болуп бир да "окууң эмне болду? Кайсы окуу жайга тапшырасың? " - деп да сурап койбогон эле. Негизи мындайды күтпөгөн деле атасынан. Бирок негедир жалгызсырап жүргөн жүрөгү ызааланып турду.
-Аттестатыңды алып келип беришет. Кам санаба.Окууга келсек медициналык окуу жайды сүйлөшүп койгом.
"Мына сага дагы сюрприз! Өзүмдөн бир ооз сурабай туруп, сүйлөшүп бүтүрүп койгонун кара мунун?! Ким айтты мени медицинага тапшырат деп?!" Аселдин ансайын жини келип кетти.
-Мен тапшырбайм медицинага!
-Бир аз туруп Альберт келет, даяр бол. Магазинге кошо барат. Кааласаң шаар айлан. Заринаны да кошуп алсаң болот жаныңа.
Атасы Аселдин сөзүн укпагандай башка нерселерди сүйлөп жатты.
-Өзүмчүл! Жек көрөм сени!
Кыйкырган бойдон чуркап кетти кыз.
Кечинде Ильяз менен телефондо сүйлөшкөн кыз айылда классташтары бүтүрүү кечесин уюштуруп жатышкандыктарын угуп "барам" - деген болчу. Бир жагынан туулуп өскөн айылын, классташтарын, айрыкча Ильязын катуу сагынып араң жүргөндө бул жаңылык аябай кубанткан. Эми мынтип атасы жибербей койгону кыздын жек көрүүсүн ансайын күчөттү.
Бир сааттан соң Альберттин машинасы менен Зарина үчөө шаар айланып жүрүштү. Үйдөн чыккандан кабагы ачылбай жүргөн Асел эми бир аз айланага көз жүгүртүп, көңүлү көтөрүлө жүзүнө күлкү келип шаңдуу баратты.

#36 24 Ноябрь 2020 - 22:26
-Асел шаар жактыбы? - деди Ильяз бир күнү телефондо сүйлөшүп жатып.
-Билбеймин.
Аселдин үнү акырын,ишенимсиз чыкты. Бул жактагы жашоосун Ильязга айткан эмес болчу. Негедир коркту. Өмүрүндө Ильязынан бир сөз жашырып көрбөгөн Асел бул жолу жашырып койду.
-Эмне маанайың жок Асел? Же атаң капа кылып жатабы?
-Жок,жоок. Баары жакшы. Ии анан качан келем дедиң?
-Эки-үч күндө барып каламын. Бирге окуу жайларды кыдырабыз.
Ушундай окшош, маанисиз күндөр биринин артынан бири өтүп жатты. Ал кунарсыз күндөрдөн Аселди куткарган жалгыз кубаныч Ильяз эле. "Жакында шаарга барам" - дегенин угуп эле буту жерге тийбей кубанып жүргөн чагы.Атасы үйдө дээрлик болбойт экен. Бир күн үйдө болсо он күн сыртта жүрөт. Эшик алдындагы сакчыларды көрүп "өзү кечке көчөдө жүрсө,анан мынча сакчыны эмне алып келип койгон, мынча чоң үйдү да ушулар үчүн салгандай" - деп ойлогону менен Асел атасынын түшүнүксүз ишине,сырдуу жүргөнүнө көнүп деле бүттү. Кыз адаттагысындай бассейнде сууга түшүп жаткан, аңгыча Альберт келип калды. Жаңы гана суудан чыккан кыздын келишимдүү, сулуу, ошол эле убакта эч ким тие элек аруу денесин ушунчалык суктануу менен карап турду. Бир кемчиликсиз турган турпаты колдо жасалгандай. .. Өзүн алыста берилүү,болуп көрбөгөндөй суктануу менен карап жаткан көздү этибар албаган кыз үстүнө жука халатын желбегей жамынып күнгө коюлган орундука олтурганда маңдайында Альберт пайда болду.
-Кандайсың периште?
-Сен?
Чоочуп кеткен кыз ордунан козголуп кайра чалкасынан жата кетти.
-Эмне сенин бутуң жерге тийбей басасыңбы калкып?
-Эмнеге?
-Дабышсыз келгениңден айтам да,- деген Асел жактырбагандай үн катты.
-Аа,сени чочутуп албайын деп.
-Баары бир чочуттуң да.
-Кечир периште.
Асел жат тиктеди. Негедир Альберттин "периште" - деп кайрылганы жакпай турду. Анткени Ильяз гана ушинтип атачу. Маек улануусун каалабай ордунан турган кыз үй тарапка жөнөдү.
