ТАГДЫР НАСИП. 1-болум
Санабар эки кундон бери ыйлай берип коздору шимик тартып кочого да чыкпай аткан. Канча кун ушинтип жатмак эле. Озун колго алып, озуну озу сооротуп бугун базарга барып келмей болду. Барып товарларын толуктап эртенден баштап соодага чыгыш керек.
Мындай нерсени кантип ойлонбой, кантип унутат. Басса турса Санабардын оюнда Шамил. Маршуруткада баратып да Шамилди ойлойт.
Шамил уйлонбогон бойдок бала. Тогуз бир туугандын эн кичуусу. Мектепти бутоор жылдары апасынын козу отуп кетип, атасын жыл айлантып туугандары башка бир аялга уйлоп коюшту. Бир туугандары баары уй було кутуп оздору менен оздору. Ушул Шамил уйлонсо, анан олсом экен деп чон энеси коптон бери кулак кагып журот. Шамил мектепти аяктаары менен шаардагы ага эжелери соодага жардам берет деп оздоруно алдырып алышканына мына быйыл алты жыл болот. Анын бир туугандары соода кылышып буттарына туруп ар биринин шаарда озунчо уйлору бар. Жаны келгенде Шамилге эч кандай деле кыйынчылык болгон жок. Сооданы да бат эле оздоштуруп кетти. Мына ушул соодада журуп ал Санабар менен таанышты. Санабар да ошол эле базарда соода кылат. Коздору карагаттай болуп бир коргондо эле Шамил экоонун жылдызы бир бирине туш келди. Бирок Санабар турмушка чыгып бир балалуу болгондон кийин ажырашып кеткенин базардагылар баары эле билишчу. Башында маани бербегени менен Шамилдин эжеси акыркы кундору экоонун мамилесине каршы болуп журду. Анын устуно Шамилдин да классташ достору бар болчу шаарда. Озу менен чогуу бир базарда эки классташы иштейт. Достор майрамдарда чогуу отурган жерлерде Шамил Санабарды ээрчитип барып журду. Бул кабар Шамилдин бир туугандарынын баарына жетти. Алар Шамилди ортого алып канча ары бери -создор айтылды. Шамил акыры аларга соз
берди. Санабарга уйлонбой турган болду.
Бирок Шамил учун Санабардан кол узуу ушунчалык кыйын болду. Экоонун ысык мамилелери кайра кундон кунго кучогондон кучоп баратты. Шамил Санабарды таштай албады. Ошондой кундордун биринде Шамилге агасынын колу да тийди. Акыры Шамил бир туугандарынан болунуп Санабар менен чогуу иштеп чогуу жашап калды.
Кундор ото берди. Шамилдин эжеси Санабарга жолугуп жакшы да жаман да айтып журду.
-Шамилди коё бер ал уйлонбогон бала болсо, сени кантип алып берет элек озун деле ойлонбойсунбу?
деп.
Базарда да экоо жонундо соз. Санабар Шамилди молдо кожо кылып башын айлантып алган дешип.
Санабар эмне кылсын. Ал деле Шамилге канча айттып журду.
-Оз тенинди таап уйлон, бекер мага кармалып кунунду откозбо деп.
-Кудайдын айтканын короорбуз!
Ошол кун келе берсинчи деп Шамил кетпей журо берди. Досторуна болсо Санабарга уйлонбойм. Айылга барып кыз алам го деп айтып кутулган.
Мына акыры айылдан улуу агасы келип бул маселени чечти. Алар жакында созсуз Шамилди уйлой турган болушту. Анысы аз келгенсип эжеси кыз да таап коюптур. Ал кыз да ошол эле ош базарында эжелери менен чогуу соода кылат экен. Шамилди эртен кыз менен тааныштыра турган болушту.
