leonar Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 283 (0,09 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Эркин тема (101 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 30 Июнь 15
- Кароолор:
- 10 823
- Соңку аракети
01 Авг 2019 13:38
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 101 жашта
- Туулган күнү:
- Июль 7, 1922
- Жынысы:
-
Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Акча үчүн баарына даяр форумчулар
Жазылган күн: 9 Май 2018
БАН деген нерсе жок болуп кеткенби? -
Темасы: Кытайдын саясаты орто азияны басып алуу
Жазылган күн: 9 Май 2018
fantomas (09 Май 2018 - 19:23) жазган:
Жазгандарындын баары калп дебейм, жарымы чындык, жарымы калп, айрыкча кытайларды коргоп жазгандарын калп...
Озун айтмакчы Кытайда эл коп, эл коп болгону учун да Кытай бийлиги оз букараларына 1 гана балалуу болууга уруксат берген. Бирок мунун айынан акыркы учурда Кытай жаштары арасында эркек бала коп, кыздар аз болгону учун 2 балалуу болууга уруксат беришти. Бирок 2 гана бала. Кытайдын озунун жаратылыш ресурстары да чектелуу. Ошол учун Кытай дуйнонун ар кайсы олколоруно инвестиция салып, оз жеке кызыкчылыгы учун курошуп келет. Кытай айрыкча Россия менен Борбор Азиядагы 5 КМШ олкосуно инвестиция салууга кызыкдар. Бирок бул "инвестиция" деген создун артында Кытайдын чон, жашыруун саясаты турат. Кытай бул олколордун кен байлыктарына, жерине, топурагына коз артып жатканы апачык, бирок аны куч менен эмес, айла-амал, пара, акча менен оз колуна алгысы келет... Учурда Казахстан менен Туркменистанда ондурулуп жаткан ири газ компаниялары кытай компаниялары. Тажикстанга ТЭЦ куруп бергени учун Тажикстандагы 2 ири алтын кени Кытайдын ТВЕА компаниясына отту, дагы 3-5 алтын кенинин отуусу кутулуудо. Андагы кытайлар койгон шарттар да тири укмуш, мисалы ошол кендерде канча алтын кору бар экенин изилдеп чыгуу укугу да ТВЕАга берилиптир. Кыскасы ТВЕА эмне десе да, Тажик бийлиги кытайлар берген маалыматка ишенууго аргасыз.
Кытай ошол инвестициялары, берген карыздары менен оз максатына жетуудо. Мисалы Кытайдан карыз алып бирок ал карызды кайтара албай калган Шри-Ланка олкосу Кытайга оз дениз портун берууго аргасыз болду. Кытай Пакистанда жалпы сметалык баасы бир триллион доллардан ашкан проект баштап жатат жана Пакистандын Гвадар дениз порту 40 жыл Кытайга кызмат кылмакчы. Эгер Пакистан Кытайга карызын толоого чама-чаркы жетпей калса, Пакистандын кен байлыктары, стратегиялык ишканалары Кытайдын колуна отмокчу. Ал боюнча орус тилинде жазылган макаланы кочуруп коем.
Эми Кыргызстанга келсек. Кыргызстанга соода кылуу учун келген кытайлар жетиштуу акча топтосо да эмнеге Кыргызстанда жашап иштеп журушот, эгер Кыргызстанды жек корсо, Кытайы жакшы болсо?!! Кыргызстанга келип бизнесин жолго койгон ар 10 кытайдын кеминде 8и арадан 5-10 жыл отсо да иштеп жургонун коросун...
Анан калса Кытайлар биздин жарандыкка отушуудо, кай бироолору пара берип документ жасатып, кай бироолору акылы кем, акчага кызыккан кыргыз кыз-келиндерине уйлонуп...
Учурда Кыргызстанда канча кытай бар экенин, алардын канчасынын Кыргызстан жарандыгы бар экенин, канча кытайдын эмгек келишими жок, олкодо мыйзамсыз иштеп жургонун улуттук статистика да, каттоо кызматы да, ИИМ да, УКМК да айта албайт. Анткени эч кимде так маалымат жок. Бирок кытайлар Кыргызстанда жылдан жылга кобойуп бара жатканы бул факт. Коркунучтуу факт.
