- (4 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
"Нооруз" майрамы! Жер жарылып чөп чыккан, желин айрылып сүт чыккан...
#1 19 Март 2014 - 17:52
Анда эмесе кыргыз элинин каада-салттарын, үрп-адатын, оюн-зоокторунун баса белгиленип өнүгүшүнө түрткү болгон Нооруз майрамы же мусулмандардын анын ичинде кыргыз элинин "жаңы жылынын" тарыхы, колдонулушу жөнүндө колдон келишинче, баяндама! (өзүмчө ушинтип атап койдум )
Тарыхы.
Нооруз мындан үч миң жыл мурун эле майрамдала баштаган. Чыгыш календары боюнча 20-21-22-март Нооруз катары белгиленген. Жакынкы чыгыш жана Борбордук Азиянын дыйкандарынын майрамы катары тарыхта белгилүү. Бул аймакка Ислам дини орногонуна карабай,миңдеген жылдарды карытып бизге жетип отурат. Майрамдын түпкү теги Иранда, атактуу күн кудайы Заратуштра менен байланыштуу. "Навруз" фарс тилинен кыргызча которгондо "жаңы күн" дегенди билдирет. Бул күндү байыркы перси хандары башына күндүн айлануу мөөнөтүн билдирген таажыны кийип, От менен Күн кудайларынын храмдарына барышкан. Кол алдындагыларына мол белек беришкен. Майрам бара-бара Борборазиядагы жана Сибирдеги түрк элдерине тараган
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
#2 19 Март 2014 - 18:02
#3 19 Март 2014 - 18:03
#4 19 Март 2014 - 18:09
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
#5 19 Март 2014 - 18:10
Нооруз кафрлардын майрамы болбойт кокуй кыргыздарга тууру келбейт.Сумолок жеген харрррам кафр болсун казанга тушуп ол тиги бу деген
#6 19 Март 2014 - 18:10
#7 19 Март 2014 - 18:12
#8 19 Март 2014 - 18:42
Нооруз жыл эсеби боюнча 21-мартка туура келет жана мүчөл сүрүү эсеби да мына ушул күнгө туура келет. Бул күнү күн менен түн теңелет. Элибизде эски жыл аяктап, эртең жаңы жыл деген күнү өткөрүлүүчү ырым-жырым салты "жыл ажыраш" деп аталган. Бул учурда арча, чекенди, адырашман түтөтүп үй ичин,мал-салды аласташкан:
Алас, алас,
Ар балээден калас,
Эски жыл кетти,
Жаңы жыл келди.
Алас, алас,
Айдан аман,
Жылдан эсен,
Жакшылыкты теңир берди,
Жарык күндү кеңири берди.
Орообуз данга толсун,
Оозубуз нанга толсун!
Алас, алас.
Жаңырган жылда эл журттун, мал жандын аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары жана эгин берекелүү болушун тилеп, кудайга, жер-сууга, тоо-ташка сыйынып жалынган, арпадан, буудайдан көжө же сүмөлөк кайнатып, ар бир үй-бүлө сый тамагын жасап, айыл-апасы менен чогуу ичишкен. Ноорузда жаңы кийимдер кийилет, жакшы тилектер айтылат, айлана көрккө бөлөнөт. Жаш-карынын баары чогулуп улуттук оюн-зоокторду ойношот.
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
#9 19 Март 2014 - 19:03
Asanaka2 (19 Март 2014 - 18:10) жазган:
Нооруз кафрлардын майрамы болбойт кокуй кыргыздарга тууру келбейт.Сумолок жеген харрррам кафр болсун казанга тушуп ол тиги бу деген
Бул жер бакшылардын конкурсу эмес
Нооруз жонундо кеп болуп жатат. Тема боюнча оюн жок болсо теманы булгабай окуп чыгып кете бер.
