Dimedra Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 369 (0,1 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (346 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 12 Ноябрь 13
- Кароолор:
- 27 311
- Соңку аракети
- 08 Июн 2021 12:42
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 36 жашта
- Туулган күнү:
- Ноябрь 12, 1987
- Жынысы:
- Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Өз каалооңдон корк.
Жазылган күн: 4 Апр 2021
Кайдан да эски окуяны эсине түшүрүп алды эле, ошондонбу же балдарын көп ойлоп жаткан үчүнбу көңүлү чөгө түштү.
Аэропортко кирип келип саатына караса туура он эки болгон экен. Өз келбети менен алек болуп көп убакыт өткөрүп жибергендей болгон, ошентсе да бир саат алдын жетип келиптир. Туура эле сурап билүү түйүнүно келип, өзүн суроолуу тиктеген жаш кызды көргөндө гана эсине келди, балдары кайсы шаардан келе жатканын билбейт эмеспи, кайсы каттам тууралуу сурайт. Жаш кызга бир аз тиктеп тура да, кол саатына карап алып басып кетти. Эми күтүү залына келип 13:00ду күтүп туруудан башка арга жок. Дагы жакшы учактар кечиксе кечигет бирок атайын билдирүүсүз эрте түшпөйт, антпесе алар келип бизди таппай калдыбы деп да кыжаалатка бата турган. Залда топурап көп адам жүрөт. "Кызык, ким кайсы каттамды күтүп жатты болду экен" деп ойлонуп алды. Бирөө жарымдан сурап билүүгө аракет кылып көзүнө жылуу учураган адам издеп жатып жолдошун көрүп калды, бир адам менен сүйлөшүп турган экен. Кубанып кетти Аяна, чөлдө адашып жүрүп жол таап алгандай.
-Данияр, деп энтиге жанына жетип келип мойнунан бекем кучактап алды.
-Келдинби асылым. Шашылган жоксунбу? Карачы дагы убакыт бар, деп жубайы үчүн кам санап колдорунан кармап жүзүнө астейдил тигилди Данияр. Мунусу анын абалын билүү аракети эле. Бекеринен эмес экен, Аянанын көздөрү ойноп энесин жоготкон козудай жалдырай тиктейт. Жубайын көптөн бери мындай абалда көрө элек болчу Данияр, дагы бир суроо берсе ыйлап жиберчуудой абалда турат. Кайрадан аны кучагына ала,
-Баары жакшы болот Аянам. Биз баарына даярбыз, деп чачтарынан жыттап койду.
Экөө темир үстөлдөрго барып үн сөзсүз бири бирине жөөлөнө отуруп калышты. Айтылган убакытты күтүү керек, кайсы шаардан келе турганы анча да мааниге эмес экенин түшүнүшту. Утуру учак келип конгон сайын элдердин катарына туруп карап калышат. Күткөндөру жетелешкен өспүрүм эгиздер. Чынында алар азыр кандай көрүнүштөрү керек экенин деле билишпейт, ар кимиси өзүнчө элестетип акылында божомолдоп тартып алган сүрөттөрү менен келгендердин жуздоруно тигиле карап жатышты.
Саат 13:00до келип конгон учакты терезеден көргөндө Аянанын жүрөгү болк этип алды, Нью-Йорктон экенин билгенде даана түшүндү балдары ушул Учактын ичинде экенин. Ордунан туруп күтүүчулордун катарына барайын десе, буттура тушалып калгансып жүрө албайт. Жүрөгү элеп желеп, башкача катуу согуп баштады. Жолдошунун жетелеген колдорун катуу кысып араң жүрүп келип тизилген элдердин катарына туруп мойнун созуп утуру чыккан ар бир адамга карайт. Дегеле алар күткөн өспүрүм балдар корунбойт. Адамдардын баары чыгып, акырында атайын майыптардын арабасында эки картаң адамды чыгарып болуп дарбазаны жаап салышканда Аянанын көзүнө жаш тегеренип кетти. "Эмне алар башкача ойлонуп калыштыбы" деген ой келди биринчи эле. "А балким жашы жете элек деп учакка чыгарбай койгондур. Коштоп келчүү адам жок беле." Бакырып ыйлап жиберүүгө даяр болуп турганда ак көйнөгүнүн этегинен бирөө тартып калды. Караса жанында жанагы арабада келген эки картаң адамдар турат. "Эмне болду" дейин деп келе жатып бырыш баскан жуздордун арасынан тааныш курч, ишенимдүү, ирмелбей өзүнө карап турган көздөрдү көрүп токтоп калды.
-Оо Кудай! деп жиберди титиреген колдору менен оозун басып.
Бойлору бир метр болгон денеси кууруп жүздөру жүз жаштагыдай бырыш баскан эки адамга карап Данияр али да эмне болуп кеткенин түшүнбөй турат. Алардын абалынан ыңгайсыз боло түштүбу, дароо колун тартып алды тиги да.
-Биз баарына туура түшүнөбүз. Эгер каалабасаныздар артка кайтып кетүүбуз да мүмкүн. Сиздердин каалоону орундатуу үчүн гана келгенбиз, деди таң калычтуу жагымдуу назик үн.
Аянаны кандайдыр бир күч өзүнөн өзү тизе бүктүрүп жерге отургуза берди.
-Альмира!
-Эмне? Данияр чочуп кетти.
-Милдетибизди аткаруу үчүн! деп кошумчалап койду ошондой эле жагымдуу эркектин конур үнү.
-Амир!
-Ооба бул биз!
Эненин жүрөгү ушундай кенен, сезимтал, билгичпи же балдарын ыңгайсыз абалда калтыргысы келбедиби Аяна кучагын жая берди.
-Уулум! Кызым!
-Балким бир четке барып сүйлөшүп алуубуз керектир, бизде убакыт тар, деди Амир Аянанын кучагынан бошонуп.
-Эмне, силер кайтып кеткени жатасыңарбы? Аяна чочуп, аларды алмак салмак карап бырыш баскан жуздорунон сылады.
Эгиздер бири бирин карап туруп шар жооп беришти.
-Бизде эки саат убакыт бар.
-Кандайча? Эки гана саатпы.
-А сиздер биздин андан көпкө калуубузду каалайсыздарбы?
-Албетте! Аяна бат эле көз жашын токтотуп чыйрала түштү. Баласын кучагынан коё берүү кандай оор ээ эне үчүн, мейли алардын бетин бырыш басып жүз жаштагы адамдай көрүнүшсө дагы.
Амир аста башын көтөрүп али да кыймылсыз дендароо аларды күзөтүп турган Даниярга карап койду, апасынын сөзүнөн күмөн санагандай. Аны сезе койгон Аяна жолдошуна жалбарып жиберди.
-Ошондой эмеспи ээ атасы, айтсанчы.
-Ооба, ошондой, деди Данияр эмне тууралуу сөз болуп жатканын түшүнбөсо да жубайын коштоп.
-Баары бир бизди угушунуздар керек. Так азыр ушул жерден. Бул замат ишенимдүү сүйлөдү Амир.
-Макул! деди Аяна ага астейдил карап.
-Сиздер бактылуу болууга, өзүңүздор каалагандай жашоого акылуусуздар. Ал үчүн али да мүмкүнчүлүк бар. Биз кеңешип өз ордубузду сиздерге берүүнү туура таптык. Доктор Джозеф биз менен макул болду, ал сиздерге жардам берүүгө даяр. Сиздер жашоонуздарды узартып гана тим болбостон, дени сак өзүңүздөр сыяктуу жөнөкөй бала төрөп чонойтуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло аласыздар. Бул үчүн доктор көп эмгек жасады жана биринчи жыйынтыктары бар. А биз ага жардам бердик. Бир гана бул үчүн сиздер жерди таштап биз келген жайга кетүүгө даяр болушунуздар керек. Көңүлүнуз ток болушу үчүн маалымат, биз курган чоң шаарчада бул планетадан көчүп кетүүнү көздөгөн тандалма инсандардын жайлары курулган, дагы да курулуп жатат, азыр ал жай өнүккөн, сиз көнгөн ынгайлардын баары бар.
Баарын бир дем менен так даана сүйлөп болуп токтоп калды Амир, Альмирага карап "эч нерсени калтырган" жокмунбу дегендей. Аяна да уулунун көз карашын ээрчий кызына тиктеп калып, ал ундобогон соң кайра Амирге карап суроо узатканы жатканда Данияр оозанып,
-Кайсы жай тууралуу сөз болуп жатат? деди.
Эгиздер өтө тездикте көз караш алмашып алышып, атасынын суроосун жоопсуз калтырышты.
Азыр бул суроонун орду эмес экенин түшүнгөн Аяна ортону жумшартуу аракетине өттү.
-Эгер биз бул сунуштан баш тартып, силерге ушул жайда калууну сунуштасак эмне дейсиңер?
-Биз ансыз да ушунда калабыз, деди Амир.
-Кандайча? Силер мында калып бизди өзүңөрдүн орунга жалгыз жөнөткөну жатасыңарбы?
Данияр балдарын түшүнүү аракетинде болгону менен Аянадай жумшартып сүйлөй албай жатты эч эле. Себеби ал али да көрүп турган көздөрүнө ишене албай турган, ошол себеп өзүн ынандыруу үчүн баардык суроонун жообун бат алууну көздөп ыңгайсыз суроолорду берип алып жатты. А Аяна башкача ойдо, ал балдарынын көңүлүн ойлоп турат, аларды өзүнө имерип ишендирип алса болду, башкасын өздөрү эле суратпай айтып берет.
-Бизде эки жол бар болуучу, биринчиси ар бирибиз өзүбүзгө жар тандап балалуу болуп акылдуу тукум калтырып кетүү же ал мүмкүнчүлүктү сиздерге берүү. Биз экинчисин тандадык, деди Альмира атасынын суроосун бул ирет жоопсуз калтырбай.
Аяна кызынын жүзүнөн аяр сылады, анын бырышып турган жүзүнөн жийиркенген жок. Чыныгы эне мээримин төгө жылмайып,
-Андай болсо биздин тандоо да экинчиси болсун. Биз да силерди тандап, ушунда бирге калалы, деди.
Эгиздер дагы бир ирет көз караш алмашып алышып Аянага карай макулдугун билдире баш ийкеп коюшту. Данияр жубайынын көз карашын тутуп, ичинде калган толгон токой суроосу менен арабага балдарын салып сүйрөй сыртка карай жөнөдү. Балким Аяна болбогондо ал ушул жерден балдары менен коштошмок. Жоок, алардан жийиркенгендиги үчүн эмес, суроолору менен аларды өзүнөн алыстатып алмак.
Унаада төртөө төрт тарапты карап ойлуу баратышты. Жолугушуу алар күткөндөй болгон жок. Барындай кабыл алам деп ойлогон Данияр да, балдарымдын кандай болушу мааниге ээ эмес эсен келишсе болду деп тилеген Аяна да башкача абалда. Алар мындайга даяр эмес эле, кимдин оюна келмек дейсиң бул көрүнүш. Кез кезде артты көргөзчуу күзгүдөн, терезеге тигилген балдарын карап коюп келе жаткан апасы таң калат. Баарына даяр болгон мына ошолор көрүнөт, жуздорундо эч бир таң калуу, коркунуч, тушунбостук жок. "Эмне алар өздөрү менен тендерди көрүп, алардан айырмаланган келбетине кыжаалат болушпайбы. Эмнеге мындай болушу мүмкүн? Джозефтин жанындагы баардык балдар ушундай абалдабы? Кызык алар кайсы ааламды айтып жатышат болду экен…" деп ойлонуп баратып токтоп калды. Балдары анын оюн окуп жатышканын эстен чыгара жаздаптыр, көп жылдардан бери эркин ойлонуп көнө түшпөду беле.
-А силер өзүңөр келдинерби? эч кимдин коштоосусуз? деп артка бурула калса эгиздер бири бирин карап жуздорунон сылап отурушкан экен. Катуу ынгайсыздана түштү Аяна, өзүнүн ою менен балдарын капа кылып алганын түшүнүп.
-Бизди күзөтүп келген адам азыр да бизди күтүп олтурат, жана бир ааз күткөн соң артка кайтат, деди Амир көздөрүн жумуп.
Ушуну менен сөз дагы үзүлдү.
-А баса силердин жүгүнорду унутуп кетиппиз го, деди кайра эле артка карап Аяна.
Бул ирет Альмира ооз ачып,
-Эч нерсени унутканыбыз жок, биздин бар болгон буюмубуз ушул, деп аркасында илинген кичине баштыкка көргөзуп койду.
-Аа, деп койду Аяна. Туура кыласынар, керектүүнү бул жерден алсак да болот.
-Бизге башка нерсенин кереги жок. Аз гана убакытка келдик, деди Амир бул ирет да көздөрүн жумуп.
-Эмнеге? Биз жана эле суйлошподукпу бирге болобуз деп.
Аянанын шаштысы кете түштү, баласы таарынып оюн өзгөртүп калган экен деген ойдо.
-Ооба, эми биз кааласак да эч кайда кете албайбыз . Жерге келүүдөн алдын баарын ойлонуп ар кандай бурулушка даяр болуп келгенбиз, артка жол жок. Ал эми жер бетинде бизге жооп берчүү жалгыз адам менен жаңы гана байланышты үздүк. Кийин жай алмаштыруунун кажети да жок эми. А баса биз сизден капа эмеспиз. Жүзүбуз биз үчүн анча деле мааниге ээ эмес, башкысы өмүрүбуз текке кеткен жок. Кеп өмүрдүн кыска узунунда эмес, маңызында. Биз эң көп жашаган адамга караганда көбүрөөк жумуш бүтүрө алдык. Көп адамды максатына жеткирдик…
Амир сөзүнүн аягына чыкканча болбой Аяна менен Данияр бир убакта артка бурула калышты. "Кантип?"
Даниярдын мээсинде азыр эле кайнап жаткан көп суроолору асманга сапырылып алардын ордун ушул бир суроо ээлеп калды.
"Балдары жан бергени келишти беле"
Кызык эмне алардын жүзүн көргөндө да акылына мындай ой келбегенби. Анда эмне ушундай болсо да жашай берсин дешкенби же дабасы бар деп ойлошту беле. Дабасы бар деп ээ? Атактуу Джозеф, акылы ашып ташып башка планетага жашоо куруп жаткан балдар таба албаган дабаны жер жүзүнөн издешмекпи. Же жөн гана муну Амирдин өзүнүн оозунан угуу өөн учурап жатабы, болгондо да ушундай тынчтыкта кадимки эле күнүмдүк жашоону айтып жаткандай сүйлөгөнү.
Данияр шилекейин жутуп кургап калган тамагын суулап алып алдын карап отуруп калды. "Мындайда деги эмне деп сөз айтыш керек?" Же бир Аяна үндөсөчү, адатта кудуктан суу сузгандай сөз тапкан аялы да бул ирет тунжурайт. Ошол боюнча сөз уланбай, тунжураган абалда үйүнө жетип келишти. Дарбаза жогору көтөрүлүп унаа короого кирип келээри менен Кумар жүгүрүп жетип келди дөңгөлөктун түбүн жыттап. Терезеге жабышып күчүктү тиктеп калган балдарын көргөндө Даниярдын ою бөлүнө түштү. Анын шашылыш түшүп күчүктү колуна алып туруп калганын көргөн балдар үнсүз гана тиктеп отура беришти ал ансайын атасын коркутушуп. Качан гана Аняа унаанын эшигин ачып балдарын түшүрүп жатканда эсине келди, алар бул чоң унаадан өз алдынча түшө албай турган абалда экени, ошентсе да ордунан жылып күчүктү жерге коё албай тура берди, кимди кимден коргоп жатканы белгисиз, анткени Кумар да жоочун адамдарды көргөндө үрүп туруп алган.
