Билдирүүнү түзөткөн: Umut_A: 10 Апрель 2013 - 09:35
Баракча 1 - 1
Жардам болобу?
#1 10 Апрель 2013 - 09:34
Саламатсыздарбы супер инфо гезитинин жамааты,менин атым Аида ,Москвадан жазып жатамын.<br>
Сиздерге бир канча суроо менен кайрылып жаттым эле.Былтыр апрель айында куйоо балам авто кырсыктан каза болуп,артында 4 баласы менен жапжаш болгон синдим боздоп калышты.Куйоо баламlды синдим жанынан артык корчу,ар бир созу Талант ,Талант жана Талант эле.Азыр болсо синдимдин абалын айтпаса деле тушунсонуздор керек.Ар дайым эже Балдарым эле кармап турат болбосо озумду бир нерсе кылып алат элем деген кат жазат.Эмне дешти билбей ,бул кудайдын айтканы балдарын учун озунду карма деп урушамын.Силерден сурайын дегеним Кыргызстанда дагы Россиядагыдай оор абалдагы адамга психологиялык акысыз кызмат корсотуу деген барбы,же андай денгээлге бара элекпи Кыргызстан?
Дагы бир суроом Москвада жалгыз жана коп балалуу энелерге пособиеден сырткары дагы кошумча акча толонуп берилет,ушундай толомдор бизде барбы деп сурамакчы элем.Эгерде болсо жазып кое аласыздарбы?
Жетимдин башын сылаган адам ар дайым кудайдын назарында болот дешет го.Талант жалгыз уул болгондуктан кол кабыш кылган деле эчким жок.Синдимдин кайын энеси менен атасы пенсияда.Бирок каненеси иштеп ошолордун баарын багып жатат.Силерден суранаарым ушул суроого жооп жазып коюнуздарчы.
менин электрондук дарегим.<br>
#2 10 Апрель 2013 - 10:40
Синдинизге кудай кубат берсин, потеря кормилца деген бар го 18 жашка чыкканча соц фондго кайрылыш керек.
Жоодурап сага карар бир адам бар
Жалбарып журогунду сураган бар
Жамалын жашка толуп турса дагы
Дуйнодо сени суйгон бир адам бар!
Жалбарып журогунду сураган бар
Жамалын жашка толуп турса дагы
Дуйнодо сени суйгон бир адам бар!
#3 17 Июль 2013 - 18:25
Суроого КРнын Социалдык фондунун басма сөз бөлүмүнүн кызматкери Исакова Мээрим жооп берди:
Күйөө балаңыздын камсыздандыруу стажы болсо, Соцфонд тарабынан балдарына баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу пенсия чектелет. Стажы жок болсо социалдык коргоо башкармалыгына пособие алуу үчүн кайрылуу керек.

#4 24 Июль 2013 - 12:40
Эл мамлекетке оной эле акчасын берип коёт. Ал эми мамлекет элге оною менен акча бербейт. Тактап айтканда, атасынан ажыраган балдарга пенсия-пособие чегертип, мамлекеттен акча алуу учун алгач балдардын энеси акча коротуу керек. Анан да пенсия-пособия таркатуу боюнча иш алып баруучулар элдин акчасын айландырып,
пайызы менен башкаларга акча берип же кредитин толоп, пайдалангандар да жок эмес экен. "Колу тийгендин оозу тиет" деген создун таамай айтылганына тан калам.
Жалдырап жолун тосуп келем сенин,
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.
#5 25 Февраль 2014 - 01:53
Саламатсыздарбы супер инфо гезитинин жамааты мен сиздерден суранарым биз Ош обл,Озгон районуна караштуу Куршаб айлында жашайбыз биздин шартыбыз оор болбогон шылтоолор менен уй жайсыз калганбыз мектептин кароолканасында жашайбыз ошого эч болбосо бизге окмот тарабынан 7 сотых жер тилкесин жардам катары ала алабызбы жолдошум учурда Москвада ал ошол там салышыбыз учун иштеп журот ушундай жакыр уй булолорго негизи мамлекет жардам бере алабы бизге сиздерден жооп кутом
#6 16 Апрель 2014 - 17:30
panda15 (25 Февраль 2014 - 01:53) жазган:
Саламатсыздарбы супер инфо гезитинин жамааты мен сиздерден суранарым биз Ош обл,Озгон районуна караштуу Куршаб айлында жашайбыз биздин шартыбыз оор болбогон шылтоолор менен уй жайсыз калганбыз мектептин кароолканасында жашайбыз ошого эч болбосо бизге окмот тарабынан 7 сотых жер тилкесин жардам катары ала алабызбы жолдошум учурда Москвада ал ошол там салышыбыз учун иштеп журот ушундай жакыр уй булолорго негизи мамлекет жардам бере алабы бизге сиздерден жооп кутом
Саламатсызбы!
Сиздин сурооңузду Ош шаарынын мэриясына жөнөткөнбүз. Жооп келсе, жарыялайбыз.
#7 25 Апрель 2014 - 23:11
Саламатсызбы Суперстан канча кундо жооп ала алам чыдамсыздык менен кутуп жатам жардам берип коюунуздарчы мага сураныч
#8 11 Июнь 2014 - 14:33
Баракча 1 - 1