#10 19 Март 2014 - 19:05
#11 19 Март 2014 - 19:36
#12 19 Март 2014 - 19:46
Эл ичинен "карысы бардын-ырысы бар"-деп абышка кемпири экөө жанаша чыгып, элди айлана басышат, байбичеси арчасын түтөтүп элди аластайт:" Алас, алас! Эски жыл колдо, жаңы жыл жылга!" - деп айтып, элге тилектерин арнайт. Мындан кийин абышкасы чыгып: Оо калайык, касиеттүү Нооруз-жаңы күн келди. Азаматтар айдоону терең айдап, маласын тегиз тартып,үрөөнүн тазалап камдап койгон экен. Кана эмесе, тукумду сээп баштап берели. (Баштыгынан алып үрөн себип жаткандай түр кылат)
Мына септим уучтап,
Жылуу жерден конуш тап.
Бу-жетим-жесирге,
Мунусу карып-мискинге.
Мунусу канаттуу-кушка,
Булары курт кумурскага.
Калгандары- бизге,сизге, мага.
Баба дыйкан жолдошум,
Бардык ишти колдосун.
Арыгың кенен чабылат,
Корукчуң арбын табылат.
Айтканыма көн,
Тилегим жөн.
Өн, үрөнүм, өн,
Өн, үрөнүм, өн.
Береке бек байласын,
Бириң миңден жайнасын.
Кызылың кырдай үйүлсүн,
Көргөндүн көөнү сүйүнсүн.
Кырманың кенен чабылсын,
Күзүндө ак төөнүн карды жарылсын.
Калкым тоюнуп марысын.
Анан элдин бир четине токтоп, алакан жайып бата бере баштайт: Оо калайык, кулак сал! Ушул келген жылы жол жүрсөң жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун. Өрүшүң малга, кырманың данга, дастарконуң нанга толсун. Бак карасын, кадыр даарысын. Уучуң толсун, учуң узарсын, уул-кызың көбөйсүн. Өрүшүң жайык, өңүң кызыл болсун, өмүрүң узун болсун. Айгырың үндүү,кочкоруң жүндүү болсун,букаң бурталуу болсун, буураң чуудалуу болсун. Карың кайраттуу, жагитиң айбаттуу болсун. Уулуң урматтуу, кызың кымбаттуу, алганың уяттуу болсун. Эли журтуң аман болсун. Кырк периште колдосун, кыдыр болуп жолдошуң. Атың күлүк, айбатың бийик болсун, Оомийин!
Билдирүүнү түзөткөн: jemile: 19 Март 2014 - 19:48
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
#13 19 Март 2014 - 20:34
#14 19 Март 2014 - 20:48
muxammet2 (19 Март 2014 - 20:34) жазган:
Эмнеле кыйын боло бересинер деймда динчил болуп,
Ырас сен майрамдабайсынбы окуп чыгып кетебер теманы булгабай! !!!!!
Мынандай анандай деп тантырабай, кыжырды гана келтиресинерда!
#15 19 Март 2014 - 21:19
#16 19 Март 2014 - 21:28
Илгери кыргыздар жыл ажыратыш күнүнө карай арпа, буудай, жүгөрү өндүрүшүп, аны сокуга түктөшүп, акталган данынан чоң көжө жасашкан. Ал-табияттын өлбөстүгүн айкындоочу, дүйнөнүн, жашоо-турмуштун гүлдөп өнүгүшүнүн даамы катары бааланган.
Сүмөлөк/чоң көжө, жыл ажыратыш көжөнү Орто Азия элдери жана жакынкы Чыгыш элдери "көк байлоо" деп аташат. Сүмөлөк жасаган аялдар келген меймандарга, жаштарга аз-аздан "көк байлоодон" беришет. Көк алгандар өз энчисинен башкаларга дагы бөлүшкөн. Мунун өзү адамдарга узун өмүр, жаштык жана бакыт каалоо дегендике жаткан.
Кыргыздар чоң көжө даяр болгондо, айыл адамдары үймө-үй кыдырып ичишкен жана ал үйгө таза дилинен жакшы каалоолорун айтышкан. Жаштар алты бакан курушуп, ар түрдүү улуттук оюндарды ойноп кумарларын жазышкан.
