салам . баардыгын башынан баштайын ... мен 2-3 класс кезимде ... каникул эле , таенемдеркине барып келмей болгом. Кетип жатканда иним (менден 4 жаш кичуу ) ээрчип ой бойду койбой туруп алды , кичинекей да , ыйлап атса журогум ооруп ала кетейин дедим , апамдар болбой коюшту , мен да кичинекей элем да , айла жок акыры жиберишти , келдик , тентек эле короодо суу дайым агып турчу , ага барып ойноп суу болуп эле журчу , конул деле болчу эмесмин , таекемдин 2 кызы бар эле оюнга алаксып журо берчу экем , анда кундуз уйдо эч ким жок болоор эле , ошентип отуруп иним акыркы кундору коп ооручу болду , анан кайра уйго келдик ,ошол туну температура болуп тушпой башым ооруп атат деп ыйлай берди . больницага бардык , менингит го шаарга баргыла срочно деп караколго жиберишти, жолдо атам жинденип коркконунан мени катуу урушту - сен ээн баштанып атып ушундай болду деп, бардык, ал жактан ата - энеден уруксат сурабай эле реанимацияга алып кирип кетип жулунунон суу алдык дешти , кайдан билели опасный экенин , жакшы болуп чыкты , бир ааз отпой иним бишкеке келген, кундордун биринде эсин жоготуп скорый менен больницага алып бардык , врачтар неге суу алдырасынар , кайсы жинди врач алды деп жинденишти,
корсо туура эмес диагноз коюп , ошондо да туура эмес даарылап коюшуптур, ошондо билдик... мындай айтканда инимдин тагдырына балта чабышыптыр , . даарыланып журду да акыркы кундору бир буту менен баса албай жыгылып калчу болду, кийинчереек эки буту тен баспай калды , букур болуп бара жатат озунон озу, ачыгын айтсам сийип чычканын билбейт памперс кийет , алып барбаган врач , козу ачыктар калбады го. не кылышты билбей калдык . азыр 13 жашта атайын инвалидный коляска менен журот, аябай коп даары ичти , наркоз коп алды , окуй албай калды мектепте , озу жакшынакай , жагымдуу аябай , башкача жан , ак конул , берешен ,акылдуу , техника жасап бирдемке ойлоп тапканга шыктуу, буту эле болбосо , чон киши корбогон оор тагдырды басып отту .
ИЧИМ КУЙОТ ...сентябрь..
. ал тендуу балдар мектепке баратат , ал бара албайт . кочодогу балдар футбол , волейбол , кубалашып ойношот , ал ойной албайт , балдар корунсо уйго кирип кетет ыйлап , папамдар эшикте жумуш жасап журсо келгиле папа не кылайын деп сурап калат , папам аны укканда мындай кыл тигиндей кыл деп майда жумуш берип коюшат алаксысын деп , озу журогу ооруганынан ары барып ыйлап алат , мамам да ошол , ар ким ар кандай мамиле кылат , кичинекей балдар отот кочодон ,корсо таныркап кечке карап калышат , шылдындашат , кичинекейлер да , андайда жанын чыгып кетет ,
ИЧИМ КУЙОТ ... бир куну кошунабыз тушоо той берип калды , иним да журду . балдар чуркап атышты , инимди коруп жерге кирип кетким келди , элестетип коргулочу , кандай оор , мен анын бир тууганымын , жаныман артык кором .
ИЧИМ КУЙОТ , ЖУРОГУМ ДЕНЕМЕ БАТПАЙ ЖАРЫЛЫП КЕТЧУДОЙ , анан ата - энемдин абалы кандай дейсинер , кундо ыйлайм , ыйлап бутун бастыра албасымды билсем дагы журок чыдабайт экен да . кундон кунго чонойгон сайын башкача болуп келатат . элге кошулгусу келбейт , бизге корунбой кундо ыйлайт , достору жокко эсе , ИНИМ АЙТАТ : ит болсом да басып журсом кана деп , алты саны аман туруп кенедей нерселерге туруштук бере албай оз жанын кыйгандарга тан калам , сулуу эмесмин деп кейигендерге тан калам , козум бакырайган коз болсо дегендерге тан калам , 1 саат эле козу жок жашап коргулочу тешик эле болсо да козум болсо деп калмаксынар дейт, адамдар олгунор келсе бутунарды мага , козунорду сокурга , кулагынарды дулойго , тилинерди дудука , колунарды дагы колу жок зар болуп жургон адамга берип койгулачы дейт , ден соолугу чын туруп 2 этаж уйум жок деп кейигендерге тан калам ,,, ден соолугунар чын болуп алты санынар аман болсо кандай чон байлыкка ээ экенинерди билбейсинер да дейт 13 жаштагы бала .