Шамил кыз менен да таанышты. Достору менен чогуу бир эки жолу кочо айланып да келишти. Эки тарап кудаалашып кызга сойко салып коюшту. Тойду айылда откоро турган болушту. Той куну белгиленип Шамил ошко учуп кеткен. Артынан бир жумадан кийин кыз да кетмек. Кыз башка райондо жашайт болчу. Кыз оз уйуно барып ошол жерден ак койнок кийип той менен узатыла турган болду.
Элдин баары тойго даярдык коруп ар ким озунчо убара. Шамилдин достору чакыруу баракчаларын даярдап бут элге, туугандарга таркатып бутушту. Тойго дешип Шамилдин бир туугандары да которунуп тойго айылга жоноп кетишти.
(Уландысы бар)
Баракча 1 - 1
Тагдыр насип
#2 13 Ноябрь 2016 - 21:15
ТАГДЫР НАСИП. 2-болум.
Шамилдин чон энесинин койнуна кубанычы батбайт. Неберелери биринин артынан бири келип коргон толо бала -чака. Тойго даярдык чон. Эн кичуу балам деп атасы да союштарын мурдатан эле даярдап жургон экен. Анын устуно балдары да жакшы иштеп жакшы табышканынан тойдун камылгасы аябай эле кенири болду. Бирок тойго толук бир жума убак калды дегенде кудаа тараптан кабар келди. Кыз Шамилге турмушка чыкпайм деп келбей коюптур. Кызды тапкан эжесин туугандары баары жемелеп киришти.
-Ушул кантип болсун ал кызындын акыл эси жайындабы? дешип. Байкуш эжеси эмне кылаарын да билбей калды.
-Ооба жакшы адамдар болушчу, тушунуктуу эле. Шамилдин буга чейинки Санабар менен болгон мамилесин деле билишчу. Жакшылап баарын тушундургом. Кыз деле ошого макул болуп анан Шамил менен таанышкан болчу да деп ал актанып кирди.
-Же эмне Санабар барып кызга бир деме дедиби ?
- Жок антпеши керек. Ал менен баары жакшы эле буткон . Ал келин андайга барбайт деп ишенимдуу жооп берди эжеси.
Шамилдин да аябай ачуусу келди. Досторунун алдында намыстанып да кетти окшойт.
-Бул эмне кылганы? Болбосо башында эле жок деп таанышпай койбойт беле. Аны бироо зордомок беле. Менин эле ошондон козум учуп тургансып деп, Шамил кунгуронуп суйлонуп алды. Ичинен ал Санабарды ойлоп кетти.
Санабар! ...Айла жок. Тагдыр экен. Туугандарындан кечип кете албайт экенсин. Анын устуно досторундун алдында да тилин кысык болуп калат экенсин.
-Э жок балдар. Санабар жакшы келин, туура. Эми бул убактынчалык да.. Озунор ал жагын жакшы тушуносунор да, дегени менен Шамилдин журогу Санабарды гана суйуп турчу.
Ошентип журуп акыры Санабар менен кол узушту. Карагат коздорунон жашын куюлтуп кала берди ал байкуш.
- Эми эмне кылабыз? , той куну белгиленип элдин баары тойга чакыруу кагазын алышкан. Кантебиз эми ? Ары тартышып бери тартышып акыры туугандары бир чечимге келишти окшойт.
-Той токтобойт! деди улуу агасы Шамилдин досторуна карап.
- Балдар жакшылап караштырып бир жакшы кыз кантип таппайсынар? , Озубуздун айылдан деле кыздар чыкса керек деди агасы.
-Силер да ойлонуп суруштургуло деди озунун карындаш келиндерине карап. Айылданбы алысыраак туугандарданбы? Кантип бир жакшы кыз чыкпасын, деп созун бутуро элек эле арасынан бир женеси бироону тапты окшойт. Ар кимиси ар кимдин кызын таап айтып жатышты.