Эми кытайлардын инвестициясына келсек, кытайлардын Кыргызстандагы инвестицияларын 90%ти олко учун чон чыгашалар алып келуудо, бийликтеги арам тамак жепжутарлардын чонтогун толтурганы менен... Мисалы алтын кенин иштеткен кытайлык компаниялар бар, ошолордун кай бири жергиликтуу элдин кызыкчылыгын ойлоп жатат, нормальный жумуш шарттарын сунуштап жатат?!! Чаткалда жана Чуйдо алтын казган кытайлар казылган рудаларды алтынын ылгабай туруп Кытайга ташып жатышканы тууралуу маалымат акыркы 5-10 жылдан бери айтылып келет. Якобы бизде алтын ылгоочу заманбап завод жок имиш, Кытайда жакшы алтын ылгашат имиш. Ошондо Кытайга канча тонна алтын, канча тонна кумуш, канча тонна жез жана канча тонна башка баалуу металлдар ташылып чыгып кетип жатканын ким айта алат?!! Бул дегени Кыргыз элимдин ондогон-жуздогон кылымдардан бери аздектелип бизге жеткен мурасын-кен байлыктарын ачык эле карактоо, уурдоо эмеспи?!!
Эми Кытайдын берген 386 миллион доллар насыясы тууралуу кеп. Бул акча Кытайга кайра 450 миллион доллар болуп кайтарылат экен. Бул долбоор боюнча талаш-тартыш болсо Кыргызстандын эмес, Кытайдын мыйзамдарына ылайык чечилет имиш... Ошол долбоор алкагында ТВЕА компаниясы салдырган Бишкектеги мектептин сметалык баасы осуп отуруп 3-5 мектеп салууга боло турган акчага бир мектеп курулду. Башка олколордо 386 миллион долларга жапжаны ТЭЦ курулуп жатса, бизде бул акчага ТЭЦтин 30%ти гана жаныланыптыр. Дагы 70%тин жанылоо керек имиш, 700-800 миллион доллар карыз алып...
Жогорку Кенештин депутаттары Бишкек ТЭЦтеги коррупциянын масштабын аныктай албай жатып Европа онуктуруу банкынан 10 миллион доллар карыз алды кечоо куну эле. Мына биздин саткын бийлик!! ! Бишкек ТЭЦтин жанылоо учун жумшалган акча ошол 386 миллион доллардын бештен же учтон бирин гана тузот. Калган акчаны ТВЕА менен биздин бок курсак паракор бийлик болушуп алган. Бугун Окмот башчысынан (Исаков) экс министр, депутаттарынан бери баары Кытайдын адвокаты, кой Кытай бийлиги укса капа болот, ачууланат ж.б. Да к черту Кытай бийлигин! !! Биз эмне, Кытайда жашап жатабызбы?! ! Кытай бизге кооптуу эмес, "Китай это милая государство, китайцы они такие безвредные милашки" дейсинер, эгер Кытайдын карызын толой албай Чаткалды, Ала-Буканы, Ысык-Колду Кытайга карматсанар кором ошондо кантип суйлойсунор? !! Ошондо бугун калп эле бужуромуш болгон Кыргызстандагы кытайлар биздин жерлер Кытайга отсо, тобоно камчы ойнотпосо мага кел!!! .......
<a name="OLE_LINK1" >Убактым азыр аз болсо да, жазгандарыны устуртон окуп чыктым.(жумуштамын)
Кыскача эле жооп берейин:
Орто Азия олколоруно Кытай зордук менен келишимтузуп инвестиция жасап аткан жок. Кытай эгер биздин кен-байлыктарыбызга, жерибизге, топурагыбызга коз артып атат деп ойлосок, келишим тузбой койсок даболот. Неге озубуз аларды чакырабыз, атайын конференцияларды откоруп, бизге инвесторлор керек депжерлерибизди мактап корсотобуз? Кытайлар койгон шартка эмнеге конобуз? Эмнегекарыз алабыз алардан? Бийлигибиз саткын экенине Кытай куноолубу? А эгер карызынтолой албай калсак да озубуз эле куноолуу болобуз. Куноону озубуздон издейли, Кытай кошуна катары бизге пайдасы тийсе тийди, зыяны тийген жок.