бир кезде даары ичкен элем олуп калсам баарынын кутулам го деп , бирок аман калгам , ошондо иним коз жашын кол кылып " мына мен олом десем жарашат эле , менин ден соолугум жок , ата энеме , силерге жук болбой , колуман эч нерсе келбейт , билимим жок , кыскасы келечегим жок" - деди . ошону укканда башка чапкандай эле болду .
ИЧИМ КУЙОТ ... айтаарга созум , ыйлаарга жашым калбай калды , ушунун баарына мен куноолу , ошондо жакшылап карап койсом мындай болбойт эле, ээ кудай "неге ?" деген суроомо жооп берчи . адам зат айла жок чыдайт экенбиз да , " айтылат ко АЛЛА ТААЛАМ дартты жараткан сон дабасын да жаратат деп " анын сынарындай узулбогон умут менен жашап келеби , менин айыман ушул кичинекей иним ушинтип отурат , неге мен баспай калбадым , мен деле сууга ойнодум эле го андан калбай . жашоо мерез , тагдыр ташбоор . ОЙЛОНДУРГАНЫ эми инимдин келечеги кандай болот , окугусу келет , дос таап дос болгусу келет балдар менен .
жардам бергилечи ???? КЕНЕШ БЕРГИЛЕЧИ ????? не кылсак болот ?????[
Бир тууганым, бир боорум
#2 25 Сентябрь 2014 - 03:35
Журогуму ооруттун,менин балам алты жашта 34 жолу наркоз алып операция болду,алты жылдан бери которуп багам,ыйлай берип озуму жеп буттум,бул дагы кудайдын берген сыноосу.Сабыр кылып жакшы кара инини .
#3 25 Сентябрь 2014 - 06:36
карагылачы бул жашоодо нелер гана болбойт баары кудайдын буйругу мененда сыбырдуу бол озун айткандай дабасында берет буйруса Кудай озу шпаасын берсин инини жакшы кара
#4 25 Сентябрь 2014 - 07:04
Бул дуйнодо:жакшы да жаман да жалгыз АЛЛАХТАН экенине ишенели....
Чындыгында журок ойчу нерсе экен.
АЛЛАХ берген кандай сыноо болбосун анын акырында чон бклек болот,чыдап, сабыр менен терен ишеним менен Кудайда сурап,адегенде ининдин демин котор.
Адамдын ооруусунун дабаасына,адам баласы озу,тагыраак айтканда психологиялык настрой керек экен.мен баспайм эми таптакыр бспайм деп келечегине балта чаап койгон да туура эмес...
Инин азыр жаш,ал
БАЛАНЫН КЕЛЕЧЕГИ КЕН,БОЛГОНУ психологиясын туура жолго буруу керек...
Басып кетишине дем берип ар кандай умут беруучу практиквларды жасоонор керек..
Чындыгында журок ойчу нерсе экен.
АЛЛАХ берген кандай сыноо болбосун анын акырында чон бклек болот,чыдап, сабыр менен терен ишеним менен Кудайда сурап,адегенде ининдин демин котор.
Адамдын ооруусунун дабаасына,адам баласы озу,тагыраак айтканда психологиялык настрой керек экен.мен баспайм эми таптакыр бспайм деп келечегине балта чаап койгон да туура эмес...
Инин азыр жаш,ал
БАЛАНЫН КЕЛЕЧЕГИ КЕН,БОЛГОНУ психологиясын туура жолго буруу керек...