Аяна жолдошун эң жакшы түшүнүп турду, ал да байкуш өзү сыңары коркуп жатат, бирок ал тууралуу ойлонбоого аракет кылып жатты балдарынын көңүлүн бурдуруп албоо үчүн. Канчалык өзүн алаксытып жүзүн куунак көрсөткүсү келген менен эч майнап чыгара албай койду. Үстөлдүн үстүн жайната жасап жатып утуру ашканага кирген сайын терең дем алып абадан кере жутат. Ушунча жыл күткөн кече ушундай болмок беле. Деги ал кандай элестетчүү эле бул кечени. Аяна токтой калып ойлонуп калды. Кызык, эч бир бул тууралуу ойлонуп көрбөгөн экен, а балким бул күндүн болооруна ишенбегендир же болушун каалаган эмес. Балким акыркы убакта жашоосунда орногон тынчтык, өзүнүн жан дүйнөсүндө тапкан бакыты менен алек болуп калгандыр. "Кана?" деди өзүнө өзү. Бир күндө келген бурганак акыркы жылдар коштоп жүргөн тынчтыгын жууп кетиптир заматта. Кысылып чыкты. Көздөрүн жумуп башын ылдый кылып ашкана эмерегин таяна туруп калды. Бул күн жакпай жатат деп тан алуу оор болуп турду өзүнө. "Түш болуп калса" деп ойлонуп баратып чочуп кетти, бутуна бирөөнүн денеси тийгенден болуп. Балдарынын бири кирип калган экен, оюмду билип калды деп ойлогон, көрсө Кумар алдыңкы буттарын көтөрүп ээсин оюнан алаксытып жаткан экен. Ал да байкуш сезип жатса керек үйдөгү абалдын өзгөргөнүн. Аяна жылмайып алды, айбан да болсо зирек, сезгич. Балдарынан таба албаган байланышты ушул күчүктөн таап отурбайбы.
-Алар менин балдарым. Амир жана Альмира сен алардан коркпогун ээ, аларды коркутпа да, деди колуна алып жатып.
Кумар түшүнүп жаткансып кулактарын тикчийтип ээсин кунт коюп угуп турду да балдары отурган чоң бөлмөгө карап бир ирет үнүн чыгарып үрүп алды.
-Ооба ошент, алар менен достош, деп күчүктү жерге коё берди эле ал туура Альмира отурган орундуктун жанына барып анын ылдый түшүп турган буттарына өзүнүн алдыңкы аяктарын тийгизип ойноп кирди. Эмне болуп кеткенин түшүнбөгөн кыз буттарын тартып алып ылдыйды карап калды эле Амир дароо үстөлдөн түшүп анын жанына жетип келди. Ал Аянага артын салып турганы үчүн кандай аракет жасаганын көрө албады, бир гана кызынын уянкы жылмайып койгону көрүнүп Амир кайрадан ордуна барып отуруп калды. Эмне болгон болсо да күчүккө бул аябай таң калычтуу болду көрүнөт, Амирди ээрчип барып карама каршысына аны тиктеп отуруп алды, кыймылсыз. Аянанын жүрөгү опкоолжуп кетти. "Кичине кезинде эле башка адамдын мээсине буйрук бере алган балдардан ушул куракта эмне күтсө болот." Бат баттан басып үстөлгө жетип келди.
-Эмне али да эч нерсеге тийишпей отурасынар. Альмирочкам карачы сага атайын омлет жасадым, сен муну жакшы көрчү эмес белең, деди балдарынын жөн гана отургандарын көрүп.
-Биз тамактанып алдык, жана эми төрт сааттан кийин гана тамактануубузга болот.
-Ошондойбу? деп томосоро түшүп, -Макул төрт саат болсо, күтөлү, деди Аяна. Оюнда алар жолуккандан берки убакытты эсептеп, ар бир он саатта тамактанат го деген чечим чыгарып.
-Амир айтчы Джозефке жардам берген силерден башка да бирөөлөр барбы? деди жанатан бери тынч отурган Данияр.
-Эмнеге?
-Албетте силердин акылынар көп нерсеге жетип, колунардан бардык нерсе келет дечи. Бирок кээ бир кыймылды кимдердиндир уруксаты, көзөмөлүсуз жасай алмак эмес. Дегеним жалгыз өзү кантип силерди жер жүзүнөн которуп кетти? Ал суроосуна жооп аларына анча ишене бербесе да сурады. Антпесе мындан артык акылына келген ойду кубалоого чамасы жетээр эмес.
-Жок.
Атасы ичине тарткан демин үмүтсуз ушкуруп чыгарып болгончо күтпөй сөзүн улай берди Амир.
-Жок, биз эң акылдуу адам эмеспиз. Сиз ушуну айткыныз келип турбайбы ээ ата. Биз болгону адамдын оюндагысын ийне жибине чейин толук түшүнө алабыз. Мына ушул нерсени бизден башка эч ким жасай албайт, ойлоп жаткан адам өзү да. Ал оюндагысын сүрөттөп берүүгө сөзү жетпейт. Биз анын ою кандай түстө келип жатканын да көрө алабыз. Мындан кийин ал ойду ишке ашыруу оор болбойт. Азыр биз жасап жаткан нерселер биздин акылда жаралбаган, башка эң акылдуу адамдардын оюн ишке ашыруудабыз, доктор да биздей эле абалда.
-Демек… Джозеф да алардын буйругун аткарууда.
-Жардам берүүдө, деп туздоп койду уулу.
-Жок, жок, сен түшүнүп турасың да алар өз оюн ишке ашырыш үчүн докторду пайдаланган, а доктор силерди. Бул айдан ачык көрүнүп турбайбы.
-Пайдаланып? Ал эмне? деди Амир чын эле таң кала.
Данияр ордунан тура калды. Мына мисалга… мм…
-Компьютерди мага алып келчи жогорудан, деди келинчегине.
Аяна күйөөсүнө "Эмне кылганы жатасың" деген көз карашта күйөөсүно карап калганда Амир ордунан туруп кетип кыйнала басып компьютерди көтөрүп жетип келди.
-Сен муну дароо таба алдынбы? Аяна таң кала сурады уулунан.
-Атамдын көрсөтмөсү менен, деп ага сунду.
Аяна компьютерди алып Даниярга сунуп жатып, "Мен бир учурду өткөрүп жибердимби, Данияр качан көрсөтмө берди" деп ойлонуп койду.
-Ал сизден суранып жатканда компьютердин турган жайын элестегенче сүйлөбөдубу.
Мына сага ал Аяна оюндагысын өзү түшүнүп болгончо ага жооп бере салды, анан кантип атасынын оюн билбей коймок эле.
Баласынын өнөрүнө таң калып турса да өзүн кармай баштапкы оюн жыйынтыктаганга өттү Данияр.
-Мына көрдүңбу, азыр эле мен пайдаландым. Мага керек болгон нерсени сен аткардын. Ушул пайдалануу болот.
-Сиз буйрук берүүнү айтып жатасызбы. Эч ким буйрук берип башканы мажбурлай албайт, эгер аткаруучунун каалоосу болбосо. Сиз апамды жумшадыныз, ал аткарууга шашылган жок, себеби өзүнүн каалоосу менен эсептешип улгуро элек болчу. Анан калса ал өзүнүн кыймыл мүмкүнчүлүгү менен сиздин мүмкүнчүлүктү эсептеп жаткан. Албетте эгер сиз ал кыймылды жасасаныз батыраак бүтмөк, муну ал билгени үчүн аткарууга шашылган жок. А эгер чын эле бул маанилүү нерсе болуп сиздин аткара албашынызды билген учурда балким шашылмак. А мен билдим сизге бул өтө чоң мааниге ээ экенин, мен үчүн эмес өзүңүз үчүн.
Уулунун жөнөкөй нерсени да илим менен түшүндүрүп жатканын угуп турган Данияр кулактарына ишенбей кетти. "Кичине убакыттын ичинде ушунча нерсени акылга салып иштеп чыгуу өзү мүмкүнбу" дейт.
-Ооба, учурунда бул нерсеге доктор Джозефтен башка эч кимдин ишеничи болбогон. "Адамдын мээси мындай нерсеге ылайыкташпаган" деген жыйынтык менен көп убакыттарга созулган долбоорлорду түзүшкөн. Ал эми Доктор өзүнүн билгичтиги менен эгер эски ондолууга жатпаса жаңыдан жасоо мүмкүнчүлүгү бар экенин көрсөтүп алардын жүздөгөн жылдарга каралган иш чараларынын мөөнөтүн кыскартып, адамдарга жаңы үмүт бере алды. Жер жүзү жок болуп кетүү коркунучу бар, аны оңдоо мүмкүн эмес болгону үчүн жаңы ааламдан жашоо табуу керек экенин билип бирок аны кандай жүзөөгө ашыраарын билбей тургандарга жардам бере турган адамдарды жаратуу менен Доктор өзүнүн миссиясын толугу менен аткара алды. Биз да жаралуудан максатыбыз кандай болсо баарын так орундаттык. А сизчи?
Данияр какап кетти. "Албы? Чын эле ал эмне үчүн жаралды экен? Эгер жөн эле адам болуш үчүн болсо анда аткарды. А бирок андай болбосочу, ар бир жан өзүнчө бир максат менен жаралган болсо кантет. Анда өтө эле көп адам максатын аткармак тургай андан кабарсыз өтүп кетип жатышкан жокпу?"
-Бирок уулум, эгер силер жасап жаткан нерсе туура болбосочу. Жандууну жаратуу бир гана Кудайдын колунда болуш керек. Кандай жол менен болсо да силер Кудайдын каалоосу менен гана бул дүйнөгө келгенсинер. Джозефтин башкага максат коюп берүүгө укугу жок болчу. Бир адамды колдонуп экинчи адамдын каалоосун ишке ашыруу туура эмес. Анан да…деп барып сөзүнүн аягына жетпей токтоп калды Аяна. Ал жанатан бери эч бир каршы сөз сүйлөп балдары менен тартышпай четтен күзөтүп отурган, бирок алардын акыркы айтылган сөздөрүн угуп туруп чыдай албай сөзгө аралаша кеткен. Сөзүнүн акырына барып алардын сырткы келбети тууралуу сүйлөп ала жаздап араң токтоп калды. Бул дегени балдары анын оюнан кабарсыз калды дегени эмес да.
-Доктор муну бизден жашырган эмес, ар дайым бизди текшерүүдөн өткөрүп ушундай болоорун жана муну өзгөртүү мүмкүн эмес экенин айтып турган. Бирок муну өзү да каалаган эмес. Болгону мээнин жана дененин кыймылын он эсеге көбөйтүп торчолорду бириктирип жатканда, ар бир торчо өзүнчө жашап өтчүү убакыттар да биригип он күндүк убакыт бир күнгө гана созулуп калаарын ал билбеген. Бирок биз үчүн бул нерсе мааниге ээ эмес эле. Негизгиси биз оз каалообузду толук аткара алдык. Ата сиз айтып берген Жараткан биздин эсибизден эч качан чыккан жок. Ырас ал бизди жаратып жана ар дайым күтө турган болсо эмне себептен анын алдына барууну кечиктиришибиз керек. Эмне үчүн кийин? азыр эмес. Ушул күнгө чейин бүтүрө албаган жумушунузду калган убакыттын ичинде бүтүрө алаарынызга ишенесизби? Айтынызчы сиз өзүңүз айткан баарынан күчтүү, акылдуу болгон Затты көрүүгө ашыкпагансызбы эч? деп атасын теше тиктеп отуруп калды.
Данияр биринчи суроодон кийин али өзүнө келе элек, бул суроого кайдан жооп бере алмак эле, ундобой кутулду. Аяна болсо эми өзүнүн акылына келген ойдон уялбай калды. Бул балдары үчүн оор маселе эмес экенине ынанды.
-Макул, деди ал. А башка балдарчы, алар да силер менен бирге кайтып келиштиби?
-Алар азыр жумушун улантышууда, акырында ким кандай тандоо жасайт өздөрүнө гана маалым. Бул абалга жеткен эң биринчи биз болдук. Себеби бизге берилген ресурстарды пайдалануубуз башкалардан бат жүргөндүгү үчүн.
Аянанын көздөрүнөн жаш таамп кетти.
-Эмнеге? Эмнеге мынча шашлдынар?
-Бул нерсе бизден көз карандысыз жүрөт. Эгер билгиниз келсе, биз да сиздин жанынызда болгубуз келчүү. Бирок бул мүмкүн эмес эле. Мында калган учурда биз көп нерсеге зыян келтирмекпиз. Себеби биздин турпатыбыз ар дайым жаңы нерсени талап кылып, мээ булчундарыбыз бир көз ирмем да токтобой иштеп турат. Аны канааттандыруу үчүн көп нерсени кыйратууга учуратмакпыз. Жаңы нерсе жасоо үчүн эскини кыйратуу керек экени баарына эле белгилүү эмеспи. Доктор бизди дал ошондой учурга жеткенде жер шаарынан көчүрүп кетти. Каранызчы ал кандай жакшы адам. Бизди гана эмес ансыз да кыйроо алдында турган жердин да камын көрүп, канча болсо да өзүнчө жашоосун улантууга мүмкүнчүлүк берип бизден аны сактап калды.
Аяна башын ылдый кылып али да кыймылсыз Амирди тиктеп отурган күчүктү көрүп тамагы кургап кетти, кудум ичинде жалын от жүрүп денесин ичтен куйкалап өрттөп жаткансып ысып дене табы да көтөрүлө баштаганын сезди.
-Анда алар азыр кайда? Кай ааламда? деди Данияр жаңы сөзгө келип.
Амир атасына жооп бергени жатканда Альмиранын кабатыр үнү бузуп жиберди.
-Апа муздак сууга түшүнүз, кечиктирбестен, деп Даниярга кайрылды. -Ата апама жардам керек.
Данияр келинчегине карап анын кызарып чыккан жүзүн көрүп чочуп кетти. Жаңы эле бир жакшына отурган жубайынын көзүнүн агы толугу менен канга толо түшкөн экен. Эмнени колуна алаарын билбей калдастап калганда.
-Муздак сууга салыныз, деди Альмира токтоо үнү менен дагы бир жолу.
Данияр келинчегин көтөрө жуунчу бөлмөнү карай жүгүрдү. Аны сууга салып мындан ары эмне кылаарын билбей карап туруп калганда артынан уулу менен кызы жетип келишти.
-Мени коё бериңиз, деди Альмира Аянага карай бет алып.
"Эмне кылганы жатат" дегенсип кызынын айтканын аткараар же аткарбашын билбей алдын торой туруп калганда,
-Альмираны айтканын аткарыныз, деди Амир.
Али да кызарып жаткан жубайына бир карап алып, башка арга жок экенин түшүнгөндөй кызына жол бошото берди. Альмира дароо апасы жаткан сууга колун салып айландырып баштады эле суу шарактап ашып полго жайыла берди.
-Муздак сууну ачыныз.
Данияр анын айтканын аткарып жанында карап турду, болуп жаткан кубулушка түшүнө албай дендароо болуп.
Бул кубулушту үч ирет кайталаган соң Аянанын жүзү агарып көзүнүн агы өзүнө келе баштады. Бирок ал толук өзүнө келгенче болбой Альмира суудан колун тартып алды.
-Менин алым калбады. Ала берсеңиз болот, мындан ары коркунуч жок, деп отуруп калды.
Амир карындашына өтө аянычтуу да күнөөлү да карап койду. Аларды күзөтүп туруп жүрөгү тилинип турса да өзүн колго алып сууну кечип жубайын көтөрүп жөнөдү. Балдарына жардам бере албастыгы анык, жок дегенде жубайына жардам берүүсү керек.
Аянаны уктоочу бөлмөгө алып кирип төшөккө жаткыраары менен көөшүлүп уйкуга кете берди. Данияр анын жаны үчүн катуу коркуп калган экен баарын унута салып келинчегинин жанынан жылбай карап отуруп бир убакта башын коюп жаткан барабар көзү илинип кетиптир. Бир убакта көзүн ачса түн бир убак болуп калган экен, Аяна эч нерсе болбогондой таттуу уйкуда жатат.
