Биз эмне менен сыймыктансак болот?
#1 01 Январь 2011 - 10:59
Биз кыргызстандыктар эмнелер менен сыймыктансак болот? Силер Кыргызстандын,
Кыргыздардын эмнеси менен сымыктанасынар?
Мекенинбиз жонундо кеп башталганда эн башта эмнелерди айканы шашыласынар?
Бир-бирибиз менен позитив энергияны болушолу. Бул темада бут дуйного таанымал нерселерден/
адамдардан баштап кичинекей топко таанымал нерселерге чейин жазанар болот.
Мисалы:
1) Баарыбыз эле Чынгыз Айтматов менен сыймыктансак керек
2) 8чи кылымда Уйгурларды женип, Орто Азияда эн кучтуу эл болуп турганыбызга сыймыктанам
3) Дунйонун эн улуу эпосу - Манас бизге таандык болгонуна сыймыктанам
.... сыймыктанган дагы аябай коп нерселер бар.... Ошолор менен болушолу, жердештер.
Мындай дуйнолук денгээлде эле эмес, силер жашаган чойродо кандай нерселер/адамдар/ окуялар силерди сыймыктандырат? Силер окуган жерде же жумушунарда. ..

#2 02 Январь 2011 - 00:44
меймандостугубуз менен. коп чет олколук достор соз кылышат, даназа кылышып тан калышат. бирок, ошол меймандостугубузду кээде башка багыттарда пайдаланып кеткен шумпайларды коруп "меймандостукту да чегинде корсотуш керек" деген ойго келип кетет экенсин.
Contra vim mortis non est medicamen in hortis
#3 02 Январь 2011 - 03:14
Кыргыз болуп торолгонумо сыймыктанам.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#4 02 Январь 2011 - 17:07
Kırgızdın 7 keremeti,Kırgızstandı danazalaybız,kırgızdın en,eni j.b. degen ushuga baylanıshtuu tema bar,al jerden karasan bolot.
Билдирүүнү түзөткөн: elif: 02 Январь 2011 - 17:10
все что ни делается все к лучшему :(
#5 03 Январь 2011 - 01:20
Бейиштей болгон жерибиз менен. Дуйно элин суктандырган маданиятыбыз менен сыймыктансак болот. Эсептей берсек четинен чыга берет.
#6 03 Январь 2011 - 09:26
Романтик укмуш темаларды улам улам ачып жаткан го. Жакшы!
Биз эми Кыргызстаныбыздын кооз табигатына! Абабыздын, суубуздун тазасына сыймыктанабыз!
Кыргызстан деген жерибиз барнына сыймыктанабыз!
Жана Жаш жаны чыгып келе жаткан таланттарыбыз учун сыймыктанабыз!
Биз эми Кыргызстаныбыздын кооз табигатына! Абабыздын, суубуздун тазасына сыймыктанабыз!
Кыргызстан деген жерибиз барнына сыймыктанабыз!
Жана Жаш жаны чыгып келе жаткан таланттарыбыз учун сыймыктанабыз!
#7 03 Январь 2011 - 10:18
Men Ysyk-Kolubuz menen siymiktanam!!
!
YMYT bolboso, jurok jarylmak...
#8 03 Январь 2011 - 12:19
Достор чындыгында сыймыктанаар деле эч нерсебиз калбады окшойт...менимче.
Дуйно жузу коруп атпайбы...озубузду-
озубуз соороткондун кереги эмне?
Балам бир кулсо куломун.
#9 03 Январь 2011 - 13:14
супер-форум менен сыймыктанам
Ibi victoria,ubi Concordia.
Бактылуумун. ..
Бактылуумун. ..
#10 03 Январь 2011 - 19:49
Төкмө акындары менен сыймыктанам,
казактарды ыйлатышат го чиркин
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#11 04 Январь 2011 - 05:08
#12 04 Январь 2011 - 11:21
Башка элдерде жок тойлор, аштар менен сыймыктансак болот.
Адам баласы оз бактысынын устаты!
#13 04 Январь 2011 - 13:27
Эки президентти айдаганыбыз мененчи?
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#14 05 Январь 2011 - 11:54
#15 05 Январь 2011 - 12:45
1. Манасыбыз менен
2. Чыкебиз менен
3. Ысык-Колубуз менен
4. Хан Тенир деген бийик тообуз менен
5. Кыргыз тилибиз менен
6. Айрым каада - салттарыбыз менен
7. Тарыхыбыз менен
2. Чыкебиз менен
3. Ысык-Колубуз менен
4. Хан Тенир деген бийик тообуз менен
5. Кыргыз тилибиз менен
6. Айрым каада - салттарыбыз менен
7. Тарыхыбыз менен
убакыт - женилбес душман...
#16 05 Январь 2011 - 13:17
Сыймыктанчу нерселерибиз көп го ыя? Канчалык көкүрөктү койгонубуз менен сыймыктанчу нерселерибиздин баркына жетпей келе жатабыз атаганат!
Жогордо меймандоспуз деп жазып кетишиптир, чет өлкөлүктөргө жагыныш үчүн, же мындайча айтканда- курулай "показуха" үчүн меймандос боло коюшубуз мүмкүн, а бирок чын-чынында келгенде кыргызым меймандос болбой баратат. Ишенбесеңиз чоочун бирөөнүн үйүнө барып көрүңүз.
"Манас" эпосу, Чыңгыз Айтматов, Ыссык-Көл, табиятыбыз, кылымдардын кербенин улап келе жаткан маданиятыбыз жана башка толгон-токой нерселерибиз бар. Кеп сыймыктанышта эмес,кеп -баалай билүүдө жана ошол баалуулукту сактай билүүдө.

