Жүрөгүмдүн сепили, жүрөгүмдүн дервиши... Жан дүйнөмдүн жаңырыгы жаңыланды!
#42 18 Январь 2013 - 18:30
Бир жылмаюуң үчүн жашап калуудан корком...
Күтүү ролу мага ылайыксыз. Балким, кайсы бир жашоомдун бөлүгүндө ордунан карыш жылбаган абалда өмүр сүрүү чынында, тажаткан чыгар. Жаңы жашоого белсенген мүнөттөн тарта "эч кимди күтпөйм, мага жетүүнү каалагандар мени менен тең чуркаганды үйрөнсүн" деген талапты койгом өзүмө. Ошондон улам да, секунд сайын өзгөргөн тармакты тандап алган чыгармын. Ошондон улам да, күн сайын бир жаңы адам менен таанышуу мүмкүнчүлүгү бар сферага келгендирмин.
Ал да ошентти. Бир кездеги трагедиясын унуткаруу үчүн опурталдуу жолго түштү. Мүнөзүнө дал келбеген ишке баш-оту менен кирди. Барган сайын аны тааныбай бараттым. Балким, бир учурда сен менин дүйнөмдү билбей талкалап алгандырсың. Бирок азыр биле туруп, ошондой жоруктарга барып жүргөнүңдү түшүнө албайм. Өч алуубу? Бирок, кимден? Менденби? А мен сага эмне кылдым? Же мен да билбей сенин дүйнөңдү талкалап алдым беле?
Түмөн түкшүмөл. Саны жок соболдор. Аттиң, жооп алууга дитибиз барса, кана?! Тек гана, эски тааныштай... Жөн гана, кайсы бир кезде, канчанчы бир кылымда, кайсы бир күндөрү, канча бир саатты чогуу бөлүшкөнүбүз кайда калып кетти?
Акыркы жолугушуудан кийин бир тыянакка келдим. Мен бир сенин жылмаюуң үчүн жашап калуудан коркот экем. Бир сен үчүн баарынан баш тартканым эле жетиштүү болчу.
Күлүүнү унуткарган экөөбүз жүз көрүшкөндө себепсиз жылмаюу пайда болот. Кайсы арыбызга? Кайсы кубанычыбызга? Кайсы жыргаган турмушубузга?
Же, чындап эле, өткөөл мезгил өттүбү? Бүттүбү? Же чоңойдукпу? Же көндүкпү баарына? Же бул организмдин иштеп чыккан иммунитетиби? Же жүрөк чыдабай калдыбы?
Бул сапар суроолор-суроолор- суроолор болуп кетти көрүнөт. Мен, чынында суроолор жамгырында калып кеттим...(((
Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 11 Сентябрь 2015 - 16:54
Жеңиш - менин тагдырым.
#44 22 Январь 2013 - 02:22
негедир менин да жан дуйном мындай кырдаалдан отуп жаткан учун дур.........тааныш сезилет ((((((
#45 22 Январь 2013 - 06:13
wumida (11 Октябрь 2012 - 20:13) жазган:
Сагындырбай, саргайтпай тез тез коп коптон илсен болоор бекен? А так сен менен кошо кулуп,ыйлап, кулап,чарчап, жылмайып журобуз ушуну унутпа ээ..?
Мендагы кошулам ушул создорго.Мендагы сизди кооп кооп создор менен мактагым келет бирок сиздикиндей соз байлыгым жок ,Сизге чоон РАХМАТ,ОНОРУНУЗ ОРКУНДОЙ БЕРСИН ТАЛАНТЫНЫЗГА ТАЗИМ ЭТЕМИН.АЗАМАТСЫЗ ЭЛЬВИРА
Билдирүүнү түзөткөн: kaktus.-91: 22 Январь 2013 - 06:45
#46 22 Январь 2013 - 10:44
Олум учун бирдей сенин катарын.
#47 22 Январь 2013 - 10:57
SatiNur (22 Январь 2013 - 10:44) жазган:
Чыгарманын китеби жок. Муну мен убакыт-шартыма жараша улам илип турам. Ошондуктан, сабырдуулук каалайм.
Баарыңыздардын жылуу сөздөрүңүздөр үчүн чоң рахмат!
Жеңиш - менин тагдырым.
#48 22 Январь 2013 - 19:22
Мен "ваза" эмесмин!
Таң каласың ээ? Жок, чын айтам, ой, жазам дегеним...))) Менин дүйнөмдү, империямды талкалап кеткен, аёсуз жаралаган, ыйыма карап да койбогон адам болду. Ооба, ал мен үчүн биринчи, алгачкы жана эң акыркы. Ооба, мен аны жактырдым. Ооба, мен аны менен түбөлүк жашоого макул элем...