Бир аз аны күзөтүп туруп баары жакшы экенине ынанган соң шашылыш ылдый түшүп келип балдарын таппай калды. Ары жүгүрүп бери жүгүрүп эч кайдан таба албай шаштысы кетти. "Кыйла убакыт өтүп калса керек, алар ар төрт саатта тамактаныштары керек эмес беле." деп кыжаалаттана берди. Узакка кетиштери мүмкүн эмес эле. Өз көзү менен көрбөдүбу алардын алдыңкыдай бат кыймылы жоголуп, узак басууга дармандары калбаганын. Альмира апасынын жашоосу менен алышкан соң өтө эле чарчанкы абалда болчу. Канча издеп жолго чыгып баштан аяк кыдырса да эч майнап чыгара албады. Балдарынан эч дайын жок. Эсине Кумар келип, кайра үйүнө жүгүрдү. Дарбазаны ачып үйүнө кирип келип босогодон тепкичте күчүктү кучактап отурган Аянаны көрдү.
-Кайда жүрөсүң түн катып, деди ал жылмайып. Күйөсү ооз ачып жооп бергенче болбой кайрадан сөзүн улап,
-Мен бир кызыктай түш көрдүм, деди. Ишенээрлик эмес, бирок балдарыбыз ушунда экен, деп келе жатып жүзү өзгөрө түштү.
-Эмне болду? Данияр келинчеги үчүн кыжалаттана кетти, азыр ал айтып жатканы түш эмес экенин эстесе дагы жанагындай абалга түшүп калат деп.
-Мааниге ээ эмес, түшкө көп нерселер кире берет. Жүрү эс алалы эртең сен үчүн маанилүү күн, деп Кумарды жерге коё берип жогору карай жөнөп калды. Данияр эмне болуп кеткенин андай албай, өзүнө же жубайынын сөзүнө ишенээрин билбей анын артынан баса берди.
Жылмайып жолдошуна бейпил түн каалап он тарапты карап жаткан Аяна азыр көргөн түшүн эстоого аракет кылып майнап чыгара албай жатып уктап кетти. Бул учурда Данияр жубайына мунун баары түш эмес экенин кантип айтуу керек экени менен бирге балдары кайда кеткени тууралуу ойлоп жаткан.
Таң эрте күндөгүдөй туруп өз жумушун жасап жүргөн Аяна өзүнөн көзүн албай карап турган жолдошуна карап жылмайып койду.
-Үстөлдүн үстүн качан жыйнап улгурдун, деди Данияр окуянын бир уучунан баштап болсо да эстете алаарына кубанып.
-Чын элеби?
-Ооба, чын эле качан жыйнадын?
-Койсончу ардагым, качан эле мага үстөл жыйнаш кыйын болуп калды эле, же бир жолу эрте менен туруп жыйналбаган үстөлдүн үстүнө отуруп көрдүң беле, деп жанына келип илептеринен сүйүп койду.
-Бул жерде кече кечинде дүйүм тамак аш калган, кана алардын баары? Даниярдын эми чындап шаштысы кете баштады.
-Кандай тамак жегин келип жатат ардагым, айта калчы дароо жасап берейин. Мен кече эч кандай даам жасабаганым эсинден чыгып калдыбы, деди Аяна ашканага карай басып бара жатып.
-Жок. Токто! Сен чындап эле эмне деп турасың? Кече бул үстөлдүн үстүн дүйүм тамак ашка толтургансын, деп Аянадан биринчи ашканага кирип келип муздаткычты ачып, ашкананын түгөл кыдырып чыкты. Бирок чын эле ал жерде эч кандай тамак жок болуп чыкты.
Жинди болгон адамдай тегеренип жүргөн жолдошун күзөтүп туруп, ал токтоп башын мыкчып калганда,
-Менимче сен катуу чарчагансын. Каалайсынбы бүгүн үйдө калып дем ал, сүйлөшүүгө сенин ордуна мен баруум мүмкүн же башка күнгө жылдыр. Ушул күндү ойлоймун деп өзүңдү көп кыйнап койгонго окшойсун, деди.
-Жок… болушу мүмкүн эмес, деп жуунчу бөлмөгө жүгүрүп кирип келип ал жердин купкурук турганын көрүп дагы башын мыкчый токтоп калды. "Чын эле мен жинди болуп турамынбы? Балким түш көрүп аны чынга айландырып алдымбы" деп да ойлоно кетти. Азыр кечеки болгон окуяны айтып берсе Аяна эмне дейт, а балким тескерисинче анын акылы болуп жаткан көрүнүштү кабыл ала албай баарын түш катар көрсөтүп жаткандыр. Эмне, ушундай болот эмеспи, кээде адам кабыл алуусу оор болгон окуяны унутуп, же тескерисинче катуу кыялданган нерсесин бар катары кабыл алып алуу ыктымалы бар экенин бардык эле психологдор айтып жүрүшпойбу.
"Макул эгер Аяна баарын унутуп түш катары кабыл алууну тандады десем, анда кечеки дасторкон толгон дүйүм тамактарчы, алар кайда кетти? Бул жер жайнаган суу болчу бир түндө куруп кала турган эмес эле. Анан калса балдар унаада келе жатып мындан ары кааласа да эч кайда кете албасын айтышпады беле, эми болсо алардын изи да жок. Андай болсо мен жок нерсени бардай кабыл алдымбы? Болушу мүмкүн эмес, менин кыялдануум мынчалык өрчүбогон. Андай болсо кана кечеки күндөн бир да из калбаган…" деп келе жатып кече жубайы жөнөткөн электрондук кат тууралуу эстеп кетип жогорку кабатка карай жүгүрдү. Компьютерди ача сала өзүнүн дарегин терип, келген каттарды карап алардын арасынан издегенин таба албай отуруп калды. " Мунун баарына балдардын тиешеси болушу мүмкүнбу?" деген ой келди акылына. Бирок бул суроого эч качан туура жооп таба албасы анык экенин да түшүнүп отурду. "Бир гана туура жол убакыт" деген жыйынтык чыгарып төмөн карай түшүп келсе Аяна ал жакшы көргөндөй омлет бышырып буркурата жыпар жытын чыгара кофе демдеп күтүп отуруптур. Жубайынын жылмайган жүзүн көргөндө жеңилдей түштү, негизгиси Аянасы жанында, ушул азыр чоң бакыт. Башкасын өзү айткандай убакыт көрсөтөөр.
Данияр келинчегинин көздөрүнө тиктей кофеден жутуп, ички туйгусунан алаксый адаттагыдай Аянасынын бутунун учунан баштап суктана карамакчы болуп эңкейип келе жатып үстөлдүн астында күчүктүн башын бир аз кыйшайтып, кыймылсыз өзүнүн жанындагы бош турган орундукту тиктеп олтурганын көрүп, колун жансап анын көңүлүн өзүнө бурдурмакчы болду эле, Кумар ага карап да койбостон, өзгөрүүсүз абалда кыймылсыз отурган абалда кала берди…
Аягы. -
Темасы: Өз каалооңдон корк.
Жазылган күн: 3 Апр 2021
-Менин далилим жок албетте, бирок ишеничим бар. Балдар тирүү, бирок жашоодо өзгөрүш жок. Бул күнгө чейин алар жер жүзүн асманга сапырып койгонго жетишиштери керек эле.
-Жетишет! деди Данияр ордунан ыргып туруп доктордун жанына жетип. - Биз сизди уктук, ал эми азыр сизди башка жумуштарыныз күтүп калды.
Доктор жанына келип калган Даниярга карап да койгон жок, али да маңдайында отурган Аянадан көзүн албай,
-Сиз эмне үчүн балдарынызга кат жазууну токтотуп койдунуз? Балким алар сиздерди күзөтүп турушат жана сиздин жашоонузда өздөрүнүн орду жоголуп баратканын көрүп турушууда. Эгер аларды күткөн, бардыгына ишенген жакын адамдары болсо балким кайткылары келет жок дегенде бир аз убакытка болсо да, деп бир кыйлага ундобой калып Даниярдын бет маңдайына тура калды.
-Ким билет балким ушунусу жакшыдыр, өткөн учурду жашоодон сызып кою да күчтүүлордун сапаты. Ата болуп көрбөгөн инсан сиздерге сабак өтүп жатканы өзү кызык, деди да колун созуп үстөлдүн үстүндөгү шише идиште турган алмадан бирди алып колунда ойното чыгып кетти.
Жубайлар ар кимиси турган ордуларында катышты да калышты, жада калса конокту узатып чыгууга да жарашкан жок. А доктор кудум ушундай болушун билген, кеп анын акыркы айтылган сөздөрүндө эмес көз карашында эле. Кулагына угуза сүйлөп мээсине жеткире айтса көзүнө тигилип жүрөгүнө киргизип койгон.
Үйдүн ичинде кулак тунжураткан тынчтык канча өкүм сүргөнү белгисиз, экөө бири бирин карап турушкан менен батынып ооз ача алышпай көпкө турушту. Экөөндө тең бирдей абал эле, кудум тамактарында муштумдай бир катуу зат туруп калгандай, оозун ачса эле ыргып барып экинчисинин башын жарып кетчүдөй туюлат. Ал ансайын ооздорун бекем жумуп катуу затты жутуп жиберүүгө аракет кылып жатышты. Аяна биринчи болуп чыга алды көрүнөт бул абалдан.
-Данияр кандай ойлойсуң мен сени канчалык жакшы көрөм? деди бир убакта сөздү узактан баштап.
-Билбейм.
Ушуну эле күтүп тургандай шар жооп бере салды жолдошу да.
-Мен айтайынбы сен мени канчалык жакшы көрөсүң.
-Жок айта албайсың. Ал сезимди баяндай ала турган сөз ойлоп таба элек али эч ким.
Аяна жолдошунун сөзүн укпай тургандай көздөрүнө тик караган боюнча ордунан туруп бет маңдайына келди.
-Эгерде сен чоң жылан болсоң мен эчаак сенин курсагында жатмакмын.
Бул сөз Даниярдын кыжырын келтирмек турсун делебесин козгоп жиберди. Келинчегинин эми эле өзү тууралуу сүйлөп ачып жапкан эриндерине өзүнүн эриндерин такай берип, андан ары чоло жерин калтырбай өпкүлөп кирди. Аяна эч каршылык көрсөткөн жок, тескерисинче бир укмушту күткөндөй толугу менен күйөөсүнүн эркине көнүп берип турду.
-А сен каршы болмок эмессинби? деди Данияр кулак түбүнөн энтиккен үнү менен, кудум Аяна айткан чоң жыланча кышылдап.
-Жок, дейт Аяна да шыбырап үнүн араң чыгарып.
Данияр чындап эле өзүн чоң жылан элестетип жакшы көргөн энчисин жутууга даярданып бараткандай эле, бирок эмнегедир келинчегинин үстүндөгү жеңил көйнөгүнүн туймосун чечип келе жатып жайлап барып токтоп калды.
Аяна мойнун созо башын артка таштап абадан терең дем алып бүтүп көздөрүн акырын ачып маңдайында турган жолдошуна карады.
-Эмнеге?
-Кандай ойлойсуң мен сенин көздөрүнду көрбөй жашай алмакмынбы?
-А эгер көздөрүмду чыгарып колуңа тапшырсамчы. Ошондо мени жутуп алмак белең?
Данияр ойлонуп туруп калып,
-А сен ошону каалайсынбы? деди.
-Мен сенин каалоонду аткарууга даярмын. Сен кааласан көздөрүм сеники, жан дүйнөм сендик, бир эмес миң өмүрүмдү арнаймын сага. Ал үчүн менин сезимимди коруктоонун кажети жок. Эсиндеби тандоо болуп ара жолдо калсам балдарымды тандаймын дегеним. Жалган! Мен эч качан сенден башканы тандай албайм. Муну ар дайым, жада калса ошондо да билчүүмүн. Болгону сен балдарды мен үчүн коргоп кал дегим келген, билем сен өзүң үчүн жасай албаган нерсени мен үчүн жасап коё алаарынды. А сен корктун, менин сезимим толук сендик болбой калганынан корктун!
Данияр жубайынын сөздөрүнө жооп бербестен артка бурулуп басып кетти. Ашканага кирип тазаланган сууга карабастан кранды ачып муздак суудан кере-кере жутуп, колуна суу толтурулган идишти көтөрө чыгып келип келинчегине сунду. Шашпай ал ичип болгончо карап туруп, Аяна бош идишти кармаган колдорун ылдый түшүрө бергенде,
-Ооба, деди. Менде ал каалоо кубаласам болбой кайталап пайда боло бере турган. Бирок мен дагы сүйдүм балдарды. Кудум сен сүйгөндөй сүйдүм. Сени алардан кызганган жокмун, болгону сени тандадым. Сага берген сөзүмдүн үстүнөн чыга албашымды башынан эле билчүүмүн. Ар күн силерди бирге көрүү азап болуп бараткан, айрыкча бактылуу учурурунарды күзөтүп туруу. Анткени маалым эле ал күндөрдүн акыры бардыгы, сен да муну билчүүсүн . Мына бүгүн сен айткан учур келип, жардан кулап бараткан үчөөндүн биринди тандоо керек боло тургандай кысылып кетчүүмүн. Акыры барып ал ойлордон чарчадым, сени тандаарым мен үчүн анык эле, болгону баары бүткөндө эмне үчүн берилген сөзүмдүн үстүнөн чыга албаганымды кантип баяндап берүүнү ойлоодон чарчадым. Акыры ушул ой келди акылыма, эмне эгер балдар тандоону мага калтырбай өздөрү жасаса, каалагандарын менин кабарымсыз эле жүзөгө ашырышса, дедим. Себеби аларды бир гана учурда коргой албай турганмын, өздөрүнөн гана. Жана ал үчүн сенин алдында күнөөлүү да болмок эмесмин. Ошентип ал күндүн эртээрек эле келүүсүн кааладым. Бирок Кудай акы балдарымдын өлүмүн же жоголуусун каалаган эмесмин. Болгону сени кыйнаганын токтотушса дедим.
Аяна жолдошуна бет маңдай туруп ээгин бир аз көтөрүп жүзүнө тигиле карап, эриндерин бириктире көздөрү менен жылмайып алды.
-Ардагым, акылсызым! Ошол ой кантип акылына келди. Өз балдарынан да кыйналчуу беле эне. Кандай болсо да алар менин балдарым, мен аларды болгонундай кабыл алам, жараткан жоруктары үчүн кыпындай да кыйналбайм, тескерисинче ал түйшүк өзүнчө бакыт.
Данияр келинчегинин жашы толуп сыртка чыга албай турган көздөрүнөн өөп койду.
-Мен үчүн да, мен үчүн да ошондой Аянам. Муну мен эчаак эле түшүнгөм. Алардын башка жайды тандап, бизге кабар бербей кеткендерин да кабыл алдым. Ырас ушундай жакса жасай берсин дедим, баары бир алар менин балдарым. Жада калса тиги оорукчан доктордун айтканындай, жерди таштап башка ааламга көчүп кетишкен болсо да мейли, баары бир мен аларды күтөмүн, кайтып келсе төбөм көккө жете кубанам, эмне жасаса да кабыл алам.
-Андай болсо,... деген Аяна жаш балача кубанып, жана эле жашылданып турган көздөрү кулмундой түшүп, -Жүрү деп жолдошунун колдорунан ала экинчи кабатка жетелеп жөнөдү. Уктоочу бөлмөгө кирип үстөлдүн үстүндө көптөн бери иштетилбей турган компьютерин алып Даниярга суна,
-Жаз! деди. Оюңа эмне келип жатса баарын жаз. Мен да жазам. Балдарга жөнөтөбуз.
Данияр компьютерди дароо колуна ала албай туруп калды. Ал күтпөсө керек мынчалык тез болоорун. Эркек киши аялдардан айырмаланып оюндагысын бат кыймылга келтире албайт эмеспи.
-Макул мен биринчи деди да жолдошун күтүп отурбай керебетке отуруп өзү жаза баштады Аяна.