Басып кетишине дем берип ар кандай умут беруучу практиквларды жасоонор керек..
#5 25 Сентябрь 2014 - 07:22
Инине биринчиден Алла шыпаасын берсин. Алла Таалам озунун суйуктуу инсандарына гана оору берет. Орууну берген сон шыпаасынан да кур койбойт. Алла наасип этсе инин да басып кетет деп ишенем.
#6 25 Сентябрь 2014 - 12:21
Сиздин эч кандай куноонуз жок. Бул буйруктан, ининизге ушундай тагдыр жазылган. Ал кезде сиз деле бала эленизда, бала оюндан башка нени билмек эле? Озунузду жемелештин кереги жок, инимдин ордуна мен оорусам эмне деп кудайга акаарат келтирип жатасыз, куноокор болуп. Жараткан ининизге сыноо бергиси келди, сынап жатат. Андан коро жарым жан болсода мандайынарда караан болуп туруусун тилегиле, аман болсун! А баса, кудайдын сыноосун сабырдуулук менен которгондор акыретте жараткандын белеги менен сыйланат, эч тоскоолдуксуз бейишке кирет.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#7 25 Сентябрь 2014 - 17:06
Eh avtor okup jatyp kozumo jash aldym.13 jashtagy bala azyr naristeda,kudaiym ozu shypaasyn bersin.Kelechegi aldyda,sizde kunoo jook,ech kim jamandykty tilep albait,siz oshol ubakta myndai bolup ketishin bilgen emessizda.Ininizge moraldyk jaktan koldoo kerek,din jolunda jurgon jakshy adamdar koburook suiloshturgonu araket kylsanyzchy,jaratkandan umutun uzbosun,buiursa baary jakshy bolot.Sizda 5 maal namaz okup,ininizdin jakshy bolup ketishin tileniz.Ininizge koburook konul burgany araket kylynyz.
#8 25 Сентябрь 2014 - 17:06
Eh avtor okup jatyp kozumo jash aldym.13 jashtagy bala azyr naristeda,kudaiym ozu shypaasyn bersin.Kelechegi aldyda,sizde kunoo jook,ech kim jamandykty tilep albait,siz oshol ubakta myndai bolup ketishin bilgen emessizda.Ininizge moraldyk jaktan koldoo kerek,din jolunda jurgon jakshy adamdar koburook suiloshturgonu araket kylsanyzchy,jaratkandan umutun uzbosun,buiursa baary jakshy bolot.Sizda 5 maal namaz okup,ininizdin jakshy bolup ketishin tileniz.Ininizge koburook konul burgany araket kylynyz.
#9 25 Сентябрь 2014 - 17:21
Автор сабырдуу болунуз.Кудай буйруса баары жакшы болот.Мындай сыноолор менинда башымдан откон.Ошол кайгы-азаптар эч качан бутпочудой сезилчу.Аллага мин мерте шугур,акырындык менен баары ордуна тушуп жатат.Баардык сыноолорду сабырдуулук менен жениниз.
"Побеждает тот,кто верить,что он может победить."
#10 25 Сентябрь 2014 - 18:59
Авторго эн алгач башкалар сыяктуу сабыр тилейм. Кудай талаам эч кимге которо албаган жук бербейт. Ар бир адам которо алышынча жук менен сыналат. Кээ бир адамдар байлык менен, кээ бироолор жокчулук, сиздин ининиздей адамдар оору менен. Бирок бул жашоодо бай, кедей же оору болгон эмес, аны кандай жене билуу маанилуу. Ник Вуйчич аттуу адамды билсениз керек. Мен ошол адамдын эркине тан калам. Мен алты саным аман боло туруп, кыйынчылык которо албайм,ал эми ал адам колу-буту жок болсо да жашоого женилбептир.