Дервиш сымал темселеп калганда, кепе болгонума да карабаган, бүкүрөйгөн белимди түздөгөн, ийилген башымды көтөргөн, ар бир көз жашымды астейдил аарчыган да адам болду. Ооба, ал мен үчүн экинчи, алгачкы эмес жана чексиз цифралардын ортосунда калып кетти. Ооба, ал мени жактырды. Ооба, ал мени менен түбөлүк жашоого макул болчу.
Эмнеден айныдым? Тараза кимге ооду?
Мага мени өзүндөй көргөн адамдар жагат. Кереги жок, мага, үстүртөн карагандар, теңине албагандар, түшүнгүсү келбегендер! Муктаж эмесмин, мен, боорукерге, ак көңүлгө, шайырга! Жашоомдон жоголгула: өзүнө ишенбегендер, өзүн аябагандар, өзүн сүйбөгөндөр!
Экинчиси эмнеден тайды? Ал мени "ваза" деп ойлоду. Эң бир кооз текчеге койчу, эң бир таза айнек эшиктери менен жаап койчу, эң бир татынакай гүлдөрдү салып койчу...
"Ваза" деп элестеткени үчүн абайлады. Тамакты үйлөп бергени эле калбаса, үйрүлүп түшчү үстүмө. Күндө он жолу сурайт, маанайымды. Сырткы дүйнөгө кароосуз чыгышыма жол бербейт. Кийгенимден өйдө караганына да көнгөм. Атасы кызындай урушуп койгонуна да макул болдум.
Аттиң, сендик "ваза" боло албай койдум. Элдин баарына мактана көрсөтө алган убакытка жеткирбей качтым.
Буга өзүмдү да жемелейм. Көбүрөөк тилдесең болмок, мени. Кепенин ичин бир көргөндө, балким, эртерээк артыңда карабай качмак белең? Кепеде "ваза" эмес, андай кооз идиштен кабары жок жырткыч жатарын билсең, балким, мага бооруң ачыбай калмак беле? Сенсиз деле күнүм өтөрүн билсең? Сенсиз деле маанайым жакшы болорун аңдасаң? Сенсиз деле кийине аларымды байкасаң болмок...
Мейли, жай, элдин баарына. Ой, бул жакшылыкты билбейт деп! Мактансаң да болот, мен тирилткем аны деп!
Шарты келсе, сөзсүз кайтарам. Ишен сен, бирок таянба! Таянчуң мен эмесмин, албетте, бул сөздү сенден жаттагам.
Бирок мен сени кез-кезде жоктойм. Сен да мени жоктогондой. Эстегенде сагынып калам, ашыкча камкордугуңду. Жылмайып да алам, сенден жакшы ата эмес, жакшы апа чыкса керек деп...
Ыраазымын сага, ылайым тез арада өздүк "вазаңды" таап алышыңды каалайм...
Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 11 Сентябрь 2015 - 16:57
Жеңиш - менин тагдырым.
#49 22 Январь 2013 - 22:08
#50 22 Январь 2013 - 23:40
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#51 25 Январь 2013 - 18:17
"Кудайың барбы?"
Ишеним талкуусу - түбөлүктүү тема. Ал сени алыстан азгырат, азандай чакырат.
Эмне үчүн храм, чиркөө, мечиттин курулушу чоң жана кооз? Эмне үчүн ар бир дин өкүлүнүн элден айырмаланган формасы бар? Эмне үчүн кайсы бир динди тутунган адам өзүн динсизден акылдуу жана корголгон сезет? Ойлонуп көрдүңүз беле?
Кечээ, "Пинин жашоосу" деген тасманы карап отуруп, каарманды ээрчигим келди. Мен да кимдир бирөөгө, кайсы бир күчкө ишенгим келди. Саамга "сыйынуучу жайым кайда калып кеткен" деген суроого жооп издеп таба албадым. Ушунчалык мусапыр абалга түшүп калганым, албетте, кейиштүү. Балким, бир кезде баш тарткан чыгармын, бирок ал да мени чанып кетсе керек...
Кудайды биз башыбызга оор күн түшкөндө гана эстейбиз, эми, жалпы жонунан айтканда. Абакта, ооруканада, кырсыкта, өлүмдө... Бир жырткыч келип, так кекиртегиңден жула тиштеп, астейдил кан агып чыгып жатканын карап, "качан жан таслим болсо да, мен аны жей баштасам" деген мүнөттө "Куткар, Кудай" деп кыйкырабыз. Дегеле, бул дүйнө менен кош айтышкыча далай ирет куткарат, аны ошол замат ошол жерде унутабыз! Рахмат айтуу ойго да келбей, эл-журтка кандай кыйын экениңди шардана кылууга шашыласың! Туурабы? Моюн толгоонун кереги деле жок, мен деле ошенткем, балким, азыр деле...