Калпагыңар башыңардан түшпөсүн, Кыргыз уулдары!!!
#17 05 Январь 2011 - 14:55
Сыймыктанчу нерселерибиз коп эле. Мисалы, мен:
1) Кыргыз болуп торолгонум учун;
2) Кыргызстан деген бейиштин торундой болгон жерибиз менен
(табияты, кооздугу, климаты ж.б.);
3) Кыргыз эли Орто Азиядагы эн байыркы эл экендиги жана улут катары
сакталып, ушул кунго жеткендиги менен;
4) Элдик оозеки чыгармачылыктагы баалуу мурастарыбыз менен;
5) Элдик жазылбаган эрежелерибиз (каада-салт, урп-адат, нарк ж.б.) менен;
6) Улуттук кийимдерибиз, улуттук буюмдарыбыз менен;
7) Ч.Айтматовдой ж.б. улуу инсандарыбыз менен;
8) Бай тарыхыбыз менен сыймыктанам! !!

#18 05 Январь 2011 - 17:07
Мэри (05 Января 2011 - 11:55) жазган:

#19 15 Январь 2011 - 23:47
Мэри (05 Января 2011 - 17:55) жазган:

Emi ushulardi biroo bilse siymiktanasin da,kopchuluk chet olkoluktor Kyrgyzstan bar ekenin da bilishpeyt.A jogoruda sanalgandar ar bir elde bar.
#20 15 Январь 2011 - 23:56
bashka sayttan kochurdum,okup alip emi "ULUUMANIA" menen siymiktanip kaldim.
Улуумания
15.09.2010Акыркы мезгилде качан телевизор койбо, улуттук идеологияны өнүктүрүшүбүз керек деп көкүрөгүн соккондор көбөйгөндөн көбөйгөн. Албетте, көп жылдаган маңыроочулуктан кийин өзүбүздүн улуттук аң сезимибизди өнүктүрүү аракеттери мактоого сыярлык демилге, бирок ошентсе да: «Кыргыз эли улуу элбиз, Кыргыз эли кыйын элбиз» деп эле шилекей чачырата берүү күлкүлүү нерсе. Эмне үчүн: «Кыргыз эли улуу элбиз бирок чууттугубуз бар, балиттигибиз бар, мансапкорлугубуз бар, кошоматчылыгыбыз бар, ушундай кемчилдиктерибизди оңосок анан барып урпактарыбыз сыймыктанаарлык эл болот элек» дебейбиз?
Кыргыз эли байыркы эл экенибиз чын, бирок улуу элбиз деп өзүбүз жок жерден ураан салгандан көрө, башкалар Кыргыз эли улуу эл экен деп баа бергени туура болсо керек. А азыр болсо андай баа алуудан таптакыр алыспыз . Ага карабастан: «Башкалар эмне десе ошо десин баары бир биз кыйынбыз» деп кежирленгенден кежирленгенибиз. Ошентип жатып өлкөбүз деле ыдырайын деп калды.
Уламдан улам көзү тойбогон, жакырчылыкты жоюуунун ордуна жакыр элдин намысын сатып алып пикеттерге чыгарган алдым-жуттум саясатчылардын айынан, дүйнөгө улуу эл эмес эле чуут, саткын эл деп таанылып жатканыбыз калппы? Саясий партиялардын эки күндүн ичинде шаардын ичин быкбырдай кайната салган баракчаларын көрүп күлкүң келет. Чындап эле элдин камын ойлоп, ак ниети, чын дили менен иштеген болушса, мынчалык чымын куюн аракеттин, же табити жок жамакчылыктын деле кереги жок болот эле го. Таратылган баракчалардагы: «Үзөт, сүзөт, түзөт, бузат, кузат, чычат» сыяктуу саптар кайсы кыйын саясатчыларга ишеним туудурсун?