-Сен жөн жай эле келдиңби? Тигиге келсең ал үйдө эмес.
-Мен сага келдим.
-Мага? А эмнеге?
-Шаар айланып келели деп. Балким балмуздак жеп. Үйдө ээрикти го дегем.
Экинчи кабатка жаңы гана көтөрүлүп бараткан кыз ордунда бир азга ойлонуп туруп калды. "Чын эле аябай ээригип кеттим, барсам барып келейин" - деген кыз Альбертке:
-Күтө турасыңбы? Которунуп түшөмүн, - деди.
-Албетте, - деген жигит кубангандан шашып жооп берди.
Оюнда Асел кагып салып жок дейт деп күткөн. Заматта кыз менен кол кармашып жүргөнүн көз алдына өткөрүп кыялданып алганга үлгүрдү. Аңгыча экинчи кабаттан чачын төбөсүнө тысырайта түйүп, жеңил спроттук шым менен кофта кийген Асел түштү. Экөө ошол күнү кечке шаар кыдырып жүрүштү. Магазин айланып Асел көзүнө көрүнгөндүн баарын сатып ала берди. Альбертке бул күн жашоосундагы эң бактылуу күн бойдон калды. Жанында жандап бараткан Асел улам көздөрүн жайнатып караган сайын өзүнө канат бүтүп жетинчи асманда учуп жүргөндөй сезип кетет. Сүйүүнү күчү ушунда белем? Ал ар кандай даражада турган адамдарды бир сапка тизип, өз мыйзамына баш ийдирип алат турбайбы. Болбосо кыз жандап магазин айланган бул жакта турсун,өмүрү шаарды маани берип кыдырып көрбөгөн Альберт мынтип жөө жүргөнүнө да кайыл боло бактылуу ,жүрөгү жыргап бара жатканы эмнеси?
Ушул күндөн тарта Аселдин үйүнө бат каттачу адат тапты. Күндө кыз менен сүйлөшүп анын жүзүн көрүп турбаса бир нерсе жетишпегендей жашоосу бозгуч тартып,айланасы кунарсыз боло түшөт. Кээде өзүнө бул сезим неге башта келбегенине таң калчу. Анткени Аселдин сулуу,Аселдин келишимдүү перилерди көз кырында карап, чертип алчу. Бирок эч качан мындай жылуу сезимге кабылып көрбөгөн экен. Баары күнүмдүк эле. Кайра туруп Аселди жолуктурганына ыраазы болуп кетет. Шер адаттагыдай өлкөдөн он күнгө чыгып кетти. Альберт күн сайын Аселдин жанында. Бир күн дагы эрте менен келсе Асел күндөгүдөн өзгөчө, күндөгүдөн ажарлуу болуп оозу кулагына жете жылмайып, көздөрүнөн болсо сыйкырдуу учкундарды чачып жайнап турат.
-Кандайсың периште?
-Эң сонун! - деген кыз ачык күлгүн түстүү көйнөгү менен бир айланып алды. Чачтары да кооз жасалып артына кыпкызыл үлбүрөк жоолукту бантик сыяктуу байлап алыптыр.
-Кандай экен? - деди кыз ошол калыбында жылмайып. Ал күлгөндө ушунчалык таттуу болуп кетчү.
-Дайымкыдай керемет! Кызык бүгүн кайда барабыз? - деди Альберт да бактылуу.
-Кечирчи бүгүн сени менен боло албайм. Айылдан Ильяз келген.
Асел чоң күзгүгө карап сөйкөсүн тагып жатып сүйлөдү. Альберттин үстүнөн бирөө бир чака кайнак сууну аңтарып жибергендей дендароо боло туруп калды.
-Ильяз? - дегенге араң жарады.
-Ооба Ильяз, - деген кыз ансайын бактылуу кыңылдап ырдап жүрөт. Альберттин жүрөгү кызганычтан өрттөнүп жатты. Өз дүйнөсүндө бактылуу болуп учуп жүргөн кыз Альберттин абалын байкаган да жок.
-Макул,мен кеттим! - деген Асел жигиттин жанынан өтө бергенде Альберт колдон катуу кармап калды.
-Эч кайда барбайсың!
-Эмне?
Таң калган Асел бакырайган көздөрүн ирмегилеп жиберди.
-Шер жок,сени жалгыз эч кайда жибере албайм, - деди Альберт үнүн бир аз акырындатып. Кызганычтан кантип катуу сүйлөп ийгенин байкабай калган экен Аселдин таң кала тиктеген жашыл көздөрүн көрүп эсине келе түштү.
-Силер кимсиңер деги мага?