Мен да көп ирет куткарылгам. Катуу уулангам, сууга аккам, жардан кулагам, кырсыкка кабылгам... Кудай куткара берип чарчадыбы, мен чындап аны чакырганда, мен ага ыйлап жалбарганда, ал мен үчүн жоктой сезилди. Ал тескери бурулуп алган да, менин үнүм жетпегендей. Ал бекем бөлмөгө жашынып алган да, мен өмүр бою анын кабылдамасында отургандай. .. Мен дүйнө жаңырта айкырык салсам да, ал дүлөйгө айлангандай. Эң соңунда, өз жанымды ага тапшырарда да, колун да сунуп койбогондой. ..
Ошондо мен китеби толо сыйынуучу жайыма өрт койдум. Калдыгы калганда, үстүнө май төгүп, кайра от жактым. Күйүп бүттү. Күлү сапырылып жатты. Ордунан из калбаган күнү мен Кудайсыз калып кеттим. Тагыраагы, байланышсыз. Өзүм курган сыйынуучу жайга киргенде, мен ага жакындагандай болчумун. Ар бир окулган китеп, анын тилин түшүнүүгө жардам берип жаткан. Уккан баяндарым анын ааламына жол ачкандай сезилген.
Бирок мен бир моментте сындым. Миллиондогон майда бөлүктөргө бырчаланып, чачырап кеттим. Кайра топтолууга мага бир агым жардам берди. Аны дин, секта, же дагы ушул жакка тиешелүү топ деп айтууга болбойт.
Чоң жоготуум, албетте сыйынуучу жайым. Кайсы бир күнү аны кайрадан тургузгум келет. Азырынча, даяр эмесмин. Күлү көккө сапырылган жайым мени жазалаган. Шамалга учуп бара жатканда "ылайым, түбөлүксүз болуп кал" деп каргаган. Мендик храм жоголгон күндөн бери мен бир күн менен жашайм. Эртең, бир апта, бир ай, бир жылдан кийин деген сөздөр мени кызыктырбайт. Себеби, каалаган түнү өзүмө өрт коюп жиберишиме толугу менен ИШЕНЕМ!
Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 18 Февраль 2013 - 14:33
Жеңиш - менин тагдырым.
#52 26 Январь 2013 - 11:11
#53 26 Январь 2013 - 15:26
Бирок анча мынча адамга жете бербейт жакшы чыгармалар экен
#54 26 Январь 2013 - 22:26
Aiym94 (26 Январь 2013 - 15:26) жазган:
Бирок анча мынча адамга жете бербейт жакшы чыгармалар экен
Окуп көрүш керек экен, мен анын "Белый клык" деген чыгармасын гана окуганмын. Жеткиликтүүлүгү боюнча, каалайт элем ар окуган сайын ар бир адам өзү каалаганын алсын, ар ким өз алдынча кабыл алып, өз жактырган каарманына окшоштурсун. .. Жалпак болбой, ар бирине өзгөчө таасир калтыруусун каалайм...
Жеңиш - менин тагдырым.
#55 01 Февраль 2013 - 01:57
#56 01 Февраль 2013 - 03:18
#57 04 Февраль 2013 - 18:11
Мен бир өлүмүш... мен бир жашамыш... мен бир дервиш...
Февраль айы - билген адамга өтө табышмактуу. Төрт жылда бир келчү 29-күнүн мен түндү кароо менен өтөм. Куйруктуу жылдыз качан учат экен деп... Сыйкырга ишенгим келет. Жомокко дагы...
Бирок жашоо жомок эмес, чиркин! Эмне үчүн биздин балалыкты кайдагы дайыны жок жөө жомокторго сугарышат? Ал реалдуулукта жок болсо, эмнеге ата-энелер тантырап айтып беришет? Күлкүм келет, ошол эски адат, балким, кимдир бирөөнө салт, дале уланып келе жатат!
Ойлойсуң... Мен акылдуу болом, жакшы окуйм, калп айтпайм, элдин баарына жардам берем деп... Ошенттиң? Анан? Өзгөрүү барбы? Жок!
Дале ишенесиң... Сүйүмүш болгон адам чыгат тушуңдан. Сен да сүйүмүш болосуң. Жомок кульминациясына жетти дегиче, сыйкырдуу таягына сүйөнгөн жезкемпирлер менен ач көз бай кишилер, сенин сезимиңди көрө албаган курбулар менен дагы-дагы коркунучтуу бокочолор чыга келет...