"Карасан муну" дейт Данияр келинчегине карап туруп. "Эмнеге аялдардын каалоосу бат орундалат десе, көрсө алар өздөрү каалаган нерсеси аткарылышына ишене алышат тура. А менчи? Мен, боло турган эмес болуп өткөн нерсеге да ишенүүм кыйын. Баарын талдап, далилдеп отуруп да аягына чыга албайм. А булар аягынан башташат, жакшы аякталышына көзү жетсе гана эмнеден баштоону ойдонушат." Ал ушинтип ойлонуп бүткөнчө Аяна катын жазып бүтүп калды.
-Мен бүттүм, кезек сеники.
Данияр эми кыймылга келип компьютерди колуна алганы менен жазууга сөз таппай отуруп калды. Эмнеден баштаса экен. "Силерди сагындык" деп жазып кайра өчүрүп салды, алар муну ансыз да билет. "Кайда болсоңор да аман болгула" деп жазганына көпкө тиктеп отуруп аны да өчүрүп салды. Деги бир жарытылуу сөз келсечи акылына. "Жаш балага жазгандай жазуу керекпи же чоң адамга кайрылгандайбы. Деги азыр алар кандай болуп калышты экен, чындап эле башка ааламга чыгып кетишкен болушсачы, анда биз жазган катты окуй алышабы? А эгер аларга жетип барбасачы, анда кат жазуунун не кереги бар. Карасан дагы баарын баштан аяк талдап баштады, талдоо жургузбостон жөн эле кыймылды баштай берсе кантмек. Эмнеге ал анте албайт."
-Сен ал тууралуу ойлонбо. деди Аяна, ал жанатан бери жолдошунун кыймылын күзөтүп отурган.
Данияр ага карап калды," кантип?" дегенсип.
-Баары бир биле албайсың алардын оюндагысын. Жакшысы өзүңдүн каалоонду аныктаганын жакшы, оюнду бир жайга топтогонго жардам берет. Башканын оюн антарам десең белгисиздикке гана туш болосуң.
Данияр ойлонуп калды. "Эмне себептен ал бир жолдо ийгилик жарата алса экинчи жолдо тайгаланып турат. Себеби ушул жөнөкөй гана нерседе экен го. Жумушта ал эмне жасоо керек экенин так даана биле алат, анткени Аяна айткандай башкалардын ою менен эмес өз каалоосу менен алек. Демек каалоо болсо гана ишеним болот экен да, башканын эмес өзүңдүн каалоон болгондо гана. А ишеним болбосо каалоон аткарылбайт. Мына ийгиликтин сыры. Үй бүлөөдө ошол өзүнө болгон ишеним жоктугу үчүн тайгаланып жаткан тура. Мунун да себеби бар, ал жакындарын жоготуп коюудан коркот. Анын эң бир күчтүү коркунучу жашоодо жалгыз калуу." Кокусунан чыга калган өзүнүн оюна таң калды Данияр.Ушул убакытка чейин муну өзүнүн коркунучу катары кабыл албаптыр. Жөн гана сүйгөн адамынан ажырагысы келбегендей түшүнчү, көрсө маселе андан да терең экен го. Жалгыздык коркунучу бар экенин сезбептир. "А эгер чын эле жалгыз калса эмне болот?..."
Аяна жолдошунун катуу ойго чомулуп кеткенин көрүп бөлмөдөн чыгып кетти, кедерги болуп аны оюнан ажыраткысы келбей.
А бирок Даниярдын ою ушул жерден узулмок баары бир, андан аркысын ойлоо анын кудуретинде эмес эле. Шашылыш тамгаларды терип жанатан бери жаза албай жаткан катын жаза баштады. Өзү күтпөгөндөй узак кат жазылды, сөздөрү куйкум уйкалышып. Мына сага, адам өзү күмөн санабаган күчкө, акылга ээ боло алат экен го керек учурда. Коркунучу менен акылында бет келбес үчүн көрүп жаткан аракети бул. Деги бардык эле ой биринчи акылда жаралып кийин ишке ашат эмеспи, ошол себеп андан качып жүрөт.
Жазылган эки катты Джозефтин эски өздөрү байланышып турчу электрондук почтасына жөнөтүп жиберип, бөлмөдөн чыга жөнөдү. Келинчегин издеп биринчи кабатка түшүп баратып, "Кызык, ушуну мен жасадымбы. Дайынсыз жок, өлүк тириги белгисиз адамга кат жолдодум ээ азыр эле" деп ойлонуп алды. Бул көрүнүштү башка адамдан укса аябай таң калмак, сенде адамдык ой жүгүртүү кайда деп. "Эгер Джозеф чындап өлгөн болсо ал кат ачылбайт, а эгер тирүү болсо да ал даректеги каттар эч качан каралбайт. Эмне ал бир катты ачам деп өзүн курмандыкка чалып бермек беле."
-Баары жакшы болот, деп тосуп алды аны келинчеги тепкич алдында.
-Бирок… Джозеф… баракчасы… Балдар катты окуй алышпайт да, деди Данияр оюн толук түшүндүрө албай.
-А сенде башка жолу бар беле?
-Жок... Бирок б-биз билебиз да ал каттар ачылбасын.
-Жок Данияр, биз билбейбиз. Биз эч нерсени билбейбиз. Болгону өз каалообузду аткарууга укугубуз бар. Мына азыр гана так ошондой жасадык. Сагынычыбызды тамгаларга айланттык, акыры эмне болоорун ойлонууга милдеттүү эмеспиз. Баса, бул акыркы жолкусу эмес, билбеймин качанга чейин, бирок мындан ары мен мурдакыдай ар күн аларга кат жазам.
Келинчегинин сөзүнөн кийин Данияр бир аз өзүнө келе түштү. "Демек Аянанын акылы тунук, курулай үмүт улабаган, болгону азыр ушуну каалап турса жасай берсин".
-Албетте асылым! Эмнеге болбосун. Аларды сагынганыбыз, көргүбүз келгени чын эмеспи, деп кучагына кысып маңдайынан жыттап койду.
Эскиден кат жазуу адаты гана кайтып келген болбосо, доктордун келиши алардын жашоосуна көп деле өзгөртүү киргизе алган жок. Жанагындай эле бактылуу күндөр, сүйүшкон түндөр өтүп жатты. Париждик күчүк да чоңоюп үй бүлөө мүчөсүндөй ар дайым алар менен бирге.
Аяна адаттагыдай эле эрте менен жолдошун жумушка узатып, эшик алдында күн нуруна бөлөнүп жаткан Кумарын эркелете бирге жүгүрүп ойноп болуп балдарына кат жазмакка отурган. Компьютер жанаары менен тыкылдап каттар келип түшө баштады. Жарнама болсо да бир сыйра баарын ачып карап көрөт, ким билет балким арасынан пайдалуу маалымат чыгып калаар. Чычканча менен каттарды жылдырып карап жатып арасынан белгисиз даректен келген катты көрүп калды. Кызыгы кат дароо ачыла калбай сыр сөздөрдү сурап көп аракеттен кийин гана экранга чыга келди бажырайган жазуулар.
"Ата, апа сиздерден келип жаткан каттарга убагында жооп бере албаганыбыз үчүн кечирим сурайбыз. Каттар чынында сиздерден келип жатканын жана аны күзөтүп турган эч ким жок экенин билгенден соң биз жолго аттандык, эртең түш ченде Бишкек аэропортуна түшөбуз. Эгер келбеген болсонуздар туура түшүнөбүз. Бизди тааный албай калсаңыздар да биз сиздерди тааныйбыз. Конуу убактысы 22-август 13:20" деген кыскача мазмундагы кат. Аяна ал катты кайра-кайра кайталап окуй берди. Көздөрү чын эле ушул жазууларды көрүп турганы чынбы же өзүнүн кыялында эле учуп жүрөбү. Адамдын акылы жалган менен чынды айырмалап биле албай калат эмеспи кээде. Бир нерсени көпкө кайталай берсе аны мээ болуп өткөндөй кабыл алып алаарын жакшы билет. Акыры шилетмени басып катты өзгөрүүсүз жолдошунун электрондук баракчасына жиберип, андан телефон келгенде гана ынанды. Окуган жазуулары чын экен. Муну балдары жазганы анык, аттарын жазбаганынын да бир себеби бардыр, бирок Аяна азыр ал тууралуу ойлоп олтурбады. Сааттын жебеси жаңы гана онду көргөзуп турганын көрсө да аябай шашылыш кыймылдап жатты. Кудум кечигип калып балдары артка кайтып кетип кала тургандай сезилет. Кийим тандоодо да балдарын эске алып кийинип жатты. "А балким аларга менин кандай кийимде бараарым такыр мааниге ээ эместир, балдарым өтө эле акылдуу да кийимге карагандай. Мен эмне деп турам алар акылдуу болсо эмне кийими жок жүрүшмөк беле. Канткен ченде да Альмирам чоң кыз болуп калган чыгаар, он төрт жаш. Оо Кудай кандай сонун курак. Бул куракта акылдуу эмес гений болуп кетсе да биринчи орунда сырткы келбет турат кыздарда. Амиримчи, ал да апасынын жаш болуусун кааласа керек. Тааный албасаныз дегени эмнеси, кантип эле өз балдарымды тааныбай калмак элем. Жүз жыл өтсө да билбейминби тегерек акылдуу кара көздөрдү." деп өзүнчө кыялданып алды. Жада калса Данияр менен биринчи жолугушууга чыкканда да мынчалык толкунданган эмес. Биринен сала экинчиси кунаарсыз болуп, кийимдеринин бири да балдарына татыксыздай көрүнөт. Балдарынын алдында акылсыз көрүнбөшу керек, муну да эске алып жатты. Тапты акыры жарактуусун, компания башкарып турган учурда кийип калчуу эркектердикине окшош кенен ак көйнөгү менен кара шымын сууруп чыкты. Канча ирет ыргытып жиберүүгө бел байлаган менен атасынын өзүн ушул кийимде көргөндө жадырап кетчүү көздөрүн элестеткенде кайра ордуна илип койчу. Азыр болсо күзгүдөн өзүнө карап туруп атасына ыраазы болуп кетти, ошол себеп бул кийимдер сакталып турат алиге чейин. Чупурок адамдын көркү дегени чын белем, жүзү дароо акылдуу боло түшкөнсүдү Аянанын. Өзүнүн келбетине ыраазы болгон соң ашыгып үйдөн чыгып баратып эшик алдында ойноп жаткан Кумарды көрүп токтоп калды. Аны да алып алсабы, келгенден бери аны жалгыз калтыра элек эмеспи үйдө. Бирок балдарынын кичине кезиндеги күчүк менен болгон окуясын эстеп денеси жыйрыла түштү. Жок эми андайга жол бербейт, Кумарын өтө жакшы көрөт. Ушуларды ойлоп күчүкту үйдө эле калтырууну чечип унаага отуруп чыгып кетти....
Уландысы эртең. -
Темасы: Өз каалооңдон корк.
Жазылган күн: 26 Фев 2021
Кечинде Далластан Нью-Йоркко конуп андан ары Алматыга карай сапар тартышты. Учактан учакка которулуп отуруп толук жыйырма төрт саат өткөндө Бишкекке жетип келишкен, бирок убакыттын айрымачылыгы менен Бишкекте бир күн эмес бир жарым күн өтүп шейшемби күндүн таны атып жаткан эле. Учактан түшүп баратып, арада жашабай эле өз жашоосунан он эки саатты жоготуп койгонун ойлоп кыжаалаттана кетти Данияр. Мындай жашалбай текке кеткен убакыттын канчасын эстесин…
Бирок бул жалгыз жагымсыз кабар эмес болчу. Баарынан өкүнүчтүүсу аларды Аянанын атасынын үйүндө тигилген боз үй күтүп турган экен. Дарбазадан кирип эле Данияр жубайын кучагына бек кыса кучактап,
-Аянам эсинде болсун, бул жаратылыш мыйзамы. Ырас келгенден кийин, кетмек бар ар бирибиздин башыбызда. Күйөсүн азыр өкүттүн жалынында, суранам ачуу үстүндө эч бир жанды эч бир күндү каргаба, күнөөлөбө. Азыр баары сенден көз каранды, тирүүлөрдүн жүрөгүн өйбө, унутпа алардан да бир күн ажыралмак бар, мына ушул тапта аларды сүй. Сен күчтүүсүн, а мен ар дайым жанындамын! Деп сүйлөп жатты кулагына шыбырап.
Бирок өзү да билбейт эмне болуп жатканын, акылында гана кайын атасынан ажырагандарын түшүнүп турат. Ал эми Аяна болсо эмне болуп кеткенин ойлоноордон алдын эбегейсиз күч жыйнап алды жолдошунун сөздөрүнөн. Боз үйдүн оозунда тикесинен тик турган агасына карап зээни кейип кетти. "Атамдын аргымагы! Көңдөй булуттун көлөкөсүндө жаркыраган нурунду бир көргөзө албай кала бердинби. Билем сени бул нерселер эч качан кызыктырбаган. Мендей аппак тунук булутка суктанган атам сенин асман экенинди билбей кетти" деп жалооруй тиктеп андан ары өтүп, боз үйдүн ичинде отурган апасына жетти. Азыр чоң апаат башталчуудай тегеректеп келген аялдардын таң калуусуна карай Аяна өзүн өтө токтоо кармап жатты.
-Апа атамдын көрөөр күнү бүттүбу ушуну менен?
-Кызым, кагылайын каралдым, жалынам карман! Атаңдын тынчтыгын сактоого милдеттүүбуз! деди апасы да кызынан кабатыр тарта. Апасы өзү абдан кайраттуу аял, бирок жан жолдошун жоготуу ага өтө эле оор болуп турду. Ошентсе да энелигин унутпай, бар көңүлүн кызына жумшап жатат. Атасы кызы үчүн жанын курман кылчуудай эле да, ошондой эле болбодубу, кызынын тарта турган кайгысын элестетип жүрөгүнө сыйдыра албай жанын тапшырып берип салбадыбы ээсине. Эми Аянасынын атасы үчүн тарта турган кайгысын элестете албай тыбырчылап жатпайбы эне.
-Мен мындай болушун ойлогон эмесмин апа. Атамдан айрылаар күндү элестетип да көрбөпмүн, деди Аяна боз үйдү айландыра карап.
Ал атасынын сөөгүн издеп жатканын түшүндү тегеректегилер.
-Жерге тапшырдык. Жер кучагына батыра алаган инсан бактылуу инсан, дешип туруп калышты.
-Качан?
-Бүгүн эрте менен, силердин качан келишинерди билбедик кызым, деди апасы күнөөлүүдөй.
-Апа бирок биз жалгыз эмеспиз ээ. Апа биз бири бирибизде барбыз. Атам биздин жашашыбызды каалайт, биз жашайбыз ээ апа, деген Аяна жашылданган көздөрүн апасынын көздөрүнө такап аянычтуу сүйлөп жатты, кудум апасы аны жок деп кагып сала тургандай суранып .
Апасы анын эмне дегиси келгенин түшүндү. "Атаны курган кызым ай, кайын атасы менен энесинин катар кеткенин көрүп коркуп калган го" деп алды.
-Келе, бери келчи, деп колдорун созо кызын кучактап калды. - Жан кызым, мен сенин жанындамын, сени жалгыздатып койбоймун. Атаң сени мага табыштады, атаңдын аманатын аткарбай кетпеймин кызым. Азыр болсо ыйла кызым, көздөрүндө топтолгон жашты чыгар, жүрөгүңдү бошот.
Ушинтип күйүтко толгон эки жүрөк бири бирине даба болуп турушту.
Аяна өзүн бат колго алганы менен мурункусунан такыр башкача болуп өзгөрүп кетти. Атасынын ишенген кыйын, боорукер кызынан, кайдыгер жашоого салкын караган адамга айланды. Баардык нерсени сырттан караганга өттү, эч бир жумушту берилип ичине кирип жасабай калды. Жада калса жолдошу да кызык болбой калгандай.