Ошентип ошол куну кечкисин балдар кыз ала-качып келе турган болуп уйдон чыгып кетишти. Ал кыз оздорунун эле айлынан болот. Шамилден торт жашка кичуу экен. Шамилдин женелери болмону даярдап келинге деген койнок жоолуктарын алып чыгып, ар нерседен кызуу кеп салып суйлошуп олтурушту. Бирок ал куну балдар оздору эле уйго кайра кайтып кирип келишти. Эч кандай кызы жок эле. Корсо ал кыздын оздорунун эле айылдан суйлошкон жигити бар экен. Балдар барганда тиги экоонун суйлошуп турганын корушот. Тиги баланы оздоруно чакырып суйлошо келгенде алардын кыз жигит экенин билишет. Бир айылда чогуу жашап туруп кызын ала качууну туура корушпогон балдар кайра уйго кур кол кайтып келишти. Балдар эртеси кункуго Шамилдин бир досунун аялынын жакын туугандарынын кызын алып келе турган болуп суйлошушту. Досунун аялы деле ыраазы, тууган синдисин Шамилге алып качканга. Себеби Шамилдин уй булосу бут баары жакшы адамдар. Бардар жер. Зангыратып кирпичтен бийик кылып уйду салып коюшкан. Ошол уйдо кала турган эн кенжеси да ушул Шамил. Озу да жаман бала эмес. Уй жай, короо мал баары жай жайында болсо мындай уй булого ким эле кызыкпасын!
Эртеси куну тун бир оокумда машинанын сигналын катуу басып балдар кызды алып качып келишти. Кыздын каршылыгына карабай уйго которуп алып кирип салышты.
- Баары бир олтурбайм! . Ушунчанарда кайра мени жеткирип койгула. Эмесем сотко берем озунор уят болуп каласынар деп чырылдап ыйлап жаткан кыздын созуно ким кулак салмак эле?. Баары эле аялдар кызды жоошутуп айланып тегеренишип кызга жоолук салганга убара болуп жатышты. Кыз менен алышып олтуруп тан да атып кетти окшойт. Эртен мененки саат 8-9:дар чамасында уйдун тушуна милициянын машинеси келип токтоп ичинен торт жигит тушуп кирип келишти. Арасынан бироосу уголовный розыскаданбыз деп документин корсотуп, алар туура кыз олтурган уйго бастырып киришти. Аларды коргон кыз ордунан атып турду.
- Азамат! деп эле ал бироосунун кучагына боюн таштап ыйлап жиберди. Корсо кызды алып качышканда жанындагы курбу кызын таштай качышкан экен. Ал кыз тан атпай кыздын жигитине кабар берет. Кыздын суйлошкон жигити ушул Азамат органда иштейт экен.
**************
Кеч кирип Шамилдин туугандары достору баары уйдун чон болмосундо чогулуп суз олтурушту. Кимден эмне соз чыгат экен деп баары ойлуу. Акыры созду Шамилдин катуу ойлонуп отурган улуу агасы баштады.
-Балдар деди, силерге да чоон рахмат инилерим. Уч кундон бери биз менен чогуу убара болуп жумушунарды таштап Шамил досунар учун журосунор. Дос деген ушундай болуш керек .Дайыма ушинтип жакшылык- жамандыкта чогуу болуп, ушундай достугунардан жазбай журо бергиле! деди. Ал бир азга унчукпай отуруп
-Менин дагы да кудайга шугур деп, бир суйунгон жерим, бугунку эртен мененки иштин тынч жакшы бутуп кеткени болду! Тиги органдын балдары да жакшы тушунуктуу жигиттер экен. Кызга эч нерсе болбогондуктан, алар ачууга алдырбай жакшы созго келишип сыйы менен тынч чыгып кетишти.! Азамат бала- чындап эле Азамат жигит экен.! Жигит деген ушундай болуш керек чечкиндуу! деп ал муштумун бекем туйуп койду.