Сүмөлөк.
Буудайды муздак сууга таза жууп, аны 2-3 күн сууга чылап койгондон кийин, буудайды суудан алып, тактайдын үстүнө төгүп, үстүн марли менен жаап жарык жерге коюу керек, бирок, күндүн нуру тике тийбеши керек. Буудай баш алгыча 3-4 күндүн ичинде суудан сээп туруу абзел. Качан буудай 4-5см баш алганда, буудайды жанчып, андан чыккан суюктукту бөлүп алат. Кайра суу куюп 2-3 жолу алууга болот. Андан кийин казанга өсүмдүк майы куюлуп, кызыганда ун салып, бир аз кууруп, андан соң алынган сюктук куюлат.Казан бир аз кайнаганда экинчи,анан үчүнчү суюктук куюлат.
Эми жай отто токтотпостон тең салмакта аралаштырып туруу керек. Түбүнө тартып кетпеши үчүн жаңгактай таштар салынат. Даамдуу болушу үчүн, жаңгак, мейиз, как, кум шекер да кошулуп келет. Сүмөлөк толук даяр болуусу үчүн 12-14 саат керектелет. Анын бышып калганы коюу тартып,бетинде майда-майда бүтүкчөлөр пайда болот. Андан соң алдындагы от алынып,үстү капкак менен жабылып,таң атканча жылуу оролот. Эртеси бата кылып,тилектерин айтып ачып, сүмөлөктү таратышат. Казандын бетин ачканда "сүмөлөктүн бетине Теңир бир белги таштайт" деп, бетиндеги чиймелерди жакшылыктарга жоруп,тилек айтышат.
Көчө аш
Кыргыздардагы көчө аш жеңил жана пайдалуу тамак- аш болгон. Буудайдан даярдалган.
Буудайды жылуу сууга нымдайт. Ал көөп чыгып жумшак болуп калат. Андан соң аны, күнгө кургатыш керек. Соку менен майдалайт да, кабыктарын тазалап, болжол менен эки саат кайнатат. Даяр көчө ашы коюу болушу керек. Ал берилердин алдында айран кошулат.
Билдирүүнү түзөткөн: jemile: 19 Март 2014 - 21:30
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
#17 19 Март 2014 - 21:46
Нооруз же мусулман десе эле баса калбайлы туугандар,теманын максатын окуп анан жазабыз, каалоо тилектер айтылсын!
Тактоо: Нооруз майрамы Ислам динине түздөн-түз байланышы болбогон улуттук майрам болуп саналат экен. Динди аралаштырбайбыз
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
#18 19 Март 2014 - 22:00
Мухамбет жазбай койсо улам эле эки кызыл болосуңда, оо дин бөлүмүнө жаз, мусулман элдеринин улуттук майрамы деп туратко,анан үрп-адатка кандай салым кошпойт э, качантан бери эле кыпкыргызча өтүп келе жататко же силер жакта Ноорузда велик тээп, гольф ойнойбу /> (тамаша эле анан,катуу айтпадым, мындай темадале э)
Нооруз же мусулман десе эле баса калбайлы туугандар,теманын максатын окуп анан жазабыз, каалоо тилектер айтылсын!
Тактоо: Нооруз майрамы Ислам динине түздөн-түз байланышы болбогон улуттук майрам болуп саналат экен. Динди аралаштырбайбыз />
[/quot? Кимдин улуттук майрамы экен Кыргыздынбы Турктунбу Казактынбы Озбектинби Тажиктинби Татардынбы ???
Мисалы биздин улуттук майрамыбыз десек жогорудагы улуттар биздин улуттук майрамды майрамдашабы ???
Эгер Озбектердики болсо биз алардын улуттук майрамын майрамдайбызбы? ??
Кимдир бироонун улуттук майрамы болуш керекго КИМДИКИ???
#19 19 Март 2014 - 22:02
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
- (4 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »