- (5 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Турмуштан алынган жаңы чыгарма турмуштан алынган
#1 20 Июль 2012 - 03:27
#2 20 Июль 2012 - 04:13
-Эмне онун бозоруп кетти коркуп атасынбы?
-Жок эмнегек корком. Табиятынан ачык айрым эч кимге соз жедирбеген гулнар токтолбой жооп бере салды. А бирок сыр бербегени менен коркунучу куч эле. Ынгайсыз абалда калтырып Алмаз да кайра кайра карайт коз албай. Ойго баткан Алмаз да ынгайсыз абалга калтырбай карабай койгусу келет бирок негедир кайраты жетпей атты. Алмаздын тушунбогону Гулнардагы сулуулук болчу. Кара коз кара каш жазылган чачы ийинине тушуп балбылдаган коздору, ууртундагы суймончук уячасы, суйлогон созу койчу теги тогорогу топ келген мындай жанды эч жерден учуратпаганына ан-тан. Жетер жерлерине жетип да келгендей болушту машинаны акырын токтотуп эшик ачып тушкусу келбей тушсо эле Гулнарды ушул камак кананага киргизип жиберип экинчи корбой калчудай болуп досунун эч кимге жада калса ошол досунун озуно да буйрубай калган бактысына ичи куйуп коз артып турду. Гулнар болор иш ушул болгондон кийин дедиби Алмаздан мурун машинадан тушуп алдыга жоноп калды. Вахтадан документтерин текшерип, толтуруп, Алмаз озу суйлошуп аялы деп уч кунго уруксат алып ошол жердеги кызматкердин коштоосунда Гулнарды ичкери киргизип жиберди да оор ушкуро аркага кайтты.
#3 20 Июль 2012 - 04:47
-Мойдунов сага колуктун келди мейманды кабыл ал- деди да аркага карай жоноду. Мына Канаттын да Гулнардын да эки жылдан бери куткон жолугушуусу. Кандай кылып учурашаарын да кантип жанына бараарын да билбей Канаттын айласы кетти. Бул ынгайсыздыктан да озунун ачык айрымдыгына салып Гулнар куткарып кетти.
-Саламатсыздарбы? акырын баш ийкей сыпаа саламдашып койду
- Кел Гулнар кандайсын озун кыйналбай эле келдинби? Канаттын суроолору чар жайыт болуп, бир учурда бут алдында тепкилеп, каалгандай суйлогон, озунун никесиндеги аялынан жети омуру жерге кирип сурдоп турганына бир чети намыстанып, бир чети оз абалынан уялып турду.
-Жакшы. Гулнар ан сайын текебердене тиктеп ары бери басып олтурарга жай издеди.
-Олтур мына бул жерге. Канат олтурарга жай коргозуп озунчо эле куйполоктоп алган. Озун кармагысы келет бирок Гулнардын сурунон анын балбылдаган коздорунон жерге киргидей абалда турду. Акырын-акырын соз уланып ал акыбал сурашып дегендей Канаттын да абалы жакшыргандай болду.
-Келмек эмесмин-деди Гулнар ызалуу нары каардуу -откон кунумо откон омурумо кайрылгым келген эмес бирок сага айта турган, сага айта албай калган создорум мага тынчтык бербей ушул жерге сенин суранычынды кайтара албай келгенге туртку берди. Ойлочумун сени эч качан корбойм корсом да жузуно карабайм деп андай болбоду убакыт отту ошондогу коодонду жарган ызам сенин мага коргозгон "кереметтерин" унутулбаса да каар жаады из басты дегендей пазайды. Акыркы жолу созунду угуп созумду айтуу учун гана келдим. Канат ун каткан жок Гулнарга тигилди да калды.
-Гулнар сен ушундай белен сени таптакыр эстей, элесинди элестете алчу эмесмин.
-Албетте эстей да элестете да албайсын да уйлонуп, бир жума жашап, мас болуп жаныма эки кун жатып, калган кундору досторундун уйундо туноп, бир жумадан сон таштап коюп баса берсен бул жакка. Гулнар ызалуу унчугуп Канаттын жузун карагысы кебегендей бет мандайындагы дубалды тиктеп мелтиреп турду.