-
Темасы: Кытайдын саясаты орто азияны басып алуу
Жазылган күн: 6 Фев 2018
"Бир кумалак бир карын майды чиритет" дегендей, кээ бир ою жаман кытайлардын суйлогонун коруп алып эле(же чын-тогунун билбей туруп), бардык кытайлар ошондой ойлошот экен деген туура эмес.
Бул хань улуту дуйнодо ото коп калк, баарыбыз эле билебиз.
Дуйнонун коп олколорундо жашашат. Мисалы, Индонезияда 7, 5 млн, Таиландда 7 млн, Малайзияда 6,5 млн, Сингапурда 3,6 млн, АКШда 3,3 млн, Россияда 235 мин ж.б. коп коптогон олколордо.
Тилегинерге каршы Кыргызстан Кытай менен чектешип калыптыр, эч жакка кача албайбыз.
Эми хань улутунун(кытайлардын) бизге Кыргызстанга келгенинин себептери:
1. Биринчиден бул карапайым калктын бизнеси, ар бир эле чек-арага жакын жайгашкан райондордун элдери ушундай турмуш менен кун откорушот. Бул кадимкидей эле корунуш. Чек-ара райондорунда жашаган адамдар мени тушунот. Мисалы бизде базарда, бир кыргыз саткан буюмду, башка жерде бир кытай арзанырак сатып атса, албетте элдин баары ошол кытайдан алышат. Мындайда патриоттук сезимдерибиз жонундо ойлобосок да керек. Ошентип алардан озубуз товар алып, аларды чакырып алабыз.
2. Инвесторлор. Аларды да озубуз чакырып, акчасын жейбиз. Булар да Кыргызстанды басып алганга козу учуп турбаса керек. Кээ бир чон суйлогон копкон чондору бар алардын да, кыргыздарды тенсинбей акчага сатып алса болот деп суйлоп коюшат, жогоруда жазып кеткендей. Бирок колдорунан эч нерсе келбейт. Мындай обу жок адамдар ар бир эле улутта болсо керек. Мисалы бизде деле бар го, кытайлар жаман калк деп ойлошуп жактырышпай кытайларды томон коргон адамдар, ошондой эле аларда деле жактырбай бизди Орто Азияны ото томон корушуп мурдун чуйругондор да бар. Ошол эле учурда, ото жакшы адамдары бар, башка улуттарды сыйлаган сылык адамдары коп.
Бир эле мисал келтирсем:
Мисалы Кытайга барып калсак, кочодон кокустан акчабызды уурдатып жиберсек (мындай учур негизинен болбойт го) же жаман адамдарга кабыл болуп калсак, кочодон полицияны коруп жардам сурасак, полиция чет олколуктун(биздин) тарабыбызды талашат. Созсуз жардам берет.
Ушул эле окуяны Бишкекте корсок, кытайды милициябыз баш болуп тоноп, ото коопсуз абалда калтырабыз чет олколукторду.
Эгер кытайлар Кыргызстанда жашагылары келишет десенер, жанылышасынар, алар аран эле журушот акча учун, коркушуп, эшикте талап-тоногондор, кыргыздарды басып алайн деген ой болбосо да керек, Кытайына барганда суйунушуп, озубуздун эле олкобуз жакшы деп айткандарын мен коп эле уккам!...Бизде деле Россияда кысылып аран журуп, Кыргызстанга келген жердештерибиздей эле. Биз да Россияны басып алайн деген ой жок да туурабы, баары акчанын айынан.
КНР дын политикасын билбедим го, бирок жогоруда айткандарым, кытай кыргыздарды басып алат деген "миф"ке жооп болду окшойт.
Эгер кытайларды такыр киргизбейбиз десенер, пикетке чыгып, таможняны жаап салгыла, кытайларды куугула. Бирок....., -
Темасы: Жыга чапкым келет!
Жазылган күн: 17 Июл 2017
Форумда "тигинтип жиберем", "минтип коем" деп кыйын болуп бироого жок жерден асылган, клейдей жармашкандарды жыга эмес, олтуро эле чапсан. -
Темасы: Бир кем дүйнө
Жазылган күн: 17 Июл 2017
Токуп атат да коргон кинолорунан анча мынча кошуп. Мейли, эмне болсо да, аягын happy end кылып бутурунуз, автор.
Комментарийлер
leonar ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?