Сөз башы
ЖОГОЛГОН КАЗЫНА
Бүгүнкү заманды кошо камтыган бул криминалдуу окуянын башталышы тээ илгери Кокон хандыгы кыргыз жергесин басып кирип өз бийлигин,династиясын орнотуп,жылдап, айлап салык салуу менен карапайым элди эзип,кыйнап турган маалга туура келет.XVIII кылымдын ортосу ченде же тагыраак айтканда 1751-70-жылдары Бухара эмиратына Ирдана бий өз үстөмдүгүн жүргүзө аймакта Хива хандыгы пайда болот.Ал өзүнүн кучагына Андижан,Наманган, Маргелан,Кокон хандыктарын камтыган.Ирдана бий өзүнө чектеш кыргыз жергесине да сук артып,зор армиясы менен Алай,Ош,Чирчикке кол салып кыргыз,кыпчак, калмактарды баш ийдирүүгө аракет кылган.Анын эбегейсиз зор армиясына кыргыздын адигине уруусунан чыккан Маматкул,Арзымат, Хаджи бийлер көтөрүлүп чыгышкан.Бирок, кандуу кагылышууда начар куралданышкан аз сандагы кыргыз менен кыпчактар талкаланууга дуушар болушуп,жарымы туткундалып, жарымы андан ары чегинип кетишкен.Ирдана бий кыргыз-кыпчактарга ,андан соң казактарга өз бийлигин жүргүзүүнү көздөп,аны менен бирге кыргыздардын кооз жергесине ээлик кылгысы келген.Анын эбегейсиз зор куралданган армиясы түштүктөн түндүк-чыгышты карай багыт ала кыргыздардын Кара-Тоосун ашып,Памир-Алайды басып,аны менен бирге Таш-Турган,Бустан- Терек,Далат- Курган,Кызыл- Курган,Суфи- Курганды өзүнө каратып,жүрүшүн дагы акырындап уланта берген.Андан соң Сары-Өзөн Чүйдү көздөйт,жолдон Ак-Мечит,Айыл- Ата,Үч-Курган, Мерке,Чалдовар, Шиш-Төбө,Ит-Кече, Ак-Суу,Пишпек, Токмок,Кастекке чейин басып алып,андан ары акырын жылып жүрүп олтурат. Буларга өз мезгилинде Омор хан,Шералы хандар дагы катуу каршылык көрсөтүп,күрөш жүргүзгөн.Кокон бийлигине каршы кыргыз-кыпчактардын ортосунда узак убакыт көп жылдарга созулган айыгышкан кармашуу болуп келген.
Билдирүүнү түзөткөн: belka: 07 Декабрь 2014 - 23:05