Эээх эжекейим ылайым шыпаа болуп ушул врачтар себепчи болуп басып кетсин
Апа, мен качан басам? Апа, мен качан басамын?
#23 31 Январь 2016 - 22:59
Аллахым шыпаа берсин.кыздын омуру узун болсун.эхх кокустук болуп кеткен экен да
Ардагым Атам.Асылым Апам.сагындым сиздерди (((
#25 01 Февраль 2016 - 09:38
10кун дегенде аран жаттык ооруканага.
Бизди жайгаштырып коюп атабыз айылга кетти. Баягы эле финансы маселеси. Бар акчабыз тугонуп баратты. Операция кунун 7июльга белгилешти.
Ага чейин 15 кун даярдаша турган болду. Орус-тилинен кыйла эле аксап калдым. УЗиге жонотушту кирип суроолоруна кыргызча жооп берсем, мен тушунбой атам котормочу алып кел дейт тообо кылдым. Кыргыз менен кыргызга дагы кандай котормочу. Чалкадан кетейин дедим. Билген создорумдун баарын колдонуп аран тушундурдум.
Эртесине онкологияга жонотту ал жердин врачы кайра общий Узиге жазды. Узиге барсам жаллан орустар экен, олбодубу кече кыргызга эптеп зорго тушундургон жаным орустарга не деймин деп ойлонуп калдым. Текшеруудон откоруп атышат орусча суйлошот кыргызча жооп берем тушунушот эле экен, кайрадан кыргызча дагы аралаштырып суйлоп коюшат. Биздин кыргыздар эле оздорунон кетет. Сары чачтар жоопкерчиликтуу болушат экен. Баары чогулуп, билгендерин айтып атышты. Алып салгандан кийин кайра оспойт дешти. 1000сом болуптур берип кагазды которунуп чыктым. Бир тыйыным калбады, эми кантип кетем деп кыжаалат болуп, токтоп турган таксинин жанына келип, жагдайымды тушундурсом макул болду.
#26 01 Февраль 2016 - 12:33
Такси менен келип палатадан акча алып чыгып, чоон рахматымды айтып кирип кеттим. 6ияль куну келди атабыз. 7 си саат 5баштап эмизбе, тамак бербе деп эскертти врач. Эми кызымдын ыйы басылбайт ооруукананы башына которду, кокурогумду тытып салды. 11де алып киребиз дешкен. 11болушу кылымга тете болду. Акыры уктады. Колумдан медайым алганда журокторум опкоолжуп, денемди майда титирек басты. Кызымды башка корбочудой жыттаймын. Ой эже 2саатта чыгат кайра деп алып кирип кетти. Санитарка келип бул жерде турбай сыртка чыккыла деп, чыгарып койду. Мени менен бирге жаткан Назира эже бизди аздеп журуптур. Жургуло эми чай ичип алгыла деп койордо койбой ашканага судуроп барды. Адам коптугунон студент балдар менен чогуу олтуруп калдык. Алардын создору операцияга киргендери,
кантип адам сойгондору жонундо айтышат. Козумдон жаштарым кайрадан тамып баштады, кызымды элестетип. Ой кудайым ай ушул сыноону бобогумо эмес мага берсен болбойбу деп сызып жаттым.
#28 01 Февраль 2016 - 13:29
Ой журогум. Балапандар оорубасынчы.
Жараткан Алла Таалам шыпаасын берсин!
#29 01 Февраль 2016 - 14:52
Автор мени да ыйлаттыныз.
Ылайым эле бул баяныныз жашоонузду жакшылыктардын коштогону менен аяктаса экен.
Жалдырап жолун тосуп келем сенин,
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.
#31 01 Февраль 2016 - 20:51
Эх кыргызым эй кыргызым ансызда журогу мин тилинип турган энеге жардамдын ордуна орусча билген киши болуп котормочу алып кел дегендери эмнеси? Манкурттар эле дегим келет ушундайларды.
Кызыныз жакшы болуп кетсе экен. Жакшы кундорго эртерээк жетишиниздерди насип кылган болсун Кудайым.
#33 01 Февраль 2016 - 23:26
Журогум ооруп кетти, эч качан балдарыбыз оорубасынчы.
Баланын куйутун тарткан оор болот, автор сабырдуу болунуз, кызынызга кудайым шыпаа берсин.
#34 02 Февраль 2016 - 00:15
2саат эмес 3саатта аран чыгышты. Кубангыла ийгиликтуу аяктады. Кан ко5 кетип калып кыйла кыйналдык, Аллахым шыпаасын берсе жакшы болуп калат баары деп айтты врач. Абдан ыраазы болдук. Кызынар наркоздон ойгоно элек, жандандыруу болумуно которобуз, озуно келсе колуна аласын деп кетти. Кызыбыз аман чыкканына суйунуп бири-бирибизди кучактап туруп калдык. Квартиранызга бара берин десем конбойт, чыксын коруп анан кетем дейт. Анда олтуруп турун, мен кийимимди алмаштырып келейин деп палатага жонодум. Эрте менентен бери эмизбей сутум куюлуп кеткен эле. Палатага жакындашканда ыйлаган ундор угулат, не болду экен деп кирсем жаныбыздагы 2жашар Алинур оз аманатын тапшырган экем. Байкуш бала жарык дуйного келип менен ойнободу, оозунан апа деген созу чыкпаптыр. Бир гана шыпты тиктеп гана жатат эле. Башында суунун колому кобойуп башы чоноюп кеткен. Апасынан башка эч ким которо албайт. Андан кичинеда укаси бар учун Алинурду 9класста окуган эжеси карап жатат эле. Байкуш кыз тырбаландап которо албайт. Ары-бери жылдырып которушуп журдум. Которгонундо кадимкидей суйунуп бетине жылмайуу кирет. Аста секин ооп койсон колдорун, буттарын тыбырчылатып койот. Апасы Алитай дегенде ар нерселерди кыбырап калчу. Ошол куну туну менен уктабай койду ыйлап. Мен кырзым менен убара болуп анчейин байкабаптырмын.
Байкушум апасыны куткон экен. Апасы келип ооп, жыттаганда,
оор ушкурунуп жан бериптир.
#35 02 Февраль 2016 - 00:21
Ии кудай ай эч кимдин баласы оорубасынчы.
Ооруну берген кудайым шыпаасын кошо берсин.
#37 02 Февраль 2016 - 05:10
кудайым шыпаасын берип сакайып кетсинчи. Басып далай кылыктары менен сени кубантсын. Деги еле балдарыбыз оорубасынчы.
Турмуш- бул чоон мектеп!
#38 02 Февраль 2016 - 11:20
ушундай журогум ооруп кетти, кичинекей наристелер оорубаса экен эч.Аллахым шыпаасын берсин.
#39 02 Февраль 2016 - 12:32
Алинурдун апасына кайрат айтып узаттык. Кайра кызыма келдим. Али чыга элек., медайым чыгып бара бериниздер озуно келсе медайымдар озу келип алып кетет деди. Журчу жан чай ичеличи деп, ашканага алып кирди, чай ичип айылда кабатыр болуп аткандардын баарына конгуроо кылып, аман-эсен чыкканын кабарладык.
5жарымда алып чыгышты кызымды, периштемдин козу эле жылтылдайт.
Атасы кичине которуп журуп экообузду тен жыттап алып, желкемден тоо кулагандай болду дедида кетти. Кызым ыйлайт, ооруйт окшойт. Колумдан тушурбодум,
уйкунун не экенин унутуп калдым. Мен ошентип карап атсам. Жаныбыздагы палатадагы балада 1жашар операция болуптур. Тообо кылдым кандай эне тушунбодум.
Баласыны олтургузуп койот. Чычып койсо ваннада жууйт, ошентип баласынын тигилген жери канап ачылып кетиптир. Врачтан уруш угуп отуруп калды.
#40 02 Февраль 2016 - 13:10
балдар оорубасынчы,
Аллахым ар бир балага чын ден соолук беер. Аамиинь!