Саясатчылар бир эл, кыргыз эли башка эл эмес, баары биригип бир эл. Ошондуктан, карапайым калк күнүмдүк оокаттын артынан кууппу, же бекерпоздуктун айынанбы саясатчыларга сатыла беришпесе мүмкүн, башкалар улуулугубузду билет турган күн жакындаар беле? Карапайым элибизди бир мүшөк ун, шекер, же бир бөтөлкө аракка сатылып кетишпесин билишсе саясатчылар дагы жоопкерчиликтүү иштей турганы анык.
Мына шайлоо башталды, баякылар дагы келишет береерин беришет деп алакандарын ушалабай: “Кыргызы эли сатылбагыла, азыр уругуна жараша, кайсыл жактыгына жараша эмес иштеген ишине жараша шайлабасак, булар дагы да болсо төңкөрөөрүн төңкөрүп, өңкөрөөрүн өңкөрүп кете беришет” деп эл акылы менен иш жасашса кандай сонун болоор эле. Бүгүнкү күндө болсо анткендин ордуна кайсы колунда бар саясатчынын артынан илешип бир ай да болсо пайда көрүп калсак экен дегендердин саны аз эмес. Ушул эле адамдар кайра: “Иий, Кыргыз эли качан жакшы жашайбыз” деп нааразы болушат.
“Менин жездем бажыканада үч ай иштеп эле эки машина, бир үй сатып алды, таякем 500 доллар берип ГАИ болуп орношту” деген сыяктуу сөздөрдү илимдүү билимдүү эле адамдарыбыз уялмак түгүл мактанып айтышканын коюшса, паракорлук дагы бара бара жоюлат беле?
Паракорлукту жек коруунун ордуна, көтөрмөлөп, качып кутулгус балээнин ордуна, жетпей жургөн максаты катары көрушпөсө, Кыргыз эли улуу болбосо дагы башкалардан артта калбаган эл катары, орточо бирок бактылуу жашайт беле? Чет элде окуп келген жаштар кыйратат эле ойротот эле дешет, а бирок андайлар аралашып калса: “Кана эмнени үйрөндүң, бизге деле үйрөтчү” дегенден намыстанышат. А түгүл, сын айтсаң: “Өөй, биз деген улуу элбиз, менталитетибиз башка, америкалыктарга, же европалыктарга салыштырба” деп керсендешет.
Эл оңолсо, саясатыбыз да, саясатчыларыбыз да, жашообуз да оңолот. Кыргыз эли качан гана өз кемчилдиктерин түшүнө билгенде гана, башка улуу элдердин жетишкендиктерин уйрөнуугө умтулуп, акча менен аракка сатылбай өзун сыйлап, жана эл башындагыларды өзун кемсинтпей, кордотпой сыйлата билгенде гана алдыга бир аз кадам таштайт. Ансыз, УТРК каналында гана улуу эл, кыйын эл болуп кала берерибиз бышык.
Айдай Масылканова