Билдирүүнү түзөткөн: NUR.DIM: 20 Июль 2012 - 17:32
#4 20 Июль 2012 - 05:14
-Гулнар сен ушунчалык сулуу белен- деди. Гулнар болсо ун каткан жок . Убакыт отуп жатты алды берди суроолор болуп Канаттын Гулнарга кандай кордуктарды коргозгонун кайын энеси менен кайын синдилеринин жоруктарын бир баштап бирде ызалуу бирде кайраттана акылдуу создору менен Канатка тушундургусу келип Гулнар суйлоп атты. Ооба айтып атты нар жагында акыл эси бар адамга жете тургандай кылып эле. Канатта ун жок соз жок. Гулнар суйлоп суйлоп токтогондон сон гана.
-Сен ушундай суйлойсунбу- деди канат
- Канат кулойун десем кулкум келбей атат эмне тамашага айландырып атасын?
-Жок чын эле айтып атпаймынбы сени элесин менде жок болчу сени менен жашаган бир жумада сенин жузунду карабаган да экенмин карагым да келчу эмес ким билет балким козумду май басып копконмунбу? Бирок андай дейин десем уйлонгонго чейин кыздан кыз тандап сени коруп жактырып анан алып качып келгенмин. Эмне болгонуму озум да тушуно албаймын никебиз окулгандан кийин эле сени жек коро баштадым ишенсен уйго киргим уйго келгим келчу эмес сен козумо капа болбого жемогуздай корунчусун. Ошон учун да досторум менен ойноп, ошолордун уйундо туноп калып кетчумун. Уйго келсем сени корсом жиним келип уруп жатып калчумун. Менин козум эми ачылдыбы билбеймин козумо сенин татынакайлыгын эми гана корунуп атат. Бул жерге олтургандан кийин кээ кээде телефондо суйлошууго уруксат берген кундору кыргызстандагы босторума чалып суйлошуп калсам досторум" аялын мынча сулуу кантип таштап кеттин эле кызганбай бул жакка" дешсе кайдагы сулууну айтышат дечу элем. Корсо сен чын эле жакшынакай экенсин да эмнеге менин козумо ошондо ушундай татына Гулнар корунбодун экен.
#5 20 Июль 2012 - 05:43
#6 20 Июль 2012 - 06:18
#7 20 Июль 2012 - 06:35
-Кошуна Айнура женен келиптир. деп соз баштап калды. Гулнар болсо эч нерседен бей капар кынылдай ырдап кийимин которуп жаткан
-Неге- деп кыйкырып койду.
- Тааныштарынын баласы уйлоном деп кыз издеп журуптур жакшы жер жакшы бала дейт сени менен тааныштырсакпы дейт.
-Мен баарибир азыр тийбеймин го таанышсам таанышып коё берем. Кызынын дагы деле токтолбогон бала кыял экенине танданып ичи элжиреп карап турду апасы. Эненин журогу сезгич келетпи дейм ушул таанышуу ушул жолугушууну кызына ыраа корбой бирок оюна жамандык албай кулуп гана жым болду. Апасынын ойлоно тушконуно танданган Гулнар тамашасын дагы да кучотуп
-Чын таанышып коё берем- деп кулду. Ушул таанышуу анын жашоосун таптакыр башка нукка буруп кетерин кайдан билсин да кайдан сезсин.
#8 20 Июль 2012 - 07:22
#9 20 Июль 2012 - 22:56
-Мен Тураттын эжеси болом Туратты тааныйсында бир сонун эле, сени алып кеткени келдик иним сенден башкасына уйлонбойм эгер сага жетпесе жашоонун кереги жок деп тополон салып атат.
-Биздин уул деле коруп билип суйуп алып келди кыз киши ушинтип чуркагандыкы эмес буйругандыкы болот- деп Канаттын женеси азыр эле Гулнардан айрылып калушчудай чырылдап ортого тушту. А бирок бетине заары чыгып ичинен орттонуп турган Тураттын эжеси чыйпылыктаган келинди бир коз караш менен токтотту да Кайрадан Гулнарга кайрылып
-Жур журогой билебиз сени бул жерге зордоп алып качып келгенин озундун тагдырыны озун чечишин керек да-деди. Бирок башын жерден албай билинер билинбес чайкап макул эмес экенин алар менен кошулуп кете албасын билдирип жоолугунун учун тиштегилеп олтурганын коруп тунулду да шарт аркасын карап чыга жоноду. А бирок бир туугандык сезим женип инисинин абалына кейип босогого жетпей кайра кайрылып келди да
-Бактылуу болбойсун-деди- Сенин бактылуу болушуна жол бербеймин инимин коз жашына бакыт кура албайсын менин самыныма кир жуубаган экенсинер-деди да чыгып кетти. Омурундо эч бир жандан мынчалык ачуу соз укпаган келинчектин эки ийни солуктай тушту. Ушул босогону аттагандан бери тагдырына моюн сунуп озуно ичинен бакыт тилеп таттуу кыялдарга чомулуп олтурган Гулнардын устуноно бироо муздак суу куйуп жибергендей эле болду. Ыйлап атты эшиктеги ызы чуу дагы деле басылбады.
#10 20 Июль 2012 - 23:35
-Эмне келдин мен сага бирде-экиде соз бердим беле, сени суйом деп айттым беле, неге ушул куну мынчалык коктуко салып атасын? Ушунча адамдын жакшы тилегин таш каптырып куттуу босогону аттап чыгып кетмек белем. Жок андай кыла албаймын.
Гулнардын ар бир созу журогуно октой сайылып татынакай апапак жолукчан элесин телмире тиктеп журогуно элесин сактады да "бактылуу бол"-деп айтып чыгып кетти.
#11 21 Июль 2012 - 13:05
-Мынчалык атактуу экенинди билбеген экенмин-деди. Ишенген адамынын кайсы жыландын башын кылтыйтып атканын боолголоп чын эле озун куноолу сезип болгон окуялардын, озунун жасаган кадамдарынын туура же туура эмес экенинине акылы жетпей кучун коз жашынан чыгарып олтуруп калды. Ушул эле учурда уйуно жетип барган Турат комкоросунон тушуп соолуктап ыйлап жатты. Уулунун кыз баладай шолоктоп ыйлаганына ичтери ачышкан ата- энеси журоктору куйуп бирок айласыз болуп турушту. Бир гана эжеси тынчтана алган жок бир туугандык сезим ушунчалык кучтуулук кылдыбы же куру намыс алып учуп жаттыбы балким ар жактан калыптанган кыялыбы айтор уйдун ичин уч которо белгисиз бир нерсени издеп жатты. Тапты Тураттын сурот салган китепчесинини ичинен кулумсурой тушкон Гулнардын суротун тапты да белгисиз жакка бет алып чыгып кетти.
#12 21 Июль 2012 - 13:27
-Сен мени уят кылдын-деди Канат- Арканан жигиттерин издеп келип менден талашып, эмне кеткен жоксун кетпейт белен.
-Сени деп калдым-Гулнар аран ун катты. Ыйлап атты жаны эле башталган жашоосунун мынчалык ызы чуу менен башталганына ыза болуп ыйлап жатты.
Канаттын мындай абалы кундон кунго кучой берди. Ар куну ар турдуу кылыктары чыгат. Ашканада идиш жууп жургон Гулнарды Канат кыйкырып чакырып алды да " жуу" деп машинансын коргозду да жерде суусу менен турган чаканы буту менен тээп Гулнар жакка жылдырып койду
-Эмне менби?- деп тандана сурап салды. Ызасына чыдай албай дагы бир нерсе деп суйлойун деди эле уйдон чыгып карап турган кайын энеси да док кылгандай
-Жуу-деди- Эч нерсе болбойсун же эмне бир жерин кемип калабы?-деп мурдун чуйро ары басып кетти.
