– Банктан ипотекалык кредит алып, квартирамды күрөөгө койгон элем. Керектүү кагаздарды жоготуп алгандыгыма байланыштуу кредиттик келишимдин жана аресттен чыгаруу үчүн жазылган арыздын көчүрмөлөрүн бербей жатышат. Каржы полициясына арыз менен кайрылсам, “биздин андай ишке тиешебиз жок. Сотко кайрыл” дешти. Сотко кайрылыш үчүн банк бербей жаткан кредиттик келишимдин көчүрмөсү керек экен. Банктагы керектүү кагаздарымды алуу үчүн кимге кайрылышым керек? Үч жылдан бери өз наамымдагы кагаздарды ала албай келем. Сапар, Бишкек шаары.
– Сиз банктан ипотекалык кредит алганда квартираңызды күрөөгө коюп келишим түзүп, нотариус аркылуу күбөлөндүргөнсүз.
Ошондуктан келишимди кайсы нотариустан күбөлөндүрсөңүз,
ошол жактан алсаңыз болот. Квартираңызды чыгарыш үчүн арест болгон шартты жок кылуу керек. Ал үчүн сотко кайрылып, анын чечимин Мамлекеттик каттоо мекемесине берсеңиз, арест алынып салынат.
Баракча 1 - 1
Баракча 1 - 1