-Аяна асылым, балким жумушка кайтаарсын. Эсинде барбы сен атамдын ишенген кызысын, ал киши баарын сага ишенип тапшырган, деди бир күн Данияр жубайын жашоого кайтаруу аракетин көрүп.
-Жок! деген кыска жооптон кийин бир аз туруп сөзүн улап,
- Мен күчтүү эмесмин. Атам да муну билчүү. Болгону ал мен анын көзүндө күчтүү көрүнгүм келгенин билип, ага мүмкүнчүлүк түзүп берчүү. Эми андай кылуума зарылчылык да жок, деди.
-Кандайча? Атам компанияны сага ишенип тапшырды. Ал ишеничти сыртка кагып коё албайсың. Сен күчтүү инсандын тукумусун, демек башкача болууга акын да жок. Күчтүү болушун шарт.
Аяна жолдошуна жалооруй боорукер көздөрү менен карап жүзүнөн сылады.
-Биз окшошпуз Данияр. Сен менен мен. Экөөбүз тең өзүбүздү тааныбайбыз. Биз аталарарыбызды өзүбүздөн көбүрөөк жакшы көргөнбүз. Алар эмнени кааласа ал биздин каалоо деп билгенбиз. Кандай өкүнүчтүү ээ балдарыбыз бизге окшобой калганы. Бирок алар менин каалоомду толук орундатышты. Эч кимден көз карандысыз өз ойлоруна гана баш ийген балдарым болуусун каалоочумун.
Сүйлөп бүтүп эриндерин чурчуйтуп бир учуна кыйшайтып койду.
Данияр келинчегин угуп, жашоого тан берип отурду. Карасан бир өмүр жашасан да аялды билип бүтпөйсүн дегени ушул тура. Жан дүйнөсү толо, эрктүү, жашоодон эмне каалаганын даана билет деп ойлоп жүргөн Аянасы атасынын кубанычы үчүн өзүн курмандыкка салып, өзүн жоготуп таба албай жүрөт деп миң уктаса түшүнө кирбес эле. Ал эле эмес Даниярдын ички туйгусун да эчаак эле билип болгон тура. "Кыязы эркектер аялдар үчүн ачылган барак болсо керек" деп ойлонуп кетти.
Даниярдын унчукпаганынан улам өзү менен толук макул деп түшүндү Аяна, башкача болушу да мүмкүнбү, баары ташка тамга баскандай ачык көрүнүп турганда.
-Мен агама суктанам, кудум атам ага суктангандай. Ал мен сыңары тагдырга тапшырма берип аны өзү аткарып кыйналбайт, тескерисинче өзүнө коюлган тапшырманы тагдырга табыштап коёт. Компанияга келсек, атам аны сага тапшырды мага эмес. Атамды кичине дагы билген болсом, ал балдарынын каалоосун түшүнүп биле алат болчу. Менин каалоом башкаруу эмес күчтүү көрүнүү экенин билген, ошол өзүм ойлоп таап алган күчтүн алдында куурап баратканымды да сезип үстүмдөгү жүктү алып салуу үчүн жанын үрөп журбодубу. Компанияны сага тапшырып мени женилдетем деген тилегин сен түшүнбөй койбодунбу. Өзү башында турган жайда мен толук көз карандысыз боло албашымды түшүндү байкушум. А сен башкасын, атам өзүнө караганда сени мага жакын көрдү. Экөөбүздү биригип иштей алат деди. Ким билет, дагы эмнелерди ойлоп жашады, кандай ойлор анын мээсин жеп жатты. Эмне болсо да акыры ал ойлор атамдын түбүнө жетти, деп ойлонуп отуруп калды.
-Эч батынба, өзүңдү күнөөлөгө батынба!
дей салды Данияр жубайынын колдорун кармап. Ал коркуп кеткен, Аяна дагы өзүн күнөөлөп жаткан экен деп.
-Жоок. Антпейм. Балким чын эле күнөөлүүдүрмүн, бирок ал тууралуу ойлонбойм. Ойлонгондо эле маселе чечиле коймок беле. Болгону мен эми ал жумушка баргым келбейт. Мен эми жашоонун агымы менен аккым келет, деди колдорун тартып алып жайбаракат басып, терезеден сыртка тигиле карап.
Кызык жубайынын ушул турушу кыжырдантпай эле тескерисинче аябай жагып турду Даниярга. Балким ал кайдыгерликке берилбей эле эми чыныгы өзүнө кайтып жаткандыр, жан дүйнөсүнүн күчүнө таянып. Кана эле өзү да ошондой боло алса. Жашоонун агымы менен аккым келет деген күндө эле кайдыгерликке берилип кетип жатпайбы. А балким Данияр тескерисинче жашоонун агымына каршы чабак уруп жаткандыр. Тагдыр аны аракетке түртүп жатса андан качып көлөкөгө бекинип. Эркекти жашоого эмес жубайына суктануу үчүн жараткан болсочу. Жаратылышка суктануу, жашоого баа берүү аялдардын иши болуп жүрбөсүн. Эркеги ал жашоону кооздоо менен алек болуусу керектир. Ырас айланага аялдын жан дүйнөсү аркылуу көз сала турган болсо биринчи ал жайдын кооз болушун камсыз кылуусу зарыл.
Данияр өз ойлорунан бактылуу боло түштү, кудум бала чагында атасы айткан оор табышмактын жандырмагын таба алгандагыдай. Башкалар эмне десе десин эми ал жубайынын жан дүйнөсү менен гана алек болот. Бардык аракети бир гана ал жайдын кооз жана тынч болуусу үчүн жумшалат. Эң башкысы ал эмнеден баштоо керектигин билет. Өзүнөн. А өзү болсо бир тайпаны алдыга сүйрөгөндон эч кимди алдыга салдырбайт, себеби бул анын колунан келет. Адамдарды жашоого үйрөтө албаганы менен жумушка шыктандыруу жагынан күчтүү, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, адамдарга ишенич берүү анын негизги өзгөчөлүгү. Муну өзүнүн атасы гана эмес кайын атасы да жакшы билишкен болушса керек. Антпесе көрөгөч адамдар анын колунан келбей турган жүктү артып кетишмек эмес.
Ошол күндөн тартып Данияр компанияны толук өзүнүн көзөмөлүно алды. Анын кандай тездикте жылып алдыга карай бара жатканын, жумушчуларынын кубанычын, эң негизгиси өзүнүн аракетинен жанган кумарлуу көздөрүн көрүп туруу жакындары үчүн бакыт эле. Кызыгы Данияр жубайынын эмес, тескерисинче Аяна толугу менен жолдошунун жашоосуна сүңгуп кеткендей. Ал кайда барса жанында коштоп жүрөт, эмне жасаса жактырат. Ал эми анын жайнаган көздөрү жолдошун андан бетер жандандырат.
Бакыт деген башкада эмес ар кимдин өзүндө гана жайгашаарын түшүнүү үчүн ушунча жолду басып өтүү керек беле. Башканы бакыт алуу үчүн издеп эмес, өзүндө толуп ташкан бакытты бөлүшүү үчүн издөө туура көрүнөт. Аянага да ошондой учур келип жетти.
-Ардагым, мен өзүмдүн бактымды дүйнө менен бөлүшкүм келет. Ким болбосун бул бакыттын даамын татууга акылуу. Сенин мага болгон сүйүүндү, менин жашоодон алган жыргалымды ар бирине тартуулагым келет. Мейли ал жандуу болсун, мейли жансыз болсун. Сен кучагына бек кысып кулагыма куйган күндөн тарта мен жашоомдо бардын баарын сүйөм, жашоону барындай кабылдайм. Бир гана тилегим ал да мени барымдай кабылдай алсын, деди Аяна Париждеги сапарында, атактуу Эйфелева мунарасынын алдында туруп.
-Анын көздөрү кара тептегерек, сары өңдүү, кипкичине төрт аяктуу, деп кошумчалады Данияр, жубайынын далысына түшкөн чачтарын жыйып бир капталына таштап жатып.
-Ысымы?
Аянанын кумарлуу чыккан үнү жолдошунун бүт денесин кытыгылап жиберди. Узун ичке мойнунун чачтардан арылып ачык калган тарабын жыттап жатып өзүнүн кай жерде турганын да унута жаздады. "Бейиштемин" деди оюнда. Эгер жубайынын кайталап берилген суроосу оюн бөлбөгөндө , бейиштин толук сүрөтүн сызмак кыялында.
-Кумар… Ысымы Кумар, дегенче келинчегинин назик колдорунан жетелеп кете берди…
"Кызык ээ, алар азыр гана эмес ар дайым, биринчи көргөн күндөн тарта бири бирин сүйө турган. Ойлорун да айттырбай түшүнө алышчуу. Бирок ар бир сүйлөшүүсу тартыш менен коштолчуу эмес беле. Көрсө суйушкондор сүйүүсүн ошентип далилдейт деп түшүнүп алышса керек, "Мен сени сүйөм, баарын сен үчүн жасайм. Сен ошону кабыл ал" дешип сүйүүсүн милдет кылып жүрүшкөн көрүнөт. Ар бири өзү үчүн жашап, жасагандары, жада калса сүйүүлөру дагы өзү үчүн гана экенин түшүнүшкөндө башталды алардын талашсыз махабаты. Азыр алар үчүн эч бир кыйынчылык оор эмес." Данияр ушинтип ойлоп жатты, уктап жаткан келинчегинин чыккан ысык деминен ырахат ала. Дагы кандай ырахат тартууласа экен. Эмне кылса да аздык кылат го. Ал жашоону бүтүндөй өзүнө сиңирип анан ошол жан дүйнөсүн толугу менен жолдошуна арнап жатпайбы. "Бакыт деген ар бурулушта күтүп турат, аны кубаласан жетпейсин, жакшысы аны чакыруу керек" деген ой келип ордунан ылдам туруп компьютерин жандырып отура кетти. Парижде ушул учурда сатылып жаткан күчүктөрдүн тизмегин караса көздөрү жайнайт. Биринен бири өтүп жакшына, жагымдуу.
-Бул күчүк биздики болсун, деди Аяна соомойу менен сары жүндүү мурду ак кашка болуп кулактары тик турган вельш корги тукумундагы кичине күчүккө көргөзуп.
Данияр сүрөттөрго суктанып отуруп жанына келип калган келинчегин байкабай калган экен. Ага жылмайып карап койду.
-Жагымтай ээ.
Алар ошол мезгилде ойлонушкан да жок жаныбарды башка өлкөгө кантип алып чыгып кетүү жөнүндө. Күчүк аларды кумсарып күтүп тургандай туюлуп экөө шашыла ал турган жайга жетип келишкен. Карасан кызыкты, күчүк да алардын сүйүүсүнө сүйүү менен жооп берип Аянанын колунда энесине эркелегендей эркелеп жатты. Бакыт бар жерге баары тартылат өңдүү, жаныбар болсо да бакыттын даамын сезип тургандай.
Болуп жаткан окуянын баары алар ойлогондой өтүп жатты. Чек арада жаралган кыйынчылыктар да жагымдуу туюлат негедир.
-Биз күчүктү бортко кое бере албайбыз, деди каттоодон өткөрүп жаткан француз кыз.
-Себеп? Бизде бардык тиешелүү кагаздар бар. Ага атайын орундук да алынган.
-Көрүп турам. Ошон үчүн айтып жатканым. Күчүккө адамдардын жайынан орундук алып бекер кылгансыз. Жаныбарлар үчүн арналган атайын жай бар, сиздин күчүгунуз ошол жайда кетет.
-Ырасбы? Бирок биздин күчүк өтө эле кичине да, биз менен бирге болгону жакшы. Балким бир амалы бардыр мадемуазель.
-Биздин борт эки бөлүктөн турат эмеспи. Алдыңкы сиздер отурган жай "бизнес класс'' деп аталып анда өзүнүн ынгайлыгы үчүн көп суммадагы акча коротуп чыпта сатып алгандар отурат. Сиз туура түшүнөсүз деп үмүттөном, ал адамдардын арасынан жаныбар менен бир жайда отургусу келбегендер чыкпай койбойт. Биз ар бир жүргүнчүнун ыңгайы үчүн кызмат кылышыбыз керек.
-Ошондо? деп кыйтыр жылмайып турду Данияр, каттоочу кыздын акылында бир ой бар экенин түшүнгөндөй.
-Ал эми экинчи бөлүкто адамдар көп деле бири бирине маани бере беришпейт, эгер чектен ашкан жорук болбосо эле. Алар эң жакшы түшүнүшөт, чыптага кетирген акчалары жөн гана каалаган жайына жетип алуу үчүн төлөнгөн, ыңгай үчүн эмес.
-Биз макул. Данияр Аянага бир карап алып шыр жооп берди. - болгону сиз бизге жардам берип, биз менен орун алмаша ала турган адамдарды таап берсеңиз сизден чоң жардам болоор эле.
Француз кыз сырдуу жылмайып койду. "Бул эч кандай кыйынчылык жаратпайт" дегендей.
Ал эми азыр жубайларга баары бир эле кандай жай болбосун жаңы тапкан кубанычтары жанында болсо болгону.
Мына эми алар үйүнө жетип, өзүнүн куйругун кубалап тегеренип ойноп жаткан күчүктү күзөтүп, өздөрүнүн жасаган аракеттерине ыраазы болуп турушту. Ушул көрүнүш үчүн алар дагы бир ирет чек арада болгон кыйынчылыктарды басып өтүп, кымбат баага алган чыптасын арзан жайга алмаштырып отуруп келүүгө даяр эле. Жада калса жашоосун кайра баштан жашап өтүүгө да кайыл болгондой турушат.
Бул көрүнүштү эч ким буза албай тургандай эле, бирок дарбазанын кагылышы аларды алаксытты. Кеч күүгүмдо ким болушу мүмкүн, алардын үйүнө чакырылбаган коноктор дээрлик келбей турган. Апасы болсо айтып келмек, башка эч кимди күтпөй эле турушкан. Ачпай койсо деле болмок, бирок атайын дарбаза алдына келип турган адамды кабыл албай кою туура эместей көрүндү Даниярга. Эгер ал муну билсе эч дарбазага жакындамак эместир, бирок эми кеч болгон эле. Бет маңдайында көздөрүн ала качып, баарлашууга уруксат сурап турган психологту көргөндө бир азга шал болуп туруп калды.
-Данияр, ким? деп келе калган Аяна да үнсүз катты.
-Мен баарын баяндап берүүгө милдеттүүмүн. Ал маалыматты эмне кыласыз өзүңүздүн жумушунуз.
Эгер келинчеги жанында жок болгондо доктордун бет маңдайынан дарбазаны жаап коймок, бирок Аянанын алдында анте албады. Канткен менен алар ата эне да, өз балдары тууралуу маалымат кантип кызыктарбасын.
-Кириңиз, деди ооз учунан, аны көрүүдөн кубанычта эмес экенин билдире.
Чоң бөлмөгө кирип айттырбай келген конокту жумшак эмерекке жайгаштырып өздөрү ага маңдай отуруп тыншап калышты. Бир аз ынгайсыздана түшкөн доктор эмнеден баштоону билбей утуру тамагын кыра берип,
-Алар тирүү, деди.
-Кайда? Данияр ага сүйлөгөнгө акыркы мүмкүнчүлүк берип жаткандай такай суроо узатты.
-Билбейм.
-Андай болсо сиз кабарлай турган деле маалымат жоктой. Себеби андай жоромол бизде да бар.
-А меники жоромол эмес!
Данияр денесин бир аз артка тарта берип каштарын чогулта карап калды. Бул анын таң калып жаткандагысы эле. Маалыматты кайдан алдын деп эмес, ушунча убакыттан соң кандайча муну бизге айтууга бел байладын деп.