-Мейли алар да бактылуу болушсун. Алар го бутту.Эми озубузго келсек. Тойго торт кун убакыт калды. Коноктор тойго деп бут баары чакырылып калды. Эми кандай пландарынар бар ? деп агасы Шамилдин досторун сынай тегерете тиктеди. Балдардын баары баштарын жерге салып ойлонуп калышты. Бироосу башын кашыса бироосу тишин чукуп дегендей. Бир убакта арасынан бироо эми соз баштайын дегенде Шамилдин агасы ага колун которуп созун токтотуп койду. Баары аны карап калышты эмне дейт экен дегенсишип
- Шамил! деди агасы унун которуп. Иним менин. Мен сенин бактылуу болуп озун менен озун элдин катарында болушунду кудайдан тилеп келем. Тагдырга тан бериш керек экен иним. Тагдырдан качып кутула албайт экенсин.Тагдыр насип.! Мандайына жазганы ушул экен.? Эртен эрте менен тан атпай туруп эки досунду жанына алып Бишкекке учасын. Самалеттун учушун тактап билип койгом. Барып Санабарды алып келесин дебеспи. Олтургандар баары баштарын которуп бирин бири тан кала карашып жандана тушушту. Баары Шамилди карап калышты. Шамил уккан кулагына ишенбегендей эки жагын карап коздорун чон- чон ачып алды да шашканынан
-- Аа-а албы? Санабарга званок кылсам ал озу деле учуп келе берет деп жиберди. Элдин баары дуу деп кыраан -каткы каткырышып уй менен бир болуп кулуп жатып калышты. Тизесин бир чаап козунон жашы чыкканча кулгон агасы
-Кысталак озу келе берет дейсин да. Башынан биринди бирин сыйлап уйрон. Эртен жасанып кийинип алып, эки досун менен барып алып келесин деди агасы. кулкусун тыялбай козунун жашын жени менен аарчып жатып )
Уландысы бар

#3 13 Ноябрь 2016 - 23:37
Тообо жашоодо ар кандай тагдырлар болотта е аябай кызыгып калдым улант автор
#4 13 Ноябрь 2016 - 23:54
Bul okuyny okup Shamilderdin janynda ele jurgondoi boldumgo tezireek ulanta kalynyz emi avtor
#6 14 Ноябрь 2016 - 00:21
ТАГДЫР НАСИП. 3-болум.
Санабар базарга келип шашпай товарларын чыгарып жая баштады. Жанындагы кошуналары оздорунчо кубурошуп соз кылышканы менен бир жагы кайра аны аяпта турушту.
-Кантсин анан байкуш. Айла жок. Анын да оз тени бар чыгаар. Озу бир жакшына келин. деп бироосу айтса, нар жактан дагы бироосу
-Шамил бойдок болгондон кийин озу деле ойлонсо болмок. Акыры келип мына эми озу кыйналып азабын тартып олтурат . Шамилдин бир туугандары Санабардын жубан экенин билип туруп канттип алып беришмек эле, деди.
Шамил кеткенден кийин Санабарга оной болгон жок. Эч нерсеге конулу жок. Кучун ыйга чыгарат. Бир эки кун уйдо жатты ыйлап. Озун алаксытуу учун акыры ал шаардын четиндеги эжесиникине кетип калды. Он кундой журуп кайра базарга келди. Келгенде эле жанындагы конулу жакын кошуна эжесинен болгон жанылыктарды, Шамилди ушул эле базардагы кызга уйлоноорун, жакында той экенин, Шамилдин айылга кеткенин укту. Ал эже Санабардан торт беш жашка улуу болгону менен экоо сырдашкан жакын курбулардай эле. Бирок ал Санабарга айткан болчу
- Кайгырып капа болгондон пайда жок эми. Келип сооданды кыла бер. Эл билгенин суйлой беришсин, сен да мандайга жазганын короорсун. Озун али жаш татынакайсын. Кудайым сенин да багынды берет бир кун. Андан коро эч кимге сыр бербей келип сооданды кыл деп ушул сыяктуу бир канча конул которо турган создорду айткан болчу. Бирок Санабар эки кун иштеп кайра эле базарга чыкпай уйдо ыйлап жатып калды. Кээде туруп ал
-Ыйлагандан не пайда акыры ушундай болуш керек болчу. Шамилдин менден кете турганын билип туруп озумо озум кылдым. Башынан эле мамиле кылбай койсом эмне, ушул кунго калбайт элем го деп озун жемелейт.Кайра ыйлайт. Акыры Озун озу сооротуп качанга чейин ушинтип жатмак элем кой андан коро базарга барып соодага алаксыйын кудайдын айтканын короормун деп бугун дагы базарга келгендегиси ушул болчу. Жанындагы кошуна эжеси Санабарга жардамдашып товарларын жайышканча дагы жанылыгын баштады.