Жада калса уй було куруп, бала жытын искеди. Андан тышкары Франклин Рузвельт (полиомиэлит)-
АКШ нын 32-президенти,
Кутузов (бир козу сокур)- генерал-фельдмаршал,
Людвиг ван Бетховен (кулагы укпаган)-дуйного белгилуу композитор,
Стиви Уандер( козу корбойт)-музыкант,
Григорий Журавлев (колу жана буту жок)- суротчу ж.б ото коп улуу адамдар бар. Алар колу буту бар туруп кыйынчылыктарга женилген бизге окшош пенделерге ото чон орнок болушкан. Ошондуктан сиз ининизди коргон сайын окунуп аны да кыйнагандын ордуна, жогоруда айтып откон жана башка коптогон ооруга женилбеген адамдардын автобиографияларын окутуп, озунуз да мотивация бериниз демекчимин.
#12 25 Сентябрь 2014 - 19:36
Автор сабырдуу болуңуз, иниңизге күч кубат болчуудай болуңуз, көп ыйлап ойлоно бербеңиз жалган жашоодо баардык нерсе жалгыз Аллахтан, Аллах шыпаасын берсин иниңизге.
#13 25 Сентябрь 2014 - 20:21
Кудайымдан ининизге ден-соолук, сабыр, куч-кубат тилейм! Сиз да коп чокпой колдонуз бир боорунузду!
#14 25 Сентябрь 2014 - 21:10
Ата эненизге жа сизге сабыр тилеймин,мен куноолуумун деп озунузду кыйнабан мумкун болушунча ,ининизге жардам берин(китеп,
журналдарды окуп)конулун алышка аракет кылын сабырдуу болун,ининизге ден соолук каалаймын!
#15 25 Сентябрь 2014 - 21:41
Урматтуу автор сабырдуу болунуз, чындыгында аябай кайгылуу тагдыр экен.Эми сиз кундо озунузду озунуз куноолоп желий берсениз, сизди карап, байкап турган ининиз кандай акыбалда калат, кыжаалат болот сыгылат.Кайра ал байкуштун конулун которуп алаксытып жакшы нерселер жонундо суйлошунуз.
Сиз куноолу эмессиз бул нерселерге,
озунузду коп ичтен жеп кыйнала бербениз...
#16 25 Сентябрь 2014 - 21:41
Урматтуу автор сабырдуу болунуз, чындыгында аябай кайгылуу тагдыр экен.Эми сиз кундо озунузду озунуз куноолоп желий берсениз, сизди карап, байкап турган ининиз кандай акыбалда калат, кыжаалат болот сыгылат.Кайра ал байкуштун конулун которуп алаксытып жакшы нерселер жонундо суйлошунуз.
Сиз куноолу эмессиз бул нерселерге,
озунузду коп ичтен жеп кыйнала бербениз...
#17 25 Сентябрь 2014 - 21:54
Озунузду озунуз кыйнап сыгыла бербениз.Сиз куноолу эмессиз ага.Жакшылык да жамандык да Аллахдан.Ининизге ден соолук берсин.
#18 25 Сентябрь 2014 - 21:55
Баардык нерсе Алланын буйругу,булда болсо сыноо.Эч ким бешенесине тагдырын жазып албайт,тагдырды түйүлдүк мезгилинде жазып коёт дешет.Эч сыгылбаныз күчтүү болунуз дегим келип турат,Аллахым сыноо берсе созсуз артынан чооң жакшылыгын кошо берет,сизге,
ининизге үй-бүлөнүзгө кудайым жакшылыгын аябасын!
Сен бар учун...
#19 25 Сентябрь 2014 - 22:35
Авторго сабырдуулук тилейм эмнеге врачтар ата эненин ыразычылыгы жок жулунунон суу алышат.балким сиз эмес врачтар куноолудур.
#20 26 Сентябрь 2014 - 01:59
oa oor tagdyr eken((( chynynda ushunday tagdyrlardy korup,ugup olturup shugur kylbagan ,naalygan kundorun eske kelet .Oshonduktan baryga shugur keltirip jashayly !
Avtor saga, ata enene kuch kubat ,sabyr tileym, inine den sooluk ALLAHYM shypaasyn bere korsun ylayim
Avtor saga, ata enene kuch kubat ,sabyr tileym, inine den sooluk ALLAHYM shypaasyn bere korsun ylayim