-Алар кырсык болгон күнү учакта болушкан эмес, себеби андан бир апта алдын эле Чок Хиллден көчүп кетишкен экен, деп айтып болуп жубайлардын аракетине көз сала унчукпай калды. Алардан сөз чыкпаган соң кайрадан улап,
-Жакында ал балдардын ата энелеринен эки жуп көздөн кайып болду. Жакындарына көчүп кетип жаткандарын айтып кабарлашкан, бирок кайдалыгын маалымдашпаган. Жарым жыл өтсө да алардан эч бир кабар болбоду, жер жутуп кеткендей жок. Эң кызыгы алар экөө тең арыз жазуудан баш тарткан ата энелер болушчу, деди.
-Кандай арыз?
Данияр күмөндуу карап суроо узатты. "Сен кайдан билесиң арыз тууралуу" деген суроону ушундай сөздөргө алмаштырып.
Аяна жолдошуна бир карап алып сөзгө аралаша кетти.
-Балким алар элдерге аралшкысы келбей ушундай жасашкандыр. Түшүнсө болот, балдарын эстеткен ар бир элестен качып калыштары мүмкүн.
-Бир үй бүлөө эмес, экөө ээ? Бир убакта? Жок, мен андай ойлобойм. Алар жер түбүнө түшүп кеткендей жоголушту да калды. Жабык уюмдун адамдары болбогон соң, кадимки жараандар мындай кыла алышмак эмес, эгер бирөө жардам бербесе. Дүйнөлүк изилдоочуулорду туңгуюкка каптай ала турган күч аларда жок болчу.
-Токтой турунузчу доктор. Сиз кайдан жүрүп мынча маалымат билип жүрөсүз? Эмне үчүн учурунда бизге жолугуудан качтыныз? Эми мынтип жети жылдын жүзү болгондо бизге келип, буларды айтып турганынызды кандай түшүнүү керек, деди Данияр кыжырдана. Мындан ары өзүн кармап турууга күчү жетээр эмес.
-Мен абакта жаткан учурда сиздин атаныз келди мага, деп Аянага карап койду. Эгиздер тууралуу бар билгенимди айтып берүүмду суранып, сөзүмдү бир да бөлбөй угуп отуруп кеткен. Андан эки күн өтпөй мен боштондукка чыктым, жакшы коргозгучтор үчүн мөөнөтүнөн эрте бошотулдун дешти. Дарбазадан чыга берсем мени ал киши күтүп турган экен. "Сенин илимине ишенем, Джозефтин кыймылдарын тактап анын оюн биле алаарына көзүм жетет. Кайсы жолду туура десең ошону жаса, кандай болбосун Джозеф менин неберелериме кийлигише албай тургандай кыл." деди. Мен дароо эле Техаска жетип баарын изилдей баштадым, акча жагын атаныз каржылап турду. Чок Хиллде жашап жаткан балдардын ата энелерине да жеттим, аларсыз мен бир да кадам жасоого укугум жок эле. Алардын көпчүлүгүнө Джозефтин акыркы кадамдары жакпай турган экен, балдарына толук ээ болуп алганы кыжырларын кайнатып эмне аракет жасаарына билбей турушкан мезгил болчу. Биригип арыз жазып маалымат булактарын бүт ээлеп алдык, эми тиешелүү мекемелер кыймылга келүүгө аргасыз болушту. Джозефтин кумдай сапырылышына аз калганда тигиндей кырсык болуп баары жапырт өчтү. Атанызга бул кат оор келээрин түшүнсөм да жөнөтүүгө аргасыз болчумун. Ал киши чоң үмүттөр менен жакшы жыйынтык күтүп жаткан эле, тескерисинче болуп калуусуна даяр эмес экен эч. Мен балдар тирүү деп айтууга да жетишпей калдым. Бул маалыматка биринчи укканда эле ишенген эмесмин, бирок далилим жок эле. Ошол күндөн бери бир күн да тынган жокмун, менин жашоодон максатым балдарды табуу болуп калды. Жашырганда эмне, аларды тапсам дароо жок кылам баарын деп ойлоп жүрдүм башында. Себеби жер жүзүн жок кылышабы деген коркунуч бар эле. Ошон үчүн сиздерден качтым, жылуу жузунуздорду көргөндө оюмдан кайтып кетемби деп корктум. Башка баласын жоготкон ата энелер да баары акчалуу адамдар, алар мени каржылап турушту, менин түпкү оюмду билген жок алар албетте. Бирок мынтип арадан жети жыл өтсө жер огу өз нугунда айланып турганына караганда мен жаңылышканга окшойм. Алар жерден башка жайды тандап алшышканга окшойт.
-Эмне?
Жубайлар жарыша сүйлөп мойнуларын алдыга созо беришти…
Уландысы бар. -
Темасы: Өз каалооңдон корк.
Жазылган күн: 23 Фев 2021
Алар баарын жашыруун жасашты, Аянанын мындан кабар табуусун экөө тең каалашкан жок. Данияр банкрот жарыялап компаниядагы үлүшүн арзанга гана баалап саткан болуп, ал эми кайын атасы колдоо көрсөтүп компаниясын толук анын наамына өткөрүп берди.
Муну сырттан көргөн эл Даниярдын куулугун, кайын атасынын жөнөкөйлүгүн сөз кылып бүтпөй жатышты.
-Акыры жетти эңсегенине.
-Ошону айтпайсынбы. Баса анын эгиз балдары бар эмес беле, аларды эч көргөзбөйт.
-Ким билет дейсиң. Аларын да эмитен узактарда окутуп акча тапканга үйрөтүп жатса керек. Даниярды да убагында атасы көп убакыт узакта кармап журбоду беле. Ошол Америкасынан үйрөнүп келген болсо керек адамдын ишенимине кирип байлыгын тартып алганды.
-Ооба десең. Тиги кишинин өзүнүн уулу бар эле ээ болбосо. Кыйын Данияр, анын эң талдуу жеринен кармаса керек. Ал киши да кызык, кызын көбүрөөк жакшы көрөт өңдүү уулуна караганда. Байкуш баласы кандай абалда калды экен, алжыган атасы баарын күйөө баласына кармата салганда, дешип кубур шыбыр кеп кылып жатышты.
Компанияны баштагыдай эле Аянанын башкаруусунда калтырганда ал ансайын ушактар көбүруп болбой эле калды.
-Жок дегенде келинчегин жөн койсо боло. Байлыгын тартып алганы аз келгенсип кызын кулдукка жалдап алгандай жатып алып жыргайын деген го Данияр, десе бири, экинчиси:
-Жөн тур, ошол жубайы берсин Даниярдын сазайын. Аял болсо да мээлуу көрүнөт, жөн эле атасынын байлыгын кармата салбас, дешет.
Кулагы чала калган сөздөргө терикпеди Аяна, ким эмне дебесин ал жолдошун жакшы билет. Тескерисинче бул сөздөр ага жетип барбасын деп ар кандай аракеттерди көрүп жүрөт. Даниярдын өзү компанияны башкаргысы келбегенин тартынып жатат деп жоромолдоп ар ыкманы колдонуп анын кожоюн экенин сездирип жатты. Ар күн келип кадимкидей жумуштун жыйынтыгын баяндап берет. Данияр болсо Аяна көтөрүп келген кагаздарга кол койгону гана болбосо башка аралашпай эле турду жумушка. Эми экөө орун алмашып калгандай, келинчеги жумушка алаксып Данияр болсо сырттан жашынып алып балдарынын кайгысын тартып жаткандай. Аяна канча аракет кылбасын жыйынтык чыкпай, жолдошун жумушка тарта албай койду.
Данияр бул нерсенин баары бир гана Аяна үчүн жасалганын кантип айтат өзүнө. Компания ага керек болбогонун, эч качан өзүн ал жайда кожоюн сезе албастыгын түшүндүрүп да олтурбады, жөн гана четтеп, унчукпай кутулду.
Аяна бар күчүн жумшап компанияны алдыга сүйрөп, бирок бир аз тажрыйбанын жоктугунан кээ жерлерде аксап жатканын көрүп турса да көрмөксонго салды Данияр. Келинчегине өзүнө караганда да катуураак ишенет, ал баарын өз жолуна салаарына көзү жетип, аралашууга акысы жоктой туйду өзүн.
Чынында аял киши өжөр болот экен көздөгөн максатына жетүүдө. Күтүлгөндой эле компания күндөн күнгө өсүп отуруп Орто Азияда алдынкылардан болууга жетишти. Аяна кадимкисиндей кулпуруп жүзү жайдары көрүнгөнү менен ою бир да мүнөт балдарынан алыстаган жок. Күйөөсү менен бирге баттан аларга каттап тура албаса да кат алышканын токтоткон жок. Абал өзгөрүп кетпесине көзү жеткен менен үмүт оту жанып кетет Данияр ар бир сапардан кайтып үйгө кирип келе жатканда, кудум балдарын жетелеп кирип келе тургандай. Анан өзү мурункудай балдары менен алек болуп жолдошу жумушка кайтчуудай болот. Даниярдын учурдагы сапарга камынып жатканын көрүп өзү да бирге барып келүүнү чечти. Ойлоп көрсө жарым жылдан бери көрө элек экен балдарын.
Балким бул жолу дайымкыдан да катуу көңүлү ооруп кайтаарын билсе бармак эмес беле, ким билет. Эңсеп самап, сагынып келсе балдары жанагындай эле муздак, ал тургай күмөндуу да туюлду. Атасына жакшы сүйлөгөндөру менен апасынын батыраак кетишин талап кылгандай түрлөрү бар эле, жүздөру да бир аз өзгөрө түшкөндөй, чоң адамдай чарчанкы көрүнүштү. Доктордон кайра-кайра кайталап сурап ден соолуктары жайында экенин укса да көңүлү тынчыбай кетти. Башка эмне кылмак, жок дегенде бир күн алардын жанында калууну каалады эле балдары жактыра беришпеди, Даниярга караса ал да үнсүз. Кыязы балдарына жакын болуу үчүн эч качан аларга каршы чыкпай турган жолду тандап алса керек. Чынында эле ошондой болчу. Данияр да балдарынын өзгөрүп баратканын байкабай койгон эмес, бирок бул тууралуу балдарына да жубайына да ооз ачпаган эле. Өзү түшүнө албаган нерсени башкага кантип түшүндүрмөк. Балдарыныкы маалым, бир нерсе айта турган болсо атасын билимсиздик менен айыпташат, мындай жол менен аларды алыстатып алууну каалабаган. Келинчегинин көңүлүн кайдагы божомолдор менен оорутуп, жашап жаткан жашоосунан алаксыткысы келбеген. Аяна бирге барам дегенде бир алдын чочулаганы менен кайра өзү күбө болуп кайтсын деп тынчтанып калган эле. Жакшы кылган экен, эми түшүндүрүү үчүн ыңгайлуу убак, көп сөз издеп отурбайт. Баары бир маалым боло турган нерсени жашырып болмок беле. Бир гана эч нерсени өзгөртө албастыгы зээнин кейитип турду. Эмне болсо да мезгилди күзөтүп тургандан башка арга жок. Азыр мекенге кайтат, кайра аз күндөн кийин мында келет кандай өзгөрүү болуп кетти экен деген коркунуч менен. Ушундай үч бурчтук жашоо качанга чейин уланаарын да билбейт, чыгып кетүүгө жол издеп далалаттанганы менен майнап жок. Ушундай санаалар менен Манас аэропортуна жаңы конгон учактан түшүп келе жатты.
-Данияр сен үйгө бар, мен апамдыкында болоюнчу бүгүн, деди Аяна аңгыча анын оюн бузуп.
Ундобостон кайдыгер гана баш ийкеп койду Данияр. Барсан бар, мен да жалгыз калгым келип турат дегенсип. Бул көрүнүшкө Аянанын каңырыгы тутоп кетти, алар качан мынчалык узакташып кетишти эле. "Экөө кандай гана жолдорду басып өтүшподу, келип-келип бир болбогон ийгиликсиздиктин айынан ушинтип калышмакпы. Же Данияр өзүн анын алдында ыңгайсыз сезип жүрөбү. Балким атасынын жардамы, аялынын ийгилиги аны кемсинтип жаткандыр, ушак кептерге чычалап жүрөбү." дегенче үйүнө да жетип келди. Босогодон тосуп чыккан апасын көрөөр замат кармана албай көз жашын төгө берди. Өпкө өпкөсуно батпай ыйлап жаткан кызын көргөн атасы ага жакын келе албай бир ордунда катып тунжурап туруп калган. Аяна аны үйдө жок экен деп ойлогон, солокотун көрө сала чочуп кетти. Көздөрүн сүртүп өзүнө карай басып келип туруп калган кызын кучагына алып башынан сылай,
-Баары жакшы болот кызым, баары жакшы болот, деп эркелетип жатты атасы.
Эч ким, эч нерсе атанын кучагындай калкан боло албасын түшүнүп турду Аяна ушул тапта. Атасынын оозунан чыккан жөнөкөй эки ооз сөз аны кадимкидей жибитип жибергенсийт. Чын эле баары жакшы болооруна ишенип кетти. Ата энесинин үйүнөн көңүлүн жумшартып, апасынын кеңешин кулагына түйүп алып кечке калбай жолдошунун жанына кирип келди.
Данияр жубайын бүгүн күтпөгөн болчу, эмне болуп кетти дегендей таң кала тосуп алды.
-Сагындым, деди Аяна күйөөсүнүн суроолуу көздөрүнө карап кучагына башын жөлөй.
Мындай учурда эмне кылуу керек экенин эстен чыгарган немедей бир аз дендароо болуп турган Данияр акырын колдорун көтөрүп чачтарынан сылады.
-Мен дагы.
Сүйүү бар эле болсо жоголбойт экен, муздап калса да бат эле жылыйт тура. Бир эле көз ирмем жетиштүү болду экөөнө. Ал түн сүйүшкөн эки жубайдын түнү болду, көптөн бери унутта калган сүйүү сөздөрүн бир бирине арнап махабат ааламына сүңгуп баратышты.
-Ардагым сен бактылуусунбу? деди Аяна жолдошун кумарлуу жыттап.
-Албетте, сени менен мен ар дайым бактылуумун.
-Мен да, дейт ал ансайын Даниярдын уктап жаткан бакыт сезимдерин кытыгылай.
Ушул учурду жоготкусу келбеген Данияр бакыттан балкып жатып акылына бир ойду келтире калды. "Сен ар дайым ушундай болуп жүрүшүн үчүн эмне тоскоол болуп жатат? Ким?" кайра өз ойлорунан өзү чочулай кетти. "Чын эле ал өз балдарын күнөөлөп жатабы." Бирок эмнегедир бул оюнан уялбады, тескерисинче эркин ой жүгүртө алганына бир алдын кубанып да кетти. Антпесе акыркы учурда бардык эле адамдарды күмөндуу карай бере турган болгон, кудум анын оюн окуп жатышкандай сезилип. Азыр болсо жанында өзү тааныган сүйүктүүсү гана бар. "Кандай жакшы, жок дегенде ойлоруңда өзүң менен өзүң боло алганын" деп андан ары көптөн бери жашырынып жаткан ойлорун чекеден сууруп чыгып көз алдына элестете жыргап жатты.
Ушул бир түн эле жетпей жаткан экен Данияр өзүн толук кандуу сезип жашашы үчүн. Жашоосу толуктангандай, жоготконун тапкандай эркин дем алып жашаганга аракет кылат. Бирок эмнегедир жүрөгү опкоолжуп жамандыктан кабар берип тургандай болуп туруп алды. Аянада да ушундай эле. Баштагыдай балдары ар күн кат жолдобой калган, аптасына бир же эки жолу гана жөнөтүшөт кыска гана баары жакшы экенин кабарлашып. Бара-бара ал каттар да сейрек келе баштады. Ошентсе да Аяна ар күн кат жазат, атасы экөө аларды кандай сагынганын, ар дайым күтүшөөрүн алардын орду ар дайым жүрөгүндө экенин баяндап берет. Акыркы көрүп келгенден кийин да кат алышып жүргөн, эки ай өтүп калганда балдарынан учурдагы кат келди Аянага.