- Санабар сага экинчи Шамил жонундо суйлоп аны эстетпей эле койсомбу дегем. Бирок бул нерсени айтпай коё албайм го деди.Санабар дагы эмне болуп кетти экен дегендей ага суроолуу тигилди.
-Тиги Шамил уйлоно турган кызды айтып жатышат. Кетпей эле ушул жерде журот экен дешип. Чын тогунун билген эч ким жок кызды айныптыр Шамилге турмушка чыкпай турган болуптур деп жатышат.
Бирок деп ал бир азга ойлонуп туруп кайра созун улантты.
- Кечээ дагы бироо айтат бир тааныш эжелери айткан имиш. Шамилдин эжеси менен дос экен эле. Телефондон суйлошуптур Шамилге башка эле бир кызды ала качырып келишиптир деп. Тойду белгилешип, чакыра тургандарын тойго деп чакырып коюшкан экен. Ошого ошондой кылышкан го. Уч кундон кийин келе жаткан субота той экен деп ал созун бутурду. Санабар унчукпады. Эмне демек эле. Жасап жаткан жумушун уланта берди. Бир маалда
- Мага баарибир эмеспи кимге уйлонсо ошого уйлонсун, иши кылса бактылуу болсо болду деп койду.
- Ооба десен, деп эжеси кайра аны колдой
- Эми оздорунун иши дечи ал жагы. Ошентсе да укканымды сага айтып койдум деди. Экоо товарларын жайып бутуп олтура кетишти. Санабарды кайра эле ой басып олтуруп калды.
-Санабар! деди ага карай эжеси
-Коп ойлоно бербе эми, андан коро кел чай ичели деп ар жактан уйдон ала келген пакетин алып, термоздогу чайдан куюп Санабарга узатты. Экоо эми эле чайдан бир эки ууртап аны муну суйлошуп баштаганда эле алардын тушуна бироолор келип товардын баасын сурап калышты. Санабар отурган жеринен эле мойнун созуп
- Кайсыны сурап жатасынар? деп витринанын устундогу товарга козун жугуртуп анан келген адамга карады. Карап эле анын журогу болк дей тушту. Коргон козуно ишенбей чын коруп турамбы жалганбы дегендей ал ордунан акырын туруп козун бакырайткан бойдон туруп калды.Тегерегиндеги кошуналары дагы кубур шыбыр болушуп эле тан калышып коргон коздоруно ишенбей аларды тегеректей чогула башташты.
- Кандайсын Санабар !
- Шами-ил деди Санабар созун узуп узуп, тан кала аны карап. Жанындагы эжеси да оозу ачылып эле бир Санабарды бир Шамилди карап жузуно суйунуч таркап экоону карай ордунан козголо туруп
-Келгиле балдар деди жай гана. Себеби Шамил жанында эки досу менен тойго кийчу костюмдарын кийинишип жасанышып колуна чоон букет гулду кармап турган болчу. Шамилдин Санабарды коргон коздору оттой жанып кулмундогон жузундогу суйунучту баары коруп турду. Эки досу эки жанында аларда жылмайып кулуп карап турушат.
- Санабар мен сени алып кеткени келдим, журу кетесинби мени менен деди Шамил Санабарга гулун сунуп жатып........