#13 21 Июль 2012 - 19:04
-Кайсы суйгонуну ойлоп олтурасын бышактап-деп Канаттын кекете суйлогон созунон озуно келип таттуу уйкусу бузулган баладай кыжаалат боло жаман бир тиктеди да эмне кылсан ошол кыл дегендей кайдыгер басып Гулнар уйго кирип кетти. Бактылуу келиндик доор суруу озуно буйрубай атканына тагдырына таарынган келин эмнелерди гана ойлогон жок. Кулагына тураттын эжесинин "бактылуу болбойсун инимин коз жашына бакыт кура албайсын" - деген создору жанырып чын эле каргышка калдымбы деп ойлоп турду. Кеч киришин каалабай азыр эле Канаттын машинасын жургузуп кочого чыгып кеткенинен кыжалат болуп мас болуп келерин ойлоп сыгылып бутпогон кор тирилике аралашып кечки тамактын камын коруу учун эмне тамак жасаарын суроо учун кайын энесине жоноду.
Салынган тошоктун устундо соолуган гулдой болуп жаткан Гулнарды короого кирип келип токтогон машинанын уну ойунан ойготту башталды деди ойунда ооба бул куну чын эле башталган экен жоолугун ондогулап алдынан чыга келген келинчеги козуно эмне корунуп турду ким билет Канат себепсиз эле тепкилеп кирди. Апалап чынырып эркектин албууттанган кебетеси журогун тушургон Гулнар каяша кылмак тугул бир жыгылган боюнча ордунан козголо да алган жок. Катуу чыккан чынырыктан Канаттын ата энеси да чуркап чыгып жерде бурушо туйулгон келининен тепкилеп жаткан Канатты арачалап атасы сыртка алып чыгып кетти. Кайын энеси болсо негедир табасы кангандай карап Гулнардын башынан сылап соороткон да жок. Ошол кундун эртеси эле Канат "кетем Россияга ишиме эртерээк барышым керек" деп чыкты Канат уйлонгонго чейин Россиянын Москва шаарында соода кылчу "Гулнарды аркаман жонотуп жибересинер" -деп койду. Эч ким анын ойуна каршы чыккан жок барып билет алып келди да эртеси эле куну жоноп кетмей болду. Кантсе да коз ачып коргон омурлук жолдошу болгон учун Гулнардын конулу каршы болуп турду бирок жаш келин эч нерсе дей алган жок жол камын коруп гана жым болду. Эртен кетет го бугун балким эртерээк келер деген жакшы умуту таш каап Канат бул куну да мас болуп тун жарымынан оогондо келди чонтогунон жалгыз тушкон кыздын суротун чыгарды да Гулнар корсун дегендей текчедеги гулго жолоп койду. Гулнар корду бирок эч кандай кызганыч сезими да ойгонгон жок жон гана Канаттын ары бери баскан кыймылына карап, кечеги денесине кок калтырып тепкилеген эркек ушул экенине ынанып, эми бул кылыгына жол болсун дегендей шылдындуу тиктеп турду. Никесиндеги эри да канчалык денеси уркуп жек коруп турса да тошокту булка ачып жанына келип жаткан солокоттон жузун буруп кете алган жок.
Билдирүүнү түзөткөн: NUR.DIM: 22 Июль 2012 - 02:05
#14 21 Июль 2012 - 19:28
-Сени кутуп аттым-Канат Гулнарды колдон тарта кучагына кысты. Келинчегине коргозгон кылыктарын эстеп бирок ошол жасаган жаман онорлорунун баары озу каалабаса да озунун эркинен тышкары болуп кеткенине окунорун же туура иш жасаганын биле албай, алкымынан жыттап жузунон опту да-Жетерим менен байланышам аркамдан уйдогулор билетинди алып жонотуп койушат кыжалат болбо озум тосуп алам-деди. Ушул коз ирмемчелик убакыттагы жакшы мамиле келинди бакытка болоп жылмайып алды.
Билдирүүнү түзөткөн: NUR.DIM: 21 Июль 2012 - 21:29
#15 21 Июль 2012 - 21:28
Канаттын кеткенине бир жумадан отуп калганда негедир уйундогулор оздорунчо дурбоп калышты. Гулнар эшиктен кирип келсе дым боло калышат да чыгып кетсе кубур шыбырлары кучойт. Гулнарга белгисиз себептерден эле кайын атасы акыркы улгудогу машинасын сатып жиберди. Короодогу малдарын да улам бирден алып барып сатып олтуруп бир куну эле Москвага барарын айтып чыкты. План боюнча Гулнарды эринин аркасынан жонотушмок. Себебигн сураганга жаш келин батына албай жатты. Балким Канатка бир нерсе болгондур деп ойлоп коёт акыркы кундору кайын энесинин да кабагы ачылбас болду.