"Биздин биологиялык ата энебизге" деп башталыптыр . " Өз клеткаларыныз менен бөлүшүп, бизди тандап, утурумдук жайда сактап бизге жашоо бергениниздер үчүн ыраазыбыз. Жана ар дайым бизди күтөөрүнүздөрдү билебиз. Биз өз тандообузду жасадык." деген кыска гана жазуу эле. Даниярга ар дайымкыдай эле көрүнгөнү менен Аянага каттын нускасы жага бербеди.
-Эмнеси жакпай турат Аяна? Алар дайымкыдай эле өздөрүнө гана түшүнүктүү болгон сөздөр менен жазыптыр. Мен эч кандай өзгөчөлүк деле көрбөй турам, деди Данияр кыжырданганы же корккону белгисиз дирилдеп.
-Алар кандай тандоо жасашы мүмкүн.
-Эсинден чыктыбы, биздин балдар эчаак эле тандоосун жасап бизден алыс кетишкен.
-Ошентсе да жүрөгүм жайында эмес. Төрт жылдан кийин ошол жасагандарын баяндап жазат деп ойлобойм. Эмне эгер алар жашаган жайын которуп кетишсе. Биз менен көрүшүүнү такыр каалашпаса, деди Аяна шаштысы кетип корккон түрү менен.
Данияр кайрадан компьютерге үңүлдү.
-А балким тескерисинче үйгө кайтып келе жатышкан болсочу.
-Жоок, деди Аяна башын чайкай.
-Эмнеге? Болушу толук мүмкүн. Карасан "бизди күтөөрүнүздөрду үбилебиз" деген тура.
-Данияр жок! Алар бизди тандабайт. Акыркы көрүшүүдө менден өздөрүн узак тутушкан. Сезип турам аларга бир деме болду. Биз тез аранын ичинде анда барышыбыз керек.
-Макул, сен алаксыба маанилүү сүйлөшүүлөр бар деп жаткансын, жумушун менен алек бол, мен кийинки апта барып кайтамын, деди Данияр келинчегин жоошуута.
-Жок, биз бирге, азыр жөнөйбуз.
Бул ирет Данияр келинчегине каршы сөз суйлободу, анткени өзүнүн да көңүлү жайында эмес. Бирок канча издеген менен жакынкы арада АКШга Бишкек, Алматы шаарларынан уча турган учак жок, Берлин аркылуу гана, болгондо да бир күндөн кийинкиге араң табылды чыпта.
Алар түндү араң өткөрүп жолго камынып жатышканда Аянанын үйүнөн кабар келди, атасы оорудан жыгылыптыр деген. Баарын жыйыштыра анда жүгүрүштү.
Атасы чын эле оор абалда экен, кыймылсыз көзү гана кыймылдап кире бериштеги жумшак эмеректе жатат, жанында өткөнкү дарыгери турат куйполоктоп. Данияр кирип келээри менен кайын атасы көздөрүн чоң ачып бир нерсе айткысы келгендей ымдап калды. Же бир түшүнө алсачы кайын атасынын эмне айткысы келгенин. Бир убакта аларга карап турган дарыгер үстөлдүн үстүндөгү компьютерди көргөзө калды эле байкуш ата көздөрүн ирмеп жиберди. Дарыгер Даниярга карап.
-Менимче сизди муну кара деп жатат, деди.
Данияр шаша компьютерин алып, үч ирет аракет жасап сыр сөзүн таап ача алды. "Амир Альмира" деп неберелеринин ысымдарын коюп алыптыр сыр сөзүнө.
Компьютер жанаары менен электрондук почтасы чыга келди экранга . Кыязы аны жапканга улгурбой калса керек. Анда бажырайып латын тамгаларындагы жазуулар турат, башында "АКШ бүгүн" деген Кошмо штаттын таанымал гезитинин аты. Демек ошол гезиттен алынган макала. Даниярдын экрандагы жазууларга көз чаптырып окуп жатып денеси жыйрыла түштү. "Дүйнө жүзүнө белгилүү болгон, көп ачылыштардын үстүндө иштеп жаткан медицина илимдеринин доктору Джозеф Лир аттуу окумуштуу бара жаткан жеке Боинг797 улгусундогу учагы кече күнү тынч океандын үстүндө кырсыкка учурап сууга түшүп кеткен. Чоң учактын ичинде окумуштуу менен бирге дагы канча адам бар экени белгисиз жана кыйроонун себептери тууралуу азырынча эч кандай маалымат жок" деп баяндалыптыр. Ал кайра-кайра кайталап окуй берди. Аянанын чыдамы кете жолдошунун колундагы компьютерди өз колуна ала калып окуй баштады. Окуп болуп нес адамдай катты да калды, компьютер колунан түшүп кеткенин да байкаган жок. Апасы Аянага карай баса бергенде Данияр жерде жаткан компьютерге умтула берди, Кудай жалгап сынып кетпептир. Каттын кимден келгенин көргүсү келген, таң калычтуусу каттын өзүндө эмес аны жөнөткөн адамдын атында болуп чыга келди. Ал Даниярдын балдарын сактайм деп абакта жаткан психология илимдеринин докторунун атынан жонотулуптур. Мына кызык, ал абакта жатып мындай маалыматтарды алып берип жатканы кандай. Ал катты жаба сала башкаларын көрүүгө ашыкты эле бирок башка кат жок экен. "Бул биринчиси болбосо керек, демек баарын тазалап жүргөн", деп кайын атасына караса ал көздөрү жумулуу тирүүлуктүн дайынын билдирбей жатат, дарыгер жанында айланып жүрөт. Анын күзгү айнекти мурдуна такап буусун сүртүп жатканын көрүп тирүү экенин түшүндү. Компьютерди жайына коё сала артка бурулуп сыртка карай жөнөдү. Ар ким өзү менен болуп калган учур, андан кайда бараарын сураган адам болгон жок.
Данияр туура эле доктор жаткан абакка келген, бирок тилекке каршы издегенин таба алган жок. Доктордун бошоп кеткенине эки-үч жылдын жүзү болуп калганын угуп, илгерки эс тутуму боюнча анын жашаган жайына келди. Ал жерде да жок болуп чыкты доктор, батирин сатып жибергенине да эки-үч жылдын жүзү болуптур. Башка кай жерден издөөну да билбей башы катты. Болду болбоду ал Америкада болушу керек деген ой менен кайрадан жубайынын ата энесинин үйүнө жөнөдү. Ал келгенде кайын атасын ооруканага алып кетишкен экен, үйдө эч ким жок, баары аны менен бирге кетишсе керек. Кудай жалгап компьютер өз ордунда турат, дароо андан докторго кайын атасынын наамынан кат жазып бирок жооп ала албады.
Бир гана жол Далласка жетип баруу экенин түшүндү, маселе келинчегинде эле. Атасы оор абалда турганда анын ушул жерде калганы дурус деген чечим менен документин, учакка деген чыптасын алганы өз үйүнө кирип келе жатып Аянаны босогодон учуратты. Ал да колуна документин жана учакка алынган чыптаны көтөрүп чыгып бара жаткан экен. Келинчегинин жүзүнөн түшүндү, ал өзүнө тиешелүүсүн гана алганын. Бир азга карашып туруп ичкери кирип кетти Данияр. Аяна жолдошунун оюн билип, басып кетпей ошол ордунда күтүп турган эле. Экөө ишенимдүү кадам таштай жолго чыгып кетишти.
Ким билет дейсиң алар эмнелер ойлоп бара жатканын. Оорудан көзүн ачпай жаткан атасын ойлосунбу, түшүнүксүз кат жазган балдары эмне болуп жатканынбы, дайынсыз болуп жаткан Джозефтиби же абактан чыккан психолог кайдалыгын ойлоп баш катырышсынбы. Айтоор сансыз жообу жок гана суроолор акылдарында.
Данияр жаман ойлордон качмак түгүл чыңалып өзүн эң жаман жыйынтыктарга даярдап бара жатты. "Учакта Джозеф менен бирге менин балдарым да болушу мүмкүн беле? Толук мүмкүн. Кече жазылган каттын мааниси Аяна айтып жаткандай болсо, демек алар башка өздөрү тандаган жайга которулуп бара жатышкан болуулары мүмкүн эле. Кай тарапка бара жатышты экен ээ?" дейт кайрадан, "бирок ал эми мааниге ээ эмес да" деген болот. Кайра эле акылына балдарынын тандоосу кайсы жер болду экен деген ой келе берди. Тынч океанды курчап турган өлкөлөрдү бирден санап көрдү, өтө эле көп, дүйнөнүн жарымы эле кирип калгандай. Мынтип таба албашын түшүндү. "Балким ушундай болгону жакшыдыр…" деген акылсыз ой да келип өттү. "Ким билет алардын оюнда эмне бар болгонун . Жер огу өз нугунда айланганы дурус." деп алды өзүнүн оюн актап.
Бул учурда Аяна да ушундай эле ойго чомулуп бара жаткан. "Бул Джозефтин жазасыбы? Бирок анын жанында менин да балдарым болуп калышы мүмкүн. Анда эмне менин балдарым да жазаландыбы? Бирок алар бала да, эмне себептен жазаланат? Акыркы тандоосу үчүнбу? Кызык алар эмнени, кай жерди тандашты болушту экен эле". Аяна азыр балдарынын эсендигин эмес алардын тандоосу тууралуу ойлонуп баратканына таң калды бир алдын. "Мен эмне деп жатам. Алардын тандоосу эмес эсендиги маанилүү эмеспи азыр. Балдарым бар менен жоктун арасында турса мен алардын тандоосу тууралуу ойлонуп турганым кандай. Токтой турчу, алар төрөлгөндөн бери эле ушундай абалда жүргөн жокпузбу. Биз ар дайым эле бар менен жоктун ортосунда жашабадыкпы? ". Балдарынын туулгандан берки күндөрүн эстеп отуруп каңырыгы тутоп кетти. Анын Ариетинен кийин бош калган эне жүрөгү эч качан толбогон экен, төгүлгөн мээримин эч ким кабыл албаган тура. "Жетишет! " деди өзүнө буйрук бере, акылына келип турган ойлордон коркту кудум бирөө жөнөтүп жаткандай ал ойлорду. Жолдошун бир карап, ал билип коё тургандай андан уялып да кетти.
Экөө бир ойдун айланасында болгону менен ал тууралуу ооз ачуудан коркуп отурушту. Бири бирин аяшат.
-Кат доктордун наамынан жолдонгон, деди Данияр. Аянага кайрылганы же өзүнө айтканы белгисиз.
-Ооба.
Аяна да ошондой эле жооп берди алдын караган калыбында.
-Ал Америкада болуусу мүмкүн. Абактан эчаак бошогон экен.
Аяна эми жолдошу тарапка башын бурду.
-Албетте. А биз эмне себептен кетип бара жатабыз, ал болбосо.
Данияр түшүнбөду жубайынын айтканын.
-Түшүнбөдум?
-Ал бизди күтүп жатат аэропортто.
-Сен кайдан билесиң? Же ал менен…?
-Ооба. Бирок чынында бизди эмес атамды келе жатат деп күтүүдө. Мен атамдын атынан кат жазып кабарлашканмын.
-Сенби? деди Данияр өкүнө.
-Кыжаалат болбо, атам билбейт, мен жазылган каттарды тазалап койдум.
-Мына ошон үчүн мага жооп бербеген экен да. Адашасын Аянам. Эми ал атамды күтпөй эле.
-Эмнеге?
-Себеби билет, кат атамдан эместигин.
-Эмне деп жатасын? Ал билген жок, күтөөрүн айткан.
-Билет деп жатпаймынбы. Себеби мен да атамдын атынан кат жолдогонмун. Жооп болбогонуна таң калгам, көрсө менден алдын сен жазып улгургон экенсиң да. Эки ирет жазылган каттан соң ал түшүндү башка адам жазып жатканын.
Аянанын шаштысы кете түштү. "Кантип? Эмнеге өз жолдорун өздөрү тосуп алышты".
-Данияр а эмнеге ал бизге жолугуудан качат деп ойлойсуң? Же атам менен ал...?
-Билбейм. Эгер андай болбогондо. .. , качпаганда менин жазган катыма жооп бермек.
-Балким окубай калгандыр.
-Жок! Ал Джозефтин артынан түшкөн. Ал Джозефти жок кылууну баарынан көп самап жүргөн.
Ушуну менен сөздөрү узулду. Батыраак жетип жерге түшүүну самап жатышты эми.
Чындап эле Далластын аэропортунда аларды күтүп алган эч ким болбоду. Доктордун көлөкөсү да көрүнбөйт. Туура эле Джозефтин лабороториясы жайгашкан жайга келишти. Полиция ороп алыптыр мекемени, эч кимди өткөрбөй курчап. Кимге эмне деп түшүндүрөөрүн билбей айлалары куруду. Жана эле бардык жыйынтыкка даяр болуп келе жаткан Аянадан дарман качты, кайда барып эмне кыларын билбей турганда көзүнө өткөндө көргөн славян улутундагы жубайлар уруна берди. Алар да өздөрүндөй эле абалда экен, жуздорун көз жаш жууган, бири бирин жөлөп араң турушат. Дароо жанына жетип келди.
-Биз сиздерди көргөнбүз. Жолдошум тигине. Биздин балдарыбыз бар эле мында, деди үзүл кесил сүйлөп. Сөздү эмнеден баштаарын билбей.
Эрди катын бир аз ага карап туруп калышты да бири бирине карап калышты.
-Менин эгиз балдарым бар. Алар Чок Хилл чокусунда болушчу. Биз Кыргызстандан келдик, деп сөзүн улай берди Аяна.
-Силер билбейсинерби? деди эркеги.
-Эмнени?
-Чок Хилл чокусунан тирүү жан табышкан жок. Жада калса биз көргөн жасалма бак, үңкүр үйлөр да жок болуп чыкты. Качандыр ал жайда бир нерсе болгону да күмөн, ишенээрлик эмес деп жатышат. Биздей ата энелер көп, бирок эч бирибиз далилдеп бере алган жокпуз. Эми бул жайды текшеришуудо, азырынча так маалымат жок. Мында иштеген кызматкерлер биздин балдар мында жарык дүйнөгө келгендерин тан алып жатышат, бирок аларды ата энеси менен кеткен боюнча кайрадан көрбөгөндөрун айтышууда. Бул жайда миңдеген балдар жарык дүйнөгө келген экен, көпчүлүгү азыр өз ата энесинин үйүндө жакшы эле жашап жатышыптыр, эч өзгөчөлүктөрү да жок дейт. Айтынызчы сиздин балдардын башкалардан өзгөчөлүктөрү бар беле?
-Ооба, алар эгиз болчу жана абдан акылдуу.
-Биздин балдар да так ошондой. Ева Егор. Сиздин балдар кимдер?
-Амир, Альмира, деди Аяна.
-Ооба укканбыз. Алар Чок Хиллдеги эң акылдуу балдар эле.
-А эмнеге силер өткөн чак менен сүйлөп жатасыңар? Менин балдарым тирүү, алар тирүү деди Аяна, эми аларды жактырбай.
Жубайынын катуу чыккан үнүнөн жанына жетип келе калды дарбазаданын жанында кароол менен сүйлөшүп турган Данияр.
-Эмне болду?
-Данияр менин балдарым тирүү. Менин жүрөгүм сезип турат алар тирүү. Алар тирүү деп айт.
-Албетте, албетте алар тирүү, деп жубайын сооротуп тигилер менен сүйлөшүп кетти.