***************
Ош Аэропортту. Ары бери басып ызылдап жургон элдин арасында жасанып алышып Шамилдин достору да журушот. Бишкектен келген самалётту жерге келип конду деген жанырган унду угаары менен балдар чогулушуп Шамилдерди кутуп туруп калышты. Арасынан бироосу асынган аккардионун аз-аздан ойнотуп коюп турду.
Самалёттун ичиндегилер биринчи эле келин куйоого жол беришип, бир чети алар менен бир рейсте чогуу келгендерине оздорунчо курсан болуп турушту. Шамил менен Санабар бугун аябай бактылуу. Санабар кийген апакай койнок менен башындагы фатасы анын сулуулугун андан бетер ашырып Шамилдин козуно жомоктогу перинин озу болуп калды. Экоо бири бирине жарашып жылмая тиктешип коюп кыналыша жетелешип келе жатышты. Аларды караган элдин баары аларга суктаныша тиктешип
- А-ий карачы тигинде келин куйоо келетат, кандай гана бактылуу дешсе, кээлери келин аябай сулуу экен дешип жатышты.
Бир убакта эле аккардиондун уну созолонуп аны коштой топ балдар ырдашып эл турган жер шанга болоно тушту. Шамил келип достору менен кучакташа учурашып кирди. Элдин баары кол чаап аларга суктана карашып, арасынан кээ бирлери
-Бактылуу болгула деп кыйкырып да коюп жатышты. Шамил менен Санабарды коштой басып келаткан балдар, ырдап да бийлеп да эки жашка деп кооздолуп жасалган лимузинди карай келатышты. Алар келип машиналардан орун алышты. Катар тизилген тойдун машиналары аэропорттон чыгып шаарды карай жол тартышты. Шаарды айланышып ойногон балдар кайра машиналарга отурушуп, шаардан анча алыс эмес жердеги Санабардын ата-энесинин уйун коздой жоношту. Казан асылып эт кайнап, дасторкон жайылып даяр болушуп Санабардын туугандары жаштарды кутуп отурушкан экен.
Ал жерден балдар аябай жакшы мейман болушту. Алар кетчу убак болуп Санабар уйдон чыгып баратканда аябай ыйлады. Аны коруп баары козуно жаш алышты. Анын туугандары кошуналары Санабардын ата-энесине кошулушуп эки жаштын бактылуу болушун кудайдан тилеп алакандарын жайып ак батасын беришип, аларды узатышып кала беришти.
Шамилдин уйундо аябай чон той болду. Эч ким мынчалык тойду жакшы болот деп кутпосо керек эле. Туугандары достору канча кундон бери Шамил менен убара болуп, канча кундон бери алардын уйуно келип кетип жургонгобу айтор армансыз эле тойдо ойношту. Алар Шамилдин уйуно конугуп да калышыптыр. Той бутсо да кеткилери келбей аран кетишти акыры. Бут айыл келип тойго катышты. Баары тагдырга тан беришти окшойт.Ошол кундору бир эле Шамил менен Санабар бактылуу болбостон аларга кошулуп бут айыл бактылуу болгондой болуп жатышты. Тагдыр насип. Кудайымдын калыстыгына шугур!!!
*************************************
Андан бери арадан канча жылдар отту. Шамил менен Санабар коп балалуу болушту., Азыркы убакта алардын балдары мектепте окуп жатышат.

#7 14 Ноябрь 2016 - 09:14
Бешенеге жазылгандан эч ким качып кутулуп коргон эмес.
Тагдырда Шамил менен Санабардын бешенесине бирге болуу насиби жазылган экен БАКТЫЛУУ БОЛУШСУН! !!
Авторго ыраазычылык, алтындай убакытын бизге болуп, ушундай жакшы чыгармалар менен бизди кубантканына! !

Тируучулуктун рахатын тартуулаган АТА -ЭНЕМЕ таазим!!!!
Баракча 1 - 1