Ачуусу келген кыз жулкуна колун тартып алды.
-Сен да,башка да менин кайда барышымды чечпейт. Качкын жолумдан!
Асел маңдайында турган өзүнөн эки келген Альбертти түртүп ийип чыгып кетти. Ушул азыр Аселден башка кыз болгондо Альберт өзүнө карата мындай мамилеге чыдап турбай мээсин чачырата атмак. Бирок Асел... Эсине келе чуркап кыздын артынан чыккан ал Асел олтурган таксинин артынан жөнөдү. Эч канча жүрбөй эле сейил бакка келип токтогон таксиден Асел учуп түштү да чуркап жөнөдү. Буту бутуна тийбей тызылдап чуркап бараткан кызды күзөтүп турган Альберт Ильязды да көрдү. Асел жете бергенде белинен кучактап жерден так көтөрө айлантып жиберди кызды.
-Асылым! Периштем!
Аселдин чачтарынан жыттап алган Ильяз шыбырап сүйлөп жатты.
-Сагындым сени! - деди кыз да энтиккени али басыла элек.
Ааламда экөө гана болгондой, бул дүйнө бүт дер шаары жалгыз бул экөө үчүн гана айланып жаткандай тыш дүйнөнү унутта калтыра экөө көпкө кучакташып турушту. Альберттин муштумдары өзүнөн өзү түйүлүп, атүгүл тиштерин да кычыратып ызаасы ичине батпай жүзү да кызарып чыкты. Ушул азыр эч нерсеге карабай барып Ильязды жанчып Аселди салып кеткиси келип турса да өзүн кармап "шашпа күн келет Ильязыңды унутуп жашай турган!" - деп жатты.

#37 25 Ноябрь 2020 - 16:05
Тез тез жазчы автоооор
Помните Альберт Эйнштейн сказал:«Я боюсь,того дня когда настанет тот день, когда технологии превзойдут простое человеческое общение. И мы получим поколение идиотов»
#39 25 Ноябрь 2020 - 22:09
Эси дартым ушул чыгарма менен отуп кетти бугунку кунум
Помните Альберт Эйнштейн сказал:«Я боюсь,того дня когда настанет тот день, когда технологии превзойдут простое человеческое общение. И мы получим поколение идиотов»
#40 26 Ноябрь 2020 - 14:17
Ошол күнү кечке Альберт Ильяз менен Аселдин артынан жүрдү. Кызганычтан жанчылып канчалык кетип калгысы келип турса, негедир кандайдыр бир күч буттарын тушап кадам жылдырбай акмалап жүрө берди. Балким кечке жүрмөк, эгерде телефонго чалуу келбегенде.
-Алло Шеф?
-Кайдасың?
-Мен, - деген Альберт жада калса кай жерде жүргөнүн деле байкабаптыр.
-Шаарда элемин.
-Шер келди. Кызы сени мененби?
-Аа, ооба.
-Үйгө кайткыла!
Шеф башка ашык сөз сүйлөбөстөн телефонду коюп салды. Шефинин олуттуу маселе жаралганда гана мындай сүйлөп кала турганын абдан жакшы билчү.
Өздөрүнүн сүйүүсүнөн башка чындык көрбөй, ааламдын баарын жалганга чыгарышып тек гана ушул мүнөттөн,ушул ирмемден ырахат алып үнсүз бири-бирине кынала жанаша олтурган Ильяз менен Асел. Экөө тең көздөрүн жумган калыбында бирдей кыялданып жатышкандай жүздөрүндө болор болбос жылмаю. Атүгүл маңдайларына келип турган Альбертти да байкашкан жок.
-Асел! - деген үндөн алгач селт эте чоочуган кыз көзүн ачты. Андан соң Ильяз.
-Сен эмне жүрөсүң?
Ачуулуу унчуккан кыз жанындагы жигитинин колдорун бекемирек кармап алды. Анткени Ильяздын мүнөзүн, кызганчаак экенин жакшы билчү.
-Үйгө кайттык,атаң келди.
Аселдин коркуп кеткен абалын байкаган Альберт да акырын сүйлөдү. Ортодо эч нерсеге түшүнбөй турган Ильяз бирде Аселди, бирде жанында костюм шым кийип турган бул адамды суроолуу тигилип калды.
-Ильяз бул тигинин жардамчысы.
-Мен өзүм жеткирип коём, - деди Ильяз Аселди коё бергиси келбей.
Альберт маңдайында турган кара тору, жөпжөнөкөй айылдык жигитти теңсинбей бир сыйра карап алды. Оюна "Асел мунун эмнесине ашык болду экен?" - деген суроо кадалып, өзүнө болгон ишеним ансайын күчөп кетти.