Сен чыдайсың... Анткени кайсы бир жомокто кызын жалгыз токойго таштап койгон аталар да болгон. Аяз ата келет дейсиң, же аюунун үйү чыкса. Жашоодо алар да келбейт экен сага!
Сен күтөсүң... Күтө бересиң... Эгерде жомокто айтып берүүнү токтотуу үчүн деле, мына "аягы" деген сөзгө жетүү үчүн деле шашылганың менен реалдуулук эч шашылбайт! Ал сени толугу менен ичип-жеши керек, толугу менен талкалашы керек. Же ал сени былчыйтат, же сен аны!
Мейли, кез-кезде өзүмдүн кыялдарымдан суурула албаган жандай көрүнөттүрмүн, ал сапатымды эч качан жоготкум келбейт. Билем, мен, ал кыялдар жоголору менен мен ошол жомоктордо да, ушул реалдуулукта да жоголом! Биротоло!
Түшүмдө жазды көрдүм. Жашыл чөптү, гүлдөгөн өрүктү. Суктанып турам мен, жалдырап...
Февралдан кийин жаз келет. Жылымыш болгон жай келет деп, үшүтүмүш болгон кыш кете элек деп, ыйламыш болгон депрессияны көлдөткөн, күлүмүш болгон кубанычты көтөргөн... Сайрамыш болот келгин куштар, сага дагы сезимдер кайтат деп, гүлдөмүш болот байчечектер, эски жараатты жаралап чыккан...
Мага окшогон өлүмүштөй... Мага окшогон жашамыштай. .. Мага окшогон дервиштей... Мага окшогон уламыштай...
Бул сапар жазга ишенгим келет. Жаз болуп келчи, сураныч... Жалбарам, сенден!
Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 11 Сентябрь 2015 - 17:03
Жеңиш - менин тагдырым.
#58 04 Февраль 2013 - 21:30
Эххх....
Билдирүүнү түзөткөн: Mondur: 04 Февраль 2013 - 21:30
#59 08 Февраль 2013 - 17:56
Жашынмак
"Оюндан от чыгат" дешет. Макал-лакаптар, насыят-осуяттар, фразалар... Күндө угасың, ата-эненин оозунан, форумчунун постунан, кайсы бир кезде лайкты басып койгон фейстеги баракчадан. .. Баарын айтылгандай аткарсак гана?! Төрт тарабы төп келишкен болуп, жашообуз трагедиядан алыс болбойт беле?
Эң баналдуу оюндан башталган баары... Жашынмактан башталган жашоом өмүр бою бекинип жүрүүгө алып келди. Тагыраагы, жүрөгүмдү суук көздөн сактап өтүүгө...
Качан акыркы жолу жашынмак ойногонум эсимде калбаптыр, балким сен менендир. Эсептейсиң бир, эки, үч, ..., он! Издейсиң, издейсиң... Үн сал деп кыйкырасың. .. Тапканда укмуштай кубанасың. Мына, мына, таптым сени деп!
Жашоодо эсептеп эле келе жатам, бир жыл, эки жыл, үч жыл, ..., он жыл! Издейм, издейм! Үн сал деп кыйкырам. Таппайм эмес, табам. Бирок укмуштай кубануу жок. Кайда калып кетти? Табарым менен жүрөгүмдү жашырам. Сагыныч таркары менен кайрадан жашынам.
Кээде, ушул оюндан толугу менен чыккым келет. Мына күйдүм деп, жеңилдим деп, өлдүм деп!
А кээде, ачуум келет, чала болот сага, өзүңдү тузактарыңдын азабын өзүң тарт деп.
Каталардан сабак чыгарганым менен уялбай дагы оюн баштайм. Жашынмак болбосо, мышык-чычкан. Мышык-чычкан болбосо, дагы бирөөсү дегендей. Мен оюндарга бай адаммын. Азап тартуулоого машыгып бүткөн жанмын. Оюн бүткөн мүнөттө жаш баладай жөн эле кетип калам үйүмө. Уруп ойнобойм, ал мени менен кийин дагы ойногусу келеби, ишим да жок. Чакырса да укпайм. Кел дегенин тыңдабайм.
Оюн барып-барып мени оюнчукка айлантып жибербөөсүн каалайм. Балким, ошол үчүн качан оюнду бүтүрүү керектигин жакшы эстеп калгандырмын. Оюнчук болуудан өткөнмүн мен. Ойнотуп бүтүшкөн. Азыр оюн ээси менмин!
Мунун баарынын жазасын да тартам бир күнү. Сөзсүз! Жазасы катары - жалгыз калам.
Тегерегимде бир гана жансыз куурчактар калат...
Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 18 Февраль 2013 - 14:39
Жеңиш - менин тагдырым.
#60 09 Февраль 2013 - 05:38