Алар Болгарлар экен, бир аз чочулап туруп Даниярдын өз акылында, эмоцияга алдырбашын көргөндө гана сөзгө келишти. Көрсө бир топ убакыт алдын аларга Джозефке каршы арыз жазуу сунушун айтып адамдар барышкан экен. Алар баш тартышкан, бирок алардан башка көпчүлүк ата энелер арыз жазып, балдарын мыйзамсыз кармап отургандыгын айтып тийиштүү жерлерге кайрылып жатышкан экен. Акыркы учурда Джозефтин артынан изилдөө да жүрүп баштаган дейт. Алар болсо акыркы окуядан кабарсыз таппастан туруп Джозефтин айланасындагы абал тынчыганча балдарын алып кетип турууну чечип келишкен экен мында. Азыр болсо балдардан кабар жок дейт, же кулаган учакта Джозеф менен бирге болгону же башка жайга которулуп кетишкени белгисиз. Изилдөө аяктап жыйынтык болсо табылаар деп бул жайдан жылбай турушкан учурлары экен. Дагы көп ата эне бар, алар полиция аймагында көргөзмө берип жүрүшөт дешти.
-Түшүнүктүү! деген Данияр такси чакырып полиция жайгашкан аймакты карай жөнөй берди.
Чындап эле отуздан ашык ата энелер жүрүшөт. Кээлери өздөрүн кармап акыл эстүү сөздөрдү айтып жатышса арасында ыйлап өздөрүн кармай албай жаткандары да бар. "Кантишсин анан байкуштар" , деп алды Данияр аларды көрүп. Алар да өздөрүндөй эле кыйналган адамдар да. Жыргаган, ден соолугунан көйгөйү жок адам Джозефке кайрылбаса керек эле. Демек алардын да жалгыз балдары азыркы дайынсыз болуп жаткан эгиз балдар болуусу мүмкүн.
Данияр бул жайда ага эч ким жооп бербешин түшүнүп жетти, өздөрү түшүнбөгөн нерсени кантип башкага түшүндүрө алышмак эле. Эми анын издегени абактан чыгып келген психолог доктор болуп калды, бир гана ошол адам баардык суроолоруна жооп бере ала тургандай. Албетте дагы бир инсан бар, бирок ал өзү бар менен жоктун арасында жашоо менен күрөшүп жатат.
Ушундай башаламандыкта жүрүп Далласта бир аптаны өткөрүп жиберишиптир. Ар өлкөнүн менмин деген акылдуу да акчалуу да инсандары топтолуп жүрүшсо да эч нерсе өзгөртө алышкан жок. Гезиттердин беттери жалаң гана Джозефке толуп кетти, дүйнө эли бир дунгуроп алды, бирок алардын эч бири жарытылуу жыйынтык бере албай жатты. Балдар мында турсун Джозефтин өзүн акыркы эки апта ичинде көргөн тирүү жан табылбай койду.
Данияр кечинде кеч жатканга күндүн көзү чыгып калганча уктап калган экен, көзүн ачса жанында келинчеги жок. Жуунганы кирип кеткендир деп бир аз жата туруп ал келбегенинен жуунчу бөлмөгө карай басты, сууну шарылдаганы угулбайт. Эми чындап кыжаалаттана түштү. "Эмне аны ойготпой өзү кетип калганбы? Кайда? Бүгүн жекшемби эмеспи, Далласта эч кайсы жер иштебейт." деп турганча Аяна кирип келди, эки колуна эки идиште кофе көтөрүп.
-Жуунганын жокпу али?
-А сен кайдан? деди Данияр келинчегинин суроосуна суроо менен жооп берип. Себеби ал көчө кийиминде эле.
-Биз бүгүн кеч жолго чыгабыз.
Аяна колундагы кофенин бирин жолдошуна сунуп жатып сүйлөдү.
-Кайда?
-Кыргызстанга. Биздин бул жерде кыла турган жумушубуз жок, үйүбүзгө кайтуубуз керек.
Данияр чочуганынан уурттап жаткан ысык кофеге оозун күйгүзүп алганы аз келгенсип кийимине да төгүп алды.
-Эмне?
-Данияр, Кудай акы акылдан айныган деп баа бербе, мен өз акылымдамын. Айтчы качанга чейин жалган менен жашайбыз. Сезип турам балдар тирүү, бирок аларды биз эч качан таппайбыз, эгер өздөрү гана муну каалабаса. Ошондой экен бекерден бул жайларда убакыт өткөрүп жүрүүнүн кажети эмне, атам тигинтип оор абалда жатса.
Данияр булганган кийимине бир карап алып кофенин төгүлгөндөн калганын уурттап идишти үстөлгө койду.
-Билесинби…, сен туура айтасың.
Ал ойлогон эмес баары мындай жеңил бүтөрүн. Ал такыр эле кетүү жөнүндө ойлонгон эмес. Бирок азыр эң туурасы ушул экенин түшүнүп турду. Аяна туура айтат, балдары кулаган учакта болгон болсо да, андан башка жайда болсо да баары бир табышпайт, эгер өздөрү муну каалашпаса. Алар кайта турган болсо да бул мейманканага келишпейт, өздөрү билген үйгө барышат эмеспи. Кандай гана жаңылык болбосун жакшысы өз үйүндө күткөну жакшы...
Уландысы бар. -
Темасы: Өз каалооңдон корк.
Жазылган күн: 7 Фев 2021
Бир аздан соң жубайлар өз үйүндө болуп өткөн сүйлөшүүнү талкуулап отурушту.
-Аяна атамдын андай кылууга толук акысы бар. Амир менен Альмира аларга жат эмес, неберелери. Биз кайдан билебиз, балким атам балдарды бизден да катуу жакшы көрөттүр, небере ширин деп айтып жүрүшпөйбу.
-Бирок балдарда андай сезим жок болуп калышы толук мүмкүн экенин жакшы билесиң да. Мен атамды гана ойлоп жатам, өз неберелеринен ирээнжип калбаса дейм. Билесиң атамды небереси эмес өз баласы да ирээнжите алат.
-Асылым, Аянам! Ата өз баласынан эч качан ирээнжибейт, эгер агамды эске алып жаткан болсоң билип кой атам агамды эң жакшы көрөт. Тескерисинче ал өзүн күнөөлү сезет, деп келе жатып токтоп калды.
"Ооба мен сөзсүз аткарам, антпесем өмүр бою мен да өзүмдү күнөөлү сезип жашап калам." деген ой келе калган эле акылына.
-Аяна жакшысы даярдана бер. Атамдын визасы ачык болгон чыгаар, апамдан сурачы виза ачык бекен? Мен чыпта карай берейин, деп ордунан тура компьютерди көздөй жөнөдү.
Аяна канча каалабай турса да, ичинде кайнап турган ачуусун күч менен басып ундобой турду. Ал кимге ачууланып жатканын деле билбейт. Атасынабы? "Чын эле анын толук акысы бар неберелерин көрүүгө. Анан калса атам алардын кандай экенин билет эмеспи, жашыра турган эмне бар мында. Кийин өзүм да сагынбадымбы балдарымды. " деп өзү менен өзү сүйлөшүп өзүн акылга чакыргансыйт, болбой эле ички туйгусу каршы чыгып жаткандай. Балким өткөн жолугушууда болгон жагымсыз сезимдер кайталануусун каалабай жаткандыр. Эмне болсо да артка жол жок экенин түшүнүп турат, жолдошу чечимин кабыл алып болгон соң.
Көрсө атасы бул күнгө алдындан даярданып баарын камдап койгон экен. Төртөө учактан учакка которулуп отуруп Джозефтин жасалма багы жайгашкан Чок Хилл чокусуна чыгып келишти. Ушул көрүшпөгөн бир жыл аралыгында эле балдары кыйла чоңое түшүптур. Алардын жанагысындай эле муздак көз карашын эске албаганда Аяна элестеткендей коркунучтуу деле эч нерсе болгон жок. Тай ата, тай энеси өтө тажрыйбалуу инсандар болгон үчүн балдардын да доктордун да сөзүн таап сүйлөшүп жатышты.
-Кана азаматым айтчы биздин, жерде жашаган адамдардын жашоосунда кетирген эң чоң кемчилиги кайсыл? Силер ал жайга барып жашоо үчүн эмнени өзгөртүү керек? деген тай атасынын суроосуна, Амир,
-Жер жүзү өзгөрүүгө даяр эмес, анда өтө эле көп адам жашайт, баарын бир ойдун айланасында топтоо мүмкүн дагы эмес, деп жооп берди.
-Туура! Сен аларды түшүнбөгөндөй эле алар да сени түшүнбөгөнго акысы бар. Ал үчүн бири бирине капа болуунун кереги жок. Өзүңө окшош ойлонгон адамдар менен бирге болуу үчүн башкалардан бөлүнүп кетүү да кажет эмес, сенден айрымаланса да сени кандай болсоң ошондой кабыл алып сүйө алган адамдардын жанында болуу да бакыт.
-Андай адам менин жанымда болуусуна каршы эмесмин, ырас мени кабылдай алса мен тандаган жайды да кабылдай билүүсү керек. Ошондой эмеспи ээ тай ата. Эгер менин тандоомду кабылдай албаса демек мени толук түшүнө элек да.
-Жарайсын азаматым. Бирок ушул жер өзүңдүн тандоон экенин кантип билесиң? Сен бул жайды алдын көрүп тандабай эле келип калбадынбы?
-Ким айтты ушул жай менин тандоом деп. Мен али тандай элекмин. Балким ал жайды өзүм курууга туура келеттир.
Мындай жоопту эч эле күтпөгөн тай атасы канча ирет камынганы менен оюн жыйнап суроо бере албай койду. Андан башка эч ким Амирдин бул сөзүнө көп деле маани беришкен жок. Бир гана тай атасы ойлонуп жатты анын эмне тууралуу айтып жатканын, маалым ал бир үй тууралуу айтып турбаса керек. "Демек…" деп келе жатып токтоп калды, неберисинин алдында ойлонууга болбой турганын эсине түшүрүп. Аяна балдарынын баштапкы оюнан кайтпагына анча деле капа болбостон жуздорунон сүйүп коштошуп кайта берди, себеби ал мындан башкача болоорун күткөн дагы эмес. Башкалары да ошондой дешке болбойт эле, ошентсе да эч бири ооз ачып нааразычылыгын билдиришпеди.
Ал күндөн бери көп өтсө да үй бүлөө биригип ал учурду ортого салып талкуулашкан жок. Ар бири өз пикирлеринде калууну туура көрүшкөндөй . Бир гана өзгөчөлүк атасы ушул күндөрдө алардан алыстагандан алыстап өзү менен өзү алек болуп бара жатты. Жер кыдырып чет жакка көп чыгат. Өмүр бою башын сайып иштеген киши андай кылууга толук акылуу деп тим коюшкан. Дагы ошондой сапардан келип үстөл үстү жайнап отурушкан соң, адаттагыдай багын аралап күйөө баласы менен бирге басып жүрдү.
-Данияр мен компанияда үлүшүмду сатканы жатам. Эмне деп ойлойсуң? деди күтүлбөстон.
Мына кызык! Баарын күтсө да мындайды күтпөгөн. Деги кайын атасы табышмакка бай адам.
-Аянам капа болот го дейм, бирок менде андан башка арга жок.
Канча өзүн кыйнаса да жарытылуу сөз келбей жатты Даниярдын оозуна.
-Мага акча керек көп суммада. Компаниянын сексен пайыз үлүшү меники, канчага баалайт деп ойлойсуң.
-Калган жыйырма пайызычы?
Суроону бериши берип алып катуу өкүнүп калды Данияр. Азыр бул суроонун орду эмес болчу.
-Калганын көптөн бери компанияга кызмат кылган жумушчуларга бөлүп бергем, алардын өнүгүүгө кошкон салымдары чоң эле, деди кайын атасы берилген суроого эч таң калбай.
Ооба мындай кадамдар бул кишиге гана таандык боло алат. Бул киши көптүн бири эмес, ал акылдуу азчылыктын өкүлү болгон адам.
-Андай болсо балким башка аргасы бардыр ата. Данияр акыл уйротойун деле деген эмес, болгону өзүнүн колунан эмне жардам келе турганын билгиси келди.
-Мага ири суммадагы акча керек?
Данияр ага катарлаш туруп кайын атасы тигилген тарапты тиктеп туруп калды. Сүйлөсө эле ыңгайсыз сөздөр чыгып жаткансыйт, аракет кылып суроо-сопкутсуз эле анын оюн өз алдынча талдап көрүүнү чечкен өңдүү.
-Бирок башыма бир акыл келип турат. Албетте азыр менин айта турган сөздөрүм сага өөн учурайт, бирок жакшылап мен караган бурчтан карап көр. Мен көп ойлондум, жакшысы компанияны сен сатып алганын оң.
-Хм.
Даниярдын бул мыскыл жылмаюсун кайын атасы өзүнүн акыркы сөзүнүн үстүнөн деп түшүнүп алган өңдүү.
-Бул сен үчүн да эң жакшысы. Албетте менин жумушум эмес дечи, бирок баарын көрүп турам уулум. Сен өз компанияндын элүү пайыздан азын гана ээлеп калдын, албетте азырынча эң көп үлүш сеники дечи, бирок бул өзгөрүп кетүүсү толук мүмкүн. Сен кайдан билесиң, бир акылдуу чыгып адамдарга майда үлүштөн бөлүп алдырып бириктирип жатпаганын. Өзүн жакшы билесиң уулум, аз үлүштү ээлеген соң эмне болоорун, сенин сөзүң өтүмдүү болбой калат, кимде көп үлүш болсо башкаруу анын колуна өтөт. Өзүң каалагандай иш алып бара албаган соң бирөөнүн колунда иштегенден эмне айырмасы бар, деди мында мыскылдай турган эч нерсе жок дегенсип күйөө баласына бурулуп теше тиктей.
Бирок Данияр өзүнүн үстүнөн мыскылдаган эле, кылым ойлонуп кайын атасы караган тарапты көз ирмебей карап турса да баары бир анын оюндагысын таба албас экенине күлгөн. Акыркы сөздөрдү аягына чыгара уга албады. Ал бала чагынан бери тааныган, атасынын жан досу, сүйүктүү жарынын атасы ага мындай сунуш киргизип жатканын түшүнө албай жатты.
-Ата сиз мага компанияны сат дегени турасызбы? Ал акчага сиздин компанияны сатып алышым үчүнбу?
-Шашылба балам. Албетте сен атандан калган компанияны жоготуп койгун келбейт. Бирок уулум бул жөн гана ишкана, мурас болчу нерсе эмес, жансыз дүнүйөнү анчалык жүрөккө жакын алып болбойт. Кийин сен өзүңдүн үлүшүндүн элүүнчү пайызын саттыкка койгондо эле жоготконсун компанияны. Силер алдыга гана жылышынар керек, ал үчүн жок дегенде элүү бир пайыз керек болот сага. А мен толук сексен пайыз үлүштү сунуштап жатам. Анын да элүүдөн аз пайызын кучактап калбай толук кожоюн болуп кал. Көрүп турам Аяна жакшы деңгээлге чыгарды компанияны, эгер сен ага кошулсан Орто Азияда эч кимди алдыга чыгарбайсынар. Сенин калган үлүшүндун сатылган акчасына компанияны толугу менен өткөрүп берүүгө даярмын.
Данияр ундобой калды. Кайын атасынын сөзүндө жан бар, бирок жүрөк түпкүрүнун бир кычыгында тушунбостук жатты Даниярдын, "компаниясын сатканы жатат, кимге? өз кызынабы?" деген.
-Айтканымдай мага азыр аябай акча керек уулум. Акыркы милдетимди аткаруу үчүн көп акча керек, деген кайын атасы ордунан туруп кетти.
"Ал менин оюмду билип койдубу… Же мен үн чыгарып сүйлөп алдымбы?" Данияр ушундай ойлор менен бир алдын ыңгайсыз, бир алдын түшүнүксүз абалда кала берди.
Деген менен Данияр кайын атасынын айтканынан чыга алган жок. Эгер ал компанияны башка адамга сата турган болсо Аяна жаңыдан жашоого кайтып келе жатканда дагы кайгыга түшөт, бары жокко өзүн күнөөлөйт же атасына көп суроо узатышы мүмкүн. Ал кишиге азыр андайдын такыр кереги жок. Кийин чындап эле Данияр үчүн бул эң жакшы сунуш болгудай.
Уландысы бар.
Комментарийлер
Kominam
16 Авг 2018 - 01:32