-Атасы чалды, азыр кошо алып кетем, - деген Альберт жолдун жээгинде токтоп турган машинага басып барып арткы эшикти ачып Аселди күтүп турду.
-Асел?
Ушул сөздүн ичинде Ильяз бере турчу бардык суроолор бар болчу. Көздөрүн аргасыз ала качкан кыз:
-Ильяз эртең кезигели,баарын түшүндүрүп берем.
-Эмнени жашырып жүрөсүң?
Эки кашын бириктире кыздын жүзүн өзүнө буруп ийилип көздөрүнө карады Ильяз.
-Эч нерсе!
Жигиттин кучагына бой урган кыз катуу кучактап алып көпкө турду. Жылуу,тээ бала күнүнөн бери тааныш кучак, жагымдуу жыт. Кудум ушул бойдон Ильязды көрбөй калчудай болуп бекемирек кучактап жатты.
-Сөз берем эртең кезигебиз, - деп шыбыраган кыз чуркаган бойдон машинага түшүп кетти. Эч нерсеге түшүнбөй ордунда катып турган Ильязды Альберт мыйыгынан жылмая карап коюп машинаны жүргүзгөн бойдон зымырап жөнөдү. Альберттин бул көз карашы ушунчалык сырдуу болчу. Асел жүрүп кеткен машина кыйма чийме жолго түшүп жүздөгөн машиналардын арасына сиңип көрүнбөй калгыча тиктеп тура берди. Жүрөгү башкача бир туйлап, ачыштырып ийгендей тыз эттирип алды.
Жол ката Асел да, Альберт да сүйлөбөй үнсүз баратышты. Үйүнө жетип короого кирген Асел үйүнүн алдында дагы сакчылар көбөйүп калганын көрдү. Машина токтоору менен түшүп чуркап бараткан кызды Шердин үнү токтотту.
-Кайда жүрөсүң?
Артынан чыккан өктөм үндөн токтоп артына бурулган кыз Шерди көрүп таң калды. Эч качан кайда барып,эмне кылганын сурачу эмес.
-Сага отчёт берүүгө милдеттүү эмесмин! - деген Асел артына бурулуп жөнөөрдө Шер кыйкырды.
-Асел?!
Бул жолу анын үнү каардуу чыкты. Коркуп кеткенин билдирбеске аракет кылганы менен колдорун майда калтырак басып көздөрү чоңоюп чыкты.
-Бүгүн түнү көчүп кетебиз! Даярдан!
-Кайда?
Таң калган Асел биринчи жолу атасына суроо берди.
-Башка өлкөгө.
-Эмнее? Барбаймын мен эч кайда. Кетсең өзүң кете бер мени бул жака таштап!
Шер кызга жакындаганда Асел артка кетенчиктей берди.
-Телефонуңду бер!
-Жок!
Асел ансайын көгөрдү.
-Колундагы сумкасын тартып алган Шер Аселди колдон алып биринчи кабаттагы бөлмөгө камап салды.
-Аач эшикти! Мен баары бир кетпеймин!
Асел болгон күчү менен эшикти каккылап кыйкырып жатты.
-Шер баары жакшыбы?
Альберт Шердин мындай абалын биринчи жолу көрүүсү эле.
-Кайда жүрүптүр? Сени менен болбогонун билем.
-Тиги айылдан Ильяз деген досу келип.
-Досу дечи...
-Шер эмне болду? Деги түшүндүрөсүңбү?
-Мадина каза болду! - деген Шер креслого башын мыкчый олтура кетти.
-Кандайча?
-Өзүм да түшүнбөй калдым Альберт. Анын артынан аңдуу коюлганын билбептирбиз. Тюмендеги жолугушууда атышуу болду. Бүгүн Кыргызстандан чыгып кетүүбүз керек. Азыр Аселдин жаңы документин күтүп жатамын.
-Асел да кетеби?
-Альберт! Азыр билесиңби биздин чөйрөдө эмне тополоң болуп жатканын? Баары мени издөөгө түшөт.
-Түшүндүм.
Альберт унчукпай диванга олтурду.
Мадина- булардын оң колу болчу. Эчендеген операцияларды Мадина бүтүрүп, иштешип келишкен. Өлкөнүн элитасынан баштап, жеке бизнесмендерге чейин өз тузагына түшүрүп сырын билүүдө Мадинага жете турганы жок эле.

Билдирүүнү түзөткөн: _Jalgyzym_: 26 Ноябрь 2020 - 14:19