#16 21 Июль 2012 - 22:18
-Кириниз уйго- деди
-Жоок кирбей эле кетем айыл апа сени мактап атышат "созолонгон татына келин экен" деп окууна да барбай калдын да ээ жонотуп эле коюшса болмок мейли эми кайын энене да кыйын болуп калды азыр Канаттын иши эмне болуптур бутоюн дептирби. Азыркы жаштарга да ишениш жок болуп калды болок эл ботон жерде жургондо жон эле журушсо болмок минтип ата энесин да кыйнабай. Гулнардын оозу ачылды да калды "Канаттын кандай иши"- деп сураганга аран жарады
- Эмне чын эле кабарын жокпу
-Жоок
-Аа анда сенден жашырышыптыр да. Канат ал жактан уйлонуп алган экен келип сага уйлонуп кайра баргандан кийин Канаттын уйлонуп келгенин угуп калган ал жактагысы тополон кылып "мени да ата эненин алдына алып барасын боюмда бар" дегенби айтор Канат аны уруп катуу уруп койгонбу анысы сотко берип койуптур ал кыздын паспорту россияныкы экен да ананда байкелери да кучтуу адамдар экен деп атышат. Кайын атан да ошон учун кетпедиби- деп сайраган кошунасынын создорунун бири кулагына кирсе бири жок козу тумандап баратты кайсы маалда кошунасынын кетип калганын озу канча убакыт бир орунда турганын да билбейт. Кокурогун ыза муунтуп турмуштан жанылганын алданганын эми тушунгондой дагы да ыйлап атты.
Билдирүүнү түзөткөн: NUR.DIM: 21 Июль 2012 - 22:24
#17 22 Июль 2012 - 00:53
#18 22 Июль 2012 - 15:37
-Ушул бурулуштан токтото бериниз мен акчанызды алып чыгып бере калам. Мына менин уйум жетип келдик.
-Батыраак чыга кал кызым.
-Макул мен бат эле. Гулнар уйун коздой чуркап жоноду. Серендеп чуркап келе жаткан караанды коруп Гулнардын апасы кимдир бироого окшоткондой карап туруп "Гулнарбы" деп бирок оз оюнан озу коркуп "ал неге келмек эле " деп турганда кызы жанына келип оксуп ыйлап озун кучактап кучагына бой урганда гана ишенгиси келбей аткан оюнун туура экенине ынанып кызын ооп жыттап а бирок кыжаалатчылыктан чыга албай "эмне болду эмнеге келдин озун элеби"-деген суроолорду жаадырып жатты. Айдоочу байке кутуп турганын эстей калып апасына акча алып чыгып беруусун айтты. Уйго кирип акча алып чыгып айдоочуну озу рахмат айтып жонотуп жиберди. Кызын сооротуп уйго ээрчитип кирип айланып кагылып атты. Иштин чоо жайын угуп билгенден кийин гана эне байкуш эмне кылаарын эмне жол тутаарын билбей кызына кошулуп жашып олтуруп калды. Копту коргон кыраакы эне "кайра кайт артына Канаттан минтип тируулой айрылганы олтурса сен да минтип баса берсен туура эмес болуп калат го"-деп кызын кондурууго далалат жасады. А бирок иштин жайы атасы келгенден кийин оорлошту. "Жашатпаймын алар алдады кызымы, кордоду мени намыска калтырышты" - деп чалкасынан кетти.
#19 22 Июль 2012 - 17:40
#20 22 Июль 2012 - 18:22
-Кызым кечээ окууга барам деп чыгып уйго барып алыптыр сагынганбы? Биз да сагынып калган экенбиз мейли деп алып калдык. Ынгайсыздана созду ушундан баштады.
-Мен озум барып апанкынан каттап окуй бер дедим- деп эч нерсе болбогондой чайын уурттап койду кудагыйы.
Билдирүүнү түзөткөн: NUR.DIM: 22 Июль 2012 - 18:25
- (5 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »