Көптөн бери ойлонтуп жүргөн нерсени сиздер менен ой бөлүшүп, оюңарды дагы уккум келет.
Кыздардын достугу убактылуу эле деп классташ балдарым айтып калчу. Бул сөзгө ишенчү эмесмин. Мектепте окуп жүргөндө бир-эки кыздар менен жакшы дос болуп жүрдүк, 9-классты бүтүп кетип байланыш үзүлдү, мамиле өзгөрдү. Студент убакта жакшы досторду таптым, азыр ар ким өз турмушу менен.
Москвага келип, эки жылдай группалаш кызым менен жакшы дос болуп, дем алыш күндөрү жолугуп бир күн кечке чогуу жүрчүбүз. Сырларымды айтып, жакын дос элек. Азыр ал өзгөргөндөй. Эмне себептен экенин көп ойлоном. Мен аны эң жакын досум дейт элем, андай эмес азыр. Бир жумада бир сүйлөшөбүз, болбосо жок. Мен бул жөнүндө ага сөз айтпайм. Качан өзү сөз баштамайынча. Жашоодо жакшы-жаман күндө досторуң өзү эле иргелип калат дейт. А менин жакын досум жок
Эми суроо кыздардын достугунун бары жакшыбы же жогубу? Силер дос кызыңарга ишенесиңерби?
Билдирүүнү түзөткөн: admin_portal: 20 Июль 2018 - 08:40